116
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү Бишкек – 2012

иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия

Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү

Бишкек – 2012

Page 2: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Өздүк иш кагаздары жарандар тарабынан даярдалат. Мындай иш кагаздары жарандар менен жарандардын же жарандар менен мекемелердин ортосундагы түрдүү укуктук мамилелерди тейлейт. Ушундан улам өздүк иш кагаздарын – жеке-уюштуруу, же болбосо расмий эмес иш кагаздары деп дагы белгиленип жүрөт. Аларга: арыз, түшүнүк кат, тил кат, өмүр баян, анкета, өздүк баракча, кулактандыруу, жарыя жана башкалар кирет.

Page 3: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Уюштуруу-тескөө иш кагаздарына өкмөт, мамлекет тарабынан кабыл алынган расмий иш кагаздары кирет. Аларга токтом, жарлык, буйрук, көрсөтмө, акт, тескеме, пртокол ошондой эле уюштуруу, башкаруу мүнөзүндөгү башка иш кагаздары да кирет. Негизинен, иш кагаздарынын ичинен уюштуруу-тескөө иш кагаздары саны, аткарылуу өзгөчөлүгү жана түрлөрү боюнча өздүк иш кагаздарынан кескин айырмаланат. “Расмий иш кагаздары” деген атоонун өзү да шарттуу болуп саналат. Ошол себептен, “расмий иш кагаздары” деген атоо бул китепте, уюштуруу-тескөө иш кагаздары (организационно-распорядительные документы) деген атоо менен аталат (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтомуна ылайык).

Page 4: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Ички иш кагаздары - белгилүү бир уюмдун ичинде, анын мүчөлөрүнүн ортосунда же жеке адамдар менен ошол уюмдун ичинде гана пайдаланылат. Мындай иш кагаздарга: арыз, түшүнүк кат, тил кат, буйрук, өздүк баракча, мүнөздөмө, өмүр баян, таржымал ж.б. кирет.

Тышкы иш кагаздары – уюм жана мекемелер ортосунда же алар менен жеке адамдардын ортосунда түрдүү мамилелерди тейлөө үчүн колдонулуучу иш кагаздары. Мындай иш кагаздарына ишеним кат, кызмат каттары, иш сапар күбөлүгү, келишим ж.б. кирет.

Page 5: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Иш кагаздарын түзүлүшүнө жана мазмунуна карап жөнөкөй жана татаал деп бөлүүгө болот.

Жөнөкөй иш кагаздары текстте зарыл болгон бир гана маселени камтыйт. Мисалы, көлөмү канча экенине карабастан, ар кандай өмүр баян бир гана маселени, бир адамдын турмушта басып өткөн жолун баяндайт.

Татаал иш кагаздары текстте эки же андан көп маселени камтыйт. Мисалы, буйрукта аткарылуучу иштер атайын параграфтар менен белгиленет (1-§та кимдир бирөө жумушка алынса, 2-§та кимдир бирөө кызматтан бошотулат). Чогулуш протоколун да татаал иш кагаздар тобуна кошууга болот. Бирок иш кагаздарын мазмунуна карай жөнөкөй жана татаал иш кагаздары деп бөлүү шартуу мүнөзгө ээ. Себеби, кээде буйрук да, чогулуштун протоколу да бир эле маселени камтып калышы мүмкүн.

Page 6: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Иш кагаздары маалыматтык жана эрк билдирүүчү иш кагаздары болуп да бөлүнөт. Маалыматтык иш кагаздарына маалым кат, тил кат, түшүнүк кат, мүнөздөмө, таржымал ж.б. кирет. Булардын мазмунунда иш кагазынын ээси тууралуу маалымат берилет. Ал эми эрк билдирүүчү, башкача айтканда, буйрук берилген иш кагаздарына токтом, чечим, көрсөтмө, тескеме, жарлык, жобо, устав ж.б. иш кагаздары кирет. Мында иш кагаздарынын аталыштары айтып тургандай, буйрук берген, тескеген иш кагаздары - эрк билдирүүчү иш кагаздары (волюнтативдик) болуп саналат. Кээде айрым иш кагаздары жогорудагы эки маселени тең камтыйт, маселен, протокол.

Page 7: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Иш кагаздарында колдонулган сөз каражаттарына карай иш

кагаздарын эркин регламенттелген, атайын регламенттелген,

жарым жартылай регламенттелген деп ажыратууга болот. Эркин регламенттелген

(түзүлгөн) иш кагаздарына арыз, тил кат, түшүнүк кат, таржымал, өмүр баян, мүнөздөмө ж.б. кирет. Себеби аларда туюндурулган мазмун, каралган маселе бири-биринен айырмаланат, эркин түзүлөт.

Атайын регламенттелген иш кагаздарына токтом, мыйзам, кодекстер, жобо, чечим, тескеме, нускама, көрсөтмө, буйрук ж.б. иш кагаздары кирет. Мындай иш кагаздарында козголгон маселелер ар кандай болгону менен, өзүнө тиешелүү, мүнөздүү сөздөр менен жазылат жана түзүлөт.

Page 8: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Иш кагаздарынын маалым даректери: 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби;2. Мекеменин эмблемасы;3. Мекеменин Статистикалык бирдиктеринин бирдиктүү

мамлекеттик реестри (СББМР) боюнча коду;4. Жогору турган мекеменин аталышы;5. Мекеменин аталышы;6. Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы;7. Байланыш ишканасынын индекси, почта дареги,

телефакстын номери; электрондук почтанын дареги; банктагы эсептик номери; телефон номери;

Page 9: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

8. Документтин түрүнүн аты;9. Датасы (жыл, күн, ай);10. Документтин катталуу номери (индекси);11. Кириш документтин катталуу номерине жана күнүнө шилтеме

жасоо;12.Түзүлгөн же басылып чыгарылган жери;13. Дареги; 14. Бекитүү грифи; 15. Резалюция;16. Тексттин аталышы;17. Контролдоо жөнүндө белги;18. Документтин тексти;19. Тиркеменин бар экендиги жөнүндө белги;

Page 10: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

20. Колу (электрондук цифралык кол);21. Макулдашуу грифи;22. Визалар;23. Мөөр изи;24. Көчүрмөнү күбөлөндүрүү тууралуу белги;25. Аткаруучунун аты-жөнү, телефон номери, телефакс номери,

электрондук почтанын дареги;26. Документтин аткарылгандыгы жана анын иш кагаздар

көктөмөсүнө (делого) жиберилгендиги жөнүндө белги;27. Документтин мекемеге келип түшкөндүгү жөнүндө белги;28. Документтерди автоматташтырылган издөө жөнүндөгү белги.

Page 11: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Иш кагаздарынын бланкы

Кызматтык документтер А4 (210х297) менен А5 (148х210) форматындагы бланктарга түзүлөт. А6 (105х148) форматы сейрек пайдаланылат. Документтердин айрым түрлөрү үчүн А3 (297х420) форматын колдонууга жол берилет.

Бланк бир түстөгү, негизинен, кара боёк менен жана ак түстөгү кагазга басылат.

КР Мамлекеттик герби тартылган бланктар мекемелердин заказы менен басмака ыкмасы менен даярдалат. Документтердин бланктары эсепке алынууга тийиш.

Документтердин бланктары тике максатта пайдаланууга тийиш жана уруксатсыз башка мекемелерге, адамдарга берилиши мүмкүн эмес.

Page 12: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Бланктар Бланктардын талаалары

төмөндөгүдөй: сол жагы – 20-35 мм, оң жагы –10 мм, жогору жана төмөнкү талаалары – 20 мм, кем эмес.

Мекеменин бланкы жок болгон учурда документке ошол мекеменин бурч мөөрү коюлат.

Page 13: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Иш кагаздарынын аталышы жана жазылышы

Иш кагаздарынын аталышы анын темасы болуп саналат. Документтердин түрүнүн аталышы – баш тамгалар менен, орточо кара шрифтте басылып, борборлоштурулуп текшиленет жана ташымалданбайт, аягына чекит коюлбайт. Эгерде аталыштары узун болсо, кийинки саптарга бөлүнүп жазылат, бирок ташымалданбайт.

Документтердин аталышы эки же андан көп саптан турса, анда бир тилкелик интервал менен терилип жазылат

Реквизиттер тексттен 2 тилкелик интервал менен бөлүнөт

Page 14: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Номер коюу

Эгерде текст көлөмдүү болуп бир нече барактан турса, ага номер коюлат. Иш кагаздарынын биринчи бетине номер коюлбайт да, ал биринчи бет деп эсептелет. Номер араб цифрасы менен барактын төмөнкү талаасынын оң тарабынын четине чекитсиз жана сызыкчасыз коюлат.

Page 15: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Иш кагаздарын жөнөтүү

Иш кагаздарын даректерге жөнөтүүдө төмөнкү

учурлар эске алынууга тийиш.

1. Мисалы:

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик архив агенттиги Уюштуруучу-методикалык бөлүмдүн башчысы

Д.И.Казыевага

Page 16: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

2. Документ мекеменин жетекчисине багытталса, мекеменин, уюмдун аталышы алуучунун кызмат курамына кирет:

3. Бир тектүү уюмдарга, мекемелерге документ жөнөтүүдө алуучу

жалпыланып көрсөтүлөт. Мисалы:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Тышкы иштер министри Р.А.Казакбаевге

Министрликтер менен ведомстволорго

Мектептердин директорлоруна

Page 17: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Иш кагазын жарандарга жөнөтүүдө биринчи почта дареги, андан кийин алуучунун аты-жөнү көрсөтүлөт. Мисалы:

720041, Бишкек шаары, Чуйков көчөсү, 21 А.С. Кутмановага

Кыргыз тилинде адамдын аты менен атасынын аты кыскартылып фамилиядан мурун жазылат. Ал эми куттуктоолордо, маарекелерде, чакырууларда кат алуучунун аты жана атасынын аты чечмеленип берилет: Мисалы, А.Кутманова эмес, Айнура Сагыновна!

Page 18: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Иш кагазын күбөлөндүрүү

Иш кагаздарынын кээ бир түрлөрү өзгөчөлүгүнө карата уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Мамлекеттик деңгээлдеги документтердин (мисалы: жарлык, өкмөттүк токтом, буйрук, тескеме) кол коюлган түп нускасы өздөрүндө сакталат, ал эми алардын тийиштүү мекемелерге жөнөтүлүүчү көчүрмөлөрүнө колдун көчүрмөсүсүз эле мөөр басып жөнөтүү жетиштүү. Мөөр коюлган мындай документтер түп нуска катары эсептелет. Мисалы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-июнундагы №762-V Токтомун алсак:

Төрага мөөр коюлат А.Келдибеков

Page 19: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

“Колу” маалым дареги жетекчинин аткарган кызматынан, жетекчинин колунан жана аты-жөнүнөн турат. Алар бир сызыкта жайгашат. Барактын сол жагына жылдыруусуз аткарган кызматынын аталышы, ортосуна колу, оң жагына кол коюп жаткан адамдын аты-жөнү берилет. Мисалы:

“Түндүк электр” ААКнынбашкы директору (колу) Т. Токтогулов

Page 20: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Мекеменин бланктарына жазылган иш кагаздарында жетекчинин аткарган кызматынын аталышы менен мекеменин аталышы бирге көрсөтүлбөйт. Себеби мекеменин аты бланктын өзүндө көрсөтүлгөн болот. Эгерде иш кагазы актай баракка жазылган болсо, кол койгон жетекчинин кызматынын атына мекеменин толук аталышы кошулуп көрсөтүлөт. Мисалы:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу жана маалымат борборунундиректору (колу) А.Исманкулова

Page 21: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Иш кагазына кызмат абалы бирдей даражадагы адамдар, жетекчилер кол коюшса, алар бир сызыкта удаа жайгаштырылат.

Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын коргоо министри Юстиция министри(колу) А.Кудайбердиев (колу) А.Мухамеджанов

Page 22: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Кол коюу Документке кол коюучу жетекчи жок учурда анын ордуна орун басар же

убактылуу милдетин аткаруучу адам кол коюуга болот, бирок ошол кол коюп жаткан адамдын кызмат орду жана аты-жөнү менен кол коюлат. Мисалы:

Директор үчүн (колу) М.А.Сатыбалдиев

эмес

Директордун орун басары (колу) А.Т. Касымбеков

Бөлчөк сызыгын же “үчүн” жандоочун пайдалануу жараксыз деп эсептелет. Мисалы:

/ Башкы директор (орун басардын колу) К. Оторбаев

Башкы директор үчүн (орун басардын колу) К.Оторбаев

Page 23: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Дата коюу Дата сегиз сандык символ менен жазылат

жана аралары чекит менен ажыратылат: Мисалы 04.06.1988.

же 1988-жыл 4-апрельАл эми 4.06.1988. же 04.06.88. же

04.06.1988-жыл деп жазууга жол берилбейт.

Page 24: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Иш кагазын макулдашуу

* саркер (аскер.) - командир

** зардал (аскер.) - начальник

Иш кагазынын мазмуну менен макул болбогон, толуктоолор же эскертүүлөр, сын көз караштар болгон учурда алар өзүнчө баракка тиркелет да үлгүсү төмөнкүндөй болот:

Штаб саркери* (колу) Н.СултаналиевМакулмунУюштуруу бөлүмдүн зардалы** (колу) Э.Насыров18.02.12.

Штаб саркери (колу) Н.СултаналиевМакул эмесминУюштуруу бөлүмдүн зардалы (колу) Э.Насыров Эскертүүлөр тиркелет18.02.12.

Page 25: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Тышкы макулдашуу грифи, макулдашуу барагы менен жол-жоболоштурулат. Макулдашуу грифи “МАКУЛДАШЫЛДЫ” сөзүнөн, макулдук берген адамдын кызмат ордунан, колунан, анын чечмеленишинен (аты-жөнүнөн) жана макулдашылган датадан турат. Ал “колу” маалым дарегинен кийин бланктын сол тарабына жайгаштырылат. Мисалы:

Кыргыз РеспубликасынынПатент кызматынын башкы директору (колу) Н.Маматбаева

МАКУЛДАШЫЛДЫ«Кут дүйнө» акционердик коомунунмаркетинг бөлүмүнүн директору (колу) М.Сейталиев

Page 26: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Ар бир тарап үчүн экиден нуска даярдалат жана алардын ар бири бирдей укуктук күчкө ээ болот. Ошондой эле макулдашуу барагы тараптардын мөөрү менен ырасталат. Мисалы:

“Айыл банк” ачык акционердик коому менен“Акыл” мамлекеттик акционердик коомунун

МАКУЛДАШУУ БАРАГЫ

МАКУЛДАШЫЛДЫ МАКУЛДАШЫЛДЫ

“ Айылбанк” ачык “Акыл” мамлекеттик акционердик коомунун акционердик коомунун башкы директору башкы директору (колу) А.Ашырахманова (колу) Н.Ажиева

15.08.2005. 15.08.2005. мөөр орду мөөр орду

Page 27: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Иш кагазын бекитүү

Иш кагаздарынын айрым түрлөрү бекитүүнү талап кылат жана ал иш кагазы бекитилгенден кийин гана укуктук күчкө ээ болот.

Иш кагазын бекитүү эки түрдүү жол менен бекитилет: 1) токтом, чечим, буйрук менен; 2) БЕКИТИЛДИ, БЕКИТЕМ деген грифтин бирин коюу менен. Тескеген иш кагаздары менен бекитүү качан иш кагаздарына кошумча түшүндүрмөлөр жана эскертүүлөр талап кылынган учурда түзүлөт. Мисалы иш кагазын тескеген документ менен бекитүү зарылдыгы туулса, бекитүү грифи төмөнкүдөй түзүлөт: БЕКИТИЛДИ сөзү, тескеген документтин аталышы атооч жөндөмөсүндө, коюлган датасы жана номери коюлат. Алар бланктын оң тарабына жайгаштырылат. Мисалы:

Page 28: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

БЕКИТИЛДИ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому

Page 29: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Калган учурда БЕКИТИЛДИ, БЕКИТЕМ грифтери баш тамгалар менен төмөнкүдөй жазылат. Мисалы:

БЕКИТИЛДИ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин

коллегиясынын 21.12.2011. № 14 __________ токтому

Page 30: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Эгерде документ белгилүү кызмат адамы (мекеменин жетекчиси, анын орун басары) тарабынан бекитиле турган болсо, бекитүү грифи төмөнкүдөй элементтерден: БЕКИТЕМ сөзүнөн, кызмат ордунан, колунан, аты, фамилиясынан, бекитилген датадан турат. Мисалы:

Иш кагаздарын бекитүү грифи тырмакчага алынбастан баш тамгалар менен обочолонуп сол талаадан 100 мм аралыкта жылдырылып жазылат, ал 70 мм ашык болбоосу керек жана зарылдыгына жараша мекеменин же уюмдун мөөрү коюлушу мүмкүн

БЕКИТЕМ

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (колу) Т.Токоев 13.06.2008.

Page 31: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Иш кагазындагы белгилер

Кириш каттоо номери маалым дареги иш кагазы мекемеге келгенде жогорудагы индексте көрсөтүлгөндөй коюлат. Мисалда берилген 7- мекеменин түзүмдүк бөлүмүнүн шарттуу белгиси, 025-номенклатура боюнча көктөмөнүн номери, 1107-документтин каттоодогу катар саны, 02.03.2012.-документ мекемеге келип түшкөндө коюла турган дата. Келген иш кагаздарына кириш бурч мөөрү (штамп) басылып, ага кириш каттоо номерлери коюлат, ал бланктын оң тарабынын ылдыйкы бурчуна жайгаштырылган.

Page 32: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Чыгыш каттоо номери да келген иш кагаздарынын кириш каттоо номеринин шарттуу белгилерине окшош коюлат. Мисалы 03-4/814 25.10.2010. индекси коюлду дейли. Мында 03-документти даярдаган түзүмдүк бөлүмдүн индекси, 4-номенклатура боюнча документтин көчүрмөсү тиркеле турган көктөмөнүн номери, 814-документтин катар саны. Ал эми 25.10.2010.-документти сыртка жөнөтүүдө коюлган дата. Ал сол талаадан жылдыруусуз коюлат.

Page 33: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Тиркеме бар экендиги жөнүндө белги. Кызматтык иш кагаздарынын айрым түрлөрү

тиркемелер менен берилет. Мисалы:

Эгерде тиркеме иш кагазында көрсөтүлгөн даректин баарына жөнөтүлбөсө, анда тиркеме бар экендиги төмөнкүдөй түрдө жазылат. Мисалы:

Тиркеме: 5 баракта, 2 нускада биринчи дарекке.

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын

2002-жылдын 28-июнундагы

З №830-II токтомуна тиркеме

Page 34: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Документтин аткарылгандыгы жана көктөмөгө жөнөтүлгөндүгү жөнүндөгү белги

Документтин “аткарылгандыгы жөнүндө белги” маалым дареги аткаруучунун аты-жөнүнөн жана анын телефон номеринен турат да, ал чыккан иш кагаздарына коюлуучу белги болуп саналат. Иш кагазындагы мындай белги документти даярдаган адам менен байланышууга жана козголуп жаткан маселени тактоого же түшүндүрмө алууга шарт түзөт. КМС 6.38-90 боюнча мындай маалым дарек иш кагазынын акыркы барагынын бет жагына же анын арт жагына, ылдыйкы сол бурчка кичине арип менен жазылат. Мисалы:

Аткарган М.Тагаев Тел: 36 84 42

Page 35: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Ал документтин акыркы барагындагы тексттин бош жеринин төмөн жагына жазылып, «көктөмөгө» (делого) деген сөздөн туратКайсы көктөмөгө (делого) тиркеле турган номеринен

Документтин аткарылгандыгы жөнүндөгү кыскача маалыматтан Кол тамгадан жана датадан турат

01-2/115-көктөмөгө 23.08.2012 суроо-талапка жооп(колу) Ч.К.Жуманова29.08.2012

Документтердин аткарылгандыгы жана көктөмөгө (делого) жиберилгендиги жөнүндөгү белги маселе чечилип документ жиберилгенден кийин коюлат

Page 36: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Көзөмөл жөнүндө белги Мындай маалым дарек аткарууну талап кылган жана көзөмөлгө

алына турган иш кагаздарына коюлат. Көзөмөл белгиси К тамгасынан же Көзөмөл бурч мөөрүнөн документтин аталышы менен бирдей деңгээлде барактын сол тарабына же атайын бөлүнгөн терезеге коюлат.

Же:

К Апрель элдик революциясына карата эскерүү күнүн уюштуруу

Апрель элдик революциясына карата эскерүү күнүн уюштурууКонтролдоо

Page 37: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Иш кагаздарынын көчүрмөлөрүн даярдоо

Иш кагазын күбөлөндүргөндө “колу” маалым дарегинен мурда “анык” деп жазылат жана көчүрмөнү күбөлөндүрүп жаткан адамдын кызматынын аты, аты-жөнү, колу жана күбөлөндүрүү датасы коюлат. Мисалы:

КөчүрмөЭмгек китепчеси

Анык Эмгек инспекциясынын директору (колу) Н.Ө.Итигулова28.31.1977.

Page 38: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Өздүк иш кагаздары

Page 39: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Арыз

(Заявление)

Өтүнүч арызы

Кыргыз Республикасынын

Президентинин аппаратынын жетекчиси Э.С. Каптагаевге Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Сот органдары бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын «Чыгыш-5» кичи районунун 12-үй 44-батиринин жашоочусу К. А. Дүйшеевден

Арыз Мага Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун ишин текшерүү үчүн, иштин зарылдыгына байланыштуу 2011-жылдын 8-октябрынан 19-октябрына чейин иш сапарга чыгууга уруксат этүүңүздү өтүнөм.

05.10.2011. (колу) К. А. Дүйшеев

Page 40: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору А. Калмаматовго Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын изилдөө бөлүмүнүн серепчиси, Бишкек шаарынын «Жал» кичи районунун 19-үй, 57-батиринин тургуну Ш. К. Айылчиевден

Арыз Мага ден соолугумду чыңдоого байланыштуу 2011-жылдын 1-мартынан 15-мартына чейин кезексиз эмгек өргүү берүүңүздү суранам.Тиркеме: 1. Дарт аныктаманын көчүрмөсү. (1 бет) 28.02.2012. (колу) Ш. К. Айылчиев

Эмгек өргүү арызы.

Page 41: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Жарандар кызматтан эмгек тартиби боюнча же кезексиз өргүүгө чыкканда жазылат:

Кыргыз Республикасынын

Президетине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Р.Ч.Момбековго Котормо, терминология, жарнама жана маалымат бөлүмүнүн

башчысы Аалы Молдокановдон

Арыз 2011-жылдын 26-июлунан баштап кезектеги эмгек өргүүгө чыгууга уруксат берүүнүздү өтүнөм. 25. 07. 2011. (колу) А. Молдоканов

Page 42: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Эмгек өргүүсүнөн кайтуу арызы

Кызматкерлер эмгек өргүүсүнөн кайра кызматка киришүү үчүн

жазылуучу иш кагазы.

Кыргыз-Россия Славян

университетинин ректору, академик В. И. Нефадьевге кыргыз тили кафедрасынын доценти, Г. А. Васильковадан

Арыз

Мени эмгек өргүүсүнөн кийин 2011-2012-жылдагы окуу жылынын 1-сентябрынан тартып өз кызматына киришти деп эсептөөңүздү суранам.23.09.2012. (колу) Г. А. Василькова

Page 43: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Жумушка кирүү арызы

Жарандар кызматка же жумушка кирүүдө мекеменин жетекчисинин атына жазылат.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Р. М. Момбековго Аламүдүн-1 кичи районунун № 64 үйдүн 7-батирини тургуну Бирназарова Гүлмирадан

Арыз Мени Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Иш кагаздары, кадрлар жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчылыгына кызматка кабыл алууңузду өтүнөм.Тиркеме: Дипломдун көчүрмөсү (6 бет)

09.02.12. (колу) Г.

Бирназарова

Page 44: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Топтук арыз

Жогорку органдарга, жергиликтүү бийликке, айылдык ке ешке, айыл ӊөкмөтүнө айрым учурда көпчүлүктүн атынан суроо, өтүнүч, доо түрүндө арыз жазылат.

Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары Ассамблеясынын президенти Мырза Саид Баюмиге Чүй областынын Таш-Дөбө айылындагы кургак учукка каршы бейтапкананын дарылануучуларынан

Арыз Биздин ооруканада жүзгө жакын бейтаптар кургак учук дарты боюнча дарыланып жатат. Булардын 30га жакыны өспүрүм курактагылар. Оорудан сакаюу үчүн күчтүү дары-дармек жана кубаттуу тамак-аш керектелет. Бирок биздин бейтапканага мамлекет тарабынан жогорудагы талаптарды аткарып, аларды камсыз кылууга ылайык каражат бөлүнгөн жок. Бир күнгө болгону 60 сом бөлүнгөн. Сизди элибиз журтубуздун эртеңки келечегин ойлогон, мекенчил жигити катары тааныйт. Бул көйгөйгө сиздин көмөк көрсөтүүңүзгө ишенебиз. 01.06.2011-ж.Дарылануучулар (колдору) Аты, жөнү

Page 45: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Которулуу арызы.

Кызматкерлер кызматтык абалынан өзгөрүүгө дуушар болгондо, мекемеден башка мекемеге которулганда ж.б. себептерде жазылуучу иш кагазы.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевге Жалпы бөлүмдүн кызматкери Гүлбарчын Сулаймановадан

Арыз

Укуктук жогорку билимге ээ болгонума байланыштуу мени укук бөлүм башчылык кызматына которууңузду сураймын.

Тиркелет: Жогорку билим жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (6 бет) 09.11.2011. (колу) Г. Сулайманова

Page 46: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Доо арызы Кыргыз Республикасынын Жогорку

Сотуна Доочу: Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүнүн №15 үйүнүн тургуну Мамакеева Замира Токторбековна

Жоопкер: Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүнүн 17- үйүнүн тургуну Садыбакасова Калыйпа Шаршеновна

Доо арызы Мен, Мамакеева Замира Токторбековна 18 жылдан бери Садыбакасова Калыйпа менен коңшу жашаймын. 1994-жылдын 30-августунда чыккан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоонун чечиминде көрсөтүлгөн мага тиешелүү жер тилкенин 1 (бир) сотых жер тилкесин К. Садыбакасова кошо тосуп алган. Бул боюнча айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия акт түзгөн.

Мага тиешелүү жер тилкени бөлүп берүүнү коңшум Садыбакасова Калыя аткарбай койду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунан ушул маселени туура чечип берүүнү суранам.

Тиркеме: 1. Айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын акты; 2. Жер тилкесинин фотосүрөтү.

03.03.2012. (колу) З. Мамакеева

Page 47: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Кошумча эмгек акысын алуу арызы.

Доо арызын айрым жеке адамдар да жазат. Ал көбүнчө эл сотторуна берилет. Жеке кишилердин арызы үй-жай, мал-мүлкүн бөлүү, баласын кайра алуу, алимент, кошумча эмгек акысын өндүрүү, турак-жайдан чыгаруу, карызын талап кылуу ж.б.

Page 48: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Эсептешүү арызы Кыргыз мамлекеттик улуттук илимдер АкадемиясынынТил илими институтунун директору, академик А.А.Акматалиевге

Бишкек шаарынын тургуну “Принт Модель” чакан ишканасынын

директору Адамаалы кызы Гүлмирадан АРЫЗ

2011-жылдын 6-сентябрында Сиз менен түзүлгөн келишимге ылайык Тил илими институтуна 50 басма табак китеп чыгарып берүү милдеттенмесин алуу менен келишим түзүлгөн. Китептер чыгарылды жана институтка жеткирилди. Келишимде көрсөтүлгөн кызматка ылайык 110 000 (бир жүз он миң) сом өлчөмүндөгү акы төлөп берүүңүздү өтүнөм.

15.12.2011. (колу) Адамаалы кызы Гүлмира

Page 49: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

ЖАРЫЯ Жарыя!

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Референт- котормочу адистикке бошоп калган орунду ээлөө үчүн сынак жарыялайт. Конкурстун мөөнөтү – 2012-жылдын 15-майына чейин. Конкурска тийиштүү документтердин тизмесин төмөнкү дарекке жиберүүгө болот. Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 59 1-кабат, жалпы бөлүм.

Page 50: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Акыркы мезгилде жарыянын калыптанган формасы өзгөртүлүп, өзгөчө формадагы жарыялар басма сөз беттеринде жарык көрө баштады.

Page 51: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Жарыя! Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик мекеме жана акционердик коомдордун (менчигинин түрүнө карабастан ) кызматкерлерине жеке ишкерлерге иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө, жалпы эле мамлекеттик тилди үйрөнүүчүлөр үчүн төмөндөгүдөй багыттар боюнча топтук жана жеке курстарын жүргүзөт:

Курска жазылуу жана толук маалымат алуу боюнча төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот. Биздин дарек: Киев көчөсү, 96 Б, 3-кабат, 319-бөлмөТел.: (0312) 90 01 84, (0559) 600 676Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттуккомиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору

Курстардын аталышы Максаты Мөөнөтү Жыйынтыгы

Баштоочу топ Башка улуттардын өкүлдөрүн мамлекеттик тилде сүйлөөгө, жаза билүүгө үйрөтүү

72 саат 3 (үч) айКаалоочуларга 144 саат

Окуу-маалымат борборунун тастыктамасы ыйгарылат

Улантуучу топ Мамлекеттик тилде сабаттуужаза билүүгө, эркин сүйлөөгө үйрөтүү

72 саат 3 (үч) ай Каалоочуларга 144 саат

Окуу-маалымат борборунун тастыктамасы ыйгарылат

Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү

Иш кагаздарынын баардык түрлөрүн мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүү

48 саат 2 (эки) ай Окуу-маалымат борборунун тастыктамасы ыйгарылат

Page 52: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Кызматка конкурстук негизде кабыл алуунун шарттары да жарыяларда берилет:

Билдирүү да жарыянын бир түрү катарына эсептелип, анын жалпы окшоштуктары бар.

Жарыя! «Фабула» коомдук-саясий гезити Корректорлук кызматынын бошоп калган ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт. Конкурстун мөөнөтү 2012-жылдын 16-мартына чейин. Конкурска тийиштүү документтердин тизмесин төмөнкү дарекке жиберүүгө болот: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр көчөсү №4 Б, 3-кабат кадрлар бөлүмү «Фабула» коомдук-саясий гезити.

Жаш төкмө акындардын эсине! «Айтыш» коомунун алдындагы «Төкмөлүк өнөр» ийриминин кезектеги сабагы 16-март күнү саат 14.00 дө башкы имаратта өткөрүлөт.

Page 53: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

КУЛАКТАНДЫРУУ(Объявление)

Белгилүү бир уюмдун же топтун мүчөлөрүн алдыда боло турган иш-чараларга чогулуу, жолугушуу ж.б. кабардар кылуу үчүн колдонулган жазуу же оозеки түрүндөгү билдирүү – кулактандыруу.

Page 54: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Кулактандыруу!

«Курманжан датканын 200 жылдыгына» байланыштуу 2011-жылдын 12-ноябрында саат 9.00дө Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониясынын чоң жыйын жайында «Курманжан датка-тарыхый инсан» аттуу Эл аралык конференция өткөрүлөт. Каттоо саат 9.00дө башталат.

Уюштуруучулар: Курманжан датка фондунун жетекчилиги

Page 55: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Кулактандыруу!

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улутттук комиссиянын алдындагы «Терминком» мүчөлөрүнүн

эсине! «Терминком» мүчөлөрүнүн кезектеги жыйыны 2012-жылдын 21-февралында саат 13.00 дө Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин кичи жыйын жайында өткөрүлөт. 20.01.2012. Уюштуруу тобу

Page 56: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

ТИЛ КАТ(Расписка)

ТИЛ КАТ

Бул тил кат Алиев Нурлан Азатовичке (Бишкек шаарынын “Чыгыш-5” кичи районунун №45 үйүнүн 67–батиринин тургуну. Паспорт №270897 берилген күнү 20.07. 2008-ж. Берген орган ИИМ 50-55) берилет. 2011-жылдын 20-майында И. А. Алиев мага 20 000 сом (жыйырма ми ӊсом) өлчөмүндө карызга акчалай каражат берди. Мен бул карызды 2011-жылдын 20-июнунда кайра кайтарып берүүгө милдеттенем. Ушул тил кат өз колум менен жазылды. 2011-жыл 20-май Бекташов Т.И.

Page 57: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Түшүнүк кат(Объяснительная записка)

Ички түшүнүк каттын үлгүлөрү төмөнкүдөй болот:

Бишкек шаардык Саламаттыкты сактоо департаментинин унаа базасынын мүдүрү Н.С. Сооронкуловго Жол коопсуздугу боюнча бригадир Исманкулов Эмил Төлөбековичтен

Түшүнүк кат

2012-жылдын 1-мартында саат 9.00дө Административдик жыйынга келбей калганымдын себеби, ошол убакта Бишкек шаарындагы Чүй, Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде «Тайота Хайс» тез жардам авто унаасы менен «Мерседес» үлгүсүндөгү жеңил авто унаасы жол кыймылынын эрежесин сактабагандыктан кагылышууга учурап, МАИ кызматкерлери менен бирдикте ишти аныктоого катыштым. 01.03.2012. (колу) Э. Исманкулов

Page 58: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Тышкы түшүнүк каттын үлгүсү төмөнкүдөй болот:

Кыргыз-Түрк «Манас» Kyrgiz-Turk «Manas» университети universi

Е-mail: manasuniver@ mail.ru 12.12.2012. №7 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри

Р. Казакбаевге

Сиздердин сунуштамаңыздар боюнча Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган Эл аралык Симпозиумга каржылоо маселесине байланыштуу окутуучуларыбыздын делегациясынын катышуу мүмкүнчүлүгү болбой

тургандыгын билдиребиз.

Page 59: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

ӨМҮР БАЯН

(Автобиография)

Биринчи жак менен жазылган өмүр баяндын үлгүсү:

Өмүр баян

Мен, Токобаев Болот Темирбекович, 1975-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарында туулгам. Атам- Усупбаев Темирбек, апам –Токсобаева Бактыгүл. 1992-жылы Бишкек шаарындагы №6 орто мектепти бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетине өттүм. 1996-жылы университетти аяктап, 1996-жылдан баштап 1997-жылга чейин Францияда окудум. 1997-1999-жылга чейин Өнөр-жай жана соода министрлигинде жетектөөчү адис болуп эмгектендим. 1999-2005-жылга чейин АКБ «Кыргызстан» банкында эмгектендим. 2005-жылы КР Өкмөтүнүн Аппаратында Уюштуруу бөлүмүндө инспектор кызматын аркаладым. Ушул эле жылы КР Премьер министринин жардамчысы болуп иштеп келдим. 2007-жылдан 2009-жылга чейин Экономика өнүктүрүү министрлигинде иштедим. 2010-жылдан бери КР Президентинин Аппаратында эмгектенүүдөмүн.Yй бүлөлүк абалым: жубайым – Гүлзат Саламаттыкты сактоо министрлигинде юрист болуп иштейт. Бир уул, бир кызым бар. 2011-жыл 16-июнь (колу) Б.Т.Токобаев

Page 60: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Бүгүнкү күндө, жумушка кабыл алууда таржымал (резюме) актуалдуу болууда. Таржымал өмүр баянга окшош келип, кыска жазылат. Негизинен туулган жыл, окуу аяктаган жыл, алган наамдары, көнүккөндүктөрү, эмгек стажы, иш алып баруу жөндөмдүүлүгү менен билими айы,жылы, күнү менен так жана айкын берилет.

Page 61: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

ЧАКЫРУУ(Приглашение)

Өткөрүлүүчү маараке-тойлорго, түрдүү жыйындарга, илимий жана практикалык конференцияларга, симпозиумдарга чакыруу үчүн жазуу жүзүндө кабар берүү – чакыруу.

ЧакырууУрматтуу Камил Төлөбекович!

Сизди, үй-бүлөңүз менен балабыз Ринатты сүннөткө отургузуу тоюна келип, бата берип кетишиңизди өтүнөбүз. Той 2012-жылдын 24-майында саат 14:00 дө «Дасмия» ресторанынын тойканасында болот. Сизди урматоо менен Нурсейиттин үй-бүлөсү.

Page 62: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Расмий иш чараларга даярдалган чакыруунун текстинин түзүлүшү бир топ татаал болот. Мындай чакыруулар мамлекеттик жана коомдук мекемелерде даярдалат.

Мындай чакырууда адабий тилдин нормага ылайык сөздөр китеп сөздөрү

жана сөз тизмектери активдүү пайдаланылат.

Чакыруу!

Урматтуу Элмирбек Камилович! Сизди Кыргыз Республикасынын мыйзамдык долбоорун толуктоо боюнча «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» жыйынга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги чакырат. Жыйын 2012-жылдын 1-февралында саат 9. 30 да Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жыйын жайында (Жаш Гвардия көчөсү, 59-үй, 1-кабат, «Манас ордосу» жайында) башталат. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

Page 63: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Уюштуруу-тескөө иш кагаздары

Page 64: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

АКТ

Yлгү: Материалдык баалуулуктарды өткөрүп берүү жөнүндө акт

АКТ2011-жыл 22-июль Бишкек шаары

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын Материалдарды даярдоо бөлүмүнүн башчысы М.Ааматов жана адистер: З.Исакова, С. Кубатова, З.Козубаева болуп төмөндөгү актыны түздүк. Мурда З.Исакованын жеке жоопкерчилигиндеги персоналдык компьютерди (1 даана) өндүрүштүк кызыкчылыкка байланыштуу, бөлүмдүн ишин өркүндөтүү максатында З. Козубаеванын жоопкерчилигине өткөрүп бергендигин күбөлөндүрөбүз. Комиссиянын төрагасы (колу) М.Ааматов Мүчөлөрү: (колу) З.Исакова (колу) С.Кубатова (колу) З.Козубаева Тиркеме: Спецификациялоо актысы

Page 65: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Бекитем Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары ________ С. Н. Байназаров 18.11. 2011.

Аткарылган иш тууралуу

АКТ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын

алдындагы Окуу-маалыматборборунун директору А. Исманкулова жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Эмилбек аламатович Каптагаев менен №8 кызматташуу келишими түзүлгөн.

Келишимде 2011-жылдын 1-октябрынан 30-декабрынан чейин кызматкерлерге мамлекеттик тилди окутууга:

-баштоочу топ үчүн 72 саат; - улантуучу топ үчүн 72 саат; - иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө 48 саат белгиленген.

Окуу-маалымат борбору тарабынан көрсөтүлгөн иш милдети аягына чыкты. Кызматкерлерден сынак алынып, жыйынтык чыгарылды.

Учурда сынактан өткөн курстун угуучуларына тастыктама тапшырууга берилди. Окуу-маалымат борборунун директору (колу) А. Исманкулова Комиссиянын мүчөлөрү (колу) А.Н. Абдылдаева (колу) А. Т. Аликеева (колу) Ж. А. Рахматова

Page 66: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Баяндама кат(докладная записка)

Эгерде баяндама кат ички иш кагазы болсо, иш-чараны аткаруу демилгеси мекеме кызматкеринен болгондуктан, андай баяндама катка тема коюлбайт.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Р.Ч.Момбековго Окуу-маалымат борборунун директору А.Т. Исманкуловадан

БАЯНДАМА КАТ Сиздин көрсөтмөңүз боюнча «Эл аралык «Манас» ачык акционердик аэропортунун кызматкерлерин 2012-жылдын 5-мартынан баштап Мамлекеттик тилди окутууга жетекчилери менен бирге кызматташуу келишимин түздүк. Мамлекеттик тилди үйрөнүүгө аэропорттун бардык кызматкерлери макул экендигин билдиришти. Аэропорттун кызматкерлери Мамлекеттик тилди үйрөнүүгө окуу китептери менен камсыз кылууну суранышты. Ошондуктан Сизден жогорку маселени чечип берүүңүздү суранып, ишти андан ары уланта берүүгө толук мүмкүн деп эсептейм. 16.02.2012. ( ) колу

.А Исманкулова

Page 67: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Ал эми төмөнкү БАЯНДАМА КАТ тышкы иш кагазы болгондуктан тема коюу зарыл.

Кыргызстан-Россия Славян университетинин ректору, академик В.И. Нефадьвге университеттин Чарба иштери боюнча проректору А. Т.Мамасериковдон

БАЯНДАМА КАТ Медициналык факультеттин жалпы абалы жөнүндө Сиздин көрөстмөңүз боюнча 2011-жылдын 17-августунда Медициналык факультеттин жалпы абалын текшерип чыктым. Аталган имаратта айрым окуу бөлмөлөрү талапка жооп бербейт, бир бөлмөдө такта жок, эки окуу бөлмөнүн каалгалары жакшы бекибейт. Спорт аянтчасында волейбол ойноочу торчо коюлбаган. Көрсөтүлгөн кемчиликтерди тез арада оңдоо жагын медициналык факультеттин деканына тапшырууңузду сураймын. Көрсөтүлгөн кемчиликтер четтетилгенден кийин гана 2011-2012-окуу жылына имараттын даяр боло тургандыгын билдиремин. 17.08.2012. (колу) А.Т. Мамасериков

Page 68: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Жогоруда келтирилген баяндама каттардын үлгүсү арызга окшош жазылган. Баяндама каттын дагы бир түрүнүн аткарылуу өзгөчөлүгү бар. Анда тармактык бөлүктөрдүн жайланыш тартиби бир аз башкачараак. Андай баяндама каттарда мекеме же ишкананын, тармактык бөлүмдүн жана иш кагазынын аталышы, анын жазылган убагы жана тексттин темасы сол бурчуна, баяндама кат жөнөтүлө турган жетекчинин кызматы, аты-жөнү барактын жогорку оң бурчуна жазылат.

Page 69: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультети декан А.К.Кулматовго

БАЯНДАМА КАТ01.02.2012. Сырттан окуу бөлүмүнүн 4-курсунун студенттеринин педагогикалык практикасынын мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө 2012-жылдын 19-февралынан башталуучу педагогикалык практика Бишкек шаарында грипп оорусунун эпидемиялык масштабда болгондугуна байланыштуу өтүлбөй тургандыгын билдирем. Педагогикалык практиканы 2-апрелден баштоону сунуш кылам. Бул мөөнөткө Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жетекчилигинин макулдугу алынды. Бишкек шаардык билим берүү департаментинин макулдук каты (1 бет), 1 нуска) тиркелет. Факультеттин деканынын сырттан окуу боюнча орун басары (колу) Р. Касымов

Page 70: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

БИЛДИРМЕ(Рапорт)

Пландын, берилген ар кандай тапшырманын аткарылгандыгы, эмгек өргүүсүнүн, чет өлкөгө жасалган саякаттын аяктагандыгы, иш сапарынын бүткөндүгү, айрым иш чаралардын жыйынтыкталгандыгы ж.б. жөнүндө жогорку инстанцияларга (уюмга) жиберилген расмий иш кагазы – билдирме болуп саналат.

Page 71: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Билдирменин үлгүсү:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору А. А. Калмаматовго Кадр жана иш кагаздар бөлүмүнүн башчысы Д. Казаковдо

Билдирме 2011-жылдын 10-май күнү экспертиза башкармалыгынын башкы адиси А.А. Иванов эмгек тартибин бузуп, эч себепсиз жумушка чыккан эмес. А.А.Иванов боюнча чара көрүү профсоюздун чогулушунда каралмакчы. Кадр жана иш кагаздар боюнча бөлүмүнүн башчысы (колу) Д. Казаков 10.05.2011.

Page 72: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

БУЙРУК(Приказ)

Буйрук – мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке бийлигине негизделген укук документи. Ал мекеменин ишмердигиндеги негизги жана күндөлүк милдеттерди, иш чараларды чечүү максатында колдонулат. Буйрук негизги иш аракеттерге жана кардарлардын жеке өзүнө тиешелүү маселелерге байланыштуу жазылат (буйрук берилет). Алар белгилүү тартипте өзүнчө номерленип, айрым көктөмөдө сакталат.

Page 73: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Жалпы ишмердик боюнча буйрук

Бул буйрукта мекемеде ишти уюштуруу, мекеме жана анын бөлүмдөрүнүн ишмердигин тартипке салуу маселелери каралат, жогорку мекемелерден келген көрсөтмө иш кагаздар мекеме кызматкерлерине жеткирилет, алардын аткарылышы боюнча так чаралар көрсөтүлөт, ал иш чаралардын аткарылышына жооптуу адамдар дайындалат жана аткаруу мөөнөтү белгиленет.

Page 74: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Жалпы ишмердик боюнча буйруктардын үлгүлөрүСалтанаттарды жана майрамдарды өткөрүү буйруктары:

Кыргыз РеспубликасыЧүй облусу

Чүй райондук мамлекеттик администрациясыБУЙРУК

2012-жылдын 18-февралы №5 Токмок шаары «Нооруз-2012» майрамын майрамдоо учурунда тартипти жана коопсуздукту камсыздоо жнүндө 2012-жылдын 21-мартында массалык майрамдоо жана соода өткөрүү учурунда шаардагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча БУЙРУК КЫЛАМ: 1. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Б.Абакиров 21-мартта тартипти жана коопсуздукту камсыз кылсын. 2. МАИ башчысы А.А.Жоошбеков 21-март күнү автоунаалардын кыймылын саат 8:00дөн саат 16:00гө чейин Ленин көчөсү боюнча Пионер жана М.Горький көчөлөрүнүн аралыгында токтотууну камсыздасын. 3. Буйрукту аткаруу райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары М.К. Каиповго мидеттендирилсин.Чүй райондук мамлекеттик администрация башчысы (колу) А.Кенжетаев

Page 75: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Эскертүү: Мекеменин бланкынын маалыматтары мындай кийинки үлгүлөрдө да көрсөтүлбөйт.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИБУЙРУК№19

2012-жылдын 18-февралы Бишкек шаары Кыргыз эл жазуучусу,кыргыз Эл баатырыТ.Касымбековдун 80 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө Үстүбүздөгү жылдын 15-январь айында республикабыздагы белгилүү инсан,

кыргыз Эл жазуучусу, кыргыз Эл баатыры Т. Касымбеков көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Улуу залкар жазуучунун мааракесине арналган адабий конференцияны белгилөө максатында БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Адабий конференция 19-апрелде саат 14.00дө министрликтин коллегия залында өткөрүлсүн.

2. Иш чараны алып баруу милдети А. Иманжановага жүктөлсүн. 3. Иш чараны уюштуруу милдети Төлөбек уулу Талантка жүктөлсүн.

Министр (колу) И. Жунусов

Page 76: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Өздүк курам боюнча буйрук

Өздүк курам боюнча буйрук ишке кабыл алууда же иштен бошотууда, мекеменин бир бөлүмүнөн экинчи бөлүмүнө которууда, кызматкерди сыйлаганда, өргүүгө чыкканда ж.б. учурларда даярдалат. Мындай буйруктар уюмдун бөлүм жетекчилеринин сунуштары жана жарандардын өздүк арыздарынын негизинде аткарылат.

Page 77: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

1. Жумушка кабыл алуу буйругу

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы

Окуу-маалымат борбору___________________________№______

БуйрукЖумушка кабыл алуу жөнүндө

БУЙРУК КЫЛАМ: 1. Жийдебаева Анара Жумакожоевна ,Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 82-

беренесине ылайык, 2011-жылдын 11-июлунан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы эсепчилик кызматына дайындалсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага (колу) Р. Момбеков

Page 78: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

2. Башка ишке которуу буйругу

Буйруктун бул түрү кызматкер (же жумушчу) мекеменин бир түзүмүнөн экинчи түзүмүнө которулганда же кызмат орду ошол мекемеде жогорулаганда даярдалат.Башка ишке которуунун демилгечиси мекеме жетекчилиги, эмгекчилер жамааты, жогорку органдын көрсөтмөсү болушу мүмкүн. Бирок буйруктун негизи болуп башка ишке которулган кызматкердин арызы кала берет.

Page 79: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Башка ишке которуу буйругунун үлгүсү:

«БЕРЕКЕТ ГРАНД» CООДА БОРБОРУБУЙРУК

№53 21.02.2011. Бишкек шаары Башка орунга которуу жөнүндө Насырова Рахат, ээлеген кызматынан бошотулуп, 2011-жылдын 2-февралынан 15500 (он беш миң беш жүз) сомдук айлык акы менен директордун орун басарлыгына дайындалсын. Негиз: Р. Т. Насырованын арызы. Башкы директор (колу) З. И. Осмоналиев

Page 80: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

3. Эмгек өргүүсүн берүү буйругу Буйруктун бул түрү мекеме кызматкери же жумушчусу

кезектеги эмгек өргүүсүнө чыкканда даярдалат.Календардык же окуу жылынын башында түзүлгөн мекеменин же анын түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин өргүү графиги бул буйрукка негиз болот. Айрым учурда эмгек өргүүсүнө чыгуу үчүн арыз да жазылат.Эмгек эс алуусу бүткөндөн кийин, кызматкер өргүүсүнүн бүткөндүгү жана кайсы күндөн өз кызматына киришкендиги жөнүндө билдирме жазышы талап кылынат.

Page 81: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Эмгек өргүүсүн берүү буйругу:

“Эл аралык “Манас”ачык акционердик коомуБУЙРУК

№467 01.12. 2011. Бишкек шаары Эмгек өргүүсүн берүү жөнүндө Котормо бөлүмүнүн башкы адиси Шаменова Айнура Шаменовнага 2010-жылдын 18-июлунан 2011-жылдын 30-майына чейин иштегендиги үчүн 2011-жылдын 1-июнунан тартып 36 күнгө эмгек өргүүсү ден соолукту чыңдоо менен эки айлык эмгек акысы менен берилсин. Негиз: 1. Эмгек өргүүсүнүн иш тартиби 2. А. Шаменованын арызы. Башкы директор (колу) М. Туркебаев

Page 82: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

4. Кызматтан бошотуу буйругу Буйруктун бул түрү мекеме кызматкери

(жумушчусу) кызматтан бошогондо жазылат.Кызматтан бошотуу буйругунун негизи – иштен бошонуучу жарандын арызы. Арызда анын ээси бошонуу себеби буйрукта белгиленет.

Page 83: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Кызматтан бошотуу буйругу :

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты___________________________№______

Буйрук №87

Назира Таджибаева жөнүндө:Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 82-беренесине ылайыкБУЙРУК

КЫЛАМ: 1. 2011-жылдын 11-июлунан Укуктук бөлүмүнүн башкы адиси өз каалоосу

менен ээлеген кызматынан бошотулсун.Негизи: Таджибаева Назира Кубанычовнанын арызы. 2. Акыркы эсептешүүсү берилсин. 3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам

Аппарат жетекчиси (колу) Э. Каптагаев

Page 84: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

5. Кызматкерлерди сыйлоо буйругу

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия

БУЙРУК №56

05.09.2011. Бишкек шаары

Окутуучуларды сыйлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин өнүгүшүнө кошокон зор салымдары үчүн төмөнкү окутуучуларды сыйлоого БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Мажитова Рахат - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу “Ардак грамота”

менен; 2. Абылкасымова Тамара–Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу “Ардак

грамота” менен СЫЙЛАНСЫН. Негизи: Кафедра башчысынын көрсөтмөсү.

Төрага (колу) Р.Момбеков

Page 85: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Буйруктун көчүрмөсү

Мекемелердин же жарандардын талабы боюнча буйруктун көчүрмөсү берилет. Көчүрмө компьютерде кайра даярдалып, аны талап кылган тарап үчүн зарыл болгон маалым даректер толук киргизилиши керек.

Буйруктун тексти жөнөкөй болсо, анда түп нуска толугу менен көчүрүлүп, ага жетекчи кол койбой эле, ке се кызматкерлеринин ӊ “Көчүрмө анык” же “Анык” деген визасы менен ырасталат. Көчүрмөнү даярдоочу колун коюп, кеңсенин тегерек мөөрү басылат.

Page 86: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

ТЕСКЕМЕ Тескеме - негизинен мамлекеттик

башкаруунун коллегиялуу органын башкарган жетекчинин атынан күтпөгөн (ыкчам) маселелерди чечүү үчүн чыгарылган укуктук акт. Эреже катары ал чектелүү мезгилине чейин иштейт жана айрым уюмдарга, жарандарга, кызмат адамдарына тиешелүү болот.

Page 87: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Тескеменин үлгүсү:

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги

Т Е С К Е М Е

15.06.2011. №10 Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Германиядан алынып келген дарыларды пайдаланып, бир жаштан 17 жашка чейинки өспүрүм балдарды кызамык оорусуна каршы алдын-ала дарылоо ишин жүргүзүүнү ишке ашыруу зарыл. Бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн министрликтин илимий иштер боюнча орун басары Г.С. Жуматаевага төмөнкүлөр милдеттендирилет: 1. Республиканын бардык медициналык участкалык башчыларынан дарыны пайдалануу боюнча бир күндүк семинары өткөрүлсүн. 2. Дарылар ар бир райондон берилген суроо-талапка ылайык бөлүштүрүп берилсин. 3. Алдын ала дарылоо иши 2011-жылдын 20-декабрына чейин аяктасын.Министр (колу) С. Жумабеков

Page 88: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

ЖАРЛЫК(Указ)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарына класстык чендерди берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын төмөнкү кызмат адамдарына класстык чендер берилсин: “Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси”Жолдубаева Индира Ырысбаевнага - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн АппаратынынУкук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;Момбеков Рыскелди Чыныбековичке - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы; Касымов Роман Пазыловичке -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкаруучусу.Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти Р. ОтунбаеваБишкек ш.2011-жылдын 12-августуПЖ №190

Page 89: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

ЖОБО(Положение)

Мамлекеттик, жамааттык жана менчик мекемелердин жалпы ишмердигин нормага салган жана мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарынын, токтомдорунун негизинде түзүлгөн расмий иш кагазы - жобо.Жобо – ар бир мекемеде түзүлөт жана ошол мекеме өз ишмердигин жобонун негизинде жүргүзөт.

Page 90: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Кыргыз республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун

Жобосу1.Жалпы жоболор

1.1.”Кыргыз республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү багытындагы ченемдик актылардын аткарылышын камсыздоо максатында, ошондой эле мамлекетибиздеги бөтөн тилдүү калктардын кыргыз тилин окуп, үйрөнүү талабын күчөшү менен бул багыттагы окуу-усулдук чаржайытты тартипке келтирүү, тиешелүү маалымат базасын түзүү талабы Окуу-маалымат борборунун түзүү зарылчылыгын пайда кылды. 1.2. Окуу-маалымат борборунун (мындан ары – борбор) уюштуруучусу – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы.1.3. Борбор уюштуруучулук укуктук түрү боюнча мекеме болуп саналат жана өзүнүн гербдүү мөөрү, расмий бланкы, өз алдынча эсеп-кысабы болот.1.4. Борбордун дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 Б.

2. Борбордун максаты жана милдеттери2.1. Борбор өз алдынча укуктук-юридикалык күчкө ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы билим, илим жөнүндөгү бардык укуктардан пайдалануу менен, Мамлекеттик тил комиссиянын жобосуна, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамга жана өзүнүн жобосуна таянып иш алып барат. Борбор өз ишмердигине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алат. Борбор көрсөтүлгөн кызмат үчүн мамлекеттик жана коомдук уюмдар, башка чарба жүргүзүүчү субъектилер, жеке адамдар чегерген каражаттардын, чыгармачылык ишмердиктин, демөөрчүлүк колдоолордун эсебинен иш жүргүзөт.2.2. Борбордун башкы максаты-республикада мамлекеттик тилди үйрөнүү, жайылтуу боюнча илим-билим жагынан, коомдук, маданий жактан иштерди алып баруу, маанилүү, зарыл маалыматтарды иргеп, талдоого алуу жана топтоо, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окууларды, семинарларды уюштуруу болуп саналат. Бул багытта электрондук веб-сайт түзөт, маалымат бюллетендерди чыгарат, усулдук кеңештерди берет.

Page 91: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

2.3. Борбор өз ишинде укуктук тараптар, мамлекеттик мекеме уюмдар, кызматкерлер, жогорку жана орто билимдүү жарандар менен өз алдынча төмөндөгү багыттар боюнча иш жүргүзөт: -мамлекеттик кызматкерлер, башка улуттун жарандары, эне тилин начар билгендер үчүн кыргыз тили боюнча тездетилген курстарды уюштуруу; -мамлекеттик жана башка менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдардын, ишканалардын кызматкерлерине иш кагаздарын орус тили менен катар мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүү; -мамлекеттик тилди окутуу боюнча-усулдук жана илимий-усулдук иштерди уюштуруу; -окуу китептерин, усулдук колдонмолорду иликтөө, талдоого алуу жана даректүү сунуштарды даярдоо; -мамлекеттик тилди өркүндөтүүнүн жана аны жайылтуунун илимий-практикалык жолдорун, ыкмаларын изилдөө, иштеп чыгуу боюнча окуу жана окуу-усулдук куралдарды, адабияттарды жана башка материалдарды түзүү жана сунуштоо; -иш кагаздарын жүргүзүү жана мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча аудио-видео материалдарды, басма материалдарын, компьютердик программаларды, башка маалымат булактарын түзүү; -мамлекеттик кызматкерлер, окутуучулар үчүн илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, курстарды, кароо-сынактарды, башка иш-чараларды өткөрүү; -курстар үчүн окуу программаларын, окуу пландарын түзүүгө көмөктөшүү; -квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу; -алдыңкы усулдук иш-тажрыйбаларды жайылтуу; -жогорку окуу жайларына өтүүгө даярдоо, консультацияларды түзүүгө, которууга жардам көрсөтүү;

-министрликтердин, мамлекеттик мекеме-уюмдардын жана жеке адамдардын заказдары боюнча башка тилдерден кыргыз тилине илимий жана көркөм адабияттарды, тексттерди, көрсөтмөлөрдү, документтерди, фирмалык бланктарды, формулярларды,

расмий кагаздарды, ишканалардын иш кагаздарын жана мекемелердин аттарын, рекламалык кулактандырууларды которуу;

Page 92: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

3. Борбордун укуктары-кыргыз тилин, иш кагаздарын үйрөнүү курстарын уюштурууга, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө;-семинар, конференцияларды, илимий, усулдук билим берүү багытындагы ар кандай жыйындарды өткөрүүгө;-окуу жана окуу-усулдук китептерди даярдоо, басып чыгарууга жана таркатууга;-кызмат көрсөтүү чөйрөсүн ке ейтүүгө, ишмердүүлүктүн жа ы түрлөрүн киргизүүүгө;ӊ ӊ

-менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдар менен кызматттык келишимдерди түзүүгө жана кызматташууга;-эл аралык уюмдар менен өз алдынча кызматташууга;-гранттык долбоорлорду жазууга жана ал боюнча иш жүргүзүүгө;-мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн материалдык-техникалык шарттарын жакшыртуу максатында коомдук, экономикалык ишмердүүлүктөрдү жүргүзүүгө;-тажрыйба алуу максатында чет өлкөлөргө кызматкерлерин жөнөтүүгө жана ал жактан тажрыйбалуу адистерди чакыртууга;

4. Борбордун түзүлүшү жана аны башкаруу4.1. Борбордун жогорку башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия болуп саналат.4.2. Борбордун уюштуруучусу төмөнкү маселелерди чечет:-Борбордун жобосуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү;-Борбордун ишмердүүлүгүндөгү артыкчылык берилүүчү багыттарды белгилөө;-Борбордун жылдык отчетун угуу;4.3. Борбордун ишин көзөмөлдөп туруу үчүн курамы 3 кишиден турган Көзөмөлдөө Кеңеши Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаменти тарабынан 3 жылдык мөөнөткө дайындалат;4.4.Көзөмөлдөө Кеңеши:-Борбордун ишмердүүлүгүнө;-Мыйзамдуулуктун сакталышына;-Жободо көрсөтүлгөн максат-милдеттерден четтеп кетпөөсүнө көзөмөлдүк кылат.4.5. Борбордун түзүмү:-Көзөмөлдөө кеңеши;-Борбордун жетекчилиги.

Page 93: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

4.6.Борбордун ишин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы дайындаган директор жетектейт.4.7. Борбордун директору:-кадр маселесин чечет;-борбордун штатын аныктайт;-борбордун иш планын жана сарптоо сметасын бекитет;-адистердин жүргүзгөн иштерине көзөмөлдүк жасайт;-жылына бир жолу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдында отчет берет;-борбордун каржы-эсеп, өндүрүштүк иштерин, жетекчиликке алат;-жана башка мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенет;

5.Борбордун финансы-чарба ишмердүүлүгү жана мүлкү5.1.Борбордун финансы каражаттары төмөнкү булактардан турат:-окуу үчүн төлөнгөн каражаттардан;-консультациялык, маалыматтык кызмат өтөөдөн түшкөн каражаттардан;-басма иштерин жүргүзүүдөн;-чыгармачылык иштерди жүргүзүүдөн;-демөөрчүлөрдөн, гранттык каражаттардан, жеке адамдардан жана мыйзамга туура келген башка булактардан түшкөн каражаттардан топтолот.5.2. Табылган киреше тиешелүү төлөмдөрдөн, салыктардан кийин Борбордун максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга жумшалат:-жабдууларга, окуу пландарын, программаларын, окуу жана окуу-усулдук куралдарын түзүүгө;-Борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдоого;-Борборду кармап турууга жана өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды төлөөгө;-Борбордун кызматчыларынын айлык акыларын төлөөгө, сыйлык берүүгө жана материалдык жактан колдоого;5.3.Борбор тиешелүү тартипте бухгалтердик отчеттуулукту ишке ашырат.

Page 94: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Жобо бекитилгенден кийин расмий күчүнө кирет.

6. Өзгөртүп түзүү жана жоюу6.1.Борбор өзүнүн ишмердүүлүгүн өзгөртүп, кайра түзүүнүн жана жоюунун негизинде токтотот.6.2.Өзгөртүп. кайра түзүлгөн учурда бардык өзгөртүүлөр уюмдун жобосуна киргизилет.6.3.Борбордун ишмердүүлүгүн токтотуу учурунда пайда болгон иш кагаздар Кыргыз Республикасынын “Архивдик фонду жөнүндө” мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.Кыргыз Республикасынын Президентинекараштуу Мамлекеттик тил боюнчаулуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун директору (колу) А. Исманкулова

Page 95: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

ИШЕНИМ КАТ(Доверенность)

Мекеме, ишкана, бирикме же жеке кишинин атынан иш жүргүзүү үчүн экинчи бир кишиге ишеним билдирилген жана анын өкүлдүгүн аныктап жазылуучу иш кагазы – ишеним кат. Ал мазмуну жагынан ар түрдүү келип, бирөөнүн мал, мүлкүн башкаруу, акча жана материалдык байлыктарын алуу, сот процессинде тигил же бул ишти алып баруу жана башка иштерди турмушка ашырууга укуктуу экендигин күбөлөндүрөт.

Page 96: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Мөөр Ишеним кат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Камсыздоо борборунун эсепчиси Кыдыров Кайрат Рысбековичке “Эл аралык “Манас” ачык акционердик аэропорту менен 2011-жылдын экинчи жана үчүнчү кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына Франция, Германия, Англия өлкөлөрүнө каттамдарды уюштуруу келишимин түзүү жөнүндө жана ага байланыштуу бардык жумуштарды аткарууга укук берет.

Ишеним кат 2011-жылдын 30-ноябрына чейин жарактуу. К.Р. Кыдыровдун Токмок шаарынын ички иштер

Колу бөлүмү тарабынан 2005-жылдын

10-октябрында берилген

АN 567435 паспорту көрсөткөнгө

жарактуу Бажы кызматынын Президенти (колу) К.Кулматов

Бухгалтер (колу) Г. Акынбекова мөөр орду

Page 97: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Жогорудагы ишеним кат бир гана жолу, кызматкер кыска мөөнөттө бир гана ишти бүткөрүүгө, тагыраак айтканда келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Өзгөчө мүнөздөгү ишеним каттын үлгүсү:

Ишеним кат Ушул ишеним кат Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун директору Исманкулова Айнура Төлөбековнага (паспорт АN 1859316 ИИМ 50-55 2010-жылы 8-июлда Бишкек шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан берилген) берилди. Ишеним кат аркылуу Исманкулова Айнура Төлөбековна Окуу-маалымат борборунун тиешелүү документтерин Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү үчүн даярдоого жана күбөлүгүн алууга укуктуу. Ишеним кат бир айлык мөөнөткө 2011-жылдын 22-июлуна чейин берилди.

Төрага (колу) Р. Момбеков18.05.2011.

Page 98: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

СУНУШТАМА(Рекомендация)

Сунуштама тигил же бул адамды кызматка көтөрүүгө ылайыктуу, татыктуу жана тапшырылган ишти аткарууга жөндөмдүү экендигин билдирүүчү документ болуп эсептелет.Сунуштаманын үлгүсү:

Сунуштама Сунуштама Кубанычбек уулу Кабылбекке берилет. Кубанычбек уулу Кабылбек 2009-жылдын 16-июнунда № 67 буйрук менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын иш кагаздары, кадрлар жана уюштуруу иштери бөлүмүнө жетектөөчү адис – юрист кызматына кабыл алынган. Жумушка кабыл алынган күндөн тартып Кубанычбек уулу Кабылбек өзүн дасыккан адис катары көрсөтө алды. Ал Мамлекеттик тил комиссиясына тиешелүү иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүүгө жана юридикалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга активдүү катышкан. Бардык ишке жоопкерчилик жана чыгармачылык менен мамиле жасайт. Анын ишмердиги учурдагы талаптарга толугу менен жооп берет. Кубанычбек уулу Кабылбек токтоо жүрүш-турушу, сылыктыгы, ийкемдүүлүгү менен айырмаланып турат. Ал өзүнө карата айтылган сын пикирлерди туура кабыл алат. Мекеменин коомдук иштерине такай катышып, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алды. Yй-бүлөлүү. Эки баланын атасы. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы Кубанычбек уулу Кабылбекти жоопкерчиликтүү жана жөндөмдүү адис катары сунуштайт.

Сунуштама талап кылынган жерге берилсин.Иш кагаздары, кадрлар жана уюштуруу иштери бөлүмүнүнжетекчиси (колу) Г. Бирназарова 23.03.2012.

Page 99: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

КЫЗМАТ КАТТАРЫ(Служебные письма)

Мекемелер арасындагы кызматташууну ишке ашыруучу негизги документ – кызмат каттары. Кат аркылуу аткарыла турган маселелердин көлөмү өтө кең. Анткени мындай каттар аркылуу көп түрдүү көрсөтмөлөр, суроолор, жооптор, түшүндүрүүлөр, өтүнүчтөр кабарлар, сунуштар, кепилдиктер ж.б. берилет. Мазмуну жагынан өтө ар түрдүү болгон мындай документтер жалпысынан кызмат каттары деп аталат. Кызмат каттары мекемелер, уюмдар арасында иш жүргүзүүнүн, байланыштын басымдуу бөлүгүн ишке ашыруучу документ болуп саналат. Кызмат каттары өзгөчөлүктөрү боюнча экиге бөлүнөт:

1. Жооп берүүнү талап кылуучу каттар (доо каттар, суроо каттары, өтүнүч каттар);

2. Жооп берүүнү талап кылбай турган каттар (кошумча кат, аныктоочу кат, эскертүү каты, маалымдама кат, кепилдик кат ж.б.).

Page 100: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

1.Чакыруу кат(Приглашение)

Чакыруу каты чогулушка, салтанаттуу жыйынга белгилүү адамдарды чакыруу үчүн жиберилет.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын укук кызматкери Ж.Мүсүралиевге

Урматтуу Жумабек Керимович!

Ушул жылдын 2-апрелинде саат 10.00дө Кыргыз Мамлекеттик тарых музейинде өтүүчү журналист Мирлан Алымбаевдин “7-апрель” аттуу китебинин бет ачарына Сизди чакырабыз.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил Боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Ч. Түмөнбаева

Page 101: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

2.ДОО КАТ

“Эдельвейс” соода борбору

Бишкек шаары, Турдубеков көчөсү 121 Мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын кайра артка кайтаруу жана компенсация төлөтүү жөнүндө

ДОО КАТ 2012-жылдын 12-майында Тараз шаарындагы “Татым” азык-түлүк борборунан Бишкек шаарындагы “Эдельвейс” соода борборуна 5 тонна

тамак-аш азыктары (анын ичинде балык, сүт жана кондитер азыктары бар) ташылып келген. Бул азыктарды сатып алган адамдар ууланганына байланыштуу Керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу уюмга кайрылышкан. Тамак-аш азыктары экспертизадан өткөрүлүп, жыйынтыгында алардын жарактуу мөөнөтүнүн өткөндүгү аныкталды. Натыйжада жеке жарандар:

1. А. Асанов 2. К. Муратова 3. Н. Сариев 4. С. Нуралиев 5. У. Шишкин 6. Е. Власова 7. К. Мураталиевалар ден соолуктарынан жабыркап, соода борбор 75 000 (жетимиш беш миң) сом өлчөмүндө зыянга учурады. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу уюмдун өкүлдөрү, Бишкек шаардык экспертизанын эскперттери, Санэпидемстанциянын өкүлдөрү жана башка тиешелүү органдардын катышуусу менен тамак-аш азыктарынын жарактуу мөөнөтүнүн өткөндүгү жөнүндө документ түзүлүп, 20 майда жазылган акт аркылуу бекемделди. Бул жөнүндө Тараз шаарындагы “Татым” азык-түлүк борборуна жана тиешелүү органдарга билдирүү жиберилди. Жогоруда көрсөтүлгөн жарандардын жана соода борбордун тарткан зыяндарынын ордун толтуруп, 150 000 (жүз элүү миң) сом өлчөмүндө акча төлөп берүүңөрдү жана тамак-аш азыктарын кайра кайтарып алууңарды талап кылабыз. Тиркеме: 1. Тамак-аш азыктарынын жарактуу мөөнөтүнүн өткөндүгү жөнүндө акт (2 бет, 1 нуска). 2. “Эдельвейс” соода борборунун өкүлүнүн актысы (1 бет, 1 нуска) 3. Жарандардын арыздары (7 бет, 7 нуска)

Директор (колу) А.Давлетов05.06.2011.

Page 102: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

3.Сураныч кат Сураныч кат – уюмдардын ортосунда жазылат. Бул кат аркылуу

кандайдыр бир ишти аткаруу же аягына чыгуу экинчи уюмдан суралат.

Фирмалык бланк Коомдук телерадио берүү кооперациясынын башкы директору К.Т.Оторбаевге

Cураныч катКыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,

белгилүү акын, прозачы жана адабий сынчы, коомдук ишмер, “Даңк” медалынын ээси К. Бобуловдун 75 жылдык мааракесине карата Мамлекеттик тарых музейинде өтүлүүчү иш-чарага 2011-жылы 14-майда саат 11:00дө (ПТС) жалпыга маалымдоо каражатынын тийиштүү кызматкерлерин жиберүүңүздү өтүнөбүз.

Урматтоо менен Төрага (колу) Р. Момбеков 03.05.2011.

Page 103: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

4. Ишенич кат Ишенич кат – кандайдыр бир шарт же убаданы тастыктоо иретинде түзүлгөн

расмий иш кагазы болуп саналат. Каттын бул түрү аткарылуучу иш үчүн акы төлөө, иштин аткарылуу мөөнөтү, кимдир бирөө жумушка кабыл алууда, турак-жай менен камсыз кылууда, аткарылуучу иштин сапаты үчүн ишенич билдиргенде даярдалып, уюм же жеке адамдарга жиберилет.

Ишенич каттын үлгүсү:

“Манас” кино театрынын директору К.А.Алымовго

2012-жылдын 21-мартында саат 12.30 да коюулуучу “Мезгил жана Алыкул” киносуна Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери үчүн 100 (жүз) билет бөлүштүрүүңүздү суранабыз. Билет акысын Сиздердин эсебиңиздерге 30-апрелге чейин которуу милдетин алабыз.

Декан (колу) С. Байсабаев 13.03.2012.

Page 104: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

5. Суроо кат Башка уюмдан зарыл болгон иш кагаздар, маалыматтар же башка керектүү нерсе

суроо кат аркылуу суралат жана катка жооп талап кылынат.Бир суроо катта бир гана маселе жөнүндө сөз болушу (бир гана суроо болушу) максатка ылайыктуу.

Мамлекеттик тарых музейинин

директору Ж.Ч. Чынаевге

Урматтуу Жеңиш Чынаевич! КР ИИМ кызматы салттуу билимдер боюнча дискин даярдоодо. Диск коопсуздук кызматын коргоо жана изилдөөлөрдү пайдалануу чөйрөсүнө арналат. Тарых музейинин салттуу билимдерге байланыштуу экспонаттарын сүрөткө тартып алууга уруксат берүүңүздү суранабыз. Сизди урматтап, Директор (колу) А.Калмаматов15.08.2015.

Page 105: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

6.Тастык кат

Тастык кат уюмдун башка бир уюмга суроо катын алгандыгы жана ал суроого болгон мамилесин туюндургандыгын баяндоочу расмий иш кагазы болуп саналат.

Тастык каттын текстинде кайсы суроо катка жооп берилип жаткандыгы мүмкүн болушунча так көрсөтүлүшү керек. Бул каттын текстиндеги негизги сөз – “тастыктайбыз”.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

Сиздердин 2011-жылдын 15-майында №5 чыгыш катыңыздарга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил

боюнча улуттук комиссия Киев менен Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги жарыя тактасынын расмий тилден которулган мамлекеттик тилдеги текстинин которулушуна мамлекеттик тилдеги котормосу туура деген күбөлөндүрүү жазуу жок экендигин тастыктайт.

Орун басар (колу) Ч.Д.Түмөнбаева

Page 106: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

7. Буйрук кат

Буйрук кат – бир тармакка тиешелүү болгон уюмдарга бирдей мазмундагы иш чараны аткаруу үчүн жогорку уюмдан берилген ар кандай буйруктарды баяндоочу иш кагазы.Буйрук каттын нускасы жиберилүүчү уюмдардын санына жараша даярдалат. Анын биринчи нускасы катты жиберген уюмда сакталат да. Калган нускалары тизме боюнча уюмдун курамына кирген төмөнкү инстанциядагы уюмдарга жиберилет.

Page 107: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Буйрук каттын үлгүсү:

Кыргыз Республикасынын бардык министрликтерине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жобонун негизинде 2012-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын бардык министрликтеринин кызматкерлери Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча сынактан өткөрүлөт. Ушул сынакка байланыштуу бардык кызматкерлер даярданууга жана маалымат менен таанышууга милдеттүү жана бул жоопкерчилик министрлерге жүктөлөт. Сынактан өтүү графиги тиркемеде берилет.Тиркеме: 8 баракКыргыз Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы (колу) Н. Момуналиев 13.06.2008.

Page 108: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

8. Эскертүү кат

Эскертүү кат – жиберилген суроо каттарга карата тастык кат алынбаганда, түзүлгөн келишимдердин мөөнөтү бүткөндө, шарты өзгөргөндө же анын аткарылышына көңүл бурулбай калганда тиешелүү уюмга жазылат.Эскертүү каты көлөм жагынан анча чоң болбойт. Кайсы мезгилде, канчанчы номер менен жиберилген кат экендиги текстте эскертилип, суроо катынын мазмуну кыскача баяндалат. Кызмат каттарынын бул түрү телеграмма формасында да жиберилет. Анда эскертүү катын жиберген уюмдун аты толук көрсөтүлөт.

Page 109: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы А. Азыкбаевге

Эскертүү кат

2011-жылдын 4-мартында жиберилген №78-005 чыгыш номериндеги 5-май КРдин Конституция күнүнө карата иш чара өткөрүү боюнча катыбызга жооп ала албадык. Биздин сунушубузду канааттандырууну жана бизге 2011-жылдын 20-апрелине чейин бул жөнүндө кабар берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары (колу) А. Алыбаев13.06.2008.

Page 110: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

9. Маалым кат(Справка)

Ар кандай абалдарды, болгон окуяны ж.б. маалыматтарды билдирүү же кабарлоо максатында жазылган расмий иш кагазы – маалым кат. Ал уюм тарабынан жеке адамдарга, жеке адамдар тарабынан уюмга карата жазылат.

Маалым кат

Бул маалым кат Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин кадрлар кызматына берилет. Себеби, Төлөбек уулу Талант 2011-жылдын 1-сентябрынан бери К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин механика факультетинин I курсунда М-1-11 тобунда окуп жаткандыгы анык.

Студенттик жалпы бөлүмдүнбашчысы (колу) А. Ишеналиева 15.11.2011. (мекеменин мөөрү )

Page 111: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

ПРОТОКОЛ

Протокол жазылып алынышына карата кыска, толук, стенографиялык жана фонографиялык түрлөргө бөлүнөт.

Чогулуштун кыска протоколу

Чогулуштун кыска протоколунда биринчи бөлүгү күн тартиби менен толук берилет да, баяндамачынын, жарыш сөзгө чыккандардын аты-жөнү жана кабыл алынган токтом көрсөтүлөт. Демек, баяндаманын мазмуну толук жазылбайт. Ошондуктан мындай протокол башка бирөөгө өтө эле түшүнүксүз болот. Бирок бул сыяктуу протоколдор иш жүргүзүүдө көп түзүлөт.

Page 112: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын профсоюздук уюмунун отурумунун

№_______ ПротоколуБишкек шаарыКиев көчөсү, 96 Бжыйын жайы03.04.2012.

Чогулуштун төрагасы: Р.МомбековКатчы: Г.БирназароваКатышкандар: 14 киши

Күн тартиби: “Көк асаба” коомдук жана руханий газетасынын башкы редакторунун орун басары Оморов Асыкбек Мамбетакуновичти Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери” наамы менен сыйлоого сунуштоо. I Угулду: Р. Момбеков - Оморов Асыкбек Мамбетакуновичтин жазып келген тарыхый макала, тарыхый–илимий популярдуу чыгармалары, “Чынгызхан”, “Темирлан”, “Осмон империясы жана бүгүнкү Түркия” аттуу чыгармалары кыргыз тилин колдоодо жана өркүндөтүүдө чоң роль ойнойт. Асыкбек Оморов Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаевнанын 2010-жылдын 16-июлдагы.№ ВП 16-872 токтомуна ылайык “Алтай-Ала-Тоо: Ай-Көл Манастын түбөлүк жолу” долбоорун жетектеп, Манас атабыздын туулган жери Россиянын Алтай Республикасына жалпы кыргыз элин тынчтыкка чакыруу максатында ишти ийгиликтүү алып барып келди. Бул иштин жыйынтыгы менен “2011-жылы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдык мааракесине арнап “ Алтай-Ала-Тоо: Ай-Көл Манастын түбөлүк жолу” деген 80 түстүү иллюстрациялык сүрөттөр менен чагылдырылган 27 басма табак көлөмүндө тарыхый-илимий даректүү китеп жазып, жарыкка чыгарган. Ушул эмгектерин эске алып, Оморов Асыкбек Мамбетакуновичти “Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наамы менен сыйлоого сунуштайм.

Page 113: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

I Чыгып сүйлөгөндөр:1.Ч.Түмөнбаева (жооптуу катчы) – А. Оморовдун “Чынгызхан” деген тарыхый илимий-популярдуу чыгармасын “Мустафа Кемаль Ата түрк” фондусу Азиядагы тарых боюнча өң мыкты чыгарма деп “Мустафа Кемаль Ата түрк” атындагы Алтын медаль менен сыйлаган. Ал эми “Темирлан” аттуу тарыхый чыгармасы үчүн Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгына карата “Түгөлбай Ата” коому Алтын медаль менен сыйлаган. А.Оморовду ушул сыйлыкка көрсөтүлөрүн колдойм.2.А.Молдоканов (бөлүм башчы) - 1991-жылы орусча-кыргызча топографогеодезиялык терминдердин сөздүгүн жарыкка чыгарып, бүгүнкү күндө техникалык жогорку жана орто атайы окуу жайларында студенттердин окуу куралы катары колдонулууда. 2011-жылы октябрь айында Оморов Асыкбек Грециянын Жер Ортолук деңизиндеги Родос аралына барып, дүйнөнүн 72 мамлекеттеринин катышуусунда “Түрк тилдүү элдердин лидерлиги” деген темада лекция окуган. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алып Оморов Асыкбекти “Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наамы менен сыйлоого сунуштайм.3. Абдыжапар уулу Мундузбек - Кыргыз совет энциклопедиясынын авторлорунун бири. Оморов Асыкбек акыркы жылдары жалаң республикалык “Форум”, “Аят пресс”, “Агым”, “Ачык саясат”, “Алиби”, “Лозунг”, “Кыргыз руху”, “Көк Асаба”, “Кыргыз туусу” газеталарына жана “Аалам кыргыздары”, “Кыргыз адабияты” журналдарына кыргыздардын каада-салттары, үрп-адаттары боюнча көптөгөн макалаларды үзгүлтүксүз жазып келет. Мен Асыкбек агайдын “Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наамы менен сыйлоого сунуштоону колдойм.

Күн тартибиндеги маселе талкууланган соң айтылган сунуш – пикирлерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын отуруму I Токтом кылды:1. Оморов Асыкбек Мамбетакуновичти “Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наамы

менен сыйлоого сунушталсын.2. Сыйлыкка сунуш Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссияга

жөнөтүлсүн. Отурумдун төрагасы (колу) Р. Момбеков Катчы (колу) Г. Бирназарова

Page 114: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

ТОКТОМ(Постановление)

Эл чарбасындагы маанилүү бир маселени аткаруу боюнча кабыл алынган нормативдик акт токтом деп аталат. Ал республиканын Өкмөтү, министрликтер менен ведомстволор, алардын түзүмдүк бөлүктөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийликтери тарабынан коллегиялуу түрдө кабыл алынат. Токтомду турмушка ашыруу тиешелүү жамааттын ар бир мүчөсүнүн милдети болуп саналат.

Токтом аткарылуу мөөнөтү боюнча кыска мөөнөттүү токтом жана узак мөөнөттүү токтом болуп бөлүнөт.

Page 115: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

1.Кыска мөөнөттүү токтом

Кыргыз РеспубликасыТалас областы

Талас райондук мамлекеттик администрациясыТоктом №1

2012-жылдын 25-апрели Талас шаары

9-Май Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана ага катышуучу улуу муунду урматтап, таазим кылуу максатында токтом кылат: 1. 9-май Жеңиш күнүнүн майрамын өткөрүү жана ага карата даярдык боюнча иш-чаралардын планы бекитилсин (№1 тиркеме); 2. Уюштуруу комитетинин курамы бекитилсин (№2 тиркеме); 3. Уюмдардын жетекчилери эмгек жамааттарын катыштырууну уюштурсун жана ага

каражат бөлүнсүн; 4. Каржы башкармалыгынын башчысы Амиров Канат шаардагы көрнөктөрдүн, ураандардын жабдылышына, майрамга карата уюштурулган конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоого каражат бөлүүнү караштырсын; 5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү райондук мамлекеттик администрациянын орун басары Азамат Эркинбаевге жүктөлсүн. Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (колу) А.Сулайманова

Page 116: иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жаңы

2.Узак мөөнөттүү токтомКЫРГЫЗ ПРАВИТЕЛЬСТВО РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫРГЫЗСКОЙ ӨКМӨТY РЕСПУБЛИКИ

ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Бишкек шаары, 2012-жылдын 28-февралы, №148

YЙ-БYЛӨ, ТЫНЧТЫК. ЫНТЫМАК ЖАНА ӨЗ АРА КЕЧИРИМДYYЛYК ЖЫЛЫН ӨТКӨРYY ЖӨНYНДӨ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-январындагы №17 “2012-жылды Yй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1.Төмөнкүлөр бекитилсин: -Кыргыз Республикасынын Yй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы 1-тиркемеге ылайык; -Yй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы 2-тиркемеге ылайык (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары: -Yй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү боюнча зарыл чараларды көрүшсүн; -квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратына маалымат берип турушсун. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. 4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.Премьер-министр мөөрдүн көчүрмөсү Ө. Бабанов