6
Oктябрь 2012 МТБнун аскер кызматкерлери менен Кыргызстандык окуучулар биринчи коңгуроону чалышты Биринчи коңгуроо жөрөлгөсү учурунда, 11- класстын окуучунун далынын үстүндө, биринчи класстагы окуучу коңгуроону чалып жатат. Баардык пост- советтик мамлекеттерде өткөрүлгөндөй эле, Кыргызстандын Нижнечуйск айылынын меткебинде дагы 1- сентябрь күнү жогорку класстагы окуучулар 1- класска жаңы кирген балдарга багыт көрсөтүшөт. Нижничуйск айылы, Кыргызстан Мектептин биринчи күнү, Кыргыз Республикасы боюнча окуучу балдарды мектепте тосуп алуу майрамы болгон биринчи коңгуроо өткөзүлөт. Бул күн орус тилдүү мамлекеттерде ар жыл сайын 1-сентябрьда болот. Биринчи коңгуроо акыркы класстарда окуган балдар, биринчи класска жаңы эле кирген балдар менен жанаша баса турган жөрөлгө менен коштолот. Бул жөрөлгө жаңы окуу жылы башталгандыгын көрсөтөт. Бул жөрөлгө жогорку класстагы окуучу биринчи класстагы окуучуну далысына отургузуп алып, чогулган көрүүчүлөрдүн алдынан басып баражатып коңгуроого чалышы менен аяктайт. Манас транзиттик борборунун аскер кызматкерлери Нижничуйск айылынын № 1-мектептин окуучулары менен айылдын өнөктөштқрү менен бирге биринчи коңгуроо жөрөлгөсүн өткөрүүгө жардам бериш үчүн сапар жасашты. Алар ошондой эле жаңы окуу жылында окуучулардын колдоно турган жаңы спорттук буюмдар менен униформа алып келишти. «Балдар, мектептин биринчи күнүнө кош келдинер» - деди, 376 ЭМЖТнун башкаруучусу полковник Ширлин Остров. «Биз силер менен биргеликте биринчи коңгуроо жөрөлгөсүн өткөрүп жатканыбызга сыймыктанып турабыз, жана ушул маанилүү күн менен силерди куттуктап кетер элем. Мугалимдер менен ата- энелерди, алардын кылган иштери үчүн жана бул балдардын жашоосунда ойногон маанилүү ролдору үчүн терең сыйлайбыз» - деп кошумчалады пол. Остров Бул жөрөлгөдө биринчи жана жогорку класстарда окуган балдар кыска ыр саптарын айтып беришти. Биринчи класска өткөн балдар төмөнкү ыр саптарын айтышты: «Мы идем сегодня в школу поступаем в первый класс здравствуй школа! здравствуй класс!» «АКШда мектепке биринчи жолу баруу башкача өтөт, бул өтүп жаткан жөрөлгө, биринчи жылдан акыркы жылга чейин билимге зор маани берилгени көрүнүп турат. Биринчи коңгуроо жөрөлгөсүндө катышуу биз үчүн эң сонун» - деди ЭМЖТнун административдүү жардамчысы, мастер сержант Тэми Биин. «Биз алып келген спорттук буюмдар менен униформаны көргөн балдардын жүзү жарк этип кеткенин көрүү биз үчүн абдан пайдалуу тажрыйба болду» - деди сержант Биин. Сапар учурунда айылдын акими Рамазан Басаров менен 376 – ЭМЖТнун башкаруучусу МТБнун кызмат аскерлерине мектепти жана жакын жайгашкан жетим үйдү көрсөтүп келди. «МТБнун кызмат аскерлери бул жердеги мектептер менен жетим үйлөргө көп жакшылыктарын кылышты. Алардын көрсөткөн жардамдары биздин айылга пайдалуу болду» - деди Басаров. Манас транзиттик борбор менен жергиликтүү коомчулуктун ортосундагы өнөктөштүк «Ардактуу башкаруучулар» - сыяктуу программалардын өбөлгөсү менен бекемделет. Кыргызстан боюнча граждандык лидерлер транзиттик борбордун башкаруучулары менен ортосундагы өнөктөштүктү күчтөндүрүш үчүн биргелешет. «Бүгүн биз биринчи коңгуроо жөрөлгөсүндө чогуу катышуу үчүн, айылдын акими Рамазан Басаров тарабынан чакырылдык» - деди жогорку мастер сержант Леонард Тибодо. «Эң биринчи окуу жылынан баштап акыркы окуу жылына чейин окуучулардын окууга болгон берилүүсү, алардын илим- билимге канчалык маани бергенин көрсөтүп турат» - деди сержант Тибодо.

Oктябрь 2012 - USEmbassy.gov · здравствуй школа! здравствуй класс!» «АКШда мектепке биринчи жолу баруу башкача

  • Upload
    others

  • View
    5

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: Oктябрь 2012 - USEmbassy.gov · здравствуй школа! здравствуй класс!» «АКШда мектепке биринчи жолу баруу башкача

Oктябрь 2012

МТБнун аскер кызматкерлери менен Кыргызстандык окуучулар биринчи коңгуроону чалышты

Биринчи коңгуроо

жөрөлгөсү учурунда, 11-

класстын окуучунун

далынын үстүндө,

биринчи класстагы

окуучу коңгуроону чалып

жатат. Баардык пост-

советтик мамлекеттерде

өткөрүлгөндөй эле,

Кыргызстандын

Нижнечуйск айылынын

меткебинде дагы 1-

сентябрь күнү жогорку

класстагы окуучулар 1-

класска жаңы кирген

балдарга багыт

көрсөтүшөт.

Нижничуйск айылы, Кыргызстан

– Мектептин биринчи күнү,

Кыргыз Республикасы боюнча

окуучу балдарды мектепте тосуп

алуу майрамы болгон биринчи

коңгуроо өткөзүлөт. Бул күн орус

тилдүү мамлекеттерде ар жыл

сайын 1-сентябрьда болот.

Биринчи коңгуроо акыркы

класстарда окуган балдар, биринчи

класска жаңы эле кирген балдар

менен жанаша баса турган

жөрөлгө менен коштолот. Бул

жөрөлгө жаңы окуу жылы

башталгандыгын көрсөтөт. Бул

жөрөлгө жогорку класстагы

окуучу биринчи класстагы

окуучуну далысына отургузуп

алып, чогулган көрүүчүлөрдүн

алдынан басып баражатып

коңгуроого чалышы менен

аяктайт.

Манас транзиттик борборунун

аскер кызматкерлери Нижничуйск

айылынын № 1-мектептин

окуучулары менен айылдын

өнөктөштқрү менен бирге биринчи

коңгуроо жөрөлгөсүн өткөрүүгө

жардам бериш үчүн сапар

жасашты. Алар ошондой эле жаңы

окуу жылында окуучулардын

колдоно турган жаңы спорттук

буюмдар менен униформа алып

келишти.

«Балдар, мектептин биринчи

күнүнө кош келдинер» - деди, 376

– ЭМЖТнун башкаруучусу

полковник Ширлин Остров. «Биз

силер менен биргеликте биринчи

коңгуроо жөрөлгөсүн өткөрүп

жатканыбызга сыймыктанып

турабыз, жана ушул маанилүү күн

менен силерди куттуктап кетер

элем. Мугалимдер менен ата-

энелерди, алардын кылган иштери

үчүн жана бул балдардын

жашоосунда ойногон маанилүү

ролдору үчүн терең сыйлайбыз» -

деп кошумчалады пол. Остров

Бул жөрөлгөдө биринчи жана

жогорку класстарда окуган балдар

кыска ыр саптарын айтып

беришти. Биринчи класска өткөн

балдар төмөнкү ыр саптарын

айтышты: «Мы идем сегодня в

школу поступаем в первый класс

здравствуй школа! здравствуй

класс!»

«АКШда мектепке биринчи жолу

баруу башкача өтөт, бул өтүп

жаткан жөрөлгө, биринчи жылдан

акыркы жылга чейин билимге зор

маани берилгени көрүнүп турат.

Биринчи коңгуроо жөрөлгөсүндө

катышуу биз үчүн эң сонун» - деди

ЭМЖТнун административдүү

жардамчысы, мастер сержант Тэми

Биин.

«Биз алып келген спорттук

буюмдар менен униформаны

көргөн балдардын жүзү жарк этип

кеткенин көрүү биз үчүн абдан

пайдалуу тажрыйба болду» - деди

сержант Биин.

Сапар учурунда айылдын акими

Рамазан Басаров менен 376 –

ЭМЖТнун башкаруучусу МТБнун

кызмат аскерлерине мектепти

жана жакын жайгашкан жетим

үйдү көрсөтүп келди.

«МТБнун кызмат аскерлери бул

жердеги мектептер менен жетим

үйлөргө көп жакшылыктарын

кылышты. Алардын көрсөткөн

жардамдары биздин айылга

пайдалуу болду» - деди Басаров.

Манас транзиттик борбор менен

жергиликтүү коомчулуктун

ортосундагы өнөктөштүк

«Ардактуу башкаруучулар» -

сыяктуу программалардын

өбөлгөсү менен бекемделет.

Кыргызстан боюнча граждандык

лидерлер транзиттик борбордун

башкаруучулары менен

ортосундагы өнөктөштүктү

күчтөндүрүш үчүн биргелешет.

«Бүгүн биз биринчи коңгуроо

жөрөлгөсүндө чогуу катышуу

үчүн, айылдын акими Рамазан

Басаров тарабынан чакырылдык» -

деди жогорку мастер сержант

Леонард Тибодо.

«Эң биринчи окуу жылынан

баштап акыркы окуу жылына

чейин окуучулардын окууга

болгон берилүүсү, алардын илим-

билимге канчалык маани бергенин

көрсөтүп турат» - деди сержант

Тибодо.

Page 2: Oктябрь 2012 - USEmbassy.gov · здравствуй школа! здравствуй класс!» «АКШда мектепке биринчи жолу баруу башкача

Үч жума мурун, транзиттик

борбордо футбол клубун топтоо

оюбуз жөн кана пикир бойдон

болчу. Транзиттик борбордун

жетекчисинин жардамчысы Роберт

Молитс МТБда кызмат өтөгөн

аскерлердин моралдык көңүлүн

көтөөрүү жана маданияттар

ортосундагы алаканы өнүктүрүү

үчүн футбодук команда түзүү

мүмкүнчүлүгү тууралуу ой

жүгүртүп жаткан. Бирок бул ойдун

ишке ашканына көзү жетпей турган.

Бирок 376-экспедициялык жардам

кызматынын маркетинг бөлүмүнүн

жардамы менен, МТБда кызмат

кылгандардын арасынан футбол

командасына кирүүгө баардык

калоочуларга жарыя кылгандан

кийин, ушунча көп адамдардын

келиши жана

алардын футбол

ойноо шыгы

поковноик

Молитсти таң

калтырды.

АКШда 11ден

19жашка чейинки

өспүрүм

балдарды

машыктыруу

тажрыйбасы

болгон Роберт

Молитс, МТБда

дагы жаңы

команда түзүп

машыктырууга

абдан кызыктар.

Бир канча кыйын

машыгуудан

кийин,

Либерандос атындагы команда түзүлдү. Бул

команда өзүнүн биринчи оюнун 8-сентябрда

ИИМ академиясынын окуучулары менен

өткөрдү.

Бул Либерандос командасы өткөргөн биринчи

оюнунда, оюнчулар спорттук чеберчилигин

көрсөтүштү. Эң негизгиси бул оюндун

жыйынтыгы эки тараптын мамиленин өнүгүүсү

болуп чыкты.

Бир нече адамдар көргөн бул оюн 2:2 эсеби

менен аяктады. Эки команда тең көгө жагаар

футболду көрсөтүштү. ИИМ командасы кооз

комбинация өткөргөндөн кийин каршы

командага кол киргизип, эсепти 1:0 менен

ачышты. Либеранлос командасы, от өчүрүү

бригадасында кызмат кылган Кевин

Фергусондун киргизген голу менен эсепти

теңдешти. Эки команда тең ишеништүү ойноп

баштагандан кийин ИИМ академиясынын

оюнчусунун 30метрден тепкен тобун, 1-

катардагы Пол Смиттин бармактары бир нече

милиметр кана жетпей калып топ дарбазага

кирип кетти. Ошентип эсеп 2:1 болду.

2:1 эсеби менен жеңилип жаткан Либерандос

командасы өжөрлүгүн көрсөтүп дагы бир кол

киргизүү менен эсепти теңдеди. Бул голго

чейин катардагы аскер Жеси Алисондун айып

аянтчасына топту узатуу аракети, топ

дарбазанын кырына тийип калып ишке ашпай

калды. Бирок утурумсуз прессинг кылып

жаткан Либерандос командасынын оюнчусу

штаб-сержант Антони Симонс гол киргизе

алды.

Оюндун аягында эки команда тең жакшы пас

берүү комбинациясын жана коргоодо бекем

ойнунун көрсөтө алышты бирок эч кимиси гол

киргизе алган жок.

Полковник Молитс оюндан күтүлгөндөн дагы

көбүрөөк натыйжа көрө алдык жана бул оюн

эки тараптын мамилелеринин өнүгүшүнө дагы

себеп болду деп эсептейт.

«Биз бул жака келгенибиз бизд абдан

кубандырып жатат. Мен МТБда дагы бир жыл

кызмат өтөйм жана келечекте дагы да ушундай

оюндарды өткөрүлүп турушуна үмүттөнөм.

Ушундай иш-чаралар тараптарды жакындатат

деп ойлойм. Полковник Базарбаев бизди абдан

жылуу кабыл алды. Мен ал кишиге бизди бул

жака чакыргандыгы жана Кыргыз жери жана

эли жөнүндө көбүрөөк билүү мүмкүнчүлүгүн

түзүп бергенлиги үчүн чоң раазычылыгымды

билдирип кетким келет.»

ИИМ академиясынын директору, полковник

Алмаз Базарбаев да өзүнүн ою менен бөлүшүп

кетти.

«Мен ушундай иш-чаралар эки тарапты кесип

менен кана эмес эки ар башка улуииар катары

жакындата тургандына ишенем. Бул оюн эки

тараптын мамилелерине оң таасирин тйигизди

деп эсептеймин. Ушундай көрүшүүлөр дагы

болуп турат деген үмүттөмүн. Жана ошондой

эле алдыда эки тараптын мамилелери өнүгүп

өсө бермекчи,» - деди ал.

«Мен биздин аскер кызматкерлери менен

сыймыктанам. Бир канча жума мурун эле жаңы

эле баштадык эле. Азыр күчтүү, биргелешкен

команда түзүлүп кады. Балким кээ бир

оюнчуларыбыз бул оюнду катардагы бир оюн

да деп көп көңүл бурган эместир. Бирок мен

билем, командабыздын көп катышуучуларына

бул оюн жашоолорунда эске калат. Алар бүгүн

өз мамлекетини жакшы өкүлдөрү болушту

жана бүгүнкү оюнда көрсөткөн аракеттери

үчүн ар биринин сыймыктанганга себеп бар.»

МТБ кызмат аскерлери менен ИИМ академиясынын окуучулары футбол боюнча достук матчында жолугушту

Үстүңкү сүрөттө, транзиттик борбордун кызматкерлери

менен Бишкек полиция академиясынын окуучулары

оюн аяктагандан кийин бири биринин колдорун кысып

жаткан кези. Бул оюн 2:2 эсеби менен аяктады.

Ортоңку сүрөттө, Либерандос командасынын

коргоочусу, капитан Вилсон өз командасынын

оюнчусуна топту узатуу үчүн керилип жаткан учуру.

Page 3: Oктябрь 2012 - USEmbassy.gov · здравствуй школа! здравствуй класс!» «АКШда мектепке биринчи жолу баруу башкача

Быйылкы жылдын 19-сентябрында, МТБунун

аскер кызматкерлери Кыргыз Республикасынын

саламаттыкты сактоо министирлигинин

өкүлдөрүн МТБда кабыл алышты. Бул сапарда,

полковник Роберт Молитс, 376-авиа

экспедициялык канаттын башкаруучусунун

жардамчысы полковник Франк Аллара жана 376-

медициналык группанын башкаруучусунун

катышуусу менен өткөн брифинг жана МТБдун

айланасын жана медициналык клиниканы

көрсөтүү болуп өттү.

Бул сапар маалымат жана маданият тажрыйбасы

менен бөлүшүү программасынын акыркы

жөрөлгөлөрүн бирөөсү болду. Өйдөдө айтылып

кеткен программанын негизги макстаты, МТБ

кызматчылары жана алардын коллегалары менен

иштөө методдору, технология жана иштөө

практикасы менен таанышуу эле. МТБ

саламаттыкты коргоо боюнча адистер Бишкек

шаарындагы медициналык мекемелерге бат бат

сапар жасап турушат.

«Жергиликтүү калктын ден соолугун жана

бакубатчылыгын оңдоо үчүн, Кыргызстан

өнөктөштөрүбүз менен биргелешип иштөөдөн

рахат алабыз. Ошондой эле биз аскер жагдайында

дагы тажрыйба менен бөлүшүү программасын

жүргүзүп келгенбиз жана жергиликтүү айылдарда

жйагашкан мектептер менен мамиле түздук,»

деди полковник Аллара.

Бул сапар саламаттыкты сактоо

министирлигинин жумушчуларына өтө жакты

жана алар министирлик менен МТБнун

ортосундагы өнөктөштүк мамиленин өсүшүнө

күбө болушту. «Бүгүнкү жоллугуу эки тараптын

мамилесинин чыңдалышына өбөлгө түзүп берди.

Тажрыйба алмашуу процеси ачык жана

натыйжалуу өттү,» деди саламаттыкты сактоо

министирдин жардамчысы Марат Калиев.

«Салматтыкты сактоо жагдайында иштеген

абдан мыкты адистер тобу иштейт экен жана

транзиттик борбордо алардан иштөө практикасын

үйрөнүү биз үчүн абдан пайдалуу болду.

Полковник Аллара жакынкы арада ушундай

жөрөлгөлөрдүн улануусуна үмүттөнүп, эки

тараптын ортосундагы өнөктөштүк мамиленин

өсүп өнүгүүсүнө абдан кубанычта экенин айтып

кетти.

«Бүгүнкү жолугушуу, министр жардамчысы

менен экөөбүз натыйжалуу өнөктөштүк мамилеге

алып бара турган жолдо экенибизди көрсөттү.

Медициналык кызматтын жетекчиси катары,

менин негизги максатым эки тараптын

биргелешип иштөөбүздү чыңдоо эле. Бул болсо

эки мамлекеттин ортосундагы өнөктөштүктү

өсүшүнө алып барат. Эмки жолугууларыбызды

дагы улантабыз деген үмүттөмүн» - деп

полковникАллара сөзүн аяктады

Саламаттыкты сактоо министерлиги транзиттик борборго

Мектепке чейинки жаштагы

балдардын күлкүсү асманда

жаңырып турган учурунда

транзиттик борбордун, АКШ аба

күчтөрүнүн борбордук

башкармалыгынын, АКШ

элчилигинин, АКШ эл аралык

өнүгүү мекеменин жана Кыргыз

Республикасынын билим берүү

министирлигинин өкүлдөрү

Пригородное айылынын балдар

үйүнүн мүдүрү жана

тарбиячылары менен биргеликте

лента кыркуу жөрөлөсүн

өткөрүпп жатышты. Бул

жөрөлгө балдар үйүн жаңылоо

иштери аяктаганын белгилеш

үчүн өткөрүлдү.

Ишке ашырылышы үчүн 25

000доллар каражат сарпталган

бул проект төмөнкү иштерди

камтыган: 66 сырткы

терезелерди жылуулукту

сактаган эки айнектүү терезеге,

ички жана сырткы эшиктер, 1-

этаждагы линолеум

алмаштырылды жана 100литр

баткан суу жылыткычты

орнотулду. Бул жаңылоо иштерин

Манас транзиттик борборунун

коопсуздук боюнча кызматташтык

бөлүмү көзөмөлгө алып, ишке

ашырышкан.

«Биз расми билдирүүнү алганда,

контрактка кол коюлганын көрүп

аябай сүйүндүк» деди балдар

үйүнүн мүдүрү Клара

Керимбековна. «Буга чейин

биздин мекеменин түзүлүшү

жагынан бир канча

кыйынчылыктарыбыз бар болчу,

ушул көрсөтүлгөн жардам өзгөчө

балдардын жашоо шарттарын

жакшыртууда чоң пайдасын

тийгизди.»

Мүдүр балдар үйүнө үзгүлтүксүз

келип турган волонтерлорго

раазычылыгын билдирүү менен

сөзүн улантты. Бул жөрөлгөнү

өткөрүүгө салымын кошуш үчүн

келген 22-аба мейкининде май

куйуу эскадрильясынын ишчилери

өзүнүн иштен тышкары, бош

убактысын балдар менен жолугуп,

аларга англис тилинен жардам

берип жана ойноо аянтчасын зыян

тийгизе турган нерселерден

тазалаш үчүн коротушту. Алардын

көрсөткөн бул жардамы

транзиттик борбор менен

жергиликтүү коомчулук менен

өнөктөштүктү чыңдоодо салымын

кошту.

АКШ аба күчтөрүнүн

борбордук башкармалыгынын

командири, генерал л-т Дейвид

Голдфейн, бул жөрөлгөдө

катышып, ушундай проекттер

АКШ менен Крдын ортосундагы

өнөктөштүктү канчалык алдыга

түрткөнүнө күбө болду.

«Артыбызда ойноп жаткан

балдардын үндөрү мага биздин

канчалык окшош экенибизди

эске салды, өзгөчө балдарды

эске алсак, баарыбыз бирдей

деңгээлде балдарыбызга эң

жакшысын каалайбыз. Бул

айтканымды ушул өтүп жаткан

жөрөлгө мисал катары

тастыктай алат, мен өз көзум

менен эки мамлекет

ортосундагы чыныгы, өмүр бою

өнөктөштүкө күбо болуп

турам.»

Өнөктөштүк темасына сүйлөп

жатып, Бишкектеги АКШ

элчилигинин башкаруучунун

жардамчысы Дейвид Маккормик

бул проект жалгыз кана

балдардын жашоо шарттарын

жакшыртпастан, транзиттик

борбор, АКШ мамлекети жана

балдар үйү ортосундагы

мамиленин уланып туруусуна

негиз салып кеткенин белгилей

кетти.

Бул жөрөлгө, конокторго балдар

үйүнүн жакшыртуу иштеринин

натыйжасын көрсөтүү жана

алардын тарбиячылар жана балдар

менен сүйлөшүү менен аяктады.

Лентаны кыркуу жөрөлгөсүндө чагылдырылган өнөктөштүк

Лейтенант-генерал Девид Голдфейн, МакКормик мырза, жана Клара

Керимбековна айым, Бишкекте жайгашкан Пригородное

айылындагы мектептин ремонттон кийинки салтанатту

ачылышында кызыл лента кесип жаткан учуру. Бул жөрөлгө,

транзиттик борбор, АКШ аба күчтөрүнүн борбордук башкаруусу

жана Кыргыз Республикасынын отросундагы өнөктөштүк

Page 4: Oктябрь 2012 - USEmbassy.gov · здравствуй школа! здравствуй класс!» «АКШда мектепке биринчи жолу баруу башкача

Скрипка музыкасы абаны

жаңырып турганда, МТБнын,

АКШ элчилигинин жана маданият

жана туризм министирлигинин

өкүлдөрү Мукаш Абдраев

атындагы музыкалык

мектебинлеги ремонт иштердин

аякташынп арналган жөрөлгөнү,

кызыл лентаны кесүү менен

өткөрүштү.

Мукаш Абдраев атындагы

музыкалык мектепте 200дөн ашык

бала окуйт жана анын эшиктери

Кыргызстандын баардык

областтарынан музыкага шыгы бар

болгон балдарга ачыу. Бул

мектептин бүтүрүүчүлөрү Москва,

Лондон жана Нью-Йорк баш

калааларынын угуучулары үчүн

өзүнүн чеберчиликтерин

көрсөтүшөт.

Ишке ашышына 18 000доллар

сарпталган бул проекттин

жардамы менен төмөнкү иштер

жасалды; 18 жаңы терезе коюлду,

концерттик залдын жыгач полу

менен потологу жаңыланды жана

пол, потолок жана кошумча 3

аудиториянын дубалдарынын

бетине жаңы жабуу капталды.

Бул жөрөлгөдө АКШ аба

күчтөрүнө таандык болгон Топ

Флайт атту музыкалык топ менен

Мукаш Абдраев атындагы

мектептин окуучулары конңерт

коюп беришти. Техас штатынын

Сан Антонио шаарынан келген бул

топ Кыргызстанга жасаган 12

күндүк сапары аяктады.

Маданият жана туризм

министири Ибрагим Жунусов

өзүнүн расмий сөз узатып жаткан

учурунда жалпы проект жана

Кыргызстан менен АКШ өлкөлөрү

ортосундагы мамиле туралуу

сүйлөдү.

«Бул проекттин ишке ашышында,

АКШ элчилиги менен транзиттик

борбордун көрсөткөн жардамын

өтө баалайм. Ушул жерге

келгендердин баардыгын бул

жөрөлгөнү өткөрүүдө катышуусу

үчүн чакырып кетээр элем. Эми

бул мектептин окуучулары ушул

жаңы залда музыка жана маданият

ааламына биринчи кадамадарын

жасап башташат буйруса,» деди

ал.

Транзиттик борбордун жетекчиси

Кори Мартин дагы бул жөрөлгөдө

катышып, ушундай иш-чаралар

АКШ менен Кыргызстандын

өнөктөштүк мамиленин

чыңдалышына чоң салымын кошо

тургандыгын белгилей кетти.

«Бүгүнкү жөрөлгөдө транзиттик

борбордун жетекчиси катары,

расмий сөз сүйлөп жатканым мен

үчүн чоң

сыймык. Бул

жолугушуубуз,

эки өлкөнүн

ортосундагы

бекем

өнөктөштүк

мамиленин өсүп

жатканын

далилдеп турат.

Ошондой эле

маданият жана

туризм

министирлиги

менен дагы мамиле куруп

баштаганыбызга кубанычтабыз,»

деди полковник Мартин.

«Билим жана музыка үйрөткөн

жер катары, бул Мукаш Абдраев

атындагы

музыкалык

мектеп,

өнөктөштүк

мамиле курууга

дал келген

мекеме болуп

саналат.

Дүйнөнүн бул

бурчунда мен

үчүн тил

тоскоолдугу

дайым болуп

турат, бирок

узыканын бир эле тили бар, бул

улуттарды жана маданияттарды

бириктире турган эл аралык тил,»

деди ал.

Топ Флайт тобунун барабан

оюнчусу, Абдраев атындагы

музыкалык мектепте ойноо

мүмкүнчүлүгүнө абдан раазы

болду.

«Кыргызсанга жасаган

сапарыбыз абдан жакшы өтүп

жатат. Бул жерде калк бизди

жылуу тосуп алды жана алар үчүн

концерт коюп берүүдөн рахат

алып жатабыз. Угуучуларга

биздин ойноп берген музыкабыз

жакты го деген үмүттөмүн.

Дүйнөлүк тил болгон музыка

аркылуу эл менен байланышуу

мүмкүнчүлүгү болгону жакшы

болду,» кошумчалады ал.

МТБнын аскер кызматкерлери менен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин окуучулары ремонт иштеринин аяктаганын куттуктап жатышат

Үстүндөгү сүрөттө,

полковник Кори Мартин,

Девид МакКормик мырза

жана Ибрагим Жунусов,

Мукаш Абдраев атындагы

музка мектебинин

ремонттон кийинки

салтанатту ачылышында

кызыл лента кесип жаткан

учуру.

Сол жакта, техник-сержант

Кристин Фоули менен

Кыргызстандын

окуучулары Элвис

Преслинин «Сени сүйбөй кое

албаймын» - аттуу ырын

чогу ырдап жаткан кези.

“ Музыканын бир эле тили

бар, бул улуттарды жана

маданияттарды

бириктиретурган эл аралык

тил .”

- Транзиттик борбордун

жетекчиси Кори Мартин

Page 5: Oктябрь 2012 - USEmbassy.gov · здравствуй школа! здравствуй класс!» «АКШда мектепке биринчи жолу баруу башкача

Быйылкы жылдын 10 сентябрында Ак-кеме

отелинде өткөн «Ишкерлер күнү» аттуу

конференцияга Кыргызстандык бизнесмендер

чакырылды. Бул конференция, бөдрөттөрдүү

берүүгө жоопкерчиликтүү болгон АКШ

мамлекеттик мекеме катары саналган Америка

коргоо министирлигинин тылды

камсыздандыруу агенствосу тарабынан

уюшулган.

Конференциянын максаты жергиликтүү

ишкерлердин АКШ мамлекети менен бизнес

алып баруунун тартиптери менен таныштыруу

болчу.

Бул конференция потенциалдуу бөдрөтчүлөр

менен 9 АКШ мамлекеттик мекемелердин

өкүлдөрүнүн жолугууга, орток

кызыкчылыктарын талкуулаганга жана

бөдрөттөрдү бир жөнгө салуу жолдорун чогу

таап чыгууга мүмкүнчүлүк берди.

«Биз, Кыргызстандык ишмерлер жана

бөдрөттөрдү берүүгө жоопкерчиликтүү болгон

биздин өнөктөш мекемелер менен

жолуктурууну камсыздап бериш үчүн

ишкерлер күнүн уюштурдук.

Бөдрөттөрдү берүү боюнча бөлүмдүн

жетекчиси майор Райен Гудвин бул форумду

абдан натыйжалуу деп тапты.

«Бул конференциянын негизги максаты

Кыргызстан менен АКШ мамлекетини

ортосундагы өнөктөштүктү күчтөндүрүү эле.

Ишкерлердин бизнести алып баруунун эреже

жана тартиптерин туура түшүнүп алуусу, жана

ошондой эле жергиликтүү бөдрөтчүлөрдүн

транзиттик борбор менен бизнести кандай

алып барганын үйрөнүп алуусу өтө маанилүү

эле.

«Кыйрагыс эркиндик» - операцияга жардам

мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө аылп келген

регионалдуу экономикалык өнөктөштүктү

өнүктүрүү – бул конференциянын макстаты

болду. Кыргызстандык бөдөтчүлөр МТБ менен

бизнести кандай алып баруу туралуу көп суроо

беришти.

«МТБ менен бизнести кандай алып баруу

керектиги туралуу көп түшүнбөстүк бар

болгондуктан биз ишмерлердин каалаган

суроолоруна жооп бере алыш үчүн дяарданып

келдик. Биздин талаптарыбызды жана биздин

миссиябызды ишке ашыруу үчүн эмне керек

болгондугун түшүндүрүп бергенден кийин,

ишмерлер бизден эмне күтүү керектиги

туралуу аларга түшүнүк бере алдык.

Биз менен бизнести алып барууга кызыктар

болгон баардык тараптар катуу тандап алуу

процесинен өтүш керек деди Гудвин. Ошондой

эле контракт бөлүмү ар дайым алгылыктуу

баага, товарлардын сапатына жана өз убагында

өткөзүүгө карайт.

«Биз бул өнөктөштүктүн келечекте улануусуна

үмүт кылабыз жана Кыргыз Республикасы

менен достук мамилебизди дагы да чыңдаш

үчүн биз тараптан талаптарыбыз жана

муктаждыктарыбыз туралуу маалымат менен

бөлүшөбүз»

Ишкерлер күнү Кыргызстан бизнесмендерине маалымат алуу

мүмкүнчүлүгүн түзүп берди

10 сентябрда, Ак-кеме отелинде майор Райен Гудвин Кыргызстандык бөдрөтчүгө

27-сентябрда Нарын областында

жайгашкан, өспүрүмдөр үйүндө

«Топ Флайт» - аттуу АКШ аба

күчтөрүнүн музыкалык тобунун

аскер кызматкерлери 400дөн ашык

окуучу балдарга жандуу концерт

коюп беришти. Техас

штатынын Сан Антонио

шаарындан келген бул 6-кишиден

турган музыкалык топ, түштүк-

батыш Азияга жасаган 90 күндүк

сапарында жүрүшөт.

Кыргызстанга 12 күндүк сапарын,

алар транзиттик борбордо концерт

берүү менен башташты. Андан

кийин бул топ, АКШ элчилигинин

сунушу боюнча, Нарын областына

4 күндүк сапарына жол

салган.Америкалык топтун жандуу

концерт коюп берүү максаты

менен келишине, жергиликтүү

жаштар абдан кубанышты.«Биз

бул жакта Шакира же Бионсенин

ырларын радио аркылуу кана уга

алабыз. Силердин келгениңер биз

үчүн абдан маанилүү, анткени биз

ар дайым эле англис тилинде

ырларды жандуу уга бербейбиз»

деди Нарын мектебинин окуучусу

Акбермет

Жыргалбековна.Акберметке

жандуу музыка абдан жакты.

Ошондой эле ал, Ыссык-Көлдө

концерт берип кеткен «Вектор» -

аттуу аба күчтөрүнүн тобу менен

дагы көрүшө алган. Бул топ Ыссык

-Көлгө, азыркы Топ Флайт тобу

Нарында жүргөн программанын

алкагында сапар жасагандай барып

келишкен.«Ошондо биздин

баарыбызга Вектор тобунун

концерти жаккан, бул жолу Топ

Флайт тобунун, мага жана менин

досторума концерт коюп берүү

үчүн келиши абдан жакшы болду,

баарыңарга рахмат,» деди

Акбермет.Топ Флайт тобу, Майкл

Жэксондун жана Жастин Бибердин

хиттерин ырдап берүү менен

окуучулар жана мугалимдерди

жандандырды. «Бул топ абдан

жакшы концерт коюп берди. Мага

баарынан да Риананын

аткаруусундагы ыр жакты,» деди

Нарындын тургуну, Алымүдүнова

Сыдырым.Транзиттик борбордун,

массалык маалымат кардарлары

менен байланыш адиси, Темирбек

кызы Алиман, Кыргызстанга сапар

жасаган АКШ аба күчтөрүнүн

музыкалык топтору менен бирге

көп жолу ырдап келген. Топ Флайт

тобунун ырчылары, тех-сержант

Кристин Фоули жана жогорку

катардагы аскер Генри Роберсон

Алиманды сахнага алар менен

чогу ыр ырдаш үчүн

чакырышты.Концерттен кийин,

барабандар менен ойногусу келген

окуучулар Топ Флайт тобунун

барбанчысы, тех-сержант Чэд

Ньюманды, курчап алышты.«Бул

сапарыбыздын эң негизги

унутулгус учуру – бул

көрүүчүлөрүбүздүн көңүлүн ачуу

эле. Окуучуларга барабандарымды

ойноттуруу аркылуу алар менен

мущыка аркылуу байланыша

алдым.» деди ал.

«Топ Флайт» - аттуу АКШ аба күчтөрүнүн музыкалык тобу, Нарындын окуучуларына концерт коюп берди

Page 6: Oктябрь 2012 - USEmbassy.gov · здравствуй школа! здравствуй класс!» «АКШда мектепке биринчи жолу баруу башкача

МТБ кызмат аскерлери,

Кыргызстандык студенттер менен

биргеликте, Баялинов атындагы

балдар китепканасында өткөн

сүйлөшүү клубунда катышышты.

Бул топ, студенттер тандап алган

темаларды сүйлөшүп талкулоо

үчүн ар жума сайын жолугуп

турушат.

Америкалык бурч – бул Америка

Кошмош Штаттары жөнүндө

кенен жана эң акыркы маалыматты

камсыздандыруу жана өз ара

түшүнүктү өнүктүрүү үчүн

түзүлгөн ресурстук борбор болуп

саналат. Бул талкулоолордун

максаты, уланып келе жаткан эки

тараптын ортосундагы өнөктөштүк

мамилени күчтөндүрүү .

Коопсуздукту камсыздандыруу

боюнча кызматташуу жетекчиси

Капитан Тревор Ворен, транзиттик

борбордун 10 өкүлү менен

жергиликтүү мектептерден жана

университеттерден келген 40

окуучулардын ортосундагы

диалогду өткөрдү.Бүгүнкү тема

кайрымдуулук болду.

«Студенттер жана окуучулар,

өзүнүн жаңы эле өнүгүп келе

жаткан англис тилин билүү

деңгээлине карабастан, теманы

талкулоодо активдүү катышып,

бири бири менен биргелешип

жакшы маектешүү куруп беришти.

Биз биринчи кайрымдуулук эмне

экенин талкууладык, анан

диалогду күчтөндүрүү үчүн

студенттер топторго бөлүнүштү.

Мен талкулоо убагында достук

мамилелердин түзүлүп жатканына

күбө болдум,» деди Ворен.

Маданияттар ортосундагы

бөлүшүү бөлүмүнүн жетекчиси,

тех-сержант Камела Рападас бул

маектешүүнүн натыйжалуу болуп

өткөнүн белгилеп кетти.

«Өздөрү тандап алган темаларды

студенттер талкуулаганды жакшы

көрөт. Катышуучулардын кээ

бирлери чоң топтун астында

англисче сүйлөшүүдөн

тартынышат, бирок кичине

топторго бөлүнгөндөн кийин

ачылып, кенен сүйлөшө берет. Биз

демейде тааныш беттерди көрөбүз,

бүгүн бирок көп жаңы

катышуучуларыбыз келиптир.

Жаңы келгендер МТБнун

кызматкерлеринин келип

бергенине кубанычта болушту,» -

деди Рападас.

18 жаштагы, эл аралык

университетини студентип, Павел

америкалык бурчта биринчи жолу

катышып жатат. Павелге бул

маектешүү клубу абдан жакты.

«Мен бүгүн абдан жакшы убакыт

өткөрдүм жана мага бул

маектешүү абдан жакты.

АКШдагы кайрымдуулук туралуу

көптү билдим бүгүн. Мен бул жака

АКШдагы жашоо туралуу билиш

үчүн дагы келип турам,» - деди

Павел.

“Манастагы” Транзиттик борбордун экономикалык таасири (2012-жылдын 30-cентябрына карата)

Түз сарпталган акча каражаттары 2009КЖ 2010КЖ 2011КЖ 2012КЖ

Дипломатиялык нота боюнча кыргыз өкмөтүнө берилген төлөмдөр $26,620,000 $60,000,000 $60,000,000 $60,000,000

“Манас” эл аралык аба майданына берилген төлөмдөр: $22,999,039

- Ижарага алуу, пропусктар жана коммуналдык тейлөө $4,029,091 $7,817,140 $4,475,365

Учакты кондуруу, учактар туруучу жай, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр $21,157,571 $19,460,590 $21,301,884

Аба майданын жакшыртууга жумшалган сумма $30,600,000 $0 $0 $20,658,294

КыргызАэроНавигацияны жакшыртууга сарпталган сумма $0 $0 $30,000,000 $60,505

Ыйгарылган контракттар $24,601,908 $42,790,517 $30,916,871 $31,567,612

(эмерек, cпорт жабдуулары, тетиктер, имараттар, ремонт, жол оңдоолор, ландшафттык иштер, таштандыларды жыйноо, транспортту ижарага алуу)

Ижарага алуу (“Манас” аба майданынан эмес) $81,562 $66,596 $120,698 $115,612

Гуманитардык жардам көрсөтүү долбоорлору $1,700,000 $2,273,488 $823,634 $1,887,684

Арадагы түз сарпталуучу акча

каражаттары $106,602,509 $130,317,263 $149,138,933 $140,066,956

Кыйыр төлөмдөр

Аскер кызматкерлеринин дүкөндөр, кафелер, музейлерге барганда короткон акча каражаттары $1,037,530 $1,161,743 $1,427,396 $2,011,226

Арадагы кыйыр төлөмдөрдүн баардыгы $1,037,530 $1,161,743 $1,427,396 $2,011,226

Бирдиктүү экономикалык натыйжа $107,640,039 $131,479,006 $150,566,329 $142,078,182

Газпромнефть-Аэро Кыргызстанга күйүүчү май үчүн төлөмдөр $208,137,115

МТБ аскер кызматкерлери менен Кыргызстандык студенттер «Америкалык бурчунда» достук куруп жатышат