17
ДУЙНО ЭЛДЕРИ ЖАНЫ ЖЫЛДЫ КАНТИП МАЙРАМДАШАТ?

просто класс

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: просто класс

ДУЙНО ЭЛДЕРИ

ЖАНЫ

ЖЫЛДЫ КАНТИП

МАЙРАМДАШАТ?

Page 2: просто класс

ЖАНЫ ЖЫЛКун откон сайын жаны жыл келе жатат.2017- жыл Кызыл

корооздун жылы болуп эсептелет.Ар бирибиз жаны жылды жакшы откорууну каалайбыз.Себеби жаны жылды жакшы откорсок ошол жылда бизге коп жакшылыктар болот.Бирок корооз жылын кантип туура тосул алабыз? Ушул жылы бизди эмнелер кутуп турат?Биз бугун ошол суроолорго жооп алабыз.

Эгер кытай календарына таянсак кызыл корооз жылы 28-январь куну кирип келет.

Астрологтордун айтысуунда бул жыл аябай тырышчаак ,эмгекчил адамдарга коп кутуусуз нерселерди алып келет.Ошол себептуу , балдар бул жылы биз коп эмгектенишибиз керек!

Page 3: просто класс

ТАРЫХТАЖаӊы жыл – дүйнөнүн көптөгөн элдери белгилеген майрам. Жаӊы жылды

майрамдоо Месопотамияда 3-миӊ жылдыкта эле пайда болгон. 1-январдан (Үчтүн айынын биринен) баштап жылдын башталышы деп Рим башкаруучусу Юлий Цезарь тарабынан б.ч.з 46-жылы киргизилген. Бул күн башталган ай Байыркы Римде Янус (Тандоонун, баардык башталыштын кудайы) кудайына арналып январь деп аталган. Янус кудайынын эки бети болгон, бирөө - алдын, экинчиси – артын карап турган.

Жаӊы жылды белгилөө биздин доорго чейинки (б.з.ч) IV кылымда Месопотамияда пайда болгон (азыркы Ирак, Сирия, Түркия, Иран мамлекеттерин камтыган аймак). Бирок алар аны март айында белгилешчү. Анткени бул айда талаа иштери башталат, жылдын башы деп билишчү. Кийин биздин доорго чейинки 46-жылы Рим императору Юлий Цезарь жаӊы жыл 1-январда башталат деген буйрук чыгарган. Аталган майрам Орусияга 1700-жылы жеткен. Ошол убактагы император Пётр I жаӊы жылды майрамдоо демилгесин көтөрүп чыккан.

Page 4: просто класс

ЖАӊЫ ЖЫЛДЫК АТРИБУТТАРДЫН ТАРЫХЫ

Дүйнөдө канчалаган улут, мамлекет бар. Алардын ар биринин салты, жашоо принциптери ар башкача. Бири-бирине окшобогон адамзатын бириктирүүчү нерсе – Жаӊы жыл. Бул майрамда салттуу түрдө балатыны кооздоп, шампан аттырып, оливье салатын жасап көнгөнбүз. А бирок эмнеден улам балатыны кооздойбуз? Эмне үчүн сөзсүз оливье салаты дасторконубузду толукташы керек деп ойлондуӊуз беле?Келиӊиз суроого жооп издеп көрөлү.

Page 5: просто класс

БАЛАТЫНЫН ТАРЫХЫНАН

Алгачкы балаты 1513-жылы Германияда немис реформатору Мартин Лютердин үйүндө жасалгаланган. Ал рождество майрамынын алдында түн ортосунда үйүнө баратып асмандагы жайнап турган жылдыздарга суктанат. Үйүнө барып жылдыздарга окшоштуруп балатыга шамдарды илип көрөт. Алгач балатыны шам, алма, таттуу токочтор менен кооздошчу. Кийинчерээк пахта, кагаз, айнектен жасалган оюнчуктарга кезек келген. Орусияга бул салт император Пётр Iдин убагында келген. Ал жаӊы жыл астында көчөлөргө ийне жалбырактуу дарактарды кооздоп орноткула деп буйрук берет. Ошондон тарта балаты рождество майрамына карата гана эмес, жаӊы жылдын урматына да жасалгалана баштайт.Кыргызстанда алгачкы коомдук балаты 1895-жылы 28-декабрда Бишкек шаарында (Пишпек) жасалгаланган. Кийинчерээк Ленин «балаты жасалгалоо – буржуаздык өнөр» деп бул нерсеге тыюу салат. Жаӊы жылдык балатыга экинчи өмүрдү 1930-1935-жылдары Иосиф Сталин «Балдарга жомокту кайтарып берүү керек» деген ураан менен кайтарып берген. 1947-жылдан тарта 1-январь расмий түрдө календардагы кызыл күнгө айланган.

Page 6: просто класс

АЯЗ АТА ЖАНА АЯЗ КЫЗ ТАРЫХЫАлгач жарыкка Аяз ата келген. Айрым өлкөлөрдө аны эргежээлден келип

чыккан дешсе, айрымдар оюнчук саткан чалдын образынан жаралганын айтышат. Эӊ биринчи Аяз ата тон кийген киши болсо, кийин анын колуна мор тазалоочу таякча карматып (мор аркылуу белектерин таштап кетет деген уламыштан улам), ак жакалуу кызыл тон кийгизилет. Анын бул образына америкалыктар сакал кошушса, англиялыктар колуна белек салынган мүшөктү карматышкан. Аяз кыз – орустардын ойлоп тапкан каарманы. Анын жаралышы 1935-жылга туура келет.

Page 7: просто класс

АЯЗ АТА ТУУРАЛУУ1.Силер ишенбейсинер бирок аяз ата озу аябай таш боор каарман

экен.Анткени ал кээ бирде озуно жаккан балдарды алып кетчу.2.Силер билгендей аяз атанын небереси бар.Жана анын Зимушка аттуу

аялы бар.3.1934-жылы жаны жылды тосууга тыйуу салынган.Ошого байланыштуу

аяз ата 1 жылга жоголуп ,бирок жыл откон сон кайра кайтып келген.4.Аталыштар:Кыргызстан – Аяз атаШвецияда – Юль ТомтенАнглияда – Фазер КрисмасФинляндияда – ЖулупуккиКытайда – Дун Че Лао РенИталияда – Ла БефанаТүркияда – Ноэль бабаАмерикада – Санта Клаус5.Силер ишенбейсинер бирок финндер эчкини аяз ата деп билишет,

Page 8: просто класс
Page 9: просто класс

ШАМПАН ТАРЫХЫБул ичимдикти жаӊы жыл майрамында ачуу орус ханышалары Елизавета I

жана Елизавета IIнин башкаруу мезгилинде пайда болгон салт дешет. Алардын 15 миӊден ашык адамдын катышуусунда уюштурган жаӊы жылдык кечелери тууралуу көп айтылат. Мына ошондой эстен кеткис майрамдоолордун биринде шампан ичүү пайда болгон.

Page 10: просто класс

ФЕЙЕРВЕРККөпчүлүк салют менен фейерверкти бир нерсе деп билишет. Бирок экөө эки

башка. * Салют бул – артиллериялык куралдан куру дүрмөт менен салтанаттуу аттыруу.

• '"Фейерверк – пиротехникалык курамды күйгүзгөндөн келип чыкчу декоративдүү оттор.

Фейерверктин мекени – Кытай, ал биздин доордун XII кылымында жаралган. Орустарга бул нерсе 1675-жылдары жеткен. Ошол эле учурда Пётр I эски жылдын акыркы күнү фейерверктерди аттырып майрамдоону элге таратат. Бенгаль шамы Алгачкы бенгаль шамы Индиянын Бенгалия провинциясында коопсуздукту сактоо иретинде күйгүзүлүүчү белги катары колдонулган. Аталышы дагы ошол жердин атынан.

Page 11: просто класс

ОЛИВЬЕАталган даамды франциялык ашпозчу Люсьен Оливье ойлоп

тапкан. Анын рецебинде салатка колбаса кошулган эмес. Бул орустардын кошумчасы. Чындыгында, салаттын жаӊы жылга тиешеси жок, жөн гана убакыттын өтүшү менен кенен жайылып, салтка айланып калган.

Page 12: просто класс

МЫНДАН ТЫШКАРЫ Шотландия31-декабрдан 1-январга өткөн түндө шотландыктар жанына бир кесим таттуу нан, шарап жана бир даана

ташкөмүр алып, достору менен жакындарынын үйлөрүн кыдырып чыгышат. Нан менен шарап – токчулуктун, ал эми ташкөмүр – жылуулуктун белгиси. Шотландыктар өз колу менен жасаган шамдарды жагып, Жаңы Жыл кирээрде чоор тартышат.

 ЖапонияБекеринен Жапонияны күн чыгыштын өлкөсү деп аташпаса керек. Башка өлкө лөр дөн айырмаланып,

Жапонияда Жаңы Жылды түнкү саат 12де эмес, таң атып келе жатканда тосушат. Таң атканда жапондуктар бири-бирин куттуктап, “такара бунэ” деп аталган белек тапшырышат. Бул – ичинде күрүч толтурулган кеме түрүндөгү идиш.

 КубаКубалыктар саат 12де шампан ачып ичээрден мурун бокалдарга суу толтурушат да, ал сууну терезеден

сыртты көздөй серпишет. Бул – эски жылдын ийгиликтүү, тынч аякташынын белгиси. Ошондой эле суу Кубада актыктын, тазалыктын да символу катары кабыл алынат. Дагы бир салт катары кубалыктар айнек табактарды жерге таштап талкалашат. Ар бир талкаланган айнек үйгө береке алып келет.

 МонголияМонголияда Жаңы Жыл дагы бир майрам менен катар майрамдалат. Ал – мал чарба майрамы. Ошондуктан,

удаа келген эки майрамда жалаң эттен жасалган тамактар даярдалат. Ыр-бийдин ордуна монголдор шамдагайлыгын көрсөтүү үчүн түрдүү спорттук жарышууларды уюштурушат. Монголдордун да өз Аяз Атасы бар. Бирок, ал кызыл-тазыл чапан эмес, териден жасалган чабандын кийимин кийип жүрөт.

 ФранцияФранцуздар жаны жылды 6 декабрь куну белгилешет.Бул куну Пер-Ноэль (аяз ата) эшеке минип алып

балдарга белек таратат.Ал эшегин короого тыштап белекти болсо байпактарга салып кетет.Француздар бул майрамды аябай ызы чуу болуп откорушот.Бул майрамда кочолорун карасан баардык адамдар костюмдарын кийип алып бийлеп журушот.Аларды сильвестр-клаус деп аташат.

 РумынияБул өлкөнүн өкүлдөрү тазалыкты жактырышат. Жаңы Жылда үйлөрүн тазалап чыккандан кийин шыпыргы-

калактарды эшиктин алдына таштап коюшат. Ал эми дасторкон үстүндөгү ар түркүн тамактар кү түлбөгөн белектерге толгон. Тагыраак айтканда, ар бир тамактын ичине акча, шакек, ачкыч же ачуу калемпир сыяктуу нерселерди салып коюшат. “Шакек таап алган адам сөзсүз өз бактысына кезигет, ал эми калемпир жеп алган киши өмүр бою байлыкка бөлөнүп жашап өтөт” деген ишеним бар

Page 13: просто класс

АНДАН ДА ТЫШКАРЫ•  ПортугалияБул өлкөдө эски жылды узатуу салты бар. Түнкү 12ге аз калганда (өзгөчө жер үйлөрдө) үйдөгү эң улуу кишинин колуна кум саатты,

карагайдын сабактарын карматып, эски жылды узатып жаткандай үйдүн арткы эшигин ачып коё беришет. Ал эми саат 12ни урганда алдыңкы эшик ачылып, үйбүлөнүн эң кичинекей мүчөсү Жаңы Жыл болуп кирип келет.

•  ИспанияМында туугандар бири-биринин үйлө рүн кыдырышат. Алар сөзсүз ичинде бир шампан жана таттуу болгон себет белек кылышат. Саат туура

12ни көрсөткөн маалда ар бир испан 12 даана жүзүмдү жегенге шашылат. Жүзүмдүн данектери жаңы тилектин орундалышына алып келет. Жүзүмдүн ордуна куурулган жумуртка же кургатылган өрүк жесе болот. Себеби, мунун баары алтын тыйындарга окшош.

•  Нидерланддар Мында шампан ордуна бокалдарга эң популярдуу жаңы жылдык суусундук болгон слем ичимдиги куюлат. Ал биздин эле сүттүү кызыл

чайга окшош. Мындан сырткары нидерландылыктар эски жыл менен бардык жаманчылык чыгып кетсин дегенсип, эски эмерек, кийим-кечектер, идиш-аяктарды ыргытууга шашылышат. Ал эми 1-январдан тартып жаңы кийим кийүү – жакшы салт.

•  Италия Бул өлкөдө кызыл өң бакубаттыктын символу болгон үчүн италиялыктарда бири-бирине кызыл түстөгү ич кийим берүү салтка айланган.

Албетте, бул салт чоңдор арасында гана тараган. Эң кызыктуусу, Жаңы Жылга аз калганда италиялыктар бирин-бири урушат. Бул салттын “бардык талаш-тартыш эски жылда калып, келе жаткан жылга жаман сөздөр жетпей калсын” деген мааниси бар.

•  Англия Чоң-кичинеси дебей англиялыктар Аяз Атага белектердин тизмеси жазылган кат жазышат да, аны күйүп жаткан отко салып ийишет. Кат

күйүп кетпестен, мор аркылуу учуп чыгып, Аяз Атанын өзүнө бараарына ишенишет. Мындан сырткары, Англияда бири-бирине баасы бирдей болгон белектерди тапшыруу туура деп эсептелинет.

•  Исландия Исландиялык кичинекей бөбөктөр 1-декабрдан 24-декабрга чейин өздөрүн өтө тартиптүү алып жүрүшөт. Себеби, так ушул күндөрдүн

биринде күтүлбөгөн жерден Аяз Ата келип, аларды текшерип кетет. Тентектик кылбаган балдар-кыздар жаңы Жылда каалаган белектерди алышат. Ал эми эң тентек балдарга аяз ата жыртык батинке алып келет экен.

Page 14: просто класс
Page 15: просто класс

ЦИТАТАЛАРЭркектин жашоосунда 3 периуд болот;Аяз атага ишенген периуд,ишенбей калган периуд жана аяз ата

болгон периуд.

М,МосковинаЖаны жыл бул жон гана майрам эмес ,бул жаны жашоонун

башталышы.

«Старый» кинофильминенСенин жашоондогу дагы бир жаны жыл –кудайдан келген эн жакшы

белек.

Белгисиз авторАр бир адам 1-январь куну кайрадан туулат,ошону колдонуп

жашоонду ак кагаздан башта. Жаны жыл бул ар бир адамдын туулган куну.

Чарльз Лэмб

Page 16: просто класс
Page 17: просто класс

ССЫЛКА; HTTP://WWW.SUPER.KG/