113
КЛЕТКА ЖӨНҮНДӨ 40 БАЯН ХАРУН ЯХЬЯ (АДНАН ОКТАР)

клетка жөнүндө 40 баян. кyrgyz (кыргыз)

Embed Size (px)

Citation preview

КЛЕТКА ЖӨНҮНДӨ40 БАЯН

ХАРУН ЯХЬЯ(АДНАН ОКТАР)

Bu kitapta kullanılan ayetler, Ali Bulaç'ın hazırladığı"Kur'an-ı Kerim ve Türkçe Anlamı" isimli mealden alınmıştır.

Birinci Baskı: Kasım 2005İkinci Baskı: Eylül 2008

ARAŞTIRMAYAYINCILIK

Talatpaşa Mah. Emirgazi Caddesiİbrahim Elmas İş Merkezi Blok Kat 4

Okmeydanı - İstanbulTel: (0 212) 222 00 88

Baskı: Seçil Ofset100. Yıl MahallesiMAS-SİT Matbaacılar Sitesi

4. Cadde No: 77 Bağcılar-İstanbulTel: (0 212) 629 06 15

www.harunyahya.org - www.harunyahya.net

МАЗМУНУ

Киришүү

Кандагы суюктуктун көлөмүн текшерген көзөмөлдөөчүлөр

Денедеги кемчиликсиз коргонуу системасы

Эненин сүтү жана окситосин гормону

Кальций өлчөгүчтөр

Шекер фабрикасы

Тез жардам: адреналин гормону

Денени тазалаган лизоcома энзимдери

Кандын басымын көзөмөлдөгөн кемчиликсиз система

Чоңойуу гормону

Денебиздеги жаңылбаган саат

Дененин температурасын жөнгө салган кереметтүү молекула

Кереметтүү тактыктагы тең салмактуулук

Наристе үчүн даярданган гормондор -1

Наристе үчүн даярданган гормондор -2

Эркектин көбөйүү системасындагы гормондор

Тестостерон гормонунун башка өзгөчөлүктөрү

Кычкылтек ташыган кереметтүү молекула: гемоглобин

Клеткадагы байланыш системасы

Кабарчы гормондун клетка ичиндеги сапары

Клеткадагы байланыштын көзөмөлдөнүшү

Клеткадагы протеиндердин жолу

Нерв клеткаларындагы химиялык байланыш

Таланттуу кабарчы азот-оксид (NO)

Эндотелий клеткасы = NO (азот-оксид) өндүрүү борбору

Денебиздеги мунайзат (нефть) тазалоочу (иштетүүчү) борбор

Боорго жайгаштырылган «бактерия жок кылуу машиналары»

ДНКнын көчүрүлүшү (копияланышы)

Оңдоочу энзимдер

Протеин өндүрүшү

Протеин өндүрүшүнүн акыркы баскычы

Клетканын кабыкчасы жана уюшулган 100 триллион жумушчу

Угуу учурунда кандай процесстер жүрөт?

Кандын уюшу

Коргонуу системасы

B12 витамининин сапары

Адам денесинин химиги: уйку бези (панкреас)

Клетканын кабыкчасындагы жүк ташыгыч молекулалар

Денени коргоого милдеттендирилген комплеман протеиндери

Кислотага каршы формула чыгарган молекулалар

Жумуртка клеткаларынын акылдуулугу

Жыйынтык

Дарвинизмдин кыйрашы

АВТОР ЖАНА ЭМГЕКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

Эмгектеринде Харун Яхья атын колдонгон автор (Аднан Октар) 1956-жылы Анкарада (Түркия) төрөлдү. Башталгыч, орто мектеп жана лицейди Анкарада бүтүрдү. Андан соң Стамбул Мимар Синан университетинин Көркөм өнөр факультетинде жана Стамбул университети Философия бөлүмүндө билим алды. 1980-жылдардан бери ыйман, илимий жана саясий темаларда көптөгөн эмгектер даярдады. Мындан тышкары, автордун эволюция теориясынын жактоочуларынын алдамчылык ыкмаларын, алардын жактаган нерселеринин (эволюция теориясынын) туура эместигин жана Дарвинизмдин кандуу идеологиялар менен болгон караңгы (жашыруун) байланыштарын ортого койгон абдан маанилүү эмгектери бар.

Харун Яхьянын эмгектери дээрлик 30000 сүрөттү камтыган жалпысы 45000 беттик бир эмгектер жыйнагынан турат жана бул эмгектер жыйнагы дүйнөнүн 60 тилине которулган.

Автордун эмгектеринде колдонгон аты чындыктан баш тартуучу пикирлерге каршы күрөшкөн эки пайгамбардын урматына, алардын атын эскерүү үчүн Харун (Муса пайгамбардын жардамчысы) жана Яхья (Иса пайгамбардын жардамчысы) аттарынан куралган. Автор тарабынан китептеринин сыртында колдонулган Расулуллахтын мөөрүнүн колдонулушунун символикалык мааниси – китептердин мазмуну менен байланыштуу. Бул мөөр Куран-ы Керимдин Аллахтын акыркы китеби жана акыркы сөзү, Пайгамбарыбыз (С.А.В.)дын да хатем-ул анбия экендигин көрсөтөт. Автор жарыкка чыккан бардык эмгектеринде Куранды жана Расулуллахтын (С.А.В.) сүннөтүн өзүнө жол көрсөткүч кылууда. Ушундай жол менен баш тартуучу философия системаларынын бардык негизги жактаган нерселерин бир бирден жыгууну жана динге каршы багытталган каршы пикирлерди толугу менен оозун жабуучу «акыркы сөздү» айтууна максат кылууда. Абдан терең акыл (хикмат) ээси жана идеалдуу инсан Расулуллахтын (С.А.В.) мөөрү бул акыркы сөздү айтуу ниетинин бир дубасы катары колдонулуп келүүдө.

Автордун бардык эмгектериндеги орток, негизги максат – Куранга чакырууну бүт дүйнөгө жеткирүү, мындай жол менен адамдардын Аллахтын бар экендиги, жалгыздыгы жана акырет сыяктуу негизги ыйман темалары жөнүндө ой жүгүртүүлөрүнө түрткү болуу жана чындыктан (Аллахтан) баш тартуучу системалардын чирик фундаменттерин жана туура эмес иш-аракеттерин ачыкка чыгарып, адамзатка көрсөтүү.

Харун Яхьянын эмгектери Индиядан Америкага, Англиядан Индонезияга, Польшадан Босния-Герцоговинага, Испаниядан Бразилияга чейин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жактырылуу менен окулууда. Англис, француз, немец, италия, испан, португалия, урду, арап, албания, орус, босния, уйгур, индонезия тилдери сыяктуу көптөгөн тилге которулган бул эмгектер Түркия сыртында да көптөгөн китеп окуучулар тарабынан окулуп келүүдө.

Дүйнөнүн бардык тараптарында окурмандардын көңүлүнөн орун алган бул эмгектер көптөгөн адамдардын ыйманга келишине, башкаларынын ыйманынын тереңдешине себепчи болууда. Китептерди окуп, анализдеген ар бир адам бул эмгектердин терең акыл, кыска-нуска, оңой түшүнүлө турган жана чын жүрөктөн чыккан сөздөр экендигин, акыл жана илимге таянгандыгын байкашууда. Бул эмгектер – ылдам таасир берүү, так натыйжа жаратуу, талашсыз жана толук илимий болуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Бул эмгектерди окуган жана булар жөнүндө терең ойлонгон адамдар материалисттик философия, атеизм жана ар кандай адашкан ой-пикир жана философиялардын чындыктан алыс экенин байкай алышат. Муну түшүнгөндөн кийин материализмди жактагандар ызалык, өжөрлүктөрү айынан гана жакташат, себеби илимий тараптан материализм жокко чыгарылды. Заманыбызда бардык чындыктан баш тартуучу агымдар Харун Яхья эмгектеринен илимий, идеялык жактан толук жеңилген абалда.

Шек жок, мындай өзгөчөлүктөр – Курандын терең мазмундуулугу жана өзгөчө баяндоосунун натыйжасы. Автор бул эмгектери менен мактанууну максат кылбайт, жалаң гана Аллахтын адамдарды туура жолго салуусуна себепчи болуу ниетинде. Мындан тышкары, бул эмгектердин жарыкка чыгып, таралышында акча табуу максат кылынбайт.

Бул чындыктарды эске алсак, адамдардын байкабаган чындыктарды байкашын камсыз кылган, алардын туура жолду табышына жардамчы болгон бул эмгектерди окууга үндөөнүн абдан маанилүү бир кызмат экендиги жакшы түшүнүктүү болот.

Бул баалуу эмгектерди таанытуу ордуна, адамдардын башын айланткан, пикирлерде кайчылаштыктар, күмөндөр жараткан, ыйманды куткарууда күчтүү жана так бир таасири болбогон демейки, монотондуу китептерди жайылтуу эмгек жана убакыт жоготуусуна алып келет. Негизги максат ыйманды куткаруу эмес, автордун адабий күчүн көрсөтүү болгон эмгектердин күчтүү таасирдүүлүккө жетиши кыйын. Бул бойунча шектенүү жаралгандар бар болсо, Харун Яхьянын эмгектеринин максатынын динсиздик менен күрөшүү жана Куран ахлагын жайуу гана экендигин бул кызматтын таасири, ийгиликтери жана окурмандардын ыраазы болгонунан байкашса болот.

Дүйнөдөгү зулум жана баш аламандыктар, Мусулмандар көрүп жаткан азаптардын негизги себебинин динсиздик пикирлеринин дүйнөдөгү өкүмчүлүгүнүн натыйжасы экендигин билүү зарыл. Бул абалдан кутулуу үчүн динсиздикти илим менен жеңүү, ыйман акыйкаттарын, чындыктарын ортого койуу жана Куран ахлагын адамдар түшүнө ала турган деңгээлде түшүндүрүү зарыл. Зулумдук, согуштар күчөгөн азыркы күндө бул кызматтын колдон келишинче ылдам болушу айдан ачык. Болбосо кеч болуп калышы мүмкүн.

Бул маанилүү кызматта алдыңкы ролду аркалаган Харун Яхья эмгектери, Аллахтын буйругу менен, XXI кылымда дүйнө инсандарын Куранда сүрөттөлгөн бейпилдик жана тынчтыкка, чынчылдык жана адилеттүүлүккө, сулуулук жана бактылуулукка жеткирүүгө бир себепчи болмокчу.

ОКУРМАНГА

Автордун эмгектеринде эволюция теориясынын кыйрашына атайын орун беришинин себеби – бул теориянын ар түрдүү динге каршы бир философиянын негизин түзүгөндүгүндө. Жаратылуу жана натыйжада Аллахтын бар экендигинен баш тарткан дарвинизм 140 жылдан бери көптөгөн адамдардын ыйманын жоготушуна же жүрөктөрүндө күмөн жаралышына себеп болуп келди. Ошондуктан, бул теориянын бир калп экендигин ачык далилдөө - абдан маанилүү ыймандык милдет. Бул маанилүү кызматтын бардык адамдарга жеткирилиши зарыл.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай – бул китептердин мазмуну менен байланыштуу. Автордун бардык китептеринде ыйман темалары Куран аяттары негизинде түшүндүрүлүүдө, адамдар Аллахтын аяттарын үйрөнүүгө жана жашоого чакырылууда. Аллахтын аяттары менен байланыштуу бардык темалар окурмандын акылында эч кандай күмөн же суроо белгиси жаралбай турган негизде түшүндүрүлүүдө.

Түшүндүрүүдө колдонулган чынчыл, жөнөкөй баян китептердин жаш-кары дебей бүт адамдардын оңой түшүнүшүнө шарт түзүүдө. Таасирдүү жана жөнөкөй баян колдонулган китептер - «бир токтобой окулчу» китеп өзгөчөлүгүнө ээ. Динден баш тартуу бойунча өжөрлүк көрсөткөн адамдар да бул китептерде түшүндүрүлгөн чындыктардан таасирленүүдө жана түшүндүрүлгөндөрдү калпка чыгара албай келет.

Бул китеп жана автордун башка эмгектерин окурмандар жалгыз окуса да, маектешүү чөйрөсүндө окушса да болот. Бул китептенден пайдаланууну каалагандардын чогуу маек курушу, тажрыйба жана пикирлерин ортого койушу пайдалуу болот.

Ошондой эле, жалаң гана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жазылган бул китептердин таанылышы жана окулушуна себепчи болуу да чоң кызмат болмокчу. Себеби автордун бардык китептеринде далил жана ишендирүү тарабы абдан күчтүү. Ушул себептен динди түшүндүрүүнү каалагандар үчүн эң эффективдүү ыкма – бул китептерди окууга башка адамдарды да үндөө болмокчу.

Бул эмгектерде башка кээ бир эмгектерде байкалчу жазуучунун жекече ойлору, шектүү булактарга таянган сөздөрү, ыйык нерселерге болгон керектүү адап жана урматка көңүл бурбаган баяндар, үмүтсүз, күмөн жаратуучу түшүндүрүүлөрдү жолуктурбайсыз.

КИРИШҮҮ

Бир курулуш же чыгармадагы кереметти түшүнө алуу жана баалай алуу үчүн көбүнчө ал курулуш же чыгарма жөнүндө терең маалымат алуу, ал жөнүндө ойлонуу керек болот. Мисалы, Египет пирамидалары жөнүндө терең маалыматы болбогон бир адам аларды болгону чөлдөгү топтолгон таштар катары гана көрүшү мүмкүн, ал тургай эмне үчүн дүйнөнүн 7 кереметинин бирөөсү экендигин түшүнө албашы мүмкүн. Бирок бул пирамидалардын ар бири орточо 2,5 тонна оордуктагы дээрлик 2,3 миллион таш блокторунан тураары, пирамидалардын жерге жайгаштырылышында колдонулган геометрия билими, таштарды кесүүдөгү тактык, бул курулуштун ири көлөмү жана бул пирамидалар курулган доордогу шарт жана технология жөнүндө маалымат алынганда, чындап эле ал пирамидалардын керемет экендиги апачык көрүнөт. Пирамидалардын ички архитектурасы, ичиндеги коридорлор жана дагы көптөгөн сырлар жөнүндө маалымат алынганда болсо, ал кереметтерге болгон суктануу андан да өсөт.

Ушул мисалдагы сыяктуу, сырткы көрүнүшүнүн кемчиликсиздиги менен бирге көптөгөн кереметтүү өзгөчөлүккө ээ болгон адамдын денесине да бул абал тиешелүү. Адам эгер майда-бараттар жөнүндө маалымат албай жана алар жөнүндө ойлонбосо, дайыма өз денесинде, айланасында болуп жаткан кереметтерди байкай албайт. Чындыгында болсо, алдынан келе жаткан унаа мени сүзөт деп корккондо, тумоого чалдыкканда, кан басымы көтөрүлгөндө же бир досуна жолугуп саламдашканда, ар бир адамдын денесинде кереметтүү окуялар ишке ашат. Секундалар, ал тургай көз ирмемдер ичинде көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон кичинекей молекулалар адамдын ичинде аарылардай иштешип, адам өзү да түшүнүүдө кыйнала тургандай татаал, жана абдан көп маалымат жана адистик талап кылган жумуштарды жасашат.

Бүт ааламды, жандууларды жана адамды жараткан Улуу Аллах, албетте, бул кемчиликсиз системаларды жана кереметтүү таланттары болгон молекулаларды бир максат менен жараткан. Ошондуктан, акылдуу жана абийирдүү ар бир адам Аллахтын жаратуу кереметтерин окуп үйрөнүшү жана алар жөнүндө ойлонушу зарыл. Буларды окуп үйрөнүү мындай кереметтерди жараткан Раббибиздин чексиз күч-кудуретин, илимин, акылын, улуулугун жана бийиктигин жакшыраак түшүнүшүбүзгө себепчи болот. Аллах аятында билдиргендей «...Кулдары арасынан болсо Аллахтан жалаң гана илимдүүлөр «ичтери титирөө менен коркушат...» (Фатыр Сүрөсү, 28)

Бул китеп Рахман жана Рахим болгон Раббибиздин бар экендигинин кээ бир далилдерин, Анын кемчиликсиз жаратуу чеберчилигин бүт адамдар көрүп түшүнө ала тургандай жана ал жөнүндө ойлоно ала тургандай деңгээлде түшүндүрүү үчүн даярдалды. Адам – Аллах жараткан бир жандык. Китеп боюнча да көрүлө тургандай, атомдоруна, эң кичинекей молекулаларына чейин Аллахтын илими менен кыймылдоодо жана ааламдагы бүт жандыктар сыяктуу Анын күч-кудуретине моюн сунган абалда.

АКЫЛДУУ ПЛАН, Т.А. ЖАРАТЫЛУУ

Аллах жаратуу үчүн план куруугамуктаж эмесКитеп боюнча кээ кээде колдонулган «план» сөзүн туура түшүнүү зарыл.

Аллахтын кемчиликсиз бир план менен жараткандыгы Раббибиз алгач план куруп, андан соң жараткан деген мааниге келбейт. Жерлердин жана асмандардын Рабби болгон Аллахтын жаратуу үчүн кандайдыр бир «план, долбоор» жасоого муктаж эмес экендигин билүү керек. Аллахтын пландоосу менен жаратуусу бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден аруу, улук.

Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун каалаганда, анын болушу үчүн бир гана «Бол!» деши жетиштүү. Аяттарда мындайча буюрулат:

Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) Жаратуучу. Ал бир иштин болушун кааласа, ага жалаң гана «БОЛ» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

КЛЕТКА ЖӨНҮНДӨ 40 БАЯН

1-БАЯНКАНДАГЫ СУЮКТУКТУН КӨЛӨМҮНТЕКШЕРГЕН КӨЗӨМӨЛДӨӨЧҮЛӨР

Адамдын денесиндеги суунун көлөмү абдан маанилүү. Суунун белгилүү бир деңгээлден төмөн болушу же денеде ашыкча суу топтолушу адамдын жашоосуна кооптуу натыйжаларды жаратат. Сиз денеңиз үчүн эң идеалуу суу көлөмү канчалык экенин билесизби? Анан да, дайыма денеңиздеги суунун көлөмүн өлчөп, анын керектүү көлөмдө болушу үчүн чараларды көрө аласызбы? Албетте, жок. Балким, бул саптарды окуганга чейин бул жөнүндө эч ойлонгон да эместирсиз. Себеби денеңизде бул маанилүү кызматты сиздин ордуңузга аткарган кереметтүү бир система бар. Бул системанын майда-бараттары адамды таң калтырган бир катар жаратылуу кереметтеринен турат. Эми бул системаны карап көрөлү:

Мээдеги гипоталамус клеткаларынын кабыкчаларында кабылдагычтар бар. Бул кабылдагычтарга кандагы суюктуктун көлөмүн өлчөө милдети жүктөлгөн. Байкалгандай, кандагы суюктуктун көлөмүн өлчөөчүлөр – лаборант же докторлор эмес, көз менен көрө албагандай кичинекей болгон клетканын ипичке кабыкчасындагы абдан кичинекей кабылдагычтар. Бул кабылдагычтардын кызматынын канчалык чоң бир маалымат, талант жана техника талап кылаарын түшүнүү үчүн мындай бир салыштыруу жасайлы: бир адамдын алдына бир шише кан коюлганда, бул кандын ичиндеги суюктуктун үлүшүн айта албайт. Мындай эсептөөнү жасай алуу үчүн бул темада адис болушу керек. Бул да жетиштүү эмес. Мындан тышкары, керектүү өлчөөлөрдү жасоо үчүн бир лабораторияга жана техникалык каражаттарга муктаж. Ал эми, клетка кабыкчасындагы кабылдагычтар эч кандай маалыматы болбостон, эч кандай техникалык каражаттарды колдонбостон, адамдын жашоосу боюнча мындай өлчөөнү жасашат.

Бул кичинекей кабылдагычтардын милдети муну менен эле чектелбейт. Эгер кандагы суюктуктун үлүшү зарыл деңгээлден төмөн экендиги аныкталса, ылдам керектүү чараларды көрүшөт. Бул кереметтүү бир көрүнүш. Мындан тышкары, кабылдагычтар бир гана суюктук үлүшүн өлчөп эле тим болушпайт, эң идеалдуу суюктук үлүшүн да билишип, керек болгондо коңгуроо чалып башташат. Коңгуроо чалып баштаган кабылдагыч мээнин арка тарабындагы гипофиз безине ылдам кабар жөнөтөт.

Бул жерде терең ойлоно турган маанилүү суроолор бар. Бул кабылдагычтар гипофиз безинин ордун жана бар экенин кайдан билишет? Мындан тышкары, коңгуроо чалганда аларга гипофиз бези жардам берээрин кайдан билишет? Албетте бул суроолордун жообу Улуу Раббибиздин илхамы. Чексиз күч-кудурет ээси болгон Улуу

Аллах, жараткан ар бир жандыкка илхам кылган сыяктуу, бул кабылдагычтарга да кемчиликсиз бир илим менен милдеттерин илхам кылууда.

Гипофиз бези кабарды алаар замат өзүндө сакталуу турган вазопрессин аттуу гормонду кан айлануусуна көбүрөөк көлөмдө берип баштайт. Бул жерде ойлоно турган бир жагдай бар: гипофиз бези алган кабар кандай түрдө? Башка бир органдан келген бир кабарды гипофиз бези кантип түшүнө алат жана кабарды кандайча баалап-түшүнүп, ылдам чара көрүп баштайт? Булар кереметтүү жана Аллахка шүгүр кылууга себепчи боло турган кереметтер.

Гипофиз бези кан айлануусуна берген вазопрессин болсо гипоталамустагы клеткалар тарабынан өндүрүлгөн бир гормон. Бираздан соң карай турган абдан маанилүү кызматтары бар бул гормондун формуласын гипоталамустагы клеткалар кайдан билишет?

Бул гормондун формуласы ДНКда шифрленген. Албетте, булар – Улуу Аллахтын кереметтүү жаратуу далилдеринин бирөөсү гана. Мындан тышкары, адамдын денесиндеги бардык клеткалардын ядросундагы ДНКларда вазопрессин гормонуна тиешелүү шифрлер бар экендигин эске салуу керек. Бирок бул шифрди боор клеткалары да, ашказан клеткалары да, булчуң клеткалары да колдонушпайт, бир гана гипоталамус клеткалары колдонуп, бул гормонду өндүрүшүүдө. Мындай бөлүшүү кандайча жасалган? Башка клеткаларда бул шифрдин колдонулушуна эмне тоскоол болууда?

Вазопрессин гормону менен байланыштуу кереметтер муну менен эле чектелбейт. Вазопрессин гормону өндүрүлгөн соң, башка бир протеиндин ичине таңгакталып, гипофиз безине жөнөтүлөт жана убактысы келгенде колдонуу үчүн ал жерде жыйналып, сакталат. Кичинекей бир клетка ичинде элестетүүгө да мүмкүн болбогондой майда түзүлүштөр, эч кемчиликсиз майда-бараттарына чейин уюштурулган бир фабриканын бөлүктөрү сыяктуу, иштешет.

Кабар келген соң гипофиз безиндеги кампадан кан айлануусуна коюп жиберилген вазопрессин гормондору ылдам бөйрөккө жетишет. Бул жерде бир нерсени эске салуу керек, вазопрессин гормондары мээдеги гипофиз безинен жолго чыгышкан жана бөйрөктөргө жеткенге чейин бир канча органдын жанынан өтүшөт, бирок бул гормондор каякка кетип баратышканын, жолдорун жана максаттарын билген сыяктуу, эч жоголбостон же башка бир органга барбастан, түптүз бөйрөктөргө барышат. «Бөйрөктөргө баргыла» деген буйрукту кандайча алууда жана сөз кылынып жаткан бул аң-сезимсиз молекулалар бул буйрукту кантип түшүнүп, жолдорун табышууда?

Бөйрөккө жеткен вазопрессин гормондары бөйрөктөгү миллиондогон микро каналчалардын айланасында жайгашкан кабылдагычтарга кулптанышат. Бул кабылдагычтар вазопрессиндер үчүн атайын жаратылган жана ачкыч кулпуга туура келген сыяктуу бири-бирине туура келет. Мындай дал келүүчүлүк кантип ишке ашат? Бир адам эгер адис болбосо, бири-бирине толук туура келген эки башка калыпты жасоодо да кыйналышы мүмкүн. Ал эми денеде болсо мунун көптөгөн мисалдары бар. Мындан тышкары, эки бөлүкчө, т.а. вазопрессин гормону менен бөйрөктөгү

кабылдагычтар дененин толугу менен башка башка жерлериндеги бири-биринен абдан айырмаланган клеткалар тарабынан жасалууда. Бирок ошого карабастан, кемчиликсиз бир дал келүүчүлүк бар. Мындай дал келүүчүлүк болсо Раббибиздин пенделерине болгон бир мээрими.

Мындай кулптануу аркылуу бөйрөккө «заара суюктугундагы суу молекулаларын карма» буйругу берилген болот. Мындай кабардашуу системасы урматында заарадагы суу молекулаларынын көпчүлүгү тазаланат жана кайрадан канга аралаштырылат. Натыйжада заара көлөмү азайтылып, денеге суу берилген болот.

Эгер зарыл көлөмдөн ашыкча суу ичилген болсо, анда бул механизм тескерисинче иштейт. Кандагы суунун көлөмү көбөйөт. Мындай көбөйүү натыйжасында гипоталамуста жайгашкан кабылдагычтар вазопрессин гормонунун коюп жиберилүү процессин жайлатышат. Вазопрессин гормону азайганда, заара суюктугу көбөйөт жана кандагы суунун көлөмү нормалдуу деңгээлине алып келинген болот.

Мындай кемчиликсиз система денедеги системалардын абдан кичинекей бир бөлүгү гана, жана бул кичинекей бөлүк дагы эч нерсенин ээнбаш, максатсыз эмес экендигинин, чексиз акыл, илим жана күч-кудурет ээси болгон Аллахтын бул системаны дайыма башкарып тургандыгынын далилдеринин бирөөсү гана.

2- БАЯНДЕНЕДЕГИ КЕМЧИЛИКСИЗ КОРГОНУУСИСТЕМАСЫ

Вазопрессин гормонунун дагы бир өзгөчөлүгү бар; ал кан тамырларын кысат жана натыйжада кандын басымын көбөйтө алат. Бул да абдан кылдат пландалган бир коопсуздук-камсыздоо системасы жана адамдын өзгөчө бир жаратылуу менен жаратылгандыгынын дагы бир далили. Бул коопсуздук-камсыздоо системасынын иштей алышы үчүн кеңири масштабдуу бир пландоо жасалган. Жүрөктүн көңдөйчө (предсердие) аймагынын жана жүрөккө келген тамырлардын ичине кан басымын өлчөөчү атайын кабылдагычтар жайгаштырылган.

Белгилүү болгондой, бир адамдын кан басымын өлчөө үчүн технологиялык бир аппарат колдонуу керек. Мындай аппараттар көптөгөн ар кайсы тармактагы адистердин биргелешкен аракети менен иштеп чыгылган жана алдыңкы технологиялар менен өндүрүлүүдө. Ал эми жүрөгүбүздө болсо ушул эле кызматты куралсыз көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон, абдан кичинекей молекулалар аркалашууда. Бул кабылдагычтар кан басымын кантип өлчөшөт, басымдагы айырмаларды кантип кабылдашат? Булар – сезими, сезүү органдары жана ал тургай сезгендерин кабылдай турган аң-сезимдери жок атомдор. Мындан тышкары, бул кабылдагычтар жүрөккө, дал керектүү жерге кантип жайгашышкан? Бүт мындай суроолордун жооптору адамга Аллахтын бар экендигин жана Анын илиминин улуулугун көрсөтүүдө.

Бул кабылдагычтардан чыккан нервдер болсо бир кабель байланышы сыяктуу, гипофиз безине байланышкан. Нормалдуу кан басымында бул кабылдагычтарга тынымсыз сигнал барып турат жана бул кабельдер аркылуу гипофиз безине тынымсыз бир электрдик агым жөнөтүп турушат. Гипофиз бези болсо бул сигналдардын келиши токтоп калмайынча, вазопрессин гормонунун койо берилишине тоскоол болот. Бул бир коопсуздук фирмасынын иштөө системасына окшойт. Коопсуздук фирмасынын дайыма даяр болуп күтүп турган кызматкерлери коңгуроо (сигнализация) системасы курулган үйдөн оң кабарлардын келиши уланып турганда, эч чара көрүшпөйт.1

Коопсуздук фирмасы, т.а. гипофиз бези качан чара көрүп баштайт? Олуттуу бир кан жоготуу болгондо, адамдын кан-тамырларында кандын көлөмү азайат. Бул болсо кан басымынын төмөндөшү дегенди билдирет, кан басымынын төмөндөшү болсо оорулуу үчүн абдан кооптуу.

Кан басымы төмөндөгөндө, тамырлардын жана жүрөктүн ичинде жайгашкан кабылдагычтар гипофизге жөнөткөн сигнал да токтойт. Бул болсо гипофиздин «сигнализациясынын иштешине» жана вазопрессин гормонун коюп жиберишине себеп болот. Гипофиздин сигналдын токтогонун ылдам байкап, чара көрүшү болсо абдан аң-сезимдүү, акылдуу бир кыймыл-аракет. Бирок мындай аң-сезимдүү, акылдуу кыймыл-аракеттердин баары кээ бир атомдордун биригишинен пайда болгон кичинекей молекулаларга тиешелүү.

Вазопрессин гормону ылдам кан-тамырлардын айланасында жайгашкан булчуңдардын кысылышына себеп болот жана бул процесс кан басымынын көтөрүлүшүнө шарт түзөт. Абдан комплекстүү, бири-биринен көз-каранды иштеген жана бир канча бөлүктөн турган бул системанын ойлонуу керек болгон көптөгөн майда-бараттары бар.

Вазопрессин гормонун өндүргөн гипоталамус клеткалары өздөрүнөн абдан алыста жайгашкан тамырлардын айланасындагы булчуң клеткаларынын түзүлүшүн кайдан билишет?

Кан басымынын көтөрүлүшү үчүн бул тамырлардын кысылышы керек экенин кайдан билишет?

Бул клеткалардын кысылышын камсыз кылган химиялык формуланы кантип өндүрө алышууда?

Жүрөк жана гипофиз арасындагы байланыш тармагынын кабельдери төшөлүп мындай кемчиликсиз бир сигнализация системасы кантип пайда болгон?

Эч шексиз, бул кемчиликсиз бир жаратылуу мисалы. Жана бул адамдын аң-сезимсиз кокустуктар натыйжасында эмес, Аллахтын жаратуусу менен пайда болгонун көрсөтүүдө. Эволюционисттердин денедеги байланыш (кабар алышуу) жана сигнализация системасынын кокусунан пайда болгонун, клеткалардын өз башынча бул системаны ойлоп чыгарышканын, пландашканын жана жасашканын айтышы болсо эч логикага сыйбайт. Мындай пикир, «бир талаада чогулган цемент, кирпич, электрдик кабель сыяктуу нерселер бир бороон натыйжасында алгач кокустан бир бийик мунара

салышты, кийин дагы бир бороон менен бул мунаранын ичине электрдик система курушту, үчүнчү бир бороондо болсо бул имараттын ичине кемчиликсиз бир коопсуздук системасын жасашты» деген догмага окшошот. Акылдуу жана абийирдүү эч бир адам мындай логикага сыйбаган бир догманы кабыл албайт. Бирок эволюционисттердин догмасы мындан бир топ эсе акылсыз. Улуу Аллахтын бар экенин жокко чыгаруу үчүн (Аллахты аруулайбыз) болгон аракетин кылган эволюционисттер айткан сөздөрүнүн канчалык акылга, логикага сыйбас экенин ойлонбостон, эволюция теориясын жакташат. Чындыгында болсо, Улуу Аллахтын бар экендиги жана асмандан жерге чейин бүт нерселерди кемчиликсиз бир жаратуу менен жараткандыгы апачык бир чындык.

3- БАЯНЭНЕНИН СҮТҮ ЖАНА ОКСИТОСИН ГОРМОНУ

Эненин сүтү – Аллах жараткан сансыз кереметтин бирөөсү гана. Эненин сүтүндө жаңы төрөлгөн бир наристенин бардык муктаждыктары бар. Болгондо да, наристе чоңойгон сайын муктаждыктарынын өзгөрүшүнө жараша эненин сүтүнүн курамы да өзгөрүп турат. Илимпоздор лабораторияларда да ага окшошун өндүрө албаган эне сүтүн өндүргөндөр болсо – бул эненин көкүрөгүндөгү кээ бир клеткалар. Бул клеткалар эне сүтүнүн теңдешсиз формуласын билишет жана качан өндүрүп башташы керек экенин, качан өндүргөн нерсесинин курамын өзгөртүшү керек экенин билишет.

Эненин сүтүнүн өндүрүшү кандайча башталат жана бул өндүрүш кантип башкарылат? Бул суроонун жообунда да көптөгөн жаратылуу керемети жашырылган. Сүт өндүрүшүндө гормоналдык система жана нерв системасы ортоктошо кызмат кылышат. Кемчиликсиз бир маалымат агымы жана пландоо натыйжасында бул өндүрүш ишке ашат.

Эненин көкүрөгүндө жайгашкан сүт бездерин кыймылдаткан абдан өзгөчө бир гормон бар. Бул гормон – пролактин гормону. Пролактин гормону гипофиз безинен чыгарылат.

Бирок кош бойлуулуктун башында пролактин гормонунун чыгарылышын чектеген кээ бир факторлор бар. Бул факторлорду ылдыйга түшүп бараткан бир унаанын тормоз баскычына басууга окшоштурууга болот. Унаа ылдый көздөй кыймылдоого ийкемдүү болот, бирок тормоз тебилип тургандыктан, кыймылдай албайт. Б.а. сүт өндүрүшү тормоздолгон болот.

Пролактин гормонунун тормоздолушу эң керектүү бир чечим. Себеби наристе али төрөлө элек болгондуктан, энеден сүт чыгып башташынын эч кажети жок. Кантип мындай тормоз басылат? Пролактиндин эрте чыгарылып башташына кантип тоскоол болунат? Бул жерде кемчиликсиз бир система иштейт. Мээнин гипоталамус аймагы пролактин гормонунун өндүрүшүнө тоскоол болгон бир гормон чыгарат. PIH (Prolaktin

Inhibiting Hormon- Пролактинге тоскоол болуучу гормон) деп аталган бул гормон пролактин өндүрүшүн жайлатат, б.а. тормоздойт.

Тормозго басуу кандайча ишке ашат? Кош бойлуулук убагында өндүрүлгөн эстроген аттуу бир гормон гипоталамустун тормозго басышын, б.а. PIH өндүрүшүн камсыз кылат. Наристе төрөлөөрү менен эстрогендин чыгарылышы азайат. Эстрогендин азайышы PIHтын азайышына алып келет. Бул процесс буттун тормоздон акырындап алынышына жана унаанын ылдый көздөй кыймылдап башташына окшошот. Натыйжада пролактин өндүрүшү акырын акырын көбөйүп баштайт. Пролактин гормондору сүт бездерин эненин сүтүн өндүрүшү үчүн кыймылга келтирет.

Бул – чыныгы бир жаратылуу керемети. Кош бойлуулуктун алгачкы айларында сүт өндүрүшү ушул пландалып жаратылган системанын урматында токтотулат. Эми бул система жөнүндө көңүл коюп ой жүгүртөлү:

Пролактин гормонун өндүргөн гипофиз клеткалары сүт бездерин кайдан таанышат? Сүт өндүрүү милдетин аркалаган клеткаларга «сүт өндүр» буйругун кайсы акыл жана аң-сезими менен берүүдө?

Наристе төрөлөөрдөн мурда пролактин өндүрүшүнө тоскоол болгон гормондор али сүт өндүрүлбөшү керек экенин, дагы бираз күтүү керек экенин кайдан билишет?

Бул гормондор пролактиндин сүт өндүрөөрүн жана сүттүн өндүрүлүшүнө тоскоол болуу үчүн пролактин гормонунун өндүрүлүшүнө тоскоол болуу керек экенин кайдан билишет?

Бүт бул кереметтүү системаны жараткан – бул ааламдардын Рабби болгон Аллах. Жана бүт нерселер Анын илхам кылышы менен кыймылдоодо.

4- БАЯНКАЛЬЦИЙ ӨЛЧӨГҮЧТӨР

Кандагы кальцийдин көлөмү адамдын өмүрүн уланта алышы үчүн абдан маанилүү бир фактор. Бир адам өмүрүн улантуу үчүн дем алууга жана суу ичүүгө муктаж болгон сыяктуу, канында белгилүү көлөмдө кальций болушуна да муктаж. Кандагы кальцийдин көлөмү зарыл деңгээлден төмөн болуп кеткенде, адам өлөт.

Кальций денебизде көптөгөн абдан маанилүү функциялардын ишке ашырылышын камсыз кылат. Кальций жок болсо, кан коюлбайт, мындай абалда кичинекей бир жара же кесилген жер де адамдын кан жоготуудан өлүшүнө себеп болушу мүмкүн. Кальций нерв сигналдарынын жеткирилишинде да абдан маанилүү ролду аткарат. Кальций ошол эле учурда булчуңдардын иштешин жана сөөктөрдүн бекемдигин да камсыз кылат. Бойго жеткен бир адамдын денесинде 2 килограммга жакын кальций болот. Бул кальцийдин 99%ы сөөктөрдө кампаланган. Калганы болсо метаболизм менен байланыштуу процесстерде колдонулат. Дененин функцияларынын уланышы үчүн да дээрлик 0,5 грамм кальцийдин канда айланышы жетиштүү.2

Эми мындай элестетип көрөлү: алдыңызга атайын бир шише идиш ичинде 1 литр кан сунулган болсун. Жана сизге «бул канды күтүп жаткан бир оорулууга жеткирүү керек, бирок бир проблема бар» деп айтышсын. «Бул кандын ичинде кальций жетишсиз, бирок канчалык жетишсиз экенин аныктай албадык» дешсин. Ошондой эле, сизге колдонушуңуз үчүн чоң бир капта майда кальций да берилген болсун жана сизден «жетпеген кальцийди толуктап бериңизчи» деп суранышсын.

Эмне кылмак элеңиз?Эң алгач, сизге сунулган канда канчалык көлөмдө кальций бар экенин өлчөшүңүз

керек болот. Бирок бул үчүн абдан алдыңкы технологиялык шаймандар керек, бирок ал учурда сизде буга убакыт да, мүмкүнчүлүк да жок. Натыйжада абдан чарасыз абалда каласыз.

Бирок бардык адамдардын денесинде дайыма кальцийдин көлөмүн эсептеп, керектүү чараларды алган кереметтүү бир механизм бар: тироид бези (щитовидная железа) жана тироид безинин ичине көмүлгөн дагы бир гормоналдык без болгон паратироид бездери (паращитовидная железа) денеде кальций тең салмактуулугунун сакталышы үчүн абдан акылдуу бир планга ылайык иштешет. Өзгөчө паратироид безинин жалгыз милдети – бул өмүрүбүз бою, түнү-күнү каныбызда канчалык кальций бар экенин өлчөө жана кальцийдин көлөмүн эң идеалдуу көлөмдө кармоо.

Паратироид бези өзү өндүргөн абдан өзгөчө бир жаратылуу менен жаратылган паратгомрон аркылуу кандагы кальцийдин көлөмүнө кийлигишет. Эгер канда кальций көлөмү азайса, ошол замат паратгормон чыгарат.3

Паратироид бези кичинекей бир эт бөлүкчөсү гана. Клеткалардын жыйындысынан турган бир бөлүк эт алдынан аккан кан дарыясынын ичиндеги кальцийдин атомдорун кантип аныктайт? Көзү, кулагы, колдору жок клеткалар кандагы туз, глюкоза, май, амино-кислоталар, протеиндер, гормондор, энзимдер, лактоз кислотасы, көмүр кычкыл газы (карбон-диоксид), азоттуу калдыктар, натрий, калий, заара (моча), заара кислотасы, темир, бикарбонат сыяктуу миңдеген түрдөгү заттар арасынан кальцийдин атомдорун кантип ажыратып, айырмалай алат? Клетка кальцийди кантип тааныйт? Кальцийдин канда канчалык болушу керек экенин кайдан билет? Кальцийдин көлөмүн кайсы аң-сезими, акылы менен өлчөйт? Кантип «кальций аз экен» же «көп экен» деп чечим чыгарат?

Бул жерде кайра эске сала кетүү керек, бул клеткалар – акылы жана аң-сезими жок, миллиметрдин 1%ы чоңдугундагы нерселер. Бул нерселердин биздин жашообуз үчүн кандагы кальцийдин көлөмүн ийгиликтүү өлчөп жатышы – бул чексиз илим ээси Улуу Аллахтын жаратуу далилдеринин бирөөсү гана.

Паратироид клеткалары жасаган өлчөөлөрү натыйжасында «кальцийдин көлөмү азайып кетиптир» деп чечсе, анда ылдам паратгормон чыгарышат. Паратгормон кальцийдин көлөмүн кантип көбөйтөт? Бул кичинекей молекула кайдан кальций табат? Паратгормон ар бири үчүн абдан күчтүү биология билими талап кылынган 3 ар башка жолдон кан үчүн кальций булагын табат:

1. Сөөктөрдө көп өлчөмдө кальций бар. Паратгормон кальцийдин бир бөлүгүн сөөктөрдөн карызга алат. Сөөк клеткалары кальцийди кампалашат жана нормалдуу шарттарда бергилери келбейт. Бирок паратгормондун формуласына жолукканда, эч ойлонбостон белгилүү көлөмдө кальцийди бош койо беришет.

2. Заара менен бирге белгилүү көлөмдө кальций денеден сыртка чыгарылууда. Заарадагы кальций кайрадан канга аралаштырылышы керек. Бул үчүн болсо, бөйрөк клеткаларынын заарадагы кальций молекулаларын кармап, артка кайтарышы керек. Бул жолу паратгормон бөйрөк клеткаларына бул буйрукту берет жана бөйрөк клеткалары бул буйрукка баш ийип, кальций молекулаларын кайра топтошот.

3. Акыркы ыкма болсо – бул денеге кирген кальцийди максимум колдонууга берүү. Жеген тамактарыңыздагы кальцийдин канга аралашышы ичке ичегиде ишке ашат. Бирок кальцийдин кайра сорулушу үчүн ичеги клеткалары активдүү абалдагы D витаминине муктаж болушат. Бул жерде чоң көйгөй жаралат; себеби сиз жеген тамактар аркылуу алган D витаминиңиз активдүү абалда эмес.4 Ичегилериңиздин көбүрөөк кальций сорушу, натыйжада каныңыздагы кальцийдин көлөмүн көбөйтүү үчүн бул көйгөйдү чечишиңиз керек. Б.а. активдешпеген D витамининин химиялык түзүлүшүн өзгөртө турган жана активдүү абалга алып келе турган абдан өзгөчө бир молекула табышыңыз керек. Бул молекула – кайра эле паратгормон.

Эми бул жерде абдан көңүл коюп ойлонуу керек. Кандагы кальцийдин көлөмүнүн көбөйтүлүшү үчүн бири-биринен көз-карандысыз 3 ар башка жол бар болууда жана бири-биринен такыр башка бул үч системанын иштеп башташын камсыз кылган ачкыч бирөө гана. Бул ачкыч үч системанын тең контакттарын буроодо (ачууда). Андан да таң калыштуусу, бири-биринен абдан айырмалуу түзүлүштөгү жана иштөө калыптары абдан айырмалуу болгон бул системалардын контакттары буралганда, жетишилген жыйынтыктын бирдей болушу: «кандагы кальций көлөмүнүн көбөйтүлүшү».

Бул гормондун формуласын паратироид клеткалары кантип табышкан? Бул молекуланын сөөктөргө, бөйрөктөргө жана D витаминине таасир берээрин кайдан билишет? Кантип тарых бою жашаган миллиарддаган адамдын паратироид бези –оору жок учурда- бул туура формуланы өндүрүү ийгилигине жетишкен? Сөөктөрдүн кальций кампалаарын, заара ичинде сыртка чыгарыла турган кальций бар экенин жана ичке ичеги клеткаларынын кальций соруу үчүн активдүү D витаминине муктаждыгы бар экенин паратироид клеткалары кайдан билишет? Бул үч системаны иштете турган формуланы кантип табышкан? Аң-сезимсиз клеткалар адамдын да алы жетпеген мындай акылдуулукту кантип жасашат?

Клеткалардагы мындай акыл жана пландоону, клеткаларды да, кальций молекуласын да, адамды да жоктон жараткан, адамды кальций молекуласына муктаж бир абалда жаратып, кийин бул муктаждыгынын камсыздалышы үчүн кемчиликсиз бир система жараткан – бул асмандардын, жердин жана ал экөөсү арасындагылардын Рабби, Рахман жана Рахим болгон Аллах. Эч шексиз, Аллахтын даңкы абдан Улук.

Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан Улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)

5- БАЯНШЕКЕР ФАБРИКАСЫ

Эгер муктаждыгыңыздан бираз көбүрөөк шекердүү тамак жесеңиз, анда денеңиздеги абдан детальдуу жана кемчиликсиз бир система кандагы шекер көлөмүнүн жогорулашына тоскоол болуу үчүн аракет кылып баштайт:

1- Эң алгач панкреас клеткалары кан суюктугунун ичиндеги миллиондогон молекула арасынан шекер молекулаларын табат жана башкаларынан айырмалайт. Анан, шекер молекулаларын бир-бирден санагандай, бул молекулалардын саны «көп» же «аз» деп чечим чыгарышат. Көзү, мээси, колдору жок, көзгө көрүнбөгөн кичинекей клеткалардын бир суюктуктун ичиндеги шекер молекулаларынын көлөмү жөнүндө маалыматтуу, илимдүү болушу – бул ой жүгүртө турган нерсе.

2- Эгер панкреас клеткалары канда керектүү деңгээлден ашыкча шекер бар деп аныкташса, анда бул ашыкча шекерди кампага жыйып койолу деп чечишет. Бирок кампалоо жумушун өздөрү жасашпайт, алардан бир топ алыстагы башка клеткаларга жасатышат.

3- Алыстагы бул клеткалар аларга башка бир буйрук келмейинче, шекер кампалагылары келбейт. Ошондуктан, панкреас клеткалары ал клеткаларга «шекер кампалап баштагыла» деген буйрукту ташыган бир гормонду жөнөтөт. «Инсулин» деп аталган бул гормондун формуласы панкреас клеткалары алгач пайда болгон учурдан баштап ДНКларында жазылуу турат.

4- Панкреас клеткаларындагы атайын «энзимдер» (жумушчу протеиндер) бул формуланы окушат. Окулган формула боюнча инсулин аттуу гормонду өндүрүшөт. Бул өндүрүштү жасоодо ар башка кызматты аткарган жүздөгөн энзим иштейт.

5- Өндүрүлгөн инсулин гормону эң ишенимдүү жана эң ылдам жетүү тармагы болгон кан аркылуу максатталган клеткаларга жеткирилишет. Бул максатталган клеткалардын бири – бул боор клеткалары.

6- Инсулин гормонунда жазылган «шекер кампалагыла» буйругун окуган боор клеткалары болсо бул буйрукка кың дебестен баш ийишет. Шекер молекулаларынын клеткалардын ичине өтүшүн камсыз кылуучу эшиктер ачылат.

7- Бирок бул эшиктер туш келе ачылбайт. Боордогу кампа клеткалары кандагы жүздөгөн ар түрдүү молекула арасынан бир гана шекер молекулаларын айырмалайт, кармайт жана өз ичине камашат.

8- Боор клеткалары аларга келген буйрукка эч качан тоң моюндук кылышпайт. Бул буйрукту туура эмес түшүнүшпөйт, туура эмес заттарды кармап, керектүү деңгээлден ашыкча шекер кампалап баштабайт. Абдан так бир дисциплина менен иштешет.

Натыйжада сиз ашыкча шекердүү бир чай ичкениңизде, ушундай кереметтүү система чара көрөт жана ашыкча шекерди денеңизде кампалайт. Эгер бул система иштебегенде, анда шекер ылдам жогорулап, натыйжада адамдын комага кабылып, өлүмүнө алып келет эле. Бул зарыл болгондо тескерисинче да иштей ала турган кемчиликсиз бир система. Эгер кандагы шекер нормадан төмөн түшүп кетсе, анда панкреас клеткалары такыр башка бир гормон болгон «глюкагонду» өндүрүшөт. Глюкагон мурда шекер кампалаган клеткаларга эми «канга шекер аралаштыргыла» буйругун жеткирет. Бул буйрукка да баш ийген клеткалар кампалаган шекерди кайра койо беришет.

Кандайча болуп, бир мээси, нерв системасы, көзү, кулагы болбогон клеткалар ушунчалык так эсептерди жана жумуштарды кемчиликсиз аткарышууда? Протеиндер жана май клеткаларынын катарга тизилишинен куралган мындай аң-сезимсиз нерселер кантип адамдар да жасай албаган чоң иштерди жасай алышат? Аң-сезимсиз молекулалардын мындай аң-сезимдүү кыймыл-аракетинин булагы эмне? Албетте, бул окуялар – бизге бүт ааламга жана бүт жандууларга өкүмдарлык кылган Аллахтын бар экенин жана күч-кудуретин көрсөткөн сансыз далилдердин бир канчасы гана. Аллах аяттарында мындайча буйурат:

Шек жок, жерде жана асманда Аллахка эч нерсе жашыруун калбайт. Жатындарда силерге каалагандай келбет берген – Ал. Андан башка Илах (Кудай) жок; (Ал) улук жана күчтүү, өкүм жана хикмат ээси. (Али Имран Сүрөсү, 5-6)

6- БАЯНТЕЗ ЖАРДАМ: АДРЕНАЛИН ГОРМОНУ

Кооптуу же бир коркуу учурунда ар бир адамга жардам берген бир молекула бар: адреналин гормону. Бул гормон, мисалы айдап бараткан учагы бузулган бир учкучтун мээ клеткаларынын сигналын иштетет, мээсине көбүрөөк кан жана шекер жөнөтөт жана учкучтун жакшыраак көңүл коюшун камсыз кылат. Ошол эле учурда учкучтун жүрөгүнүн согушун жана кан басымын жогорулатат, натыйжада көбүрөөк кычкылтек алышын жана булчуң жана мээ клеткаларына көбүрөөк кандын барышын камсыз кылат. Скелетти жана булчуңдарды күчтүүрөөк кысат, кандагы шекер көлөмүн көбөйтөт жана

натыйжада учкуч муктаж болгон демейкиден көбүрөөк энергияны алышына мүмкүнчүлүк берет.

Бөйрөк үстүндөгү бездер өндүргөн жана кампалаган бул кереметтүү гормон көптөгөн өзгөчөлүккө ээ жана Аллахтын улуу илиминин жана кемчиликсиз жаратышынын бир далили.

Эң алгач адреналиндин жогоруда саналган таасирлерди кандайча пайда кылганын карап көрөлү. Коркунуч болоор замат денеде сигнализация баскычы басылат. Мээ бөйрөк үстү бездерге чагылгандай бир буйрук жөнөтөт. Бөйрөк үстү безинин ич тарабында жайгашкан клеткалар сигнализация абалына өтөт жана тездик менен адреналин гормонун чыгарат. Адреналин молекулалары канга аралашат жана дененин ар кайсы тараптарына таркайт.

Чыгарылган адреналин молекулалары мээ, жүрөк жана булчуңдар сыяктуу абдан маанилүү органдарга баруучу тамырларды кеңейтет, натыйжада бул органдар муктаж болгон ашыкча кан камсыз кылынган болот.5

Адреналин молекулалары кылган иш-аракет жүрөккө, мээге жана булчуңдарга баруучу тамырларды кеңейтип жатканда, боорго жана териге баруучу тамырларды кысышат.

Ушундайча дене үчүн муктаж болгон колдоо эң жакшы негизде көрсөтүлгөн болот.

Териге аз кан жөнөтүлүшүнүн дагы бир себеби бар: мунун урматында кокус жарадар болуп калса кан жоготуу риски минимум кылынган болот. Ашыкча толкундануу учурунда териде байкалган бозоруунун (кубаруунун) себеби да ошол учурда териге азыраак кан жөнөтүлүп жаткандыгында.6

Эч качан жаңылыштык менен жүрөккө же мээге баруучу тамырлар кысылып, боорго же териге баруучу тамырлар кеңейтилбейт. Адреналин молекуласы эмне кылышы керек экенин абдан жакшы билет. Денеңиздеги жүздөгөн тамырдын масштабы жана бул тамырлардын каякка, канчалык кан жөнөтөөрү көзгө көрүнбөгөн, кичинекей бир гормон тарабынан жөнгө салынууда.

Адреналин молекулалары ар бир орган үчүн башка башка маанини билдирет; тамырга барганда тамырды кеңейтүүчү адреналин молекуласы, жүрөккө барганда болсо жүрөк клеткаларынын кысылышын ылдамдатат. Натыйжада жүрөк батыраак согот жана булчуңдарга ашыкча күч ала алуу үчүн муктаждык болгон кан жөнөтүлгөн болот.

Адреналин молекуласы булчуң клеткаларына жеткенде болсо, булчуңдардын күчтүүрөөк кысылышын камсыз кылат. Боорго жеткен адреналин молекулалары ал жердеги клеткаларга канга көбүрөөк шекер аралаштырышын буйрук кылат. Натыйжада кандагы шекер көлөмү көбөйөт жана булчуңдар муктаж боло турган энергия камсыз кылынган болот.

Бул кичинекей молекула качан, эмне кылышы керек экенин абдан жакшы билет жана муктаждык болмоюнча адамдын денесин эч качан сигнализация абалына киргизбейт. Мындан тышкары, кайсы клеткаларга барышы керек экенин, кайсынысына

кандай буйрук бериши керек экенин да абдан жакшы билүүдө жана муну эч унутпоодо. Ошондой эле, булардын баары анын клеткаларды, органдарды жана алардын функцияларын да абдан жакшы таанып, билгенин да көрсөтүүдө. Дененин качан мындай абалдан чыгарылышы керек экендиги жөнүндө да эч качан жаңылбоодо.

Антпесе, б.а. мындай бир ката жасалган болсо, анда денеде оңдоого мүмкүн болбогондой зыяндарга алып келиши мүмкүн. Бирок бул кичинекей молекулалар чоң бир жоопкерчиликти сезүү менен иштешүүдө. Бир канча атомдун белгилүү бир системада биригишинен пайда болгон, жансыз, аң-сезимсиз, мээси жана көзү жок бир молекуланын ушунчалык акылдуу, уюшкан жана кезектүү бир абалда кыймыл-аракет жасашы мүмкүнбү? Булардын баарын ушул, көзгө көрүнбөй тургандай аз көлөмдөгү суюктуктун өз акылы жана эрки менен ишке ашырышы мүмкүнбү? Албетте, жок.

Бул жерде баяндалгандардын баары – денебиздеги ар бир молекуланы Аллахтын жараткандыгын жана булардын жашообуз боюнча дайыма Улуу Аллахтын күч-кудурети, эрки, көзөмөлү жана буйругу менен кыймыл-аракет кылып жатканын көрсөткөн далилдердин бирөөсү гана. Улуу Аллахтын күчү, кудурети, жаратуусундагы улуу илим жана акыл дайыма, бүт жерде көрүнүүдө. Куранда билдирилгендей, «Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аллахтыкы. Аллах бардык нерселерди курчап турат.» (Ниса Сүрөсү, 126)

7- БАЯНДЕНЕНИ ТАЗАЛАГАН ЛИЗОСОМА ЭНЗИМДЕРИ

Денебизде күн сайын биз байкабаган көптөгөн процесстер ишке ашат. Кемчиликсиз абалда ишке ашкан бул процесстерди клеткаларыбыз жасашат. Саны 100 триллиондой болгон бул клеткалардын арасында өз кызматын абдан жакшы билген көптөгөн түзүлүштөр бар. Кээ бири энергия, кээ бири протеин өндүрөт, кээ бири ташуу ишин аткарат, кээ бири болсо кампа катары колдонулат.

Клетканын ичиндеги мындай түзүлүштөрдүн бири – бул лизосома. Лизосоманы клетканын майдалоочу машинасы деп атоого болот. Бул органикалык зат чыгарган энзимдер урматында денеде көптөгөн «кыйратуу» процесси ишке ашат. Лизосома энзимдери ишке жараксыз болуп калган клеткаларды кыйратып, майдалашат; бир түзүлүштүн айланасын курчаган кабыкчаны майдалап, тешишет; ошондой эле, денеде тынымсыз өсүүсүн уланткан кээ бир клеткаларды да майдалашат. Лизосома энзимдери аткарган мындай кыйратуу процесси дене үчүн абдан маанилүү.

Мисалы, кош бойлуу аялдарда наристенин өрчүшү менен бирге жатын нормалдууга салыштырмалуу абдан чоңойот. Бул ден-соолугу жайында бир наристенин төрөлүшү үчүн зарыл болгон бир процесс. Бирок наристе төрөлгөн соң мынчалык чоң жатынга муктаждык жоголот. Бул учурда ашыкча кеңейген бул органды кайра эски калыбына кайтаруу керек болот. Мына ушул процессти ишке ашыруучу – бул лизосома

энзимдери. Төрөө процесси бүткөндө белгилүү клеткалардын лизосомалары бул жөнүндө кабар алышкан сыяктуу, жана эмне кылышы керек экенин абдан жакшы билүү менен ошол замат керектүү энзимдерди чыгарып башташат. Бул энзимдер дененин ден-соолугу үчүн кош бойлуулуктан кийинки 10 күн ичинде абдан бат кыйратуу менен жатынды 1/40 көлөмүндө кичирейтишет. Ушундайча жатын мурдакы көлөмүнө кайтып баштайт.

Лизосомалар, мындан тышкары, сперманын баш тарабында да болот. Сперма жумурткага жеткенде, аны орогон кабыкты тешүү үчүн үстүндө ташыган лизосома энзимдерин колдонот. Кыйратуучу таасирге ээ бул энзимдер жумуртканы коргоочу кабыкты тешүү менен сперманын жумуртканы төлдөтүшүн камсыз кылышат.

Бул мисалдардан да апачык байкалгандай, денебиздеги ар бир механизм бири-бирин толуктоочу негизде иштейт. Кош бойлуулук учурунда жатындын чоңойушун камсыз кылган система менен бирге аны мурдакы абалына кайтаруучу система да бар. Ошол сыяктуу бекем бир кабык менен корголгон жумуртканы теше ала турган энзим да сперманын ичине атайын максатта жайгаштырылган.

Дарвинисттер болсо ушундай бири-бири менен абдан тыгыз байланыштагы системалар кээ бир кокустуктар натыйжасында пайда болду жана кемчиликсиз абалда иштөөсүн улантты деп айта турганчалык деңгээлде акыл жана логикадан алысташкан. Өз ичтеринде да кемчиликсиз иштеген мындай механизмдердин бүт денедеги системалар менен да төп келишип иштеши – Аллахтын кемчиликсиз жаратуу далилдеринин бирөөсү. Хашр Сүрөсүндөгү бир аятта мындайча буйурулууда:

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)

8- БАЯНКАНДЫН БАСЫМЫН КӨЗӨМӨЛДӨГӨНКЕМЧИЛИКСИЗ СИСТЕМА

Денебизде кан басымы түшкөндө, чара көргөн кемчиликсиз бир система бар. Өрт сигнализациясынын кабылдагычтары өрттөн чыккан түтүндү аныктай турган абалда атайын жасалган сыяктуу, бул система да сигнализация учурунда гана, т.а. кан басымы түшкөндө гана чара көрүп баштайт.

Кан басымынын төмөндөшү адам үчүн абдан кооптуу бир абал жаратышы мүмкүн. Ошондуктан сигнализация иштегенде кан басымын көтөрүү үчүн бир катар чараларды көрүү керек болот. Бул чараларды төмөнкүдөй катарга койсок болот;

1. Кан тамырлар кысылышы керек. (Мындай кысылуу, уч тарабы сыгылган суу шлангасынын күчтүүрөөк басым менен суу чачыратканы сыяктуу кандын басымын жогорулатат.)

2. Бөйрөктөрдөн көбүрөөк суу сиңирилип, канга аралаштырылышы зарыл.3. Адам ылдам суу ичиши керек.Булардын баары кандайча ишке ашырылат? Дагы бир теңдешсиз система ар бир

адамдын денесине төрөлгөндө эле терең жайгаштырылган.Бул система мындайча иштейт: кан басымы төмөндөгөндө (же болбосо кандагы

натрий көлөмү азайганда), бөйрөктөрдөгү кээ бир клеткалар абалды байкашат. Булар сигнал берүүчүлөр болгон «juxtaglomerular» (JGA) клеткалары. Бул клеткалар «ренин» аттуу абдан өзгөчө бир зат чыгарышат.7

Клеткалардын кан басымынын же болбосо натрий көлөмүнүн азайганын аныктай алышы эле өзүнчө бир керемет. Бирок андан да маанилүүсү – бул клеткалардын ренин чыгарышы. Себеби «ренин» - көп баскычтуу бир өндүрүш тизмегинин алгачкы баскычы.

Кандын плазмасында жайгашкан жана кадимки шартта канда айланганына карабастан эч кандай таасири болбогон бир протеин бар. Бул протеин – боордо өндүрүлгөн «ангиотензиноген» протеини. Таң калтырган бир пландын алгачкы баскычы ушул жерде башталат. Себеби өзү жалгыз эч бир ишке жарабаган «ангиотензиноген» жана «ренин» түпкүрүндө бири-бири менен биригүү үчүн атайын пландалышкан. Бир белгинин (логотиптин) бөлүктөрүнүн бири-бирине кийилиши үчүн бири-бирине ылайык жасалганы сыяктуу.

Бул жерде бир нерсе жөнүндө ойлонуу керек: бөйрөк клеткалары жана боор клеткалары дененин ичинде бири-биринен алыста жайгашышкан. Кандайча болуп, бирөө логотиптин бир бөлүгүн (ренин) өндүрүп, экинчиси бул бөлүккө толук туура келген экинчи бөлүктү (ангиотензиноген) өндүрөт жана кандайча болуп булар бири-бирине толук туура келишет? Мунун, эволюционисттер жактагандай, кокустук натыйжасында пайда болушу эч мүмкүн эмес. Эч шексиз, ар бири Улуу Аллахтын чексиз илими менен жаратылган.

Ренин ангиотензиноген молекуласынын түзүлүшүн өзгөртөт жана жаңы бир молекула «ангиотензин I» пайда болот:

Р е н и н + А н г и о т е н з и н о г е н - > А н г и о т е н з и н - I

Пайда болгон бул жаңы молекуланын да эч кандай таасири жок; себеби өндүрүш тизмеги али бүтө элек. Эми өпкөдөгү «ACE» аттуу, бир гана «ангиотензин I» молекуласын майдалоого жараган бир энзим ишке киришет. Бул энзим урматында «ангиотензин I» башкача бир молекула болгон «ангиотензин II» молекуласына айланат:

А н г и о т е н з и н - I + A C E Э н з и м и - > А н г и о т е н з и н - I I

Бул жерде дагы ойлонуу керек: бөйрөк жана боор клеткалары өндүргөн эки башка молекула реакцияга кирип, жаңы бир молекула пайда болду. Бөйрөк жана боор клеткалары менен эч кандай мамилеси болбогон өпкө клеткалары болсо бул жаңы молекула толук бириге турган бир энзимди өндүрүүдө. Болгондо да бул энзимди аталган молекулалар биригишинен бир топ мурда өндүрүүдө. Кандайча болуп, өпкө клеткалары али ишке аша элек бир окуя жана али өндүрүлө элек бир затка эң ылайыктуу энзимди өндүрө алууда? Бул затты башка бир затка айланта турган энзимдин формуласын кайдан билет? Албетте, өпкө клеткаларына бул маалыматтарды илхам кылган – бул теңдеши жана Ага окшошу жок Улуу Аллах.

Ангиотензин-II аттуу энзимдин эки абдан маанилүү кызматы бар: булардын биринчиси – кан тамырлардын кысылышын камсыз кылуу. Ангиотензин-II энзими кан тамырлардын айланасындагы булчуңдарга сигнал берет жана алардын кысылышын камсыз кылган мехинизмди кыймылдатат. (Бул механизм да Аллахтын кемчиликсиз жаратуусунун бир далили). Ушундайча булчуңдар кысылып, тамырды кысат жана кан басымы жогорулатылган болот. Бул максат кылынган биринчи жыйынтык.

Ангиотензин-II затынын экинчи маанилүү кызматы болсо – бул кереметтүү бир гормон болгон «альдостеронду» кызматка чакыруу. Ангиотензин-II заты бөйрөк үстү клеткаларга жетет жана бул клеткаларга «альдостерон» чыгаруу буйругун берет. Бул дагы пландын кемчиликсиздигинин дагы бир далили. Себеби альдостерон бөйрөктөргө таасир берет жана бөйрөктөр заарадагы сууну кайра сиңирип, канга аралаштырат. Натыйжада кандын басымы көтөрүлөт. Бул болсо максат кылынган экинчи жыйынтык.

Бөйрөк, боор жана өпкөнүн ортоктошо иштеши натыйжасында өндүрүлгөн «ангиотензин-II» затынын абдан маанилүү дагы бир кызматы бар: мээнин атайын бир аймагына жетүү жана ал аймакты кыймылга келтирүү. Бул аймак суусоо сезимин ойготуучу «суусоо аймагы».

Бирок «ангиотензин-II» затынын алдында бир тоскоолдук бар. Себеби мээни коргоо үчүн кандан мээ кыртышына өтүүнү абдан кыйындаткан, абдан тандоочу бир система бар жана бул «кан-мээ барьери» деп аталат. Бул система мээде 1-2 чекитте жок жана бул чекиттердин бири – бул «суусоо аймагы». Мындай өзгөчө жаратылуу урматында мээнин суусоо аймагына сигнал берилет жана адамда суу ичүү каалоосу пайда болот.8

Бөйрөктөр, өпкө жана боор тарабынан бир план ичинде, ортоктошо өндүрүлгөн заттар бир система ичинде биригишип, аягында кан басымынын көтөрүлүшүнө себеп болгон бир гормондун чыгарылышын камсыз кылышты. Бул үчүн бөйрөк клеткалары, өпкө клеткалары жана боор клеткалары биригип, бир коалиция түзүшү керек.

Бул коалиция эң алгач кан басымы төмөндөгөндө эмне кылуу керек экенин изилдөөгө мажбур. Бул изилдөө натыйжасында коалиция эң идеалдуу чечүү жолун

тандашы зарыл: бул идеалдуу жол «кан тамырларды кысуу» жана «альдостерон гормонунун чыгарылышын камсыз кылуу».

Андан соң кайра чогулуп, көпкө изилдөөлөр жүргүзүп, бөйрөк үстү бездеринин жана тамыр булчуңу клеткаларынын анатомияларын, иштөө системаларын анализ кылуулары зарыл. Кийин бул тамырлардын кысылышы жана бөйрөк үстү бездеринин альдостерон чыгарышы үчүн кереметтүү бир формуланы, т.а. «ангиотензин-II» затынын молекулярдык проектин аныктоолору зарыл.

Эң аягында бул молекуланы кантип өндүрүүгө болоорун аныктоо керек. Ар бир орган бул молекуланын өндүрүш баскычында бир милдет алышы зарыл. Жасалган өндүрүш планы негизинде үч баскычтуу бир монтаж системасы ылайыктуу көрүлүп, ар бир органга бир милдет берилиши керек. Бөйрөк клеткалары «ренин» өндүрүүнү, боор клеткалары «ангиотензиноген» өндүрүүнү, өпкө клеткалары болсо «ACE» өндүрүүнү чечишип, ушундайча жумуштарды бөлүштүрүү иши бүткөрүлгөн болушу керек. Андан соң чогулуш аяктап, клеткалар өз ордуларына кайтышы зарыл.

Бул системанын ар бир бөлүгү терең ойлонуу керек болгон кереметтерге толо. Адамдын денесиндеги ар бир клетка атайын бир кызмат үчүн жаратылып, атайын сыпаттар менен камсыздалган жана кызматын аткаруучу ордуна пландуу жайгаштырылган. Адамдын денесиндеги бардык окуяларды Раббибиз жараткан жана адамдын денесиндеги ар бир деталь Анын чексиз илиминин далилдеринен бир канчасы гана. Улуу Аллах Куранда билдиргендей:

Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы. (Аллах) Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат. (Фуркан Сүрөсү, 2)

9- БАЯНЧОҢОЙУУ ГОРМОНУ

Орточо 3 кг салмак жана 50 см бою менен жаңы төрөлгөн бир наристенин 20-25 жыл ичинде 80 кг салмак, 1,80 м бойлуу бойго жеткен бир адам болушун камсыз кылган эмне?

Бул суроонун жообу гипофиз безинен чыгарылган кереметтүү бир молекулада, чоңойуу гормонунда катылуу.

Чоңойуу процесси эки жол менен ишке ашат. Кээ бир клеткалар көлөмдөрүн чоңойтушат. Кээ бир клеткалар болсо бөлүнүп көбөйүшөт. Бул эки процессти тең ишке ашырган жана башкарган – бул чоңойуу гормону.

Чоңойуу гормону гипофиз безинен чыгарылат жана бүт дененин клеткаларына таасир берет. Ар бир клетка гипофиз безинен ага келген кабардын маанисин билет. Эгер чоңойушу керек болсо, чоңойот, бөлүнүп көбөйүшү керек болсо бөлүнүп көбөйөт.

Мисалы, жаңы төрөлгөн бир наристенин жүрөгү бойго жеткен абалынын дээрлик 1/16 бөлүгүнө барабар. Бирок, ушуга карабастан, клеткаларынын жалпы саны бойго жеткендин жүрөгүндөгү клеткалардын санына барабар. Чоңойуу гормону өнүгүү убагында жүрөк клеткаларына бир-бирден таасир берет. Ар бир клетка чоңойуу гормону ага буйрук кылганчалык чоңойот. Ушундайча жүрөк да чоңойуп, бойго жеткен бир адамдын жүрөгү абалына келет.

Нерв клеткаларынын көбөйүшү да наристе али эне курсагында кезинде, 6-айдын аягында бүтөт. Мындан төрөлгөнгө жана төрөлгөндөн бойго жеткенге чейин нерв клеткаларынын саны дайыма бирдей бойдон калат. Чоңойуу гормону нерв клеткаларына да көлөмдүк жактан чоңойууларын буйрук кылат. Ушундайча нерв системасы чоңойуу доорунун бүтүшү менен бирге калыптанып бүтөт.

Денедеги башка клеткалар, мисалы булчуң жана сөөк клеткалары, адамдын чоңойуу доору боюнча бөлүнүп көбөйүшөт. Бул клеткаларга канчалык бөлүнүшү керек экенин да кайра эле чоңойуу гормону билдирет.

Бул жерде мындай суроо туулат:Гипофиз бези кандайча болуп, клеткалардын бөлүнүшү же чоңойушу үчүн

керектүү болгон формуланы билет? Бул абдан кереметтүү көрүнүш. Себеби буурчактай кичинекей бир бөлүк эт денедеги бардык клеткаларга буйрук берүүдө жана бул клеткалардын көлөмүнүн чоңойушун же бөлүнүү аркылуу көбөйүшүн камсыз кылууда.

Мындай дагы бир суроо жаралат: бул бир бөлүк эт мындай кызматты эмне үчүн аткарат? Бул клеткалар эмне үчүн өмүр бою башка клеткаларга бөлүнүүлөрүн буйрук кылган бир кабар жөнөтүүдө?

Мына ушул жерде Аллахтын кемчиликсиз жаратуусу дагы бир жолу көрүнүүдө. Кичинекей бир аймакта жайгашкан клеткалар триллиондогон клетканын белгилүү бир калып ичинде бөлүнүүлөрүн жана чоңойууларын камсыз кылууда. Чындыгында болсо бул клеткалардын адамдын денесин сыртынан кароо, дененин канчалык чоңойуп жана качан чоңойушун токтотуу керек экенин билүү мүмкүнчүлүктөрү жок. Бул аң-сезимсиз клеткалар дененин ичиндеги караңгылыкта, эмне кылып жатканын билбестен чоңойуу гормонун өндүрүүдө жана өндүрүштү токтотушу керек болгондо да токтотууда. Ушунчалык кемчиликсиз бир система жаратылган, чоңойуунун жана бул гормондун чыгарылышынын ар бир баскычы башкарылып турат.

Чоңойуу гормонунун кээ бир клеткаларга көлөм жагынан чоңойушун, кээ бир клеткаларга болсо бөлүнүп көбөйүшүн буйрук кылышы дагы бир керемет. Себеби эки клеткага тең барган гормон бип-бирдей. Бирок буйрукту алган клетканын генетикалык шифрине кандай кыймылдашы керек экени жазылган. Чоңойуу гормону чоңойуу буйругун берет. Муну кандайча ишке ашыруу болсо ошол клетканын ичинде жазылуу. Бул дагы адам денесинин ар бир чекитинин жаратылышындагы кудурет жана улуулукту дагы бир жолу далилдейт.

Бул жерде абдан маанилүү дагы бир жагдай бар: чоңойуу гормонунун дененин бардык клеткаларына таасир этиши да абдан чоң бир керемет. Кээ бир клеткалардын

чоңойуу гормонуна баш ийип, кээ бир клеткалардын болсо бул гормонго каршы чыгышы кааланбаган натыйжаларга себеп болмок. Мисалы, жүрөк клеткалары чоңойуу гормону буйрук кылгандай чоңойуп жатканда, көкүрөк сөөгүнүн клеткалары көбөйүүдөн жана чоңойуудан баш тарткан болгондо, чоңойгон жүрөк кичинекей бойдон калган көкүрөктүн ичинде кысылып калмак жана бул өлүмгө алып келмек.

Же болбосо мурун сөөгү чоңойуп жатканда, мурун териси чоңойушун токтотсо, мурун сөөгү мурундун терисин жыртып сыртка чыкмак эле. Булчуңдардын, сөөктөрдүн, теринин жана органдардын бири-бирине төп келип, чоңойушу ар бир клетканын чоңойуу гормонуна баш ийиши урматында кемчиликсиз бир негизде ишке ашат.

Чоңойуу гормону сөөктөрдүн учундагы кемирчек кыртышынын өрчүшү үчүн да буйрук берет. Бул кемирчек жаңы төрөлгөн бир наристенин калыбы сыяктуу. Ал өсмөйүнчө, наристе да чоңойо албайт.9 Бул жердеги клеткалар сөөктү узунунан чоңойтушат. Бул клеткалар сөөктүн узунунан чоңойушу керек экенин кайдан билишет? Эгер бул сөөк капталын көздөй өссө, бут узара албайт, ал тургай бут сөөгү ал аймактагы терини жыртып сыртка чыгат. Бирок Улуу Раббибиз адамдын денесиндеги ар бир детальды жана маалыматты ар бир клетканын ядросуна жайгаштырган. Ушунун негизинде сөөктөр узунунан өсүшөт.

Чоңойуу гормонунда байкалган дагы бир керемет да бул гормон чыгарылган убакыт жана көлөмү менен байланыштуу. Чоңойуу гормону дал керектүү көлөмдө жана эң көп чоңойуу убагында чыгарылат. Бул абдан маанилүү бир керемет. Себеби керек болгондон бираз азыраак же көбүрөөк гормон чыгарылган учурда абдан зыяндуу натыйжалар келип чыгат. Эгер чоңойуу гормону аз чыгарылса лилипуттукка, көп чыгарылса дөөлүккө жол ачат.10

Мына ушул себептен денеде чоңойуу гормонунун чыгарылуу көлөмүн жөнгө салган абдан өзгөчө бир система жаратылган. Бул гормондун чыгарылуу көлөмүнүн чечимин гипофиз безинин башкаруучусу деп саналган гипоталамус чыгарат. Чоңойуу гормону чыгарылышы керек болгондо гипофизге «чоңойуу гормонун чыгартуучу гормон» (GHRH) жөнөтөт. Канда керектүү деңгээлден ашыкча гормон болгондо болсо, гипоталамус гипофизге бир кабар (соматостатин гормонун) жөнөтүү менен чоңойуу гормонунун чыгарылышын жайлатат.11

Гипоталамусту түзгөн клеткалар канда канчалык көлөмдө чоңойуу гормону болушу керек экенин кайдан билишет? Кандайча болуп кандагы чоңойуу гормонунун көлөмүн өлчөшөт жана учурдагы абалга жараша бир чечим чыгара алышат? Бул көрүнүштүн канчалык чоң бир керемет экенин түшүнүү үчүн төмөнкүдөй бир мисал жөнүндө ойлонуп көрөлү:

Бир адамды атайын бир аппараттын жардамы менен миллиарддаган эсе -ал адам бир клетканын чоңдугундай болгонго чейин- кичирейттик дейли. Бул адам атайын бир идишке салынып, гипоталамус аймагында жайгашкан клеткалардын биринин жанына жайгаштырылсын.

Бул адамдын милдети – алдынан өткөн капиллярдын ичиндеги чоңойуу гормонунун молекулаларын саноо. Эгер бул молекулалардын саны азайса же көбөйсө, анда муну аныктоо. Белгилүү болгондой, кан суюктугунун ичинде миңдеген ар түрдүү заттар бар. Молекулярдык түзүлүштөрдү элестеткенибизде, бир адамдын алдына коюлган түзүлүштүн (калыптын) чоңойуу гормонуна тиешелүүбү же болбосо башка бир затка тиешелүү экенин билиши (эгер бул темада адис бир илимпоз эмес болсо) эч мүмкүн эмес. Бирок гипоталамуска жайгаштырылган адам миллиондогон молекула арасынан чоңойуу гормондорун сөзсүз таанышы керек. Мындан тышкары, бул гормондун көлөмүн да дайыма текшерип турушу зарыл.

Бир адам үчүн да абдан оор көрүнгөн бул милдетти аң-сезимсиз гипоталамус клеткалары кандайча аткарышууда? Дайыма кандагы чоңойуу гормонунун санын кантип санашууда? Чоңойуу гормонун башка молекулалардан кантип айырмалашууда? Бул клеткалардын молекулаларды таанышын камсыз кыла турган көздөрү, абалды баалап, ойлоно турган мээлери жок. Бирок Аллах курган система ичинде аларга буйрук кылынган кызматты эч жаңылбастан аткарышат. Мындай кемчиликсиз система урматында адам абдан пропорционалдуу, жарашыктуу бир денеге жана органдарга ээ болот. Аллах бүт жараткан нерселери сыяктуу адамды да кемчиликсиз өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан:

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)

10- БАЯНДЕНЕБИЗДЕГИ ЖАҢЫЛБАГАН СААТ

Бүт адамдар билгендей, балалыктан бойго жеткен убакка өтүү баскычы болгон өспүрүмдүк учурунда ар бир адамдын денеси көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болот. Миллиарддаган адамдын денесинде эч жаңылбастан, бул өзгөрүүлөрдүн убактысын жөнгө салган жана өзгөрүүнү баштаткан механизм эмне? Адамдын денесинде коңгуроого коюлган бир саат бар сыяктуу жана бул сааттын коңгуроосу чалганда, коңгуроону уккан кээ бир гормондор кыймылга келип баштаган сыяктуу.

Албетте, денеде эч кандай саат жок, бирок бир аздан кийин тереңирээк карала тургандай, мээнин гипоталамус аймагындагы кээ бир клеткалар, коңгуроого коюлган бир сааттын коңгуроосун уккан сыяктуу, орточо 15 жыл күткөн жеринен турушуп, кыймылдап башташат. 15 жылдын аягында бир жылдын бир күнүнүн белгилүү бир саатында гипоталамустагы клеткалар GnRH деп аталган бир гормон чыгарып башташат. Бул гормон гипофиз безине эки гормонду чыгаруу буйругун берет. Чыгарылган

гормондор – бул фолликул стимулдаштыруучу гормон (FSH) жана лютеиндештирүүчү гормон (LH).

Бул эки гормондун абдан маанилүү кызматтары жана кереметтүү таланттары бар. Экөөсү тең эркек жана аялдын денесинин бири-биринен өзгөчөлөнүү жана физикалык калыптануу процессин башташат. Бул абдан маанилүү нерсе; себеби FSH жана LH гормондору мындай өзгөрүүнү камсыз кыла турган аймактарга ылайыктуу пландалып жаратылган. Жана эки гормон тең эмне кылышы керек экенин абдан жакшы билгендей кыймыл аракет жасашат.

FSH гормону аялдын денесинде жумурткалыктын ичиндеги жумуртка клеткаларынын өрчүшүн жана жетилишин камсыз кылат. Дагы бир кызматы болсо бул аймактагы абдан маанилүү дагы бир гормондун, эстроген гормонунун чыгарылышын камсыз кылуу.

FSH гормону ошол эле формула менен эркектин денесинде да чыгарылат. Бирок бул жолу такыр башкача таасирлер жаратат. Жумуртка (testis) клеткаларын стимулдайт жана сперма өндүрүшүн баштатат.

LH гормонунун аялдын денесиндеги кызматы – бул жетилген жумуртканын эркин койо берилишин камсыз кылуу. Мындан тышкары аялдарда прогестерон аттуу дагы бир гормондун чыгарылышын камсыз кылат.

LH гормонунун эркектин денесинде башкача бир милдети бар. Жумурткалардагы бир топ атайын клеткаларды (leyding клеткаларын) стимулдайт жана тестостерон аттуу гормондун чыгарылышын камсыздайт.

Бул гормондордун башка башка жыныстардын денелеринде бир эле формула менен өндүрүлүшү жана ар бир жыныста бири-биринен такыр башкача таасир бериши, албетте, абдан улуу бир керемет. Гормондор эркектин денеси менен аялдын денеси арасындагы айырманы кайдан билишет? Кандайча болуп бир эле формулага ээ бир гормон эркектин денесинде тестостерондун өндүрүшүн камсыздаса, аялдын денесинде прогестерон гормонунун өндүрүшүн камсыздайт?

Бирдей формулада өндүрүлгөн гормондор эркектин денесин таанып, үнүн, булчуң түзүлүшүн бир эркекке ылайыктуу абалда калыптандырып жатканда, аялдын денесиндегилер кандайча болуп аялдын химиясын жана өзгөчөлүктөрүн билип, ошого жараша өзгөртүүлөр жасай алууда? Бир эле гормон менен ар түрдүү таасирлердин жана ар кандай жыныстардын калыптанышын камсыздай турган бул кемчиликсиз генетикалык программа клеткалардын ичине кандайча жайгашкан?

Бул окуялардын баарынын кокустуктар, клетка же болбосо клеткаларды түзгөн атомдордон көз-каранды эмес экендиги айдан ачык. Эркек жана аялга тиешелүү абалда ылайыкташтырылган мындай жөнгө салуулар аң-сезимдүү, акылдуу бир жаратуунун жана бир пландын бар экенин бизге көрсөтүүдө. Албетте, мындай жаратуу – бүт ааламдар сыяктуу, бүт нерсени кемчиликсиз кылып жараткан ааламдардын Рабби Аллахка тиешелүү. Жаратуудагы кемчиликсиздикти ойлонгон ар бир адам бизди жоктон жараткан Раббибизди эстеп, Ага шүгүр кылышы керек:

Эй адамдар, силерди жана силерден мурдакыларды жараткан Раббиңерге кулчулук кылгыла, такыбалуу болуу үчүн. (Бакара Сүрөсү, 21)

Мактоолор асмандарды жана жерди жараткан, экиден, үчтөн жана төрттөн канаттуу периштелерди элчилер кылган Аллахка тиешелүү; Ал жаратууда каалаганын көбөйтөт. Шек жок, Аллах – бүт нерсеге Кудуреттүү. (Фатыр Сүрөсү, 1)

11- БАЯНДЕНЕНИН ТЕМПЕРАТУРАСЫН ЖӨНГӨ САЛГАНКЕРЕМЕТТҮҮ МОЛЕКУЛА

Ар бир адамдын нормалдуу дене температурасы 36,5-370С. Денеңиздин температурасынын булагы эмне экенин жана бул температураны дайыма бирдей сактаган эмне экендиги жөнүндө ойлондуңуз беле? Үйлөрдү жылытуу үчүн көбүнчө жылыткыч системасы колдонулат. Бул системанын температура даражасын жөнгө салган термостаты да бар. Үй ээси термостатты каалаган даражасына коюу менен үйдүн жылуулугун камсыздайт. Адамдын денесиндеги жылыткыч система кандай жана термостат кантип жөнгө салынат?

Дененин температура булагы – бул адамдын денесиндеги 100 триллион клетка. Клеткалардын иш-аракеттери убагында белгилүү бир ысыктык чыгат жана бул ысыктык дененин жылынышына себеп болот. Мына ушул микро жылыткычтардын ар биринин канчалык ысыктык бериши керек экенин жөнгө салуучу, б.а. денебиздеги термостатты Аллахтын илхамы менен жөнгө салуучу болсо – бул кичинекей бир молекула болгон тироксин гормону.

Клетка иштеп жатканда белгилүү бир ысыктык чыгарышы, 100 триллион клетка чыгарган температуранын суммасынын адамдын жашоосу үчүн эң ылайыктуу даражада болушу эле өзүнчө бир керемет. Тироксин молекулаларынын клетканын канчалык ысык чыгарышы керек экенин жана бул температураны кандайча көтөрүүгө болоорун билиши – бир жаратылуу керемети.

Тироксин гормонунун чыгарылышы да өзүнчө бир жаратылуу керемети. Тироксин гормонуна муктаждык болгондо, гормоналдык системанын мээси гипоталамус гормоналдык системанын оркестра шефи болгон гипофиз безине бир буйрук (TSH- Тироид чыгаруу гормону) жөнөтөт. Буйрукту алган гипофиз бези тироид безинин кыймылдашы керек экенин түшүнөт. Ал да ошол замат тироид безине бир буйрук (Тиротропин- Тироид безин кыймылдатуучу гормон) жөнөтөт. Буйрук-команда тизмегинин акыркы чекити болгон тироид бези болсо ага келген бул буйрукка ылайык ылдам тироксин гормонун өндүрөт жана кан аркылуу муну денеге таркатат.

Тироксин гормонунун кызматы эле эмес, чыгарылган өлчөмү да абдан маанилүү. Андай болсо, бул молекуланын чыгарылган өлчөмү кантип аныкталат? Кандайча болуп, бул гормон -ооруган абалдан башка учурларда- муктаждыктан ашыкча же кем чыгарылбайт?

Тироксин гормонунун чыгарылган өлчөмү да Аллах чексиз илими менен жараткан атайын бир система урматында аныкталат. Бул система эки түрдүү өлчөө жана кайра-жооп алуу (feedback) механизмдеринен турат. Бул механизмдердин ар бири теңдешсиз инженерия мисалдары.

Кандагы тироксин көлөмү нормалдуу деңгээлден жогору болгондо, тироксин гормону гипофиз безине абдан кызыктуу бир таасир берет: гипофиз безинин TSH, т.а. тироид чыгаруу гормонуна карата көрсөткөн ийкемдүүлүгүн азайтат.

Эгер бираз тереңирээк ойлонсок, абдан кереметтүү бир түзүлүш бар экенин көрөбүз. Себеби TSH гормонунун милдети – бул гипофиз безин кыймылдатуу жана тироид безине бир буйруктун жөнөтүлүшүн камсыздоо. Бул буйрук тироксин гормонунун өндүрүлүшү үчүн куралган буйрук-команда тизмегинин экинчи баскычын түзөт.

Система ушунчалык детальдуу пландалган; көбөйгөн тироксин аны өндүргөн булактын андан да көп өндүрүш жасабашы үчүн абдан акылдуу бир чара көрүүдө жана анын өндүрүшү үчүн куралган буйрук-команда тизмегин үзгүлтүккө учуратууда. Натыйжада кандагы тироксин нормадан өйдө болуп кеткенде, тироксин өндүрүшү автоматтык түрдө жайлап калууда.

Тироксин гормонунун өндүрүш көлөмүн аныктаган экинчи бир система да бар. Көбөйгөн тироксин гипоталамус клеткаларына таасир берет. Бул клеткалар болсо TSH өндүрүшүн азайтышат. Натыйжада тироксин өндүрүшү жайлайт.

Кандагы тироксин көлөмү азайганда бул система тескерисинче иштейт. Тироксин гормонунун санынын азайганын байкаган гипоталамус көбүрөөк TSH гормонун өндүрөт. Бул болсо тироксин гормонунун өндүрүшүн көбөйтөт. Бул жерде мындай суроолорду сурашыбыз керек; тироксин гормону өндүрүштүн токтошу үчүн буйрук-команда тизмегинин токтотулушу керек экенин кайдан билүүдө? Гипоталамустагы клеткалар тироксин көбөйгөндө, гормон чыгарууну токтотуу керек экенин, тироксин азайганда гормон чыгарууну көбөйтүү керек экенин кайдан билишет? Мындай кемчиликсиз система кантип пайда болгон?

Мынчалык так пландаштырылган бир системаны кокусунан пайда болду деп ойлоо бир компьютерди же телевизорду кокусунан, өзүнөн-өзү пайда болду деп ойлоодон бир топ эсе акылсыз бир догма болот. Себеби бул система иштей алышы үчүн азыр бул жерде детальдары баяндалбаган, бирок молекулярдык деңгээлде ишке ашкан атайын пландалган жүздөгөн майда-бараттары бар. Бул системанын жаратуучусунун улуу бир акыл жана күч-кудурет ээси болгон Улуу Аллах экендиги абдан даана бир чындык. Аллахтын илими бүт жерди ороп-курчаган:

...Раббим илим жагынан бардык нерселерди курчап турат. Дагы эле сабак алып-ойлонбойсуңарбы? (Энъам Сүрөсү, 80)

12- БАЯНКЕРЕМЕТТҮҮ ТАКТЫКТАГЫ ТЕҢ САЛМАКТУУЛУК

Тироксин гормонунун чыгарылган саны, жогоруда айтылгандай таң калтырган системалар аркылуу гарантияга алынган. Бирок бүт бул нерселер менен бирге, кандайдыр бир кризис учуруна карата кандагы тироксиндин санын туруктуу кармаган кереметтүү дагы бир система бар.

Тироид бези тарабынан канга чыгарылган тироксин молекулалары атайын ушул жумуш үчүн пландалып жаратылган бир ташуучу молекулага байланышат жана канда ушул абалда айланышат. Жана бул молекулага байлануу болгон кезде милдеттерин аткара алышпайт. 10 миң тироксин молекуласынан 4 даанасы гана канда эркин абалда болот. Клеткалардын метаболизм ылдамдыктарына таасир берген тироксиндер да мына ушул ар бир 10000 тироксин молекуласынын 4 даанасы.12

Эркин тироксин молекулалары клеткалардын ичине кирген сайын, алардын ордуна ташуучуларынан бөлүнгөн жаңы тироксин молекулалары өтүшөт. Ушундайча ташуучуларына байланган тироксин молекулалары бир кампа катары колдонулат жана керектүү тироксин дайыма даяр абалда кармалып турган болот.

Клеткаларга таасир этиши керек болгон тироксин санынын канчалык назик бир тең салмактуулук менен жөнгө салынгандыгы, эгер клеткаларга таасир берген тироксин саны көбөйсө же азайса мунун натыйжасында кандай зыяндар келип чыгаарын жогоруда айткан элек. Мына ушул назик өлчөмдүн ичинде ошол эле учурда бираз мурдараак айтылган 10000де 4түк катыш да бар. Мындай абалда сөзсүз төмөнкүдөй суроолор туулат:

Триллиондогон молекула кантип саналат жана бул молекулалардын болгону 10000де 4түк бөлүгүнүн адамдын ден-соолугу үчүн ылайыктуу экендиги эмнеге карап чечилген? Калган 9996 молекуланын пассивдүү абалда күтүшү керек экендиги кантип эсептелген? Кан тамырлардын ичинде 4 молекулада азайуу болгондугу жана башка молекулар эркин койо берилиши керек экендиги кантип билинген? Мындай кереметтүү математикалык эсеп жана бул эсепке ылайык курулган жана жер жүзүндө жашап өткөн бардык адамдарда бар болгон бул система миңдеген жылдар бою эч кемчиликсиз кантип иштеп келүүдө?

Албетте, бул мисал – Улуу Аллахтын көзүбүз менен көрө алган жана көрө албаган бүт ааламдардын өкүмдары экендигинин, бүт нерсени ороп-курчаганынын далилдеринин бирөөсү гана:

... (Аллах) алардын абалдарын ороп-курчаган жана бүт нерсени сан жагынан да санап-белгилеп койгон. (Жин Сүрөсү, 28)

13- БАЯННАРИСТЕ ҮЧҮН ДАЯРДАНГАН ГОРМОНДОР -1

Ден-соолугу жайында бир аялдын денеси ар төрт жумада бир жумуртканын төлдөнүшү үчүн кеңири масштабдуу бир даярдык көрөт. Бул даярдыктын негизги кызматкерлери болсо кайра эле гормондор.

Төрт жумалык бөлүктүн эң башында гипофиз бези LH гормонун өндүрөт. Бул гормон мээдеги ордунан жолго чыккан соң, узун бир жолдордон басып өтүп, кан аркылуу жумурткалыктарга жетет. Гормондор абдан кичинекей молекулалар жана адамдын денеси бул кичинекей молекулалар үчүн киллометрлеген алыстыктагы бир жол дегенди билдирет. Бирок ар бир LH гормону жолдон адашпай, каерге бараарын абдан жакшы билүү менен, башка эч бир органга барбастан, түптүз жумурткалыктарга жетет. Эми жумурткалыктардын кыймылдап баштоо убактысы келген болот.

Жумурткалыктын ичинде миңдеген жетилген (ядро) жумуртка клеткасы бар. Гипофизден келген LH гормонунун таасири менен бул ядро клеткалардын бир бөлүгү жетилип баштайт. LH гормону бул клеткаларды кыймылдатуучу өзгөчө бир формулага ээ. Кан ичинде көптөгөн заттар бар, бирок бул заттардын эч бирөөсү жумурткалыктарды кыймылдата албайт, LH гормону ээ болгон өзгөчөлүктөр гана мындай таасирге ээ. Б.а. ушул кызмат үчүн атайын жаратылган.

Жетилип баштаган клеткалардын бирөөсү гана толук жетилет жана жумуртка клеткасы катары жумурткалыктан сыртка чыгарылат.

Жетилип жаткан жумуртка клеткасы жана айланасындагы азыктандыруучу катмар фолликул деп аталат. Гипофиз безинен жөнөтүлгөн дагы бир гормон болгон FSH гормону фолликулга абдан кызыктуу бир таасир берет жана фолликул бир заматта өзгөчө бир молекула өндүрүп баштайт. Бул молекула «эстроген» аттуу гормон.

Али өзү толук жетилбеген фолликул кандайча болуп бир гормон өндүрүп баштайт? Бул өндүрүштү жасай турган механизм жана уюштурууга кантип ээ болгон? Бул өндүрүштүн максаты эмне?

Албетте, булардын баарын кылган – бул ааламдардын Рабби Улуу Аллах. Бул системалар да Анын чексиз илиминин жана кемчиликсиз жаратышынын далилдеринин бирөөсүн гана көрсөтүүдө.

Асмандарды жана жерди жараткан (Аллах) алардын окшошун жаратууга кудуреттүү эмеспи? Албетте (Кудуреттүү); Ал – Жаратуучу, билүүчү. Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат.

Бүт нерсенин мелекуту (өкүмдарлык жана мүлкү) колунда болгон (Аллах) кандай Улук. Силер Ага кайтарыласыңар (барасыңар). (Йасин Сүрөсү, 81-83)

14- БАЯННАРИСТЕ ҮЧҮН ДАЯРДАНГАН ГОРМОНДОР -2

Фолликул өндүргөн молекулалар, т.а. эстрогендин аялдын денесиндеги милдеттери Аллахтын жаратуу кереметтеринин дагы бирөөсүн көрсөтүүдө. Эми бул милдеттердин кээ бирлерин кыскача карайлы:

1. «Эстроген» гормонунун максаттарынын бири – бул «жатын». Жатын – бул төлдөнгөн жумуртканын көмүлө турган жана бөлүнүп чоңойо турган уясы. Эстроген гормонунун таасиринде жатында бир даярдык башталат. Жатындын дубалдарынын калыңдыгы 3-5 эсе өсөт жана капиллярлар тарабынан оролот. Эгер төлдөнүү ишке ашса, жумуртка муктаж болгон азык ушул тамырлардан алынат.

Бул чыныгы бир керемет. Себеби али жетилип бүтө элек фолликул ичиндеги жумуртка клеткасынын келечегин ойлонгон сыяктуу, жумуртканын келечекте азыктанышы үчүн керектүү чараларды көрүүдө, жана жумуртка келечекте жашай турган жатындын даярданышын камсыздоодо.

Бул жерде кээ бир суроолор жаралат:1. Фолликул жумуртка клеткасынын чыгарылган соң жатынга бараарын жана ал

жерде жашаарын кайдан билет? Жатындагы капиллярдын жумуртка клеткасына азык берээрин кантип билүүдө? Бул капиллярдын көбөйүшүн камсыздаган формуланы кайдан үйрөнгөн? Булардын баары – албетте, Улуу даражалардын ээси болгон Аллахтын жаратуу чеберчилигинин бир көрүнүштөрү.

2. Эстрогендин таасири менен жатын булчуңдары да өрчүп баштайт жана булчуңдун күчү өсөт. Бул дагы кокус төлдөнүү ишке ашып калса, жумуртка жайгаша турган төшөктү коргоо үчүн алынган бир чара.13

Кичинекей бир фолликул өндүргөн химиялык молекула бир адамдын денесин баштан аяк калыптандырууда, ошол эле учурда келечекте жаңы бир адамдын төрөлүшү үчүн керектүү жөнгө салууларды жасатууда. Чынында болсо, эстроген гормону – атомдордун катарга тизилишинен келип чыккан аң-сезимсиз бир зат. Аң-сезимсиз клеткалар тарабынан өндүрүлүүдө жана аң-сезимсиз клеткаларга таасир берүүдө. Бирок бул окуялардын баары улуу бир план ичинде ишке ашууда жана бул пландын аягында адам жыныстарынын бири кемчиликсиз бир абалда ортого чыгууда.

Бул жерде төмөнкү чындык дагы бир жолу көрүнүүдө:Эстроген гормону бүт бул баскычтарды эч качан өз башынча кыла албайт. Ага бүт

мындай иштерин илхам кылган – бул ааламдардын Рабби Улуу Аллах. Ал – бүт ааламды теңдешсиз абалда жоктон жаратуучу:

Эй адамдар, силерди жалгыз бир напсиден (Адамдан) жараткан, андан түгөйүн жараткан жана ал экөөсүнөн көптөгөн эркек жана аял жаратып-тараткан Раббиңерден коркуп-сактангыла. Жана Аны(н аты) менен бири-бириңерден нерсе сурай турган Аллахтан жана тууганчылык (мамилелерин үзүү)дөн сактангыла. Албетте, Аллах силерди Көзөмөлдөөчү. (Ниса Сүрөсү, 1)

15- БАЯНЭРКЕКТИН КӨБӨЙҮҮ СИСТЕМАСЫНДАГЫ ГОРМОНДОР

Эркек көбөйүү системасында да гормондор башкы ролду аткарышат. Төрөлгөндөн орточо 10 жылдан кийин өспүрүмдүк курактын башталышы менен бирге эркек гормондору толук ишин баштайт. Бул гормондордун ишин башташы кайра эле денеде курулган бир буйрук-команда тизмегинин иштеп башташы натыйжасында ишке ашат. Бул буйрук-команда тизмегинин эң жогорку башкаруучусу – бул гипоталамус.

Гипоталамус төрөлгөндөн кийинки жылдары ар 3-4 саатта бир LHRH аттуу бир гормон чыгарат. Бирок бул гормондун чыгарылган саны абдан аз. Орточо он жылдан соң гипоталамус эркектин денесинин калыптанышы үчүн убакыттын келгенин түшүнгөн сыяктуу, LHRH гормонун бат бат чыгарып баштайт.14 Бул кичинекей молекулалар кандайча болуп жылдар бою күткөн соң, бир заматта көбүрөөк гормон чыгаруу чечимин алышууда. Мурдатан курулган бир система бар сыяктуу, бул система 10 жылдан соң иштеп баштоодо. Бул системаны курган, активдеше турган убактысын мурдатан аныктаган, кемчиликсиз иштешин камсыз кылган жана башка бардык процесстерди илхам кылган – бул ааламдардын Рабби болгон Улуу Аллах.

Убактысы келгенде көбүрөөк чыгарылып баштаган LHRH гормону буйрук-команда тизмегинин экинчи баскычы болгон гипофиз безине жетет. Гипофиз бези бул буйрукту алаар замат LH аттуу башка бир гормонду чыгарат. Бул гормон болсо эркектин жынсытык бездерине, б.а. жумурткаларга өндүрүштү баштоо буйругун берет.

Бүт бул процесстердин башталышы эмне үчүн көп жылдар уланууда жана бул механизмдин иштөө убактысы кантип аныкталууда? Бул суроолордун жооптору илим дүйнөсү үчүн али бир сыр. Бирок, али сырлары билинбеген бул система адамдардын денесинде Улуу Раббибиз алгач жараткандан бери иштеп келүүдө.

LH гормону кан аркылуу жумурткаларга жеткенде ал жердеги клеткалар тестостерон аттуу гормонду өндүрүп башташат. Тестостерон өндүргөн клеткалар өзү тиешелүү болгон дененин балалыктан эркек көрүнүшүнө өтүү убактысына келгенин билишкен сыяктуу. Себеби өндүргөн тестостерондун химиялык формуласы чоңойуп жаткан бир баланы бойго жеткен бир эркекке айлантат.

Албетте, булардын баарын аң-сезимсиз бир молекуланын жасап жатышы абдан таң калыштуу. Бул молекула бир эркек денесинин өзгөчөлүктөрүн билген сыяктуу триллиондогон клетканы бир эркектин денесин жасашы үчүн башкарып, багыттоодо.

16- БАЯНТЕСТОСТЕРОН ГОРМОНУНУН БАШКА ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Тестостерон гормонунун жаратылышындагы план муну менен эле чектелбейт. Бул гормондун таасир механизминде да ачык бир жаратылуу керемети бар. Тестостерон жогоруда саналган таасирлерди ишке ашыруу үчүн максат кыртышка (эркектин жыныстык органдарына) жеткенде клеткалардын ичине кирет. Клетканын ичинде атайын тестостерон үчүн жаратылган бир энзим менен биригет жана натыйжада тестостерон бир топ таасирдүү бир абалга келет.

Долбоорлоо жана пландоо али бүтө элек. Бул жаңы пайда болгон гормон да ал үчүн атайын долбоорлонгон атайын бир кабылдагыч менен биригет. Пайда болгон молекулярдык комбинация клетканын ДНКсына байланат жана ДНКдан алынган маалыматтардын негизинде жаңы бир протеин синтезин пайда кылат. Бул кубулуш эркек жана аялдын денеси арасындагы айырманын аныкталышын жана жыныстык функциялардын уланышын камсыздайт.

Бул жерде ушунчалык кемчиликсиз бир система бар; тестостерон-энзим-кабылдагыч үчилтигинен турган механизм ДНКдагы миллиарддаган маалыматтын арасынан алар үчүн жазылган аймакты табышат жана ал жердеги маалыматтарга ылайык өндүрүш жасалышын камсыздашат. Мисалы, сакал чыгышы үчүн сакалдын тамыр клеткаларынын ДНКларында кайсы аймакка таасир бериши керек экендигин билишет. Үндүн жоондошу үчүн үн байламта клеткаларынын ДНКларындагы кайсы аймакка таасир бериши керек болсо, ошол аймакка таасир беришет.

Бул маалыматтар абдан маанилүү. Тестостерон (C19H28O2) – бул көмүртек, суутек жана кычкылтек атомдорунун ар кандай санда биригишинен пайда болгон бир молекула. Бул жансыз, аң-сезимсиз жандык ДНКда анын ишине жарай турган маалымат бар экенин кайдан билиши мүмкүн? Эң негизгиси, 3 миллиард тамгадан турган, миңдеген томдук энциклопедияны толтура турган көп маалыматтын арасынан өзү издеген бир канча тамганы кандайча эч жаңылбастан жана абдан бат таба алууда? Бул албетте Андан башка Кудай жок болгон Улуу Аллахтын илхамы менен ишке ашууда.

Учурда Адамдын геному проектинде 10 жылдан бери иштеген жүздөгөн илимпоз дүйнөнүн эң алдыңкы технологиясын колдонуу менен ДНКны окууну араң үйрөнө алышты. Бирок ДНКнын кайсы аймагынын адамдын денесинин кайсы органы, протеини же гормону менен байланышта экендиги али белгисиз бойдон калууда. Бирок C18H24O2

формуласына ээ эстроген жана C19H28O2 формуласына ээ тестостерон гормондору муну

абдан жакшы билишет, миллиондогон жылдар бою, миллиарддаган адамдын денесинде адашпастан өз ишин аткарышууда.

Албетте, бир ушул система дагы асмандарды, жерди жана ал экөөсү арасындагыларды жараткан Улуу Аллахтын чеберчилигин көз алдыбызга тарткан бир жаратылуу керемети.

17- БАЯНКЫЧКЫЛТЕК ТАШЫГАН КЕРЕМЕТТҮҮ МОЛЕКУЛА: ГЕМОГЛОБИН

Дем алуунун негизги максаты – бул дене клеткаларындагы көмүр кычкыл газынын сыртка чыгарылышы жана анын ордуна кычкылтек алынышы. Бул процесстер дене кыртыштарынан абдан алыс жерде, өпкөдө ишке ашат. Демек өпкөдөн денеге кирген кычкылтектин кандайдыр бир жол менен кыртыштарга ташылышы жана кыртыштарда пайда болгон көмүр кычкыл газынын да ошол сыяктуу өпкөгө жеткирилиши керек. Бул ташуу жумушу кандайча ишке ашырылат?

Кычкылтек жана көмүр кычкыл газынын адамдын денесиндеги чарчоону билбеген ташуучулары – бул кан суюктугундагы эритроциттер. Өпкөдө аба менен жолуккан эритроциттер клеткалардан алып келген таштанды болгон көмүр кычкыл газын көбүкчөлөрдүн ичине таштап, көбүкчөлөрдүн ичиндеги кычкылтекти сиңирип алышат. Бул процесс абдан өзгөчө бир кабыкча боюнча ишке ашат. Бул кабыкчанын бир тарабы көбүкчө -альвеол- ичиндеги кычкылтектүү абадан турса, экинчи тарапта болсо ичинен бир гана жалгыз эритроцит өтө ала турган кеңдиктеги капиллярдуу чыбыкчалар бар. Ушундайча кычкылтек молекуласы эч көйгөйсүз эритроциттер менен байланыш курат.

Кычкылтек молекуласы эритроциттердин ичиндеги гемоглобин аттуу бир молекула тарабынан клеткаларга ташылат. Гемоглобин молекуласы абдан өзгөчө бир жаратылышка ээ. Сырткы көрүнүшү кычкылтек же көмүр кычкыл газын ташууга абдан ылайыктуу, бир чыны койгучка окшош. Өпкөдө кычкылтекке байланган гемоглобин кан айлануусу аркылуу дененин тереңдиктерин көздөй сапарга чыгат. Кычкылтекке муктаж кыртыштарга жеткенде бир керемет ишке ашат. Абдан өзгөчө бир долбоор менен жаратылган гемоглобин молекуласы чөйрөдөн химиялык таасирленет жана кычкылтек экөө арасындагы химиялык байланышы үзүлөт. Гемоглобин мунун натыйжасында жүгүн, т.а. кычкылтекти таштайт. Мына ушул кычкылтек молекуласы ал жердеги клеткаларга жашоо берет.

Гемоглобиндин милдети ал жерде бүтпөйт. Гемоглобин чөйрөдөн алыстатылышы керек болгон көмүр кычкыл газынын өпкөлөргө ташылышында да абдан маанилүү бир рол ойнойт. Бул окуяны кыскача мындай баяндоого болот:

Клетканын дем алышы менен пайда болгон көмүр кычкыл газы клеткалардан кыртыш суюктугуна, кыртыш суюктугунан капиллярларга өтөт. Көмүр кычкыл газынын

бир бөлүгү эритроциттерде гемоглобин менен биригип, карбаминогемоглобин абалында ташылат. Бир бөлүгү болсо карбоангидраз энзиминин таасири натыйжасында суу менен биригип, карбон кислотасын пайда кылат. Андан соң карбон кислотасы бикарбонат жана суутек иондоруна бөлүнөт. Ачыкка чыккан суутек иону гемоглобин тарабынан кармалат. Көмүр кычкыл газы мына ушундайча кыртыш капиллярларынан веналар аркылуу жүрөккө алып келинет. Жүрөктөн болсо өпкөгө ташылат. Өпкөлөрдө ишке ашкан бир топ процесстерден соң көмүр кычкыл газы дем алуу аркылуу сыртка чыгарылат.

Гемоглобиндин түзүлүшүндө маанилүү бир өзгөчөлүк бар. Гемоглобин кычкылтекти ташый ала турган өзгөчөлүккө ээ болгон сыяктуу, ошол эле учурда ташыган кычкылтекти керектүү убакта керектүү жерге таштай алуу өзгөчөлүгүнө да ээ. Муну кыла алышынын сыры кычкылтек жана гемоглобин арасында курулган химиялык байланышта сакталуу. Гемоглобиндин мындай өзгөчөлүгүнүн маанисин толук түшүнө алуу үчүн мындай бир анализ жасоо туура болот:

-Эгер гемоглобин жана кычкылтек арасындагы байланыш бираз алсызыраак болгондо, гемоглобин кычкылтекке байлана албайт эле жана кыртыштарга кычкылтек жеткире алмак эмес. Мындай абал жандык үчүн сөзсүз өлүмгө себеп болмок.

-Тескерисинче болгондо жана гемоглобин менен кычкылтек арасында курулган байланыш бираз күчтүүрөөк болгондо, анда гемоглобин- кычкылтек жубу кыртыштарга жеткенде бири-биринен бөлүнө алмак эмес. Мындай абалда клеткалар кайра эле кычкылтексиз калмак жана жандыктар бир канча мүнөт ичинде өлүшмөк.

Бул абал гемоглобинде атайын бир долбоор бар экендигинин апачык бир далили. Адамдын денесинде кычкылтектин ташылышы үчүн кемчиликсиз бир система жаратылган. Бул система ичиндеги ар бир деталь бизге Улуу Аллахтын илиминин жана күчүнүн чексиздигин көрсөткөн далилдердин бирөөсү гана.

18- БАЯНКЛЕТКАДАГЫ БАЙЛАНЫШ СИСТЕМАСЫ

Бүгүнкү күндөгү байланыш (кабардашуу) системалары эң алдыңкы технологияга ээ электрондук жана механикалык каражаттар колдонулуу менен курулган. Ал эми адам баласы сырларын да али биле элек клетканын ичиндеги байланыш системаларында протеин түзүлүшүндөгү каражаттар бар. Протеиндердин ичинде болсо заманбап каражаттардагы сыяктуу электрондук өткөргүчтөр же жарым-өткөргүчтөр эмес; булардын ордуна көмүртек, суутек, кычкылтек жана азот атомдору бар.

Клеткалар арасында курулган байланыш системасы көп тараптан адамдар колдонгон байланыш системаларына окшошот. Мисалы, клеткалардын кабыкчалары үстүндө аларга жеткен кабарларды кабылдоосун камсыздоочу «антенналар» бар. Бул

антенналардын астында эле клеткага келген кабардын кодун окуган «станциялар» жайгашкан.

Сөз болуп жаткан антенналар калыңдыгы миллиметрдин жүз миңде биринчелик болгон жана клетканы толук орогон клетка кабыкчасында орун алышат. «Тирозин киназ» рецептору деп аталган бул кабылдагыч антенна, дене жана куйрук болуп үч негизги бөлүктөн турат. Антеннанын клетка кабыкчасынын сыртында калган бөлүгүнүн көрүнүшү спутниктик берүүлөрдү топтоодо колдонулган тегерек антеннага окшошот. Ар бир тегерек антеннанын белгилүү бир спутниктин берүүлөрүн алууга ылайыкталган болушу сыяктуу, ар бир гормон молекулалары ташыган кабарлардын тилин түшүнгөн ар башка антенналар бар.

Башка клеткалардан келген кабарлар -гормондор- клетка кабыкчасындагы антенналарга тийет. Бирок ар бир антенна бир гана кабарды кабылдай ала турган негизде долбоорлонгон. Бул абдан өзгөчө бир жаратуу чыгармасы. Натыйжада жөнөтүлгөн кабар жаңылыштык менен башка бир клетканын кыймылын баштатпайт.

Гормон жана антенна бири-бирине ушунчалык ылайыктуу жаратылган; мындай окшоштук дээрлик бүт биология китептеринде кулпу-ачкыч дал келүүчүлүгүнө окшоштурулат. Туура ачкыч гана кулпуну ача алат, т.а. туура клетка гана жөнөтүлгөн кабар менен мамиледе болот, башка клеткалар үчүн бул кабарлардын эч кандай мааниси жок.

Гормон клеткага жеткенден баштап клетканын ичинде таң калыштуу бир система иштеп баштайт. Клеткага келген кабар абдан өзгөчө байланыш системалары тарабынан клетканын ДНКсына жеткирилет жана клетканын бул кабарга ылайык кыймыл-аракет кылышы камсыздалат.

Клетканын антенналарына келген бир кабардын абдан бат клетканын ядросуна жеткирилиши, болгондо да мындай байланыш учурунда өтө жогорку бир технологиянын колдонулушу – абдан улуу бир керемет. Себеби клетка аң-сезимсиз молекулалардан турган жансыз бир зат жана адамдын бүт денеси ушундай клеткалардын жыйындысынан турат. Денебизде ар бири өз ичинде абдан алдыңкы бир байланыш (кабардашуу) системасына ээ болгон 100 триллион клетка бар. Адамдын денесиндеги сансыз өзгөчөлүктөрдүн бирөөсү гана болгон бул маалымат да – адамды жана бүт ааламды жараткан улуу күч-кудурет ээси Улуу Аллахтын илиминин чексиздигин көрсөткөн далилдерден.

19- БАЯНКАБАРЧЫ ГОРМОНДУН КЛЕТКА ИЧИНДЕГИ САПАРЫ

Кандайдыр бир орган бир протеиндин өндүрүлүшүн каалаганда, клеткаларга кабар жөнөтөт. Кабарчы молекула клеткага жеткенде клетка кабыкчасындагы антеннага

байланат. Мындай байлануу учурунда ташыган кабарын антеннага берет. Антенна болсо алган кабарын клетканын ички тарабындагы куйругуна өткөрөт. Мунун натыйжасында башында жалгыз турган антенналар эки-экиден топтошушат. Дене бөлүгүндөгү энзимдердин куйрук бөлүгүнө фосфат кошушу натыйжасында куйрук бөлүгүнүн абалы өзгөрөт. Бул процесс «фосфатташтыруу» деп аталат. Бул процесстердин баары клетканын ичиндеги байланыш модулу катары таанылган протеиндерге бир чакыруу болуп саналат.

Бул системага көптөгөн молекула жана протеин да техникалык колдоо көрсөтөт. Мисалы, GTP аттуу молекулалардын жана кыскача «G» деп аталган протеиндердин да бул баскычта маанилүү таасири болот. Системанын иштеши үчүн көптөгөн факторлордун эң туура убакта ишке киришиши зарыл.

Бир катар татаал процесстердин натыйжасында SH2 аттуу байланыш модулу кыймылга келип, тирозинкиназ антеннасы менен байланыш курат жана кабардын клетка ичиндеги жеткирилиши ушундайча башталат.

Бул жерде алгачкы баскычы жалпысынан баяндалган бул байланыш системасынын клетканын ичинде өзүнөн-өзү пайда болбогондугу, клетканы түзгөн аң-сезимсиз атомдордун болсо мындай бир системага акылы жетпеши айдан ачык бир чындык. Мындай кемчиликсиз системаны жоктон жараткан – бул Улуу Аллах. Аллах – бүт жандыктарга жасашы керек болгондорду илхам кылуучу жана аларды дайыма көзөмөлдөп туруучу.

20- БАЯНКЛЕТКАДАГЫ БАЙЛАНЫШТЫН КӨЗӨМӨЛДӨНҮШҮ

Бири-биринен айырмалуу гормондор тиешелүү органдарды түзгөн клеткаларга өзүнө жараша таасир беришет. Мисалы, кандагы шекердин көлөмүн жөнгө салуучу инсулин жана глюкагон гормондору ташыган кабарлар толугу менен бири-бирине карама-каршы түзүлүштө; ошондуктан сөз болуп жаткан эки гормон клетканын ичинде ар башка байланыш каналдарын кыймылдатат. Байланыш станциясы сыяктуу иштеген кабылдагычтар кабарды бере турган кабардашуу модульдарын эч жаңылбастан табышат.

Бул баскычта жасалган туура эмес бир тандоо байланыш тизмегинин бузулушуна жана балким өлүм менен натыйжаланышы мүмкүн болгон олуттуу ооруларга жол ачат. Бирок клетка кабыкчасындагы кабылдагычтардын абдан күчтүү бир адистей кыймылдашы байланыштын кемчиликсиз уланышын камсыздайт.

Бул абал бизге жооптолушу керек болгон маанилүү суроолорду жаратат: башка башка гормондор тарабынан стимулданган кабылдагычтар биригиши керек болгон кабарчы протеиндерди эч жаңылбастан кантип тандашууда? Кабылдагычтар өлүмчүл бир катага жол ачпастан, өз милдеттерин кантип жаңылбай улантышууда?

Акыркы илимий изилдөөлөр жогорудагы суроолордун жообун табышыбызга жардамчы болду; клеткадагы кемчиликсиз байланыш – бул клетканын Улуу Аллахтын кереметтүү жаратуусунун көрүнүшү болгон пландуу жаратышынын бир натыйжасы.

Модульдар арасында эң көп маалыматыбыз бар болгон SH2ни карап көрөлү. SH2нин бир бөлүгү – бул кабылдагычтын куйругуна абдан бекем жабышкан бөлүгү. SH2 бөлүкчөлөрүнүн түпкү мүнөзүн түзгөн болсо бул экинчи бөлүгү, бул бөлүк шифр окуучу бир каражат сыяктуу иштейт.

Рецептордун (кабылдагычтын) куйругундагы амино-кислоталардын саны жана тизилиши болсо клеткага алып келинген кабардын шифр кодун түзөт; мына ушул шифрди бир гана SH2 модулунун бир түрү жандырмагын таап, биригүүнү ишке ашырат. Бул модульдун экинчи бөлүгү болсо башка бир модуль менен биригет. Ушундайча клетканын кабыкчасы менен ядросу арасында өзгөчө бир байланыш сызыгы (линиясы) курулган болот. Кыскача айтканда, мындай татаал процесстердин баары кокустук эмес, белгилүү бир код системасына ылайык жөнгө салынууда. Мындай кереметтүү система – бүт нерсенин өлчөө менен жана бири-бирине ылайыктуу абалда жаратылгандыгынын дагы бир көрсөткүчү.

Эми бул төп келүүчүлүктүн бир мисалын көрүү үчүн адамдын колу кесилгенде, кесилген аймакты оңдоо үчүн ишке киришкен байланыш механизмин анализ кылалы. Мындай учурда PDGF деп аталган кабарчы молекула жаракат алган тамырдагы түз булчуң клетканын кабылдагычы менен биригет. Жабышуу натыйжасында кабылдагычтын клетка ичиндеги колу Grb2 аттуу протеинди өзүнө тартат. Grb2 протеини SH2 жана SH3 бөлүкчөлөрүнүн биригишинен түзүлгөн бир кабарчы жана протеиндер арасында байланыш куруу үчүн бир адаптер милдетин аткарат. Андан соң Grb2 цитоплазмада (клетканын ичиндеги суюктукта) жайгашкан жана энзим камтыган «sos» аттуу бир кабарчы протеинди өзүнө тартат. Sos болсо «ras» деп аталган башка бир протеинди кыймылдатат. Ушундайча бир катар процесстин аягында клетканын ядросундагы тиешелүү гендерге буйрук жеткирилет жана клеткалар жаракаттын айыгышы үчүн бөлүнүп башташат.

Илимпоздор изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына таянып, мындай жоромолду жасашууда: клеткадагы байланыш системасында ортого чыгышы мүмкүн болгон бузулуу, жаңылыштыктарды автоматтык түрдө оңдоочу механизмдер бар.15 Мындай улуу жаратылуу өрнөгү болгон бул механизмдер бүгүнкү күндүн алдыңкы технологияларында колдонулган көзөмөл системаларынан бир топ алдыда. Ушундайча гормондор, рецепторлор, адаптерлер, протеиндер жана микроскопиялык бөлүкчөлөр адам жаралгандан бери кемчиликсиз бир төп келүүчүлүк жана кызматташтык ичинде жумуштарын аткарып келишүүдө.

Мынчалык комплекстүү бир системаны кокустан пайда болду деп айтуу эч мүмкүн эмес. Бул системадагы комплекстүүлүк – эл аралык бир фирманын дүйнөнүн төрт бурчундагы филиалдары, өндүрүш жана сатуу борборлору менен курган байланыш тармагынан бир топ эсе алдыда жана кереметтүү. Эң биринчиден, бул бири-бирине

жабышкан бөлүктөрдөн турган кереметтүү тармакта милдет аркалагандар – бул аң-сезимдүү, билимдүү, илимдүү, мээлүү адамдар эмес, көз менен көрүнбөгөндөй кичинекей молекулалар. Молекулалардын өз башынча бири-бири менен мындай бир система курушу, албетте, эч мүмкүн эмес. Бул системаны жоктон жараткан жана системанын бардык бөлүктөрүнө жасай турган жумуштарын илхам кылган – бул ааламдардын Рабби болгон Улуу Аллах.

21- БАЯНКЛЕТКАДАГЫ ПРОТЕИНДЕРДИН ЖОЛУ

Ар бир клетка миңдеген түрдөгү, бир миллиарддан ашуун протеин молекуласын камтыйт.16 Болгондо да ар бир адамда бул протеиндер тынымсыз жаңыланып турат; бир айда бир жолу аларды түзгөн амино-кислоталарга бөлүштүрүлүп, клетканын муктаждыктарына жараша кайрадан өндүрүлөт.17 «Протеин синтези» деп аталган бир катар татаал процесстер натыйжасында болсо кайрадан бириктирилишет. Бул жерде биз токтолуучу кубулуш – бул жаңы өндүрүлгөн протеиндердин клетка ичинде орун которушу менен бирге пайда болгон протеин агымдары. Себеби бул протеиндердин бир бөлүгү ошол замат клетканын ичинде колдонулуп баштала тургандыктан, колдонула турган жерге ташылышы керек. Бир бөлүгү болсо келечекте колдонулуу үчүн клетканын протеин кампасына жөнөтүлөт. Клетканын сыртында колдонула турган протеиндер болсо клетка кабыкчасынын көзөмөлүндө клетканын сыртына чыгарылышат. Бул учурда сырттан кайра эле клетка кабыкчасынын көзөмөлүндө клетканын ичине кирген протеиндер да протеиндердин жыш агымынын бир бөлүгүн түзүшөт. Кыскача айтканда, клетканын микро көлөмдөрүнүн ичинде абдан чоң бир кыймылдуулук бар.

Мындай кыймылдуулук болсо кереметтүү уюуштурулган бир система менен башкарылат. Белгилүү болгондой, почта код системасы каттардын туура даректерге, эң аз жаңылыштык менен, эң кыска мөөнөттө жетишин камсыздоо жана натыйжада адамдар арасындагы байланыштын сапатын жакшыртуу максатында колдонулат. Эң кызыктуусу жүргүзүлгөн изилдөөлөр клетканын ичинде да ушуга окшош бир механизмдин бар экенин аныктаган.18

Протеиндер жүздөгөн амино-кислотанын белгилүү бир планга ылайык биригиши менен синтезделет. 10-30 арасындагы амино-кислотадан турган тизмек абалындагы атайын бир бөлүм болсо протеиндин почта кодун түзөт. Б.а. конверттин үстүнө жазылган почта коду сандардан турса, протеиндеги почта коду болсо ар түрдүү амино-кислоталардан турат. Бул код протеиндин учтарынын биринен же ичинен орун алат. Мына ушунун урматында синтезделген ар бир жаңы протеин клетканын ичинде каерге жана кандайча бараары тууралуу көрсөтмөлөрдү алат. Эми протеиндин клетканын ичиндеги сапарын тереңирээк карайлы.

Жаңы синтезделген бир протеиндин, мисалы эндоплазмалык ретикулум бөлүмүнө кандайча бараарын караганыбызда төмөнкүлөрдү көрөбүз: эң алгач почта коду SRP деп аталган молекулярдык бир бөлүкчө тарабынан окулат. SRP почтанын кодун окуу жана протеиндин өтүү каналын табышына жардамчы болуу үчүн эң ылайыктуу долбоорго ээ дагы бир протеин. Протеиндеги атайын кодду чечмелейт жана аны менен биригип бир гид сыяктуу жол көрсөтөт. SRP бөлүкчөсү менен протеин андан соң эндоплазмалык ретикулум кабыкчасынын бетиндеги алар үчүн атайын рецептор жана протеин өтүү каналына жабышышат. Рецептордун ушундайча стимулданышы менен бирге кабыкчадагы канал ачылат. Бул баскычта SRP бөлүкчөсү рецептордон бөлүнөт. Бул процесстердин баары кемчиликсиз бир убакыт тактыгы жана төп келүүчүлүк менен ишке ашырылат.

Бул баскычта протеин бир көйгөйгө кабылат. Белгилүү болгондой, протеиндер амино-кислоталар тизмегинин оролуп бүктөлүү менен үч өлчөмдүү абалга келишинен пайда болушат. Мындай абалда протеин молекулалары эндоплазмалык ретикулумдун кабыкчасынан өтө албайт. Себеби эндоплазмалык ретикулумдун кабыкчасынын үстүндөгү өтүү каналынын кеңдиги 0.000000002 метр. Бирок бул жерде алдын ала долбоорлонгон кемчиликсиз бир план бар экендигин көрөбүз, себеби бул көйгөй өндүрүш баскычында эле чечилген. Протеинди өндүргөн рибосома протеинди оролбогон (жыйрылбаган) бир тизмек абалында өндүрөт. Тизмектелген түзүлүш протеиндин каналдан өтө алышын камсыздайт. Каналдан өтүү процесси бүткөн соң эмки өтүүгө чейин канал жабылат. Протеин эндоплазмалык ретикулум бөлүмүнө кирген соң код бөлүмүнүн милдети аяктайт. Ошондуктан, бул бөлүм белгилүү энзимдер тарабынан протеинден бөлүнөт; андан соң протеин жыйрылып үч өлчөмдүү акыркы абалына келет. Бул абал кат ээсине жеткен соң бетинде почта коду жазылуу конверттин милдетинин бүткөнүнө окшошот. Бул энзимдердин протеиндин үстүндөгү жүздөгөн, кээде миңдеген амино-кислотадан кайсынысын үзүп алышын билиши жана ушундай аң-сезим менен аракет кылышы өзүнчө эле бир керемет. Себеби кодду түзгөн амино-кислоталардын ордуна протеинди түзгөн амино-кислоталардын кандайдыр бирөөсү үзүп алынган болсо, протеин ишке жарабай турган абалга келмек. Байкалгандай, ар бир баскычта, көптөгөн бөлүкчө кемчиликсиз бир төп келүүчүлүк менен кыймылдашууда. Мындай төп келүүчүлүктүн себебинин кичинекей молекулалардагы аң-сезим жана жоопкерчилик сезими эмес экендиги болсо ачык бир чындык.

Протеин, SRP бөлүкчөсү, протеин почта коду, рибосома, рецептор, протеин өтүүчү канал, энзимдер, органикалык кабыкча жана бул жерде сөз кылынбаган башка татаал процесстер учурунда кызмат кылган молекулалардын бардыгы арасындагы кызматташтыктын кемчиликсиз экендиги чындык. Бир эле клеткадагы почта коду системасы да – Аллахтын кереметтүү жаратуусунун бир далили. Адамзат акыркы 40 жылдан бери колдонуп келаткан бир система миллиарддаган адамдын денесинин тереңдиктериндеги триллиондогон клетканын ичинде иштеп келүүдө.

Албетте, атомдордон молекулаларга, протеиндерден клеткаларга чейин бүт нерсени чексиз боорукер жана мээримдүү Аллах жараткан жана кызматыбызга берген. Демек, биздин милдетибиз – бул Раббибиздин чексиз берешендиктерин терең ойлонуу менен Ага абдан көп шүгүр кылуу.

22- БАЯННЕРВ КЛЕТКАЛАРЫНДАГЫ ХИМИЯЛЫК БАЙЛАНЫШ

Нейрондор (нерв клеткалары) арасындагы байланыш электрдик импульстар аркылуу да, химиялык байланыш аркылуу да ишке ашат. Бул эки байланыш түрү да маанилүү кереметтерди камтыйт. Бул бөлүмдө химиялык байланыштын кээ бир кереметтүү өзгөчөлүктөрүнө токтолобуз.

Химиялык байланыштын бел сөөгүн «нейротрансмиттер» деп аталган кабарчы молекулалар түзөт. Булар нерв клеткасынын денесинде өндүрүлөт, аксон (нейрондордун узун колдору) боюнча ташылат жана аксон терминалдарында кичинекей көбүкчөлөр ичинде кампаланышат. Ар бир көбүкчөнүн ичинде орточо 5 миң кабарчы молекула болот.19 Акыркы убактардагы изилдөөлөр ар бир нейрондун ар башка химиялык кабарчыларды өндүрөөрүн көрсөтүүдө.20 Б.а. ар бир нейрон – байланыш курууда колдоно турган кабарчыларды өндүргөн бир химия заводу сыяктуу.

Сигналды (импульсту) жеткирген нейронду «жөнөтүүчү», алган нейронду болсо «кабылдоочу» нейрон деп атоого болот. Жөнөтүүчү менен кабылдоочу нейрон синапс чекиттеринде жолугушат. Араларындагы аралык орточо 0.00003 миллиметр.21 Электрдик импульс нерв клеткасынын аксондорунун аягында орун алган кабарчыларды кыймылдатат. Химиялык кабарчыларга толо көбүкчөлөр клетканын кабыкчасы менен аралашат жана ичиндеги молекулаларды нерв клеткаларынын арасындагы синапс деп аталган боштукка ташташат. Кабарчылар ташыган кабарды кабылдоочу нейрондун кабыкчасынын үстүндө орун алган рецепторлорго жеткиришет. Ар бир кабарчы молекула байланыш курган атайын бир рецептор бар. Химиялык кабарчы молекулалар ташыган кабар ушундайча кабылдоочу нейрон тарабынан кабылданган болот.

Бул нерсени да айта кетүү керек, бул жерде абдан кыскача баяндалган байланыштын ар бир баскычы толук түшүнүлө албаган процесстерге толо. Илимпоздор да бул кабардашууга байланыштуу маалыматтарынын бозомук (толук эмес) экендигин айтышууда.22

Мисалы, көбүкчөлөрдүн клетка кабыкчасы менен аралашышын карап көрөлү. Аралашуу деген сөз менен баяндалган кубулуш чындыгында абдан өзгөчө бир биригүүнү сүрөттөөдө. Бул абдан өнүккөн бир компьютерге кошумча бир бөлүкчө кошууга окшошот.

Бул жерде акылыбызга төмөнкүлөр келет: бир компьютерге бир бөлүкчөнүн кошулушу татаал инженериялык эсептерге таянат. Антпесе, бөлүкчөнүн компьютерге туура келбеши, ал тургай компьютерди бузушу толук мүмкүн. Албетте, бир компьютерден бир топ комплекстүү болгон клетка кабыкчасына туура келе турган бир аралашуу кокустук эмес. Албетте, мындай татаал процесстердин баары дайыма аларды жараткан жана жөнгө салган Улуу Аллахтын көзөмөлүндө ишке ашууда.

23- БАЯНТАЛАНТТУУ КАБАРЧЫ АЗОТ-ОКСИД (NO)

Азот-оксидге (NO) азоттун кычкылданышынан пайда болгон, түссүз, уулуу бир газ катары аныктама берилет. Бир азот менен бир кычкылтек атомунун биригишинен пайда болгон бир молекула. Бул молекуланын адамдын жашоосу үчүн абдан маанилүү бир өзгөчөлүгү бар. Акыркы жыйырма жылда жасалган көлөмдүү изилдөөлөр бул молекуланын клеткалар арасындагы байланышта (кабардашууда) негизги бир милдетти аткараарын аныктады. Бул чөйрөдөгү илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары азот-оксиддин адамдын денесинде табигый жол менен өндүрүлгөн бир гормон, т.а. химиялык бир кабарчы экендигин көрсөттү. Ал нерв, айлануу, коргонуу, дем алуу жана көбөйүү системаларынын абдан маанилүү функцияларынын жөнгө салынышында стратегиялык бир рол аткарууда.

NO абдан маанилүү бир милдет аркалаган жерлердин бири – бул тамырларыбыз. Тамырларыбыздын ички кеңдиги туруктуу эмес; б.а. тамырларыбыз биздин кыймыл-аракеттерибизге жараша кысылат же кеңейет, ушундайча кан басымынын жөнгө салынышында маанилүү рол ойношот. Мына ушундай кемчиликсиз система урматында дененин чөйрөлөргө жараша өзгөргөн муктаждыктары автоматтык түрдө камсыздалат. Кан тамырлардын спорт менен алектенип жатканда кеңейип, өскөн кан муктаждыгын канааттандырышы же жаракат алган соң кысылып, каноону азайтышы – ушул кемчиликсиз системанын бир натыйжасы.

Тамырлар кандайча болуп, качан кеңейиши же качан кысылышы керек экенин түшүнүшөт? Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары химиялык бир кабарчынын бар экенин аныктады. Бул кабарчы азот-оксид молекуласы эле. Тамырларга кеңейүү «буйругун берген» - мына ушул эки атомдуу молекула эле.

Эми тамырларыбыздын тереңдиктеринде азот-оксид өндүргөн кереметтүү заводдорду жакыныраактан анализ кылалы.

Электрондук микроскоп менен изилденгенде, тамырлардын кичинекей болгонуна карабастан абдан кереметтүү түзүлүштөр экени көрүнөт. Мисалы, бир катарга тизилген 10 капилляр адамдын чачынын бир кылындай гана калыңдыкта болот. Мына ушунчалык тар болгон тамырларыбыздын ички дубалдары түз булчуң клеткаларынан турган бир кыртыш менен капталган; тамырлардын кеңейип кысылышы да ушул кыртыштын иш-

аракеттери натыйжасында ишке ашууда. Булчуң клеткалары кан менен түздөн-түз байланыш курушпайт; себеби эндотелий клеткалары булчуң клеткалары менен кандын арасында кабыкчага окшош бир катмар пайда кылат.

Эндотелий клеткалары бир чынжырдын бөлүктөрү сыяктуу катарга тизилишип, эндотелий катмарын пайда кылышат. 1980-жылдарга чейин бул клеткалардын кандын тамырдагы агымын жеңилдетүүдөн башка маанилүү бир кызматы жок деп айтылып келген. Бирок чындыктын такыр башкача экендиги кийинчерээк ачыкка чыкты. Эндотелий клеткаларынын милдеттеринин биринин NO кабарчысын өндүрүү экендиги аныкталды.

Эндотелий клеткасын бир завод сыяктуу элестетсек, анда азот-оксид молекулаларын бул завод өндүргөн продукттарга окшоштурууга болот. Ар бир азот-оксид молекуласынын өмүрү орточо 10 секунда. Азот-оксид абдан кыска бул мөөнөт ичинде ташыган кабарын керектүү бөлүктөргө жеткирүү үчүн жаратылышкан жана муну эч кемчиликсиз ишке ашырышат. Эндотелий клеткаларынан чыгарылган кабарчы NO молекулалары абдан бат бүт тарапка жайылып башташат. Түз булчуң клеткаларын көздөй багытталгандар бул клеткалардын кабыкчаларынан ичине киришет. Тандап мамиле кылган түз булчуң клеткасынын кабыкчасы NOну тааныйт жана клетканын ичине киришине уруксат берет. Түз булчуң клеткаларынын ичине кирген NO молекулалары убакыт жоготпостон, ылдам GC аттуу атайын бир энзимди табат жана биз үчүн абдан маанилүү болгон кабарды беришет. Натыйжада клетканын ичинде бир катар татаал химиялык реакциялар башталат.

Кабарчы деп аталган бул протеиндер – бул 0.000000001 метр чоңдуктагы эки атомдуу молекулалар. Мына ушул кичинекей молекулалар бир почточу сыяктуу иштеп, ташыган кабардын ээси болгон GC энзимин табышат. Эске салып кетели, клетканын ичинде ар башка милдеттери бар миңдеген ар түрдүү энзим бар. Ошого карабастан, кабар дайыма туура дарекке, т.а. туура энзимге жеткирилет. Мындан тышкары, кабарчы молекулалардын убактысы абдан аз, бирок эч кечигишпейт. Кабар ташыган молекулалардын компас же ошого окшош багыт аныктоочу каражаттары жок, бирок эч жолунан адашышпайт.

Азот-оксид молекуласынын бул процесс учурундагы ылдамдыгы учурдагы интернет технологиясы аркылуу же «e-mail» аркылуу байланыш курууну эске салат. Чындап эле, NO электрондук почта системасы сыяктуу кыймылдоодо, чоң бир ылдамдык менен көп сандагы кабарды тиешелүү жерлерине жеткирүүдө.

NO алып келген кабарларды алган түз булчуң клеткаларындагы GC энзими жумушун баштайт. Бул жумушчу энзимдин милдети – энергия ташуучу молекулалар болгон GTPны cGMPга айландыруу. Бул баскычтардын арасында ишке ашкан дагы көптөгөн реакцияны али илим түшүнө элек.

Мүмкүн болушунча жеңилдетип баяндасак, энзимдердин иш-аракеттери натыйжасында булчуң клеткалары ичиндеги кальций концентрациясы азайат, бул жипчелердин айрылышына жана булчуң клеткаларынын күчсүздөнүшүнө алып келет.

Натыйжада тамырлар кеңейет. Кыскача айтканда, тамырларыбыздагы басымдын жөнгө салынышында азот-оксид молекуласы ташыган кабарлардын абдан маанилүү ролу бар. Унутпоо керек, бул жерде баяндалгандар – денебиздин ичинде дайыма уланган миллиарддаган татаал байланыш процесстеринин бирөөсү гана.

Бул жерде кээ бир суроолор туулат. Кандайча болуп акылсыз жана аң-сезимсиз NO молекулалары дүйнөгө атагы чыккан профессорлор да алигиче түшүнө албаган системаларды толугу менен билишет? Кыймылдашы керек болгон убакты же токтошу керек болгон убакты секундасына чейин кантип билишет же болбосо, өндүрүлөөр замат, бир жерден буйрук алган сыяктуу, болгон ылдамдыгы менен кабарларды туура даректерге өз убагында эч катасыз жеткире алышат?

Албетте, азот-оксид бүт бул кереметтүү иштерди өз башынча жасай албайт. Бул молекула – табияттагы башка миллиондогон молекула сыяктуу кемчиликсиз бир жаратылуу чыгармасы жана ой жүгүрткөн адамдар үчүн Аллахтын чексиз күч-кудурет жана илиминин далилдеринин бирөөсү гана.

24- БАЯНЭНДОТЕЛИЙ КЛЕТКАСЫ = NO (АЗОТ-ОКСИД) ӨНДҮРҮҮ БОРБОРУ

Аты L-Аргинин болгон бир амино-кислота азот-оксид синтез энзими, никотинамид аденин динуклеотид фосфат (НАДФ), кальмодулин, кычкылтек, флавин мононуклеотид, флавин аденин динуклеотид, тетрагидробиоптерин...

Бул сөздөрдүн көпчүлүгүн өмүрүңүздө биринчи жолу угуп жаткан болушуңуз мүмкүн. Бирок эндотелий клеткасы бул микроскопиялык заттарды абдан жакшы тааныйт жана буларды азот-оксид молекуласын өндүрүү үчүн колдонот.

Учурдун алдыңкы технологиясын колдонуу менен химиялык продукттар өндүргөн заводдор эндотелий клеткаларынан триллион көбөйтүү триллион эсе чоң. Ошого карабастан, эндотелий аттуу микроскопиялык заводдун технологиясы биз көргөн дөө өнөр-жай заводдорунун технологиясынан бир топ жогору.

Эндотелий клеткасы NO молекуласын өндүрүү үчүн кайсы химиялык заттан канчалык көлөмдө колдонуу керек экенин абдан жакшы билет. Туура эмес же жаңылыш бир өндүрүш эч болбойт. Мисалы, азот-оксид (NO) ордуна күлдүрүүчү газ катары таанылган гемиоксид (N2O) өндүрбөйт. Өндүрүштө абдан так тең салмактуулуктар бар. Бул жерде дагы эске салып кетели: эндотелий клеткалары керектүү деңгээлден аз кабарчы өндүргөндө, тамырларыбыз кысылып, кан басымыбыз бат эле көтөрүлүп кетмек, бул болсо инфарктка алып келмек. Ашыкча өндүрүш жасаса, тамырларыбыз ашыкча кеңейип, кан басымыбыз түшмөк, бул болсо шок абалына себеп болмок. Бирок эндотелий клеткалары өлүмүбүзгө себеп болушу мүмкүн болгон мындай жаңылыштыкты эч качан жасашпайт.

Сөз болуп жаткан клеткалар жашообуз боюнча дайыма өндүрүш жасоого даяр абалда турушат; муктаждык болоор замат ишке киришип, өндүрүш жасашат. Бул кичинекей завод абдан өндүрүмдүү иштейт. Өндүргөн NO кабарчы молекулаларын кампалабайт. Натыйжада кампалоо себеп боло турган көйгөйлөр да жок.

Тамырларыбыздын тереңдиктериндеги бул кереметтүү заводдордун кааланбаган, зыяндуу кошумча продукттары жок. Глобалдык ысынуу, кислота жамгырлары, айлана-чөйрөнү булгоо сыяктуу учурдагы дүйнөлүк масштабдагы актуалдуу көптөгөн маселелерге химиялык акыр-чикирлер себеп болуп жатканын эске алсак, эндотелий клеткаларынын ийгилигин жакшыраак түшүнөбүз. Себеби азот-оксид молекулалары 10 секунда сыяктуу кыска мөөнөт ичинде милдеттерин аткарышып, «талкаланышат». Бирок, денеде топтолуп зыяндуу кошумча натыйжаларга себеп болушпайт. Булардын баары эндотелий клеткаларынын химиялык продукт өндүрүүдө мүмкүн болгон эң идеалдуу ыкманы колдонгонун көрсөтөт.

Бир заводдогу системалар долбоорлоочуларынын канчалык алдыңкы бир технологияга ээ экенин көрсөткөн сыяктуу, эндотелий аттуу завод да улуу жаратуу күчүнө ээ болгон Раббибиздин чексиз акылын жана илимин көрсөтүүдө; бул микроскопиялык завод денебиздеги башка 100 триллион завод сыяктуу Аллахтын илхамы менен кыймылдоодо.

25- БАЯНДЕНЕБИЗДЕГИ МУНАЙЗАТ (НЕФТЬ) ТАЗАЛООЧУ (ИШТЕТҮҮЧҮ) БОРБОР

Отурган ордубуздан туруп басышыбыз, тик турушубуз, дем алышыбыз, көздөрүбүздү ачып жумушубуз, кыскача айтканда, өмүр сүрүшүбүз үчүн керектүү энергия клеткаларыбыздагы митохондрия деп аталган станцияларда жасалат. Бул жердеги станцияга окшоштуруунун канчалык туура экенин митохондрияда ишке ашкан процесстерди анализ кылганыбызда апачык көрөбүз.

Клеткада энергия өндүрүлүшүндө башкы ролду кычкылтек ойнойт. Кычкылтектин көптөгөн жардамчылары бар. Энергия өндүрүшүнүн дээрлик ар бир баскычында көптөгөн ар башка энзимдер милдет аркалашат. Бир баскычта милдетин аткарган энзимдер абдан аң-сезимдүү кыймылдашып, кийинки баскычта ордуларын башкаларга өткөрүшөт. Ушундайча ондогон ортоңку процесстер, бул процесстерде кызмат кылган жүздөгөн ар түрдүү энзим жана сансыз химиялык реакциялар урматында тамак-аштарда кампаланган энергия клетканын ишине жарай турган абалга алып келинет. Мындай энзим алмашуулары убагында эч башаламандык чыкпайт, катарында эч жаңылыштык болбойт; бүт жумушчулар абдан тартиптүү бир топ абалында иштерин жасашат.

Мындай абалдагы, миллиметрдин 100дө биринчелик болгон клеткаларыбыздын ичиндеги «энергия станциясын» бир мунайзат иштетүүчү борбордон же болбосо бир ГЭСтен (гидроэлектрдик станциядан) да комплекстүү (татаал) деп айтууга болот.

Бир мунайзат иштетүүчү борбор мунайзаттын эмне экенин билген, чийки мунайзатты лаборатория шарттарында анализ кылган жана бул техникалык маалыматтардын негизинде иш-аракет жасаган инженерлер тарабынан курулат жана иштетилет. Мунайзаттын эмне экенин билбеген адамдар бир мунайзат иштетүүчү борбор кура алат деп гипотеза жасоо да эч мүмкүн эмес.

Мунайзат өндүрүшүнөн бир топ комплекстүү болгон жандуунун клеткасындагы энергия өндүрүшү да ушул сыяктуу маалымат талап кылат. Бирок бир клетканын үйрөнүү мүмкүнчүлүгү (мээси) бар деп айтуу албетте күлкүмүштүү болмокчу. Анда, мындай өндүрүштү клетка кантип ишке ашырууда?

Албетте, эч бир клетка биологиялык бир функцияны, сөздүн чыныгы маанисинде, «үйрөнүү» мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Эгер клетка, эволюционисттер жактагандай, алгач пайда болгондо мындай бир функцияны аткара албаса, кийинчерээк муну кыла алуу талантына ээ болушу мүмкүн эмес. Себеби энергия өндүрүүдө башка ролду аткарган «кычкылтектин» клеткага кыйратуучу таасири бар. Клетка мындай өзгөчөлүктөрү менен бирге пайда болушу керек. Бул абал клеткалардын кокустан пайда болушу эч мүмкүн эмес экендигинин, булардын баарын Улуу Аллахтын бир көз ирмемде жараткандыгынын далилдеринин бирөөсү гана.

Аллах миллиметрдин 100дө биринчелик кичинекей бир жерге батырган бул чеберчилиги аркылуу бизге күч-кудуретинин чексиздигин көрсөтүүдө.

26- БАЯНБООРГО ЖАЙГАШТЫРЫЛГАН «БАКТЕРИЯ

ЖОК КЫЛУУ МАШИНАЛАРЫ»

Жеген тамактарыбыз менен, дем алган абабыз менен жана башка көптөгөн жол аркылуу денебизге көзгө көрүнбөгөн көптөгөн бактериялар кирет. Дененин иштөө системасын бузбашы үчүн булардын зыяндууларын таасирсиз кылуу керек болот. Бул үчүн денебизде милдети бир гана «коргонуу» болгон кемчиликсиз бир эске тутуу менен камсыз кылынган клеткалар бар. Бирок денебиздин кемчиликсиз жаратылышынын бир мисалы катары коргонуу үчүн ар кандай кошумча чаралар да алынган. Булардын бири айлануу системасы ичинде стратегиялык бир аялдама деп атоого болгон боордо жайгашкан коргонуу клеткалары.

Купфер клеткалары деп аталган бул клеткалар кан айлануу аркылуу ичегилерден боорго келген кандагы зыяндуу бактерияларды 0,01 секундадан кыскараак убакыт

ичинде сиңирип, таасирсиз кылат. Бул аң-сезимсиз клеткалар денеге кирген көп сандагы бактерия арасынан адамга пайдалуулары менен зыяндууларын кантип бири-биринен айырмалоодо? Кандай өзгөчөлүктөргө ээ экенин жана денеде аткара турган кызматтарын билбестен туруп, кандайча кээ бир бактерияларды жок кылышып, башкаларына эч зыян беришпейт? Бул суроолордун жообу – албетте, Улуу Аллахтын теңдешсиз жаратуу чеберчилиги.

Бул жерде көңүл бурчу дагы бир жагдай бар; бул Купфер клеткаларынын боорго жайгашкан болушу. Эмне үчүн боорго жайгашкан, дененин башка бир органына эмес? Бул жерде дагы бир жолу денебиздеги кемчиликсиз жаратылуу далилдеринин бирөөсүнө кезигебиз. Эгер бул клеткалар боорго эмес, башка бир органга жайгаштырылган болгондо, кандын бактериялардан тазаланышында мынчалык таасирдүү боло алышмак эмес. Себеби бактерия толо кан боордо тазаланган соң дененин баарын кыдыруу үчүн жалпы кан айланууга аралашууда. Ошондуктан, жалпы кан айлануусуна жете алган бактериялардын саны 1%дан аз.

Сиздин оюңузча, кайсы сокур кокустук денеде дагы бир топ орган турганда, Купфер клеткаларынын боорго жайгашышын камсыздай алат? Албетте, жайгаша турган эң ылайыктуу орунду аныктаган жана ал жерге барып жайгашкан – бул клеткалардын өзү эмес. Дээрлик 100 триллион клеткадан турган дененин ичинде кандайдыр бир клетканын өзү үчүн атайын бир орун аныктап, ал жерге жайгашуучу бир аң-сезимге ээ болушу мүмкүн эмес. Мындай кемчиликсиз бир жайгашуу үчүн эч кемчиликсиз бир пландоого муктаждык бар. Бул системадагы ар бир детальды Улуу Аллах көз ирмем сайын кемчиликсиз кылып жаратууда.

27- БАЯНДНКНЫН КӨЧҮРҮЛҮШҮ (КОПИЯЛАНЫШЫ)

Белгилүү болгондой, клеткалар бөлүнүп көбөйүшөт. Мындай бөлүнүү процесси натыйжасында ДНК эмне болот? Клеткада бир гана ДНК тизмеги (чынжыры) бар. Бирок жаңы пайда болгон клетка да бир ДНКга муктаж болот. Муну чечүү үчүн ар бир баскычы өзүнчө бир керемет болгон бир катар процесс ишке ашат. Мунун натыйжасында клетканын бөлүнүшүнөн кыска бир убакыт мурдараак ДНКнын бир копиясы жасалат жана бул жаңы клеткага берилет.

ДНК өзүн көбөйтүү үчүн алгач эки бөлүккө бөлүнөт. Бул кубулуш абдан кызыктуу абалда ишке ашат. Түзүлүшү спираль формасындагы бир тепкичке окшогон ДНК молекуласы ортосунан, ДНК геликаз аттуу бир энзим тарабынан, сыдырма сыяктуу экиге бөлүнөт. ДНКнын колдору бири-биринен бөлүнүп жатканда, кайрадан чырмалышып калышына тоскоол болуу үчүн геликс стабилдештирүүчү энзимдери эки колду тең кыймылдатпай кармашат.

Эми ДНК эки жарым бөлүккө бөлүнгөн болот. Эки бөлүктүн тең кем болгон жарымдары (жуптары) чөйрөдөгү даяр заттардын эсебинен толукталат. Кем тараптарды

толуктоо иши болсо ДНК полимераз тарабынан аткарылат. Ушундайча эки жаңы ДНК молекуласы өндүрүлгөн болот.

Жупташуу учурунда пайда болгон жаңы ДНК молекулалары текшерүүчү энзимдер тарабынан көп жолу текшерилет. Кетирилген бир ката болсо -мындай каталар абдан маанилүү болушу мүмкүн- ылдам аныкталат жана оңдолот. Туура эмес шифр жулуп алынат жана ордуна туурасы алып келинип, уланат. Бул процесстердин баары баш айлантуучу бир ылдамдык менен жасалат; бир мүнөттө 3000 баскычтуу нуклеотид өндүрүлүп жатканда, бир тараптан да бүт бул баскычтар жооптуу энзимдер тарабынан кайра кайра текшерилет жана керектүү оңдоолор жасалат.

Өндүрүлгөн жаңы ДНК молекуласында сырткы факторлор натыйжасында кадимкиге караганда бир топ көп жаңылыштык кетиши мүмкүн. Бул жолу клеткадагы рибосомалар ДНКдан келген буйрукка ылайык ДНК оңдоочу энзимдерди өндүрүп башташат. Натыйжада ДНК корголгон болот жана ошондой эле урпактын уланышы коопсуздукка алынган болот.

Мына күн бою, сиз эч байкабасаңыз да, жашооңуздун көйгөйсүз уланышы үчүн денеңизде кереметтүү бир аярдык жана жоопкерчиликтүүлүк ичинде сансыз процесстер жана көзөмөлдөр жасалып, чаралар көрүлүүдө. Бүт баары өз милдетин кемчиликсиз жана ийгиликтүү аткарышат. Мына Улуу Аллах эң чоңунан эң кичинекейине чейин сансыз атомду жана молекуланы жашообузду сонун жана ден-соолукта улантышыбыз үчүн кызматыбызга сунган.

Бул нерсенин эң таң калтырган тараптарынын бири болсо – бул ДНКнын өндүрүшүн камсыз кылган да, түзүлүшүн текшерген да мындай энзимдердин ДНКда жазылган маалыматтарга ылайык жана ДНКнын буйрук жана көзөмөлү менен өндүрүлгөн протеиндер болушу. Бул жерде бири-бири менен абдан тыгыз байланыштагы ушундай бир система бар болгондуктан, мындай бир системанын баскыч баскыч пайда болгон кокустуктар менен бул абалга келиши эч качан мүмкүн эмес. Себеби энзим болушу үчүн ДНК болушу, ДНК болушу үчүн болсо энзим болушу, экөөсүнүн тең болушу үчүн болсо клетканын кабыкчасынан баштап бүт комплекстүү бөлүкчөлөрүнө чейин толугу менен бар болушу керек.

Жандуулардын биринин артынан экинчиси болгон «пайдалуу кокустуктар» натыйжасында «баскыч баскыч» өнүккөндүгүн жактаган эволюция теориясы, дагы көптөгөн суроолорго жооп бере албаган сыяктуу, жогоруда сөз кылынган алгач ДНК пайда болдубу же энзимдерби деген суроого жооп бере албайт. ДНК жана энзим; экөө тең бир учурда бар болушу керек, мунун болсо эволюция теориясы жактаган, ойлоп чыгарылган механизмдер менен ишке ашышы эч мүмкүн эмес.

28- БАЯНОҢДООЧУ ЭНЗИМДЕР

Сырткы факторлор натыйжасында ДНКда пайда болушу мүмкүн болгон каталар ДНКны текшерүүчү механизмдер тарабынан аныкталып, оңдолушат. Бул механизмдер ДНКдагы маалыматтардын негизинде өндүрүлгөн энзимдерден турат. Ар түрдүү оңдоо механизмдери болсо да, негизги принцип – бул жабыр тарткан нуклеотидди, жабыркабаган нуклеотидден алынган маалыматтын негизинде оңдоо. Бул процесс жалпысынан үч баскычтан турат:

1. Жабыркаган ДНК тизмегинин туура эмес бөлүгү ДНК нуклеаз аттуу энзим тарабынан аныкталган соң, үзүп алынат. Натыйжада ДНК спиралында бир боштук пайда болот.

2. Башка бир энзим болгон ДНК полимераз бир тараптан жабыркаган нуклеотиддин жабыркабаган бөлүгүнөн алган маалыматтын негизинде боштукка керектүү нуклеотидди жабыштырат.

3. ДНКны оңдоо жумушу али бүтө элек. Оңдоо ишке ашырылган жердеги шекер-фосфат тизмегинин үстүндө бир үзгүлтүк пайда болгон болот. Бул үзгүлтүк ДНК-лигаз энзими тарабынан оңдолот.

Эми бул жерде саналган процесстерди ойлонолу. Буларды жасагандар – ДНКны тааныган, изилдеген профессорлор же илимпоздор эмес, абдан кичинекей, аң-сезимсиз, билимсиз, акылсыз молекулалар. Булардын бир таштан же бир жыгачтан эч кандай айырмалары жок, бирок кереметтүү таланттарга ээ. Бир молекула ДНК тизмегиндеги туура эмес бөлүктү кантип аныктайт? Бул үчүн дээрлик 3 миллиард тамгадан турган ДНК тизмегин, катары менен толук жатка билиши керек жана ошондо гана туура эмес бир тамганы аныктай алат. Мындан тышкары, катаны оңдоо үчүн колдонушу керек болгон ыкманы да билүүдө жана кемчиликсиз ишке ашырууда. Бул адамды таң калтырган абдан маанилүү бир маалымат. Ар түрдүү кемчиликтен аруу болгон Улуу Аллах кичинекей молекулаларды ушундай кереметтүү таланттар менен бирге жаратуу менен жаратуусундагы улуулукту көрсөтүүдө. Акылдуу жана абийирдүү ар бир адам жандуулар жана бүт аалам жөнүндөгү маалымат, илимин өстүргөн сайын Аллахтын чексиз күчүнө жана улуулугуна болгон баш ийүүчүлүгү артат жана Улуу Аллахты эң сонун ысымдары менен аруулап, эстейт.

29- БАЯНПРОТЕИН ӨНДҮРҮШҮ

Клеткалардагы протеин өндүрүшү – Аллах жараткан кереметтүү окуялардын бири. Ар бир клетка абдан өнүккөн, алдыңкы бир технология жана абдан жакшы уюштурулган бир завод сыяктуу иштейт. Көзгө көрүнбөгөн, абдан өнүккөн микроскоптор менен гана көрүүгө мүмкүн болгон бул микро дүйнөдө кереметтүү окуялар ишке ашууда. Эми бул кемчиликсиз бир өндүрүмдүүлүк менен иштеген заводдогу протеин өндүрүшүнүн негизги баскычтарын кыскача карайлы:

1. Денеде кандайдыр бир протеинге муктаждык пайда болгондо, бул муктаждыкты билдирген бир кабар өндүрүштү жасай турган клеткалардын ядролорундагы ДНК молекуласына жеткирилет. Бул жерде көңүл буруу керек болгон абдан маанилүү бир жагдай бар; денеде кандайдыр бир протеинге муктаждык болгондо, өзү да протеин болгон кээ бир кабарчылар каерге кайрылышы керек экенин билүү менен бүт денеде тиешелүү жерлерди табышып, муктаждык кабарын туура жерге туура абалда жеткире алышууда. Мындай байланышты камсыздаган протеин, ал үчүн караңгы бир коридор болгон, дененин ичинде жоголбостон жолун таап, ташыган кабарын жоготпостон же кандайдыр бир бөлүгүнө зыян тийгизбестен ал жерге жеткирүүдө.

2. ДНКдан бир протеиндин формуласын талап кылуу үчүн атайын бир тил колдонулат. Бул тил 4 тамгадан турган бир алфавитке ээ (A, G, C, T). Клетка ичинде иштердин токтоп калбашы, муктаждыктын туура канааттандырылышы, кыскача айтканда, клетканын жашоосунун уланышы үчүн туура протеиндин өндүрүлүшү абдан маанилүү. Ошондуктан, кайсы протеин өндүрүлүшү керек экендиги тууралуу кабар алынган соң ДНКдан туура маалыматтын тандалып алынышы зарыл.

Бул тандоону ким жасайт? РНК полимераз аттуу энзим. Бул энзим аткарган жумуш абдан оор. Баарынан мурда 3 миллиард тамгадан турган ДНК молекуласынын арасынан өндүрүлө турган протеин менен байланыштуу керектүү тамгаларды тандап алышы керек. Полимераз энзиминин 3 миллиард тамгадан турган ДНК молекуласынын ичинен бир канча саптык бир маалыматты таап чыгарышы – бул 1000 томдук бир энциклопедиянын кандайдыр бир бетине жазылган, бир канча саптык атайын бир жазууну эч кандай көрсөтмө (жардам) болбостон, ошол учурда табууга окшош.

3. Көчүрүү ишинин башталышы үчүн абдан маанилүү бир тоскоолдукту жеңүү керек. ДНК молекуласынын тепкич сыяктуу бир-бирине чырмалган колдорунун көчүрүү процесси учурунда бөлүнүшү керек. Мындай бөлүү процессинде кайра эле РНК полимераз энзими кызмат кылат. РНК полимераз коддоло турган гендин башталышынан 35 тамга алды жагына байланып, чырмалган тепкич сыяктуу болгон ДНКнын баскычтарын бир сыдырманы ачкан сыяктуу ачат. Бул ачылуу абдан бат жасалат. Ушунчалык бат болгондуктан, мындай ылдамдыктан улам ДНКнын ысып, күйүп кетүү коркунучу пайда болот. Бирок система эч кемчиликсиз курулгандыктан, бул коркунуч да эске алынган. Алдын ала көрүлгөн бир катар чаралар урматында күйүп кетүү коркунучу жоголулат; атайын бир энзим бир өрт коркунучун билген сыяктуу, барып ДНКнын ачылган спиралынын эки учун кармап мындай сүртүнүүгө жол бербейт. Жана кайра эле атайын энзимдер ДНКнын ачылышы учурунда бири-бирине оролушунун алдын алышат. Бул энзимдер болбосо, «кабарчы РНК» деп аталган буйуртма кагаздын копияланышы мүмкүн болбойт. Себеби сыдырма сыяктуу ачылган ДНК спиралынын колдору көчүрүү процесси баштала электе эле кайра бири-бирине оролот жана сүртүнүүдөн улам ДНКнын түзүлүшү бузулат. Байкалгандай, ар бир баскычта ондогон энзим жана протеин орун алууда жана баары бири-бири менен абдан тыгыз кыматташтыкта кызматтарын кемчиликсиз орундатышууда.

4. Көрүлгөн мындай атайын чаралардан соң өтүү керек болгон дагы бир канча тоскоолдуктар бар. Мисалы, кааланган протеиндин амино-кислота тизмегин камтыган маалымат чоң ДНК молекуласынын ар кандай бир аймагында болушу мүмкүн. Мындай учурда ар кайсы жерлердеги маалыматтарды, б.а. амино-кислота тизмегин ишарат кылган шифрлерди көчүрүү үчүн полимераз эмне кылат?

ДНКны үзө албайт, керексиз шифрлердин үстүнөн аттай албайт. Ошол түз сызыкта (линияда) түз жолун уланта берсе, анда керексиз маалыматтарды да көчүрөт жана талап кылынган протеин пайда болбойт.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн кереметтүү аң-сезимдүү дагы бир окуя ишке ашат жана ДНК «көчүрүү процессине жардам беришим керек» деп ойлонгон сыяктуу, бүгүлүү менен, керексиз шифр тизмеги жайгашкан бөлүмдү сыртты көздөй ийет. Ушундайча биринин артынан экинчиси окулушу керек болгон, бирок ортодо башка шифрлер да тургандыктан бири-биринен алыста калган шифр тизмектеринин учтары бири-бирине кошулат. Натыйжада көчүрүлүшү керек болгон шифрлер бир түз сызыктын (линиянын) үстүнө келген болот. Ошентип, полимераз энзими өндүрүлө турган протеин үчүн буйуртма кагазын оңой гана көчүрө алат.

5. ДНКдан буйуртма кагазынын көчүрүлүшү учурунда ишке ашкан кереметтүү жана Улуу Аллахтын жаратуусундагы кемчиликсиздикти көрсөткөн кубулуштар муну менен да бүтпөйт. Көчүрүүнү бирөөлөр токтотушу керек, антпесе полимераз энзими генди башынан аягына чейин көчүрөт. Протеинди коддогон гендин аягында ал гендин бүткөнүн көрсөткөн бир кодон бар. (ДНКдагы шифрди түзгөн нуклеотиддердин ар бир үчилтик тобу кодон деп аталат.) РНК полимераз токтотуучу кодонго келгенде, көчүрүү процессин токтотушу керек экенин түшүнөт жана үстүндө протеин үчүн керектүү кабарды ташыган кабарчы РНК менен ДНКдан бөлүнөт. Бирок бул жерде да абдан аяр кыймыл-аракет жасалат. Себеби кабарчы РНК клетканын ядросунан чыгып, өндүрүш жасала турган рибосомага жеткенге чейин бир топ жолду басып өтөт. Бул жолоочулук учурунда үстүндөгү кабар эч жабыркабашы керек. Ошондуктан, клетканын ядросунан кээ бир атайын энзимдердин коргоосунда чыгат.

Протеин өндүрүшүнүн баскычтары булар менен чектелбейт. Бирок бул бачкычка чейинки эле ишке ашкан кереметтүү кубулуштар – Аллахтын улуу чеберчилигинин жана чексиз илиминин далилдеринен.

30- БАЯНПРОТЕИН ӨНДҮРҮШҮНҮН АКЫРКЫ БАСКЫЧЫ

Клеткада протеин өндүрүшү үчүн керектүү болгон маалымат ДНКдан табылып, көчүрүлгөн соң эми бул маалыматтын протеин өндүрүлө турган заводго, т.а. рибосомаларга жеткирилиши керек. Ар бир клеткада бар болгон бул органеллдер клеткадагы ДНКдан абдан алыста жана клетканын бүтүндөй цитоплазмасына (клетканын

ичиндеги суюктукка) таркаган абалда. Бул заводдорго өндүрүш буйуртмалары кемчиликсиз жана абдан бат жеткирилиши керек. Кабарчы РНК (mRNA) жолунан адашпастан жана клетканын ичиндеги көптөгөн органелл жана молекула арасында эч күмөн санабастан рибосоманы табат. mRNA рибосоманы тапканда анын сырткы бөлүгүнө бир линия сыяктуу жайгашат. Ушундайча эми өндүрүлүшү максат кылынган протеиндин амино-кислота тизмегине тиешелүү маалымат өндүрүш борборуна жеткен болот. Андан соң, өндүрүлө турган протеин үчүн керектүү чийки заттардын, б.а. амино-кислоталардын рибосомага алып келиниши үчүн клетканын башка аймактарына кабарлар жөнөтүлүп башталат.23

Колдонула турган амино-кислоталарды клетканын ичинде издеп табуу жана рибосомага алып келүү милдети ташуучу РНК (tRNA)га тиешелүү. Ар бир жандуунун клеткасында 20 түрдөгү амино-кислота бар. Мына ушул 20 түр амино-кислотанын, б.а. чийки заттын ар бири ага атайын ыңгайлуу жаратылган бир ташуу каражаты тарабынан ташылат.24 Амино-кислоталардын аларды ташый турган tRNAга байланышы да бир катар татаал процесс натыйжасында ишке ашат.

Ташуу милдетин аткарган ар бир tRNA рибосома алып келген ар бир амино-кислотаны өндүрүш буйругунда көрсөтүлгөн жерге алып барат жана өндүрүш процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыздайт.

Бул аң-сезимсиз молекулаларда кездешкен кемчиликсиз дисциплина, алардын аң-сезимдүү жана жоопкерчилик алган сыяктуу кыймылдашы – ар биринин бийик акыл жана күч-кудурет ээси болгон Аллахка моюн сунгандыгынын жана Анын көзөмөлү менен кыймылдаганынын далилдеринен.

Эми буйуртма, т.а. өндүрүлө турган протеинге тиешелүү маалымат жана керектүү чийки заттар даяр. Бирок чечүү керек болгон дагы бир көйгөй бар. Өндүрүш маалыматы, б.а. буйуртма, мурдараак да айтылгандай, ДНКда өзгөчө бир тилде жазылган. Жана өндүрүш өзгөчө бир тилде жазылган бул тилге ылайык жасалышы керек. Бирок чийки зат катары колдонулган амино-кислоталардын тизмектери башка бир тилде. Бул көйгөйдү мындайча сүрөттөөгө болот: буйуртма кагазында жазылган буйрук – бул ДНКны түзгөн шифрдин тили, т.а. 4 тамгалуу бир алфавиттен турган өзгөчө бир тилде жазылган. Өндүрүлө турган протеиндердин тили болсо 20 тамгалуу бир алфавиттен турган башка бир тил (протеиндерди түзгөн амино-кислоталар 20 түрдө болгондуктан). Мына ушул, тилдеги айырма сыяктуу, ДНКдан келген өндүрүш маалыматы амино-кислоталар түшүнө турган тилде эмес. Натыйжада ДНКдан келген маалыматка кайсы амино-кислотанын туура келээрин түшүнө алуу үчүн ДНКдагы тилдин беркисине которулушу керек болот.

Рибосома заводу өмүрдүн ден-соолукта уланышы үчүн бул көйгөйдү эң кемчиликсиз негизде чечкен бир механизм менен жабдылган. Чечүү жолу катары өндүрүш учурунда заводдо, т.а. рибосомада эки башка тил арасында котормочулукту аркалаган бир котормо системасы жаратылган. Кодон-антикодон ыкмасы деп аталган бул котормо системасы учурдагы эң алдыңкы компьютер борборунан бир топ алдыда,

бул эки тилде адистешкен бир котормочу сыяктуу иштейт. ДНКнын өзгөчө тили менен жазылган төрт тамгалуу протеин маалыматтарын 20 тамгадан турган протеин тилине которот. Ушундайча кайсы амино-кислоталардын катарга тизилээрин билдирген болот. Натыйжада керек болгон протеиндин туура өндүрүлүшүн камсыздайт. Мындай которуу процессинде ката кетирбөө, албетте, абдан маанилүү. Бир клетканын, жана натыйжада жандуулардын жашашы үчүн керектүү болгон миңдеген протеиндин өндүрүлүшүндө болгону бир же эки катага жол берилиши мүмкүн. Адамдар жасаган эч бир технологиялык каражат же өз чөйрөсүндө эң адис жана абдан көңүл койгон адамдар да, протеин сыяктуу, орточо 200 роман китебине тете бир жазууну мынчалык катасыз жана кемчиликсиз которуп жаза алышпайт.25 Бирок дайыма Аллахтын көзөмөлүндө кыймылдаган бул молекулалар бүт нерсени кемчиликсиз аткарышат. Булардын баарында ыйман келтирген акыл ээлери үчүн Аллахтын кереметтери көрүнүүдө.

31- БАЯНКЛЕТКАНЫН КАБЫКЧАСЫ ЖАНА УЮШУЛГАН 100 ТРИЛЛИОН ЖУМУШЧУ

Бир унаа өндүргөн заводдун кандай иштегенин элестетели. Заводдогу, мисалы, миң жумушчунун баарынын дисциплина жана кызматташтык ичинде иштеши керек. Мындай уюштурууну камсыздоо үчүн көптөгөн көзөмөлдөө системасы жана буйрук-команда тизмеги курулган. Ар бир бөлүм алардан талап кылынган тетикти өндүрөт. Мисалы, бир жерде мотор тетиктери, башка бир бөлүмдө болсо эшиктер жасалат. Бүт баары кайсы тетиктин каерде колдонулаарын билишет. Бүт нерсе көзөмөлдөнүп турат.

Бирок, эгер ушул эле заводго унаа өндүрүү эмне экенин такыр билбеген, болушунча сабатсыз миң адам киргизилсе жана алардан эмнени, кантип өндүрөөрүн өздөрүнүн издеп табышы талап кылынса, анда чоң бир башаламандык жана хаос болоору анык.

Ал эми адамдын денесинде миң эмес, 100 триллион «жумушчу» абдан аяр бир уюшкандык жана кызматташтык ичинде иштешет. Булар – бир заводдогу жумушчулардан бир топ аң-сезимдүү жана билимдүү болгон клеткалар. Алардын ичиндеги кереметтүү процесстер эле эмес, бири-бири арасындагы координация да ошол деңгээлде баш аздыруучу деңгээлде татаал. Бири-бирин кабыкчаларындагы таануу системалары аркылуу таанышат. Ашказан клеткасы ашказан клеткасын, чач клеткасы чач клеткасын тааныйт.

Бул жерде сөзсүз суроолор туулат: эки кабыкча бири-бирин кантип тааныйт? Бул жумушчулар кантип окутулушкан? Кандайча болуп өз жумуштарын абдан берилгендик менен жасашат?

100 триллион клетканын ар бири дене үчүн андан талап кылынганды аткарат. Ар бир клетка дайыма эмне кылышы керек экенин кайдан билет? Албетте, булардын баары

Улуу Аллахтын илими жана илхамы менен ишке ашууда. Мисалы, бөлүнүү болушу керек болгон аймактагы клеткаларга мээ «бөлүн» буйругун берет. Бул үчүн гормондор чыгарылат. Ар бир гормон тиешелүү клеткага барып, мээнин кабарын жеткирет. Элчи клеткага жеткенде, кабарын клетканын кабыкчасында жайгашкан кабылдоочу протеинге билдирет. Протеин алган кабарын борборго билдирет. Клетка болсо бул буйрукту түшүнөт жана чечим алып, ошого жараша кыймылдайт.

Ой жүгүртүүнү уланталы; бир май деңизинин үстүндөгү протеин аралынын берилген буйрукту түшүнүшүн, муну клетканын борборуна билдиришин, клетканын бул буйрукка баш ийишин жана бүт өмүрүн каерде колдонулаарын билбеген бир затты өндүрүүгө багышташын кадимки бир нерседей кабыл алууга болобу? Албетте, антүүгө болбойт.

Болгондо да, бираз мурдараак да айтылгандай, кабыкчанын бетиндеги жүздөгөн өтүү чекити, кабылдагычтар, текшерүүчүлөр, баары бири-биринен кабардар болуп, чоң бир уюшкандыкта кыймылдашат. Чынында болсо булардын баары аң-сезимсиз протеиндер. Клетка кабыкчасынын бул жерде саналган өзгөчөлүктөргө өз башынча ээ болбогондугу, бул системанын жаратылгандыгы апачык көрүнүп турат.

Мындай бир система, албетте, бир максат менен жаратылган. Абийирдүү жана акылдуу бир адам бул кереметтүү далилдерди көрөт жана Улуу Аллахты жакшыраак таанып, кудуретин жакшыраак түшүнөт. Аяттарда Раббибиздин кереметтерине карата болгон момундардын мамилелери мындайча билдирилүүдө:

Шек жок, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 190-191)

32- БАЯНУГУУ УЧУРУНДА КАНДАЙ ПРОЦЕССТЕР ЖҮРӨТ?

Жолдо сизге кезиккен бир досуңуз сизге «салам» дегенде, досуңуздан келген үн толкундары кулак лакатору тарабынан топтолот. Үн жолоочулугу учурунда секунданын элүүдө биринде 6 метр жол басып өтөт.

Эки кулактын ичинде дирилдеген аба абдан бат ортоңку кулакка чейинки аралыкты басып өтөт. 7,6 мм чоңдугунда болгон кулак кабыкчасы дирилдеп баштайт. Бул дирилдөө кыймылы үч кичинекей кемикке жеткирилет. Үн толкундары ушундайча механикалык толкундарга айланат. Андан соң болсо бул кемиктердеги толкундар ички

кулакка жеткирилет жана ал жердеги үлүлгө окшогон «үлүл» (улитка, коклеа) деп аталган түзүлүштүн ичиндеги өзгөчө суюктукту кыймылдатат.

Үлүлдүн ичинде ар башка үн тондору бири-биринен бөлүштүрүлөт. Үлүлдүн ичинде, бир музыкалык аспап арфадагы кылдар сыяктуу, ар түрдүү калыңдыктардагы ичке кылдар өсүп турат. Досуңуздун үнү азыр бул кылдарды чертип жаткан сыяктуу. «Салам» үнү башында ылдыйкы пардадан башталып, аягын көздөй көтөрүлдү. Алгач жоон кылдар дирилдейт, андан соң ичкелери. Аягында ички кулактагы он миңдеген чыбыкка окшош нерселер өз толкундарын угуу нервдерине жөнөтөт.

Эми «салам» деген үн – электрдик импульс (сигнал) гана. Бул импульс угуу нервдеринин ичинде мээни көздөй абдан бат кыймылдайт. Нервдердеги мындай сапар импульстар мээдеги угуу борборуна жеткенге чейин уланат. Бул жолоочулуктун аягында мээдеги миллондогон нейрондун көпчүлүгү алынган угуу маалыматтарын баалоо менен алек болушат. Ушундайча досуңуздун саламын уккан болосуз.

Бул жерде абдан үстүртөн сүрөттөлгөн бул процесстер чындыгында бир топ татаал жана секундадан да кыска бир мөөнөттө ишке ашат. Ар күнү жүз миңдеген жолу көрөбүз жана угабыз. Бирок көбүнчө буларды кантип жасай алып жаткандыгыбызды ойлонбойбуз. Чынында болсо, көргөн жана уккан нерселерибиздин баарын Рахман жана Рахим болгон Аллахтын мээрими менен көрүп жана угуп жатабыз. Ошондуктан булардын баары момундардын шүгүр кылышына себепчи болушу керек.

Аллах Куранда адамдарга бул чындык жөнүндө ой жүгүртүүлөрүн жана шүгүр кылуучу болууларын мындайча билдирген:

Аллах силерди энеңердин курсагынан эч нерсе билбеген абалыңарда чыгарды жана шүгүр кылышаар деп угуу, көрүү (сезүү органдарын) жана көңүлдөр берди. (Нахл Сүрөсү, 78)

33- БАЯНКАНДЫН УЮШУ

Бир жериңиз кесилгенде же эски бир жаратыңыз канаганда, убакыттын өтүшү менен кандын токтоорун билесиз. Канаган жерде бир уюган кан пайда болуп, бул уюган кан акырындап катуулашат жана жаракат айыгат. Бул сиз үчүн оңой көрүнгөн, кадимки бир көрүнүш болушу мүмкүн. Бирок биохимиктер болсо изилдөөлөр жыйынтыгында мунун абдан татаал бир системанын иштешинин натыйжасы экенин аныкташты.26 Бул системанын бөлүктөрүнөн кандайдыр бирөөсүнүн кемиши же жабыркашы системаны иштебес абалга алып келет.

Кан туура жерде, туура убакта уюшу керек жана шарттар кадимки абалына келгенде, уюган кан жоголушу керек. Система эң майда-бараттарына чейин кемчиликсиз иштеши керек.

Эгер бир жер канап жатса, жандуу кан жоготуудан өлбөшү үчүн кандын эртерээк уюп, токтошу керек.

Мындан тышкары, жаракаттын бетин толук капташы жана эң маанилүүсү бир гана жаракаттын үстүндө калышы зарыл. Антпесе бүт кандын уюшуна жана жандуунун өлүмүнө себеп болот. Ошондуктан, кандын уюшу күчтүү көзөмөлдөнүшү керек жана уюган кан керектүү учурда керектүү жерде жаралышы керек.

Жүлүн кыртышы (костный мозг) клеткаларынын эң кичинекей өкүлү болгон тромбоциттер абдан маанилүү бир өзгөчөлүккө ээ. Бул клеткалар кандын уюшунда эң негизги элемент. Фон Виллебранд (Von Willebrand) фактору деп аталган бир протеин канда айланып турган тромбоциттердин жаракат алган жерден өтпөшүн камсыздайт. Жаракат алган жерде жабышып калган тромбоциттер ошол учурда башка тромбоциттерди да ал жерге алып келүүчү бир затты чыгарышат. Бул клеткалар андан соң баары чогуу ачык жаракатты жабышат. Тромбоциттер милдеттерин аткарган соң өлүшөт. Алардын өздөрүн курмандыкка чалышы – кандын уюу системасынын бир бөлүгү гана.

Кандын уюшун камсыздаган дагы бир протеин – бул тромбин. Бул зат ачык бир жаракат болгон жерлерде гана өндүрүлөт. Бул өндүрүш аз да, ашыкча да болбошу керек. Болгондо да өндүрүш өз убагында жасалып, кайра өз убагында токтотулушу зарыл. Бүгүнкү күнгө чейин тромбин өндүрүшүндө кызмат кылган жана баары «энзим» деп аталган жыйырмадан көп дене химикаты аныкталды. Бул энзимдер өз өндүрүшүн токтото алышат же баштата алышат. Бул процесс ушунчалык көзөмөлгө алынгандыктан, тромбин кыртыш толугу менен жараланганда гана пайда болот. Денеде кандын уюшу үчүн керектүү энзимдер жетиштүү санга жетээри менен, протеинден турган узун жипчелер жасалат. Бул жипчелердин аты фибриноген. Кыска убакыт ичинде фибриноген жипчелеринен бир желе пайда кылынат. Бул желе кан сыртка аккан жерде курулат. Башка тараптан болсо кандагы тромбоциттер бул желеге жабышып чогулат. Мындай чогулуу көбөйөөрү менен бир жапкыч милдетин аткарып, кандын токтошун камсыздайт. Мына уюган кан деп атаган нерсебиз – ушул топтолуунун натыйжасында пайда болгон жапкыч.

Жаракат толук айыкканда болсо уюган кан таркайт.Бир уюган кандын пайда болушу, уюган кандын чектеринин аныкталышы, уюган

кандын күчтөндүрүлүшү же жок кылынышын камсыздаган система – бүт бөлүгү толук болбостон иштебей турган комплекстүүлүккө ээ. Кандын уюшу – бул бир бөлүктүн башка бир бөлүктү кыймылга келтириши абалында ишке ашкан бир окуялар тизмеги.

Система эң майда-баратына чейин кемчиликсиз иштөөдө.Эгер бул толук кандуу иштеген системада кыпындай бир кемчилик болгондо эмне

болмок эле? Мисалы жаракат жок эле учурда кан уюп калса? Же жаракаттын айланасында уюган кан оңой гана түшүп калганда? Бул суроолордун бир гана жообу бар: анда жүрөк, өпкө же болбосо мээ сыяктуу абдан маанилүү органдарга баруучу жолдор уюган кан жапкычтары менен тосулмак. Бул болсо сөзсүз өлүм менен аяктамак.

Бул чындык да бизге дагы бир жолу адамдын денесинин кемчиликсиз жаратылганын көрсөтүүдө. Бир эле кандын уюу системасын да кокустуктар жана эволюция теориясы жактагандай, «баскыч баскыч өнүгүү» гипотезасы менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Ар бир майда-бараты өзүнчө бир план жана эсептин натыйжасы болгон бул система жаратылуунун кемчиликсиздигин көз алдыбызга тартууда. Бизди жаратып, бул дүйнөгө жайгаштырган Улуу Аллах жашообуз боюнча жолуга турган кичинекей, чоң ар түрдүү жаракатка карата денебизди ушундай система менен бирге жараткан.

Мындан тышкары, кандын уюшу бир гана көзгө көрүнгөн жаракаттар үчүн эмес, денебизде күн сайын тынымсыз ишке ашкан капилляр жабыркоолорунун оңдолушу үчүн да абдан маанилүү. Сиз сезбесеңиз да, чынында күн сайын дайыма кичинекей ички каноолор болуп турат. Колуңузду эшиктин кырына уруп алганыңызда же болбосо бир отургучка катуу отурганыңызда, жүздөгөн кичинекей капиллярлар талкаланат. Мындай талкалануу натыйжасында пайда болгон ички каноо кандын уюу системасы урматында ылдам токтотулат, андан соң дене дал өзүндөй капиллярларды кайрадан жасайт. Эгер урунуу күчтүүрөөк болсо, кандын уюшунан мурда ички каноо да күчтүүрөөк болот жана ошондуктан урунган жериңизде бир «көгөрүү» болот. Кандагы мындай кан уюу системасы жок болгон бир адам өмүр бою кичинекей бир урунуудан да коргонушу жана пахтанын ичинде жашатылышы керек болот. Мисалы, канындагы кан уюу системасы кемчиликтүү болгон «гемофилия» оорулуулары ушундай өмүр сүрүшөт. Бирок күчтүү даражадагы гемофилия оорулуулары көбүнчө көп жашай алышпайт. Жолдо баратып жыгылуусу натыйжасында пайда болгон бир ички каноо да өмүрүнөн ажырашы үчүн жетиштүү болот. Бул чындыктын алдында ар бир адам өз денесиндеги жаратылуу керемети жөнүндө ой жүгүртүшү жана бул денени кемчиликсиз жараткан Аллахка шүгүр кылуучу болушу зарыл. Биз жалгыз бир системасын, ал тургай жалгыз бир клеткасын да өндүрүүгө күчүбүз жетпеген бул дене – Улуу Аллахтын бизге бир берешендиги. Раббибиз бир Куран аятында мындай буйурууда:

«Силерди Биз жараттык, дагы эле тастыктабайсыңарбы?» (Вакыа Сүрөсү, 57)

34- БАЯНКОРГОНУУ СИСТЕМАСЫ

Денебизди бактерия жана вирус сыяктуу душмандарынан коргогон коргонуу системасы бир дисциплиналуу аскердик топ (армия) сыяктуу кыймыл-аракет жасайт. Коргонуу системабыздын душмандарына каршы согушу үч маанилүү бөлүктөн турат.

1- Душманды аныктоо; алгачкы кийлигишүү.

2- Чыныгы аскердик күчтүн кийлигишүүсү; «кандуу согуш».3- Тынч абалга кайтуу.Коргонуу системасы согуш баштоодон мурун сөзсүз душманды жакшылап

таанышы, кеңири маалымат алышы керек. Себеби ар бир согуш душманга жараша ар түрдүү болот. Болгондо да, мындай изилдөө жакшылап жасалбаса, коргонуу системабыз жаңылыштык менен өз клеткаларыбызга кол салышы мүмкүн.

Алгачкы кийлигишүү коргонуу системасынын акыр-чикир тазалоочу клеткалар болгон фагоциттерден келет. Фагоциттер душманга каршы согуш башташат. Бир мааниде душман менен алгачкы бетме-бет келүүнү камсыздаган жөө аскерлер сыяктуу.

Кээде фагоциттер душмандын таркалуу ылдамдыгына жетише алышпайт. Андай учурда макрофагдар ишке киришишет. Макрофагдарды болсо душмандын ичине аралашкан атчандарга окшоштурууга болот. Ошол эле учурда макрофагдар өздөрү чыгарган атайын бир протеин урматында денеде жалпы сигнализациянын иштешин, т.а. дене температурасынын көтөрүлүшүн камсыз кылышат.

Бирок макрофагдардын абдан маанилүү дагы бир өзгөчөлүгү бар. Макрофаг клеткасы бир вирусту тутуп жутканда, вирустун өзгөчө бир бөлүгүн үзүп алат. Бул бөлүктү бир желек сыяктуу үстүндө ташыйт. Бул бөлүкчө - коргонуу системасынын башка милдеттүүлөрү үчүн бир ишарат, ошол эле учурда бир изилдөө маалыматы болот.

Душманды макрофагдан алган кабар аркылуу тааныган жардамчы Т клеткаларынын алгачкы жумушу – бул өлтүрүүчү Т клеткаларына кабар берүү жана аларды көбөйүшү үчүн стимулдоо. Стимулданган өлтүрүүчү Т клеткалары кыска убакыт ичинде бир аскердик топ абалына келишет. Жардамчы Т клеткалары өлтүрүүчү Т клеткаларын стимулдап эле тим болбойт. Бир тараптан, окуя болуп жаткан жерге көбүрөөк фагоциттин келишин камсыздашып, экинчи тараптан болсо, душман менен байланыштуу топтогон маалыматтарын ыйлаакча жана лимфа бездерине жеткиришет.

Лимфа бездерине жеткенде, алып келинген бул маалыматтын негизинде өз милдетин күткөн В клеткалары кыймылдап башташат. (В клеткалары жүлүн кыртышында (костный мозгдо) өндүрүлгөн соң өз милдетин күтүү үчүн лимфа бездерине барышат.)

Кыймылын баштаган В клеткалары бир катар баскычтардан өтүшөт. Стимулданган ар бир В клеткасы көбөйүп баштайт. Бирдей типтеги миңдеген клетка пайда болгонго чейин. Согушка даяр абалга келген В клеткалары бөлүнөт жана өзгөрүшүп плазма клеткалары абалына келишет. Плазма клеткалары болсо антителолорду чыгарышат. Чыгарылган антителолор – бул душман менен согушуп жатканда колдонула турган курал-жарактар. В клеткалары секундасына миңдеген курал-жарак (антитело) өндүрө алышат. Өндүрүлгөн бул курал-жарактар абдан натыйжалуу. Алгач душманга байланып, андан соң душмандын (антигендин) биологиялык түзүлүшүн буза турган мүнөзгө ээ.

Эгер вирус клетканын ичине кирсе, антителолор вирусту кармай алышпайт. Бул учурда кайра эле өлтүрүүчү Т клеткасы ишке киришет жана MHC молекулалары жардамында клетканын ичиндеги вирустарды аныкташат жана клетканы өлтүрүшөт.

Бирок вирус өлтүрүүчү Т клеткалары да байкай албай турган абалда өзгөрүп турса, анда кыскача NK деп аталган «табигый өлтүргүч клеткалар» (naturel killer cells) ишке киришишет. Бул клеткалар башка клеткалар байкай албаган, ичтеринде вирус болгон клеткаларды кыйратышат.

Жеңишке жетишилген соң басуучу Т клеткалары согушту токтотушат. Согуш аяктаган болот; бирок эч качан унутулбайт. Эс тутум клеткалары душманды эми эсине түйүп койгон болот. Жылдар бою денеде жашоочу бул клеткалар ушул эле душманга кайра жолукканда, коргонуунун абдан бат жана натыйжалуу болушун камсыздашат.

Бул согуштун баатырлары аскердик даярдыктан өтүшкөн эмес, акылдуу адамдар эмес, жана миллиондогону бир жерге чогулса да бир чекиттин ичин толтура албай турганчалык кичинекей болгон клеткалар.

Болгондо да абдан таң калтырган өзгөчөлүктөргө ээ болгон бул аскердик топ бир гана согуш жүргүзүшпөйт. Согушуп жатканда колдоно турган бардык курал-жарактарды өзү өндүрөт, бүт согуш пландарын, стратегияларын өзү түзөт жана согуш бүткөн соң ал жерди тазалап, калыбына келтирет.

Албетте, коргонуу системабыз да ааламдагы бүт нерсе сыяктуу өз жаратылышына жараша кыймылдоодо: Улуу Аллах Куранда мындайча билдирүүдө:

Жана «өз жаратылышына ылайыктуу» (абалда) Раббисине моюн сунганда; (Иншикак Сүрөсү, 2)

35- БАЯНB12 ВИТАМИНИНИН САПАРЫ

Ашказан мукозасынын бир өзгөчөлүгү – бул кандын өндүрүшүн жасаган жүлүн кыртышына (костный мозгго) көмөк көрсөтүшү. Дене үчүн чоң мааниге ээ B12 витамининин жүлүн кыртышына жетишин камсыздайт. B12 витамининин жүлүн кыртышына жеткенге чейинки сапары жана ашказан музокасынын бул сапардагы ролу анализ кылынганда, алдыбызга микроскопиялык деңгээлде ишке ашкан чоң бир керемет чыгат.

B12 витамини адамдын денесине кирген соң тамак сиңирүү системасы боюнча бир жолоочулук кылат. Андан соң ичке ичегиден кан айлануусуна өтүп, канга аралашат жана жүлүн кыртышы клеткаларына жетет.

B12 витаминини кабыл алынышы ичке ичегиде ишке ашат. Бирок ичке ичегидеги бардык эле тамак сиңирүү клеткасы B12 витаминин кармабайт. Ичке ичегинин кичинекей бир аймагында бир гана B12 витаминин кармоого милдеттендирилген өзгөчө бир клетка тобу бар.27 Бул клеткалар тобу бүт жашоосун, кереметтүү бир абалда, бир гана B12 витаминин кармоого арнашкан. Бул клеткалар триллиондогон молекула арасынан B12 витаминин айырмалашат жана тутушат. B12 витаминин бул клеткалар

кантип таанышууда, башка заттардан кантип айырмалай алышууда? Эмне үчүн өздөрүн B12 витаминин тутууга мажбур сезишүүдө?

Бул клеткалардын B12 витаминин тутууда көрсөткөн акылы, албетте, бир кокустук натыйжасында пайда болушу мүмкүн эмес. Апачык көрүнүп тургандай, бул системаны улук жана күчтүү болгон Улуу Аллах атайын жараткан. Системаны мындан дагы бираз тереңирээк изилдегенибизде, дагы бир топ кереметтүүрөөк жаратылуу далилдерине жолугабыз.

Ичке ичегидеги клеткалар жалгыз абалдагы B12 витаминин тааный алышпайт. B12 витамининин бул клеткалар тарабынан тааныла алышы жана тутула алышы үчүн атайын бир молекула менен ишаратталышы керек. Бул муктаждык да албетте ойлонулган жана B12 витаминин ичегиге жеткенге чейин ишаратталышын камсыздай турган система да курулган.

B12 витамини али ашказанда турган кезинде ашказан клеткалары B12 витамини үчүн атайын бир молекула өндүрүшөт. Бул молекула B12 витамини сапарынын эмки баскычтарында муктаж боло турган бир «өздүк документи». Бул өздүк документи B12 витаминине абдан бекем жабышат жана B12 ичке ичегини көздөй сапарын улантат.

Ичке ичегиде бир гана B12 витаминин табууга милдеттүү болгон чек ара кызматкерлери (өзгөчө клетка тобу) B12 клеткасынын кан айлануусуна өтүшүн камсыздашат. Бирок бул кызматкерлер жалгыз абалдагы B12 витаминин тааный алышпайт. Мына ушул баскычта B12 витаминине колундагы өздүк документи жардамга келет. Чек ара кызматкерлери бул өздүк документ жардамында триллиондогон молекула арасынан B12 витаминин тааныйт жана табат. Андан соң кайра эле ушул документ молекуланын жардамында B12 витамининин кан айлануусуна өтүшүн камсыздашат. Ушинтип B12 кан аркылуу жүлүн кыртышына жете алат.

Байкалгандай, ашказан клеткалары B12 витамининин дене үчүн маанилүүлүгүн билишүүдө. Мындан тышкары, ичеги клеткаларынын B12 витаминин таануу үчүн кандай ишаратка муктаж экенин да билишүүдө жана бул ишарат молекуласын атайын өндүрүшүүдө. Көздөрү, колдору же бир мээси болбогон ичеги клеткалары болсо бул ишаратты таанышууда жана B12 витаминин тутушууда.

Унутпаш керек болгон дагы бир жагдай бар; бул – бүт мындай окуялар натыйжасында кабыл алынган B12 витамининин ашказан клеткасынын да, ичеги клеткасынын да керегине жарабашы. B12 витамини абдан алыста, жүлүн кыртышында колдонулууда. Бул витамин урматында адамдын денесинде кан өндүрүлө алууда жана адамдын жашоосунун уланышы камсыз кылынууда.

Бир гана витаминдин сапары жана бул сапардагы майда-бараттар да адамдын денесинде курулган системанын кемчиликсиздигин түшүнүү үчүн жетиштүү.

Албетте, мындай процесстер учурунда көрсөтүлгөн күчтүү аң-сезим жана кемчиликсиз процесстин клеткалардын эрки менен ишке ашышы мүмкүн эмес. Клетка деп аталган нерселер - түпкүрүндө аң-сезимсиз атомдордун жыйындысынан түзүлгөн түзүлүштөр. Клетканын ичинен аң-сезим, эрк же болбосо бир күч издөө такыр туура

эмес болот. Бул жердеги системаны жараткан да – бул бүт нерсени жоктон бар кылган ааламдардын Рабби Улуу Аллах.

36- БАЯНАДАМ ДЕНЕСИНИН ХИМИГИ: УЙКУ БЕЗИ (ПАНКРЕАС)

Сонун бир кечки тамак жедиңиз дейли. Ар кандай азыктардан турган бул тамакты кантип сиңирээриңизди азыркыга чейин эч ойлонгон эмес болушуңуз да мүмкүн. Ал тургай бул азыктардын ар биринин ар башка энзимдер менен иштетилиши керек экенин да билбесеңиз керек. Бул багытта билим албаган бир адамдын бул сыяктуу маалыматтарды билбеши, албетте, кадыресе көрүнүш. Бирок денедеги бир орган бул маалыматтардын баарын билет. Бул орган кайсы азыктын кандай бир энзим менен сиңирилээрин билет. Эч кандай башаламандык жана кемчилик чыкпастан, эң керектүү убакта, эң туура химиялык затты азыктарга жөнөтөт. Бул орган – панкреас.

Панкреас – денедеги эң маанилүү органдардын бири. Панкреас тамырларда аккан кандын ичинде канчалык шекер молекуласы болушу керек экенин чечет. Эгер кандагы шекер молекуласы санында бир азайуу болсо, панкреас ошол замат санды көбөйтө турган чараларды көрөт жана бул чаралар адамдын өмүрүн сактап калат. Эгер шекер молекуласынын саны көбөйсө, анда кандагы шекердин санын азайтуучу чараларды көрөт.

Панкреас тамак сиңирүү системасына жөнөткөн энзимдер менен болсо адамдын жашоосунда абдан маанилүү бир ролду аткарат. Ошол эле учурда ичегилердин ашказан кислоталары тарабынан талкаланышына тоскоол болгон энзим да кайра эле панкреас тарабынан өндүрүлөт.

Бул кызматтарды бир-бирден анализ кылсак, балким эч көңүлүбүздү бурбаган бул органдын биз үчүн канчалык аң-сезимдүү жана пландуу иш-аракет кылганын жана бизди өлүмдөн сактай турган кемчиликсиз бир системага ээ кылынып жаратылганын көрөбүз.

Тамак сиңирүү процессинде панкреастын ишке кириши атайын бир кабар менен ишке ашат. Ашказанда тамак сиңирүү процесстери уланып жатканда, атайын бир энзим болгон «холецистокинин» канга аралашып баштайт. Бул энзимдин канда белгилүү бир деңгээлге жетиши панкреасты стимулдайт. Бул стимул панкреаска милдет келгенин билдирет жана панкреас майдалоочу энзимдерин он эки эли ичегиге чыгарып баштайт.28

Панкреас тамак сиңирүү процессинин башталганын түшүнүп эле тим болбойт, мындан тышкары жеген тамактарыңыздын түрлөрүн да түшүнө алат. Жана жеген тамагыңыздын түрүнө жараша ар башка тамак сиңирүү энзимдерин өндүрөт. Мисалы, макарон жана нан сыяктуу карбонгидраттуу азыктар жегениңизде, панкреас чыгарган энзим карбонгидрат майдалоочу өзгөчөлүккө ээ болот. Бул азыктар он эки эли ичегиге жеткенде, панкреас карбон-гидрат майдалоочу өзгөчөлүктөгү «амилаз» аттуу энзимди өндүрөт.

Эгер эт, балык жана тоок сыяктуу азыктар жесеңиз, анда панкреас протеиндүү тамак жегениңизди ошол замат түшүнөт. Бул азыктар он эки эли ичегиге жеткенде, бул жолу протеиндерди майдалоочу энзимдер катары «трипсин, химотрипсин, карбоксипептидаз, рибонуклеаз жана деоксирибонуклеаз» өндүрөт жана бул энзимдер протеин молекулаларына кол салат. Эгер тамагыңызда майдын үлүшү көп болсо, анда бул энзимдер менен бирге «липаз» аттуу майларды сиңирүүчү дагы бир энзим ишке киришет.

Байкалгандай, бир орган жеген тамагыңыздын эмнелерден турганын түшүнүп, андан соң бул азыктардын сиңирилиши үчүн керектүү болгон химиялык суюктуктарды ар башка кылып өндүрүүдө жана буларды керек болгондо гана чыгарууда. Панкреас карбонгидрат молекуласы үчүн протеин майдалоочу же май молекуласы үчүн карбонгидрат майдалоочу суюктук чыгарбайт. Өндүргөн татаал суюктуктарынын химиялык формулаларын унутпайт. Курамды түзгөн кандайдыр бир затты жаңылыштык менен кем кошпойт же кошпой калбайт. Ден-соолугу жайында болгон адамдарда пакреас өмүр бою эң керектүү негизде иштейт.

Ашказанда тамак сиңирүү уланып жатканда, ашказан клеткалары бош турушпайт. Бул клеткалардын кээ бирлери ашказанда сиңирилген азыктын бир мөөнөттөн кийин он эки эли ичегиге бараарын түшүнгөн сыяктуу кыймылын баштаган ашказан клеткалары панкреас клеткаларына кат жазып (гормон чыгарып) жана бул клеткаларды жардамга чакырып башташат. Андан соң жазган каттарын кан аркылуу панкреаска жөнөтүшөт.

Канга койо берилген кат дененин ичинде сапар кылат. Бул сапар учурунда панкреаска келгенде, панкреас клеткалары катты таанышат жана ылдам ачышат. Бул жерде кызыктуу көрүнүш – бул, кан аркылуу дээрлик бүт денени айланып чыкса да, каттын башка органдардын клеткалары тарабынан ачылбашы жана атайылап окулбашы. Бүт клеткалар бул каттын панкреас үчүн жазылганын, аларга тиешелүү эмес экенин билишет. Себеби каттын бетинде панкреастын дареги бар. Б.а. каттын молекулярдык түзүлүшү бир гана пакреас клеткаларынын кабыкчасында жайгашкан кабылдагыч молекулалар менен өз ара таасирдеше тургандай кылып өзгөчө долбоорлонгон. Б.а. ашказан клеткасы өндүргөн гормонунун бетине чындап эле бир дарек жазган. Болгондо да денедеги миллиарддаган ар башка даректин арасынан панкреас клеткасынын дарегин туура жазган. Бул даректин туура жазылышы үчүн ашказан клеткасынын панкреас клеткасынын бардык өзгөчөлүктөрүн билиши керек.

Керемет бир гана даректин туура жазылышы менен чектелбейт. Ашказан клеткасы жөнөткөн каттын ичинде кабар да бар. Адамдын денесинин тереңдиктеринде бири-биринен абдан алыста жайгашкан эки кичинекей жандуу (клетка) кат жазышышууда жана кабар алышууда. Бири-бирин эч көрбөсө да, бири-биринин кайсы тилди түшүнөөрүн билишүүдө. Болгондо да мындай кабардашуу бир максат үчүн жасалат. Эки клетка бир биримдик түзгөн сыяктуу жеген азыктарыңыздын сиңирилиши үчүн план түзүшүүдө. Албетте, бул чыныгы бир керемет.

Ага келген катты (холецистокинин гормонун) окуган панкреас эч күтпөстөн бул каттагы буйрукка баш ийет. Ошол замат азыктардын сиңирилиши үчүн керектүү энзимдерди чыгарып баштайт. Эгер он эки эли ичегиге жеткен азык протеин болсо протеин майдалоочу бир энзим өндүрөт. Эгер азыкта карбонгидрат үстөмдүк кылса анда карбонгидрат майдалоочу бир энзим өндүрөт жана бул энзимди он эки эли ичегиге жөнөтөт.

Эми алдыңызга бир кара тактай коюлган жана бул кара тактайдын бетине катары менен бир протеин молекуласынын, бир май молекуласынын жана бир карбонгидрат молекуласынын формулалары жазылган жана бул молекулалардын атомдук тизилишин көрсөткөн сүрөттөр тартылган болсун дейли. Анан сизден бул үч түрдүү молекулярдык түзүлүштүн ар бирин майдалоочу эң ылайыктуу молекулярдык түзүлүшкө ээ энзимдердин формуласын өндүрүүңүз жана бул формулаларды тактайга жазууңуз талап кылынсын.

Бул молекулаларды майдалай турган энзимдердин формулаларын химия тармагында адис бир адам гана жаза алат. Бул адам да ылайыктуу формуланы өзүнүн кыялынан чыгарып жазбайт. Алган билими жана мурда ага берилген маалыматтарга таянып гана бул формуланы жаза алат.

Демек, «панкреас клеткалары өндүргөн энзимдеринин химиялык түзүлүшүн кайдан биле алат?» деген суроо абдан маанилүү. Панкреас клеткаларынын баары бул формулалар жөнүндө маалыматка ээ. Бул маалыматка ээ болуп эле тим болбостон, билгендерин эң туура негизде колдонушат жана адамга чарчабастан кызмат кылышат. Панкреас клеткалары химия тармагындагы адамдардан бир топ ийгиликтүү. Себеби адамдын бул формулаларды өндүрө алышы үчүн билим алууга муктаждыгы бар, ал эми кичинекей бир клетка бул формулаларды жатка билет.

Эч бир кокустук клеткаларга мынчалык улуу бир акыл, мынчалык өзгөчө бир маалыматты бере албайт. Эч кандай кокустук клеткалар бири-бири менен байланыша турган, бири-биринен жардам сурай турган бир системаны кура албайт. Мындан тышкары, эч бир кокустук бир даана панкреас клеткасына жалгыз бир химия формуласын үйрөтө албайт жана клеткага колундагы маалыматты өз убагында колдонуу талантын да бере албайт.

Мынчалык кереметтүү окуяларды бири-биринин артынан жараткан жана аларга дайыма иштөөнү илхам кылып адамга кызмат кылдырган күч – бул ааламдардын Рабби Улуу Аллах.

37- БАЯНКЛЕТКАНЫН КАБЫКЧАСЫНДАГЫ ЖҮК ТАШЫГЫЧ МОЛЕКУЛАЛАР

Кандайдыр бир себеп менен канга аралашкан бир зат клетканын кабыкчасына келгенде, ошол замат клетканын ичине кире албайт. Чоңдугуна, химиялык өзгөчөлүктөрүнө, пайдалуу же зыяндуу экенине жараша ар кандай кабыл алынат. Бир өлкөнүн киришиндеги бажы көзөмөлдөрү сыяктуу клеткага кире турган бир зат да толук текшерүүгө алынат. Жат бир зат болсо өздүк маалыматы текшерилет жана коопсуздукка коркунуч жаратат деген чечим чыгарылса, чек арадан өткөрүлбөйт. Бирок кээ бир заттардын кириш-чыгышы, бир өлкөнүн өз жарандарына берген жеңилдиктери сыяктуу, жеңилдештирилген. Бул заттар олуттуу чаралар көрүлбөстөн, оңой гана клеткага кирип чыгышат. Ал тургай, кээ бирлеринин клеткага өзгөчө кирүү укуктары бар. Кыскача айтканда, клетка кабыкчасына келген заттар өздүк маалыматтарына жараша ар башка мамиледе кабыл алынышат.

Бир заттын клетканын кабыкчасынын кире алышы -клетка кабыкчасынын заты менен «аралаша алышы»- үчүн майда ээрий турган болушу керек. Суюк майды суу менен аралаштырууга канчалык аракет кылсак да, ийгиликке жете албаган сыяктуу, майда ээрибеген бир зат да клетканын кабыкчасына аралаша албайт. Мындай заттардын өтүшү үчүн өзгөчө бир ыкма колдонулат. Бул молекулаларды өткөрүүдө клетканын кабыкчасында жайгашкан протеиндер кызмат кылышат.

Кээ бир молекулалар болсо клетка кабыкчасынан ичин көздөй кирип баратканда, чоң болгон үчүн кабыкчадан өз башынча өтө алышпайт. Канал протеиндери жана ташуучу протеиндер кабыкчадан өтүшүнө уруксат берген молекула жана иондордун клетканын ичине ташылышына жардамчы болушат. Клетка кабыкчасы протеиндеринин кайсы заттарды ташышаары белгилүү жана ташый турган затты тандоодо абдан аяр мамиле кылышат. Мисалы, шекерди ташыган система амино-кислотаны ташыбайт. Ташуучу протеин эки молекуланы көрүнүшүнөн жана атом санынан айырмалайт. Мисалы, бирдей атом санына жана химиялык топко ээ эки молекуланын бирөөсүнүн молекула калыбында кичинекей бир геометриялык өзгөрүү болсо, ташуучу система муну айырмалайт жана ал молекуланы ташыбайт.

Эми мындайча бир ойлонолу... Бир ташуучу же канал протеиндин башка бир молекуланын химиялык формуласын таанышы, аны атом сандарынан айырмалашы кандайча болушу мүмкүн? Акылы жана аң-сезими жок бир протеин клетканын пайдасына боло турган бир жоопкерчиликти өзүнө кантип жүктөп алган? Бул протеиндердин өз башынча жумуштарды бөлүштүрүп, клеткага пайдалуу молекулаларды таанышы, аларды клетканын ичине алуу үчүн ташуу милдетин аткарышы же кокустук натыйжасында бул жоопкерчиликтерин кемчиликсиз аткарышы, албетте, эч мүмкүн эмес. Акылдуу жана абийирдүү адамдардын баары мындай майда-бараттардын баарында бүт нерсени жоктон жараткан Улуу Аллахтын чексиз күч-кудуретинин, чексиз илиминин далилдерин көрө алышат.

38- БАЯН

ДЕНЕНИ КОРГООГО МИЛДЕТТЕНДИРИЛГЕН КОМПЛЕМАН ПРОТЕИНДЕРИ

Денеде дайыма денени коргоп турган бир система бар. Бул системанын бир бөлүгү болгон комплеман протеиндери денедеги «ар бир клеткага» кол салууга программаланган. Бул чындыгында эле абдан таң калыштуу. Денени коргоо үчүн жаратылганына карабастан, денени түзгөн бардык клеткаларды душман көрүшөт. Комплеман протеиндери боордо өндүрүлөт жана айлануу системасына ошол жерден кошулушат. Кадимки шарттарда кандын ичинде туш келе жана эч таасирсиз абалда айланып жүргөн клеткалар. Бирок стимулданганда, бир заматта «көзүнө көрүнгөн» бардык клеткаларды жок кылуу чечимин алышат. Алынган мындай стимул жалгыз бир комплеман протеини аркылуу денедеги системанын баарына жайылат. Стимул менен денеде дос-душман деп айырмалоо жасашпайт.

Бирок денеге тиешелүү зыянсыз клеткалар комплеман протеиндеринен коргоно ала турган абалда жаратылышкан. Денеге тиешелүү клеткалар үчүн комплеман протеиндери эч нерсе эмес, бул клеткалар протеиндерден таасирленишпейт. Денеге кирген жат организмдер болсо эч күтпөгөн бул коргоо кызматкерлеринин сөзсүз кол салуусуна кабылышат.

Комплеман протеиндеринин бирөөсү жат организмге байланганда, калыбы өзгөрөт. Андан соң комплеман протеиндеринен башкасы бактерияга байланат. Кийин комплеман системасына тиешелүү башка протеиндер да бактерияга бир-бирден байланышат жана комплеман аңчылары баскынчы бактериянын бетин орошот. Комплеман системасынын акыркы элементи болсо клетканын кабыкчасына кол салууга милдеттүү. Бул протеин коргоосуз калган бактериянын жалгыз коргоосу болгон клетканын кабыкчасында бир тешик издейт. Кол салуудан соң бактерия ичине суу алып, жарылат. Кээде болсо комплеман протеиндери башка бир ыкманы колдонушат. Душмандарын ичке бир кабыкча менен курчашып, ушундайча аларды башка жей турган клеткалар үчүн ишаратташат.

Булардын баары денеге кирген жат бактериянын да, дененин ичинде аны менен согушкан молекулалардын да жалгыз Жаратуучу болгон Раббибиздин чыгармасы экенин көрсөтүүдө. Бактериялар кандай бир коркунучка кабылышаарын апачык билишүүдө. Дене клеткалары болсо денеде кире турган ыктымал бир бактерияга каршы али аны тааныбастан туруп, чара иштеп чыгышкан. Бул чараларды аң-сезимсиз бир клетка ала алат деп айтуу эч акылга сыйбайт. Бул системаны жараткан – бул бүт ааламдын ээси жана өкүмдары болгон Аллах. Раббибиз аяттарда мындайча буйурууда:

Айткын: Адамдардын Раббисинен коргоо тилеймин. Адамдардын Малигинен (Падышасынан), Адамдардын (чыныгы) Кудайынан. (Нас Сүрөсү, 1-3)

39- БАЯНКИСЛОТАГА КАРШЫ ФОРМУЛА ЧЫГАРГАН МОЛЕКУЛАЛАР

Ашказандан ичегилерге келген сиңирилген азыктардын ичинде күчтүү кислоталар болот. Бул абал он эки эли ичеги үчүн олуттуу бир коркунуч пайда кылат. Себеби он эки эли ичегинин ашказан сыяктуу өзүн коргой ала турган атайын бир катмары жок.

Анда, кандайча болуп он эки эли ичеги кислоталардан зыян тартпоодо? Бул суроонун жообун табуу үчүн тамак сиңирүү учурунда ишке ашкан окуяларды караганыбызда, денебизде ишке ашкан кереметтүү окуяларды көрөбүз.

Он эки эли ичегиге ашказандан азыктар менен бирге келген кислоталардын көлөмү кооптуу бир деңгээлге жеткенде, ичегинин капталындагы клеткалардан «секретин» аттуу бир гормон чыгарылып баштайт. Он эки эли ичегини коргогон бул секретин гормону ичке ичегинин капталындагы клеткаларда «просекретин» абалында болушат. Бул гормон сиңирилген азыктардын кислота таасири менен башка бир химиялык зат болгон секретин абалына айланат.

Секретин гормону канга аралашып, пакреаска келет жана энзим чыгарылышы үчүн панкреасты жардамга чакырат. Он эки эли ичегинин коркунучта экенин секретин гормону аркылуу түшүнгөн панкреас «бикарбонат» молекулаларын ал аймакка жөнөтөт. Бул молекулалар ашказан кислотасын таасирсиз кылат жана он эки эли ичегини коргошот.

Адамдын жашоосу үчүн маанилүү болгон бул процесстер кандайча ишке ашууда? Ичеги клеткаларынын муктаж болгон затынын панкреаста бар экенин билиши, панкреасты кыймылдата турган заттын формуласын билиши, ошондой эле панкреастын да ичегиден келген кабарды түшүнүп, бикарбонат молекулаларын чыгарып башташы – бул Раббибиз жараткан теңдешсиз жана кереметтүү процесстер.

Бул жерде ичеги клеткалары үчүн колдонулган «билүү, кабардар болуу» сыяктуу иш-аракеттер адамдын денесинде ишке ашкан окуяларга жакшыраак басым жасоо үчүн колдонулууда. Чынында болсо, акылдуу ар бир адам билгендей эле, бир клетканын ойлонушу, эркке ээ болушу жана чечимдер алышы, башка бир органдын өзгөчөлүктөрүн билиши, формулалар чыгара алышы такыр мүмкүн эмес.

Клеткаларды бул өзгөчөлүктөр менен бирге жараткан – бул чексиз илим ээси Улуу Аллах. Акылдуу жана абийирдүү бир адам үчүн ааламдын ар бир майда-баратында Улуу Раббибиздин чексиз акылынын жана улуу илиминин далилдери бар.

40- БАЯНЖУМУРТКА КЛЕТКАЛАРЫНЫН

АКЫЛДУУЛУГУ

Жатындын капталына жайгашуу үчүн даярдык көргөн клеткалардын генетикалык жактан энеден айырмалуу болгонуна карабастан, кандайча болуп денеде ташылган бир орган же кыртыш сыяктуу четке кагылбашы көп убактан бери чечиле албаган бир сыр. Мунун жообун «Жашоонун башталышы» аттуу китептин автору Р. Фланаган (R. Flanagan) мындайча берүүдө:

Клетка сөзүнүн «ааламдык бир шифр» деп сыпаттоого боло турган өзгөчө сигналдар жайганын айтууга болот. Бул шифр бүт адамдар үчүн бирдей жана ошол сыяктуу эненин клеткалары да бир убактарда топ турган кезинде эле өздөрүн бул шифр менен баяндашкан. Ошондуктан, эненин клеткалары жаңы келгендерге каршы бир коргонуу пайда кылбайт, себеби алар биологиялык жактан денеге жайгашкан бул клетка жыйындысын бир душман эмес, бүт ааламдык бир дос катары көрүшөт.29

Бул жерде абдан маанилүү бир жагдайга көңүл буруу керек. Фланаган айткандай, бир клетка жыйындысынын «ааламдык бир кабар» жөнөтүшү жана башка клетка жыйындыларынын бул кабарды түшүнүп, маңдайында бир душман эмес, дос турганын «түшүнүшү» абдан чоң бир керемет. Бул жерде сөз кылынып жаткандардын аң-сезимдүү адам коомдору эмес, колу, көзү, кулагы, мээси болбогон, аң-сезимсиз атомдордун, молекулалардын, протеиндердин жыйындысынан турган, көзгө көрүнбөй турган кичинекей клеткалардан турган жыйындылар экенин унутпоо керек. Албетте, клеткалардан мындай аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди күтүү такыр логикага сыйбайт.

Бул жерде дапдаана чындык бар: эмбриондун эненин жатынына бейпил гана жайгашып, эң ишенимдүү абалда өмүрүн улантышы эмбрионду да, энени да, эненин денесиндеги коргонуу системасын да жараткан Аллахтын мээрими менен ишке ашат.

Кыямат саатынын маалыматы – шек жок, Аллахтын кабатында. Жамгырды жаадырат; курсактагыларды (эне бойундагыларды) билет. Эч ким эртең эмне табаарын билбейт. Эч ким кайсы жерде өлөөрүн билбейт. Шек жок, Аллах – билүүчү, (баарынан) кабардар. (Локман Сүрөсү, 34)

ЖЫЙЫНТЫК

Сиз бул китепти окуп жатканыңызда да, азыр да денеңиздеги молекулалар тынымсыз иш-аракеттерин улантышты. Кээ бирлери кальцийдин көлөмүн өлчөп, кем болгон кальцийди ар кандай жолдор менен толуктады, кээ бирлери протеиндин өндүрүшү үчүн керек болгон амино-кислоталарды топтоп баштады, кээ бирлери ДНКңызды көчүрүү үчүн ДНК спиралын эки бөлүккө бөлдү, кээ бирлери денеңизге кирген бактерия жана вирустарга каршы согушуп, сизди оорулардан коргоду, кээ бирлери денеңиздин температурасын нормалдуу деңгээлде кармоо үчүн иштеди, кээ бирлери болсо денеңиздеги керексиз заттарды жок кылды... Жана дагы биз санап бүтө албагандай көп процесс бирдей ишке ашты.

Сиз болсо аларды текшерүү, баштатуу же токтотуу үчүн эч нерсе кылган жоксуз. Бир гана креслоңузда отуруп, бир китеп окудуңуз.

Бул китеп боюнча баяндалгандар Аллахтын чексиз күч-кудуретин, илимин жана акылын таанытуу менен бирге, Аллахтын чексиз мээримдүү жана боорукер, Рахман жана Рахим экендигинин далилдеринен бир канчасын гана көрсөтүүдө. Аллах адамды жана бардык башка жандууларды кемчиликсиз иштеген системалар менен бирге жараткан. Адамдын денесинде эч нерсе кем же кемчиликтүү ташталган эмес. Куранда билдиргендей, Аллах «бүт нерсени жараткан, ага бир чен-өлчөм берген, белгилүү бир өлчөм менен кылган». (Фуркан Сүрөсү, 2)

Китепте берилген ар бир мисалда көрүлгөндөй, көзгө көрүнбөй турган кичинекей молекулалар көптөгөн өзгөчөлүккө, талантка жана жоопкерчиликке ээ. Бул молекулалардын буларды аткара алуулары үчүн бүт мындай өзгөчөлүктөрү менен бирге жаратылган болушу керек. Берилген мисалдардагы системалар болсо, албетте, Улуу Аллахтын бар экендигинин, чексиз илиминин жана жаратуу чеберчилигинин көрүнүштөрүнөн. Эң сонун ысымдардын ээси болгон Улуу Аллах Куранда мындайча буйурууда:

...Раббим илим жагынан бардык нерселерди курчап турат. Дагы эле сабак алып-ойлонбойсуңарбы? (Энъам Сүрөсү, 80)

КОШУМЧА БӨЛҮМ:ДАРВИНИЗМДИН КЫЙРАШЫ

Дарвинизм, башкача айтканда, эволюция теориясы – жаратылуу (креационизм) чындыгынан баш тартуу максатында ойлоп чыгарылган, бирок ийгиликке жете албаган илимге туура келбеген бир калп. Жандуулардын жансыз заттардан кокустуктар натыйжасында пайда болгонун жактаган бул теория ааламда жана жандууларда абдан ачык бир тең салмактуулук, жаратылуу чеберчилиги бар экендигинин илим тарабынан далилдениши менен бирге кыйрады.

Натыйжада бардык ааламды жана жандууларды Жаратуучу жараткандыгы жөнүндөгү чындык илим тарабынан да далилденди. Бүгүнкү күндө эволюция теориясын сактап калуу үчүн дүйнө жүзүндө жүргүзүлгөн пропаганда жалаң гана илимий чындыктардын бурмаланышы, теорияга жан тартуучу багытта жоромолдоо, илимий көрүнүшкө жамынып айтылган калптар жана алдамчылыктарга таянууда.

Бирок мындай пропаганда чындыкты жашыра албайт. Эволюция теориясынын эң чоң адашуу, калп экендиги акыркы 20-30 жылдан бери илим чөйрөсүндө барган сайын көп айтылууда. Өзгөчө 1980-жылдардан кийин жүргүзүлгөн изилдөөлөр Дарвинист көз-караштардын толугу менен туура эмес экендигин аныктады жана бул чындык көптөгөн илимпоздор тарабынан сөз кылынууда. Өзгөчө АКШда биология, биохимия, палеонтология сыяктуу ар кандай илим чөйрөлөрүнөн келген көптөгөн илимпоздор Дарвинизмдин туура эмес экендигин көрүүдө, жандуулардын жаралуусун эми «жаратылуу чындыгы» менен түшүндүрүшүүдө.

Дарвинди кыйраткан кыйынчылыктарЭволюция теориясы тарыхы эски Грецияга чейин барган бир көз-караш болгонуна

карабастан, 19-кылымда кеңири болуп ортого чыкты. Бул теорияны илим чөйрөсүнө киргизген эң маанилүү окуя – Чарльз Дарвиндин 1859-жылы чыгарган Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китеби эле. Дарвин бул китепте дүйнөдөгү бардык жандык түрлөрүнүн Жаратуучу тарабынан өз-өзүнчө жаратылганына каршы чыккан. Дарвиндин ойу бойунча, бардык түрлөр орток бир атадан келишкен жана убакыттын өтүшү менен кичинекей өзгөрүүлөр менен өзгөрүүлөргө дуушар болушкан.

Дарвиндин теориясы эч кандай так илимий табылгага таянган эмес; өзү да кабыл алгандай жөн гана бир «ой жүгүртүү» болчу. Ал тургай Дарвиндин китебиндеги «Теориянын кыйынчылыктары» аттуу узун бөлүмдө мойнуна алгандай, теория көптөгөн абдан маанилүү суроого жооп бере албайт эле.

Дарвин теориясына каршы кыйынчылыктар келечекте илим тарабынан жок кылынат, жаңы илимий табылгалар теориясын күчтөндүрөт деп үмүттөнгөн эле. Муну

китебинде көп жолу белгилеп кеткен. Бирок илимдин өнүгүшү, Дарвиндин үмүтүнө каршы, теориянын негизги көз-караштарын бир-бирден жараксыз кылды.

Дарвинизмдин илим тарабынан кыйратылышын 3 негизги багытта кароого болот:1) Теория жашоонун жер бетинде алгач кандайча пайда болгонун эч түшүндүрө

албайт.2) Теория сунуштаган «эволюция механизмдеринин» чындыгында эволюциялык

күчкө ээ экендигин далилдеген эч кандай илимий далил жок.3) Фоссилдер эволюция теориясынын туура эмес экендигин далилдейт.Бул бөлүмдө бул үч негизги теманы тереңирээк карайбыз.

Өтө албаган алгачкы баскыч: жашоонун келип чыгышы Эволюция теориясы бардык жандуу түрлөрү болжол менен мындан 3,8 миллиард

жыл мурда алгачкы дүйнөдө пайда болгон жалгыз жандуу клеткадан келди деп айтышат. Жалгыз бир клетканын кандайча миллиондогон комплекстүү жандуу түрлөрүн пайда кылгандыгы жана эгер чындыгында мындай бир эволюция болгон болсо эмне үчүн бул процесстин издеринин фоссил булактарында байкалбашы теория түшүндүрө албаган суроолордон. Бирок булардан мурда сөз жүзүндөгү эволюция процессинин алгачкы баскычы жөнүндө сөз кылуу туура болот. Сөз кылынган ошол «алгачкы клетка» кантип пайда болду?

Эволюция теориясы жаратылуудан баш тарткандыктан, эч кандай табият үстү кийлигишүүнү кабыл албагандыктан, ал «алгачкы клетканын» эч кандай проект, план жана жөнгө салуу болбостон, табият мыйзамдары ичинде кокустуктан пайда болгонун айтат. Башкача айтканда, теория бойунча жансыз нерселер кокустуктар натыйжасында пайда болгон бир клетка жараткан болушу керек. Бирок бул – билинген эң негизги биология мыйзамдарына карама-каршы бир көз-караш.

«Жашоо жашоодон келет»Дарвин китебинде жашоонун келип чыгышы жөнүндө эч сөз кылган эмес. Себеби

анын доорундагы илим түшүнүгү жандыктарды абдан жөнөкөй бир структурада деп гипотеза кылышкан. Ортоңку кылымдан бери ишенилип келе жаткан «спонтане женерасйон» аттуу теория бойунча, жансыз нерселер кокустуктар менен чогулуп, жандуу бир нерсе жарата алышат деген ишеним бар болчу. Бул доордо коңуздар тамак таштандыларынан, чычкандар буудайдан пайда болот деген түшүнүктөр кеңири жайылган. Муну далилдөө үчүн ар кандай кызыктуу эксперименттер жасалган. Кир бир кебездин үстүнө буудай койулуп, бираз күткөндө бул аралашмадан чычкан пайда болот деп божомолдонгон.

Эттердин куртташы да жашоонун жансыз заттардан пайда болушу мүмкүн экендигине бир далил катары кабыл алынчу. Бирок кийинчерээк аныкталгандай, курттар өзүнөн-өзү жаралбайт эле, чымындар таштаган көзгө көрүнбөгөн личинкалардан чыгышат эле.

Дарвиндин Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебин жазган учурда бактериялардын жансыз нерселерден пайда болушу ишеними илим дүйнөсүндө кеңири жайылган көз-караш болчу.

Бирок, Дарвин китебин чыгаргандан беш жылдан кийин атактуу Француз биолог Луи Пастер эволюциянын негизи болгон бул ишенимди толугу менен кыйратты. Пастер жасаган көптөгөн аракет жана эксперименттер натыйжасында барган жыйынтыгын мындай жыйынтыктайт: «Жансыз заттардын жашоо пайда кылышы мүмкүн экендиги эми толугу менен тарыхка көмүлдү.»30

Эволюция теориясынын жактоочулары Пастердин табылгаларына көп жылдар бойу тирешишти. Бирок өнүккөн илим жандуу клетканын татаал түзүлүшүн ортого койгондо, жашоонун өзүнөн-өзү пайда болушу мүмкүн эместиги абдан ачык абалга келди.

20-кылымдагы натыйжасыз аракеттер20-кылымда жашоонун келип чыгышы темасын изилдеген алгачкы эволюционист,

атактуу орус биолог Александр Опарин болгон. Опарин 1930-жылдары сунуштаган көптөгөн тезистери менен жандуу клетканын кокустуктар натыйжасында пайда болушу мүмкүн экендигин далилдөөгө аракет жасады. Бирок бул аракеттер ийгиликсиз аяктап, Опарин минтип мойунга алууга мажбур болгон: «Тилекке каршы, клетканын келип чыгышы эволюция теориясын толугу менен камтыган эң караңгы (белгисиз) чекитти түзүүдө.»31

Опариндин жолунан жүргөн эволюционисттер жашоонун келип чыгышы темасын чече турган эксперименттер жасоону улантышты. Мындай эксперименттердин эң атактуусу Америкалык химик Станлей Миллер тарабынан 1953-жылы жасалган. Миллер алгачкы дүйнө атмосферасында бар деп эсептеген газдарды бир экспериментте бириктирип, бул аралашмага энергия кошуу менен протеиндердин структурасында колдонулган бир канча органикалык молекулаларды (амино-кислота) синтездеген.

Ал жылдары эволюция атына маанилүү бир баскыч катары таанытылган бул эксперименттин жараксыз экендиги жана экспериментте колдонулган атмосферанын дүйнө шарттарынан абдан айырмалуу экендиги кийинки жылдарда ачыкка чыккан.32

Көпкө уланган бир жымжырттыктан кийин Миллер өзү да колдонгон атмосфера чөйрөсүнүн чындыктан алыс экендигин мойнуна алган.33

Жашоонун келип чыгышы маселесин түшүндүрүү үчүн 20-кылым бойу жасалган эволюционисттик аракеттердин баары ийгиликсиз аяктады. Сан Диего Скриппс Институтунан атактуу гео-химик Жеффрей Бада эволюционисттердин Earth журналынын 1998-жылкы санында чыккан макалада бул чындыкты мындайча кабыл алат:

Бүгүн, 20-кылымды артка калтырып жатып, дагы эле 20-кылымга киргенде ээ болгон эң чоң чечилбеген маселе алдыбызда турат: Жашоо жер бетинде кантип башталды?34

Жашоонун комплекстүүлүгүЭволюция теориясынын жашоонун келип чыгышы темасында мынчалык чоң

жоопсуз маселеге кабылышынын негизги себеби – эң жөнөкөй деп саналган жандуу структуралардын да укмуштуу татаал түзүлүшкө ээ болушу. Жандуу клетка адамзат жасаган бардык технологиялык продукттардан да татаал түзүлүшкө ээ. Натыйжада бүгүн дүйнөнүн эң алдыңкы лабораторияларында да жансыз заттар чогултулуп, жандуу бир даана клетка өндүрүү мүмкүн эмес болууда.

Бир клетканын жаралышы үчүн керектүү шарттар кокустуктар менен эч түшүндүрүлө албай турган деңгээлде көп. Клетканын эң негизги түзүүчү бөлүкчөсү болгон протеиндердин кокустуктар натыйжасында синтезделүү (пайда болуу) ыктымалдуулугу 500 амино-кислотадан турган орточо бир протеин үчүн 1/10950ге барабар. Бирок математикада 1/1050дөн кичине ыктымалдуулуктар иш жүзүндө ишке ашпас, башкача айтканда, 0 деп кабыл алынат. Клетканын ядросунда жайгашкан жана генетикалык маалыматты сактаган ДНК молекуласы болсо, таң калаарлык бир маалымат сактоочу болуп саналат. Адам ДНКсы камтыган маалымат эгер кагазга түшүрүлсө, 500 беттен турган 900 томдук бир китепкана болоору эсептелүүдө.

Бул жерде абдан кызыктуу дагы бир дилемма бар: ДНК жалаң гана бир канча атайын протеиндердин (энзимдердин) жардамы менен жуптала алат. Бирок бул энзимдердин синтези да жалаң гана ДНКдагы маалыматтар жардамы менен ишке ашат. Бири-биринен көз-каранды болгондуктан, жупталуу ишке ашышы үчүн экөөсү тең бир убакта бар болушу керек. Бул болсо «жашоо өзүнөн-өзү пайда болду» деген сценарийди жокко чыгарууда. Сан Диего Калифорния университетинен атактуу эволюционист проф. Лесли Оргел Scientific American журналынын 1994-жылы октябрдагы санында бул чындыкты мындайча мойунга алат:

Абдан комплекстүү түзүлүшкө ээ болгон протеиндердин жана нуклеиндик кислоталардын (РНК жана ДНК) бир жерде жана бир учурда кокустуктан пайда болушу – ыктымалдуулуктан абдан алыс. Бирок булардын бири болбостон, экинчисин алуу (жасоо) да мүмкүн эмес. Ошондуктан, адам баласы жашоонун химиялык процесстер натыйжасында келип чыгышынын такыр мүмкүн эместиги жыйынтыгына барууга мажбур болууда.35

Шек жок, эгер жашоонун табигый таасирлер натыйжасында келип чыгышы мүмкүн эмес болсо, анда жашоо табият үстү бир абалда «жаратылганын» кабыл алуу керек. Бул чындык негизги максаты «жаратылыштан (натыйжада Аллахтан) баш тартуу» болгон эволюция теориясын апачык жараксыз кылууда.

Эволюциянын ойлоп табылган механизмдериДарвиндин теориясын жараксыз кылган экинчи негизги сокку, теория «эволюция

механизмдери» катары сунуштаган эки түшүнүктүн да чындыгында эч кандай эволюциялык күчкө ээ эмес экендигин түшүнүү натыйжасында ишке ашты.

Дарвин чыгарган эволюция көз-карашын толугу менен «табигый тандалуу» механизмине байланыштырган эле. Бул механизмге берген мааниси китебинин атынан да ачык көрүнүп турат эле: Түрлөрдүн келип чыгышы, табигый тандалуу жолу менен...

Табигый тандалуу табияттагы жашоо күрөшү ичинде табигый шарттарга ылайыктуу жана күчтүү жандуулардын жашоосун улантаары көз-карашына таянат. Мисалы, жырткыч жаныбарлар тарабынан коркунучка кабылган бир кийик тобунда ылдамыраак чуркаган кийиктер жашоосун улантат. Натыйжада кийик тобу ылдам жана күчтүү кийиктерден куралат. Бирок, албетте, бул механизм кийиктерди эволюция кылбайт, аларды башка жаныбар түрүнө, мисалы аттарга айландырбайт.

Демек, табигый тандалуу механизми эч кандай эволюциялык күчкө ээ эмес. Дарвин да бул чындыкты билчү жана Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебинде «Пайдалуу өзгөрүүлөр пайда болмойунча, табигый тандалуу эч нерсе кыла албайт» деп айтууга мажбур болгон.36

Ламарктын таасириМындай «пайдалуу өзгөрүүлөр» кантип болмок? Дарвин ошол учурдун алгачкы

илим түшүнүгү ичинде бул суроого Ламаркка таянуу менен жооп берүүгө аракет жасаган. Дарвинден мурда жашаган Француз биолог Ламарктын ойу бойунча, жаныбарлар жашоолору бойу ишке ашкан физикалык өзгөрүүлөрдү кийинки урпактарга өткөрүп берүүдө, урпактан урпакка чогулган мындай өзгөрүүлөр натыйжасында жаңы жаныбар түрлөрү пайда болууда эле. Мисалы, Ламарктын ойу бойунча, жирафтар жейрендерден пайда болгон эле, бийик дарактардын жалбырактарын жеш үчүн аракет кылып жатып, урпактан урпакка мойундары узарып кеткен эле.

Дарвин да ушул сыяктуу мисалдар берген. Мисалы, Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебинде тамак табуу үчүн сууга түшкөн кээ бир аюулар убакыттын өтүшү менен киттерге айланды деп айткан.37

Бирок Мендел тапкан жана 20-кылымда өнүккөн генетикалык илим менен бекемделген тукум куучулук мыйзамдары «ээ болунган өзгөчөлүктөрдүн кийинки урпактарга берилиши» жомогун толугу менен кыйратты. Мунун натыйжасында табигый тандалуу «жалгыз» жана натыйжада толугу менен жарабаган бир механизм болуп калды.

Нео-Дарвинизм жана мутацияларДарвинисттер болсо бул абалга бир чечүү жолун табуу үчүн 1930-жылдардын

аягында «Модерн синтетикалык теорияны» же кеңири таралган аты менен нео-дарвинизмди чыгарышты. Нео-дарвинизм табигый тандалуунун жанына «пайдалуу өзгөрүү себеби» катары мутацияларды, башкача айтканда, жаныбарлардын гендеринде радиациялар сыяктуу тышкы таасирлер же копиялоо каталары натыйжасында пайда болгон бузулууларды кошушту.

Бүгүнкү күндө дагы эле дүйнөдө эволюция атына жарактуулугун сактаган модел – бул нео-дарвинизм. Теория жер бетинде жашаган миллиондогон жандык түрү, бул

жаныбарлардын кулак, көз, өпкө, канат сыяктуу сансыз комплекстүү органдары «мутацияларга», башкача айтканда, генетикалык бузулууларга таянган бир процесс натыйжасында пайда болду деп эсептейт. Бирок теорияны жокко чыгарган ачык бир илимий чындык бар: Мутациялар жаныбарларды жакшы жакка өзгөртпөйт, тескерисинче дайыма жаныбарларга тескери таасир беришет.

Мунун себеби абдан жөнөкөй: ДНК абдан комплекстүү түзүлүшкө ээ. Бул молекулада пайда болгон ар кандай туш келе (стохастикалык) бир таасир жалаң гана зыян берет. Америкалык генетикчи Б.Г. Ранганатхан муну мындайча түшүндүрөт:

Мутациялар – кичинекей, стохастикалык жана зыяндуу. Кээ-кээде гана ишке ашат жана эң жакшы ыктымалдуулук учурунда эч кандай таасир жаратпайт. Бул үч өзгөчөлүк мутациялардын эволюциялык бир өнүгүү жарата албасын көрсөтөт. Ансыз деле жогорку даражада өзгөчө бир организмде пайда болгон бир туш келе өзгөрүү – же таасирсиз болот же болбосо зыяндуу. Бир кол саатында болгон бир өзгөрүү ал кол саатын жакшыртпайт. Чоң ыктымалдуулук менен ага зыян келтирет же эң жакшы учурда ага эч кандай таасир бербейт. Бир жер титирөө бир шаарды өнүктүрбөйт, ага кыйроо алып келет.38

Чындыгында эле бүгүнкү күнгө чейин эч бир пайдалуу, башкача айтканда, генетикалык маалыматты жакшырткан, өнүктүргөн мутация мисалы байкалган жок. Бардык мутациялардын зыян алып келгени байкалды. Эволюция теориясы тарабынан «эволюция механизми» катары көрсөтүлгөн мутациялардын чындыгында жандууларды бузган, майып кылган генетикалык окуя экендиги ачык түшүнүлдү. (Адамдарда мутациялардын эң көп кездешкен натыйжасы – бул рак оорусу). Албетте, талкалоочу, бузуучу бир механизм «эволюция механизми» боло албайт. Табигый тандалуу болсо, Дарвин да кабыл алгандай, «өзү жалгыз эчтеке кыла албайт». Бул чындык бизге табиятта эч кандай «эволюция механизми» жок экендигин көрсөтөт. Демек, эволюция механизми жок болгон болсо, эволюция деп аталган кыялдагы процесс эч качан болгон эмес.

Фоссилдер: ортоңку звено жокЭволюция теориясы жактаган сценарийдин эч болбогондугунун эң ачык

көрсөткүчү – бул фоссилдер (мис. вулкан атылганда жаныбар, канаттуу же өсүмдүк жабышып катып калган таш калдыктар).

Эволюция теориясы бойунча, бардык жандуулар бири-биринен пайда болгон. Мурда бар болгон бир жандуу түрү убакыттын өтүшү менен башка бир түргө айланган жана бардык түрлөр ушундай жол менен пайда болгон. Теория бойунча, мындай өзгөрүүлөр миллиондогон жылдарга барабар узун убакытта болгон жана баскыч баскыч алдын (өйдө) көздөй уланган.

Мындай учурда сөз кылынган узун убакыт бойу өзгөрүү процесси ичинде сансыз көп «ортоңку звенолордун» пайда болуп, жашап өткөн болушу керек эле.

Мисалы, өткөн учурларда балык өзгөчөлүктөрүнө ээ болгонуна карабастан, бир тараптан да кээ бир сойлоп жүрүүчү өзгөчөлүктөргө ээ болгон жарым балык-жарым

сойлоп жүрүүчү жандыктар жашаган болушу керек эле. Же сойлоп жүрүүчү өзгөчөлүктөрү менен бирге, бир тараптан да кээ бир канаттуу өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон сойлоп жүрүүчү-канаттуу пайда болгон болушу керек эле. Булар бир өткөөл абалда болгондуктан, майып, кемчиликтүү, кээ бир органдары жарым-жартылай болгон жандыктар болушу керек эле. Эволюционисттер өткөн учурда жашап өткөн деп ишенген мындай теориялык жандыктарды «ортоңку звенолор (формалар)» деп аташат.

Эгер чындыгында мындай түрдөгү жандыктар өткөн учурларда жашаган болгондо, алардын сандары жана түрлөрү миллиондогон, ал тургай миллиарддаган болушу керек эле. Жана мындай майып, кемчиликтүү жандыктардын калдыктарынын сөзсүз фоссилдери табылышы керек эле. Дарвин Түрлөрдүн келип чыгышы китебинде муну мындайча түшүндүрөт:

Эгер теориям туура болсо, түрлөрдү бири-бирине байланыштырган сансыз көп ортоңку формалардын (звенолордун) түрлөрү сөзсүз жашаган болушу керек... Булардын жашап өткөндүгүнүн далилдери жалаң гана фоссил калдыктары арасынан табылышы мүмкүн.39

Бирок бул сөздөрдү жазган Дарвин мындай ортоңку формалардын фоссилдеринин эч табылбаганын да билчү. Мунун теориясы үчүн чоң бир тупик экенин көрүп турган. Ошондуктан, Түрлөрдүн келип чыгышы китебинин «Теориянын кыйынчылыктары» (Difficulties on Theory) аттуу бөлүмүндө мындай деп жазган эле:

Эгер чындап эле түрлөр башка түрлөрдөн акырын өнүгүү менен келип чыккан болсо, эмне үчүн сансыз ортоңку өткөөл звенолорго учурабай жатабыз? Эмне үчүн табият бир хаос абалында эмес, толугу менен белгиленген жана орду ордунда? Сансыз ортоңку өткөөл звено болушу керек, бирок эмне үчүн жер бетинин сансыз көп катмарында көмүлүү таппай жатабыз... Эмне үчүн ар бир геологиялык түзүлүш жана ар бир катмар мындай звенолорго толо эмес? Геология жакшы даражаландырылган бир процесс ортого чыгарбоодо жана балким бул менин теорияма каршы айтыла турган эң чоң каршы пикир болот. (Кошумча дипнот: Charles Darwin, The Origin of Species, s. 172, 280)

Дарвиндин үзүлгөн үмүтүБирок 19-кылымдын ортосунан бери дүйнөнүн бардык тарабында кемчиликтүү

жандык фоссилдери изделгенине карабастан, мындай ортоңку формалардын бир да фоссили табыла албады. Жасалган казуулар жана изилдөөлөрдө табылган табылгалар, эволюционисттердин үмүтүн үзүп, жандуулардын бир заматта, кемчиликсиз жана толук органдары менен пайда болгонун көрсөттү.

Атактуу англиялык палеонтолог (фоссил илимпозу) Дерек В. Агер бир эволюционист болгонуна карабастан, бул чындыкты мындайча мойунга алат:

Маселе мындай: Фоссил табылгаларын жакшылап изилдегенде, түрлөр же класстар деңгээлинде болсун, дайыма бир эле чындыкка жолугабыз; баскычтуу

эволюция жолу менен эмес, бир заматта жер бетинде пайда болгон группаларды көрөбүз.40

Башкача айтканда, фоссил табылгаларында бардык жандуу түрлөрү ортолорунда эч кандай өткөөл форма болбостон, кемчиликсиз абалдарында бир заматта пайда болушкан. Бул Дарвин жактаган көз-карашка толугу менен карама-каршы. Тагыраак айтканда, бул – жандуу түрлөрүнүн жаратылгандыгын көрсөткөн абдан күчтүү бир далил. Себеби бир жандуу түрүнүн башка бир түрдөн («атасынан») эч кандай эволюция болбостон, бир заматта жана кемчиликсиз бир абалда пайда болушунун жалгыз түшүндүрмөсү болуп «ал түрдүн жаратылган болушу» саналат. Бул чындык атактуу эволюционист биолог Дуглас Футуйма тарабынан да кабыл алынат:

«Жаратылуу жана эволюция жашап жаткан жандуулардын келип чыгышын түшүндүрүүнүн альтернативдүү эки жолу. Жандуулар дүйнөдө же толугу менен толук жана кемчиликсиз бир абалда пайда болушкан же мындай болгон эмес. Эгер мындай болгон эмес болсо, анда бир өзгөрүү процесси натыйжасында алардан мурда бар болгон кээ бир жандуу түрлөрүнөн эволюциялашып, жаралган болушу керек. Бирок, эгер кемчиликсиз жана толук абалда пайда болгон болсо, анда чексиз күч-кудурет ээси бир акыл тарабынан жаратылган болушу керек.»41

Фоссилдер болсо жандуулардын жер бетинде кемчиликсиз жана толук абалда пайда болгонун көрсөтүүдө. Башкача айтканда, «түрлөрдүн келип чыгышы» - Дарвин ойлогондун тескерисинче, эволюция эмес, жаратылуу.

Адамдын эволюциясы жомогуЭволюция теориясынын жактоочулары эң көп сөз кылган тема – адамдын

жаралышы темасы. Бул жөнүндө дарвинисттер бүгүнкү күндө жашаган адамды маймыл сыяктуу ар кандай жандыктардан келип чыккан деген гипотезаны жакташат. 4-5 миллион жыл мурда башталды деп гипотеза кылынган бир процессте заманбап адам менен аталары арасында «ортоңку формалар» жашаган деп айтылат. Чындыгында толугу менен ойлоп табылган бул сценарийде төрт негизги «категория» саналат:

1- австралопитек2- хомо хабилис3- хомо эректус4- хомо сапиенсЭволюционисттер адамдардын сөз жүзүндөгү алгачкы маймыл сымал атасын

«түштүк маймылы» маанисине келген «австралопитек» деп аташат. Бул жандыктар чындыгында өлүп жок болгон бир маймыл түрү гана. Лорд Солли Зукерман жана профессор Чарльз Окснард сыяктуу Англия жана АКШдан дүйнөгө таанымал эки анатомист тарабынан жасалган терең изилдөөлөр бул жандыктардын жалаң гана өлүп жок болгон бир маймыл түрүнө тиешелүү экендигин жана адамдарга эч кандай окшошпогондугун көрсөткөн.42

Эволюционисттер адам эволюциясынын кийинки баскычын «хомо», башкача айтканда, адам деген класска бөлүшөт. Көз-караш бойунча хомо сериясындагы жандыктар австралопитектерден көбүрөөк өнүккөн. Эволюционисттер бул түрдүү жандыктарга тиешелүү фоссилдерди биринин артынан бирин тизип алышып, ойлоп табылган эволюция графигин жасашат. Бул график ойлоп табылган, себеби иш жүзүндө бул ар түрдүү класстар арасында эволюциялык байланыш бар экендиги эч качан далилдене алган эмес. Эволюция теориясынын 20-кылымдагы эң маанилүү жактоочуларынын бири Эрнст Майр «Хомо сапиенске баруучу чынжыр – иш жүзүндө кайып (жок)» деп бул чындыкты кабыл алат.43

Эволюционисттер «австралопитек > хомо хабилис > хомо эректус > хомо сапиенс» деп катарга койууда бул түрлөрдүн ар биринин кийинкисинин атасы сыяктуу көрүнүш сүрөттөшөт. Чындыгында болсо палеонтологдордун акыркы табылгалары австралопитек, хомо хабилис жана хомо эректустун дүйнөнүн ар кайсы аймактарында бир учурда жашаганын көрсөттү.44 Мындан тышкары, хомо эректус классына тиешелүү адамдардын бир бөлүгү азыркы учурга чейин жашаган, хомо сапиенс неандерталец жана хомо сапиенс сапиенс (заманбап адам) менен бир эле чөйрөдө жанаша жашашкан.45

Бул болсо бул класстардын бири-биринин атасы деген көз-караштын туура эмес экендигин ачык далилдейт. Гарвард университети палеонтологу Стефен Жай Гоулд өзү да бир эволюционист болгонуна карабастан, дарвинист теория такалган бул жарды (тупикти) мындайча түшүндүрөт:

«Эгер бири-бири менен бир убакта жашаган үч түрдүү хоминид (адам сымал) сүрөтү бар болгон болсо, анда биздин санжыра дарагыбыз эмне болду? Булардын бири экинчисинен келип чыкпагандыгы ачык. Мындан тышкары, бири экинчиси менен салыштырылганда, эволюциялык бир өзгөрүү тенденциясын көрсөтпөөдө.»46

Кыскача айтканда, массалык маалымат каражаттарында же окуу китептеринде орун алган ойлоп табылган бир топ «жарым маймыл, жарым адам» жандыктардын сүрөттөрү аркылуу, башкача айтканда, пропаганда жолу менен гана сактоого аракет кылынган «адамдын эволюциясы» сценарийи – эч кандай илимий далили, таянычы жок бир жомок гана.

Бул теманы көп жылдар бойу изилдеген, өзгөчө австралопитек фоссилдери жөнүндө 15 жыл изилдөө жасаган Англиянын эң атактуу жана урматтуу илимпоздорунун бири Лорд Солли Зукерман, бир эволюционист болгонуна карабастан, маймыл сымал жандыктардан адамга чейин улануучу чыныгы бир санжыра дарагы жок экендиги жөнүндөгү жыйынтыкка барган.

Зукерман, мындан тышкары, кызыктуу бир «илим көрсөткүчү» даярдаган. Илимий катары кабыл алган илим тармактарынан, илимден алыс деп кабыл алган илим тармактарына чейин бир катарга койгон. Зукермандын бул таблицасы бойунча, эң «илимий», башкача айтканда, так далилдерге таянган илим тармактары – химия жана физика. Катарда булардан кийин биология илимдери, андан кийин коомдук илимдер келет. Бул катардын эң «илимден алыс» бөлүгүндө болсо, Зукермандын ойу бойунча,

телепатия, алтынчы сезим сыяктуу «сезимден тышкаркы кабылдоо» түшүнүктөрү жана ошондой эле «адамдын эволюциясы» бар! Зукерман катардын бул учун мындайча түшүндүрөт:

Объективдүү чындыктын чөйрөсүнөн чыгып, биологиялык илим катары гипотеза кылынган бул чөйрөлөргө, башкача айтканда, сезимден тышкаркы кабылдоо жана адамдын фоссил тарыхынын түшүндүрүлүшүнө киргенибизде, эволюция теориясына ишенген бир адам үчүн бардык нерсе мүмкүн экендигин көрөбүз. Ал тургай, теорияларына чындап ишенген бул адамдардын бири-бирине туура келбеген жоромолдорду да бир эле убакта кабыл алышы да мүмкүн.47

Мына «адамдын эволюциясы» жомогу да – теорияларына далилсиз ишенген бир топ адамдардын тапкан кээ бир фоссилдерди өздөрү каалагандай божомолдоолорунан гана турат.

Дарвиндин формуласы!Буга чейин караган бардык илимий далилдер менен бирге, ылайыктуу көрсөңүз,

эволюционисттердин кандайча күлкүмүштүү ишенимге ээ экендигин жаш балдар да түшүнө турган ачык бир мисал менен көрсөтөлү.

Эволюция теориясы жандыктар кокусунан пайда болду деген ойду жактайт. Демек, бул көз-караш бойунча, жансыз жана акылсыз атомдор биригип, алгач клетканы жаратышкан жана андан кийин ошол эле атомдор кандайдыр бир жол менен башка жандыктарды жана адамды жаратышкан. Эми ойлонуп көрөлү: жандыктардын негизи болгон көмүртек, фосфор, азот, калий сыяктуу элементтерди бир жерге чогултканыбызда бир заттар тобу пайда болот. Бул атомдордун тобу кандай процесстерден өткөрүлбөсүн, бир даана да жандык жарата албайт. Кааласаңыз бир «эксперимент» да жасайлы жана эволюционисттер жактаган, бирок ачык үн менен айта албаган көз-карашын алардын атынан «Дарвин формуласы» деген ат менен анализдеп көрөлү:

Эволюционисттер көптөгөн, чоң идиштердин ичине жандыктардын түзүлүшүндө болгон фосфор, азот, көмүртек, кычкылтек, темир, магний сыяктуу элементтерден каалашынча салышсын. Ал тургай нормалдуу шарттарда кездешпеген, бирок бул аралашма ичинде болсун деп каалаган заттарды да бул идишке салышсын. Бул аралашманын ичине каалашынча амино-кислота, каалашынча (бир даанасынын кокусунан пайда болуу ыктымалдуулугу 1/10950 болгон) протеин кошушсун. Бул аралашмаларга каалаган деңгээлде ысыктык жана нымдуулук беришсин. Буларды каалаган эң алдыңкы инструменттер менен аралаштырышсын. Идиштердин жанына дүйнөнүн алдыңкы илимпоздорун койушсун.

Бул адистер атадан балага, урпактан урпакка өткөрүп, алмак-салмак миллиарддаган, ал тургай триллиондогон жылдар бойу идиштердин башында туруп күтүшсүн. Бир жандык пайда болушу үчүн кандай шарттар керек болгон болсо, каалагандай шарт түзүү эркин болсун. Бирок эмне гана кылышпасын, ал идиштерден эч качан бир жандык чыгара алышпайт. Жирафтарды, арстандарды, аарыларды,

булбулдарды, тоту куштарды, аттарды, дельфиндерди, гүлдөрдү, орхидеяларды, банандарды, апельсиндерди, алмаларды, курмаларды, помидорлорду, коондорду, дарбыздарды, жүзүмдөрдү, түркүн түстүү көпөлөктөрдү жана ушулар сыяктуу миллиондогон жандык түрүнүн эч бирин жарата алышпайт. Бул жерде саналган бул жандыктардын бирөөсүн эмес, булардын жалгыз бир клеткасын да пайда кыла алышпайт.

Кыскача айтканда, акылсыз атомдор бир жерге чогулуп, клетка жарата алышпайт. Кийин кайрадан бир чечим кабыл алып, бир клетканы экиге бөлүп, андан кийин кайра кайра чечим кабыл алышып, электрондук микроскопту ойлоп тапкан, анан өз клеткасынын түзүлүшүн бул микроскоп жардамы менен изилдеген профессорлорду жарата алышпайт. Зат жалаң гана Аллахтын жогорку күч-кудурет менен жаратышы аркылуу гана жашоого ээ болот.

Мунун тескерисин жактаган эволюция теориясы болсо – акылга толугу менен туура келбеген бир жалган гана. Эволюционисттер жактаган көз-караштарды бир аз гана ойлонуу, жогоруда мисалда көрсөтүлгөндөй, бул чындыкты апачык көрсөтөт.

Көз жана кулактагы технологияЭволюция теориясы эч качан түшүндүрө албаган башка бир нерсе – көз жана

кулактагы кабылдоонун жогорку сапаты.Көз менен байланыштуу темага өтүүдөн мурда «кантип көрүп жатабыз?»

суроосуна кыскача жооп берели. Бир заттан келген нурлар көздөгү торчого тескери болуп түшөт. Бул нурлар бул жердеги клеткалар тарабынан электрдик импульстарга (сигналдарга) айландырылат жана мээнин арка тарабындагы көрүү борбору деп аталган кичинекей бир чекитке жетет. Бул электрдик импульстар бир канча процесстен кийин мээдеги көрүү борборунда сүрөттөлүш катары кабылданат. Бул маалыматтарды алгандан кийин эми ойлонолу:

Мээ жарык өткөрбөйт. Башкача айтканда, мээнин ичи капкараңгы, жарык мээ жайгашкан жерге чейин кире албайт. Көрүү борбору деп аталган жер – капкараңгы, жарык эч жетпеген, балким эч биз көрбөгөндөй караңгы бир жер. Бирок, сиз бул чымкый караңгылыкта нурдуу, түркүн-түстүү бир дүйнөнү көрүп жатасыз.

Болгондо да, бул көрүнүш ушунчалык даана жана сапаттуу болгондуктан, 21-кылым технологиясы да бардык мүмкүнчүлүктөргө карабастан мынчалык даана сүрөттөлүшкө жете алган жок. Мисалы, азыр окуп жаткан китебиңизди, китепти кармаган колуңузду караңыз, андан соң башыңызды көтөрүп, айланаңызды караңыз. Азыр көрүп турган дааналык жана сапаттагы бул сүрөттөлүштү башка бир жерден көрдүңүзбү? Мынчалык сапаттуу сүрөттөлүштү сизге дүйнөнүн эң алдыңкы фирмасынын эң алдыңкы телевизор экраны да тартуулай албайт. 100 жылдан бери миңдеген инженерлер мындай даана сүрөттөлүшкө жетүү үчүн аракет кылышууда. Бул үчүн заводдор, ири ишканалар курулууда, изилдөөлөр жүргүзүлүүдө, план жана проекттер жасалууда. Ошого карабастан, телевизор экранын бир карап, колуңуздагы

китепти карап салыштырып көрүңүз. Экөө арасында сүрөттөлүштүн дааналыгы жана сапаты арасында чоң бир айырма байкайсыз. Болгондо да, телевизор экраны сизге эки өлчөмдүү бир сүрөттөлүш тартуулайт, сиз болсо үч өлчөмдүү, тереңдиги бар бир сүрөттөлүштү көрүп жатасыз.

Көп жылдар бойу он миңдеген инженер үч өлчөмдүү телевизор жасоого, көздүн көрүү сапатындай сапатка жетүүгө аракет кылышууда. Ооба, үч өлчөмдүү бир телевизор жасай алышты, бирок аны көз айнексиз үч өлчөмдүү кылып көрүүгө мүмкүн эмес, ошондой эле бул үч өлчөм – жасалма. Арка тарабы бозомук, алдыңкы тарабы болсо кагаздан жасалган декорация сыяктуу көрүнөт. Эч качан көз көргөн сыяктуу даана жана сапаттуу бир сүрөттөлүш жаралбайт. Камерада да, телевизордо да сөзсүз сүрөттөлүштө сапат, дааналык төмөндөшү болот.

Эволюционисттер ушундай сапаттуу жана даана сүрөттөлүштү жараткан механизм кокусунан жаралды деген ойду жакташат. Азыр бирөө сизге бөлмөңүздөгү телевизор кокусунан пайда болду, атомдор чогулду жана бул сүрөттөлүш пайда кылган инструментти (телевизорду) пайда кылды десе сиз эмне деп ойлойсуз? Миңдеген адам чогулуп жасай албаган нерсени атомдор кантип жасашсын?

Көз көргөн сапаттан алда канча төмөн болгон бир сүрөттөлүштү пайда кылган нерсе кокусунан пайда болбосо, көз жана көз көргөн сүрөттөлүштүн да кокусунан пайда боло албашы айдан ачык. Ушул эле абал кулакка да тиешелүү. Тышкы кулак айланадагы үндөрдү кулак лакатору жардамы менен топтоп, ортоңку кулакка берет; ортоңку кулак үн толкундарын күчөтүп, ички кулакка өткөрүп берет; ички кулак бул толкундарды электрдик импульстарга айландырып, мээге жөнөтөт. Көрүү процессинде болгон сыяктуу угуу процесси да мээдеги угуу борборунда ишке ашат.

Көздөгү абал кулакка да тиешелүү, башкача айтканда, мээ жарык өткөрбөгөн сыяктуу, үн да өткөрбөйт. Ошондуктан, сырт тарап канчалык ызы-чуу болсо да, мээнин ичи толугу менен жымжырттыкта. Ошого карабастан, эң даана үндөр мээде кабылданат. Үн өткөрбөгөн мээңизде бир оркестрдин симфонияларын угасыз, көчө толо адамдардын бардык ызы-чуусун угасыз. Бирок ошол учурда атайын бир прибор менен мээңиздин ичиндеги үн өлчөнсө, ал жерде толук жымжырттык өкүм сүрүп жаткандыгы байкалат.

Жогорку сапаттуу сүрөттөлүштү алуу үчүн аракет кылынган сыяктуу, үн үчүн да ондогон жылдар бойу ушундай аракеттер жасалууда. Үн жаздыруу аппараттары, музыкалык борборлор, көптөгөн электрондук аппараттар, үндү кабылдаган музыка системалары–бул аракеттердин кээ бир жыйынтыктары. Бирок болгон технология, бул технологияда иштеген миңдеген инженер жана адиске карабастан, кулак пайда кылган даана жана сапаттагы бир үнгө жете алынган эмес. Музыкалык аппарат өндүргөн эң ири фирма тарабынан өндүрүлгөн эң сапаттуу музыкалык борборду элестетип көрүңүз. Үн жаздырганда, сөзсүз үндүн бир бөлүгү жоголот же бир аз болсо да шум пайда болот же музыкалык борборду жандырганда, музыка баштала электе эле бир шум угасыз. Бирок адам денесиндеги технологиянын продукту болгон үндөр абдан даана жана кемчиликсиз.

Адамдын кулагы музыкалык борбордогу сыяктуу шум жаратпайт, үн кандай болсо ошондой угат. Бул абал адам жаралгандан бери уланып келе жатат.

Бүгүнкү күнгө чейин адам баласы жасаган эч кайсы сүрөттөлүш жана үн аппараты көз жана кулак сыяктуу сапат жана ийгиликтеги бир кабылдоочу боло алган жок.

Ошондой эле, көрүү жана угуу процессинде, булардан сырткары, абдан чоң дагы бир чындык бар.

Мээнин ичинде көргөн жана уккан аң-сезим кимге тиешелүү?Мээнин ичинде, түркүн түстүү дүйнөнү караган, симфонияларды, чымчыктардын

сайраганын уккан, гүлдү жыттаган ким?Адамдын көздөрүнөн, кулактарынан, мурдунан келген импульстар электрдик

сигнал катары мээге барат. Биология, физиология же биохимия китептеринде бул сүрөттөлүштүн мээде кантип пайда болоору жөнүндө көптөгөн терең маалыматтар окуй аласыз. Бирок бул тема жөнүндөгү эң маанилүү чындыкты эч жерден көрбөйсүз: мээде бул электрдик сигналдарды сүрөттөлүш, үн, жыт жана сезүү катары кабылдаган ким?

Мээнин ичинде көзгө, кулакка, мурунга муктаж болбостон бардык бул нерселерди кабылдаган бир аң-сезим бар. Бул аң-сезим кимге тиешелүү?

Албетте, бул аң-сезим – мээни түзгөн нервдер, май катмары жана нерв клеткаларына тиешелүү эмес. Мына ушул себептен улам, бардык нерсе заттан гана турат деген дарвинист-материалисттер бул суроолордун эч бирине жооп бере алышпайт. Себеби, бул аң-сезим – Аллах жараткан рух. Рух сүрөттөлүштү көрүү үчүн көзгө, үндү угуу үчүн кулакка муктаж эмес. Ал тургай, ойлонуу үчүн мээге муктаж эмес.

Бул ачык жана илимий чындыкты окуган ар бир адам мээ ичиндеги бир канча см3дук, капкараңгы жерге бардык ааламды үч өлчөмдүү, түркүн түстүү, көлөкөлүү жана жарык нурлуу кылып батырып койгон улуу Аллахты ойлонуп, Андан коркуп, Ага корголошу зарыл.

Материалисттик ишеним (дин)Буга чейин карагандарыбыз эволюция теориясынын илимий табылгаларга ачык

карама-каршы келген бир көз-караш экендигин көрсөттү. Теориянын жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү ойу илимге эч туура келбейт, теория жактаган эволюция механизмдеринин эч кандай эволюциялык күчү жок жана фоссилдер теория муктаж болгон ортоңку формалардын эч качан жашабаганын көрсөтүүдө. Бул учурда, албетте, эволюция теориясы илимге туура келбеген бир пикир катары тарыхка калтырылышы керек. Тарыхта да «дүйнө борбордуу аалам» модели сыяктуу көптөгөн пикирлер илимден чыгарылып салынган. Бирок эволюция теориясы илим катары сакталып калууга аракет кылынууда. Ал тургай кээ бир адамдар теорияга сын-пикирлерди «илимге кол салуу» катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Эмнеге мындай?..

Бул абалдын себеби – эволюция теориясынын кээ бир чөйрөлөр үчүн андан эч баш тартыла албай турган догма бир ишеним болушунда. Бул чөйрөлөр материалисттик

философияга эч кандай далилсиз байланып алышкан жана дарвинизмди болсо жападан жалгыз материалисттик көз-караш катары жакташууда.

Кээде муну ачык-ачык мойнуна да алышат. Гарвард университетинен атактуу бир генетикчи жана ошол эле учурда алдыңкы бир эволюционист болгон Ричард Левонтин «алгач материалист, андан соң илимпоз» экенин мындайча мойнуна алат:

Биздин материализмге бир ишенимибиз бар, априори (мурдатан (далилсиз) кабыл алынган, туура деп гипотеза кылынган) бир ишеним бул. Бизди дүйнөгө материалисттик түшүндүрмө жасоого зордогон нерсе – илимдин ыкмалары жана эрежелери эмес. Тескерисинче, материализмге болгон «априори» байланганыбыз себептүү, дүйнөгө материалисттик түшүндүрмө алып келген изилдөө ыкмаларын жана түшүнүктөрүн чыгарабыз. Материализм абсолюттук туура болгондон кийин, Илахи бир түшүндүрүүнүн ортого чыгышына жол бере албайбыз.48

Бул сөздөр – дарвинизмдин материалисттик философияга байлануу (көз-каранды болуу) үчүн жашатылган бир догма экендигинин ачык баяны. Бул догма заттан башка эч кандай жандык жок деп гипотеза жасайт. Ошондуктан, жансыз, аң-сезимсиз, акылсыз зат жашоону жаратты деп ишенет. Миллиондогон ар түрдүү жандыктарды, мисалы чымчыктар, балыктар, жирафтар, кабыландар, курт-кумурскалар, дарактар, гүлдөр жана адамдарды заттардын өз-ара реакциялары аркылуу, башкача айтканда, жааган жамгыр, чагылган аркылуу жансыз заттар ичинен жаралып калды деп кабыл алат. Чындыгында болсо бул акылга да, илимге да сыйбайт. Бирок дарвинисттер өз сөздөрү менен айтканда «Илахи бир (Кудай жаратты деген) түшүндүрмөнүн ортого чыкпашы» үчүн мындай нерсени жактоону улантышууда.

Жандуулардын келип чыгышына материалисттик көз-караш менен карабаган адамдар болсо төмөнкү ачык чындыкты көрүшөт: бардык жандыктар – жогорку бир күч-кудурет, илим жана акыл ээси болгон бир Жаратуучунун чыгармалары. Жаратуучу – бардык ааламды жоктон бар кылып жараткан, эң кемчиликсиз абалда жасаган жана бардык жандыктарды жаратып, келбет берген Аллах.

Эволюция теориясы дүйнө тарыхынынэң таасирдүү сыйкырыБул жерде муну да айта кетүү керек: алдын-ала сын-пикирсиз, эч кандай

идеологиянын таасири астында калбастан, жалаң гана акылын жана логикасын колдонгон ар бир адам илим жана маданияттан алыс коомдордун негизсиз ишенимдерин элестеткен эволюция теориясынын ишенүүгө мүмкүн эмес бир көз-караш экендигин оңой эле түшүнөт.

Жогоруда да айтылгандай, эволюция теориясына ишенгендер чоң бир идиштин ичине көптөгөн атомду, молекуланы, жансыз заттарды толтуруп койсо, булардын аралашмасынан убакыт өтүшү менен ойлонгон, акыл жүгүрткөн, ачылыштар жасаган профессорлор, университет студенттери, Эйнштейн, Хаббл сыяктуу илимпоздор, Франк Синатра, Шарлтон Хестон сыяктуу искусство адамдары, ошондой эле лимон дарактары,

гүлдөр, жаныбарлар чыгат деп ишенишүүдө. Болгондо да мындай акылга сыйбас пикирге ишенгендер – илимпоздор, профессорлор, илимдүү адамдар болууда. Ошол себептен, эволюция теориясы үчүн «дүйнө тарыхынын – эң чоң жана эң таасирдүү сыйкыры» сөзүн колдонуу туура болот. Себеби дүйнө тарыхында адамдардын мынчалык акылын башынан алган, акыл жана логика менен ойлонууларына тоскоолдук кылган, көздөрүнүн алдына бир перде сыяктуу тосмо тартып, алардын айдан ачык чындыктарды көрүүлөрүнө тоскоол болгон башка ишеним же көз-караш жок. Бул эски египеттиктердин күн кудайы Рага, африкалык кээ бир уруулардын тотемдерге, Саба калкынын күнгө сыйынуусунан, Аз. Ибрахимдин коомунун колдору менен жасап алган идолдорго, Аз. Мусанын коомунун өздөрү алтындан жасаган музоого сыйынуусунан бир топ коркунучтуу (рисктүү) жана акылга сыйбас бир сокурдук. Чындыгында бул абал – Аллах Куранда ишарат кылган акылсыздык. Аллах кээ бир адамдардын аңдап-түшүнүүлөрүнүн жабылып калаарын жана чындыктарды көрүүгө алсыз болуп калаарын көптөгөн аятында билдирген. Бул аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Шек жок, чындыктан баш тарткандарды эскертсең да, эскертпесең да алар үчүн айырмасы жок; (алар) ишенишпейт. Аллах алардын жүрөктөрүн жана кулактарын мөөрлөгөн; көздөрүнүн үстүндө перделер бар. Жана чоң азап – аларга. (Бакара Сүрөсү, 6-7)

… Жүрөктөрү бар, бирок аны менен аңдап-түшүнүшпөйт, көздөрү бар, бирок аны менен көрүшпөйт, кулактары бар, бирок аны менен угушпайт. Алар – айбандар сыяктуу, ал тургай андан да төмөн. Дал ушулар – капылет калгандар.» (Араф Сүрөсү, 179)

Аллах башка аятында болсо бул адамдардын укмуштар (можизалар) көрсө да ишенбей турган деңгээлде сыйкырланып калгандыктарын мындайча билдирет:

Алардын үстүнө асмандан бир эшик ачсак, ал жерден жогору көтөрүлсөлөр да, сөзсүз «Көздөрүбүз айландырылып койулду, балким биз сыйкырланган бир коомбуз» деп айтышат. (Хижр Сүрөсү, 14-15)

Мынчалык көп адамдарга бул сыйкырдын таасир этиши, адамдардын чындыктардан мынчалык алыс кармалышы жана 150 жыл бул сыйкырдын бузулбашы болсо - сөздөр менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбой турган деңгээлде таң калаарлык бир абал. Себеби, бир же бир канча адамдын ишке ашышы мүмкүн эмес сценарийлерге, акылга жана логикага сыйбаган нерселерге толгон пикирлерге ишенишин түшүнүүгө болот. Бирок дүйнөнүн төрт бурчундагы адамдардын акылсыз жана жансыз атомдордун кокусунан бир чечим кабыл алышып, чогулушуп, укмуштай уюштуруу, дисциплина, акыл жана аң-сезим көрсөтүп, кемчиликсиз бир система менен иштеген ааламды,

жандуулар үчүн ыңгайлуу болгон ар кандай өзгөчөлүккө ээ болгон жер планетасын жана сансыз көп комплекстүү системалар менен камсыз кылынган жандыктарды жараткандыгына ишенишинин – «сыйкырдан» (гипноздон) башка бир түшүндүрмөсү жок.

Аллах Куранда баш тартуучу философиянын жактоочусу болгон кээ бир адамдардын кээ бир сыйкырлар аркылуу адамдарга таасир бергендигин Аз.Муса жана Фираун арасында болгон бир окуя аркылуу бизге билдирет. Аз.Муса Фираунга (Фараонго) чындык, акыйкат динди түшүндүргөндө, Фираун Аз.Мусага өзүнүн «илимдүү сыйкырчылары» менен адамдар топтолгон бир жерде жолугуусун айтат. Аз.Муса сыйкырчылар менен жолугушканда, сыйкырчыларга алгач «таланттарын» көрсөтүшүн буйрук кылат. Бул окуяны баяндаган аяттар мындай:

(Муса:) «Силер таштагыла» деди. (Асаларын) таштаары менен, адамдардын көздөрүн сыйкырлап жиберишти, аларды коркутушту жана (ортого) чоң бир сыйкыр алып келген болушту. (Араф Сүрөсү, 116)

Байкалгандай, Фираундун сыйкырчылары жасаган «калптары» менен, Аз.Муса жана ага ишенгендерден башка, адамдардын баарын сыйкырлай алышкан. Бирок алардын таштаган нерселерине каршы Аз.Муса ортого койгон далил алардын бул сыйкырын, аяттагы баян менен «ойлоп тапкандарын жуткан», башкача айтканда таасирсиз кылган:

Биз Мусага: «Асаңды ташта» деп вахий кылдык. (Ал таштап жибергенде) бир карашты, ал бардык ойлоп тапкан нерселерин топтоп жутууда. Ушундайча чындык өз ордун тапты, алардын бардык кылып жаткандары жараксыз болду. Ал жерде жеңилишти жана басмырланып тескери бурулушту. (Араф Сүрөсү, 117-119)

Аятта да билдирилгендей, мурда адамдарды сыйкырлоо менен аларга таасир берген бул адамдар кылган нерселердин бир алдамчылык экендиги билинээри менен бул адамдар уят болуп, басмырланышкан. Бүгүнкү күндө да бир сыйкырдын таасири менен калп илимий көрүнгөн акылга такыр сыйбас жалгандарга ишенген жана буларды жактоого жашоосун арнагандар эгер бул ойлорунан (дарвинизмден) баш тартышпаса, чындыктар толугу менен ачыкка чыкканда жана «бул сыйкыр бузулганда», катуу уят болушат. Алсак, дээрлик 60 жашына чейин эволюцияны жактаган жана атесит бир философ болгон, бирок кийин чындыктарды көргөн Малкольм Муггеридж эволюция теориясынын жакынкы келечекте кабыла турган абалын мындайча сүрөттөйт:

«Мен өзүм эволюция теориясынын, өзгөчө жайылган тармактарында, келечектин тарых китептеринде эң чоң анекдот темаларынын бири болооруна толук ишендим. Келечек урпактар мынчалык чирик жана белгисиз бир гипотезанын таң калаарлык абалда кабыл алынганын таң калуу менен тосушат.»49

Бул келечек алыста эмес, тескерисинче, абдан жакын бир келечекте адамдар «кокустуктардын» илах (кудай) боло албашын түшүнүшөт жана эволюция теориясы дүйнө тарыхынын эң чоң калпы жана эң күчтүү сыйкыры деп аталып калат. Бул күчтүү сыйкырдан (гипноздон) дүйнөнүн төрт бурчунда адамдар абдан бат кутула башташты. Эволюция калпынын сырын үйрөнгөн көптөгөн адамдар бул калпка кантип ишенгенин таң калуу менен ойлонушууда.

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок.

Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү, өкүм жана хикмат (терең акыл) ээсисиң.»

(Бакара Сүрөсү, 32)

Дипноттор

1- Terzioğlu Meliha, Oruç Tülin, Yiğit Günnur, Fizyoloji Ders Kitabı, İstanbul, İ. Ü. Basımevi ve Film Merkezi, 1997, s. 3992- Musa Özet, Osman Arpacı, Biyoloji 2, Sürat Yayınları, Şubat 98, s. 1273- Helena Curtis, Sue Barnes, Invıtation To Biology: Dördüncü Baskı, New York, Worth Publisher, INC, Ağustos 1985, s. 4724- Biological Science A Moleculer Approach, BSCS Blue Version-6. Bask, Colorado1990, s. 5175- Eldra Pearl Solomon, İnsan Anatomisine ve Fizyolojisine Giriş, Çeviri: Doç. Dr. L. Bilkem Süzen, İstanbul, Birol Basın Yayın Dağıtım, Ağustos 1997, s. 1406- Musa Özet, Osman Arpacı, Biyoloji 2, Sürat Yayınları, Şubat 98, s. 1337- Kemalettin Büyüköztürk, İç Hastalıkları, İstanbul, Nobel Tıp Kitapevi, 1992, s. 2758- Terzioğlu Meliha, Oruç Tülin, Yiğit Günnur, Fizyoloji Ders Kitabı, 1997, s. 3989- The Illustrated Encyclopedia of The Human Body, Marshall Cavendish Books, London, 1974, s. 8110- Guyton & Hall,Textbbok of Medical Physiology, 7. Baskı, W.B. Saunders, s. 1264-127511- Biological Science, A Moleculer Approach BSCS Blue Version-6. Baskı, Colorado 1990, s. 52112- Biological Science A Moleculer Approach, s. 52113- Oğuz Kayaalp, Rasyonel Tedavi Yönünden Tıbbi Farmakoloji, s. 275014- Kemalettin Büyüköztürk, İç Hastalıkları, s. 39215- J.D. Scott, T. Pawson, Cell Communication, Scientific American, Haziran 2000, s.54-61.16- Günter Blobel, Intracellular Protein Traffic, 2000, http://www.hhmi.org/research/investigators/blobel.html.17- Günter Blobel, Intracellular Protein Traffic, 2000, http://www.hhmi.org/research/investigators/blobel.html18- The Nobel Foundation, Press Release: The 1999 Nobel Prize in Physiology or Medicine, 1999, http:// www.nobel.se/medicine/laureates/1999/press.html19- E. Kandel, J.H. Schwartz, T.M. Jessell, Principles of Neural Science, McGraw Hill Publishing, 2000, s.277.20- Eric H. Chudler, Making Connections-The Synapse, 2001, http://faculty.washington.edu/chudler/synapse.html.21- E. Kandel, J.H. Schwartz, T.M. Jessell, Principles of Neural Scienc, McGraw Hill Publishing, 2000, s.176.22- Axel Brunger, Neurotransmission Machinery Visualized for the First Time, 1998, http://www.hhmi.org/ news/brunger.html23- "Cells Energy Use High for Protein Synthesis" in Chemical & Engineering News, Ağustos, 20, 1979, s. 624- Albert Lehninger L., Late University Professor of Medical Sciences, The Johns Hopkıns University David L. Nelson, Professor of Bıocemistry Unıverstiy of Wısconsın Madıson, Mıchael M. Cox Professor of

Bochemıstry Universty of Wısconsın Madıoson, Principles of Biochemistry, Second Edıtıon, Worth Publshers New York, s. 90525- Mahlon B.Hoagland, Hayatın Kökleri, Tübitak Popüler Bilim Kitapları 12. Basım, Mayıs 1998, s.3126- Michael Behe, Darwin's Black Box, New York: Free Press, 1996, s. 79-97.27- Solomon, Berg, Martin, Villee, Biology, Saunders College Publishing, ABD, 1993, s.97728- Solomon, Berg, Martin, Villee, Biology, s.96729- Geraldine Lux Flanagan, Beginning Life, A Dorling Kindersley Book, Londra, 1996, s. 3430- Sidney Fox, Klaus Dose, Molecular Evolution and The Origin of Life, New York: Marcel Dekker, 1977, s. 231- Alexander I. Oparin, Origin of Life, (1936) New York, Dover Publications, 1953 (Reprint), s.19632- "New Evidence on Evolution of Early Atmosphere and Life", Bulletin of the American Meteorological Society, c. 63, Kasım 1982, s. 1328-133033- Stanley Miller, Molecular Evolution of Life: Current Status of the Prebiotic Synthesis of Small Molecules, 1986, s. 734- Jeffrey Bada, Earth, Şubat 1998, s. 4035- Leslie E. Orgel, The Origin of Life on Earth, Scientific American, c. 271, Ekim 1994, s. 7836- Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 18937- Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 18438-B. G. Ranganathan, Origins?, Pennsylvania: The Banner Of Truth Trust, 1988.39- Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 17940- Derek A. Ager, "The Nature of the Fossil Record", Proceedings of the British Geological Association, c. 87, 1976, s. 13341- Douglas J. Futuyma, Science on Trial, New York: Pantheon Books, 1983. s. 19742- Solly Zuckerman, Beyond The Ivory Tower, New York: Toplinger Publications, 1970, s. 75-94; Charles E. Oxnard, "The Place of Australopithecines in Human Evolution: Grounds for Doubt", Nature, c. 258, s. 38943- J. Rennie, "Darwin's Current Bulldog: Ernst Mayr", Scientific American, Aralık 199244- Alan Walker, Science, c. 207, 1980, s. 1103; A. J. Kelso, Physical Antropology, 1. baskı, New York: J. B. Lipincott Co., 1970, s. 221; M. D. Leakey, Olduvai Gorge, c. 3, Cambridge: Cambridge University Press, 1971, s. 27245- Time, Kasım 199646- S. J. Gould, Natural History, c. 85, 1976, s. 3047- Solly Zuckerman, Beyond The Ivory Tower, New York: Toplinger Publications, 1970, s. 1948- Richard Lewontin, "The Demon-Haunted World", The New York Review of Books, 9 Ocak 1997, s. 2849- Malcolm Muggeridge, The End of Christendom, Grand Rapids: Eerdmans, 1980, s.43