22
ВЕТЕРИНАРИЯ ЖАНА ЗООГИГИЕНА НЕГИЗДЕРИНИН МАЛ-ЧАРБАЧЫЛЫКТАГЫ КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮНДӨГҮ ОРДУ Тренинг катышуучуларга окуу куралы Бишкек 2019 ж.

ВЕТЕРИНАРИЯ ЖАНА ЗООГИГИЕНА НЕГИЗДЕРИНИН · 2019-05-31 · үчүн климаттык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен

  • Upload
    others

  • View
    17

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

ВЕТЕРИНАРИЯ ЖАНА ЗООГИГИЕНА НЕГИЗДЕРИНИН

МАЛ-ЧАРБАЧЫЛЫКТАГЫ КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮНДӨГҮ ОРДУ

Тренинг катышуучуларга окуу куралы

Бишкек 2019 ж.

1

Мазмуну

1.Мазмуну______________________________________________________1

2. Кириш соз__________________________________________________2-3

3. Сабак №1 Фермердик чарбаларда мал багуудагы негизги зоогигиеналык

жана ветеринардык-санитардык талаптар_________________________5-10

-Малды жайгаштыруу талаптары

- Малкананын микроклиматы

- Малды жана кушту суу менен камсыздоо жана сугаруу

4. Сабак №2. Малдын бир нече түрүнө жалпы ылаңдар_____________11-15

5. Сабак №3. Ветеринардык иш-чаралардын планы деген эмне жана аны

эмне үчүн түзөбүз (курамы, макуллдашуунун жана бекитүүнүн жол-

жоболору). Ветеринардык иш-чаралардын аткарылышына мониторинг

жургузуу.___________________________________________________16-19

- Ветеринарндыкиш-чаралардын планы

- Ветеринардык диагностикалык изилдөөлөр

- Профилактикалык эмдөөлөр

- Дарылоо профилактикалык жумуштары

- Калкка маалымат таркатуу жана түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүү

- Ветеринардык иш чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү

2

Кириш соз

Кыргызстандын базар экономикасынын алкагына кириши, өлкөнү

өткөөл мезгилдин сөзсүз боло турган кыйынчылыктарына такады. Келип

чыккан проблемалар, өлкөнүн баардык чарбалык ишкердүүлүгүнүн

сфераларына терс таасирин тийгизди. Мындай таасирден мал чарбасы

менен ветеринардык кызмат да четте калган жок.

Айыл чарбасында жүргүзүлгөн жер-агрардык реформасы жана

мамлекеттик мүлктү менчиктөө, чарба жүргүзүүчү субъекттердин

структурасын түп тамыры менен өзгөртүп, мүлк ээлөөнүн жана көп

тармактуу экономиканын көптөгөн жаңы формаларын пайда кылды. Жер-

агрардык реформасынын натыйжасында, мүлк ээлөөчүлөрдүн жана чарба

жүргүзүүчүлөрдүн бир катмары - фермерлер келип чыгышты.

Көпчүлүк жаңы чарба жүргүзүүчүлөрдүн мал чарба продукциясын

өндүрүү технологиясы боюнча компетентсиздиги, малды жана кушту багуу

жана тоюттандыруу боюнча зооветеринардык билиминин жоктугу, ансыз

деле алсыз болуп бараткан тармактын ишин ого бетер солгундатты.

Түзүлгөн абал жаңы фермерлердин финансылык мүмкүнчүлүгүн

начарлатты.

Окуу куралында фермердик чарбаларда мал багуудагы негизги

зоогигиеналык жана ветеринардык-санитардык талаптар, малдын жана

куштун ылаңдарынын пайда болуу себептери, малдын жана куштун кеңири

тараган жугушсуз дарттарын, жугуштуу жана инвазиялык ылаңдарын алдын

алуунун (профилактика) негиздери берилди.

Бул тренингдин негизги максаты - ветеринардык врачтарга айыл

аймагынын деңгээлинде жайытты башкаруу жана колдонууда (ЖБжК) ЖПБ

үчүн малдын ден соолугун коргоо боюнча ветеринардык иш-чаралардын

планын иштеп чыгууга методикалык жардам көрсөтүү болуп саналат.

Кандай иш чара же аракет болбосун төп келишкен пландаштырууну талап

кылат. Адамзат өзүнүн койгон максатын жүзөгө ашырууга жардам бере

3

турган өзүнүн аракетин алдын ала пландаштыруудан башка механизмди

али ойлоп таба элек. Пландаштыруу анализ жүргүзүүнүн жана чече

турган көйгөйлөрдү табуунун негизинде өзүнүн мүмкүнчүлүгүн,

ресурстарын, убактысын жана тобокелдикти туура баалоого мүмкүнчүлүк

түзөт. Пландаштыруу процесси, кандай кыймыл аракет жасоо керек жана

кайсыл мөөнөттө, ким кайсыга жооп берет, ресурстар кандай таасир этет,

ошондой эле пландаштырылган иш-чараларды аткарууда кайсы

индикаторлорду колдонуу зарылдыгын аныктайт. Ошондуктан,

ветеринардык иш чаралар да, мониторингдин баардык суроолорун

камтыган пландаштырууга муктаж.

Тренингдин максаты. Тренингдин аягында катышуучулар:

Малчарбачылыкта климаттын озгорусундогу зоогигиена жана ветеринария

негиздери менен малды жана кушту багуу жана тоюттандыруу боюнча

зооветеринардык иш чаралар боюнча маалымат аллуу.

Ветеринардык иш-чаралардын планы деген эмне жана аны иштеп чыгуу

эмне үчүн керек, пландын курамы, планды макулдашуунун жана бекитүү

процедураларын, ким тарабынан иштеп чыгарылгандыгын жана аны

бекиткенге кимдин укугу барын билишет.

4

Сабак №1. Фермердик чарбаларда мал багуудагы негизги

зоогигиеналык жана ветеринардык-санитардык талаптар

Малды жайгаштыруу талаптары. Мал жайгаштырылуучу сарай

(малкана), малдын жана куштун түрүнө, жашына, багуу ыкмасына жана

өстүрүү максатына ылайык аныкталган санитардык-гигиеналык талаптарга

жооп бериши керек.

Мал жана куш жайгаштырылуучу сарай (малкана) жылуу жана жарык,

малды жана кушту жайгаштыруу, аларды багуу үчүн жана жакшы

желдетилгенге ыңгайлуу болгону зарыл.

Мал короону шамалдын багытынын ыңгайына жараша, жердин

рельефи адамдар жашоочу үйлөрдөн төмөн жана аралыгы алардан 20

метрден кем болбогондой салышат. Мал жана куш сейилдетүүчү короо

малкананын түштүк жагында салынганы дурус. Анын өлчөмү

төмөндөгүдөй болуш керек (бир башка эсептелгенде, м2):

Бодо мал: - чоң малга - 8-15; - жаш малга - 10; - музоого - 5.

Кой-эчки: - соолук койго жана эчкиге - 4-6; - козу жана улакка - 1,5-3,0.

Куштарга: - чоң куштарга - 0,3-1,0; - жөжөлөргө - 0,1-0,4.

Кык чогултуу жана сактоо үчүн шамалдын багытынын ыңгайына жараша,

жердин рельефи малканадан төмөн болгон жер тандалат.Малкана салына

турган жердин топурагы нымды жакшы өткөргөн кумдуу, же кум аралаш

болуп, жер алдындагы суулар 1 метрден тереңирээк жайланышы керек.

Тандалган жер түштүк, же түштүк-чыгыш багытында 5%-тен көп эмес

жантайыңкы абалда болгону жакшы.Курулуучу имараттын негизги

бөлүктөрү, алар үчүн аныкталган курулуш жана санитардык-гигиеналык

талаптарга жооп бериши керек.

П а й д у б а л (фундамент). Пайдубал таштан же бетон блокторунан

жасалып, 50-70 см тереңдикте курулат. Пайдубалдын жер үстүндөгү бөлүгү

20-60 см бийиктикте болуп, үстүнө дубалды нымдан сактоо максатында 1-2

катмар толь же рубероид төшөлөт.

5

Д у б а л. Ным топтолбош жана топтолгон ным тоңуп калбас

максатында, дубалды жылуулукту аз өткөргөн материалдардан курушат. Ал

үчүн климаттык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кирпичти, жыгачты,

шлакобетонду, ташты, камышты ж.б. материалдарды колдонушат.

Дубалдын ички бети түздөлүп, шыбалгандан кийин акталат, ал эми тышкы

бети ар кандай ыкмалар менен жылууланат.

Ш ы п (потолок). Шып жыгачтан, камыштан жана чырпык тосмодон

(ар жердин шартына жараша башка материалдар да болушу мүмкүн)

жасалат. Шартка жараша ички бетин шыбап, акташат, ал эми үстүнөн

катмар-катмар кылып чопо топурактын ылайы, таарынды (опилки) менен

жылуулап, өрткө каршы катмар катары 5 см өлчөмүндө топурак төгүшөт.

Шыптын үстү чөп жана төшөнчү материалдарды сактоого колдонулса, шып

жыгач менен жабылып, жылууланбайт.

Ч а т ы р. Чатыр суу өтпөгөн, бекем, жеңил жана өрттөн коркунучсуз

болушу керек. Ошондуктан, курулуш материалдары катары темир, толь,

шифер, черепица, саман аралашкан (ылай) чопо ж.б. колдонулат. Дубалды

жаан-чачындан сактоо максатында, чатырды анын тышкы бетинен 20 см ден

кем эмес аралыкта курушат.

П о л. Пол жылуу, бекем, түз, суу өткөрбөгөн, сыйгаланбаган,

тазалоого жана дезинфекциялоого ыңгайлуу болушу зарыл. Полду

жыгачтан, кирпичтен, асфальттан, бетондон, ныкталган чопо топурактан,

синтетикалык жана башка материалдардан курушат. Койлорду жана

куштарды калың төшөнчү материалдарды колдонуу менен баккан учурда,

полду ныкталган кыртыштан, бетондон жана чопо топурактан жасашат.

Бодо мал баккан малканалардын полу кирпичтен же жыгачтан болгону

дурус. Чыла жана зыяндуу газдардын топтолбосу үчүн, полдун асты бош

болбош керек. Пол кыртыштан 15-20 см бийик курулуп, асты шлак, ичи

көңдөй кирпич, ж.б. материалдар менен төшөлгөнү оң. Мындан сырткары

пол чыла жыйналчу жайды көздөй эңкейме курулат. Жантайыштын

6

деңгээли 1,5-4,0%-ти түзөт.

К а а л г а л а р. Каалгалар малкананын түштүк же түштүк-чыгыш

бетинде курулат. Алар бекем жана жылууланган болуп, бийиктиги 1,7-1,9

м, ал эми туурасы малды багуу технологиясына жараша курулушу керек.

Т е р е з е л е р. Терезелер жердин климаттык шартына жараша эки же

бир катмарлуу болуп, полдон 1,3-1,5 м бийиктикте курулат. Терезелер,

тушташ соккон муздак абанын агымынан (сквозняк) коргоо максатында,

малкананын каалгалар курулган дубалында жайгашканы жакшы.

Малканалар үчүн терезелердин жана полдун аянттарынын төмөндөгүдөй

катнашы (жарык коэффициенти) колдонулушу керек:

- куштарга - 1:10-12;

- бодо малга - 1:12-16;

- кой-эчки жана коёндорго - 1:20-25.

К а н а л и з а ц и я. Эгерде мал же куш алмаштырылбаган калың

төшөнчү материалдар колдонулуп багылса, канализация курулбайт.

Канализациянын чыла жыйнагычы бир айдан кем эмес убакытта толо

тургандай өлчөмдө жасалат. Чыла жыйнагычты курууда мал суткасына

канча литр сийдик (заара) бөлүп чыгараарын эске алыш керек. Ал

төмөндөгүдөй:

- уй - 20; - кунаажын - 7; - жаш бодо - 4; - музоо - 2.

Канализация куруу үчүн ным өткөрбөгөн жана чиригенге туруктуу

материалдар колдонулат.

В е н т и л я ц и я. Вентиляциясы жок малканаларда уйдун сүттүүлүгү

18%-ке, тооктордун жумуртка туушу 10-15%-ке төмөндөйт. Мындан

сырткары малдын жана куштун ылаңга чалдыгуусу жана чыгашасы

жогорулайт, тукум берүү касиеттери төмөндөйт.

Малкананын микроклиматы.

Микроклимат - бул малкананын аба чөйрөсүнүн температурасынын,

салыштырмалуу нымдуулугунун, аба кыймылынын ылдамдыгынын,

7

ошондой эле көмүр кычкыл газынын, аммиактын, күкүрттүн суутегинин,

чаңдын, микроорганизмдердин ж.б. көрсөткүчтөрүнүн жыйындысы.

Микроклиматтын калыптанышына жаратылыш-климаттык шарттар

(климат, жыл мезгили, аба-ырайы, жер шарты), курчап турган

конструкциялардын жылуулук сактоочу касиеттери, малкананын көлөмү,

аба вентиляциясынын системасы, малдын жана куштардын саны, салмагы,

жашы жана багуу ыкмасы, ошондой эле малкананын жалпы санитардык

абалы таасир этет. Микроклиматтын жаман шарттары малдын жана куштун

кунардуулугун 20-40%-ке төмөндөтүп, алардын ылаңга чалдыгуусун жана

чыгашасын жогорулатат, тукум берүү касиеттерин төмөндөтөт.

Микроклиматтын өзгөрүшүнө жогорку кунардуу мал, куштар жана жаш

малдар өзгөчө сезгич келишет.

Малканадагы оптималдуу температура төмөндөгүдөй болуш керек (°С):

- саан уйга 8…12; - туут учурунда 14…18; - 20 күнгө чейинки музоолорго

16…20; - музоолорго 12…18.

- кой-эчкиге 3…6; - туут учурунда 12…15;

- тоокко 13…17; - жөжөлөргө, биринчи күндөрү 32…30 (кээде 34), андан

кийин улам-уламдан төмөндөтүлүп, биринчи айдын акырында 18…20 °С га

жеткирилет.

Малды жана кушту суу менен камсыздоо жана сугаруу. Суусуз малдын

жана куштун ден соолугун сактоо жана алардан продукция алуу мүмкүн

эмес. Айбанаттар суусуз 4-8 күндөн кийин өлүмгө дуушар болушат.

Организмде 10% суунун жоголушу анын турмуш-тиричилигин кескин

өзгөртөт, ал эми 20% суу жоготкондо мал өлөт.

Бир баш малга жана кушка бир суткада керектелүүчү суунун өлчөмү.

8

1. Малдын жана куштун сууга болгон керектөөсү

(бир башка)

Малдын жана куштун түрү жана

группасы

Суунун сарпталышы, л

баардыгы сугарууга

Сүт багытындагы уй

Эт багытындагы уй

Букачарлар жана кунаажындар

6 айга чейинки торпок

6 айдан кийинки торпок

100

70

60

20

30

65

65

40

10

25

Бооз жана кысыр чочко

Торопойлуу чочко

Торопой

Жаш чочко

25

60

5

15

12

20

2

6

Чоң кой, эчки

Жаш кой, эчки

10

5

8

4

Коён 3 3

Чоң тоок

1-150 күндүк балапан

0,46-0,51

0,25-0,37

0,27-0,38

0,15-0,31

Чоң үндүк

1-120 күндүк балапан

1,31

0,69-0,84

0,82-1,0

0,46-0,7

Чоң өрдөк

1-180 күндүк балапан

0,9

0,52-0,85

0,55-0,75

0,32-0,72

Чоң каз

1-180 күндүк балапан

1,59

0,67-1,2

0,94-1,3

0,46-1,0

Бодо малды күнүнө 3 жолудан кем эмес, кой-эчкини 1-2 жолу сугарыш

керек. Куштардын жана коёндун алдынан суу кетпеш керек жана аны

күнүнө 4-6 жолу алмаштырыш керек.

Малды жайытта сугарууда, сууга чейинки аралык бодо үчүн 2-4 км

ден, саан уйлар жана жаш мал үчүн 2-2,5 км ден, кой-эчки үчүн 2,5-3 км ден

ашпашы керек.

9

2. Малдын ичеги-карын органдарынын көлөмү

Малдын түрү

Ичеги-карын

органдарынын

жалпы

көлөмү, л

Салыштырмалуу көлөм

(жалпы көлөмгө % менен)

карын ичке ичеги жоон

ичеги

Бодо мал 200-300 71* 18 11

Жылкы 100-180 10 30 60

Кой (эчки) 25-32 65* 23 12

Коён 0,5-0,8 25 32 43

* төрт камерасы биригип.

3. Ар түрдүү малдын жана куштун дене

температурасынын, пульсунун жана дем алуусунун

ылдамдыгынын орточо көрсөткүчтөрү

Малдын жана

куштун түрү

Дене

температурасы,

°С

Пульс

ылдамдыгы,

1 мин

Дем алуу

ылдамдыгы,

1 мин

Жылкы 37,5…38,5 24-42 8-16

Бодо мал 37,5…39,5 50-80 12-25

Кой-эчки 38,0…40,0 70-80 16-30

Коён 38,5…39,5 120-200 50-60

Тоок 40,5…42,0 120-150 12-32

Өрдөк 41,0…43,0 140-250 16-30

Каз 40,0…41,0 120-160 10-20

10

Малдын жана куштун инвазиялык ыландары

Эхинококкоз. Адамдын жана малдын ички органдарын эхинококк

тасма куртунун личинкасы менен дарттанып ылаңдашы.Ылаңдын жетилген

формасы иттин, карышкырдын, чөөнүн ж.б. жапайы жырткыч айбандардын

ичке ичегисинде тиричилик өткөрөт.Ылаңдын негизги булагы болуп ит

эсептелинет.

Адамдар эхинококкторду ит менен контакт болгондо, паразиттин

жумурткалары аралашкан жашылча-жемиштерди жеп алганда жуктуруп

алышат.

Фасциолёздор. Малдын боордон кармаган гельминттүү ылаңы. Кой-

эчки, бодо мал, кээде жылкы ылаңдайт. Адам дагы ооруйт. Негизинен боор

дартка чалдыгат.

Ылаң кездешкен аймактарда көлмө үлүлүнүн жайыттардагы

биотопторун жоготууга багытталган иш-чараларды жүргүзүшөт.

Монезиоздор, түйнөктөр. Кепшөөчү малдын ичке ичегиде

жайгашкан тасма курттуу ылаңдары. Козуларда бул ылаң түйнөк деп аталат.

Ылаңдаткычы узундугу 8-10 м жетүүчү тасма цестоддор -

мониезиялар.Паразиттин жумурткаларын топурак кенелери-орибатиддер

жеп алышат. Ылаң менен көбүнчө жаш мал көп оорушат.

Диктиокаулёздор. Кепшөөчү малдын өпкөсүнөн кармаган жумуру

курттуу ылаңы. Бодо мал, кой-эчки жана төө оорушат. Гельминттин

узундугу 20-150 мм болуп, денеси жип сымал болот.

Аскаридиоз. Куштардын ичегиден кармаган гельминттүү ылаңы.

Ылаң менен тооктор, үндүктөр, каздар, цесаркалар оорушат.

Ылаңдаткычы узундугу 7-10 см болгон жумуру курт - аскаридия.

Параскаридоз. Ылаңдаткычы узундугу 35-37 см болгон жумуру курт

- параскарида.Личинка миграция кылып жүргөндө, жылкыда бронхит же

пневмония пайда болушу мүмкүн. Жылкынын дене температурасы кез-

кезде көтөрүлүп, же ичи катып, же ичи өтүп, түйнөк пайда кылып турат.

11

4. Ургаачы малдын жыныстык жетилүү мөөнөтү

Малдын түрү Орточо, ай

Уй 7,5

Кой, эчки 7

Жылкы 16

Төө 11

Коён 5

5. Ургаачы малдын физиологиялык жетилүү мөөнөтү

Малдын түрү Орточо, ай

Уй 17

Кой, эчки 14

Жылкы 36

Төө 40

Коён 6

6. Ургаачы малдын бооздук мөөнөтү

Малдын түрү Күн

Уй 282

Кой, эчки 148-150

Жылкы 338

Төө 365

Коён 30

12

Сабак № 2. Малдын бир нече түрүнө жалпы ылаңдар

Бруцеллез. Малдын баардык түрү ооруп, көбүнчө аборт менен

коштолуп, уларып өтүүчү жугуштуу ылаң. Адам үчүн койдун бруцеллезу

өтө коркунучтуу.Ылаңдаткычы эң майда, таякча түрүндөгү микроб.

Бактериянын 6 түрү - бодону, кой-эчкини, чочкону, кочкорлорду, иттерди

жана келемиштерди ылаңдатат.Адамдарга жана жаш малга өзгөчө

коркунучту ылаңдаган малдын сүтү жана сүт азыктары туудурат. Бруцеллез

аныкталган чарбага карантин коюлат да, атайын инструкцияга ылайык

бруцеллездон арылгыча иш-чаралар жүргүзүлөт.

Кутурма (Бешенство). Малдын борбордук нерв системасын

сезгентип, шал менен коштолуучу жугуштуу ылаң.Ылаңдаткычы нерв

клеткаларында гана көбөйүүчү вирус.Кутурма менен айбандардын баардык

түрү ылаңдайт. Адам да ооруйт. Жыл мезгили, малдын жашы жана жынысы

эч кандай роль ойнобойт. Ылаң малды кутурган ит, карышкыр, түлкү

капканда келип чыгат.

Күл (Чечек, оспа). Териде жана былжыр челдерде ириң толгон

ыйлаакчалардан турган исиркектердин пайда болушу менен мүнөздөлгөн

контагиоздуу жугуштуу ылаң.

Ылаңдаткычы вирустар.Күл менен малдын жана куштун баардык түрлөрү

ылаңдайт.

Сибирь кулгунасы (Сибирская язва). Тез өөрчүп, көпчүлүк учурда

өлүмгө дуушар кылуучу айбандардын жугуштуу ылаңы. Адам үчүн да

коркунучтуу.

Ылаңдаткычы таякча түрүндөгү грам-оң микроб.

Сибирь кулгунасына бодо, кой-эчки, жылкы, төө тооткуч келишет.

Ылаңдын негизги булагы - оорулуу мал. Ылаңдын бир жерде дайыма

кездешүүсүнө жана кеңири тарашына этиятсыз көмүлгөн ылаңдан өлгөн

малдын тарпы, алардын териси жана башка продуктылары себепкер.

Туберкулез Айбандардын жана куштун көп түрлөрүн ылаңдатуучу,

13

көбүнчө уларып өтүүчү жугуштуу ылаң. Адам дагы ооруйт.

Ылаңдаткычы микобактерия. Анын негизги 3 түрү белгилүү: M.

tuberculesis (адамды оорутат), M. bovis (бодо малды оорутат), M. avium

(куштарды оорутат). Туберкулез менен айбандардын 55 тен ашык түрү,

куштардын 25 ке жакын түрү ылаңдайт.

Туберкулезго чалдыккан айбандар дарыланбайт, алар союп жок кылынышы

керек.Туберкулез чыккан чарбага карантин коюлат. Ылаң менен күрөшүү

атайын инструкцияга ылайык жүргүзүлөт.

Шарп (Ящур). Өтө коркунучтуу, курч өтүүчү ача туяктуу

айбандардын вирустуу ылаңы. Ылаң калтыратмага жана ооздун былжыр

челин, желиндин жана буттардын терисин афталарга дуушар кылышы

менен мүнөздөлөт.

Ылаңдаткычы составында РНК болгон, фильтрден өтүп кетүүчү

риновирус. Шарпты вирустун О, А, С, САТ-1, САТ-2, САТ-3, Азия-1

типтери козгойт.

Шарп менен көбүнчө бодо ылаңдайт, кой-эчки азыраак жабыр

тартышат. Ылаңдын негизги булагы ооруган мал.

Кара аксак (Копытная гниль). Адегенде туяктын салаасын сезгентип,

кийинчерээк терең жарага айлантып, туякты чиритип өтүүчү жугуштуу

ылаң.

Кара аксактын козгогучу бактерия.Кара аксак менен кой-эчки жана

бодо ылаңдайт. Козгогучтун булагы болуп дарттуу мал эсептелинет.

Кара сан (Эмфизематозный карбункул, эмкар). Малды калтыратып,

булчуң эттеринин көлөмүн чоңойтуп, шишитип, карартып жиберүүчү

ылаң.Ылаңдаткычы анаэробдук бактерия.

Ылаң көбүнчө 3 айдан 4 жашка чейинки бододо, борук-токтуда

кездешет.Ылаң көбүнчө алиментардык жол менен, кээде жараланган тери

аркылуу жугат.

14

Сабак № 3. Ветеринардык иш-чаралардын планы, ветеринардык иш-

чаралардын аткарылышына мониторинг жургузуу

Малдын ден соолугун коргоо боюнча иш-чаралардын планы же

ветеринардык иш-чаралардын планы – бул малдын ден соолугун коргоо

боюнча иш чаралар камтылган, конкреттүү аймакта белгилүү бир мөөнөттө

ишке ашырууну пландаштырып, макулдашылган жана бекитилген документ.

Айыл аймагынын деңгээлинде түзүлгөн ветеринардык иш-чаралардын планы

, кишилердин жана малдын ден соолугун сактоого, айлана-чөйрөнү коргоого

жана малдардын кунардуулугун жогорулатууга багытталып, аны жамааттын

жайыт башкаруу планына (ПСУИП) киргизүү максатта иштелип чыгат.

Ветеринардык иш-чаралардын планы, планды ишке ашыруу үчүн колдонула

турган ресурстарды, аткаруучуларды, жооптуу тараптарды ошондой эле, боло

турган тобокелдиктерди эсепке алуу менен мониторинг жүргүзүүчү

процедураларды жазып чыгууну камтыйт.

Адамдардын ден-соолугун сактоо адамдарга мал-чарбасынан жана

өсүмдүктөрдөн алынган азыктарды тазалыгын камсыздоо менен, кишилер

жана малдар үчүн жалпы болгон оруу козгогучтардан сактанууну көздөйт.

Малдардын ден-соолугун коргоого айыл аймагынын территориясында

ветеринардык иш-чараларды өткөрүүдө эпизоотиялык кырдаал боюнча

бакубаттуулугун камсыздоо, мал ээлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу

менен жетүүгө болот.

Малдын кунардуулугун жогорулатууга алардын ден-соолугун камсыз

кылуу, сапаттуу ветеринардык кызмат көрсөтүү, тоюттандыруу жана

асыроодо технологиянын алдыңкы жетишкендиктерин колдонуу жана

ВЕТЕРИНАРДЫК ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ

адамдардын ден-соолугун коргоо

малдардын ден-соолугун коргоо

малдардын кунардуулугун жогорулатуу

15

жогорку кунардуулуктагы (асыл-тукум) малдарды өстүрүү менен жетүүгө

болот.

Пландын курамына төмөндөгү бөлүктөр кириши керек:

Ветеринардык-диагностикалык изилдөөлөр

Жугуштуу ооруларга каршы профилактикалык эмдөөлөр

Дарылоо-алдын алуу жумуштары

Калкка маалымат берүү, түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүү

Ветеринардык иш-чаралардын аткарылышына мониторинг

жүргүзүү

1). Ветеринардык диагностикалык изилдөөлөр – ооруну аныктоо үчүн

малды изилдөө жүргүзүү. Бул иш чара ар кандай ыкмаларды колдонуу

аркылуу жүргүзүлөт. Алардын ичинен лабораториялык изилдөөлөр эң негизги

болуп эсептелет. Аларга патологиялык материалдар, серологиялык,

аллергиялык, копрологиялык, бактериологиялык, вирусологиялык

изилдөөлөр кирет.

Серологиялык изилдөөлөрдүн мисалына кандын сывороткасын изилдөө

аркылуу уйлардын бруцеллёз же жылкынын качыруу (учунуу) оорусун

аныктоону келтирсек болот.

Тиркемеде таблица түрүндө негизги диагностикалык изилдөөлөрдүн

мисалдары жана аларды өткөрүүнүн тартиби көрсөтүлгөн.

2). Профилактикалык эмдөөлөр - жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн

эмдөөлөрдү жүргүзүү. Эмдөө жүргүзүлгөн малда иммунитет пайда болуп,

оору жукпай калат. Кыргызстанда төмөндөгү ооруларга каршы эмдөөлөр

жүргүзүлөт:сибир жарасы (күйдүргү), шарп, эмфизематоздук карбункул

(кара сан), бруцеллез, кой-эчкилердин күл ылаңы, майда жандыктардын

чумасы, кутурма, ит-мышыктардын чумасы,Ньюкасл оруусу ж.б.

3). Дарылоо профилактикалык жумуштары – бул оорулардын алдын алуу

жана дарылоо максатында жүргүзүлүүчү иштер. Аларга төмөндөгүлөр кирет:

16

Дегельминтизация (гельминтсиздендирүү), ички мителерге каршы

иш чараларды уюштуруу (фасциолез, дикроцелиоз, диктиокаулез,

мониезиоз, эхинококкоз ж.б.)

Тышкы мителерге каршы иш-чараларды уюштуруу (котур, окура) и

пироплазмодоздор

дезинфекция, дератизация, дезинсекция жана башка иш-чаралар.

4). Калкка маалымат таркатуу жана түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүү

ветеринардык иш чараларды өткөрүүнү планынында өзгөчө орунду ээлейт.

Ооруларга каршы күрөштүн бир да стратегиясы калкка жеткиликтүү

маалымат бермейинче толук аткарылбайт.

Мал ээлерине жүргүзүлө турган ветеринардык иш-чаралар, алардын мааниси

тууралуу маалымат берүү малдын ден соолугун коргоонун негизи болуп

саналат.Калкка маалымат таркатуунун ар кандай ыкмалары бар: атайын

буклеттерди иштеп чыгуу, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарын

колдонуу жана мобилдик байланыш түйүндөрүнөн пайдалануу.

5). Ветеринардык иш чаралардын аткарылышына мониторинг

жүргүзүү–бул ветеринардык кызматтын функцияларына жана милдеттерине

кирген ишмердүүлүккө байкоо, анализ жүргүзүү жана прогноз түзүү.

Мониторинг пландаштырылган иш-чараларды жыйынтыгын объективдүү

баалайт жана прогноздойт, планды ишке ашырууда жетишпегендиктерди өз

убагында байкайт.Мониторингди натыйжалуу өткөрүүдө төмөнкү суроолорго

көңүл буруу керек: Эмнелерге мониторинг жүргүзүлөт? Мониторингди

жүзөгө ашырууга кимдин укугу бар?

17

Мониторинг үчүн кандай ыкмалар же аспаптар колдонулат? Эмне үчүн

мониторинг жүргүзүлөт, мониторщик эмне максатты көздөйт?

Жалпыланган формада, жогорудагы суроолордун жообу төмөнку таблицада

көрсөтүлгөн:

Мониторингти ким

жүргүзүүгө укуктуу? Райондук ветеринардык инспектор

Жергиликтүү бийликтин аткаруучу органы

жана мүчөсү

МДСК, ЖПБ мүчөлөрү .

Эмнелерге

мониторинг

жүргүзүлөт?

Ветеринардык иш-чаралардын планы

(легитимдүүлүк, реалдуулук, ачык-

айкындуулук)

Пландаштырылган иш-чаралардын

аткарылышы

Натыйжалуулук - малдын ден соолугунун

жакшырышы, кунардуулугунун

жогорулашы.

Мониторинг кандай

жүргүзүлөт? Сандык ыкмалар (анкеталаштыруу

,суроолор)

Сапаттык ыкмалар (фокус группалар,

пикир алышуу)

Атайын ыкмалар, ветеринардык иш-

чаралардын спецификасынын негизинде

Мониторинг эмне

үчүн жүргүзүлөт ? Ветеринардык иш-чараларды ишке

ашыруунун даражасын аныктоо учүн

Пландын жетишпеген жактарын билүү

үчүн

Өткөрүлгөн иш-чаралардын

натыйжалуулугун аныктоо үчүн

18

Макулдашылган Макулдашылган Бекитемин

____________ _________________ ________________

ЖК Төрагасы АА Башчысы РВФКБИ Начальниги

от_______2018г. от________2018г. от_____2018г

План

Малдын ден-соолугун коргоо боюнча ветеринардык иш чаралар.

№п/п Орулардын

аталышы

Ыкма Аткаруу

мөөнөтү

Малдын

саны

Ветеринардык

препаратарды

н аталышы

Препар

атын

өлчөмү

Препараты

н керектүү

олчөмү

Жоопту

адис

Эскертмене

Диагностикалык изилдөө

КРС

1 Бруцеллез серология жаз-күз - - - - Асанов. А

2 Лейкоз серология жаз-күз

3 Лептоспироз серология күз

4 Туберкулез аллергический жаз

5 Ящур титр на

напряженность

21дн.после

вакцинации

6 Капрология лабораторные жаз-күз

МРС

7 Бруцеллез б/п серология весна-лето - - - - Асанов.А

8 эпиддедемит серология весна-лето

9 хломидиоз серология весна-лето

10 бруцеллез 21дн. После лето-осень

19

11 Оспа титр на

напряженность

21дн.после

вакцинации

12 Пастерелез титр на

напряженность

21дн.после

вакцинации

13 РЕВ-1 титр на

напряженность

21дн.после

вакцинации

14 Копрология лабораторные жаз-күз

Лошади

15 Бруцеллез серология жаз

16 Сап маллеинизация жаз-күз

17 Случная

болезнь

серология жаз

18 Капралогия лабораторные жаз-күз

Собаки

19 Бруцеллез серология жаз

20 Капрология лабораторные до и после

каждой дегел

выб-о

Профилактикалык эмдөөлөр

КРС

21 Сибирская язва вакцинация жаз

22 Ящур вакцинация жаз-күз

23 Лептоспироз вакцинация жаз

24 Пастерелез вакцинация жаз

МРС

20

25 Сибирская язва вакцинация жаз

26 Оспа вакцинация жаз

27 Чума МРС вакцинация жаз

Лошади

31 Сибирская язва вакцинация жаз

Собаки

32 Бешенство вакцинация жаз-күз

Дарылоо- профилактикалык иш чаралар

КРС

33 Гиподерматоз обработки осень-весна

Фасциолез дегельмин-

тизация

жаз-күз

МРС

34 Чесотка обработка жаз-күз

35 Мониезиоз дегель-ция весна-лето

36 Фасциолез

Дикроцелиоз

Диктиокаулез

дегельмин-

тизация

жаз-күз

Лошади

37 Параскаридоз дегель-ция күз

Собаки

38 Эхинококкоз дегель-ция Каждый

квартал

21