Download doc - Untitled

Transcript
Page 1: Untitled

КУРАНДАДУБА

Эгер Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса,

(айткын) Мен (аларга) абдан жакынмын. Мага дуба кылышса,

дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. Демек, алар да

Мага жооп беришсин жана Мага ыйман келтиришсин.

Туура Жолго түшүп калышаар.

(Бакара Сүрөсү, 186)

ХАРУН ЯХЬЯ – (АДНАН ОКТАР)HARUN YAHYA

Page 2: Untitled

Bu kitapta kullanılan ayetler, Ali Bulaç'ın hazırladığı

"Kur'an-ı Kerim ve Türkçe Anlamı" isimli mealden alınmıştır.

Birinci Baskı: Mart 1998

İkinci Baskı: Şubat 2001

Üçüncü Baskı: Nisan 2002

Dördüncü Baskı: Ekim 2004

Beşinci Baskı: Temmuz 2005

Altıncı Baskı: Eylül 2005

Yedinci Baskı: Şubat 2006

ARAŞTIRMA

YAYINCILIK

Talatpaşa Mah. Emirgazi Caddesi

İbrahim Elmas İşmerkezi

A Blok Kat 4 Okmeydanı - İstanbul

Tel: (0 212) 222 00 88

Baskı: Seçil Ofset

100. Yıl Mahallesi MAS-SİT Matbaacılar Sitesi

4. Cadde No: 77 Bağcılar-İstanbul

Tel: (0 212) 629 06 15

www.harunyahya.org - www.harunyahya.net

Page 3: Untitled

М А З М У Н У

БАШ СӨЗ

КУРАНДА ДУБА КАНДАЙ ТҮШҮНДҮРҮЛӨТ?

ДУБАНЫН ОРДУ ЖАНА УБАКТЫСЫ

ДУБА КАБЫЛ БОЛБОЙТ ДЕП

ОЙЛОО

СӨЗ МЕНЕН ДУБА ЖАНА КЫЙМЫЛ МЕНЕН ДУБА

АЛЛАХТАН БАШКАГА ДУБА КЫЛЫНБАЙТ

КАРАҢГЫ (САБАТСЫЗ) АДАМДАРДЫН ДУБА ТҮШҮНҮГҮ

КУРАНДА ПАЙГАМБАРЛАРДЫН ДУБАЛАРЫ

ЖЫЙЫНТЫК

ЭВОЛЮЦИЯ КАЛПЫ

Page 4: Untitled

О К У Р М А Н Г А

• Автордун эмгектеринде эволюция теориясынын кыйрашына атайын орун беришинин себеби –

бул теориянын ар түрдүү динге каршы бир философиянын негизин түзүгөндүгүндө. Жаратылуу жана

натыйжада Аллахтын бар экендигинен баш тарткан дарвинизм 140 жылдан бери көптөгөн адамдардын

ыйманын жоготушуна же жүрөктөрүндө күмөн жаралышына себеп болуп келди. Ошондуктан, бул

теориянын бир калп экендигин ачык далилдөө - абдан маанилүү ыймандык милдет. Бул маанилүү

кызматтын бардык адамдарга жеткирилиши зарыл.

• Дагы бир белгилей кетчү жагдай – бул китептердин мазмуну менен байланыштуу. Автордун

бардык китептеринде ыйман темалары Куран аяттары негизинде түшүндүрүлүүдө, адамдар Аллахтын

аяттарын үйрөнүүгө жана жашоого чакырылууда. Аллахтын аяттары менен байланыштуу бардык

темалар окурмандын акылында эч кандай күмөн же суроо белгиси жаралбай турган негизде

түшүндүрүлүүдө.

• Түшүндүрүүдө колдонулган чынчыл, жөнөкөй баян китептердин жаш-кары дебей бүт

адамдардын оңой түшүнүшүнө шарт түзүүдө. Таасирдүү жана жөнөкөй баян колдонулган китептер -

«бир токтобой окулчу» китеп өзгөчөлүгүнө ээ. Динден баш тартуу бойунча өжөрлүк көрсөткөн адамдар

да бул китептерде түшүндүрүлгөн чындыктардан таасирленүүдө жана түшүндүрүлгөндөрдү калпка

чыгара албай келет.

• Бул китеп жана автордун башка эмгектерин окурмандар жалгыз окуса да, маектешүү чөйрөсүндө

окушса да болот. Бул китептенден пайдаланууну каалагандардын чогуу маек курушу, тажрыйба жана

пикирлерин ортого койушу пайдалуу болот.

• Ошондой эле, жалаң гана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жазылган бул китептердин

таанылышы жана окулушуна себепчи болуу да чоң кызмат болмокчу. Себеби автордун бардык

китептеринде далил жана ишендирүү тарабы абдан күчтүү. Ушул себептен динди түшүндүрүүнү

каалагандар үчүн эң эффективдүү ыкма – бул китептерди окууга башка адамдарды да үндөө болмокчу.

• Бул эмгектерде башка кээ бир эмгектерде байкалчу жазуучунун жекече ойлору, шектүү

булактарга таянган сөздөрү, ыйык нерселерге болгон керектүү адап жана урматка көңүл бурбаган

баяндар, үмүтсүз, күмөн жаратуучу түшүндүрүүлөрдү жолуктурбайсыз.

Page 5: Untitled

А В Т О Р Ж А Н А Э М Г Е К Т Е Р И Ж Ө Н Ү Н Д Ө

Эмгектеринде Харун Яхья атын колдонгон автор (Аднан Октар) 1956-жылы Анкарада (Түркия)

төрөлдү. Башталгыч, орто мектеп жана лицейди Анкарада бүтүрдү. Андан соң Стамбул Мимар Синан

университетинин Көркөм өнөр факультетинде жана Стамбул университети Философия бөлүмүндө

билим алды. 1980-жылдардан бери ыйман, илимий жана саясий темаларда көптөгөн эмгектер даярдады.

Мындан тышкары, автордун эволюция теориясынын жактоочуларынын алдамчылык ыкмаларын,

алардын жактаган нерселеринин (эволюция теориясынын) туура эместигин жана Дарвинизмдин кандуу

идеологиялар менен болгон караңгы (жашыруун) байланыштарын ортого койгон абдан маанилүү

эмгектери бар.

Харун Яхьянын эмгектери дээрлик 30000 сүрөттү камтыган жалпысы 45000 беттик бир эмгектер

жыйнагынан турат жана бул эмгектер жыйнагы дүйнөнүн 60 тилине которулган.

Автордун эмгектеринде колдонгон аты чындыктан баш тартуучу пикирлерге каршы күрөшкөн

эки пайгамбардын урматына, алардын атын эскерүү үчүн Харун (Муса пайгамбардын жардамчысы)

жана Яхья (Иса пайгамбардын жардамчысы) аттарынан куралган. Автор тарабынан китептеринин

сыртында колдонулган Расулуллахтын мөөрүнүн колдонулушунун символикалык мааниси –

китептердин мазмуну менен байланыштуу. Бул мөөр Курани Керимдин Аллахтын акыркы китеби жана

акыркы сөзү, Пайгамбарыбыз (С.А.В.)дын да хатем-ул анбия экендигин көрсөтөт. Автор жарыкка

чыккан бардык эмгектеринде Куранды жана Расулуллахтын (С.А.В.) сүннөтүн өзүнө жол көрсөткүч

кылууда. Ушундай жол менен баш тартуучу философия системаларынын бардык негизги жактаган

нерселерин бир бирден жыгууну жана динге каршы багытталган каршы пикирлерди толугу менен оозун

жабуучу «акыркы сөздү» айтууна максат кылууда. Абдан терең акыл (хикмат) ээси жана идеалдуу инсан

Расулуллахтын (С.А.В.) мөөрү бул акыркы сөздү айтуу ниетинин бир дубасы катары колдонулуп

келүүдө.

Автордун бардык эмгектериндеги орток, негизги максат – Куранга чакырууну бүт дүйнөгө

жеткирүү, мындай жол менен адамдардын Аллахтын бар экендиги, жалгыздыгы жана акырет сыяктуу

негизги ыйман темалары жөнүндө ой жүгүртүүлөрүнө түрткү болуу жана чындыктан (Аллахтан) баш

тартуучу системалардын чирик фундаменттерин жана туура эмес иш-аракеттерин ачыкка чыгарып,

адамзатка көрсөтүү.

Харун Яхьянын эмгектери Индиядан Америкага, Англиядан Индонезияга, Польшадан Босния-

Герцоговинага, Испаниядан Бразилияга чейин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жактырылуу менен

окулууда. Англис, француз, немец, италия, испан, португалия, урду, арап, албания, орус, босния, уйгур,

индонезия тилдери сыяктуу көптөгөн тилге которулган бул эмгектер Түркия сыртында да көптөгөн

китеп окуучулар тарабынан окулуп келүүдө.

Дүйнөнүн бардык тараптарында окурмандардын көңүлүнөн орун алган бул эмгектер көптөгөн

адамдардын ыйманга келишине, башкаларынын ыйманынын тереңдешине себепчи болууда. Китептерди

окуп, анализдеген ар бир адам бул эмгектердин терең акыл, кыска-нуска, оңой түшүнүлө турган жана

чын жүрөктөн чыккан сөздөр экендигин, акыл жана илимге таянгандыгын байкашууда. Бул эмгектер –

ылдам таасир берүү, так натыйжа жаратуу, талашсыз жана толук илимий болуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Бул

Page 6: Untitled

эмгектерди окуган жана булар жөнүндө терең ойлонгон адамдар материалисттик философия, атеизм

жана ар кандай адашкан ой-пикир жана философиялардын чындыктан алыс экенин байкай алышат.

Муну түшүнгөндөн кийин материализмди жактагандар ызалык, өжөрлүктөрү айынан гана жакташат,

себеби илимий тараптан материализм жокко чыгарылды. Заманыбызда бардык чындыктан баш тартуучу

агымдар Харун Яхья эмгектеринен илимий, идеялык жактан толук жеңилген абалда.

Шек жок, мындай өзгөчөлүктөр – Курандын терең мазмундуулугу жана өзгөчө баяндоосунун

натыйжасы. Автор бул эмгектери менен мактанууну максат кылбайт, жалаң гана Аллахтын адамдарды

туура жолго салуусуна себепчи болуу ниетинде. Мындан тышкары, бул эмгектердин жарыкка чыгып,

таралышында акча табуу максат кылынбайт.

Бул чындыктарды эске алсак, адамдардын байкабаган чындыктарды байкашын камсыз кылган,

алардын туура жолду табышына жардамчы болгон бул эмгектерди окууга үндөөнүн абдан маанилүү бир

кызмат экендиги жакшы түшүнүктүү болот.

Бул баалуу эмгектерди таанытуу ордуна, адамдардын башын айланткан, пикирлерде

кайчылаштыктар, күмөндөр жараткан, ыйманды куткарууда күчтүү жана так бир таасири болбогон

демейки, монотондуу китептерди жайылтуу эмгек жана убакыт жоготуусуна алып келет. Негизги

максат ыйманды куткаруу эмес, автордун адабий күчүн көрсөтүү болгон эмгектердин күчтүү

таасирдүүлүккө жетиши кыйын. Бул бойунча шектенүү жаралгандар бар болсо, Харун Яхьянын

эмгектеринин максатынын динсиздик менен күрөшүү жана Куран ахлагын жайуу гана экендигин бул

кызматтын таасири, ийгиликтери жана окурмандардын ыраазы болгонунан байкашса болот.

Дүйнөдөгү зулум жана баш аламандыктар, Мусулмандар көрүп жаткан азаптардын негизги

себебинин динсиздик пикирлеринин дүйнөдөгү өкүмчүлүгүнүн натыйжасы экендигин билүү зарыл. Бул

абалдан кутулуу үчүн динсиздикти илим менен жеңүү, ыйман акыйкаттарын, чындыктарын ортого

койуу жана Куран ахлагын адамдар түшүнө ала турган деңгээлде түшүндүрүү зарыл. Зулумдук,

согуштар күчөгөн азыркы күндө бул кызматтын колдон келишинче ылдам болушу айдан ачык. Болбосо

кеч болуп калышы мүмкүн.

Бул маанилүү кызматта алдыңкы ролду аркалаган Харун Яхья эмгектери, Аллахтын буйругу

менен, XXI кылымда дүйнө инсандарын Куранда сүрөттөлгөн бейпилдик жана тынчтыкка, чынчылдык

жана адилеттүүлүккө, сулуулук жана бактылуулукка жеткирүүгө бир себепчи болмокчу.

Page 7: Untitled

БАШ СӨЗ

Сизди жараткан, бул дүйнөгө жайгаштырган, акыл жана дене берген Аллахка чындап

жакынсызбы? Ага эң акыркы жолу качан дуба кылдыңыз? Аллахка кыйынчылык жана балээлерге

жолукканда эле жалбарып жатасызбы? Же Аны дайыма эстейсизби? Дуба кылганыңызда Анын сизге

абдан жакын экенин, сиз шыбырап айткан же ичиңизден ойлогон ар бир сөзүңүздү угуп жатканын

билесизби? Анын бүт адамдардын жана бүт нерсенин Раббиси экенин, жашоодогу эң улуу досуңуздун

жана таянычыңыздын Аллах экенин, бүт нерсени эң биринчи Раббибизден сурашыңыз керек экенин

билесизби?

Бул суроолорго берген жообуңуз кандай гана болбосун, бул китепти окуу сизге чоң пайдаларды

алып келет. Себеби бул китеп Аллахтын пенделерине канчалык жакын экенин, алардан кандай бир дуба

каалаганын, чындап Ал каалагандай бир дубанын кандай экенин баяндап берүү үчүн жазылган.

Дубанын маанилүүлүгү Куранда «...Силердин дубаңар болбосо, Раббим силерди бааламак беле?»

(Фуркан Сүрөсү, 77) аяты менен кабар берилген. Аллахка дуба кылуунун, Ага жакындоонун бир чеги

жок. Ошондуктан, бүт адамдар бул жолду үйрөнүү менен же кайталоо менен түбөлүк жашоосуна пайда

алып келет.

Дуба – Аллах менен адамдар арасындагы байланыш жолу. Аллах менен байланыш куруу

муктаждыгы болсо адамдын табиятында бар. Ыймандуулар үчүн дуба кылуу жашоолорунун бөлүнгүс

жана кадимки бир бөлүгү болсо, көп адамдар үчүн дуба чоң кыйынчылыктарга кабылганда, өмүрүнө

кооптуулук туудурган коркунучтарга туш келгенде гана эске түшө турган бир ибадат. Албетте,

сүйлөмдүн аягында айтылган дуба түрүн Аллах жакшы көрбөшү мүмкүн. Эң туурасы – бул

бейпилдикте да, кыйынчылыкта да Аллахтан жардам суроо. Мына ошол үчүн чын ыкластан Аллахка

дуба кылуунун жолдору Куранда жакшылап сүрөттөлгөн.

Куранда көп аяттарда түздөн-түз же кыйыр түрдө дуба жөнүндө сөз болот. Ушул деле дубага

абдан маани берүү керек экенин көрсөтүп турат. Мындан тышкары, дуба жөнүндөгү аяттар окулган

сайын мунун канчалык маанилүү ибадат экени даана көрүнөт.

Куран боюнча дуба«Чакыруу, добуш салуу, каалоо, жардам суроо» маанилерине келген дуба, Куран боюнча «кулдун

(пенденин) бүт жүрөгү менен Аллахка кайрылышы» же «күчү чектүү бир жандык болгон адамдын

чексиз жана түбөлүктүү бир күч-кудуреттин алдында алсыздыгын кабыл алып, жардам сурашы»

маанисине келет.

Аллахка ишенген ар бир адамдын өзү билгендей дуба кылаары бир чындык. Бирок адамдардын

абдан көп бөлүгү дубаны кыйынчылык учурунда колдогу бүт мүмкүнчүлүктөр жасалып көргөн соң гана

Аллахты эстөө деп түшүнүшөт. Мындай адамдар кыйынчылыктардан кутулган соң кийинки

кыйынчылыкка чейин Аллахты унутат жана Андан бир нерсе суроо эстерине да келбейт.

Адамдардын дагы бир бөлүгүндө болсо такыр туура эмес бир дуба түшүнүгү бар. Бул адамдар

үчүн дуба – бул кичинекей жашынан баштап үй-бүлөнүн улгайган бирөөсү тарабынан үйрөтүлгөн

түшүнүксүз кээ бир сөздөр. Адамдардын мындай дубаларында Аллахтын бар экени, жалгыздыгы,

Page 8: Untitled

улуулугу, кудурети, адамдарды дайыма көрүп-угуп турганы, дубаларга жооп берээри көп ойлонулбайт.

Мурдатан жатталган дуба калыптары кайталана берет. Чынында болсо, китебибиздин да темасы болгон,

Аллах Куран аркылуу адамдарга жеткирген дуба такыр башкача.

Куран боюнча, дуба кылуу – бул Аллахка жетүүнүн эң оңой жолу. Эми Аллахтын сыпаттарын

бир ойлонолу. Ал – адамга күрөө тамырынан да жакыныраак, бүт нерсени билүүчү, угуучу... Адамдын

ичинен өткөргөн кичинекей ою да Аллахтан жашыруун калбайт. Демек, чын ыкластан Аллахтан бир

нерсе суроо үчүн адамдын ойлонуп коюшу да жетиштүү. Аллахка кайрылуу мына ушунчалык оңой.

Адам кулчулугун билгенде гана Аллах Кабатында баалуу боло алат. Ошондуктан адам Аллахка

кайрылышы, каталарын Аллахка мойнуна алышы жана бир гана Аллахтан жардам сурашы зарыл.

Антпесе, Аллахка карата бой көтөргөн болот, мунун жазасынын болсо түбөлүк тозок экени Куранда

билдирилет.

Бүгүнкү коомдордо көңүл бурган бир чындык – бул башка көптөгөн ибадат сыяктуу дубанын да

эскирген бир үрп-адат сыяктуу кабыл алынышы. Негизи мындай көз-караштын түбүндө «Аллахтан көз-

карандысыз, өз алдынча кыймылдаган, жашаган бир дүйнө» болушу мүмкүн деген көз-караш жатат.

Көп адамдар кааласа каалабаса, өмүр бою бүт окуяларды «өзүбүздүн жага айланабыздагы адамдардын

башкаруусунда болуп жатат» деп ойлошот. Ушул себептен өлүмгө жакын келгенге чейин же абдан чоң

бир кырсыкка кабылганга чейин Аллахка дуба кылуу муктаждыгын сезбейт. Бирок, бул чоң бир

жаңылыштык. Мындай жаңылыштыкта ушунчалык адашкандар болот, алар дубаны өтмүш замандардан

бүгүнкү күнгө чейин келип жеткен бир сыйкыр ыкмасы сыяктуу кабылдашат. Чынында болсо, дуба –

бүт жашоону камтый турган өзүнчө бир ибадат.

Адамдардын баары дубага муктаж. Жарды жана кыйын шарттарда жашаган бирөө бай бир адамга

караганда дубага көбүрөөк муктаж деп ойлоо дубаны такыр туура эмес түшүнгөндүктү билдирет.

Материалдык абалы жакшы, жашоодо бүт каалагандарыма жеттим деп ойлогон бир адамдын «дубага

муктаж эмесмин» деп ойлошу такыр туура эмес. Себеби мындай учурда «дубанын жалгыз себеби – бул

дүнүйөлүк каалоолорго жетүү» деген маани чыгат. Чынында болсо момундар дүйнө жашоолору үчүн

да, акыреттери үчүн да дуба кылышат. Дуба кылуу тобокелдүүлүктү да алып келет. Дуба кылган адам

алдынан чыга турган оор же жеңил ар кандай абалды, бүт окуяларды ааламдын Жаратуучусу жана Ээси

болгон Аллахтын эркине таштады дегенди билдирет. Бир көйгөйдү чечүүнүн же алдын алуунун бүт

жолдорунун ааламдагы бүт кудуреттин ээси болгон Аллахка таянганын билүү, бүт иштерди ага

тапшыруу жана Ага гана дуба кылуу момунга бейпилдик жана ишеним алып келет.

Page 9: Untitled

КУРАНДА ДУБА КАНДАЙ ТҮШҮНДҮРҮЛӨТ?

Акыркы жолу качан дуба кылганыңызды ойлоп көрдүңүзбү?... Бул суроого ар кандай жооптор

берилиши мүмкүн, бирок бүт адамдар качандыр бир дуба кылган деген орток жооп чыгат. Адамдар,

албетте, бүт жерде, бүт чөйрөдө, каалаган бүт нерсе үчүн Раббибиз болгон Аллахка дуба кыла алышат.

Аллах ыйман келтиргендердин ар кандай чөйрөдө дуба кыла алаарына, Аны эстей алаарына төмөнкү

аяттар менен көңүл бурган:

Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана

жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана

(максатсыз) жаратпадың. Сен абдан Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.»

«Раббибиз, шексиз, Сен кимди отко салсаң, аны «кор кылган жана басмырлаган» болосуң;

зулумдук кылгандардын жардамчысы жок.» «Раббибиз, биз: «Раббиңерге ыйман келтиргиле»

деп ыйманга чакырган бир чакыруучуну уктук, ылдам ыйман келтирдик. Раббибиз, биздин

күнөөлөрүбүздү кечир, жамандыктарыбызды жашыр жана бизди жакшылык кылгандар менен

бирге өлтүр (жаныбызды ал).» «Раббибиз, элчилериңе убада кылгандарыңды бизге бер, кыямат

күнү да бизди «кор жана басмырланган(дардан)» кылба. Шексиз, Сен убадаңды аткаруучусуң.»

Анан Раббилери аларга (дубаларын кабыл алып) жооп берди: «Шексиз Мен эркек болсун, аял

болсун, силерден бир (сооптуу) иш кылгандын ишин текке кетирбейм...» (Али Имран Сүрөсү,

191-195)

Мындан тышкары, дубанын эң сонун, эң туура түрү бар, Куранда булар терең баяндалган.

Үндү катуу чыгарбастан, жалгыз, терең терең дуба кылууАбдан чарасыз жана кыйынчылык ичинде калып, Аллахка дуба кылуу муктаждыгын сезген бир

учуруңузда дуба кылуу үчүн кандай бир чөйрө каалаганыңыз эсиңиздеби? Эч шексиз, түнкүсүн

башыңызды жаздыкка койгонуңузда же абдан тынч, ызы-чуусуз, Аллах менен жалгыз калганыңызды

сезе алган бир чөйрөдө дуба кылууну тандаган болушуңуз керек.

Ибадаттар учурунда руханий жыйналуу (ойду толук жыйноо) адам жалгыз калып, эч ким

билбеген учурларда, толук концентрация болгон учурда болот. Муктаждыктары, каталары же

кемчиликтери жөнүндө Аллахка дуба кылуу муктаждыгын сезген бир адам жалгыз жана терең терең,

чын жүрөктөн дуба кылууну тандайт. Буга сонун бир мисал – бул Аз. Закариянын дубасы. Куранда ал

Аллахтан урпагын уланта турган бир мураскор сурап жатканда, жашыруун дуба кылганына ишарат

кылынат:

Page 10: Untitled

Ал Раббисине жашыруун кайрылганда: «Раббим, шексиз менин сөөктөрүм бошошту жана

карылыктан чачтарым агара баштады; мен сага дуба кылуу менен бактысыз болгон жокмун.»

(Мерйем Сүрөсү, 3-4)

Дубанын аныктамасында «күчү чектүү болгон бир жандыктын күчү чексиз бир кудуреттин

алдындагы алсыздыгын билдирип, бир нерсе сурашы» деген элек. Ошондуктан, дуба Аллахтын алдында

алсыздыкты жана жакырдыкты билип-сезүү менен кылынышы зарыл. Бирок, албетте, бир катар

жасалма кыймылдар менен, калыптанып калган жана туурамчы ойлор менен буга жетүүгө болбойт.

Ансыз деле чындап чын ыкластуу, өзүнүн алсыздыгын сезген адам муну өзүнөн-өзү сезип-жашайт.

Куранда ыймандууларга төмөнкүчө дуба кылуулары сунушталат:

Раббиңерге жалбарып жалбарып жана чын жүрөгүңөрдөн дуба кылгыла. Шексиз, Ал

чектен чыккандарды сүйбөйт. (Аьраф Сүрөсү, 55)

Раббиңди эрте менен, кечинде бийик эмес үн менен, өзүңчө, коркуу менен, жалбара жалбара

жана терең терең эсте (зикир кыл). Капылет калгандардан болбо. Шексиз, Раббиңдин

Кабатындагылар Ага ибадат кылуудан бой көтөрүшпөйт...» (Аьраф Сүрөсү, 205-206)

Куранда дубанын жалгыз, жалбарып жана терең терең кылынышына көңүл бурулат. Ошондуктан

дубанын каерде кылынганы, дуба учурунда уюштурулган «церемониянын» чоңдугу, көп адамдын

катышышы жана дуба кылган адамдын үнүнүн абдан катуу чыгышы маанилүү эмес.

Эң биринчиден, билип коюңуз, дубадагы үндүн катуу чыгышы дубанын Аллахка жетишин же

Аллахтын дубага жооп беришин жеңилдетпейт. Биз дуба кылган Раббибиз ичибизден өткөн

ойлорубузду билет, бүт нерседен кабардар жана бизге күрөө тамырыбыздан да жакын (Каф Сүрөсү, 16).

Бизге ушунчалык жакын болгон Аллахка дуба кылып жатканда, үнүбүздү керексиз эле катуу

чыгаруунун бир мааниси жок. Адам ичинен да дуба кылса болот, өзүнө угула турган бир добуш менен

да дуба кылса болот.

Куранда ибадат учурунда да, башка убактарда да үндү ылайыктуу деңгээлде тутуу керек экени

адамдарга төмөнкү аяттарда билдирилген:

Басканда орто бир жолду карма (кичипейилдик менен бас),

добушуңду көтөрбө. Себеби добуштардын эң жаманы эшектин добушу.

(Локман Сүрөсү, 19)

Айткын: «Аллах деп чакыргыла, «Рахман» деп чакыргыла, эмне деп чакырсаңар бир; эң

сонун ысымдар Ага тиешелүү.» Намазыңда үнүңдү көп катуу чыгарба, көп дагы акырын

чыгарба, ушул экөө арасында (орто) бир жолдо бол. (Исра Сүрөсү, 110)

Көрүнүп тургандай, Куранда сүрөттөлгөн ибадат өрнөгү көргөзмөдөн алыс. Эл көрсүн же уксун

деп кылынбайт, бир гана Аллахтын алдындагы милдетти толук аткаруу максатын көздөйт. Куранда буга

Page 11: Untitled

абдан маани берилет. Дуба жөнүндөгү аяттарда көп жолу «динди Аллахка калыс кылып, дуба кылуу»

айтылат. Мунун мааниси – бул диндин, б.а. ибадаттын бир гана Аллах ыраазылыгы үчүн аткарылышы,

Андан башкалардын ыраазылыгын эч максат кылбаш:

Ал – Хайй (тирүү) туруучу. Андан башка кудай жок; демек бир гана Ага ыклас кылып, Ага

дуба кылгыла. Ааламдардын Раббисине мактоолор болсун. (Момун Сүрөсү, 65)

Демек, динди бир гана Ага калыс кылып, Аллахка дуба (кулчулук) кылгыла; каапырлар

жакшы көрбөсө да. (Момун Сүрөсү, 14)

Айткын: «Раббим адилеттүүлүк кылууну буйрук кылды. Ар бир мечиттин жанында (сажда

ордунда) жүзүңөрдү (Ага) бургула жана динди бир гана Ага калыс кылып, Ага дуба кылгыла.

«Башында силерди жараткандай» ага кайтасыңар.» (Аьраф Сүрөсү, 29)

Дин бир гана Аллахтыкы. Ибадаттардын баары Анын ыраазылыгына жетүү үчүн гана жасалат.

Мунун жападан жалгыз жолу – бул Ал каалагандай жана сүрөттөгөндөй кылуу.

Дубасын же башка кандайдыр бир ибадатын Аллахка калыс кылбастан жасагандар, б.а.

айланасындагы адамдарга «такыба (Аллахтан корккон болуп)» көрүнүү үчүн аракеттенгендер чоң бир

адашууда болушат. Аллах Куранда алар жөнүндө мындай дейт:

Мобул намаз кылгандардын абалы оор, алар намаздарында жаңылуу ичинде, алар

(намаздарын) эл көрсүн үчүн кылышууда. (Маъун Сүрөсү, 4-6)

Аллахтын бар экенин сезип дуба кылууДубанын эң маанилүү шарттарынын бири – бул Аллахка чындап ишенүү (ыйман келтирүү). Адам

чарасыз калган учурларда Аллахтын бар экенин жана ага бир гана Аллахтын жардам берээрин эч

шексиз билет. Бирок адам тынч, бейпил жашап жаткан кездерде да Аллахтын бар экенин жана

кудуретинин улуулугун сезип, дуба кылышы зарыл. Негизи адам бир гана дуба учурунда эмес, дайыма

муну билип жашашы керек.

Дайыма Аллахтын бар экенин жана жакын экенин сезип, дуба кылышы зарыл. Себеби Аллахтын

бар экенин билген адам гана дубанын маанисин жана маанилүүлүгүн түшүнөт. Дуба Аллах менен Анын

кулу арасында жеке жана ысык бир байланыш курат. Адам бардык кыйынчылыктарын жана

каалоолорун Аллахка ачат, Ага жалбарат жана Аллах кулунун каалоосуна жооп берет, дубасын жоопсуз

калтырбайт.

Мурда да айтылгандай, Куранда дуба эч кандай калыпка салынбайт. «Аллахты турганда,

отурганда жана жатканда зикир кылгыла (эстегиле)» (Ниса Сүрөсү, 103) аяты адамдын дайыма жана ар

кандай шартта Аллахты эстеп, Ага дуба кыла алаарын көрсөтөт. Негизгиси дубанын калыбы эмес,

адамдын чын ыкласы жана баш ийүүчүлүгү.

Мындан башкача түшүнүү болсо дубаны чыныгы маанисинен алыстатат жана бир сыйкырчылык

сыяктуу көрүнүшүнө жол ачат. Кээ бир адамдар өз ойлорунан чыгарган дарактарга чүпүрөк байлоо,

Page 12: Untitled

сууга үйлөө сыяктуу негизсиз (батыл, жалган) ишенимдер мунун бир көрсөткүчү. Көңүл бурулган

болсо, мындай иштердин негизги өзгөчөлүгү – буларды жасаган адамдардын Курандын логикасынан

алыс болушу. Түздөн-түз Аллахка кайрылып, каалагандарын Андан сураштын ордуна, бир катар батыл

(негизсиз) церемония же символдорду чыгарып, дубаны ушулар аркылуу жасашууда. Кимге дуба

кылып жатканын, кимге жалбарып жатканын көп ойлонушпайт. Дуба үчүн колдонгон нерселеринде бир

«керемет» бар деп ойлошууда, бирок алардан суралса, мунун эмне экенин түшүндүрө алышпайт. Мүрзө

зыяраттарын максатынан алыстатышып, бул мүрзөлөрдө жаткан адамдарга дуба кылгандар, алардан бир

нерсе үмүт кылгандар да ушундай эле батыл жана адашкан ишенимге ээ.

Момун болсо «Раббиңдин ысымын зикир кыл (эсте) жана бүт баарынан өзүңдү тартып, бир гана

Ага кайрыл» (Мүземмил Сүрөсү, 8) буйругуна баш ийет, бүт мындай батыл ишенимдерден алыс болуп,

бир гана Аллахка кайрылып, Анын алдында башын ийет жана Раббибизге жалбарат.

Коркуу менен үмүт арасында дуба кылууКуранда Аллахтын «...мээримдүүлөрдүн эң мээримдүүсү...» (Анбия Сүрөсү, 83) экени

билдирилет. Ошондой эле, Куранда ката кылган адам Аллахтын кечиришин суранса, бүт күнөөлөрдүн

кечирилээри айтылууда (Ниса Сүрөсү, 110). Ошондуктан адамдар дубаларында Аллахтын «коргоочу

жана кечиримдүү» сыпаттарын ойлошу, үмүт ичинде дуба кылышы зарыл. Адамдын кетирген каталары

жана бул үчүн сезген абийир азабы канчалык чоң болсо да, Аллахтын кечиримдүүлүгүнөн үмүт

үзүшүнө себеп болбойт. Ошондой эле, адамдын ката кетирүүдөн жана күнөө кылуудан улам ичине

түшкөн маанайы анын үмүт ичинде дуба кылышына тоскоол болбошу зарыл. Себеби Куранда

каапырлардын гана Аллахтын мээриминен үмүт үзөөрү айтылат:

«... Аллахтын мээриминен үмүт үзбөгүлө. Себеби каапырлар коому гана Аллахтын

мээриминен үмүт үзүшөт.» (Йусуф Сүрөсү, 87)

Ошол эле учурда эч кимдин сөзсүз бейишке ылайыктуу деген бир кепилдиги жок. Аллах Куранда

«Шексиз Раббилеринин азабынан ишенимде болууга болбойт» (Меариж Сүрөсү, 28) аяты аркылуу бул

чындык менен адамдарды эскерткен. Ошондуктан бүт адамдар Аллахтан мүмкүн болушунча коркушу зарыл.

Демек, сыноо үчүн дүйнөдөгү ар бир адам дайыма адашуу, жаңылуу, шайтандын оюнуна алданып, Аллахтын

жолунан кайтуу ыктымалы бар. Бул багытта эч кимдин бир кепилдиги жок. Ошондуктан, адам дубасында

бир тараптан Аллахтын мээриминен үмүт кылса, экинчи тараптан Анын ыраазылыгын жоготуп алуудан

коркушу керек.

Чыныгы бир момунду башка адамдардан айырмалаган эң маанилүү өзгөчөлүктөрдүн бири – бул Аллах

коркуусу. Себеби ишенбеген бир адамдын ою боюнча, тозоктун бар экени күмөндүү. Момун болсо тозок

коркунучун билет. Акырет күнүнө так далилдер менен ишенгендиктен эң чоң коркууну жашайт. Ишенген

жана Аллахка карата бой көтөрүүдөн качынган адам гана мындай коркуу менен жүрөт. Азаптын чындык

экенин жана күчүн так билет. Мындай азапка туш болбош үчүн дүйнө жашоосунда риск болуп саналган эч

нерсеге жакындабайт. Акыреттеги ал чоң азаптан алыстоону жана чексиз сулуулук менен тосуп алына турган

бейишке татыктуу болууну каалайт. Момундун акырет азабынан болгон коркуусу дубасына да чагылат.

Page 13: Untitled

Мына ушул себептен Куранда коркуу жана үмүт сөздөрү бирге колдонулган. Эгер адам

дубасында тозок коркуусун сезбей жатса (мунун түбүндө Аллах коркуусунун аз болушу турат), анда

сөзсүз тефеккүр, б.а. терең ойлонуп түшүнүү жетишпей аткан болот. Адам бейишке жетүү үчүн

канчалык каалоо менен дуба кылып жатса, тозоктон кутулуу үчүн да ошончолук каалоо менен дуба

кылышы керек. Б.а. тозоктон коркуп, бейишке жетүүнү үмүт кылышы зарыл. Мындай маанайды

баяндаган аяттардын экөөсү төмөнкүчө:

Жер бетинде, аны оңдогондон кийин, бузукулук чыгарбагыла; Ага

коркуу жана үмүт менен дуба кылгыла. Чынында Аллахтын ырайымы

жакшылык кылуучуларга жакын. (Аьраф Сүрөсү, 56)

Алардын жаны (түнкү намазга туруу үчүн) төшөктөрүнөн алыс болот. Раббилерине коркуу

жана үмүт менен дуба кылышат жана аларга ырыскы катары бергендерибизден садака

кылышат. (Сажда Сүрөсү, 16)

Көрүнүп тургандай, коркуу жана үмүт – бул Куранда баяндалган дубаны түзүүчү эки негизги

сезим. Куран жакшылап анализ кылынганда, ансыз деле бүт ибадаттарда, жана жашоонун ар бир көз

ирмеминде бул эки сезимдин абдан маанилүү экени оңой гана байкалат.

Бир жагдайды унутпаш керек, дуба бир тараптан Аллахтын алдындагы чоң бир милдетибиз,

экинчи тараптан болсо түбөлүк жашообузду куткара турган бир себепчи. Себеби Куранда Аллахка дуба

кылбагандардын аягынын түбөлүк тозок азабы экендиги кабар берилген.

Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин (кабыл аламын)»

деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко

киришет. (Момун Сүрөсү, 60)

Аллахтын сыпаттарын эстөө менен дуба кылууАллахтын ысымдары бизге Анын сыпаттарын билдирет. Мисалы, Аллах – Рахман, б.а. боорукер;

Раб, б.а. тарбиялоочу жана жол көрсөтүүчү; Хаким, б.а. өкүм берүүчү, бүт нерсенин кожоюну; Раззак,

б.а. ырыскы берүүчү... Бул ысымдар Аллахты тааныткандыктан, адам ушулар менен Раббибизге

кайрылып, Анын улуулугун, жакындыгын, кудуретин жана мээримин жакшыраак түшүнөт. Аллахтан

ырыскы сураган бир адамдын Анын Раззак ысымын эстеп дуба кылышы, албетте, дубасынын

маанисине туура болот. Куранда да Аллахка Анын ар түрдүү ысымдары менен дуба кылууга мүмкүн

экени кабар берилген:

Айткын: «Аллах деп чакыргыла, «Рахман» деп чакыргыла, эмне деп чакырсаңар бир; эң

сонун ысымдар Ага тиешелүү.» Намазыңда үнүңдү көп катуу чыгарба, көп дагы акырын

чыгарба, ушул экөө арасында (орто) бир жолдо бол. (Исра Сүрөсү, 110)

Page 14: Untitled

Ысымдардын эң сонуну Аллахка тиешелүү. Демек, Ага ушулар менен дуба кылгыла. Анын

ысымдарында «карама-каршылыкка (жана каапырдыкка) адашкандарды» жөн койгула.

Кылгандары үчүн жакында жазаландырылышат. (Аьраф Сүрөсү, 180)

Аллахтын сыпаттарын билген адам каталарын Аллахтан жашырууга аракеттенбейт. Себеби

жашырса да, ачыкка чыгарса да, Аллахтын бүт нерсени билээрин түшүнүп турат. Каталарын

жашыруунун өзүнө зыяндан башка эч нерсе алып келбешин билген ыймандуу адам ар кандай кемчилик

жана каталары үчүн Аллахтын кечиришин суранат. Аз. Ибрахимдин бир дубасы да төмөнкүчө

башталат:

«Раббибиз, шексиз Сен биздин жашыргандарыбызды да, ачыкка чыгаргандарыбызды да

билесиң. Жерде жана асмандагы эч нерсе Аллахтан жашыруун калбайт.» (Ибрахим Сүрөсү, 38)

Момун, каалоолору канчалык чоң болсо да, бүт нерсенин Аллахтын башкаруусунда экенин,

Аллах кааласа эч мүмкүн эместей көрүнгөн бир нерсенин Анын «Бол» деши менен ишке ашаарын

билет. Ошондуктан, Аллахтын немат-жакшылыктарына жетүү үчүн эч нерсени күч жеткис бир

тоскоолдук катары көрбөйт. Тескерисинче, ар кандай кыйынчылыкты жана тоскоолдукту дубасы менен

жеңет.

Дуба – каалоо жана муктаждыктарыбызды Аллахка угузуудан тышкары, Аллахты эстөөнүн жана

улуктоонун бир жолу деп айткан элек. Куранда өзгөчө пайгамбарлардын дубаларында Раббибиз

сыпаттары менен улукталууда. Төмөндөгү бир канча мисал муну көрүүгө жетиштүү:

(Сулайман) Раббим, мени кечир жана менден кийин эч кимге насип болбогон бир мүлктү

мага тартуула. Шексиз, Сен акысыз тартуу берүүчүсүң. (Сад Сүрөсү, 35)

«Раббибиз, бизди хидаятка (туура жолго) жеткирген соң жүрөктөрүбүздү адаштырба жана

Кабатыңдан бизге бир мээрим тартуула. Шексиз, кечирими эң көп болгон бир гана Сенсиң.»

(Али Имран Сүрөсү, 8)

(Муса жалбарып) Айтты: «Раббим, мени жана бир тууганымды кечир, бизди мээримиңе ал.

Сен мээримдүүлөрдүн эң мээримдүүсүсүң.» (Аьраф Сүрөсү, 151)

Ал жерде Закария Раббисине дуба кылды: «Раббим мага Кабатыңдан таптаза бир урпак

тартуула. Чынында Сен дубаларды угуучусуң» деди. (Али Имран Сүрөсү, 38)

Дубада калыптанып калган, монотондуу сөздөрдөнкачынууДуба дегенде эске адамдын Аллахты эстеши, Аллахка кемчиликтерин мойнуна алышы, өзүнүн

жана момундардын муктаждыктарын угузушу келет. Бул үчүн болсо дубада Аллахка карата чын

ыкластуу бир услуп болушу зарыл.

Page 15: Untitled

Дубада монотондуу жана калыптанып калган сөздөрдүн көп көп кайталанышынын жалгыз себеби

– бул дубанын чын ыкластуу бир ибадаттан алыстап, бир көнүмүш адат же салтка айланып калышы.

Аллахтын улуулугун сезген, Анын азабынан корккон жана ыраазылыгына жетүүнү каалаган адам

жүрөгүнөн келген чын ыкластуу сөздөрү менен Ага кайрылат. Ошол сыяктуу, өзүн Аллахка тапшырган,

дос жана жардамчы катары Аны кабыл алган адам ар кандай кыйынчылыгын жана арыз-муңун Ага

айтат. «...Мен адам чыдагыс муңумду жана кайгымды бир гана Аллахка арызданып жатам...» (Йусуф

Сүрөсү, 86) деген Аз. Йакуб сыяктуу, бүт кыйынчылык жана каалоолорун Ага айтат, ар кандай

жардамды жана жакшылыкты Андан сурайт.

Дуба кылган адам мындай бир ыкластуулукта эмес болсо жана дубаны аткарылышы керек болгон

бир формалдуулук же ишке ашышы белгисиз болгон бир ритуал сыяктуу гана көрүп жатса, албетте

калыптанып калган сөздөрдү колдонот. Маанисин эч түшүнбөгөн же жакшылап ойлонуп көрбөгөн бир

катар кооз сүйлөмдөрдү катары менен айтып, өз оюнда бир дуба кылат. Мунун Куранда сүрөттөлгөн

бир дуба эмес экени болсо апачык көрүнүп турат.

Чынында болсо, дуба – бул адамдын Аллах менен болгон чын ыкластуу байланышы. Ар бир

адамдын көйгөйлөрү, каалоолору, арзуулары, маанайы бири-биринен абдан айырмалуу. Дуба учурунда

маанилүү нерсе – бул сөздөр эмес, пенденин ошол учурдагы маанайы.

Куранда мисал катары көрсөтүлгөн дубалар – бул пайгамбарлардын жана момундардын маанайын

чагылдырган абдан чын ыкластуу жана чын жүрөктөн Аллахка кайрылуулары.

Дубада шашмалыктан качынууАдам табиятынан шашма болуп жаратылган. Табиятындагы мындай шашмалыгы жеңип кеткен

учурларда иш-аракеттеринин жыйынтыгын ойлонбостон бир нерселерди жасап жиберет. Ошондуктан

Куранда «Адам шашма болуп жаратылды. Силерге аяттарымды жакында көрсөтөмүн. Азыр

шашпагыла» (Анбия Сүрөсү, 37) деп билдирилген. Мындай шашмалык көбүнчө дүнүйөлүк нематтарга

жетүү каалоосунда көп байкалат.

Адам бейишти жана Аллахтын немат-жакшылыктарын абдан каалайт. Мындай нематтардын

окшошторунун бул дүйнөдө да жаратылышынын себептеринин бири – бул бейиштин өзгөчөлүктөрүн

жакшыраак түшүнүүнү, бейишке болгон каалоонун көбөйүшүн камсыздоо. Бирок адам болсо бул

нематтарга болгон каалоосу жана шашмалыгы себебинен напсисинин каалоолорунун ошол замат ишке

ашышын каалайт. Адамдын мындай шашмалыгы көп жолу дубаларына да чагылышы мүмкүн. Дуба

кылганда, дубасынын ошол замат аткарылышын каалайт. Дубасынын ишке ашышы бир аз кечиксе,

«дуба да кылып жатам, бирок кабыл алынбай жатат» деген сыяктуу такыр туура эмес бир пикирлерге

келиши мүмкүн. Сабырсыздык убакыттын өтүшү менен үмүтсүздүккө, ал тургай дубаны таштоого

чейин алып барат.

Ал эми момун болсо ал үчүн эмненин жакшы (кайырдуу) экенин эң жакшы Аллах билээрин

билет. «...(Кээде) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чынында ал силер үчүн

жакшылык. Ошондой эле (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык

болуп чыгат. Аллах билет, силер билбейсиңер» (Бакара Сүрөсү, 216) аяты адамга муну

кабар берет. Ушул себептен, адам Аллахтан бир нерсе сураганда, баарын Анын эркине коюшу керек,

Андан ар кандай шартка ыраазы болгон абалда сабыр менен күтүшү зарыл. Балким дуба кылып сураган

Page 16: Untitled

нерсеси ага бир пайда алып келбейттир, ушул себептен Аллах муну бербей жаткандыр. Балким ал

жакшылыкка жетиши үчүн белгилүү бир руханий бышып жетилүүгө жетиши керектир, бул үчүн болсо

белгилүү мөөнөт тарбияланышы керек болгондур. Балким Аллах ага андан да жакшы башка бир

жакшылык берет, анын сабырын жана туруктуулугун сынап жаткандыр.

Булардын баары дуба кылган адамдын дубасында сабырдуу жана чечкиндүү болушу, Аллахтын

мээриминен эч үмүт үзбөшү керек экенин көрсөтүүдө. Куранда да дубада сабырдуу болууга өзгөчө

көңүл бурулат:

Сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Бул, албетте, кичипейил болгондордон

башкалар үчүн оор (бир жүк). (Бакара Сүрөсү, 45)

Куранда дуба кылып жатканда, чечкиндүү болуу кеңеш кылынган. Дуба – бул бир ибадат, жана

дубада сабыр кылуу дуба кылган үчүн маанилүү. Сабыр менен дуба кылуу дубада айтылган

каалоолорго болгон муктаждыктын, же кыйынчылыктын, андан да маанилүүсү Аллахка болгон

жакындыктын өскөнүн көрсөтөт. Дубада сабырдуу болуу момунду бышырат, ага күчтүү бир эрк жана

кулк-мүнөз берет. Дубада сабырдуулук кылган бир момун дубасынын сыйлыгын сураган нерселеринин

көпчүлүгүнөн баалуу болгон, терең бир руханий маанайга (абалга) жетүү менен алат.

Пайгамбарлардын көпчүлүгү Аллахка болгон талаптарын кээде жылдар бою эч токтобостон дуба

аркылуу билдиришкен, Аллах болсо аларга сурагандарын кээде бир топ жылдардан кийин берген. Аз.

Йакубдун уулу Аз. Йусуфка жолугушу, Аз. Йусуфтун жылдар бою камалган зындандан кутулуп күчкө

жана бийликке жетиши, Аз. Аййубдун шайтан ага берген азаптан кутулушу, булардын баары чоң сабыр

мисалдары.

Аллах бул салих пенделеринин дубаларынын жообун белгилүү бир мөөнөткө кечиктирүү менен

аларга жакшылык каалаган, аларды мунун урматында бышып жетилткен, тарбиялаган, бекемдик

(туруктуулук) жана ыкластуулугун күчтөндүргөн, аларды бейиште жогорку даражаларга ылайыктуу

пенделерге айланткан.

Ошондуктан, кылган бир дубасынын жообун көрүү үчүн шашмалык кылуу бир момунга эч эч

жарашпайт. Момундун жалгыз милдети – бул Раббибизге кулчулук кылуу жана Аллах ал үчүн аныктап

койгон тагдырга ыраазы болуу. Ыкластуу бир момун дубасын ушул кулчулук (пенделик) вазыйпасынын

(милдетинин) бир бөлүгү катары кылышы керек.

Дуба бир гана дүнүйөлүк немат-жакшылыктарүчүн кылынбайтДуба кылып жатканда, бул дүйнөдөгү жашообуз үчүн да сурашыбыз керекпи, же «бул дүйнөнү

унутуп» бир гана акырет жашоосун көздөшүбүз зарылбы?

Аллах ыкластуу момундар үчүн экөөсүн тең кайырдуу көргөн. Албетте, бул дүйнө жашоосу бир

күн бүтө турган абдан кыска бир жашоо. Ар бир нематтын адамды Аллахка жакындатуу жана шүгүр

кылышына себепчи болуу ыктымалы бар. Бир нематты карап, бейиш жөнүндө ойлонуу мүмкүн,

Аллахтын сыпаттары эстелиши мүмкүн, Аллах даңкталышы мүмкүн. Мына ушул себептен Аллах

момундарга дүйнө жашоолору үчүн да, акырет жашоолору үчүн да дуба кылууларын сунуш кылат.

Page 17: Untitled

Дүйнө жашоосунун утурумдук кооздугун каалап, акыретти унутпашы үчүн да аларды эскертет.

Аяттарда мындайча буюрулат:

... Адамдардын ушундайы бар: «Раббибиз, бизге бул дүйнөдө бер» дейт; анын акыретте

насиби жок. Алардын ушундайы да бар: «Раббибиз, бизге бул дүйнөдө да жакшылык бер,

акыретте да жакшылык (бер) жана бизди оттун азабынан сакта» дейт. Мына ушулардын

тапкандарына жараша насиптери бар. Аллах абдан жакшы эсептешүүчү. (Бакара Сүрөсү, 200-

202)

Адам өз дүйнөсүнө тиешелүү нерселерди сурайт. Эмне үчүн жашап атса, аны эмне эң көп

кызыктырса, эмнеге көбүрөөк убакыт коротуп атса, дубасын да ошолор үчүн кылат. Аллах үчүн

жашаган бир адамдын максаты – Аллах андан каалагандарын аткарууга аракет кылуу. Ошондуктан

дубасы да ушул багытта болот.

Адамдын бул дүйнөгө тиешелүү каалоолору ишке ашышы мүмкүн. Бирок булар, мурдараак да

айтылгандай, ал үчүн ал ойлогондой жакшылык (кайырдуу) болбошу мүмкүн. Акча сурайт. Бирок

кийин акча анын каапырдыгын көбөйтүүчү бир азгырык болушу ыктымал. Себеби материалдык

нерселер толук пут кылынып алган мындай чөйрөдө ал жолуккан жана жолуга турган бүт нерсе жана

дээрлик бүт адамдар толугу менен диндин талаптарына тескери келет.

Каалоо дүнүйөлүк бир каалоо жана анын жообун бул дүйнөдө көрөт. Акыреттеги жообу болсо эч

ал күтпөгөндөй болушу ыктымал. Дүйнө жашоосунун өзүнө тарткан өзгөчөлүктөрүнүн кээ бирлери бир

аятта мындайча кабар берилет:

Аялдарга, балдарга, сандык сандык жыйылган алтын жана күмүшкө, күлүк көркөм

аттарга, айбанаттарга жана түшүмдөргө болгон бекем (күчтүү) арзуу инсандарга «сулуу жана

өзүнө тартуучу» кылынды. Булар – дүйнө жашоосунун жалган кооздуктары. Чыныгы барыла

турган сонун жер – Аллахтын кабатындагы (мекен). (Али Имран Сүрөсү, 14)

Бул дүйнөдө мындай дүнүйөлүк каалоо жана арзуулардын ишке ашышы адамга бир катар

пайдаларды албетте алып келет. Бирок дүйнөдөгү мындай пайдалар акырет үчүн бир кайып болушу

ыктымал. Дүнүйөлүк каалоолордун акырет үчүн да пайда алып келген тараптары бар. Буга эң сонун

пайгамбарлар мисал болот.

Бул куттуу адамдар дүйнө жашоосунун утурумдук кооздугу болгон пайдаларды Аллахтын

ыраазылыгына жетүү үчүн гана сурашкан. Булардын эң башкылары байлык, урпактын уланышы,

коомдо белгилүү бир статуска жетүү сыяктуу нерселер.

Пайгамбарлардын каалоолору толугу менен Аллахты ыраазы кылууга багытталган. Эч бир

пайгамбар балалуу болууну өзүнөн соң атын уланта турган бир артыкчалык катары сураган эмес.

Баланы алардан соң ыймандууларга башчы болушу үчүн гана сурашкан.

Ал эми өз урпагынын уланышын бул дүйнөдө бир мактануу үчүн каалаган бир адамдын мындай

каалоосу акыретте өзүнө бир жамандык болот. Себеби өзүнүн амбиция жана бой көтөрүү каалоосун

Page 18: Untitled

канааттандыруу үчүн гана муну каалаган жана бул каалоосу Аллахты эстешине тоскоол болгон. Аллах

бул каалоого бул дүйнөдө жооп берет, бирок акыретте насиби болбошу мүмкүн.

Бир гана дүйнө нематтарын каалап дуба кылуу бир момунга жарашпайт, ошондой эле, Аллахка

карата чоң бир ыклассыздык болот. Момундардын чыныгы максаты – бул бейиш. Дуба кылган адам

эгер чындап ыймандуу болсо, чыныгы мекени болгон бейишти унутуп, бүт дубасын утурумдук жашап

турган дүйнө жашоосунун нематтарына бурбашы керек. Аллахтан бул дүйнөдө да, акыретте да

жакшылык, сулуулуктарды сурашы зарыл.

Дубалар өзү үчүн эле эмес,бүт момундар үчүн болушу керекКараңгы коомдо адамдар мал-мүлк, байлык, урпак, түгөй жана бейпилдиктин эң жакшысы менде

болсун дейт. Жакын дос катары белгилүү болгон адамдардын, ал тургай, туугандардын арасында да

кызганычтыктан, көз артуудан улам келип чыккан уруш-талаштарга жана адамдардын өзүнө атаандаш

катары көргөн бүт адамдарга зыян тийгизүүгө аракет кылганына көп жолу күбө болобуз.

Ал эми Куранда сүрөттөлгөн момун моделин жашаган адам болсо дүйнө жашоосундагы

кооздуктарды да, акыреттеги нематтарды да башка момундар менен бирге жашайт. Дүйнөдө нематтар

чектүү болгондуктан, буларды алар менен бөлүшүшү, кээде өз напсисинен кечип, бир тууганына

бериши керек болуп калат. Куранда момундун мүнөздөрү сүрөттөлүп жатканда, бул өзгөчөлүккө

атайын көңүл бурулат. Бир аятта мындайча буюрулат:

...Аларга берилген нерселер себептүү ичтеринде бир муктаждык (каалоосу) сезишпейт.

Өздөрүндө бир жетишпестик (муктаждык) болсо да, өз напсилери ордуна (бир туугандарын)

тандашат. Ким напсисинин «сараң жана өзүмчүл каалоолорунан» сактанган болсо, дал ошолор –

кутулууга жетишкендер. (Хашр Сүрөсү, 9)

Момундардын бири-бирине болгон мындай боорукердиги, бири-биринин жакшылыгы үчүн

аракет кылышынын маанилүүлүгү Курандын башка аяттарында да кайталанат:

Момун эркектер жана момун аялдар бири-биринин досу (велиси). Жакшылыкка чакырып,

жамандыктан тосушат, намазды туптуура кылышат, зекетти беришет жана Аллахка жана

Элчисине баш ийишет. Аллах аларга мээримин төгө тургандар мына ушулар. Шексиз, Аллах –

Улуу жана Күчтүү, Өкүм жана Хикмат Ээси. (Тообо Сүрөсү, 71)

Момундар арасындагы кайрымдуулук, албетте, дубаларына да чагылат.

Эң биринчиден көңүл бурган бир жагдай бар, Курандагы момундар дубаларында Аллахка

кайрылганда, көбүнчө «мен» эмес, «биз» дешет. Б.а. дуба кылган бир момун Аллахтан каалаган бүт

нерсесин бир гана өзү үчүн эмес, бүт момундар үчүн суроодо. Албетте, адам өзү үчүн да Аллахка дуба

кылат. Ар кандай нематка жетүү үчүн, каталарынын оңдолушу үчүн, кыямат күнү кор болуп,

басмырланбашы үчүн, тозок азабынан кутулуу үчүн Аллахтан жардам сурашы мүмкүн. Бирок, мындан

Page 19: Untitled

тышкары, көп нерседе өзү үчүн сурагандарын, башка момундар үчүн да сурашы – Куранда өрнөк

кылынган бир мүнөз. Төмөндөгү бир канча аят буга мисал:

«... Раббибиз, эгер унутсак же ката кетирсек, бизди жазалаба. Раббибиз, бизге бизден

мурункуларга жүктөгөндөй оор ишти жүктөбө. Раббибиз, биздин үстүбүзгө кудуретибиз жетпеген

нерселерди жүктөбө. Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр жана кечир, бизге ырайым кыл. Өзүң биздин

Кожоюнубузсуң. Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер. (Бакара Сүрөсү, 286)

«Раббибиз, бизди хидаятка (туура жолго) жеткирген соң жүрөктөрүбүздү адаштырба жана

Кабатыңдан бизге бир мээрим тартуула. Шексиз, кечирими эң көп болгон бир гана Сенсиң.

Раббибиз, сөзсүз келе турган бир күндө адамдарды чынында Сен топтойсуң. Чынында Аллах

убадасынан кайтпайт.» (Али Имран Сүрөсү, 8-9)

«Раббибиз, биз (Сенин) түшүргөнүңө ишендик жана элчини ээрчидик. Бизди күбөлөр

(шахиддер) менен бирге жаз.» (Али Имран Сүрөсү, 53)

Page 20: Untitled

ДУБАНЫН ОРДУ ЖАНА УБАКТЫСЫ

Аллах Куранда сүрөттөгөн дубада адам Аллахтын аны көрүп, угуп турганын түшүнгөн, Ага урмат

жана коркуу менен моюн сунган жана Анын алдында кулчулугун апачык кабыл алган болот.

Курандан дубанын белгилүү бир убактысы жок экенин көрүүгө болот. Адамды дуба кылууга

багыттаган ар кандай каалоо бул ибадаттын убактысынын келгенин көрсөтөт. Адамдын каалоо жана

муктаждыктары тынымсыз болгондуктан, дубасы да тынымсыз болушу керек. Б.а. дубанын белгилүү

бир убакыт, сааты жок.

Бирок Куранда дубада концентрацияга жетүү оңой болгон, күнүмдүк иштерден тышкаркы

сааттарга, б.а. түнгө жана эрте мененки намаз убактысына көңүл бурулууда. Бир аятта момундар «...таң

убактыларында кечирүү сурагандар» (Али Имран Сүрөсү, 17) деп сүрөттөлөт жана ушул аркылуу эрте

мененки убакыттын маанилүүлүгүнө басым жасалган. Башка аяттарда болсо түндүн кыймылга толо

болгон күндүзгө караганда ойлонуу, окуу жана дубага ыңгайлуу экени мындайча кабар берилген:

Чынында түнкү кубаныч (түнкү ибадат адамдын ички дүйнөсүн ойготуучу) таасир

жагынан күчтүүрөөк, окуу жагынан жакшыраак. Себеби күндүз сен үчүн көп алектенүүлөр

(иштер) бар. Раббиңдин ысымын зикир кыл жана баарынан өзүңдү тартып, бир гана Ага

кайрыл. (Мүземмил Сүрөсү, 6-8)

Дуба үчүн белгилүү бир убакыт коюлбаганы менен, Курандын таңга жана түнгө көңүл бурушунун

чоң сырлары бар. Аллах менен жакын бир байланыш куруп, чын ыкластуу бир дуба менен күнүн

баштаган момундун күн ичинде Аллахтын ыраазылыгын унутуу же чектерден чыгуу ыктымалы азайат.

Күнүн дуба менен баштаган адам күнүн Аллахтын аны көрүп турганын билүү менен өткөрөт.

Куранда кеңеш кылынган түнкү дуба болсо күн бою дүнүйөлүк иштер менен убактысын өткөргөн

адамдын өзүнө-өзү абийир эсептешүүсүн жасашына себепчи болот. Адамдын күндүз башына келген

жана сыртынан терс сыяктуу көрүнгөн окуяларга хикматтуу, тобокелдүү жана акылга салып баа

беришин камсыздайт.

Адамдын түнкү сааттарда дуба үчүн убакыт бөлүшү күндүз кетирилген каталарды эстешине жана

бул каталары үчүн тообо кылышына, Аллахтын кечиришин суранышына жана күнүмдүк иштер

адамдын рухунда себеп болгон тескери маанайлардын жеңишине бир себепчи.

Дуба үчүн белгилүү бир жер да жок. Адам базарда, көчөдө, унаанын ичинде, мектепте, жумуш

ордунда, кыскача айтканда, бүт жерде дуба кыла алат. Ар кандай жерлерде болуунун кандайдыр бир

мааниси жок. Эң негизгиси – бул адамдын кайсы жерде гана болбосун, Аллахтын ага күрөө тамырынан

да жакын экенин унутпашы. Куранда пайгамбарлардын дайыма жана бүт жерде дуба кылганы кабар

берилет. Бир аятта мындайча буюрулууда:

(Муса) Ошол замат алардын малдарын сугарды, анан кайра көлөкөгө барып: «Раббим,

чынында мага берчү бүт жакшылыгыңа муктажмын» деди. (Касас Сүрөсү, 24)

Page 21: Untitled

ДУБА КАБЫЛ БОЛБОЙТ ДЕП ОЙЛОО

Адам өмүр бою ага айтылган сөздөр, көз-караштар себебинен убакыттын өтүшү менен жашоодогу

таң калыштуу кереметтерге да маани бербей калат. Ушул себептен, көп адамдар бул дүйнөдөгү окуялар

өзүнөн-өзү жана кокустуктар абалында ишке ашат деп убакыттын өтүшү менен өзүн ишендирет. Негизи

Аллахтын бар экенине ишенбей койбойт, эч дегенде муну кесе жокко чыгарбайт. Бирок дүйнө Аллахтан

көз-карандысыз, өзүнчө кыймылдайт, Ал окуялардын агымына эч кийлигишпейт, же «кереметтер»

аркылуу миңдеген жылда бир жолу кийлигишет деп ойлойт.

Аллахтын кудуретин жакшылап түшүнө албаган бул адам, албетте, Аллахтын дубаларга жооп

берүүчү сыпатын да түшүнө албайт. Дуба кылса да Аллахтын дубасына жооп берээринен күмөндө

болот.

Ал эми момун болсо дуба кылганда, Аллахтын аны угуп тураарын жана дубасына кандай жол

менен болсо да жооп берээрин билет. Себеби окуялардын өз башынча жана кокустук абалында эмес,

Аллах аныктап койгон тагдырга ылайык ишке ашаарын, Ал каалагандай болоорун билет. Ушул

себептен, дубам жоопсуз калат деген күмөндө болбойт. Мындай чын ыкластуу маанай менен дуба

кылгандын дубасын да Аллах макул көрөт жана кабыл алат. Аллах Куранда мындайча буюрууда:

Эгер Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, (айткын) Мен (аларга) абдан

жакынмын. Мага дуба кылышса, дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп

беришсин жана ыйман келтиришсин. Туура Жолго түшүп калышаар. (Бакара Сүрөсү, 186)

Аллах башка аяттарда болсо «...кыйынчылык жана муктаждыктагы (адам)га Ага дуба кылганда

жооп берүүчү...» (Немл Сүрөсү, 61-62) деп билдирет, бул болсо чын ыкластуу дубалардын Аллах

Кабатында сөзсүз кабыл алынып, жооп берилээрин көрсөтөт.

Ошондуктан, дубаны Аллахтын жардамынан күмөн санабастан, кабыл болооруна толук ишенүү

менен кылуу зарыл. Мындай кылбаган, б.а. Аллахтын жооп берээринен күмөндө болгон адам болсо

башынан эле Курандын логикасына карама-каршы келген болот.

Ушул себептен, дуба кылган адамда болушу керек болгон эки өзгөчөлүк – бул Аллахка карата

чын ыкластуулук жана ишеним. Аллах пенделеринин Өзүнө жакын болушун каалайт. Чын ыклас менен

суралган жакшы нерселерге жооп берет. Адамды болгону бир тамчы суудан жараткан, жер жүзүн

жоктон жараткан Аллах үчүн кандайдыр бир адамдын дубасына жооп берүү абдан оңой. Талап

кылынган нерсе – бул ишеним жана сабыр менен суроо.

Дуба жөнүндөгү балким эң чоң коркунуч – бул дуба кабыл алынбайт деп дуба кылуудан баш

тартуу. Бул көп тараптан туура эмес, ал тургай караңгы бир мамиле. Эң биринчиден айта кетчү бир

жагдай бар, аяттарда айтылган «дубага жооп берүү» бир нерсенин «дал өзүндөй ишке ашышы»

маанисине келбейт. Себеби адам, жогоруда да айтылгандай, кээде өзүнө зыян болгон бир нерсени

Аллахтан сурап жаткан болушу ыктымал. «Адам жакшылыкка дуба кылгандай, жамандыкка да дуба

кылууда. Адам абдан шашма» (Исра Сүрөсү, 11) аяты муну кабар берет.

Page 22: Untitled

Дубада кааланган нерсенин кечиктирилип берилишинин же такыр башкача жооп берилишинин

бир себеби Аллахтын адамдарды сынап жатканы болушу да мүмкүн. Аллах кулдарынын сабырын

сыноо жана аларды бышып жетилтүү үчүн бере турган нематтарын белгилүү бир хикмат боюнча

белгилүү бир мөөнөттөн соң бериши ыктымал.

Ушул сыяктуу себептерден улам дубада суралган бүт нерсенин бат эле ишке ашышын күтө

албайбыз. Улуу Ислам аалымы Бедиүззаман айткандай, Аллах дубада суралган нерсенин азыраагын

бериши да мүмкүн, балким сыйлык катары көбүрөөгүн да бериши ыктымал, же жогоруда саналган

себептерден улам эч бербеши да мүмкүн. Бирок кандай болгондо да, Аллах Ага дуба кылгандын

дубасына жооп берген болот.

Page 23: Untitled

СӨЗ МЕНЕН ДУБА ЖАНА КЫЙМЫЛ МЕНЕН ДУБА

Аллах жер бетинде ишке ашкан бардык окуяларды белгилүү себептерге байланыштуу кылып

койгон. Дүйнөдөгү жана ааламдагы бүт нерсе Аллах койгон мыйзам жана эрежелерге ылайык

кыймылдайт. Аллах сөз менен кылынган дуба менен бирге адамдардын аракеттери менен да

дубаларынын ишке ашышын канчалык каалаганын көрсөтүшүн күтөт. Бул «кыймыл-аракет менен

кылынган дуба».

Кыймыл менен дуба адамдын кандайдыр бир каалаганына жетүү үчүн колунан келгендин баарын

толук кылышын түшүндүрөт. Бир адамдын университет сынагына кирүү үчүн форма толтурушу,

аудиторияга барышы, сабак окуп даярданышы бир дуба. Ошондой эле, бүт буларды кылып жатып,

Аллахтын ага ийгилик беришин сурашы да бир дуба. Кыймыл менен дуба – сөз менен кылынган дуба

менен чогуу кылына турган негизги бир ибадат. Кыймыл менен дубаны жана сөз менен дубаны

түшүндүргөн дагы бир мисал – бул тообо. Адамдын кылган бир күнөөсү үчүн тообо кылышы жана

Аллахтын кечиришин сурашы сөз менен бир дуба. Бирок адамдын жоопкерчилиги муну менен бүтпөйт.

Аны жамандыктан коргошу үчүн Аллахка дуба кылган адам бул багытта аракет кылышы, тандашы

керек болгон учурларда эркин колдонуп, туура жолду тандашы зарыл. Б.а. тообо кылып кылбайм деген

нерсесин кайра кылбашы зарыл. Булар болсо анын кыймыл менен кылынган дубасы.

Бир иштин ишке ашышы үчүн дуба кылып гана отура берген бир адамдын бул кылыгы канчалык

туура эмес болсо, бүт иштерди жана чараларды көргөн соң, б.а. кыймыл менен дубаны кылган соң «бул

жумушту мен бүтүрдүм» деп сөз менен дубаны кылбай койгондун мамилеси да ошончолук туура эмес.

Page 24: Untitled

АЛЛАХТАН БАШКАГА ДУБА КЫЛЫНБАЙТ

Шерик кошуу, б.а. ширк, Аллахтан башка кудайларды тутунуу – Аллахка карата кылынган эң чоң

кылмыш. Шерик кошуунун канчалык чоң бир кылмыш экени Куранда мындайча билдирилет:

Чынында Аллах Ага шерик кошулушун кечирбейт. Калган (күнөө)лөрдү болсо,

каалаганын кечирет. Ким Аллахка шерик кошсо, чынында чоң бир күнөө менен жалаа жапкан

болот. (Ниса Сүрөсү, 48)

Ширк жөнүндө маанилүү бир нерсени билүү керек: тарыхтын ар кайсы доорунда, биз жашап

жаткан доордо да ширк абдан кеңири тараган. Көп адамдар мен шерик кошпойм, б.а. «Аллахтан башка

кудай тутунбайм» деши мүмкүн, бирок ширк ичинде жашап жаткан болушу ыктымал. Себеби ширк

Аллахтын сыпаттарын башка нерселерге таңуулоо дегенди билдирет. Ошондуктан, бир адам Аллахтан

башкалардын ыраазылыгына жетүү үчүн, аларды ыраазы кылуу үчүн жашап жатса, башкалардан

коркуп, башкалардан бир нерсе үмүт кылып жатса, анда ширк ичинде жашап жаткан болот.

Адамдар үчүн эң чоң коркунуч болгон ширктен коргонуу жолдорунун бири – бул Аллахка дуба

кылуу. Себеби дуба кылган адам Аллахтын бар экенин жана жалгыздыгын, Анын алдындагы

алсыздыгын, ага жардам бере тургандын бир гана Аллах экенин жана Андан башка сыйынууга татыктуу

эч кимдин жок экенин кабыл алган болот. Ушул себептен, дуба момунду ширктен коргойт.

Куранда «Эй Пайгамбар, сага жана сени ээрчиген момундарга Аллах жетет» (Анфал Сүрөсү, 64)

аятында айтылгандай, Мусулмандар жардам сурала турган жалгыз Заттын Аллах экенин билишет. Ал

бүт нерседен жогору, чексиз кудурет ээси, бүт нерсени көрүүчү жана угуучу. Бүт кемчиликтерден аруу-

таза жана чексиз кудурет ээси – бул Аллах. Ааламда бүт күч-кудурет Анын колунда. Демек, жардам

жана кечирим, бүт баары Ага муктаж болгон, Өзү болсо эч нерсеге муктаж болбогон Аллахтан гана

суралышы керек. Куранда Аллахтан башкага дуба кылуунун туура эмес экендиги жана дуба

кылынуучунун бир гана Аллах экени көп аяттарда айтылат:

Аллах менен бирге башка бир кудайга жалынып-жалбарба, анан азапка туш болгондордон

болосуң. (Шуара Сүрөсү, 213)

Башка аяттарда болсо Аллахтан башкага дуба кылгандардын абалы төмөнкүчө баяндалат:

Аллахтан башка жалынгандары эч нерсени жарата алышпайт, болгондо да алар

жаратылып турушат. (Алар) Өлүк, тирүү эмес; качан тирилтилээрин биле алышпайт. (Нахл

Сүрөсү, 20-21)

Page 25: Untitled

Ошондуктан, чын ыкластуу бир момун эч качан Аллахтан башкага дуба кылбайт. Бир гана Ага

жалбарып, бир гана Андан жардам сурайт. Курандын алгачкы сүрөсү болгон Фатиха Сүрөсүндө, ушул

себептен ыйман келтиргендерге төмөндөгү дуба үйрөтүлөт:

Биз Сага гана ибадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз. Бизди туура жолго сал;

Аларга немат-жакшылык бергендериңдин жолуна. Наалатка калгандардын жана

адашкандардын (жолуна) эмес. (Фатиха Сүрөсү, 4-7)

Момундардын милдети болсо – бул Аллахтын чексиз кудуретин ойлонуп-түшүнүү, бул кудуретке

чын көңүлдөн моюн сунуу жана бир гана Андан жардам суроо. Антпесе, бул дүйнөдө да, акыретте да

азап тартат. Бул – Аллахтын бир убадасы.

Page 26: Untitled

КАРАҢГЫ (САБАТСЫЗ) АДАМДАРДЫН ДУБА ТҮШҮНҮГҮ

Аллахтан башкаларды кудай тутунгандар, б.а. мушриктер да кээ-кээде Аллахка дуба кылышат.

Бирок мушриктердин дубасы момундардын дубасынан такыр башкача. Мушриктер кыйын абалда

калганда гана Аллахка муктаж экенин эстешет жана мындай абалдан кутулуу үчүн гана дуба кылышат.

Чынында болсо адам дайыма, жашоосунун ар бир көз ирмеминде Аллахка муктаж. Мушрик

менен момундун дубаларындагы айырма мына ушунда. Момундар дайыма жана ар кайсы абалда

Аллахка кайрылышат. Момун дуба кылуу үчүн ага бир кыйынчылык келишин күтпөйт. Аллахка

дайыма жакындоо муктаждыгын сезгендиктен, дуба кылат.

Мушрик мүнөзүнүн эң негизги өзгөчөлүгү болсо – бул анын Аллахка карата абдан нашүгүр

(шүгүрсүз) жана эки жүздүү болушу. Кыйынчылыкка кабылганда, бүт нерсени коюп Аллахка дуба

кылат. Кыйынчылыктан кутулганда болсо, дуба кылбагандай болуп Аллахты унутуп калат. Себеби

окуялардын көпчүлүгү Аллахтан көз-карандысыз башка жандыктардын башкаруусунда болуп жатат деп

ойлойт. Дүйнөдөгү бүт нерсенин түпкүрүндө Аллахтын эрки менен болуп жатканын билбейт. Мындай

үстүртөн болгон көз-карашы себебинен өзүнчө бел байлаган бардык үмүттөрүнүн ансыз деле Аллахтын

башкаруусунда экенин билбейт.

Мисалы, бир ооруга чалдыкканда, «мени докторлор, дары-дармек же оорукананын жогорку

технологиясы айыктырат» деп ойлойт. Бүт ооруга Аллахтын шыпаа берээрин, керектүү дарыны,

докторду да Аллах жаратканын ойлоно албайт. Абдан ишенген докторлору, дарылар жетишсиз болуп

калганда гана, ага чейин абдан аз ойлогон, ал тургай эч ойлобогон Аллахтан жардам суроо жолун

тандайт. Чынында болсо, бир гана Аллах шыпаа берет. Караңгы коом адамдары болсо муну түшүнө

алышпайт жана шүгүрсүздүк кылышат. Мындай шүгүрсүздүктөрү бир аятта мындайча сүрөттөлөт:

Адамга бир жамандык келгенде, жатып алып да, отуруп да же турганда да Бизге дуба

кылат; ал жамандыкты андан алып койгонубузда болсо, ага тийген зыянга Бизди эч (жардамга)

чакырбаган сыяктуу болуп бурулуп кетет. Чектен чыккандарга кылган иштери мына ушундай

кооздолгон. (Йунус Сүрөсү, 12)

Адамдын кыйын учурда Аллахты эстеши негизи жалгыз жардам сурай турган Заттын Аллах

экенин билет деген мааниге келбейт. Мурда напсисинин каалоолоруна карама-каршы келген үчүн

байкамаксан болгон бул чындыкты, чоң бир кыйынчылыкка кабылаар замат эстейт. Бирок бул

кыйынчылыктан кутулаары менен кайра шүгүрсүздүк кылат. Мунун апачык бир мисалы Куранда

мындайча сүрөттөлөт:

Кургактыкта жана деңизде силерди Ал саякат кылдырат. Кайсы бир убакта силер кемеде

баратканыңарда, кемелер жагымдуу жел менен аларды сүздүрүп баратканда жана муну менен

сүйүнүп жатышканда, (капыстан) ага добул шамал келип согот жана ар тараптан толкундар

аларды курчап калат; эми алар бул (толкундар менен) чындап курчалып калдык деп

Page 27: Untitled

ойлошкондо, динде Ага «чын көңүлдөн моюн сунгандар (ыкластуу)» болушуп Аллахка дуба

кылып башташат: «Ант болсун, эгер мындан бизди куткарчу болсоң, сөзсүз Сага шүгүр

кылгандардан болобуз.» Бирок (Аллах) аларды куткарганда болсо, бир заматта акыйкатсыздык

менен жер жүзүндө чектен чыгып башташат. Эй адамдар, силердин чектен чыгууңар өзүңөргө

гана зыян; (бул) дүйнө жашоосунун убактылуу алдамчы кооздугу. Кийин Бизге кайтасыңар, Биз

болсо кылгандарыңарды силерге кабар беребиз. (Йунус Сүрөсү, 22-23)

Бороондо деңиздин ортосунда калган бир кемеден кутулуу абдан кыйын. Адам өлүмгө абдан

жакын келген болот жана ушул кезге чейин таянган себептердин эч бири ага жардамга келе албай

турган абал болот. Ага ушундай бир кудурет ээси керек, деңизди да, бороонду да, кемени да,

караңгылыкты да башкарсын... Мындай улуу күчтүн ээси – бир гана Аллах.

Бул адамдын Аллахтан башка жардам күтө турган бүт жардам эшиктери жабылды дегенди

билдирет. Б.а. толугу менен чарасыз абалда калган болот. Ушундай учурда калган адам бир заматта

Аллахтын бар экенине ишенүү менен, ага бир гана Анын жардам бере алаарынан эч шектенбестен дуба

кылып баштайт. Дуба кылып жатканда, бүт нерседен өзүн алып, бир гана Аллахка жалбарат. Аны

мындай абалдан бир гана Аллахтын куткара алаарын түшүнгөн болот. Жана мунун да бир гана

Аллахтын каалоосунда экенин билет.

Бул чындыкты ошол учурда абдан жакшы түшүнүп, акылы жетет. Мурдалары Аллахка шерик

кошкон бүт нерсеси жок болуп кеткен болот. Аларды ойлонбойт дагы. Алардын ага жардам берүү

ыктымалы оюна да келбейт. Себеби андайдын мүмкүн эмес экенин абдан жакшы билет. Мурда ушундай

бир абалга кабылаарын балким эч ойлонгон эместир. Өлүм менден абдан алыс деп ойлогондуктан,

өлүмдөн кийинкиси үчүн абдан кайдыгер жана бейпил болгондуктан, дүнүйөдөгү колдоочуларына

ишенип келген болот. Бирок эч ойлобогон жерден мындай бир окуяга кабылганда, ал колдоочуларынын

бар экени аны эч кызыктырбайт. Аллахка дуба кылууда эч күмөнгө түшпөйт. Бул адам Аллахка баш

ийүү, Андан жардам суроодо мурда кыйналган бирөө болсо да, ал учурда чын ыкластан дуба кылат.

Аллахка дуба кыл деп ага эч ким айтпайт, эстетпейт. Мунун кереги жок. Бир гана Аллахтан жардам

келээрин өзү түшүнгөн болот, себеби.

Ошол кезге чейин эч ойлобогон өзүнүн аягы, кокустан ага жакындап, дээрлик өлүм менен бетме-

бет келген болот. Өлүмдүн бар экенин алгачкы жолу ушунчалык жакшы түшүнгөн болот. Өмүр бою эч

ойлобогон өлүмдү жана мындан кийинкисин бир канча мүнөт ичинде абдан терең ойлонот жана ага

чейин эч сезбеген бир коркууну сезет. Дүйнө жашоосунда эч оюна келбеген акырет чындыгы кокустан

көз алдына тартыла түшөт.

Өлүмгө мынчалык жакындаганда, бейишке ылайыктуу иштерди кылбаганын түшүнөт жана эң чоң

коркунучу мына ушундан болот. Дүйнөдө кылгандарын анализдейт. Мунун натыйжасында бой көтөрө

да албайт, дин жөнүндөгү жаман мамилесин да кыла албай калат. Мурда Аллахка жакын болуудан баш

тартпагандай, дуба кылууда бой көтөрбөгөндөй жана бүт нерсени өз күчүм менен кылдым дебегендей

болуп калат. Чынында болсо негизи өзүнүн шүгүрсүздүгүн билет. Өз эрки менен Аллахка жакындап

дуба кылат. Бул эмне кылышы керек экенин абдан жакшы билээринин эң чоң алааматы.

Ага мурда үйрөтүлбөсө да, кыйынчылыкка кабылган көп адамдар биз сүрөттөгөндөй жакындык

менен жана чын жүрөктөн Аллахка дуба кылышууда. Ал тургай, бул адамдардын кээ бирлери мурда

Page 28: Untitled

бейпил жашап жатканда, Аллахтын бар экенин жокко чыгаруудан да тартынбаган адамдар. Аллахты

жокко чыгарып, каапырдыгы менен таанылган адамдардын көпчүлүгү мындай учурда «Андан башка

баш калкалай турган жок болгон» Аллахка корголонушат.

Бирок, Куранда билдирилгендей, кемеде чын жүрөктөн, Андан башка эч бир күч ээсинин жок

экенин түшүнгөн абалда Аллахка кайрылган каапыр адам коркунучтан кутулган соң ал кездеги коркуу

жана чын ыкластуулугун бир заматта жоготот. Таң калыштуу абалда мурдакы мушрик абалына кайра

кайтат. Бушаймандык жана Аллахка кайрылуусу жоголуп, кокустан анын ордуна каапырдык жана

шүгүрсүздүк келет. Ыймансыздыгына кайра кайтат. Коркунуч учурунда ойлонуп, түшүнгөн

чындыктарды да унутуп калат. Бейпилдик келип, коркунучтан алыстоонун натыйжасында өзүн коопсуз

сезип, Аллахка дуба кылууну унутат.

Караңгы адамдардын мындай туура эмес психологиялык абалы жана шүгүрсүздүгү башка

аяттарда мындайча баяндалат:

Адам жакшылык суроодон тажабайт; бирок ага бир жамандык келээр замат, ал үмүтсүз

болуп калат. Ал эми ага келген зыяндан кийин тарабыбыздан бир мээрим таттырсак, сөзсүз:

«Бул менин (акым). Жана мен кыямат-саатын да келбейт деп ойлойм; эгер Раббиме

кайтарылсам да, сөзсүз Анын Кабатында мен үчүн (бул жакшылыктардын) жакшыраагы бар»

дейт. Бирок, ант болсун, Биз ал каапырларга кылгандарын кабар беребиз жана ант болсун

аларга эң оор азаптан таттырабыз. Адамга немат бергенибизде, жүз буруп, бурулуп кетет; ага бир

жамандык келгенде болсо, ал (көп жана терең терең) дуба кылуучуга (айланат). (Фуссилет

Сүрөсү, 49-51)

Бул аяттардын баарында кыйынчылык учурунда Аллахка кайрылып, бирок бейпилдикке жеткенде

болсо шүгүрсүзгө айланган адамдар жөнүндө сөз кылынууда. Бул, башында айтылгандай,

мушриктердин мамилеси; себеби момундардын өзгөчөлүгү – бул ар кандай шартта, дайыма Аллахка

кайрылышында. Бир гана кыйынчылыкта эмес, бейпилдик, бакыт ичинде жашап атканда да Ага дуба

кылып, Аны мактоо менен аруулашат. Жардам сурала турган Заттын бир гана Аллах экенин абдан

жакшы билишет.

Бирок бул жерде бир жагдайга көңүл буруу керек: кемеде Аллахка дуба кылып, кийин

бейпилдикке жеткен соң Аны унутуп калган шүгүрсүз мүнөз – ар бир адамдын напсисинде бар болгон

жана ошондуктан бүт адамга таасир бериши мүмкүн болгон бир нерсе. Курандагы бул кыссанын бир

хикматы, албетте мушриктерди сындоо, бирок бүт окугандар бул жерде айтылгандан сабак алышы жана

мындай мамиледе болуудан сактанышы керек. Б.а. бүт адамдар бул мисал жөнүндө ойлонуп, өзүнүн

абалын анализдеп, чын ыкластан өз напсисин суракка алышы зарыл.

Мисалы, сиз өз абалыңызды ойлонуп жатасызбы?...

Сиздин дубаларыңыз да, кеме менен бороонго кабылгандар сыяктуу, кыйынчылык учурларында

гана күчтөнөбү? Аллахка бир кырсыкка, бир кыйынчылыкка кабылганда гана кайрыласызбы?

Дубаларыңыз кыйынчылык учурунда гана чын ыкластан жана чын жүрөктөн болобу? Бейпил жана

бактылуу кездериңизде болсо Аллахты аз эстеп, Ага көп дуба кылбай каласызбы?...

Page 29: Untitled

Эгер ушундай болсо, анда бул жөнүндө ойлонушуңуз керек. Курандагы кыссадан сабак

алышыңыз, кемеде дуба кылып, анан шүгүрсүздүк кылган мушриктерге окшобош үчүн

аракеттенишиңиз, Аллахка тообо кылышыңыз, Анын кечиришин сурашыңыз зарыл. Себеби ыймандуу

адамдын милдети – бул Куранда айтылган каапыр жана мушрик мүнөздөрүнөн мүмкүн болушунча

качынуу жана момун өзгөчөлүктөрүнө толук ээ болуу үчүн аракет кылуу. Бир момундун эң маанилүү

мүнөздөрүнүн бири болсо – кыйынчылыкта да, бейпилдикте да, жокчулукта да, молчулукта да, ар

кандай шартта Аллахка кул экенин унутпашы, дайыма Ага кайрылышы, дайыма Ага дуба кылуучу жана

шүгүр кылуучу болуу.

Кыйынчылык учурларында гана Аллахка дуба кылуу чын ыкластуу бир мамиле эмес экенин

унутпаш керек. Куранда Аллахка жана элчисине баш көтөргөн, эң адашкан дин душмандарынын да

кыйынчылык учурунда Аллахка кайрылып, дуба кылаары билдирилген. Бул багыттагы эң ачык

мисалдардын бири – бул Фараон. Байыркы Египетте өзүн кудай деп таанытып, бой көтөргөн Фараон

Аз. Муса жана анын коомуна көп азаптарды берген жана ага келген бардык кереметтерге жана динге

чакырууга карабастан Аллахтан баш тарткан. Болгондо да мындай каапырчылыгы жана текебердиги

өлүмгө жолукканга чейин уланган эле. Бирок өлүмдүн ага абдан жакын экенин жана кутулуу

мүмкүнчүлүгүнүн калбай калганын түшүнгөндө, чарасыздык ичинде дуба кылып баштаган жана өзүнүн

да бир Мусулман (Аллахка баш ийген) экенин айткан. Куранда бул мындайча баяндалат:

Биз Исраил урпактарын деңизден өткөрдүк; Фараон жана аскерлери көөп, душмандык

менен (алардын) артынан кубалады. Суулар аны чөктүрө турган деңгээлге жеткенде, (Фараон):

«Исраил урпактары ишенген (ыйман келтирген) Кудайдан башка кудай жок экенине ишендим

жана мен да Мусулмандарданмын» деди. Эмиби? Мурдалары болсо сен баш көтөргөн элең жана

бузукулук чыгаргандардан элең. Бүгүн болсо сенден кийинкилерге бир аят (тарыхый бир далил,

насаат) болушуң үчүн сени бир гана денең менен куткарабыз (бүт адамдарга өлгөн денеңди

көрсөтөбүз). Чынында адамдардын көпчүлүгү Биздин аяттарыбыздан кабарсыз. (Йунус Сүрөсү,

90-92)

Куранда көп жолу баяндалган мындай туура эмес дуба түшүнүгүнөн, жогоруда да айтылгандай,

момун да өзүнө сабак чыгарышы керек. Куран аны окуган момундарга кайрылат жана Аллах бул

аяттарда момундарга да эскертүүлөрдү берүүдө жана дубанын дайыма кылынышын каалаганын

билдирүүдө. Караңгы адамдар менен ыймандуу адамдардын дуба түшүнүгүндөгү айырма мына ушунда.

Момундар аларды жараткан, сансыз немат берген Раббибизге карата абдан моюн сунуучу абалда

болушат. Алар үчүн чыныгы дос жана жардамчынын бир гана Аллах экенин билишет. Жана ушул

себептен ар кандай чөйрөдө Аллахтан жардам сурайт жана Ага дуба кылышат. Караңгы адамдар болсо

кыйынчылыкка кабылганда гана Аллахтан жардам суроону эстешет жана башка убактарда өздөрүнө

башка досторду тутунушуп, алардан үмүт кылышат. Албетте, мындай караңгылыктарынын азаптуу

жообун бул дүйнөдө да, акыретте да көрүшөт.

Page 30: Untitled

КУРАНДА ПАЙГАМБАРЛАРДЫН ДУБАЛАРЫ

Куранда айтылган пайгамбарлардын баары белгилүү өзгөчөлүктөрү менен көңүл бурган

коомдорго жөнөтүлүшкөн. Бул коомдор мурда аларга келген элчилерди жалганга чыгарышып,

адашышкан жана барган сайын чектен чыгышкан коомдор эле. Пайгамбарлардын милдети болсо динди

билбеген же билип туруп каапырчылыкка багытталган коомдорго акыйкат динди түшүндүрүү, аларды

Аллахка чакыруу жана акыретке багыттоо эле.

Бул болсо абдан оор бир иш эле. Жалгыз бир адам адамдардын көпчүлүгүнүн ага каршы чыгып,

реакция көрсөтөөрүн билип туруп, ошого чейин эч угулбаган же угулса да кабыл алынбаган акыйкат

динди адамдарга жеткирүү үчүн милдеттендирилген эле. Болгондо да мындай кызмат алардын ээ

болгон нерселерин жана ал тургай жашоосун коркунучка салган. Адамдар Аллахка чакырганы үчүн

гана аны жек көрүп, ал тургай аны өлтүрүүгө аракет кылышы мүмкүн эле. Ага азап берип, ишенген

сыяктуу көрүнүп чыккынчылык кылышы мүмкүн болгон. Пайгамбардын айланасындагы эч ким, ал

тургай үй-бүлөсү да ага ишенбеши мүмкүн эле. Аллахтын алдында болсо жоопкерчиликте эле. Бул

сөзсүз аткарылышы керек болгон, чоңдугу жана мааниси абдан чоң бир жоопкерчилик эле. Адамдардын

динди үйрөнүп-үйрөнбөшү жана үйрөнгөнү аркылуу бейишке татыктуу болуп-болбошу пайгамбардын

мойнунда эмес эле. Анын жалгыз милдети – бул динди түшүндүрүп-жеткирүү болгон.

Бул дүйнөдө биз билген эч нерсеге окшобойт. Жалгыз бир адамдын чоң бир коомго карата

мындай кызматты башташы абдан оор бир жумуш.

Бирок, албетте, абал сырттан карагандар үчүн ушундай, негизи бүт нерсенин үстүндө кожоюн

болгон – Аллахтын күчү. Мындай учурда каапырлардын саны же күчү маанилүү бир фактор эмес.

Пайгамбарлардын баары бул чындыкты билип иш-аракетин кылышкан, моюндарындагы бул милдетти

Аллахка болгон ишенимдери менен толук аткарышкан. Аллах пайгамбарлардын мындай жогорку

мүнөздөрүн аяттарында мактоодо. Куранда билдирилгендей, Аллахтын жардамы дайыма ишенгендерге

жана Аллах пайгамбарларын адамдардын зулумдугунан коргойт. Куранда Пайгамбарыбыз Аз.

Мухаммеддин (сав) хижрат (көч) учурунда башынан өткөргөн бир коркунуч жөнүндө сөз кылынганда,

бул чындык мындайча баяндалат:

Силер Ага (пайгамбарга) жардам бербесеңер, Аллах Ага жардам берген. Каапырлар

экөөнүн бири абалда Аны (Меккеден) чыгарышкан эле; экөөсү үңкүрдө турушканда курдашына

мындай деген эле: «Кайгырба, албетте Аллах биз менен бирге.» Ушундайча Аллах Ага

«бейпилдик жана ишеним сезимин» түшүргөн эле, Аны силер көрбөгөн ордолор (аскерлер) менен

колдоп, каапырлардын сөзүн (каапырчылыкка чакырыктарын) төмөн кылган эле.

Чындыгында Аллахтын сөзү – Улук. Аллах улуу жана күчтүү, өкүмдар жана даанышман. (Тообо

Сүрөсү, 40)

Пайгамбарлар Куранда Аллахка болгон ар кандай шарттагы чын жүрөктөн жакындыгы менен

өрнөк көрсөтүлүшкөн:

Page 31: Untitled

Ант болсун, силер үчүн, Аллахты жана акырет күнүн үмүт кылгандар жана Аллахты көп

эстегендер үчүн Аллахтын Элчисинде сонун өрнөктөр бар. (Ахзаб Сүрөсү, 21)

Жалгыз Аллахтан гана суранышкан. Аларга пайгамбарлык милдети берилген соң жалгыз аракети

бул милдетти аткаруу жана коомдорун Аллахка чакыруу болгон. Каалоолору да, албетте,

максаттарындай болгон. Чын ыкластан, кошумчасыз дуба өрнөктөрүн мына ушул себептен

пайгамбарларда апачык көрө алабыз.

Ушул себептен китептин мындан кийинки бөлүгүндө Куранда үйрөтүлгөн пайгамбар дубаларын

карайбыз.

Аз. Нухтун дубаларыКуранда көп жылдар бою өрнөк боло турган бир чечкиндүүлүк менен коомун таухид (жалгыз

Кудай) динине чакырган Аз. Нухтун сабыры мактоо менен сөз кылынат. Аз. Нух ага жана жанындагы

момундарга душмандык кылган коомуна каршы чечкиндүүлүк менен күрөшкөн. Аз. Нухтун ар кандай

шартта Аллахка кайрылышы, Анын жардамын үмүт кылып, чын ыкластан дуба кылышы болсо

момундар үчүн бир өрнөк. Аз. Нух өз жагдайын Аллахка айткан жана мындайча дуба кылган:

Аягында Раббисине дуба кылды: «Чынында мен жеңилген абалдамын. Эми Сен (бул

каапыр коомдон) өч ал.» (Камер Сүрөсү, 10)

Башка бир сүрөдө Аз. Нухтун Аллахка дубасы төмөнкүчө кабар берилет:

Нух: «Раббим, жер бетинде каапырлардан мекен туткан эч кимди калтырба» деди. «Себеби

Сен аларды калтырсаң, Сенин пенделериңди адаштырып-азгырышат жана алар жамандыкта

чектен чыккан (фажирден) каапырдан башкасын төрөшпөйт. Раббим, мени, энемди, атамды,

момун абалда үйүмө киргенди, ыйман келтирген эркектерди жана ыйман келтирген аялдарды

кечир. Заалымдарга кыйроону гана көбөйт.» (Нух Сүрөсү, 26-28)

Аллах Аз. Нухтун бул дубасын кабыл кылган жана келечекте боло турган топон сууга даярдык

көрүшүн буйрук кылган. Аз. Нух жакын жерде эч кандай бир деңиз же көл жок болсо да, Аллахтын

буйругуна ылайык чоң бир кеме жасап баштаган. Кеме жасап жаткан учурда коому болсо аны

шылдыңдоону улантышкан. Бул Куранда мындайча кабар берилет:

Кемени жасап жаткан. Коомунун алдыңкылары ага жолуккан сайын Аны шылдыңдап

жатышкан. Ал: «Эгер бизди шылдыңдасаңар, (силер) шылдыңдаган сыяктуу биз да силерди

шылдыңдайбыз» деди. (Худ Сүрөсү, 38)

Бирок Аз. Нух, коомунун бүт басымдарына карабастан, Аллахтын буйругуна ылайык кемени

жасай берген. Жана аягында Аллахтын убадасы келип, топон суу каптаган:

Page 32: Untitled

Биз чыныдан куюлгандай аккан бир суу менен асмандын эшиктерин ачтык. Жерди болсо

күчтөнгөн булактар абалында атырылттык. Ошентип суу буйрук кылынган бир жумуш үчүн

бирикти. Жана аны болсо тактайлар жана мыктар (менен курулган кеме) үстүндө ташыдык.

(Камер Сүрөсү, 11-13)

Топон суу учурунда чөккөндөрдүн бири – Аз. Нухтун уулу. Аз. Нух топондон мурда уулун кемеге

чакырат, бирок уулу атасынын бул чакырыгын кабыл албайт (Худ Сүрөсү, 43). Куранда Аз. Нухтун

уулунун өлүмү жөнүндө Аллахка мындайча кайрылганы кабар берилет:

Нух Раббисине кайрылды: «Раббим, шексиз, менин уулум үй-бүлөмдөн жана Сенин убадаң

да чынында акыйкат. Сен эң Даанышмансың» деди. (Аллах) Айтты: «Эй Нух, ал эч сенин үй-

бүлөңдөн эмес. Себеби ал ыкластуу эмес бир иш (кылды). Демек билбеген нерсеңди Менден

суранба. Чынында Мен караңгылардан болбосун деп сага насаат берүүдөмүн.» (Худ Сүрөсү, 45-

46)

Аз. Нух коомунун кыйратылышы үчүн дуба кылып жатканда, «момун катары үйүнө

киргендердин» корголушун суранган. Ал эми Нухтун уулу болсо ыйман келтирген эмес. Куранда Аз.

Нухтун Аллахка аны кечириши үчүн мындайча дуба кылганы кабар берилет:

«Раббим, маалыматым болбогон нерсени Сенден сурануудан Сага корголоном. Жана эгер

мени кечирбесең жана мага боорукердик кылбасаң, кыйрагандардан боломун» деди. (Худ Сүрөсү,

47)

Аз. Ибрахимдин дубаларыУчурда миллиондогон адам ажылык милдетин аткаруу үчүн зыярат кылган Каабаны курган Аз.

Ибрахим Куранда «жалгыз башына бир үммөт» деп таанытылат. Ал жана уулу Аз. Исмаил мындан

миңдеген жыл мурда, Аллахтын вахийи менен, адамдар чогула турган жана Аны зикир кыла турган,

жылдын белгилүү мезгилдеринде ал жерге ажылыкка бара турган бир үй курушкан. Бул үйдүн

Курандагы аты Кааба. Экөө муну бир ибадат катары кылышкан, жана андан соң мындайча дуба

кылышкан:

Ибрахим, Исмаил менен бирге Үйдүн (Каабанын) дубалдарын көтөргөндө (экөөсү мындай

дуба кылышты): «Раббибиз бизден (муну) кабыл кыл. Шек жок, Сен угуучу жана Билүүчүсүң».

(Бакара Сүрөсү, 127)

Кааба курулган жер акырындап өнүккөн жана учурда Мекке деп аталган шаар абалына келген. Аз.

Ибрахим ал жер үчүн Аллахка мындайча дуба кылган:

Page 33: Untitled

Ибрахим: «Раббим, бул шаарды бир коопсуз мекен кыл жана калкынан Аллахка жана

акырет күнүнө ишенгендерге түшүмдөр менен ырыскы бер» деген эле, (Аллах: «Ишенгендерди

гана эмес) каапырдык кылганды да бир аз мөөнөт пайдалантам, кийин аны оттун азабына

салам; ал кандай жаман орун» деген. (Бакара Сүрөсү, 126)

Аз. Ибрахим жана уулу Исмаил дубаларында өздөрү жашаган доор үчүн эле эмес, алардан кийин

келе турган урпактар үчүн да кээ бир каалоолорун билдиришкен:

Раббибиз, экөөбүздү Сага баш ийген (Мусулмандар) кыл жана урпагыбыздан Сага баш

ийген (Мусулман) бир үммөт (бер). Бизге ибадат жолдорун (жер жана эрежелерин) көрсөт жана

тообобузду кабыл кыл. Шек жок, Сен – тооболорду кабыл кылуучу жана коргоочусуң. Раббибиз,

араларынан аларга бир элчи жөнөт, аларга аяттарын окусун, китепти жана хикматты үйрөтсүн

жана аларды (күнөөлөрдөн) тазаласын (кайтарсын). Шек жок, Сен күчтүү жана үстөмдүк

ээсисиң, өкүм жана хикмат ээсисиң. (Бакара Сүрөсү, 128-129)

Аз. Ибрахимдин башка бир дубасында Аллахка жакындоо жолдорун издегени мындайча кабар

берилген:

Ибрахим: «Раббим, мага өлүүлөрдү кандайча тирилткениңди көрсөт» деп айткан эле.

(Аллах ага:) «Ишенбей жатасыңбы?» дегенде, «Жок (ишендим), бирок жүрөгүм канааттанышы

үчүн» деди. «Андай болсо төрт канаттуу ал. Аларды өзүңө үйрөт, кийин аларды (майдалап) ар

бир бөлүгүн бир тоонун үстүнө кой, кийин аларды чакыр. Сага ылдам келишет. Билгин, шексиз

Аллах – улук жана күчтүү, өкүм жана хикмат ээси.» (Бакара Сүрөсү, 260)

Аяттан да апачык көрүнүп тургандай, Ибрахим Пайгамбардын Аллахтан өлүүлөрдү кантип

тирилтээрин көрсөтүшүн суранышы ыйманындагы бир алсыздыктан улам эмес эле. Тескерисинче,

ыйман келтирген эле, бирок ыйман келтирген чындыкты толук түшүнгүсү келген эле. Ал абдан чын

ыкластуу жана чын жүрөктөн Аллахтын бир кереметине күбө болгусу келген, жана Аллах бул чын

ыкластуу дубага жооп берген.

Аз. Ибрахимдин атасы бир путпараст (идолдорго сыйынуучу) эле. Ал атасына динди айтып

берген, бирок атасы ыйман келтирүүнү кабыл алган эмес эле. Ибрахим Пайгамбар болсо атасы үчүн

Аллахтын кечиришин суранган:

(Ибрахим:) «Сага салам болсун, сен үчүн Раббимден кечиришин тиленем, себеби Ал мага

абдан берешен» деди. «Силерден жана Аллахтан башка сыйынгандарыңардан (алыска) кеттим

жана Раббиме дуба кыламын. Раббиме дуба кылуу менен бактысыз болбостурмун.» (Мерйем

Сүрөсү, 47-48)

Аз. Ибрахимдин атасы бир момун болбосо да, ал үчүн Аллахка дуба кылышынын чыныгы себеби

болсо Куран аяттарында төмөнкүдөй кабар берилген:

Page 34: Untitled

Аларга чындап алардын алоолонгон оттун достору экени билдирилген соң, жакындары

болсо да, мушриктер үчүн кечирүү суранышы Пайгамбарга жана ыйман келтиргендерге

жарашпайт. Ибрахимдин атасы үчүн кечирүү сурашы – ага берген бир сөзү (убадасы) үчүн гана

эле. Ага анын чынында Аллахка душман экени билдирилгенде, андан алыстады. Чынында

Ибрахим абдан сезимтал, жумшак мүнөздүү эле. (Тообо Сүрөсү, 113-114)

Учурда миллиондогон адамдар зыярат кылган Харам Мечитине, б.а. Каабага биринчи жайгашкан Аз.

Ибрахим дубасынын уландысында балдары Исмаил, Исхак жана бүт момундар үчүн төмөнкү нерселерди

сураган:

«Раббибиз, чынында мен балдарымдын бир бөлүгүн Байтул Харам жанында эгини (даны)

жок бир өрөөнгө жайгаштырдым; Раббибиз, намазды туптуура кылышсын деп (ушундай

кылдым), ошентип Сен адамдардын бир бөлүгүнүн жүрөктөрүн аларга жакын кыл жана аларга

бир катар түшүмдөр менен ырыскы бер. Шүгүр кылышаар. Раббибиз, шексиз Сен биздин

жашыргандарыбызды да, ачыкка чыгаргандарыбызды да билесиң. Жерде жана асмандагы эч

нерсе Аллахтан жашыруун калбайт. Мактоолор Аллахка тиешелүү, Ал мага улгайганыма

карабастан Исмаилди жана Исхакты тартуу кылды. Шексиз, Раббим чынында дубаны угуучу.

Раббим, мени намазы(ңда) туруктуу кыл, урпактарымды да. Раббибиз, дубамды кабыл кыл.

Раббибиз, сурак күнү мени, эне-атамды жана момундарды кечир.» (Ибрахим Сүрөсү, 37-41)

Көрүнүп тургандай, Аз. Ибрахим дубасында Аллахтын сыпаттарын санап, Ага шүгүр да кылууда.

Андан сураган нерселери да – аны Аллахка жакындата турган, акыретте кечирилишине себепчи боло

турган каалоолор.

Аз. Луттун дубаларыКуранда «өкүм жана илим» берилген пайгамбар катары сөз кылынган Аз. Лут Нух Пайгамбар

сыяктуу коомуна көп жылдар бою акыйкат динди түшүндүрүп берген. Бирок Аллахтын чегинен чыгып,

гомосексуалдык байланыштарды кылган коомунун Аз. Лутка жообу дайыма терс болгон:

Лут да коомуна мындай деген эле: «Силерден мурда ааламдардан эч ким кылбаган уятсыз-

жамандыкты кылып жатасыңарбы?» «Чынында силер аялдарды коюп, каалоо менен эркектерге

жакындап жатасыңар. Чынында силер чектен чыккан (адашкан) бир коомсуңар.» Коомунун

жообу: «Мекениңерден сүрүп-чыгаргыла буларды, себеби булар абдан таза адамдар экен!» деген

сөз гана болду. (Аьраф Сүрөсү, 80-82)

Луттун коому Аллахтын элчисин танып гана тим болбостон, ага каяша айтып, талашышкан. Аз.

Лут болсо коомун көп убакыт бою таухид динине чакырган, кандайдыр бир оң жооп ала албаган соң

Аллахка мындайча дуба кылган:

Page 35: Untitled

«Раббим, бузукулук чыгарган (бул) коомго каршы мага жардам бер» деди. (Анкебут Сүрөсү,

30)

Аз. Луттун дубасын Аллах кабыл алды жана Аллахтын элчисине баш көтөргөн Лут коому

кыйратылды:

Шексиз Биз, бузукулук кылгандыгы үчүн, бул өлкө калкына асмандан жийиркеничтүү бир

азап түшүрөбүз.» Ант болсун, Биз акыл жүгүртө алган бир коом үчүн ал жерде апачык бир аят

калтырдык. (Анкебут Сүрөсү, 34-35)

Бул мисалдан көргөндөй, дуба бир гана адамдардын жакшылыгы, дүйнө жана акырет

бакубаттыгы үчүн болбошу мүмкүн. Аллахтын чегинен чыккан, момундарга зулумдук кылган

коомдордун кыйратылышы үчүн көп пайгамбарлар дуба кылган. Аз. Луттун дубасы буга бир мисал.

Аз. Аййубдун дубаларыКуранда төрт жерде Аз. Аййуб жөнүндө айтылат жана анын сабыры момундарга өрнөк

көрсөтүлөт. Аллахтан вахий алган тандалган бир кул болгон Аз. Аййуб (Ниса Сүрөсү, 163) олуттуу бир

ооруга чалдыгып, азап тарткан. Бирок ар кандай оор шарттарда да дайыма сабыры жана Аллахка болгон

ишеними менен алдыга чыккан. Аллах анын мындай мүнөзүн момундарга өрнөк катары көрсөтөт:

... Чынында Биз анын сабыр кылуучу экенин көрдүк. Ал кандай сонун кул (пенде) эле.

Себеби ал (дайыма Аллахка) кайрылган адам эле. (Сад Сүрөсү, 44)

Аз. Аййуб оорудан сырткары, шайтандын терс азгырыктарына да туш болгон. Бирок Аз. Аййуб

бул кыйынчылыгын чын ыкластан Аллахка ачкан жана Андан жардам сурап, дуба кылган:

Пендебиз Айубду да эстегин. Ал: «Шайтан мага оор бир кыйноо жана азап жеткирди

окшойт» деп Раббисине кайрылган эле. (Сад Сүрөсү, 41)

Башка бир аятта Аз. Аййубдун чын жүрөктөн болгон дубасынан мындайча сөз болот:

Жана Айубду да эсте. Ал Раббисине: «Мени зыян (жана оору) курчап алды. Өзүң ырайым

кылуучулардын эң ырайымдуураагысың.» деп дуба кылды. (Анбия Сүрөсү, 83)

Аллах, албетте, бул ыкластуу пендесинин дубасына жооп берген. Аллахтын Аз. Аййубга берген

жообу аяттарда мындайча баяндалат:

Анан Биз анын дубасын кабыл кылып, андагы зыянды арылттык жана Өзүбүздөн

ырайым-рахмат ирээтинде жана (сабырдуу) ибадат кылуучуларга эскерме-сабак болсун деп ага

үй-бүлөсүн кайтарып, алар менен дагы ошончо (перзент) бердик. (Анбия Сүрөсү, 84)

Page 36: Untitled

Аллах адамдарды ар кандай жолдор менен сыноодо. Аллахтын ыкластуу пенделеринин бири

болгон Аз. Аййуб болсо күчтүү бир кыйынчылык менен сыналган. Ушул сыяктуу кыйынчылыктар

дүйнөдөгү сыноо чөйрөсүндө башка момундардын башына да келиши мүмкүн. Ошондуктан мындай

абалда калган бир момун, Аз. Аййуб мисалындагы сыяктуу, сыноонун түрү жана мөөнөтү кандай гана

болбосун, Аллахтын адамга көтөрө албаган бир жүктү жүктөбөшүн билиши зарыл.

Аз. Йусуфтун дубаларыАз. Йусуф кыссасы (баяны) дуба жөнүндө момундар үчүн сонун өрнөктөргө толо. Аз. Йусуф,

жолуккан ар кандай кыйынчылыкка карата тобокелдүү жана баш ийүүчү мамилеси менен, Аллахка

болгон бекемдиги менен күчтүү, бекем бир ыймандын бүт алааматтарын көрсөткөн.

Аз. Йусуф жана атасы Аз. Йакубга келген кыйынчылыктар кичинекей жаштагы Аз. Йусуфтун бир

туугандары тарабынан кудукка ташталып, бир бөрү жеп кеткен сыяктуу көрсөтүлүшү менен башталат.

Бирок Аз. Йакуб абдан жакшы көргөн баласына келген бул окуяда Аллахка болгон баш ийүүчүлүгүн

сактайт:

Жана үстүнө жалган кан болгон (сүртүлгөн) көйнөгүн алып келишти. «Жок» деди.

Напсиңер силерди жаңылтып (ушундай) бир ишке түртүптүр. Мындан соң (менин милдетим)

жакшы бир сабыр. Силердин мындай түзгөн (план)ыңарга карата бир гана Аллахтан жардам

суроо керек. (Йусуф Сүрөсү, 18)

Аяттан да көрүнүп тургандай, уулунун кандуу көйнөгүн көргөн Аз. Йакуб чыныгы бир момун

мамилесин кылып, эң туура мамиленин «сабыр, тобокел жана дуба» экенин айтат. Кудукка ыргытылып,

өлүмгө ташталган Аз. Йусуф бир керемет катары жолдон өтүп бараткан бир кербен тарабынан табылат.

Аны тапкан кербен аны акчага сатуу чечимин алып, жанына алып алышат.

Андан соң кул катары алдыңкы бир Египеттикке сатылган Аз. Йусуфка жетилген кезде Аллах

«илим жана хикмат» (Йусуф Сүрөсү, 22) берет.

Аны сатып алган Египеттиктин аялы, аятта билдирилгендей, аны менен болгусу келет. Муну

кабыл албаган Аз. Йусуфту түрмөгө каматам деп коркутат. Ошондо Аз. Йусуф мындайча дуба кылат:

(Йусуф:) «Раббим, зындан булар мени чакырган нерседен мен үчүн сүйкүмдүүрөөк.

Булардын ойлорун (пландарын) менден алыстатпасаң, аларга жибип, (ошентип) караңгы-

наадандардан болуп каламын (деп коркомун)» деди. (Йусуф Сүрөсү, 33)

Аятта көрүлгөндөй, Аз. Йусуф дубасында жагдайын чын ыкластан мойнуна алган. Андан соң

түрмөгө ташталган Аз. Йусуф зынданда жанындагыларга динди түшүндүрүп баштайт:

«Эй зындан досторум, өз-өзүнчө болгон (бир топ) Раббилер жакшыбы, же каххар болгон

жалгыз Аллахпы? Силер Аллахтан башка сыйынгандарыңар (кудай тутканыңар) – Аллах алар

жөнүндө эч бир далил түшүрбөгөн, силер жана аталарыңар ат коюп алган нерселер гана. Өкүм

Page 37: Untitled

бир гана Аллахка тиешелүү. Ал Өзүнөн башкага кулчулук кылбагыла деп буйрук кылды.

Туптуура дин мына ушул, бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт. (Йусуф Сүрөсү, 39-40)

Көп жыл бою ал жерде жаткан соң, Египеттиктин аялынын да Аз. Йусуфтун күнөөсүз экенин

айтышы натыйжасында Аз. Йусуф зындандан чыгарылган (Йусуф Сүрөсү, 51-54).

Бүт мындай кыйынчылыктардан соң Аз. Йусуфтун дубасы кабыл алынат жана кудукка ташталуу

менен башталган окуялар өлкөнүн бийлигинде сөзү өткөн адам болушу менен уланат:

Мына ушинтип, Биз жер жүзүндө Йусуфка күч-кубат жана мүмкүнчүлүк (бийлик) бердик.

Ал жерде (Мисирде) каалаган жерде жашады... (Йусуф Сүрөсү, 56)

Ушундайча, бийликке жеткен Аз. Йусуф аны зындандан чыгарып, казынанын башына алып

келген Аллахка шүгүр кылат жана дүйнөдө Мусулман бойдон өлүү жана акыретте да салихтер

(ыкластуулар) менен бирге болуу үчүн дуба кылат:

«Раббим, Сен мага мүлктөн (бир үлүш жана аны башкаруу мүмкүнчүлүгүн) бердиң,

сөздөрдү жоромолдоодон (бир илим) үйрөттүң. Асмандардын жана жердин Жаратуучусу, дүйнөдө

жана акыретте менин велим (досум) – Сенсиң. Мени Мусулман кылып жанымды ал жана мени

салихтердин (ыкластуу пенделериңдин) катарына кош.» (Йусуф Сүрөсү, 101)

Аз. Шуайбдын дубалары

Медйен жана Эйке калкына пайгамбар кылып жөнөтүлгөн Аз. Шуайб Аллах койгон чектерден

чыккан коомун ыйманга чакырган эле (Аьраф Сүрөсү, 85). Медйен калкынын Аз. Шуайбга берген

жообу Нух жана Лут коомдорунун жоопторунан башкача болгон жок. Аз. Шуайбдын айткандарын

кабыл албаган коом аны жана башка момундарды жашап жаткан мекендеринен сүргүн кылабыз деп

коркутушту:

Коомунун алдыңкыларынан бой көтөргөндөр (текеберленгендер мындай) дешти: «Эй

Шуайб, сени жана сени менен бирге ыйман келтиргендерди же өлкөбүздөн сүрүп-чыгарабыз же

сөзсүз биздин динибизге кайра кайтасыңар...» (Аьраф Сүрөсү, 88)

Аз. Шуайб болсо Медйен калкынын кайдыгерлиги жана коркуткан мамилесинен Аллахка тобокел

кылып, Ага дуба кылды:

Аллах бизди андан куткарган соң кайрадан силердин диниңерге кайтсак, Аллахка карата

жалган доомат кылган болобуз. Раббибиз болгон Аллах каалабаса эле, ага кайра кайтышыбыз

биз үчүн эч мүмкүн эмес. Раббибиз бүт нерсенин илимин билүүчү. Биз Аллахка тобокел кылдык.

«Раббибиз, биз менен коомубуз арасында Сен акыйкаттык менен өкүм бер, Сен өкүм

берүүчүлөрдүн эң жакшысысың.» (Аьраф Сүрөсү, 89)

Page 38: Untitled

Аягында Лут жана Нух коомунун башына келген окуялар Медйен калкынын да башына келди.

Аз. Шуайбдын дубасына жооп катары Аллах Өз өкүмүн берди жана Аллахтын элчисин тааныбаган

коом кыйратылды:

Анан алар эч чыдагыс бир чайпалууга (жер титирөөгө) кабылышып, өз мекендеринде

таңды тизелеп чөгөлөгөн абалда тосушту. Шуайбды жалганга чыгаргандар эч ал жерде

бейпилдик ичинде жашабаган сыяктуу болушту. Шуайбды жалганга чыгаргандар чыныгы чоң

кыйроого туш болушту. (Аьраф Сүрөсү, 91-92)

Аз. Сулаймандын дубаларыАз. Сулаймандын маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул чоң бир күч жана бийликке ээ болушу

эле. Ага бир катар жогорку жөндөмдүүлүктөр да берилген эле. Аз. Сулайманга берилген мындай

жогорку жөндөмдүүлүктөр арасында жиндерди башкаруу, ал тургай, жаныбарлар менен сүйлөшүү да

бар эле. Аз. Сулаймандын жаныбарлардын сөзүн түшүнүшү Куран аяттарында мындайча кабар берилет:

Сулайман Давудга мураскор болду жана: «Эй адамдар, бизге куштардын тили үйрөтүлдү

жана бизге бүт нерседен (көп бир немат) берилди. Чынында бул апачык бир жогорулук» деди.

(Немл Сүрөсү, 16)

Ага берилген артыкчылыктар үчүн Аллахка шүгүр кылган Аз. Сулаймандын дубасы болсо

төмөнкүдөй:

... Раббим, мага, апа жана атама берген нематыңа (жакшылыгыңа) шүгүр кылууну жана

(Сен) ыраазы боло турган бир амалды (иш-аракет) кылуумду илхам кыл жана мени мээримиң

менен салих кулдарың арасына кош. (Немл Сүрөсү, 19)

Аллах Аз. Сулайманга кээ бир өзгөчө жөндөмдөрдөн тышкары көп материалдык мүмкүнчүлүктөр

да берген эле. Аз. Сулайман болсо бул байлыктар үчүн Ага дайыма шүгүр кылып, мындайча дуба

кылган:

Раббим, мени кечир жана менден кийин эч кимге насип болбогон бир мүлктү мага

тартуула. Шексиз, Сен акысыз тартуу берүүчүсүң. (Сад Сүрөсү, 35)

Мурдакы бөлүмдөрдө дубанын бир гана жеке жана дүнүйөлүк каалоолор үчүн болбошу керек

экенин айткан элек. Аз. Сулаймандын «эч кимге насип болбогон бир мүлк» сурашы дүнүйөлүк бир

каалоо эмес, негизи акыретти көздөгөн бир каалоо. Анын «...чынында мен мал-мүлк сүйүүсүн Аллахты

зикир кылуу (эстөө) үчүн тандадым...» (Сад Сүрөсү, 32) деп айтканы аяттарда кабар берилет.

Эгер бир адам колундагы материалдык мүмкүндүктөрдү Аллах ыраазылыгы үчүн колдонуп, бул

мүмкүндүктөр аны Аллахка жакындатып, Аллахты эстешине себепчи болуп жатса, анын дүйнө

Page 39: Untitled

нематтарын суроодо тартынышынын кажети жок. Себеби бул нематтар аны акыретке жакындата турган

бир себепчиге айланган болот.

Аз. Закариянын дубаларыКурандын үч сүрөсүндө Аз. Закариянын дубалары айтылат. Жашы өтүп калган Аз. Закария

өзүнөн кийин коомунун ичинде ыйманды сакташы үчүн Аллахтан бир мураскор сураган. Өзү балалуу

болуу үчүн абдан улгайган, аялы болсо төрөбөс болгондуктан, мураскору жок болгон жана Аллахка

дуба кылган:

Ал Раббисине жашыруун кайрылганда: «Раббим, шексиз менин сөөктөрүм бошошту жана

карылыктан чачтарым агара баштады; мен сага дуба кылуу менен бактысыз болгон жокмун.

Чынында мен менден соң келе турган жакындарым үчүн коркуп жатам, менин аялым болсо

төрөбөс (аял). Эми мага Өз Кабатыңдан бир жардамчы тартуу кыл. Мага мураскор болсун.

Йакуб урпактарына да мураскор болсун. Раббим, аны ыраазы болунган(дардан) кыл» деген эле.

(Мерйем Сүрөсү, 3-6)

Ал жерде Закария Раббисине дуба кылды: «Раббим, мага Кабатыңдан таптаза бир урпак

тартуу кыл. Чынында Сен дубаларды угуучусуң» деди. (Али Имран Сүрөсү, 38)

Закария да Раббиңе кайрылган эле: «Раббим, мени жалгыз калтырба, Сен мураскорлордун

эң жакшысысың.» (Анбия Сүрөсү, 89)

Аятта Аз. Закариянын Аллахка жашыруун кайрылганы билдирилүүдө. Бул ыкластуулуктун эң

чоң көрсөткүчтөрүнүн бири. Аллах Ага ушундай бир ыкластуулук менен кайрылган Аз. Закариянын

дубасын кабыл алган:

Анын дубасына жооп бердик, ага Яхьяны тартуу кылдык, аялын да төрөй алган (аял)

кылдык. Чынында алар жакшылыктарда жарышышчу, үмүт жана коркуу менен Бизге дуба

кылышчу. Бизге терең урмат көрсөтүшчү. (Анбия Сүрөсү, 90)

(Аллах буйурду:) «Эй Закария, шексиз Биз сени аты Яхья болгон бир бала менен

сүйүнчүлөйбүз; Биз мындан мурда ага эч кимди адаш кылган эмеспиз». (Мерйем Сүрөсү, 7)

Ал мээрапта намаз кылып жатканда, периштелер ага кайрылды: «Аллах сага Яхьяны

сүйүнчүлөйт. Ал Аллахтан болгон бир сөздү (Исаны) тастыктоочу, мырза, барктуу жана

салихтерден бир пайгамбар.» (Али Имран Сүрөсү, 39)

Аяттардын уландысында билдирилгендей, Аз. Закария Аллахтын дубасына ылайык улгайган

жашына карабастан, ага бир эркек бала берээрине таң калат. Ага сүйүнчү кабарды алып келген периште

болсо ага Аллахтын Кудуретин эстетет:

Page 40: Untitled

«Раббим, аялым төрөбөс (бир аял) болсо, мен кандайча балалуу болушум мүмкүн? Өзүм

болсо абдан улгайдым» деди. (Ага келген периште:) «Мына ушундай» деди. «Раббиң айтты: Бул

Мен үчүн оңой, мурда сен эч нерсе эмес (жок) кезиңде сени жаратканмын.» (Мерйем Сүрөсү, 8-9)

Мурдакы бөлүмдөрдө Аллахтын ыкластуу пенделеринин дубаларына алар үчүн эң жакшы

(кайырдуу) боло турган абалда жооп берээрин айткан элек. Жана Аллахтын чын жүрөктөн кайрылган

ыймандуулардын жалгыз досу жана жардамчысы экенин да айтканбыз. Аллах балалуу болушу эч

мүмкүн эместей көрүнгөн Аз. Закарияга да ыкластуу дубасына жооп берүү менен, ыкластуу бир бала

тартуу кылган.

Аз. Йунустун дубаларыКуранда Аз. Йунустан мындайча сөз кылынат:

Шексиз, Йунус да жөнөтүлгөн (элчи)лерден эле. Ал (адам) толо бир кемеге качкан эле. Анан

чүчүкулак тартышты эле, (ал) жеңилгендерден болуп калды. Анан ал жемеленип турганда, аны

балык жутту. (Саффат Сүрөсү, 139-142)

Аз. Йунус пайгамбар катары жөнөтүлгөн коомун таштап кеткен эле. Жогорудагы аяттардан

көрүлгөндөй, ал түшкөн кемеде жолоочулар арасында чүчүкулак тартылып, чүчүкулак жыйынтыгында

анын деңизге ташталышына чечим чыгарылган. Куранда билдирилгендей, деңизге ташталган Аз. Йунус

чоң бир балык тарабынан жутулган.

Балыктын курсагында бушайман болгон Аз. Йунус Аллахка мындайча дуба кылган:

Сенден башка кудай жок, Сен Улуксуң, чынында мен зулумдук кылуучулардан болдум.

(Анбия Сүрөсү, 87)

Аллах болсо Аз. Йунустун чын ыкластуу дубасына жооп катары аны кереметтүү жол менен

куткарган:

Анан (анын) дубасына жооп бердик жана аны кайгыдан куткардык. Биз ыйман

келтиргендерди мына ошентип куткарабыз. (Анбия Сүрөсү, 88)

Аз. Йунусту Аллах андан кийин болсо баш ийүүчү бир коомдун башына алып келген:

Аны жүз миң же (саны) андан да көп (бир коом)го (Пайгамбар кылып) жөнөттүк. Аягында

ага ыйман келтиришти, Биз да аларды бир мөөнөткө чейин пайдаланттык. (Саффат Сүрөсү, 147-

148)

Page 41: Untitled

Мурдакы бөлүмдөрдө Аллах бир дубаны кабыл кылганда, муну белгилүү себептерге

байланыштуу кылганын, бирок кааласа себепсиз да суралган нерсени ишке ашырышы мүмкүн экенин

жана мунун асмандардын жана жердин Раббиси болгон Аллах үчүн абдан оңой экенин айткан элек.

Аллах Аз. Йунустун дубасын кабыл алганда да, ар кандай оор көрүнгөн шарттарды жок кылып, Аз.

Йунусту балыктын курсагынан куткарган. Бул адамдын эч качан Аллахтын мээриминен үмүт үзбөшү

жана дайыма Ага дуба кылышы керек экендигинин апачык далилдеринин бири. Адам Раббибизге чын

жүрөктөн кайрылса эле, сөзсүз жооп алат.

Аз. Исанын дубаларыКуранда Аз. Исадан сөз кылынып жатканда мындай деп айтылат:

«... Анын аты Мерйем уулу Иса Месих. Ал дүйнөдө жана акыретте «тандалган, барктуу,

урматтуу» жана (Аллахка) жакын кылынгандардан...» (Али Имран Сүрөсү, 45)

Куранда хаварилеринин Аз. Исадан Аллахка дуба кылышын жана асмандан бир дасторкон

түшүрүлүшүн сурашканы кабар берилет. «Дасторкон» маанисине келген Маида Сүрөсүндө баяндалган

бул окуя төмөнкүдөй:

Хаварилер: «Эй Мерйем уулу Иса, Раббиң бизге асмандан бир дасторкон түшүрө алабы?»

дешкен эле. Ал болсо: «Эгер ишенген (ыйман келтирген) болсоңор, Аллахтан коркуп-

тартынгыла деди. (Анда хаварилер:) «Андан жегибиз келип атат, жүрөктөрүбүз канааттансын,

сенин да чындап бизге чындыкты айтканыңды билели жана буга күбө бололу» дешкен эле.

(Маида Сүрөсү, 112-113)

Хаварилердин мындай каалоолорунун негизинде кереметтүү бир окуя көргүлөрү келгени турган.

Аз. Иса мындай кереметти талап кылуунун орунсуз экенин айтса да, хаварилер асмандан дасторкон

түшсө, жүрөктөрүнүн андан да жакшыраак канаат табаарын айтышып, өжөрдөнүшкөн. Аз. Иса

хаварилердин мындай каалоосу натыйжасында Аллахка дуба кылып жатканда, Курандагы көптөгөн

дуба мисалы сыяктуу Аллахты сыпаттары менен эскерди. Куранда Аз. Исанын бул дубасынан

мындайча сөз кылынат:

Мерйем уулу Иса: «Аллахым, Раббибиз, бизге асмандан бир дасторкон түшүр, мурдабыз

жана кийинибиз үчүн бир майрам жана Сенден бир далил болсун. Бизге ырыскы бер, Сен

ырыскы берүүчүлөрдүн эң жакшысысың» деген эле. (Маида Сүрөсү, 114)

Аллах Аз. Исанын дубасын кабыл кылды жана мындай буйруду:

Аллах айткан эле: «Шексиз, Мен муну силерге түшүрөм. Анан андан соң силерден ким

каапырдык кылса, мен аны чынында ааламдардан эч кимди азаптабагандай бир азап менен

азаптаймын.» (Маида Сүрөсү, 115)

Page 42: Untitled

Аз. Исанын Маида Сүрөсүндөгү экинчи дубасы болсо хаварилердин корголушу жана кечирилиши

жөнүндө эле:

Аллах: «Эй Мерйем уулу Иса, адамдарга Аллахты койуп мени жана апамды эки илах

кылып алгыла деп сен айттыңбы?» дегенде: «Сени аруулаймын, акым болбогон бир сөздү айтуу

мага жарашпайт. Эгер муну айткан болсом, Сен аны сөзсүз билесиң. Сен мендегини билесиң,

бирок мен Сенде болгонду билбейм. Чындыгында, көрүнбөгөндөрдү (кайыптарды) билүүчү бир

гана Сенсиң». «Мен аларга мага буйрук кылгандарыңдан башка эч нерсе айткан жокмун. (Ал

болсо мындай эле:) «Менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка кулчулук

кылгыла.» «Алардын арасында кезимде мен аларга күбөмүн. Менин (дүйнө) жашоом бүткөндө,

аларды Өзүң көрүп турдуң. Сен баарына күбө болуучусуң. Эгер аларды азаптасаң, шексиз, алар

Сенин кулдарың, эгер аларды кечирсең, шексиз, Улук, Өкүмдар бир гана Сенсиң.» (Маида

Сүрөсү, 116-118)

Куранда Аз. Мухаммед (сав)дин дубаларыКуранда «Шексиз, сен абдан улуу бир адеп-ахлактасың» (Калем Сүрөсү, 4) аяты менен

таанытылган акыркы пайгамбар Аз. Мухаммед (сав) түндүн бир бөлүгүн дуба, зикир жана ибадат менен

өткөрчү. Бир аятта бул жөнүндө мындайча сөз кылынат:

Чынында Раббиң сенин түндүн үчтөн биринин бираз азыраагында, жарымында жана үчтөн

биринде турганыңды билет; сени менен бирген болгондордон бир бөлүгүнүн да. Түндү жана

күндүздү Аллах аныктайт. Силердин муну санай албашыңарды билди, ошентип тообоңорду

кабыл кылды... (Мүземмил Сүрөсү, 20)

Куранда Пайгамбар Мырзабыз Аз. Мухаммеддин момундарга карата канчалык боорукер жана

мээримдүү экени айтылат жана алар үчүн кечирүү сурашы буйрук кылынат:

Аллах тарабынан болгон ырайым себептүү сен аларга жумшак мамиле жасадың. Эгер орой,

таш боор болсоң, алар сенин айланаңдан тарап кетишмек. Аларды кечир жана алар үчүн

(Аллахтан) кечирүүсүн сура. Жана иште(р жөнүндө) алар менен кеңеш. Эгер (бир ишке)

киришчү болсоң, Аллахка тобокел кыл. Албетте, Аллах тобокел кылуучуларды сүйөт. (Али

Имран Сүрөсү, 159)

Куранда дагы көптөгөн аятта куттуу Пайгамбарыбыз (сав)дын дубаларынан сөз кылынат.

Дубаларда Аллахты сыпаттары менен бирге эстөөнүн эң сонун мисалдарын Пайгамбарыбыз Аз.

Мухаммеддин дубаларында көрө алабыз. Булардын бири төмөнкүдөй:

Page 43: Untitled

Айткын: «Эй мүлктүн ээси Аллахым, каалаганыңа мүлк бересиң жана каалаганыңдан

мүлктү кайра аласың, каалаганыңды жогору кылып, каалаганыңды төмөндөтөсүң;

жакшылыктар Сенин колуңда. Чындыгында Сен бүт нерсеге кудуреттүүсүң.» (Али Имран

Сүрөсү, 26)

Бүт пайгамбарлар сыяктуу Аз. Мухаммед (сав) да өзү жөнөтүлгөн коомдун алдыңкылары

тарабынан коркутулуп, бат бат шайтандын терс азгырыктарына туш болгон. Мындай учурларда

Пайгамбарыбыз (сав) Аллахка андагы кыйынчылыкты алып салышы үчүн мындайча жалбарган:

Жана айткын: «Раббим шайтандын азгырыктарынан Сага корголоном. Жана алардын

Менин жанымда болушунан да Сага корголоном Раббим.» (Мүминун Сүрөсү, 97-98)

Мүминун Сүрөсүнүн акыркы аятында болсо Пайгамбарыбыз (сав)дин бир дубасы мындайча

билдирилет:

Жана айткын: «Раббим кечир жана мээримдүүлүк кыл, Сен мээримдүүлөрдүн эң

жакшысысың.» (Мүминун Сүрөсү, 118)

Аз. Мусанын дубаларыИсраил урпактарына элчи катары жөнөтүлгөн Аз. Муса Фараондун зулумдугунан кутулуу үчүн

али наристе кезинде энесине келген вахийдин негизинде бир дарыяга ташталган. Фараон жана анын үй-

бүлөсү Аз. Мусаны дарыядан таап алышып, аны бала кылып алышты (Касас Сүрөсү, 7-8). Аз. Мусага

Фараондун сарайында бойго жеткен кезде башка пайгамбарлар сыяктуу Аллахтан «илим жана хикмат»

берилген (Касас Сүрөсү, 14).

Куранда Аз. Мусанын Аллахка кайрылып дуба кылышына себеп болгон бир окуя мындайча

баяндалат:

(Муса) Калкы билбеген бир кезде шаарга кирди, ал жерде урушуп жаткан эки адамды

көрдү; бирөө ал тараптан, экинчиси болсо душмандарынан. Анан (анын) тарабынан болгон

душмандарынан болгонго каршы андан жардам сурады. Анан ага бир муштум уруп, ишин

бүтүрдү. (Анан:) «Бул шайтандын иштеринен; ал чынында апачык адаштыруучу бир душман»

деди. (Касас Сүрөсү, 15)

Аятта баяндалган окуя натыйжасында Аз. Муса Аллахтын кечиришин суранган жана эч качан

кылмышкер жана күнөөкөрлөргө жардам бербейм деп Аллахка сөз берген:

«Раббим, чынында мен өзүмө өзүм зулумдук кылдым, эми мени кечир» деди. Анан (Аллах)

аны кечирди. Шексиз, Ал кечиримдүү, боорукер. «Раббим, мага берген нематтарың менен эми

кылмышкер-күнөөкөрлөргө эч жардам бербейм» деди. (Касас Сүрөсү, 16-17)

Page 44: Untitled

Бул окуя угулган соң ал жашаган шаардын алдыңкылары Аз. Мусаны тутуп, өлтүрүүнү

пландашкан. Муну билген соң Аз. Муса кайра Аллахка дуба кылган:

Анан ал жерден корккон абалда (айлананы) карап, чыгып кетти: «Раббим, заалымдар

коомунан мени куткар» деди. (Касас Сүрөсү, 21)

Аз. Мусанын дубасы кабыл кылынды жана Аллахтын жол көрсөтүшү менен Фараондун шаарынан

чыгып, коопсузураак бир жерге баруу үчүн жолго чыкты. Бул учурда дайыма Аллахка кайрылып,

дайыма Ага дуба кылган:

Медйенди көздөй жөнөгөндө болсо: «Раббим, мени туура бир жолго салып жеткирээр» деди.

Медйен суусуна барганда, суу алып жаткан бир топ адамдарды көрдү. Алардын артында

(жаныбарларын сууга алып баруудан тартынган) эки аял көрдү. (Ал) Айтты: «Бул кандай

абал?» «Чабандар малдарын сугармайынча, биз сугара албайбыз; атабыз жашы улгайган бир

киши.» дешти. Ошол замат алардын малдарын сугарып берди, андан соң көлөкөгө барып айтты:

«Раббим, чындыгында мага берчү ар кандай жакшылыгыңа муктажмын.» Көп өтпөстөн ал эки

(аял)дын бири (уялган абалда) басып, ага келди. «Атам биздин ордубузга малдарды сугарып

бергениң үчүн сени сыйлоого сени чакырып жатат» деди. Анан ага келип, болуп өткөндөрдү

айтып бергенде, ал: «Коркпо» деди. «Заалымдар коомунан кутулдуң.» (Касас Сүрөсү, 22-25)

Бул окуялардан соң Аз. Муса Медйенге жайгашкан. 8-10 жыл өткөн соң үй-бүлөсү менен бирге

Медйенден чыккан. Жолдо Тува Өрөөнү деп аталган жерге келгенде алгачкы вахийди алмак. Аллах ага

Фараонго барышын жана ага динди баяндашын буйрук кылды. Аз. Мусанын Касас Сүрөсүндө Аллахка

бул жөнүндө мындай дуба кылганы билдирилет:

«Раббим, чынында алардан бир адамды өлтүрдүм, (алардын) мени өлтүрүшүнөн корком.

Жана бир тууганым Харун; тил жагынан ал менден жакшыраак сүйлөйт, аны да мени менен

бирге бир жардамчы катары жөнөт, мени тастыктасын. Себеби алардын мени жалганчы

дешинен коркуп жатамын» деди. (Касас Сүрөсү, 33-34)

Куранда билдирилгендей, Аз. Муса толкунданып кетишинин динди баяндоо милдетин

аткарышына тоскоол болоорунан тартынган эле. Ошол үчүн Аллахка дуба кылган:

«Раббим, менин көкүрөгүмдү ач. Мага ишимди жеңил кыл. Тилимдеги түйүндү чечип кой;

айта тургандарымды түшүнгүдөй болушсун. Үй-бүлөмдөн мага бир жардамчы бер, бир тууганым

Харунду. Ал себептүү менин кубатымды көбөйт. Аны ишимде шерик кыл, ошентип Сени көп

тасбих кылалы. Жана Сени көп зикир кылалы. Шексиз, Сен бизди көрүп турасың» деди. (Таха

Сүрөсү, 25-35)

Page 45: Untitled

Аз. Мусанын мындай чын ыкластуу дубасына жооп катары Аллах аны жана бир тууганын атайын

бир коргоого алганын мындайча билдирген:

(Аллах) Айтты: «Сени бир тууганың менен кубаттандырабыз; силердин экөөңөргө тең

ушундай бир күч жана бийлик беребиз, (натыйжада) аяттарыбыз урматында силерге жете албай

калышат. Силер жана силерди ээрчигендер жеңүүчү болосуңар.» (Касас Сүрөсү, 35)

Аз. Муса Фараонго көрсөткөн кереметтер Фараондун жанындагы адамдардын ыйман

келтиришине себепчи болсо, Фараон жана коомунун көп бөлүгү Аллахка карата бой көтөрүүдө өжөрлүк

кылышкан. Натыйжада Аз. Мусанын Аллахка мындайча дуба кылганы билдирилет:

Муса: «Раббибиз, шексиз, Сен Фараонго жана анын алдыңкы чөйрөсүнө дүйнө жашоосунда

бир зыйнаттарды (күч, кооздук) жана мал-мүлк бердиң. Раббибиз, Сенин жолуңдан

адаштырышы үчүн(бү?) Раббибиз, мал-мүлктөрүн жердин астына чөктүр жана алардын

жүрөктөрүнүн үстүн бекем байла; алар оор азапты көргөнгө чейин ыйман келтиришпейт» деди.

Аллах Аз. Мусанын дубасына мындай жооп берди: «Экөөңөрдүн дубаңар кабыл болду. Демек

туптуура жолдо (жолуңарды) уланткыла жана сабатсыздардын жолуна түшпөгүлө.» (Йунус

Сүрөсү, 88-89)

Аз. Мусанын жогорудагы дубасынан соң Фараон жана бүт каапыр чөйрөсү кыйратылган жана

Исраил урпактары Египеттен кетишкен. Египеттен чыккандан белгилүү мөөнөттөн кийин Аз. Муса бир

тууганы Аз. Харунду ордуна калтырып, кырк күнгө Тур тоосуна чыккан. Ал жерде ага вахий келишин

күттү (Аьраф Сүрөсү, 142). Вахий келгенде Аллахка мындайча дуба кылды:

«... Раббим, мага көрсөт, Сени көрөйүн»... (Аьраф Сүрөсү, 143)

Аллах Аз. Мусанын мындай каалоосуна мындайча жооп берди:

... (Аллах:) «Мени эч көрө албайсың, бирок мобул тоону кара; эгер ал ордунда кала алса,

сен да Мени көрөсүң.» Раббиси тоого көрүнгөндө, аны талкалап салды. Муса эси ооп, жерге

кулады. Өзүнө келгенде: «Сен кандай Улуксуң (Раббим). Сага тообо кылдым жана мен ыйман

келтиргендердин биринчисимин» деди. «Эй Муса» деди. «Сага берген пайгамбарлыгым жана

сени менен сүйлөшүүм аркылуу сени адамдардын арасынан тандап алдым. Сага бергендеримди

ал жана шүгүр кылуучулардан бол.» (Аьраф Сүрөсү, 143-144)

Аз. Муса Тур тоосуна баратканда, коомуна жооптуу кылып бир тууганы Аз. Харунду калтырган

эле. Бирок коому Аз. Муса кеткен соң адашышып, Египеттеги путпараст ишенимдерге кайтышты.

Өздөрүнө бир музоо айкелин жасашты жана ага сыйынышты. Аз. Муса коомунун музоого сыйынышы

натыйжасында араларынан момундарды бөлүп алып, Аллах мурда вахий кылган жолугушуу ордун

Page 46: Untitled

көздөй жолго чыкты. Бирок жолугушуу ордуна келгенде, буларды да аятта айтылгандай «чыдагыс бир

жер титирөө» кармаганда, Аллахтын аны жана жанындагыларды кечиришин суранды:

... Айтты: «Раббим, эгер каалаганыңда, аларды жана мени мурда эле кыйратып салмаксың.

(Эми) Арабыздагы мээсиздердин кылгандары үчүн бизди кыйратасыңбы? Ал да Сенин сынооң

гана. Аны менен Сен каалаганыңды адаштырып, каалаганыңды туура жолго саласың. Биздин

Велибиз (Досубуз) Сенсиң. Бизди кечир, бизге боорукердик кыл, Сен кечиримдүүлөрдүн эң

жакшысысың. Бизге бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылык жаз, шексиз, биз Сага бурулдук.

Айтты: «Азабымды каалаганыма жеткирем, мээримим болсо бүт нерсени курчаган; аны коркуп-

тартынгандарга, зекетти бергендерге жана Биздин аяттарыбызга ыйман келтиргендерге

жазамын.» (Аьраф Сүрөсү, 155-156)

Куранда Аз. Муса жөнүндө айтылгандарды караганыбызда, Аз. Мусанын дубаларында эң көп

көңүл бурган жагдайлардын биринин анын чын ыкластуулугу жана ачык сөздүүлүгү экенин көрөбүз.

Аллахка чын ыкластан дуба кылып, Андан жардам сураган. Аллах Аз. Мусаны акырындап жана

окуялар менен тарбиялап, чоң бир күчкө ээ бир пайгамбарга айланткан.

Б.а., мурда да айтылгандай, дубанын эң негизги шарттарынын бири – бул чын ыкластан жана чын

жүрөктөн кылынышы. Адамды бул жерде жаңылта турган нерселердин бири – бул Аллахтан уялып, Ага

кээ бир күнөө жана кемчиликтерди моюнга албоо аракети. Кээ бир адамдар мындай пикирдин

таасиринен Аллахка дуба кылып жатканда, абдан «расмий» бир маанайда болушат жана балким уялуу

сезиминен, балким бой көтөрүү сезиминен улам Аллахка бүт нерсесин айтышпайт. Чынында болсо,

Аллах биздин бардык кемчилигибизди, кылган, ал тургай, акылыбызга келген ар кандай туура эмес

жана анормалдуу кыймыл-аракет жана ойлорду ансыз деле билет.

Демек, ачык сөздүүлүк жана чын ыклас менен Аллахка кайрылып, бүт сырыбызды Ага

айтышыбыз керек. Аллахтан болгон чын жүрөктөн бир коркуу Аллах менен кулу арасына «расмийлик»

койо турган бир тоскоолдук эмес, кулун Аллахка баш ийүүчү жана чын ыкластуу бир абалда жакындата

турган бир стимул.

Page 47: Untitled

ЖЫЙЫНТЫК

Куранда баяндалган дуба түшүнүгүнүн адамдын жашоосуна өтүшү абдан маанилүү. Бирок,

тилекке каршы, адамдардын көпчүлүгү Курандан кабарсыз болгондуктан же Куранды толук

билбегендиктен, балким жашоолорунда бир жолу да чын ыкластан Аллахка кайрылып, Куранда

билдирилгендей дуба кылышпайт.

Азыр сиз окуган бул китепте болсо, негизи Куран боюнча «эң чоң (эң маанилүү)» болгон

(Анкебут Сүрөсү, 45) Аллахты зикир кылуунун мааниси баяндалды. Бул жерде айтылгандарга көңүл

буруу жана Аллахка толук Ал каалагандай дуба кылууга аракеттенүү болсо баарыбыздын милдетибиз.

Бул – улуу бир милдет дагы, биздин түбөлүк жашообузду куткара турган бир себепчи дагы.

Себеби Куранда Аллахка дуба кылбагандардын аягынын түбөлүк тозок азабы экени кабар берилет:

(Силердин) Раббиңер: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин (кабыл аламын)»

деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко

киришет. (Момун Сүрөсү, 60)

Page 48: Untitled

ЭВОЛЮЦИЯ КАЛПЫ

Дарвинизм, башкача айтканда, эволюция теориясы – жаратылыш чындыгынан баш тартуу

максатында ойлоп чыгарылган, бирок ийгиликке жете албаган илимге туура келбеген бир калп.

Жандуулардын жансыз заттардан кокустуктар натыйжасында пайда болгонун жактаган бул теория

ааламда жана жандууларда абдан ачык бир тең салмактуулук, жаратылуу чеберчилиги бар экендигинин

илим тарабынан далилдениши менен бирге кыйрады.

Натыйжада бардык ааламды жана жандууларды Аллах жараткандыгы жөнүндөгү чындык илим

тарабынан да далилденди. Бүгүнкү күндө эволюция теориясын сактап калуу үчүн дүйнө жүзүндө

жүргүзүлгөн пропаганда жалаң гана илимий чындыктардын бурмаланышы, теорияга жан тартуучу

багытта жоромолдоо, илимий көрүнүшкө жамынып айтылган калптар жана алдамчылыктарга таянууда.

Бирок мындай пропаганда чындыкты жашыра албайт. Эволюция теориясынын эң чоң адашуу,

калп экендиги акыркы 20-30 жылдан бери илим чөйрөсүндө барган сайын көп айтылууда. Өзгөчө 1980-

жылдардан кийин жүргүзүлгөн изилдөөлөр Дарвинист көз-караштардын толугу менен туура эмес

экендигин аныктады жана бул чындык көптөгөн илимпоздор тарабынан сөз кылынууда. Өзгөчө АКШда

биология, биохимия, палеонтология сыяктуу ар кандай илим чөйрөлөрүнөн келген көптөгөн

илимпоздор Дарвинизмдин туура эмес экендигин көрүүдө, жандуулардын жаралуусун эми «жаратылуу

чындыгы» менен түшүндүрүшүүдө.

Эволюция теориясынын кыйрашы жана жаратылуу далилдерин башка көптөгөн эмгектерибизде

бардык илимий деталдары менен бирге колго алганбыз жана алып келүүдөбүз. Бирок бул тема абдан

маанилүү болгондуктан, бул жерде да кыскача баяндоо пайдалуу болот.

Дарвинди кыйраткан кыйынчылыктарЭволюция теориясы тарыхы эски Грецияга чейин барган бир көз-караш болгонуна карабастан, 19-

кылымда кеңири болуп ортого чыкты. Бул теорияны илим чөйрөсүнө киргизген эң маанилүү окуя –

Чарльз Дарвиндин 1859-жылы чыгарган Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китеби эле. Дарвин бул

китепте дүйнөдөгү бардык жандык түрлөрүнүн Аллах тарабынан өз-өзүнчө жаратылганына каршы

чыккан. Дарвиндин ойу бойунча, бардык түрлөр орток бир атадан келишкен жана убакыттын өтүшү

менен кичинекей өзгөрүүлөр менен өзгөрүүлөргө дуушар болушкан.

Дарвиндин теориясы эч кандай так илимий табылгага таянган эмес; өзү да кабыл алгандай жөн

гана бир «ой жүгүртүү» болчу. Ал тургай Дарвиндин китебиндеги «Теориянын кыйынчылыктары»

аттуу узун бөлүмдө мойнуна алгандай, теория көптөгөн абдан маанилүү суроого жооп бере албайт эле.

Дарвин теориясына каршы кыйынчылыктар келечекте илим тарабынан жок кылынат, жаңы

илимий табылгалар теориясын күчтөндүрөт деп үмүттөнгөн эле. Муну китебинде көп жолу белгилеп

кеткен. Бирок илимдин өнүгүшү, Дарвиндин үмүтүнө каршы, теориянын негизги көз-караштарын бир-

бирден жараксыз кылды.

Дарвинизмдин илим тарабынан кыйратылышын 3 негизги багытта кароого болот:

1) Теория жашоонун жер бетинде алгач кандайча пайда болгонун эч түшүндүрө албайт.

Page 49: Untitled

2) Теория сунуштаган «эволюция механизмдеринин» чындыгында эволюциялык күчкө ээ

экендигин далилдеген эч кандай илимий далил жок.

3) Фоссилдер эволюция теориясынын туура эмес экендигин далилдейт.

Бул бөлүмдө бул үч негизги теманы тереңирээк карайбыз.

Өтө албаган алгачкы баскыч: жашоонун келип чыгышы Эволюция теориясы бардык жандуу түрлөрү болжол менен мындан 3,8 миллиард жыл мурда

алгачкы дүйнөдө пайда болгон жалгыз жандуу клеткадан келди деп айтышат. Жалгыз бир клетканын

кандайча миллиондогон комплекстүү жандуу түрлөрүн пайда кылгандыгы жана эгер чындыгында

мындай бир эволюция болгон болсо эмне үчүн бул процесстин издеринин фоссил булактарында

байкалбашы теория түшүндүрө албаган суроолордон. Бирок булардан мурда сөз жүзүндөгү эволюция

процессинин алгачкы баскычы жөнүндө сөз кылуу туура болот. Сөз кылынган ошол «алгачкы клетка»

кантип пайда болду?

Эволюция теориясы жаратылуудан баш тарткандыктан, эч кандай табият үстү кийлигишүүнү

кабыл албагандыктан, ал «алгачкы клетканын» эч кандай проект, план жана жөнгө салуу болбостон,

табият мыйзамдары ичинде кокустуктан пайда болгонун айтат. Башкача айтканда, теория бойунча

жансыз нерселер кокустуктар натыйжасында пайда болгон бир клетка жараткан болушу керек. Бирок

бул – билинген эң негизги биология мыйзамдарына карама-каршы бир көз-караш.

«Жашоо жашоодон келет»Дарвин китебинде жашоонун келип чыгышы жөнүндө эч сөз кылган эмес. Себеби анын

доорундагы илим түшүнүгү жандыктарды абдан жөнөкөй бир структурада деп гипотеза кылышкан.

Ортоңку кылымдан бери ишенилип келе жаткан «спонтане женерасйон» аттуу теория бойунча, жансыз

нерселер кокустуктар менен чогулуп, жандуу бир нерсе жарата алышат деген ишеним бар болчу. Бул

доордо коңуздар тамак таштандыларынан, чычкандар буудайдан пайда болот деген түшүнүктөр кеңири

жайылган. Муну далилдөө үчүн ар кандай кызыктуу эксперименттер жасалган. Кир бир кебездин

үстүнө буудай койулуп, бираз күткөндө бул аралашмадан чычкан пайда болот деп божомолдонгон.

Эттердин куртташы да жашоонун жансыз заттардан пайда болушу мүмкүн экендигине бир далил

катары кабыл алынчу. Бирок кийинчерээк аныкталгандай, курттар өзүнөн-өзү жаралбайт эле, чымындар

таштаган көзгө көрүнбөгөн личинкалардан чыгышат эле.

Дарвиндин Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебин жазган учурда бактериялардын жансыз

нерселерден пайда болушу ишеними илим дүйнөсүндө кеңир жайылган көз-караш болчу.

Бирок, Дарвин китебин чыгаргандан беш жылдан кийин атактуу Француз биолог Луи Пастер

эволюциянын негизи болгон бул ишенимди толугу менен кыйратты. Пастер жасаган көптөгөн аракет

жана эксперименттер натыйжасында барган жыйынтыгын мындай жыйынтыктайт: «Жансыз

заттардын жашоо пайда кылышы мүмкүн экендиги эми толугу менен тарыхка көмүлдү.» (Sidney

Fox, Klaus Dose, Molecular Evolution and The Origin of Life, New York: Marcel Dekker, 1977, s. 2)

Page 50: Untitled

Эволюция теориясынын жактоочулары Пастердин табылгаларына көп жылдар бойу тирешишти.

Бирок өнүккөн илим жандуу клетканын татаал түзүлүшүн ортого койгондо, жашоонун өзүнөн-өзү

пайда болушу мүмкүн эместиги абдан ачык абалга келди.

20-кылымдагы натыйжасыз аракеттер20-кылымда жашоонун келип чыгышы темасын изилдеген алгачкы эволюционист, атактуу орус

биолог Александр Опарин болгон. Опарин 1930-жылдары сунуштаган көптөгөн тезистери менен

жандуу клетканын кокустуктар натыйжасында пайда болушу мүмкүн экендигин далилдөөгө аракет

жасады. Бирок бул аракеттер ийгиликсиз аяктап, Опарин минтип мойунга алууга мажбур болгон:

«Тилекке каршы, клетканын келип чыгышы эволюция теориясын толугу менен камтыган эң

караңгы (белгисиз) чекитти түзүүдө.» (Alexander I. Oparin, Origin of Life, (1936) New York, Dover

Publications, 1953 (Reprint), s.196)

Опариндин жолунан жүргөн эволюционисттер жашоонун келип чыгышы темасын чече турган

эксперименттер жасоону улантышты. Мындай эксперименттердин эң атактуусу Америкалык химик

Станлей Миллер тарабынан 1953-жылы жасалган. Миллер алгачкы дүйнө атмосферасында бар деп

эсептеген газдарды бир экспериментте бириктирип, бул аралашмага энергия кошуу менен

протеиндердин структурасында колдонулган бир канча органикалык молекулаларды (амино-кислота)

синтездеген.

Ал жылдары эволюция атына маанилүү бир баскыч катары таанытылган бул эксперименттин

жараксыз экендиги жана экспериментте колдонулган атмосферанын дүйнө шарттарынан абдан

айырмалуу экендиги кийинки жылдарда ачыкка чыккан. ("New Evidence on Evolution of Early Atmosphere

and Life", Bulletin of the American Meteorological Society, c. 63, Kasım 1982, s. 1328-1330)

Көпкө уланган бир жымжырттыктан кийин Миллер өзү да колдонгон атмосфера чөйрөсүнүн

чындыктан алыс экендигин мойнуна алган. (Stanley Miller, Molecular Evolution of Life: Current Status of

the Prebiotic Synthesis of Small Molecules, 1986, s. 7)

Жашоонун келип чыгышы маселесин түшүндүрүү үчүн 20-кылым бойу жасалган

эволюционисттик аракеттердин баары ийгиликсиз аяктады. Сан Диего Скриппс Институтунан атактуу

гео-химик Жеффрей Бада эволюционисттердин Earth журналынын 1998-жылкы санында чыккан

макалада бул чындыкты мындайча кабыл алат:

Бүгүн, 20-кылымды артка калтырып жатып, дагы эле 20-кылымга киргенде ээ болгон эң чоң

чечилбеген маселе алдыбызда турат: Жашоо жер бетинде кантип башталды? (Jeffrey Bada, Earth, Şubat

1998, s. 40)

Жашоонун комплекстүүлүгүЭволюция теориясынын жашоонун келип чыгышы темасында мынчалык чоң жоопсуз маселеге

кабылышынын негизги себеби – эң жөнөкөй деп саналган жандуу структуралардын да укмуштуу татаал

түзүлүшкө ээ болушу. Жандуу клетка адамзат жасаган бардык технологиялык продукттардан да татаал

түзүлүшкө ээ. Натыйжада бүгүн дүйнөнүн эң алдыңкы лабораторияларында да жансыз заттар

чогултулуп, жандуу бир даана клетка өндүрүү мүмкүн эмес болууда.

Page 51: Untitled

Бир клетканын жаралышы үчүн керектүү шарттар кокустуктар менен эч түшүндүрүлө албай

турган деңгээлде көп. Клетканын эң негизги түзүүчү бөлүкчөсү болгон протеиндердин кокустуктар

натыйжасында синтезделүү ыктымалдуулугу 500 амино-кислотадан турган орточо бир протеин үчүн

1/10950ге барабар. Бирок математикада 1/1050дөн кичине ыктымалдуулуктар иш жүзүндө ишке ашпас,

башкача айтканда, 0 деп кабыл алынат. Клетканын ядросунда жайгашкан жана генетикалык

маалыматты сактаган ДНК молекуласы болсо, таң калаарлык бир маалымат сактоочу болуп саналат.

Адам ДНКсы камтыган маалымат эгер кагазга түшүрүлсө, 500дүк беттен турган 900 томдук бир

китепкана болоору эсептелүүдө.

Бул жерде абдан кызыктуу дагы бир дилемма бар: ДНК жалаң гана бир канча атайын

протеиндердин (энзимдердин) жардамы менен жуптала алат. Бирок бул энзимдердин синтези да жалаң

гана ДНКдагы маалыматтар жардамы менен ишке ашат. Бири-биринен көз-каранды болгондуктан,

жупталуу ишке ашышы үчүн экөөсү тең бир убакта бар болушу керек. Бул болсо «жашоо өзүнөн-өзү

пайда болду» деген сценарийди жокко чыгарууда. Сан Диего Калифорния университетинен атактуу

эволюционист проф. Лесли Оргел Scientific American журналынын 1994-жылы октябрдагы санында бул

чындыкты мындайча мойунга алат:

Абдан комплекстүү түзүлүшкө ээ болгон протеиндердин жана нуклеиндик кислоталардын (РНК

жана ДНК) бир жерде жана бир учурда кокустуктан пайда болушу – ыктымалдуулуктан абдан алыс.

Бирок булардын бири болбостон, экинчисин алуу (жасоо) да мүмкүн эмес. Ошондуктан, адам баласы

жашоонун химиялык процесстер натыйжасында келип чыгышы такыр мүмкүн эместиги жыйынтыгына

барууга мажбур болууда. (Leslie E. Orgel, The Origin of Life on Earth, Scientific American, c. 271, Ekim

1994, s. 78)

Шек жок, эгер жашоонун табигый таасирлер натыйжасында келип чыгышы мүмкүн эмес болсо,

анда жашоо табият үстү бир абалда «жаратылганын» кабыл алуу керек. Бул чындык негизги максаты

«жаратылыштан (натыйжада Аллахтан) баш тартуу» болгон эволюция теориясын апачык жараксыз

кылууда.

Эволюциянын ойлоп табылган механизмдериДарвиндин теориясын жараксыз кылган экинчи негизги сокку – теория «эволюция

механизмдери» катары сунуштаган эки түшүнүктүн да чындыгында эч кандай эволюциялык күчкө ээ

эмес экендигин түшүнүү менен ишке ашты.

Дарвин чыгарган эволюция көз-карашын толугу менен «табигый тандалуу» механизмине

байланыштырган эле. Бул механизмге берген мааниси китебинин атынан да ачык көрүнүп турат эле:

Түрлөрдүн келип чыгышы, табигый тандалуу жолу менен...

Табигый тандалуу табияттагы жашоо күрөшү ичинде табигый шарттарга ылайыктуу жана күчтүү

жандуулардын жашоосун улантаары көз-карашына таянат. Мисалы, жырткыч жаныбарлар тарабынан

коркунучка кабылган бир кийик тобунда ылдамыраак чуркаган кийиктер жашоосун улантат. Натыйжада

кийик тобу ылдам жана күчтүү кийиктерден куралат. Бирок, албетте, бул механизм кийиктерди

эволюция кылбайт, аларды башка жаныбар түрүнө, мисалы аттарга айландырбайт.

Демек, табигый тандалуу механизми эч кандай эволюциялык күчкө ээ эмес. Дарвин да бул

чындыкты билчү жана Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебинде «Пайдалуу өзгөрүүлөр пайда

Page 52: Untitled

болмойунча, табигый тандалуу эч нерсе кыла албайт» деп айтууга мажбур болгон. (Charles Darwin,

The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 189)

Ламарктын таасириМындай «пайдалуу өзгөрүүлөр» кантип болмок? Дарвин ошол учурдун алгачкы илим түшүнүгү

ичинде бул суроого Ламаркка таянуу менен жооп берүүгө аракет жасаган. Дарвинден мурда жашаган

Француз биолог Ламарктын ойу бойунча, жаныбарлар жашоолору бойу ишке ашкан физикалык

өзгөрүүлөрдү кийинки урпактарга өткөрүп берүүдө, урпактан урпакка чогулган мындай өзгөрүүлөр

натыйжасында жаңы жаныбар түрлөрү пайда болууда эле. Мисалы, Ламарктын ойу бойунча, жирафтар

жейрендерден пайда болгон эле, бийик дарактардын жалбырактарын жеш үчүн аракет кылып жатып,

урпактан урпакка мойундары узарып кеткен эле.

Дарвин да ушул сыяктуу мисалдар берген. Мисалы, Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебинде

тамак табуу үчүн сууга түшкөн кээ бир аюулар убакыттын өтүшү менен киттерге айланды деп айткан.

(Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s.

184)

Бирок Мендел тапкан жана 20-кылымда өнүккөн генетикалык илим менен бекемделген тукум

куучулук мыйзамдары «ээ болунган өзгөчөлүктөрдүн кийинки урпактарга берилиши» жомогун толугу

менен кыйратты. Мунун натыйжасында табигый тандалуу «жалгыз» жана натыйжада толугу менен

жарабаган бир механизм болуп калды.

Нео-Дарвинизм жана мутацияларДарвинисттер болсо бул абалга бир чечүү жолун табуу үчүн 1930-жылдардын аягында «Модерн

синтетикалык теорияны» же кеңири тарлган аты менен нео-дарвинизмди чыгарышты. Нео-дарвинизм

табигый тандалуунун жанына «пайдалуу өзгөрүү себеби» катары мутацияларды, башкача айтканда,

жаныбарлардын гендеринде радиациялар сыяктуу тышкы таасирлер же копиялоо каталары

натыйжасында пайда болгон бузулууларды кошушту.

Бүгүнкү күндө дагы эле дүйнөдө эволюция атына жарактуулугун сактаган модел – нео-

дарвинизм. Теория жер бетинде жашаган миллиондогон жандык түрү, бул жаныбарлардын кулак, көз,

өпкө, канат сыяктуу сансыз комплекстүү органдары «мутацияларга», башкача айтканда, генетикалык

бузулууларга таянган бир процесс натыйжасында пайда болду деп эсептейт. Бирок теорияны жокко

чыгарган ачык бир илимий чындык бар: Мутациялар жаныбарларды жакшы жакка өзгөртпөйт,

тескерисинче дайыма жаныбарларга тескери таасир беришет.

Мунун себеби абдан жөнөкөй: ДНК абдан комплекстүү түзүлүшкө ээ. Бул молекулада пайда

болгон ар кандай туш келе (стохастикалык) бир таасир жалаң гана зыян берет. Америкалык генетикчи

Б.Г. Ранганатхан муну мындайча түшүндүрөт:

«Мутациялар – кичинекей, стохастикалык жана зыяндуу. Кээ-кээде гана ишке ашат жана эң

жакшы ыктымалдуулук учурунда эч кандай таасир жаратпайт. Бул үч өзгөчөлүк мутациялардын

эволюциялык бир өнүгүү жарата албасын көрсөтөт. Ансыз деле жогорку даражада өзгөчө бир

организмде пайда болгон бир туш келе өзгөрүү – же таасирсиз болот же болбосо зыяндуу. Бир кол

саатында болгон бир өзгөрүү ал кол саатын жакшыртпайт. Чоң ыктымалдуулук менен ага зыян келтирет

Page 53: Untitled

же эң жакшы учурда ага эч кандай таасир бербейт. Бир жер титирөө бир шаарды өнүктүрбөйт, ага

кыйроо алып келет». (B. G. Ranganathan, Origins?, Pennsylvania: The Banner Of Truth Trust, 1988)

Чындыгында эле бүгүнкү күнгө чейин эч бир пайдалуу, башкача айтканда, генетикалык

маалыматты жакшырткан, өнүктүргөн мутация мисалы байкалган жок. Бардык мутациялардын зыян

алып келгени байкалды. Эволюция теориясы тарабынан «эволюция механизми» катары көрсөтүлгөн

мутациялардын чындыгында жандууларды бузган, майып кылган генетикалык окуя экендиги ачык

түшүнүлдү. (Адамдарда мутациялардын эң көп кездешкен натыйжасы – рак). Албетте, талкалоочу,

бузуучу бир механизм «эволюция механизми» боло албайт. Табигый тандалуу болсо, Дарвин да кабыл

алгандай, «өзү жалгыз эчтеке кыла албайт». Бул чындык бизге табиятта эч кандай «эволюция

механизми» жок экендигин көрсөтөт. Демек, эволюция механизми жок болгон болсо, эволюция деп

аталган кыялдагы процесс эч качан болгон эмес.

Фоссилдер: ортоңку звено жокЭволюция теориясы жактаган сценарийдин эч болбогондугунун эң ачык көрсөткүчү – фоссилдер.

Эволюция теориясы бойунча, бардык жандуулар бири-биринен пайда болгон. Мурда бар болгон

бир жандуу түрү убакыттын өтүшү менен башка бир түргө айланган жана бардык түрлөр ушундай жол

менен пайда болгон. Теория бойунча, мындай өзгөрүүлөр миллиондогон жылдарга барабар узун

убакытта болгон жана баскыч баскыч алдын (өйдө) көздөй уланган.

Мындай учурда сөз кылынган узун убакыт бойу өзгөрүү процесси ичинде сансыз көп «ортоңку

звенолордун» пайда болуп, жашап өткөн болушу керек эле.

Мисалы, өткөн учурларда балык өзгөчөлүктөрүнө ээ болгонуна карабастан, бир тараптан да кээ

бир сойлоп жүрүүчү өзгөчөлүктөргө ээ болгон жарым балык-жарым сойлоп жүрүүчү жандыктар

жашаган болушу керек эле. Же сойлоп жүрүүчү өзгөчөлүктөрү менен бирге, бир тараптан да кээ бир

канаттуу өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон сойлоп жүрүүчү-куш пайда болгон болушу керек эле. Булар бир

өткөөл абалда болгондуктан, майып, кемчиликтүү, кээ бир органдары жарым-жартылай болгон

жандыктар болушу керек эле. Эволюционисттер өткөн учурда жашап өткөн деп ишенген мындай

теориялык жандыктарды «ортоңку звенолор (формалар)» деп аташат.

Эгер чындыгында мындай түрдөгү жандыктар өткөн учурларда жашаган болгондо, алардын

сандары жана түрлөрү миллиондогон, ал тургай миллиарддаган болушу керек эле. Жана мындай майып,

кемчиликтүү жандыктардын калдыктарынын сөзсүз фоссилдери табылышы керек эле. Дарвин

Түрлөрдүн келип чыгышы китебинде муну мындайча түшүндүрөт:

«Эгер теориям туура болсо, түрлөрдү бири-бирине байланыштырган сансыз көп ортоңку

формалардын (звенолордун) түрлөрү сөзсүз жашаган болушу керек... Булардын жашап өткөндүгүнүн

далилдери жалаң гана фоссил калдыктары арасынан табылышы мүмкүн. (Charles Darwin, The Origin of

Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 179)

Дарвиндин үзүлгөн үмүтү

Page 54: Untitled

Бирок 19-кылымдын ортосунан бери дүйнөнүн бардык тарабында кемчиликтүү жандык

фоссилдери изделгенине карабастан, мындай ортоңку формалардын бир да фоссили табыла албады.

Жасалган казуулар жана изилдөөлөрдө табылган табылгалар, эволюционисттердин үмүтүн үзүп,

жандуулардын бир заматта, кемчиликсиз жана толук органдары менен пайда болгонун көрсөттү.

Атактуу англиялык палеонтолог (фоссил илимпозу) Дерек В. Агер бир эволюционист болгонуна

карабастан, бул чындыкты мындайча мойунга алат:

Маселе мындай: Фоссил табылгаларын жакшылап изилдегенде, түрлөр же класстар деңгээлинде

болсун, дайыма бир эле чындыкка жолугабыз; баскычтуу эволюция жолу менен эмес, бир заматта жер

бетинде пайда болгон группаларды көрөбүз. (Derek A. Ager, "The Nature of the Fossil Record",

Proceedings of the British Geological Association, c. 87, 1976, s. 133)

Башкача айтканда, фоссил табылгаларында бардык жандуу түрлөрү ортолорунда эч кандай өткөөл

форма болбостон, кемчиликсиз абалдарында бир заматта пайда болушкан. Бул Дарвин жактаган көз-

карашка толугу менен карама-каршы. Тагыраак айтканда, бул – жандуу түрлөрүнүн жаратылгандыгын

көрсөткөн абдан күчтүү бир далил. Себеби бир жандуу түрүнүн башка бир түрдөн («атасынан») эч

кандай эволюция болбостон, бир заматта жана кемчиликсиз бир абалда пайда болушунун жалгыз

түшүндүрмөсү болуп «ал түрдүн жаратылган болушу» саналат. Бул чындык атактуу эволюционист

биолог Дуглас Футуйма тарабынан да кабыл алынат:

«Жаратылуу жана эволюция жашап жаткан жандуулардын келип чыгышын түшүндүрүүнүн

альтернативдүү эки жолу. Жандуулар дүйнөдө же толугу менен толук жана кемчиликсиз бир абалда

пайда болушкан же мындай болгон эмес. Эгер мындай болгон эмес болсо, анда бир өзгөрүү процесси

натыйжасында алардан мурда бар болгон кээ бир жандуу түрлөрүнөн эволюциялашып, жаралган

болушу керек. Бирок, эгер кемчиликсиз жана толук абалда пайда болгон болсо, анда чексиз күч-кудурет

ээси бир акыл тарабынан жаратылган болушу керек.» (Douglas J. Futuyma, Science on Trial, New York:

Pantheon Books, 1983. s. 197)

Фоссилдер болсо жандуулардын жер бетинде кемчиликсиз жана толук абалда пайда болгонун

көрсөтүүдө. Башкача айтканда, «түрлөрдүн келип чыгышы» - Дарвин ойлогондун тескерисинче,

эволюция эмес, жаратылуу.

Адамдын эволюциясы жомогуЭволюция теориясынын жактоочулары эң көп сөз кылган тема – адамдын жаралышы темасы. Бул

жөнүндө дарвинисттер бүгүнкү күндө жашаган адамды маймыл сыяктуу ар кандай жандыктардан келип

чыккан деген гипотезаны жакташат. 4-5 миллион жыл мурда башталды деп гипотеза кылынган бир

процессте заманбап адам менен аталары арасында «ортоңку формалар» жашаган деп айтылат.

Чындыгында толугу менен ойлоп табылган бул сценарийде төрт негизги «категория» саналат:

1- австралопитек

2- хомо хабилис

3- хомо эректус

4- хомо сапиенс

Page 55: Untitled

Эволюционисттер адамдардын сөз жүзүндөгү алгачкы маймыл сымал атасын «түштүк маймылы»

маанисине келген «австралопитек» деп аташат. Бул жандыктар чындыгында өлүп жок болгон бир

маймыл түрү гана. Лорд Солли Зукерман жана профессор Чарльз Окснард сыяктуу Англия жана

АКШдан дүйнөгө таанымал эки анатомист тарабынан жасалган терең изилдөөлөр бул жандыктардын

жалаң гана өлүп жок болгон бир маймыл түрүнө тиешелүү экендигин жана адамдарга эч кандай

окшошпогондугун көрсөткөн. (Solly Zuckerman, Beyond The Ivory Tower, New York: Toplinger

Publications, 1970, s. 75-94; Charles E. Oxnard, "The Place of Australopithecines in Human Evolution:

Grounds for Doubt", Nature, c. 258, s. 389)

Эволюционисттер адам эволюциясынын кийинки баскычын «хомо», башкача айтканда, адам

деген класска бөлүшөт. Көз-караш бойунча хомо сериясындагы жандыктар австралопитектерден

көбүрөөк өнүккөн. Эволюционисттер бул түрдүү жандыктарга тиешелүү фоссилдерди биринин артынан

бирин тизип алышып, ойлоп табылган эволюция графигин жасашат. Бул график ойлоп табылган,

себеби иш жүзүндө бул ар түрдүү класстар арасында эволюциялык байланыш бар экендиги эч качан

далилдене алган эмес. Эволюция теориясынын 20-кылымдагы эң маанилүү жактоочуларынын бири

Эрнст Майр «Хомо сапиенске баруучу чынжыр – иш жүзүндө кайып (жок)» деп бул чындыкты кабыл

алат. (J. Rennie, "Darwin's Current Bulldog: Ernst Mayr", Scientific American, Aralık 1992)

Эволюционисттер «австралопитек > хомо хабилис > хомо эректус > хомо сапиенс» деп катарга

койууда бул түрлөрдүн ар биринин кийинкисинин атасы сыяктуу көрүнүш сүрөттөшөт. Чындыгында

болсо палеонтологдордун акыркы табылгалары австралопитек, хомо хабилис жана хомо эректустун

дүйнөнүн ар кайсы аймактарында бир учурда жашаганын көрсөттү. (Alan Walker, Science, c. 207, 1980, s.

1103; A. J. Kelso, Physical Antropology, 1. baskı, New York: J. B. Lipincott Co., 1970, s. 221; M. D. Leakey,

Olduvai Gorge, c. 3, Cambridge: Cambridge University Press, 1971, s. 272)

Мындан тышкары, хомо эректус классына тиешелүү адамдардын бир бөлүгү азыркы учурга чейин

жашаган, хомо сапиенс неандерталец жана хомо сапиенс сапиенс (заманбап адам) менен бир эле

чөйрөдө жанаша жашашкан. (Time, Kasım 1996)

Бул болсо бул класстардын бири-биринин атасы деген көз-караштын туура эмес экендигин ачык

далилдейт. Гарвард университети палеонтологу Стефен Жай Гоулд өзү да бир эволюционист болгонуна

карабастан, дарвинист теория такалган бул жарды (тупикти) мындайча түшүндүрөт:

«Эгер бири-бири менен бир убакта жашаган үч түрдүү хоминид (адам сымал) сүрөтү бар болгон

болсо, анда биздин санжыра дарагыбыз эмне болду? Булардын бири экинчисинен келип чыкпагандыгы

ачык. Мындан тышкары, бири экинчиси менен салыштырылганда, эволюциялык бир өзгөрүү

тенденциясын көрсөтпөөдө.» (S. J. Gould, Natural History, c. 85, 1976, s. 30)

Кыскача айтканда, массалык маалымат каражаттарында же окуу китептеринде орун алган ойлоп

табылган бир топ «жарым маймыл, жарым адам» жандыктардын сүрөттөрү аркылуу, башкача айтканда,

пропаганда жолу менен гана сактоого аракет кылынган «адамдын эволюциясы» сценарийи – эч кандай

илимий далили, таянычы жок бир жомок гана.

Бул теманы көп жылдар бойу изилдеген, өзгөчө австралопитек фоссилдери жөнүндө 15 жыл

изилдөө жасаган Англиянын эң атактуу жана урматтуу илимпоздорунун бири Лорд Солли Зукерман,

бир эволюционист болгонуна карабастан, маймыл сымал жандыктардан адамга чейин улануучу чыныгы

бир санжыра дарагы жок экендиги жөнүндөгү жыйынтыкка барган.

Page 56: Untitled

Зукерман, мындан тышкары, кызыктуу бир «илим көрсөткүчү» даярдаган. Илимий катары кабыл

алган илим тармактарынан, илимден алыс деп кабыл алган илим тармактарына чейин бир катарга

койгон. Зукермандын бул таблицасы бойунча, эң «илимий», башкача айтканда, так далилдерге таянган

илим тармактары – химия жана физика. Катарда булардан кийин биология илимдери, андан кийин

коомдук илимдер келет. Бул катардын эң «илимден алыс» бөлүгүндө болсо, Зукермандын ойу бойунча,

телепатия, алтынчы сезим сыяктуу «сезимден тышкаркы кабылдоо» түшүнүктөрү жана ошондой эле

«адамдын эволюциясы» бар! Зукерман катардын бул учун мындайча түшүндүрөт:

«Объективдүү чындыктын чөйрөсүнөн чыгып, биологиялык илим катары гипотеза кылынган бул

чөйрөлөргө, башкача айтканда, сезимден тышкаркы кабылдоо жана адамдын фоссил тарыхынын

түшүндүрүлүшүнө киргенибизде, эволюция теориясына ишенген бир адам үчүн бардык нерсе мүмкүн

экендигин көрөбүз. Ал тургай, теорияларына чындап ишенген бул адамдардын бири-бирине туура

келбеген жоромолдорду да бир эле убакта кабыл алышы да мүмкүн. (Solly Zuckerman, Beyond The Ivory

Tower, New York: Toplinger Publications, 1970, s. 19)

Мына «адамдын эволюциясы» жомогу да – теорияларына далилсиз ишенген бир топ адамдардын

тапкан кээ бир фоссилдерди өздөрү каалагандай божомолдоолорунан гана турат.

Дарвиндин формуласы!Буга чейин караган бардык илимий далилдер менен бирге, ылайыктуу көрсөңүз,

эволюционисттердин кандайча күлкүмүштүү ишенимге ээ экендигин жаш балдар да түшүнө турган

ачык бир мисал менен көрсөтөлү.

Эволюция теориясы жандыктар кокусунан пайда болду деген ойду жактайт. Демек, бул көз-караш

бойунча, жансыз жана акылсыз атомдор биригип, алгач клетканы жаратышкан жана андан кийин ошол

эле атомдор кандайдыр бир жол менен башка жандыктарды жана адамды жаратышкан. Эми ойлонуп

көрөлү: жандыктардын негизи болгон көмүртек, фосфор, азот, калий сыяктуу элементтерди бир жерге

чогултканыбызда бир заттар тобу пайда болот. Бул атомдордун тобу кандай процесстерден

өткөрүлбөсүн, бир даана да жандык жарата албайт. Кааласаңыз бир «эксперимент» да жасайлы жана

эволюционисттер жактаган, бирок ачык үн менен айта албаган көз-карашын алардын атынан «Дарвин

формуласы» деген ат менен анализдеп көрөлү:

Эволюционисттер көптөгөн, чоң идиштердин ичине жандыктардын түзүлүшүндө болгон фосфор,

азот, көмүртек, кычкылтек, темир, магний сыяктуу элементтерден каалашынча салышсын. Ал тургай

нормалдуу шарттарда кездешпеген, бирок бул аралашма ичинде болсун деп каалаган заттарды да бул

идишке салышсын. Бул аралашманын ичине каалашынча амино-кислота, каалашынча (бир даанасынын

кокусунан пайда болуу ыктымалдуулугу 1/10950 болгон) протеин кошушсун. Бул аралашмаларга

каалаган деңгээлде ысыктык жана нымдуулук беришсин. Буларды каалаган эң алдыңкы инструменттер

менен аралаштырышсын. Идиштердин жанына дүйнөнүн алдыңкы илимпоздорун койушсун.

Бул адистер атадан балага, урпактан урпакка өткөрүп, алмак-салмак миллиарддаган, ал тургай

триллиондогон жылдар бойу идиштердин башында туруп күтүшсүн. Бир жандык пайда болушу үчүн

кандай шарттар керек болгон болсо, каалагандай шарт түзүү эркин болсун. Бирок эмне гана

кылышпасын, ал идиштерден эч качан бир жандык чыгара алышпайт. Жирафтарды, арстандарды,

аарыларды, булбулдарды, тоту куштарды, аттарды, дельфиндерди, гүлдөрдү, орхидеяларды,

Page 57: Untitled

банандарды, апельсиндерди, алмаларды, курмаларды, помидорлорду, коондорду, дарбыздарды,

жүзүмдөрдү, түркүн түстүү көпөлөктөрдү жана ушулар сыяктуу миллиондогон жандык түрүнүн эч

бирин жарата алышпайт. Бул жерде саналган бул жандыктардын бирөөсүн эмес, булардын жалгыз бир

клеткасын да пайда кыла алышпайт.

Кыскача айтканда, акылсыз атомдор бир жерге чогулуп, клетка жарата алышпайт. Кийин

кайрадан бир чечим кабыл алып, бир клетканы экиге бөлүп, андан кийин кайра кайра чечим кабыл

алышып, электрондук микроскопту ойлоп тапкан, анан өз клеткасынын түзүлүшүн бул микроскоп

жардамы менен изилдеген профессорлорду жарата алышпайт. Зат жалаң гана Аллахтын жогорку

күч-кудурет менен жаратышы аркылуу гана жашоого ээ болот.

Мунун тескерисин жактаган эволюция теориясы болсо – акылга толугу менен туура келбеген бир

жалган гана. Эволюционисттер жактаган көз-караштарды бир аз гана ойлонуу, жогоруда мисалда

көрсөтүлгөндөй, бул чындыкты апачык көрсөтөт.

Көз жана кулактагы технологияЭволюция теориясы эч качан түшүндүрө албаган башка бир нерсе – көз жана кулактагы

кабылдоонун жогорку сапаты.

Көз менен байланыштуу темага өтүүдөн мурда «кантип көрүп жатабыз?» суроосуна кыскача жооп

берели. Бир заттан келген нурлар көздөгү торчого тескери болуп түшөт. Бул нурлар бул жердеги

клеткалар тарабынан электрдик импульстарга (сигналдарга) айландырылат жана мээнин арка

тарабындагы көрүү борбору деп аталган кичинекей бир чекитке жетет. Бул электрдик импульстар бир

канча процесстен кийин мээдеги көрүү борборунда сүрөттөлүш катары кабылданат. Бул маалыматтарды

алгандан кийин эми ойлонолу:

Мээ жарык өткөрбөйт. Башкача айтканда, мээнин ичи капкараңгы, жарык мээ жайгашкан жерге

чейин кире албайт. Көрүү борбору деп аталган жер – капкараңгы, жарык эч жетпеген, балким эч биз

көрбөгөндөй караңгы бир жер. Бирок, сиз бул чымкый караңгылыкта нурдуу, түркүн-түстүү бир

дүйнөнү көрүп жатасыз.

Болгондо да, бул көрүнүш ушунчалык даана жана сапаттуу болгондуктан, 21-кылым

технологиясы да бардык мүмкүнчүлүктөргө карабастан мынчалык даана сүрөттөлүшкө жете алган жок.

Мисалы, азыр окуп жаткан китебиңизди, китепти кармаган колуңузду караңыз, андан соң башыңызды

көтөрүп, айланаңызды караңыз. Азыр көрүп турган дааналык жана сапаттагы бул сүрөттөлүштү башка

бир жерден көрдүңүзбү? Мынчалык сапаттуу сүрөттөлүштү сизге дүйнөнүн эң алдыңкы фирмасынын

эң алдыңкы телевизор экраны да тартуулай албайт. 100 жылдан бери миңдеген инженерлер мындай

даана сүрөттөлүшкө жетүү үчүн аракет кылышууда. Бул үчүн заводдор, ири ишканалар курулууда,

изилдөөлөр жүргүзүлүүдө, план жана проекттер жасалууда. Ошого карабастан, телевизор экранын бир

карап, колуңуздагы китепти карап салыштырып көрүңүз. Экөө арасында сүрөттөлүштүн дааналыгы

жана сапаты арасында чоң бир айырма байкайсыз. Болгондо да, телевизор экраны сизге эки өлчөмдүү

бир сүрөттөлүш тартуулайт, сиз болсо үч өлчөмдүү, тереңдиги бар бир сүрөттөлүштү көрүп жатасыз.

Көп жылдар бойу он миңдеген инженер үч өлчөмдүү телевизор жасоого, көздүн көрүү

сапатындай сапатка жетүүгө аракет кылышууда. Ооба, үч өлчөмдүү бир телевизор жасай алышты,

Page 58: Untitled

бирок аны көз айнексиз үч өлчөмдүү кылып көрүүгө мүмкүн эмес, ошондой эле бул үч өлчөм –

жасалма. Арка тарабы бозомук, алдыңкы тарабы болсо кагаздан жасалган декорация сыяктуу көрүнөт.

Эч качан көз көргөн сыяктуу даана жана сапаттуу бир сүрөттөлүш жаралбайт. Камерада да, телевизордо

да сөзсүз сүрөттөлүштө сапат, дааналык төмөндөшү болот.

Эволюционисттер ушундай сапаттуу жана даана сүрөттөлүштү жараткан механизм кокусунан

жаралды деген ойду жакташат. Азыр бирөө сизге бөлмөңүздөгү телевизор кокусунан пайда болду,

атомдор чогулду жана бул сүрөттөлүш пайда кылган инструментти (телевизорду) пайда кылды десе сиз

эмне деп ойлойсуз? Миңдеген адам чогулуп жасай албаган нерсени атомдор кантип жасашсын?

Көз көргөн сапаттан алда канча төмөн болгон бир сүрөттөлүштү пайда кылган нерсе кокусунан

пайда болбосо, көз жана көз көргөн сүрөттөлүштүн да кокусунан пайда боло албашы айдан ачык. Ушул

эле абал кулакка да тиешелүү. Тышкы кулак айланадагы үндөрдү кулак лакатору жардамы менен

топтоп, ортоңку кулакка берет; ортоңку кулак үн толкундарын күчөтүп, ички кулакка өткөрүп берет;

ички кулак бул толкундарды электрдик импульстарга айландырып, мээге жөнөтөт. Көрүү процессинде

болгон сыяктуу угуу процесси да мээдеги угуу борборунда ишке ашат.

Көздөгү абал кулакка да тиешелүү, башкача айтканда, мээ жарык өткөрбөгөн сыяктуу, үн да

өткөрбөйт. Ошондуктан, сырт тарап канчалык ызы-чуу болсо да, мээнин ичи толугу менен

жымжырттыкта. Ошого карабастан, эң даана үндөр мээде кабылданат. Үн өткөрбөгөн мээңизде бир

оркестрдин симфонияларын угасыз, көчө толо адамдардын бардык ызы-чуусун угасыз. Бирок ошол

учурда атайын бир прибор менен мээңиздин ичиндеги үн өлчөнсө, ал жерде толук жымжырттык өкүм

сүрүп жаткандыгы байкалат.

Жогорку сапаттуу сүрөттөлүштү алуу үчүн аракет кылынган сыяктуу, үн үчүн да ондогон жылдар

бойу ушундай аракеттер жасалууда. Үн жаздыруу аппараттары, музыкалык борборлор, көптөгөн

электрондук аппараттар, үндү кабылдаган музыка системалары–бул аракеттердин кээ бир

жыйынтыктары. Бирок болгон технология, бул технологияда иштеген миңдеген инженер жана адиске

карабастан, кулак пайда кылган даана жана сапаттагы бир үнгө жете алынган эмес. Музыкалык аппарат

өндүргөн эң ири фирма тарабынан өндүрүлгөн эң сапаттуу музыкалык борборду элестетип көрүңүз. Үн

жаздырганда, сөзсүз үндүн бир бөлүгү жоголот же бир аз болсо да шум пайда болот же музыкалык

борборду жандырганда, музыка баштала электе эле бир шум угасыз. Бирок адам денесиндеги

технологиянын продукту болгон үндөр абдан даана жана кемчиликсиз. Адамдын кулагы музыкалык

борбордогу сыяктуу шум жаратпайт, үн кандай болсо ошондой угат. Бул абал адам жаралгандан бери

уланып келе жатат.

Бүгүнкү күнгө чейин адам баласы жасаган эч кайсы сүрөттөлүш жана үн аппараты көз жана кулак

сыяктуу сапат жана ийгиликтеги бир кабылдоочу боло алган жок.

Ошондой эле, көрүү жана угуу процессинде, булардан сырткары, абдан чоң дагы бир чындык бар.

Мээнин ичинде көргөн жана уккан аң-сезим кимге тиешелүү?Мээнин ичинде, түркүн түстүү дүйнөнү караган, симфонияларды, чымчыктардын сайраганын

уккан, гүлдү жыттаган ким?

Адамдын көздөрүнөн, кулактарынан, мурдунан келген импульстар электрдик сигнал катары мээге

барат. Биология, физиология же биохимия китептеринде бул сүрөттөлүштүн мээде кантип пайда

Page 59: Untitled

болоору жөнүндө көптөгөн терең маалыматтар окуй аласыз. Бирок бул тема жөнүндөгү эң маанилүү

чындыкты эч жерден көрбөйсүз: мээде бул электрдик сигналдарды сүрөттөлүш, үн, жыт жана сезүү

катары кабылдаган ким?

Мээнин ичинде көзгө, кулакка, мурунга муктаж болбостон бардык бул нерселерди кабылдаган

бир аң-сезим бар. Бул аң-сезим кимге тиешелүү?

Албетте, бул аң-сезим – мээни түзгөн нервдер, май катмары жана нерв клеткаларына тиешелүү

эмес. Мына ушул себептен улам, бардык нерсе заттан гана турат деген дарвинист-материалисттер бул

суроолордун эч бирине жооп бере алышпайт. Себеби, бул аң-сезим – Аллах жараткан рух. Рух

сүрөттөлүштү көрүү үчүн көзгө, үндү угуу үчүн кулакка муктаж эмес. Ал тургай, ойлонуу үчүн мээге

муктаж эмес.

Бул ачык жана илимий чындыкты окуган ар бир адам мээ ичиндеги бир канча см 3дук, капкараңгы

жерге бардык ааламды үч өлчөмдүү, түркүн түстүү, көлөкөлүү жана жарык нурлуу кылып батырып

койгон улуу Аллахты ойлонуп, Андан коркуп, Ага корголошу зарыл.

Материалисттик ишенимБуга чейин карагандарыбыз эволюция теориясынын илимий табылгаларга ачык карама-каршы

келген бир көз-караш экендигин көрсөттү. Теориянын жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү ойу илимге

эч туура келбейт, теория жактаган эволюция механизмдеринин эч кандай эволюциялык күчү жок жана

фоссилдер теория муктаж болгон ортоңку формалардын эч качан жашабаганын көрсөтүүдө. Бул учурда,

албетте, эволюция теориясы илимге туура келбеген бир пикир катары тарыхка калтырылышы керек.

Тарыхта да «дүйнө борбордуу аалам» модели сыяктуу көптөгөн пикирлер илимден чыгарылып

салынган. Бирок эволюция теориясы илим катары сакталып калууга аракет кылынууда. Ал тургай кээ

бир адамдар теорияга сын-пикирлерди «илимге кол салуу» катары көрсөтүүгө аракет кылышууда.

Эмнеге мындай?..

Бул абалдын себеби – эволюция теориясынын кээ бир чөйрөлөр үчүн андан эч баш тартыла албай

турган догма бир ишеним болушунда. Бул чөйрөлөр материалисттик философияга эч кандай далилсиз

байланып алышкан жана дарвинизмди болсо жападан жалгыз материалисттик көз-караш катары

жакташууда.

Кээде муну ачык-ачык мойнуна да алышат. Гарвард университетинен атактуу бир генетикчи жана

ошол эле учурда алдыңкы бир эволюционист болгон Ричард Левонтин «алгач материалист, андан соң

илимпоз» экенин мындайча мойнуна алат:

«Биздин материализмге бир ишенимибиз бар, априори (мурдатан (далилсиз) кабыл алынган,

туура деп гипотеза кылынган) бир ишеним бул. Бизди дүйнөгө материалисттик түшүндүрмө жасоого

зордогон нерсе – илимдин ыкмалары жана эрежелери эмес. Тескерисинче, материализмге болгон

«априори» байланганыбыз себептүү, дүйнөгө материалисттик түшүндүрмө алып келген изилдөө

ыкмаларын жана түшүнүктөрүн чыгарабыз. Материализм абсолюттук туура болгондон кийин, Илахи

бир түшүндүрүүнүн ортого чыгышына жол бере албайбыз. (Richard Lewontin, "The Demon-Haunted

World", The New York Review of Books, 9 Ocak 1997, s. 28)

Page 60: Untitled

Бул сөздөр – дарвинизмдин материалисттик философияга байлануу (көз-каранды болуу) үчүн

жашатылган бир догма экендигинин ачык баяны. Бул догма заттан башка эч кандай жандык жок деп

гипотеза жасайт. Ошондуктан, жансыз, аң-сезимсиз, акылсыз зат жашоону жаратты деп ишенет.

Миллиондогон ар түрдүү жандыктарды, мисалы чымчыктар, балыктар, жирафтар, кабыландар, курт-

кумурскалар, дарактар, гүлдөр жана адамдарды заттардын өз-ара реакциялары аркылуу, башкача

айтканда, жааган жамгыр, чагылган аркылуу жансыз заттар ичинен жаралып калды деп кабыл алат.

Чындыгында болсо бул акылга да, илимге да сыйбайт. Бирок дарвинисттер өз сөздөрү менен айтканда

«Илахи бир (Кудай жаратты деген) түшүндүрмөнүн ортого чыкпашы» үчүн мындай нерсени жактоону

улантышууда.

Жандуулардын келип чыгышына материалисттик көз-караш менен карабаган адамдар болсо

төмөнкү ачык чындыкты көрүшөт: бардык жандыктар – жогорку бир күч-кудурет, илим жана акыл ээси

болгон бир Жаратуучунун чыгармалары. Жаратуучу – бардык ааламды жоктон бар кылып жараткан, эң

кемчиликсиз абалда жасаган жана бардык жандыктарды жаратып, келбет берген Аллах.

Эволюция теориясы дүйнө тарыхынынэң таасирдүү сыйкырыБул жерде муну да айта кетүү керек: алдын-ала сын-пикирсиз, эч кандай идеологиянын таасири

астында калбастан, жалаң гана акылын жана логикасын колдонгон ар бир адам илим жана маданияттан

алыс коомдордун негизсиз ишенимдерин элестеткен эволюция теориясынын ишенүүгө мүмкүн эмес

бир көз-караш экендигин оңой эле түшүнөт.

Жогоруда да айтылгандай, эволюция теориясына ишенгендер чоң бир идиштин ичине көптөгөн

атомду, молекуланы, жансыз заттарды толтуруп койсо, булардын аралашмасынан убакыт өтүшү менен

ойлонгон, акыл жүгүрткөн, ачылыштар жасаган профессорлор, университет студенттери, Эйнштейн,

Хаббл сыяктуу илимпоздор, Франк Синатра, Шарлтон Хестон сыяктуу искусство адамдары, ошондой

эле лимон дарактары, гүлдөр, жаныбарлар чыгат деп ишенишүүдө. Болгондо да мындай акылга сыйбас

пикирге ишенгендер – илимпоздор, профессорлор, илимдүү адамдар болууда. Ошол себептен,

эволюция теориясы үчүн «дүйнө тарыхынын – эң чоң жана эң таасирдүү сыйкыры» сөзүн колдонуу

туура болот. Себеби дүйнө тарыхында адамдардын мынчалык акылын башынан алган, акыл жана

логика менен ойлонууларына тоскоолдук кылган, көздөрүнүн алдына бир перде сыяктуу тосмо тартып,

алардын айдан ачык чындыктарды көрүүлөрүнө тоскоол болгон башка ишеним же көз-караш жок. Бул

эски египеттиктердин күн кудайы Рага, африкалык кээ бир уруулардын тотемдерге, Саба калкынын

күнгө сыйынуусунан, Аз. Ибрахимдин коомунун колдору менен жасап алган идолдорго, Аз. Мусанын

коомунун өздөрү алтындан жасаган музоого сыйынуусунан бир топ коркунучтуу (рисктүү) жана

акылга сыйбас бир сокурдук. Чындыгында бул абал – Аллах Куранда ишарат кылган акылсыздык.

Аллах кээ бир адамдардын аңдап-түшүнүүлөрүнүн жабылып калаарын жана чындыктарды көрүүгө

алсыз болуп калаарын көптөгөн аятында билдирген. Бул аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Шек жок, чындыктан баш тарткандарды эскертсең да, эскертпесең да алар үчүн айырмасы

жок; (алар) ишенишпейт. Аллах алардын жүрөктөрүн жана кулактарын мөөрлөгөн; көздөрүнүн

үстүндө перделер бар. Жана чоң азап – аларга. (Бакара Сүрөсү, 6-7)

Page 61: Untitled

… Жүрөктөрү бар, бирок аны менен аңдап-түшүнүшпөйт, көздөрү бар, бирок аны менен

көрүшпөйт, кулактары бар, бирок аны менен угушпайт. Алар – айбандар сыяктуу, ал тургай

андан да төмөн. Дал ушулар – капылет калгандар.» (Араф Сүрөсү, 179)

Аллах башка аятында болсо бул адамдардын укмуштар (можизалар) көрсө да ишенбей турган

деңгээлде сыйкырланып калгандыктарын мындайча билдирет:

Алардын үстүнө асмандан бир эшик ачсак, ал жерден жогору көтөрүлсөлөр да, сөзсүз

«Көздөрүбүз айландырылып койулду, балким биз сыйкырланган бир коомбуз» деп айтышат.

(Хижр Сүрөсү, 14-15)

Мынчалык көп адамдарга бул сыйкырдын таасир этиши, адамдардын чындыктардан мынчалык

алыс кармалышы жана 150 жыл бул сыйкырдын бузулбашы болсо - сөздөр менен түшүндүрүүгө

мүмкүн болбой турган деңгээлде таң калаарлык бир абал. Себеби, бир же бир канча адамдын ишке

ашышы мүмкүн эмес сценарийлерге, акылга жана логикага сыйбаган нерселерге толгон пикирлерге

ишенишин түшүнүүгө болот. Бирок дүйнөнүн төрт бурчундагы адамдардын акылсыз жана жансыз

атомдордун кокусунан бир чечим кабыл алышып, чогулушуп, укмуштай уюштуруу, дисциплина, акыл

жана аң-сезим көрсөтүп, кемчиликсиз бир система менен иштеген ааламды, жандуулар үчүн ыңгайлуу

болгон ар кандай өзгөчөлүккө ээ болгон жер планетасын жана сансыз көп комплекстүү системалар

менен камсыз кылынган жандыктарды жараткандыгына ишенишинин – «сыйкырдан» (гипноздон)

башка бир түшүндүрмөсү жок.

Аллах Куранда баш тартуучу философиянын жактоочусу болгон кээ бир адамдардын кээ бир

сыйкырлар аркылуу адамдарга таасир бергендигин Аз.Муса жана Фираун арасында болгон бир окуя

аркылуу бизге билдирет. Аз.Муса Фираунга (Фараонго) чындык, акыйкат динди түшүндүргөндө,

Фираун Аз.Мусага өзүнүн «илимдүү сыйкырчылары» менен адамдар топтолгон бир жерде жолугуусун

айтат. Аз.Муса сыйкырчылар менен жолугушканда, сыйкырчыларга алгач «таланттарын» көрсөтүшүн

буйрук кылат. Бул окуяны баяндаган аяттар мындай:

(Муса:) «Силер таштагыла» деди. (Асаларын) таштаары менен, адамдардын көздөрүн

сыйкырлап жиберишти, аларды коркутушту жана (ортого) чоң бир сыйкыр алып келген

болушту. (Араф Сүрөсү, 116)

Байкалгандай, Фираундун сыйкырчылары жасаган «калптары» менен, Аз.Муса жана ага

ишенгендерден башка, адамдардын баарын сыйкырлай алышкан. Бирок алардын таштаган нерселерине

каршы Аз.Муса ортого койгон далил алардын бул сыйкырын, аяттагы баян менен «ойлоп тапкандарын

жуткан», башкача айтканда таасирсиз кылган:

Биз Мусага: «Асаңды ташта» деп вахий кылдык. (Ал таштап жибергенде) бир карашты, ал

бардык ойлоп тапкан нерселерин топтоп жутууда. Ушундайча чындык өз ордун тапты, алардын

Page 62: Untitled

бардык кылып жаткандары жараксыз болду. Ал жерде жеңилишти жана басмырланып тескери

бурулушту. (Араф Сүрөсү, 117-119)

Аятта да билдирилгендей, мурда адамдарды сыйкырлоо менен аларга таасир берген бул адамдар

кылган нерселердин бир алдамчылык экендиги билинээри менен бул адамдар уят болуп,

басмырланышкан. Бүгүнкү күндө да бир сыйкырдын таасири менен калп илимий көрүнгөн акылга

такыр сыйбас жалгандарга ишенген жана буларды жактоого жашоосун арнагандар эгер бул ойлорунан

(дарвинизмден) баш тартышпаса, чындыктар толугу менен ачыкка чыкканда жана «бул сыйкыр

бузулганда», катуу уят болушат. Алсак, дээрлик 60 жашына чейин эволюцияны жактаган жана атесит

бир философ болгон, бирок кийин чындыктарды көргөн Малкольм Муггеридж эволюция теориясынын

жакынкы келечекте кабыла турган абалын мындайча сүрөттөйт:

Мен өзүм эволюция теориясынын, өзгөчө жайылган тармактарында, келечектин тарых

китептеринде эң чоң анекдот темаларынын бири болооруна толук ишендим. Келечек урпактар

мынчалык чирик жана белгисиз бир гипотезанын таң калаарлык абалда кабыл алынганын таң калуу

менен тосушат. (Malcolm Muggeridge, The End of Christendom, Grand Rapids: Eerdmans, 1980, s.43)

Бул келечек алыста эмес, тескерисинче, абдан жакын бир келечекте адамдар «кокустуктардын»

илах (кудай) боло албашын түшүнүшөт жана эволюция теориясы дүйнө тарыхынын эң чоң калпы жана

эң күчтүү сыйкыры деп аталып калат. Бул күчтүү сыйкырдан (гипноздон) дүйнөнүн төрт бурчунда

адамдар абдан бат кутула башташты. Эволюция калпынын сырын үйрөнгөн көптөгөн адамдар бул

калпка кантип ишенгенин таң калуу менен ойлонушууда.

Айтышты: «Сен – Улуксуң,

бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин

эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,

Сен – бардык нерсени билүүчү, өкүм жана

хикмат (терең акыл) ээсисиң.»

(Бакара Сүрөсү, 32)

Page 63: Untitled

Сизди жараткан, бул дүйнөгө жайгаштырган, акыл жана дене берген Аллахка чындап

жакынсызбы?

Ага эң акыркы жолу качан дуба кылдыңыз?

Ага кыйынчылык жана балээлерге жолукканда эле жалбарып жатасызбы?

Дуба кылганыңызда Анын сизге абдан жакын экенин, сиз шыбырап айткан же ичиңизден

ойлогон ар бир сөзүңүздү угуп жатканын билесизби?

Анын бүт адамдар сыяктуу сиздин да Раббиңиз экенин, жашоодогу эң улуу досуңуздун жана

таянычыңыздын Улуу Аллах экенин, бүт нерсени эң биринчи Раббибизден сурашыңыз керек

экенин билесизби?

Бул суроолорго кандай гана жооп бербеңиз, бул китепти окуу сизге чоң пайда алып келет.

Себеби бул китеп Аллахтын пенделерине канчалык жакын экенин, алардан кандай бир дуба

каалаганын, чындап Ал каалагандай бир дубанын кандай экенин баяндап берүү үчүн жазылган.