70
АЙКӨЛ МАНАС МАНАС СЕНИН ЖАН ДҮЙНӨҢ!

АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

  • Upload
    others

  • View
    21

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

АЙКӨЛ МАНАС

МАНАС – СЕНИН ЖАН ДҮЙНӨҢ!

Page 2: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

КИРИШ СӨЗ Улутубуздун сыймыгы – улуу “Манасты” беш колундай билүү Ала – Тоолук ар бир жарандын атуулдук парзы. Соңку убактарда окурмандардын арасында улуттук байлык катары “Манаска” кызыгуу улам кеңейүдө. Бирок, ошондой болсо да “Манас” жана окурман деген маселеде көйгөйлөр жок эмес. Тилекке каршы, сурамалат изилдөөлөр көрсөткөндөй, калайык калктын ичинде “Манас” атын, даңкын сыртынан гана билген, ички затын, ички наркын жакшы, даана билбеген адамдарыбыз, окурмандарыбыз арбын. “Манас” сюжетин чала-чарпыт, усул-кесил билгендердин саны да кыйла. Жашырганда не, улуу эпосубуздун чоң, чоң томдорду ээлеген зор көлөмүнөн улам, “Манасты” толук окуп чыгууга чамасы, чактасы келбей же чыгынбай залкар дастандын сюжеттик мазмунунан кабарсыз жүргөндөр көп. А түгүл, мектеп окуучурлары жана студенттерлин арасында, экзамен учурунда ыйык мурас жөнүндө үстүрт маалыматтарды айтуу менен гана чектелип, “Манас” сюжетин текстке таянып, таасын айтып бере албагандары аз эмес. Мындай начар жагдайга бир жагынан биздин демейки кыргызчылык ыкшоолугубуз шарт болсо, экинчи жагынан “Манас” эпосунун ар бир атуулдун, ар бир окуучунун, студенттин колунда болорлуктай жетиштүү санда чыгарылбай, жетишсиз нуска менен жарык көрүп келе жаткандыгы себеп. Мектепдерде, ЖОЖдордо, техникумдарда, ошончо көпчүлүккө, “Манас” эпосунун эки-үчтөн нускасы гана жолугат. Ал эми 1958-жылы чыккан “Манас” эпосунун атактуу бириктирилген варианты бүгүн библиографиялык сейректикке айланган. Мына ушундай шартта калайлык-калкка, окурмандар журтуна, окуучу жаштарыбызга “Манас” сюжетин төтө жол менен кыска жана нуска баян, аңгеме түрүндө ыкчам жеткире турган чакан

Page 3: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

маалымат-китепти түзүү зарылдыгы келип туулду. Үнөмдүү, кыска жол аркылуу улуу эпостун сюжети менен бир сыйра таанышкан соң, окурман экинчи кадамды жасап, “Манас” эпосун колго алып, анын чалкыган поэзия мухитине, керемет дүйнөсүнө аттанап деген үмүттөбүз. Эпостун сюжеттик негизги уңгусун, канвасын кыска баяндалат бул чакан аңгеме-дүкөн “Манаска” кеткен жолдун биринчи тепкичи, алгачкы түрткүсү. Китепте “Манас” эпосу жөнүндө окурмандарга эң керектүү маалыматтар жайгаштырылды. “Айкөл Манас” деп аталган бул китепче кандайдыр бир даражада “Манас” сюжети боюнча жол көрсөткүчтүн, маалымдагычтын, кыскача конспектинин, үстөл китептин, жол жүргөндө жанга ала жүрө турган “атка жеңил, тайга чак” чөнтөк китептин милдетин аткарса деген тилек менен калайык-журтка тартууланып отурат. Жарандарды улуу мурас менен тааныштырууда ушундай кичине түрүндө да пайдалануунун зарылдыгы бар.

Автор Бишкек калаасы,

2000-жылы Бугу айы (Апрель)

Page 4: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

АЙКӨЛ МАНАС

I

Манастын чоң атасы Орозду кезегинде ак калпак кыргыз журтуна башчы болгон, өз элин канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, туяктууга тептирбей жоодон коргогон эр жүрөк баатыр болгон. Анжыяндын Бозталаасынан Манаска жолуккан ак сакал карыя анын чоң атасы Ороздуга мындайча мүнөздөмө берет:

Орозду эле чоң атаң, Ага бет алган душман сойлогон, Кылымга кеткен атагы. Кытайдын четин четтеген, Кызыгышкан душманды Кыйратып атаң өрттөгөн. Атаң Ороздунун көзү барында Ала-Тоону жайлаткан, Эшигинин алдында Жүздөн тулпар байлаткан. Бет алыша келгенде, Душмандын шорун кайнаткан. Орозду акең барында, Басташкан жоодон качпаган, Ушу кыргыз журтунду Ата болуп сактаган.

Мына ушул Орозду баатыр мезгили жетип, көрөр күнү, ичээр суусу түгөнүп, бир күнү дүйнөдөн көчөт. Калкына калканч болгон баатырдын көзү өтүп, кыргыздын таянган тоосу жыгылганда тышкы душмандар башын көтөрө баштайт. Кытайдын Алооке аттуу ханы жер жайнаган күчтүү аскери менен Ала-Тоону кара таандай каптап, кыргыздын кереге-

Page 5: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

уугун кыйратып, келин-кызын ыйлатып, катуудан казанын талкалап, жумшактан күлүн көккө сапырып, тополоңун тоз кылып, чабат. Ак калпак журттун башына түн түшүп, “карагай ыйлап, тал ыйлап, каргылданып чал ыйлап, калайыктын баары ыйлап”, таланган, тонолгон эл туш-тушка чачылып, Ата конушунан ажырап, бирөө кетип Алтайга, бирөө Кангайга, бирөө тептип Эренге, бирөө түшүп кетет тереңге. Нойгуттарды Акбалта баатыры жана Ороздунун уулу Жакып баштаган кыргыздардын бир бөлүгү алыскы Алтайга айдалып барат да, ошол жерге байырлап, бара-бара орун-очок алып туруп калышат. Аштык айдап дыйканчылык кылышып, акырындап окат-турмуштары оңолуп, кадимкидей тыңып кетишет. Өрүшүнө мал толуп, оросуна дан толуп Жакып өзгөчө байыйт. Бирок Жакыптын бир арманы бар. Канчалык кудайга жалбарып, зарыкса да балалуу болбойт. Тукумсуз кандай өтөмүн, туяксыз кандай кетемин, деп ар дайым сарсанаага батат. Мына ошентип, “белге таңар бүлө жок, айбалтаны ким аштайт, калың журтту ким баштайт”, деп арман кылып жүргөн учурда, Жакып бир күнү капысынан түш көрөт. Түшүндө куйрук-башы жаркылдаган, тырмагы болот канжардай, укмуштуу алгыр кушту кармап алат. Жакып түшүн айтканда, тегерегиндегилер кудай буюрса, эркек балалуу болот экенсиң дешип, жакшылыкка жорушат. Ошентип, көргөн түш туура келип, акыры алыска Алтайда Жакыптын үйүндө Манас төрөлөт. Манас энесинин ичинен жерге түшкөндө, салмагы он бештеги баладай болуп, аялдар оромолого ороюн десе, колу-бутун ээ бербей сууруп алып, үч карын май менен оозанып, болкулдата соргондо, Чыйырданын эмчегинен кан чыга түшөт. Алп баланын арстандай түрүн көрүп, туулган наристенин болочогун болжолдоп, Акбалта аксакал Жакыпка: “Ушул балаң чоңойсо, сени беките турган бел болор, керише

Page 6: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

келген душмандан, сенин кегиңди алар эр болор, Жакып сенин үзүлгөнүн уланат, чачылканың жыйналат”, - деп барбаландап абыдан кубанат. Айткандай эле, чоң атасы Ороздуну тартып, Манас бала күнүнөн акылдуу, эч нерседен жалтанбаган, кандан, бектен кайра тартпаган кашкөй баатыр чыгат. Ченде жок тентектигинен улам “Чоң жинди”, - деп да атыгат. Айылдаш канатташ жашаган калмак, манжуулардын балдарынан “тентип келген бурут, буруттун балдарын чуркуратып курут”, деп кордогон, теңсинбеген, басынткан, жатсынткан, сөздөрдү угат. Манас бала да болсо, тентиген дегени кандай, мен ким болом, кайдан келгенбиз, элибиз кайда?, - деген сыяктуу суроолордун тегерегинде ой чуркатпай коё албайт. Сегиз жашка келгенде кырк үйдөн кырк бала топтоп, калмак, кытай, манжуунун сексен баласынын токмоктоп, чилдей таратат. Манас кыргызга ким душман, ким дос экенин эртелеп тааныйт. Он эки жашка чыкканда Айманбоз деген ат минип, ок өтпөгөн тон кийип, жаш жолборстой чамынып, жоого оттанат. Калмак, кытайдын чоң Бээжиндеги падышасы Эсендин кишисимин, кыргыз аттуну чабам, жалкысын тием, бала Манасын байлап кетем, деп жети жүздөй кол менен каарданып каптап келген кара калмак, манжуунун Кочку баатыры менен бала Манас биринчи жолу беттешет. Айманбоз минген алп бала кабыландай качырып келип, сыр найза менен коюп өткөндө, тоодой болгон чоң Кочку “үзөңгүдөн бут тайып, ээрден көчүк кылтыйып”, атынан кулап түшөт. Айланасына бүлүк салып, дүрбөлөң түшүргөн, кармаган жеринен кан чыгарган баласынын ченде жок тентектигиннен, өкүмдүгүнөн, өлөрүнө карабаган өрттүгүнөн чочулап, Жакып азганактай журт элек, калмак, кытайдын каарына калып жүрбөйлү, келин-кызыбызды ыйлатып, кереге-уугубузду кыйратып, кайрадан түбүбүзгө жетип жүрбөсүн, деп

Page 7: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

тынчы кетип, катуу сарсанаа болот. Жакып баласына ачууланып: “Жалгыз уулум Манасым, каарды катуу баштадың, кайран түн, мүкүл чыр салып, Кокчуну союп таштадың, калың каздың орумду, кайнатмак болдуң шорумду, ордолуу журтка катылып, чечтирмек болдуң тонумду”, - деп жер тепкилеп, чыйпыйы чыгат. Ал эми Акбалта аксакал менен акылман Чыйырды болсо алысты ойлонушуп, Орозду чоң атасы сыяктуу Манас эл-жерин коргой турган көкжал шер болоруна, арстандай түрү бар, ажыдардай сүрү бар, кызыл өрт экенине ичтеринен кудуңдашып, анын келкчегине зор ишеним менен карашып, Жакыпка акыл-кеңештеринин айтышып, санаага батбай сабырдуу болгонуң оң дешет. Чыйырды байбиченин Жакыпка айтып турган сөзү:

Боздон тоодак куткарбас, Боз ала шумкар Манасым, Калкайган тоого токтобос, Кара ала барчын Манасым, Адырда аккан булагың, Айкөл жалгыз чунагың Албагын жаман бейлиңе, Аман жүрсө жеткирер Сенин алыста кыргыз элиңе, Аман болсо Манасың, Күйүктүү кабак ачылат, Күйүккөн жүрөк басылат. Аман болсо Манасың, Атамдан калган мурас деп, Кең-Кол, Талас жер табат, Айланып кыргыз эл табат.

Ал эми Акбалта болсо: “Кечээ калмак алганда, кыргызды чаап алганда, мына ошондо өлгөнбүз, бул душмандын кордугун,

Page 8: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

так эки миң жолу көргөнбүз, ойлосоң боло ой Жакып, Кара-Өзөн кайда, эл кайда, аталаш кыргыз эл кайда? Ок өтпөс тон кийгизип, ок жетпес ат мингизип, Манасты жоого сактап багалы”, - деп жүйөлүү сөзүн айтат. Ал аңгыча “жүргөнүнөн чаң чыккан, добушунан жан чыккан” “Чоң жинди” Манас кабары Бээжиндеги Эсен ханга жетет. Калмактын Тагылык дегени “баатырдын баарын сомдолу, балбандарын сойлоду, Манас бирин да тирүү койбоду”, - деп жамандап жеткирип барат. Ачуусу келип, жини кайнаган Эсен хан “айласын тапсаң жайлап кел, айлалуу болсоң Манасты, акыры тирүү байлап кел”, - деп Дөөдүр алпты, Кайчы кулак каман алпты, Жолой дөөнү баш кылып, Алтайга аскер жөнөтөт. Төбө чачы сүксөйгөн, жеп ийчүдөй үксүйгөн, жан казандай башы бар, жаткан иттей кашы бар алп Жолой, дөө-шаарлары менен Алтайдагы кыргызча заматтын ортосунда каптаган селдей кирип келет. Ошондо коркконунан сакал, чачы биринлеп, тула-бою дирилдеп Жакып чал Манаска: “айтканына көнөлү, Алтайдан күткөн сан кара, баарын тартуу кылып берели”, - дейт. Манас жоого багынууну каалабайт. Кечээ кыргызды кызыл кырынга учураткан душмандын алдында кул болуп жүгүнгүсү келбейт. Жаш Манас үчүн өзүнүн жеке баатырдык ар намысы, кыргыз калкынын намысы баарынан бийик турат. Эл намысын тепсеткенден көрө өлгөнүм артык деп эсептейт. Ал атасы Жакыпка мындай дейт:

Кокуй, ата, не дейсиң, Неге мынча маанай бас? Жоого намыс бергиче, Ажалым жетсе өлөйүн, Малым менен жанымды Олжого кантип берейин!

Page 9: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

Катүгүн, ата, не дейсиң, Айманбоз берчи минейин. Капкайдан келген балбанды Мен кайра Бак-Бурчун айдап кирейин! Өлбөй тирүү жүргөндө Не мураска жетейин. Калкым кыргыз, сен үчүн Курман болуп кетейин. Зордукчу кара кытайга Согуштумыктап салайын. Телпейген кара калпактан Быйыл теңдигим тартып аламын! Кокуй, ата, кейибе, Найзалышып топ бузам, Тагдыр жетсе окко учам!..

Мына ошентип, жаш Манас жоо-жарагын шайданып, кырк жолдошу менен кытай, калмакка кыргыйдай тийип, кызыл-кыргын согушту баштайт. Бала Манас кайратынан жана айбатынан жоонун үрөйү учуп, мандай-тескей келгенде туруштук бере алышпай, алптар менен дөөлөр ат үстүнөн камгактай учуп түшүшөт. Манас өзү келип катылган жоонун таш талканын чыгарат. Эсен хандын чоң Жолой баштап келген колунан ажырап, өзү Каңгайды көздөй карайлап качып, акыры токойго кирип кетип кутулат. Алтайдагы кыргыздар жаш Манас ушул алгачкы ири баатырдык жеңишинин урматына ат чаап, көкбөрү тартып той өткөрүшөт. Ошентип “Манаста” айтылгандай:

Манас, Манас болду эми, Манас атка конду эми, Ак калпакты кийди эми, Алчайып атка минди эми,

Page 10: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

10 

Эки тизгин бир чылбыр, Өз колуна алды эми.

Уруштун ыгын биле элек, уюган чаңга кире элек кезинде, ээликкен Манас баланын, эртелеп көзүн оёлу деген кара ниет жоолор көп чыгат. Нескара атту хан түмөн кол менен Алтайга келип, дагы Манаска кол салат. Бирок ойлогон ою ойрон болуп, тилеги таш каап, ал дагы жаш баатырдан араң дегенде качып кутулат. Манас жалаң эле эр жүрөк баатыр болбой, адилет, боорукер, калыс жана ыймандуу да болуп чыгат. Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап, элдин мал-мүлкүн өзүнө кайра кайрып берип, туткундан бошотот. Манас туткундардын ыраазы болуп кыргыз аксакалдарына тартууга берген оокат-дүйнөсүнө “айрып алдык жоодон деп, аксакалдар муну алса, анан кайдан оңолду?” деп тартуудан баш тартып, өзүнүн кенендигин, тареңдигин көрсөтөт. Маңгулдар бизди эл кылып алыңыз, деп Жакып менен Манастан өтүнүшөт. Манас тышкы жоого каршы биригип, ынтымакта бололу деген оюн билдирет. Кечээ жанагинтип, каңгайлык Алооке кыргызды чапканда, Орозду баатырдын эң кичүү уулу Жакып тигинтип Алтайга айдалып барса, улуу уулу Бай кең Кашкардын ары жагына, Кебез-Тоонун бери жагына барып баш калкалап, ошондо жүргөн чагы эле. Бай иним Жакыпты издейм, өлүү-тирүүсүн билем, деп ак ала сакал болгон кезинде алыскы Кебез-Тоо, Кашкар тараптан чыгып, жер көзип жөнөйт да, акыры далай азап-тозок менен Алтайга жетип, Жакып инисин табат. Ошондо Манас Алтайда дүңгүрөп аты чыгып турган учуру болот. Алтайга келип калкына калка боло турган эрдин туулгандыгын көрүп, жоо жакадан, бөрү этектен алып турган коогаландуу кезде бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу

Page 11: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

11 

жооптуу учурдун келгендигин ачык туйган акылман Бай калайык-журтка чоң маанилүү кеңеш айтмак болот. Манас Алтайдагы коңшулаш түрдүү элдердин өкүлдөрүн айылына чакырат. Чоң жыйын болот. Ошол чоң жыйында Жакыптын агасы Бай элге минтип кайрылат:

Айлананын баарыңан Арбын келдиң калайык. Тумшугубуз катпайлык. Туюкта минтип жатпайлык. Балдар, башчысы болбой марыбайт, Баш-аламан жарыбайт. Камдуу эурт эоого кор болбойт. Жаактуу киши зар болбойт, Жалбыса душман жан койбойт. Калкалайм десең жанынды, Калдайган журтум биригип, Көтөрүңөр канынды. Кандуу журт болуп калалык, Калаба кылса кытайлар, Кайрат кылган бололук Өлүп калсак кокустан, Бир чукурга тололук. Тирүү болсок баарыбыз; Бир дөбөдө бололук. Бели катуу бирөөнү Бек көтөрүп коёлук. Калкка кабар салалык, Кайраты бар бирөөнү Кан көтөрүп алалык.

Аксакал Бай мындай дегенде отурган көпчүлүк: “Барккелде эп экен, Бай атаң айтар кеп экен!”, - дешип сунушту чуркурап

Page 12: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

12 

колдоп кетишет. Кыргыз, казак, маңгул дүңгүрөп көтөрүлүп, “Каныбыз Манас болсун” деп бир ооздон жапырт айтышат. Мени жөн эле койгула, башка бир татыктуу адамды кан шайлашыла, деп Манас адегенде көнбөйт. Бирок “калктын баары күңгүрөп, кайраттанып дүңгүрөп”, хандыкка өзүң ылайыксың деп, болбой бүтүм кылышып, жаш Манас баатырды ак кийизге салып кан көтөрүшөт. Мына ошентип, Манас өзүнүн алысты ойлогон акылгөйлүгү, ар намыстуу ак мээнети, тайманбас көкжалдыгы, адамкерчилиги, эл коргогон эрдиги менен калайык-калкка жагып, алыскы Алтайда хан шайланат. Ороздунун көк туусу кайрадан желбиреп, көккө көтөрүлөт.

Page 13: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

13 

II

Муну мындай таштайлы, акылман Кошой абаңдын бир өзүнөн баштайлы дегендей, эми кыргыздын Кошой дөөсүнө келели. Айры төштүн алдына жатпаган, алысша арстандын тиши өтпөгөн Кошой ары баатыр, ары кеменгер, ары алп балбан адам болгон. Эл намысы дегенде тикесинен тик туруп, башка түшсө көрөмүн, ажал жетсе өлөмүн деген киши. Алоокенин кандуу чапкынында душманга баш ийбей, жетимиш жеринен жараланса да, Ала-Тоону таштап кетпей, улам куугун жесе, улам ата конушуна кайра келип, жоо менен кайра кайра кармашып атып, акыры аз кыргыз менен Ат-Башынын Чеч-Дөбөсүн мекендеп кала берген. Алтайда Манас жарык дүйнөгө келген кезде, Кошой “жети өзөндөй кайран жер, эби менен жер кылып, азган-тозгон кыргызды, эптеп жүрүп эл кылып”, теликуш таптап куш кылып, тентиген жыйнап журт кылып, Ат-Башыга таштан коргон салдырып, Анжиянды ордо кылган хан Алоокеге моюн толгоп, алышса алышып, чабышса чабышып, калкына калка болуп жашап турган болот. Ошол Кошой жөнүндө Алтайдагы “жазы жаак, жалпак тил, жаңылбаган чоң чечен” Акбалта Манаска мындай деп аңгеме курат:

Катагандын кан Кошой Белгилүү болгон эр ошол, Белге Таңуу шер ошол. Кененче керчөө тон кийген, Кер кабылан ат минген, Азар түмөн кол чыкса, Айгай салып бир тийген, Байланып калган базардын Багын ачкан эр Кошой,

Page 14: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

14 

Туруп калган Турпандын Түшүн ачкан эр Кошой. Чокморунан чок чыккан, Чок жарылып от чыккан, Кармаганда кан чыккан, Тиктегенде жан чыккан, Тоодой болгон күрсү алган, Тоону Кошой бир салган. Тоону Кошой бир салса, Тоону кылнае таш-талкан, Абаң Кошой эр ошол, Арбагы бийик жан ошол.

Алысты ойлогон Акбалта карыя жаңыдан хан көтөрүлгөн Манаска ушул кепти айтып, анан: балам, кара таандай калмак кытайга катылып, ажыдаардын куйругун бастык, кайнатылуу шору бар, казып койгон ору бар калың калмак, манжуулар кокус чындап калайманды салса, кандай айла кылабыз? “Бул Алтайда жериң жок, бет алышып салышсак, белге таңуу кылууга, белгилүү кыргыз элиң жок”. Айланайын туйгунум, ата-бабаңдын жери Ала-Тоого көчпөсөк болбойт, азган-тозгон кыргызды жыялы, таянар тооң, тутунар тууганың Кошой, “эки Кемин жайлаган, эгиз кара ат байлаган, эр Үрбү деген да ошол жакта, алды менен Ала-Тоо жолун чалып кел, туугандан кабар алып кел”, - деп акыл-кеңешин берет. Манас кырк жигитин эрчитип, Ала-Тоону көздөй аттанат. Бөөт-чөөт көл басып, адыр-бүдүр бел ашып, ашуу ашып, таш басып, агаыны катуу суу кечип, эрикпей эчен күн жүрүп отуруп Манас акыркы аркайган Ала-Тоого жетет. Бетеге-тулаңы белден буралган, тоолору туташ, кары бар, токоюнда ар түркүн, жаныбардын баары бар Ала-Тоонун керемет ажарына Манас суктанып, жүрөгү туйлап, тууган жерине эреркей

Page 15: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

15 

карайт. Ысык-Көлдү биринчи жолу көрүп, Манас тамшанып мындай дейт:

Береке экен, бел экен, Пенде көрчү жер экен, Ортосу көпкөк көл экен, Суусунда миңдей түр экен, Жердеген адам бай болор, Түгөнбөс ырыс-кен экен. Мындай кызык жер болбос, Мындай кызык көл болбос.

Ата конуш, тууган жердин зээрин учуруп, көңүл кушу көкөлөп, Айманбозун алчактата бастырып, “Акбалта айткан көп эле, эртелеп жолго салайын, абам Кошой карыя, ошону таап алайын”, - деп жаш Манас Ысык-Көлдөн чыгып, “адыр-адыр бел басып, өңгүл-дөңгүл тоо ашып” Ат-Башынын Чеч-Дөбөсүн карай бет алат. Чеч-Дөбөнүн кароолчу кайгуулчусу куу байталчан Кутунай тетигинде келе жаткан “көзү көлдүн ордундай, көрүнгөндү соргудай, кынсыз кылыч байланган, кайра жаар булуттай, каар бетине айланган”, кара чаар кабылан капталында чамынган, чолок көк жал арстан, бет алдында камынган Манасты көрүп алып, боконо сөөгү болкулдап, боор ичегеси солкулдап байталынын үстүнөн учуп кете жаздайт. Үрөйү учкан Кутунай кан “Кошойго чаап келип, “оргуп чыккан чаң көрдүм, абам Кошой кебимди ук, орою суук жан көрдүм”, - деп шашылыш кабар кылат. Ошондо Чеч-Дөбөлүктөр уйгу-туйгу түшүп, Кошой баатыр балбандарын, баатырларын алеки саамда жыйып, жоо-жарагын шайланып, кошууну менен Манас алдын торой чыгыт. Жоо экени же жолоочу билинбеген белгисиз баатыр чукулдап келгенде, сергек жана баамчыл

Page 16: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

16 

Кошой жолоочунун ким экенин туюму менен боолголоп таанып, кубангандан кеп айтат, кеп айтканда эп айтат:

О, ботом, аты угулуп, көп жүргөн, Эми качан келер деп жүргөн, Курган Жакып жалгызы, Кудуреттин пендеси, Түнөрүп катуу жоо келсе, Түз кирип найза сунуучу. Жоо кетпесе, бел чечпей Эл четинде туруучу. Манас шердин өзү экен, Өзү турмак Манас Караган кара көзү экен, Тууган, караан, жер издеп, Адам, туйгунум, келген кези экен.

Манас менен Кошой ат үстүнөн кучакташып көрүшөт. “Абам Кошой карыям, айла тапкыч олуям”, - деп Манас чечекейи чеч болуп барбаландайт. Абаң Кошой жаркылдап, келгин каздай каркылдап: “Алтайдан Манас тыбылды, алакандай кыргыз журт, абийириң, минтип жабылды” дегенде калайык кубангандан бакырып, Манастап ураан чакырып, тебетейлерин көккө ыргытышат. Меймандын урматына ак боз бээ чалынат. Кошой дөө менен арыстан Манас Чеч-Дөбөдөгү коргон-чептин ичинде коно жатышып, ата-баладай чын пейилден сырдашышып, кепке аябай канышат. Кошой ички көк, күйүттөн сакалы ылдый жашын куюлтуп, кыргыз журтунун Алоокеден көргөн кордугун чоң тарых кылып айтып берет. Эки баатыр үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы, жологон жокту табалы, журт айласын кылалы, бири бирибизге өйдөдө жөлөк, ылдыйда өбөк бололу, дешип бири бирине сөз берип, бир чечимге бекишет. Акырында, Кошой ак батасын

Page 17: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

17 

берип, Алтайга Манасты кайрадан жөнөтүп жатып: “Таалайга бүткөн жан болсоң, таап ал Талас жеринди, күтүп алгын кулунум, күрдөөлдүү кыргыз элиңди, кызыл бороон жоо келсе, токсонго жашым барса да, түз кирип найза сунармын, туу түбүндө былк этпей, о, балам, туунду кармап туруамын” деп дагы бир жолу акыл-насаатын айтып, убадасын берип, кабылан баатырды шердентип, шыктандырып туруп, Атказып жиберет.

Page 18: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

18 

III

Алтайга кайтып келген соң Манас терең ойго батып, алыстагы Ала-Тоо мекени, ар кай жерде андаалап калган ак калпак кыргыз эли жөнүндө күнү-түнү толгонуп, тынч алып уйку ала албай, сарсанаага батат. “Жердеп турат жеримди, ээлеп турат элимди, Текес менен Алооке, кетирип турат кебимди”, деп намысынан ичи өрттөнөт. Акыры кайра жаачу булуттай, каар бетине айланып: “ак асаба, кызыл туу, аягын жерге сайбасам, асабасын жайбасам, атым өчүп калбайбы, атамдан калган Ала-Тоо, Алтайда калбай албасам” – деп так кесе бир чечимге бекийт. Манас Алтайдын аяк-башындагы эл-журтту бүт чакырып, чоң жыйып кылат да: “ага-ини журтум, бала да болсом мени хан кылдыңар, эми менин сөзүмө кулак салгыла” – деп көпчүлүккө кайрылат. Кагылайын калайык, калың кытай козголгоңу турат, корооло жатат коюм деп, кор болбоймун оюм деп, өрүштө жылкы малым деп, өзгөчө кыйын алым деп, жүк артсам арбын төөм деп, төөм бардан жүрөм деп компойсок, адашканыбыз. Дүнүйө бизге опо болуп бербейт, Ала-Тоо мекенибизге кетпесек болбойт, алтымыш уруу журтубуз жыйылбаса болбойт. “Энеден не деп тубамын, эрлердин жолун кууамын, эзелки жерим албасам, эс алып кантип сууамын” – дейт. Чоң жыйынга чогулгандар дуулдашып, хан Манас кебин бир ооздон макул табышат. Ар кайсы жерге кабар жиберилип, жолдун камы көрүлүп, акыры жол азыгы камдылып, жоо-жарагы шайланып бүткөн соң, Алтайдын арал талаасына туш-туштан кыргыздар чогулуп, айлана айгайлаган ызы-чууга толуп, найзанын учу жылдылдап, адамдын башы калкылдап, жер союлуп былкылдап калың кошуун жүрүшкө даяр болот. Ошондо Алтайдын арал талаасынан эр Манас баштаган кыргыздын

Page 19: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

19 

колу көк жаңырган чуу менен, добулбас согуп күнгүрөп, тоо кечкендей дүнгүрөп сел жүргөндөй күркүрөп, өрт күйгөндөй дүркүрөп жолго чыгып, Ала-Тоону көздөй сапар алат. Жолдо баратып Манас аскери менен Текес хандын калаасына чабуул коёт. Коркконунан кылыч чаппай, ок атпай, кыйынсынып жаа тартпай душман багынып берип, Текес хан өзүнө өзү бычак уруп өлөт. Ордосу кыйраган Текестин карапайым эл-журтун талап-тоноодон сактап, Манас өзүнүн кошуунуна: “албаңар жырык ийнесин, не кылабыз калмактын, эзелден жыйган дүйнөсүн, байынан союш алсаң да, бакырын коюп салыңар, дүйнөдөн куруп калгандай, кантесиңер баарыңар!..”, деп кайрылып, ыгы жок зордукту токтотот. Ак карлуу Ала-Тоонун четине келип жеткенде, бул чөлкөмдөгү кыргыздарга зомбулук көрсөтүп, жылкысын тийип, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип жаткан Кыйтучу калмак баш болгон Алоокенин миңдей кошуунун Манас быт-чыт кылып талкалап таштайт. Жоболоңдуу жоодон куткарган баатырдын “бай Жакыптан туулган, калмакка салган чуулган” Манас экенин билишип, күнкорлукта кор болуп жүргөн Ала-Тоолук кыргыздар сүйүнгөндөрүнөн көздөрүнө жаш алып, моминтип турушат:

Үйүр сагынып ат келет, Эл сагынып эр келет. Эл башына күн тууса, Эл жараткан эр келет. Кара боорон күн жааса, Бул Манас калка болот экен го. Калдангай калың эл курап, Бул Манас арка болот экен го? Ээр толкунуп ат минип, Белеске чыгып үй тигип, Адам болот экенбиз.

Page 20: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

20 

Кол жыйса кошо барышып, Кош колдоп найза сайышып, Бала Манас кыраанга Эми караан болот экенбиз. Көнкүү кыргыз болгону Кере турган күн бар го? Иче турган суу бар го? Башыбызга кармоочу, Байкуш болгон бул журтка, Эми бала Манас-туу бар го!

Манас кошууну менен Ала-Тоого аттанганда Жакып, Акбалта баштаган карапайым эл-журт, кемпир-чал, бала-бакыра Алтайда калган эле. Ошол элди Манас сурунычы бойунча Кошой барып көчүрүп келет. Көчтү кошууну менен тосуп чыккан Манас жана Алтайдан жол жүрүп келген эл Сары-Өзөндүн башында, Ак-Чийдин чатында кездешип, ошол жерде кыргыздар чоң кеңеш курат. Баатырлар, эл башылары: “катарлаш конолу, жоону бирге жоолайлы, доону бирге доолайлы, милтени бирге чоктойлу, баранды бирге октойлу”, деп өз ара шерттешишет. Ошондо акылман Кошой эл алдында Манаска дагы бир жолу кайрылып: “эки тизгин, бир чылбыр, ээ, кулунум эр Манас, эми колго алгының, кыр-кырда кыргыз элиңе, кызыккан жандар дагы бар, ок өтпөгөн тон камда, ок жетпеген ат камда, Сары-Өзөндүн аягы, кадимки Талас, Кең-Кол бар, жердей көр ошол жериңди, күтө көр кыргыз элиңди” – деп насаатың, өтүнүчүн айтат. Ак-Чийдин чатынан баатырлар өз-өз жерине тарайт. Манас Сары-Өзөн бойлоп көчүп отуруп, Таласка келет. “Ай, жаныбар кең Талас, жер соорусу турбайбы, муну жердеген адам тунбайбы”, деп терисине батпай кубанган Манас Таласты биртоло конуштайт. Жалпы кыргыз журтунун ажосу катары Таластагы Төрт-Күлдүнд төмөн жагында туусун

Page 21: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

21 

желбиретип, хандык тагында отуруп, Манас бийлик жүргүзүп турут. Бирок анын алдында Ала-Тоо мекенин, Анжыян, Алайды, жадагалса бүткүл Орто-Азия аймагын баскынчы душмандан бошотуу сыяктуу опол тоодой оор милдет турган. Манас оюнда дайыма Анжыяндагы Алооке хан турат. Ошон үчүн ал: “уруна турган тоо жатат, уруша турган жоо жатат”, деп дамамат ичинен толгонуп, тынч ала албайт. Бир учурда арстан Манас “жаны калбай аянып, жатпай чыкты үч күнү, жалаң кылыч таянып, чыканак жерге салбады, чырм этип уйку албады”. Акыркы бир чечимге бекип, Таласта чоң жыйын болот, баары келсин, деп туш-тушка кабар жиберет. Чоң чогулушка канатташ калктардын жакшылары, атпай кыргыздын мен деген баатырлары, журт баатырлары, акылмандары бүт келет. Бакай, Ажыбай, Кошой, Сыргак, Чубак, кырктын башы Кыргыл, эл бийлеген Элеман, калк башчысы Калкаман – баары Манас кашына чогулат. Ошондо Манас жыйынга кайрылып, Алооке хандын элчи аркылуу өзүнө айттырган “конгон жерден көчкүн, бачымыраак кеткин, же кол куушуруп, бел бүгүп, кашыма менин жеткин” деген кабары, талабы менен элди тааныштырат. Манас эл-жердин намысын коргой турган чечүүчү күн келгенин жарыя кылып, абийирсиз жоого каршы аттанарын билдирип, анан: “көтөрөм кантип мен өзүм, анын кыргызга кылган зордуктугун, күүлөнсө күчүн көрөйүн, күнүм бүтсө өлөйүн” – деп сөзүн аяктайт. Казактын эр Көкчөсү Манас сөзүн колдоп: “казак, кыргыз чачылып, канчага жүрөт ар жайда?” – деп күпүлдөп сүйлөп, Алоокенин акесин таанытууга чакырат. Жыйында көпчүлүк бири калбай Манасты колдоп, Алоокеге каршы уруш баштоого бүтүм болот. Манас жер жайнаган колу дүнгүрөп Анжыянды карай аттанат. Алоокеге да дөө-шаарлары баштаган кара курттай кыжылдаган аскери менен Манас колун тосуп чыгат.

Page 22: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

22 

Жоолашкан эки тарап Анжыянда бири бирине бет келет. Ошондо Алооке хан арстандай түрү бар, ажыдардай сүрү бар, “кирпигине караса, курч албарстын учу бар, бир өзүнүн башында, миң балбандын күчү бар” Манасты көрүп, үрөйү учуп, арстандын айбатынан жалтанып, кармашсам соо калбайм го, деп чочуп артка кетенчиктеп, жарашуу жагын көздөйт. Манас Алоокеге ордосундагы ажайыпканасын көрсөтүүнү сунуш кылат. Алооке ажайыпканадагы арстан, жолборстор, төрт жүз кулач ажыдаар бу оңбогон бурутту тытып жеп, жутуп койсо экен деген тилекте “ляппай”, - деп макул болот. Манас капкасын ачып, темир тордун ичине киргенде, жолбостор менен арстандар Манаска катыла алышпай, куйруктарын кыпчып качышат. Манас кармап алып, кай биринин куйруктарын толгойт. Төрт жүз кулач ажыдарды кежигесинен кармап, сыртка сүйрөп чыгат. Алооке: “урушуп күчүм келбес, ушул дүйнө жылса да, бул Манасты жеңбес” деп ичинен ойлонот. Ал Манаска жоолашпай моюн сунайын, амандык бер, айтканынды кылайын, дегениңе көнөйүн, - дейт. Бирок ичинде кетпес кеги, өзөктү өрттөгөн өчү бар Манас: “Кытайды Манас тим койду, кыргыздын жерин жердөөнү, Алооке алтын-күмүшүн жүктөнүп, түнү менен Кангайды бет алып качат. Мына ошентип, Ыспара, Алай, Анжиян 46 жыл хан болгон баскынчы Алоокеден бошотулуп, элдин колуна эркиндик тиет. Манс кошууну Араниктин талаасында жана калаасында Кеселик деген калмак хандын жер жайнаган колун да талкалайт. Араниктеги согушта жонуна Көкчыбык деп аталган мылтык асынып, Уларбоз аттуу тулпар минген Байдын уулу эр Бакай өзгөчө эрдик көрсөтөт. Памир жактан өзү келип кол салып, Алай жерине калайман салган Шоорук хан дагы Манастан жеңилет.

Page 23: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

23 

Жеңилген Шоорук: “Кытайдан качкан качкын деп, маңгулдан качкан байкуш деп, байкабай барып кол салдым, кол салбай куруп калсамчы, өкүмсүп туруп өрттөндүм, кыйынсып туруп кырылдым” деп катуу өкүнүп, акыры “сунала басып суйкайган, кыргоолдой мойну койкойгон” сулуу кызы Акылайды отуз кыз менен тартууга берип атып, Манас менен жарашат. Акыры, Манас мына ушинтип, чоң мөөрөйгө жетишип, Анжыян-Арканы баскынчы душмандардан бошотуп, ак калпак кыргыз калкын, боордош, канатташ, элдерди азаттыкка чыгарып, “кулаалы таптап куш кылып, курама жайып журт кылып”, кыргыз каганатын кайрадан түптөп, ошол кайрадан куралган элдин, курулган мамлекеттин азуусун айга жанган ажосу болуп, адилет сурагын жүргүзө баштайт.

Page 24: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

24 

IV

Бирок күндөрдүн диринде ойго келбеген жорук болот. Жакып чал Алтайда жыйган оокат-дүнүйөсүнүн, өрүш толгон малынын, оро толгон данынын уулу тарабынан эл тагдырына тиешелүү чоң жумуштарга марттык менен жумшалып, күнүмдүк зарыл муктаждыктарга кенен-чоңон пайдаланылганына ичи күйүп, көмүскө жини кайнап, тымызын Манаска кекенип жүргөн экен, бир күнү Жакып чыдабай чарт жарылып, Манаска атырылып, буркан-шаркан түштү:

Уулум, Манас, өлсөңчү! Өрттөнгүр уулум өлдү деп, Ушу жерге көмсөмчү! Балалуу болдум деп жүрсөм, Куубаш болгон экенмин. Санаамдан кеткис чыр кылдың, Манас, Сан караны миң кылдың, Манас. Аты жокко ат берип, Тону жокко тон берип, Картайып калган кезимде Мүшкүлдү мага сен кылдың, Манас. Кайнаган түмөн мал кайда, Өндүрдүү Алтай жер кайда? Кабыргалаш турчу элек, Кара кытай эл кайда, Манас! Кармап сойду бээмди, Чыгардың капкайдагы кээмди. Кетирдиң жаман алымды, Алтайдан күткөн сан кара, Манас, сен талаага чачтың малымды. Калың малдан айрылып, Өлгөнү келген экенмин,

Page 25: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

25 

Бул Манас кордугун Көргөнү келген экенмин. Түгөттүң түпсүз күлкүмдү, Сарп кылып жоготтуң, Сен, Манас, сан казына мүлкүмдү.

Манас атасы Жакыптан ушундай уулуу сөздөрдү угам деп эч күткөн эмес. Ала-Тоо мекен жерим деп, ак калпак кыргыз элим деп каруусун казык, башын токмок кылган мээнетин каакы ордуна санабаган атасынын тардыгына, кыска ойлуулугуна, ачуу тилине Манас катуу таарынып, суу сепкендей болот да, “кара ниет атама, кыжылдашып нетейин, атанын каарын укканча, бир жакка тентип кетейин” деп, эч бир жанга көрүнбөй, түнү менен Таластын Беш-Ташын ашып, Анжыян тарапка кирип кетет. Анжыяндын Боз-Талаасынан жолуккан баба-дыйкан аксакал абышканын кеңеши менен “куу дүйнө жыйып, мал күтүп, не муратка жетейин, андан көрө мен эми, аштыкчы болуп кетейин”, деп Манас Боз-Талаага байырлап, дыйканчылык кылганга өтөт. Күз келип, аштык бышканда баба-дыйкан аксакал экөө кырман толо кызыл алышат. Манас Карача деген даражалуу адамдан кайыптан бүткөн Аккуланы буудайга алмашып алат. Манас купулуна толгон Аккула тулпардын сын-сыпаты мындай экен:

Чаткаягы чаткалдай, Жүрө берсе чатына, Жүктүү төө баткандай. Жанбаш арка кошконго, Он эки карыш казанды – Жөн эле ойноп-күлүп аскандай. Чиркиндин боорунун жазыгы Момолой ийин казгандай. Балтыры өгүз белиндей,

Page 26: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

26 

Басканы сырттын желиндей. Туягында ага бар, Кулагында шамы бар, Бу куюндан бүткөн жаныбар!..

Көп өтпөй Боз-Талаага Бакай, Сыргак, Чубактар күтүүсүз келип калышат. Алар Манасты издешип, кечпеген суусу, баспаган тоосу, барбаган жери калбай, суй жыгылышкан экен. Ачуусу келген Бакай: “Таарындым Жакып чалга деп, талаада жатып алба деп, милдетин алгын элиндин, намысын күткүн жериңдин”, - деп Манаска бек, бек айтат. Манас айтса-айтпаса төгүнбү, деп Аккуланы минип, Айманбозду жетелеп, баатырлары менен Таласка жүрүп кетет.

Page 27: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

27 

V

Мындан соң Алмамбеттин окуясы башталат. Алмамбет калмак, кытай, манжуу тараптагы таңшаң аймагына хандык кылган Азиз хандын уулу. Алмамбет төрөлгөндө жетимиш күнү күн жаап, жер титиреп кеткен экен. Алты жашынан баштап Алмамбет Суук-Төрдүн Аверден деген көлүндө жашаган алтымыш баштуу ажыдаардан окуп, сабак алып, жайчылык өнөрдү жана согуш оюнунун сырларын үйрөнгөн. Азиз хан аксакал болуп карып калган кезинде, бир күнү Алмамбетке өзүнүн ордуна эл бийлеп, сурак кылышка уруксат берет. Жаш, билимдүү Алмамбет кара кылды как жарган адилеттик менен улуктук ишин жүргүзөт. Таңшаң жана Каңгай аймактарындагы буга чейин орнотулган айрым адилетсиз тартиптерге, эрежелерге каршы чыгат. Каңгай хандыктарында хан же үлкөн улуктар, эл аралаганда, алардын урматына тирүү кишилерди курман чалган ырасмы болот. Алмамбет мына ушул мыйзамсыз жапайы салтка каршы болуп, аны тыюуга аракет кылат. Алмамбеттин Таңшаң, Каңгай журттарынын арасында калыс, адил улук катары аброю көтөрүлөт. Күндөрдүн биринде кечилдин ханы Коңурбай Азиз хандын Кан-Жайлак деген жерин ээлеп алат. Алмамбет менен Коңурбайдын ортосунда чоң жаңжал чыгат. Акыйкаттыкты талап кылып, жаалданып кармашка чыккан Алмамбеттен качып, Коңурбай Бээжиндеги чоң өкүмдар Эсен ханга барат да, Азиз хандын уулун салтка каршы чыккан эл ичиндеги бузуку, ээнбаш катары мүнөздөп, “экөөбүздү сулатып, кыям дейт сенин багыңды, кыйратат алтын тагыңды”, деп падышага аябай жамандап салат. Коңурбайдын артынан Алмамбет ордого кирип арызданса, аны Эсен хан укпай коёт. А түгүл падыша тарабынан баласынын алалыгын, арамдыгын байкап, Азиз хан өз уулун

Page 28: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

28 

өз колу менен жайласын деген да жашыруун бүтүм болот. Бир аз мезгил өткөндөн кийин өзөгүмдөн өрт чыкты, өз ичимен жоо чыкты, деп Эсен хан “эки колун байлап кел, өлтүрбөстөн чочкону, Бээжинге тирүү айдап кел.”, деген буйрук берип, Нескара, Жолой, Коңурбайларды баш кылып, Алмамбетке калың аскерди жөнөтөт. Азиз хан да баласына тескери карайт. Ошондо Алмамбеттин апасы Алтынай “Тегереги темирден, торго калдың кулунум, терендиги кырк кулач, орго калдың кулунум!”, деп көзүнүн жашын көл кылат. Өз кезегинде Алмамбет да: “Гүлбагым урап, ор болду, гүлүстөн элим кор болду, өзгөсүн айтып нетейин, менин атама сөзүм өтпөдү”, - деп ичинен кан өтүп кайгырат. Алмамбет Эсен хандын жазалоочу аскери менен белсенип жалгыз кармашка чыгат. Апасы Алтынай уулуна болушуп, урушка кирип, жоо колунан каза табат. Акыры Алмамбет Кылжейрен тулпары менен кызыл чоктун ичинен кутулуп чыгып, жайчылыгын карматып, артына мөндүр жаадырып, туман түшүрөт да, эл-жерин таштап, арманы ичине батпай, күн, батышты карай калка болор жан издеп, аргасыз жолго чыгат. Алмамбет казактын Көкчө баатырынын эл-журтуна келип туруп калат. Өзүнүн алдым-жуттуму жок түз жүргөндүгү, калыстыгы, адамгерчилиги менен Алмамбет карапайым казак журтуна жагып калат. Бирок Алмамбеттин элге алынып баратканын казактын манап-бийлери көрө албай, “каңгырап келген бир кытай, казакты бийлеп турабы” дешип, “чакырылбаган конокту” Көкчөнүн ордосунан четтетүүнүн амалын издешет. Алар ак жеринен аялың Акеркеч менен соо эмес, деген жалаа жабышып, Көкчө кабагынан кар жаадырып: “ачыгып чыккан арбаксың, бузулуп калган чарбаксың, калаба салып калкыма, кайдан келген калмаксың!” – деп Алмамбетке көзүнүн чаарын чыгарат. Акеркеч күйөөсү Көкчөнү адамдын

Page 29: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

29 

сырын билбейсиң, Алмамбетти ким дейсиң деп жемелейт. Ал: “Кызыңа кызыл кийгизди, кызматын журтка тийгизди, сенин ардактаган бийлериң, аркасын кимге тийгизди?” – деп Алмамбетти коргоп чыгат. Бирок казак бийлеринин, Көкчө баатырыдын жосунсуз жоругуна, кодулаган мамилесине нааразы болгон Алмамбет эр Көкчө деп сагалап, эми жүрүш не керек, булар менен кармашып, кан төкпөй алыстап кетейин дейт да, Кылжейренин минип, ыза-кордукка ичи өрттөнгөн бойдон түш келген жакты беттеп, каңгып жөнөйт. Ошондо казактан куулуп, ай талаада жалгыз шорлоп кетип бараткан кездеги Алмамбеттин каңырыкты түтөткөн арманы “Манаста” мындайча айтылат:

Кыян акпай сел кайда? Кылайбай булут, жел кайда? Жакшылык көрөр жайым жок, Жарыгы тийер айым жок, Карарбай булут, жел кайда? Катуулап жамгыр төкпөсө, Калкылдап аккан сел кайда? Карыпчылык жеткен соң, Казакка жүрүп не пайда? Батарыма жерим жок, Барарыма элим жок!

Ошо түшта Таласта жаткан Манас бир күнү уктап жатып түш көрөт. Түшүндө ай талаада келатып ач албарс кылыч таап алат, бир оокумда караса, кылыч арстан болуп калат, кайра арстан ажыдаар болуп кубулат ажыдаар бир убакта өзгөрүп, асманга буудайдык болуп учат да, кайра келип Манас колуна конуп калат.

Page 30: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

30 

Жетимиш түрлүү эл көргөн, жеимиш түрдүү тил билген Ажыбай баатыр казакка келип кошулган Алмамбеттин жайы тууралуу келгендерден кеп угуп, көргөндөрдөн көп угуп жүргөн эле. Манас жанагы түшүн жоруп жатканда эсине Алмамбет түшөт да, көрөгөч Ажыбай “Мен жоруюн түшүндү, оңдоптур кудай ишинди, асмандар мунар жошулат, арстаным сенин өзүңө, Алмамбет келип кошулат”, - деп олуяча болжол кылат. Манас башынан эле өз ичинен: “Издеп тапсам канаке, телегейи тегизди, өзүмө теңтуш эгизди”, деп тымызын эңсеп жүргөн эле. Ажыбай билимдүүнүн түшүн оң жоруганына Манас кубанып, түпкүлүктүү жолдошту кудай берсе, тосуп чыксак кантет, кокус келатып жүрбөсүн деп, жүрөгү бир нерсени сезип, түшүнө ишенип, кырк чоросу менен Сары-Өзөндү карай жол чалып аттанып жөнөйт. Ошол учурда ак карлуу Ала-Тоону беттеп: “башымды жөлөр паана жок, баркымды билер даана жок”, деп арман кылып, Алмамбет ачка, таңдайы кургап, тили катып, Ашмаранын оюнда, Ак-Эрмендин боюнда келаткан болот. Ошентип, Алмамбет менен Манас кездешет. Манас Алмамбетти сынаакы көзү менен карап, байкап-багып көрүп: “Кызыл түктүү пил экен, кыраакы эрдин бири экен, алыска ишти ойлогон, акылмандын бири экен”, - деп баа берип, ичинен абдан канааттанат. “Жолдо калган бир жанмын, чылбырын үзгөн тулпармын, ой жетпеген иш издеп, оң караган киши издеп, ооп жүргөн бир жанмын”, деп Алмамбет Манаска чечилип, ички сырын айтат. Манас агынан жарылып, айкөлдүк кылып, Алмамбетке аппак ниетин билгизип, ага Аккуласын тартуулайт. Алмамбет ыраазычылагынын билдирип, Аккуланы Манаска кайра ыйгарат. Мейман баатыр: “Менин баркыма жете турган даана кеменгер ушул Манас турбайбы”, - деп ичинен маңдайы жарыла сүйүнүп, көңүлү ачылып, чери жазылат. Манас менен

Page 31: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

31 

Алмамбет достошот. Жакыптын байбичеси Чыйырданын оң эмчегин Манас эмсе, сол эмчегин Алмамбет эмет. Ошентип, Алмамбет Манас менен кошо Таласты жердеп калат.

Page 32: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

32 

VI

Бир топ мезгил өткөндөн кийин Алмамбет ойлонуп отуруп Манас досунун али чындап жактырып алган никелүү зайыбы жок экенине Манас али шөкүлөлүү кызга күйөөлөп бара электигине көзү жетип, арстан баатырга үйлөнүүгө кеңеш берет. Манас мурутунан жылмайып: “Алмамбет сөзү ырас”, - деп Айманбоз тулпарын моюнга бир чаап, кыялдуу бастырып кетет. Көк темирден тон кийген, көкала сындуу ат минген эр Чубак ордолуу Букар шаарына келет. Караса сүрүнөн жүрөк болк эткен чоочун баатырга жалпы Букар чочулай карайт. Он эки кыздын кенжеси, кудайдын сүйгөн пендеси, кара сурдун сулуусу, аялзаттын нурдуусу Темиркан кызы Каныкей бир жагынан баатыр бейбак болуучу. Каныкей: “Ажалым жетсе өлөйүн, мен бир кагыш салып көрөйүн”, - деп зоот-кийимин кийинип, бөрү тил болот найзасын колго алып, Чубак менен беттешүүгө чыгат. Экөө сайышып бири бирин жеңе алышпай, акыры Чубак арбын кошуун менен келбесем болбойт экен деп, атынын башын артка буруп, Таласты көздөй куюндап жөнөп калат. Каныкей артынан такымдап кууп, Чубактын айласын кетирет. Бир маалда алды жактагы белестен беш киши көрүнөт. Каныкей токтой калып караса, ал кишилердин түрү демейкиден башкача. Каныкей сулуу алардын ортосундагы Аккула минип болкойгон, накери бутта чойкойгон, алыстан данкын угуп жүргөн Манас экенин боолголоп тааныйт. Манас баатырдын

Алтын менен күмүштүн Ширөөсүнөн бүткөндөй, Асмандагы күнүңдүн, Бир өзүнөн бүткөндөй, Асман менен жериңдин

Page 33: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

33 

Тирөөсүнөн бүткөндөй. Алды калың кара жер, Буга, калыңынан түткөндөй. Ай алдында дайранын Толкунунан бүткөндөй, Ободоку булуттун, Салкынынан бүткөндөй. Асмандагы ай, күндүн Жаркынынан бүткөндөй.

Өзгөчө жан экенин ыраактан байкап, Каныкей “Манас Манас экенин, мен баштатан угуп билгемин, Манастыгың чын болсо, атайын издеп келер деп, мен, кургур, ошону тилеп жүргөмүн”, - деп ичинен сүйүнүчтүү күбүрөнөт да, атына камчы уруп, Букарага кайра тартып кетет. Каныкейден качып келген Чубак Манаска: “Узун чачтын ыктуусу, ургаачынын мыктуусу, бул өңдөнгөн жан болбойт, Каныкейди албасаң, эгерде, ишиң оң болбойт”, - деп айтып, баатыр кызды төрөсүнө абыдан мактайт. Зайып алуу жөнүндө ойлонгондо арстан шердин көңүлүнүн түпкүрүндө дайыма момундай ой уюп жатчу элу:

Мен биле турган кеп болсо, Оймоктуудан узду алам, Оюмда жүргөн кызды алам. Керемети кеңди алам, Акыл-эси ошонун Мени менен теңди алам. Алты жылдык зыянды Биле турган кызды алам, Акыл кошуп жаныма Жүрө турган кызды алам. Жан жолдошко жаман сөз

Page 34: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

34 

Айтпай турган кызды алам. Жаман жерге жамбаштап Жатпай турган кызды алам Бейбаштардын үйүнө Кирбей турган кызды алам. Бейжайлык менен кесирди Билбей турган кызды алам.

Чубактын сөзүн укканда Каныкейдин элеси ушул оюндагы өлчөмүнө төп келип, Манас “Мурутунан жылмайып, тегеле жалгыз сөз айтпай, ээрдин башын каккылап, турган экен мулуюн”. Ошондон кийин Жакып Темиркандын алдына кулдук уруп барып, Каныкейге сөйкө салып кайтат. Андан соң бай Жакып Бакайды алдыга салып, байбичеси Чыйырдыны боз жоргого мингизип, кызмат кылчу кыз-келин, жигиттерин, дос-тамырын жанына алып, Манас менен Алмамбетти ээрчитип келинин алып келүү үчүн Букарга кайра аттанат. Манас кылкылдаган колу да дүнгүрөп кошо жөнөйт бай Жакыптын Каныкейдин калыңы деп, жердин бетин чаң кылып, көргөндүн башын маң кылып Букарга айдап бараткан төрт түлүк малын көрүп ал:

Айдаган жылкы чуркурап, Чаңы асманга буркурап, Доолбас үнү тарсылдап, Адырды көздөй сел кетти, Аябай калың эл кетти. Мөөрөгөн бойдон уй кетти. Төөнүн баарын боздотуп, Тулпардын баарын коштотуп, Айгырлар барат алышып. Бууралар барат жөөлөшүп, Букалар барат мөөрөшүп,

Page 35: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

35 

Кочкорлор карс-карс сүзүшүп, Асманга чаңы созулуп, Качарына жер таппай Аркарлар малга кошулуп, Пилдер келет бышкырып, Белден баскан жыландар Баш көтөрүп ышкырып, Токойдун баары жоюлуп, Жердин бети оюлуп, Күндүн көзү көрүнбөй, Көктөн туман бөлүнбөй, Баскан жери тозулуп, Токойдогу доңуздар Кошо келет корсулдап, Айдаган малга кошулуп, Кирпи чечен, кашкулак Келе жатат килендеп, Токойдогу коёндор Кошо жүрөт сереңдеп.

Мына ошентип, кудалар: Темиркан менен Жакып Букарда көздешип, айтуякка бээ союп, аксарбашыл кой союп, ат-күнанды чаптырып, асемге мылтык аттырып, көкбөрүсүн тарттырып, отуз күнү той кылып, Каныкейди Манаска нике кыйдырышат. Темиркан ушул тойдо экинчи кызы Аруукени да Алмамбетке зайыптыкка берет. Манас менен Каныкейдин тою андан кийин Таласта чоң солтанат, даңаза менен кырк күн бою улунат.

Page 36: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

36 

VII

Манас баатыр Каныкейди, Алмамбет баатыр Аруукени алгандан кийин узак жылдар тынчылыкта, Таласта жашап турушат. Кыргыз эли өз жерине бүт ээ болуп, Алайда баатыр Төштүк, Анжыян өрөөнүндө Санжибек, Ташкент тарабында Көкөтай, кеминде Үрбү, Ат-Башыда Кошой дөө болуп, баарысы тең Манаска тилектеш, канаттайш, жашашат. Манас Орто-Азиядагы бардык элдер менен ынтымакта турут. Манас кошуунунда Алмамбет, Чубак, Сыргак, Ажыбай сыяктуу баатырлар, акылман Бакай сыяктуу мыкты чоролору катылган душманга кан жуткузуп турушат. Сары-Аркадагы Көкчө баатырдын аялы Акеркеч, Манас аялы Каныкей, Алмамбеттин аялы Арууке сулуу, - бул үчөө тең Букардын каны Темиркандын (Каракандын) кыздары болгондуктан, баатырлар бир-бирине бажа келишип, туугандые байланыштары да артыла баштайт. Көкчө баатыр Манастын өз кишиси болуп, Сары-Арка жактан Манас эч кандай шек санабайт. Манас башчылыгында кыргыз уруулары жеңилгис чоң күчкө айланат. Кыргыздардын эски душманы – Кангайдын Эсенханга кыргыз урууларынын күч алышы катуу кооп туугузат. Манас колуна бузуку чыккынчы жиберүү аркылуу, кыргыз ичин иритип бузуу жана анын баатырларын амал таап өлтүрүү максатында, кыргыздардын кошуунун алсыратып туруп, кол салууну ойлоп, Эсенхан куулук менен буруттарга тынчы жиберүүнү чечет. Эсенкан өз элинин ичинен бир кезде чоң чабуулда колго түшүп, кытай-калмакка барып Каңгайда туруп калган, эл-жерин жакшы тааныбай калмакка айланып бараткан маңкурт чалыш Көкчөкөз, Көзкаман, Желтийбес, Орозон, Чандаяк

Page 37: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

37 

деген кыргыздарды табат. Аларды атыртан катуу үгүттөп, тапшырманы орундаста атак-даңкка, алтын-күмүшкө бөлөрүн айтып, касам ичирип, ант алып, анан коюндарына уу катып берип “Манасты барып союга, канына мыктап тоюуга” Таласка аттандырат. “Бээжинден чыгып жол жүрүп, ат аябай мол жүрүп” Көкчөкөз, Көзкамандар акыры Ала-Тоого келип, “Кабылан Манас баатырым, тууган деп тентип келебиз, томсоруп келсек бел болчу, тоңуп кетсек тон болчу” дешип амалданышып, Манаска айыл конушат. Манас баатыр алардын котур ташы коюнунда экенин билбей турган экен мага деп, “катты кардай томуруп, сары майдан омуруп” кучак жайып тосуп алат. Амалданып, ишенимге кирип алган соң күндөрдүн биринде Көкчөкөз менен Көзкаман “Манасты конок кылмакка үйлөрүнө ээрчитип келишип, билгизбей уу сунушат. Ичинде арамдагы жок Манас Көзкамандардын колунан аякты ала коюп, кырк жылы ачытылып, уу кошулган аракты жутуп жиберет. Кудай буюрса, Манас башын Эсенканга алып бармак болдук, деп сүйүнгөн бузуктар ууланган баатырга түп көтөрө жабылышат. Бирок Манас ууланганына карабай уу жуткузган манкурт айбандар менен кармашат. Баатырдын шайы ооп, жанында кырк чоросунун, Чубак, Сыргак, Бакайдардын жоктугуна катуу өкүнүп, “кара ниет калмактан өлгөнү келген экенмин, тирүүлүктүн кордугун, мен көргөнү келген экенмин”, - деп ичинен түтөп өрттөнөт. Чоң салгылаштарда өлбөй, ушул темселеген шүмшүктөрдүн колунан өз айылымда каза табамбы, э кудай! – деп айласы куруйт. Ошо кезде бул окуяны капыстан Акаяр балбан байкап калып, Манасты ажыратып алууга жандалбастайт. Манас бир жамандыкка кабылганын өзүнчө сезген Каныкей Аккуланы минип түз эле учкан бойдон Көзкамандардын ордосуна кирип келет. Катуу салгылашта Акаяр айла таап, эси оогон айкөл Манас баатырды Каныкейге өңөртө салат. Көзкамандар

Page 38: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

38 

жамгыр кылып жаа тартат, мөндүрлөтүп ок атат. Каныкейдин эмчегине ок тийет. Кызыл чоктун ичинен Каныкей Манасты куткарып алып чыгып кетет. Миң түрлүү дары менен дарылап атып, ууну жандырып, Каныкей Манасты өлүмдөн сактап калат. Көкчөкөз, Көзкамандар баштаган чыккынчы топ Каңгайды бет алып качат. Манас кырсыкка учураганын утуп, Кыргылчал “өкүрүгү баш жарып, кыйкырыгы таш жарып, мурутту булкун ыргытып, сакалды жулуп ыргытып”, бизди кудай уруптур, деп кырк чорону баштап, өздөн чыккан жаттарды кууп жөнөйт. Акыры кырк чоро кууп жетип, Көкчөкөз, Көзкамандарды таш талканын чыгарып талкалайт. Чыккынчылардын биротоло күм-жам болгонун кабарлап келген эр Шуутуга кайрылып, өлүмдөн аман калганына тобо кылып, айкөл Манас Каныкейге, кандаш-жандаш досторуна ыраачылыгын билдирип турганы:

Өчкөн бир отту тамыздын, Шуутум, Өлгөн бир жанды тиргиздин, Шуутум, Ошо кайран жеңең Каныкей, Сарып кылды малымды, Алып калды арамга кеткен жанымды! Өзүндөй эрлер, уялаш, Мага өлүмгө орток тууганым. Пейли-сүттөй берендер, Менин белиме медер кылганым. Туйгундар сенин үлүшүң, Менин ташыганым, жыйганым Ак жолтой чоро кырк кыраан Абийирим менен ыйманым!

Page 39: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

39 

VIII

Көзкамандардын окуясынан кийин “Көкөтөйдүн ашы экен, көп чатактын башы экен” делген чоң окуя башталат. Ташкендин бери жагында, Чыйырчыктын тоосунда турган кыргыздардын ичинде түтөгөн байлыгы, түмөнөгөн малы менен белгилүү, узун элдин учуна, кыска элдин таанымал Көкөтай аттуу кадырман карыя болгон. Манас Алтайдан кол менен келип, ата-бабасынын жери Ала-Тоону ээлеп алган калмак, маңгул, кара-кытайлардан бошото баштаганда, Көкөтай өз кошуну менен Манасты тосуп чыгып, жоону жөнөтүүгө көп көмөк көрсөтөт. Манас баш болгон кыргыз баатырлары ошол үчүн Көкөтай карыяны урматтап калышат. Мына ошол Көкөтай бай мезгили жетип, көрөр күнү, ичер суусу түгөнүп, бир күнү жарык дүйнөдөн көчтү. Аксакал маркумду калайык-калк чогулуп, кастарлап көмдү. Маркум Көкөтай жетимишке келгенче бала көрбөй, акыры кудайдын буйругу менен талаада кулан атып, бөкөн кууп жүрүп, “кайыпчынын белинен, кайнаган ысык чөлүнөн” бир эркек бала таап алып, атын Бокмурун коюп, бапестеп багып өстүргөн эле. Атасынын көзү өткөн соң бир чети Көкөтөйдүн көп дүйнөсүнө көөп, экинчи чети менмесинип күчүн ашыра баалап, урунарга тоо таштай, урушарга жоо таппай ээликкен Бокмурун күндөрдүн биринде атама аш берем, Ала-Тоодой эт кылам, ала көлдөй чык кылам, Көкөтөйдүн ашы деп, калайыкка даң кылам, төгөрөктүн төрт бурчун, түгөл койбой чакырам, казынаны ачамын, калайыкка чачамын, - деп жарыялап, дос-тамырын кеңешке чакырат. Көкөтай байдын ашы атактуу Каркыранын керилген кең түзүндө өтмөк болот. Бирок кеңешке келген катагандын кан Кошой Бокмкрундун “кара-кытай, манжууну, кайнаган калмак урууну, калтырбастан чакырам”, деп көкүрөк көтөргөн сөзүнө кабатыр

Page 40: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

40 

болуп: “кара-кытай, манжуу журт, биздин журтка кас болот, кабыла калса кыргыздын, канын ичер салты бар, балээни башка үйүп аласың балам, кытай, калмак, манжуулар төрүңө кудук казбасын, төбөңдөн анык баспасын, төрт түлүгүң чачпасын”, деп эскертет. Кошой мындай дегенде Боксурун булкунуп-силкинип, жүйөлүү кепке кулак салбай: “төгөрөктүн төрт бурчун, төрт айланта жыйбасам, төрөлүгүм билгисип, мындай кызык кылбасам, Бокмурун болбой өлөмүн”, - деп ого бетер ээленет. Анда Кошой: “Көкөтөйгө аш берсең, анда чабарман жибер Таласка, кабар айткын кулунум, кара көк жал Манаска, Манаска таянбасаң, ашта калмак, кытайга тең боло албайсың, - деп кеңешин берет. Кыйынсынган Бокмурун “Манасына барбаймын, ага кеңеш салбаймын”, - деп моюн толгойт. Акыры Бокмурун кам-кашеги бүткөн соң, хан Көкөтай ашына толуп жаткан эл келсин, толкуп жаткан сел келсин деп, жылкыдан чыккан көйкашка, сыны малдан бир башка, желгенине жел жетпес, басканына мал жетпес атактуу Мааникер тулпарга жайма көкүл жаш Айдарды мингизип, төгөрөктүн төрт бурчуна кабарга жөнөтөт. Айкөл Манас ашка чакырылбайт. Мына ошентип, кең Каркыранын түзүнө түрдүү жактардан келген эл кылкылдап толот. Көкөтөйдүн ашына тыягы Алтай менен Каңгайдан, быягы Кырым менен Урумдан, тиги жагы Ооган, Ирандан, Индостандан, чыгышы Бээжин. Кебез-Тоодон, батыш жагы Оролдон, бери жагы Үргөнч менен Букардан, Анжыян, Алайдан, Сары-Аркадан сансыз мейман келип түшөт. Жети асаба туу менен, жер жарылган чуу менен, уй түгүндөй көп калмакты баштап Коңурбай, Жолой, Нескаралар да ичтерине каткан жаман ниеттери менен, аштан Манас жолукса, аш үстүнөн басам деп, аш үстүндө

Page 41: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

41 

кармашып, адамдын канын чачам деп, Каркыраны тебелеп-тепсеп кирип келишет. Кошойдун айтканы чын чыгат, аш башталбай жатып чыр чыгат. Кумурскадай жайнап келген калмак, манжуунун түрүнөн, баатырларынын сүрүнөн Бокмурундун жүрөгү болк этип, дене-бою солк этип, заматта жаңылыштык кылганын түшүнүп, шаабайы сууй түшөт. Үрөйү учкан Бокмурун алдына келсе жүгүнүп, тизеси жерге бүгүлүп, Нескара опурулуп кеп айтат, кеп айтканда деп айтат: “Аш үстүнөн казамын, түшүп кетер орунду бурут, каардансам мен азыр, каптатамын колумду, бурут! Көкөтөйдүн Мааникер, канатты бар мал экен, канга ылайык жан экен, Мааникерди бер бурут дегениме көн бурут, айтканым азыр камдап кой, бурут! Камдабас болсоң, кебиңди айт бурут, алыша турган жериңди айт бурут”. Башчылары көкүткөн караламан калмактар кемегелерди тегеректешип, казандардагы эттерди талашып, ашка келген мусулмандарды дүрбөтүп, кыргыздардын балбандарын жөөлөшүп, жакшылардын төбөлөрүнө камчы үйүрүшүп, өздөрүн өздөрү билип, өтүктөрүн төргө иле башташат. Нескара Манас жок экенин билип, зордук кылып, ашка келген аттарды сынамакка чубатууга салат. Муну көргөн кыргыздар “качып, үркүп, жүгүрүп, кайран жандан түңүлүп”, айлалары куруп, Бокмурун болбой куруп кал, акылың менен жерге кир, туулбай туна чөгүп кал – дешип дүрбүлөңгө түшүшөт. Амалы түгөнүп, жүрөгү саруулаган Бокмурун Кошойго келип:

Кумурскадай көп калмак Төбөбүздөн басат бейм, аба? Дүмүрдү минтип казат бейм, аба? Кара калмак, манжуунун Дегенине көнөлү, аба! Мааникер сурайт, берели, аба!

Page 42: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

42 

-деп чый-пыйы чыгат. Кошой: “Сен айылында тим жатпай, аракка тоюп кутурдуң балам”, - деп Бокмурунду жемелеп, анан минтип кеңешин айтат: “көөнү сенден калса да, калкынан көөнү калбас дейм балам, кеңеш кылып Манаска, Мааникер берсең анан бер балам, Кабылан Манас баатырың, телегейи тең ошол балам, тепсеп келген калмакка, теңтайлашар эр ошол балам, кабар жибер Таласка, Кабылын төрө Манаска”. Бокмурун менен Кошой алакандай кат берип, жаш Айдарды туну менен Таласка шашылыш жөнөтүшөт. Эр экениң чын болсо, эми Манас келе көр, кыйрамак болду кыргызың, ажырытып ала көр, деген каттагы жалбарган өтүнүчтү окуп, арстан Манас буркан-шаркан түшүп, “атандың көрү жаш Айдар, Бокмурун экөөң мас Айдар”, деп каарданып, кылычын кындан сууруп, кабарчы баланы чаап саларда Каныкей менен Бакай арачалап калат. Айкөл Манас кырк чоросу, Бакай, Алмамбет, Чубак, Сыргак сыяктуу Көкжал баатырлары менен заматта жоо-жарагын шайланып, тулпарларын минип, жолго чыгууга даяр болушат. Акылман Каныкей ошондо Манас баштаган эрлердин ашка гана эмес, катуу багыт жолго бараткандыгын, калмак, кытай менен кырылышар, кыркылышар кез келгендигин туюп, баатырларды ок өтпөс, кылыч кеспес зоот-чопкут, жарак жабдык, кийим-кече менен жакшылап жабдыйын деп, аларды токтотуп, кайра аттарынан түшүрөт. Каныкей мурдатан эле Манас кырк чоросуна жоого кие турган кийимдерди астыртан камдап жүргөн экен. Кайран жеңең Каныкей өзү баш болуп не бир колунан көөрү төгүлгөн уздар, иштүүлөр, усталар менен күндөп-түндөп мээнет кылып, кырк чоро үчүн арасына болот өгөп төктүрүп, сайса найза тешкисиз, чапса кылыч кескисиз кырк тон, кырк чопкут, кырк калпак, кырк тумак, кырк өтүк, кырк кемер кур, а түгүл кырк тулпар да даярдап коюптур.

Page 43: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

43 

Буларды кийген кырк чоро терилерине батпай кубанып, Каныкейдин сарамжалына айран калышат. Манас зайыбынын кеменгерлигине, кырк чоросуна көргөн камкордугуна, акылман айлакерлигине оозу ачылып, терең ыраазы болуп, жолдошторунун алдында: “Канакейге баш ийдим, эми атаң-энең дебеске, артылта камчы салбаска, артынан күнү албаска, ак келтенин огу урсун, көк милтенин чогу урсун!” – деп ант берет. Манас “не турдуңар кырк баатыр”, деп шарт аттанып, Көкөтөйдүн ашына жөнөп кетет. Көкөтөйдүн кызык аш, көргөнү келген экенбиз, таланып кара-кытайга, өлгөнү келген экенбиз, деп кыргыздар кайгырып турган учурда Манас көк жолборстой чамынып, Каркырага кирип келет. Эр Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак, кырк чоросу менен ач кыйкырыкты салып, ашты жарып кирип барып, кара жаак камчы менен Нескараны төбөгө тартып жиберип, кара таандай калмакты каардана качырып, кыргын салып жибере жаздайт. “Кызыталак калмак, жей турган тамагынды жөн жегин, аксакал болсоң сый көрүп, алдыңдагы койдун башын албайсыңбы, сыйлап ашка чакырсак, кыйрашканы келдиң беле, ит калмак, калмакка тартар малым жок, Мааникер берер чагым жок, алуучу душман сен эмес, алдырчу кыргыз мен эмес”, - деп Манас арстандай күркүрөп, оозунан түтүн буркурап, көзүнөн жалын шыркырап, ортого чыгат. Ошондо калмак, манжуунун төрөлөрү арстан Манас айбатынан жалтайлашып, бу Манас түбүбүзгө жетет бейм, чаап алчудай камындык, Мааникер сурап жаңылдык, дешип эстерине келишип, анан: “бул айыпты кечиңиз, кечпес болсоң айыпты, мынакей башты кесиңиз”, - деп кечирим сурашып, тыйылып калышат. Мына ушундан кийин эки тарап теңдешип, калмак, кыргыз элдешип, эрегишүү токтоп, тынчылык шартта керней, сурнай тартылып, аштын шаан-шөкөттөрү башталат.

Page 44: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

44 

Ат чабыш, жамбы атыш, балбан күрөш, эр сайыш болот. Алоокенин алааматуу чапкынынан кийин араң дегенде Ала-Тоо конушту кайра таап, өз мамлекетинин устунун кайрадан жаңыдан тургузган кыргыздар үчүн калмак, кытайдан жана бөлөк-бөтөн калктардын көз алдына аштагы мелдештерде мөөрөйгө жетишүү чоң ар-намыстын иши эле. Бул да болсо, аш берген кыргыздардын түптүү эл экенин билгизген белги болуп, ак калпак журттун аброюн бекемдемек. Ушуну түшүнгөн кыргыздар ар бир мелдеште “а кудай берегер!” – дешип, аксарбашыл айтып, жардана карап, жеңишти тилеп турушат. Оңдой берди болуп, таймаштарда Ала-Тоолуктар утуп, биринчи мөөрөйгө ээ болуп турушат. Бирок балбан күрөшкө келгенде кыргыздар үчүн кыйын кырдал түзүлөт. Калмак-кытай тараптан “алты батман буудай жеп, дан жыттагын чоң Жолой, алтымыш алпты бир союп, кан жыттагын чоң Жолой күрөшкө чыгат. Кыргыз менен казактан Жолой менен күрөшүүгө эч ким чыкпай коёт. Не бир менменсинген баатырлар, балбандар Жолойго даапбара алышпай, үрөйлөрү учат. Ушунча мусулман дүйнөсүнөн Жолойго теңтайлашар киши чыкпаганына хан Манас ичинен сынып, Кошойго кайрылып, “айла канча, балбаныңыз жок болсо, элди күттүрбөй байгесин ээсине ыйгарыңыз, же болбосо күрөшкө өзүңүз түшүп бериңиз”, дейт. Ошондо сексенден ашкан Кошой дөө, атаганат, “бу Жолой элүү беш жашта кез келсе, эптебей турган эр белей, кутурган шумдан кем белем, деп катуу өкүнүп алат да, эми намысты колдон кетирбейли, калмактын көөнүн тыңдырбайм, кабыланым шагың сындырбайм, калкына уят кылдырбайм, карысам да тобокел”, - деп Жолой менен кармашка чыгууну чечет. Кошой сарамжалдуу Каныкей камдаган кандагай шымды кийип Жолойду беттейт. “Ооздон оту буркурап, көзүнөн жалын шыркырап” Жолой күркүрөп ордунан козголот. Эки дөө бири

Page 45: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

45 

бирин улактай ыргытып, көк букадай челишип, арстандар-часынан алышып күнүндө да, түнүндө да жеңише алышпайт. Түн ичинде миңдеген эл котолоп, “панардын баарын алдырып, эче миң чырак жандырып”, балбандардын кармашын карап турат. Эртеси күндүзү, түшкө маал эки балбан бири бирине сүйөнүп тирешип турганда Кошой үргүлөп көшүп түшүп, анан андоостон көзү илинип, уктап кетет. Ушул ирменден пайдаланып, Жолой Кошойду күтүүсүздөн таптак башына көтөрүп, кашындагы алачык үйдөй болгон чоң ташка уруу үчүн аттап-буттап жөнөп калат. Ошондо Манас жаны чыгып: “Кара баскан абаке! Көзүндү ач, кокуй! Каңгайга намыс алдырдың, жаман атка калтырдың”, - деп жер-сууну бузуп бакырып жибербеспи. Кошой селт этип, көзүн ача калып, бир жулкунуп жерге түшүп, ачуусу кайнап, тиштенип туруп, шумдуктуу албуут күч менен тоодой Жолой балбанды томкоруп жерден алып, тарс эткизе көтөрүп урду да, башын аттап кете берди. Жолойдун жыгылганына ызаланган калмактар эмне үчүн Кошой салтты бузуп, балбаныбыздын башын аттайт дешип, ушул шылтоого жамынышып, түрүлө козголуп, доолбастарын уруп, буруттарга кылгылыкты кылабыз, деп кыйкырык-чуу салышып, кыргыздарды каптап, качырып киришет. Манас баштаган баатырлар калмак, манжуунун жолун тосуп, жинин кагып, аларды экинчи жолу токтотуп, тынчтандырышат. Балбан күрөштөн кийин эр сайыш башталат. Эр сайышка калмак, манжуу тараптан Коңурбай, кыргыздар тараптан Манас чыгат. Бул эр сайыш эки тарап үчүн тең үлкөн мааниге ээ болот. Эки хандын беттешүүсү аштагылар үчүн бири бирине жоо эки элдин беттешүүсү сыяктуу кабыл алынат. Ошон үчүн бул кыйын кырдаалда эки баатыр тең жеңилип калууну өз элинин мөөрөйдү колдон алдырышы жана калктын намысын кетиши катары санашат. Ошондуктан эки баатыр

Page 46: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

46 

тең эң акыры мүмкүнчүлүктөрүн жумшашып, сайышка катуу даярданышат. Каныкей албарс болот өгөтүп, ортосуна төктүрүп, алты жыл мээнеттенип жасаган ак олпокту Манаска кийгизет. Ошол тушта каруу-жарагын шайланып, ортого ат ойнотуп чыккан Коңурбайды көрүп ал:

Көк күбө чопкут жамынып, Алоокенин Коңурбай Көк жолборстой чамынып, Октой болгон Алгара Окторулуп бастырып, Очогор мылтык асынып, Көк найзаны колго алып, Көркүн көргөн таңданып, Аларга ат менен шаңданып, Айбаттын көргөн таңданып, Чоң күрсү сабы чочоюп, Чоң кара ат менен очоюп, Найзасы колдо койкоюп. Алтын наал, жез өкчө, Кытайча өтүк чойкоюп, Кылычы белде кыңгырап, Көк найзасы зыңгырап, Ак канжар жанда шыңгырап, Ач арстандай ыркырап, Көк желеги жалпалдап. Көркүн көргөн душманы, Барар эмес жакындап.

Манас менен Коңурбай бири бирин ач арстандай качырышып, айкырып найза сунушуп, айыгышкан кармашта алтымыш найза сындырышат. “Кайнаган калмак бакырат, какандап

Page 47: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

47 

ураан чакырат, кыргыздар тынбай бакырат, кабылан деп ураан чыкырат”. Акыры Манас алп күчүн жыйып, каардана качырып барып, сыр найза менен таамай муштап өткөндө, Алоокенин Коңурбай Алгарынын үстүнөн тоо кулаган эмедей күркүрөп учуп түшөт. Манас жандай чаап, Алгараны кармап, олжолоп алып кетээрде жеге оонап калган Коңурбай тура калып, жансоогалап, “тизеси жерге бүгүлүп, келин болуп жүгүнүп”, Алгара атым берип кет, деп Манастан өтүнөт. Манас кенендик кылып, Алгаранын чылбырын Коңурбайды көздөй ыргытат. Ошентип, тагдырды таразага койгон эр сайышта да Манас утуп, кыргыздар дагы чоң мөөрөйгө жетишет. Чоң намыс колго тиет. Байгени көпчүлүк эл камчыга ченеп бөлүп кетишет. Акырында Көкөтөйдүн ашы чоң чатак менен аяктайт. Жамбы атууда, балбан күрөштө, эр сайышта, ат чабышта жеңилгендерине ызаалаган калмак, манжуу кайрадан чуу чыгарышып, көптүгүнө салып, аш берген элди селдей каптап, ат байгени кыргыздардын өздөрүнө ээ кылбай талап алышып, бет келгенин токмоктоп, жылкы кайтаргандарды сабап, кереге-уукту кыйратып, кемегедеги казандарды көмкөрө тээп, тополоңду салышат. Жаалданган Манас кырк чоросу менен калмактарга кайрадан калайманды салып кирет. Бирок кыжылдаган көп калмак аскалуу жээке согулуп, кайра күр-шар этип артка тарткан деңиз толкундай тизгиндерин кайра Каңгай жакка буруп, моюн бербей, кара таандай чуулдап, кара бороондой дуулдап, ойдон-тоодон жылкы алып, олжо кылып мүлк алып, Каркыранын бетиндеги калың жылкыга тийип, күтүрөгөн сансыз төрт түлүктү үркүтүп айдап, Текестин суусун кечип өтүшүп, “эми эр болсо бурут келсин, эрмектешип көрсүн” - деп, өз мекендерин көздөй чаң ызгытып жөнөп кетишет.

Page 48: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

48 

IX

Калмактын бул кылгылыгына Манас каны кайнап, өрттөй көзү жайнап, эрдин кесе тиштеп, “каалагандай кашка тиш, бөлө-бөлө чайнаган”, ошондо. Айкөлүн акыл токтотуп ойлонот: “канчалык агарайын десем да, бу караан калган калмак карарганын койбойт экен го, ардактап ашка чакырсак, тоодой кылып эт тартсак, кызыл алтын мал берсек, кызыл куйрук нар берсек да кылып турганы бул. Бизди эл деп санабайт экен го, кастыгын калтырбайт экен го. Эми бу калмак, манжуун кутуруп, кыргызды көздөй жутунуп, кайра келбей койбос, калайманды салбай койбос. Эми басына берсек болобу, башчысын кармап соёлу, кызыккан экен кыргызга, кыйынсынган кызыкталарга кыргын салып коёлу, талкалашып тыналы, биртоло баш көтөргүс кылалы, тагдырга жазган жазууну, көрүшө турган күн окшойт, ажал жетип, күн бүтсө, о, журтум, өлүшө турган күн окшойт!

Арстан Манас бакырат, Баатырларын чакырат: Көк найзасын көтөрүп, Бара турган эр кайда? Калмакка намыс кетирбей, Ала турган эр кайда? Абаке Бакай жол башта, Жүрө турган жол кайда?

Ошентип, зордукчу, баскынчы жоого каршы Манас айтылуу Чоң Казаты башталат. Кыргыздын колу дүңгүргөп, Кангай, Бээжинди карай аттанат. Бээжин тарап көрө элек эл тааный элек жер болгондуктан күн мурун алды жакка кайгуул салып, жер чалып, чалгынчылык жүргүзүү зарыл эле. Бул жумуш үчүн Манас баштаган жердин

Page 49: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

49 

уусун, элдин сырын билген Алмамбетти тандап алат. Ырасында эле бөтөн чоочун эл-жердин сырын билген жагынан кыргыз ичинен Алмамбетке эч теңтайлаша албайт болучу. Анын үстүнө Алмамбет керек учурда артына каржаадырып, изин жашырып кете бере турган жайчы да эмеспи. Чалгынчылыкка Алмамбеттен артык жан болбос. Ошон үчүн Манас:

Элкин келген калмакка, Элимдин баары тең болбой, Качып келген калмакка, Калкымдын баары тең болбой, Жол билген киши жол билет, Кол билген киши кол билет,

- деп ойго турбайбы. Каңгайды билген өзүң бар, кабылан Алмам жолду чал, деп Манас Алмамбетке өчөшкөн жоону жайлаган, өлүмдөн кайра тартпаган сырттан заада Сыргакты кошуп берип, чалгынга жөнөтөт. Бирок ошо тушта Манас кошуунда ойго келбеген опосуз иш болот. Ырамандын Ырчуул, тебетейи чоктуу уул, айтар оозу шоктуу уул Акбалтанын Чубагына келип: “Сен кыргызга кызматың өткөн чыгаан элең, бу сен качантап бери кеп-кеңештен калгансың? Эмне үчүн чалгынга сен барбай, Алмамбет калмак барат? Алмамбет кулдан эмнең кем? Кугуруп кеткен куу калмак, өкүмүн алды колуңдун, өрнөгүн алды жолуңдун, эсеби алды элиңдин, кубатын алды белиңдин”, – деп айтып, баатырды ардантып, намысына тиет. Ырчуулдун сөзү катуу таасир кылып, Чубактын көөнү дароо карарып, сокур намысы ойгонуп, жини кайнап чыгат. Терең ойлонбой, куру намыска алдырган Чубак эмне үчүн журтунан тентиген калмакка ишеним көрсөтүлүп, мен кеп-кеңеште жокмун? Алмамбет кетип чалгынга, артыңда калчу мен белем, ыя! Бөлөк бөтөнгө

Page 50: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

50 

тобумду башкартып, тизгинимди бербеймин. Канетип муну жөн коём, артынан жетип, Алмамбетти соём, деп көк тулпарын шарт минип, доолбасты тарс коюп, айкырыкты салып чаап жөнөйт. Кошуунунун ичинде бузук иш башталганына тынчсызданган Манас Бакайга кайрылып: “Абаке, акылга дыйкан жан элеңиз, сөзүңүз жанга дары эле, Чубакты токтотуңуз”. Караңгыда көз тапкан, капылеттен сөз тапкан кеменгер Бакай Чубактын алдынан чыгып: “Ай-ай, балам, куру бекер арданганыңды токтот, ачууга алдырба. Куш канаты менен учуп куйругу менен конот. Манас Манас болмогу экөөбүздөн. Биз ичибизден бузулсак, пил да болсок жыгылабыз, миң да болсок кырылабыз, бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кен кетет. Алмандын шагы сынбасын, анын кылган кызматы сен үчүн, мен үчүн, кыргызга кызмат кылып аткан Алмамбетке кыйкырып каршы барганың кандай?” – деп зекий сүйлөп, насаатын айтат. Ангыча булардын жанына Манас барып калат да, куру убара тартып күүлөнүп алган Чубактын жорогуна бир чети күлүп, бир чети капааттанып: “Чубагым, чуу көтөрбөй бу күндө, билгичтик кылар убагың” – дейт. Каны кызып турган Чубак: “Кеңештен Чубак калганы, Алмамбет тизгин алганы. Он үч жашымда Алтайдын Арал көлүндө өзүң менен кошулдум эле, антташкан сөз кана? Күлүгүм Манас сен болдуң, күймөлгөн чобур мен болдум, күйгүзүп Манас не болдуң?” – деп Манаска нааразылыгын, дооматын айтып күпүлдөйт. Буркан-шаркан түшүп бугу чыга түшкөн Чубактын оолукканы бир аз пастай түшөт. Ошондо, Манас кой, муну Алмамбетке беттештирип, ичиндеги кыйшыгын түзөйүн, экөөнү элдештирейн, чалгын эле десе, кайгуулга үчөө бирге жөнөшсүн деп ойлоп, Чубакты алып, атына камчы уруп, алдыга жөнөп калат.

Page 51: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

51 

Арт жакта күүлөнүп чаап келатышкан Манас менен Чубакты көргөндө “ишенбеген кишидей, аркамдан чабыш не жумуш?” – деп Алмамбет бушайман боло түшөт. Жакындап келгенде ал Чубактын ачуулганган түрүн байкап, Акбалтанын уулунун эрегишип чатак чыгарганын туюп коёт. Чубак Манастан бута атымдай алдыга бастырып келип Сары-Белдин карындагы Алмамбет менен Сыргакка салам айтканда, Алмамбет алик албай, тетири карап отуруп алганы. Алик албаган Алмамбетке Чубактын ого бетер ачуусу келип, ал дагы ага далысын салып, ичинен шакардай кайнатат. Ушул тушта “элдүүнүн баары экен, не десе кеби эм экен, элинен азган жигитке, эртелеп өлүм эп экен”, - деп Алмамбеттин каңырыгы түтөп турду. Акыры бири-бирин кордоп айтышкан сөздөргө чыдабай эки баатыр чарт жарылышты. Чалгын чалар сенсиңби, оорукта калар менминби, деп Чубак кылычын кындан сууруп алып, Көгаласына ыргып минет. Эрдемсинген Чубагым, кагайын сенин жиниңди, деп Алмамбет Сарала тулпарына камчы уруп, эки миздүү көк болоту менен Чубакты качырып сала берет. Ошондо кабылан Манас күркүрөп ортого түшө калып, Сараланы оң колу менен, Көгаланы сол колу менен ооздуктан алып токтотуп, эки баатырды арачалайт. Манас нааразыланып, ачууланып: “Жоо жакадан, бөрү этектен алып турганда, экөөңөр калп эле жолдон жөөлөшүмүш болуп, менден бөлүнүп кетейин деген экенсиңер. Мейли, экөөңөргө ишенчү элем, эми Каңгайга өзүм жалгыз жөнөйүн, ажалым жетсе өлөйүн, айкырышкан эки акмак, өлүшүп кетчү көрөйүн”, - деп экөөнү эки жакка кагып жиберет. Ошондо Алмамбет менен Чубак айкөл шерге уят болушканын дароо сезишип, экөө эки жакка ажырап кетишет. Чубак жаңылгынын түшүнүп Алмамбеттен кечирим сурайт. Эки баатыр элдешип, кайрадан

Page 52: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

52 

ак бөкөндүн кылындай суурулушуп достошуп, анан Тал-Чокуну карай бирге жөнөшөт.

Page 53: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

53 

X Тал-Чоку деген чокусунан калмак, кытайдын жери, Каңгай аймагы бүт көрүнгөн бийик тоо экен. Ошол Тал-Чокунун бийигинде туруп, Алмамбет баатыр Манас, Чубак, Сыргак үчөөнө калмак, кытайдын чөлкөмдөрү, аймактары жөнүндө аңгеме куруп, Коңурбайдын, Нескаранын, Жолойдун жана башка алп дөөлөрдүн эл жерлери кайсыл экендиги, Чет-Бээжин, Түп-Бээжин деген кайда болордугу жөнүндө кең-кесири айтып берет. Ушундан соң Алмамбет, Сыргак экөө андан ары чалгынга узашат да, Манас менен Чубак арттагы кошуунду көздөй кайра тартышат. Жол чалып кайгуулда жүрүп, Алмамбет Сыргакка калмак-кытайдын жерлерин көргөзүп, ал жерлердеги калктар жөнүндө аңгеме куруп, “түмөндөгөн Каңгайга, түз эле кирер эл эмес, бел байлаган бели бар” деп түшүндүрүп, Манас баштаган бул казаты оңой казат болбостугун айтат. Ошону менен бирге өз туулган жерин көргөндө, Алмамбеттин “көңүлү жаман бөлүнөт, көзүнөн жашы төгүлөт”. Манас бул чоң жортуулунда Алмамбет өз эл-жерине каршы барды деп-түшүнүү жарабас эле. Ал Эсенхан, Коңурбай, Жолой, Нескара сыяктуу адилетсиз хандардын, төрөлөрдүн, башчылардын зордукчул бийлигине, алар орноткон акыйкатсыз тартиптерге, бийликтин “кол жоолугуна” айланган куралчан аскерге каршы баратат (Алмамбеттин өз жеринен эмне үчүн куулуп чыкканын эске түшүрөлү). Жакшылап кылдат байкоо салган адамга Алмамбеттин тереңинде Манас досунун жардамы менен өз тууган элин зордукчу бийликтеп куткарсам деген да кунуя мүдөө жок эмес. Эгерде жогорку өкүмдар Эсенхандын ордуна Алмамбет такка отурса, Ала-Тоону Манас сурап турса калмак, манжуу менен кыргыздын ортосунда жоолашуу токтоп, бейпилчилик, ынтымак орнор беле.

Page 54: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

54 

Алмамбет менен Сыргак аярлык менен чалгын салып, жоонун сагызгандан сак кароолчуларынан кылдаттык менен шек билгизбей өтүп, акыры алиги Каркырадан сурулуп келген кыргыздын күтүрөгөн калың жылкысын Кыр-Кайын деген жерден табышат да, олжолонгон сан түмөн жылкыны дүңгүрөтүп айдап, кайра артка жөнөшөт. Жылкычы Карагул “куугун бурут жетти деп, жылкысын айрып кетти деп” Коңурбай баатырга чаап жетип, кабар салды. Коңурбай калмак, кытай, манжуунун бүткүл аскерин дүңгүрөтүп, Каңгайга чоң жортуулга келген бурутка каршы көтөрдү. Чоң Казат, кандуу чоң согуш башталардын алдында Манас колуна бет алып келаткан душмандын колун көрүп ал:

Токсон миң кошуун толкуду, Канча калмак калкыды, Алдары арбын күчтүүсү, Найзасы албарс учтуусу, Кылычы кыйда куртчтуусу, Жөөлөрүн көрсөң, андан көп Буттары бар мунардай, Колдоруна карасам,

Көп токтолгон чынардай. Ак көтөрбөй жөө баскан Айбатын көргөн адамдар Акылынан чын шашкан. Айта берсе жомогу, Ар бирөөсү бир дастан, Алптын зору анда бар, Айдаган койдой жайнаган. Калктын көбү анда бар, Күрсүсү үйдөй балбан бар,

Page 55: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

55 

Күрөшкөнүн алган бар. Оозунан тиши оркоюп, Камандан мурун чалган бар. Баарысынын баатыры Эр Коңурбай зардал бар. Кырмуз шаанын Мурадыл, Кызыл чоктуу Нескара, Калмактардын Ушаңы, Кара жалдуу Бороончу, Каңгайлардан Ороңгу, Доңуз мүнөз эр Жолой, Токшигердин Бозкертик, Колун айдап которгон Солобонун Соорондук Түпөктүү найза кылкылдап, Дүйнө жүзү былкылдап. Кайнаган каңгай көп экен, Көптүгү мунун чөп экен, Өлгөн сайын өрчүгөн Өлөрман тууган эл экен. Түгөнөт десе, түтөгөн, Тумандай басып күчөгөн, Түптүү каңгай эл экен. Калындыгы кытайдын Кумурскадай мол экен. Айланасы Каңгайдын Кумдан калың кол экен.

Ал эми Каңгайга селдей күркүрөп кирип келген шер Манас колу бул:

Каптап келген кыргызда Карыясы Кошой бар,

Page 56: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

56 

Кабыландар кошо бар. Калкылдап келе жатканы – Кадимки Манас арыстаны,

Элемандын Төштүгү, Эштектен бар Жамгырчы, Казактардан Көкчө бар, Кара жаак Үрбү бар, Анжыяндын Санжыбек, Буудайыктын Музбурчак, - Кырк баатырдын баары, бар, Кыраан Бакай кары бар. Кырк чоронун башчысы Кыргыл сындуу чалы бар. Күлдүрдүн уулу Чалыбай, Күлдүргүчү Ажыбай, Кыйындын бири Кутунай, Кара Токо, Мажиги, Камбар уулу Чалиги, Алчындардын Атайы, Үйшүндөрдүн Үмөтү, Үмөт уулу Жайсаңы, Бообек, Шаабек, Шүкүрү, Арбандардын Алтайы, Дөрбөндөрдүн Төртайы, Төлгөчү кара Төлөгү, Өнөрү журттан бөлөгү, Агыдай далы көрүүчү – Ашкере айтып берүүчү, Топтун башы Токотой, Эл билгичи Элеман, Калк бийлеген Калкаман, Серендеген Сереги –

Page 57: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

57 

Серпишкен жоого чыйрагы, Коңгуроолуу Кошабыш, Кош башкарган эр Ыбыш, Алымдын уулу Алакем, Арыстан Мажик бар экен. Караңгыда жол жүрсө, Калың кыргыз жол жүрсө, Карсактын изи жаңылбас, Кадыр, Жайык, Шууту бар, Калк чайкаган куусу бар. Түн ичинде жол жүрсө, Түмөн кыргыз мол жүрсө, Түлкүнүн изин жаңылбас, Түмөн, Жайнак, Шууту бар, Түмөндөп чыккан ушу бар. Казактан бар Жоорончу, Кара тейит журтунан Кайкыл, Бөкөл, Тоорулчу, Шыңгынын уулу Кербени, Шышты кашка Дөрбөнү, Бөрү жолду Бөгөлү – Жоону алыстан көрөрү. Ырчуул, Бозуул – ыктуусу, Эр Тазбаймат мыктуусу, Кас душманга камданып, Каршы чаап чыктуусу, Кара Түлөө, Кабыке, Жаңгыр уулу Жабыке, Кутунайдын куу жигит Кубулжуган шум жигит, Баатырлардын баары бар, Башчысы Кыргыл кары бар.

Page 58: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

58 

Кылычтын мизи кылкылдап, Найзанын учу жылтылдап, Көпчүлүккө көз жетпей, Жер союлуп былкылдап, Асаба желек жалпылдап, Алтындуу туулар жаркылдап, Аргымак аттар алкылдап, Атылса, мылтык тарсылдап, Кагылса, доол карсылдап, Айбатын көргөн адамдын Азат бою калтылдап.

Жер майыштарган ушул эки кол бет келип салгылашардан мурда олжологон кыргыздын жылкысын кайра артка кайрып, кууп келаткан Алмамбет, Сыргак, аларды артынан издеп барган Чубак ушул үч көкжал калмак-кытайдын аскери менен биринчи беттешип, душмандын чабуулуна биринчи болуп көкүрөктөрүн тосот. “Минди көрсө шашпаган, минди көрсө бир өзү, көп экен деп качпаган, санды көрсө бир өзү, санааркап жоодон качпаган” эр Алмамбет жоонун алдын тосо чыгып, аскеринин алдында “кызыталак буруттун, сазайын колго берейин, талпагын ташка керейин”, деп каарданып келаткан Коңурбай баатырды качырып барып кабыргага сайып жарадар кылат. Капталынан кан аккан Коңурбайды калкалап кабыланчасынан качырып келген Мурадыл баатырды Алмамбет андай-мындай дегиче, ачып көздү жумгуча аттан сайып түшүрдү. Бакырыгы баш жарып, айкырыгы таш жарып, Алмамбетке карай ат койгон Ушаң дөөнү аңдып турган Чубак капыстан капталынан качырып барып сайганда, Ушаң ээр үстүнөн камгактай учуп түштү. Ушан дөөгө болушуп, Бороон дөө Чубакты сайып жыгаарда Алмамбет таштай зыркырап учуп жетип, Бороон алпты найза

Page 59: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

59 

менен коюп өттү. Бирок кошууну кара таандай, атып жаткан октору, асмандан түшкөн жаандай аскерге туруштук бере албай, Бороон дөөдөн найза жеп жараланган Чубак, Бозкертик калмактын найзасы сайылып, жонунан кан аккан Алмамбет артты карай чегинишет. Сан жылкыны үркүтүп айдап бараткан сырттан Сыргак, Алмамбет менен Чубакты кууп келаткан Бозкертиктин астынан чыгып, Сырбаран менен бир койгондо, Бозкертик баатыр шалак этип кулап түшөт. Кыргыз менен калмактын чоң согушу мына ушундайча башталат. Кошуунунун астына кеткен Манас маралдуу суунуп боюнда Алмамбет, Чубак, Сыргактан кабар күтүп жалгыз жатып, көзү илинип, тарс уктап кетет. Жоодон куугун жеген Чубак чапкылап жетип келгенде, Манас коңурук тартып катуу уктап жаткан болот. Чубак “калмакты кудай урду деп, катүгүн төрөм тургун деп”, шашкалактап ары-бери жулкулдатса да, Манас ойгонбойт. Кулагына доолбас урса да сезбейт. Айласы түгөнгөн Чубак акыры, атчан качырып келип найза менен сооруга бир сайып өткөндө, ошондо араң Манас ойгонуп: “Эмне болуп кетти” – деп эки жагын карайт. “Манас уйкусундай”, “Манас уйкусун салып” деген сөз ушундан калган. Манас үчүн уугу сугарган, бөрү тил мизин чыгарган, шамалга тийсе ырдаган, тийген жери ырбаган найзасын сундуруп, шибирге койсо өрт кеткен.

Кара чаар жолборсу Жолду баштап калыптыр, Айбаты башка көрүнүп, Асманга тозоң бөлүнүп, Айкырып баатыр киргенде Калмактын чети сөгүлүп,

Page 60: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

60 

Аккула менен чуратып, Астына каршы келгенди

Ак найза менен сулатып, Алыскысын найзалап, Жакыныраак келгенин Ат албарс менен кайсалап...

Манас айкырып салган алааматына чыдабай жоонун колу кайра артына жапырылды. Манас артынан Манастап ураан чыкырып, жаачылары жаа чоюп, аламандап ат коюп, мылтыктын үнү тарсылдап, доолдун үнү карсылдап, саадактын огу шаркылдап, асаба желек жалпылдап, кыргыздын колу жур солкулдаткан чуу менен согушка кирди. Колду баштап алышса, адамдын тиши өтпөгөн Чубак, Сыргак, Алмамбет, Бакай баатырлар, кызыл өрт болуп күйгөн кырк чоро чабуулга өттү. Мына ушинтип, Каңгайдын Ит-Кечпес деген жеринде кызыл кыргын согуштун өртү алоолоп күйдү. Эки тараптан тең кан суудай акты. Чоң салгылаштын алааматын көрүп туруп жүрөгүң түшүп, денең калтырайт. Карачы: “Ушул согуш ичинде, арманы жок алышып, аянышпай салышып, ажалы жеткен өлүшүп, кызыл канды төгүшүп, нечен тулпар ат өлүп, азамат менен эр өлүп, көз болгондун баары өлүп, бириндешип салышып, бөлүнүшүп алышып, кызып калган эрендер, кайрадан-кайра алышып, ат үстүнөн жулушуп, ары-бери булкушуп, аты өлүп калганы, жөө-жалаңдап күрөшүп, бирин бири жыгы албай, дал-дал болуп кийими, ары-бери сүрүшүп, башын кесип алышып, иче кардын жарышып, бирин бири аябай, аз-көбүнө карабай, канды суудай агызды, канга батып калышты. Каңгайлык менен кыргыздар, качпай туруп салышты, күндүз тынып калган жок, күн мезгилин алган жок, түндө тынып калган жок, түн мезгилинин алган жок, башы челек кан болду, бүткөн бойдун баарысы, кыймылдагыс дал

Page 61: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

61 

болду, өлүк тоодой үйүлдү, дөбө болуп жыйылды, калмак менен кыргыздар, кан жүргүзүп кырылды”. Кырчылдашкан уруштун кызуусу менен Манас баатыр Ит-Кечпестин найзы бойлобогон терең дайрасына кирип кетет. Калмактар да сууга кирет. Салгылаш суунун ичинде уланат. Дайра кызыл канга боёлот. Бир маалда Айманбоздун ичи дардайып көөп чыгып Манас сууга ага баштайт. Дайранын кууш жерине келгенде аты менен калкып агып бараткан Манаска Коңурбай акмадай келип, жээктен таамайлап найза сунат. Бирок кыргыздын арстан шери Коңурбайга суунун ичиндеги кыйын кырдаалда да алдырбай, кыраан баатырларынын жардамы менен Көл-Кечүүнүн көк ириминен аман-эсен чыгып кетет. Ааламда жок алааматтуу согуштун биринчи чоң салгылашуусунда кыргыздын колу нечендеген жоготуулар менен ийгиликке жетишип, калмак, манжууларга кыргын салып, жоону артка сүрөт. Манас, Бакай, Алмамбет, Чубак, Сыргактар Жолой дөөнү баш кылып, душмандын далай атактуу алптары менен найзакер дөөлөрүнүн күлүн көккө сапырат.

Page 62: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

62 

XI

Эки тарап экинчи чоң салгылашууга камынышып, ортодо бир нече күн таныгуу болот. Бир күнү кыргыздар үчүн күтпөгөн кызык жумуш болот. Каңгайдын ханы Коңурбай капыстан Манас алдына өзү келип, эки колун бооруна алып, жарашалы, эрегишпей туугандашалы, кармашканды коёлу, ынтымакка келели, деп суранат. Асыл мүнөз айкөл Манас жарашууга макул болот. Эмесе, ниетим сүттөн ак, сыйымды көрүңүз, эп болсо атка миниңиз, мени менен жүрүңүз, деп көңтөрө колун куушуруп, өтүнүч кылат. Амалдуу калмактын ичиндеги арам оюн байкабай Манас Аккуласын минип, Коңурбайды ээрчийт. Ордосуна келгенде алаксытып алдап туруп, Коңурбай айбалта менен Манасты башка шилтеп калат. Манас башын бура бергенде айбалта моюнуна тийип, бир шилисин таарып кетет. Айкөл шер ээрге өбөктөп жыгылып, Аккуланын жалына кызыл ала кан чачырайт. Каңкор калмак бир балээ кылбасын деп Бакайдын кеңеши менен шектенип жетип барган Ажыбай баатыр убагында окуянын үстүнөн чыгып калып, Коңурбайды кылычтап жарадар кылып, оор жаракат алган айкөлдү калмактардын куугунан куткарып кетет. Согуштун өртү кайрадан алоолонун жанат. Калмак, манжуу кара курттай кыжылдап кайрадан чабууга өтөт. Кыргыздын колу кызыл өрт болуп кайрадан калмакты каптайт. Уруш шамал үйлөгөн оттой дуулдап күч алат. Бирде кыргыздар артка сүрүлсө, бирде жоо артына чегинет. Салгылашта артык туулган Алмамбет, арстан Чубак, сырттан Сыргак айрыкча эрдик көрсөтүшөт. Алар калмактарга ителги таанга тийгендей бүлүк салып, бет келгендин таш талканын чыгарып, жоонун чекесине чыккан чыйкан болушат. Ошону менен бирге үч баатыр тагдырды таразага койгон кысталыш учурда бири-бирине чукулунан жардамга келип, бири-бирин өлүмдөн

Page 63: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

63 

сактап, өз ара күйүмдүүлүктүн жана кыйышпас-тыктын жогорку өрнөгүн көрсөтүшөт. Манас оор жаратына карабай Аккуланын үстүнөн түшпөй, каарданып бакырып кошуунуна кайрат берип турат. Артка чегинген кыргыздардын алдынан тосуп, тепсеп келген калмакка, тепселип кантип кетебиз, кара башты куткарып, не муратка жетебиз, ажал жетсе көрөлү, намыс үчүн өлөлү, деп айкөлүн жоокерлерге дем берип, кайра урушка салат. Манас жарадар болгондугунан пайдаланышып, “бел байлаган бели жок, белгилүү Манас шери жок”, дешип калмак, манжуу кайрадан күч алып, кара тумандай басып кирген кыйын саатта жаралуу Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак сыяктуу жолборсторуна кайрылып баатырдык ар-намыс жана кыргыз калкынын тагдыры жөнүндө терең ойлонуп, мына момундай сөзүн айтып турут:

Кызыл найза желегим, Кырааным, берен Алмамбет – Каңгайдан келген белегим. Эгизим, Чубак, көсөлүм – Эсимден кетпес эгерим, Астына салсам, ак жолум, Асылым менин Сыргагым Алышкан жоодо, шумкарым, Атышканда сан колум, Үч бирдей менин эгизим – Телегейи тегизим. Калк баштаган эрлерим, Кайраты кабат шерлерим. Качып кетсем урушпай, Каптап каңгай кетпейби, “Манас качып кетти!” – деп, Кууп жүрүп, кыргыздын

Page 64: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

64 

Түбүнө манжуу жетпейби!

Манас бул сөздөрүнүн түп маанисине терең түшүнгөн жана демденип кайраттанган туйгундар эки эселенген күч менен калмактарды кайрадан күркүрөгөн кыян болуп капташты. Денелерине кылыч, найза тийип, чокуларына чокмор урулуп, нечен жерлеринен жараланышса да Алмамбет, Чубак, Сыргак кабыландар ок жыландай ойношуп, бет келгенин сойлотушуп, чымын жанын аябай, өлөмүн деп санабай катуу уруш салышып, Каңгайдын колун кайрадан жапырып, артка айдап турушту.

Page 65: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

65 

XII

Бирок кан майдандагы абал бара-бара татаалдана баштады. Канчалык кырылса да калмак, кытай, манжуулар кайрадан түбүнөн түрүлө кайнап чыгып, кайрадан толкун болуптолкуп, тоолуктарды каптай берди. Кыргыздын колунун катары барган сайын суюла берди. Талаанын баары чаң болду, түздүн баары кан болду. Түгөнбөй түтөгөн калмак, кытайдын көптүгүн, кайрадан жамгырлатып жаа тартып, мөндүрлөтүп ок атып каптап келгенин көрүп Алмамбет: “Чубагым, Таласка эсен тартпайбыз, калмактан аман кайтпайбыз, белимден кармап бүктөп кет, Таласка сөөгүм жүктөп кет”, - деп жүрөгү бир жамандыкты сезип, Чубак досуна кайгылуу карап, ичинен түтөйт. Акыры, калмактын Шыпшайдар аттуу көзгө атар мергенинин урушка кириши менен жагдай чукулунан өзгөрүп, жоонун күнү тууй баштады. Караса көзгө илинбеген, кайда экени билинбеген шум Шыпшайдар Суркелтеси менен как чекеге таамай атып, казактын эр Көкчөсүн, сырттан Сыргакты оңкосунан түшүргөнү. Сыргактын артынан эр Чубак, кабылан Серек, эр Шууту, дагы далай кыргыздын шумкарлары, акырында арстан Алмамбеттин өзү Шыпшайдардын таамай аткан огунан “жалп” этишип, тулпарларынан кулап түшүшөт. Жолборсторунан айрылып, канаттары кайрылган кыргыз кошуундары уруш талаасында чуркурап өкүрүшүп, кыраандарды жоктоп турушту. Ошондо, Көкжалдарынын окко учканын уккан арттагы жарадар Манас көзүнөн жашын чубуртуп, “пейли жаман манжууну, жөн эле Бээжинге чейин сүрбөсөм, Манас болбой өлөйүн, кыраандардан айрылып, кыйналып карап тургуча, туулбай туна чөгөйүн!” – деп каарданып турду. Манас калган аскерин жыйнап, намыска туулган туйгундарым кайдасыңар, деп кыйкырып, кошуунуна кайрат берип, эми жарадар жанын аябай өзү баш болуп, урушка кирүүгө беленденди. Ошондо акырын өңүп келип, ары

Page 66: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

66 

жакта дагы аңдып турган оңбогон Шыпшайдар сырбараңы менен капыстан Манастын Аккуласын омурткага атып жиберет. Аккула окко учат. Манас көзүнүн жашын бурчактатып өлгөн Аккуланы мойнунан кучактап, көкүлүнөн жыттап, ичи өрттөнүп чок болуп: “Аккуладан айрылдым, Алмамбет, Чубак шерлер жок, эми кандай айла кыламын? Арбайтып жалгыз таштабай, Алмамбет, Чубак ала жат”, - деп амалы, түгөнүп, онтоп турду. Акыры, Манас Чыйырды энеси менен кайран катын Каныкей алмадай башка күч келгенде аткын, деп Аколпоктун жакасына ырымдап тигип берген жалгыз окту алып, Аккелтеге салып, мылтыкты мелтирей мээлеп, Каражой уулу Шыпшайдарды тиктеп туруп, “дүнк” эткизе бир койгондо, калмактын караан кылган мергенинин башы жулунуп, ыргып кетпеспи. Ошондо кыргыздын кошуунуна кайрадан күч-кайрат кирип, ал эми шер Манас каарданган караанын көргөн калмак, кытайдын колунда дүрбөлөң башталат.

Page 67: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

67 

XII

Касиеттүү Каныкей Таласта жатып, түшүнөн чочуп ойгонуп, оң жагына толгонуп, Каңгайдагы казатта бир жамандык болгонун жүрөгү сезип, кабырга сөөгү сөгүлүп, көзүнүн жашы төгүлүп, өзүнчө шек урун, ой ойлонот: “тултук мүйүз көк бука, суу түбүндө өкүрөт, сырттаным Алмам өлгөн бейм, карга айдаган Акшумкар, канаты жок калыптыр, Акбалтанын Чубагы, бир кордукту көргөн бейм, узун бойлуу чынары, кыбыла көздөй сулаптыр, кымбатым Сыргак өлгөн бейм, айкөлүм минген алтын так, буту кыйрап калыптыр, аттиң ай, Аккула окко учкан бейм, кырк уруу калмак, каканчы, айкөлдү тегеректеп алган бейм?!”. Каныкей тилимди алып, аман-эсенинде кайра тарт деп суранып, Манаска кат жазып, Семетей уулум чоңойсо минет деп атайы арнап багып жүргөн, секиргени бүргөдөй, семиргени сүмбөдөй, бугудай мойнун буруган, бута бою аң келсе, буйдалбастан чураган Нарбуурулду жетелетип, Бакайды алыскы кан күйгөн майданга жөнөтөт. Акылман шер Бакай күндөп-түндөп жол жүрүп, далай жерди кыдырып, нечен тоону сыдырып отуруп, акыры Манаска жетет. Ошо тушта жоо кыргыздын колун курчоого алып, Манасты тирүү кармап алууга далбастап турган кези экен. Бакай менен Нарбуурулдун келиши Манас өчкөн отун тамызат, өлгөн жанын тиргизет. Көкүлүнө тумар тыгылган, ок өтпөс жабуу жабылган Буурулду булкунтуп минип, асты жагынан ач арстандай сүрдөнүп, арт жагынан ажыдаардай түрдөнүп, айкөл Манас айкырып чабуулга кирет. Артынан Бакай баштаган кол “Манастап” ураан чакырып, ат коюп жөнөйт. Каңгай, кыргыз кошуундары кайрадан кагалышып, кызыл кыргын, сары сүргүн болот. Акыры кабылан Манас каарданып салган калайманына, эр Бакайдын ээ бербей кайсагына туруштук бере албай калмак, кытай кара жандан түнүлүп,

Page 68: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

68 

кайраты качып бүлүнүп, Каңгай, Бээжинди көздөй тополоң түшүп, качып берет. Калмак, манжууну кайра каптап келгис кылам, деп Манас жоону кызыл көчүк кылып сайып, катуу кубалайт. Кыргыз кошуунуна, Бакай менен Манаска бет келгендин баары өлүп, душман эсеби жок кырылат. Акырында шер Манас калмак-кытайды Бээжинге чейин сүрүп, өчөгүшкөн жоону уюгунда дагы талкалап, Эсенхан менен Коңурбайдын аскеринин белин мертинтип, далайга чейин оңоло алгыс кылып, жеңишке жетишет. Чоң Казат аяктап, өлгөндөн калган азганактай кыргыз колу Манас туусунун түбүнө жыйылды. Кызыл кыргында сандаган колунан, чоролорунан, баатырларынан, шерлеринен ажыраган Манас айбалтасын таянып, бүркүттөрүн жоктоп, өкүрүп-өксөп ыйлап турду, ошондо. Манас айбалта тийген жарасы кузгундап, улам күчөп, акыры оор ахыбалда Таласка кайтып келет. Асмандан күнү бүркөлүп, башына алтымыш санаа бир келип, Каныкей балтыр бешик Семетейди көтөрүп, сумсайып, баатырды алдынан тосуп чыгат да, “берендердин баарысын, сен калмакка белек бердиңби?”, - деп буркурап жиберип, кайра токтолуп: “Төрөм, бүгүн көргөн эртең жок, кеткенге кейиген менен айла жок, өлгөнгө өксүгөн менен пайда жок!”, - деп айкөлүнө кайрат берет. Алмамбет, Чубактын ордосуна келип түшүп, Аруукенин алдында Манас кан жуутуп өксүп турган жери: “Аккула окко учурдум, аяш, алтын айдар, чок белбоо, Алмамбет шейит кетирдим, аяш, Караан кылып отурган, эр Чубактан айрылдым, аяш. Мен калмакты көздөй жол чалдым, аяш, бээлесе, жанга табылбас, мен Сыргагымды жеп алдым, аяш, мен канатым окко жулдурдум, аяш, Кабыландан айрылып, мен каран күн жанды тындырдым, аяш, тебээлеп келген калмактан, Намысым кайрып мен алдым, аяш, эл намысы деп

Page 69: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

69 

жүрүп, аяш, мен эгиздерди жеп алдым, аяш, мен канатым өрткө алдырдым, аяш, кабыландын баарысын мен Каканчыга алдырдым, аяш!”. Каныкей кайнатма кара дары менен дарылап, “апы-үпү” деген керемет дарыларды сыйпап, нечен айлаларды жазаса да, жарасы айыкпай, арка моюн арасы кабылдап, Манас баатырдын кыл муруту шыйпайып, ахыбалы ого бетер кыйындайт. Ошондо Манас Каныкейге кайрылып: “Ажалым жетип мен өлөм, Букардагы Темиркан атаңа баш калкала, өлгөндө көргөн чунагым Семетейди көзүңдүн карегиндей сакта, он экиге келгенче ата жайын билгизбе, эне жайын туйгузба, тууганым Ысмайылга бере көр, мойнуна тумар тага көр, жашы он экиге келгенде, ичинен ок өтпөс тонду кийгизтп, ошондо эне-ата жайын билгизип, Таласты көргөз”, - деп керээзин айтат. Кулаалы жыйып куш кылган, курама жайып журт кылган кайран арстандын көзү жумула турган болгондо калайык-калк, журт башкарган жакшылар коштошкону чогулуп келишет. Токсондогу карт Кошой: “Кантейин Манас кабылан, кара жаак айбалта, кайкалатпай ким аштайт? Каңгайдан болсо чоң мүшкүл, алакандай журтумду, мунун акылын таап ким баштайт?” – деп кыргыздын мындан аркы тагдырын ойлоп, тилден калган Манас кашында каргылданып ыйлап турду. Каныкей, Бакай, Кошой кеңешип, өчөгүшкөн душмандар көрүн ачып албасын, жол үстүнө сүйрөтүп, даңгыттарга жарбасын дешип, маркум Манас сөөгүн Эчкиликтин кара тоосуна жашыруун коюшат. Каралуу болгон кайран жеңең Каныкей кабылан Манасын жоктоп кошуп турат:

Ата болгон жан өлөң, Баатырым, ак калпактуу кыргызга! Ободо чолпон жылдызым, Ордунду жоктоор кыргызың.

Page 70: АЙКӨЛ МАНАС - Wikimedia · Баскынчы Нескаранын колуна түшүп, кор болгон Маңгул элине акыйкат мамиле жасап,

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ \ АЙКӨЛ МАНАС 

   

 

70 

Асманда чолпон жылдызым, Артындан жоктоор кыргызың. Калайык, тунугу кетти жылдызың, Туйнугу кетти кыргыздын!..