57

kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

  • Upload
    others

  • View
    8

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан
Page 2: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан
Page 3: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан
Page 4: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

3

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын актуалдуу укуктук суроолору

Мазмуну:

1. Жаранды ДМЧА деп таануу ...................................................4

2. Социалдык укугу...................................................................9

3. Билим алууга укугу...............................................................18

4. Эмгектенүүгө укугу...............................................................21

5. Жарандардын кайрылуусунун тартиби: .................................24

5.1. Жарандык иштер боюнча сот органдарына..........................24

5.2. Кылмыш иштери боюнча....................................................42

5.3. Башка мамлекеттик мекемелерге......................................45

6. Башка укуктук маселелер......................................................52

Page 5: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

4

1-глава. Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чек-телүү адам (ДМЧА) деп таануу

Кайсыыйгарым укуктуумамлекеттик органжа-рандыДМЧАдептаануубоюнчаишмердүүлүктүжүзөгөашырат?

Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам деп таануу медициналык-социалдык экспертиза чөй-рөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, аймактык (район аралык) медициналык-социалдык эксперттик комисси-ялар (мындан ары - МСЭК) менен жүзөгө ашырылат. Медициа-лык –социалдык экспертиза жарандын жашоо-тиричилигинин түзүлүшүн жана чектелгендигинин даражасын, анын ичин-де эмгек ишмердигине мүмкүнчүлүгүнүн чектелишинин жана анын реабилитациялык дараметинин даражасын аныктоо мак-сатында жүргүзүлөт. Жарандардын экспертизасы милдеттүү түрдө аймактык ички иштер органдарында же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталуу менен жарандын туруктуу жашаган жерине (катталган) же убактылуу жашаган жерине ылайык, МСЭКтин тейлөө аймагы боюнча жүргүзүлөт.

Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чек-телүүадамдептаанууүчүнкандайдокументтеркерек?

1. Жарандын өздүгүн тастыктаган документтер:а) паспорт;б) 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгүн тастыктаган күбөлүк;в) ички иштер органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү маалым кат;г) 16 жашка чейинки балдар үчүн - туулгандыгы туура-луу күбөлүк;д) жаза өтөө жайларынан бошотулган жарандар үчүн жаза өтөө жайларынан бошонуу тууралуу маалым кат;е) жашай туруу укугу – чет элдик жарандар жана жа-рандыгы жок жарандар үчүн, эгерде алар жашай туруу укугу менен таризделген жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого уруксаты бар болсо.

Page 6: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

5

2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинен көчүрмө бөлүк (аталган документтердин көчүрмөлөрү медициналык ак-тка тиркелет).

3. Медициналык документтер:а) саламаттыкты сактоо уюмунун багыттама - форма N 88:- 18 жашка чейинки жарандарга – саламаттыкты сактоо уюмунун 18 жашка чейинки баланы медициналык –со-циалдык экспертизага багыттамасы;- 18 жаштан улуу жарандарга - саламаттыкты сактоо уюмунун медициналык –социалдык экспертизага ба-гыттамасы;- багыттаманын колдонулуу мөөнөтү – толтурулган күн-дөн тартып үч айга чейин;б) амбулатордук картасы, станционардык дарылоо туу-ралуу көчүрмө бөлүк, оорусун бышыктоочу медицина-лык документтер (консультативдик корутундулар, дарт аныктоонун жыйынтыктары ж.б.);в) иштеген жарандар үчүн эмгекке жөндөмсүздүк барак-часы.

Өзгөчө учурларда эмгекке жөндөмдүүлүгүнүн турук-туу жоготуусуна алып келген органдардын жана системанын функцияларынын болгон бузуулары, оорунун жүрүшү, мүнөзү жөнүндө баа берүүгө мүмкүнчүлүк берген медициналык доку-менттер болсо, жарандын арызы боюнча саламаттыкты сак-тоо уюумуна багыттама бербестен күбөлөндүрүү жүргүзүүгө уруксат берилет. Айрым учурларда медициналык –социалдык экспертиза жүр-гүзүү үчүн кошумча документтер талап кылынат.

4. Кызмат өтөөдөн бошотулган аскер кызматчылары жана ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн:

а) ооругандыгы тууралуу күбөлүк же Кыргыз Республи-касынын Коргоо министрлигинин аскер-дарыгерлик ко-миссиясынын (мындан ары – КРКМ АДК) же тиешелүү ведомствонун АДКнын токтому; б) кызматтан бошотуу жөнүндө буйрук.

5. Радиациядан жабыр тарткан жарандар үчүн:а) ушул жаран үчүн радиациялык таасир тийген факты-сын бышыктаган алгачкы документ (көчүрмөсү):- аскердик билет;

Page 7: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

6

- Чернобыль атомдук электр станциясындагы авария-нын кесепеттерин жоюучунун күбөлүгү;- радиациянын таасирине кабылган адамдын каттоо картасы;б) пайда болгон оорунун жана майыптуулуктун ради-ациянын таасир тийгизгендиги менен себеп байла-нышын аныктоо боюнча Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңешинин корутундусу (мындан ары - РВАЭК);в) Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо ми-нистрлигинин Кесиптик патология борборунан көчүрмө бөлүк.

6. Оорунун өндүрүш жаракаты менен себеп байла-нышын аныктоо жана кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жо-готуунун деңгээлин пайыз менен аныктоо үчүн төмөнкү доку-менттер берилет:

а) Н-1 формасы боюнча жумуш берүүчүнүн мөөрү ме-нен күбөлөндүрүлгөн жана бекитилген өндүрүштө-гү кырсык жөнүндө акт (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы №64 ток-тому менен бекитилген Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктар-ды териштирүү жана эсепке алуу женүндө Жобосуна 7 тиркеме);б) жумуш берүүчүнүн өндүрүштөгү кырсыктын кесепет-тери жөнүндө билдирмеси;в) жумуш берүүчү тарабынан берилген ишке орношту-руу жөнүндө, иштин шарттары жана мүнөзү жөнүндө маалым кат.

7. Оорунун кесиптик оору менен себеп байланышын жана кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуунун деңгээлин пайыз менен аныктоо үчүн төмөнкү документтер берилет:

а) Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо ми-нистрлигинин Кесиптик патология борборунун кесиптик оорунун болушу тууралуу корутундусу;б) Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо ми-нистрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологи-ялык көзөмөлдөө борборунун кесиптик оору (уулануу) жагдайын иликтөө акты (форма 362/у);в) Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан берилген иш шартта-рынын санитардык-гигиеналык мүнөздөмөсү;

Page 8: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

7

г) жумуш берүүчү тарабынан берилген ишке орношту-руу жөнүндө, иштин шарттары жана мүнөзү жөнүндө маалым кат.

8. Кесиптик оорунун же уулануунун дартын алгач анык-тоо укугу өзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык жүзөгө ашырган саламаттыкты сактоонун адистештирилген уюмдарында гана бар - Кыргыз Республика-сынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кесиптик пато-логия борбору.

9. Жобонун 20 жана 21-пункттарында көрсөтүлгөн эмгек майыбын же кесиптик ооруну бышыктаган документтер жок болгон учурда, экспертизаны жүргүзүү үчүн негиз болуп атал-ган жагдайды өндүрүш жаракаты же кесиптик оору катары та-ануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечи-ми саналат.

10. МСЭКтин социалдык өнүктүрүүнүн аймактык түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн багыттары боюнча:

а) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана карылар үчүн интернаттын түрү жөнүндө корутун-ду берүү;б) бышыктоону талап кылган майыптуулуктун белгиле-ринин болушуна өлгөндөн кийин экспертиза жүргүзүү;в) багыттамада көрсөтүлгөн өткөн убакыт ичинде май-ып болгон мезгилин аныктоо.

МСЭК мөөрлөрдүн жана бурч мөөрлөрдүн так оттиски бар документтердин түп нускасы болгон учурда экспертиза жүргүзөт.

Майыптуулукканчаубакыткабелгиленет? 1. Жарандарга, анын ичинде аскер кызматынан бошо-тулган аскер кызматчыларына, кызматтан бошотулган ички иштер органдарынын кызматкерлерине биринчи топтогу май-ыптуулук эки жылдык мөөнөткө, экинчи жана үчүнчү топторго – бир жылдык мөөнөткө белгиленет. 2. Чернобыль атомдук электр станциясында аврия учу-рунда жана башка жарандык же аскердик дайындалыштагы объекттерде авария учурунда, ошондой эле ядердик курал-дарды сыноодо радиациялык факторлордон жабыр тарткан

Page 9: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

8

жарандарга карата РВАЭКпайда болгон оору менен радиация-лык факторлордун таасиринин себеп байланышын аныктаган жана ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар деп та-анылган жарандарга майыптуулук белгиленет: биринчи топ – мөөнөтсүз, экинчи жана үчүнчү топторго беш жылдык мөөнөт-кө. Пайда болуу радиациянын таасири менен байланышпа-ган (кайра алган жаракаттар), туруктуу эмгекке жөндөмсүздүк абалына алып келген учурда жана жагымдуу божомолдоодо майыптуулуктун тобу жашоо-тиричилигин чектөө деңгээлине ылайык бир же эки жылга белгилениши мүмкүн. 3. “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала” ка-тегориясы бир жылга, эки жылга, беш жылга, болбосо Жобого ылайык бала он сегиз жаш курагына жеткенге чейин “ден со-олугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала” категориясын бел-гилөө үчүн медициналык көрсөтмөлөрүнүн Тизмесине ылайык бала 18 жаш курагына жеткенге чейин белгиленет. 4. 18 жаштан улуу жарандарга майыптуулук жаранга кезектеги экспертизаны жүргүзүү дайындалган айдан кийнки айдын биринчи числосуна чейин белгиленет. 5. “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала” ка-тегориясындагы балдарга 18 жашка чыкканга чейин майыптуу-лук бала 18 жашка чыккан айдан кийинки айдын биринчи чис-лосуна чейин белгиленет. 6. «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала» ка-тегориясы коюлган мөөнөт аяктагандан кийин, бир жылга, эки жылга, беш жылга жана 18 жашка чейин, эгерде ден соолугу-нун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала 18 жаш курагына чыкканга толук эмес бир жыл калса, анда майыптуулуктун мөөнөтү бала 18 жашка чыккан айдан кийинки айдын биринчи числосуна чейин белгиленет. 7. Жаран ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам деп таанылган учурда экспертизаны баштоо датасы бо-луп МСЭКке жарандан же саламаттыкты сактоо уюмунан до-кументтердин келген күнү саналат. Майыптуулукту белгилөө датасы болуп экспертизаны жүргүзүү күнү саналат.

Page 10: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

9

2 - глава. Социалдык укуктар

Ден соолугунун мүмкүнчүлүкөрү чектелүү адамкандайсоциалдыкукуктаргаээ?

ПЕНСИЯПенсия 3 түргө бөлүнөт:

1. Жаш курагы боюнча2. Майыптыгы боюнча3. Багуучуну жоготуу боюнча

Майыптыгы боюнча пенсияны дайындоонуншарттарыкандай?

Майыптыгы боюнча пенсия эмгекке жөндөмдүүлүгүн туруктуу жоготкон жана адамды ДМЧА деп тааныган учурда майыптуулуктун пайда болуу себептерине карабастан белги-ленет жана эмгекке жөндөмдүүлүгү калыптанганга чейин же өмүр бою төлөнөт. Майыптыгы боюнча пенсияны алууга май-ып болгонго чейин камсыздоо стажы болгон, ДМЧА деп таа-нылган, камсыздандырылган адамдар укуктуу:

23 жашка чейин 1 жыл 23 жаштан 26 жашка чыкканга чейин 2 жыл26 жаштан 31 жашка чыкканга чейин 3 жыл31 жаштан жана жогору 5 жыл.

Эгерде ДМЧА пенсиясын төлөө күбөлөндүрүүгө кел-бегендигине болбосо эмгекке жөндөмдүүлүгү калыбына кел-гендигине байланыштуу токтотулса, анда аны кийинки учурда ДМЧА деп таанууда пенсия кайрадан майып деп белгиленген күндөн тартып төлөнөт, эгерде пенсия төлөөнү токтоткон күн-дөн 5 жылдан ашпаса. 5 жылдан ашса пенсия кайрадан жалпы негиздер боюнча дайындалат.

Пенсиянынкандайкошумчаакыларыбар? Майыптыгы боюнча пенсияга эсептик көрсөткүчкө пай-ыз менен төмөнкү кошумча акылар белгиленет:

а) согуш майыптарына жана аларга теңдештирилген адамдарга:I топтогуларга–эсептик көрсөткүчтүн 175 пайыз өлчөмүндө;II топтогуларга - эсептик көрсөткүчтүн 150 пайыз өлчөмүндө;

Page 11: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

10

III топтогуларга жана согуштун катышуучуларына - эсептик көрсөткүчтүн 100 пайыз өлчөмүндө;б) көрүү боюнча I топтогу ДМЧА– эсептик көрсөткүчтүн 200 пайыз өлчөмүндө;в) 1986-1989 – жылдары Чернобыль АЭСте авариянын кесепеттерин ажыратылуучу чөлкөмүнүн чегинде жоюу боюнча иштерине катышкан же ошол учурда Черно-быль АЭСте эксплуатацияда же башка жумушта иште-ген, жарандык же аскердик дайындалыштагы башка атомдук объекттерде жабыр тарткан адамдарга (анын ичинде убактылуу же иш сапарга жөнөтүлгөн) - эсептик көрсөткүчтүн 50 пайыз өлчөмүндө;г) жаш курагы боюнча жана майыптыгы боюнча пен-сия алган, 80 жашка чыккан пенсионерлерге; “Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору” же “СССРдин Ар-дактуу донору” төш белгиси менен сыйланган пенсио-нерлерге; I топтогу ДМЧА, ошондой эле бөтөн жардам зарыл болгон II топтогу жалгыз бой пенсионерлерге - эсептик көрсөткүчтүн 100 пайыз өлчөмүндө;

Жаш курагы жана майыптыгы боюнча пенсияларга ка-рата белгиленген кошумча акылардын өлчөмү, төмөнкү кате-гориядагы адамдарга 300 сомго көтөрүлөт:

- Улуу Ата-Мекендик согуштун майыптарына жана аларга теңделген адамдарга, анын ичинде интернаци-оналдык милдетти аткарган, 1999-2000-жылдары Бат-кен окуяларына катышкан жана майып деп таанылган аскер кызматчыларына;- Чернобыль АЭСте жана жарандык же аскердик дай-ындалыштагы башка атомдук объекттерде авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучуларына.

Пенсиякантипэсептелет?

Бардык учурларда жалпы пенсия (ЖП) камсызданды-руу эсептериндеги камсыздандырылган (КП1) жана чогулган төгүмдөрдүн суммасына жекелештирилген эсепке алууну кир-гизгенге чейин иштеген жылдарын жана айлык маянасын эсеп-ке алган төмөнкү формула боюнча жекелештирилген эсепке алууну (КП2) киргизгенден кийинпенсиянын базалык (Б) жана камсыздандыруу (К) бөлүктөрүнүн суммасы катары эсептели-нет:

ЖП = Б + КП1 + КП2,

Page 12: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

11

мындаЖП –бир айлык жалпы пенсия;Б –пенсиянын базалык бөлүгү;КП1 –жекелештирилген эсепке алууну киргизгенге чей-ин камсыздандыруу бөлүгүнүн бир айлык өлчөмү;КП2 - жекелештирилген эсепке алууну киргизгенденкий-инки камсыздандыруу бөлүгүнүн бир айлык өлчөмү.Пенсиянын базалык бөлүгү пенсионерлерди социалдык жактан коргоонун негизги инструменти болуп саналат.Пенсиянын базалык бөлүгү орто айлык маянасынын (өткөн жыл ичинде республикада факт жүзүндө түзүл-гөн) 12 пайызынан төмөн эмес деңгээлинде кармалат.

Багуучунужоготуу боюнча пенсияны алууга кимукуктуу?

Багуучуну жоготуу боюнча пенсияны алууга эмгекке жөндөмдүүлүгү жок, курман болгондун багуусунда турган үй бүлөнүн мүчөлөрү укуктуу, эгерде багуучу өлгөн күнүнө карата ага жаш курагы боюнча пенсияны дайындоо үчүн зарыл бол-гон стажы болсо. Билим берүү уюмдарынын күндүзгү форма боюнча би-лим берүүнүн бардык деңгээлдеринде окугандар окуу бүткөнгө чейин багуучуну жоготуу боюнча пенсия алууга укуктуу, бирок 23 жаш курагына чыкканга чейин. Курман болгон багуучунун үй бүлө мүчөлөрү анын ба-гуусунда турган деп таанылышат, эгерде алар анын толук ба-гуусунда болушса. Балдар үчүн пенсия багуучунун багуусунда турганына карабастан дайындалат. Кимүйбүлөдөэмгеккежөндөмдүүлүгүжокболупсаналат?

а) 16 жашка чыга элек же бул жаш курагынан улуу бала, эгерде алар ДМЧА болуп калса 18 жашка чейин;б) ата-эне, күйөсү, аялы, эгерде багуучунун өлгөн күнүнө карата алар пенсиялык куракка жетип калышса же ДМЧА болуп саналышса.

Багуучунужоготуубоюнчапенсиянынакысыкан-дай?

Багуучуну жоготуу боюнча пенсия II топтогу майыпты-гы боюнча пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүк-

Page 13: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

12

төрүнүн мүмкүн болгон суммасы катары эсептелинет жана төмөнкүдөй өлчөмдө дайындалат:

багууда турган бир адамга - 50 пайыз;багууда турган эки адамга - 90 пайыз;багууда турган үч адамга - 120 пайыз;багууда турган төрт же андан ашык адамга - өлчөмүнөн 150 пайыз.

Атасын жана энесин жоготкон балдарга багуучуну жого-туу боюнча пенсиянын өлчөмү курман болгон ар бир ата-эне үчүн өз алдынча эсептелинген пенсиянын суммасынан түзүлөт.Багуучуну жоготуу боюнча пенсияны эсептөө жаш курагы бо-юнча пенсияны эсептөө аналогиясы боюнча жүргүзүлөт.

Багуучунужоготуубоюнчабирпенсияүйбүлөнүнбардыкмүчөлөрүнөкаратадайындалышымүмкүнбү?

Багуучуну жоготуу боюнча пенсияга укуктуу болгон бардык адамдарга бир жалпы пенсия дайындалат. Багуучуну жоготуу боюнча пенсияга укуктуу болгон адамдын каалоосу боюнча пенсиянын агатиешелүү бөлүгү бөлүнүп берилиши мүмкүн.

ЖӨЛӨКПУЛ

Жөлөкпулдудайындоокантипжүргүзүлөт?

Ар айлык социалдык жөлөкпулду дайындоого арыз жа-рандын жашаган (катталган) жери боюнча социалдык коргоо органдарына берилет. АИВ/КИЖС менен жашаган энелерден туулган балдар үчүн ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоо жөнүндө арыз берүүнүн башка тартиби каралышы мүмкүн.

Жөлөкпулдудайындооүчүнкандайдокументтер-диберүүгөтийиш?

- өздүктү тастыктаган документ;- анкета-арыз (арыз);- үй бүлөнүн жыйынды кирешеси жөнүндо маалымдар;- үй бүлөнүн курамы тууралуу маалым кат.Зарыл болгон учурда мамлекеттик жөлөкпулга укук бер-ген кошумча документтер берилет (балдардын туулган-дыгы тууралуу, нике тууралуу, никени бузуу тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, майып болгондугу туура-

Page 14: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

13

луу МСЭКтен маалым кат, камкорчулук (көзөмөлчүлүк) тууралуу чечим, окуган жеринен, калктын жумуштуулук органдарынан маалым каттар, “кайрылман” күбөлүгү жана башка документтер). Балдары бар кем-карч үй бүлөлөрдүн ар айлык жөлөкпулга муктаж болуу деңгэ-элин алгач аныктоосун айыл жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын – айыл өкмөтүнүн комиссиялары тарабынан Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү менен белгиленген тартипте кем-карч үй бүлөнүн социалдык паспортторунун негизинде жүр-гүзүлөт. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнү токтотуу-га же анын өлчөмүн кайра карап чыгууга алып келген жагдайлар болгон учурда арыз берүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын – айыл өкмөтүн же соци-алдык коргоонун райондук (шаардык) башкармалыгын беш күндүн ичинде кабарландырууга тийиш.

Жөлөкпулдудайындоонунмөөнөттөрүкандай?

- он сегиз жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүк-төрү чектелүү балдарга – МСЭК тарабынан майыптуу-лугу аныкталган учурдан баштап, эгерде жөлөкпул-га кайрылуу жана бардык зарыл болгон документтер МСЭК тарабынан маалым кат берилген күндөн тартып алты айдан кечиктирбей берилсе, аталган мөөнөттөн кийин берилсе – алар он сегиз жашка чыкканга чейин – жөлөкпулга кайрылган айдан кийинки айдын биринчи числосунан баштап;- бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чек-телүү адамдарга, эмгек пенсиясын алууга укугу жок ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга - МСЭК тарабынан майыптуулугу аныкталган учурдан баштап, эгерде жөлөкпулга кайрылуу жана бардык за-рыл болгон документтер МСЭК тарабынан маалым кат берилген күндөн тартып алты айдан кечиктирбей берилсе, аталган мөөнөттөн кийин берилсе – МСЭК маалым катынын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин – жөлөкпулга кайрылган айдан кийинки айдын биринчи числосунан баштап;- пенсиялык камсыздоо укугу жок багуучусун жоготкон балдарга – ар айлык социалдык жөлөкпулга укугу пай-да болгон күндөн баштап, эгерде жөлөкпулга кайрылуу жана бардык зарыл болгон документтер бул укук пайда

Page 15: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

14

болгон учурдан баштап он эки айдан кечиктирбей берил-се, аталган мөөнөттөн кийин берилсе – он алты жаш ку-рагына жеткенге чейин – жөлөкпулга кайрылган айдан кийинки айдын биринчи числосунан баштап; жалпы би-лим берүү мекемелердин окуучуларына – алар окусун аяктаганга чейин; баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайла-рынын окутуунун күндүзгү формасынын студенттери-не – алар окуусун аяктаганга чейин, бирок жыйырма үч жашка чыкканга чейин; - АИВ/КИЖС менен жашаган энелерден туулган бал-дарга – туулган күнүнөн баштап, эгерде туулган күнүнөн баштап жөлөкпулга кайрылуу жана бардык зарыл бол-гон документтер алты айдан кечиктирбей берилсе, аталган мөөнөттөн кийин берилсе – алар он сегиз ай курагына жеткенге чейин жөлөкпулга кайрылган айдан кийинки айдын биринчи числосунан баштап;

Кайсыучурлардамамлекеттикжөлөкпулдутөлөөубактылуутоктотулатжанатоктотулат?

1. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча документтер талап кылынган учурларда мамле-кеттик жөлөкпулду төлөө убактылуу токтотулат, мамлекеттик жөлөкпулду төлөө эки айдын ичинде берилүүгө тийиш болгон кошумча документтерди берүүгө чейин убактылуу токтотулат. 2. Ар айлык социалдык жөлөкпулду төлөө төмөнкү учур-ларда токтотулат:

- майыптуулук мөөнөтү аяктаган учурда;- алуучу каза болсо;- республиканын аймагынан тышкары туруктуу жашоо-го чыгып кетсе;- талап кылынган документтерди өз убагында бербесе;- багуучуну (ларды) жоготуу боюнча ар айлык соци-алдык жөлөкпулдун алуучусу он алты жаш курагына жетсе, жалпы билим берүү мекемесинин окуучулары, баштапкы кесиптик окуу жайынын окуучулары окуусун аяктаганда, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлары-нын студенттери жыйырма үч жашка чыкканда;- АИВ/КИЖС менен жашаган энелерден туулган жана ар айлык социалдык жөлөкпул алган балдар он сегиз ай жаш курагына жеткенде;- алты айдын ичинде жөлөкпул талап кылынбаса;

Page 16: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

15

- эки айлык мөөнөттүн ичинде кошумча документтерди бербеген учурда жөлөкпулду төлөө токтотулат.

Мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнү токтотууга же анын өлчөмүн кайра карап чыгууга алып келген жагдайлар пайда болсо, мамлекеттик жөлөкпулду төлөө токтотулат же төлөө боюнча өзгөрүүлөр болгон айдан кийинки айдан баштап жаңы өлчөмдө жүзөгө ашырылат, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чек-телген адамдарга ар айлык жөлөкпулдарды кошпогондо. Мамлекеттик жөлөкпул алууга укук тууралуу көз көрүнөө жалган маалымдарды берген, болбосо жөлөкпулду негизсиз дайындоого алып келген жагдайлардын пайда болушу туура-луу өз убагында кабарландырбаган адамга жөлөкпулду төлөө бул фактыны тапкан учурдан баштап токтотулат. Ушуну менен бирге мыйзамсыз берилген акча каражаттары республикалык бюджетке кайтарылып берүүгө тийиш, ал эми жаңы мамлекет-тик жөлөкпулду дайындоо тууралуу арыз он эки айдын ичинде кабыл алынбайт.

Жөлөкпулдаркандайөлчөмдөдайындалат?

1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга, - балдар шал оорусу менен ооругандар, - 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө;- АИВ –инфекциясы бар же КИЖС менен ооруган бал-дарга - 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө;- АИВ/КИЖС менен жашаган энелерден туулган бал-дарга, - 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө;- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга - 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө;- томолок жетимдерге пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон учурда, - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;- багуучусун жоготкон балдарга пенсиялык камсыз-доого укугу жок болгон учурда, - 1000 ( бир миң) сом өлчөмүндө.

2. Бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга:

- бала чагынан I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүк-төрү чектелүү адамдарга - 3000 (үч миң) сом өлчөмүн-дө;- бала чагынан II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүк-төрү чектелүү адамдарга - 2500 (эки миң беш жүж) сом өлчөмүндө;

Page 17: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

16

- бала чагынан III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүк-төрү чектелүү адамдарга - 2000 (эки миң) сом өлчөмүн-дө.

3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга:- жалпы оорудан I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүк-төрү чектелүү адамдарга, пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон учурда, - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;- жалпы оорудан II топтогу ден соолугунун мүмкүн-чүлүктөрү чектелүү адамдарга, пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон учурда, - 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө;- жалпы оорудан III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүк-төрү чектелүү адамдарга, пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон учурда, - 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө.

4. Кары –картаң жарандарга:- баатыр энелерге пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон учурда, - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;- кары-картаң жарандарга пенсиялык камсыздоого уку-гу жок болгон учурда, - 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө;- кары-картаң жарандарга, бийик тоолу жана алыскы райондордун жашоочуларына пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон учурда, - 1000 (бир миң) сом өлчөмүн-дө.

Социалдыкжөлөкпулдунэкитүрүналуугакимдинукугубар?

Ар айлык социалдык жөлөкпулдун эки түрүн алууга (майыптыгы боюнча жөлөкпулду жана багуучуну жоготуу бо-юнча жөлөкпулду, анын ичинде тоголок жетимдерге) ден соо-лугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана бала чагынан ден ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар бол-босо 23 жаш курагына чыканга чейин ДМЧА болуп саналбаган бала укуктуу. Эгерде ар айлык социалдык жөлөкпулду дайын-доого берилген документтерге кошумча документтер зарыл болсо, алар ар айлык социалдык жөлөкпулду алууга укугу пай-да болгон күндөн тартып алты айдан кечиктирбей берилүүгө тийиш (жетим балдарга жана багуучусун жоготготкон балдарга – укук пайда болгон күндөн тартып 12 айдан кечиктирбестен). Эгерде бардык аталган документтер көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө берилсе, ар айлык социалдык жөлөкпул ага укук пайда бол-гон күндөн тартып дайындалат. Акыркы документ белгиленген мөөнөттөн кийин берилсе, ар айлык социалдык жөлөкпул арыз

Page 18: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

17

берүүчү акыркы зарыл болгон документти берген айдын би-ринчи числосунан баштап дайындалат. Кайсыучурлардамамлекеттикжөлөкпулдутөлөөубактылуутоктотулатжанатоктотулат?

1. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча документтер талап кылынган учурларда мамле-кеттик жөлөкпулду төлөө убактылуу токтотулат, мамлекеттик жөлөкпулду төлөө эки айдын ичинде берилүүгө тийиш болгон кошумча документтерди берүүгө чейин убактылуу токтотулат. 2. Ар айлык социалдык жөлөкпулду төлөө төмөнкү учур-ларда токтотулат:

- майыптуулук мөөнөтү аяктаган учурда;- алуучу каза болсо;- республиканын аймагынан тышкары туруктуу жашоо-го чыгып кетсе;- талап кылынган документтерди өз убагында бербесе;- багуучуну (ларды) жоготуу боюнча ар айлык соци-алдык жөлөкпулдун алуучусу он алты жаш курагына жетсе, жалпы билим берүү мекемесинин окуучулары, баштапкы кесиптик окуу жайынын окуучулары окуусун аяктаганда, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлары-нын студенттери жыйырма үч жашка чыкканда;- АИВ/КИЖС менен жашаган энелерден туулган жана ар айлык социалдык жөлөкпул алган балдар он сегиз ай жаш курагына жеткенде;- алты айдын ичинде жөлөкпул талап кылынбаса;- эки айлык мөөнөттүн ичинде кошумча документтерди бербеген учурда жөлөкпулду төлөө токтотулат.

Мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнү токтотууга же анын өлчөмүн кайра карап чыгууга алып келген жагдайлар пайда болсо, мамлекеттик жөлөкпулду төлөө токтотулат же төлөө боюнча өзгөрүүлөр болгон айдан кийинки айдан баштап жаңы өлчөмдө жүзөгө ашырылат, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык жөлөкпулдарды кошпогондо. Мамлекеттик жөлөкпул алууга укук тууралуу көз көрүнөө жалган маалымдарды берген, болбосо жөлөкпулду негизсиз дайындоого алып келген жагдайлардын пайда болушу туура-луу өз убагында кабарландырбаган адамга жөлөкпулду төлөө бул фактыны тапкан учурдан баштап токтотулат. Ушуну менен бирге мыйзамсыз берилген акча каражаттары республикалык

Page 19: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

18

бюджетке кайтарылып берүүгө тийиш, ал эми жаңы мамлекет-тик жөлөкпулду дайындоо тууралуу арыз он эки айдын ичинде кабыл алынбайт.

Социалдык коргоо органдары тарабынан дагыкандайсоциалдыкжардамкөрсөтүлөт?

-Акысыз кийметиш жасоо - 1 жылда бир жолу дарылоочу врачтын дайындоосуна ылайык дары препараттарын алууга - 5 жылда1 жолу төмөнкү льготалык арзандатуулар ме-нен медициналык көрсөтмөлөргө ылайык санаториялык-ку-рорттук дарыланууга акысыз жолдомо алууга:

А) 100%- 1 топтогу майыптаргаБ) 50 %- 2 топтогу майыптаргаВ) 30%-3 топтогу майыптарга

3 - глава. Билим алууга укугу

ДМЧбалдардыбилимберүүмекемелерине кабылалуунунөзгөчөлүктөрүкандай?

Мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды массалык билим берүү мекемелеринде, мектепке чейинки мекемелерде окутуу ата-эне же мыйзамдуу өкүлдөрү менен макулдашуусу боюнча психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын корутундусунун негизинде аныкталат. Балдарды жана өспүрүмдөрдү консультацияга жиберүү билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо ме-кемелеринин, жергиликтүү коомчулуктардын, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле ата-эненин же алардын ордун баскан адамдардын десилгеси боюнча жүзөгө ашыры-лат.

ДМЧбалдардыжалпыбилимберүүмекемелеринекабылалууүчүнкандайдокументтеркерек?

а) баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;б) төмөнкү врачтардын корутундулары менен баланын өнүгүү (оору) тарыхынан көчүрмө бөлүк багыттама: не-вропатолг, психиатр, отоларинголог, офтальмолог жана ортопед (таянуу-кыймылдоо аппаратынын бузулушу бар балдар үчүн);

Page 20: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

19

в) билим берүү мекемесинен мекеменин жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн өнүгүүнүн, эмоционалдык чөйрөсүнүн жана жүрүм-турумунун өз-гөчөлүктөрүн, жетишкендигинин анализин, ошондой эле өнүгүүсүн жакшыртуу жана жетишкендигин жого-рулатуу максатында жүргүзүлгөн иш-чараларды толук чагылдырган баланын психологиялык-педагогикалык мүнөздөмөсү;г) эне тили, математика жана сүрөт боюнча иштери ме-нен балдардын дептерлери.

Эскертүү: баланын өзү жана анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) катышуусу милдеттүү.

Баланы ПМПКга текшерүү процессине эмне ки-рет?

- документтерди изилдөө;- ата-энеси менен аңгемелешүү (анамнез, эрте өнүгүү ж.б.);- бала менен байланыш түзүү;- функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү (көрүү, угуу, таянуу-кыймылдоо аппараты ж.б.);- психологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө: билим берүүчү (саноо, жазуу, окуу көндүмдөрү) жана эмоцио-налдык-эрк чөйрөлөрү;- сүйлөө абалын текшерүү;- социалдык турмуш-тиричилик багыттама.

Балдарды жана өспүрүмдөрдү кабыл алуу жана изил-дөө ата-эненин же алардын ордун баскан адамдардын каты-шуусу менен жүргүзүлөт. Жеке калоосу менен кайрылган 15 жаштан улуу өспүрүмдөр ата-энеси жок кабыл алынат. Баланы изилдөө маалымдарынын негизинде ПМПК-ны коллегиялык түрдө, ата-энесинин (алардын ордун баскан адамдардын) каалоосун жана өспүрүмдүн кызыкчылыгын эске алуу менен балдар мекемесин жана окутуунун формасынын тибин аныкташат.

ПМПКнынкорутундусуэмнеүчүнкерек?

ПМПКнын корутундусу сунуштоо мүнөзүндө болот жана баланын ата-энесинин же алардын ордун баскан адамдардын макулдугу боюнча балдарды жана өспүрүмдөрдү республика-нын тиешелүү балдар мекемесине жөнөтүү үчүн негиз болуп

Page 21: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

20

саналат. ПМПК массалык мектептердин, мектепке чейинки мекеменин педагогдоруна, ата-энеге жана медкызматчыла-рына сунуштоолор менен балага карата жылуу чөйрө түзүүгө жана нормалдуу өрчүгөн балдардын коомунда анын ийигилик-түү адаптацияланышына багытталган корутунду берет.

ПМПКкайсыжердежайгашкан?

ПМПК жана КР ББИМ караштуу инклюзивдик билим берүүнүн ресурстук борбору (Бишкек ш., Кулатов көч., 37);Сүйлөөдө оор бузуулары бар балдар үчүн Сокулук атайын мектеп-интернат (Чүй областы, Сокулук р-ну, Сокулук айылы, Ленин көч., 124); Өнүгүүсү артта калган жетим балдар үчүн Краснореч-кадагы атайын мектеп-интернат (Чүй областы, Ысык-Ата р-ну, Красная речка айылы);«Ромашка» N 30 балдар бакчасы (Ош ш.); Шаардык ПМПК жана «Инклюзивдик билим берүү» ко-омдук фонду (Ош ш.).

ДМЧА Кыргыз Республикасынын жогорку окуужайларындаокуйалабы?

Ооба, окуй алат, “КР билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга квотанын чегинде баштапкы кесиптик, орто кесиптик жана жо-горку кесиптик окуу жайларына тапшырууга акысыз орундар берилет.

ДМЧА үчүнЖОЖдордо квоталар кимтарабынанжанаканчасандаберилет?

ДСЧА үчүн ЖОЖдордо окуу үчүн квоталардын саны жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ал-машат жана бекитилет.

Page 22: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

21

4 – глава. Эмгектенүүгө укугу

ДМЧАүчүнжумушчуорундарынКвоталоокантипжүзөгөашырылат?

Жумуштуулук мамлекеттик кызматынын органдары майыптардын коомдук уюмунун катышуусу менен иштеп чы-гышат, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мам-лекеттик администрациялар ДМЧА үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча ченемдерди иштегендердин санынын 5 пай-ызынан кем эмес көлөмдө бекитишет (эгерде иштегендердин саны 20 адамдардан аз болбосо). Ушуну менен бирге бул че-немдин эсебине толук эмес жумушчу убактысы шартында жу-муш берүүгө уруксат берилет. ДМЧА үчүн жумушчу орундарын квоталоонун ченеми кезектеги календардык жылдын башата-лышына чейин 3 айдан кечиктирбей жумуштуулук мамлекет-тик кызматынын органдары тарабынан жумуш берүүчүлөргө жеткирилүүгө тийиш. Жумуш берүүчүлөр белгиленген квота-нын эсебинен ДМЧАны жумуш менен камсыз кылуу үчүн жу-муш орундарын түзүүгө милдеттүү.

ДМЧАныжумушмененкамсызкылуукантипишкеашырылат?

ДМЧАны жумуш орундары менен камсыз кылуу жу-муштуулук мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан камсыз кылынат. Алардын ДМЧАны атайын түзүлгөн же кво-таланган жумушчу орунга жумушка алуу жөнүндө багыттама-сы жумуш берүүчү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. ДМЧАны жумуштуулук мамлекеттик кызматынын ор-гандарынын багыттамасы боюнча жумушка алуудан негизсиз баш тарткан учурда, жумуш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп тартат.

ДМЧАны жумушка алууда кандай кепилдикетрбар?

Жумуш берүүчү жумуш орундарын берүү тартибинде жумуштуулук мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан жөнөтүлгөн ДМЧАны белгиленген квотанын эсебинен жумуш орундарына кабыл алууга милдеттүү. ДМЧАны жумушка алуу-да сыноо мөөнөтү берилбейт. Толук эмес жумушчу күн режи-ми, жүктөмдү төмөндөтүү жана иштеген майыптардын башка

Page 23: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

22

эмгек шарттары жөнүндө медициналык-эксперттик комиссия-нын (мындан ары - МСЭК) же саламаттыкты сактоонун тие-шелүү ыйгарым ук уктуу мамлекеттик органдарынын корутун-дусу жумуш берүүчү тарабынан аткарылууга милдеттүү.

ДМЧА эмгек жана эс алуу шарттарынын кандайкепилдиктерибар?

Жумуш берүүчү иштеген ДСЧАга МСЭК тарабынан бе-рилген реаблитациянын жеке программасына ылайык, анын ичинде аларды өндүрүштө жана үйдө эмгектенүүсүнө кесиптик даярдоосун уюштуруу жолу менен иштөө шарттарын түзүүгө милдеттүү. Макулдашууларда, жамааттык келишимдерде, макулдашууларда жана эмгек келишимдеринде белгилеген иштөө, анын ичинде айлык акысын төлөө, иштөө убактысы-нын жана эс алуу убактыснынын режими, ар жылдык өргүүнүн узактыгынын шарттары ДМЧАнын башка кызмтчыларга са-лыштырмалуу абалын төмөндөтө же укугун чектей алышпайт. I жана II топтогу ДМЧАлар үчүн жумасына 36 сааттан көп эмес жумушчу убакыттын кыскартылган мөөнөтү белгиленет. Ушуну менен бирге I жана II топтогу ДМЧАлардын күнүмдүк жумушу-нун убактысы 7 сааттан ашпайт. Суммаланган жумушчу убак-тысын колдонууга жол берилбейт. ДМЧАны мөөнөттөн ашык ишке, дем алыш күндөрү жана түнкү убакытта жумушка тартуу алардын макулдугу бюнча жана мындай жумуш медициналык корутунду менен тыюу салынбаса ишке ашырылат. ДМЧАны иш сапарга жөнөтүүгө алардын макулдугу боюнча гана уруксат берилет. Жумуш берүүчү ДМЧАга алардын ден соолук абалы-на карата иштелген ишинин көлөмүн азайтууга укуктуу.

БашкажумушкакоторуудажанаэмгеккелишиминбузуудаДМЧАүчүнкандайкошумчакепилдиктербар?

Майыптуулук себептери боюнча ДМЧАны макулдугу жок башка жумушка которууга болбойт, МСЭКтин корутунду-су боюнча анын ден соолугунун абалы кесиптик милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган же ден соолугуна жана эмгек коопсуздугуна коркунуч туудурган учурларды кошпогондо. Кызматкерлердин санын же штатын кыскартууда эмгек өн-дүрүмдүүлүгү жана квалификациясы бирдей болгон учурда ДСЧАны жумушта калтыруу тандалат. ДМЧАнын эмгегин пай-далануу үчүн арналган адистештирилген уюмдарда иштеген ДСЧАда эмгек өндүрүмдүүлүгүнө жана квалификациясына

Page 24: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

23

карабастан жумушта калуунун артыкчылык укугу бар. Жу-муш берүүчүнүн демилгеси боюнча ДМЧА менен эмгек кели-шимин бузууга жол берилбейт, уюмду жоюуга байланыштуу, медициналык корутундусуна ылайык ден соолук абалынын кесепетинен, жумушчу тарабынан жөнү жок себептер менен эмгек милдеттерин бир нече жолу аткарбагандыгы үчүн, эгер-де анын тартиптик жазасы бар болсо; жумушчу тарабынан эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузса: ишке келбөө (жөнү жок себептер менен жумушчу күндүн ичинде 3 саат бою жу-мушта жок болсо); жумушта алкоголдук, наркотикалык же уу-ланган мас болуу абалында келсе жумуштан бошотууну ко-шпогондо. Мындай абал медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү же жумуш берүүчү тарабынан жумушчулардын өкүлдүү органы менен бирге түзгөн акт менен тастыкталат; иштеген жеринде уюмдун мүлкүн атайын бузуу же уурдоо; жу-мушчу тарабынан оор кесепеттерге, анын ичинде аврияларга жана жаракаттарга алып келген эмгекти коргоонун талаптарын бузуу; кызматкерге эмгек милдеттерин аткаруу менен байла-ныштуу белгилүү болгон мамлекеттик, кызматтык, коммерци-ялык же мыйзам тарабынан сакталуучу башка сырды жарыя-лоо, эгерде сырды сактоо жөнүндө шарты эмгек келишиминде каралган болсо. Түздөн –түз акча же товардык баалууктарды тейлеген кызматкер тарабынан жүйөлүү аракеттерди жасоо, эгерде бул аракеттер жумуш берүүчүнүн ага карата болгон ишенимди жоготууга алып келген негиздер болсо. Тарбиялоо функцияларын аткарган кызматкер тарабынан моралсыз, бул жумушту улантууга мүмкүн болбогон аракеттер жасалса; эмгек келишимин тузүүдө кызмткер тарабынан жумуш берүүчүгө жалган документтерди же көз көрүнөө жалган маалыматтарды берсе, эгерде бул документтер же маалыматтар эмгек келиши-мин түзүү үчүн баш тартууга негиз боло алса; уюмдун жетек-чиси (филиал, өкүлчүлүк), анын орун басарлары өзүнүн эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузса.

Кызматкермайып болгон уюмгажумушка кирүү-гөукугубарбы?БулуюмдаДМЧАнынсоциалдыккамсызболушукандай?

Жумуш берүүчүлөр бул уюмда эмгек жаратынын же кесиптик оорунун кесепетинен майып болгон кызматкерлер-ди жумуш менен камсыз кылуу үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө же бөлүп берүүгө милдеттүү. Талаптар аткарылбаган учурда, жумуш берүүчү бул кызматкер менен түзгөн эмгек кели-

Page 25: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

24

шимин бузгандан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына ылайык жооп тартат. Пенсияга кеткенге чейин жумуш берүүчүдө иштеген ДСЧА, анын кызматкерлери менен бирдей медициналык тейлөө, турак жай менен камсыз кылуу, ден со-олук чыңдоо жана профилактикалык мекемелерге жолдомо, ошондой эле жамааттык келишимдер жана макулдашуулар менен каралган социалдык кызматтар, жеңилдиктер боюнча болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу укуктарын сакташат. Жу-муш берүүчү өзүнүн жеке каражаттарынын эсебинен ДМЧА, жалгыз бой, бирөөнүн жардамына жана багуусуна муктаж бол-гондордун пенсияларына кошумча акыларды жана жөлөкпул-дарды белгилөөгө, ошондой эле жамааттык келишим, макул-дашуу менен каралган башка жеңилдиктерди берүүгө укуктуу.

5 - глава. Жарандардын кайрылуусунун тартиби

5.1. Жарандык иштер боюнча сот органдарына Жарандык иштер боюнча сот органдарына кай-рылуугакимдинукугубар?

Каалаган кызыкдар адам мыйзам тарабынан белги-ленген тартипте, өзүнүн бузулган же талашкан укуктарын, эр-киндигин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу. Сотко кайрылуу укугу-нан баш тартуу жарабайт деп эсептелинет. Эгерде аныктал-ган иштердин категориясы үчүн мыйзам менен сотко чейин-ки өндүрүш белгиленсе, мындай иштер соттун кароосуна бул тартип сакталгандан кийин гана өткөрүлүп берилиши мүмкүн болушу өзгөчөлүк болуп саналат.

Соттор кайсы иштерди жарандык сот өндүрүштүнтартибиндекарашат?

1) үй бүлөлүк жана эмгек укук мамилелеринен келип чы-ккан талаш-тартыштар боюнча иштер; 2) жарандык, турак-жай, жер мамилелерден, табигый ресурстарды колдонуу жана айлана чөйрөнү сактоо боюнча мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштар боюнча иштер, эгерде тараптардын бири гана жаран болсо;

Page 26: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

25

3) бир тарап экинчи тарапка бийлик багынууга негиз-делген мамлекет-укуктук, административдик-укуктук, салык жана башка мамилелерден келип чыккан иштер, эгерде тарап-тардын бири гана жаран болсо; 4) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча органдардын жана кызмат адамдардын, мамлекеттик кызмат-чылардын жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мый-зам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузган чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) жарандар тарабынан та-лашуу тууралуу иштер, эгерде аларды коргоо башка сот тарти-бинде ишке ашпаса; 5) жарандар тарабынан ченемдик укуктук актыларды талашуу тууралуу иштер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын өзгөчө компетенция-сына тиешелүү учурларды кошпогондо; 6) прокурорлор тарабынан өзүнүн компетенциясынын чегинде аныкталбаган адамдар тобуна тиешелүү жана жаран-дардын укуктары менен эркиндиктерин бузуучу укуктук ченем-дик актыларды талашуу тууралуу иштер; 7) юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу маселеси боюнча, ошондой эле юридикалык жакты жоюу тууралуу кызыкдар адамдардын арыздары боюнча юридика-лык жактарды уюмдаштыруучулар менен мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ортосунда талаштар боюнча иштер; 8) юридикалык жактардын жана алардын уюмдашты-руучуларынын, катышуучуларынын, акционерлердин ортосун-дагы талаштар боюнча иштер; 9) өзгөчө өндүрүш иштери – юридикалык мааниге ээ болгон фактыларды аныктоо тууралуу; жаранды дайынсыз жоголду деп таануу жана жаранды курман болду деп жарыя-лоо тууралуу; жаранды чектелүү жөндөмдүү жана жөндөмсүз деп таануу тууралуу; өспүрүмдү толук жөндөмүү деп жарыя-лоо тууралуу (эмансипация); кыймылдуу мүлктү кожоюнсуз деп таануу жана кожоюну жок кыймылсыз нерсеге муниципал-дык менчик укуктарын таануу тууралуу; Көрсөтүүчүгө жоголгон баалуу кагаздар боюнча жана ордердик баалуу кагаздар (чакыруу өндүрүшү) боюнча укук-тарды калыбына келтирүү жөнүндө; жаранды зордоо менен психиатриялык станционарга жаткыруу жөнүндө; жарандык абалынын актыларын каттоодо туура эместиктерди табуу туу-ралуу; нотариалдык аракеттерди жасоого же аларды жасоо-дон баш тартууга арыздар боюнча.

Page 27: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

26

10) жарандык, административдик жана юридикалык жактар менен/же жеке ишкерлердин ортосундагы башка укук мамилелерден пайда болгон экономикалык талаштар боюнча иштер. Ушул пункттун 9 пунктчасы менен каралган жаран-дык иштерди, б.а. өзгөчө өндүрүштөгү иштерди сот арыз берүүчүнүн, кызыкдар адамдардын жана юридикалык жактар-дын өкүлдөрүнүн катышуусу менен, ал эми мыйзам менен ка-ралган учурларда прокурордун катышуусу менен карайт. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, диний ую-мдардын жана кызмат адамдарынын чечимдерин жана ара-кеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштер доо сот өндүрүш тартибинде каралат. Соттор жарандык, саясий, ма-даний жана башка укуктарын, жарандын мыйзам менен корго-луучу эркиндиктерин коргоо жөнүндө башка иштерди карайт, эгерде мыйзам менен аларды коргоонун башка тартиби бел-гиленбесе. Соттор чет элдик жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, чет элдик юридикалык жактардын, эл аралык уюмдардын катышуусу менен иштерди карайт, эгерде бул Кы-ргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишим менен белгиленген тартипте күчүнө кирген мыйзам менен же тараптардын макулдашуусу менен каралса.

Жарандыкиштербоюнчаарызмененкайсысоткокайрылуукерек?

1. Райондук сотко (шаардагы райондук сот, шаардык сот) ага бардык жарандык иштер тиешелүү, гарнизондун аскер сотуна жана район аралык сотко тиешелүү иштерди кошпогон-до. 2. Гарнизондун аскер соту менен Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына ылайык аскер кызматчыларынын, статусуна ээ болгон адамдардын бузулган жана (же) талаш-кан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан кор-голуучу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жарандык иштерди, ошондой эле аскер милдеттүүлөрдүн алар чогулуп жаткан учу-рунда аскер башкармалыгынын органдарынын, аскер кызмат адамдарынын жана алар кабыл алган чечимдер жана аракет-тер (аракетсиздиктер) боюнча карайт. 3. Район аралык сот төмөнкү иштерди карайт:

- юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу маселеси боюнча, юридикалык жакты жоюу жөнүндө

Page 28: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

27

кызыкдар адамдардын арыздары боюнча юридикалык жактарды уюмдаштыруучулардын, юридикалык жак-тардын жана мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ортосундагы талаштар боюнча;- уюмдаштыруучунун, катышуучулардын, акционер-лердин жана юридикалык жактардын ортосундагы та-лаштар боюнча, ошондой эле юридикалык жакты ую-мдаштыруучулардын өз ара талаштары боюнча;- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка органдардын жана кызмат адамдардын мыйзамга ылайык келбеген жана укуктарды, эркиндиктерди, жарандардын жана юридикалык жактардын мыйзам менен корголуучу кы-зыкчылыктарын бузган укуктук ченемдик актыларды талашуу тууралуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын өзгөчө компе-тенциясына тиешелүү учурдарды кошпогондо;- прокурорлор тарабынан өзүнүн компетенциясынын чегинде аныкталбаган адамдар тобуна тиешелүү жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин бузуучу укуктук ченемдик актыларды талашуу тууралуу иштер;- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, алардын кызмат адамдарынын жана мамлекеттик кызматчылардын че-немдик эмес актыларын, чечимдерин жана аракетте-рин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу;- административдик укук бузуулар боюнча иштерди ка-роого ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын жана мам-лекеттик органдарынын токтомдорун талашуу тууралуу, сот токтомдорун кошпогондо;- процессуалдык мыйзамдарга ылайык менчик форма-сына карабастан юридикалык жактардын, юридика-лык жакты уюштурбастан ишкер ишмердүүлүгүн ишке ашырган жана жеке ишкер статусу бар жарандардын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы жаран-дык, административдик, салык, бажы жана башка укук мамилелерден келип чыккан экономикалык талаштар боюнча;- банкроттук тууралуу (кудуретсиздик);- мыйзамдар менен каралган башка иштер, админи-стративдик укук бузуулар тууралуу иштерди, жарандар-

Page 29: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

28

дын шайлоо укуктарын коргоо жана шайлоо процесси-нин башка катышуучулары тууралуу иштерди, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди, жарандык абалдарды катто китебинде туура эместиктерди табуу тууралуу иштерди, нотариалдык аракеттерди аткарууга же аларды аткаруудан баш тартуу боюнча арыздар туу-ралуу иштерди кошпогондо.

Судьяданбаштартуудегенэмне,алкайсыучур-лардаколдонулат?

Баш тартуу – бул ишти кароого катышуудан баш тартуу. Баш тартуу төмөнкүдөй учурларда билдирилет: 1) эгерде ал ишке катышкан адамдардын же алардын өкүлдөрүнүн бирөөсүнүн тууганы болсо; 2) эгерде ал иштин жыйынтыгына жеке өзү, түз же кый-ыр кызыкдар болсо, же анын калыстыгына шек келтирген баш-ка жагдайлар болсо; 3) эгерде ал буга чейин ушул ишти кароодо сот, проку-рор, эксперт, адис, котормочу, өкүл, сот отурумунун катчысы катары катышса. 4. Ишти караган соттун курамына өз ара тууган болгон адамдар кире алышпайт.

Дооарызыкандайформадажанакандаймазмундасоткоберилет?

Доо арызы сотко жазуу түрүндо берилет. Арызда төмөнкүлөр берилиши зарыл: 1) арыз берилген соттун аталышы; 2) доогердин аталышы, анын жашаган жери, же эгерде доогер болуп юридикалык жак чыкса анын жайгашкан жери, ошондой эле өкүлүнүн аталышы жана анын дареги, эгерде арыз өкүл тарабынан берилсе; 3) жоопкердин аталышы, анын жашаган жери, же жооп-кер катары юридикалык жак чыкса, анын жайгашкан жери; 4) доогердин талабы; 5) доогер өзүнүн талаптарын негиздеген жагдайлар жана бул жагдайларды тастыктаган далилдер; 6) доонун баасы, эгерде доо бааланууга жатса; 7) арызга тиркелүүчү документтердин тизмеси.

Page 30: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

29

Арызда талашты чечүү үчүн мааниге ээ болгон башка маалы-маттар да көрсөтүлүшү мүмкүн. Арызга доогер кол коет же кол коюуга жана арызды берүүгө ыйгарым укуктар болгон учурда өкүл кол кое алат.

Кайсыдокументтердооарызынатиркелет?

Доо арызынын, ошондой эле жоопкерлердин жана үчүнчү жактардын саны боюнча документтердин көчүр-мөлөрү;Доогер өзүнүн талаптарын негиздеген жагдайларды та-стыктаган документтер;Жарыяланган ченемдик укуктук актынын тексти, эгерде аны талашса; Сот чыгымдарын төлөөдөн бошотуу, мөөнөтүн узартуу, узартуу же алардын өлчөмүн азайтуу, доону камсыз кылуу, далилдерди талап кылуу жана башкалар туура-луу кат жүзүндө жазылган сунуштамалар (т.а. суроо), эгерде алар арызда көрсөтүлбөсө.

Кайсы учурдарда сот доо арызын алуудан баштартаалат?

1) эгерде арыз жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде каралууга жана чечилүүгө жатпаса; 2) эгерде ошол эле тараптардын, ошол эле предмет тууралуу жана ошол эле негиздер боюнча ортосундагы талаш боюнча сот, бейтарап сот менен чыгарылган жана мыйзамдуу күчүнө кирген чечим, болбосо доогердин доодон баш тартуусу-на байланыштуу иш боюнча өндүрүштү токтотуу же тараптар-дын тынчтык макулдашуусун бекитүү жөнүндө соттун аныкта-масы бар болсо; 3) эгерде тараптардын ортосунда талашты бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө бекитилген макул-дашуу болсо, бул макулдашуу мыйзамсыз, күчүн жоготкон же аткарууга мүмкүн эмес болгон учурларды кошпогондо; 4) эгерде юридикалык жактардын (жеке менчиктин түр-лөрүнө карабастан, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын), иш-кер ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырган жарандардын, ошондой эле юридикалык жактын уюмдаштыруучусунун (катышуучу-нун, акционердин) же анын мүлкүнүн менчикчисинин бузулган укуктарын коргоо, жөнүндө талаптарын сотко берген башка

Page 31: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

30

адамдарды коргоо жөнүндө берилген талап, ошого барабар бузулган ишкер ишмердүүлүгүнүн объекттерине милдеттенме, буюмдук жана башка мүлктүк укуктары боюнча мыйзам менен белгиленген доо мөөнөтү аяктаса. Арызды кабыл алуудан баш тартуу тууралуу сот мо-тивацияланган аныктама чыгарат, ал сотко кайрылган учур-дан тартып жети күндүк мөөнөттүн ичинде чыгарылып, арыз берүүчүгө берген документтерди кайтарып берүү менен бирге тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш. Арызды кабыл алуу-дан баш тартуу арыз берүүчүгө ошол эле жоопкерге, ошол эле предмет тууралуу, ошол эле негиздер боюнча доо менен кайра кайрылууга тоскоолдук кылат. Арызды кабыл алуудан баш тартуу тууралуу соттун аныктамасына жеке даттануу же сунуштама берилиши мүмкүн.

Кайсы учурларда сот доо арызын кайтарып бе-рет?

1) эгерде доогер тарабынан мыйзам же келишим менен белгиленген талашты чечүүнүн сотко чейинки тартиби сактал-баса жана бул тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаса; 2) эгерде иш аталган сотко тиешелүү болбосо; 3) эгерде арыз ылайыксыз доогер тарабынан берилсе; 4) эгерде арыз жөндөмсүз адам тарабынан берилсе; 5) эгерде арыз кызыкдар адамдын атынан, ага кол ко-юуга жана сотко берүүгө ыйгарым укуктары жок адам менен кол коюулуп сотко берилсе; 6) эгерде ушул соттун же башка соттун, бейтарап сот-тун өндүрүшүндө ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле предмет тууралуу жана ошол эле негиздер боюнча иш бар болсо; 7) эгерде күйөсү тарабынан аялынын макулдугу жок анын кош бойлуу абалында жана бала төрөлгөндөн кийин бир жылдын ичинде нике бузуу тууралуу доо берилсе; 8) эгерде жарандын мыйзам менен белгиленген доонун эскиришинин мөөнөтү аяктаган бузулган укугун коргоо туура-луу арызына аны калыбына келтирүү тууралуу сунуштамасы тиркелбесе, бирок мындай калыбына келтирүүгө мыйзам ме-нен жол берилет. Арыз доосунун кайтарылып келишине сот мотиваци-яланган аныктама чыгарат. Аныктамада сот эгерде иш атал-ган сотко тиешелүү болбосо, арыз берүүчү кайсы сотко кай-рылуу керектигин, же ишти козгоого тоскоолдук кылып жаткан

Page 32: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

31

жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү. Арыздын кайтарылып келиши жөнүндө аныктама анын сотко келген учурунан тартып үч күндүк мөөнөттө чыгарылат жана арыз берүүчүгө бардык тиркелген документтер менен чогуу берилиши же жөнөтүлүшү керек. Доо арызынын кайтарылып келиши жөнүндө аныктама, эгерде доогер келтирилген бузуу-ларды жойсо, сотко ошол эле иш боюнча кайра арыз берүүгө тоскоолдук кылбайт. Арыздын кайтарылып келиши жөнүндө судьянын аныктамасына жеке даттануу же сунуштама бери-лиши мүмкүн.

Кайсыучурлардасотишбоюнчаөндүрүштүток-тототураалат?

1) жаран каза болсо же иште тарап болуп саналган юри-дикалык жакты кайра уюмдаштырууда, эгерде талаш укук ма-милеси укук улантуучулукка уруксат берсе; 2) тарап жөндөмдүүлүгүн жоготкон учурда; 3) жоопкер согуш аракеттерине катышкан Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүндө, Кыргыз Республикасынын башка аскер же аскер түзүлүштөрүндө болсо, же согуш аракеттерине катышкан Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүндө, Кыргыз Респу-бликасынын башка аскер же аскер түзүлүштөрүндө болгон до-огердин суранычы боюнча; 4) конституциялык, жарандык, жазык сот өндүрүшүнүн тартибинде же административдик тартипте каралган башка ишти чечүүгө чейин бул ишти кароонун мүмкүн эместиги; 5) сот тарабынан бул иште колдонулган же колдонууга жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамынын же башка укук-тук ченемдик актынын Кыргыз Республикасынын Конституци-ясына тиешелүүлүгү жөнүндө маселесинде ачык эместиктер-ди табуу жана бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына суроо-талап жөнөтүү. 6) тарап Куралдуу Күчтөрдө, Кыргыз Республикасынын башка аскер же аскер түзүлүштөрүндө чакыруу боюнча аскер кызматында болсо, же кандайдыр бир мамлекеттик милдетти аткаруу үчүн чакыртылса; 7) тарап узак кызматтык иш сапарда болсо; 8) тарап дарылоо мекемесинде болсо же медицина-лык мекеменин маалым каты менен тастыкталган жана сотко келүүгө тоскоолдук кылган ооруга кабылса; 9) жоопкерди издөөгө салса;

Page 33: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

32

10) сот тарабынан экспертиза дайындалса; 11) үй бүлө жана балдарды колдоо боюнча бөлүм та-рабынан бала асыроо тууралуу иштер боюнча бала асырап алуучулардын жашоо шарттарын текшерүүнү дайындоо; 12) ишти кароодо колдонулган же колдонууга жаткан конституциялык мыйзамды текшерүү жөнүндө суроо-талапты кароого алгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогор-ку сотунун Конституциялык палатасынан билдирме алуу; 13) сот тапшырмасын жөнөтүү; 15) укуктук ченемдик актыларды чечмелөө боюнча мам-лекеттик органдарга расмий суроо-талап жөнөтүү.

Кайсыучурлардасотишбоюнчаөндүрүштүток-тотот?

1) эгерде иш жарандык сот өндүрүш тартибинде кара-лууга жана чечилүүгө жатпаса; 2) эгерде доогер тарабынан бул иштин категориялары үчүн мыйзам, болбосо тараптардын келишими менен белги-ленген алдын ала соттон тышкары же сотко чейинки талашты чечүүнү алдын ала караштырган тартиби сакталбаса жана бул тартипти пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жоготулса; 3) эгерде мыйзамдуу күчүнө кирген ошол эле тараптар-дын ортосунда, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле не-гиздер боюнча талаш боюнча чыгарылган соттун чечими же доогердин доодон баш тартуусуна байланыштуу иш боюнча өндүрүштү токтотуу же тараптардын тынчтык макулдашуусун бекитүү тууралуу соттун аныктамасы болсо; 4) эгерде доогер доодон баш тартса жана баш тартуу сот тарабынан кабыл алынса; 5) эгерде тараптар тынчтык макулдашуусун түзүшсө жана ал сот тарабынан бекитилсе; 6) эгерде ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш бо-юнча аксакалдар сотунун, анын компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечими ишке ашса; 7) эгерде жарандын, иш боюнча тараптардын бири бо-луп саналган жеке ишкердин каза болушунан кийин талаш укук мамилеси укук улантуучулукка жол бербесе; 8) эгерде иш боюнча тарап катары чыккан юридикалык жак, укук улантуучусун белгилебей туруп жоюлса; 9) эгерде талаштын предмети же тарабы жок болсо; 10) эгерде ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле

Page 34: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

33

предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш бо-юнча кабыл алынган бейтарап соттун чечими болсо; 11) эгерде сот тарабынан биринчи инстанцияда доо бо-юнча чечимди кабыл алууга чейин тараптар талашты бейта-рап сотко өткөрүү тууралуу макулдашууну түзүшсө; 12) эгерде ишти сот териштирүүсүнө даярдоо процес-синде же талашты негизи боюнча кароо процессинде калы-бына келтирүүгө жатпаган же калыбына келтирүүдөн баш тар-тылган арыз берүүгө чейин мыйзам менен белгиленген доонун эскиришинин мөөнөтү аяктаса.

Ишбоюнчаөндүрүштүтоктотуунункандайкесе-петтерибар?

Иш боюнча өндүрүштү токтотуу учурунда ошол эле та-раптардын ортосунда, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш боюнча экинчи ирет сотко кай-рылууга жол берилбейт.

Кайсы учурларда сот арызды кароосуз калты-рат?

1) эгерде доогер тарабынан иштин бул категориясы үчүн мыйзам менен же тараптардын келишими менен карал-ган талашты сотко чейин чечүүнүн тартиби сакталбаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаса; 2) эгерде арыз жөндөмдүүлүгү жок адам менен берил-се; 3) эгерде кызыкдар адамдын атынан арыз ага кол коюу-га же доо берүүгө ыйгарым укуктары жок адам менен берилсе; 4) эгерде бул же башка соттун, бейтарап соттун өн-дүрүшүндө буга чейин ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш боюнча козголгон иш болсо; 5) эгерде жок болгон учурда ишти териштирүү тууралуу буга чейин сурабаган тараптар экинчи чакыруу боюнча сотко келбесе, ал эми сот иште болгон материалдар боюнча ишти чечүүгө мүмкүн эмес деп эсептебесе; 6) эгерде жок болгон учурда ишти териштирүү туура-луу буга чейин сурабаган доогер экинчи чакыруу боюнча сотко келбесе, ал эми жоопкер ишти негизи боюнча териштирүүнү талап кылбаса; 7) эгерде доогер арызды кайтарып берүү тууралуу су-

Page 35: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

34

ранычы менен кайрылса, ал эми жоопкер ишти негизи боюнча териштирүүнү талап кылбаса; 8) эгерде күйөсү тарабынан берилген аялынын макул-дугу жок анын кош бойлуу абалында жана бала төрөлгөндөн кийин бир жылдын ичинде нике бузуу тууралуу арыз, судья та-рабынан доогерге кайтарылып берилбесе; 9) эгерде арыз доонун мазмунунда каралган талаптар-ды сактабастан берилсе жана доогер судья тарабынан коюл-ган мөөнөттө ишти негизи боюнча сот менен кароого жана чечүүгө тоскоолдук кылган кемчиликтерин оңдобосо.

Соткандайактылардычыгарат?

Чечим, аныктама, токтом.

Кайсыучурлардасотчечимчыгарыт?

Иш негизи боюнча чечилген биринчи инстанциядагы соттун актысы чечим формасында чыгарылат. Чечим Кыргыз Республикасынын аты менен чыгарылат.

Кайсыучурлардааныктамачыгарылат?

Иш негизи боюнча чечилбеген соттун актысы аныктама формасында чыгарылат. Кайсыучурлардатоктомчыгарылат?

Соттун актысы, эреже катары, апелляциялык жана кас-сациялык, көзөмөл инстанцияларынын иштин соттук кароосун-дагы акыркы документи. Токтом соттун чечиминин жарым-жар-тылай же толук жоюлушу жөнүндө, соттун чечимин өзгөртүү тууралуу чыгарылат.

Сотчечимимыйзамдуукүчүнөкирүүмөөнөтүкан-дай?

Биринчи инстанциядагы соттун чечиминин күчүнө кирүү мөөнөтү 30 күн.

Page 36: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

35

Биринчи инстанциядагы соттун аныктамасы-нынмыйзамдуукүчүнөкирүүмөөнөтүкандай?

Соттун аныктамасынын мыйзамдуу күчүнө кирүү мөөнөтү 10 күн.

Апелляциялыкдаттануудегенэмне?

Мыйзамдуу күчүнө кирбеген биринчи инстанциядагы соттордун актылары, ишке катышкан тараптар жана башка адамдар менен апелляциялык тартипте областтык соттун сот коллегиясына даттанууга болот.

Апелляциялык даттанууну берүүнүн мөөнөтүкандай?

Сот тарабынан чечим чыгарылса, апелляциялык дат-тануу соттун чечими чыгарылган жана тапшырылган учурдан баштап отуз күн аяктаганга чейин берилет. Сот тарабынан аныктма чыгарылса, жеке апелляциялык даттануу соттун че-чими чыгарылган жана тапшырылган учурдан баштап он күн аяктаганга чейин берилет. Апелляциялык даттанууну берүүгө процессуалдык мөөнөт кайра калыбына келтирүүгө болбойт, арыз берүүчү биринчи инстанцияда ишти кароо боюнча сот отурумуна жөнү бар себептер боюнча катышпаган учурлар-ды кошпогондо. Ушуну менен бирге апелляциялык даттануу берүүгө процессуалдык мөөнөттү калыбына келтирүү туура-луу өтүнүч (т.а. суроо) биринчи инстанциядагы соттун чечими чыккан күндөн алты ай кечиктирбей берүүгө болот.

Апелляциялыкдаттануукайдаберилет? Апелляциялык даттануу же сунуштама чечимди чы-гарган сот аркылуу берилет. Апелляциялык даттанууну же су-нуштаманы түздөн түз апелляциялык инстанциядагы сотко берүү ишти кароого тоскоолдук болуп саналбайт.

Апелляциялык даттануу эмнени камтууга тий-иш?

1) апелляциялык даттануу же сунуш даректелген соттун аталышын; 2) даттануу же сунуш берген адам жөнүндө маалымат-тарды, анын жашаган жерин же турган жерин;

Page 37: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

36

3) даттануу чечимди; 4) даттануу же сунуштун маңызды; 5) даттануу же сунуш берген адамдын өтүнүчтү; 6) даттанууга же сунушка тиркелүүчү документтердин тизмесин камтууга тийиш. Апелляциялык даттанууга даттануу же сунуш берген адам кол коет. Өкүл тарабынан берилген апелляциялык дат-танууда болуш керек. Апелляциялык даттануу жана аларга тиркелген документтер сотко ишке катышкан адамдардын саны боюнча көчүрмөлөрү менен берилет, административдик жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде каралган иштерди кошпогондо. Административдик жана экономикалык иштер боюнча апелляциялык даттануу берген адам, ишке катышкан башка адамдарга, аларда жок болгон даттануунун жана ага тиркелген документтердин көчүр-мөлөрүн жөнөтөт.

Апелляциялыкдаттануукайсыучурлардакайта-рылыпберилет?

1) кыймылсыз калтырылган, даттануунун же сунуштун кемчиликтерин оңдоо тууралуу көрсөтмөлөрдү белгиленген мөөнөттө аткарбоо; 2) даттануу мөөнөтү аяктаганда жана даттанууга мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө жок болгон учурда; 3) эгерде апелляциялык даттануу же сунуштама апел-ляциялык даттанууну же сунуштаманы берүүгө укугу жок адам менен берилсе; 4) эгерде ишти апелляциялык өндүрүшкө алууга чей-ин даттануу же сунуштама берген адамдан даттанууну же су-нуштаманы кайтарып берүү тууралуу арыз келсе. Апелляциялык даттанууну кайсы соттор ка-райт?

Мыйзамдуу күчүнө кирбеген райондук соттордун чечим-дери, жарандык иштер боюнча сот коллегиясы же областтык соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан апелляциялык тартипте каралышы мүмкүн.

Page 38: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

37

Кассациялыкдаттануудегенэмне?

Райондук соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актыла-рына карата тараптар жана ишке катышкан башка адамдар тарабынан областтык соттун кассациялык инстанциясына кас-сациялык даттануулар берилиши мүмкүн.

Кассациялыкдаттануукайдаберилет?

Кассациялык даттануу же сунуштама чечим чыгарган сот, т.а. биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет.

Кассациялык даттануу берүүнүн мөөнөтү кан-дай?

Кассациялык даттануу же сот чечимине сунуштама сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштап алты айдан ашпаган мөөнөттө берилиши мүмкүн. Кассациялык даттануу-ну берүүгө процессуалдык мөөнөт калыбына келбейт, биринчи жана/же апелляциялык инстанцияларда ишти кароодо сот оту-румуна катышпаган арыз берүүчү, даттануучу сот актысынын мазмуну же кабыл алуу фактысы тууралуу билбегендигин да-лилдеп берген учурларды кошпогондо.

Кассациялык даттануу өзүндө эмнени камтуугатийиш?

1) даттануу же сунуш даректелген соттун аталышын; 2) даттануу же сунуш берген адам жөнүндө маалымат-тарды, анын жашаган жерин же турган жерин; 3) даттануу чечимди; 4) даттануу же сунуштун маңызды; 5) даттануу же сунуш берген адамдын өтүнүчтү; 6) даттанууга же сунушка тиркелүүчү документтердин тизмесин. Райондук сотто изилдөөнүн предмети болбогон жаңы далилдерге даттануу берген адамдын шилтемесине жол бе-рилбейт. Кассациялык даттанууга же сунуштамага даттануу же сунуштама берген адам кол коет. Кассациялык даттануу же сунуштама жана аларга тир-келген документтер сотко ишке катышкан адамдардын саны боюнча көчүрмөлөрү менен берилет, административдик жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот өндүрүшүнүн тар-

Page 39: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

38

тибинде каралган иштерди кошпогондо. Административдик жана экономикалык иштер боюнча кассациялык даттануу бер-ген адам, ишке катышкан башка адамдарга, аларда жок бол-гон даттануунун жана ага тиркелген документтердин көчүр-мөлөрүн жөнөтөт.

Кайсы соттор кассациялык даттанууларды ка-райт?

Мыйзамдуу күчүнө кирген райондук соттордун чечим-дери, жарандык иштер боюнча сот коллегиясы же областтык соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан кассациялык тартипте каралышы мүмкүн.

Көзөмөлдаттануудегенэмне?

Областтык соттордун соттук коллегиялары тарабынан каралган жана аппеляциялык тартипте, кассациялык тартипте сот тарабынан ага теңдештирилген, ошондой эле Жарандык кодекс менен каралган учурларда, алар чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирген биринчи инстанциядагы сот-тордун актылары, соттук көзөмөл тартибинде КР Жогорку со-тунда кайра каралышы мүмкүн.

Көзөмөлдаттануунуберүүгөкимукуктуу?

Тараптар жана ишке катышкан башка жактар, алардын өкүлдөрү, ошондой эле укуктары же мыйзам тарабынан корго-луучу таламдары иш боюнча чыгарылган соттун актысы менен бузулган адамдар;

Көзөмөлдаттануунуберүүмөөнөттөрү?

Даттануулар же талаптар автордук же мурас укуктар боюнча - соттун актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тар-тып жетимиш беш жылдын ичинде, ал эми калган иштер боюн-ча - бир жылдын, шайлоо укуктарын коргоо боюнча - үч күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Ишти караганда сот жыйналыштарына катышпай кал-ган арыз берүүчү даттанылып жаткан сот актысын кабыл алуу фактысын же бул актынын мазмунун билбей калгандыгын да-лилдей алган учурлардан башка учурларда даттануу берүүнүн

Page 40: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

39

же көзөмөл тартибинде талап берүүнүн процесстик мөөнөтү калыбына келтирилүүгө жатпайт.

Көзөмөлдаттануунуөзүндөэмнелердикамтуугатийиш?

1) даттануу же талап жиберилген кызмат адамынын аталышын; 2) даттанууну же талапты берген жактын аталышын, анын жашаган же турган жерин жана иштеги процесстик аба-лын; 3) ишке катышкан башка жактардын аталышын, алар-дын жашаган же турган жерин; 4) ишти биринчи, апелляциялык, кассациялык инстан-цияларда караган соттордун аталышын жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин мазмунун; 5) соттун даттанылып жаткан актысынын көрсөтүлүшүн; 6) мыйзамдын бузулушу эмнеде экендигинин көр-сөтүлүшүн; 7) даттанууну же талапты берген жактын өтүнүчүн. Эгерде көзөмөл иретинде даттанууну же талапты ишке катышпаган жак берсе, аларда мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы тарабынан адамдын кандай укуктары же мыйзам та-рабынан корголуучу таламдары же мамлекеттин же коомдун кандай таламдары бузулгандыгы көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде көзөмөл даттануусу мурда көзөмөл инстанци-ясына берилген болсо, анда бул жөнүндө жана даттануу же талап боюнча кабыл алынган соттун чечими жөнүндө көр-сөтүлүүгө тийиш. Даттанууга даттанууну берген адам же анын өкүлү кол коюуга тийиш, ал эми талапка ыйгарым укуктуу адам кол коет. Көзөмөлдаттануукайдаберилет?

Көзөмөл даттануу чечим чыгарган сот, т.а. биринчи ин-станциядагы сот аркылуу берилет.

Көзөмөл инстанциясындагы сот чечиминин өз-гөчөлүктөрүкандай?

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот колле-гияларынын соттук курамдарынын токтому кабыл алынгандан кийин дароо күчүнө кирет, акыркы чечим болуп саналат, ага даттанылбайт жана Кыргыз Республикасынын аткаруу иши жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарылат.

Page 41: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

40

Кайсы учурларда жаңы пайда болгон жагдайларбоюнчасотактыларынкайракароогожолберилет? 1) арыз ээси билбеген жана биле албай турган иш үчүн олуттуу жагдайлар; 2) эгерде сот актысын кайра кароого эч кандай бөгөт болбосо, ал сот актысы негизделген мыйзамды Кыргыз Респу-бликасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбейт деп тааныса; 3) соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин күбөнүн же адистин атайылап жалган көрсөтмө бериши, экс-перттин атайылап жалган корутунду чыгарышы, атайылап туу-ра эмес которуу, жалган документтер же буюм далилдер анык-талса, ал токтомдун мыйзамсыз экеңдигине же сот актысынын негизсиздигине алып келсе; 4) соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин тараптардын, ишке катышкан башка жактардын, же болбосо алардын өкүлдөрүнүн кылмыштуу аракеттери же ошол ишти кароодо соттун кылмыштуу жосундары аныкталса; 5) ошол сот актысын чыгарууга негиз болгон соттун ак-тысын же башка органдын токтомун алып салуу.

Кайсысотторжаңыпайдаболгонжагдайларбо-юнчасотактыларынкайракароогоалышат?

Биринчи, апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанциясындагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген ак-тылары жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча ал актыны кабыл алган сот тарабынан кайра каралат. Соттун чечимин өзгөрткөн же жана чечим чыгарган көзөмөл инстанцнясынын соттук актыларын жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароону чечимде өзгөрткөн же жаңы чечим чыгарган сот жүргүзөт.

Жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо тууралуу арыз кайда берилет жана канча мөөнөт-тө?Сот актысын жаңыдан келип чыккан жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арыз же сунуштама ишке катышы бар жактар тарабынан ишти биринчи инстанцияда караган сотко, кайра кароо үчүн негиз болуучу жагдайлар аныкталгандан кийин үч айдын ичинде берилет.

Page 42: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

41

Жаңыпайдаболгонжагдайларбоюнчасотакты-ларын кайра кароо тууралуу арызды берүү мөөнөтүкантипэсептелет?

1) иш үчүн олуттуу мааниси бар жагдайлар ачылган күн-дөн баштап; 2) сот актысы негизделген мыйзамды Кыргыз Республи-касынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбей турганды-гы жөнүндө чечим чыгарган күндөн баштап; 3) кылмыш иши боюнча өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштап; 4) сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген же өз маңызы боюнча сот актысына карама-каршы келген башка органдын токтому же каралып жаткан сот актысы негизделген токтом чы-гарылган күндөн баштап.

Жаңыпайдаболгонжагдайларбоюнчасотакты-ларын кайра кароо тууралуу соттун аныктамаларындаттануунунтартибикандай?

Жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндөгү арызды же талап кылууну карап чыгып, сот арызды канааттандырат жана сот актысын алып салат, же аны кайра кароодон баш тартат. Апелляциялык, кассациялык инстанциялардагы соттун соттук актыны жаңыдан белгилүү болгон кырдаалдар боюнча кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө аныктамасына экинчи инстанциядагы сотко датта-нууга болот. Апелляциялык, кассациялык инстанциялардагы соттун соттук актыны жаңыдан белгилүү болгон кырдаалдар боюнча кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө аныктамасына көзөмөлдөө тартибинде үчүнчү ин-станциядагы сотко даттанууга болот. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук акты-ны жаңыдан белгилүү болгон кырдаалдар боюнча кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө аны-ктмасына даттанууга болбойт. Сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз же талап кылуу канааттандырылган учурда иш сот тарабынан жалпы негизде Жарандык кодексте белгиленген эрежелер боюнча каралат.

Page 43: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

42

Жарандардын башка мамлекеттик мекемелерге кай-рылуунун тартиби.

5.2. Кылмыш-жаза иштери боюнча кайрылуунун тартиби.

Кылмышдегенэмне?

Кылмыш - коомдук коркунучтуу, күнөөлүү жана жазала-нуучу аракет же аракетсиздик жолу менен жасалган жосун.

Кимдер кылмыш-жаза жоопкерчилигине тарты-лат?

Кылмыш-жаза жоопкерчилигине акыл-эси соо, т.а. кылмыш жасаган учурда өзүнүн аракеттерине жооп берген адам гана тартылат. Кылмыш-жаза жоопкерчилиги 16 жаштан баштап, өзгөчө учурларда 14 жаштан баштап тартылат. (97-бе-рене Адам өлтүрүү, 123-берене Адам уурдоо, 167-берене То-ноо ж.б.)

Кылмышжасаган адамга каратажазанын кандайтүрлөрүколдонулушумүмкүн?

1) коомдук жумуштарга тартуу; 2) айып; 3) үч эселенген айып; 4) белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу; 5) зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында ке-чирим суроо; 6) түзөтүү жумуштары; 7) эркиндигин чектөө; 8) тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо; 9) эркиндигинен ажыратуу; 10) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу. (2) Соттолгондорго карата негизги жазалардан тышка-ры төмөндөгүдөй кошумча жазалар колдонулушу мүмкүн: 1) атайын, аскердик, ардактуу наамынан, класстык че-нинен, атайын класстык ченинен, дипломатиялык рангынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу; 2) мүлкүн конфискациялоо; 3) транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу.

Page 44: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

43

(3) Айып, зыяндын ордун толтуруу менен эл алдында кечирим суроо жана белгилүү кызматтарды ээлөө жана бел-гилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу кошумча жаза-лар катары да колдонулушу мүмкүн.

Жазыкишидегенэмне?

Жазык иши - жасалган бир же бир нече (негизинен жа-салган) кылмыштар жаатында тергөө органы же сот тарабынан жүргүзүлүүчү өзүнчө бөлүнгөн жазык иши;

Жабырлануучудегенким?

Кылмыштан улам моралдык, денесине же мүлкүнө зыян келтирилген адам жабырлануучу деп табылат. Жабырлануучу деп табуу жөнүндө тергөөчү жана судья токтом чыгарат. Жа-бырлануучу деп табуу жөнүндө чечим зыян келтирген кылмыш окуясы аныкталгандан кийин кабыл алынат жана анын жашы-на, психикалык же саламаттык абалына байланыштуу эмес.

Жабырлануучунункандайукуктарыжанамилдет-терибар?

Жабырлануучу укуктуу:- айыпкерге коюлган күнөөнүн маңызын билүүгө;- көрсөтүү берүүгө (өз эне тилинде же өзү билген тил-де);- далил келтирүүгө;- өтүнүч жана баш тартуу билдирүүгө;- тилмечтин кызматынан пайдаланууга;- өзүнүн өкүлүнө ээ болууга;- өзүнүн өтүнүчү боюнча же өз өкүлүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө аракеттерине катышууга;- өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракет-теринин протоколдору менен таанышууга жана аларга карата пикирин билдирүүгө;- тергөө бүткөндөн кийин иштин бардык материалдары менен таанышууга жана андан зарыл маалыматтарды көчүрүп алууга;- жазык ишин козгоо, жабырлануучу деп табуу же андан баш тартуу, жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө токтом-дордун көчүрмөлөрүн, айыпкер катары ишине тартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн, ошондой эле соттун

Page 45: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

44

чечимдеринин көчүрмөсүн алууга;- сотко катышууга;- соттогу талаш-тартыштарда чыгып сүйлөөгө, айыпто-ону колдоого;- сот заседаниесинин протоколу менен таанышууга жана ага карата пикирлерин билдирүүгө;- алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин аракет-терине, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун аракет-терине жана чечимдерине даттанууга ж.б.;

Жабырлануучу милдеттүү: 1) тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун чакыруусу бо-юнча келүүгө; 2) көрсөтүү берүүгө, иш боюнча өзүнө белгилүү болгон бардык маалыматтарды туура айтып берүүгө; 3) өзүндөгү буюмдарды, документтерди, салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү берүүгө; 4) тергөөчүнүн, прокурордун, соттун талабы боюнча күбөлөндүрүүдөн өтүүгө; 5) иш боюнча өзүнө белгилүү жагдайлар туурасында маалыматтарды ачыкка чыгарбоого; 6) сот заседаниесинде тартипти сактоого.

Мамлекет кепилдегенюридикалык жардам дегенэмне? Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (юридика-лык жардам) - мамлекеттин эсебинен көрсөтүлүүчү адамдар-дын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо бо-юнча адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамы;

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдыалуугакимдерукуктуу? Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алууга “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйза-мына ылайык юридикалык жардамды алуу үчүн зарыл болгон жылдык кирешеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиле-ген минималдуу кирешенин деңгээлинен ашпаган Кыргыз Ре-спубликасынын жарандары укуктуу. “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамына ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жар-дам алуу үчүн зарыл болгон жылдык кирешенин Кыргыз Ре-спубликасынын Өкмөтү белгилеген деңгээлин эсепке албастан юридикалык жардамды алууга майыптыктын 1 жана 2-тобун-дагы адамдар, сүйлөө, угуу, көрүү функциялары олуттуу бу-зулган, психикалык оорулардан жапа чеккен адамдар укуктуу.

Page 46: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

45

Кылмыш жасоо жөнүндө арыз менен кайрылуунун тартиби. Жарандардын кылмыш жөнүндө арыздары оозеки же жазуу түрүндө болушу мүмкүн. Жазуу түрүндөгү арыз, аны жазган адам тарабынан колу коюлуш керек. Оозеки арыздар арыз берүүчү, арызды кабыл алган кы-змат адамы (алгач текшерүү органы, тергөөчү, прокурор) та-рабынан кол коюлган протоколго киргизилет. Протокол арыз берүүчү, анын жашаган жана иштеген жери жөнүндө маалы-маттарды камтууга тийиш. 5.3.Башка мамлекеттик мекемелерге Мамлекеттик мекемелерге кайрылууга кимдин укугу бар? Кыргыз Республикасында ар бир жаран мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу кайрылуу укугуна ээ, алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө не-гизделген жооп берүүгө милдеттүү. Органдар, алардын кызмат адамдары жарандардын сунуштар, арыздар жана даттануу-лар менен кайрылуу укугунан ажыратууга же алардын мындай укугун чектөөгө акысы жок. Жашы жетелек же аракетке жөн-дөмсүз адамдардын кызыкчылыктарындагы арыздарды жана даттанууларды алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, ошондой эле көзөмөлдүк жана камкордук органдары берүүгө укуктуу. Эгер-де Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында же эларалык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Мыйзамга ылайык кайрылуу укугунан пайдаланышат. Жарандардын белгиленген тартипте газеталардын, журналдардын, телекөрсөтүү, радио жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакция-ларынан, түз телефон байланышы боюнча келип түшкөн кай-рылуулары жарандардын кайрылуулары катары каралат. Жа-рандар кайрылууга болгон укугун эркин жана ыктыярдуу ишке ашырышат. Жарандардын кайрылуу укугун жүзөгө ашыруусу башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбоого тийиш. Жарандардын кайрылууларын кароо акысыз жүзөгө ашырылат.

Жазуужүзүндөгүкайрылуугакандайталаптарко-юлат? Жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда жазуу жүзүндөгү кайрылуусун жөнөткөн мамлекеттик органдын же

Page 47: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

46

жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын аталышын, же болбосо тийиштүү кызмат адамынын аты-жөнүн, же болбосо тийиштүү адамдын кызмат ордун, ошондой эле өзүнүн фами-лиясын, атын, атасынын атын (эгерде атасынын аты болсо), жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон дарегин милдеттүү түрдө көр-сөтөт, сунушунун, арызынын же даттануусунун маани-маңы-зын баяндайт, өзүнүн колун коет жана күнүн көрсөтөт. Жаран-дын арызы, даттануусу негиздүү болууга тийиш. Зарыл болгон учурда аларга жарандын далилдерин тастыктоочу документ-тер тиркелет.

Кайрылуудажаранкандайукуктаргаээболот? 1) кайрылуунун катталган күнү жана номери тууралу оо-зеки же жазуу жүзүндө (электрондук) маалымат алууга; 2) кайрылууларды кароого байланыштуу болгон мате-риалдар менен, ал башка жарандардын укуктарын канчалык козгой тургандыгына жана мамлекеттик жашыруун сырларды, коммерциялык жана (же) башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы келбегендей деңгээлде таанышууга; 3) кайрылууну карап жаткан адамга өзүнүн далилдерин айтууга; 4) коллегиалдуу органдын кайрылууну карашына түздөн-түз же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу катышууга; 5) кайрылууну кароонун натыйжалары жөнүндө белги-ленген мөөнөттө жазуу жүзүндө (электрондук) жооп алууну та-лап кылууга; 6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайрылуунун администрациялык жана (же) сот тартибинде ка-ралышына байланыштуу кайрылуу боюнча кабыл алынган че-чимге же аракетке (аракетсиздикке) даттануу менен кайрылуу-га; 7) кайрылууну кароону токтотуу жөнүндөгү арыз менен кайрылууга.

Кайрылууну кароодо жарандын жоопкерчилигикандай? Жарандын жалаа жабуу мүнөздөгү материалдарды, башка адамдардын ар-намысын жана кадыр-баркын кордогон жана ишкердик беделине шек келтирген сөздөрдү камтыган кайрылууну берүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-на ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.

Page 48: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

47

Электрондук почта аркылуу келген электрондуккайрылуулардынтартибикандай?

Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу үчүн мамлекеттик бийлик органы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Интернет тармагында өзүнүн электрондук почтасынын расмий дарегин каттайт. Мамлекеттик органдын же өз алдынча башкаруу органынын электрондук почтасынын дареги мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтына, ал эми ал болбогондо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жай-гаштырылууга тийиш. Электрондуккайрылууэмненикамтуугатийиш? Жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда электрондук кайрылууну жөнөткөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышын, же болбосо тие-шелүү кызмат адамынын фамилиясын, атын, атасынын атын, же болбосо тиешелүү адамдын кызмат ордун, ошондой эле өзүнүн-фамилиясын, атын, атасынын атын (ал болсо), байла-ныш телефонун (үй, уюлдук же жумушчу), жашаган дарегин милдеттүү тартипте көрсөтөт, кайрылуусунун маани-маңызын баяндайт. Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичин-де алар боюнча электрондук файлдар жайгаштырылган (элек-трондук документтер, фото- жана көрмө материалдар) сканер-ленген электрондук документтерди, Интернет тармагындагы даректерин тиркөөгө жол берилет.

Электрондук кайрылууларды кароонун мөөнөтүкандай? Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башка-руу органы электрондук кайрылууну алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде келип түшкөн датасын жана убактысын, берил-ген кириш номерин жана тиешелүү сурап-билүү телефондорун көрсөтүү менен анын кайрылуусу кароого кабыл алынганы жөнүндө же кайрылууну кароодон баш тартуу тууралуу себе-бин негиздөө менен жаранга электрондук билдирүү-кабарла-ма жөнөтөт.

Электрондуккайрылууларкантипкарлат? Андан ары электрондук кайрылуу басып чыгарылат жана андан ары аны менен иштөө мыйзамда белгиленген тар-типте жүргүзүлөт. Электрондук кайрылууну кароонун жүрүшүн-дө электрондук кайрылууну алган кызмат адамы электрондук

Page 49: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

48

кат алышуу жолу менен же кайрылууда көрсөтүлгөн телефон боюнча кайрылуунун маани-маңызын тактоого укуктуу.

Электрондук кайрылуубоюнчамамлекеттикме-кемеденжооптукантипалуугаболот? Электрондук кайрылуу боюнча жооп электрондук кай-рылуу менен кайрылган жарандын электрондук дарегине жөнөтүлөт. Мындан тышкары электрондук кайрылуу менен кайрылган жаранга мамлекеттик орган же жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органы электрондук жооптон тышкары жазуу жүзүндө да жооп жөнөтөт. Кайсы учурларда мамлекеттик орган же жерги-ликтүүөз алдынчабашкарууорганыэлектрондук кай-рылуулардыкарабайкоюугаукуктуу? 1. ченемдик эмес лексиканы жана кемсинткен сөздөрдү, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга жана улуттар аралык жана конфессиялар аралык араздашууларды тутандырууга чакырыктар камтылгандарды; 2. электрондук кайрылууну камтыган маалыматтар жок болгон кайрылууларды.

Жарандардын жазуу жүзүндө келип түшкөн кай-рылууларынынмазмунужанакароотартибикандай? Жарандардын кайрылуулары почта менен же болбо-со өзү бериши мүмкүн. Жеке кайрылууда кайрылуу каты эки нускада даярдалууга тийиш. Кайрылуунун түп нускасы мам-лекеттик мекемеде калат, ушул кайрылууну алган мамлекет-тик мекеменин кызмат адамы бул кайрылуунун көчүрмөсүндө кайрылуунун кирген номерин, датасын, фамилиясын жана колун коюга тийиш. Кайрылып жаткан жарандын суранычы боюнча кайрылууну кабыл алган адам аткаруучунун телефон номерин корсөтөт. Жарандар мамлекеттик, расмий же Кыр-гыз Республикасынын элдеринин башка кайсы тилинде бол-сун кайрылууга укуктуу. Эгерде кайрылуунун текстин окууга мүмкүн болбосо, анда аталган кайрылууну карап жаткан же-текчи же адам кайрылуунун маңызын жана жүйөлөрүн тактоо жана билүү үчүн (эгерде арыз берүүчүнүн фамилиясын жана почта дарегин окууга мүмкүн болсо) арыз берүүчүнү чакырат. Ошону менен бирге арызды карап жаткан жетекчи же адам арыз берүүчү менен байланыша албай калса, кайрылууну ан-дан ары кароо токтотулат, бул тууралу арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.

Page 50: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

49

Жарандардынкайрылууларыкимтарабынанкара-лат? Жарандардын кайрылуулары мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын жетекчиси-нин өзү тарабынан каралат. Аларды андан ары кароонун тар-тиби жетекчи тарабынан белгиленет.

Кайрылуугажоопкантипберилет? Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларына жооп-тор кайрылуунун тилинде берилет. Кайрылуунун тилинде жооп берүүгө мүмкүн болбогон учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тили пайдаланылат.

Жамааттыккайрылуугажоопкантипберилет? Эгерде текстте башкача эскертилбесе, жамааттык кай-рылууга карата жооп кайрылууда биринчи көрсөтүлгөн жаран-дын дарегине жөнөтүлөт.

Кайсыучурлардамамлекеттикмекемежарандынкайрылуусункайтарыпберүүгөукуктуу? 1. Соттун чечимине даттанган кайрылуу соттун бул че-чимине даттануунун тартибин түшүндүрүү менен жөнөткөн кайрылууну; 2. Жарандын аты-жөнү жана жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дареги көрсөтүлбөгөн жазуу жүзүндөгү кайрылуу-су тоголок кат деп таанылат жана каралууга жатпайт; 3. Жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан баш тарткан учурда мындай кайрылууну карап жаткан мамлекет-тик органдын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын кызмат адамы кайрылууда жарандардын укуктарын, эркиндик-терин жана (же) мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу тууралу маалыматтар камтылган учурларды кошпогондо; 4. Жаңы жүйө-далилдер же жаңы ачылган жагдайлар келтирилген кайра кайрылуулар (оозеки, жазуу жүзүндөгү же электрондук), эгерде алар боюнча текшерүүлөрдү жыйынтык-тоочу толук материалдары болсо жана жарандарга Мыйзамда белгиленген тартипте жооптор берилсе, каралууга жатпайт.

Мамлекеттикмекемелертарабынанжарандардыжекекабылалуунунтартибикандай? Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кайрылуулардын маа-ни-маңызы боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу кыз-

Page 51: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

50

мат адамдары жана жетекчилери жарандарды жумасына бир жолудан кем эмес өздөрү кабыл алууну өткөрүүгө милдеттүү. Жарандарды кабыл алуу мамлекеттик органдын жана жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтында жарыяланган же мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын имаратынын стенддеринде жайгаштырылган жарандарды кабыл алуу графигине ылайык жүргүзүлөт.

Өздөрүнөкабылалуудажарандакандайдокумент-терболуугатийиш? 1. Өздөрү кабыл алуу учурунда жаран өзүнүн инсанды-гын күбөлөндүргөн документин көрсөтөт. 2. Оозеки кайрылууда айтылган маселе өзү кабыл алуу учурунда чечилбесе кайрылуу жаран тарабынан жазуу жүзүн-дө же электрондук түрдө баяндалышы мүмкүн жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте катталууга жана каралууга тийиш.

Кайсы учурларда мамлекеттик мекеме өздөрүнөкабыл алууда кайрылуунун маселесин кароодон баштартуугаукуктуу? 1. Эгерде кайрылууда аларды чечүү ушул мамлекеттик органдын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын ком-петенциясына кирбеген маселелер камтылса, жаранга каякка жана кандай тартипте кайрылуу керектиги тууралу түшүнүк бе-рилет. 2. Эгерде жаранга кайрылууда коюлган маселелер-дин маани-маңызы боюнча жооп берилсе, өзү кабыл алуунун жүрүшүндө анын кайрылуусун андан ары кароодон баш тар-тылышы мүмкүн. 3. Жаңы жүйө-далилдер же жаңы ачылган жагдайлар келтирилген кайра кайрылуулар, эгерде алар боюнча тек-шерүүлөрдү жыйынтыктоочу толук материалдары болсо жана жарандарга Мыйзамда белгиленген тартипте жооптор берил-се, каралууга жатпайт. Кайсы учурларда мамлекеттик мекеме өздөрүнө кабыл алууда кайрылуунун маселесин кароодон баш тарта албайт?Республиканын алыскы региондорунан келишкен жарандар кезексиз кабыл алынуу укугуна ээ. Кабыл албай коюуга жол берилбейт.

Page 52: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

51

Жазуужүзүндөгү(электрондук)кайрылуунукароо-нунмөөнөттөрүкандай? Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же кай-рылууда коюлган маселелерди чечүү компетенциясына кирген кызмат адамына келип түшкөн учурдан тартып бир жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Мамлекет-тик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же компетенцияларына ылайык кызмат адамына келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумуш-чу күндүн ичинде каралат. Жарандын кайрылуусун чечүү үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда даттанууларды чечүү мөөнөт-төрү демейдегиден башкача тартипте узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт. Бул жөнүндөгү чечим мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын жетекчиси, кызмат адамы же болбосо ага ыйгарым укук берилген адам тарабынан кабыл алынат жана арыз ээ-сине жазуу жүзүндө (электрондук) билдирилет. Жазуу жүзүн-дөгү (электрондук) кайрылууда коюлган маселелерди чечүү бир нече мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын же кызмат адамдарынын компетен-циясына тиешелүү болгон учурда кайрылуунун көчүрмөсү кат-талган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде тийиштүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына же тийиштүү кызмат адамдарына жөнөтүлөт. Кайракайрылуулардегенэмне? Жаңы жүйө-далилдер же жаңы ачылган жагдайлар кай-ра кайрылуу тартибинде каралууга жатат.

Жарандын кайрылуусуна байланыштуу анын ко-опсуздугунункандайкепилдиктерибар?

1. Өзүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын же болбосо башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү же коргоо максатында мамлекеттик органга, жерги-ликтүү өзалдынча башкаруу органына же кызмат адамына аталган органдардын же кызмат адамынын ишин сындап кай-рылганына байланыштуу жаранды же болбосо анын жакын туугандарын куугунтуктоого тыюу салынат.

Page 53: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

52

2. Мамлекеттик органга, жергиликтүү өзалдынча башка-руу органына же кызмат адамына кайрылганына байланыштуу жаранды же болбосо анын жакын туугандарын куугунтуктоо кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат. 3. Кайрылууну караганда кайрылууда камтылган ма-алыматтарды, ошондой эле жарандын жеке турмушуна тие-шелүү маалыматтарды анын макулдугусуз жарыя кылууга жол берилбейт.

6 - глава. Башка укуктук маселелер

Адамжөндөмдүүлүгүчектелгендепкантиптабы-латжанакантипжөндөмдүүлүгүчектелгенгекамкорчудайындалат? Адам жөмдөмдүүлүгү чектелген деп таанылат жана анын үстүнө соттун чечими менен камкорчу дайындалат. Адамды жөмдөмдүүлүгү чектелген деп таанууүчүнкайсыоргангакайрылуукерек? Жаранды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөн-дөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндөгү арыз ал жарандын жашаган жери боюнча, ал эми ал адам психиатриялык дары-лоо мекемесине орноштурулса, анда бул дарылоо мекемеси-нин жайгашкан жери боюнча берилет. Жаранды жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануужөнүндөсоткокайрылуугакимукуктуу? Жаранды психикасынын бузулушунан улам аракет-ке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү иш сотто анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, аны менен чогуу жашагандыгына же жашаба-гандыгына карабастан жакын туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, бир туугандарынын, эже-карындаштарынын) үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн же проку-рордун, психиатриялык дарылоо мекемесинин арызы боюнча козголот. Жаранды жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануужөнүндөарызэмненикамтуугатийиш? Жаранды аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү арызда адам өзүнүн аракеттеринин маанисин түшүнбөй же аларга жетекчилик кыла албай калгандыгынын себеби болгон акыл-эсинин бузулушун күбөлөндүргөн жагдайлар жөнүндө

Page 54: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

53

жазылууга тийиш. Жаранды жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанууүчүнсоторгандарынакайсыдокументтердиберүүза-рыл?

1. Өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү; 2. Жөндөмдүүлүгү чектелгендин психикалык бузулушун тастыктоочу документ; 3. Жөндөмдүүлүгү чектелген менен туугандыгын күбөлөндүрүүчү документ; 4. Эгерде өкүлү бар болсо, анда сотто кызыкчылыгын өкүлдөөгө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат.

Сот психикалык экспертиза эмне үчүн дайында-лат? Сот ишти териштирүүгө даярдоо тартибинде жарандын жин оорусу менен ооругандыгы же акыл-эсинин начарлаган-дыгы жөнүндө жетиштүү негиз болгон учурда анын психикалык абалын аныктоо үчүн экспертиза дайындайт. Аракетке жөн-дөмсүз деп табуу жөнүндө иш козголгон адам экспертизадан өтүүдөн анык качкан өзгөчө учурларда сот психиатрдын жана прокурордун катышуусу менен өткөн жыйналышында жаран-ды соттук-психиатриялык экспертизадан мажбурлап өткөрүү жөнүндө аныктама чыгара алат.

Жаранды жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таануужөнүндөарыздыкароодокимкатышуугатийиш? Жаранды аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү ишти сот арыз берүүчүнүн, прокурордун жана үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн өкүлүнүн сөзсүз катышуу-су менен карайт. Аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө иши каралып жаткан жаран, эгерде анын ден соолугунун абалы мүмкүндүк берсе, соттун жыйналышына чакырылышы мүмкүн. Жөндөмдүүлүгү чектелүүгө камкорчу дайындооүчүнкайсымамлекеттикоргангакайрылуукерек? Жөндөмдүүлүгү чектелүүгө камкорчу дайындоо эки этапта жүргүзүлөт: 1. Жөндөмдүүлүгү чектелүүнүн жашаган жери боюнча үй бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнө кайрылуу; 2. Жөндөмдүүлүгү чектелүүнүн жашаган жери боюнча сот органдарына кайрылуу.

Page 55: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

54

Жөндөмдүүлүгү чектелүүгө камкорчу дайындооүчүнүйбүлөжанабалдардыколдообөлүмүнөкайрылуу-нунтартибикандай? Жаранды мүмкүнчүлүгү чектелүү деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенден кийин. Жөндөмдүулүгү чек-телүүнүн үстүнөн камкорчулук алууга ниети бар адам, жөн-дөмдүүлүгү чектелүүнүн үстүнөн камкорчулук алуу жөнүндө арыз менен үй бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнө кай-рылууга тийиш. Жөндөмдүүлүгү чектелүүгө камкорчу дайындооүчүнүйбүлөжанабалдардыколдообөлүмүнөкайрылууүчүнкайсыдокументтеркерек? 1. Камкорчунун паспортунун көчүрмөсү 2. Жөндөмдүулүгү чектелгендин паспортунун көчүрмөсү 3. Никеге туруу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (болбо-со нике бузуу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү) бар болсо 4. Жашаган жеринен үй бүлөнүн курамы жөнүндө маа-лым кат 5. Кызмат ордун жана эмгек акысын көрсөтүү менен иштеген жеринен маалым кат же декларациянын көчүрмөсү 6. Камкорчунун иштеген жеринен жана жашаган жери-нен мүнөздөмө 7. ИИМдин МБдан соттуулугу жок тууралуу маалым кат 8. Камкорчунун ден соолугунун абалы тууралуу маалым кат: a) Наркология Борбору (Бишкек ш. Донецкий көч.) b) Теривендиспансер (Бишкек ш. Л.Толстой көч. ү.70 инф. бейтапкана) c) Тубдиспансер (Бишкек ш. Бокомбаев көч. ү.137) d) Психдиспансер (Бишкек ш. Совет көч. ү.1) e) АИВ/КИЖС f) Медициналык документ №079 формасындагы/жаша-ган жери боюнча 9. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жубайынын камкорчулукка макулдугу (жубайы каза болсо өлгөндүгү туура-луу күбөлүк) 10. Жөндөмдүүлүгү чектелгендин мүлкү тууралуу мам-каттоодон көчүрмө бөлүк 11. Жаранды жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таануу туу-ралуу соттун чечими

Page 56: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

55

Аталган документтер эки нускада (түп нускасы жана көчүрмөсү) даярдалып, эки папкага тиркелүүгө тийиш. Үй бүлө жана балдарды колдоо бөлүмү тарабынан жого-руда аталган документтерди алуудан кийин, камкорчунун турак жай, турмуш-тиричилик шарттары текшерилет. Текшерүүдө ту-рак жай, турмуш-тиричилик шарттарын текшерүү акты түзүлөт. Андан кийин үй бүлө жана балдарды колдоо бөлүмү тара-бынан ушул адам жөндөмдүүлүгү чектелген адамга камкорчу болуу мүмкүнчүлүгү тууралуу корутунду берилет.

Камкорчунудайындоожөнүндөарызмененкайсысоткокайрылуукерек? Камкорчуну дайындоо жөнүнүндө арыз жөндөмдүүлүгү чектелгендин жашаган жери боюнча сотко берилет.

Жөндөмдүүлүгү чектелүүгө камкорчу дайындоожөнүндө сот органдарна кайрылууда кансы документ-теркерек? Үй бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнө берилген до-кументтердин түп нускасы, турмуш-тиричилик шарттарын тек-шерүү актысы жана жөндөмдүүлүгү чектелген адамга камкор-чу болуу мүмкүнчүлүгү тууралуу корутунду сотко берилет. Ал эми документтердин көчүрмөлөрү менен экинчи папка үй бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүндө калат. Сиздинбатирдикошуналарсуукаптатканучурдаэмнекылуукерек? Биринчиден, сиздин батирди текшерүү актысын түзүү үчүн кошуналарды, үй комитетин жана башка жактарды, ошон-дой эле болгон жагдайдын себептерин аныктоо үчүн тиешелүү кызматтарды чакыруу зарыл. Экинчиден, сизге келтирилген материалдык зыянды эсептөө зарыл. Буга сиздер көз карандысыз баалоо компания-ларына кайрылсаңыздар болот. Алар сизге келтирилген зыян-дын баасы тууралуу отчет түзүп беришет. Доомат түзүп, күнөөлү адамдарга соттон тышкары тар-типте сиздин мүлктүн ордун тургузуу же келтирилген зыяндын баасын толтуруу талаптары менен кат жүзүндө кайрылуу за-рыл. Эгерде сиздин талаптарды аткаруудан баш тартышса же көңүл бурбаса, анда сотко кайрылуу керек. Буга сиз мате-риалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко арыз доосун

Page 57: kg-law.journalist.kgkg-law.journalist.kg/files/2015/10/KG_Brochure_56.pdf5 2. Иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же нотари-алдык жактан

56

түзүү зарыл. Доо арызында болгон окуянын бардык жагдай-ларын көрсөтүп, сизде болгон далилдерди тиркеп коюшуңуз керек:

- сиздин батирге укук күбөлөндүрүүчү документтерди; - мүлктүн менчик ээсин көрсөтүү менен Мамкттоодон маалым кат;- сиздин батирди текшерүүнүн актысы;- сизге келтирилген зыяндын баасы тууралуу отчет; - башка далилдер (Фото, башка документтер);Ошондой эле сот отурумуна күбөлөрдү чакырууга бо-лот.