112

УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

  • Upload
    others

  • View
    9

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»
Page 2: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

УДК 29 ББК 86,38 Б 38

Рисале-и Нур жыйнагынан

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ

Китептин түп нускасындагы аталышы:

OTUZ ÜÇ PENCERE

(Kırgızca Tercümesi)

Автору: Бедиүззаман Саид Нурси Кыргызчага которгон: Какишев Кенжебек

Б 0403000000-11

УДК 29

ББК 86,38

ISBN 978-9967-26-405-2

www.nurilim.com

© «Ыйык Биримдик» Ислам борбору ДУ, 2013

Copyright © Бардык укугу корголгон

Page 3: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын

Ислам аалымы Бедиуззаман Саид Нурсинин «Рисале-и Нур» чыгармалар жыйнагына корутундусу.

«Рисале-и Нур» кыргызчага которулганда «Нурдуу

Каттар» дегенди түшүндүрөт. «Рисале-и Нур» китептери Кураны-Каримдин аяттарын ачыктаган күчтүү жана акыйкат тафсир (Куранга түшүндүрмө). Бул китептер баштан аяк ыйман жана тавхид (Аллахтын бирлиги тууралуу) акый- каттарынан турат жана ошондой эле, элдин баардык катмарынын түшүнүктөрүнө жараша позитивдүү илимдер менен жабдылган.

Заманыбыздагы белгилүү Ислам аалымы Бедиуззаман Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат» акыйдасына жана Имам Азам Абу Ханифа мазхабына ылайык келгендиктен, бул китептердин Кыргызстанда оку- луусуна, басылуусуна жана жайылуусуна уруксат берилет.

Page 4: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ЭСКЕРТҮҮ

Аллага чексиз шүгүрлөр болсун, Улуу Алла Таала динсиздикти түп тамыры менен жок кылган Курандын тафсири болгон “Рисале-и Нур” жыйна- гынын түп нускасынын бир бөлүмүн кыргыз тилине которууну насип кылып олтурат. Биз муну менен аябай бактылуубуз. Курандын тафсири бол- гон «Рисале-и Нур» жыйнагынын түп нускасынын бир бөлүмүн которуу жумушунун оор милдетин моюнга алуу менен кечирим суроо иретинде окурмандардын көңүлүн төмөнкүлөргө бурмак- чыбыз:

Бул китепти которууда анын түп нускасындагы таттуулукту, кооздукту жана таасирдүүлүктү толук чагылдырып бере албадык. Тил байлыгыбыз да, чечендүүлүк деңгээлибиз да чектелүү болгондук- тан, түп нускасындагы көркөмдүктү толугу менен ачып бере албадык. Бирок ошентсе да, чыгар- манын мазмунун толук сактоо аракети жасалды. Айрым сөздөрдү которуу кыйын болгондуктан, алардын түз мааниси гана берилди. Ошондуктан кээ бир сөздөр же сүйлөмдөр түшүнүксүз болсо, кечирим сурайбыз.

Page 5: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ

(Бир жагынан – Отуз үчүнчү Кат, бир жагынан – Отуз үчүнчү Сөз)

Суроо: Ушул эки маңыздуу аятта баян- далган Аллахтын бар жана бир экендигинин зарылдыгына, Анын сыпаттарына жана жасаган иштерине, кичине аалам болгон адамдын жана чоң аалам болгон ааламдын далил болгон жактарынын жалпыланган кыскача баяндамасын уккубуз келет. Себеби, Кудайга ишенбегендер өтө алдыга озуп кетишти. Биз качанкыга чейин

башкача айтканда, “Ал бардык нерсеге күчү жетет” - деп, колубузду жайып олтура беребиз?

Page 6: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

6 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

Жообу: Жазылган бардык “Отуз үч Сөз” – жогорудагы аяттын деңизинен жана андан агып чыккан акыйкат деңизинен болгону отуз үч тамчы. Эгерде аларга кайрылсаңар, жообун ала аласыңар. Азырынча ошол деңизден болгону бир гана тамчысынын тамчысын ишарат түрүндө айтып өтөбүз:

Мисалы, чоң бир имаратты курууну каалаган чебер уста оболу анын планын, пайдубалын акылмандуулук менен сызып даярдайт. Алдыда коюлган натыйжаларына жана максаттарына ылайык бир ыкмада тартипке салат. Андан соң чеберчилик менен ошол имаратты бөлмөлөргө, бөлүктөргө ажыратып бөлөт. Андан кийин ошол бөлмөлөрдү ирээтке келтирип, тартипке салат. Андан кийин аларды оймолор менен кооздоп, электр чырагы менен жарыктандырат. Андан кийин ошол абдан чоң жана жасалгаланган имаратта чеберчилигин жана жоомарттуулугун көрсөтүш үчүн анын ар бир кабатында жаңы-жаңы нерселерди жаратат, алмаштырат, өзгөр- төт. Андан соң, ар бир бөлмөнүн деңгээлине

Page 7: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 7 жараша телефон орнотуп, терезе ачып, ар бирөө- сүнөн Анын даражасы көрүнүп тургандай кылат.

Дал ушул сыяктуу эле, Сани-и Зулжелал (Улуу Жаратуучу), Хааким-и Хакиим (Даанышман Башкаруучу), Адл-и Хакем (Ади- леттүү Сот) жана миң бир ыйык аттарга ээ болгон Фатыр-ы Бимисал (Окшоштугу жок жараткан Кудай), бул улуу аалам болгон аалам имаратын жана аалам дарагын жаратууну каалады. Алты күндө тиги имарат менен дарак- тын негиздерин акылмандуулук эрежелери жана түбөлүктүү мыйзам илимдери менен жасады. Андан соң, өйдөгү жана ылдыйкы катмарларга жана бутактарга бөлүп, тагдырдын мыйзамы менен ачыктап, сүрөттөп жазып чыкты. Андан соң, ар кыл макулуктардын ар бир тайпасын, ар бир катмарын өз ара жардамдашуу жана колдоо көрсөтүү эрежеси менен тартипке салды. Андан кийин бардык нерсени, ар бир ааламды ага ылайык бир түрдө, айталык, асманды жылдыздар менен, жерди гүлдөр менен кооздогон сыяктуу

Page 8: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

8 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН көркүнө чыгарды. Андан кийин ошол жалпы мыйзамдар жана эрежелер орун алган мейкин- дикте өзүнүн ысым-сыпаттарын чагылдырып, жаркыратып көргөздү. Андан соң, жалпы мый- замдардын кыйноосунда калган макулуктар үчүн, өзгөчө бир түрдө аларга Мээримдүү, Ырайымдуу деген аттарын жардамга жиберди. Демек, бул жалпы мыйзамдардын ичинде бир өзгөчө мээрим, өзгөчө жардам, өзгөчө жакшы нерселер бар. Бардык макулуктар ар убакта өзүнүн ар бир муктаждыгын камсыздаш үчүн Андан жардам алат, Ага кайрыла алат. Андан кийин ар бир бөлмөдө, ар бир катмарда, ар бир ааламда, ар бир тайпада, ар бир макулукта Аны көргөзүп турган, Анын бар экенин жана бир экендигин билдирген терезелерди ачты. Ар бир жүрөк ичинде бир телефон орнотту.

Азыр болсо, сан жеткис ошол терезелерден, албетте, алыбыздан ашыкча талкуулоого кириш- пейбиз. Аларды Аллахтын бүт бардыгын кам- тыган илимине тапшырып, болгону Куран аяттарынын шооласы болгон “Отуз үч Тере-

Page 9: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 9 зени”, “Отуз үчүнчү Сөздүн”, “Отуз үчүнчү Каттын” жана намаздан кийинки тасбихаттын кут даарыган отуз үч санына туура келтирүү үчүн “Отуз үч Терезеге” жалпы жана кыскача түрдө ишарат кылып кеңири ачыктоосун “Риса- ле-и Нурдун” башка жыйнактарына калтырабыз.

БИРИНЧИ ТЕРЕЗЕ

Бардык нерсенин, алардын ичинен жандуу макулуктардын ар кандай муктаждыктары жана өтө көп түрдүү талаптары бар экенин ачык-айкын көрүп турабыз. Ошол муктаждыктары, ошол талаптары күтүлбөгөн, белгисиз, колу жетпеген жерден ылайыктуу бир убакытта аларга берилип, жардам жиберилүүдө. А бирок, алардын кудурети жана колдору чексиз мак- саттарынын эң кичинекейине да жете албайт, камсыздай албайт. Сен өзүңдү байкап көр: тышкы жана ички сезимдериңди жана алардын муктаждыктары сыяктуу канчалык сен жете албаган муктаждыктарың бар. Бүткүл жандуу макулуктарды өзүң менен салыштырсаң болот.

Page 10: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

10 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

Ошентип, алардын ар бири өз өзүнчө Ву- жуб-у Важибге күбөлүк берет жана жалгыз бир болгонуна ишарат кылат. Жалпы түзүлүштөрү менен күндүн нуру күндү көрсөткөн сыяктуу, ошол абал менен ошол жагдай кайып парда- сынын аркасында Аллахтын Важибул Вүжуд (Бар болуусунун керектиги), Вахид-и Ахад (Жалгыз Бирөө гана), Керим (Берешен), Рахим (Ырайымдуу), Мүребби (Камсыздоочу) жана Мүдеббир (Алдын ала чара көрүүчү) деген ысым-сыпаттарын акылыбызга көргөзүүдө.

Эми болсо, эй, Кудайды танган наадан жана пасык кайдыгер! Бул акылмандуу, көрө билгич- түү, мээримдүү иш-аракетти эмне менен түшүн- дүрүп бере аласың? Дүлөй табият мененби? Сокур күч мененби? Акылсыз кокустук менен- би? Алсыз, жансыз себептер менен ачыктап бересиңби?

ЭКИНЧИ ТЕРЕЗЕ

Бардык нерсе түзүлүп жаткан кезде чексиз ыктымалдуулуктардын жолдорунда түрдүү-түр-

Page 11: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 11 дүү, алмашып турган, формасыз бир абалда болуп туруп, күтүлбөстөн аларга ырааттуулук жана акылмандуулук менен түзүлгөн сырткы келбет берилет. Мисалы, ар бир адамдын жүзүндө башкалардан айырмалап турган бел- гилер бар, мындан сырткары, кемчиликсиз акылмандуулук аркылуу тышкы жана ички сезимдер менен камсыздалуусу жагдайынан караганда, анын жүзү, бир гана Жаратуучунун мөөрү болгонун далилдейт. Адамдардын ар бир жүзү жүздөгөн жактан Сани-и Хакимдин (Даанышман Жаратуучунун) бар экенине күбө- лүк берип, бир экенине ишарат кылган сыяктуу бардык инсандардын жүздөрүнүн жалпы түзү- лүшү менен көргөзүп турган ошол мөөр, бүткүл нерсе Жаратуучунун мөөрү болгонун акыл көзүнө көрсөтүүдө.

Эй, Кудайды танган инсан! Окшоштуруп жасоого мүмкүн болбогон мындай мөөрлөрдү, Кудайдын жаркыраган мөөрүн кайсы устаканага таандык кыласың?

Page 12: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

12 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

ҮЧҮНЧҮ ТЕРЕЗЕ

Жер жүзүндө төрт жүз миң түрдөн* турган айбанаттар менен өсүмдүктөрдүн аскердик ордо- су, алардын ар кыл азыгы, сырткы көрүнүш- төрү, куралдары, кийимдери, таалими, эс алуусу кемчиликсиз тартип жана ырааттуулук менен, эч нерсеси унутулбастан, чаташтырылбастан баш- карылып, камсыздалуусу шек-күмөнсүз Вахид-и Ахаддын күн сыяктуу жаркыраган мөөрү болуп саналат. Бул чексиз кудуреттин, бардыгын кам- тыган илимдин, түгөнгүс акылмандуулуктун Кожоюнунан башка, чексиз даражадагы таң калычтуу болгон башкарууга ким кийлигише алат? Себеби, бул бири-биринин ичине кирген түрлөрдүн бардыгын бир эле убакта башкара албаган жана алар жөнүндө кам көрө албаган нерсе, ошолордун бирөөсү башкарууга кийли- гишсе, албетте, чаташууга, бузулууга алып

* Жада калса, ошол тайпалардын ичинде бир түрү бар экен, алардын бир жылда келген саны Адам (А.С.) мезгилинен баштап Акыр заманга чейинки келген адамдардын санынан көбүрөөк.

Page 13: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 13

келмек. А бирок аяты- нын мааниси боюнча, мындай чаташуунун бир да изи көрүнбөйт. Демек, буга бир да башка кол аралаша албайт.

ТӨРТҮНЧҮ ТЕРЕЗЕ

Бардык уруктардын жөндөмдүүлүк тили менен, бардык айбандардын табигый муктаждык тили менен жана кыйналып кысталып мажбур калгандардын мажбур тили менен айтылган дубаларынын кабыл болунушу. Ошентип, бул түгөнгүс дубалардын ачык кабыл болуусу жана жоопсуз калбагандыгы, алардын ар бири Аллахтын бар болуусун жана жалгыз Бирөө экенин күбөлөндүрүп көрсөткөндөй эле, барды- гы чогуу улуу бир алкакта Халык-ы Рахимди (Ырайымдуу Жаратуучуну), Керимди (Берешен- ди) жана Мужибди (Дубаларга жооп берген) далилдеп көргөзүп турушат.

Page 14: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

14 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

БЕШИНЧИ ТЕРЕЗЕ

Биз байкагандай, жаратылган нерселер, айрыкча, жандуу макулуктар кыска убакыттын ичинде бар болуп калышат. А бирок, кыска мөөнөттө жөнөкөй материалдан чыккан маку- луктар жупуну, одуракай болушу керек эле, бирок ошол макулуктар чеберчиликти талап кылган кооздук менен жасалып, көп убакытты жана кылдаттыкты талап кылган оймолор менен кооздолуп, арбын аспаптарды, материалды талап кылган сүрөттө жаратылып жатышат.

Ошентип, бул тез аранын ичинде пайда болгон таң калычтуу чеберчиликтердин, кооз көрүнүштөрдүн ар бири Сани-и Хакимдин (Даа- нышман Жаратуучунун) бар болуусуна күбөлүк берип жана Вахдет-и Рубубиятына ишарат кылып тургандай, баары биргеликте чексиз Кадир (Кудуреттүү) жана Хаким (Даанышман) болгон Важибул-Вүжудду ачык түрдө көргөзүп турушат.

Page 15: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 15

Ошентип, эй, башы катып маң болуп Кудай- ды танган акылсыз! Кана айтчы, муну эмне менен түшүндүрүп бере аласың? Сен сыяктуу башы каткан, алсыз, сабатсыз табият мененби? Же болбосо, ченемсиз зор катаны жасап: Сани-и Мукадеске (кемчиликтерден таза болгон Жара- туучуга) “табият” деген атты берип, ушул шылтоо менен Анын Кудуретинин мужизаларын табиятка таандык деп, сен бир эле убакта миңде- ген катачылыкты кабыл алгың келеби?

АЛТЫНЧЫ ТЕРЕЗЕ

Бул аят – Аллахтын керектигин жана бир

экенин көрсөтүп, Улуу Ысымдарынын бирөөсүн көргөзгөн өтө чоң бир терезе.

Page 16: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

16 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

Ошентип, бул аяттын негизги мааниси мын- дайча:

Ааламдын жогорку жана ылдыйкы катма- рындагы бардык дүйнөлөр ар кандай тилдери менен бир гана Сани-и Хакимдин (Даанышман Жаратуучунун) башкаруусун көрсөтүп турушат. Ал мындайча:

Айталык, асманда, атүгүл, астрономия или- минин билдирүүсү боюнча, өтө улуу натыйжалар үчүн жасалган абдан тартиптүү аракеттер, Ка- дир-и Зулжелалдын (Улуу Кудуреттүүнүн) бар болушун, Анын бир экендигин жана башкаруу- сунун кемтиксиздигин көргөзүүдө. Ушул сыяк-туу эле, географиянын далили жана тастык- тоолору боюнча, жер бетинде ачык-айкын көрүн- гөндөй, жыл мезгилдеринин улуу пайдалар үчүн ыраттуулук менен алмашуусу Кадир-и Зул- желалдын керектигин, бир экендигин жана башкаруусунун калетсиздигин көрсөтүп турат. Атүгүл, кургакта жана деңизде кемчиликсиз мээримдүүлүк менен азыктандырылып, калетсиз акылмандуулук аркылуу ар кандай кийимдер

Page 17: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 17 кийгизилип, кемчиликсиз башкаруу аркылуу түрдүү-түрдүү куралдар менен камсыздалган бардык айбанаттар жана алардын ар бири Ка- дир-и Зулжелалдын керектигин далилдеп, Анын бир экендигин көрсөтүү менен бирге, бардыгы абдан кенен бир көрүнүштө улуулугун жана башкаруусунун кемтиксиздигин көргөзүүдө.

Ушул сыяктуу эле, бакчалардагы өсүмдүк- төрдүн тартиптүү өсүшү, өсүмдүктөрдүн көргөз- гөн кооз гүлдөрү жана гүлдөр көрсөткөн татына- кай мөмөлөрү, ошондой эле мөмөлөр көрсөткөн кооз оймолор, алардын ар бири Сани-и Хаким- дин бар болушун далилдеп, бир экендигин айгинелеп турушат. Ушуну менен бирге алар Аллахтын мээримдүүлүгүнүн сулуулугун, баш- каруусунун кемтиксиздигин салтанаттуу түрдө биргелешип көрсөтүшүүдө.

Асман мейкиндигинде маанилүү максаттар, акылмандуулуктар, керектүү пайдалар жана натыйжалар үчүн милдеттендирилген, булуттар- дан жиберилген тамчылар ошол бардык тамчы- лардын санына жараша Сани-и Хакимдин бар

Page 18: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

18 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН болуусун, бир экендигин жана башкаруусунун калетсиздигин көрсөтүп турушат.

Ушундай эле, жердеги бардык тоолордун жана тоолордогу кен байлыктардын ар кыл касиет-өзгөчөлүктөргө ээ болуп, ар түркүн пай- далуу иштер үчүн даярдалып чогултулганы, тоонун бекемдигиндей күч менен Сани-и Хаким- дин бар болушун, Анын бир экенин, башкаруу- сунун кемтиксиздигин көргөзүүдө.

Талаалардын жана адыр тоолордун түрдүү-түрдүү гүлдөр менен кооздолгону, алардын ар бири Сани-и Хакимдин бар болуусун күбөлөн- дүрүп, Анын бир экенин көргөзүп, баардыгы падышачылыгынын улуулугун, башкаруусунун калетсиздигин көрсөтүшүүдө.

Ушундай эле, бардык чөптөр менен бактар- дын тартиптүү болгон ар түрдүү жалбырактары, ар кандай абалдары, ырааттуу кыймыл-аракет- тери бардык жалбырактардын санына жараша Сани-и Хакимдин керектигин, бар болушун, Анын бир экенин жана башкаруусунун кын- тыксыздыгын көргөзүп турушат.

Page 19: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 19

Тирүү организмдердин өсүп жаткан мезги- линдеги тартиптүү аракеттери, ар түрдүү курал- дар менен жабдылганы, ар түркүн жемиштерге атайын умтулганы, алардын ар бири Сани-и Хакимдин бар болушунун керектигин өз алдын- ча күбөлөндүрүп, Анын бир экенин билдирип турушат. Ал эми мунун бардыгы Анын куду- ретинин кенендигин, чеберчилигинин сулуу- лугун жана башкаруусунун кемтиксиздигин зор көлөмдө көрсөтөт.

Ушундай эле, айбандардын денесине алар- дын сезимдерин жана рухтарын кемчиликсиз акылмандуулук менен жайгаштыруу, кемтиксиз тартиптүүлүк аркылуу ар түркүн куралдар менен камсыздоо, калетсиз акылмандуулук менен ар кыл кызмат өтөөгө жөнөтүү – мунун баары айбанаттардын саны боюнча, жадагалса куралда- рынын жалпы эсеби боюнча Сани-и Хакимдин бар болуусунун керектигин, Анын бир экенин күбөлөндүрүп, бардыгы Анын мээримдүү- лүгүнүн сулуулугун жана башкаруусунун кем- тиксиздигин жарык бир сүрөттө көргөзүп турат.

Page 20: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

20 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

Бардык жүрөктөргө, анын ичинде инсандын жүрөгүнө ар кыл илим менен акыйкаттарды билдирген, айбандын жүрөгүнө ар кандай муктаждыктарды канааттандыруунун ыгын үй- рөткөн сырдуу илхамдар, Мээримдүү Кудайдын бар болуусун сездирип, Анын башкаруусун билдиришүүдө.

Ушул сыңары эле, көз үчүн аалам бакча- сынан руханий гүлдөрдү жыйнаган көрүү жөндөмү сыяктуу эле бардык ички жана тышкы сезимдердин ар бири өз ааламдарына ачкыч болгону Сани-и Хакимдин (Даанышман Жара- туучунун), Фатири Алимдин (окшоштугу жок жараткан Билүүчүнүн), Халык-и Рахимдин (Ырайымдуу Жаратуучунун), Реззак-и Керимдин (Берешен Ырыскы Берүүчүнүн) бар болуусунун керектигин, Анын бир экенин жана башкаруу- сунун кемтиксиздигин көрсөтөт.

Ошентип, жогоруда айтылган он эки ар кандай терезеден, он эки жагдайдан, бир абдан чоң Терезе ачылууда: он эки түстүү акыйкат

Page 21: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 21 жарыгы менен Аллахтын бир экенин жана башкаруусунун калетсиздигин көргөзүп турат.

Мына ошентип, эй, Кудайды танган бакты- сыз! Жер шарындай, ары жер орбитасындай кенен болгон бул терезени эмне менен жаба аласың? Күн сыяктуу жарык болгон нур булагын эмне менен өчүрө аласың? Кайдыгерликтин кайсы көшөгөсү артында ката аласың?

ЖЕТИНЧИ ТЕРЕЗЕ

Бул аалам бетинде жайылган макулуктардын кемтиксиз ырааттуулугу, кемтиксиз тең салмак- туулугу, жетишкен кооздуктары, алардын жара- тылуусундагы жөнөкөйлүк, бири бирине окшош- тугу, табиятынын бирдей көрүнүп турганы бир Сани-и Хакимдин (Даанышман Жаратуучунун) бар болуусунун керектигин, кемчиликсиз куду- ретин, жалгыз бир экенин кенен бир көрүнүштө көргөзүп турат.

Бул сыңары, жансыз жана жөнөкөй элемент- терден чексиз, түрдүү, ырааттуу, татаал нерсе- лердин жаратылуусу, бул нерселердин санын-

Page 22: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

22 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН чалык Сани-и Хакимдин бар болуусунун керектигине күбөлүк беришет жана жалгыз бир экенин ишарат кылышат. Ошону менен бирге, алар жалпы көрүнүштө, өтө жарык бир түрдө Аллахтын кемтиксиз кудуретин, шериксиз экендигин көрсөтүп турат. Анан да, татаал заттардын жаңылануусу убагындагы кошулууда жана бөлүнүүдө, чексиз даражада аралашуу жана чаташуу ичинде, чексиз даражада бөлөк болуу жана обочолонуу бар. Мисалы, топурактагы уруктардын жана тамырлардын абдан аралашкан абалында эч адаштырылбастан өсүшү, алардын денесинин бөлүнгөнү жана обочолонгону, бактарга кирген аралашма заттардын жалбырак, гүл жана жемиштер үчүн бөлүнүүсү, дененин клеткаларына аралашкан түрдө кирген азык заттардын кемчиликсиз акылмандуулук жана кемтиксиз тартип менен бөлүштүрүлүүсү, кайрадан Хаким-и Мутлактын (Чексиз Дааныш- мандын), Алим-и Мутлактын (Чексиз Билүү- чүнүн) жана Кадир-и Мутлактын (Чексиз Кудуреттүүнүн) бар болуусунун керектигин,

Page 23: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 23 кемчиликсиз кудуретин, жалгыз бир экенин көрсөтүп турат. Дал ошондой эле атомдордун ааламын чексиз жана кенен бир талаа өңүтүнө келтирип, ар бир минутада кемчиликсиз акыл- мандуулук менен сээп, оруп бүтүп, жаңы-жаңы ааламдар түшүмүн алуу, бул жансыз, алсыз, эч нерсе билбеген атомдорго абдан акылдуу, абдан акылмандуу, кудуретти талап кылган чексиз ырааттуу милдеттерди аткартуу, кайрадан Кадыр-и Зулжелалдын (Улуу Кудуреттүүнүн), Сани-и Зулкемалдын (Кемчиликсиз Жаратуу- чунун) бар болуусунун керектигин, кемчиликсиз кудуретин, башкаруусунун улуулугун, жалгыз бир экенин жана башкаруусунун кемтиксиз- дигин көрсөтүүдө.

Ошентип, бул төрт жол менен марифетул- лахка (Аллахты таанып билүү) улуу бир терезе ачылат. Ары улуу бир салыштыруу ыкмасында Сани-и Хакимди акылга көрсөтүп турат.

Мына, эй, бактысыз наадан! Бул абалда Аллахты көрүүнү жана таанууну каалабасаң, акылыңды башыңдан чыгар, айбан болуп кутул.

Page 24: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

24 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

СЕГИЗИНЧИ ТЕРЕЗЕ

Адамзатында бүтүн нурдуу рухтар ээси болгон Пайгамбарлар (алейхимуссалам) апачык жана белгилүү мужизаларына таянып, бүтүн нурдуу жүрөктөрдүн устаттары болгон олуялар өздөрүнүн ачылыштарына жана кереметтерине жөлөнүп, бүтүн нурдуу акылдардын ээси болгон асфиялар өздөрүнүн изилдөөлөрүнө таянышып, жалгыз Вахиди-Ахад (Бир гана Аллахты), Важибул Вүжуд (Бар болуусу керек болгон Аллахты), Халик-и Кулли Шейндин (Бардык нерсени Жараткан Аллахтын) бар болуусунун жана бир болуусунун керектигин, башкаруу- сунун кемтиксиздигин күбөлөндүрүшкөнү зор нурдуу терезе болуп саналат. Алар ар убакыт ошол башкаруусунун даражасын көрсөтүүдө.

Эй, Кудайды танган бактысыз! Ушуларды уккуң келбей, кимге ишенип жатасың? Же болбосо, күндүзү көзүңдү жумуп, дүйнөнү түн каптады деп ойлойсуңбу?

Page 25: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 25

ТОГУЗУНЧУ ТЕРЕЗЕ

Ааламдагы жалпы ибадат бир чексиз Мабуду-Мутлакты (Сыйынууга татыктуу бол- гонду) ачык көрсөтүп турат. Ооба, рухтар ааламына жана жашыруун ааламга кирген, рухтар жана периштелер менен көрүшкөн заттардын күбөлүк берүүсү аркылуу төмөнкү нерселер аныкталган: Бардык рухтардын жана периштелердин кемчиликсиз түрдөгү ибадат- тары... көз менен көрүп тургандай бүткүл тирүү макулуктардын кынтыксыз тартип аркылуу кулчулук кылып милдеттерин аткаруусу... көз менен көрүү аркылуу элементтер сыяктуу бардык жансыз заттардын өтө баш ийгендик менен ачык кызмат кылуусу... бир Мабуд-у Билхаккин (Чыныгы, Сыйынууга татыктуу Кудайдын) бар болуусунун керектигин жана жалгыз бир экенин көрсөткөн сыяктуу, бирге- лешүү жана бир жыйынтыкка келүү күчүн алып жүргөн арифтердин ар бир тайпасынын акый- катты билип таануусу... бардык шүгүр кылуу-

Page 26: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

26 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН чулар тайпасынын жемиштүү шүгүрчүлүктөрү... бүткүл зикирчилердин берекелүү зикирлери... бардык Кудайды даңктоочулардын берекени арттырган даңктоолору... бир Кудайга ишенген- дердин бир кудайлуулукту кабыл кылуулары жана чечмелөөлөрү... бардык ашык болгондор- дун чыныгы сүйүүсү жана ашык болуусу... бүткүл каалоочулардын чыныгы эрки жана каалоолору... бардык тообо кылгандардын олут- туу талаптары жана күнөөлөрдөн арылуулары... кайрадан Маруф (Белгилүү), Мезкур (Эсте- лүүчү), Мешкур (Шүгүргө татыктуу), Махмуд (Даңкталуучу), Вахид (Жалгыз Бирөө), Махбуб (Сүйүктүү), Мергуб (Жактырылуучу), Максуд (Каалоого татыктуу) болгон Мабуд-у Эзелинин (Сыйынууга татыктуу болгон Түбөлүктүү Аллахтын) бар болуусунун керектигин, кемчи- ликсиз башкаруусун жана жалгыз бир экенин көрсөткөн сыяктуу, өнүгүүнүн туу чокусуна жеткен адамдардын кабыл болгон бүткүл ибадаттары жана ошол кабыл болгон ибадаттын натыйжасында пайда болгон берекет менен

Page 27: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 27 жалбаруулар, байкоолор жана ачылыштар, кайрадан Мевжуд-у Лемьезелдин (Бар болгон Бүтпөс Аллахтын) жана Мабуд-у Лайезалдын (Сыйынууга татыктуу, Сонсуз Аллахтын) бар болуусунун керектигин, жалгыз бир экенин жана кемчиликсиз башкаруусун көрсөтүп турат.

Ошентип, ушул үч жактан Кудайдын бир экенине жарык болгон улуу бир терезе ачылат.

ОНУНЧУ ТЕРЕЗЕ

Бул ааламдагы макулуктардын бири бирине болгон жардамы, боорукердиги, көмөгү бардык

Page 28: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

28 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН макулуктар бир гана Мүреббинин (Тарбия берүү- чүнүн) тарбиясында экендигин көрсөтүп турат. Бир гана Мүдеббирдин (Алдын ала кам көрүүчүнүн) башкаруусу астында. Бир гана Мутасаррыфындын (Башкаруучунун) жетектөө- сүнүн астында. Бир гана Кожоюндун кызмат- чылары. Себеби, жердеги тирүү макулуктарга керектүү болгон азыктарды Аллахтын буйругу менен бышырып берген күндөн, күн менен түндү (календарь) эсептеген айдан баштап, жарыктык- тын, абанын, азыктын тирүү макулуктарга жардам берүүгө шашуусуна, өсүмдүктөрдүн дагы айбанатка жардам берүүгө умтулуусуна, айба- наттын дагы адамдарга жардам көрсөтүүгө умтулуусуна, дене мүчөлөрүнүн да бири бирине жардамдашууга шашуусуна, азыктардын элемен- ттеринин дененин клеткаларына жардам берүүгө умтулуусуна чейин ар дайым болгон жардам- дашуу усулу менен, жансыз, акылсыз болгон макулуктардын өз ара көмөктөшүүлөрү, бир жоомарттык мыйзамы, мээримдүүлүк эрежеси астында өтө акылмандуулук, берешендик менен

Page 29: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 29 бири бирине жардам берүүсү, бири биринин муктаждык үнүнө жооп берүүсү, бири бирине көмөк көрсөтүүсү, Вахид-и Ахад, Ферд-и Самад (Окшоштугу жок, ар нерсе Ага муктаж, бирок Өзү эч нерсеге муктаж болбогон Аллах), Кадыр-и Мутлак (Чексиз Кудуреттүү), Рахим-и Мутлак (Чексиз Ырайымдуу), Керим-и Мутлак (Чексиз Берешен) болгон бир Заты Важибул Вүжуддун кызматкерлери жана жаратылган макулуктары экенин көрсөтүп турушат.

Ошентип, эй, бечара ыплас философ! Бул улуу терезеге эмне деп айта аласың? Сен ишенген кокустугуң буга кийлигише алабы?

ОН БИРИНЧИ ТЕРЕЗЕ

Бүткүл рухтардын жана жүрөктөрдүн адашуудан пайда болгон жапа чегүүлөрү жана баш аламандыктары бар. Ошол жапа чегүүлөрдөн чыккан руханий кайгылануудан кутулуусу бир гана Жаратуучуну

Page 30: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

30 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН таануу аркылуу боло алат. Бардык макулуктарды бир гана Устага тапшыруу менен гана кутулуу жолун таба алышат. Жалгыз гана Аллахты эстөө менен тынчтана алышат.

Себеби, чексиз макулуктар бир гана Аллахка тапшырылбаса, “Жыйырма экинчи Сөздө” ишенимдүү далилденген сыяктуу, ошол учурда ар нерсени чексиз себептерге тапшыруу керек болуп калат: мындай абалда жалгыз бир нер- сенин пайда болуусу, жалпы макулуктардын жаралуусу сыяктуу оор болот. Себеби, Аллахка тапшырса, сансыз нерселердин жаралуусу бир Затка тапшырылган болот. Ага тапшырылбаса, ар бир нерсенин жаралуусун сансыз себептерге берүү туура келет. Бул учурда бир жемиштин жаралуусу ааламчалык оор болот, балким, дагы да көбүрөөк кыйынчылык жаратат.

Себеби, бир аскер жүз ар түрдүү адамдын башкаруусуна берилсе, жүз кыйынчылык тууду- рат. Жүз аскер бир кол башчынын жетектөөсүнө берилсе, бир аскерди башкаргандай оңой болот.

Page 31: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 31

Ушул сыяктуу эле, көптөгөн ар түрдүү себептердин бир жалгыз нерсенин жаралуусунда биригүүлөрү жүз кыйынчылыкты пайда кылат. Көптөгөн нерсенин жаралуусу бир гана затка берилсе, жүз эсе оңой болот. Ошентип, инсан- дын маңызындагы кызыгуу акыйкатты издөө жагдайынан келген чексиз кайгылардан куткара турган Жаратуучунун жалгыз бир экенине ишенүү жана Аны таанып билүү менен гана болот.

Ыймансыздык менен ширкте чексиз кыйын- чылык жана кайгы бар. Албетте, ал жолдо жүрүү мүмкүн эмес, анда акыйкат жок. Ал эми Кудайдын бир экенине ишенүүдө болсо, маку- луктардын жаралуусунун оңойлугуна, көптүгүнө жана мыкты санатына ылайык чексиз жеңил- диктер бар. Албетте, бул жол – важип жана акыйкат.

Мына, эй бактысыз адашкан адам! Карачы, адашуу жолу канчалык караңгы, кайгылуу! Эмне зарылдыктан улам бул жолду тандап алдың?

Page 32: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

32 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН Карачы, ыйман жана тавхид жолу канчалык оңой жана кубанычтуу! Ушул жолго кир, кутул.

ОН ЭКИНЧИ ТЕРЕЗЕ

мааниси боюнча, жалпы жаратылган нерседеги, айрыкча жандуу макулуктардагы акылмандуу бир калыптан чыккан сыяктуу ырааттуу ченем- дүүлүк жана ылайыктуу көрүнүштөр бар. Ошол акылмандуулук менен берилген ал көрүнүштө, ченемдүүлүктө максаттар жана пайдалар үчүн кызмат кылган ийри-буйру кырлардын бар болуусу, жашоо убактысында алмаштырган көрүнүштөрүнүн кийимдери жана ченемдүү- лүктөрү, кайрадан акылмандуулуктарга жана пайдаларга ылайыктуу бир түрдө тагдыр менен ирээттелген руханий жана ырааттуу көрүнүшкө, ченемге ээ болуусу мындайды ачык көрсөтүүдө: Бир Кадыр-и Зулжелалдын (Улуу Кудурет- түүнүн) жана бир Хаким-и Зулкемалдын (Кемчиликсиз Даанышмандын) тагдыр чөйрө-

Page 33: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 33 сүндө көрүнүштөрү жана ченемдери ирээт- телген, кудуреттин устаканасында денеси берил- ген чексиз макулуктар, Жаратуучунун бар болуусунун керектигин далилдеп, жалгыз бир экенин, кудуретинин кемчиликсиздигин сансыз тилдер менен күбөлөндүрүп турушат.

Сен өз денеңе, мүчөлөрүңө жана ошол денең менен мүчөлөрүңдөгү ийри-буйру жерлерде жайгашкан жыйынтыктарына, пайдаларына ка- рап көр! Кемчиликсиз акылмандуулуктар ичинде кемтиксиз кудуретти байка.

ОН ҮЧҮНЧҮ ТЕРЕЗЕ

мааниси боюнча, ар бир нерсе өзүнүн өзгөчө тили менен Жаратуучусун эстеп, улуктап турат. Ооба, бүткүл макулук- тардын акыбал тили жана сөзү менен жасаган тасбихаты Заты Мукаддестин (Кемчиликтерден таза болгон Аллах) бар экендигин көрсөтүп турат.

Page 34: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

34 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

Ооба, ар бир нерсенин табиятынын күбөлүк берүүсүн тааныбай коюу мүмкүн эмес. Ар бир нерсенин абалынын далили, айрыкча көп жактан көрсөтүлсө, шек-күмөн жаратпайт. Байкап көр- сөң, чексиз табигый күбөлүктү камтып, чексиз өңүттө акыбал тили менен далилдеген, бири биринин ичине кирген айланалар сыяктуу бир борборго караган бул макулуктардын тартиптүү сүрөттөрүнүн ар бири өзгөчө бир тил болуп саналат. Алардын сулуу көрүнүштөрүнүн ар бирөөсү – өзүнчө күбөлөндүрүлгөн тил. Кем- тиксиз жашоолорунун ар бири даңазалаган тил болууда: “Жыйырма төртүнчү Сөздө” күчтүү далилденгендей, ошол бардык тилдер, апачык бир түрдөгү даңазалоолор, учурашуулар жана Кудайдын ыйыктыгын тастыктаган күбөлүктөр аркылуу Заты Важибул Вүжудду күндү нур көрсөткөн сыяктуу эле көргөзүп турат. Аллах- тын улуулугунун кемчиликсиздигин далилдөөдө.

Page 35: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 35

ОН ТӨРТҮНЧҮ ТЕРЕЗЕ

сыры боюнча, ар бир нерсе бардык жагынан, ар бир ишинде бир Халик-и Зулжелалга (Улуу Жаратуучуга) муктаж. Ооба, ааламдагы маку- луктарды байкап, мындай нерсени көрүп турабыз: чексиз алсыздыктын ичинде бир чексиз күч-кубат, чексиз күчсүздүктүн ичинде бир чек- сиз кудуреттин белгилери көрүнүп турат. Мисалы, өсүмдүктүн уруктарынын жана чөп- төрдүн тамырларынын өсүү убагында көрсөткөн таң калычтуу абалдары сыяктуу...

Чексиз кедейликтин жана кургактыктын ичинде бир чексиз байлыктын чагылуулары бар. Кыш мезгилиндеги топурактын жана бактардын жакыр абалында болушу, жаздагы жаркылдаган байлык жана берекенин молдугу сыяктуу...

Чексиз жансыздыктын ичинде бир чексиз тирүүлүктүн белгилери көрүнүүдө: жансыз

Page 36: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

36 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН элементтердин тирүү материалдарга айланганы сыяктуу...

Бир чексиз билбестик ичинде бүт бардыгын камтыган аң-сезимдин белгилери көрүнүп турат. Атомдордон жылдыздарга чейинки бардык нер- сенин аракетинде ааламдын тартибине, жашоо- нун максаттарына жана акылмандуулуктун талаптарына ылайыктуу бир ыкмада аракетте- нүүсү, аң-сезимдүү абалдары сыяктуу...

Ошентип, бул алсыздык ичиндеги кудурет, күчсүздүк ичиндеги күч-кубат, кедейликтеги байлык жана береке, жансыздык жана билбестик ичиндеги тирүүлүк менен акыл, ачык жана зарыл түрдө бир Кадыр-и Мутлак (Чексиз Кудуреттүү), Кавий-и Мутлак (Чексиз Күчтүү), Ганий-и Мутлак (Чексиз Байлык Ээси), Алим-и Мутлак (Чексиз Билүүчү) жана Хай-и Каюм (Туруктуу Тирүү) болгон бир Заттын бар болуусунун керектигине, жалгыз бир экенине ар тараптан терезелерди ачат. Бардыгы биргеликте абдан чоң көрүнүштө бир нурдуу жолду көрсөтүп турушат.

Page 37: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 37

Мынакей, эй, табият сазына баткан кайды- гер! Эгерде табиятты таштап, Аллахтын куду- ретин тааныбасаң, ар бир нерседе, ар бир атомдо чексиз күч-кубат менен кудуреттин, чексиз акылмандуулук менен устачылыктын, ошондой эле көптөгөн нерселерди көрө турган, билген, башкарган бир күч ар нерседе бар экенин кабыл кылуу керек болуп калат.

ОН БЕШИНЧИ ТЕРЕЗЕ

аятынын сыры боюнча, ар нерсеге ошол нерсенин ички жөндөм- дүүлүгүнө жараша толук ченемдүүлүк, тартип- түүлүк менен бычылып, укмуш чеберчилик менен эң кыска жол, эң сонун бир сүрөттө, эң жеңил бир түрдө тартипке келтирилет. Мисалы, куштардын кийимдерин, ошондой эле кылдарын ар убакыт жеңил ойнотуп, колдонуп жатканын байка. Ысырапсыз, акылмандуу бир түрдө дене берүү, калыпка салуу макулуктардын жалпы санына жараша тилдер менен бир Сани-и

Page 38: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

38 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН Хакимдин (Даанышман Жаратуучунун) керек- тигин жана бар экендигин далилдеп, бир Кадыр-и Алим-и Мутлакка (Чексиз Кудуреттүү, Билүүчү Аллахка) ишарат кылышат.

ОН АЛТЫНЧЫ ТЕРЕЗЕ

Жер бетиндеги мезгилдин алмашуусунда макулуктардын жаратылуусу, аларга чара көрүү- дөгү тартиптүүлүк менен ченемдүүлүк, бир жалпы акылмандуулукту ачык көрсөтүп турат. Сыпат сыпатталуучусуз болбогон сыяктуу, албетте, ошол жалпы акылмандуулук зарыл түрдө бир Хакимди (Даанышманды) көргөзүүдө.

Ошол акылмандуулук көшөгөсүнүн ичин- деги таң калычтуу зыйнаттар, бир толук кам көрүүнү ачык көрсөтүүдө. Толук кам көрүү болсо, зарыл түрдө камкор бир Халик-ы Керимди (Берешен Жаратуучуну) көргөзүүдө. Камкордук көшөгөсүндө бардыгын камтыган жалпы бир сыйлоо жана жакшылыктар бир камкордуктун мээримдүүлүгүн апачык көрсөтүп турат. Ал эми ошол жалпы мээримдүүлүк болсо,

Page 39: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 39 зарыл түрдө, Рахман-и Рахимди (Мээримдүү Ырайымдууну) көргөзүүдө. Мээримдүүлүк көшө- гөсүнүн үстүндө ырыскыга муктаж болгон бардык жандуу макулуктардын ылайыктуу, сонун ырыскылары тарбиялоочуну, ырыскы берүүчүнү, мээримдүү башкаруучуну көргө- зүүдө. Ошол тарбия менен башкаруу болсо, арийне, Реззак-и Керимди (Берешен Ырыскы Берүүчүнү) көрсөтүп турат.

Ооба, жер жүзүндө кемчиликсиз акылман- дуулук менен тарбияланган, калетсиз камкордук менен камсыздалган, кемчиликсиз мээримдүүлүк менен сыйланган жана кемтиксиз боорукердик менен багылган бүткүл макулуктар - ар бири Сани-и Хакимдин (Даанышман Жаратуучунун), Керимдин (Берешендин), Рахимдин (Ырайымдуу- нун) жана Реззактын (Ырыскы Берүүчүнүн) бар болуусуна жана жалгыз бир экендигине ишарат кылган сыяктуу, жер жүзүнүн бардык нерсе- синде ачыкка чыгып көрүнгөн, ниет менен эркти көрсөткөн жалпы акылмандуулукту, ошондой эле акылмандуулук менен жалпы кооздуктарды

Page 40: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

40 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН камтыган кемчиликсиз камкордукту; кам көрүү менен акылмандуулукту, бардык макулуктарды камтыган мээримдүүлүктү, акылмандуулукту, камкордукту жана бардык жандуу макулуктарды камтыган өтө берешендүү болгон ырыскыны назарыңа алып, байка! Спектрдин жети түсү жарыкты түзүп, жер жүзүн жарык кылып, күндү ачык көрсөтүп турат. Ушул эле сыяктуу, акылмандуулук ичиндеги камкордук, камкордук ичиндеги мээримдүүлүк, мээримдүүлүк ичин- деги азыктандыруу жогорку даражада Хаким (Даанышман), Керим (Берешен), Рахим (Ыра- йымдуу), Реззак (Ырыскы Берүүчү) болгон бир Важибул Вүжуддун (Бар болуусу керек болгон Аллахтын) жалгыз бир экендигин, башкаруусу- нун кемтиксиздигин жогорку деңгээлде, жарык бир түрдө көрсөтүүдө.

Ошентип, эй, башы маң болгон кайдыгер динсиз! Көз алдындагы бул акылмандуу, бере- шен, мээримдүү, ырыскылуу тарбияны, ошондой эле бул таң калычтуу, кереметтүү камкордукту эмне менен түшүндүрүп бере аласың? Сен сыяк-

Page 41: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 41 туу акылсыз кокустук мененби? Же жүрөгүң сыяктуу сокур күч-кубат мененби? Же башың сыяктуу дүлөй табият мененби? Же сен сыяктуу алсыз, жансыз, сабатсыз себептер мененби? Же чексиз даражада ыйык, кемчиликсиз, таза, улуу жана чексиз даражада Кадыр (Кудуреттүү), Алим (Билүүчү), Семи (Угуучу), Басыр (Көрүүчү) болгон Заты Зулжелал мененби? Же чексиз даражада алсыз, наадан, дүлөй, сокур, байкуш болгон “Табият” менен түшүндүрүп, чексиз ката жасоону каалайсыңбы? Күн сыяктуу жаркыраган ушул акыйкатты кайсы күч-кубат менен өчүрө аласың? Кайдыгерлик көшөгөсүнүн кайсынысы- нын аркасында жашыра аласың?

ОН ЖЕТИНЧИ ТЕРЕЗЕ

Жер бетин жай мезгилинде көз жүгүртүп байкап көрсөк: нерселердин жаралуусунда чаташууну алып келе турган, ирээтсиздикке себеп боло турган чексиз жоомарттык жана чексиз марттык, бир абдан

Page 42: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

42 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН ырааттуулуктун жана тартиптүүлүктүн ичинде көрүнүп турат. Мына, жер жүзүн кооздогон бүткүл өсүмдүктөрдү байка.

Анан да башаламандыкты жана олдоксон- дукту пайда кыла турган нерселердин жаралы- шындагы кемтиксиз ылдамдык да кемтиксиз сулуулук ичинде көрүнүүдө. Мына, жер бетин кооздогон бардык мөмөлөрдү кара.

Анан да барксыздыкты, одуракайлыкты пай- да кыла турган кемтиксиз молчулук да кемчи- ликсиз укмуш чеберчиликте көрүнүп турат. Мынакей, жер бетин кооздогон бүткүл гүлдөрдү байка.

Анан да чеберсиздикти, жөнөкөйлүктү талап кылган ар бир нерселердин жаралышындагы чексиз жеңилдик да, чексиз даражада чебер- чиликтин, өнөрчүлүктүн жана ишмердиктин ичинде көрүнүүдө. Мына, жер бетиндеги бактар менен өсүмдүктөрдүн системаларынын сандык- чалары, программалары жана өмүр таржыма- лынын кутучасы сыяктуу болгон бүткүл урук- тарды, данектерди көңүл коюп байка.

Page 43: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 43

Анан да айырмаланууну, окшошпостукту талап кылган чексиз узактык да бир чексиз биригүү ичинде көрүнүүдө. Мына, жердин бар- дык тарабында себилген уруктардын ар бир түрүн байка.

Анан да чиелешүү менен чаташууну пайда кылган, кемтиксиз аралашуу, тескерисинче, кем- чиликсиз өзгөчөлөнүүнүн жана айырмалануунун ичинде көрүнүп турат. Мынакей, бүткүл жерге чачылган, курамы боюнча бири бирине окшош уруктарды, алардын машак байлоо мезгилиндеги кемтиксиз айырмалануусун, бактардын ичине кирген ар кыл заттардын жалбыракка, гүлдөргө жана мөмөлөргө кынтыксыз бөлүнүүсүн, ашка- занга кирген аралашма азыктардын ар кайсы мүчөлөргө, клеткаларга кемчиликсиз бөлүнүүсүн байка, кемчиликсиз акылмандуулук ичинде кем- чиликсиз кудуретти көр!

Анан да маанисиздикти, барксыздыкты пай- да кыла турган өтө артыкчылык жана арзан- чылык да, чеберчилик жагдайында, жер бетинде эң жогорку даражада кымбат баалуулукта

Page 44: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

44 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН көрүнүп турат. Мына, ошол сансыз таң калычтуу чеберчилик ичинде, жер бетинин мээримдүүлүк дастарконунда бир кудуреттин таттуу даамдары болгон тыт дарагынын мөмөлөрүнүн ар түрдүү- лүгүн байка! Кемчиликсиз мээримдүүлүктү чексиз чеберчилик ичинде көр!

Мынакей, бүткүл жер бетинде абдан баа- луулук менен бирге чексиз арзанчылык; чексиз арзанчылык ичинде чексиз аралашуу, чаташуу менен бирге чексиз бөлүнүү жана айырмалануу; чексиз бөлүнүү, айырмалануу ичинде абдан узактык менен бирге эң жогорку даражадагы дал келүү жана окшоштук; эң жогорку даражадагы окшоштук ичинде абдан жеңилдик жана оңойлук менен бирге өтө камкордуктуу жасалгасы; абдан сонун жасалга ичинде кемтиксиз ылдамдык жана тездик менен бирге абдан ырааттуулук, ченем- дүүлүк жана ысырапсыздык; өтө ысырапсыздык ичинде эң жогорку даражадагы молчулук жана артыкчылык менен бирге эң жогорку даража- дагы укмуш чеберчилик; эң жогорку даражадагы укмуш чеберчилик ичинде жогорку даражадагы

Page 45: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 45 жоомарттык менен бирге абсолюттуу тартиптүү- лүк көрүнүп турат... Албетте, күндүзгү жарык- тык Күндү көрсөткөн сыяктуу, бир Кадыр-и Зулжелалдын (Улуу Кудуреттүүнүн), бир Хаким-и Зулкемалдын (Кемчиликсиз Дааныш- мандын), бир Рахим-и Зулжемалдын (Сулуулук Ээси болгон Ырайымдуунун) бар болуусунун керектигин, кемчиликсиз кудуретин жана башка- руусунун сулуулугун, жалгыз бир экенин,

жалгыздыгын күбөлөндүрүүдө. маанисин көрсөтүшөт.

Учурда эй, бечара наадан, кайдыгер, өжөр- лөнгөн ыймансыз! Ушул улуу акыйкатты эмне менен түшүндүрөсүң? Бул жогорку даражада кереметтүү, таң калычтуу абалды эмне менен ачыктайсың? Бул чексиз даражада тамшанаар- лык чеберчиликтерди кимге таандык кыласың? Бул жер бети сыяктуу болгон бул чоң терезени кайсы кайдыгерлик пардасы менен жамынта аласың? Сенин кокустугун каякта, табият деп ишенген акылсыз жолдошуң, адашуудагы жөлө-

Page 46: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

46 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН гүң жана досуң каякта? Бул иштерге кокустуктун кийлигишүүсү жүз даражада мүмкүн эмеспи? Ушул таң калычтуу иштердин миңден бирин табиятка таандык кылуу миң даражада мүмкүн эмеспи? Болбосо жансыз, алсыз табияттын ар бир нерсенин ичинде ошол нерседен жасалган, нерселердин жалпы санына жараша руханий машинелери жана басмаканасы барбы?

ОН СЕГИЗИНЧИ ТЕРЕЗЕ

“Жыйырма экинчи Сөздө” ачыкталган бул мисалга кара: Кандайдыр кемтиксиз, ырааттуу, чеберчиликтүү имарат сыяктуу бир курулуш тартиптүү бир аракетти көргөзүүдө. Башкача айтканда, бир имарат бир устачылыкты көрсөтүп турат. Кемчиликсиз, тартиптүү бир аракет ап- ачык түрдө мыкты бир ишмерге, чебер устага жана куруучуга далил болот. Мыкты уста жана устачылык наамдар да, апачык түрдө кемтиксиз бир сыпатты, б.а. чеберчиликтеги тажрыйбаны

Page 47: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 47 көргөзүп турат. Кемтиксиз сыпат жана ошол кемчиликсиз чеберчиликтеги тажрыйба да, апачык түрдө, мыкты жөндөмдүүлүктүн бар экенин ачык көрсөтөт. Ал эми мыкты жөндөм- дүүлүк болсо, улуу бир рухту жана жогорку бир Заттын бар экенин далилдеп турат.

Ушул сыяктуу эле, жер бетин, ошондой эле ааламды толтурган, жаңыланып турган жасалга- лар абдан кемчиликсиз иш-аракетти ачык көрсөтүп турат. Ушул жогорку деңгээлдеги тартиптүүлүк жана акылмандуулук чөйрөсүн- дөгү аракет, наамдары жана ысымдары кем- тиксиз болгон бир Ишмерди ачык көрсөтүүдө.

Себеби, тартиптүү, акылмандуу аракеттер- дин ишмерсиз болбостугу ачык-айкын белгилүү. Жогорку даражадагы кемчиликсиз наамдар ошол Ишмердин эң жогорку даражадагы кынтыксыз сыпаттарын далилдеп турушат. Себеби, морфо- логиянын мыйзамы боюнча атоочко өткөн этиш этиштен түзүлөт. Ушул сыяктуу эле, наамдар- дын, ысымдардын дагы негиздери жана булак- тары анын сыпаттары болот. Жогорку даража-

Page 48: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

48 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН дагы сыпаттар жогорку даражада кемчиликсиз болгон заттын ишмердүүлүгүн далилдейт. Зат- тын жөндөмдүүлүгү, биз түшүндүрүп бере албаган заттын кемтиксиз ишмердүүлүгү чексиз даражада кемчиликсиз болгон бир Затты ачык-айкын далилдеп турат.

Ошентип, бүткүл ааламдагы чеберчиликтүү санаттар жана бардык макулуктар – ар бири кемчиликсиз түзүлүш болгондуктан, ар бири бир аракетти, аракет болсо ысымды, ысым болсо сыпатты, сыпат болсо маңызды, маңыз болсо, затты күбөлөндүргөнү үчүн, бардык макулуктар- дын жалпы саны өлчөмүндө Сани-и Зулже- лалдын (Улуу Жаратуучунун) бар болуусунун керектигине күбө, жалгыз бир экенине белги болгон сыяктуу, баарысы биргеликте макулук- тардын тизмегиндей күчтүү өңүттө Аллахты таанып билүүнүн миражы. Эч бир жагынан шек күмөнсүз чынжырланган акыйкаттардын бир далили.

Мына, эй, бечара динсиз кайдыгер! Аалам- дын чынжыры сыяктуу бекем болгон бул

Page 49: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 49 далилди эмне менен буза аласың? Ушул маку- луктардын жалпы саны өлчөмүндөгү акый- каттын нурларын көрсөткөн терезени эмне менен жаба аласың? Кайсы кайдыгерлик пардасы менен аны жабасың?

ОН ТОГУЗУНЧУ ТЕРЕЗЕ

мааниси боюнча, Сани-и Зулжелал (Улуу Жаратуучу), асмандагы нерселерге ушунчалык акылмандуулуктар менен маанилерди берди: Өзүнүн улуулугун жана сулуулугун түшүндүрүү үчүн асманды күндүн, айдын, жылдыздардын тили менен сүйлөттүргөн сыяктуу; асман атмосферасындагы макулуктарга да ушундай акылмандуулуктарды, маанилерди жана максат- тарды берди. Асмандагы атмосфераны чагыл- гандын, күндүн күркүрөөсү жана тамчылардын тили менен сүйлөттүрүп жатат. Кемчиликсиз акылмандуулугу жана мээримдүүлүгүнүн кооз- дугу тууралуу сабак берүүдө.

Page 50: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

50 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

Кандайча жердин башын айбанат, өсүмдүк деген маанилүү тилдер менен сүйлөттүрүп, чеберчилигинин кемчиликсиздигин ааламга көрсөтүп турат. Ушундай эле, ошол баштын өзгөчө бир тили болгон өсүмдүктөр менен бактарды да жалбырактар, гүлдөр жана мөмөлөр тили менен сүйлөттүрүп, кайрадан эле чеберчи- лигинин кемтиксиздигин, мээримдүүлүгүнүн сулуулугун жарыялоодо. Өзгөчө бир тили болгон гүлдөрдү жана мөмөлөрдү да уруктар тили менен сүйлөттүрүп, чеберчилигинин кемчилик- сиздигин, башкаруусунун кынтыксыздыгын акы- лы барларга үйрөтүп жатат.

Ошентип, бул даңктоонун сансыз тилде- ринин ичинде бир гана тамырдын, бир гана гүлдүн тилине кулакты төшөп угалы. Кантип күбөлөндүргөнүн билебиз.

Ооба, ар бир өсүмдүк, ар бир бак көптөгөн тилдер менен Жаратуучусун ушундай көрсөтүп жатат, байкап турган адамдарды таң калтыры- шат. Көрүүчүлөрдү: «Субханаллах! Кандай сонун күбөлөндүрүшөт!» - деп айттырат. Ооба,

Page 51: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 51 ар бир өсүмдүк гүл ачып жаткан мезгилде, машак байлаган учурда, күлүмсүрөгөн руханий сөздөрүнүн даңктоолору, гүлдөр сыяктуу сонун жана ачык-айкын. Себеби, ар бир гүлдүн сонун оозу менен, тартиптүү машактын тили менен, так ченемдүү, ырааттуу уруктардын сөздөрү менен акылмандуулукту көрсөткөн ырааттуулук илим- ди ачык-айкын көрсөтүп турган ченемдүүлүктүн ичинде. Ошол ченемдүүлүк болсо, мыкты чеберчиликти көрсөткөн кооз оймонун ичинде. Кооз оймо болсо, мээримдүүлүк менен жоомарт- тыкты көрсөткөн жасалганын ичинде. Жасалга да мээрим менен жакшылыкты көрсөткөн назик жыттардын ичинде. Бири-биринин ичинде орун алган бул маанилүү абалдар күбө берүүчү тил болуп саналышат: Сани-и Зулжемалды (Сулуулук Ээси болгон Жаратуучуну) ысымдары менен бирге сүрөттөйт, сыпаттары менен тааныштырат, ысымдарынын чагылуусун түшүндүрөт, жакты- рылганы жана таанылганы тууралуу б.а. Аллах- ты сүйүү жана таануу жөнүндө баяндайт.

Page 52: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

52 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

Ошентип, бир гана гүлдөн ушундай далилди уккан болсоң, кызык, жер бетиндеги Кудайдын бакчаларындагы бардык гүлдөрдү тыңшап, алар- дын кандай гана даражадагы жогорку бир күч менен Сани-и Зулжелалдын бар болуусунун керектигин, жалгыз бир экенин жарыялаганын уксаң, шек күмөндө, ишенбестикте жана кайды- герликте калат белең? Эгерде кала турган болсо, сени инсан, акылы бар деп айтууга болобу?

Кел, азыр бактардын бирөөсүнө көңүл буруп кара! Ошентип, жаз мезгилинде жалбырактар- дын тартиптүүлүк менен пайда болуусу, гүл- дөрдүн ырааттуулук менен ачылуусу, мөмө- лөрдүн акылмандуулук менен, мээримдүүлүк менен өсүүсү жана бутактардын колдорунда шамалдын үйлөгөнүнөн күнөөсүз балдар сыяктуу термелгенинде назик сөздөрдү байка. Бир берешен кол менен жашылданган жалбырак- тардын тили менен, татынакай жылмаюу менен, күлүмсүрөгөн гүлдөрдүн тили менен, мээрим- дүүлүктүн чагылуусу менен жылмайган мөмө- лөрдүн сөзү аркылуу түшүндүрүлгөн акыл-

Page 53: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 53 мандуу тартиптин ичиндеги адилеттүү ченем- дүүлүк; адилеттүүлүктү көрсөткөн ченемдүүлүк ичиндеги так чебердүүлүк, оймолор, чеберчи- ликтүү оймолор жана зыйнаттар ичиндеги мээримдүүлүк менен жакшылыкты көрсөткөн ар түрдүү таттуу даам-татымдар, ар түркүн сонун жыттардын ичиндеги кудуреттин керемети бол- гон данектер, өтө ачык бир түрдө бир Сани-и Хакимдин (Даанышман Жаратуучунун), Керим- дин (Берешендин), Рахимдин (Ырайымдуунун), Мухсиндин (Жакшылык берүүчүнүн), Мүнимдин (Белек берүүчүнүн), Мүжеммилдин (Кооз Жара- туучунун), Муфаддилдин (Береке Берүүчүнүн) бар болуусунун керектигин, жалгыз бир экенин, мээримдүүлүгүнүн сулуулугун, башкаруусунун кемтиксиздигин көрсөтүшөт. Ошентип, эгерде бүткүл жер бетиндеги бардык бактардын абал тилдерин уга алсаң:

казынасында кандай гана сонун каухарлар бар экенин көрө аласың, түшүнө аласың.

Page 54: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

54 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

Ошентип, эй, шүгүрсүздүк менен өзүн эркин сезген бактысыз кайдыгер! Сансыз тилдер менен өзүн сага тааныттырып билдирген, сүйдүргөн бир Керим-и Зулжемалды (Сулуулук Ээси болгон Берешен Аллахты) тааныгың келбесе, бул тилдерди унчуктурбай коюшуң керек. Бирок унчуктура албайсың, ошондуктан угуп турушуң зарыл. Кайдыгерлик менен кулагыңды жапсаң, кутула албайсың. Себеби, сен кулагыңды жапсаң да, аалам унчукпай калбайт, макулуктар үнүн баспайт, Аллахтын бир экенин күбөлөндүр- гөндөр үндөрүн токтотушпайт. Албетте, алар сени айыпташат...

Page 55: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 55

ЖЫЙЫРМАНЧЫ ТЕРЕЗЕ†

Кандайча бөлүкчөлөрдө, натыйжаларда жана майда-чүйдөлөрдө кемчиликсиз акылмандуулук, чеберчиликтин (санат) кооздугу көрүнүп турат.

† Бул Жыйырманчы терезенин акыйкаты бир кезде жүрөгүмө мындайча болуп араб тилинде келген:

Page 56: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

56 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН Ошондой эле, кокустук, чаташкан болуп көрүн- гөн бардык элементтердин, сыртынан чаташкан чоң макулуктардын абалдары да бир акылман- дуулук жана чеберчилик менен өз абалдарына ээ болушат.

Ошентип жарыктын нурлануусу, башка акылмандуу кызматтарынын далили боюнча, жер бетиндеги Аллахтын чеберчилик менен жаратылган макулуктарын Аллахтын буйругу менен жайып жарыя кылуу. Демек, ошол жарык бир Сани-и Хаким (Даанышман Жаратуучу) тарабынан кызмат кылдырылууда. Аалам база- рындагы көргөзмөлөрдө сонун чеберчиликтерин ошол жарык аркылуу көрсөтүүдө.

Эми шамалдарга байкоо сал, башка акыл- мандуу, берешендүү пайдаларынын жана вазый- паларынын күбөлөндүрүүсү боюнча, алар өтө маанилүү, көптөгөн милдеттерди аткарууга шашууда. Демек, шамалдын ошол толкундоо- лору бир Сани-и Хаким тарабынан берилген милдет, Аллах тарабынан башкарылуу жана колдонуу. Ал эми толкундоолору болсо, Аллах-

Page 57: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 57 тын буйругун тез орундатууга багытталган умтулуу болуп саналат.

Эми булактарды, аккан сууну, дарыяларды карап көрөлү! Алардын жерден, тоолордон агып чыгуусу кокустук эмес. Себеби, аларда көрүнүп турган мээримдүүлүктүн чеберчилиги болгон пайдалардын жана түшүмдөрүнүн күбөлөндү- рүүсү боюнча, тоолордо керектүү көлөмдө топтолуусу боюнча, акылмандуу ченем менен жөнөтүлүүсүнүн далили боюнча, алар бир Рабб-и Хаким (Даанышман Кудай) тарабынан даяр- далганы, Ага баш ийгени көрүнүп турат. Алар- дын шаркырап агып чыгуусу болсо, Анын буйругун толкундануу менен аткаруу.

Эми жердеги бүткүл таштардын, кендердин жана минералдардын бардык түрүнө карагын! Булардын кооз көрүнүшү, пайдалуу касиеттери бир Сани-и Хакимдин кооз жасалгалоосу, тартиби, алдын ала кам көрүүсү аркылуу бол- гону, аларга тийиштүү акылмандуу пайдалары, жашоонун милдеттерине, адамдардын кажетине,

Page 58: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

58 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН айбандардын муктаждыгына ылайыкталган түр- дө даярдалуусу көрсөтүп турат.

Эми гүлдөрдү, мөмөлөрдү кара! Булардын жылмаюулары, көрктүүлүгү, оймолору, жытта- ры, бир Сани-и Керимдин (Берешен Жаратуучу- нун), бир Мүним-и Рахимдин (Ырайымдуу Белек Берүүчүнүн) дастарконунда бир сүрөттөмө, бир чакыруу кагазы өңүтүндө болуп, ар кандай түстөр, жыттар жана даамдар, ар бир түргө өзгөчө бир сүрөттөмө жана чакыруу кагазы катары берилген.

Эми канаттууларга кара! Алардын сүйлөш- көндөрү жана чыр-чур этип чыйпылдоолору, бир Сани-и Хакимдин буйругу менен сүйлөшүп жатканына ачык далил, алар таң калычтуу түрдө үндөрү аркылуу бири бирине өздөрүнүн сезим- дерин жана каалоолорун билдирип турушат.

Эми булуттарды кара! Жамгырдын тып-тып жаашы маанисиз бир үн болбогону, чагылган менен асмандын күркүрөшү бир бош күркүрөө эмес экени ачык далилденген болсо, бош мей- киндикте булуттарды жаратуу, алардан мүрөк

Page 59: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 59 суусу сыяктуу тамчыларды чыгарып, жер бетиндеги муктаж, суусаган жандуу макулук- тарды тойгузуу, жамгырдын бул дыбыроосу менен булуттун күркүрөөсү абдан маанилүү жана акылмандуу экенин, бир Рабб-и Керимдин (Берешен Кудайдын) буйругу менен ошол жамгыр: “Силерге сүйүнчү, биз келе жатабыз!”- деп үн чыгарып кабар бергенин көрсөтүүдө.

Эми көк асманга көз жүгүрт! Асмандагы чексиз телолордун ичинен жалгыз айга көңүл бур! Анын аракети, бир Кадир-и Хакимдин (Даа- нышман Кудуреттүүнүн) буйругу менен бол- гону, аны менен байланышкан жер бетиндеги маанилүү кубулуштар башка жерлерде баяндал- гандыктан, мындан ары улантпайбыз.

Мынакей, жарыктан баштап Айга чейин санап чыккан бардык заттар абдан кенен бир түрдө жана чоң бир көрүнүштө бир терезени ачат. Бир Важибул Вүжуддун (Бар болуусу керек болгон Аллахтын) жалгыз бир экенин, кемчилик- сиз кудуретин жана бийлигинин улуулугун көр- сөтүп жарыялайт.

Page 60: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

60 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

Ошентип, эй, кайдыгер! Эгерде бул асман- дын күркүрөшү сыяктуу болгон бул үндү баса алсаң, Күндүн жарыгы сыяктуу жаркыраган ушул нурду өчүрө алсаң, анда Аллахты унут! Болбосо акылыңа кел!

- деп айт.

ЖЫЙЫРМА БИРИНЧИ ТЕРЕЗЕ

Бул ааламдын чырагы болгон Күн, аалам Жаратуучусунун бар болуусун жана бир экен- дигин көрсөтүп турган күн сыяктуу жаркыраган нурдуу бир терезе. Ооба, Күн системасынын он эки планетасы Жер менен бирге көлөмү боюнча кичине жана чоң жылдыздарга чейин абдан айырмаланышып, ээлеген ордулары жакындык жана узактык боюнча ар кандай, кыймылда- рынын ылдамдыгы абдан ар түрдүү болгон учурда кемтиксиз, тартиптүү, акылмандуу, кем-

Page 61: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 61 чиликсиз, ырааттуу жана бир секундага адаш- паган аракеттери, айлануулары, тартылуу күчү деп аталган Аллахтын мыйзамы менен Күнгө байлангандары б.а. өз имамына уюгандары кенен бир көрүнүштө Аллахтын улуу кудуретин, Анын бир экендигин көрсөтүп турат.

Себеби бул жансыз планеталарды, бул акылсыз чоң нерселерди чексиз тартиптүүлүк, ырааттуу акылмандуулук менен ар түрдүү формада, ар түрдүү аралыктарда жана ар түрдүү аракеттер менен айландыруу, колдонуу канча- лык бир кудуреттүүлүктү жана бир акылман- дуулукту далилдеп турганын салыштыр. Бул чоң жана татаал ишке атомчолук кокустук аралашса, ааламды бөлүп, чачыратып салган жарылуу болот. Анткени кокустук бирөөсүн бир мүнөткө туткунга алса, планетанын өз орбитасынан чы- гып кетүүсүнө себепчи болуп, башка планеталар менен кагылышууга жол ачат. Жерден миң эсе чоң болгон планеталар менен кагылышуу канчалык коркунучтуу экенин элестете аласың.

Page 62: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

62 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

Күн системасынын б.а. Күндүн ээрчигендери жана мөмөлөрү болгон он эки планетанын укмуштуулугун, бүт бардыгын камтыган Аллах- тын илимине тапшырып, жалгыз көз алдыбыз- дагы Жер планетасына көз чаптыралы. Бул планетабыз Аллахтын башкаруусунун укмуш- туулугунун улуулугун, бийлигинин эбегейсиз зордугун, кемчиликсиз мээримдүүлүгүн, акыл- мандуулугун көрсөтүп турган бир түрдө, Күндүн тегерегиндеги орбита боюнча Аллахтын буйругу менен “Үчүнчү мектупта” баяндалгандай бир улуу кызмат үчүн узак саякатка чыкканын көрүп турабыз. Жер Аллахтын бир кемеси болуп, Аллахтын таң калычтуу макулуктары менен толтурулуп, Аллахтын акыл-эстүү кулдары үчүн сейилдөө жери катары саякаттоо жайынын абалы берилген. Убакытты билдирген сааттын жебе- лери сыяктуу, Ай дагы так эсеп жана улуу акылмандуулук менен Жерге байланган, анан ошол айга башка орбиталарда башка сейилдөө- лөр жана саякаттоолор берилген. Ошентип, бул куттуу планетабыздын мындай абалдары Жер-

Page 63: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 63 дин күчүндөй болгон күбөлөндүрүүсү менен Кадыр-и Мутлактын (Чексиз Кудуреттүүнүн) бар болуусунун керектигин, бирөө экендигин далилдеп турат. Албетте, планетабыз ушундай болгондуктан, Күн системасын аны менен са- лыштыра аласың.

Тартылуу күчү делген руханий жиптерди түрмөк кылуу үчүн ийик жана бара өңүтүндө болгон Күндү бир Кадыр-и Зулжелалдын (Улуу Кудуреттүүнүн) буйругу менен айландырып, планеталарды ошол руханий жиптерге байлап ирээтке келтирип, Күндү бүткүл планеталары менен биргеликте бир секундада беш сааттык аралыкты басып өтүү ылдамдыгы менен, кээ бир рываяттар боюнча, “Геркулес” топ жылдыздар тарабына же “Күндөрдүн күнү” жакка багыттоо, албетте, башталышы жок, түбөлүктүү Султан болгон Зат-ы Зулжелалдын (Улуу Аллахтын) кудурети, буйругу менен боло алат. Аллахтын башкаруусунун улуулугун көргөзүү үчүн болгонсуп, тартиптүү жоокерлер сыяктуу болгон

Page 64: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

64 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН Күн системасынын ордосу менен бир маневрды жасатат.

Эй, астролог мырза! Кайсы кокустук бул иштерге кийлигише алат? Кайсы себептин колу буга жетиши мүмкүн? Кайсы күч буга жакындай алат? Жооп берип көрчү! Султан-ы Зулжелал (Улуу Султан) алсыздыгын көрсөтүп өзүнүн мүлкүнө башканы жолотмок беле? Айрыкча ааламдын мөмөсү, натыйжасы, максаты жана жыйынтыгы болгон тирүү макулуктарды башка колдорго береби? Башкасын кийлигиштирмек беле? Айрыкча ошол мөмөлөрдүн эң мазмун- дуусун, натыйжалардын эң кемтиксизин, жердин халифасын жана Султанды чагылдырган муса- пыры болгон инсандарды көзөмөлсүз калтырмак беле? Аларды табиятка жана кокустукка тапшы- рып бийлигинин улуулугун төмөн түшүрмөк беле? Кемчиликсиз акылмандуулугун кулатмак беле?

Page 65: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 65

ЖЫЙЫРМА ЭКИНЧИ ТЕРЕЗЕ

Жер жүз миң оозу бар баш сыяктуу. Ар бир

оозунда жүз миң тили бар. Ар бир тилдин жүз миң далили бар: ар бири көп жагдайдан Аллах- тын бар болуусунун керектигин, жалгыз бир экенин, ар нерсеге кудуреттүү, бардыгын билген бир Зат-ы Зулжелалын (Улуу Аллахтын) бар болуусунун керектигин, бирөө экенин, ыйык сыпаттарын жана сонун ысымдарын күбөлөн- дүрүп турат.

Ооба, жердин алгачкы жаралуусуна карап көрөлү: суюктук абалында болгон нерседен таш, ал эми таштан топурак жаратылган. Эгерде суюк абалында калганда, отурукташа турган жай бол- мок эмес. Ошол суюктук таш болгондон кийин темир сыяктуу катуу болгондо пайдаланууга

Page 66: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

66 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН мүмкүн болмок эмес. Ооба, жерге азыркы абал- ды берүү жердин жашоочуларынын муктаж- дыгын көргөн Сани-и Хакимдин (Даанышман Жаратуучунун) акылмандуулугу.

Андан соң, жер астындагы кыймылдардан пайда болгон зилзалалар тоолор аркылуу дем алып, жердин кыймылын жана вазыйпасын бузбоосу үчүн, деңиздин каптоосунан кургак- тыкты сактоосу жана жандуу макулуктардын жашоодогу муктаждыктарынын казынасы болуу- су үчүн, ошондой эле абаны уулуу газдардан тазалап, дем алууга ылайыктуу болуусу, суулар- ды бириктирип чогултуу, макулуктарга керектүү болгон башка нерселерге булак жана кенч болушу үчүн жер кыртышы тоолордун түркүктө- рүнө тагылган.

Ошентип, бул абал бир Кадир-и Мутлактын (Чексиз Кудуреттүүнүн), бир Хаким-и Рахим- дин (Ырайымдуу Даанышмандын) бар болуусу- нун керектигин, жалгыз бир экендигин абдан бекем жана күчтүү күбөлөндүрүп турат.

Page 67: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 67

Эй, геолог мырза! Муну эмне менен түшүн- дүрөсүң? Ушул таң калычтуу чеберчиликтер менен толтурулган Аллахтын кемесин укмуш нерселердин топтому кылып, жыйырма төрт миң жылдык аралыкты бир жылдын ичинде ылдам- дык менен бастырып өтүп, анын үстүндө тизил- ген нерселердин бирөөсүн дагы түшүрбөгөн кайсы кокустук бар.

Ары жер бетиндеги таң калычтуу чеберчи- ликтерге көз чаптыр! Элементтер өтө жогорку акылмандуулук менен милдеттендирилген. Бир Кадир-и Хакимдин (Кудуреттүү Даанышман- дын) буйругу менен жер бетиндеги Рахмандын (Мээримдүүнүн) меймандарына кандай сонун кам көрүшүүдө. Аларга кызмат кылганы шашы- лышууда.

Ары таң калычтуу, татынакай санаттардын арасындагы ар түстүү жер бетинин оймо-чийме- лерине кара! Анын жашоочуларына суу менен өзөндөрдү, деңиздер менен дарыяларды, тоолор менен дөңсөөлөрдү ар түрдүү макулуктарына жана кулдарына ылайыктуу турак жай, ташуучу-

Page 68: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

68 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН унаа каражаты кылып даярдады. Андан соң, чексиз акылмандуулук, ырааттуулук менен жерди өсүмдүктөрдүн жана айбанаттардын жүз миңдеген түрү менен толтуруп, жашоо берип жандандыруу, мезгил мезгили менен өлүм аркы- луу тартиптүүлүк менен аларды бошотуп, кайра эле: «ба’сү ба’дел мавт» өңүтүндө толтуруу, бир Кадыр-и Зулжелалдын (Улуу Кудуреттүүнүн) жана бир Хаким-и Зулкамалдын (Кемчиликсиз Даанышмандын) бар болуусунун керектигин, жалгыз бир экенин жүз миңдеген тил менен күбөлөндүрүп турушат.

Жыйынтык: Жердин үстү таң калычтуу чеберчиликке бир көргөзмө, таң калычтуу маку- луктарга топтолуучу жай, жаратылгандардын кербенине өтмөк, ибадат үчүн мечит жана борбор болгон жер, бүткүл ааламдын жүрөгү болгондуктан, ааламчалык вахданийет нурун көргөзүүдө.

Ошентип, эй, географ мырза! Бул жердин башы жүз миң ооз, ар биринде жүз миң тил менен Аллахты тааныттырса, а сен Аны

Page 69: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 69 тааныбасаң, башыңды табияттын баткагына салсаң, кандай күнөө жасап жатканыңды ойлон. Сени кандай коркунучтуу жазага тарта турганын билгин, өзүңө кел. Башыңды баткактан чыгар.

деп айт.

ЖЫЙЫРМА ҮЧҮНЧҮ ТЕРЕЗЕ

Жашоо - Аллахтын куду- ретинин мужизалары ичинде эң нурдуусу жана эң сулуусу. Аллахтын бир экендигинин далилде- ринин эң күчтүүсү жана эң жаркыраганы. Кудайды чагылдырган күзгүлөрдүн эң мазмун- дуусу жана эң тазасы. Ооба, жашоо жалгыз бир өзү бардык ысым-сыпаттары жана иштери менен бирге бир Хай-и Каюмду (Туруктуу Тирүү) билдирип турат. Себеби жашоо көптөгөн сыпат- тардын жуурулушкан бир дармеги абалында болгон жарык жана дары. Жарык жети түстөн, ал эми дары ар түрдүү нерселерден түзүлгөндөй,

Page 70: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

70 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН жашоо да көптөгөн сыпаттан жасалган бир акыйкат болуп саналат. Ошол акыйкаттагы сыпаттардын бир бөлүгү сезимдер аркылуу кеңейип ачылат да, өзгөчөлөнүп көрүнөт. Көпчүлүк бөлүгү болсо, өздөрү жөнүндө сезим- дер өңүтүндө сездиришет, жашоо жөнүндө кайноо түрүндө билдиришет.

Анан да жашоо ааламды башкарууда өкүмдар болгон ырыскы менен мээримдүүлүктү, камкордук менен акылмандуулукту өзүнө камтып турат. Кудум жашоо аларды өзүнүн аркасына көтөрүп алып, каерге жетсе, ошол жерге ээрчитип жүргөн сыяктуу. Мисалы, жашоо бир денеге кирген убакта, Аллахтын Хаким ысмы да чагылат. Акылмандуулук менен өзүнүн уясын жакшынакай кылып жасап, тартипке келтирет. Ошол эле учурда Керим ысмы да чагылып, жашаган жерин муктаждыгына жараша ирээттеп, кооздойт. Ошол эле убакта, Рахим ысмынын чагылуусу көрүнүп, ошол жашоонун улануусу жана өнүгүүсү үчүн түрдүү-түрдүү жакшылыктар менен сыйланат. Ошол эле

Page 71: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 71 маалда, Раззак ысымынын чагылуусу көрүнөт, ошол жашоонун улануусу жана өнүгүүсү үчүн керектүү болгон материалдык жана руханий азыктар жеткирилип, бир канча бөлүгү дене- синде сакталып калат. Демек, жашоо бир борбор сыяктуу болуп, ар түрдүү сыпаттар бири биринин ичине кирип, атүгүл, бири биринин күзгүсү болот. Кудум, жашоо толугу менен илим да, ошол эле учурда кудурет да, ошол эле убакта акылмандуулук менен мээримдүүлүк да. Жана ушул сыяктуу...

Ошентип, жашоо – бул жалпы маңызы боюнча Кудайдын кылган иштерин чагылдырган күзгү. Мына ошондуктан, Хаю Каюм болгон Зат-ы Важибул Вүжуд (Бар болуусу керек болгон Аллах) жашоону көп кылып, молчулукта жара- тып, көрсөтөт жана жаят. Бардык нерсени жашоонун айланасында чогултуп, ага кызмат кылдыртат. Анткени, жашоонун милдети абдан чоң. Ооба, Жаратуучуга күзгү болуу оңой-олтоң иш эмес, жөнөкөй бир милдет эмес.

Page 72: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

72 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

Ошентип, көз алдыбызда ар убакыт көрүнүп турган бул эсепсиз жаңы өмүрлөр, өмүрлөрдүн негиздери жана маңызы болгон рухтар, бир заматта жоктон жашоого келүүсү жана жибери- лүүсү, бир Заты Важибул Вүжуддун жана Хаю Каюмдун бар болуусунун керектигин, ыйык сыпаттарын, Кооз Ысымдарын нурлар күндү көрсөткөн сыяктуу көргөзүп турушат. Күндү тааныбаган жана кабыл кылбаган адам күндүзгү маалды толтуруп турган жарыкты кантип жокко чыгарат? Ошол сыяктуу эле Хаю Каюм (Туруктуу Тирүү), Мухий (Тирилтүүчү) жана Мүмиит (Өлүмдү жаратып, өлтүргөн Аллах) болгон Аллахты тааныбаган адам жердин бетин, жадагалса өткөндү жана келечекти толтурган тирүү макулуктардын бар экендигин жокко чыгаруусу керек жана айбандан жүз эсе төмөн түшүүгө мажбур. Жашоо мартабасынан түшүп, жансыз жана наадандардын нааданы болушу керек.

Page 73: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 73

ЖЫЙЫРМА ТӨРТҮНЧҮ ТЕРЕЗЕ

Өлүм – өмүр сыяктуу Аллахтын башкаруусунун далили. Анын жалгыз бир экендигинин абдан

күчтүү тастыктоочу. далили боюнча, өлүм жок болуу, өлүм жазасы, максатсыздык жана аракетсиз токтоп калуу эмес. Тескерисинче, Фаил-и Хаким (Даанышман Иш- мер) тарабынан берилген кызматтан бошонуу, орун которуу, дененин өзгөрүүсү, милдеттен бошонуу, дене түрмөсүнөн чыгуу жана акылман- дуулуктун тартиптүү чыгармасы болгону тууралуу “Биринчи Мектупта” көрсөтүлгөн.

Ооба, жер бетиндеги жаратылган нерселер, жандуу макулуктар жана жердин жашоо менен бөлөнгөн бети, бир Сани-и Хакимдин (Дааныш- ман Жаратуучунун) бар болуусунун керектигин, жалгыз бир экендигин күбөлөндүрүп турушат. Ушул сыяктуу эле, ошол жандуу макулуктар өздөрүнүн өлүмдөрү аркылуу бир Хаю Бакинин

Page 74: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

74 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН (Түбөлүктүү Тирүүнүн) бүтпөстүгүн жана бир экендигин күбөлөндүрүшөт. “Жыйырма экинчи Сөздө" өлүм – Аллахтын жалгыз бир экендиги- нин абдан күчтүү далили, түбөлүктүүлүгүнүн тастыктоочусу экендиги далилденип ачыкталган- дыктан, анын түшүндүрмөсүн ошол сөзгө тапшырып, маанилүү бир гана пунктун баян кылабыз.

Кандай эле: Жандуу макулуктар өздөрүнүн бар болуусу менен бир Важибул Вүжуддун (Бар болуусу керек болгон Аллах) бар болуусун далилдеп турушат. Ушул сыяктуу, ошол жандуу макулуктар өздөрүнүн өлүмдөрү аркылуу да, бир Хаю Бакинин түбөлүктүүлүгүн, жалгыз бир экендигин күбөлөндүрүшөт. Мисалы, жашоого ээ болгон жердин бети ырааттуулугу жана акыбалы менен Жаратуучуну көрсөткөн сыяк- туу, өлүм учурунда б.а. кыш ак кепини менен өлүп калган жер бетин жаап, адамдын назарынан жашырат. Же назар өтүп кеткен жаз мезгилинин жаназасынын аркасында калган заманга кайтса, мындан да кенен көрүнүштү көрсөтөт. Башкача

Page 75: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 75 айтканда, ар бири кудуреттүүлүктүн керемети болуп, жерди толтурган бүткүл өткөн жаз мезгилдери сыңарындай эле, жаңыдан келе турган, ар бири кудуреттүүлүктүн керемети жана тирүү жер болгон, жазды толтурган жердин жандуу макулуктарынын келишин сезип, бар болуусун күбөлөндүргөндүктөн, ушундай кенен бир көрүнүштө, жарык бир түрдө, күчтүү бир деңгээлде Сани-и Зулжелалдын (Улуу Жаратуу- чунун), Кадыр-и Зулкемалдын (Кемчиликсиз Кудуреттүүнүн), Каюм-у Бакинин (Түбөлүктүү Туруктуунун), Шемси Сермединин (Түбөлүктүү Күн болгон Аллахтын) бар болуусунун керекти- гин, жалгыз бир экендигин, түбөлүктүүлүгүн жана туруктуулугун күбөлөндүрүп, ушундай жарык далилди көрсөтүшүп, кааласаң, каалаба-

саң да ачык түрдө: деп айттырат.

Корутунду: мааниси боюнча, бул жандуу жер жазында Жаратуучу

Page 76: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

76 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН жөнүндө күбөлөндүргөн сыяктуу, жаздын өлүмү аркылуу замандын өткөн мезгили жана келечеги делген эки канатында тизилген кудуреттүү- лүктүн кереметтерине назарды бурат... Бир жаздын ордуна миңдеген жазды көрсөтөт. Бир кереметтин ордуна кудуреттүүлүктүн миңдеген кереметине ишарат кылат. Ошол жаздардын ар бирөөсү азыркы жазга караганда дагы бекеми- рээк күбөлөндүрүшөт. Себеби, өткөн чакка кетип жаткандар өздөрүнүн сырткы себептери менен бирге кетишти. Алардын ордуна аларга окшош башкалар келишти. Демек, тышкы себеп- тердин эч кандай таасири жок. Жалгыз бир гана Кадыр-и Зулжелал (Улуу Кудуреттүү) аларды жаратып, аларды акылмандуулук менен себеп- терге байланыштырып жибергенин көрсөтүүдө. Келечекте тизилип турган жердин тирүү үстүнкү беттери мындан да ачык күбөлөндүрүшөт. Анткени алар кайрадан, жоктон, эч нерседен жаратылып, бара турган жерге жайгаштырылып, милдетин аткарышып, андан соң өткөн мезгилге жиберилишет.

Page 77: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 77

Ошентип, эй, табиятка тыгылып, баткакка чөгүүгө чейин барган наадан! Бардык өткөн мез- гилдерге жана келечекке жеткен акылмандуу, кудуреттүү, руханий колдордун кожоюну болбо-гон нерсе кантип бул жердин жашоосуна кийлигише алат? Сен сыяктуу жокко тете болгон кокустук жана табият буга кийлигише алабы? Кутулууну кааласаң: “Табият болсо, Аллахтын кудурет дептери. Ал эми кокустук болсо, наадандыгыбызды жапкан Аллахтын акылман- дуулугунун жашыруун пардасы” - деп акыйкатка жакында.

ЖЫЙЫРМА БЕШИНЧИ ТЕРЕЗЕ

Кандайдыр мадруб, албетте, дарибе күбөлүк берет. Чеберчиликтүү чыгарма, чебер устанын бар экенине далил болот. Бала апанын керек- тигин билгизет. Асты жак үстү жактын бар болушун талап кылат... Жана ушул сыяктуу. Бири бирисиз боло албаган, бири-бири менен байланышта болгон салыштырмалуу сыпаттар сыяктуу, бул бүткүл ааламда жана жалпы

Page 78: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

78 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН формасында көрүнгөн ыктымалдуулук да зарыл- дыкты көрсөтөт. Бүткүл аларда көрүнгөн кыймыл бир аракетке келтирүүчүнү көрсөтөт. Жалпысында көрүнгөн жаратылгандар Жаратуу- ну көрсөтөт. Бардык нерседе көрүнгөн көптүк жана курамдык, вахдетти керек кылат. Зарыл- дык, аракет, жаратуу жана жалгыздык ачык жана сөзсүз түрдө мүмкүн болгонду, аракетсиздикти, көп болгонду, түзүлгөндү, жаратылганды эмес, тескерисинче, керектүү, аракеттүү, жалгыз бирөө жана жаратуучу деген сыпаттарды талап кылат. Ошондой болсо, бүткүл ааламдагы бардык ыктымалдуулуктар, аракеттер, макулуктар, көп- түк менен курамдар бир Зат-ы Важибул Вүжудду (Бар болуусу керек болгон Аллахты), Фаалүн Лима-Йүридди (Каалагандай кылып Жаратуу- чуну), Халик-ы Кулли Шейди (Ар нерсени Жаратуучуну), Вахид-и Эхадды (Бир гана Аллахты) ачык күбөлөндүрүшөт.

Корутунду: Кандайча ыктымалдуулукта зарылдык, кыймылсыздыкта аракет, көптүктө бирдик көрүнүп, булардын бар болуусу башка-

Page 79: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 79 лардын бар болуусун бекем көрсөткөн сыяктуу эле макулуктарда көрүнгөн жаратылуу жана азыктандыруу сыяктуу сыпаттар да Жаратуу, Ырыскы берүү деген аракеттердин бар экен- дигин ачык күбөлөндүрүшөт. Ал эми ушул сыпаттардын бар болушу да Халлак (Жара- туучу), Реззак (Ырыскы Берүүчү) Сани-и Рахимдин (Ырайымдуу Жаратуучунун) бар экендигин тастыкташат. Демек, ар бир макулук жүздөгөн ушундай ар түрдүү сыпаттардын тили менен Зат-ы Важибул-Вүжуддун жүздөгөн Кооз Аттары жөнүндө күбөлөндүрөт. Бул күбөлөрдү кабыл албаса, макулуктардын ушул бардык түрдүү сыпаттарын жокко чыгаруу керек болуп калат...

ЖЫЙЫРМА АЛТЫНЧЫ ТЕРЕЗЕ‡

Бул ааламдын макулуктарынын жүзүндө жаңыланып, келип-кетип турган сулуулуктар менен кооздуктар, бир Түбөлүктүүнүн сулуу-

‡ Бул терезе бардыгы үчүн эмес, эхли калб жана эхли махабатка байланышы бар.

Page 80: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

80 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН лугунун чагылууларынын көлөкөлөрү экенин көрсөтүүдө. Ооба, дарыянын үстүндөгү көбүк- төрдүн жылтылдаганынан кийин пайда болгон башка көбүктөрдүн да жылтылдаганы дайыма тийип турган күндүн нурларынын күзгүлөрү болгондорун көрсөткөн сыяктуу эле, мезгил дарыясынын агымында сүзүп бараткан макулук- тардын жаркылдаган сулуулугунун нурлары да бир Түбөлүктүү сулуулукту көргөзүп турат. Анын жышааны болуп саналышат.

Ааламдын жүрөгүндөгү чыныгы сүйүү бир Машук-у Лайезалини көрсөтүүдө. Ооба, бактын маңызында болбогон нерсе негиздүү бир көрү- нүштө мөмөсүндө да болбогон сыяктуу, Аалам дарагынын анык жемиши болгон адамзат түрүн- дөгү кудайга болгон чыныгы сүйүүсү да: бүткүл ааламда, бирок башка көрүнүштөрдө чыныгы сүйүү жана махабат бар экенин көргөзүүдө. Ошондой болсо, аалам жүрөгүндөгү ушул чыны- гы махабат жана сүйүү бир Махбуб-у Эзелийди көргөзөт.

Page 81: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 81

Ары ааламдын кучагында көптөгөн көрү- нүштө көрүнгөн тартылуулар, сүйкүмдүү болуу- лар, түбөлүктүү Тартылуу Акыйкатынын тарты- луусу аркылуу бар болгонун көрөгөч жүрөктөргө көрсөтүүдө.

Ары макулуктардын эң сезимталы жана нурдуу тайпасы болгон олуялардын биргелешип, руханий лаззат жана байкоолоруна таянып, бир Жемил-и Зулжелалдын (Улуулук Ээси болгон Сулуунун) сулуулугунун чагылуусуна татыктуу болуусу, Желил-и Зулжемалдын (Сулуулук Ээси болгон Улуунун) тааныттырып, сүйдүрүп жатка- нын руханий лаззат алуу аркылуу билүүсү тууралуу биргеликте кабар берүүсү, кайтадан бир Зат-ы Важибул Вүжуддун (Бар болуусу керек Аллахтын), бир Жемил-и Зулжелалдын бар экендигин, инсандарга өзүн тааныттырып жатка- нын бекем күбөлөндүрүүдө.

Ары ааламдын бетинде жана макулуктардын үстүндө жазып иштеген, кооздук жана көрк берүүчү калем, бул калем Ээсинин аттарынын кооздугун ачык көрсөтүп турат.

Page 82: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

82 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

Ошентип, ааламдын бетиндеги сулуулук, жүрөгүндөгү сүйүү, көөдөнүндөгү тартылуу, көздөрүндөгү ачылыштар жана байкоолор, фор- маларындагы кооздук жана жакшынакайлык бир жагымдуу, нурдуу терезени ачат. Аны менен бүткүл аттары кооз болгон бир Жемил-и Зулжелалды, Махбуб-у Лайезалды (Сүйүктүү Чексиз Аллахты) жана Мабуд-у Лемьезелди (Сыйынууга татыктуу Бүтпөс Аллахты) көрөгөч болгон акылдарга, жүрөктөргө көрсөтөт.

Ошентип, эй, материализмдин караңгылы- гында, коркунучтардын зулумдугунда жана муунтуучу шек-күмөндөрдүн ичинде жанталаш- кан наадан! Өзүңө кел! Инсанга татыктуу деңгээлге көтөрүл. Бул төрт көз караш аркылуу кара, бир кудайдын сулуулугун көр, ыйманга толугу менен ээ бол, чыныгы адам бол!..

Page 83: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 83

ЖЫЙЫРМА ЖЕТИНЧИ ТЕРЕЗЕ

Ааламда, «эсбаб жана мүсеббебат (себеп жана натыйжа)» болуп көрүнгөн нерселерге карап: эң чоң бир себептин эң жөнөкөй натый- жага күчү жетпей турганын көрүп турабыз. Демек, себеп болгону – бир парда. Натыйжа-ларды жараткан башка бирөөсү. Мисалы, сансыз чеберчиликтерден бир гана кымындай мисал катары, адамдын башында сары кычынын уругундай орунду ээлеген кувве-и хавызаны (эс тутум, сезим) карап көрөлү. Ал ушундай бир маңыздуу китеп же балким, китепкана сыяктуу болуп, адамдын жашоосундагы бардык окуялары адаштырылбастан жазылганын көрүп турабыз.

Таң калычтуу, ушул кудуреттүү мужизага кайсы себепти көрсөтө аласың? Мээнин быткыл- дарынбы? Жөнөкөй, акылсыз клетканын бөлүк- чөлөрүнбү? Кокустук шамалдарынбы? Ошол

Page 84: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

84 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН мужизалуу чеберчилик ушундай бир Жаратуу- чунун санаты болуп саналат: адамдын Хаширде жарыялана турган чоң амал дептери тууралуу сурак учурунда эстетип, жасаган ар бир кыймыл-аракетинин жазылганын билдирүү үчүн бир кымындай документке толтуруп, аны акылдын колдоруна тапшырган, бир Сани-и Хакимдин (Даанышман Жаратуучунун) санаты гана болуп саналат.

Ошентип, адамдын эс тутумуна мисал боло турган бардык жумурткаларды, уруктарды са- лыштыр, маңыздуу кичинекей кереметтерге башка натыйжаларды салыштыр. Анткени, кай- сы натыйжага жана жасалгаларга карасаң, анда таң калычтуу чеберчилик бар: бул чеберчи- ликтин жөнөкөй себеби мындай турсун, бүткүл себептер чогулса да, анын алдында алсыздыгын көрсөтүшөт. Мисалы, чоң себеп деп кабыл кылынган Күндү эрки бардай, акыл-эстүү деп эсептеп, ага: «Бир чымындын денесин жасай аласыңбы?» - деп айтылса, албетте, ал: «Жара- туучумдун белеги катары дүкөнүмдө жарык,

Page 85: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 85 түстөр, ысыктык көп. Бирок чымындын дене- синде көз, кулак, жашоо сыяктуу нерселер бар, булар менин дүкөнүмдө табылбайт, аларга менин күчүм да жетпейт» - деп жооп бермек.

Натыйжалардагы таң калычтуу санат менен кооздуктар себептерди четке кагып, Себептер- дин Себеби болгон Важибул Вүжудга (Бар болуусу керек болгон Аллахка) ишарат кылып,

мааниси боюнча, Ага өз иште- рин тапшырышат. Ушундай эле натыйжаларга тагылган жыйынтыктар, максаттар, пайдалар себеп пардасы аркасындагы бир Рабб-и Керим- дин (Берешен Кудайдын), бир Хаким-и Рахимдин (Ырайымдуу Даанышмандын) жасаган иштери болгонун ачык көргөзүүдө. Анткени акылсыз себеп, албетте, бир максатты ойлонуп аракеттен- бейт. Ошол эле мезгилде жашоого келген ар бир макулук, бир максат эмес, көп максаттарга, көп пайдаларга, көп акылмандуулуктарга ээ болуп келгенин көрүп турабыз. Демек, бир Рабб-и Хаким (Даанышман Жаратуучу) жана Керим

Page 86: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

86 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН (Берешен) ошол нерселерди даярдап жөнөтүүдө. Ушул пайдаларды алар үчүн жашоосунун мак- саты кылат. Мисалы, жамгыр жааса, жамгырды пайда кылган сырткы себеп айбандарды ойло- нуп, аларды аяп мээримдүүлүк кылуудан кан- чалык алыс турганы маалым. Демек, айбанатты жараткан, ырыскыларын камсыздаган бир Халык-ы Рахимдин (Ырайымдуу Жаратуучунун) акылмандуулугу менен бул жамгыр жардамга жөнөтүлүүдө. Атүгүл, жамгырга «мээримдүү- лүк» деп да атап коюлушу мына ушундан. Анткени ал мээримдүүлүктүн көп белгилерин жана пайдаларды камтыгандыктан, жамгырдын кейпин кийген мээримдүүлүк тамчыларга айла- нып, тамчы-тамчы болуп жаап жатат.

Ары бүткүл макулуктардын жүзүнө жылмай- ган бардык кооздолгон өсүмдүктөр, айбандар- дагы жасалгалар, кайып пардасынын аркасында бул кооз, жакшынакай чеберчиликтер аркылуу өзүн тааныттырууну, сүйдүрүүнү жана билди- рүүнү каалаган бир Зат-ы Зулжелалдын бар экендигинин керектигин, жалгыз бир экенин

Page 87: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 87 ачык далилдешет. Демек, нерселердин кооз абалдары, көрктүүлүгү, тааныттыруу жана сүй- дүрүү сыпаттарын ачык түрдө көргөзүүдө. Сүйдүрүү жана тааныттыруу сыпаттары болсо, Ведуд (Жакшы көрүлгөн), Маруф (Таанымал) болгон Сани-и Кадирдин (Кудуреттүү Жара- туучунун) бар болуусунун керектигин, жалгыз бир экендигин күбөлөндүрүшөт.

Корутунду: Себеп абдан жөнөкөй, алсыз болуп, аны менен байланышкан натыйжалар болсо, абдан чеберчиликтүү, баалуу болгондук- тан, себептин таасирин жокко чыгарат. Ары натыйжанын максаты, пайдасы, сабатсыз, жан- сыз болгон себептерди ортодон четтетип, бир Сани-и Хакимдин колуна тапшырат. Натый- жанын жүзүндөгү кооздуктар жана чеберчи- ликтер, өзүнүн кудуретин акылы барларга билдирүүнү, өзүн сүйдүрүүнү каалаган бир Сани-и Хакимге ишарат кылат.

Эй, себептерге таянган бечара! Бул үч маанилүү акыйкатты эмне менен түшүндүрүп бере аласың? Сен өзүңдү кантип ынандыра

Page 88: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

88 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН аласың? Акылың бар болсо, себеп пардасын

жыртып, деп айт, чексиз шек-күмөндөрдөн кутул.

ЖЫЙЫРМА СЕГИЗИНЧИ ТЕРЕЗЕ

Бул ааламды карасак, дененин клеткасынан баштап, бүткүл ааламга чейин баарын камтыган акылмандуулук менен ырааттуулук бар экенин көрүп жатабыз. Денедеги клетканы карасак, денелердеги аракеттерди көрүп, башкарган Бирөөнүн буйругу жана мыйзамы менен бул кымындай клеткаларда маанилүү аракеттер бар болгонун көрүп турабыз. Ашказанга барган азыктын бир бөлүгү ички май түрүндө жый- налып, керек болуп калган учурда сарпталып турат. Дал ошондой эле, ошол кымындай клет- каларда да, ошол эле чогултуу жана сарптоо бар.

Page 89: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 89 Өсүмдүктөрдү карасак, абдан акылмандуу бир тарбия, камкордук көрүнүүдө. Айбанттарга ка- рап көрсөк, чексиз даражада бир берешен кам көрүү бар. Ааламдын улуу негиздерин карасак, маанилүү максаттар үчүн улуу айланууларды жана нурданууларды көрөбүз. Бүткүл ааламды карап көрсөк, бир тартиптүү мамлекет, бир шаар, бир хан сарай өңүтүндөгү улуу акылмандуу- луктар, баалуу максаттар үчүн кызмат кылган кемчиликсиз тартиптүүлүктү көрөбүз. “Отуз экинчи Сөздүн биринчи бөлүгүндө” ачыкталып далилденгендей эле, бир бөлүкчөдөн баштап жылдыздарга чейин атомчолук жерге да ширкке орун калтырбай жатат. Бардыгы бири-бири менен ушунчалык байланышкандыктан, ким бүткүл жылдыздарды башкара албай, колунда кармай албаса, ал бир атомго да башкаруусун таңуулай албайт. Бир атомго чыныгы кожоюн болуш үчүн бүткүл жылдыздарга ээлик кылуу зарыл.

“Отуз экинчи Сөздүн экинчи бөлүгүндө” ачыкталып далилденгендей эле, кимдин асманды

Page 90: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

90 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН жаратууга жана тартипке келтирүүгө күчү жетпесе, адамдын бетиндеги айырмалануучу белгилерин жасай албайт. Демек, бүткүл асмандын кожоюну боло албаган, бир адамдын бетиндеги башкалардан өзгөчөлөнткөн белгиси болгон оймону жасай албайт. Ошентип, бул ааламдай болгон чоң терезе. Аны менен карасак,

аяттары чоң тамгалар менен ааламдын барак- тарынын беттерине жазылганы акылдын көздөрү менен көрүнүп турат. Ошондой болсо, муну көрбөгөндөрдүн же акылы жок, же жүрөгү да жок. Же болбосо адам кейпиндеги айбан!

ЖЫЙЫРМА ТОГУЗУНЧУ ТЕРЕЗЕ

Бир жолу жаз мезгилин- де терең ойго батып жалгыз саякатка чыктым. Бир дөбөнүн жанынан өтүп баратканымда жакшынакай бир сары гүл назарыма илешти. Мурдатан бери мекенимде жана башка аймак-

Page 91: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 91 тарда көрүп жүргөн ушул сыяктуу гүлдөрдү эстетти. Ошондо жүрөгүмө мындай ой келди: Бул гүл кимдин мөөрү, кимдин колу, кимдин изи жана оймосу болсо, албетте, бүткүл жер бетиндеги түркүн гүлдөр да анын мөөрлөрү, ай тамгалары болушат.

Бул мөөр жөнүндө ойлонгондон кийин, ушундай бир ой келди: бир катта коюлган мөөр, ошол каттын ээсин көрсөтүп турат. Ушул сыяктуу эле, бул гүл да, Мээримдүү Заттын мөөрү. Ушул түрдүү оймолор жана өсүмдүктөр- дүн маңыздуу саптары менен жазылган бул дөбө да гүлдөрдүн Жаратуучусунун каты болуп саналат.

Анан да бул дөбө өзү да – бир мөөр. Бул талаа жана түздүк да Мээримдүү Заттын жазган катынын кейпин алды. Ушул элестетүүдөн ушундай акыйкат пайда болду: ар бир нерсе Аллахтын мөөрү сыяктуу бардык нерсени Жаратуучуга тиешелүү кылат. Алар Каттын ээсинин каты экенин далилдейт.

Page 92: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

92 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

Ошентип, ар бир нерсе бир Кудайды тастык- таган терезе болуп: бардык нерсени Вахид-и Ахаддын (Бир гана Аллахтын) мүлкү экенин көрсөтөт. Демек, ар нерседе, айрыкча, жандуу макулуктарда ушундай таң калычтуу бир оймо, ушундай кереметтүү чеберчилик бар: аны ушин- тип жасаган, ушинтип маңыздуу кылып кооздогон бүткүл нерсени жасай алат, бүткүл нерсени жасаган, албетте, ал – Аллах. Демек, баарын жарата албаган бирөөнү да жарата албайт.

Ошентип, эй, кайдыгер! Бул ааламдын жүзүнө кара: бардык макулуктардын барактары бири биринин ичине кирген кудайдын жазган сансыз каттары сыяктуу, ар бир каттын үстүндө бир кудайга ишенүүнүн сансыз мөөрлөрү коюлган. Бул мөөрлөрдүн тастыктоолорун ким жалганга чыгара алат? Кайсы күч аларды сүйлөттүрбөй коё алат? Жүрөгүңдүн кулагы

менен кайсынысын тыңшасаң, деп айтканын угасың.

Page 93: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 93

ОТУЗУНЧУ ТЕРЕЗЕ

Бул терезе – ыктымалдуулук жана пайда

болуу маселеси менен байланышкан бардык даанышмандардын терезеси жана Аллахтын бар болуусунун керектигин далилдеген улуу жолу. Мунун түшүндүрмөсүн «Шерхул Мевакыф» жана «Шерхуль Макасыд» сыяктуу аалымдар- дын чоң китептерине тапшырып, жалгыз Куран- дын нурунан жана бул терезеден келген бир-эки шооланы көргөзөбүз. Мына ошентип:

Акимчиликтин жана башкаруучулуктун та- лабы – атаандашты кабыл кылбоо, шерикти четке кагуу, башкалардын кийлигишүүсүнө жол бербөө. Ошондуктан бир кичинекей айылда эки жетекчинин бар болуусу айылдагы тынчтыкты жана тартипти бузат. Бир райондо эки аким, бир облуста эки губернатор болсо, баш аламандыкка

Page 94: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

94 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН алып келет. Бир мамлекетте эки падыша бар болсо, ызы-чуулуу тополоңго себепчи болушат.

Акимчиликтин жана башкаруучулуктун ал- сыз көлөкөсү, кымындай үлгүсү, жардамга муктаж жана алсыз болгон адамдарда атаандаш- тык, каршылаштык жана окшоштук кабыл кы- лынбаса; анда кызык, чексиз кудуреттүүлүк өңүтүндөгү бийликке, падышалык деңгээлин- деги башкарууга ээ болгон Кадыр-и Мутлакта (Чексиз Кудуреттүүдө) кийлигишүүнү кабыл кылбоо мыйзамы канчалык даражада жана канчалык негиздүү иштеп жатканын салыштыр. Демек, улухиет (кудайлуулук) менен падыша- чылыктын эң катуу жана туруктуу талабы – жалгыз бир болуу жана окшошпостук. Мунун айкын далили жана күбөсү – ааламдагы кем- чиликсиз тартиптүүлүк жана сонун ырааттуулук. Чымындын канатынан баштап, ааламдын жарык берүүчүлөрүнө чейин ушундай бир тартип бар: акыл анын алдында таң калганынан: «Субхан- аллах, Машааллах, Баракаллах», - деп сажда

Page 95: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 95 кылат. Эгерде шерикке атомчолук жер табылып, кийлигишүүгө орун бар болсо,

улуу аятынын далили боюнча, тартип бузулмак, көрүнүштөр өзгөрмөк, кыйроонун белгилери көрүнмөк. Бирок:

аятынын далили боюнча, адамдын назары кемчи- лик табам деп канчалык аракет кылса да, бир дагы жерде кынтык таппайт, чарчаган бойдон көздөрүнө кайра кайтып, аны жиберген сынчы акыл-эске мындай дейт: «Курулай эле чарчадым, кемчилик жок». Тартип менен ырааттуулук абдан кемчиликсиз. Демек, ааламдын тартиби – бир Кудайдын бар экенине күбө.

Эми «пайда болуу» суроосуна кайрылалы. Уламалар «аалам өзгөрүп турат, бардык өзгөргөн нерсе бир нерседен пайда болот. Ар бир пайда болгон нерсенин келип чыгуусуна бирөө түрткү болот, б.а. жаратуучусу бар. Андай болсо, бул

Page 96: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

96 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН ааламдын түбөлүктүү Жаратуучусу бар», - деп айтышат.

Биз да мындай деп айтабыз: Ооба, аалам пайда болгон. Себеби ар бир кылымда, ар бир жылда, ар бир мезгилде бир аалам кетип, башкасы келгенин көрүп жатабыз. Демек, бир Кадыр-и Зулжелал (Улуу Кудуреттүү) бар. Бул ааламды жоктон жаратып, ар бир жылда, ар бир мезгилде, ар бир күндө алардын бир түрүн жаратып, аң-сезимдүү макулуктарга көрсөтөт. Андан соң, аны алып, ордуна башкасын алып келет. Биринин артынан бирин коюп, чынжыр сыяктуу кылып, убакыттын чынжырына илип коёт. Албетте, бул жаңыланган аалам сыңары ар бир жазда көз алдыбызда жоктон пайда болуп, кайра кеткен дүйнөлөр, ушул аалам сыяктуу эле, аларды жараткан бир Зат-ы Кадырдын (Кудурет- түү Аллахтын) кудуретинин керемети болуп саналышат. Албетте, аалам ичинде ар убакыт дүйнөлөрдү жаратып, өзгөртүп турган Зат, бүткүл бул ааламды да Ал жаратты. Ушул

Page 97: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 97 ааламды, жердин бетин урматтуу конокторуна мейманкана кылып берген.

Эми «ыктымалдуулук» маселесине кири- шели. Аалымдар «ыктымалдуулук – бул эки жактын теңдиги деп айтышкан. Б.а. бар болуу менен жок болуу тең болсо, анда тандап алган, бир нерсени жогору баалаган, жараткан бирөө керек. Анткени, ыктымалдуу нерселер бири бирин жаратып, үзгүлтүксүз чынжыр жасай албайт. Биринчи нерсе экинчисин, экинчиси биринчисин жаратып, цикл түрүндө да боло албайт. Андай болсо, бир Важибул Вүжуд (Бар болуусу керек болгон Аллах) бар, буларды жаратууда. Цикл менен чынжырга кайрылсак, «Арш-и ве Сулемми» деп аталган он эки далил- дер, б.а. белгилүү он эки так далилдер, «циклди» жокко чыгарып, «чынжырдын» мүмкүн эмес экенин көрсөтүшкөн. Себептер чынжырын үзүп, Важибул Вүжуддун бар экендигин далилдешти.

Биз да мындай деп айтабыз: себептердин чынжырын аалам алкагында далилдер менен үзүүгө караганда, бардык нерседе Халык-ы

Page 98: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

98 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН Күлли Шейге (Бардык нерсени Жаратуучу Аллахка) тиешелүү мөөрдү көрсөтүү дагы ишенээрлик жана оңой. Курандын нуру менен бардык «Терезелер» жана «Сөздөр» ушул усулга негизделген. Ушуну менен бирге ыктымалдуу- лук маселесинде чексиз кеңдик бар. Сансыз жагдайлардан Важибул Вүжуддун бар экендигин көрсөтүүдө. Ыктымалдуулук суроосу аалымдар- дын себептер чынжырынын үзүлүүсү жолу (чындыгында кең жана чоң болгон жол) менен гана чектелбейт. Эсепсиз көп жол менен Важи- бул Вүжудду тааныганга жол ачат.

Ар бир нерсе өзүнүн бар болуусу, сапаттары, жашоо мезгили боюнча чексиз ыктымалдуулук- тун, б.а. абдан көп жолдордун жана багыттардын арасында калкып жүрөт. Ошол чексиз багыт- тардын арасында нерсе бир тартиптүү жолду ээрчүүдө. Ар бир сыпат да ага таандык көрү- нүштө берилет. Жашоо убактысында өзгөрүлгөн сыпаттар жана абалдар да бир максат менен берилүүдө. Демек, бир Мухасистин (Өзгөчөлүк бергендин) каалоосу, бир Мүрежжехтин (Артык

Page 99: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 99 көргөндүн) тандоосу жана бир Мужид-и Хаким- дин (Даанышман, Жоктон бар кылуучу Аллах- тын) жаратуусу аркылуу сансыз жолдордун арасында ал акылмандуу жол менен багыт алып, ирээттелген сыпаттар жана абалдар ага кийгизилет.

Андан соң, нерсени обочолонуудан чыгарып, аны курамы татаал дененин бөлүкчөсү кылып, ошону менен ыктымалдуулук көбөйөт. Анткени, ошол денеде нерсе миңдеген көрүнүштө боло алат. Бирок, сансыз абалдардын арасында ага натыйжалуу, өзгөчө абал берилип: маанилүү натыйжаларды, пайдаларды алып келип, ушул денеде милдеттерди аткарат. Андан кийин бул дене да башка бир дененин бөлүгү болот. Ыктымалдуулук дагы көбөйөт. Анткени ал миңдеген көрүнүштөрдө боло алат. Ошентип ошол миңдеген көрүнүштөрдүн ичинде ага тек гана бир абал берилет. Ушул абалда маанилүү милдеттерди аткарат жана ушул сыяктуу... барып, барып бул нерсе Хаким-и Мүдеббирдин (Алдын ала кам көргөн Даанышмандын) бар

Page 100: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

100 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН болуусунун өтө керектигин көрсөтөт. Бир Амир-и Алимдин (Билүүчү, Буйрук берүүчүнүн) буйругу менен багытталганын билдирет. Бир дене башка дененин ичинде орун алып, анын бөлүкчөсү болот. Мындай бүткүл курамаларда, бир жоокер өзүнүн аскердик бөлүгүндө, ордосунда милдеттерге ээ болгон сыяктуу эле бири-биринин ичине кирген бул аскердик бөлүктөрдүн ар биринде да акылмандуу алакасы жана тартиптүү кызматы бар. Ары сенин каре- гиңдеги бир клетканын көздүн ичинде алакасы жана милдети бар. Ошондой эле сенин башыңда да бүткүл акыбалыңа тиешелүү болгон акыл- мандуу милдети жана кызматы бар. Эгерде ал атомчолук ката кетирсе, ден соолукту жана дененин башкаруусун бузат. Кан тамырларына, сезимдерге, кыймыл-аракет нервдерине, атүгүл, дененин жалпы абалына тиешелүү вазыйпасы, акылмандуу абалы бар. Сани-и Хакимдин акыл- мандуулугу аркылуу миңдеген мүмкүнчүлүктүн ичинен ага так ушул абал берилген.

Page 101: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 101

Ушундай эле түрдө, бул ааламдын макулук- тарынын ар бири өзүнүн заты, сыпаты, көптөгөн ыктымалдуулук жолдорунун ичиндеги денеси, акылмандуу көрүнүшү жана пайдалуу сапаттары менен Важибул Вүжудду күбөлөндүрүшөт. Ушул эле сыяктуу курамы татаал макулуктарга кирип, алар ар бир татаал курамдуу жара- тылгандардын ичинде башка тил менен кайрадан Жаратуучусу жөнүндө жарыялайт. Ушинтип отуруп, эң чоң курамдуу нерселерге чейин өзүнүн алакасы, милдети жана кызматы аркылуу Сани-и Хакимдин бар болуусунун керектиги, каалоосу жана эрки тууралуу күбөлөндүрөт. Анткени, бир нерсени татаал курамдуу нерсенин ичинде, акылмандуу байланыштарды сактоо менен жайгаштырган бүткүл курамдуу нер- селердин Жаратуучусу боло алат. Демек, бир гана нерсе миңдеген тилдер менен Ага күбөлүк берүү жөндөмүндө. Ошентип, ааламдагы маку- луктардын саны менен чектелбестен, макулук- тардын бардык сыпаттарынын, курамдагы эле- менттеринин, бардык ыктымалдуулуктардын

Page 102: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

102 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН санына жараша Важибул Вүжуддун бар болуу- сун тастыктаган күбөлөр бар.

Ошентип эй, кайдыгер! Ааламды толтурган бул күбөлөрдү, ушул үндөрдү укпай коюу үчүн канчалык даражада дүлөй жана акылсыз болуш керек? Кана эмесе сен эми бир сөз сүйлөп көрчү!

ОТУЗ БИРИНЧИ ТЕРЕЗЕ

Бул терезе, инсан терезеси адамдын напси-

сине тиешелүү. Напсиге тиешелүү жаатында бул терезенин ачыктоосун, акыйкатты тапкан миңде- ген олуялардын ачыктама китептерине тапшы- рып, жалгыз Куран илиминен алынган бир нече негиздерге ишарат кылабыз.

Тактап айтканда, “Он биринчи Сөздө” баяндалгандай, “адам ушундай бир маңыздуу аалам: Аллах инсандын напсиси аркылуу ага

Page 103: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 103 бардык ысымдарын ыйгарды”. Ачыктоону башка Сөздөргө тапшырып, жалгыз “Үч пунктка” токтолобуз:

Биринчи пункт: Инсан үч жагдайдан Аллахтын Ысымдарына бир күзгү боло алат.

Биринчи жагдай: Түнкү караңгылык нурду кандай көрсөткөн болсо, инсан да алсыздыгы жана күчсүздүгү, кедейлиги жана муктаждыгы, кемчилиги менен бир Кадыр-и Зулжелалдын (Улуу Кудуреттүүнүн) кудуретин, кубатын, байлыгын, мээримдүүлүгүн билдирет ж.б.. Ошентип, Аллахтын көптөгөн сыпаттарын бул өңүттө чагылдырып бере алат. Чексиз алсызды- гында жана чексиз күчсүздүгүндө, чексиз душмандарга каршы жөлөк издөөдө виждан ар дайым Важибул Вүжудга (Бар болуусу керек болгон Аллахка) кайрылат. Ары чексиз кедей- лигинде, чексиз муктаждыктарын орундатууда, чексиз максаттардын алдында жардам издөөгө мажбур болгондуктан, виждан дайыма Ганий-и Рахимге (Ырайымдуу байлык Ээсине) таянат, алакан жайып жалбарат. Демек, ар бир

Page 104: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

104 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН вижданда бир нерседен жөлөк издөө жана жардам суроо жагдайында эки кичинекей терезе Кадыр-и Рахимдин (Ырайымдуу Кудуреттүү- нүн) мээримдүүлүк даргөйүнө ачылат, ар убакыт алар аркылуу карай алат.

Чагылуунун экинчи жагдайы: Инсанга берилген илим, кудурет, көрүү, угуу, ээлик кылуу, башкаруу сыяктуу сапаттар менен аалам- дын Башкаруучусунун илимин, кудуретин, көрүп жана угуп туруусун, башкаруучу бийлигин ча- гылдырып турат. Аларды түшүнөт, билдирет. Мисалы: “Мен бул үйдү куруп, анын кантип курулуп жатканын билип, көрүп, анын ээси жана кожоюну болуп турганым сыяктуу эле, бул чоң аалам имаратынын да бир устасы бар. Ошол уста аны билип, көрүп, жасап, башкарып турат” ж.б.

Чагылуунун үчүнчү жагдайы: Инсан өзүндө түшүрүлгөн оймолор аркылуу Аллахтын ысымдарын чагылдырат. “Отуз экинчи Сөздүн Үчүнчү пунктунун” башталышында кыскача ачыкталган инсандын жалпы маңызында оймо- лору ачык көрүнгөн жетимиштен ашык Аллах-

Page 105: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 105 тын ысымдары бар. Мисалы: адамдын жаралуу- сунда Сани (Чебер), Халык (Жаратуучу) ысым- дарын, сонун кебете-кейип түзүлүшүндө Рахман (Мээримдүү) жана Рахим (Ырайымдуу) ысым- дарын, мыкты камкордукта Керим (Берешен), Латиф (Назик) ысымдарын ж.б... Бүткүл мүчө- лөрү, куралдары, жасалгалары, аспаптары, сезимдери, руханияты аркылуу ар түрдүү ысым- дардын ар кыл оймолорун көргөзүп турат. Демек, кандайча Аллахтын ысымдарында Ысмы-Азам бар болгон болсо, дал ошондой эле ошол ысымдардын оймо-чиймелеринде Накш-ы Азам бар ал да инсан.

Эй, өзүн инсанмын деп билген инсан! Өзүңдү тааны! Болбосо, айбан жана жансыз инсан болуп калышың мүмкүн!

Экинчи пункт: Аллахтын бир экенинин маанилүү сырына ишарат кылат. Тактап айт- канда, кандайча инсандын руху бардык денесине байланышы бар болгондой эле, бүткүл орган- дары менен мүчөлөрүн бири бирине жардам кылдыртат. Башкача айтканда, Аллахтын каалоо-

Page 106: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

106 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН сунун чагылуусу болгон эвамир-и теквиние (жаратылыштагы мыйзамдар) жана ошол мый- замдардан сырткы дене кийгизилген мыйзам буйругу, латифе-и раббание болгон - рух, аларды башкарууда, руханий үндөрүн сезүүдө, муктаж- дыктарын орундатууда алар бири бирине тос- коолдук кылбайт, рухту чаташууга батырбайт.

Рух үчүн жакындык, алыстык деген нерселер – бардыгы бирдей болуп, бири бирине жолтоо болушпайт. Эгерде кааласа, башкаларын бирөө- сүнүн жардамына жөнөтө алат. Эгерде кааласа, дененин майда бөлүкчөлөрү аркылуу да билип, сезип, башкара алат. Атүгүл, көп нурдуулукка ээ болгон болсо, ар бир бөлүкчөсү менен көрүп уга алат.

Ошентип, Аллахтын буйругу- нун мыйзамы болгон рух кичине аалам болгон адамдын денесинде, мүчөлөрүндө бул абалды көрсөтүп турат. Албетте, чоң аалам болгон дүйнө да, ошол Зат-ы Важибул Вүжуддун бүт бардыгын камтыган буйругуна, чексиз куду-

Page 107: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 107 ретине чексиз амалдар, чексиз үндөр, чексиз дубалар, чексиз иштер бир дагы жагдайдан оордук кылбас. Бири бирине тоскоол болбойт. Халик-и Зулжелалды (Улуу Жаратуучуну) алаксытпайт, адаштырбайт; Ал бүт бардыгын бир убакытта көрөт, бардык үндөрдү угат. Ал үчүн жакындык менен алыстыктын айырмасы жок. Кааласа, бүт бардыгын бирөөгө жардам берүүгө жөнөтөт. Бүткүл нерсе аркылуу барды- гын көрө алат, үндөрүн угат. Бардык нерсе аркылуу бүткүл нерсени билет ж.б.

Үчүнчү пункт: Жашоонун маанилүү маңы- зы жана орчундуу бир вазыйпасы бар. Бирок анын кенен баяндамасы Жашоо терезесинде жана “Жыйырманчы Каттын Сегизинчи Сөзүн- дө” бар болгондуктан, бул маселенин ачыктоо- сун аларга тапшырып, жалгыз муну гана эскер- тебиз:

Жашоодо сезимдер өңүтүндө аралашып кө- рүнгөн оймолор Аллахтын көптөгөн ысымдарын, жасаган иштерин көрсөтүп турат. Абдан жарык бир түрдө Хай-и Каюмдун (Түбөлүктүү Тирүү-

Page 108: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

108 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН нүн) жасаган иштерин чагылдырышат. Аллахты тааныбагандар, Аны толугу менен тастыктай электер үчүн, убактысы келбегендигине байла- ныштуу, бул сырдын ачыктоосунун каалгасын жаба турабыз.

ОТУЗ ЭКИНЧИ ТЕРЕЗЕ

Бул терезе – Пайгамбарлык асманынын күнү,

деги күндөрдүн күнү болгон Азирети Мухаммад Алейхиссалату вассаламга тиешелүү терезе.

Бул өтө жарык, улуу жана абдан нурдуу терезе “Отуз биринчи Сөз” болгон Мираж Риса- лесинде, “Он тогузунчу Сөз” болгон Нубуввети Ахмедия (Алехиссалату Вассалам) Рисалесинде жана он тогуз ишараты бар “Он тогузунчу Катта” нурдуу бир түрдө ачык-айкын далилден-

Page 109: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 109 гендиктен, бул эки Сөздү, Катты жана бул Каттын “Он тогузунчу Ишаратын” эске алып, сөздү аларга берип, муну гана айтабыз:

Бир кудайга ишенүүнүн далили болгон Мухаммад Пайгамбар (Алейхиссалату Вассалам) элчилик жана олуялык канаттары менен б.а., өзүнөн мурунку бардык пайгамбарлардын күч- түү кабарларын, андан кийинки бүткүл олуялар- дын жана асфиялардын бардык далилдүү кабар- ларын бириктирген күч менен, бүткүл өмүрүндө бүтүндөй кудурети менен Аллахтын бир экенин көрсөтүп жарыялайт. Ислам ааламы сыяктуу кенен, жарык, нурдуу бир терезени Аллахты таануу үчүн ачкан. Имам Газали, Имам Раббани, Мухйиддин-и Араби, Абдулькадр Гейлани сыяк- туу миллиондогон чыныгы асфиялар, сыддыктар ошол терезе аркылуу карашып, башкаларга да көргөзүшүүдө.

Кызык, ушундай бир терезени жаба турган бир көшөгө барбы? Аны айыптап, бул терезе аркылуу карабагандын акылы барбы? Өзүң жооп бер!

Page 110: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

110 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН

ОТУЗ ҮЧҮНЧҮ ТЕРЕЗЕ

Жогоруда өткөн бардык терезелер Куран

деңизинен айрым бир тамчылар болгонун түшүн, андан соң Куранда канчалык мүрөк суусу сыяктуу бир кудайга ишенүүнүн нуру бар экенин салыштырсаң болот. Бирок, ошол бардык терезе- лердин булагы жана негизи болгон Куранга өтө кыска жана жөнөкөй бир өңүттө карап көрсө да, Куран – абдан жарык, бардыгын камтыган нур- дуу терезе. Ошол терезе канчалык ачык-айкын, жарык жана нурдуу экенин “Жыйырма бешинчи Сөз” болгон Куран кереметтерине жана “Он тогузунчу Каттын Он сегизинчи Ишаратына” тапшырабыз. Куранды бизге жиберген Зат-ы

Page 111: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ 111 Зулжелалдын (Улуу Аллахтын) мээримине жал- барып, мындай деп айтабыз:

ЭСКЕРТҮҮ

Бул отуз үч терезеден турган «Отуз үчүнчү Кат» ыйманы жок болгонду, иншаллах, ыйманга келтирет. Ыйманы алсыздын ыйманын күчтөн- дүрөт. Ыйманы күчтүү, бирок ээрчиме болгондун ыйманын тахкики (түшүнүү менен кабыл кылган) ыйман кылат. Ыйманы тахкики болгондун ыйманын кеңейтет. Ыйманы кененге чыныгы өнүгүүнүн жөлөгү, негизи болгон Аллахты таануудагы өнүгүүнү берет, дагы нурдуу, жарык көрүнүштөрдү ачат.

Ошондуктан «Бир терезе мага жетиштүү» деп айта албайсың. Анткени, сенин акылың ка- нааттанып, өз үлүшүн алса, жүрөгүң да өз үлүшүн алууну каалайт. Рухуң да үлүшүн каалайт. Анын үстүнө кыялың да ошол нурдан үлүшүн алууну

Page 112: УДК 29 ОТУЗ ҮЧ ТЕРЕЗЕ OTUZ ÜÇ PENCERE · Саид Нурсинин «Рисале- и Нур» китептери «Ахли суннөт валь жамаат»

112 РИСАЛЕ-И НУР ЖЫЙНАГЫНАН каалайт. Ошондуктан ар бир терезенин өзгөчө пайдалары бар.

Мираж Рисалесинде негизги маектешүүчү – ыймандуу адам, ал эми динсиз адам экинчи дара- жада угуучу катары болду. Бул рисаледе болсо, маектешүүчү адам – динсиз адам, ыймандуу адам болсо, угуучу катары. Муну түшүнүп эске алып кароо керек.

Бирок, тилекке каршы, бир олуттуу себепке байланыштуу, бул кат абдан тез жазылгандыктан, анын үстүнө биринчи жазылган түрдө кал- гандыктан, албетте, ушул жерде мага тиешелүү болгон чаташуулар жана кемичиликтер болот. Туугандарымдан кечиримдүүлүк назары менен карап, колдорунан келсе, оңдоп коюуларын, кечи- рүү менен мага дуба кылууларын суранып кетем.