60

УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

  • Upload
    others

  • View
    10

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен
Page 2: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

УДК 336 ББК 65.9(2) 261.3 В 58

ИДЕЯ, ТҮЗҮҮ ЖАНА ЖАЛПЫ РЕДАКЦИЯ: Н. Н. Добрецова, КФБ пресс-клубунун коомдук президенти; Л. Я. Ли, КФБ пресс-клубунун туруктуу кеңешчиси, экономикалык баяндамачы; Л. В. Павлович,

Кыргызпатенттин маалымат кызматынын жетекчиси.ДОЛБООРДУН МЕНЕДЖЕРИ: А. Толубаев, КФБ пресс-клубунун директору;

Н. Джаманкулова, КФБ пресс-клубунун долбоорлор боюнча менеджери.МАКЕТТИН ДИЗАЙНЫ: А. Ж. Абдраимов

В 58 Сандар бийлиги же сандар бийлик тууралуу. Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? Массалык маалымат каражаттары үчүн бюджет тууралуу маалыматнаама (экономикалык журналистика түрмөгү) / Ред. Н. Н. Добрецова. – Б.: 2011. – 60 бет.

ISBN 978-9967-26-225-6Бюджет тууралуу маалыматнаама журналисттерге бюджеттин бардык түрүнө карата негизги

түшүнүктөрдүн жана учурдагы кырдаалдын жөнөкөй сүрөттөмөсүн берет. Маалыматнаама мисалдар, макала даярдоодо схемалар, маек үчүн суроолордон турган практикум менен толукталган. Мындан сырткары маалыматнамага бюджеттик жана экономикалык терминдердин, түшүнүктөрдүн чечмелемеси (глоссарий) кирди. Глоссарий өлкөнүн массалык маалымат каражаттарында чагылдырылган бюджетке байланыштуу актуалдуу маселелерди жана кыргызстандык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен журналист-тер үчүн даярдалды. Бюджет тууралуу маалыматнама Н. Добрецованын жана 2009-жылы негизделген КФБ пресс-клубунун “Экономикалык журналистика” автордук түрмөгү алдында чыкты жана редакторлор-го, журналисттерге, журналистика факультетинин студенттерине арналат; “Кыргызстан-Сорос” фонду-сунун бюджет айкындыгы жана отчеттуулугу программасы колдоого алган долбоордун алкагында даяр-далды.

Бардык укуктар корголгон. Бул топтомдогу материалдарды толугу менен же кайсы бир бөлүгүн кол-донууда сөзсүз шилтеме жасалышы керек. Материалды колдонуу факты тууралуу [email protected], [email protected] электрондук дареги аркылуу авторго маалымат берүүңүздү өтүнөбүз.

В 0605010204-11 УДК 336 ББК 65.9(2) 261.3

ISBN 978-9967-26-225-6 © ПК КФБ, 2011 © Добрецова Н. Н., 2011

МазмунуСандар бийлиги же сандар бийлик тууралуу 3

Надежда Добрецова, Лариса Ли

Бюджет тууралуу эмне билиш керек? 51. Бюджет деген эмне? 52. Бюджет тууралуу качан жазса болот? 7 3. Кыргызстанда бюджеттин кандай түрлөрү бар жана алар качан колдонулат? 84. Республикалык бюджет 9

Республикалык бюджеттин кирешеси 9 Республикалык бюджеттин чыгашасы. 11 Административдик жана функционалдык классификациялар 12 Чыгашалардын экономикалык классификациясы 12

5. Бюджеттин дефицити жана профицити 13 6. Жергиликтүү бюджет 14

Шаарлардын, айылдардын жана элет калаанын жергиликтүү бюджеттеринин кирешеси 15 Жергиликтүү бюджеттин чыгашасы 19

7. Консолидацияланган бюджет 23 8. Өнүгүү бюджети 239. Мамлекеттик карыз 24

ММКнын бюджет практикуму: мисалдар, темалар, суроолор 25Экономикалык жана бюджеттик терминдердин жана түшүнүктөрдүн чечмелемеси 31

Page 3: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

3

Сандар бийлиги же сандар бийлик тууралуу

Адатта Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынын редакцияларында бюджетке байланыштуу маселелерди темалардын социалдык жыйнагына, жада калса парламенттик журналистикага киргизишет. Бирок бюджет, өзгөчө мамлекеттик бюджет, бул албетте биринчи кезекте экономика. Бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу чөйрө, калктын кирешесине жана ички суроо-талабына байланыштуу маселелер республикалык болобу, же жергиликтүү болобу, айтор бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы менен тыгыз бай-ланышта. Бюджет бардыгына тиешелүү:

• мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, • дарыгерлерге жана бейтаптарга, • ата-энеге жана мектеп окуучуларына,• жоокерлерге жана абакта отургандарга, • пенсионерлерге жана ишкерлерге, • мугалимдерге жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына, • инвесторлорго жана банк кызматкерлерине,• жумушсуздарга жана соода менен алектенгендерге,• айтор БАРДЫГЫНА.Маселе тиги же бул колдонуучуга бюджет тууралуу кандай маалымат керек болгонунда

турат. Себеби бюджет – чоң жана татаал документ, аны окуу жана талдоо үчүн жөндөмдүүлүк талап кылынат. Көпчүлүк журналисттер мындай жөндөмгө ээ эмес. Ушундан улам журна-листтердин бюджет тууралуу кеңири түшүнүккө ээ болбогонунан колдонуп, айрым атка-минерлер өздөрүнө гана ыңгайлуу болгон маалыматты берип, өлкөнүн турмушун жаран-дардын кызыкчылыгы үчүн эмес, өз ыңгайына жараша пландап келет.

Өнүккөн өлкөлөрдө экономикалык темаларга макала жазган журналисттердин көпчүлүгү бюджеттик сандардын деңизинде адашып кетпестен, өз окурмандарына керектүү болгон маалыматтарды “сузуп” алат. Мисалы, алар жоокерге, же балдар үйүнүн тарбиялануучу-суна канча каражат бөлүнгөнүн, “коммуналдык чарба” деген бөлүмдүн канча бөлүгү ша-ардын борбордук көчөлөрүн каржылоого, ал эми канчасы бак-дарактарды суугаруу кете-рин, мында суугатчы үчүн маяна каралып, каралбаганын ажырата алышат. Чындыгында бюджетти түшүнсө болот, бул үчүн тажырыйба керек.

Бюджет тууралуу макалада сандардын орду жана мааниси өтө чоң. Адегенде сандар супсак маалымат катары көрүнүшү ыктымал. Бирок терең карай келгенде, аларды окуп, талдай билгенди өздөштүргөндө бул сандар ар түрдүү: кубануу, ишенбөөчүлүк, кайгы же тынчсыздануу өңдүү эмоцияларды жаратышы мүмкүн.

Мисалы, өлкө бюджетинин дефицити беш жыл мурда, өткөн жылы жана бүгүн кандай? Эки-үч жыл мурда бул көрсөткүч төрт пайыздан ашчу эмес. Жыл башында 5,5 пайыздын тегерегинде эле, ал эми апрель окуяларынан кийин 10 пайыздан ашты.

Азыркы турмуштан дагы бир мисал: апрель окуяларында курман болгондордун жакын-дары 1 миллион сом өлчөмүндө акчалай жардам алды. Ал эми июнда Ош жана Жалал-Абаддагы коогалаңда набыт болгондордун жакындары 50 миң сомдон алды. Болгондо да бул акча бардыгынын эле колуна тийген жок.

Сандар ар кандай болот – жөнөкөй жана татаал, болгону алар менен иштей билиш керек. Силер колдонгон алгачкы материалдарда, айталы статистикалык маалыматтарда, компаниянын баяндамаларында сандар өтө көп болушу мүмкүн. Мындан улам автордо “кайсынысын алсам?” деген суроо жаралат. Биз өз ишибизде көпчүлүк учурда дал ушул сандарга байланыштуу каталарды кетиребиз. Мисалы сандар көп болуп, текстти окуган-дар үчүн эч кандай маалымат бербей калат.

Кеңеш: сандар канчалык аз болсо, ошончолук жакшы. Андыктан негизги, өзөктүү сан-дарды гана тандап алып, аларды колдоно билүү зарыл.

Бюджеттик аналитика тууралуу жазуу үчүн эки негизги мыйзамды үйрөнүп алыш керек. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге байланыштуу “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” мыйзам бар. Мындан сырткары жергиликтүү бюджетке байланыштуу

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 4: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама4

өзүнчө мыйзам бар. Бул – “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык-экономикалык негиздери тууралуу” мыйзам. Мына ушул эки мыйзамдын негизинде Кыргызстандын бар-дык бюджет системасы куралган. Ушул мыйзамдар менен бюджет аналитикасын жазаар-дын алдында таанышып чыгыш керек. Бул 2007-жылдан бери Кыргыз Республикасында иш жүзүндө колдонулуп келаткан жаңы бюджеттик системанын шартында өзгөчө маанилүү.

Бюджеттик аналитиканын темалары негизинен бюджеттин бөлүмдөрү жана беренеле-ри менен байланыштуу. Алар: мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, билим берүү, саламат-тык сактоо, коргонуу ж.б. Жергиликтүү бюджет тууралуу айтсак, Кыргыз Республикасы-нын көпчүлүк шаарларында жана бир топ айылдарында бюджеттин кыскача сыпаттама-сын даярдоо практикасы колдонулуп келет, мында бюджеттик каражаттар кайдан келип, кайсы жакка которулары тууралуу кеңири түшүнүк берилет. Буларды жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдарынан (мэрия, шаардык башкармалык, же айыл өкмөттөрү) алып, окуп чыкса болот. Окуп жатканда анын динамикасына көңүл буруу зарыл, башкача айткан-да өзгөрүүлөр кайсы нукта баратат – азайып жатабы, же тескерисинче көбөйүүдөбү. Эгер-де алар “абада илинип калса” кандай гана көрсөткүч, же сан болбосун ал окурманга жана көрүүчүгө түшүнүксүз бойдон калат. Аны кайсы бир салыштырмалуу көрсөткүчкө байлоо керек. Бул жалпысынан бюджет тууралуу маалыматка зарыл. Бюджеттин ар бир чыгаша же киреше бөлүгүн салыштырмалуу көрсөткүч менен байланыштыруу зарыл:

- өткөн жылдын ушул маалына;- беш жыл мурдагы көрсөткүчкө;- макроэкономикалык мүнөздөмөсү жагынан окшош болгон өлкөлөрдүн көрсөткүчүнө.Башка өлкөлөрдүн бюджеттик көрсөткүчтөрү менен салыштыруу тууралуу айта турган

болсок, анда бул ыкма социалдык тармактарда колдонулуп келет. Мисалы, Кыргызстанда, Камбоджада жана Канадада бир окуучу үчүн канча каражат кетет. Бул көрсөткүчтү эсептеп чыгуу үчүн орто билим берүүгө кеткен чыгаша жана окуучулардын жалпы саны тууралуу ма-алыматты конкреттүү бир муниципалитеттен (же болбосо республика боюнча) алуу керек.

Өзгөчө талдоону бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүндөгү олуттуу өзгөрүүлөр бай-калган жерлеринде жүргүзүңүз. Мында ошол өзгөрүүлөрдүн себептерин аныктоого ара-кет жасаңыз. Буга чейин белгилүү болгон фактылар (же окуялар) менен адистердин пи-кирлерин салыштырыңыз.

Мисалы, эки жыл мурда Балыкчы шаарынын бюджети “Коомдук тартипти коргоо” бе-ренеси боюнча олуттуу көбөйгөн. Бул шаарда убактылуу кармоочу жайдын ачылышына байланыштуу болгон. Талдоочу эмне кылат? Ал мындан бюджеттин башка бөлүмдөрдү жабыркаган жокпу, Балыкчыда убактылуу кармоочу жай канчалык зарыл эле, анын канча бөлүгүн шаар, канчасын республикалык бюджет каржылайт деген өңдүү суроолорго жооп издейт. Бюджеттин реалдуулугун аныктоо үчүн салык базасын, мурдагы жылдары жый-налган салыктын көлөмүн жана башкаларды талдап чыгыш керек.

Бюджеттин реалдуулугунун негизги критерийи анын пайыздык өсүшү болот. Эгерде бир нече жыл бою бюджет 5 пайызга өсүп турса, кийин бул өсүш 30 пайыз болот десе, анда бул өсүштү себептери так аныкталышы керек.

Мамлекеттин чыгаша жана кирешелерин пландоодо, кабыл алынган бюджетти ишке ашырууда анын жарыяланышын жана маалыматтын ачык болуш талап кылып, бюджет бо-юнча коомдук угууларды өткөрүү менен коомчулук бул процесске активдүү катышыш керек. Буга байланыштуу бюджеттин жарыяланышын жана ачык талкууланышын талап кылган бюджеттик укуктардын негизги принциптери тууралуу жана жергиликтүү өз алдынча баш-каруунун каржылык-экономикалык негиздери тууралуу мыйзамдар бар. Мындан сыртка-ры 2006-жылдын 28-декабрында күчүнө кирген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын карамагындагы маалы-матка уруксат тууралуу” мыйзам бар. Бул мыйзамдар жана нормативдик актылар мамле-кеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын бюджет тууралуу маалымат-ты ачык ЖАРЫЯЛООГО милдеттендирет. Андыктан жарандын иши – мамлекеттен мый-замдын аткарылышын талап кылуу, массалык маалымат каражаттарынын иши – бул про-цессти көзөмөлдөп, бюджеттеги сандардын ачык болушун камсыздоо.

Надежда Добрецова, КФБ пресс-клубунун коомдук президентиЛариса Ли, КФБ пресс-клубунун туруктуу кеңешчиси,

“Моя столица новости” гезитинин экономикалык баяндамачысы

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 5: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

5© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

Бюджет тууралуу журналист эмнени билиши керек?

1. Бюджет деген эмне?

Демократиянын өнүгүшү менен адамдар өлкөнүн саясий келечеги, анын күчү, туруктуулугу жана калктын аң-сезими мамлекеттик башкаруудан көз каранды эке-нин, мекенчилдикке үндөөлөр калктын мамлекеттик башкарууга реалдуу катышу-усуна өбөлгө түзүп бере албасын түшүнө баштады.

Бюджет мамлекеттик башкаруу системасынын бир бөлүгү болуу менен ар бир жарандын кызыкчылыгына тиешелүү. Бюджет иш табууга түз же кыйыр таасирин тийгизип, ким кандай жөлөкпул алаарын, саламаттыкты сактоо жана билим берүү кызматтары кандай көрсөтүлөөрүн, мамлекеттик кызматкерлер канча маяна ала-арын ж.б. аныктайт.

Бюджет мамлекеттин коомго көрсөткөн кызматтарын жана мамлекеттик саясат-ты ишке ашыруу ишин каржылык ресурстар менен камсыздайт. Анын көлөмүнөн жолдордун абалы, көчөлөрдү жарыктандыруу, жада калса ар бирибиздин коопсуз-дугубуз көз каранды. Депутаттардын, же өкмөт мүчөлөрүнүн “мамлекеттик бюд-жетте пенсияны көбөйтүүгө акча жок”, “бюджеттеги тартыштыктан улам мугалим-дердин маянасы көтөрүлбөйт” деген сөздөрүн көп угабыз. “Бюджетте пенсияны көбөйтүүгө акча жок” дегенди кантип түшүнсө болот? Бул ошол эле аткаминер-лердин жакшы иштей албай жатканынан кабар берип жүрбөсүн? Бул үчүн жал-гыз гана аткаминерлерди айыптоого болбойт. Бир катар өнүккөн өлкөлөрдүн мам-лекеттик бюджетинде дефицит бар. Себеби бюджет кандай гана болбосун, коом-дун талаптары дайыма бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн көбүрөөк болот. Бюджет-ти бөлүштүргөн мамлекеттин милдети – колдо болгон ресурстардын эсебинен ко-омдун артыкчылыктуу талаптарын канааттандыруу. Эгерде бюджетти пландоо-до коомдун бардык эмес, айрым гана бөлүгүнүн (ошол эле аскер кызматкерлери-нин, пенсионерлердин, ишкерлердин) талаптары канааттандырылса, анда мын-дай бюджет эффективдүү болбойт.

Мамлекеттин ийгиликтүү ишмердүүлүгү жана бюджеттин ресурстары – бири бирине көз каранды нерселер. Деги бюджет деген өзү эмне?

Мамлекеттин бюджети – коомго зарыл болгон чыгашалардын планы жана аларды каржылоо үчүн керек болгон күтүлгөн кирешелердин булагы.

Мамлекет коомдун талаптарын канааттандыруу жана ортодо чыккан маселе-ни чечүү үчүн төмөнкүлөрдү пландаштырат:

• чыгашаларды, тагыраак айтканда коомдун кайсы керектөөлөрүн канаат-тандырып, бул канчага тураарын, мамлекеттик саясаттын кандай максат-тары каржыланарын;

• кирешелер, тагыраак айтканда мамлекет ресурстардын кандай көлөмүнө ээ болгонун жана аны кайсы булактардан алууну көздөп жатканын чечет.

Мына ушундан кийин чыгашалар менен кирешелер салыштырылып, алардын балансы чыга келет. Эгерде керектөөлөрдү канааттандырууга ресурстар жетиш-пей жатса чыгашалар кыскартылат, ал эми киреше чыгаша караганда көбүрөөк болсо, арткан ресурстар кайда жумшалаары пландаштырылат.

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 6: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама6

Мамлекет бюджетти эмнеге жана кантип колдонот?Мамлекеттик башкарууда бюджет үч башкы функцияны аткарат:1) мамлекет алдыда кандай максаттарды жана тапшырмаларды коюп жатка-

нын жана аларды ишке ашыруу үчүн чыгашаларды кантип бөлүштүрүп жатканын көрсөтөт;

2) аткарууга милдеттүү болгон мыйзам катары жана мамлекеттин бюджеттик ресурстарды чогултуу жана коротууда негизги көзөмөл системасы катары кызмат кылат;

3) мамлекеттик экономиканы тескөөдө аспап катары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болот.

Мамлекеттик саясаттын максаттары жана тапшырмалары бюджеттин чыгаша бөлүгүндө да, киреше бөлүгүндө да чагылдырылган. Бардык өлкөлөрдө бюджет-тин ачык болушу коомчулуктун бюджет тууралуу толук маалыматка ээ болуусуна шарт түзөт. Бюджет жана анын аткарылышы тууралуу отчеттор массалык маалы-мат каражаттарында, интернетте, маалымдоо бурчтарында жарыяланат. Бул бол-со коомчулукка мамлекеттин мурдагы, азыркы жана келечектеги ишмердүүлүгү ту-уралуу толук маалымат алуусуна шарт түзөт. Мисалы, коом өткөн жылкы бюджет менен бул жылдыкын салыштыра алат. Бул маалыматтар массалык маалымат каражаттарында жарыяланышы керек, бирок дайыма эле мындай боло бербейт. Мындай учурда керектүү маалыматты тиешелүү мекемеге, мисалы мэрияга, ми-нистрликке же мамлекеттик башка органдарга кайрылып алса болот. Ар бир жаран мамлекет билим берүү тармагына бөлүнчү каражатты азайттыбы, же көбөйттүбү, экономиканы стимулдаштыруугабы, же мамлекеттик казынаны толтурууга кызык-дарбы деген өңдүү суроолорго жооп алса болот.

Бюджет мамлекеттик саясатты белгилебестен гана, аны каржылайт дагы. Бюд-жет аркылуу кандай саясат жүргүзүлөөрү парламенттин чечимдеринин натыйжа-сында аныкталат. Депутаттар аны талкуулайт, чыгашаларды жана кирешелерди бекитет, жыйынтыгында бюджет аткарылууга милдеттүү болгон мыйзамга айла-нат. Натыйжада коомчулук бюджет жана саясат боюнча кабыл алынган чечимдер-дин аткарылышын көзөмөлдөөгө негиз алат.

Мамлекеттик башкарууда бюджет коомдук финансыга көзөмөл жүргүзчү ку-рал катары гана эмес, ошондой эле экономикага жана коомго таасир көрсөтчү аспап катары да колдонулат. Бюджет мамлекетке экономикалык өнүгүү шартта-рын тескөөгө (кирешелерди бөлүштүрүү, колдонуу, сактоо ж.б.) жана коомдогу социалдык-экономикалык процесстерге таасир этүүгө жол ачат.

Бюджеттин жардамы менен экономикалык саясаттын үч негизги макса-тына жетсе болот:

• Коомго белгилүү бир шарттарды түзүү жана кызмат көрсөтүү. • Коомдогу кирешелерди бөлүштүрүү.• Экономиканын туруктуулугу жана өнүгүүсү.Жеке сектор коомго зарыл болгон бир катар кызматтарды көрсөтө албайт (ми-

салы, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо). Башка кызматтар өтө эле көп каражатты талап кылгандыктан чектелүү гана жарандар аны колдоно алат (билим берүү, са-ламаттыкты сактоо). Бирок коом бул кызматтар жалпы үчүн бирдей болушуна кы-зыкдар. Кайсы бир кызмат көрсөтүүлөрдү жана шарттарды түзүү кепилдигин мам-лекет өзүнө алат, бул болсо бюджетте көрсөтүлөт.

Эркин атаандаштыктын шарттарында коомдогу кирешелер тегиз бөлүштүрүлбөйт. Жагымдуу социалдык климатты түзүү жана ыктымал болгон тирештерди алдын алуу үчүн мамлекет калкты социалдык жактан коргоп, кирешелерди бөлүштүрүү

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 7: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

7© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

жагын тескейт. Калктын социалдык катмарлары жана аймактар арасында киреше-лерди бөлүштүрүү иштери салык саясатынын жардамы менен жүргүзүлөт. Миса-лы, мамлекет көп каражат тапкандарга салыштырмалуу жогору салык киргизип, ал эми азыраак маяна алгандарга жеңилдиктерди бере алат. Мындан сырткары өзгөчө камкордукка муктаждар үчүн социалдык жардам көрсөтүлөт.

Экономикалык саясаттын үчүнчү максаты – бюджетти экономикалык өсүшкө жана ишкерликти өнүктүрүүдө үчүн аспап катары колдонуу. Мамлекет экономи-канын өсүшүнө чыгаша жана кирешелердин структурасын жана көлөмүн өзгөртүү менен таасирин тийгизе алат.

2. Бюджет тууралуу качан жазыш керек?

Бюджет тууралуу макала жазууда анын убактысы жана мезгили маанилүү. Се-беби бюджеттин ар бир процесси – аны болжолдоо, талкуулоо жана түзүү кален-дарга байланган. Жада калса “бюджеттик календарь” деген да түшүнүк бар. Ан-дыктан өлкө бюджетинин даяр боло элек кийинки жылкы долбоорун бул жылдын май айында талкуулоо зарыл эмес. Бюджетти Каржы министрлиги парламенттин кароосуна жиберүү алдында талкуулаш керек. Ошентсе да шаардын, же айылдын бюджет долбоорун май-июнь айларында, жогору жактагы бюджеттик органдардын кароосуна жиберүү алдында талкуулап алуу максатка ылайык.

Бюджет жылдан жылга кайталанып турчу төмөнкү негизги баскычтардан тур-ган циклди өтөт:

• даярдык; • кароо жана бекитүү;• аткаруу.Бул процесс кабыл алынган процедураларга ылайык өтүп турат. Бюджеттик

циклдин жүрүшүндө мамлекет белгилүү эрежелерге таянат. Алар: мыйзам тарабы-нан бекитилген формалдуу жана салтка айланып калган бейформалдуу эрежелер.

Дегеле эрежелер эмне үчүн керек? Алар коомго жана мамлекетке эмне берет? Эрежелердин тизмеги коомго жана массалык маалымат каражаттарына бюджет боюнча чечимди кабыл алууга аралашууга жана анын аткарылышын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бюджетти түзүү процессинде мамлекет чыгашалардын жана кирешелердин планын түзүп, аны аткарат.

Бюджет долбоорун түзүүРеспубликалык бюджеттен каржыланган министрликтер, мамлекеттик комитет-

тер, административдик мекемелер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка бюджеттик уюмдар Каржы министрлигине мамлекеттик тармактык өнүгүү программалары үчүн кетчү чыгашалардын тизмесин берет. Бул маалымат-тардын негизинде Каржы министрлиги бюджеттин долбоорун иштеп чыгат. Респу-бликалык бюджеттин долбоору өкмөттүн (министрлер кабинетинин) кароосуна жиберилет. Өкмөт республикалык бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңешке алып чыгат. Жогорку Кеңеш бул бюджетти бекитет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттен каржы-ланган мекемелер тарабынан берилген маалыматтардын негизинде улуттук бюд-жеттик календардын алкагында жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат.

Бюджет долбоорун бекитүүРеспубликалык бюджеттин долбоору Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы

комитети тарабынан каралат. Бюджет жана каржы комитети долбоорду парла-менттин башка комитеттерине жиберип, алардын сунуштарын жана эскертүүлөрүн чогултат. Андан соң мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жыйынында талкууланат.

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 8: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама8

Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген республикалык бюджет тууралуу мыйзам кыргыз Республикасынын президентине жиберилет.

Жергиликтүү бюджеттин долбоору жергиликтүү кеңеш тарабынан каралып, бекитилет.

Бюджет тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү Кабыл алынган бюджет өкмөт тарабынан жылдын ичинде такталышы мүмкүн.

Кабыл алынган бюджетке өзгөртүүлөрдү республикалык бюджет тууралуу мыйзамга сунуштар жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен ишке ашырса болот.

Жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жергиликтүү кеңеш тарабынан каралып, бекитилет.

Бюджетти аткарууКыргызстанда бюджетти аткаруу боюнча казына системасы иштейт (бюджет

түз эле банк системасы аркылуу аткарылса болот. Бирок мында бюджеттин ат-карылышын көзөмөлдөө кыйын болуп калат). Казыналыктын милдети – келип жаткан бардык салыктарга жана төлөмдөргө эсеп жүргүзүү, аларды бюджеттерге бөлүштүрүү. Күн сайын казыначылык бюджетке түшкөн кирешелер тууралуу отчет даярдайт. Чыгымдар да казына системасы аркылуу ишке ашырылат. Бюджеттик каражатты алган ар бир адам кеткен чыгымдар боюнча маалымат берет. Бюджеттик ресурстарды колдонуп жаткандар бюджеттик мекемелер үчүн түзүлгөн бухгалтер-дик эсепти жүргүзүүгө милдеттүү.

Бюджеттик жыл аяктаганда (31-декабрь) бюджеттин аткарылганы тууралуу отчет түзүү иштери башталат. Республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту Каржы министрлиги, ал эми жергиликтүү бюджеттин аткарылышы туура-луу отчетту жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзөт. Республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту Жогорку Кеңеш карайт жана бекитет. Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту тиешелүү жергиликтүү кеңеш карайт жана бекитет.

Бюджеттин аткарылышы тууралуу отчеттор массалык маалы-мат каражаттарында жарыяланышы керек.

Ошентип бюджеттик процесс анын аткарылышы тууралуу отчет каралып, бе-китилгенден кийин аяктайт. Бюджеттин аткарылышы тууралуу аналитикалык ма-алымат чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон кошумча аспектилерди көрсөтүшү мүмкүн жана ал бюджеттик процесске катышкан мекемелер менен кызматкерлер тарабынан түзүлөт. Бул маалымат кийинки жылдын бюджетинин долбоорун түзүүдө жана жаңы бюджеттик цикл башталып жатканда колдонулат.

3. Кыргызстанда бюджеттин кандай түрлөрү бар жана алар эмнеге колдонулат?

Өлкөдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттер бар. Республика-лык бюджеттин курамында өзүнчө дагы мамлекеттин инвестициялык дол-боорлорунун бюджети, же башкача айтканда өнүгүү бюджети пландаштыры-лат. Мындан сырткары Социалдык фонддун бюджети бар (бул бюджеттен сырткаркы фонд, ал тууралуу төмөндө айтылат).

Республикалык бюджеттен бийликтин борбордук органдарынын ишмердүүлүгү каржыланат. Шаарлар, элет калаа жана айылдык башкармалыктар өз алдын-ча жергиликтүү бюджетке, алар өздөрүнүн кирешесине ээ болуп, керек болгон

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 9: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

9© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

чыгымдарды каржылайт. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттерге райондук бюджет кирет. Ал райондук мамлекеттик администрациялардын жана райондук деңгээлдеги мекемелердин ишмердүүлүгүн каржылайт. Райондук бюджеттердин да өзүнүн кирешелери болот.

Бюджеттик каражаттарды колдонуу белгиленген тартипке ылайык ишке ашат. Бюджет процесси бюджетти иштеп чыгуу, кароо, бекитүү, аткаруу жана анын ат-карылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүнө камтыйт. Бул өтө маанилүү, себеби коом канча киреше болоорун жана ал кандай колдонулаарын чечүү процессине (кароо баскычында жана аны аткарууда угуу жолу менен) катыша алат.

Бюджеттик каражаттар менен катар бардык өлкөлөрдө бюджеттен тышкар-кы фонддор бар. Алардын бири – пенсия, жөлөкпулдар ж.б. төлөнгөн Социалдык фонд. Социалдык фонддун бюджети Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет. Соци-алдык фонд камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуп, аларды пенсияларды төлөөгө, социалдык камсыздандыруу боюнча пособияларга, медициналык камсызданды-рууга каржылайт.

Мамлекеттин киреше жана чыгашаларын талдоо үчүн кошмо бюджет түзүлөт. Муну Кыргызстанда консолидацияланган бюджет деп да аташат. Ал өзүнө респу-бликалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын камтыйт.

Өнүгүү бюджети консолидацияланган бюджеттин мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун ички каржылоо бөлүгүнө гана интеграцияланган (ал республика-лык бюджеттин чыгашаларынын эсебинен ишке ашат). Мамлекеттин тышкы ка-рыздарынын эсебинен кеткен чыгашалар консолидацияланган бюджетти кароо-до эсепке алынбайт.

4. Республикалык бюджет

Маалымат каражаттарында, парламенттик талкууларда, жалпысынан коомдо бюджет тууралуу сөз болгондо адатта республикалык бюджетти айтышат.

Республикалык бюджет деген эмне? Бул өкмөттүн бюджети, башкача айткан-да анын чыгашаларынын планы (ар бир ведомствонун чыгымы) жана Жогорку Кеңеш тарабынан бир жылга бекитилген кирешелердин божомолу. Бардык ми-нистрликтер, ведомстволор, мамлекеттик мекемелер республикалык бюджет та-рабынан каржыланат.

Чыгашалардын жана башка төлөмдөрдүн пландары, ошондой эле киреше-лердин божомолу Жогорку Кеңеш тарабынан жаңы бюджет жылына чейин (1-ян-варь) бекитилиши өзгөчө маанилүү. Мында өкмөт мамлекеттик саясат жүргүзүүдө керектүү ресурстар менен камсыздалышы да маанилүү.

Республикалык бюджет өкмөт тарабынан түзүлөт жана аткарылат, ал эми Жо-горку Кеңеш аны бекитет. Жергиликтүү бюджет тиешелүү жергиликтүү өз алдын-ча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт жана аткарылат, ал эми аны шаардык, элет калаа жана айылдык кеңеш бекитет.

Республикалык бюджеттин кирешелериӨзүнүн ишмердүүлүгүн каржылоо үчүн мамлекет зарыл ресурстарга ээ болуш

керек. Бюджеттин кирешеси – коомго керек болгон чыгашаларды каржылоо үчүн мамлекеттин ар кайсы булактардан алган каражаттары.

Бюджетке түшкөн кирешелер төмөнкүлөр: учурдагы, капиталдык (аларды Кыр-гызстанда “капитал менен иштешүүдө түшкөн кирешелер” деп да аташат, мисалы, менчиктештирүү, же убактылуу алуу, колго тийген расмий трансферттер).

Учурдагы кирешелер – бул мамлекеттин өз ишмердүүлүгүн пландоодо эсеп-ке алган каражаттар. Алар кирешелердин туруктуу жана бекем булагы болуп са-

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 10: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама10

налат (салык жана салыксыз кирешелер). Капиталдык кирешелер, тескерисинче, бир мезгилдүү мүнөзгө ээ. Аларды мамлекет өз менчигин сатуудан алат (мисалы мамлекеттик менчиктеги объектилерди менчиктештирүү).

Мамлекет өзүнө тиешелүү жерлерди, имараттарды, курулуштарды сата алат, товарларды, акцияларды ж.б. иштете алат. Бирок мындай кирешелер такай эле боло бербейт, андыктан мамлекет ага дайыма эле таяна албайт.

Трансферттер – бул кайтарымсыз алынган ресурстар. Трансферттер чет өлкөлөр же/жана эл аралык уюмдар тарабынан берилген каражаттар тарабынан түшөт. Чет өлкөлүк трансферттерге табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда жардам берүү, ошондой эле өз алдынча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жум-шалган каражаттар да кирет (кайсы бир шаарды суу менен камсыз кылуу систе-масын жасоо үчүн грант).

Салыктан түшкөн кирешеСалыктардын эң негизги милдети – мамлекеттик чек араларды коргоо, өлкөнүн

кызыкчылыгын эл аралык коомчулукка таанытуу, тартипти камсыздоо өңдүү мамле-кеттин жарандар алдындагы милдетин аткаруу үчүн киреше менен камсыз кылуу. Кыргыз Республикасында салык чогултуунун мыйзамдык негизин Салык кодекси аныктайт.

Салык кодексине ылайык, республикада төмөнкү салыктар иштейт:1) жалпы мамлекеттик, ага ылайык, анын көлөмү, салык алына турган объек-

тилер, салык төлөөчүлөр жана салык жыйноо ыкмалары өлкө үчүн бирдей;2) жергиликтүү, салыктын бул түрү жергиликтүү кеңештер тарабынан өз ал-

дынча киргизилип, тиешелүү аймакта тескелет. Жалпы мамлекеттик салыктар жергиликтүүдөн айырмаланып өлкөнүн бардык

аймагында жыйналат. Жогорку Кеңеш салыктын көлөмүн аныктап, салык алынчу объектилерди жана ал боюнча жеңилдиктерди киргизет. Жергиликтүү салыктар-ды өзүнүн аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары киргизет. Ар кайсы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салыктары бири бирини-кине төп келбеши мүмкүн, себеби жергиликтүү кеңештер жүргүзгөн саясат айыр-маланышы ыктымал.

Жалпы мамлекеттик салыктарга төмөнкүлөр кирет:• киреше салыгы,• юридикалык тараптын кирешеси үчүн салык,• кошумча нарк салыгы (НДС),• акциздик,• калкка кызмат көрсөткөн үчүн салык, • башкалар. Ар бир салык төлөөчү жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө жана тапкан каражатына жа-

раша бюджетке салыктын бир нече түрүн төгөт. Кыргызстанда салык төлөө ишин жеңилдетүү максатында анын жөнөкөйлөштүрүлгөн түрү киргизилген. Аларга төмөнкүлөр кирет: 1) милдеттүү жана ыктыярдуу патенттештирүү, 2) кичи ишкер-чиликтин субъектилери үчүн бирдиктүү салык. Салыктар түз жана кыйыр алыны-шы мүмкүн.

Түз салык (киреше, пайда жана башкалар) тапкан пайдасынын же кирешеси-нин кайсы бир бөлүгүн республикалык же жергиликтүү бюджетке өткөрүп берген жана кийин салык төлөөнү башка бирөөгө өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган са-лык төлөөчүгө карата колдонулат.

Кыйыр салык белгилүү бир товар же кызмат көрсөткөндөргө багытталган. Тартип боюнча кыйыр салыкты адегенде ишкерлер жана/же товарды же кызматты колдонуп жаткан дүңүнөн алган сатып алуучулар төлөйт. Негизинен ишкерлер са-лык төлөөдө кредитор катары болот жана кийин аны товарды алган, же кызматтан

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 11: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

11© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

пайдаланган кардардын эсебинен кармап калат. Кыйыр салыкка өздүк баасына ко-шулган салык, акциздик төлөмдөр, калкка кызмат көрсөткөн үчүн салыктар кирет.

Салыксыз кирешелерМамлекеттин кирешесин түзүүдө салык төлөнбөгөн төлөмдөргө маанилүү

орун берилген. Бул топко салыктан тышкары мамлекеттин бардык кирешелери кирет (мисалы, менчикти каттоо, паспорт, же айдоочунун күбөлүгүн алуу жана башкалар).

Мамлекеттик кызматтар үчүн төлөмдөр ал кызматтарды көрсөтүүнү каржы-лоонун альтернативдүү ыкмасы болуп саналат. Мамлекеттик кызматтар эки жол менен төлөнүшү мүмкүн: кызмат көрсөткөндөрдөн алган бюджеттик каражатты колдонуу, же кызмат көрсөтүү үчүн акы алуу жолу. Мисалы, мамлекеттик по-шлина, лицензия үчүн акы төлөө, паспорт, же айдоочунун күбөлүгүн алуу, ай-ыппулдар жана башкалар.

Салыксыз кирешеге мамлекеттин карамагындагы менчикти колдонуудан же ишкерчилик менен алектенүүдөн түшкөн каражат да кирет. Эгерде мамлекет кай-сы бир ишкананын акцияларына ээ болуп, андан пайда көрсө, анда бул да салык-сыз пайда болуп эсептелет. Эгерде мамлекет бул акцияларды сатса анда бул капи-талдык киреше деп эсептелет. Акционердик ишканалардан түшкөн пайда, мамле-кет тарабынан берилген насыялардын үстөк пайыздары, мамлекеттин жеке мен-чигиндеги имарат үчүн ижара акы, суу объектилерин жана ресурстарын колдонуу үчүн акы жана башкалар салыксыз киреше деп эсептелип, мамлекеттик бюджет-тин олуттуу бөлүгүн түзөт.

Капиталдык кирешелерМамлекет өзүнүн карамагындагы менчикти же мүлктү (жерлер, имараттар,

курулуштар), товарлардын запасын, мамлекеттик акцияларды жана башка актив-дерди сатуудан капиталдык киреше табат.

Түшкөн расмий трансферттерРеспубликалык бюджетте расмий трансферттер чет өлкөлүк жана/же эл ара-

лык уюмдардан, эл аралык фирмалардан түшкөн каражаттын эсебинен түзүлөт. Эл аралык трансферттерге төмөнкүлөр кирет:

• тышкы гуманитардык жардам, • кайсы бир долбоорлорду ишке ашырууда кайтарымсыз акчалай которуу

(белгилей кетчү жагдай, грант насыяга салыштырмалуу кайтарымсыз бо-луп эсептелет).

Республикалык бюджеттин чыгашаларыМамлекеттик чыгашалар – бул коомдун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн

алынган материалдык кызматтарга мамлекет короткон чыгымдар. Аларга төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик кызматкерлердин, дарыгерлердин, му-

галимдердин, медициналык кызматчылардын жана башкалардын эмгеги үчүн ма-яна, турак-жай жана коммуналдык чарба, шаардык тарнспорт жана башка кызмат-тарды каржылоо. Мындан сырткары мамлекеттик мекемелерди жана ишканалар-дын ишин камсыздоо үчүн мамлекет түрдүү товарларды сатып алат, мисалы ка-лемден тарта канализациялык система үчүн жабдууларга чейин.

Коомдук керектөөлөргө мындан сырткары мамлекет тарабынан айрым бир иш-каналарга же адамдарга берилген кайтарымсыз, же карызга берилген жардамдар да кирет (критерийлерин мамлекет орнотот). Трансферттер түрүндө бюджеттен адатта камкордукка муктаж болгондорго жөлөкпул төлөнүп, ишканаларга же эко-номиканын кайсы бир тармагына насыя түрүндө жардам берилет. Мындан тыш-кары бюджеттен мамлекеттин карыздары төлөнөт (анын мөөнөтү кредитор менен

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 12: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама12

мамлекет тарабынан аныкталат). Мамлекет эмнеге акча жумшап жатканын талдоо үчүн анын чыгашаларын системалаштырып, баалаш керек. Мындан улам жалпы мүнөзгө ээ болгон чыгашаларды бюджеттин чыгымдалган бөлүгүндөгү белгилүү бир орунга жайгаштырып, анан топтош керек. Бюджеттин анализи менен күндө алектенгендер да бюджеттин кайсы бөлүгүндө тиги же бул чыгашалар болуп, акча кантип жана эмнеге кетип жатканын талдоодо кыйынчылыктарга дуушар болот. Эгерде чыгашаларды пландоодо бардык өлкөнүн бюджеттеринде бирдей тартип колдонулганда, бул алда канча жеңил болмок.

Кыргызстанда бардык башкаруу органдары бюджет боюнча план жана отчет түзүп жатканда бюджеттин киреше жана чыгашаларынын бирдиктүү классифика-циясын колдонушу керек.

Бюджеттик классификация – бул чыгашалардын, кирешелердин жана мамлекеттик карызды каржылоо булактарын анын жалпы мүнөзүнө жара-ша топтоштуруу. Ар бир өзүнчө алынган киреше же чыгаша кайсы бир белги-лери боюнча топторго же параграфтарга бириктирилет. Топтор бөлүмдөргө жана башкаларга киргизилет.

Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше жана чыгаша классификациясы-на төмөнкүлөр кирет: кирешелер боюнча классификациялоо, чыгашалардын функ-ционалдык классификациясы, чыгашалардын административдик классификация-сы, чыгашалардын экономикалык классификациясы жана активден менен милдет-темелер боюнча жүргүзүлгөн операциялардын классификациясы болуп бөлүнөт.

Административдик жана функционалдык классификацияКыргызстанда республикалык бюджеттин чыгашасы административдик жана

функционалдык классификация боюнча пландаштырылат жана бекитилет. Функционалдык классификация мамлекеттин коргонуу, саламаттыкты сактоо,

социалдык камкордук ж.б. өңдүү функциялары боюнча чыгашаларын топтойт. Функционалдык классификация эмне үчүн жана кандай максатта акча коротулуп жатканын ачыктайт. Ал өкмөт коом үчүн кандай функцияларды аткарып жатканын жана ал канча тураарын көрсөтөт.

Ведомстволук классификация конкреттүү бир бюджеттик мекемелер жана бюд-жеттин эсебинен каржылангандар (мисалы Коргоо министрлигинин, Каржы минис-трлигинин, ж.б. чыгашалары) арасында каражат кантип бөлүштүрүлгөнүн көрсөтөт.

Ошол эле учурда кайсы бир ведомствого бөлүнгөн каражат мамлекеттин ага кетирген чыгымдары менен дайыма эле дал келе бербейт. Айталы, мамлекеттин республикалык бюджеттен билим берүү үчүн бөлүштүргөн каражаты ал ортодо башка министрликтерге да бөлүштүрүлүп калышы ыктымал: мисалы, Саламат-тыкты сактоо, Өнөр жай, Айыл чарба, Каржы, Эмгек жана социалдык коргонуу, Ички иштер, транспорт жана байланыш министрликтерине. Муну менен ведом-стволук жана функционалдык классификациялар бири бирин толуктап, депутат-тарга бюджет боюнча чечим кабыл алууда жана баа берүүдө компетенттүүрөөк аракеттенүүгө түртөт.

Чыгашалардын экономикалык классификациясы Чыгашалардын экономикалык классификациясы мамлекеттик башкаруу тарма-

гында жүргүзүлгөн экономикалык мазмундагы операцияларга көз каранды болгон бюджеттик чыгашалардын топтому болуп саналат. Ал мамлекеттик каражаттын мекемелерге кеткен чыгашасынын түрүн көрсөтөт (маяна, товар сатып алуу, жаб-дууларды алуу, коммуналдык кызматтар, ж.б.)

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 13: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

13© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

Мындан сырткары мамлекеттик бюджеттин чыгашалары төмөнкүлөргө бөлүнөт:• учурдагы,• капиталдык,• өкмөт тарабынан берилген насыялар (ишканаларга, жергиликтүү өз алдын-

ча башкаруу органдарына).

Бюджеттин учурдагы чыгашалары Учурдагы чыгашалар мамлекеттин күнүмдүк функциясын камсыздайт. Алар

адатта учурдагы кирешелердин эсебинен каржыланат. Учурдагы чыгашалар өзүнө маянаны, социалдык камсыздандыруу үчүн

төлөмдөрдү, иш сапарларын, товарларды сатып алуу жана кызматтарды пайда-лануу (жабдуулар жана материалдар, дары-дармектер, азык-түлүк, эмеректер, ж.б.), коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр, транспорт жана башка кызматтар-ды камтыйт. Учурдагы чыгашалардын эсебинен мамлекеттин жыл ичинде колдо-нула турган товарлар сатып алынат.

Мындан сырткары учурдагы чыгашаларга мамлекет тарабынан кайсы бир адам-дарга же ишканаларга жыл ичинде берилген трансферттер жана кредиторлордон алынган карыздын үстөк пайызын төлөп берүүлөрү кирет.

Капиталдык чыгашалар Капиталдык чыгашалар мамлекеттин инвестициялык жана инновациялык

ишмердүүлүгүн камсыздайт. Аларга адегенде коомдук мүлктү толуктай турган, аны дурус абалында кармо-

ого жана жакшыртууга өбөлгө түзө турган инвестициялар кирет. Мисалы, инфра-структураны өнүктүрүү жана аларды ремонттоо. Капиталдык чыгашалар товарлар жана көрсөтүлгөн кызматтарга жумшалат. Адатта ири инвестицияны талап кыл-ган капиталдык чыгашалардын чоң бөлүгү заемдук каражаттардын эсебинен кар-жыланат. Мисалы Бишкек – Ош жолун калыбына келтирүү, же “Манас” аба май-данын реконструкциялоо. Кыргыз Республикасынын өкмөтү капиталдык чыгаша-ларды пландоодо жана ишке ашырууда өзүнчө өнүгүү бюджетин колдонот.

Насыялар Республикалык бюджеттен насыялар мамлекеттик башкаруунун башка

деңгээлиндегилер (мисалы, каражат жетишсиз болгондо, биринчи чыгаша болуп, ал эми киреше мөөнөтүнөн кеч түшүп жаткан маалда райондук бюджеттер ошол жылдын ичинде кыска мөөнөттүү насыя алса болот), өнөр жай ишканалары, кар-жылык мекемелер, айыл чарба өндүрүүчүлөрү ж.б. алалат. Мамлекет ишканаларга жана акционердик коомдорго акча кошуп, же насыя бере алат.

Баалуу кагаздарды алып, же насыя берүү менен мамлекет экономикалык ишмердүүлүктү стимулдаштырат, керектүү нукка багыттайт, же айрым субъекттер-ге көйгөйүн чечүүдө жардам берет. Өлкө ичинде насыя берүүдөн сырткары мам-лекет башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө, эл аралык уюмдарга, органдарга да насыя бере алат.

5. Бюджеттин дефицити жана профицити

Эгерде мамлекет карыз болгусу келбесе, анда ал чыгашаларын кирешелери-не ылайык пландаштырууга милдеттүү. Чыгыша менен киреше тең болгон учур-да бюджет балансталган деп аталат. Бирок адатта (бардык өлкөлөрдө) бюджеттик чыгашалар кирешеден ашып түшүп, мамлекет карызга акча алууга мажбур болот. Мындай учурда бюджеттин дефицити чыгат.

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 14: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама14

Бюджеттин дефицити – бул бюджеттин чыгашасы кирешесинен ашып кети-ши. Ал мамлекеттин керектөөгө жетиштүү каражаты болбогонунан чыгат. Андык-тан бюджеттин дефицити болгон учурда мамлекет каржылоонун кошумча булак-тарын издөөгө аргасыз болот. Ошол эле учурда алар ортодогу таңкыстыкты толу-гу менен жабышы керек.

Бюджеттин дефицити маселеси үч жол менен чечиле алат:• салыктарды жогорулатуу, мисалы салыктын кошумча наркын жогорулатуу.

Бул дайыма эле оң натыйжа бере бербеген жол;• мамлекеттик активдерди, мисалы ишкананын мүлкүн же акциясын сатуу ме-

нен мамлекеттин капиталдык кирешесин жогорулатуу. Кыргызстанда мын-дай жол менен өтө деле көп каражат табууга болбойт;

• насыяларды жана гранттарды тартуу. Өкмөт адатта бюджеттин дефицитин каржылоо үчүн карыз алып келет.

План менен дефицитти жабуунун булактары бекитилип, насыяны табуу жол-дору белгиленет. Ушул эле бөлүмдө мамлекеттин карыздарынын эсеби түзүлөт.

Мамлекет карыз (насыя) акчаны өлкөнүн ичинен, же башка өлкөлөрдөн алса болот. Мамлекеттик карыз бул – мамлекет тарабынан насыяга алынган, же мам-лекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун натыйжасында алынган ресурстар.

Бүгүнкү күндө өкмөт негизинен мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу, калк-ка, ишканаларга, банктарга сатуу менен ички кредиторлордон карыз акча алууда.

Бюджеттин дефицитин каржылай ала турган сырткы булактар кредиторлордун түрүнө жараша айырмаланат:

• эл аралык каржылык-насыя берчү уюмдар;• чет өлкөлүк өкмөттөр;• эл аралык банктар, ж.б.Өтмө экономикасы бар өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан бюджеттик дефи-

цитти жабуу үчүн негизинен сырткы булактарды колдонуп келет. Бюджеттеги кирешелердин анын чыгашаларына карата үстөмдүгү профицит

деп аталат. Профицит деп мамлекет чыгашаларга караганда, кирешени көбүрөөк топтой алды дегенди түшүндүрөт. Бюджеттин профицитине алдын ала даярдык көрүлүшү мүмкүн (мисалы, Орусияда).

Бюджеттин дефицити да алдын ала пландалган болушу мүмкүн. Башкача айт-канда анын көлөмү бир жылга пландаштырылып, бюджеттик жылдын башталы-шына чейин бекитилет. Дефициттин эң жогорку чеги республикалык бюджет ту-уралуу жыл сайын кабыл алынган мыйзам тарабынан орнотулат. Бирок адатта бюджеттин дефицити белгиленген чектен ашып кетет, чыгаша, же кирешелер бо-юнча план аткарылбаганына байланыштуу азаят. Мындай учурда бюджет туура-луу мыйзамга өзгөртүүлөр же кошумчаларды киргизүү зарылдыгы чыгып, бул үчүн такталган план кабыл алынат.

6. Жергиликтүү бюджет

Акыркы жылдары мамлекеттик саясат бийликтин вертикалын күчтөндүрүүгө багытталып, мындан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жабыркап, бул болсо муниципалдык каржылыкты башкаруунун сапатына да кедергесин тийгиз-ди. Өткөн чактагы эң ири жетишкендиктер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын түз шайлоо жана ЖӨБ органдарына саясий, адми-нистративдик жана каржылык автономияны камсыздаган эки тепкичтүү бюджет-тик система – жок кылынды.

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 15: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

15© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калктын ортосундагы бай-ланыш бошоду; райондук мамлекеттик администрацияга карап калган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым башчылары калктын талаптарын жана каалоосун эске албай калды. Тескерисинче, мисалы, райондук маданий иш-чараларды өткөрүүдө (ыр кесе, фестивалдар) райондук мамлекеттик администра-циянын кысымы алдында айыл өкмөттөрү бул иш-чараларды уюштурууда кара-жатты жергиликтүү бюджеттен алууга мажбур болушту. Ошол эле маалда бул ма-селени калк менен кеңешип чечишүүгө милдеттүү болсо да, алар буга барган жок.

Эми коомдун алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын күчөтүү зарылдыгы, аны менен катар саясий, административдик, каржылык автономия-ны кайтаруу, жергиликтүү калк менен тыгыз кызматташтыкка кайтуу өңдүү масе-лелер кайрадан пайда болду.

Мындай шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кал-ктын талабы жана кызыкчылыгына жараша өз бюджетин башкаруу жөндөмдүүлүгү өзгөчө маанилүү ролду ойнойт. Экинчи жагынан жергиликтүү өз алдынча башка-руу органдарынын улам өсүп бараткан өз алдынчалуулугу алардын ишине карата жарандык көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын жаратат. Бул көзөмөл конструктивдүү, чыр-чатактан алыс болгон мүнөздө өтүп, калк менен жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдарынын колдоосуна багытталыш керек.

Шаарлардын, айылдардын жана элет калаанын жергиликтүү бюджет-теринин кирешеси

Жергиликтүү бюджетке түшкөн каражаттын негизги булагы катары салыктар, салыксыз кирешелер жана гранттар (трансферттер) эсептелет.

Салыктан түшкөн кирешелер Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-

дарында салыктан түшкөн кирешелердин ичинен жергиликтүү салыктарга өзгөчө маани берилет.

Жергиликтүү салыктар – бул жергиликтүү бийликке тиешелүү болгон салык-тар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аны мыйзамга ылайык өз чыгым-дарын каржылоо үчүн белгиленген чектөөлөрдүн алкагында тескеп келет. Эгерде жергиликтүү жамаат дагы көбүрөөк салык төлөөгө макул болсо, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкка дагы көбүрөөк кызмат көрсөтөт.

Жергиликтүү салыктардын артыкчылыгы бул – жергиликтүү өз алдынча башка-руу органдары өз чыгашаларын белгилөөдө көбүрөөк эркин болуп, ошол эле ма-алда салык төлөөчүлөрдүн алдында жоопкерчилиги да жогору болот.

Кыргызстанда жергиликтүү салыктар белгилүү бир аймакта тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен киргизилет. Жергиликтүү кеңеш салыктын кайсы түрү киргизилерин (Салык кодексинде көрсөтүлгөн тизмеден) өзү аныктай алат. Салыктын өлчөмү жана салык боюнча жеңилдиктер мыйзамда көрсөтүлгөн чектен алкагында тескелет.

Мурдагы Салык кодекси жергиликтүү салыктын жана жыйымдын 8 түрүн бе-киткен. Бирок жаңы Салык кодексинде жергиликтүү салыктын саны олуттуу кы-скартууга дуушар болду. Эми салыктын болгону эки гана түрү калды: жер үчүн са-лык жана мүлк үчүн салык.

Төмөндөгү таблицада 2007-жылдан тарта республикалык бюджеттеги жергиликтүү бюджеттин үлүшү өсүп баратканы, акыркы төрт жылда жергиликтүү бюджеттин үлүшү 80 пайызды түзгөнүн (2007-жылы 4,71 млрд. сомдон 2010-жыл-га чейин 8,5 млрд. сомго чейин) көрсөңүз болот.

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 16: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама16

Өлкө бюджетинин жалпы структурасындагы жергиликтүү бюджеттин үлүшү

Бюджеттин түрү 2007 2008 20092010

долбоор

2011

болжол

2012

болжол

Республикалык бюджет 355071 47221,9 48111,5 46 434,2 46 423,2 48 017,8

Жергиликтүү бюджет

(трансфертти эсепке алганда)8998.4 12703.7 12111,3 13396,0 14413,0 15371,1

Анын ичинде трансферттер 4 287,3 6 256,3 4 823,0 4903,0 4901,0 4879,0

Жергиликтүү бюджеттер

(трансферттерсиз)4 711,1 6 447,4 7 288,4 8 493,0 9 512,0 10 492,0

Бекитилген 3 389,1 4 133,6 2 874,7 3080,0 3380,0 3653,0

Тескелген 1 322,0 2 313,8 4 413,7 5413,0 6 132,0 6 839,0

Республикалык бюджеттеги жергиликтүү

бюджеттин үлүшү, %25 27 25 29 31 32

Жергиликтүү бюджеттеги трансферттердин

үлүшү, %47 49 40 37 34 32

Жогорудагы таблицада жергиликтүү бюджеттердин 2010-жылга карата өз кире-шесинин көлөмү 8493,0 миллион сом деп каралганы, бул болсо жалпы жергиликтүү бюджеттин 63 пайызын түзөрү көрсөтүлгөн. 2009-жылдан тарта өз кирешеси ме-нен трансферттер болжол менен ушундай болуп, бул болсо кеңири салык база-сына ээ болгон шаарларга мүнөздүү көрүнүш. Ушул эле таблицада жалпы мамле-кеттик тескелген салыктардын өлчөмү 5413,0 миллион сом, же 64%, бекитилген өз кирешеси 3 080,0 миллион сом, же 36% түзөөрү көрсөтүлгөн.

2010-жылы бекитилген кирешелердин белгилүү өлчөмү 2009-жылы кабыл алын-ган планга салыштырмалуу 205 миллион сомго өскөн, бул болсо жергиликтүү бюд-жетте оң өсүш байкалганын көрсөтөт. Жалпысынан жергиликтүү бюджеттердин кирешелүү бөлүгү мүлккө болгон салыктын, жерге жана таштанды чыгарууга кир-гизилген салыктарды жыйноонун эсебинен өскөн. Ошол эле маалда мүлккө, жерге жана таштанды чыгаруу үчүн салыктарды чогултуунун эсебинен өз кирешелердин өсүүсү жада калса айрым тоодогу дотациялык айыл өкмөттөрүндө, жакын жана алыста жайгашкан Кара-Кулжа, Алай, Чоң-Алай өңдүү аймактарда да байкалган.

Ошентсе да бул аймактардын жергиликтүү бюджетиндеги өз кирешелердин үлүшү дагы деле аз бойдон калууда.

Мына ушундай дотациялык абал ушундай муниципалитеттердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын абалын көз каранды бойдон калтырууда. Себеби алардын өз кирешеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциясын аткарууга жетишсиз. Мындай шартта өз алдынчалык тууралуу ай-туу кыйын. Андыктан өз кирешеси тууралуу маселе бүгүнкү күндө өтө оор жана маанилүү бойдон кала берүүдо. Өзгөчө бул маселе дотациялык бойдон калып жаткан Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын басымдуу айыл өкмөттөрү үчүн маанилүү.

Бул маселени чечүүнүн төмөнкү жолдору бар: 1) бюджетти туура башкарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жөндөмүн арттыруу; 2) бюджет-ти түзүүгө жамааттарды активдүү аралаштыруу; 3) жалпы мамлекеттик салыктар-ды бөлүштүрүү жолун өзгөртүү.

Жергиликтүү салыктардан сырткары жергиликтүү бюджеттерге жалпы мамле-кеттик салыктардан да үлүштөр түшүп турат.

2008-жылга карата республикалык бюджет тууралуу мыйзамга ылайык жал-пы мамлекеттик тескелген салыктардын структурасы төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн.

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 17: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

17© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

2007-жылы эки тепкичтүү бюджеттик система учурунда жергиликтүү бюджеттерге жалпы мамлекеттик салыктардын бөлүштүрүлүшү

Жалпы мамлекеттик салыктар

Жергиликтүү бюджетке төлөөлөр %

Бишкек жана

Ош шаарлары

Облустук

маанидеги

шаарлар

Райлндук

маанидеги

шаарлар

Айыл

өкмөттөрү

1. Кирешеден алынчу салыкИш берүүчү тарабынан кармалган кирешеден алынчу

салык35 15 10 0

Салык органдары тарабынан алынган кирешеден

алынчу салык35 100 100 100

Патенттик негиздеги кирешеден алынчу салык 35 100 100 100

2. Милдеттүү патенттөдөн түшкөн киреше 35 100 100 100

3. Кичи ишкерликтин субъектилери үчүн бирдиктүү салык 35 100 100 100

4. Кирешеге салык 35 0 0 0

5. Ички продукцияга акциздик салык 35 0 0 0

6. Резидент эместердин кирешеси үчүн салык 35 0 0 07. Проценттерге салык 35 0 0 08. Камсыздандыруу фонддорунан түшкөндөр 35 0 0 0

Жергиликтүү бюджетке салыктардын эсебинен түшкөн кирешенин олуттуу бөлүгүн жер үчүн төлөнгөн салык түзөт. Бул жалпы мамлекеттик салык болгону-на карабастан жергиликтүү бюджеттин эсебине түшөт. Жер үчүн салыктын база-лык көлөмү Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет, ал эми жергиликтүү бийлик бел-гиленген чекти 30 пайыздан жогору эмес кылып көбөйтүү, же азайтуу укугуна ээ. Муну жыл сайын өзгөртүп турса болот. Салыктын өлчөмүн карап чыгуу себепте-ри ар түрдүү болушу ыктымал: айыл чарбасындагы өсүш, же тескерисинче кур-гакчылык өңдүү ыңгайсыз табигый шарттар.

Салыксыз кирешелер Жергиликтүү бюджеттин салыксыз кирешелери негизинен мамлекеттик по-

шлинаны жыйноодон, муниципалдык менчикти колдонуудан (ижарага берүү) жана атайын каражаттардан (ата-эненин мектепке акча төлөп туруусу, жерди ижарага берүү ж.б.). мындан сырткары айыл өкмөтүнүн бюджеттериндеги салыксыз кире-шелерге Айыл чарбачылыгын бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер кирет.

Гранттар Ушул тапта өкмөт шаардык, айылдык жана элет калаа бюджеттерди транс-

ферттердин, мындан сырткары шаардык жана айылдык, ошондой эле райондук бюджет үчүн өзүнчө белгиленген жалпы мамлекеттик салыктардын жардамы менен тескөөдө.

Гранттар – бул кайсы бир тапшырманы аткаруу, же актуалдуу маселени чечүү үчүн республикалык бюджеттен каралаган кайтарымсыз трансферттер. Алар жергиликтүү бийликтин чыгымдарын жабуунун булагы болуп саналат, бирок грант-тын көлөмү менен жергиликтүү бийликтин кирешени көбөйтүү аракетинин орто-сунда байланыш жокко эсе.

Грант берүү – мамлекеттин ичиндеги бюджеттер аралык мамилелер саясаты-нын бир бөлүгү. 2006-жылга чейин гранттардын көлөмү жыл сайын жалпы облустук жана Бишкек менен Ош шаарларынын бюджеттери үчүн республикалык бюджет тууралуу мыйзамдын негизинде бекитилип келген. Мында облустук бийлик андан

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 18: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама18

кийинки деңгээлде турган жергиликтүү бюджеттерге гранттардын көлөмүн өзү че-чип келген. 2007-жылдан тарта гранттар ошентип эле республикалык бюджет туу-ралуу мыйзам тарабынан бекитилген, бирок буга чейинкиден айырмаланып мый-зам ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына карап бөлүштүрө башта-ган. Бул болсо облусту жана районду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-ры үчүн грант бөлүштүрүү иши аралашуусун бир кыйла азайткан.

Кыргызстанда республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке бөлүнгөн гранттардын үч түрү бар: категориялык, теңдөөчү жана стимулдаштыруучу.

Жергиликтүү бюджеттин кирешесинин олуттуу үлүшүн категориалык гранттар камсыздайт.

Категориялык гранттар – бул максаттуу багыттагы трансферттер. Алар белгилүү бир кызматтардын минималдык көлөмүн камсыздоого багытталган. Ушул тапта категориялык гранттар билим берүү тармагынын базалык кызмат көрсөтүүсүн каржылоого жумшалат. Алар жыл сайын республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилип турат.

Ушул тапта категориялык гранттар билим берүү тармагында эмгектенген кыз-маткерлердин маянасын жана социалдык камсыздандыруусун каржылаганга гана багытталган.

Буга чейин айтылгандай, Каржы министрлиги 2006-жылга чейин облустар жана алардын жалпы фондуна категориялык гранттардын көлөмүн белгилеп келген. 2007-жылдан тарта категориялык гранттардын көлөмү ар бир жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органы үчүн белгиленип калды. Категориялык гранттардын жал-пы көлөмү билим берүү тармагындагы мекемелердин маяна керектөөсүнө эсеп-телип пландаштырылат (мектеп мугалиминин маянасы жана социалдык камсыз-дандырууга төлөмдөрү ар бир айыл өкмөтүндө республикалык бюджеттен алын-ган категориялык гранттын эсебинен каржыланат).

Теңдөөчү гранттар – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-ры тарабынан өз көз карашына ылайык колдонула ала турган трансферт-тер. Бул каражаттарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ал-дынча социалдык-экономикалык саясатты жүргүзүү үчүн корото алат. Адат-та аларды ошол маалдагы чыгашаларды каржылоого багытташат. Теңдөөчү гранттардын жалпы көлөмү республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жа-раша пландаштырылат.

Өкмөт теңдөөчү гранттарды республиканын кайсы бир аймагынын чыга-шаларын орточо деңгээлге жеткирүү үчүн колдонот. Жергиликтүү чыгаша-лар ошол аймактын калкынын санына, тургундардын жаш курагына, эконо-микалык өнүгүүсүнө жараша олуттуу өзгөрүшү мүмкүн. 2007-жылдан тар-та теңдөөчү гранттардын көлөмү республикалык бюджет тууралуу мыйзам тарабынан ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга жараша бөлүнө баштады.

“Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери туу-ралуу” мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына стимулдаш-тыруучу гранттарды бекитет. Бул каражаттар капиталдык чыгымдарга жана башка атайын максаттарга колдонулушу мүмкүн. Стимулдаштыруучу грант-тар жергиликтүү органдарга өкмөт менен биргеликте үлүштүк каржылоонун негизинде артыкчылыктуу багыттарга кеткен чыгымдарды жабууга жумашал-са болот. Кошумча каражат алуунун мындай шарттары жергиликтүү органдар-ды гранттарга кошумча өз ресурстарын да колдонууга түртөт. Мисалы, эгер-де айыл өкмөтү мектептин чатырын оңдоону чечсе жана буга жергиликтүү

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 19: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

19© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

бюджеттен ремонттун 60 пайызы гана каржыланып атса, анда ал калган 40 пайызды республикалык бюджеттеги стимулдаштыруучу гранттын негизин-де бүтүрүп берүүнү өтүнүп, арыз жаза алат.

Капиталдык кирешелер Жергиликтүү бюджеттин негизги киреше булактарынын бири – жергиликтүү

жамааттардын муниципалдык менчик объектилерин сатуудан түшкөн пайда болуп эсептелет. Муниципалдык менчикке социалдык-маданий, чарбалык объектилер (ооруканалар, клубдар, китепканалар, мектептер ж.б.) кирет. Мындан тышкары муниципалдык менчикке жергиликтүү жамааттын бардык кыймылдуу жана кыймыл-сыз мүлктөрү, жерлер, бюджеттик жана бюджеттик эмес фонддор, муниципалдык баалуу каганздар да кирет. Мисалы, эгерде муниципалитет сынактын негизинде өз менчигиндеги жер тилкесин сатса, анда андан түшкөн пайда капиталдык киреше деп саналат.

Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчиги жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдарга карайт. Аны колдонуу тартибин тиешелүү нормативдик укуктук актылардын негизинде жергиликтүү кеңеш аныктайт. Жергиликтүү кеңеш муни-ципалдык менчиктеги объектти кеңештин уруксаты менен сатууга жол ача алат.

Жергиликтүү бюджеттин чыгашасыУчурдагы чыгашалар Ар кайсы өлкөлөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мак-

саттары жана функциялары ар түрдүү. Кыргызстанда, дүйнөнүн бир топ башка өлкөлөрүндөгүдөй эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коммуналдык кызматтарды көрсөтүү үчүн жооп берет. Мисалы, жергиликтүү деңгээлдеги жол-дордун ишин камсыз кылуу жана көчөлөрдү жарыктандыруу, суу менен камсыздоо жана канализация, таштандыларды жыйноо, аймакты көрктөндүрүү жана жашыл-дандыруу, маданий жана спорттук мекемелердин ишин камсыздоо ж.б.

Түрдүү өлкөлөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функция-сындагы айырмачылык алардын социалдык тармак, башкача айткан билим берүү жана саламаттыкты сактоо үчүн жоопкерчилигинин деңгээлинде турат. Кээ бир өлкөлөрдө бул кызмат көрсөтүүлөр бир гана мамлекет тарабынан каржыланса, башка өлкөлөрдө ар кайсы даражадагы бюджеттер менен биргеликте, ал эми ай-рым өлкөлөрдө мунун бардыгы жергиликтүү бюджетке жүктөлүп, борбордук бий-лик болгону көзөмөл жүргүзөт.

Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагынын гана чыгашалары республика-лык бюджеттен каржыланат. Анткени мамлекет мектептеги билим берүүгө кепил-дик берип, бул кызматты көрсөткөн үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-дарына категориалык гранттарды бөлүп берет. Категориялык гранттардын эсеби-нен мугалимдердин маянасы төлөнүп, социалдык камсыздандырууга төлөмдөр жөнөтүлүп, башталгыч класстардын окуучулары үчүн тамак каралган. Жергиликтүү бюджеттер калган күнүмдүк чыгашаларды төлөйт.

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 20: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама20

Жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын 2000-жылдын орто чендериндеги бол-жолдуу структурасы (облустук жана райондук бюджеттер камтылган)

Жалпы чыгашалар 100,0%Жалпы маанидеги мамлекеттик кызматтар 12,2%Коргонуу жана коомдук тартип 1,9%Билим берүү 58,4%Саламаттыкты сактоо 5,2%Социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыздоо 4,7%Турак-жай жана коммуналдык чарбачылык 10,6%Эс алуу жана маданий-диний ишмердүүлүк 4,3%Айыл чарба, суу жана токой чарбачылыгы, балык уулоо жана аңчылык 0,4%Тоо-кен өнөр жайы жана минералдык ресурстар 0,0%Транспорт жана байланыш 0,6%Экономикалык маанидеги башка кызматтар 0,2%Негизги топко киргизилбеген чыгашалар 1,6%

Капиталдык чыгашалар Капиталдардын салымын каржылоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдары төмөнкү булактар аркылуу ишке ашыра алат: учурдагы чыгашаларга ошол маалдагы кирешелер үстөмдүк кылганда түшкөн каражат; баалуу кагаздарды чыгаруу же насыя алуу; өкмөттүн трансферттери, гранттар; ыктыярдуу төлөмдөр, кайрымдуулук ж.б.

Жергиликтүү бюджеттердин айкындуулугуБюджетти түзүү жана аткарууда жарандардын көзөмөлү жана таасири ар кан-

дай формада болушу мүмкүн. Мисалы, айрымдары нормативдик-укуктук базада бекитилген коомдук угуу түрүндө болот. Каржы министрлиги жыл сайын чыгарып келаткан Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча тескөө тууралуу до-кументте (“Бюджеттик циркуляр”) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аталган министрликке коомдук угуу процессинен өткөн бюджет долбоорлорун тапшырууну талап кылат. Мындан сырткары бюджет тууралуу маалыматты ачык айтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык-экономикалык негиздери, бюджеттик укук, маалымат алуу укугу тууралуу мыйзамдар тарабынан милдеттендирилген. Бул документтерге ылайык, коомдук угуулар - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан формалдаштырылган процедура. Мындан башка дагы бир нече түрлөрү бар: такчаларда маалымат илүү, маалымат каражаттарында жарыялоо (бул бир топ айылдык муниципалитеттерде аз колдо-нулат) жана жарандар чогулган жыйындарда, чогулуштарда айтуу.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, бюджет процессине коом-ду тартуу жана аны маалымдоо максатында көпчүлүк учурда бюджеттин көчүрмөсү айыл өкмөтүнүн имаратынын алдында илинет. Бюджет тууралуу маалыматты Ош облусунун айыл өкмөттөрүндө (84%) көбүрөөк көрүүгө болот. Жалал-Абад облу-сунун айылдарында – 78%, Баткен облусунун айылдарында – 77% түзгөн. Башка облустарда 73 пайыздын тегерегинде болгон.

Бюджет боюнча коомдук угуулар Оштун муниципалитеттеринин 73 пайызын-да, Баткендикинде 68 пайызды түзсө, Ош облусунда 47 пайызды гана көрсөткөн. Башка облустарда 77 пайыздын тегерегинде болгон.

Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жогоруда айтылган эки механизм-дин эффективдүүлүгүн салыштыра келгенде, албетте коомдук угуулар алда кан-ча таасирдүү болоору айдан ачык. Себеби мында жарандар өз каалоолорун жана талаптарын ачык айтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул алкактан алып караган-да Жалал-Абад облусунда жарандарды бюджеттик процесске тартуу деңгээлин канааттандырарлык эмес десе болот.

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 21: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

21© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

Ошентсе да дагы бир маселе актуалдуу бойдон калууда: адатта коомдук угуу-ларга мамлекеттик кызматкерлер, бюджеттик мекемелерде иштегендер келет, ал эми тургундар мындай иш-чараларга негизинен барбайт. Буга жарандардын бюд-жеттик процесс, ал тууралуу маалыматтын коомдун жашоо шартына тийгизе тур-ган таасири, кайсы бир нерсени өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ишенбестик себеп бо-лууда. Мындан улам донордук жардамдын кайсы бир бөлүгү жарандардын бюд-жет тууралуу билимин жогорулатууга багытталса жакшы болмок. Муну менен жа-рандар жергиликтүү бюджетти түзүү жана көзөмөлдөө ишине тиешеси бар бол-гонун сезмек.

Жогоруда келтирилген маалыматтардан улам айылдык муниципалитеттерге төмөнкүлөр зарыл:

• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз алдынчалык шарттар-да бюджетти башкарууда жөндөмүн арттыруу;

• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жарандык коомдун ортосунда өнөктөштүк мамилелерди орнотуу;

• жарандар тарабынан бюджеттик маалыматка болгон талапты күчөтүү; • жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруунун максаттары менен принцип-

тери тууралуу жарандардын, коомдук уюмдардын түшүнүгүн жакшыртуу. Мындан сырткары жарандарга бюджеттик сандарды гана эмес, ошол сандар-

дын артында эмне тураарын жеткирүүдө жаңы формаларды издөө зарылчылы-гы жаралды. Мында расмий иш-чаралар менен гана чектелүүгө болбойт, себеби жаңы чыгармачыл формалар зарыл. Мисалы, билим берүүнү каржылоо боюнча мектептерде класстык сааттарды жана ата-энелердин чогулушун, коммуналдык кызматтар боюнча бюджеттик ишембиликтерди өткөрүп, плакаттарды, китепче-лерди чыгарып, спектаклдерди уюштуруп, сүрөт сынагын жарыяласа болот. Бул жерде каалоо гана болсо, фантазияга чек жок эмеспи.

Бюджетти түзүү жана аткарууда коомчулуктун көзөмөлүнө байланыштуу дагы бир жагдай бар. Бул – жергиликтүү кеңештин түздөн түз иши. Мында эки учурга көңүл буруу керек: 1) учурдагы бюджетке калк менен талкууланган жана зарыл деп эсептелген өзгөртүүлөрдү киргизүү процесси жана 2) бюджеттин аткарылышы туу-ралуу отчетту сын көз караш менен карап чыгуу. Адатта бюджетке өзгөртүүлөр ко-омдук талкуу уюштурулбастан эле киргизилет жана депутаттар башчынын сунушу менен эч ойлонбостон макул болот. Бюджетке өзгөртүүлөр жергиликтүү кеңештин сессияларында макулдашылбай туруп эле киргизилген учурлар да жок эмес.

Ушундан улам муниципалдык каржылыкты башкаруунун сапатын жогорулату-удан сырткары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюд-жеттин айкындуулугун камсыз кылуу механизмдерине көңүл бурушу абзел. Бул болсо муниципалитеттин тургундары арасында колдоо да таап, коррупцияга бай-ланыштуу шектенүүлөрдү да четке кагуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү маселесиӨз алдынча бюджетти түзүү мүмкүнчүлүгү жана анда бекитилген киреше

булактардын болушу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги принциптеринин бири. Өз алдынча бюджет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына функцияларын аткарууда, ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдери тууралуу жергиликтүү жамааттын алдында жооп берүү үчүн өтө зарыл.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоо жылдары нормативдик-укуктук актылар ЖӨБнун каржылык көз карандысыздыгын кепилде-ген механизмдерди бере алган жок.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мурдагыдай эле өз алдынча ре-алдуу бюджетке ээ боло албай келишет. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелүү

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 22: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама22

бөлүгү буга чейин болуп келгендей эле негизги кирешелердин эсебинен эмес, те-скелген кирешелерди которуу жолу менен ишке ашууда. Кыргыз Республикасы-нын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрация тууралуу” мыйзамда тастыкталган ыйгарым укуктар иш жүзүндө сакталбай келет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу жана аларды каржылоо үчүн бюджеттик ка-ражатты жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыгына төп келбеген нукта иш жүзүнө ашырууга мажбур. Бул болсо ушул күнгө чейин мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана аны каржылоо механизмдери иштелип чыга электигине бай-ланыштуу болууда. Башкача айтканда, мамлекет жергиликтүү өз алдынча башка-руу органдарына өзүнүн функцияларын жүктөп жатканы менен, ал үчүн керектүү деңгээлде каржылабайт. Ошол эле маалда мындай ыйгарым укуктардын көлөмү азайбастан, тескерисинче, көбөйүүдө, ал эми мамлекет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жаңы тапшырмаларды берүүдөн тартынбай келет. Мисалы, Ош облусунун кайсы бир районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-на жолбун иттерди атуу тууралуу тапшырма берилген. Бирок бул үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында каражат да, кадр да жок, ал эми бул болсо мам-лекеттик тиешелүү кызматтардын милдетине кирет. Ошол эле маалда айылдык муниципалитеттер аягына чейин жергиликтүү жамааттардын муниципалдык мен-чиктерин түзүп чыга элек, себеби объектилер жана жер үчүн муниципалдык мен-чикти каттоого алуу үчүн аларда каражат жетишпейт.

ЖӨБ үчүн мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдарынын ортосунда эффективдүү кызматташуунун, ыйгарым укуктар-ды бөлүштүрүү өңдүү маселелерде макулдашуунун жоктугу эң оор маселелердин бири бойдон кала берүүдө.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, жергиликтүү өз алдын-ча башкаруу органдары материалдык, финансылык жана башка нерселерди ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ыйгарым укуктарга ээ боло алат. Мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишим-дин негизинде берилсе болот.

Иш жүзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жергиликтүү бюджетти колдонуп жа-тат, бирок анда мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоо каралган эмес. Мын-дан улам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жасай турган иштерди аткарганы менен бирок бул иши үчүн акы албайт.

Мындан сырткары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн тармактык мыйзамдарга байланыштуу кошумча милдеттер бар. Мисалы, “Мамле-кеттик социалдык камсыздандыруу боюнча тиешелүү төлөмдөр тууралуу” мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын Чарбалык жерлерди бөлүштүрүү фондуна тиешелүү жерлерди ижарага алган дыйкандардан камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга милдеттендирет. Ошол эле маалда “Кыргыз Республикасынын Социалдык Фонд тууралуу” мыйзамына ылайык, камсыздандыруу төлөмдөрүн чо-гултуу функциясын Социалдык фонд ишке ашырат. “Билим берүү тууралуу” мый-замы да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өтө көп милдеттерди жүктөгөн.

Мыйзамдагы карама-каршылыктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-дарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды да, жергиликтүү деңгээлдеги маселелер-ди чечүү үчүн да каражат алууга тоскоол болууда. Муниципалитеттер мындай ма-селелерди өздөрүнүн каржы булактарынан чечүүгө мажбур. Бул болсо мамлекет-тик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарынан четтеттүүдө. Жыйынтыгында көпчүлүк, өзгөчө айылдык муниципалитеттер дота-

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 23: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

23© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

циялык болуп калууда. Себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше по-тенциалы төмөн, мындан тышкары жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү мамле-кеттик милдеттемелерди ишке ашырууга жумшалып, ал үчүн республикалык бюд-жеттен акча каралыш керек эле, бирок бул каражат төлөнүп берилбейт.

Мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарга карата бул нер-се кантип ишке ашып жатканын түшүнүү өтө маанилүү. Иш жүзүндө эки негизги ыкма бар: бюджет тууралуу мыйзамдын негизинде, башкача айтканда бир гана жылга, же такай иштеген мыйзамдардын негизинде.

Ошентсе да мамлекеттик ыйгарым укуктар мыйзамдан тышкары жолдор менен өткөрүлүп берилген учурлар да кездешет. Мисалы, бул аскердик каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана социалдык маселелер боюнча адистин функциясына кара-та орун алган. Аларга атайын ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилбестен, штаттык формулярда кошумча бирдиктер гана бекитилген. Бул болсо “ЖӨБ жана ЖМА ту-уралуу” мыйзамды бузуу болуп саналат.

Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү функциясына жалпы саясий көзөмөлдү ошо-ну ишке ашырып жаткан бийлик жүргүзүш керек. Эгерде муниципалитетке тиги же бул кызматты көрсөтүү тууралуу ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилсе, ал кызмат-ты көрсөтүүдө колдонулчу ыкма көз карандысыз тандалып алынышы маанилүү. Иш жүзүндө мындай укук муниципалитеттерде жок, борбор муниципалитетти эм-нени жана кантип каржылоосу керектигин өз алдынча чечип коет. Муну “Коомдук тартип жана коргонуу” деп аталган бөлүмдүн каржыланганы тастыктап турат. Анда киреше жагынан эң чабал деп эсептелген муниципалитеттер да маянаны, жабдуу-ларды ж.б. каржылайт, ошол эле учурда бул болгону көмөк көрсөтүү деп жазылган.

7. Консолидацияланган бюджет

Консолидацияланган бюджет – бул кайталанма эсепсиз киреше жана чыга-шаларды кайталаган республикалык жана жергиликтүү бюджеттер (бул гранттар, мисалы, категориялык грант).

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер жалпы бюджеттик классифика-цияны колдонот жана алардын алып келүү кыйын эмес. Негизгиси кайра-кайра кайталанган ошол эле суммалардын эсебин алып салуу керек.

8. Өнүгүү бюджети

Өнүгүү бюджети – бул капиталдык чыгашалардын бюджети. Аны пландоодо-гу баштапкы базасы катары Мамлекеттик инвестиция программасы колдонулат. Ал өзүнө мамлекеттин катышуусундагы инвестициялык долбоорлорду камтыйт.

Аларды каржылоо ички жана тышкы булактардан пландаштырылат. Долбоор-лордун сырткы каржылоосу – мамлекет аларды ишке ашыруу үчүн тышкы креди-торлордон карыз алат дегенди түшүндүрөт.

Мамлекеттин капиталдык чыгашаларын өнүгүү бюджетинде жана мамлекет-тик бюджеттин учурдагы чыгашаларында бөлүп пландоо кайсы чыгымдар карыз-дардын эсебинен каржыланса болоорун так аныктоого шарт түзөт. Анткени ке-лечекте капиталдык чыгашалар бюджеттин киреше базасынын өсүшүн камсыз-дайт, ал эми күнүмдүк чыгашалар үчүн карыз албаш керек. Насыялардын эсеби-нен күнүмдүк чыгашаларды толуктоо үчүн алынган каражат кийинки муун үчүн оор жүк болуп калат.

Өз алдынча өнүгүү бюджети кымбат баалуу жана узак мөөнөттүү программа-ларды жана долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөрүн унутпаш керек. Капитал-дык чыгашалар коомчулук кийин көп жылдар бою колдоно турган объектилерди

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 24: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама24

түзүү жана даярдоого багытталган. Өнүгүү бюджети боюнча ишке ашкан белгилүү долбоорлор болуп Бишкек – Ош, Тараз – Талас – Суусамыр жолдорун калыбы-на келтирүү, суу менен камсыз кылуучу системаны, шаар көчөлөрүн оңдоо иште-ри эсептелет.

9. Мамлекеттик карыз

Бюджеттеги каражаттын жетишсиздигинен улам мамлекет тарабынан алынган бардык карыздар мамлекеттик карызды түзөт.

Мамлекеттик карыз – өлкөнүн юридикалык жана физикалык тараптары, чет өлкөлөр, эл аралык уюмдар жана башка субъектилердин алдындагы карыз бол-гон милдеттемелери.

Топтолуп отуруп мамлекеттик карыз экономика үчүн оор жүк болот. Мамлекет-тик карыздын кесепетинен жаралган негизги маселелер:

• Негизги карызды жана ал боюнча үстөк пайызды төлөөгө ири өлчөмдөгү чыгашалар кетет, бул болсо учурда зарыл болгон керектөөлөрдү каржыло-одон алагды кылат (мисалы, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тар-мактарынын муктаждыктары, мамлекеттик кызматкерлердин маянасын жо-горулатуу ж.б.).

• Мамлекеттеги салыкты азайтуу иши объективдүү себептерден улам артка жылдырылып келет. Тышкы карыздын жүгү азыркы гана эмес, кийинки му-унга да өтө берет.

• Жеке тармак үчүн ички насыялык ресурстардын көлөмү азаят, ошол эле учурда сырткы рынокко кирүүдө тоскоолдуктар болот.

• Инфляциянын өсүшү жана ишкана, компаниялар үчүн берилген насыялар-дын үстөк пайызынын жогору болушу улуттук экономикадагы туруксуздук-ка алып барат. Экономиканын өнүгүү потенциалы кыскарат.

Бул маселелердин көбү Кыргызстанда орун алган. Мамлекеттик карыз ички жана тышкы болуп экиге бөлүнөт. Мында айырма:

кредиторлор чет өлкөлүкпү, же өлкөнүн ичинде жайгашканындабы.Кыргызстандын мамлекеттик карызынын ири көлөмүн тышкы карыз түзөт.

2006-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттин тышкы карызы 1,9 миллиард АКШ долларын түзгөн. Ири кредиторлор жана грант берүүчүлөр болуп Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта кору, Жапония элчилиги, Орусия, Түркия жана Германия болуп саналат. Алар берген насыянын өлчөмү Кыргыз Ре-спубликасынын тышкы карызынын 93 пайызын түзөт, анын 63 пайызы Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана Эл аралык валюта кору тарабынан берилген. Бул маселени чечүү үчүн өкмөт сырткы карызды реструктуризация боюнча иш алып барды. Реструктуризация карызды төлөө шарттарын жеңилдетүүнү карайт. Ага ылайык, негизги карыз бара-бара жоюулуп, же кыскартуу жолдору каралган. Буга байланыштуу Түркия, Пакистан, Орусия жана Казакстан менен келишимдерге кол коюлду. Тышкы карыз бир топ азайды, анткени өкмөт тышкы рыноктон алган ка-рыздын көлөмүн кыскартты. Мамлекеттин ички карызы 2006-жылдын 31-декабры-на карата 6,9 миллиард сомду түзгөн (тышкы карыз сом менен эсептелет, бирок маалымат үчүн айта кетели: 2006-жылдын 31-декабрына карата 1 доллар 38,12 сомго барабар болчу). Ички карыздын ири бөлүгүн Улуттук банкка тиешелүү. Ка-рыздын негизги бөлүгү учурда баалуу кагаздарга айландырылган. Баалуу кагаз-дар боюнча карыз ички карыздын 89 пайызын түзөт.

Сандар бийлиги же

сандар бийлик тууралуу

Page 25: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

25© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

2010-2011-жылдары “Кыргызстан-Сорос” фондусунун бюджет айкындыгы жана отчеттуулугу программасы колдоого алган долбоордун алкагында, КФБ пресс-клубу Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн бюджеттик темалар боюнча бир катар билим жана маалымат берүү иш-чараларын уюштурган. Бул өнөктүктүн жыйынтыктоочу бөлүгү катары журналисттер арасын-да уюштурулган “Бардыгы үчүн бюджет” деп аталган сынак болду.

Сынакка өтө көп материалдар (300дүн тегерегинде) түшүп, бул бюджеттик маа-лыматты чечмелөөнүн практикалык мисалдарынын ири базасын түзүүгө өбөлгө бол-ду. Гезиттерде, маалымат агенттиктеринин интернет барактарында жана интернет ба-сылмаларда жарыяланган материалдар жалпысынан калсытар тобунун жакшы баасы-на татыды. Ага ылайык, экономиканын кайсы бир тармагынын бюджетин түзүү жана аткарууда пайда болгон маселелер, темаларды ар түрдүү адистерге кайрылып, бир нече пикирлерди чагылдырган журналисттерди иштери өзгөчө баалуу болгон. Жан-ры боюнча бул адатта маектер, белгилүү адамдардын ой-пикирлери менен толуктал-ган макалалар же гезиттин бир бетин ээлеген талкуулар болгон. Мындай талкуулар-ды мисалы “Вечерний Бишкек” гезити көп уюштурат. Бирок мындай иштерде журна-листтин өзү көрүнбөй калып, ал редактор же стенографисттин ролун гана аткарып ка-лат. Бул болсо экономикалык темага макала жазууга даярданып жатканда журналист же атайын, же тажырыйбасынын аздыгынан улам аналитикадан качып, бардык сөздү адистерге же маектешине берип коет. Алар адистердин бүтүмү бири-бирине кайчы-лаш келип турса да аны талдап көрүүгө аракет жасабайт. Кыргыз экономикалык жур-налистикасынын эң башкы көйгөйү мына ушунда – ар ким өзүнүкүн туура деп эсеп-тей берет, ал эми журналист чындыкты билүү үчүн терең “казгысы” келбейт.

Бул маалыматнаманын авторлору сынактык комиссиянын ишине катышып, учурдагы жана болочокку журналисттерге абдан ийгиликтүү жана андай эмес ма-калалардын мисалдарынан турган практикумду, мындан сырткары бюджет тема-сына байланыштуу талкуу жана маек үчүн зарыл боло турган суроолорду, прак-тикалык тапшырмаларды даярдады.

Бюджет темасына жазылган макалалардын үлгүлөрүҮлгү болчу макалалар

“Коррупциянын эки төрө. Биздики кайсынысы?” аттуу макалаБул макалада автор Келечектүү иштер борборунун жетекчиси Чыңгыз Шамши-

евден көмүскөдөгү экономикалык кырдаалга баа берүүнү өтүнгөн. Адистердин пи-киринде, көмүскөдөгү экономика өлкөнүн ички дүн продукциясынын көлөмү туу-ралуу расмий маалыматтын жарымынан аз. Эч ким бул көрүнүштүн чыныгы мас-штабын так айта албайт, бирок ал көйгөйлүү маселе болгонун өкмөт да, ишкер-лер да мойнуна алат.

“Шамшиевдин пикири боюнча, өкмөт мамлекеттик бюджетти каржы-лоо үчүн кошумча каржылоо булактарын табууга аракет кылып жаткан чакта, башкы көңүлдү көмүскөдөгү экономикага буруу зарыл.

- Мен бул тууралуу дайыма эле айтып келем: бюджеттин чыгаша бөлүгүндө да, киреше бөлүгүндө да коррупция бар,-дейт экономика илим-

Массалык маалымат каражаттарынын

бюджеттик практикуму: мисалдар, темалар, суроолор

Массалык маалымат

каражаттарынын бюджеттик практикуму

Page 26: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама26

деринин доктору Чыңгыз Шамшиев. – Киреше бөлүгүндө дегеним, мисалы сиз 100 миллион жыйнай аласыз, бирок колуңузга болгону 20 тиет, ал эми калган 80 чонтөктөрдө жок болот. Чыгаша бөлүгүндө коррупция – бул сиз ошол жүздүн баарын бюджетке киргизгенден кийин ал толугу менен бюд-жетте көрсөтүлөт. Анан сиз ал каражатты корото баштайсыз: бак отур-гузасыз, жол курасыз: сиз буга байланыштуу заказдарды жубайыңыздын, же эжеңиздин ысымына жазылган компанияларга тапшырасыз. Сөзсүз эле ба-аларын жогору көрсөтүү керек эмес. Болгону сиздин компанияңыз тендер-де утуп алышы керек. Ошондо базар баалары менен белгиленсе да сиз пай-да көрөсүз. Жемкорлорго да жакшы, кайсы бир деңгээлинде элге да жакшы. Коррупциянын экинчи түрү мындан да цивилдүү жана татаал. Мен албет-те аны колдобойм, болгону түшүндүрүп жатам. Эгерде карасаңар, Кыргыз-станда 2004-жылдан 2010-жылга чейин бюджет дээрлик 4 эсе өскөн. Эгерде 2004-жылы ага болжол менен 350 миллион доллар киргизсе, 2010-жылы бол-жол менен 1 миллиард 400 миллион долларды түзгөн. Бул өсүштү эмне ме-нен түшүндүрсө болот? Буга экономикалык өсүштүн да, инфляциянын да тиешеси жок. Бул адегенде бюджетке көбүрөөк акча киргизилип, аны баш-ка жол менен кымыра баштаганы менен түшүндүрүлөт.

Шамшиевдин айтымында, бул өтө жогору потенциалдан кабар бе-рет. Аны болсо көмүскө экономиканын эсебинен бюджетте көп каражат киргизүү үчүн колдонсо болот.

- Ошондо көмүскө экономиканын өкүлдөрү жаңыча иштегенди үйрөнүп алса, жаңы системага ылайыкташып кетет,-деп эсептейт Чыңгыз Шамши-ев. – Албетте бул жерде аргасыз “сындыруу” усулун колдонууга туура келет. Бирок бул коррупция менен айоосуз күрөшкө караганда жумшак жана реалдуу “сындыруу” усулу болот. Мында өтө олуттуу саясий кысым зарыл. Балким бажы, салык жетекчилерине карата мындай ыкманы колдонсо болот: эгер-де кызматында калгысы келсе, салык жыйымдарынын көрсөткүчүнө байлап коюш керек. Балким бул шарттар жазылган эмгек келишимин түзүш керек. Чогултулган салыктын көлөмүнө жараша ал жетекчини же жазалап, же мак-таш керек. Бул албетте жетекчи болгусу келгендер үчүн чоң тобокелчилик, бирок ошону менен бирге иштин көзүн таппаган башчыларды алыс кармайт.

Шамшиевдин ишениминде, эгерде бажыканаларды катуурак кыса түшкөндө киреше бери дегенде 3 эсе өсөт. Ал эми бул болсо Кыргызстан үчүн өтө чоң каражат. Ушундай эле ыкманы салык системасына да кара-та колдонуш керек”.

Бул көлөмү жагынан чакан эле макала, бирок анда көтөрүлгөн тема Кыргыз-стан үчүн өтө актуалдуу. Автордун жолу болуп, ага өз ишин мыкты билген маек-теш кезиккен экен. Чыңгыз Шамшиев журналисттин ишин жеңилдетиш үчүн дээр-лик бардыгын жасаган экен: түшүнүктүү деңгээлде көмүскө экономикада жашы-рылган резервдер тууралуу айтып берген. Мындан сырткары аны ал жактан чы-гаруунун жолдорун да көрсөткөн. Ушул тапта Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү эко-номист Шамшиев айтып жаткандарды иш жүзүндө аткарууга аракет жасап келет. Бирок министрлер кабинети саясий эркин көрсөтө албай жатат, анткени фискал-дык органдар тарабынан да, ишкерлер чөйрөсүнөн да каршылык көрүп келүүдө. Бул макала эмнеси менен баалуу? Мында статистикалык маалыматтар, экономи-калык терминдер жок, ал эми тема толугу менен ачып берилген.

“Патенттер: казак тажырыйбасы пайдалуу болот” деп аталган макала“Салык төлөмдөрүнө байланыштуу маселени чечүүдө ишкерлер

эмне сунуш кылат? Бери дегенде казактардын механизмин карап, ошону өзүбүздө иштетүүгө аракет жасап көрүүнү.

Массалык маалымат

каражаттарынын бюджеттик практикуму

Page 27: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

27© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

- Казакстанда салыкты күн сайын базарда иштеген адам чогултат. Ал ар бир соодагерди айланып чыгып, белги коюлган кагаз берет,-дейт Кыр-гызстандын иш берүүчүлөр конфедерациясынын мүчөсү Владимир Боро-давкин. – Салыкчы базардын бухгалтериясы менен гана сүйлөшөт, ал эми күнүмдүк төлөмдөрго соода аянттарынын ижарасы кирет. Патенттин баасы жана базардан түшкөн киреше. Мына ушулар бюджетке түз жибе-рилет.

Бул жерде психологиялык учур да бар: күн сайын аз өлчөмдөгү акча-ны берип турган айына бир жолу барып ири сумманы төккөнгө караганда жеңил. Анын үстүнө мындай ири сумма ошол маалда чөнтөктө болбой ка-лышы мүмкүн. Баса, Бородавкиндин пикири менен кыргызстандык “Дор-дой” базарынын профсоюзунун төрайымы да макул. Дамира Дөлөталиева профсоюз ошол салыкты чогулта турган агент болуп бере алат деп эсептейт. Ушундай эле пикирди Базар жана соода ишканалар бирикмеси-нин аткаруучу директору Алишер Сапарбек уулу карманат:

- Эгерде салык чогултуу укугун бирикмелерге жана профсоюздарга өткөрүп берсе (канткен менен биз өз “талаабызды” жакшы билебиз да), анда силерге биз менен иштешүү жеңил болмок, - деп кайрылды ал Эконо-микалык тескөө министрлигинде салыкчылар өткөргөн тегерек үстөл талкууда.

- Бул таксисттерге да тиешелүү: жаңы иштеп баштаган салыкчылар эртең менен өзүнүн аймактарында тиешелүү кагаздарды тарата баш-тайт, анда айдоочунун күбөлүгү, аты-жөнү, суммасы көрсөтүлөт, - деп улантат Бородавкин.

Баса, казактарда патентти гезит күркөлөрүндө эле сатып алса бо-лот. Алишер Сапарбек уулунун айтымында, кризис жылдары патент дай-ыма жардамга келген, андыктан аны ишмердүүлүктүн дээрлик бардык түрлөрүнө колдонсо болот.

- Азыр патенттин түрлөрүн кыскартуунун кажети жок,-деп эсептейт ал. – Жада калса патенттин баасын төмөндөтүш керек. 2-3 үч жыл биз чыгаша үчүн иштешибиз мүмкүн, бирок кардарлардын базасы топтолгон-до салык төлөмдөрүнүн да көлөмү өсөт”.

Макалада казактардын ишкерлерден чогулткан салык тажырыйбасынын сүрөттөлүшүнүн өзү кызык. Биринчиден, “Дордойдогу” соодагерлер кайсы соода оруну кимге тиешелүү болгонун, ким толугу менен салык төлөөрүн, ал эми ким-ди салык инспекторлору айланып өтөөрүн фискалдык органдарга караганда жак-шы билишет. Анткени алар же “өз кишилер”, же бийликтеги кайсы бир аткаминер-ге тиешелүү.

Экинчиден, алар салыкты өздөрү чогултуп, муну менен салык инспекторлору-на кеткен чыгымды үнөмдөөнү сунуш кылууда. Үчүнчүдөн, бул көрүнүш коррупци-янын төмөндөшүнө алып келет.

Бул макалада көтөрүлгөн тема дагы бир тарабы менен да өтө маанилүү: бүгүн фискалдык органдарга салыкты чогултуу системасын жакшыртуу тапшырмасы берилген. Өкүнүчтүүсү, окурман фискалдык органдардын өкүлдөрүнүн жана бул сунушка карата өкмөттүн пикирлерин билбей калды. Автор муну сурай да алмак, билиши да керек болчу, ошондо бул маселеге карата пикирлердин топтому мын-дан да кеңири болмок.

Өзгөрүүлөргө муктаж үлгүлөр“Кетмен менен айыл чарбасын бутуна тургузуп, канал кура албайсы”

Гезиттин бир бетине Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик коми-теттин төрагасы Баратали Кошматовдун маеги жарыяланган. Ал толугу менен

Массалык маалымат

каражаттарынын бюджеттик практикуму

Page 28: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама28

айыл чарба көйгөйлөрүнө, тагыраак айтканда ирригациянын абалына арналган. Бул тема албетте маанилүү жана бюджетке тиешеси бар. Бирок макала бюджет-ке байланбастан экономиканын бул тармагы тууралуу гана баяндайт. Ал эми жур-налист өз макаласында айыл чарбачылыгын колдоого багытталган мамлекеттик каржылоо жана бюджеттик каражат, ошондой эле агрардык тармактан түшкөн са-лык тууралуу ачып берсе болмок.

“Кимден донордук жардам күтүп жатабыз?” деп аталган макала“Амангелди Муралиев башында турган техникалык өкмөт жылдын ая-

гына чейин бюджеттин дефицитин 23 миллион долларга чейин азайту-уну пландоодо.

- Бүгүнкү күндө бюджеттин дефицити 28 миллиард сомду түзөт, - деди “Кабарларга” Кыргызстандын биринчи вице-президенти. – Жылдын ая-гына чейин биз аны 23 миллион долларга чейин азайтууну каалап жата-быз. Буга байланыштуу биз тиешелүү иш-чараларды иштеп чыгуудабыз. Ошол эле маалда биз бюджеттик уюмдар жана калк алдындагы негизги милдеттерибизди каржылайбыз. Муралиевдин баамында, бул төмөндөө донордук жардамдын эсебинен гана келбейт.

- Ошол эле маалда бюджетти 1,5 миллиард сомго секвестирлөөнүн, ички дүң продукциясынын төмөндөбөшүнүн эсебинен (94,5% деп болжол-донууда) жасайбыз, бирок биз 96,5 пайызга токтото алабыз деп ойлойбуз жана бул 2% бизге жардам берет,-деди Муралиев.

Донордук жардам тууралуу айтсам, сентябрда биз саламаттыкты сактоо жана социалдык керектөөгө Түркиядан 10 миллион доллардык грант жана Дүйнөлүк банк, Германия банкы жана SECOнун биргелешкен 3,3 миллион доллардык грантын алабыз. Октябрда АБРден 40 миллион доллар, Дүйнөлүк банктан 28 миллион доллар жана Евробиримдиктен 3,6 миллион доллар келет. Алар негизинен экономикага, түштүктү калыбы-на келтирүүгө жана бюджетти толуктоого жумшалат.

Буга чейин биз Орусиядан 20 миллион доллар өлчөмүндө гранттык жардам, Казакстан, БУУ жана Дүйнөлүк банктан гуманитардык жардам алганбыз”.

Биринчиден, автор негизги сандарга кош көңүл мамиле жасаган. Башында ал техникалык өкмөт бюджет дефицитин 23 миллион долларга азайтууну каалайт деп айтты. Чындыгында сөз 23 миллиард сом жөнүндө болууда. 23 миллион АКШ доллары – 1 миллиарддан бир аз эле ашат. Андан кийин ушул эле сандар тек-стинде да айтылган. Бул болсо журналист сандардын маанисине “сүңгүп” кирбе-генинен, же болбосо маектеши эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнбөгөнүнөн кабар берет. Экинчи ката: бюджет дефицити жөнүндө айтып жатканда бирде мил-лиард сом деп айтылат, бирде миллион доллар дейт, айтор окурман “бюджет те-шигинин” көлөмү тууралуу маалыматка ээ болбой калды, ал тынчсыздана турган-дай эле дефицит чоңбу?

Бул – ушуга окшогон макала жазууда журналисттерге мүнөздүү болгон ката-лар. Бул учурда автордун дагы бир ката кетирген: ал күмөндүү маалыматтарды техникалык өкмөттүн башчысы айтты дегендей маанайды калтырган.

Белгилей кетчү жагдай, макалада көрсөтүлгөн ар кайсы өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан Кыргызстан алган, же ала турган жардамдардын узун тизмеси бул каражаттар бюджет дефицитин канчалык жабаарын көрсөткөн эмес. Соңунда Амангелди Муралиев бюджетти стабилдештирүү үчүн ички резервдерди издөө тууралуу учкай эле айткан. Бул болсо өкмөттө даяр оокатка көнгөндөй маанай үстөмдүк кылат дегендей сезим калтырат.

Массалык маалымат

каражаттарынын бюджеттик практикуму

Page 29: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

29© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

Макала даярдоо схемаларыЖергиликтүү бюджеттин “Билим берүү” тармагы боюнчаСиз жашаган аймактагы билим берүү объектилерин каржылоо маселесин карап

чыгыңыз. Өзөктүү адамдардан интервью алыңыз (алар кимдер?). Макалаңызда төмөнкү суроолорду карап чыгыңыз:

1. Мектептин кайсы чыгымдары эмненин эсебинен жана кайсы бюджеттен каржыла-нат?

2. Мектепке багытталган акчаны уурдоо мүмкүнчүлүгү төмөнкүлөрдө болушу мүмкүнбү: a. Мектеп директорунда b. Шаар мэринде (айыл өкмөт башчысында) c. Бухгалтерде d. Кассирде e. Депутатта f. Райондук билим берүү органында3. Аталган мектепте бөлүнгөн бюджеттик каражатка мониторинг барбы? Шаарда?

Райондо? 4. Бюджетке кантип таасир эте алат: a. Мугалимдер жана администрация b. Окуучулар c. Ата-энелер d. Жергиликтүү кеңештин депутаттары

Жаңы салык тууралууЖаңы салык киргизилди – мүлккө болгон салык, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдарынын бюджетине толугу менен түшөт жана алардын каржылык көз карандысыз-дыгын камсыздайт. Бул тууралуу күн сайын чыкчу гезитке макала жазыңыз. Макалаңыз үчүн кете турган иштердин планын түзүңүз. Төмонкү суроолорго жооп бериңиз:

1. Сиздин окурманыңыз ким?2. Макала жазууңуздун максаты кандай?3. Башка басылмаларды карап чыгыңыз, бул тууралуу кабарланган бекен?4. Бул мыйзам ким үчүн ыңгайлуу?5. Жөнөкөй окурман бул мыйзамдан эмне табат?6. Ушундай мыйзам башка өлкөлөрдө барбы жана ал кантип иштейт?7. Булактардын тизмесин түзүңүз.8. Макалаңызда бул мыйзамга ар кандай көз карашты чагылдырууга аракет жасаңыз.

Бюджет боюнча интервьюларга суроолорСуроону кимге узатасыз? Бул маселени чече турган аткаминерлердин тизме-

син түзүп алыңыз. Бул тема жана маселе тууралуу чагылдырган гезит, журналдар менен иштеңиз.

Чыгашалар боюнча суроолор• Белгилүү бир мекеменин адиси орточо канча маяна алат? Штаттык тизме опти-

малдуубу? Же ал кыскартылып, болбосо кобөйтүлүшү керекпи?• Кайсы функцияга/экономикалык беренеге бюджеттин эң көп бөлүгү жумшалат?• Каражаттын бир функциядан экинчиге бөлүштүрүлүшүндө кандай тартип колдо-

нулат?• Каражаттын бир экономикалык беренесинен экинчиге которулушунда кандай тар-

тип колдонулат?• Кыскартууга мүмкүн болгон чыгашалар барбы? • Ар бир функция жана ар бир экономикалык берене боюнча чыгашалар өткөн жыл-

кы менен салыштырылабы? Эгерде олуттуу бир өзгөрүүлөр байкалса муну кан-тип түшүндүрсө болот?

Массалык маалымат

каражаттарынын бюджеттик практикуму

Page 30: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама30

• Мекеме тарабынан кандай капиталдык чыгашалар ишке ашырылган? Капиталдык чыгашаларды каржылоодо артыкчылык эмнесине карап берилген?

• Кайсы бир мекеменин чыгашасы тууралуу маалыматты кантип жана кайдан алса болот?

Кирешелер боюнча суроолор• Бюджет үчүн кирешенин кайсы түрү өзгөчө маанилүү?• Салык жыйымдары кандай?• Мекеме кызматтын кайсы түрүн көрсөтүүдө киреше (атайын каражаттар) табат?• Атайын каражаттан түшкөн киреше кандай максаттарга жумшалууда?• Кайсы объектилерди менчиктештирүүдөн бюджетке киреше табуу пландалууда?• Бюджетке салыксыз кирешенин кайсы түрү түшөт деп болжолдонууда?

Жергиликтүү бюджеттер жана бюджеттер аралык мамилелер боюнча суроолор

• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жалпы мамлекеттик салыктан түшкөн кирешенин канчасын алып жатканы тууралуу жетишерлик маалымат бар-бы?

• Жалпы мамлекеттик салыктан төлөмдөр акыркы жолу качан каралып чыкты эле?• Келечекте нормативдик төлөмдөрдө өзгөрүүлөр күтүлөбү, буга негиз барбы?• Теңдештирилген гранттардын жалпы көлөмү кантип аныкталат? Теңдештирилген

гранттарды бөлүштүрүүнүн кандай механизмдери бар?• Категориялдык гранттардын жалпы көлөмү кантип аныкталат? Категориялдык

гранттарды бөлүштүрүүнүн механизмдери кандай?• Жергиликтүү салыктарды чогултуу иши кандай жүрүүдө?• Муниципалдык менчикти ижарага берүү, колдонуу жана сатуудан түшкөн каражат

кантип колдонулуп жатат?• Муниципалдык менчикти ижарага берүүдө тендердик процедуралар айкын

жүргүзүлөбү?• Муниципалдык менчикти колдонуу бардыгы үчүн бирдейби?• Жергиликтүү бюджеттен билим берүү тармагындагы айлык маянага канча пайыз

төлөнөт?• Жергиликтүү бюджеттин кайсы бөлүгү гранттардын эсебинен каржыланат?• Жергиликтүү бюджет стимулдаштыруучу гранттарды алды беле? Алар эмнеге

колдонулган? Кайсы долбоорго катышуу тууралуу чечимди ким кабыл алган?

Бюджет аналитикасынын актуалдуу темалары• Бюджет реалдуулугу.• Борбордон алыстатуу үчүн каржылоо жана бюджеттер аралык мамиле.• Жалпы республикалык салыктарга төлөмдөрдүн нормативдери.• Салыктардын көлөмү жана аны жыйноо көрсөткүчү.• Салык базасынын өсүшү.• Тышкы жардамды эффективдүү колдонуу.• Тармактык бюджеттердин эффективдүүлүгү: билим берүү, саламаттыкты

сактоо, коргонуу ж.б.• Бюджеттеги коррупция.• Бюджеттин орто мөөнөттүү болжолу: жарандардын артыкчылыктары

кантип эсепке алынат.• Бюджетти аткаруу тууралуу отчет.

Массалык маалымат

каражаттарынын бюджеттик практикуму

Page 31: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

31© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

ГЛОССАРИЙЭкономикалык жана бюджеттик

терминдердин жана түшүнүктөрдүн чечмелемеси

«Акчаны адалдоо» – акчанын ээси тарабынан акчалай каражаттардын түшүшүнүн чыныгы булагын жашыруу үчүн жана акчаны алууга толук мыйзамдуу мүнөз берүү үчүн жүргүзүлгөн аракеттер, опе-рациялар. Мында ишенимдүү компаниялар аркылуу акчаларды көп жолу салып жиберүү сыяктуу амалдар пайдаланылат, алардын жүрүшүндө төлөмдүн баштапкы булагы гана «жоголбостон», ошондой эле салыктар жашырылат. Көпчүлүк учурда акчалар накталай акчага айландырылат. Мындан тышкары мыйзамсыз бизнестен алынган акчалар толук легитимдүү жана пайдалуу дол-боорлорго салынат. КРда Россиянын Борбордук банкы «АзияУниверсалБанкты» «ыплас акчалары адалдоо» жагынан айыптаган.

«Арзан» акчалар саясаты – өкмөт жана банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан, кредиттик пайыздын чен-дерин төмөндөтүү аркылуу банктык кредиттерди кеңейтүүгө багытталган саясат. Кыргызстанда ушундай саясат эреже катары, жазгы талаа жумуштары башталардын алдында колдонулат. Өкмөт тарабынан фермерлерге берилген кредиттер адаттагы кредиттерден бир аз арзан болот.

Аванс – келечектеги төлөм же кызматтар эсебине берилүүчү материалдык баалуулук (адатта акча). Ми-салы, кызматкердин эмгек акысынын 30%ын анын айлык акы эсебинен айдын ортосунда жумуш берүүчү тарабынан берилүүсү. Бул иш сапарындагы чыгымдар же товарларды сатып алууга кардар-га банк бере турган, же узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашырууга финансы институттарынын транштары, ошондой эле подрядчы уюмдарга (турак жай обьекттер курулушу, жолдор оңдоосу, чиновниктер жана аскер кызматчылары үчүн мундирлерди тигүү) заказчы которгон акчанын бир бөлүгү

Агенттик – кандайдыр-бир кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга багытталган ортомчу-мекеме (жарнамалык, соода, банктык, маркетингдик,консалтингдик, жумушчуларды жана адистерди жалдоо) мисалы, АРИС же туризм боюнча мамлекеттик агенттик

Агрегирлөө (рынок) - белгилүү бир экономикалык чөйрөдө (валюта рыногунда, биржа торуктарында, товардык, кыймылсыз мүлктө) маркетингдик стратегия тандоо процесси. Ар кандай агрегирлөө негизинде маанилүү ролду ойноочу ар кандай факторлорду талдоо жатат. Алма ширеси үчүн то-вардык рынокту изилдөөдө, мисалы, региондун тургундарынын социалдык жана демографиялык курамы, сатып алуу жөндөмдүүлүгү, калктын керектөө салт-санаасы, бул продукцияны сатуунун көлөмү жана башка факторлор эске алынат.

Агроөнөр жай комплекси (АПК) - тамак аш продутулар өндүрүшүнүн ө байланыштуу экономика тар-мактарынын жыйындысы. Анын структурасына айыл чарбасын жабдуучу өндүрүш каражаттарын даярдоону, транспортировкалоочу, кайра иштетүүчү, сактоону, продукцияны сатып өткөрүүнү ишке ашырат. АПК өнүккөн өлкөлөрдө ,ошондой эле өндүрүш процессинде катышпоочу, бирок өзүнүн ишин натыйжалуу жана туруктуу ишке ашырууга жардам берүүчү инфраструктураларды камтыйт. Бул илимий-изилдөөчүлүк институттар, буудайдын же малдын жаңы сортторун өндүрүү боюнча асыл тукум чарбалары болушу мүмкүн. Байланыштын эң төмөнкү звеносу болуп фермер, дыйкан чарбасы, кооператив, шериктештик болуп саналат.Кыргызстанда Союз тарагандан кийин бул бардык структуралар ортосундагы байланыштардын балансталбагандыгы болуп өттү, ал айыл чарбасынын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизди.

Адамдык капитал – адамдар өзүнүн ишинде колдоно турган ден соолук, күч, билим, кесиптик даярдык жана көндүмдөр.

Адамдын экономикалык укуктары жана эркиндиктери – адамдын конституциялык укуктарынын жый-ындысы, ал адамдын экономикалык чөйрөдөгү юридикалык мүмкүнчүлүктөрүн, жеке менчик укугун (анын ичинде жерге жана интеллектуалдык продуктуларга болгон укугун) мурастоо укугун, ишкердик кылуу эркиндигин (чарбалык демилгесин), эмгектин эркиндигин жана башка эмгектик укуктарды, анын ичинде иш таштоого, ишкананы башкарууга катышууга болгон укуктарын аныктап турат.

Адаттан тыш капиталдаштыруу – акцияларды компаниянын накта активдеринин наркынан ашкан суммада чыгаруу.

Айкын эмгек акы – эсептелген эмгек акы, ал эмгек акыга сатып алууга мүмкүн болгон жыргалчылыктар-дын, керектөө товарлардын жана кызматтардын саны түрүндө аныкталат. Айкын эмгек акы номи-

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 32: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама32

налдуу эмгек акынын өлчөмү катары да, ошондой эле керектелүүчү товарларга жана кызматтарга болгон баалардын деңгээли, ошондой эле эмгек акыдан төлөнө турган салыктар катары аныкталат. Айкын эмгек акы инфляциянын тушунда азаят. Эгерде инфляция эмгек акыны жогорулатуу менен компенсацияланбаса, эмгек акыны индексациялоо жүргүзүлөт.

Активдер (акционердик коом, компания) – акча баасына ээ болгон бардык материалдык жана мате-риалдык эмес каражаттар (банктык эсеп-чоттор, кыймылсыз мүлк, жабдуулар, бренд, автордук укуктар, жеңилдиктер, лицензиялар ж.б.). Биринчи кезекте таза активдер деп аталгандарга көңүл буруу керек, ал акционердик коомдордун бардык активдеринин баланстык наркы суммасынын жана анын милдеттенме суммасы ортосундагы айырымачылык катары аныкталат.

Акциздер – товар наркы кошулуучу кыйыр салыктар жана сатып алуучу тарабынан төлөнөт. Эреже катары, КР акциздери товарлардын төмөндөгү тобунана салык алынат:тамеки буюмдары, спирт, вино-арак продукциялары, баалуу металлдардан жасалган буюмдар, алтын, тери, күйүүчү-майлоочу материалдар. Бюджеттин улутту к киреше бөлүгүнүн структурасында акциз маанилүү ролду ойнойт.

Акционердик коомду башкаруу – коомдун иштерин агымдагы, оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырган жана анын башка ар кандай уюмдары менен мамилелеринде коомдун таламдарын билдирген ат-каруучу орган. Директорлор кеңешине (байкоо кеңешине) жана акционерлердин жалпы чогулушуна отчет берет. Башкармалыктын ыйгарым укуктары жалпы чогулуштун чечими боюнча келишим боюнча тартылган адамдарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Акционердик коомдун директорлор кеңеши - акционердик коомдун, корпорациянын акционерлер тарабынан шайлануучу, акционерлердин чогулушунун аралыгындагы мезгилде коомду башка-руунун принциптүү маселелерин чече турган жана коомдун иштерин оперативдүү башкаруу үчүн башкармалык түзө турган жетектөөчү аткаруучу орган.

Акционерлердин чогулушу – акционердик коомду башкаруунун жогорку органы. Алар уюштуруу, чукул чакырылган, атайын жана кезектүү чогулуштар деп айырмаланат. Акционерлердин чогулушунда кадимки, артыкчылыксыз акциялардын ээлери «бир акция – бир добуш» деген принцип боюнча добуш берүү укугуна ээ болот.

Акция – баалуу кагаз, дивиденд түрүндөгү акционердик коомдордун пайдасынын бөлүгүн алууга анын ээсине укук берет. Ири компаниялардын акциялары рынок наркы боюнча фондулук рыноктордо сатылат. Мисалы, Кыргыз телеком, коммерциялык банктар, «Манас» эл аралык аэропортунун жана кыргыз фонду биржасынын аянты жана башкалар.

Акча базасы – милдеттүү резервдер катары коммерциялык банктарда, борбордук банктарда депонирлен-ген накталай акчалар жана акча каражаттар суммасы. КР Улуттук банкынын бирден бир функциясы бул акчаларга көзөмөл жүргүзөт.

Акча каражаттар кыймылы – жеке жана юридикалык жактардын эсептериндеги сумманын өзгөрүшү,бир колдон башкага акчанын өтүүсү.

Акча массасы – жүгүртүүдөгү болгон акча саны (накталай жана накталай эмес). Акча массасынын саны товарлар суммасына түз пропорционалдуу жана акча бирдигинин жүгүртүү ылдамдыгына кайрадан пропорционалдуу.

Акча-кредиттик саясат – экономикадагы акча санын жөнгө салуу максатында Өкмөт тарбынан жүргүзүлгөн курс. Акча-кредиттик саясаттын негизги багыты экономикалык өсүштү, бааларды оңдоону стимулдоо үчүн акча массасын жөнгө салуу болуп саналат.

Акчанын кунарсызданышы – акчаны сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн азайышы, башкача айтканда, ры-нокто калыптанган баа боюнча акчалай бирдикке сатылып алына турган товарлардын саны (ички кунарсыздык) же алардын валюталык курсунун төмөндөшү (тышкы кунарсыздык). Кунарсыздык товарлардын жана чет өлкөлүк валютанын баасынын жогорулашына байланыштуу келип чыгат жана инфляциянын жандоочусу болуп эсептелет. Улуттук валюта, ошондой эле өлкөдө улуттук валюта менен чогуу пайдаланылып жаткан чет өлкөлүк валюта да кунарсызданууга туш болот. Акчанын кунарсызданышынын темпи инфляциянын темпин чагылдырып турат.

Алтын стандарт – алтындын жалпы эквивалентиндеги роль ойногон, ал эми алтын монеталар же акча белгилери жүгүртүүдө пайдаланылуучу алтынга алмашылган акча системасы.

Алымдар – салыктардын жана жыйымдардын өзгөчө түрү, ал бардык эле жеке жана юридикалык жак-тардан алынбастан, мамлекеттик органдын атынан мамлекет менен атайын мамилелерге турган адамдардан алынат. Алымдар ижара келишимин түзүүдө, баалуу кагаздарды өткөрүп берүүдө, ишканаларды каттоодо, мурасты жол-жоболоштурууда, товарды чек арадан алып өткөндө жана башка бир катар учурларда алынат. Алымдар адатта каттоочу жана гербдик жыйымдар, почта, бажы, сот, мурастык, патенттик, биржалык алымдар түрүндө колдонулат.

Алымсыз ташып келүү - бажы алымдарын алуусуз өлкөгө алып келинген товарлар. Эреже катары бул

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 33: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

33© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

- преференция импортко жайылтылат. Мисалы, Россия өкмөтү Кыргызстанга алынып келинген авиация майынан башкасы үчүн, мунай заттарга бажы алымынан бошотту.

Альянс – ишканалардын, уюмдардын, жарандардын бирикмеси же союзу. Мисалы,КР бизнес-Ассоциа-циялардын Улуттук Альянсы бар – БАУА.

Андерайтер – белгилүү бир сый акыга баалуу кагаздар рыногунда аны эмитент жайгаштырууга кепилдөөчү жеке же юридикалык адам. Мисалы, «Абдыш-Ата». компаниясынын ийгиликтүү андерайтери болуп жакында «Сенти» финансы компаниясы болду.

Аралаш экономика – өлкөнүн рыноктук жана борборлоштурулган экономикалык системаларынын мүнөздөрү шайкеш келген экономика. Буга КЭРдин экономикасы мисал боло алат.

Арбитраж – эксперт же третейдик сот ролун аткаруучу көз карандысыз арбитрге кайрылган тараптар-дын талаш-тартышын чечүү ыкмасы. КР өнүккөн өлкөлөр сыяктуу третейдик сотко(бейтарап сот) кайрылуу абдан деле жайылган эмес. Азыркы учурда третейдик соттун төрагасы, белгилүү юрист Шамарал Майчиев болуп саналат.

Аренда (ижарага берүү) – белгилүү бир мөөнөт аралыгына табигый жана мүлктүк обьекттерди (жайыт жерлер, өндүрүш имараттары, турак жай) убактылуу пайдаланууга төлөм менен берүү. КР бул кызмат кеңири таралган жана юридикалык жанга жеке адамдар арасында бирдей популярдуулукка ээ. Мисалы, үйлөрдү жана квартиралар, базарлардагы соода аянттарын жана супер-маркеттерди, жер үлүштөрүн берүү.

Атайын каражаттар – Атайын каражаттарга мамлекеттик бюджеттен каржыланган бюджеттик мекеме жана уюмдардын товарды сатуудан, кайсы бир ишти аткаруудан, Кыргыз Республикасынын учур-дагы нормативдик укуктук актыларынын негизинде уруксат берилген кызмат көрсөтүү жана/же ишмердүүлүктүн башка түрлөрүн ишке ашыруудан түшкөн пайда кирет.

Аудит – компаниялардын финансылык абалын аныктоо максатында кардардын суроо-талабы боюнча көз карандысыз уюмдар жүргүзүүчү финансылык-чарбалык иштин ревизиялоосу жана аны жак-шыртуу үчүн адистердин квалификациялуу сунуш кеңештерин алуу болуп саналат. Аудит эреже катары жеке менчи ээнин алмашуусунда милдеттүү жүргүзүлөт. Мисалы, «АзияУниверса-Банк» же «МегаКом» уюлдук байланыш компаниясында жүргүзүлгөн финансылык талдоо.

Аффилирленген жак (компания) – уюмдун ишине белгилүү таасир бере алуучу жана инсайдердик маа-лыматка жеткиликтүүлүккө ээ жеке же юридикалык жактар. Аффилирленген жактарга жеке менчик ээлери, администрация кызматкерлери, ири кредиторолор, ошондой эле аффилирленген жактар деп эсептелген (кабыл алынган) туугандар да кирет. Мисалы, экс-президент Курманбек Бакиевдин кенже уулунун айланасындагы жакындары.

Ашыкча нарк – коомдук наркты салыштыруу боюнча айрым ишкерлер алуучу кошумча нарктын ашык-часы. Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, техникалык жаңычылыдыктарды киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу эсебинен түзүлөт.

Баа согушу – сатуу көдөмдөрүн көбөйтүү жана ирешелерди алуу максатында өзүнүн прдукциясына баа-ларды фирмалардын төмөндөтүүсү, ошону менен бирге атаандаштык күрөшүүдө утуу болуп саналат.

Баа түзүү – товарлардын жана кызматтардын баасын түзүү, калыптандыруу процесси, ал барыдан мурда жалпысынан бардык товарларга таандык болгон бааларды белгилөөнүн бардык ыкмалары, жолдору менен мүнөздөлөт. Баа түзүүнүн эки негизги системасын айырмалашат: алар сунуш-талаптын жана сунуштун өз ара аракетинин негизинде рыноктук баа түзүү жана мамлекеттик органдар тарабынан бааларды дайындоонун негизинде борборлоштурулуган мамлекеттик баа түзүү болуп саналат. Чыгымдуу баа түзүү тушунда бааны калыптандыруунун негизине өндүрүштүк жана жүгүртүүдөгү чыгымдар коюлат.

Бааларды дифференцирлөө – чыгым деңгээлине, сатуу ордуна, товар сапатына байланыштуу бир жана ошол эле товардын ар кандай бааларын белгилөө.

Бааларды либералдаштыруу – административдик жөнгө салуудан бааларды бошотуу. Суроо-талаптын жана сунуштардын баланстоосун камсыздоочу.рынок экономикасынын маанилүү элементи болуп саналат. Бааларды либералдаштыруу атаандаш чөйрөдө болуусунда натыйжалуу болот.

Баалуу кагаздар портфели – инвестордун колунда болгон баалуу кагаздардын жыйындысы. Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо – өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Каттоодон

мамлекеттик казыналык милдеттенмелер, облигациялар, максаттуу ички зайымдар, коммерциялык банктардын баалуу кагаздары, муниципалдык жана корпоративдик облигациялар ж.б. өтөт. КР баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу үчүн көзөмөлдү ишке ашыруучу орган мамлекеттик финан-сылык көзөмөл болуп саналат.

Баалуу кагаздардын баштапкы рыногу – эмитент, аны чыгарган уюм тарабынан жаңыдан чыгарылган баалуу кагаздар сатып өткөрүлүп, сатыла турган рынок. Баалуу кагаздарды баштапкы сатуу жазылуу

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 34: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама34

боюнча же баштапкы сатып алуучуларга түздөн-түз сатуу формасында жүргүзүлөт.Баалуу кагаздардын баштапкы рыногу – эмитент тарабынан жаңыдан чыгарылган баалуу кагаздар

сатыла турган рынок. Баалуу кагаздарды баштапкы сатуу түздөн-түз же жазылуу боюнча жүргүзүлөт. Бажы төлөмү – өлкөнүн экономикасынын бажы тармагын тескөөдөгү бажы саясатынын куралы. Ал со-

ода саясатынын максаттарын ишке ашырууда колдонулат жана салык алына турган товарлар үчүн бажы пошлиналарынын өлчөмүн аныктаган жыйнакты камтыйт.

Баланс (тараза) (бухгалтердик) – белгилүү бир датага акчалардын абалын, жайгашуусун, пайдалануу-сун чагылдыруучу бухгалтердик эсеп-чот документи. Ишкананын, компаниянын активдерин жана пассивдерин мүнөздөөчү көрсөткүчтөр системасы. Пассивдер ишкана каражаттарынын түзүлүү булактарын көрсөтөт. Бул жеке каражаттар (капитал жана резерв), ошондой эле тартылган кара-жаттар (банктык кердитер жана зайымдар, кредитордук карыздар) болуусу мүмкүн. Активдер жана пассивдер ар дайым бири бири менен тең болууга тийиш.

Банк (коммерциялык) - Улуттук банк берилген лицензияга ылайык банктык аткарымдар (операциялар) бардыгын же бир бөлүгүн ишке ашыруучу банк. Кыргызстанда 22 коммерциялык банк бар.

Банк-агент – мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык операцияларын ишке ашырган коммерциялык банк.

Банкнот - кагаз түрүндөгү өлкөнүн борбордук банк тарабынан жүгүртүүгө чыгарылган акча белгилери. Мисалы, КР ар кандай номиналдагы сомдор – 1 сомдон 100, 200, 500, 1000, 5000 чейин бар.

Банкроттук – өзүнүн милдеттенмелери боюнча карызкордун(бересечи) төлөөгө жөндөмсүздүгү, баш тартуусу. Эреже катары, мындай кырдаал компанияда же бүт мамлекетте болуусу мүмкүн, качан узак убакытта чыгашалардын кирешелерден ашып кетүүсүсүндө жана мында кирешенин туруктуу булактары жок болот. Мисалы, Кыргызстанда акыркы жылдары бюджет түзүүчү Майлы Суу электр лампалар ишканасы жана системалуу банк АУБ б анкрот деп таанылган.

Банктык система – бул банктык аткарымдарды аткаруучу банктар, кредиттик мекемелер, уюмдар респу-бликада иштөөчү жыйындысы болуп саналат. Ага эсептик-кассалык жана клирингдик борборлор, аудитордук компаниялар, банктарды текшерүүчүлөр, банктардын баалуу кагаздар менен иштөөчү дилерлер да кирет. Кыргызстандын банктык системасы эл аралык эксперттер пикири боюнча жа-кындагы убакытка чейин Борбор Азиядагы эң туруктуу жана өнүккөн деп эсептелинет.

Банктык иш - банктык кызматтарды көрсөтүү менен байланыштуу бизнес түрү. Бизде коммерциялык банктардан тышкары бул ишкердик түрлөрүнөн, мисалы ФИНКА, «Компаньон» микрокредиттик уюмдар иштейт, КР Улуттук банкынын лицензиялар негизинде жүздөгөн кредиттик союздар бар. Уюмдар жана компаниялар чөйрөсү, ошондой эле банктык иш менен иштеген жеке жактар бар, алар өлкөнүн мыйзамдары менен чектелет жана жөнгө салынат.

Банктык милдеттенмелердин резервдери – коммерциялык банктардын жана башка кредиттик инсти-туттардын каражаттары, алар милдеттүү резервдердин нормаларына ылайык борбордук банкта өзүнүн айрым аткарымдарын камсыз кылуу катарында сактоого милдеттүү болгон каражаттар. Милдеттүү банктык резервдердин чоңдугу жана структурасы ар кандай өлкөлөрдө бирдей эмес жана чарбалык конъюнктуранын таасири алдында жана аны эсепке алуу менен мезгил-мезгили менен өзгөрүп турат.

Банктык сыр - бул кардарлардын эсептери жана салымдары жөнүндө, алар тарабынан жүргүзүлүүчү аткарымдары тууралуу маалымат, аны коммерциялык банктар, кредиттик мекемелер сыр катары сактоого милдеттүү. Банктык сыр КР мыйзамдарында каралган , ал айрым учурларда гана бузулу-усу мүмкүн. Сот органдарынын, Эсептөө палатасынын, салык полициясынын, бажы кызматынын, финансылык чалгындоонунун суроо талабы берилет.

Баррель – 158,9 литрге тең болуучу мунай зат көлөмүн ченөө бирдиги. Бартер – товарлар же кызматтардын түз акчасыз алмашуусу. Мында өлчөө катары ички же дүйнөлүк

рынокто ушул этапта болгон алмашуучу товарлардын баасы кызмат кылат. Бартер качан жүгүртүүдө акча каражаты жетишсиз болгон шартта пайда болот, аны «жүгүртүүчү акчалар» жетишсиздигин-де деп да айтышат. Бартер көмүскө экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт, бюджетке салык жана төлөмдөрдү төлөөдөн жеңил кутулуу мүмкүндүк берет. Бул экономикалык көрүнүш өткөн кылым-дын 90-жылдарында республикада гүлдөп өнүккөн. Продукттар ширпотребке алмашылган, ал өз кезегинде рельсаларга, ал эми рельсалар күйүүчү-майлоочу материалдарга ж.б. алмашылган.

Башкы келишим – социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуунун жалпы принциптерин белгилөөчү укук-тук акт. Анда эреже катары эмгек акынын минималдуу өлчөмүн жогорулатуу, эмгек акы деңгээлин жогорулатуу боюнча милдеттенмелер, эмгек акы жана башка ашарттар боюнча тараптардын сунуштары чагылдырылат.

Башкы подрядчы – подряд алган компания. Ал заказдын аткарылышы үчүн жооп берет, мисалы, заказчы

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 35: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

35© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

алдында турак жай курулушу, жолдорду оңдооБаштапкы топтоо (баштапкы старттык капитал) – ишкер үчүн өзүнүн жеке ишин ачуу, товарларды,

кызматтарды өндүрүү жана сатуу боюнча ишкана, фирма ачуу үчүн зарыл болгон башкы капитал. Бенефициар – башка адамга же компанияга ишеним башкаручуга өткөрүлүп берилген мүлктөн

киреше(пайда) алуучу адам.Бивалюталык себет – Америка долларына жана еврого рублдин реалдуу курсун аныктоо үчүн Россия

борбордук банкы тарабынан киргизилген багыттама. Биргелешкен ишкана – уюштуруу жагынан бирдиктүү, жалпы ишкана катары жол – жоболоштурулган

ишине башка өлкөлөрдүн фирмалары катышкан ишкана. Биргелешкен ишканалар ар кандай мүнөздөгү продукцияларды, товарларды, кызматтарды алда канча натыйжалуу өндүрүү жана сатып өткөрүү максатында ар кандай өлкөлөрдө жайгашкан ишканалардын күч аракеттерин бириктирүү, ишин кооперациялоо үчүн түзүлөт. Мисалы, «Жерүйалтын» алтын казып алуучу компаниясы «Кыр-гызалтын» АКсы жана Казахстандык «Визор Холдинг» инвестору тарабынан түзүлгөн.

Бирдиктүү салык – бардык салыктарды жана төлөмдөрдү мамлекеттик бюджеттик эмес фонддорго алмаштыруучу салык.

Биржа - товарларды сатуу-сатып алуу бүтүмдөрү жүргүзүлгөн алкактагы уюштурулган рынок. Мында биржанын өзүндө товар жок, соода аны кароосуз эле жүргүзүлөт. Ошентип дүйнөлүк биржаларда буудай, мунай зат жана анын продукттары, кофе, чай, металл, пахта, алтын менен соода кылышат. Биржанынын ар кандай түрлөрү бар: чийки-зат-товардык, валюталык,фондулук, эмгек биржасы бар. КР үч фондулук жана бир чийкизат- товардык биржа иштейт.

Биржа брокери (далдалчы) – соода бүтүмдөрүн түзүүдө сатуучу менен сатып алуучу ортосундагы далдалчы. Ал кардарлардын. Айрым тапшырмаларын негизинде иштейт (ал, мунусу менен өз атынан биржада иштөөчү дилерден айырмаланат) Брокер бүтүмдүн аткарылышы үчүн көз калат.

Биржадагы оюн – пайда алуу максатында балуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу каражаты аркылуу биржада атайын аткарымдарды жүргүзүү. Оюнчулар биржа товарын арзан болгон жерде сатып алышат, жана аны кымбатыраак сатышат. Курстун (бука) жогорулашы жана (аюунун) арзандашы оюндарын айырмалашат.

БОМБ – Бюджеттин орточо мөөнөттүү болжолу. Адатта 3 жылга жасалат. Ага адатта негизги бюджеттик, анын ичинде тармактар боюнча көрсөткүчтөр киргизилет. Андыктан журналисттер бюджет долбо-оруна гана эмес, ошондой эле БОМБдун түзүлүшүнө да көз салышы керек.

Бондор – сатып алуучу жана төлөм каражаты катары казыналык, муниципалдык органдар жана жеке компаниялар чыгаруучу кыска мөөнөттүү жана орточо мөөнөттүү карыз милдеттенмелери. Термин пайдалануудан чыккан жана коллекция предметине айланган кагаз акчаларына колдонулат. Миса-лы, азыркы учурда Россияда совет рублдерине жана тыйындарына күчөтүлгөн кызыкчылык бар. Бүгүнкү күндө алгачкы сом чыгарылышындагы сомдор КР Улуттук музейинен жана нумизматтардын жеке коллециясынан гана кездештирүүгө мүмкүн.

Бонус – туруктуу сатып алуучуга сатуучу тарабынан берүүчү кошумча сый акы, сыйлык же арзандатуу. Адатта бүтүмдүн жалпы суммасынын пайыздарында белгиленет. Мамлекет каржысына карата, Бонус – бул геологиялык изилдөө жана пайдалуу табылгаларды иштетүү максатында кендерди колдонуу укугу үчүн бир жолку төлөм.

Борбордук (Улуттук) банк – өлкөнүн башкы мамлекеттик банкы, ага өзгөчө функциялар берилген, айрыкча акча белгилеринин эмиссиясынын укугу жана коммерциялык банктардын ишин жөнгө салуу функциялары берилген. Борбордук банк мамлекетке, өкмөткө акчалай жүгүртүүнү жөнгө салууда, бюджетти башкарууда жардам бере турган «банктардын банкы» болуп саналат. Анын негизги функциялары акчалардын эмиссиясы, мамлекеттин алтын валюталык резервдерин сактоо коммерциялык банктардын жана өкмөттүн коммерциялык эсептерин жүргүзүү. Акчалай жүгүртүүнү жөнгө салуу, кредиттик мекемелердин ишине контролдук жүргүзүү болуп саналат.

Борбордук депозитарий – айрым мамлекеттерде орун алган уюм, ал бүткүл өлкөнүн масштабында баалуу кагаздар жана аны менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча борборлоштурулган эсепти жүргүзөт; мындан тышкары баалуу кагаздардын сертификаттарын сактайт. Борбордук депозитарий депозитардык ишти тармактуу маалыматтык системаны пайдалануу менен жүзөгө ашырат, ал жо-горку технологиялык деңгээлде баалуу кагаздар менен жүргүзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматты максималдуу мөөнөттөрдө билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Борбордук депозитарийдин болушу баалуу кагаздардын жеке кыймылынан качууга мүмкүнчүлүк берет, ушунун өзү алардын жүгүртүлүшүн тез-детет жана чыгымдарды азайтат. Айрым мамлекеттерде (мисалы, Францияда) баалуу кагаздарды Борбордук депозитарийге депозитке салуу алардын фонддук биржада жүгүртүүгө кое берүүнүн милдеттүү шарты болуп эсептелет.

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 36: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама36

Босоголук киреше – кирешенин деңгээли (баанын тиешелүү деңгээлинин тушунда), ал үй – чарбалары тарабынан толугу менен керектөөгө жумшалат.

Бюджет – бул сөздүн бир нече мааниси бар. Мисалы, бул мамлекеттик, мекеменин,уюмдун белгилүү бир мөөнөткө ,эреже катары бир жылга кирешелер жана чыгашалар болжолдуу эсептөөсү болуп саналат. Же болбосо белгилүү убакыт мезгилине кирешелер жана чыгашалардын ведомосту. Бюджеттин не-гизги функциялары – улуттук кирешенин жана ички дүң продуктунун кайрадан бөлүштүрүүгө өбөлгө түзөт, экономиканы жана инвестицияны жөнгө салуу жана стимулдоонун маанилүү инструменти болуп саналат, бюджеттик каражаттарды чыгымдоонунун социалдык багытталгандыгын камсыз кылат, финансылык-чарбалык ишти контролдоого мүмкүндүк берет.

Бюджет жылы – бюджеттик мекемелерде жана министрликтерде бюджет эсебин иштеп чыгуу максатын койгон 12 айлык мезгил. Биздин мамлекетте жана КМШ өлкөлөрүндө бюджет жылы 1-январдан 31-декабрга чейин созулат. Бул убакыт ичинде мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кирешелерин жана чыгашаларын пландаштырат.

Бюджет классификациясы – бул ар түрдүү даражадагы бюджеттин киреше жана чыгашаларына объ-ектилерге топтоштурулган коддордун классификациясын ыйгаруу менен топ-топко бөлүштүрүү. Кыргызстанда классификациянын төмөнкү түрлөрү бекитилген: активдер жана милдеттемелер боюнча операциялардын классификациясы; ведомстволук классификация; чыгашалардын эко-номикалык классификациясы; кирешелердин классификациясы. Бюджеттик классификациянын мааниси өтө жогору, анткени ал бюджетти түзүү, бекитүү жана аткарууга, бюджет каражаттарын бөлүү жана колдонууну көзөмөлдөөгө, бардык даражадагы консолидацияланган бюджеттерди түзүүгө колдонулат. Экономикалык классификация, Функионалдык классификация, Ведомстволук классификация дегенди караңыз.

Бюджеттер аралык мамилелер – бул бюджет системасынын деңгээлдер арасындагы мамилеси. Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыш керек: башкаруу деңгээлдери арасында функционалдык ыйгарым укуктардын тең бөлүштүрүлүшү; ар башка деңгээлдеги бюджеттерге өзүнүн киреше булактарын бекитүү; жалпы мамлекеттик салыктан башка даражадагы бюджетке анын кирешелерин тескөө максатында каражат которуу; трансферттик саясат; каржы ресурстарын алуу укугун мыйзамдын негизинде бекитүү. Бюджеттер аралык мамилелерге байланыштуу маселелер Кыргызстанда чечил-бей келет, себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларын аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттерде каражат жетишсиз.

Бюджеттик профицит – оң бюджеттик сальдо же чыгашалардын кеирешелерден ашып кетүүсү. КР эч качан бюджеттин профицити болгон эмес.

Бюджеттик тартыштык - бюджеттик кирешелер жана бюджеттик чыгашалар ортосундагы айырма. Терс сальдо финасылык кырдаалды контолдоо менен кармоону өкмөттүн жөндөмдүү эместигин ырастайт же өзгөчө шартар, согуштар, табигый кырсыктар менен байланыштуу. Тартыштык чоңдугу бюд-жетти бекитүүдө аныкталат. Кыргызстанда 2011-жылга бюджет тартышытыгы. 21 миллиард сомго барабар же бардык пландалган кирешелердин 30 пайызын түзөт. Бул көрсөткүч экономисттердин олуттуу тынчсыздануусуна алып келүүдө.

Бюджеттик ассигнованиелер – . Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары на калкка милдеттүү төлөмдөргө, кошумча чыгымдарга компенсациялоону ишке ашыруучу бюджеттик мекемелерди күтүүгө багытталуучу бюджеттен берилүүчү каражаттар. Мисалы, мектептер жана ооруканалар үчүн көмүр, ТЭЦ үчүн мазут жана башка максаттарга сатып алуу үчүн каражаттар.

Бюджеттик календарь – бюджетти түзүү жана кабыл алуу процессинде өзөктүк даталарды камтыган схема.

Бюджеттик система - мамлекеттин бардык бюджеттеринин экономикалык мамилелерине жана юри-дикалык нормаларына негизделген система. Саясий түзүлүшкө, экономикалык системага жана мамлекетин административдик-аймактык бөлүнүшүнө негизделет. Бюджеттик система эки жана үч деңгээлдү болот Кыргызстанда -үч деңгээлдүү бюджет менен иштейт.

Бюджеттик ссуда – бир финансылык жыл чегине алты ай мөөнөтүнө кайтарымдуу же кайтарымсыз не-гизде башка бюджетке берилүүчү мамлекеттик казынанын каражаттары.

Бюджеттик тапшырма – башкы мамлекеттик бюджет каражатын бөлүштүрүүчүнүн (мамлекеттик бюджет каражатын бөлүштүрүүчүнүн) документи, ага ылайык, андан төмөнкү тепкичте турган бөлүштүрүүчүлөрдү жана бюджет каражатын алуучуларды каржылоо иши жүрөт.

Бюджеттик экспансия саясаты – өкмөттүн жыйынды талапты жогорулатууга багытталган саясаты. Товар-ларга жана кызматтарга болгон мамлекеттик чыгашалардын жогорулашы, салыктык түшүүлөрдүн накта көлөмүнүн азайышы аталган саясаттын негизги шаймандары катары чыгат.

Бюджеттик эмес фонддор – мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги чараларга жана долбоорлорго каржылануучу акчалар өз алдынча финансы уюмдары. Россияда мындай фонддор санына РФ

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 37: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

37© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

Пенсиялык фонду кирет. Кыргызстанда мындай уюм өнүктүрүү фонду болуп саналат.Бюджеттин капиталдык чыгашалары – мамлекеттин, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-

рынын менчигиндеги мүлктөрдү түзүү, же көбөйтүүгө багытталган бюджет чыгашаларынын бөлүгү. Алар башкаруу органдарынын инвестициялык ишмердүүлүгүн камсыздайт. Учурдагы чыгашалар дегенди караңыз.

Бюджеттин капиталдык чыгымдары – капиталдык салымдардын жана каржылоо булактарынын планы, адатта капиталдык каржылоо программасын түзүүнүн алгачкы жылында колдонулат жана толук жылдык бюджеттин бөлүктөрүнүн бирин түзөт.

Бюджеттин учурдагы чыгашалары – башкаруу органдарынын учурдагы ишин камсыздаган чыгаша-лардын бөлүгү, экономиканын бюджеттик жана өзүнчө тармактарына трансферттер, гранттар жана субвенциялар түрүндө мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоо; Капиталдык чыгашалар дегенди караңыз.

Валюта – өлкөнүн акча бирдиги, ал анын аймагында пайдаланылат. Кыргызстанда улуттук валюта – сом, Россиияда – рубль, Кытайда – юань, Евросоюз өлкөлөрүндө – евро. Бул сөздүн экинчи мааниси – акча белгилери, вексель, чек, банкнот түрүндөгү кредиттик жана төлөм документтери

Валюта курсу – башка мамлекеттин акча бирдиги менен билдирилген бир өлкөнүн акча бирдигинин баасы. Мисалы , Кыргызстанда азыркы учурда бир АКШ доллары 47,5 сомго тең.

Валюталык декларация – Чек арадан өтүүдө бажы постунанан өтүүдө жеке адам көрсөтүүчү документ жана чет элдик валюта жана баалуу кагаздардын алып өтүүсү жөнүндө камтылган маалымат.

Валюталык интервенция – үчүнчү өлкөлөргө карата бирдиктүү валюта саясатын билдирүүчү катышуучу-өлкөлөрдүн валюталык өз ара мамилелерин биргелешкен жөнгө салуу. КР бул термин, адатта чет элдик валютага карата туруктуу курсту кармоо үчүн Улуттук банк улуттук валютаны колдоо үчүн доларды сатат же тескерисинче сатып алат.

Валюталык корзина (себет) – башка валюталык курстарга карата улуттук валюта курсун белгилөөнү багыттоочу органдын валюталарды алуусу. Азыркы учурда бул алууга беш валюта камтылат: АКШ доллары иен, француз франкы, англис фунт стерлинги, евро.

Валюталык коридор – валюта курсунун өзгөрмөлүү чектери. Борбордук банктар аны валюталык рынокто валютаны сатуу жана сатып алуу каражаты менен улуттук валюта курсун жөнгө салуунун ыкмасы катары пайдаланышат.

Валюталык котировка – колдонуудагы мыйзамдар негизинде бул өлкөнүн валютага карата чет элдик валюта курсун белгилөөсү.

Валюталык операциялар (аткарымдар) - чет элдик банкнотторду, төлөм документтерди, чек түрүндө жазылган векселдер, аккредитивдер, ошондой эле алтын менен болгон бүтүмдөрдү сатып алуу жана сатуу бүтүмдөрү.

Валюталык опцион – белгилүү мөөнөт аралыгында валюта лотун келишим баа боюнча сатып алуу же сатуу укугуна келишим.

Валюталык резервдер - тышкы соода, инвестицияга байланыштуу эл аралык эсептер боюнча төлөмдөр үчүн өлкөнүн борбордук банкы чет элдик валюта жана алтын запастарынын болуусу. Негизги валюта резерви алтын деп эсептелет, себеби ал төлөм үчүн керетүү болгон ар кандай чет элдик валютага айландырууга болот.

Валюталык спекуляция((алып-сатарлык) – анын курсунан айырма түрүндөгү пайда алуу үчүн чет элдик валютаны сатуу – сатып алуу бүтүмү. Дүйнөдө улуттук же чет элдик валютаны жасалма төмөндөтүүгө багытталган манипуляция пайдаланылат. Бул бөлүк боюнча эң чебер деп финансист Джордж Сорос эсептелет.

Ваучер – аны баалуу кагазга алмаштыруу каражаты менен обьекттерди менчиктештирүүгө катышууга укук берүүчү менчиктештирүү документи. Кыргызстанда ваучер ролунда менчиктештирүү купону бар

Ведомстволук классификация – бюджет колдонуучулар боюнча (министрликтер, ведомстволор) чыга-шаларды топ-топко бөлүү. Бюджет классификациясы, Функционалдык классификация, Бюджеттик бенефициарийлер дегенди караңыз.

Вексель – жазуу түрүндөгү карыз милдетенмесинин баалуу кагаз түрү. Заемчу кредиторго берет, ал көрсөтүлгөн мөөнөттө заемчудан акчаны төлөөнү талап кылууга укуктуу. Векселдин – жөнөкөй жана которуучу эки түрү бар.

Венчурдук бизнес – апробациядан көбүнчө өтпөй калган илимий жана техникалык жаңылыктарды пай-даланууга багытталган тобокелдүү бизнес.

Венчурдук капитал - венчурдук фирмаларга капиталды салуу, спецификалык чеги болуп алардын ишинин тобокелчилик деңгээлинин жогорулугу болуп саналат.

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 38: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама38

Волатилдүүлүк (курс, баалар) - курстун же баанын туруксуздугу,өзгөргүчтүгү. Мисалы дүйнөлүк биржа-ларда мунай затка баалардын кескин көтөрүлүшү.

Воспроизводство - непрерывное возобновление социально-экономических процессов, в частности, производство материальных ценностей и услуг.

Вреттон-Вуд валюталык системасы (түзүмү) – валюталык жөнгө салуу системасы,1944-жылы Бреттон-Вудда (АКШда) ООН 44 мамлекет конференциясында кол коюлган келишим негизинде түзүлгөн. ЭВФ жана Дүйнөлүк банкты түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган, ага негизги институт катарында киришкен. Бул конференцияда алтын менен катар АКШ доллары дүйнөлүк акча ролун аткара т деген чечим болгон.

Гарант (кепилдик) – кандайдыр бир кепилдикти берүүчү мамлекет, мекеме, жеке адам кепил боло алат. Чарба субьекттери ортосунда милдетенмелерди аткаруунун бирден бир ыкмасы. Кредиттик мамилелерде кеңири жайылтылууга ээ. Айрым банктар, ссуаны берүүдөн мурда алар кошумча камсыздандыруу үчүн кепилдиктерди берүүнү талап кылышат.

Гастарбайтер – жумуш издөөгө бөтөн өлкөгө келген чет элдик жумушчу, эмгек мигранты. Кыргызстандан акча табуу үчүн иштөөгө миграциялык ведомствонунун расмий маалыматтары боюнча өлкөдөн 500 миңден ашык жарандар өлкөдөн кетишкен. Расмий эмес маалымат боюнча Россияда жана казакстанда 1 миллион кырызстандыктар эмгектенишет.

Гиперинфляция – акча бирдигинин кескин баасыздандырууга алып келүүчү баалардын тез өсүүсүндө гиперинфляция келип чыгат деп эсептелет. Мындай көрүнүштөрдүн себеби - өндүрүштүн түшүшү, чарба байланыштарын жоготуу, бюджеттин өзгөчө тартыштыгы. Натыйжалары – жумушшсуздуктун өсүүсү, инвестициялык активдүүлүктүн азайышы. КР гиперинфляция советтер Союзу урагандан кийин байкалган, анда бул көрсөткүч 1000 п айыздан ашып кеткен.

Глоссарий – тар адистиктеги терминдердин алардын чечмелөсү менен сөздүгү.Грант – айыл чарбасын, билим берүүнү, саламаттык сактооун ж.б. колдоо үчүн кайрымдуулук катары

бөлүнүүчү акча каражатттары же жабдуу же техника. РФ өкмөтүнүн КР бюджетин турукташтыруу үчүн багытталган 150 миллион доллар өлчөмүндөгү гранты мисал болот

Давалдык чийки зат – чийки затты өндүрүүчүгө подукцияны кайтаруу же чийки затты ээсинин өлкөгө келүүсү үчүн башка өлкөгө даяр продукцияны кайра иштетүү үчүн өнөктөш берүүчү чийки зат. Кыр-гызстанда давальдык чийки зат катары алкоголь продукция өндүрүшү үчүн спирт пайдаланылган.

Дебитор – уюмга же ишканага карызы бар жеке жана юридикалык жакДебитордук карыз – ишканага жана компанияга берилген карыз суммасы. Мисалы, кызматтар үчүн

бөлүштүрүү компанияларына калктын дебитордук карыздары, эреже катары жүз миллиондогон сомдор эсептелет.

Девальвация – чет элдик валюталарга карата улуттук валюта курсунун төмөндөшү. Ал ички өндүрүштү стимулдоодоо дүйнөлүк рынокто товарлардын атаандаш жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, өлкөнүн төлөм балансынын тартыштыгын азайтуу үчүн өкмөт тарабынан пайдаланылат. Девальвация экспортун өсүшүнө өбөлгө болот, экспортер түшкөн чет элдик валютаны алмаштырууда өзүнүн баасыздандыруусунан девальвациялык киреше алат. Кыргызстанда АКШ.долларына, россиялык рублга жана еврого карата сомдун крсунун төмөндөшү байкалат.

Демпинг – рынокто товарларды жасалма арзандатуу баасында сатуу, ак ниет эмес атаандаш жөндөмдүү түрү деп эсептелет.Демпингдин максаты – атаандашты обочолотуу, тышкы рынокту ээлөө болуп саналат. Ар бир эле бааларды арзандатуу демпинг демпинг болуп саналбайт. Эгер ал өндүрүштүн чыгымдарын азайтууда базаланбайт, анда аларды деминг деп эсептөөгө болбойт.

Денонсациялоо- бир тараптын келишимден расмий баш тартуусу.Депозит – бажы алымын төлөөнү камсыздоодо бажы органдары банкка салымдарды, баалуу кагаздарды

сактоого берилген төгүмдөр.Депозитарий – депозиттер ишенип тапшырылган жеке же юридикалык жак, ошондой эле эл аралык ке-

лишимдин түп нуска текстин сактоочу мамлекет же эл аралык уюм. Депозитарийдин милдетерине төмөнкүлөр кирет: баалуу кагаздардын депонент милдеттенмелери менен убара кылуу фактысын каттоо

Депозитный счет: Депозиттик эсеп – Казына бөлүмүнүн бюджеттик мекемелердин карамагына убакты-луу түшкөн депозиттик суммалар боюнча операцияларга көзөмөл жүргүзүүсү үчүн ачылган эсеп.

Депонирлөө – акчаларды,баалуу кагаздарды банкка, нотариалдык кеңсеге сактоого берүү.Дефлятор – мурунку мезгилдеги баа деңгээлине аларды келтирүү максатында акчалай билдирилген

эсептелген экономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөө үчүн пайдаланылуучу коэффициент. Мисалы, дефлятор жардамы менен биз 2000-жылдагы нан баасынын азыркы баасы кандай болуп санал-

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 39: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

39© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

гандыгын аныктоого болот.Дефолт – карызды төлөө боюнча өзүнө кабыл алган милдеттенмелерден баш тартуу. Мамлекет тарабынан

жарыяланган дефолт башка өлкөлөржана бизнес боюнча өнөктөштөрдүн өкмөткө ишенимсиздигин алып келет, капиталдын агымын алып келиши мүмкүн, чет элдик активдерди жана чет өлкөдөгү менчикти камоо (арест) коркунучун алып келүүсү мүмкүн

Диверсификация – экономикалык тобокелчиликтерди төмөндөтүү максаты менен ар кандай объекттердин салымдардын ортосундагы капиталды. бөлүп-бөлүп жайгаштыруу. Ар кандай чет элдик валюталарга кошуу жолу менен банктык активдердин валюталык резервдерди диверсификациясы, инвестиция диверсификациясы, чыгарылган продукция диверсификациясы , өндүрүш, экономикалык иштин диверсификациясы бар. Пайдалуу кен казып алуу байлыктары бар көптөгөн өлкөлөр үчүн, өзгөчө мунай затта экономиканы диверсификациялоо проблемасы кездешет.

Дивиденд - өндүрүштүк муктаждыктарга төлөө жана чегерүүлөр, резервдерди толтуруу, облигациялар боюнча пайыздарды төлөгөндөн кийин жыл сайын акционерлер ортосунда бөлүштүрүлүүчү акцио-нердик коомдун пайдасынын бир бөлүгү.Привилегияланган акциялардан төлөнүүчү дивиденддер-дин өлчөмү алдын ала белгиленет. Кадимки акциялар боюнча дивиденддер акционердик коомдун пайда өлчөмүнө жана пайданы пайдалануу багыттарына карай алмаштырылышы мүмкүн.

Дисконт – учурдагы курсу менен ошол учурда баалуу кагаз биржада сатылуу боюнча баа ортосундагы айырма, бир тараптан тындырууда сатылуучу номинал же баа. Банктык чөйрөдө - пайыздарда билдирилген төлөм мөөнөтү келгенге чейин баалуу кагазды сатып алууда төлөнүүчү вексель жана сумма эсебинде банк тарабынан алынуучу эсептик пайыз.

Дискредитациялоо – экономикалык субъекттин ишенимин, беделин жана имиджин кетирүүгө багытталган атайы жасалган иш аракет.

Дифференцирленген тариф – белгилүү бир товарларга артыкчылык берүүгө же даярдоочу-өлкө аларга байланышпастан өткөрбөөгө. мүмкүндүк берүүчү бажы тарифи

Долларлаштыруу – төлөмдүн бардык функцияларын дээрлик аткарган , атап айтканда аммерика долла-ры чет элдик валютанын натыйжасы. Кыргызстанда долларлаштыруунун деңгээли абдан жогору.

Дотациялоо – кайтарымсыз акчалай жөлөк пул же чыгымдуу ишканаларга мамлекеттин каржылык жардамы.

Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) – өлкөлөр ортосунда соода ченемдери жана эрежелерин жөнгө салуучу эл аралык уюм. Анын негизги максаты - эл аралык сооданы либераладаштыруу. Кыргызстан пост-советтик мейкиндикте ДСУ уюмуна биринчилерден болуп өткөн.

ЕврАзЭС – Евразия экономикалык шериктештиги 2000 – жылы түзүлгөн. Ага. Россия, Казакстан, Бела-русия Кыргызстан жана Тажикстан кирген.

Евро – европа союзуна кирген мамлекеттердин бирдиктүү валютасы. Кыргызстанда бул валюта кеңири таанылды. Айрым авиакомпаниялар жана туроператорлор өзүлөрүнүн кызматтарын мурдагыдай доллар менен баалабастан евро менен баалашууда. КР Улуттук банкы валюталык резерви евро менен жайгаштырышат.

Евробонддор - узак мөөнөттүү баалуу кагаздардын ар түрдүлүгү. Бул карыз милдеттенмелер евро-валюта рыногунда жайылтылган. Алар ишенимдүү финансылык инструменттер болуп саналат, ошондуктан аларды финансы институттар, ири инвесторлор, камсыздандыруу жана пенсиялык фонддор сатып алышат.

Еврокредиттер – евровалюталык рыноктогу ресурстар эсебинен өлкөнүн коммерциялык банктарына берилүүчү эл аралык зайымдар, эреже катары аны узак мөөнөткө жана калкыма пайыздык чендери менен берилет.

Европа экономикалык коомдоштук (ЕЭК) – 1957-жылы союзга биригишкен, өзүлөрүнүн экономика-сын интеграциялоону ишке ашыруучу 12 батыш европалык мамлекеттердин тобу. ЕЭС бирдиктүү рынокгу түзүлгөн., товарлардын, капиталдын, жумушчу күчүнүн эркин которуштурууга чектөөлөр алынып салынган. Бирдиктүү валюталык система түзүлгөн.

Жакырчылыктын босогосу - адамдын, үй-бүлөнүн белгилүү бир мезгилдеги акчалай кирешелеринин белгиленген ченемдик деңгээли, ал жеке жашоо минимумун камсыз кылып турат.

Жакырчылыктын деңгээли – жашоо минимумун камсыз кылган кирешенин өлчөмү. Адатта өлкөдөгү орточо кирешенин катышы түрүндө, же болбосо тикелей эсептөө ыкмасы менен эсептелет. КР жакырчылыктын деңгээли республиканын түштүгүндө жогору, ал жерде салт боюнча жумушсуз-дардын саны жогору жана бул көрсөткүч өлкөнүн түндүгүндө төмөн. Өлкө боюнча орточо алганда жумушсуздук 40 пайыздан жогору.

Жакырчылыктын жагымсыз чөйрөсү – өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн мүнөздүү болгон проблема. Ал төмөнкү киреше аманатты жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербейт, демек өндүрүштү өнүктүрүү,

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 40: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама40

кирешелерди жогорулатуу үчүн зарыл болгон масштабдагы инвестициялар керек дегенди билди-рет. Жыйынтыгында жакырчылык жакырчылыкты пайда кылат. Жакырчылыктын ушул чөйрөсүнөн чыгыш үчүн экономикага салына турган инвестициялардын тышкы же ички булактары зарыл болот.

Жалпы мамлекеттик салыктар - өлкөнүн бардык аймактарынан жыйналган салыктар; алар республи-калык, жергиликтүү бюджеттерге түшөт, же Жогорку Кеңештин чечими менен бул бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүлөт. Салыктын өлчөмү, жеңилдиктер жана башкалар жалпы өлкө үчүн бирдей. Бөлүштүрүлгөн салыктар, Жергиликтүү салыктар дегенди караңыз.

Жашоо минимуму – адамга минималдуу зарыл болгон жыргалчылыктардын топтомунун, жашоо-турмушка колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген жашоо каражаттарынын наркы.

Жеңилдиктер – айрым жарандар категориясына, компанияларга, уюмдарга жарым-жартылай же толугу боюнча белгиленген эрежелерди аткаруудан аларды бошотууга берилүүчү кошумча артыкчылык-тар, кошумча укуктар. Айрым өндүрүш түрлөрүн, инвестицияларды сый акылоо үчүн колдонулат КР жеңилдик алуучулардын тизмеси бар, алар коомдук транспортто төлөөдөн бошотулган, электр энергиясын жана табигый газды пайдалангандык үчүн толук эмес наркын төлөшөт.

Жеңилдиктүү кредит (насыя- рынок ченинен төмөн, кабыл алынганга карабастан көбүнчө узак мөөнөт боюнча негизинен өнүккөн өлкөлөр берүүчү кредит Кыргызстан ЭВФдон, Дүйнөлүк банктан, АӨБ, Россиядан, Япониядан, ЕБРРден, кредиттерди алышат, алар жеңилдик менен берилген кредиттер болуп саналат.

Жер кадастры – жер жөнүндө маалыматтар жыйынтыгы. Андан жер кимге тийиштүү, аянттын баянда-лышы, жайгашкан орду, курамы жана жер сапаты жөнүндө маалыматтарды алууга болот. Бул жер мамилелеринин маалыматтык жана укуктук базасы

Жер пайы – айрым жарандарга менчикке бөлүнгөн жер участогу.Жер рентасы – жер менгичги ээсинин ишинен өндүрүлгөн түрүндө түздөн түз байланышпаган жерди

пайдалануудан,ал эми табигый ресурс катары берилгендик үчүн алынган киреше.Жер үчүн салык – менчик укугунун негизинде, туруктуу (мөөнөтсүз) же өмүр бою колдонуудагы жер тил-

келерине ээ болгон уюмдар жана жеке жактар төлөйт. Кыргыз Республикасынын Жер үчүн салыгы – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон эки салыктын бири.

Жергиликтүү бюджет – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишке ашырууну аткаруу үчүн бюджетти түзүү, бекитүү жана аткарууну контролдоо. Мисалы, Бишкек шаарынын бюджети же түштүк борбору – Ош, Нарын облусунун бюджети.

Жергиликтүү бюджет – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана функция-ларын камсыздоо үчүн каралган киреше жана чыгашалар планы.

Жергиликтүү деңгээлдеги маселелер – тиешелүү аймактагы калктын турмуш шарттарына багытталган маселелер, аларды чечүү жоопкерчилиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн.

Жергиликтүү салык – жергиликтүү бюджеттерге түшкөн салыктар; ал жергиликтүү кеңештердин чечими менен киргизилет. Салыктардын өлчөмү, жеңилдиктер мыйзамда көрсөтүлгөн чектөөлөрдүн ал-кагында жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. Жалпы мамлекеттик бюджет, Бөлүштүрүлгөн салыктар дегенди караңыз.

Жумушсуздук – активдүү калктын бир бөлүгүнүн коомдук пайдалуу эмгек менен иштебеген көрүнүшү. Жумушсуздук себептери экономикалык кризис (каатчылык), техникалык прогресс, инфляция, мам-лекеттин а билгичтик эмес демографиялык саясаты болушу мүмкүн. Жумушсуз адамдар санын тактоо абдан кыйын, себеби жабык көмүскө жумушсуздук бар. Кыргызстанда расмий жумушсуздук маалыматтары анча жогору эмес, бирок иш жүзүндө анын деңгээли абдан эле жогору. Миңдеген кыргызстандыктар Россияда, Казакстанда жана алыскы чет өлкөлөрдө эмгектенишет, себеби, өз мекенинде жумуш табу кыйын. Экономисттер пикири боюнча жумушсуздукка каршы эң натыйжалуу курал – бул экономикалык туруктуу өсүүнү камсыздоо болуп саналат.

Жүгүртүү капиталы - даярдалган продуктка бүтүндөй өткөрүлүүчү нарктын өндүрүлүүчү капиталынын бөлүгү жана сатылгандан кийин акча түрүндө кайтарылат.Өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт: отун сырьесу, электр энергиясы, материалдар, кассадагы акча каражаттары, эмгек акыга жана башка чыгымдарга чыгашалар.

Жүк жүгүртүү – ташуу аралыгына белгилүү убакыт үчүн ташылуучу салмакты ченөгө тең транспорт ишинин экономикалык көрсөткүчү.

Жыйымдар – салыктардын, төлөмдөрдүн, алып коюулардын ар кандай түрлөрү. Алар ишканалар, уюмдар, жарандар тарабынан аларга мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө тартибинде милдеттүү тартипте төгүлөт. Жыйымдардын негизги түрлөрү юридикалык жана жеке жактардан алардын таламдарындагы администрациялык аракеттер үчүн алына турган администрациялык жыйымдар; акциздик жыйымды, салыкты төлөгөндүгүн күбөлөндүрүү түрүндө

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 41: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

41© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

товарга чаптала турган бандеролдорду сатуу аркылуу алынуучу бандеролдук жый-ымдар; жүктүн ээсине деңиз портунда көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөөнү билдирүүчү жүктүк жыйымдар; фьючерстик контрактты каттоо үчүн эсептик палата тарабынан алынуучу клирингдик жыйым; ортомчулук кызматтар үчүн алынуучу комис-сиялык жыйымдар; консулдуктардын кызматы үчүн алынуучу консулдук жыйымдар; экспортто жана импортто үчүн лицензия берүүдө алынуучу лицензиялык жыйымдар; кол өнөрчүлүк иштен киреше алган жеке жана юридикалык жактардан алынуучу па-тенттик жыйымдар; порт тарабынан кемелерге жана жүктөргө салына турган порттук төлөмдөр; бүтүмдөргө салынуучу кыйыр салыкты билдирген каттоо жыйымы; рынокто соода кылгандыгы үчүн рыноктук акы төлөө; жүргүнчүлөрдү жана жүктү камсыздан-дыруу үчүн камсыздандыруу акысы; бажылык алымдардан тышкары алына турган бажылык кошумча жыйымдар болуп саналат.

Жылып жүрмө бюджет – бир нече жылды камтыган (адатта беш жылды) жана жыл сайын бир жылга жылдыруу аркылуу жылып жүрмө принцип боюнча иштелип чыга турган бюджет.

Заем – белгилүү шарттарда акча же материалдык баалуутарды берүү жөнүндө келишим.Бюджеттин корголгон беренелери – мамлекет жана калк үчүн өзгөчө маанилүү күчкө ээ

болгондуктан кыскартууга, секвестрлөөгө тыюу салынган бюджеттик келишимдердин беренелери. Мисалы, Кыргыз Республикасында бюджеттик мекемелердин кызматкер-леринин айлык маянасы бюджеттин корголгон беренесине кирет.

Импорт – товарлар, кызматтар, капиталдарды өлкөгө четтен киргизүү. КР импорт экспортко караганда басымдуулук кылат

Инвентаризация - ишкананын балансында турган мүлктүн болуусун мезгили менен текшерүү. Бул чара материалдык баалуулуктарды пайдалануу үчүн контролдукту ишке ашырууга, табигый зыяндуулук чоңдугун аныктоого жана алардын калдыктарын тууралуу маалыматтарды тактоого мүмкүндүк берет.

Инвестициялар – экономикага узак мөөнөттүү салымдар. Өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң роль ойнойт. Түз инвестициялар - өндүрүштүк салымдар жана белгилүү бир продукцияны сатып өткөрүү.

Индекс – тигил же бул көрүнүштү өзгөртүүнү мүнөздөөчү статистикалык көрсөткүч. Индекс талдоонун универсалдуу, социалдык-экономикалык процесстердин интенсивдүүлүгүн өлчөөчү инструменти катары колдонулат. Мисалы, Доу-Джонс фондулук индекси фондулук рыноктогу конъюктуранынын өзгөрүшүн чагылдырат. Өнөр жай өндүрүш баалары, турмуш деңгээли, турмуш наркы индекстери кеңири жайылтылган.

Инкассо – бир кардардан башкага акча каражаттарын берүү боюнча банктык ортомчулук аткарымдын түрү. Банк өзүнүн карадарларынын эсеп-чотторуна бул каражаттарды чегерет, аны аларды ишти же кызматты аткаргандык үчүн төлөө катары алууга тийиш.

Инсайдер – өзүнүн кызматтык абалына же туугандык байланышына карай компания иши жөнүндө жашыруун маалыматка жеткиликтүү болгон ар бир адам

Инфляциядан чыгаруу – инфляция өсүшүн жана арымын басаңдатууну алдын алуу мак-сатында акча массасын жүгүртүү бөлүгүнөн алып салуу.

Ипотека – ипотекалык ссуда алуу үчүн мүлкүн (жер, куруулар) кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу. Мында мүлк карызкордун өзүндө калат.

Ички дүң продукт (ИДП) – жыл аралыгында өндүрүлгөн бардык продукциялар жана кыз-маттар көлөмүнүн жыйынды наркы. Бул өлкөнүн экономикалык өнүгүү деңгээли жана арымы негизинде аныкталуучу экономикалык маанилүү көрсөткүч болуп саналат. ИДП өсүшү иштегендер санынын жана турмуш деңгээлинин жогорулаш деңгээли менен коштолот, ал товарлар жана кызмат көрсөтүү керетөөнүн өсүшү менен билдирилет. Турмуш деңгээлин жогорулатуу негизинде калктын жан башына товарлар жана кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн өсүшү тийштүү. 2010-жылы кыргызстанда болуп өткөн кайгылуу окуяларга байланыштуу маанилүү экономикадагы төмөндөө болуп өттү.

Ички дүң инвестициялар – реалдуу капиталды көбөйтүүгө багытталган амортизациялык төлөмдөр жана таза инвестициялар. Ички дүң продукту – жыл ичинде өлкөнүн ай-магындагы экономиканын бардык тармактарында өндүрүлгөн товарлардын жана кызматтардын, экспорттун базар баасы.

Ички дүң өнүмү – ишкананын, фирманын продукцияны, товарды өндүрүүдө жана сатууда, кызмат көрсөтүүнүн натыйжасында тапкан акчалай мүнөздөгү жалпы жылдык кире-

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 42: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама42

шеси. Ички дүң өнүмү товардын өндүрүшүнө кеткен материалдык чыгымдар менен аны сатуудан түшкөн пайданын ортосундагы айырма менен аныкталат. Ички дүң өнүмү маянанын жана таза пайданын (кирешенин) суммасына барабар болот.

Ички заем - ички рынокто чыгарылуучу облигациялар боюнча мамлекттин карыз милдеттенмеси. Ички мамлекеттик карыз – резидент болуп саналган кармоочулар улуттук же чет элдик валютада

билдирилген мамлекетин карыз милдеттенмеси. Ички карыз катары пайкалык төлөмдөрдү алууга аркеттеген пенсионер-аскер кызматчылары алдында мамлекетин карызын эсептөөгө болот.

Ишенимсиз карыздар(өнбөгөн береселер) – карызкордун төлөөгө жөндөмсүздүгү же сот органдарына баш тартуу үчүн өндүрүү мүмкүн болбогон карыздар. Мындай шартта карыз жок болбойт, бирок аны баланста көрсөтүп турат. Натыйжада карыз жыл сайын отчеттон отчетко «көчүп» турат. КР Өкмөтү колхоз менен совхоздордун карызын ишенимсиз карыздар деп таныган.

Ишкердик кылуу – жарандардын, жеке жана юридикалык жактардын демилгелүү, өз алдынча, өзүнүн атынан жана өзү тобокелге салып, өзүнүн мүлкүнүн жоопкерчилиги менен жүзөгө ашырылып жат-кан, системалуу киреше, мүлктү пайдалануудан, товарларды сатуудан, жумуштарды аткаруудан, кызматтарды көрсөтүүдөн пайда алууга багытталган иши. Ишкердик кылуу ишкердин беделин, статусун жогорулатуу максатын да көздөйт.

«Кар бүртүгү» - жарнамалык сатуунун алдамчылык ыкмасы, мында товар сатып алуучуга кийинки саты-ла турган товарларды башка потенциалдуу сатып алуучулардын арасына жайгаштырган шартта гана сатыла тургандыгын билдирет. Жаңы сатып алуучуларга да ушул сыяктуу талаптар коюлат, натыйжада сатуулардын «пирамидасы» «кар бүртүгү» пайда болот. Автомобилдерди, муздаткыч-тарды, телевизорлорду арзандатып сатуу буга мисал болот, анын тушунда ар бир сатып алуучу товарды төмөнкү баада сатып алуу үчүн дагы төрт сатып алуучуну, алар болсо өз кезегинде дагы төрт сатып алуучуну алып келүүгө тийиш. Сооданын ушундай формасы сатуулардын геометриялык прогрессиясынын келип чыгышына алып келет, натыйжада алгачкы сатып алуучулар товарды сатып алышат, ал эми кийинки сатып алуучулар акчаны төгүшөт, бирок товарды сатып ала алышпайт, анткени, алар дагы төрт сатып алуучуну тартууга жөндөмсүз болуп калат. Ушул акыркылардын акчалары «кар бүртүгүн» уюштуруучулардын кирешеси болуп калат.

«Көмүскө кадам» - образдуу термин, ал «көмүскө кадамдын натыйжасы» деп да аталат. Өлкөдө эркин жер которуу мүмкүн болгондо адамдар жергиликтүү бийликтер тарабынан түзүлгөн шарттар, ки-решелер жана салыктар жашоо үчүн алда канча жагымдуу болгон региондорго умтулуу аркылуу «кадамы менен добуш бергендиги» ушунун натыйжасы болуп саналат. «Көмүскө кадамдын натый-жасы» жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда ресурстарды тартуу үчүн атаандаштыктын пайда болгондугунун натыйжасында эмгек ресурстарын аймактык сапаттуу бөлүштүрүүнү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

«Көмүскөдөгү кол» – Адам Смит тарабынан айтылган жана экономиканын өзүн-өзү жөнгө салышынын рыноктук механизмин билдирген термин. А.Смиттин ырастоосу боюнча эркин рынок экономика-сында айрым индивиддер өзүнүн таламдарын жетекчиликке алуу менен рыноктун көмүскө колу менен багытталат жана алардын аракеттери башка адамдардын жана жалпы коомдун таламдарын жүзөгө ашырууну аргасыздан камсыз кылат.

«Кымбат» акчалар саясаты – өкмөттүн жана борбордук банктын өлкөдөгү акча массасынын көлөмүн кыскартууга багытталган саясаты. Инфляция көйгөйлөрүн чечүү үчүн пайдаланылат.

«Көк фишкалар» - баалуу кагаздар рыногунда бирден бир өтүмдүү инструмент болуп саналган компа-нияларга абдан белгилүү жана туруктуу иштөөчү баалуу кагаздар. Россияда «көк фишкаларга» Гапром, Аманатбанк, РАО ЕЭС акциялары тийиштүү. Кыргызстанда аларга эларалык «Манас» аэропорту, энергокомпаниялар,Кыргызтелеком акциялары тийиштүү.

Казыналык - Финансы министрлигине караштуу атайын мамлекеттик финансылык орган. Анын функ-циясына мамлекеттик бюджеттин долбоорун түзүү жана аны аткаруунун башкаруу, ошондой эле мамлекеттик карыздарды жана мамлекеттик баалуу кагаздар эмиссиясын башкаруу да кирет. Казыналык салыктар, алымдар жыйымын жана башка бюджетке түшүүлөрдү көзөмөлгө алат , бюджеттик кредиттерди ачат.

Казыналык билеттер - мамлекеттик чыгашаларды финансылык камсыздоо үчүн казыналык тарабынана чыгарылуучу кагаз акча. Алар мамлекеттин кыска мөөнөттүү милдетенмелерине тийиштүү. Алтын стандартты алып салгандан кийин казыналык билеттер менен банкноттор ортосундагы чек жок болуп кетти.

Казыналык векселдер – мамлекеттик милдеттенмелерди көрсөтүүчү мамлекеттик кагаздар. Банктар арасында номиналды арзандатуу менен сатылат, а сыртына жазылган баа наркы менен толугу боюнча сатылып кетет. Казыналык векселдерди кармоочулар номиналдык жана сатуу баасынын ортосундагы айырмага тең киреше алышат. Бул баалуу кагаздар банк аралык акча рыногунда

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 43: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

43© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

кеңири пайдаланылат. Алар эң өтүмдүү активдер катары саналат.Казынанын учурдагы эсеби – борбордук казынанын мамлекеттик бюджетке түшкөн төлөмдөрү үчүн

Улуттук банкта ачылган эсеби.Кайра импорттоо – чет өлкөгө мурда чыгарылган, ал жерде кайра иштетилбеген товарларды өлкөгө

кайра алып келүү. Мисалы, мындай товарларга чет өлкөлүк аукциондордо сатылбаган, жараксыз деп табылган, кереги жок болгондугу үчүн кайтарылган буюмдар таандык кылынат.

Кайра инвестициялоо – алардан алынган кирешелердин, пайданын эсебинен мурда салынган инвести-цияларды өстүрүү формасында жеке же чет өлкөлүк капиталды экономикага, кайталап, кошумча салуу. Ушундай инвестициялоо инвестицияны бир объектиге концентрациялоого мүмкүнчүлүк берет. Баалуу кагаздар, кайра инвестициялоонун финансылык чөйрөсү, негизги жана жүгүртмө капитал айкын инвестициялар чөйрөсү болуп саналат.

Кайра инвестициялоо – инвестициялык аткарымдан түшкөн кирешелер формасында алынган кара-жаттарды кошумча салуу. Кайра инвестициялоо ишинин багытын инвестициялоодой эле болот. Финансылык (аларды салуунун чөйрөсү, эреже катары, баалуу кагаздар болуп саналат) жана айкын кайра инвестициялоо деп айырмаланат, ишканалардын негизги жана жүгүртүү капиталына, илимге ж.б. салымдар.

Кайра финансылоо (англ. refunding) – жаңы заемдорду чыгаруу, негизинен узак мөөнөттүү баалуу кагаздардын кыска мөөнөттү милдеттенмелерин же тындыруу мөөнөтү аяктап бара жаткан мил-деттенмелерди башка жаңы облигациялар менен алмаштыруу аркылуу мамлекеттик мурдагы карызды тындыруу, ордун толтуруу.

Кайра экспорттоо – өлкөгө мурда алынып келинген чийки затты жана башка товарларды башка өлкөлөргө ошол эле түрдө же айрым кайра иштетүүдөн кийин кайра сатуу максатында өлкөдөн кайра чыгаруу. Кыргызстан КЭРде өндүрүлгөн товарларды, ошондой эле Россиядан алынып келинген мунайзат-тарды кайра экспорттоодон жакшы кирешелерди алып турган. Бирок Россия – Казахстан – Беларус Бажы бирлиги ишке киришкенден кийин товарларды кайра экспортто алда канча кыйын болуп калды.

Кайрымдуулук – ден соолук абалы боюнча эмгектене албаган, өзүнүн багуусунда көп балдары бар же майып-балдарды баккандарга мамлекет, компания, уюмдар жана айрым адамдар тарабынан жар-дам көрсөтүү боюнча иш-аракет. Кайгылуу апрель жана июнь окуяларынан кийин өкмөт Ала- Тоо аянтында атасынан, балдарынан ажыраган үй бүлөлөргө 1 миллион сом бөлүп берген. Эл аралык уюмдар, ал Европалык союз,БУУ , Азия өнүктүрүү банкы ,Россия , Казакстан өкмөтү жана башка өлкөлөр кыргызстандын түштүгүндөгү бузулган шаарларды жана айылдарды калыбына келтирүү үчүн абдан зор финансылык жана гуманитардык жардамдарды көрсөтүштү.

Кайталанма жумуштуулук – негизги иш орундан тышкары кошумча иш менен байланыштуу иш. Ар кандай формаларга ээ – бир нече жерде иштөө, контракт боюнча, бир жолку тапшырма.

Кайталанма ресурстар – өндүрүшкө кайрадан тартылуучу материалдык ресурстарды мисалы, шлакоблок-ту даярдоо үчүн күл пайдаланылат, металлугрияда – металл сыныктары, эмеректерде – жыгач жб.

Кайчылаш субсидирлөө – белгилүү бир тармакта товарларды жана кызматтарды керектөөчүлөрдүн ар кандай топторунун арасында баалык жүктү кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен товарларды жана кызматтарды өндүрүүгө кеткен жалпы орточо чыгымдардын деңгээлинде бааларды белгилеп коюу практикасы.

Калк кирешесинин индексациясы - инфляциядан калкты сактоо ыкмасы Мамлекеттик сектордо кал-ктын кирешелеринин индексациясы эмгек акынын,пенсияны, жөлөк пулду жогорулатуу жолу менен жүргүзүлөт. Жеке сектордо - жумуш берүүчү менен профсоюздар ортосундагы тарифтик келишим-дер негизинде эмгек акыны жогорулатуу жолу менен болот. Бул чара социалдык-экономикалык процесстерди мамлекеттик жөнгө салуунун маанилүү методдорунун бири болуп саналат. КР 2010-жылы күч структураларынын кызматкерлеринин эмгек акысына 50 пайыз жогорулатуу жүргүзүлгөн.

Калктын жан башына продукция чыгаруу – өлкөнүн экономикалык өнүгүү жана калк турмушунун орочо деңгээлинин көрсөткүчү. Калкын жалпы санын бөлүү менен жыл аралыгында өндүрүлгөн бардык товарлар жана кызматтар наркы катары эсептелет. КР бул көрсөткүч мурунку Союз республикалары арасында эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат.

Калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү – адамдарда болгон акчалай каражаттарга ылайык өлкөдө ка-лыптанган товарлардын баасынын жана кызматтардын тарифтеринин деңгээлинде калк сатып алууга жөндөмдүү болгон товарлардын жана кызматтардын саны. Сатып алуу жөндөмдүүлүгү калктын кирешелеринин деңгээлине жана анын сатып алууга бөлүнүшү мүмкүн болгон бөлүгүнө жараша болот, бирок ал баалардын жана кызматтардын тарифтеринин чоңдугу менен да белгилүү даражада шартталат.

Калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү – адамдарда болгон акчалай каражаттарга ылайык өлкөдө калып-

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 44: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама44

танган товарлардын баасынын жана кызматтардын тарифтеринин деңгээлинде калк сатып алууга жөндөмдүү болгон товарлардын жана кызматтардын саны. Сатып алуу жөндөмдүүлүгү калктын кирешелеринин деңгээлине жана кирешенин сатып алууга бөлүнүшү мүмкүн болгон бөлүгүнө жа-раша болот, бирок ал баалардын жана кызматтардын тарифтеринин чоңдугу менен да белгилүү даражада шартталат.

Калькуляция – өндүрүштөгү акчалай билдирилген чыгымдар, чыгашалардын жана буюм бирдигин сатып өткөрүүнүн, ошондой эле жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруунун бухгалтердик эсебинин таблица түрүндөгү көрсөтүүсү. Калькуляция өндүрүштүн орточо чыгымдарын жана продукциянын өздүк наркын белгилөөнү аныктоо үчүн негиз болуп кызмат кылат.

Камсыздандыруу – 1) ишканалардын, уюмдардын, жарандардын акчалай каражаттарынын эсебинен жагымсыз окуялардан, кырсыктардан улам келип чыккан зыяндын, коромжулуктардын ордун тол-туруу үчүн арналган атайын резервдик фонддорду (камсыздандыруу фонддорун) түзүү. Жабыр тарткандарга камсыздандыруу фонддорунун каражаттарынан белгилүү бир өлчөмдөгү камсыз-дандыруу суммасы төлөнөт. Камсыздандыруу мамлекеттик органдар, камсыздандыруу коомдору, компаниялары тарабынан жүзөгө ашырылат. Адамдардын өмүрү, ден соолугу жарандардын жана ишканалардын мүлкү, транспорт каражаттары, ташыла турган жүктөр, тобокелчилик, жоопкерчилик камсыздандыруу обьектиси болушу мүмкүн; 2) камсыздандыруучу пенсиялык фонддор тарабынан жүзөгө ашырылуучу социалдык камсыздандыруу кызматкерлердин, калктын акчалай каражаттарын келечекте аларга акчалай жардам көрсөтүү, акчалай акы төлөп берүү үчүн топтоону билдирет.

Капиталады чыгаруу – бир өлкөдөн башка өлкөгө пайдалуу ишке жайгаштыруу үчүн максатка багыттуу акчаларда жайгаштыруу. Ишкердик (түз жана портфельдик инвестиция) жана ссудалык капитал формасында ишке ашырылат.

Капиталдаштыруу - бир нече мааниге ээ 1. Пайданын же бүт пайданын кошумча капитал (эмгек каражаттары,эмгек предметтери, жумушчу күчү ж.б.) айланган бөлүгү.2. Негизги жана жүгүртүүчү капиталды анын базасында фирманын наркын баалоо.3.Анын акциясынын жана облигациясынын рынок наркы негизинде компания наркын баалоо. 4. Жыл сайын алуучу пайда базасында фирма-ныны наркын аныктоо.

Капиталды чыгарып кетүү – башка өлкөдө өзүнүн акчаларын пайдалуу жайгаштыруу, бирок аны сак-тоо максатындагы аракети менен шартталган капиталды экспорттоонун формасы.Эреже катары, капиталды чыгарып кетүү саясий же экономикалык стабилдүүлүк эместикте, жогорку инфляцияда пайда болуусу мүмкүн. Бирок , аны. кылмыштуулук жолу менен табылган акча ээлери аларды чет элдик банктарда «изин жашырууга» аракеттенишет. Кыргызстан үчүн акыркы он жылда эки элдик революция болуп өттү, бул проблема азыркы күндө өтө курч турат.

Капиталдык салымдар – негизги каражаттарды өндүрүү үчүн багытталуучу экономикалык ресурстардын жыйындысы.

Капиталдык бюджет – мамлекеттин болжолдуу инвестициялык долбоорлорунун планы жана аны кар-жылоо каражаттары; Учурдагы бюджет, Капиталдык чыгашалар, Инвестициялар, Өнүгүү бюджети дегенди караңыз.

Капиталдык салымдар – негизги капитал үчүн инвестициялар, анын ичинде жаңы курулуш жумуштары, иштеп жаткан ишканаларды кеңейтүү жана кайра куруу, унаа, жабдуулар, эмеректерди сатып алуу жана башка чыгымдар.

Капиталдык чыгымдар – негизги капиталга жана запастардын көбөйүшүнө салынуучу каражаттар.Каржылоонун ички булактары – негизинен мамлекеттик облигацияларды чыгаруу жолу менен өлкөнүн

ичинде колдонулган булактар.Каржылоонун тышкы булактары – башка мамлекеттерден алынган насыя, ссуда жана гранттар.Карт-бланш – башка адамга аны толтурууга укук берүүчү бир адам тарабынан (ишенимдүү адам) кол

коюлган таза бланк же чексиз ыйгарым укутар, иш аракеттердин эркин аракети.Картель - монополисттик бирикменин жөнөкөй формасы, башка формалардан айырмасы финансылык,

өндүрүштүк өз алдынчалуулукту сактайт. Келишим объекттери болуп баа түзүү, таасир чөйрөсү, соода шарттары болуусу мүмкүн. Эреже катары, бир тармак алкагында рынок механизмдерини иштешин татаалдантат. Картелдик сөз байлашуунун мисалы болуп ар бир кошуу үчүн 60 тыйындан алуу жөнүндө уюлдук байланыш операторлорунун ачык эмес келишими кызмат кылышы мүмкүн.

Кассалык чыгым – мамлекеттик бюджеттен төлөнүшү керек болгон, белгиленген тартипте акча каражат-тары боюнча милдеттеме алган тарапка бюджеттик мекеменин казына эсебинен каражат которуу боюнча операция.

Категориялдык гранттар – жергиликтүү бюджеттин кайсы бир чыгашаларын каржылоо үчүн (адатта буга жергиликтүү деңгээлде берилген билим берүү жана саламаттык сактоо кызматтары кирет)

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 45: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

45© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

республикалык бюджеттен кайтарымсыз жана кайрымсыз негизде, мамлекет тарабынан кепилдик берилген бюджеттик ассигнация.

Квота – биргелешкен иште (товар өндүрүшүндө, экспортто жана импортто.) мүмкүн болуучу катышуу үлүшү. Квота имирганттар агымын чектөө, ошондой эле ЭВФ мүчө-өлкөлөр төгүмү катары капи-талды уюштуруу үчүн иштейт.

Кен иштетүү үчүн салык – кендерди колдонуу үчүн салык өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: бонустар – гео-логиялык изилдөө жана пайдалуу табылгаларды иштетүү максатында кендерди колдонуу укугу үчүн бир жолку төлөм; роялти – кендерди иштетүү максатында аны колдонгон үчүн учурдагы төлөм.

Керектөө бюджети – үй бүлөнүн же үй чарбасынын орточо статистикалык кирежелер жана чыгашалар балансы. Мындай бюджетти иргеп алуу методу жолу менен калктын турмуш деңгээлин билүүгө болот, акча чыгымдары жана турмуш шарттары жөнүндө билүүгө, керектөө суроо-талаптарын иликтөөгө мүмкүн болот. Керектөө бюджетинин көрсөткүчтөрү минималдык бюджет жана жашоо минимуму эсептеринде колдонулат.

Керектөө себети – адамдын же үй-бүлөнүн айлык (жылдык) керектөөсүнүн типтүү деңгээлин жана струк-турасын мүнөздөгөн товарлардын эсептелген топтому, ассортименти. Ушундай топтом колдонулган баалардагы керектөө себетинин наркына негизденүү менен минималдуу керектөө бюджетин (жашоо минимумун) эсептөө үчүн пайдаланылат. Керектөө себети ошондой эле керектөөнүн эсептик жана айкын деңгээлдерин салыштыруунун базасы катары да кызмат кылат.

Керектөөчү баалардын индекси – белгилүү бир мезгил үчүн товарлар жана кызматтарга (керектөөчү корзинанын) баалардын орточо деңгээлинин салыштырмалуу өзгөрүшүн көрсөтөт. Керектөөчү баалардын индекси төмөнкү формула менен аныкталат: (ушул жыл үчүн керектөөчү корзинанын наркын өткөн жылдын керектөөчү корзинанын наркына бөлүү керек) 100 пайызга көбөйтүү керек.

Киреше жана чыгашалардын сметасы – бюджет чыгашаларынын көлөмүн жана максаттуу багытын аныктаган документ. Смета принципиалдуу түрдө бюджеттен айырмаланат, анткени ал каражат-тардын чыгашасына гана тиешелүү. Мисалы, учурда облустук мамлекеттик администрацияларда чыгашалардын сметасы бар, ал чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт. Бирок алардын өзүнүн бюджети жок, буга байланыштуу киреше чогултууга да уруксат берилген эмес. Буга чейин алар кирешени жергиликтүү өз алдынча башкаруудан алып турган.

Киреше мүмкүнчүлүгүн баалоо – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитил-ген киреше булактарынан муниципалитеттин бюджетине түшө турган кирешени баалоо. Мында жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр эсептелбейт.

Киреше салыгы – салык, мында жарандардын өткөн жыл үчүн акчалай эсептелген жыйынды кирешеси-нин суммасына салык салынат. Бир жолку төлөм катарында айлык жана агымдагы кирешелерден жарым-жартылай алынып турат. Салык салынбай турган минимумдан ашкан кирешелерге кире-ше салыгы салынат. Прогрессивдүү салыктардын катарына таандык кылынат, анын чени адатта жылдык кирешенин чоңдугунун өсүшүнө жараша баскычтуу түрдө жогорулап турат. Атап айтканда, Россияда пенсия боюнча кирешелер киреше салыгынан бошотулган. Биздин өлкөдөгү пенсионер-лер да ушул салыкты төлөшпөйт.

Киреше үчүн салык – уюмдун (ишкана, банк, камсыздандыруу компаниясы ж.б.) кирешесинен алынган түз салык. Бул салыктын максаты үчүн киреше адатта компаниянын ишмердүүлүгүнөн улам чы-гаша жана жеңилдиктери үчүн кеткен сумманы алып таштагандан кийинки түшкөн киреше катары аныкталат.

Кирешелер жөнүндө декларация – белгилүү бир убакыт аралыгына, эреже катары бир жыл үчүн алар алган кирешелр жөнүндө мамлекеттик органдарга жеке адамдын билдирүүсү. Кыргызстанда кирешелер жөнүндө декларацияны биринчи кезекте мамлекеттик кызматчылар 1-мартка чейин берүүлөрү тийиш.

Клиринг – төлөм балансын эсептөөдөн тышкары, өз ара чегеришүү жолу менен ишке ашырылуучу өлкөлөр, компаниялар ишканалар ортосунда товар менен жабдуу, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акчасыз эсептешүү.

КНС – кошумча нарк салыгы, кыйыр салык, кошумча нарктын бөлүгүн бюджет үчүн алуу формасы, бул нарк товарды өндүрүү, иш аткаруу жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процессинде жаралат.

Коллектор - белгилүү бир товарларды топтоо жана аларды багытталышы боюнча даректер боюнча бөлүштүрүү менен иштеген уюм. Мисалы, китепканалык коллектор китепканалар боюнча китептер-ди бөлүштүрөт. Азыркы учурда кыргызстанда банктык карыздарды өндүрүү боюнча коллектордук компаниялар иштеп башташыт.

Компенсация – компаниянын инсанына, мүлкүнө, имиджине келтирилген зыяндын ордун толтуруу. Эмгек укугунда - пайдаланылбаган өргүү (отпуск) үчүн жумушчуларга жана кызматчыларга төлөм

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 46: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама46

жүргүзүлөт.Конвергенция - ар кандай өлкөлөрдүн түрдүү экономикалык системалары, социалдык жана экономика-

лык саясатын жакындаштыруу. Бул термин дүйнөдө инеграциялануучу процесстерди баяндоодо колдонулат.

Конверсия – бир объекттерди башкага, маанилүү кайра түзүү, шарттарды өзгөртүү, бир баалуу кагазды башкага алмаштыруу. Аскер өнөр жай комплексин конверсиялоо – дүйнөлүк продукция өндүрүшүнө аскер продукциясын чыгаруучу ишканага которуу. КР конверсияга иш жүзүндө коргоо маанисинде жабдууларды жана продукцияларды чыгаруучу бардык заводдор дуушар болушту.

Конвертирленүүчү (өтүмдүү) валюта – ар кандай өлкөдө улуттук акчага эркин алмаштырылуучу валюта. Бул америка доллары.

Конвертирлүүлүк – иш аракеттеги курс боюнча бир валютаны башкага эркин алмаштыруу, ошондой эле атын стандартына ылайык банктык билеттерди алтынга алмаштыруу. КР бул кызматтарды коммерциялык банктар, алмашуу бюролору, эсептик-сактык кассалар көрсөтүшөт.

Конверттештирилбей турган валюта - мамлекеттик (борбордук) банктын жардамы же мамлекеттик органдардын уруксаты же көмөгү болмоюнча, чет өлкөлүк валютага алмаштырууга мүмкүн болбой турган улуттук валюта.

Конкуренция (атаандаштык) – рыноктун белгилүү сегменттин ээлөө үчүн товар өндүрүүчүлөр жана сатып-өткөрүү рыногу үчүн кызматтар ортсундагы атаандаштык. Ак ниет жана ак ниет эмес аттан-даштык бар.

Консолидацияланган (мамлекеттик) бюджет – бул тиешелүү аймактагы ар кандай даражадагы бюджет-тердин болжолдоо, эсептөө жана талдоо учурунда колдонулган жыйнагы. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат.

Консолидирленген бюджет – бардык деңгээлдердеги бюджеттер жыйындысы. Бул документ мыйзам органдары бекитпейт, ошондуктан юридикалык документ болуп саналбайт. Консолидирленген бюджет негизги көрсөткүчтөрдү жана пропорцияларды пландоодо жана талдоодо колдонулат.

Коомдук жыйынды продукт – макроэкономикалык көрсөткүч, ал акчалай түрдө ченелет жана ишканалар тарабынан аталган жылдын ичинде түзүлгөн бүткүл дүң продуктуну билдирип турат.

Кош салык салуу- ар кандай салыктар сумммасынан аны бир башка суммадан бир же ошол эле кире-шеден кош салык алуу.Мисалы, кызматчынын эмгек акысынан киреше салыгы төлөнөт жана иш-кананын эмгек акы фондунана кошумча салык алуу, буга кызматчынын эмгек акысы да кирет. Кош салык салуудан коргоо үчүн өкмөт аралык келишимдер түзүлөт. Кыргызстан мсалы үчүн көптөгөн өлкөлөр менен төлөнгөн салыктар кайрадан албоо тууралуу келишим түзгөн.

Кошумча нарк – кайра иштеп чыгуу процессинде кошумча кошулган нарк. Рынокк кайра иштетүү жана илгерилетүү.кошумча нарк макроэкономикалык көрсөткүч менен тыгыз байланыштуу. ИДП катары.

Кошумча нарк салыгы (КНС) - аталган ишканадагы нарктын өсүшүнүн суммасынан ишканадан алынуучу салык, ал товарларды жана кызматтарды сатуудан түшкөн акча менен башка өндүрүүчүлөрдөн башка жактан алынган чийки заттарга, материалдарга, жарым фабрикаттарга кеткен сумманын ортосундагы айырма катары эсептелет. Бир катар товарлар, жумуштар, кызматтар, иштин түрлөрү кошумча нарк салыгынан жарым-жартылай же толугу менен бошотулат. Кыргызстанда КНСтин чени 12%га барабар.

Кунарсыз рынок - баалуу кагаз биржага расмий чыгарылганга чейин аны күтүлгөн курсу боюнча расмий эмес котировкалоо жана алмашуу.

Күрөө аукциону – күрөө предметине ачык торук менен сатуу. Кыргызстанда коммерциялык банктар жана сот приставдары арасында кеңири практикаланат.

Күрөө – карызды төлөө кепилдиги катары карызкордун(бересечи) кредиторго өзүнүн мүлкүнүн өткөрүп бериши. күрөө предмети болуп автомобиль, жер үлүшү, үй малдары ж.б. болушу мүмкүн.

Кыймылсыз мүлк үчүн салык – жергиликтүү бюджет үчүн жылдык салык болуп эсептелет жана шаардык (жергиликтүү) кеңештин чечими менен шаарларда, шаар четиндеги жана курорттук аймактарда киргизилет. Салык алынчу объектилердин катарына турак-жайлар, батирлер, пансионаттар, сана-торийлер, курорттор, өнөр жай, административдик жана курулуш имараттары кирет.

Кыйыр салыктар- товар баасына кошумча акы түрүндө белгиленүүчү товарларга жана кызматтарга жана салык төлөөчүлөрдүн кирешелерине байланышпаган салыктар. КР кыйыр салыктарга акциздер, КНС, сатуудан алынуучу салык, бажы жыйымы, алымдар тийиштүү.

Кыргыз Республикасынын резиденти эмес адам – бул өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзгөн, бирок башка өлкөдө туруктуу катталган жана жашаган юридикалык, физикалык тараптар, же өлкөдө жүргөн чет өлкөлүк дипломатиялык же башка расмий өкүлчүлүктөр, андан тышкары эл аралык уюмдар,

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 47: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

47© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

алардын кеңселери жана өкүлчүлүктөрү.Легалдаштыруу (мыйзамдаштыруу) – кандайдыр бир актыга же аракетке юридикалык күчкө болуу

ишине уруксат берүү , аны мыйзамдаштыруу. Кылмыштуу жол менен алынган акча каражаты же башка мүлктүн изин жашырууну да билгизет

Лизинг – ижара - ижарачыга аларды кийинки сатуу мүмкүндүгү менен кайтарым, төлөм, мөөнөттүү шарттарында өндүрүш, имараттар, курулмалар, транспорт, склад аянттарын ижара мөөнөтүндө ажыратуу. Лизинг бүтүмдүн бардык катышуучулары үчүн пайдалуу жана экономиканын өсүшүнө, анын натыйжалуулугун, инвестициялык ишти активдештирүүнү жогорулатууга өбөлгө түзөт. Лизинг Кыргызстанда азырынча кеңири тараган жок. Лизингди пайдалануу мисалы «МегаКом» уюлдук байланыш компаниясынын өнүгүүсү үчүн жабдууларды ижарасы эсептелет.

Ликвиддүүлүк (өтүмдүүлүк)- компания активдеринин акчалай баалуулуктарга айландыруу ыкмасы. Терминдин экинчи маниси – заемчунун карыз милдеттенмелерин,төлөө жөндөмдүүлүгүн өз учурун-да камсыздоо жөндөмдүүлүгү. ҮчҮнчҮ мааниси, активдер деп саналган каражаттардын тындыруу пассивдерине кайра түзүү мүмкүндүгү.

Листинг – эксперттик текшерүүдөн өткөн акциялар гана торукку кирүү үчүн фондулук биржада котиров-каланган акциялар тизмесине компаниялар акциясын киргизүү. Кыргыз фондулук биржада ондогон бир нече компаниялардын листингинин ондон азы гана өткөн.

Лицензия – өлкөнүн мыйзамы аныктоочу иштин түрлөрү менен иштөөгө уруксат берүүчү тизме. Чарба ишин административдик жөнгө салуу методу болуп саналат. КР лицензиялар банк аткарымдарын, пайдалуу кен байлыктардын геологиялык чалгындоосу жана кен иштетүү, алкоголдук ичимдиктерди ишке ашыруу укугуна лицензиялар берилет.

Макроэкономика – жалпы экономиканын иш жүргүзүшүн, экономикалык агенттердин жана рыноктор-дун ишин изилдеген илим; экономикалык көрүнүштөрдүн жыйындысы. Бул термин биринчи жолу 1933-жылдын 14-августунда Рагнар Фриш тарабынан колдонулган.

Макроэкономика – өлкөдөгү жалпы экономиканын (же анын айрым бөлүктөрүнүн, тармактарынын) иштешин, мисалы, инфляция, жумушсуздук, бюджет дефицити, экономикалык өсүш, мамлекеттин экономиканы тескөөсү өңдүү жалпы процесстерди жана көрүнүштөрдү изилдеген илим.

Мамлекетик кирешелер – киреше, алымдардан , төлөмдөрдөн, ички сатуу аткарымдарынан, чет элдик кредиттерден салык формасында мамлекеттик салыктан алынуучу киреше.

Мамлекеттик бюджет - бул мыйзам күчүнө ээ болгон өлкөнүн финансы планы, бүт коом кызыкчылыгын-да түзүлүүчү жана пайдаланылуучу бюджеттик системасынын бардык деңгээлдеринин бюджетин камтыйт.

Мамлекеттик бюджет – бул мыйзам күчүнө ээ болгон, жалпы коомдун кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн жана колдонулган, өзүнө бюджеттин бардык деңгээлдеги системаларын камтыган өлкөнүн каржылык планы.

Мамлекеттик бюджет – мамлекеттин ар бир функциясы үчүн киреше жана чыгашалардын планы, адатта аны жумушчу каржы планы деп атап коюшат. Ал министрликтердин жана ведомстволордун кий-инки каржы жылына карата болжолдонгон чыгашаларын пландоодо колдонулат. Бюджет Каржы министрлигинин органдарына, бюджеттик институттарга жана жарандарга отчет даярдоодо негиз болуп берет.

Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү – мамлекет аткарууга милдеттүү болгон функци-ялардын айрымдарын тиешелүү аймакта ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү.

Мамлекеттик казына векселдери – 3, 6 жана 12 ай мөөнөткө Кыргыз Республикасынын өкмөтү тара-бынан чыгарылган баалуу кагаздар. Анын ээси өкмөткө акчалай каражатты карызга берет. Ички карыз дегенди караңыз.

Мамлекеттик карыз – бюджет дефицитин жабуу үчүн мамлекет алган финансылык карыздар. Мамлекет-тик карыз борбордук өкмөттүн, регионалдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын, мамлекет-тик уюм жана ишканалардын карыздарынан турат. Мамлекеттик карызга мамлекеттик жана жеке тармакта (эгерде өкмөттүн кепилдиги менен алынса) колдонулган насыялар кирет; Ички карыз, Тышкы карыз дегенди караңыз.

Мамлекеттик кепилдик – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алган карызын кайтара албай калганда, же туура эмес кайтарган маалда кредиторлор алдындагы карызын толук же бөлүк-бөлүгү менен кайрып берүү жөнүндөгү мыйзам же келишимде каралган кагаз жүзүндөгү милдеттеме. Ишкана-ларга чет өлкөлүк насыяларды мамлекеттин кепилдиги менен берген учурлар да кездешет. Бул өтө коррупциялашкан талаа жана мындай насыяларга өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Мамлекеттик ишкана – мамлекттик менчикте болгон ишканадагы негизги каражаттар, директор дай-

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 48: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама48

ындалат же мамлекттик органдар тарабынан жалданат. КР мамлекттик ишканалар мисалы болуп энергетика секторундагы компаниялар кызмат кылышы мүмкүн, ал «Түндүкэлектро», же Бишкек ЖЭСи.

Мамлекеттик менчик – менчиктин бир формасы, бөлүштүрүүчү-субьект болуп мамлекеттик органдар чыгат. Мамлекеттик менчик болуп жер, ишкана, табигый казып алуулар, маданий жана духовный байлыктар ж.б. болушу мүмкүн Кыргызстанда мамлекттик менчикти тескөөчү болуп мамлекеттик мүлк министрлиги болуп саналат.

Мамлекеттик пошлина – юридикалык жана жеке жактар төлөгөн атайын төлөмдөр. Алардын кызыкчы-лыгы үчүн атайын милдеттендирилген органдар юридикалык мааниге ээ болгон документтерди берет жана иш жүргүзөт.

Мамлекеттик чыгашалар- экономикалык, социалдык аскердик жана башка муктаждыктарга бюджетин киреше бөлүгүнөн каражаттарды пайдалануу.

Мамлекттик кыска мөөнөттүү облигациялар (МКО) – Улуттук банк тарабынан мөнөтүндө тындыруу кепилдиги менен Финансы министрлиги тарабынан чыгарылуучу аттары жазылган баалуу кагаздар. Баалуу кагаздарды тындыруу кожоюн эсебине МКО номиналдуу наркын которуу менен жүргүзүлөт, ал эми киреше тындыруу баасы жана сатып алуу баасы ортосундагы айырма эсебинен түзүлөт. КРда МКО чыгаруу - 3, 6, 12 айлык тындыруу мөөнөтү менен ишке ашырылат. Бир баалуу кагаздын номиналдык наркы – 1000 сом.

Мамлекттик программа – болгон ресурстар пайдалануу жолу менен келечектүү максаттар жана мил-деттарга жетүү максатында эконмиканы жөнгө салуунун мамлекттик инструменти.мисалы, КР кедейчиликти кыскартуу боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылган.

Маркетинг - товарлар, кызматтар, баалуу кагаздар чөйрөсүндөгү ишинин кеңири спектри боюнча товар-ларды сатып өткөрүүгө, керектөөлөрдү мыкты канааттандыруу жана пайда алуу үчүн өнүктүрүү жана алмашууну тездетүү максатында жүзөгө ашырылуучу, өзүнүн спектри кеңири иш. Маркетинг – өндүрүштү рыноктун талаптарына ыңгайлаштырууга чакырылган. Маркетинг товарды иштеп чыгууну (сатылып жаткан товардын түрүн аныктоону жана мүнөздөмөлөрүн белгилөөнү), рынок-ту талдоону (рынокторду бөлүштүрүүнү, артыкчылыктуу рынокторду бөлүп көрсөтүүнү, рынокту сегменттештирүүнү жана позициялоону), баа стратегиясын жана саясатын камтып турат. Жарнама маркетингдин курамдык бөлүгү болуп саналат.

Маркетингден чыгаруу – болгон ресурстарда алардын өндүрүү мүмкүндүгүн жогорулатуучу деңгээлге чейин товарларга суроо-талаптын өсүүсү менен шартталган соодадагы кырдаал. Мындай шартта экономисттер суроо-талаптын азаюуусуна багытталган чараларды жүргүзүүнү кеңеш беришет.

Маршаллдын планы – АКШ тараптан Батыш Европаны калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү про-граммасы, ал 1948-1952-жылдардагы мезгилде жүзөгө ашырылган. Программа аны иштеп чыгу-учу, АКШнын мамлекеттик катчысы А.Маршаллдын атынан аталган. Бул программа Европанын кулашына тоскоолдук кылууга, Батыш Европа өлкөлөрүнүн өнүккөн экономикасын түзүүгө көмөк көрсөтүүгө чакырылган. Жардам көрсөтүүнүн негизги багыттары өлкөлөрдүн экономикасын калы-бына келтирүүгө салынган салымдардын жалпы көлөмүнүн ондон бир бөлүгүн түзгөн субсидиялар жана кредиттер болуп калган. Жардамда Европа өлкөлөрү тараптан бир катар милдеттенмелерди кабыл алуу каралган, атап айтканда, тышкы сооданын кадыресе жүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө айтылган. Ушул программаны турмушка ашырууда америкалык таламдар эске алын-ган. Мисалга алсак, импорт үчүн товарларды тандап алууну АКШ чечкен жана ал ар дайым эле Европа өлкөлөрүнүн сунуш-талаптарына ылайык келген эмес, ошондой эле жабдууларды сатып алууну каржылоо жагында да ушундай эле абал өкүм сүргөн. Мындан тышкары АКШнын чийки зат булактарына, товарларды сатып алууга мүмкүнчүлүк алуу түрүндөгү белгилүү бир жеңилдиктери болгон. Жалпысынан алганда программа үлгүлүү программа катары каралашы мүмкүн, анткени, ал өндүрүштү жана сооданы өнүктүрүүгө байланыштуу болгон өнөктөрдүн узак мөөнөттүү таламдары-нын дал келишине негизделген жана андан ары өнүгүү үчүн негиз түзгөн, кубаттуу экономикалык потенциалды түзүүнү даярдаган, ушунун өзү кийин Европа өлкөлөрүнүн айрым экономикалык көрсөткүчтөр боюнча лидерлердин катарынан АКШны сүрүп чыгарышына алып келген.

Менеджмент - 1) башкаруу илиминин жетишкендиктерин пайдалануу менен өндүрүштү жана өндүрүштүк персоналды башкаруунун принциптеринин, формаларынын, ыкмаларынын, амалдарынын жый-ындысы. Менеджменттин негизги максаты – өндүрүштүн жогорку натыйжалуулугуна жетишүү, ишкананын, фирманын, компаниянын ресурстук потенциалын мыкты пайдалануу; 2) ишкананын, фирманын жетекчилиги, жетектөөчү орган.

Микроэкономика (грек. micros - чакан) – экономикалык илимдин масштабы чакан экономикалык процесстер, субьектилер, көрүнүштөр, негизинен ишканалардын, фирмалардын, ишкерлердин алардын чарбалык ишинин, алардын ортосундагы экономикалык мамилелердин процесстерин

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 49: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

49© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

изилдөөгө байланыштуу бөлүгү, бөлүмү, багыты. Өндүрүүчүлөр жана керектөөчүлөр, өндүрүштүн, сатуулардын, сатып алуулардын көлөмдөрү, керектөөлөрдү, бааларды чыгымдарды, пайдаларды эсепке алуу менен керектөө жагында алар тарабынан кабыл алынган чечимдер микроэкономи-канын көңүлүнүн борборунда турат. Микроэкономика ошондой эле субьектилердин рыноктук жүрүш-турушун, өндүрүш, бөлүштүрүү, алмашуу, керектөө процессиндеги алардын ортосундагы мамилелерди да изилдейт. Ошол эле мезгилде микроэкономиканын изилдөө обьектиси катары өндүрүүчүлөрдүн, ишкерлердин жана мамлекеттин ортосундагы мамилелер да изилдөөгө кызмат кылат.

Минималдык керектөө бюджети – бул өнүгүү үчүн зарыл болгон материалдык жана руханий баалуу-луктарды минималдык деңгээлде камсыздаган товарлар жана кызматтардын наркы.

МИП (Мамлекеттик инвестициялар программасы) – мамлекеттик тармакка киргизилген инвестици-ялык салымдарды башкаруунун негизги куралы болуп эсептелет. Бүгүнкү баскычта мамлекеттик инвестициялар программасынын стратегиялык багыттары жана артыкчылыктары эл аралык каржы уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн колдоосу менен өкмөт тарабынан реалдуу инвестициялык долбоорлор түрүндө ишке ашууда. Мамлекеттик инвестициялар программасынын башкы артыкчы-лыгы жана максаты – бардыгы үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен бирге калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу.

МИП гранттар - Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча гранттар.Монетизациялоодон чыгаруу – акча функцияларын алтын жана күмүш менен чететтүү, аларды төлөм

каражаты катары колдонууну кыскартуу.Монополизациялаштыруудан чыгаруу – ички рынокто атаандаш жөндөмдүү чөйрөнү түзүүдө монопо-

лиялардын ишин чектөө боюнча өкмөттүн экономикалык жана мыйзамдык чаралардын комплекси. Кыргызстандагы монополизациялоодон чыгаруунун мисалы болуп Кыргызэнергохолдингди бир нече өзүнчө энергкомпанияларга бөлүк менен бөлүү монополдоштуруудан чыгаруу мисалы боло алат

Монополияга каршы жөнгө салуу - мамлекеттин өндүрүштүн тигил же бул түрлөрү айрым өндүрүүчүлөр тарабынан монополияга айландырышын болтурбай коюуга багытталган керектөөчүлөрдүн укук-тарын коргоого багытталган иши.

Мүлккө болгон салык – уюмдардын жана жеке жактын мүлкүнө киргизилген салык. Муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, колдонуусунда

жана карамагында болгон жергиликтүү жамааттардын менчиги. Муниципалдык менчик жергиликтүү бюджеттин киреше жана калктын социалдык-экономикалык керектөөлөрүн канааттандыруу булагы болуп саналат.

Накалай эмес төлөмдөр – сатуучунун эсебине сатып алуучу эсебинен керектүү сумманы которуу жолу аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн накталай акчаны пайдалануусуз эсептешүүсү. Мындай төлөмдөр үнөмдөө көз карашынан алганда убакытты жана жүгүртүү чыгымдарын азайтат. Акчасыз эсептерди жүргүзүүчү жарандар кредиттик карточканы пайдаланышат. Биздин өлкөдө төлөмдүн мындай формасы абдан популярдуулукка ээ болууда. Мисалы, бюджеттик кызматчылар эмгек акысы алардын банктык эсеп-чотторуна которулат.

Негизги капитал – ишкананын, компаниянын жеке да, акчалай да бардык капиталын мүнөздөгөн, жалпы-лаштырылган көрсөткүч. Негизги капиталга материалдык баалуулуктар (жер менчиги, имараттар, унаалар, жабдуулар), каржылык салымдар (өзүнө таандык баалуу кагаздар, башка ишканаларга салымдар, башка ишканалардын карыздары), материалдык эмес активдер (патенттер, лицензия-лар, товардык белгилер, долбоорлор) кирет.

Номинациялоодон чыгаруу – мамлекет белгилеген боюнча эски акча белгилерин жаңыга алмаштыруу жолу менен улуттук акча бирдигин ирилештирүү. Акыркы номинациялоодон чыгаруу Россияда 1998-жылы жүргүзүлгөн. Эгемендүү Кыргызстанда номинациялоодон чыгаруу жүргүзүлгөн эмес.

Облигациялар - (лат. obligatio милдеттенме) – көрсөтүүчүгө берилүүчү баалуу кагаздардын алда канча кеңири тараган түрлөрүнүн бири. Облигация анын ээси баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн акчалай каражаттарды төккөндүгүн жана ушуну менен аны кийин карыздык милдеттенме катары көрсөтүүгө укуктуулугун, облигацияны чыгарган уюм анын ордун облигацияда көрсөтүлгөн номиналдуу нарк боюнча толтурууга милдеттүү экендигин ырастайт. Мындай ордун толтуруу облигацияны тындыруу деп аталат. Облигацияны чыгарууда облигациянын эмитенти алдын-ала шартталган мөөнөттүн ичинде сатып алуудан тышкары, анын эсине облигациянын номиналдуу наркынын белгиленген пайызын же болбосо утушу түрүндөгү кирешени төлөп берүүгө же облигацияга карата купондорго акы төлөп берүүгө милдеттүү. Мамлекет жергиликтүү органдар (муниципалитеттер) ишканалар, компаниялар, корпорациялар ар кандай мөөнөттөргө (бир жылдан 25-жылга чейин облигацияла-ры чыгарууга укуктуу). Облигациялар акча каражаттарды тартуу максатында чыгарылат, башкача айтканда алардын эмитенттерине облигацияларды сатып алган адамдардын кредит беришинин

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 50: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама50

формасын билдирет. Облигациялар биржаларда эркин курс боюча сатылышы жана сатылып алынышы мүмкүн.

Орточо мөөнөтү мезгил - экономикада бул мезгил бир жылдан ашык жана 5-7-жылга чейин созулат. «Орточо мөөнөттү» деген түшүнүктү болжолдуу пландарга, кредит бериле турган мөөнөттөргө (орточо мөөнөттү кредит) таандык кылуу кабыл алынган.

Оффшор – (англ. offshore жээктен тышкары) – борбор жайгашкан өлкөдө катталган чет өлкөлүк ком-панияларга салыктык атайын жана башка жеңилдиктерди берүү аркылуу чет өлкөлүк капиталды тартуучу финансылык борборлор.

Өз ара алмашылуучу товарлар – бири – бирин алмаштыруу касиетине ээ болгон товарлар. Мисалы, көмүр - мунай затка, пластмассага – металлды, кант - конфетти алмаштырат. Өз ара алмашылуучу товарлар рынокто атаандаш жөндөмдүү болот, бир баанын өсүшү башка бааны киргизүүгө алып келиши мүмкүн. Өз ара алмашуучулукту изилдөөдө баа түзүүдө сатып алуучулардын жүрүм-турумуна жана алуу талдоосунда мааниге ээ болот.

Өз ара чегеришүү – компаниялар же уюмдар ортосунда бир тараптын экинчи тарапка карыз болуула-рында эсептешүүлөрдү ишке ашыруу ыкмасы. Өз ара чегеришүүнүн ар кандай комбинациялары бар жана ага эки же андан ашуун фирмалар катыша алышат.

Өндүрүштүн рентабелдүүлүгү – сатуудан түшкөн пайданын продукцияны өндүрүүгө жана сатууга кет-кен чыгымдардын суммасына карата катышы катары эсептелет. Коэффициент өндүрүшкө жана продукцияларды сатып өткөрүүгө кеткен ар бир сомдон ишкана канча пайда алгандыгын көрсөтүп турат. Бул көрсөткүч жалпы ишкана боюнча, ошондой эле анын айрым бөлүмдөрү же продукция-ларынын түрлөрү боюнча да эсептелиши мүмкүн.

Өндүрүштүн рентабелдүүлүгү – сатуудан түшкөн пайданын продукцияны өндүрүүгө жана сатууга кеткен чыгымдардын суммасына карата катышы катары эсептелет. Коэффициент өндүрүшкө жана продук-цияларды сатып өткөрүүгө кеткен ар бир рублдан ишкана канча пайда алгандыгын көрсөтүп турат. Бул көрсөткүч жалпы ишкана боюнча, ошондой эле анын айрым бөлүмдөрү же продукцияларынын түрлөрү боюнча да эсептелиши мүмкүн.

Өндүрүш чыгымдары – өндүрүлгөн товарлардын өндүрүшү жана жүгүртүлүшүнө байланыштуу чыгымдар.Өнүгүү бюджети – Кыргызстанда мамлекеттик капиталдык бюджет; өзүнө мамлекеттин инвестициялык

долбоор пландарын камтыйт, ошондой эле аларды каржылоо үчүн тышкы жана ички ресурстардын божомолу; бул бюджеттин капиталдык чыгымдарынын курамында түзүлгөн бөлүгү жана инвести-циялык долбоорлорго насыя берүү үчүн колдонулат: Капиталдык бюджет, Капиталдык чыгашалар дегенди караңыз.

Өсүп жаткан экономика – жеке ички инвестициялардын жалпы дүң көлөмүнүн амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасынан ашып кетишин мүнөздөгөн экономика, башкача айтканда жеке ички инвестициялардын накта көлөмү оң абалда (нөлдөн жогору) болгон шарт.

Өтүмдүү активдер – накталай акча же жеңил сатылуучу капитал. түрүндөгү активдер.«Пирамида» – финансылык компаниялар тарабынан колдонулуп келген пайда табуунун ыкмасы жана

ал компания тарабынан баалуу кагаздарды аферага тартылган, «пирамиданын» төмөнкү катмар-ларын түзгөн адамдарга сатуудан түшкөн акчалай каражаттардын түшүшүнөн турат, ал мурда баалуу кагаздарды жарым-жартылай сатып алган жана ««пирамиданын» жогорку катмарын түзүп турган адамдарга дивиденддер түрүндө төлөнөт, ал эми бир бөлүгү тынымсыз жарнамага жана финансылык компаниянын кирешесине кетет. «Пирамида» эртеби же кечпи жок болууга дуушар болот, мында төмөнкү катмарлардын катышуучулары өзүнүн салымдарынан ажырайт, ал эми ком-пания болсо, жок болот, же болбосо жаңы «пирамиданы» түзүүгө киришет. Бир катар өлкөлөрдүн мыйзамдарында пирамидалык финансылык операцияларга тыюу салынган. Россиядагы «МММ» компаниясынын иши финансылык пирамиданын классикалык мисалы болот. Бирок Кыргызстанда да мезгил-мезгили менен ушундай жол аркылуу байып кетүүгө аракеттенген авантюристтер чыгууда.

Пайда – товарларды жана кызматтарды сатуудан түшкөн кирешелердин аталган товарларды өндүрүүгө жана сатууга кеткен чыгымдардан ашып кетиши. Бул ишканалардын жана ишкерлердин чарбалык ишинин финансылык натыйжаларынын алда канча маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири. Пайда чар-балык иштин продуктусун сатуудан түшкөн акча менен ушул ишти өндүрүүгө кеткен чыгымдардын акчалай алынган суммасынын ортосундагы айырма катары эсептелет. Пайда дүң (баланстык) деп аталган толук, жалпы пайда; дүң пайдадан салыктарды жана чегерүүлөрдү төлөгөндөн кий-ин калган накта пайда; баалар менен (сатуудан түшкөн кирешелер) бухгалтердик чыгымдардын ортосундагы айырма катары эсептелген бухгалтердик пайда жана таңууланган, альтернативдүү чыгымдарды эсепке алган экономикалык пайда деп айырмаланат. Адатта экономикалык пайда бухгалтердик пайдадан ишкердин өздүк наркка эсептелбеген компенсацияланбаган жеке чыгым-

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 51: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

51© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

дарынын чоңдугунун көлөмүндө аз болот, ага кээде алынбай калган мүмкүнчүлүктөр киргизилет. Мындан тышкары, баланста чагылдырылбаган чыгымдар болушу мүмкүн.

Пайдубалдуу экономикалык беш суроо – экономикалык илим жооп берүүгө тийиш болгон негизги суро-олор: «эмне өндүрүү керек» , «кандай өндүрүү керек», «өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүн кандай бөлүштүрүү керек», «иш менен толук камсыз кылууну кантип кармап туруу керек», «эконо-микалык системанын ийкемдүүлүгүн кантип камсыз кылуу керек». Алда канча жөнөкөйлөтүлгөн түшүнүктө пайдубалдуу суроолордун жыйындысы үч суроого келип такалат : «эмне өндүрүү керек», «кандай өндүрүү керек», «ким үчүн өндүрүү керек».

Пайлык инвестициялык фонд (ПИФ) – инвестициянын бир түрү, ал анча ири эмес инвесторго акци-ялардын, облигациялардын жана башка финансылык шаймандардын диверсификацияланган портфелин алууга мүмкүнчүлүк берет. ПИФтеги пайдын ар бир ээси өзүнүн пайынын өлчөмүндө фонддун пайдаларына/зыяндарына катышат. Фондду түзүп турган баалуу кагаздар ПИФтин про-спектисинде көрсөтүлгөн инвестициялык стратегияга ылайык тандалып алынат жана толуп же азайып турушу мүмкүн. ПИФтин наркы жыл сайын эсептелип жана жарыяланып турат. КРда бир нече жыл мурда ПИФ катталган, бирок ал күтүлбөгөн финансылык кризиске байланыштуу инве-стицияларды тарта алган жок.

Пайыздык чен – ссуда, кредит үчүн пайыздын өлчөмү; кредитор тарабынан белгилүү бир мезгилдин (айдын, жылдын) ичинде заемчуга төлөнө турган пайыздык төлөмдөрдүн салыштырмалуу чоңдугу. Кредитордун пайдасы көпчүлүк жагынан пайыздык ченге жараша болот. Инфляциянын шартта-рында пайыздык чен жогорулайт, анткени, ал инфляциянын күтүлгөн деңгээлин толугу менен же жарым жартылай өзүнө камтып турат. Өлчөмү кредиттин бүткүл мөөнөтүнө карата белгиленбеген пайыздык чен - калкыма пайыздык чен деп аталат. Мисалы, КР коммерциялык банктарынын жеке жактардын улуттук валюта менен салынган депозиттик салымдарынын пайыздык чени орточо 10 пайызга барабар.

Патент (лат. litteral patentes – грамота, patens – ачуу) - 1) ойлоп табуучуга берилген жана анын автор-лугун жана ойлоп табууну пайдаланууга болгон өзгөчө укугун күбөлөндүргөн документ, күбөлүк. Эгерде аталган обьектини пайдалануунун патенттик укугу белгилүү бир адамга таандык болсо, анда экинчи адам патенттин авторунун уруксаты болмоюнча патенттелген обьектини пайдаланууга укуксуз болот; 2) белгиленип коюлган шарттар жана төлөм төгүүнү (патенттик жыйым) сактоо менен төгүлгөн уруксатты камтыган кандайдыр бир ишти же чеберчиликти иштөөгө берилген документ.

Патернализм (лат. paternus - аталык) - 1) мамлекеттин өзүнүн жарандарына, фирмалардын өзүнүн кызматкерлерине, бир өлкөнүн экинчи өлкөгө карата камкорчулук мамилеси; 2) мамлекет, Өкмөт жарандар жөнүндө кам көрүүгө, алардын керектөөлөрүн мамлекеттин эсебинен канааттандыру-уну камсыз кылууга, жарандардын жыргалчылыгы жөнүндө бардык камкордуктарды өзүнө кабыл алууга милдетүү деген ынаным.

Пенсиялык фонд (мамлекеттик) – бюджеттен тышкаркы максаттуу фонд, ал ишканалардын, ишкер-лердин, уюмдардын чегерүүлөрүнөн калыптанат жана ушул негизде калыптанган каражаттардан жарандарга пенсиялар төлөнөт.

Пенсиялык фонддор – жеке менчик жана мамлекеттик компаниялар, ишканалар тарабынан ушул фондуларга пенсиялык салым төгүп турган адамдарга пенсияларды жана жөлөк пулдарды төлөп берүү үчүн түзүлгөн фонддор. Кыргызстанда анча чоң эмес бир нече мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор өзүнүн ишин ишке ашырып жатат.

План (экономикалык) – жалпы экономикалык системанын, өлкөнүн, региондордун, тармактардын, ишка-налардын, компаниялардын чарбасынын келечекке белгиленген баяндамасы, көрүнүшү, модели. План системанын пландык мезгилдин акырындагы абалын мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдү белгилейт, каалаган чектерге жетишүүнүн жолдорун, ыкмаларын ал үчүн зарыл болгон ресурстарды аныктайт. Пландар келечектүү (узак мөөнөттүү 10-15 жылдык мөөнөткө жана орточо мөөнөттү- 3-5-жылга) жана агымдагы (кыска мөөнөттүү, бир жылга чейинки мезгилдеги) пландар болуп бөлүнөт. Пландар шексиз аткарылууга тийиш болгон директивалык пландар жана индикативдүү пландар, башкача айтканда болжолго жакын болгон, кеңеш берүүчү пландар деп айырмаланат. Пландар өлкөнүн бүткүл чарбасынын деңгээлинде (мамлекеттик, улуттук пландар), айрым тармактар жана региондор боюнча, ишканалардын, фирмалардын деңгээлинде иштелип чыгат.

Портфелдик инвестициялар -1) баалуу кагаздарга инвестициялоо, ал баалуу кагаздар портфели түрүндө калыптандырылат; 2), өздөрүнүн ээлерине ишканага контролдук жүргүзүүнү камсыз кыла албай турган, өлчөмү боюнча чоң эмес инвестициялар.

Преференциялар (лат. praeferentis - артыкчылык берүү) – айрым мамлекеттерге, ишканаларга, уюм-дарга иштин белгилүү түрлөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн берилген артыкчылыктар, жеңилдиктер; салыктарды төмөндөтүү, бажы алымдарын жеңилдетүү, төлөмдөрдөн бошотуу, пайдалуу кре-

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 52: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама52

диттерди берүү формасында жүзөгө ашырылат. Преференциялар мамлекет тарабынан берилип, даректүү мүнөздө болот. Мамлекеттердин ортосундагы мамилелерде преференциялар өз ара ма-милелердин башталыштарында да, ошондой эле бир жактуу тартипте берилет. Мисалы, салыктык преференциялар эркин экономикалык зонада (ЭЭЗ) катталган жана өзүнүн ишин жүзөгө ашырып жаткан ишканаларда бар. Кыргызстанда мындай 4 зона бар.

Программа ишмердүүлүгүн баалоонун негизинде бюджеттөө - бул жарандарга көрсөтүлгөн кызмат-тардын белгилүү бир программаларга же баалана турган бирдиктерге бөлүштүрүү ыкмасы. Мындай бирдиктерге департамент, бөлүктөрдү же бөлүмдөрдү кошсо болот. Ар бир программа анын ишинин таасирин билүү үчүн белгилүү бир кызматка же ишмердүүлүктүн жыйынтыгына ээ болуш керек.

Программалык бюджеттөө – бул бюджетке ылайык, каражат министрликтердин чыгашаларынын кадимки өлчөмүнөн айырмаланып, мамлекеттик уюмдардын функционалдык мүнөзү боюнча бөлүштүрүлөт.

Расмий трансферттер – буга товар жана техникалык жардам түрүндөгү гранттар, ошондой эле эл аралык уюмдардын фонддоруна жиберилген төлөмдөр кирет.

Резервдик валюта - эл аралык эсептерди ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын резервин түзүү үчүн пайдаланылуучу валюта. Резервдик валюталарга АКШ доллары, япон иени, англис фунт стерлинги, француз франкы, немис маркасы, евролор тийиштүү.

Резидент – бул өлкөдө катталган юридикалык же жеке жак.Резидент (лат. residens отурат, ордунда калат) – аталган өлкөдө туруктуу катталган же туруктуу жаша-

ган юридикалык же жеке жак. Резиденттер өзүнүн экономикалык аракеттеринде аталган өлкөнүн мыйзамдарын сактоого, ушул өлкөнүн мыйзамдарына жана ченемдерине ылайык салыктарды төлөөгө милдеттүү.

Резидент эмес адам - 1) аталган өлкөдө аракеттенген, бирок башка өлкөдө катталган юридикалык жак; 2) бир өлкөдө аракеттенген, бирок башка өлкөдө туруктуу жашаган жеке адам. Резидент эместер үчүн салык салуунун өзгөчө эрежелери белгиленеши мүмкүн.

Рейдерчилик - атайын индуцирленген бизнес чыр-чатактын жардамы менен ишкананы оперативдүү башкарууну же менчикти кастык менен тартып алуу, басып алуу. Бул көрүнүш Кыргызстанда кеңири жайылган жана экономикалык туруктуулукка олуттуу коркунуч келтирет, инвестициялык жагымдуулукту начарлатат.

Реконструкциялоонун жана өнүктүрүүнүн Европа банкы (ЕБРР) – рынок рельсаларына өтүүдө Борбор жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн долбоорлоруна финансылык колдоо үчүн 1991-жылы түзүлгөн эл аралык финансылык мекеме. Кыргызстанда ЕБРР туруктуу өкүлчүлүгү бар. Бул финансылык институт биздин өлкөдө банктык чөйрөдө бир нече ири долбоорлорду ишке ашырды, өнөр жай ишканаларына кредит берди.

Рента (лат. reddita - кайтарылган) – 1) менчик ээси тарабынан жерди, мүлктү, капиталды пайдалануу-дан алынган, менчик ээсинен ишкердик кылууну жүзөгө ашырууга, кошумча күч аракеттерди талап кылбаган киреше. Мындай киреше мисалы, жерди же имарат жайды ижарага берүүдөн, кредит берүүдөн алынышы мүмкүн; 2) камсыздандырылган адамга камсыздандыруучу коом тарабынан камсыздандыруу полиси боюнча жыл сайын төлөнө турган акчалай сумма.

РЕПО – келишим, ага ылайык бир тарап баалуу кагазды экинчи тарапка аныкталган датада белгиленген баа боюнча кийин сатып алуу милдеттенмеси менен сатат.

Республикалык бюджет – белгилүү бир мөөнөткө кирешелерди жана чыгашаларды аныктаган өкмөттүн каржы планы.

Рецессия – өндүрүштүн салыштырмалуу бир калыптагы, кескин эмес төмөндөшү же экономикалык өсүштүн арымынын акырындашы.

Роялти – кендерди иштетүү максатында аны колдонгон үчүн учурдагы төлөм. Роялти – анын чыгармасын ар бир жарыялоо, кеңири уктуруу же башкача пайдалануу үчүн автордук

укуктуу кармоочуга тиешелүү болгон автордук гонорар, мезгилдүү төлөмдөр. Роялти өндүрүүдө па-тенттер, автордук укуктар ж.б. пайдаланылган, сатылган товарлардын жана кызматтардын наркынын пайызы түрүндө патентти, автордук укукту жана интеллектуалдык менчиктин башка түрлөрүн пай-далануу үчүн төлөнгөн компенсация болуп эсептелет. Практикада автордук гонорардын өлчөмдөрү белгиленип коюлган чендер түрүндө белгиленет, алар лицензиаттарга лицензиялык макулдашуу колдонулган мезгилдин ичиндеги макулдашылган аралыктарда төлөнүп турат. Автордук гонорардын чени лицензияланган продукцияны накта сатуулардын наркынын, анын өздүк наркынын, дүң пай-дасынын пайыздары катары белгиленет же чыгарылган продукциянын бирдигине карата эсептөө менен аныкталат. Сатылган продукциянын наркынын пайызы катары автордук гонорарды чегерүү алда канча кеңири жайылган ыкма болуп саналат. Ошондой эле роялти жаратылыш ресурстарын иштетүү укугу үчүн акы төлөөнү да билдирет.

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 53: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

53© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

Рынок – экономикалык теорияда бул рыноктук субъектилердин ортосундагы товарлардын жана акчанын кыймылы жаатындагы экономикалык мамилелеринин жыйындысы, алар өз ара макулдашууга, эквивалиенттүүлүккө жана аттаандаштыкка негизделет.

Рынок көлөмү – рынокто айрым товар түрүн сатуунун мүмкүн болуучу потенциалдуу көлөмү. Суроо-талап, баа деңгээлине,конъюнктурадан, калктын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнө, ишкердик активдүүлүккө байланыштуу болот.

Рыноктук баа - бул товарга болгон сунуш талаптын жана аны сунуш кылууга ылайык белгилене турган иш жүзүндөгү баа. Жыргалчылыктарды жана кызматтарды соода – сатык кылуунун шарттарынын ар кандай болушуна жараша баалардын бирдей эмес түрлөрү кездешет.

Рыноктук экономика - өзүн-өзү жөнгө салуунун негизинде уюштурулган экономика, анын тушунда каты-шуучулардын аракеттерин координациялоо мамлекет тарабынан, атап айтканда мыйзам чыгаруу жана сот бийлиги тарабынан түздөн-түз, ал эми аткаруу бийлиги тарабынан ар кандай салыктар-ды, жыйымдарды, жеңилдиктерди ж.б. киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Бул экономика болуп эсептелет, анда керектөөчүлөрдүн, товарларды жана кызматтарды жөнөтүүчүлөрдүн өздөрүнүн чечими гана бөлүштүрүүнүн структурасын аныктап турат.

Рэкет (англ.racket) – кылмыштуу элементтердин, рэкетирлердин коркутуу, шантаж аркылуу ишкерлерден мыйзамсыз опузалап акча өндүрүп алышы.

Салык – милдеттүү болгон кайтарымсыз төлөм, аны мамлекеттин жана (же) муниципалдык органдардын ишин каржылоо максатында мамлекеттик бийлик органдары ар кандай даражадагы уюмдардан жана физикалык тараптардан алат. Салыктар пошлиналардан айырмаланат. Пошлиналар аны төлөгөндөргө кайсы бир аракетти жасоого укук берген кайтарымдуу мүнөзгө ээ.

Салык агенти – салык төлөөчүлөрдөн салыкты жыйноо жана аны бюджетке которуу милдети жүктөлгөн киши.

Салык киргизилген база – бул база товардын (жумуштун, кызматтын) баасынын негизинде аныкталат. Ага кошумча нарк салыгы кошулбайт.

Салык потенциалы – бул башка даражадагы бюджеттин аймагындагы субъектилерден чогултулушу мүмкүн болгон салыктын көлөмү.

Салыксыз киреше – салык менен байланышпаган, бюджетке түшкөн кирешелер. Мисалы, мамлекет-тик жана муниципалдык менчиктеги мүлктөн, же мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын ишмердүүлүгүнөн түшкөн пайда, жерди жана материалдык эмес активдерди сатуудан түшкөн кире-ше, мамлекеттик эмес булактардан келген капиталдык трансферттер, административдик төлөмдөр жана жыйымдар, айып пулдар, чыгымдарды ордуна келтирүүдөн түшкөн пайда.

Салыктан түшкөн киреше – бюджеттин пайдасына түшкөн милдеттүү, кайтарымсыз төлөмдөр.Салыктар – мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдары тарабынан жеке жана

юридикалык жактарга салынуучу, мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерге түшүүчү милдеттүү төлөмдөр. Салыктар мамлекеттик казынага түшө турган каражаттарын негизги булагы. Ошол эле мезгилде салыктар чарбалык турмуштун экономикалык процесстерин жөнгө салуунун ыкмалары-нын бири болуп эсептелет. Салыктар системасы тарамдуу структурага ээ болот, анда салыктар-дын ар кандай көптөгөн түрлөрү жана типтери көрсөтүлгөн, салыктык чендердин чоңдугу адатта мыйзамдуу тартипте белгиленет. Салык салуунун деңгээлдери боюнча салыктар республикалык жана жергиликтүү болуп бөлүнөт. Салык салуу обьектилеринин түрү боюнча салыктар түздөн-түз кирешеден алынуучу тикелей салыктар (киреше салыгы, пайдадан алынуучу салык, эмгек акы жана анын өсүшү) жана товарлардын жана кызматтардын баасына карата кошумча түрдө колдонула турган кыйыр салыктар (акциз жыйымдары, сатуулардан алынуучу салык, кошумча нарк салыгынын бир бөлүгү) болуп бөлүнөт. Салыктар жана салыктын чендери ар кандай өлкөлөрдө айырмаланат жана мезгил-мезгили менен өзгөрүп турат. Салыктар басымдуу түрдө акчалай формада алынат, бирок натуралай салыктар да белгилүү.

Салыктарды гармонизациялоо - эл аралык топторго жана союдарга кирүүчү өлкөлөрдүн салыктарды жана салыктык саясатты системалаштыруу жана унификациялоо. Мисалы, ДСУ же Бажы союзуна кирүүдө салык системаларын гармонизациялоо зарыл

Салыктык жүктү башкага которуу – алардан алда канча жогорку бааны алуу же аларга берилүүчү төлөмдөрдүн деңгээлин азайтуу аркылуу салыктык жүктүн бир бөлүгүн же бардыгын белгилүү бир салык төлөөчүлөргө, көпчүлүк учурда сатып алуучуларга которуу. Мисалы, кошумча нарк салыгы, сатуулардан алынуучу салык, сатып алуучуларга которулат, анткени, салык товардын баасына кошулуп, аны жогорулатат.

Салым – банктарда сактоо же пайыздар түрүндө киреше алуу максатында калтын жайгашан акча кара-жаттары. Аманат сактоочунун биринчи талабы боюнча кайтарылат.

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 54: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама54

Сальдо (итал. saldo – эсептешүү, калдык) – 1) фирманын, ишкананын, акчалай түшүүлөрү менен чыгашаларынын ортосундагы убакыттын белгилүү бир мезгилинин ичиндеги айырмасы. Өлкөнүн экспортунун жана импортунун наркынын ортосундагы айырма (соода балансынын сальдосу), чет өлкөгө кеткен төлөмдөр менен чет өлкөдөн түшкөн каражаттардын ортосундагы айырма (өлкөнүн төлөм балансынын сальдосу), оң, активдүү сальдо түшүүлөрдүн чыгашалардан ашып кетишин, ал эми терс сальдо анын тескери жагын билдирет; 2) биржа операцияларында: кардардын брокердик фирмага же брокердик фирманын кардарга болгон карызын билдирет.

Санация (лат. sanatio - дарылоо, жакшыртуу) – ишканалардын, фирмалардын банкрот болушун болтурбай коюу, алардын финансылык абалын кредит берүү, кайра уюштуруу чыгарылып жаткан продукциянын түрүн өзгөртүү же башка жол аркылуу алардын финансылык абалын жакшыртуу боюнча мамлекеттик жана банктык чаралардын системасы.

Санкциялар (лат. sanсtio - талаптуу токтом) – чарбалык жана финансылык ишти кадыресе жүргүзүүнүн эрежелерин бузуучуларга карата колдонулуучу мажбурлап таасир кылуу чаралары. Санкциялар мамлекеттик органдар, финансылык жана салык органдары, ошондой эле банктар тарабынан жүзөгө ашырылат. Ишине тыюу салуу же чектөө, айып акылар, кредиттерден ажыратуу банктагы эсептерин жабуу, материалдык жана акчалай каражаттарды алып коюу санкцияга кирет. Санкци-ялар келишимдик (келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн айып акылар); кредит боюнча милдеттенмелер бузулганда банк тарабынан колдонулуучу кредиттик (банктык); (финансылык (мамлекеттик жана башка органдар тарабынан көрүлүүчү финансылык чаралар) болуп бөлүнөт.

Сатуудан түшкөн пайда үчүн салык – салыктын бул түрү накталай акчага дүңүнөн же чекене түрдө сатылган товардын баасынан (же кызмат көрсөтүүдөн) түшкөн кирешеден төлөнөт. Мисалы, акциз алдындагы товарлардын баасы, кымбат баалуу эмерек, радиотехника, кийим-кече, унаа, ювелирдик буюмдар, видеопродукция жана компакт-дисктер; башка өлкөгө чыгууга байланыштуу туристтик фирмалардын кызматтары; жарнама боюнча кызматтар; үч-төрт-беш жылдыздуу мейманканалар-дын кызматтары, учактардагы жана поездеги биринчи жана бизнес-класс үчүн кызматтар жана башка биринчи орунда зарыл болбогон товарлар жана кызматтар.

Сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети – ар кандай өлкөлөрдүн эки же бир нече акчалай бирдик-теринин, валюталарынын ортосундагы мамиле, ал алардын сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюн-ча товарлардын жана кызматтардын белгилүү бир топтомуна карата белгиленет. Сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети товарлардын белгилүү бир тобу боюнча белгиленген жекече жана бүткүл коомдук продукт боюнча белгиленген жалпы мааниде да болушу мүмкүн. Мисалы, эгерде керектелүүчү товарлардын бир эле топтому, айталык керектөө себети 100 миң россия рублине жана АКШнын 50 долларына барабар болсо, анда сатып алуучулук жөндөмдүн паритети 1 долларга 2000 рублди түзөт.

Секвестр (лат. seqvestro – тышкары, өзүнчө коем) – 1) эки тарап талашып жаткан мүлккө камак са-луу же анын кимге тиешелүү экендиги арбитраждык талашта чечилгенге чейин үчүнчү тарапка убактылуу берүү; 2) бюджеттик статьялардын курамын кайра карап чыгуу, адатта чыгашаларды кыскартуу багытында болот.

Сиңирип алуу – кошулуунун формасы. Ал сиңирип алуучу фирма юридикалык жак болуп, ал эми сиңдирилип жаткан фирма жоюлуп, мында бардык мүлкүн, милдеттенмелерин, карызын, биринчи фирмага беришин билдирет. Ушундай аткарымдын натыйжасында сиңдирип алган компания сиңип кеткен компаниянын накта активдеринин суммасына карата өзүнүн активдерин жогорулатат, ал эми анын акционерлерине ар биринин үлүштүк катышуусуна пропорционалдуу келген жаңы акция-ларды сатып алуу укугу берилет. Көпчүлүк учурда сиңирип алуу мажбурлоо түрүндө жүрөт. Мисал, «АзияУниверсалБанкынын» «Кыргызпромстройбанк» коммерциялык банкын сиңирип алышы.

Соода – сооданын салттуу, кеңири жайылган формасы, анын тушунда сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда соода бүтүмүн жасоонун алдында товардын баасы жаатында соода жүргүзүү түрүндөгү сүйлөшүүлөр жүрөт. Жыйынтыгында сатуучулар жана сатып алуучулар тараптардын ар бирине пайдалуу болуп көрүнгөн шарттарда өз ара соода бүтүмдөрүн жасашат, же болбосо бүтүм жасал-бай калат. Сооданын натыйжасында соодадагы конкурстук башталыштар принциби ишке ашат, анткени соода кылуучу тараптардын ар бири жалгыз катышпаган учурда, мыкты сатуунун же са-тып алуунун конкурсуна катышат. Сооданын тушунда бир сатуучу жана бир сатып алуучу болгон учурда да алардын ортосунда пайдалуу бааны белгилөө же товарды сатуунун башка шарттарын белгилөө үчүн өзүнчө бир конкурс жүрөт. Сооданын эки негизги түрүн айырмалашат: а) ачык (калк алдындагы, маалымдуу, соода), алар маалымдуу, ачык формада, сооданын катышуучулары менен өткөрүлөт; б) жабык (маалымдуу эмес) соода) ага катышууга товарды сатып алуучулардын чектел-ген санына жол берилет (мамлекеттик же башка буюртма) же сооданын өзү сатып алуучулардын жазуу жүзүндөгү сунуштарын карай турган атайын тендердик комитет (эгерде буюртма сатылып жатса, буюртмачы тарабынан) тикелей катышуучулар жок эле өткөрүлөт.

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 55: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

55© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

Соода балансы – төлөм балансынын бир бөлүгү, ал өлкөнүн башка өлкөлөр менен соода байланыштарын мүнөздөп турат. Товарларды экспорттоо жана импортто аны түзүп турат. Товарларды экспорттоонун жана импорттоонун айырмасы катары эсептеле турган баланс улуттук товардык рыноктун өнүгүш даражасын мүнөздөп турат.

Ссуда – бир адам тарабынан акчаны же материалдык баалуулуктарды башка адамга заем, белгилүү бир мөөнөттө берилген каражаттарды пайдалануу үчүн акы (ссудалык пайыз) төлөө шарты менен кайтарып берүү үчүн экинчи адамга заем, карыз түрүндө бериши.

Стимул берүүчү гранттар – бул гранттар конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн муниципалитет-терге сынактын негизинде Каржы министрлиги тарабынан берилет. Мында муниципалитет ошол гранттын жардамы менен долбоордун кайсы бир бөлүгүн гана каржылайт.

Субсидия (лат. subsidium - жардам, колдоо көрсөтүү) – жеке жана юридикалык жактарга, жергиликтүү органдарга, башка мамлекеттерге мамлекеттик бюджеттин, жергиликтүү бюджеттердин же атайын фонддордун каражаттарынан акчалай же натуралай формада берилүүчү жөлөк пул. Каражаттарды түздөн-түз берүү түрүндөгү даректүү субсидиялар тикелей субсидиялар деп аталат ал эми салыктык же башка жеңилдиктерди белгилөө кыйыр субсидиялар деп аталат.

Сунуш-талап – рыноктук экономиканын пайдубалдуу түшүнүгү. Ал сатып алуучулардын, керектөөчүлөрдүн аталган товарды сатып алууну каалашын, ниеттенишин акчалай мүмкүнчүлүк менен бекемдөөнү билдирип турат. Сунуш-талап анын чоңдугу менен мүнөздөлөт. Ал сатып алуучу аталган баада жана ошол мезгилде сатып алууну каалаган жана сатып алууга жөндөмдүү болгон товардын санын билдирет. Сунуш талаптын көлөмү жана структурасы товардын баасына да, ошондой эле мода, керектөөчүлөрдүн кирешелери сыяктуу баалык эмес башка факторлорго, ошондой эле башка то-варлардын бааларына, анын ичинде аларды алмаштыруучу товарларга жана коштомо, ылайыктуу товарларга жараша болот. Сунуш-талап бир адамдын жеке сунуш – талабы, аталган рыноктогу рыноктук сунуш-талап жана аталган товардын же бардык өндүрүлгөн жана сатылып жаткан товар-лардын бардык рынокторундагы жыйынды сунуш – талап болуп айырмаланат.

Табигый монополия – мындай болбогондо ресурстарды натыйжалуу пайдалануу мүмкүн болбогондугуна байланыштуу зарыл болгон монополия.

Таңууланган киреше – потенциалдуу керектүү чыгымдарды эсептен чыгаруу үчүн бирдиктүү салык төлөчүнүн мүмкүн болуучу потенциалдуу дүң кирешеси, ал изилдөө же салык жана башка орган-дардын текшерүү жүрүшүндө алынган маалыматтар негизинде мындай киреше деңгээлине тасир берүүчү жыйынды факторлор эсепке алынат.

Тендер (англ. tend-тейлөө) - 1) ачык типтеги атаандаштык, соода (ачык тендер) же катышуучулардын чектелген саны үчүн жабык (жабык тендер), буйрутманы жайгаштыруунун конкурстук формасы; 2) баалуу кагаздарга жазылуу жөнүндө контракт түзүүгө же товар жөнөтүүгө ниеттенүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү сунуш, арыз; 3) товарды өндүрүүчү тарабынан анын атаандаштары т сунуш кылган баалардын деңгээлине негизденип сунуш кылынган товардын баасы.

Теңдөөчү гранттар – трансферттер (кайтарымсыз каражаттар). Алар социалдык-экономикалык турукту-улукту колдоо максатында минималдык мамлекеттик социалдык талаптарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен бөлүнөт. Журналисттер адатта теңдөөчү гранттарга, мисалы Бишкектин бардык кирешелерди өз бюджетин-де калтырууну көздөгөн аракетин колдоо менен каршы чыгып келет. Ошол эле учурда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү мамлекеттик кызматтардын сапаты тең болушу үчүн «бай» региондор «жакыр» региондор менен бөлүшөөрүн түшүнүшү керек. Бул болсо теңдөөчү гранттардын жардамы менен ишке ашат. Бул тажырыйба дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө колдонулат.

Тескелген салыктар – бул жалпы мамлекеттик салыктар, алар республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджеттин ортосунда бөлүштүрүлөт. Жалпы республикалык бюджеттер, Жергиликтүү бюджеттер дегенди караңыз.

Тескери кассалык нак акча – бул бюджетти аткаруу учурунда пайда болгон кассадагы боштукту убак-тылуу жабууга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге бөлүнгөн акча каражаты. Тескери кассалык нак акчанын өлчөмү бюджетти бекитүү убагында кийинки жылга болжолдонуп жаткан эркин каражаттарды эске алуу менен аныкталат.

Тикелей инвестициялоо – башка өлкөдө өзүнүн ишканасын, өндүрүшүн түзүү аркылуу чет өлкөгө ка-питал салуу. Мисал, Кыргызстанда «Кока-кола» cуусундугун өндүрүү боюнча заводдун ачылышы.

Тикелей салыктар – салык төлөөчүнүн кирешелеринен жана мүлкүнөн түздөн-түз алынуучу салыктар. Мындай салыктарга киреше салыгы, пайдадан алынуучу салык жана кыймылсыз мүлк салыгы таандык кылынат.

Товар жүгүртүү -1) товардын жүгүртүү чөйрөсүндөгү кыймылы, ал аны акчага алмаштыруу жана өндүрүштөн керектөөгө өтүшүнө байланыштуу болот; 2) убакыттын белгилүү бир мезгилинин ичинде

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 56: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама56

сатылган жана сатылып алынган товарлардын акчалай түрдө белгиленген көлөмү.Төлөм балансы – бир өлкөдөн экинчи өлкөгө төлөмдөр катарындагы акчалай каражаттардын кыймылын

чагылдырган таблица, ведомост. Төлөм балансы өлкө тарабынан белгилүү бир мезгилдин ичинде чет өлкөдө жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн суммаларынын жана ошол эле мезгилдин ичинде өлкөгө келип түшкөн суммалардын катышын мүнөздөп турат. Соода балансы төлөм балансынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Төлөм балансы акчалай каражаттардын түшүшү алардын чыгымдалышынан ашып кет-кенде, аны активдүү төлөм балансы, ал эми тескерисинче болгон учурда пассивдүү төлөм балансы деп аташат. Төлөм балансынын бир бөлүгү соода балансы болуп эсептелет, товарлардын накта экспортун, товарларды жана кызматтарды накта экспорттоодон, инвестициялардан түшкөн кире-шелерден капиталдык которуудан жана капиталдын кыймылынын балансынан, капиталдын сыртка чыгышынан жана сырттан келишинен турган акча которуулардын жана капиталдын кыймылынын балансынан турган агымдагы аткарымдардын балансын камтып турат. Эреже катары, агымдагы аткарымдардын эсебинин сальдосу жана капиталдын кыймылынын сальдосу балансталат.

Төлөм балансынын тартыштыгы – учурдагы эсеп-чотко чет элдик валютада өлкөгө суммардык таза түшүүлөр кырдаалын чагылдыруучу макроэкономикалык көрсөткүчү жана капитал кыймылыныны эсеп- чоту терс болуп саналат.

Төлөм тапшырыгы – эсептик-акчалай документ, анын жардамы менен казынанын транзиттик эсеп бөлүмүнүн банк-агентинен акча каражаты которулат.

Төлөмдөр – мамлекеттик органдар жана жеке компаниялар көрсөткөн кызматтары үчүн ишканалар жана жарандар тарабынан берилген каражаттар.

Трансферт (англ. transfer, франц. transfert, лат. transferre - өткөрүп берүү, которуу) -1) чет өлкөлүк валютаны бир өлкөдөн экинчи өлкөгө которуу, эки же бир нече өлкөнүн валюталарын утурлап которуу боюнча банк операциялары; 2) бир адамдын экинчи адамга баалуу кагаздарга ээлик кылуу укугун өткөрүп бериши; 3) бүтүм боюнча акы төлөөнү бир эсептен экинчи эсепке которуу; 4) жарандардын бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өтүшү; туристтерди аэропорттон мейманканага, шаарлардын ортосунда ташуу. Терминдин трансфер деп жазылышы мүмкүн.

Трансферттер - (англ. transfer) – каржылык жардам жана компенсация берүү максатында акчалай кара-жаттардын, товарлардын, кызматтардын жана материалдык баалуулуктардын (менчик үчүн укуктар) бир тараптуу жана кайтарымсыз негизде өткөрүлүп берилиши. Бюджет чөйрөсүндө трансферт дегенде бир деңгээлдеги бюджет системасынан башка деңгээлдеги бюджет системасына каражат которуунун ар кандай формасы дегенди түшүнөт; Гранттар, Теңдөөчү гранттар, Стимулдаштыруучу гранттар, Категориялык гранттар дегенди караңыз.

Траст - 1) менчикти бир адамга экинчи адам тарабынан ишенимдүү башкарууга берүүнүн юридикалык функцияларын билдирген юридикалык документ же юридикалык аракет; ишеним кат; 2) менчикти ишенимдүү башкаруу процесси.

Трейдер (англ. trade-соода кылуу) – брокердик фирманын биржалык соодага түздөн-түз катышкан, баалуу кагаздарды соода – сатык кылуу үчүн буйрутмаларды аткаруучу кызматкери; 2) биржада бүтүм жасоо укугуна ээ болгон ар кандай юридикалык же жеке жак; 3) соодагер.

Трипартизм - кесиптик бирликтердин, ишкерлердин жана өкмөттүк уюмдардын атынан мамлекеттин өкүлдөрдүн компромисттик үч тараптуу макулдашуусун иштеп чыгуу максатында үч тараптуу кон-сультациялардын принцибин жана практикасын мүнөздөй турган термин, азыркы кезде Россияда өнүгүүгө ээ болуп жатат.

Троя унциясы – Англиянын алтын тыйын фунтунун 12/1 үлүшү, массасы 31,1035 г. салмактагы алтындын чени катары чыгат.

Турак жай сертификаты – номиналдык нарк менен индексациялануучу облигациянынын бир түрү, квар-тира сатып алууга алардын менчигин күбөлөндүрүүчү укук. Россияда кеңири тараган

Туум (лат. роепа - жаза) - акчалай айып түрүндөгү санкция, ал акчалай милдеттенмелерди өз убагында аткарбагандыгы, кечиктиргендиги үчүн салынат. Туум адатта мөөнөтү өткөн милдеттенмелердин суммасынан алынган пайыз түрүндө белгиленет жана белгилүү бир мезгилдин ичиндеги ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн чегерилет, андан кийин бир жолку айып акы өндүрүлөт.

Туунду ишкана – башкы ишканадан бөлүнгөн,өз мүлкүнүн бир бөлүгүн берүү менен аны түзгөн өз алдынча юридикалык ишкана. Мисалы, Газпромдун көп сандаган структураларын мсалга келтирүүгө болот.

Тышкы башкаруу- анын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү максатында карызкорго карата арбитраждык сот тарабынан киргизилет. Ал сот дайындоочу адамга башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды берүүсү билдирилет. Мисалы, «Мегаком» уюлдук байланыш компаниясына тышкы башкаруу киризилүүсү мисал боло алат.

Тышкы мамлекеттик карыз - эл аралык уюмдар,кредитор -өлкөлөр алдында мамлекеттин келишимдик

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 57: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

57© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

милдеттенмелеинин тындырылбашы. Чет элдик валютада билдирилген карыз суммасын улуттук валютада кайра эсептөө рынок курсу боюнча кайра баалоо датасына карата жүргүзүлөт. Карыз жана пайыздарды төлөмдөрү тейлөө боюнча ВНП чоңдугун азайтууга алып келет. Биздин өлкөдө тышкы карыз 3 миллиард долларга жакынды түзөт.

Тышкы соода жүгүртүү – белгилүү бир мезгил учурунда экспорт менен импорттун наркынын суммасы. Тышкы соодада статистикасында тышкы жүгүртүү баалоо маанилүү мааниге ээ, себеби анын базасында орточо баанын соода балансынын сальдосу, жалпысынан тышкы сооданын натыйжа-луулугу эсепке алынат.

Тышкы соода тартыштыгы – товарлар жана кызматтар экспортунун түшүлөрүнөн импорт боюнча төлөмдөрдүн ашып кетүүсүнө байланыштуу соода балансынын терс эмес сальдосу. Бул көрсөткүч улуттук товарлардын төмөнкү атаандаш жөндөмдүүлүгүн, экспорт жана импорттун аяктабаган структурасын, соода шартынын начарлашын чагылдырат. КР акыркы жылдары импорт байкаларлык экспорттон ашып кетти, ал өкмөттүн тынчсыздануусун билдирет, ал жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү стимулдоо боюнча чараларды кабыл алат.

Улутташтыруу - (франц., англ. nationalisation - улутташтыруу) жеке адамдардын мүлкүн ээликтен ажыратуу же мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү. Улутташтыруу мамлекеттик актылардын негизинде же мамлекет тарабынан компаниялардын, фирмалардын, үй чарбаларынын мүлкүн сатып алуунун негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Улутташтыруу көбүнчө чарбаны жамааттык жана жеке менчик негизде жүргүзүү натыйжасыз, пайдасыз, рентабелдүү эмес боло баштаган өндүрүш тар-магына жайылтылат. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Убактылуу Өкмөт энергетикадагы, туристтик тармактагы 47 обьектини, Ысык-Көлдүн курорттук зонасындагы ондогон гектар жерлерди мамлекеттештирди.

Улутташтыруудан чыгаруу (мамлекеттештирилген мүлктү ээсине кайтарып берүү) – мамлекеттик менчик объекттерди жеке адам колдоруна өткөрүп берүү , эреже катары мамлекеттик ишканалар-дын ресурстарды натыйжасыз пайдалануу менен байланыштуу.

Улуттук дүң продукт (УДП) – бул өлкөнүн резиденттери тарабынан чыгарылган товарлар жана кызматтар көлөмү. Жыл аралыгында өлкөдө өндүрүлгөн базар бааларынын наркын эсетөөнү көрсөтүүчү ма-кро экономикалык көрсөткүч. УДП өлкөдө жана анын чегинен тышкары өндүрүлгөн продуктунуну наркын камтыйт. Эгер бүт УДП сатылса, анда улуттук дүң кирешесине барабар болот.

Улуттук киреше - жыл ичинде өлкөдө түзүлгөн, өндүрүштүн бардык факторлору (жер, эмгек, капитал, ишкердик кылуу) тарабынан киргизилген кирешени билдирген жыйынды продуктунун акчалай түрдө анык эсептелген наркы. Өлкөнүн улуттук кирешеси улуттук дүң кирешеге барабар болот, андан амортизациялык чегерүүлөр (негизги каражаттардын эскириши) жана кыйыр салыктар чыгарылып салынат. Экинчи жагынан улуттук кирешени жыл ичиндеги эмгек акы, өнөр жайлык жана соода-лык пайда, салынган капиталдын жана жер рентасынын пайызы түрүндөгү бардык кирешелердин суммасы катары аныктоого болот. Улуттук киреше өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн эң маанилүү жалпылоочу көрсөткүчтөрүнүн бирин билдирип турат.

Унитардык ишкана – менчик ээси тарабынан ага бекитилип берилген мүлккө карата менчик укугуна ээ болбогон коммерциялык уюм; менчиги коммерциялык уюмга бекитилип берилген, бирок ага өткөрүлүп берилбеген мамлекеттик же муниципалдык ишкана. Мисалы, РФ Жарандык кодексин-де ыйгарым укуктуу мамлекеттик же муниципалдык органдардын чечими боюнча түзүлгөн чарба жүргүзүү укугунда негизделген унитардык ишканалар жана РФ Өкмөтүнүн чечими боюнча феде-ралдык менчикте турган мүлктүн базасында түзүлгөн оперативдүү башкаруу укугуна негизделген (федералдык казыналык ишканалар) унитардык ишканалар айырмаланып турат.

Учурдагы бюджет – мамлекеттин учурдагы чыгашаларын каржылоонун жана аны каржылоочу болжолдуу булактардын планы; Капиталдык бюджет, Учурдагы чыгашалар дегенди караңыз.

Фиксинг (англ. fixден fixing чыңдоо, белгилөө) - товардын баасы же баалык котировкасы, ал биржада аталган убакыттын белгилүү бир учурунда белгиленет.

Финансылык – кредиттик институттар – кредит берүү, салымдарды депозитке салуу, эсептешүү эсебин жүргүзүү, валютаны жана баалуу кагаздарды сатып ал жана сатуу, финансылык кызматтарды көрсөтүү жана башкалар боюнча финансылык операцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана жеке менчик коммерциялык уюмдар. Негизги финансылык-кредиттик институт-тар банктар болуп эсептелет, бирок алардын катарына финансылык компаниялар, инвестициялык фонддор, сактык кассалары, пенсиялык фонддор, өз ара фонддор, камсыздандыруу компаниялары да кирет.

Финансылык кризис – мамлекеттик финансылык, акчалай системанын терең бузулушу, ал бюджеттин кирешелеринин алардын чыгашаларына кескин ылайык келбешинен, улуттук акчалай бирдиктин валюталык курсунун туруксуздугунан жана төмөндөшүнөн, экономикалык субьектилердин өз ара

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 58: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама58

төлөмдөрдү жүргүзө албашынан, жүгүртүүдөгү акчалай массанын акчаны жүгүртүү мыйзамынын талаптарына ылайык келбешинен көрүнөт. Эксперттердин баалоосу боюнча дүйнөлүк финансылык кризис Кыргызстандын экономикасын да кыйгап өткөн жок, бирок ал өнүккөн өлкөлөр сыяктуу күчтү зыян келтире алган жок. Анын себеби – рыноктун өнүкпөгөндүгү болуп калды.

Финансылык шаймандар – финансылык табияттын рыноктук продуктусунун ар кандай түрлөрү; баалуу кагаздар акчалай милдеттенмелер, валюта, фьючерстер, обциондор ж.б.

Фискалдык саясат – өкмөттүн салык салуу, мамлекеттик чыгашалар, мамлекеттик бюджет жагындагы калкты иш менен камсыз кылууга жана инфляциялык процесстерди болтурбай коюуга, басып салууга багытталган саясаты. Ал мамлекеттин финансылык саясатынын өзөктүү бөлүгү жана экономикалык саясатынын курамдык бөлүгү болуп саналат.

Франчайзинг - ири жана чакан ишкердиктин аралаш формасы, анын тушунда ири корпорациялар, «баш-тапкы» компаниялар (франчайзерлер) майда фирмалар «тектеш» компаниялар, бизнесмендер (фран-чайзи) менен франчайзерлердин атынан аракет кылууга артыкчылык берүү укугу тууралуу келишим түзөт. Мында чакан фирма өзүнүн бизнесин чоң фирма тарабынан белгиленген формада гана, белгиленген убакытта жана белгиленген жерде жүзөгө ашырууга милдеттүү болот. Өз кезе-гинде франчайзер фран-чайзини товарлар, технологиялар менен камсыз кылууга, бизнесине ар кандай көмөк көрсөтүүгө милдеттенет.

Франшиза (франц. franchise жеңилдик, эркиндик) - 1) мүлкүн камсыздандырган адамдын зыяндары-нын камсыздандырылуучу бөлүгүнүн шарттарында каралган, камсыздандыруучу тарабынан орду толтурулбай турган зыяндарынын бир бөлүгү; 2) франчайзинг укугу, башкача айтканда өзүнүн улук өнөгүнүн продукциясын соодалаган коммерциялык ишкананы түзүү укугу; 3) франчайзингдин не-гизинде түзүлгөн ишкана.

Функционалдык классификация – мамлекеттик башкаруунун өз өзүнчө функциялары боюнча, мисалы коомдук тартип жана коопсуздук, коргонуу, саламаттыкты сактоо, билим берүү ж.б., чыгашалардын топ-топ болуп бөлүштүрүлүшү. Бюджеттик классификация, Административдик классификация дегенди караңыз.

Фьючерстик бүтүмдөр, фьючерстер (англ. futures алдын ала сатылып алынган товарлар) – бир-жаларда түзүлө турган чийки зат товарларды, алтынды, валютаны, баалуу кагаздарды, бүтүм жүргүзүлгөн учурда колдонулган баалар боюнча соода-сатык кылуунун мөөнөттүү бүтүмдөрү, мында сатылып алынган товар келечекте акы төлөө менен жөнөтүлөт. Бүтүм аткарылганга чейин сатып алуучу анча чоң эмес кепилдик сумманы төгөт. Көпчүлүк учурда фьючерстик бүтүмдөр то-варларды бир отоло сатып алуу жана сатуу максатында түзүлбөстөн , кийинки бүтүмдү накталай товар менен камсыздоо (хеджирлештирүү) же товарды андан кийин сатуунун эсебинен пайда алуу максатында түзүлөт. Ошондой эле али өндүрүлбөгөн товардын үлгүлөрү боюнча бүтүмдөрдү да фьючерстик бүтүмдөр деп атоого болот.

Хеджирлештирүү – тышкы соода жана кредиттик операциялар аркылуу валюталык жана башка тобо-келдиктерди камсыздандыруу, соода же кредиттик бүтүмдүн валютасын өзгөртүү мүмкүн болуучу зыяндарды жабуу үчүн резервдерди түзүү ж.б. алда канча тар мааниде алганда – чет өлкөлүк валю-тадагы утурлама талаптар жана милдеттенмелер аркылуу валюталык тобокелди камсыздандыруу (Фьючерстик бүтүмдөрдү караңыз) хеджирлештирүүнүн алда канча кеңири тараган түрү мөөнөттү валюталык бүтүм болуп эсептелет.

Чакан ачык экономика - өлчөмүнүн чакандыгы дүйнөлүк рыноктогу процесстерге, атап айтканда, дүйнөлүк финансылык рыноктун шарттары тарабынан ал үчүн берилген пайыздык ченге олуттуу таасир көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бербеген экономика.

Чакан бизнес – чакан формада жүзөгө ашырылган, жеке ишкерлердин, анча чоң эмес фирмалардын, чакан ишканалардын ишкердик кылуу ишине таянган бизнес. Чакан бизнес өндүрүштүн, сооданын, кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн айрым түрлөрү жана формалары үчүн мүнөздүү болот. Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин үлүшүнө ИДПнын 40%дан ашыгы туура келет.

Чек – банк-агентти чек ээсинин транзиттик эсебинен накталай акча каражаттарын берүүгө кагаз жүзүндө буйруган атайын акчалай документ.

Чыгаша милдеттемелерин баалоо – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болгон жана мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген функцияларына ылайык бюджеттик милдеттеме-лерин баалоо.

Шарттуу капитал – акционердик коомдун уставында белгиленген акцияларды сатуудан түшкөн акчанын, уюштуруучулардын жеке салымдарынын, мамлекеттик салымдардын эсебинен түзүлгөн анын баш-тапкы, алгачкы капиталы. Салым жана уставдык капитал жалаң гана акчалай каражаттар түрүндө эмес мүлктүк формада, курулуштар, жерлер, ошондой эле интеллектуалдык менчик обьектилери,

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 59: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

59© Экономикалык журналистика түрмөгү, Пресс-клуб КФБ при поддержке Фонда «Сорос - Кыргызстан», 2011 г.

патенттер, лицензиялар, долбоорлор түрүндө да болушу мүмкүн. Уставдык капиталы түзүлгөн уюмдун ишинин материалдык – буюмдук, акчалай, илимий-техникалык маалыматтык негизин түзөт. Уставдык капиталы баланстын пассивинде чагылдырылат. Уставдык капиталы ошондой эле «уруксат берилген», «негизги», «катталган», «жазылма», «номиналдуу» деп да аталат.

Шерт пул – сатып алуу болоорлугун кепилдөөчү сатып алуучу менен сатуучу ортосунда бүтүмдү түзүүдө өткөрүлүп берилген акча суммасы.

Экономикалык ресурстар - экономикалык теориянын пайдубалдуу түшүнүгү, ал жалпы өндүрүштү камсыз кылуунун булактарын, каражаттарын, чарбалык иште пайдаланылуучу ресурстардын жыйындысын билдирип турат. Экономикалык ресурстар табигый (чийки зат, геофизикалык) эмгектик (адамдык капитал), капиталдык (жеке капитал), жүгүртмө каражаттар (материалдар) маалыматтык ресурстар, финансылык (акча капиталы) болуп бөлүнөт.

Экономикалык блокада - ички жана тышкы саясаты өзгөртүүгө аны мажбурлоо максатында калган дүйнөдөн тышкы экономикалык обочолоого багытталган өлкөдөгү мамилелер боюнча чаралар комплекси.Мисалы , экономикалык блокадага Куба, Иран, Түндүк Корея дуушар болушкан.

Экономикалык классификация – чыгашаларды экономикалык мазмуну боюнча топтоштуруу. Ал өзүнө чыгашалардын жана мамлекет тарабынан берилген ссудалардын учурдагы, капиталдык берене-лерин камтыйт. Анын негизинде бюджеттик мекемелердин киреше жана чыгашаларынын сметасы түзүлөт; Учурдагы чыгашалар, Капиталдык чыгашалар дегенди караңыз.

Экономикалык кризис (грек. krisis - бурулуш пункт) товарларга жана кызматтарга болгон сунуш талап менен сунуштун ортосундагы тең салмактуулуктун бузулушу. Өлкөнүн экономикалык абалынын кескин начарлашын пайда кылат, ал өндүрүштүн олуттуу төмөндөшүнөн, калыптанып калган өндүрүштүк байланыштардын бузулушунан, ишканалардын банкрот болушунан, жумушсуздуктун өсүшүнөн жана жыйынтыгында жашоо деңгээлинин калктын жыргалчылыгынын төмөндөшүнөн көрүнөт. Кеңири мааниде алганда жалпыны камтыган же болбосо айрым тармакка же ийри ре-гионго тиешелүү болгон алсыз конънктуранын абалын билдирет. Акыркы он жылдыкта дүйнөлүк коомчулук тарабынан дүйнөлүк кризистерди болтурбай коюу боюнча механизмдер түзүлдү, алар: чарбалык процесстерди, мамлекеттик жөнгө салууну чыңдоо, эл аралык финансылык уюмдарды түзүү, мониторинг жүргүзүү ж.б. болуп саналат.

Экономикалык өсүш - 1) өлкөдөгү жыйынды өндүрүштүн жана керектөөнүн масштабынын жогорулашы, ал баарыдан мурда улуттук дүң продукт, ички дүң продукт, улуттук киреше сыяктуу макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт. Экономикалык өсүш ушул көрсөткүчтөрдүн убакыттын белгилүү бир мезгилинин ичинде өсүшүнүн арымы же өсүшү менен ченелет (мезгилдин акырындагы жана башталышындагы көрсөткүчтөрдүн катышы же көрсөткүчтүн өсүшүнүн анын баштапкы маанисине карата катышы); 2) графикте (ийри) көрсөтүлгөн өндүрүштүн пайдаланылган факторлорунун санын жогорулатуунун же техниканы жана технологияны өркүндөтүүнүн натыйжасындагы өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдүн жогорулашы.

Экономикалык төмөндөө – товарлардын жана кызматтардын негизги түрлөрүнүн өндүрүш көлөмдөрүнүн узак убакыт бою туруктуу төмөндөшү, ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү, ал адатта калктын айкын кирешелеринин азайышы, жашоо шарттарынын начарлашы, жумушсуздук менен коштолот.

Экономиканы глобалдаштыруу (ургалдаштыруу) - ар кандай өлкөлөрдүн экономикасынын байланыш-туулугунун өсүүчү дүйнөлҮк өнүгүү мыйзам ченемдеринин бири. Экономиканы ургалдаштыруу ИДП өсүшү менен салыштыруу боюнча эл аралык соода озуп кетүүчү өсүшүндө капиталды жайгаштыруу масштабдары жана арымдары кескин көбөйүүсүндө көрүнөт. Бул өтө татаал жана карама-аршы-лыктуу процесс. Бир жагынан ал мамлекеттер ортосунда өз ара аркетти жеңилдетет, алдыңкы технологиялар жана идеяларды тез жайылтууга өбөлгө түзөт. Башка жагынан анча чоң эмес өлкөлөрдүн өзүнүн ресурстарынын жоготуусуна, чакан бизнестин бузулуусуна, турмуш деңгээлинин төмөндөсүүнө алып келет. Көптөгөн өлкөлөрдө жарандык коом ургалдашууга каршы чыгышууда.

Экономиканы жөнгө салуу (лат. regula эреже, regulare – эрежеге баш ийдирүү) – белгилүү бир деңгээлде экономикада болуп жаткан процесстерге колдоо көрсөтүү же жагымсыз көрүнүштөрдү болтурбай коюу, басуу максатында башкаруу органдары тараптан экономикага таасир тийгизүү. Борборлоштурулган экономикада жөнгө салуу басымдуу түрдө директивалуу, тескөөчү ыкмалар-дын жардамы менен, рыноктук экономикада негизинен рыноктук жөнгө салуучуларды пайдалануу, рыноктук механизмди иштетүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Экономиканы, экономикалык про-цесстерди экономикалык субьектилердин аракеттерин жөнгө салуу директивалуу пландаштыруу, түрткү берүүчү жөнгө салуу, рыноктук өз алдынча жөнгө салуу формаларында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Экономиканы либералдаштыруу – экономикалык иштин эркиндигин кеңейтүү, жеке демилгелердин бардык чектөөлөрүн толук же жарым-жартылай алып салуу. Кыргызстан постсоветтик өлкөлөр

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдери

Page 60: УДК 336 - Журналистыjournalist.kg/wp-content/uploads/2012/04/Budget_Manual...1. Бюджет деген эмне? Демократиянын өнүгүшү менен

Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек? ММК үчүн бюджет тууралуу маалыматнама60

Источники:• Освещение экономических тем в средствах массовой инфор-

мации (экономическая журналистика): Учеб. пособие для вузов / Под. ред. Н.Н. Добрецовой. - Б.: 2009.

• Экономический словарь под редакцией доктора эк. наук, про-фессора, академика РАЕН А.И.Архипова.

• Глоссарий для экономического журналиста, подготовленный в рамках проекта USAID по улучшению бизнес-среды и Биш-кекского бизнес-клуба.

• Словарь бизнеса. Газета «Ведомости»:. http://www.vedomosti.ru/glossary/

• Современный экономический словарь: http://economic-enc.net• Краткий экономический словарь: http://ekslovar.ru• Глоссарий экономических терминов: http://www.infousa.ru/

society/economy/contents.htm• Глоссарий: http://www.budget.kg/glossary/

ГлоссарийЭкономикалык

жана бюджеттик

терминдериарасынан алгачкылардан болуп экономиканы либералдаштыруу жолуна түшкөн.

Экономиканын «чыңалышы» – экономикалык өсүштү адаттан тыш каржылоо, ашыкча кредиттөө, экономикага мамлекеттик каражаттарды ашыкча салуу, мамлекеттик бюджеттин артыкбаш тар-тыштыгынын жана инфляциянын коркунучун пайда кылат.

Экспорт (лат. exporto - чыгарам) – чет өлкөлүк сатып алуучуларга сатылган, чет өлкөлүк рынокторго сатуу үчүн же башка өлкөдө кайра иштетүү үчүн арналган товарларды чет өлкөгө чыгаруу. Ошондой эле транзит менен башка өлкө аркылуу товарларды ташууну жана башка өлкөдөн үчүнчү өлкөдө сатуу үчүн алынып келинген товарларды чыгаруу (кайра экспорттоо) да экспортко таандык кылынат.

Эмбарго (исп. еmbargo - камак салуу, тыюу салуу) - 1) товарлардын белгилүү түрүн, баалуулуктарды, алтынды, баалуу кагаздарды, валютаны өлкөгө алып келүүгө же алып чыгууга мамлекеттик тыюу салуу; 2) БУУнун Уставын бузгандыгы же башка жагымсыз аракеттери үчүн аталган өлкөгө Карата репрессиялык чаралар катары Бириккен Улуттар Уюмунун чечими боюнча белгилүү өлкөлөр менен соода кылууга тыюу салуу.

Эркин экономикалык зона (ЭЭЗ) - улуттук жана чет өлкөлүк ишкерлер үчүн жеңилдик берилген эконо-микалык шарттары бар чектелген аймак. Эркин экономикалык зона калган аймакка карата алганда өзгөчө юридикалык статуска ээ болот. Эркин экономикалык зоналар тышкы соода, жалпы эконо-микалык, социалдык, региондук жана илимий техникалык милдеттерди чечүү үчүн түзүлөт. Алар: эркин соода зонасы; биргелешкен ишкердик зонасы; банктык жана камсыздандыруу аткарымдарын жүзөгө ашырууда жеңилдетилген режим берилген зоналар; технологиялык зоналар; комплекстүү зоналар болуп айырмаланат. КРда төрт ЭЭЗ ачылган, алда канча натыйжалуу иштеп жатканы Бишкек – ЭЭЗ болуп эсептелет.

Эсептик көрсөткүч – социалдык төлөмдөрдүн, компенсациялардын, экономикалык санкциялардын, административдик айыппулдар жана эмгек маянасы менен байланышпаган башка экономикалык көрсөткүчтөрдүн көлөмүн аныктоо үчүн нормативдик акчалай көрсөткүч.

Эсептик чен, эсептик пайыздын чени - пайыздын чени, ага ылайык федералдык резервдик система, борбордук банк, коммерциялык банктардын акчалай резервдерин толтуруу жана кардарларга кредит берүү үчүн аларга кредиттерди берет. Борбордук банктын эсептик чени канчалык жогору болсо андан кийин коммерциялык банктар өздөрү берген кредит үчүн андан да жогорку пайыздарды алат жана тескерисинче болот.

Эсеп-чоторду жабуу – сот чечими боюнча же банктардын өзүлөрүнүн негиздери болуусунда юридика-лык же жеке жактардын арызы боюнча эсептик жана учурдагы эсеп-чоттрдун аракетин токтотуу.

Эсеп-чотторду блокадалоо – банктык эсеп-чоттору бар ээлердин өзүлөрүнүн акчалары менен эркин тескөөсүнө мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ажыратуусу. Эсеп-чотторду блокадалоо чет өлкөгө капиталды чыгарып кетүүнү чектөө максатында валюталык чектөөлөрдү киргизүүдө, эсеп-чот ээсине доо боюнча сот чечимдеринде, форс-мажордук шарттарда колдонулат.