300
Бактылуулуктун формуласы Чубак ажы Жалилов Бишкек - 2014 2-басылыш

Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

  • Upload
    others

  • View
    35

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

Бактылуулуктун формуласы

Чубак ажы Жалилов

Бишкек - 2014

2-басылыш

Page 2: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун
Page 3: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

3

Бактылуулуктун формуласы.

КИРИШ СӨЗ

Адамдын жан дүйнөсү ыйман-ишеним, адеп-ахлак жана илим-билим сыяктуу асыл баа-

лулуктарга муктаж эмеспи. Кызыгы ошол асыл баа-лулуктарды адамдарга адамдын өздөрүнөн чыккан чыгаандары өрнөк болуп үйрөтүп, кемтиктерди то-луктап турат экен. Алла Тааланын элчиси:“ аалым-дар – пайгамбарлардын мурасчылары” -, деп даана белгилеп айтып, бизге ыйык мурас сөз калтырбады беле. Убагында борбордук азиялык мусулмандарга кыргызстандык аалым уламалар да орошон кыз-мат кылып динди үйрөтүп кетишкен болсо, эми ушул жаңы таңда да элибиздин уучу куру болбой татыктуу жаш муун аалымдарыбыздын чыгып жат-каны өтө кубандырат. Чубак Ажы Жалилов устазы-быз менен жаштайыбыздан дин илиминин кенин бирге казып, дин үчүн, эл үчүн даңгыр жолго бирге чыктык эле. Чубак ажы студент кезинде эле китеп-ти колунан түшүрбөй илим-билимге ынтызарлыгы башкалардан өзгөчөлөнүп турган, талбай көп оку-гандыгы менен таанылган эле. Ажыкем пайгамба-рыбыздан мурас калган дин илимин Меккеден да ийгиликтүү окуп бүтүрүп келип азыр Ала-Тоо эли-не мүрөк суусундай кылып сунууда. Улуу устаз-дарыбыздан илим алып баштаган Чубак ажыкем Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи болуп турган учурларында да алгылыктуу иш алып барганына бардыгыбыз күбөбүз. Учурда бир топ шакирттерди тарбиялап өстүрүп, Алла Тааланын жолунда жалпы элге кызмат кылып жатат.

Сыналгыдан, гезит бетинен түшпөй маанилүү маселелерди кулака жагымдуу жорго тил менен кыргыздын учкул сөздөрү, макал-ылакаптары ме-нен куюлуштура түшүндүрүшү анын башкалар-

Page 4: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

4

Чубак ажы Жалилов

дан өзгөчөлөнтүп турат. Сөз келген жерде Манас дастанынан жана бай элдик мурастардан мисал келтирип тим болбостон чыгыш-батыштын или-мий теорияларын жаңгактай чагып чындык жана бактылуулуктун динден гана табылаарын таасын көрсөтүп элдин дин илимине болгон моокумун кандырып келет. Манас дастанында дагы Акбалта Чубакты 12 жашында молдого кармап берип окутуп анан Меккеге окууга жөнөтүп беш жыл ал жакта билим алдырганы бяндалган болсо, эми бул азыр-кы Чубак ажыкемдин атына дагы куп келип, аты-на заты жарашып дегендей төп чыгып тургандыгы баарыбызды курсант кылат.

Колуңуздагы китеп ажыкемдин алгачкы жазган макалаларынан топтолуп, эл кызыктырган түмөн-түрдүү суроолорго жооптору менен бириктирилип басылып отурат. Мунусун Кудай Таала куп кылып мусулмандарга жакшы маанай тартуулай берсин демекчибиз. Акыретке чейин достугубузду бекем-деп, элибизге бирге кызмат кылуубузду насип этип, чыныгы дүйнөдө Хабиби Мустафа Расулуллах ме-нен чогуу коңшу болушубузду буйруса экен деген жакшы санаа дуба-тилектерим менен...

Кыргызстан Мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары

Замир Ракиев.

Page 5: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

5

Бактылуулуктун формуласы.

БаКтылуулуКтун фоРмулаСы.

Чыныгы бактылуулук ар бир адамдын көк-сөөсү жана арзуу-тилеги. А бирок бакты-

луулуктун аныктамасы, тагыраак айтканда «Бакыт деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун айланасында пикирлер чар жайыт да, өтө эле ар түрдүү. Кээ бирлер дүйнө топтоп, аны көбөйтүүнү бакыт деп эсептесе, баш-калары чың ден-соолукта болууну бакыттын кушу катары карашат. Ал эми үчүнчүлөрү пайдалуу илим менен адал ырыскыны издөө деп билсе, кийинки-лери татыктуу ыйман менен жарактуу амал деп тү-шүнүшөт.

Жогоруда айтылгандын баары бакыт түшүнү-гүнө кирүүсүнө эч тоскоолдук жок, болгону шарият чектеген эреже-калыптарга ылайык болуусу кажет.

Бактылуулук жалпы жонунан эки түргө бөлүнөт:

1. Адамдын кыскы өмүрү (түбөлүктүүлүктүн ал-дында 100 жыл да өтө кыска көз ирмем болот эмес-пи?!) менен чектелген, убактылуу жалган жашоодо-гу бактылуулук;

2. Түбөлүктүү дайымий акыреттик бактылуулук;Эки түр эгиздей болуп, бири бирин шарттап ту-

рат. Дүнүйөлүк бакыт акыреттик бакытты, ал өз ке-зегинде дүнүйөлүк бакытты колдоп, кенемтесин тол-туруп турат. Мына бул толуктукту Алла Таала момун пенделерине ыраа көрөт, ыйык Куранда: «Мейли

Page 6: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

6

Чубак ажы Жалилов

эркек болсун, мейли аял болсун - ар бир пенде - мо-мун болуу шарты менен жакшы амал, изги иштерди аткарса, андай адамдарга бул дүйнөдө бактылуу бо-луусуна себептерди ылайыктап беребиз, ал эми Кыя-матта болсо кылган жакшылыктарынын эсесине то-лук ажр-соопторду беребиз!». Ан Нахл, 96.

Төмөндө айтылынчу маселелер бакыт кушун кантип колго кондуруунун жиби, жол-жобосу жана айла-усулу. Канчалагандар бул жипти бекем карма-нып бактылуу болушса, канчалагандары бул жип-тин өзүн көрмөк турсун жытын жыттабастан бул жалгандан армандуу өттү. Бул жипти канчалык бе-кем кармануу ошончолук даражада бактылуу болуу демекмин:• Ыймандуу болуу. Пайгамбарыбыз алайхис са-

лам ыймандуу момун жөнүндө мындай дейт: «Момундун жашоосу кандай гана таң калаар-лык! Момундун жашоосунун бардыгы жакшы-лыктуу! Кандайдыр бир сүйүнчүктүү жакшы ишке туштукса Жараткан Ээсине шүгүр келти-рип сооп-жакшылыкка ээ болот, ал эми кандай-дыр бир балээге кириптер болсо Жараткан Ээ-синин тагдырына моюн сунуп, жазмышка баш ийип сабырдуулукту карманып сооп-жакшы-лыкка ээ болот. Бул жакшылык-сооп момундан башка эч-кимге ыйгарылбайт!» Муслим.

• Аллах Таала жараткан макулук аттуунун баа-рына - мейли инсан, мейли жандык, мейли өсүмдүк болсун - сөз менен да, кыймыл-аракет менен да жакшылык - Ихсан кылуу. Ыйык Ку-ранда: «Пенделердин бири-бирине пайдасыз-бош сөздөрдү айтып, сүйлөшүп – шыбыраш-кандарында жакшылыктуу сооп да, үмтөтүлгөн жакшылык да жок. А бирок жакшылык менен сооп аттуунун баары, пенделердин бири-бирин жакшы ишке чакырып, жардам-садака берген-

Page 7: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

7

Бактылуулуктун формуласы.

ге буйруган сөздөрүндө, инсандардын ортосун-дагы ынтымакты бекемдөөгө, таарынышкан көрпенделердин таарынычын жазып, урушкан-дарды жараштырууда айтылынган сөздөрүндө. Ким бул амал-иштерди жалгыз Жараткандын ыраазылыгы үчүн аткарган болсо, Кыямат күнү бул адамдарга улуу ажр-соопторду беребиз!». Ан Нисаа, 114.

• Жүрөктү кээ бир пайдалуу нерселер менен алек кылуу. Мисалы пайдалуу илим алуу, же соопчу-лук иштерди аткаруу менен. Бул иштер пенде-ни кыжаалат кылган, көңүл чөгөргөн жагым-сыз иштерден алаксытып, анын сормо сазынан сууруп чыгат. Ошол пайдалуу нерсе Инсандын табияты сүйгөн, жаратылышына туура келген иш болуусу абалды кыйла жеңилдетет. Бардык балээнин баары боштук менен бекерчиликтен келип чыгат. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Сенин дүнүйөңө жана акыретиңе пайдалуу боло турган иштерге жан үрөп аракет кыл!», дейт. Муслим.

• Күнүмдүк жумушту так аткарууга белсене ки-ришүү. Бүгүнкүңдү эртеңкиге калтырба. Өткөн ишке өкүнбө, болгону туура жыйынтык чыга-ра бил. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Өт-көн ишке өкүнүп, аттиң ай! Эгерде могу ишти момундай кылсам, мындай болбос эле?..», деп «Эгерде...?ни көп айта берүү шайтанга эшик ачат!», дейт. Муслим. Сөз чынынан бузулбайт.

• Аллах Тааланы көп эстеп, зикир кылууну адат-ка айландыруу. Ыйык Куранда: «Эсиңерге ту-туп, кабардар болгула! Аллах Тааланы эстеп, зикир кылуу менен жүрөктөр жай алып, ыра-хатка батат!».

• Дайыма сенден төмөнкүлөрдөн ибаарат - үлгү ал. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Дайыма

Page 8: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

8

Чубак ажы Жалилов

силерден төмөн тургандарга карагыла! Си-лерден жогорудагыларга карабагыла! Мына ушундай кылсаңар Аллахтын силерге берген жакшылык-нематтарын анчалык жектеп жээ-рибейсиңер!». Бухари, Муслим.

• Аллах Таалага дуба кылуу. Мисалы Пайгамба-рыбыз алайхис салам мындай дуба кылаар эле: «Оо Жараткан Аллах Таала! Сенин ырайым-рах-матыңды үмүт кылам. Бир көз ирмемчелик уба-кытка да мени көз жаздымыңда калтыра көрбө! Менин абалымдын баарын оңдо! Сенден башка ибаадат кылынууга татыктуу зат жок!». Абу Дауд.

• Ар бир ишинде себептерин аткарган соң Аллах Таалага тобокел кылуу. Ыйык Куранда: «Кайсы бир пенде Аллах Таалага тобокел кылса, Аллах Таала ал адамга жетээрлик!». Ат Талаак,3.

• Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Момун эркек момун аялды кайсы бир кулк-мүнөзү үчүн жаман көрбөсүн, ал аялдын андан башка жакшы кулк-мүнөзү бар болсо, ошого ыраазы болот». Муслим. Ар бир адамдын жакшы жа-гын издеп-тапканга аракеттен. Кээде чалкыган чоң деңизден таппаганды, азыноолак суусу бар дарыядан деле таап алуу мүмкүн.

• Сага адамдардын зыяны тийген болсо, - айрык-ча жаман сөздөрү - эч убакта капаланба! Ал се-нин пайдаңа чечилчү маселе. Кыяматта алар се-нин күнөөңө шериктеш болуп, күнөөлөрүңдөн жеңилдейсиң. Таптакыр күнөөң жок болуп пе-риште болуп кеткен убактыңда (ошондой бол-со гана!?), анда анын соопторуна сен шериктеш болосуң.

• Эч убакта эч кимден - Аллах Тааладан башка - ыраазылык үмүт этпе. Ыйык Куранда, Аллах Таала үчүн жардыларды тоюндурган чыныгы

Page 9: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

9

Бактылуулуктун формуласы.

момундардын сөзү айтылат: «Алар айтышат:-(Албетте биз Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн силерге азык-оокат берип жатабыз. Си-лерден анын ордуна башка бир нерсе алууну да, ыраазылык – ырахматты да каалабайбыз. Си-лердин бизге милдеттүү болуп калууңарды да каалабайбыз!». Ал Инсан,9.

• Акырында, Аллах Таала сага бактылуулук жаз-ган болсо аны эч ким тартып ала-албастыгын бөркүңдөй көр. Улуу Жараткан баарыбызды эки дүйнө бакты-

луулардан кылган болсун!

Page 10: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

10

Чубак ажы Жалилов

аКыР Заман

Азиздер айтып кетиптир, Акыр заман болжолун.Ак Азирет Пайгамбар,Адам ата баш болуп...

Калыгул олуя

Кыяматтын болоору анык. Болбойт деген пенде ыймандан чыгаар. А качан болоорлугун Улук Ку-дайдан башка так айта ала турган эч ким жок экен-диги да анык. Болгону биз пенделерге акыр заман алааматтарын билүү насибеси гана ыйгарылган. Билүүнүн канчалык кажети бар дешиңиз мүмкүн. Андыктан акыр заман алааматтарын билүүнүн пай-дасын айта кетели:

акыр заман белгилерин билүүнүн пайда-лары:• Кайыпка ыйман келтирүүнү чыңдоо. Ар бир

пенде Аллах таала жана Пайгамбарыбыз алай-хис салам айткан ар бир кайып нерселерге ыйман келтирүүсү милдеттүү. Кыямат да ка-йыптын катарына кошулат. Анын белгилерин таанып-билүү, акыр заманга болгон ишенимди чыңдайт.

• Кыямат күнгө даярданууга шарт түзөт. Кенебес-тиктин уйкусунда жаткандарды ойготот. Дүй-нөгө байланып калбастан тооба кылууга түртөт.

• Фыкых-укуктук маселелер менен шариаттык өкүмдөрдүн баянын аңдоону шарттайт. Ми-салы: Дажжаал келгенде бир күн бир жылдай болот, бир күн бир айдай болот деп айтылат. Ошондо намазды кантип окуйбуз деген суроого Пайгамбарыбыз алайхис салам «Анын чен-өл-чөмүн болжолдоп тактайсыңар!», деп ишаарат

Page 11: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

11

Акыр заман

берген. Ошол себептүү биз айлап күн менен түн алмашпай калган жерлердеги намаз окуунун тартибин белгилейбиз.

• Пайгамбарыбыз алайхис саламдын акыр за-ман белгилерин айтып берүүсү, ал белгилер-дин ишке ашуусу, Пайгамбарыбыз алайхис са-ламдын эбегейсиз чындык ээси экендигинен кабар берет.

• Кыяматтын белгилерин билүү, бизди ал окуя-ларды туура билүүгө жардам берет. Кыяматтын белгиси болбогон нерсеге деле башын оорутуп жүргөндөр бар эмеспи. Мисалы: Мусулмандар Дажжаалды жакшы таанышат. Башка эле би-рөө келип мен Дажжаал элем десе, ага ишен-бейт. Себеби Дажжаалдын белгилери китептер-де ачык-айрым айтылган.

• Келечектеги болоор нерсеге инсанияттын даяр туруусу. Күтүүсүздөн болгон нерсе ар кандай ыңгайсыздыктарды жаратуусу мүмкүн.

• Үмүт эшигин ачат. Себеби акыр заман белгиле-ринин бири Ислам жер жүзүнө жайылат. Жөөт жана тарса диндери жер бетинен жоюлат, жок болот.

• Пенденин табиятынан болгон, көмүскөдөгү нерсени билүү ынтызарлыгын кандырат. Ант-пегенде, пенделер кыямат качан болот деп сурап, «көзү ачык каапырлардын» соодасын жүргүзүп жиберишет эмеспи, жыйынтыгында ыймандан ажырап калышат.акыр заман белгилери менен иштешүүнүн

эрежелери:• Куран аяттары жана Пайгамбарыбыз алайхис

саламдын сахих (ишенимдүү булактарда ай-тылган) хадистери аркылуу билебиз. Башка диндегилердин маалыматтары, түштөр аркы-

Page 12: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

12

Чубак ажы Жалилов

луу, далилсиз сөздөр аркылуу, кээ бир элдер-дин календарлары аркылуу, божомол аркылуу биле албайбыз. Ага тыюу салынат.

• Ушул өңүттөгү ишенимдүү аалымдарыбыз-дын маалыматтарына таянуу. Аалымдардан сурабастан туруп бул темадагы маалыматтар-га ишенбөө. Болгон окуялар акыр заман бел-гисиби же жокпу дегенди ар бир адам өзүнчө жорумалдабаш керек. Аалымдарга тапшыруу ваажып.

• Адамдардын маданиятына, акыл эсине жара-ша маалыматтарды жеткирүү. Кээ бир адамдар жаңы мусулман болгондорго деле, акыл-эси чектелүүлөргө деле бардыгын айта беришет. Белгилүү болгондой, ар бир билинген нерсенин баары эле айтыла бербейт. Азирети Ибн Масьуд мындай дейт: «Адамдардын аң-сезими, акылы, баам-парасаты жете бербеген нерселерди айта берүү, кээ бир адамдарга фитна (жаңылып-жа-зуу, адашуу) болот» (Муслим, кириш сөз).

акыр заман белгилери эки бөлүккө ажы-рымдалат:

1. Акыр замандын кичине белги-алааматтары;2. Акыр замандын чоң белги-алааматтары;Кичине белгилер өтө эле көп. Мисал катары

Калыгул олуянын: «Тоо токол болоор, кул бий бо-лоор», «Акыр заман кишиси, кичине болоор мүчө-сү», Буйлаш уулунун: «Акыр заман болгондо, Журт-та ургаачы көбөйүп, Бой азаят дечү эле..», Молдо Кылычтын: «Орозо ,намаз окубай, Тил кыскарган бир заман..», деген бейттери хадистерде келген маа-лыматтарга үндөшүп турат. Бул өз кезегинде жого-рудагы аталарыбыздын Ислам таалимдери боюнча илимдүү, кеменгер, чыныгы мусулман болгондугу-нан кабар берет. Ал эле эмес бул маалыматтарды

Page 13: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

13

Акыр заман

Адам алайхис салам баш болгон Пайгамбар-азиз-дерден (урматтуулардан) алгандыгын ачык айтып туру. Андан башка да: • Балдардын ата-энеге кайрымсыз чыгуусу, • соода-сатыктын көбөйүүсү,• илимсиздиктин жайылуусу, • тааныштарга гана салам берип, тааныш эмес-

терге унчукпай коюу, • аманаттын көтөрүлүүсү, • жылаңач, жарым жылаңач аялдардын пайда

болуусу, • кой артынан жүргөн жылаңаяк-жылаңач, жар-

мачтардын бийик үй салууда жарышуусу, • соодада аялдын күйөөсүнө жардам берүүсү, • базарларды кээ бир соодагерлердин монопо-

лияга айлантып алуусу, • жалган күбөлүк берүү, • акыйкат күбөлүктү жашыруу, • сараңдыктын жайылуусу, • тууган-уруктан мамиленин үзүлүүсү, • жаман коңшулардын көбөйүүсү, • уятсыздыктын жайылуусу, • аманатка бекем адамды кыянатчыл деп айыптоо, • кыянатчылды аманатка бекем деп мактоо, • мал-акчаны кайдан келгенине, адал-арамдыгы-

на маани бербестик, • Кудайдан башканын ыраазылыгы үчүн илим

алуу, • үй-бүлөдө аялга баш ийип калуу, • энеге кайрымсыз болуу, • мечиттерде кыйкырып сүйлөө,

Page 14: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

14

Чубак ажы Жалилов

• фаасык, дини тайыз адамдардын жамааттарга башчылык кылуусу,

• элдин башына эң тайыздардын башчылык кы-луусу,

• пенденин жамандыгы тийбесин деп урматтоо,• жибекти эркектердин адал деп кийип алуусу,• арактын кадимкидей ичилип калуусу,• музыканын бардык түрүнүн жайылуусу,• эртең менен мусулман болгондордун кечинде

мусулман эмес болуп күн батыруусу,• мечиттерди кооздуктар жасалгалап, алар менен

мактануу,• байлыкты тил менен гана таап калуу,• Куран жаттаган каарылар көбөйүп, илимдүүлөр

менен факих аалымдарынын азаюусу,• убакыттын берекесинин кетүүсү,• жылкынын кымбаттап кайра арзандоосу,• базарлардын жакын болуп калуусу,• жалгандын көбөйүүсү,• жер титирөөлөрдүн көбөйүүсү,• аялдардын көбөйүүсү,• эркектердин азаюусу,• Куран окугандыгына ижаара акы алуу,• семиздердин көбөйүүсү,• алдуусу алсызын басып жейт, кордойт,• байлык көбөйүп, жалпы адамзатта байлыктын

жайылуусу,• аялдарды ойноштук менен айыптоонун көбө-

йүүсү,• Меккеде бийик имаараттардын курулуусу,• Имам Махдийдин чыгуусу (баамдалып турган-

Page 15: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

15

Акыр заман

дай Махдийдин чыгуусу кичине белгилерге ко-шулат).... акыр замандын кичине белгилерине кошулат. акыр замандын чоң алаамат-белгилери:Чоң белгилердин бири башталган учурда, кал-

гандары да кезеги менен уланып келе берет. Каптын оозунун ачылганы мына ошол... Тизилген мончоктой болуп келе берет... Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Тизилген мончок үзүлгөндөй болуп, кыямат-тын чоң белгисинин бири башталаары менен уланып кетет. Чоң белгилер деп аталып калгандыгы да, кыя-матка жакын болуусу менен, бул окуялардан кийин дароо кыяматтын болоорлугу менен түшүндүрүлөт.• Дажжаалдын чыгуусу. Адам баласынан чыккан

пенде. Кудай Таалам ага бир канча кудуреттер-ди берген. Кудай Таалам пенделеринин ый-манын сыноо максатында бул нерселерди таг-дырга жазган. Пайгамбарыбыз алайхис салам анын кулк-мүнөздөрүн, табигый сыпаттарын баяндап берген. Дажжаал чоң фитна. Пендени ыймансыздыкка алып бара турган жумуштарды жасайт, азгырат. Ал өзүн кудаймын деп жарыя-лайт. Жер жүзүндөгү эң чоң фитна деп саналат.

• Ийса пайгамбарыбыз алайхис саламдын тү-шүүсү. Дажжаалды өлтүрөт. Мусулмандарга амандык келет. Адилеттүүлүк өкүм сүрөт.

• Я-жууж менен Ма-жууждун чыгуусу. Адам туку-мунан болушат.

• Чыгышта, батышта жана араб жарым аралында жер жарылып, адамдарды жутат.

• Түтүндүн каптоосу.• Улоонун (даабба) чыгуусу• Күндүн батыштан чыгуусу.• Жалпы өрттүн чыгуусу.

Page 16: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

16

Чубак ажы Жалилов

Мунун баарын айтып жаткандыгым, кыямат болуп кетет экен эртең деп энтеңдегендер эбине келсин, ар нерсенин жолу болот, кыяматка даярда-нуунун да жолу бар, ошол жолу менен жүрсүн деген бир туугандык жакшы тилегим. Кыяматка даярда-нуу отун топтоп, суу сактаган менен болбойт. Кыя-матка амал менен, жакшы сооптуу иштерди аткаруу менен, адамзатка кайрымдуулуктун жылуулугун жеткирүү менен болот. Эң негизгиси Аллах Таалага ыйман келтирип, акыркы пайгамбар Пайгамбары-быз алайхис саламдын жолун ээрчип, сүннөтүн ту-тунуп жашоону ишке ашыруу.

Эң эле талашсыз маселе, ар адам бактылуу бол-гусу келет. А бирок эң эле талаштуу маселе ар ким бактылуу болууну ар кандай түшүнөт. А бирок та-лашсыз чындык, бактылуулуктун баары динде, ту-тунууда, карманууда. Ким канчалык пайыз карман-са, ошого жараша бактылуу болоор. Толук бактылуу болгуңуз келеби, анда толук карманыңыз диниңиз-ди. Сизди жараткан Кудайым сиздин бактылуу бо-луңузду каалап эле турат, а бирок отко айдаса бокко качкан пенде өзүнө өзү кылып алаар экен..

Дагы бир баса айтчу нерсе, Калыгул олуя сыяк-туу бабаларыбызды, «Аалам сырларына» чыгып жаткан жанагы бетин жуубаган «көзү ачык» каа-пырларга теңеген таптакыр туура эмес. Асман жер-дей айырма бар. Алар бейиши болсо, булар тозоку. Алар акылдуу болсо, булар акмак. Алардан Аллахым ыраазы болсун деп дуба кылсак, булардын атын айткандан жийиркенебиз. Жаза-тайып айтып алса бир пенде, оозун күлдөп жуумагы лаазым болоор.

Page 17: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

17

Аманат шайлоо,... тагыраагы «тандоо»...

аманат Шайлоо,... тагыРаагы «тандоо»...

Биз бүгүнкү күндөрү «шайлоо» деп элирип алган иш жараяны чындыгында шайлоо

эмес, тандоо. Ар бирибиз каалаганыбызды тандай-быз, ыктыярыбызды көрсөтөбүз. А бирок шайлоо комиссиясы тарабынан тандоолордун негизинде шайланат. Себеп дегенде ар бир тандалган адам эле шайланбайт. Андан сырткары улук шариятыбызда ар бир адам эле шайлоо укугуна ээ эмес, а бирок тандоо укугуна бардыгы ээ. Ар бир пенде кимди жакшы көрөөрүн, кимге тандоосун берээрин айги-нелеп алганы макул. Сөз башынан болсун...

Тандоолорго катышуу жалпысынан эки түр-гө бөлүнөт:

1. Шариаттык тандоолорго катышуу; Бул ша-риат эрежелерине, негиздерине ылайык тандоолор. Бул тандоолор Ислам өкүмдөрү ишке ашкан, прак-тикаланган мусулман өлкөлөрүндө болот.

2. Шариаттык эмес тандоолорго катышуу; Бул шариат эрежелерине, негиздерине ылайык эмес тандоолор. Бул тандоолор Ислам өкүмдөрү ишке ашпаган, практикаланбаган мусулман өлкөлөрүн-дө, жана мусулман эмес өлкөлөрдө болот. Бул бү-гүнкү күндөгү Кыргызстан сыяктуу көпчүлүк мусул-ман өлкөлөрүнүн абалы.

Биздин сөзүбүз экинчи тайпадагы тандоолор-го катышуу жөнүндө болмокчу. Экинчи тайпа дагы өз алдынча эки бөлүккө бөлүнөт:

1. Ислам өкүмдөрү амал кылынбаган (практика-ланбаган) мусулман өлкөлөрүндөгү тандоого катышуу;

2. Мусулман эмес өлкөлөрдөгү тандоолорго ка-тышуу;

Баамдалып тургандай сөз учугу биринчи бөлүк менен уланат.

Page 18: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

18

Чубак ажы Жалилов

Кыргызстан сыяктуу Ислам өкүмдөрү амал кы-лынбаган (практикаланбаган, мисалы: уурунун (м: корррупционер, мародер) колун кесүү, эркек жана ур-гаачы сойкуларды таш-бараңга салып өлтүрүү, көзү ачыктарга, педофилдерге тиешелүү жазасын берүү ж.б.у.с.) мусулман өлкөсүндөгү (Кыргызстанды му-сулман өлкөнүн катарына кошконубуз, бир мезгилде Кокон хандыгына аздыр-көптүр тиешеси болуп, атал-ган хандыкта Исламга амал кылынган. Алымбек дат-ка, Курманжан датка энекебиз тутунган ырасмилери, жана да азыр ак үй деңгээлиндеги саясатка таасир эткен аксылыктар ошондо да хандыкка таасир этип турганын, кээ бир риваяттарда айтылгандай азыркы Ажобуздун кээ бир бабалары ошол хандыкта кызмат кылганынан билсек болот, кыргыздар да Ислам амал кылынган өлкөдө жашашкандыгын. Аккан арыктан суу агат дейт... Белгилүү болгондой кайсы бир топу-ракка (территорияга) кайсы бир убакта Ислам өлкөсү статусу ыйгарылса, ал статус эч качан кетпейт. Дагы баса белгилей турган нерсе, сүйүктүү өлкөбүздө ар бир мусулманга мусулманчылыгын каалаганча кар-маганга уруксат берилген, Кудайга миң ирет чексиз мактоо болсун, ушуга себеп болуп турган чоңдору-бузга эки дүйнө бактылуулук ыйгарылган болгой...) тандоолорго катышуунун өкүмү, өлкөнү алдыга жыл-дырууга кадам коюуну чын ыкластан ниет кылып, реформалык чечкиндүү кадамдарды жасай ала тур-ган адамдын намзатынын (кандидатурасынын) кою-луусунун өкүмүнө байланыштуу болот.

Эмне үчүн? Себеби, мусулман адамдын намза-ты коюлганга уруксат берилсе, анда мусулман пен-деге ал тандоого катышууга да , добуш берүүгө да шариат тараптан уруксат берилет.

Туура, кээ бир аалымдар тандоо (азыркы кыр-гызчада шайлоо) аттуунун баарына каршы туруп, ка-тышууга болбойт деп айтышат. Мисалы М.Кутубдун

Page 19: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

19

Аманат шайлоо,... тагыраагы «тандоо»...

«Ваакиьунаал муьаасир», М.Муфтийдин «Накдзул жузуур...», С. Даллаалдын «Ишкаалияатут димок-ратыя» ж.б. эмгектеринде айтылат. Бул пикирдеги-лердин негизги карманган жери –»Ислам өкүмдөрү амалга ашпаган өлкөдө, кандай пайдалуу иш жасай алмак элең, колуңду байлап, бутуңдан тороп жумуш жасаганга мүмкүнчүлүк беришпейт. Дини тайыз-дардын баары чогулуп сенин каршыңда болушат. Мурдатан жеп-уурдап жүргөндөр, сага тоскоолдук жаратышат», деген пикир. Бул пикирди ээрчиген кыргызстандык мусулмандарыбыз да жок эмес. Ай-рыкча кээ бир «жамааттарды» ээрчиген, аларга кол бергендер ушул пикирди туура деп жакташат.

Сөз чынынан бузулбайт. Маселенин туурасы «мусулман адамдын намзаты коюлганга урук-сат берилсе, анда мусулман пендеге ал тандоого катышууга да , добуш берүүгө да шариат тарап-тан уруксат берилет».

Сөзүм кургак болбостугу үчүн бирин-экин да-лилдерди келтире кетейин:1. Колунан иш келчү, жакшылыктын жышаана-

сындай болгон мусулман адамдын шаардык кеңеште (мисалга айтам да) олтуруусу, жалпы мусулмандардын, жерибиздин, элибиздин, ди-нибиздин пайдасы эмеспи? Жамандыкты то-суунун жолу эмеспи? Бул сыяктуу жорукту ким арам дей алат? Жамандыкты колдон келишин-че тосууну динибиз милдеттүү кылган.

2. Жакшылардын бийликтин бутагында болуусу, Ислам шариаты талап кылган акыйкатты, ак дилдикти аздыр-көптүр орнотуу эмеспи? Ошол жерде оозун сурасаң мурдун көрсөтчүлөргө багыт берип, аларга даават айтып, үлгү болсо жаманбы? Алар мыйзам чыгараарда, кол көтөрөөрдө Кудай-ды өзү эстеп, эси жокторго эстетип турса кандай ийгилик. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Жак-

Page 20: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

20

Чубак ажы Жалилов

шы ишке жол көрсөтүп, багыт берген, ошол жак-шы ишти жасагандай соопко калат», дейт эмеспи.

3. Бул бийликте канчалык жакшылар көп олтур-са, башкаларга ошончолук аз орун калат деген-дик. Ошончолук зулумдук менен жамандыкты азайтуу дегендик. Колдон келген аракетти жа-соо демек. Кудай Таалам эч убакта колдон кел-беген жумушка пенделерин жумшабайт.

4. Жакшылардын бийликте (кеңеште) олтуруусу, бетин жуубагандардын өзүнчө топтолуп алып, шайтандын каалаган «ген.планын» ишке ашы-руусуна кедерги болот. Бийликти каалагандай калчап, обу жок чолжоктогондон, элдин ты-йынын, аманатын чачкандан калат. Калбаса да азаят. Аллах Таала Куранда: «... Аманаттарды өз ээлерине жеткирүүгө буйруйт!».

5. Ошол бийликтин мүмкүнчүлүгүн, ыйгарым укуктарын Исламдын, акыйкаттыктын, мусул-мандардын жана мусулман жеринде жашап жаткан мусулман эместердин (зиммийлердин) укуктарын сактоо, жактоо, коргоо, азыркынын «жихады» эмей эмине? Пайгамбарыбыз алай-хис салам: «Жамандыкты колуң менен тос, ко-луңдан келбесе тилиң менен тос, а да колуңдан келбесе жүрөгүң менен жаман көр, мына ошол ыймандын эң алсыз жери!», дейт эмеспи.

6. Жакшылардын бул шайлоого намзатын коюу-су, эки жамандыктын жеңилирээгин тандап алуу эмеспи? Ошол эле убакта турмуш зарыл-чылыгы да тик турат. Зарылчылык кээ бир нер-селерди, заадинде тыюу салынса да, аткарууга мүмкүндүк берет.

7. Шариат талап кылгандай толуктук менен адилет-түүлүктүн табылуусу кыйын иш болуп калгандыгы маалым. «Жоктон көрө жогору» фалсафасынын

Page 21: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

21

Аманат шайлоо,... тагыраагы «тандоо»...

ийигине чимирилип, «эч болбосо кеч болсун»дун таягын шилтеп, «аз да болсо алга»нын ырын ыр-дап, «кыбыраган кыр ашат»тын «атын сугарып, лөлүнүн пулун алган»га эмне үчүн болбосун?

8. Фатва китептеринде: «Жалпы мусулмандардын кызыкчылыгы үчүн, мусулман эмес падыша тараптан, каазы (Ислам соту) болуп дайында-луунун жөндүүлүгү, заалым падышанын буйругу менен болсо да адилеттүү жетекчинин жумушка дайындалуусу мусулмандар үчүн ийгилик», деп айтылгандыгы көп нерсени каңкуулайт. («Ка-вааидул ахкаам..» Изз бин Абдис салаам 88 б.)Тереңирээк маалымат алуу үчүн араб тилинде-

ги эмгектерди бул эмгектерди карасаңыз болот:• С. Саавий, «Ас саваабит вал мутагаййираат фии

масииратил амалил ислаамиййил муьасири»;• Ю. Кардаавий, «Мин фикхил давлати»;• У. Ашкар, «Хукмул мушааракати фил визаара-

ти вал мажаалисин нияабийяти»;• А Гаамидий, «Фикхуш шуураа»;• Д. Бааз, «Аш шуураа вад димократыян ниябийя»;• Р. Ганнууший, «Хукму мушааракатул ислаамий-

йиина фии низаамин гойри ислаамиййин»;• А. Илявий, «Ал муваазанату байнал масаалихи».

Айткан сөзүбүздү тууралыгына кээ бир заман-даш аалымдарыбыздын фатвасы да жардамга ке-лээр. Мисалы Абу Захра, Алий Хафииф, Мухаммад бин Саалих, Муфтий Абдулазиз ж.б.лар дал ушун-дай фатва беришкен. Андан сырткары белгилүү Ислам ЖОЖдорунун биринде Фахд Ажлаан аттуу бир тууганыбыз «Ислам укук таануусундагы тандоо жана анын өкүмдөрү» илимий ишин ийгиликтүү коргогон. Эмгек учурда «Ражихий» банкы тарабы-нан каржыланып басылган.

Page 22: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

22

Чубак ажы Жалилов

Урматтуу диндешим! Добушуңду берүүнүн мил-деттүүлүгүн жетишээрлик туйдуң го дейм. «Ыйык орун бош калбайт» деген сыңары, сен барбасаң сенден башкасы барат. Көр такыбалык кылбастан, «саясатка аралашып кеттимби?» дебестен тандоого барып татыктууга добушуңду бер! Бул саясатка аралашууң эмес, бул жакшы жашоону, Аллахым ыраазы боло турган жашону тандаганга умтулууң деп түшүн, берекем! Анын үстүнө ушул партияга же ушул адамга добуш бер деп үгүттөгөнүм жок! Анан калса добушуңду да каалаганга эле бере албайсың. Кудай Таалам акыр кыяматта «Кимге, эмне үчүн, эмне кылганына бердиң?» деген суроону берээрин ойлон. Добуш берэр күн жөн эле күн эмес, балким ыйманыңды сынаар күн. Тууганчылыгыңбы, жек-жаатыңбы, жердешиңби же диндешиңби деген су-роого жообуңду аныктап алаар күн.

Ардактуу Замандаш! Республикадагы маанилүү иш-чарага Ата-Мекенибиздин, Ата-Журтубуздун ке-лечеги, эгемендүү Кыргызстан, бүтүн Кыргызстан, адилеттүү-калыс таза Кыргызстан болуусу үчүн, эч кандай тоскоолдуктарсыз жашоо үчүн, ар намыс ме-нен добушуңду бер! Илгерки эсил кайран СССР учу-рунда коммунистер башкарып турган кезеңдегидей митинги жок, курсак ток жашоо үчүн татыктууну танда. «Силерге Диний Партия Керекпи?», деп чоң тамгалар менен мага коркутуп кайрылуунун эч ке-реги жок. Мен жөн гана жаңы муундагы мусулман адам кандай болуусу керектигин колдон келишинче айткым келди, да элибиздин ак шумкары тууруна конуп, ооматыбыз ообосун деп тилегим келди.

Пайгамбарыбыз айтат эмеспи: «Ким мусулман-дардын тагдыры үчүн күйүп-бышпаса, ага кам көр-бөсө бизден эмес!», деп.

Сен мусулмансыңбы, анда аракетиңди көр!

Page 23: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

23

Эмне кылуу керек?...

Чексиз мээримдүүнүн ысмы менен...

Эмне Кылуу КеРеК?...Кыргызстан сыяктуу мусулман өлкөсүндө жа-

шап турган мусулман эместер туурасында кеп коз-гоо актуалдуулугун эч жоготпосо керек. Айрыкча сүйүктүү Пайгамбарыбыз алайхис саламга акаарат келтирилгенден баштап канчалаган кан төгүлдү. Элчи баш болгон элчиликтегилер жан таслим бо-луп, тынч жашап жүргөн кайрыдиндер жапа че-гишти. Ошондуктан «Даарул исламда» жашап тур-ган «ахлу зимма»нын өкүмдөрүн айткыбыз келди:

«Ахлу зимма» дегендер кимдер? Жөөттөр, тарса-лар жана андан башка мусулман эместердин Ислам өлкөсүндө туруктуу жашап туруучулары. Ар бир му-сулман эмес адам «Ахлу зимма»лардын катарына тө-мөндөгү төрт жолдун бири менен кошулуусу мүмкүн.1. Ачык келишим менен: Мусулман өлкөсү менен

мусулман эмес адамдын ортосунда кагаз жүзүн-дө, же ачык ишаарат менен, түшүнүктүү сөздөр-дү колдонуу аркылуу келишимге келүү.

2. Келишимге ыраазы болгондугуна далаалат кы-луучу белгилер аркылуу: Мисалы, «харбий мус-таьман»дын (мусулман эмес өлкөнүн мусулман эмес жаранынын мусулман өлкөсүнө амандык (виза) менен кирүүсү) Ислам өлкөсүндө бир жылдан ашык жашап калуусу, же «харбий мус-таьман» аялдын Ислам өлкөсүнүн жашоочула-рынын бирине турмушка чыгуусу ж.б..

3. Башкалардын жетеги менен: Мисалы, «Ахлу зимма»лардын балдары, алар гана жашаган айылдарда же ибаадатканаларында табылган нокотек (таштанды) балдар.

4. Фатх болгондон кийин да, Ислам өкүмдарынын уруксат берүүсү менен өз диндеринде калгандар.

Page 24: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

24

Чубак ажы Жалилов

«Ахлу зимма»лардын укуктары: Шариат көрсөт-мөлөрүнүн негизинде алар мусулмандарга тиешелүү укуктардан пайдалана алышат. Ал укуктар, инсандын коомдун ажырагыс бир бөлүгү катары каралып, баш тартуудан баш тарта албай турган «жалпы», жана үй-бүлөлүк, жекече карым-катнаштын негизинде пайда болгон «жекече» укуктардан турат. Жалпы укуктарга: инсан эркиндигин кепилдөө, кол тийбестигин кам-сыздоо, өлкө ичинде каалагандай көчүп-конуп жүрүү, ишеним эркиндиги, өздөрүнө тиешелүү сыйынуу үй-лөрүндө ибаадаттарын аткаруу, билим алуу, сөз эр-киндиги, мусулмандарга түзүлгөн ыңгайлуулуктар-дан пайдалануу, мусулман динине өтүү сыяктуулар кирсе, жекече укуктарга: үйлөнүү, перзенттүү болуу, каалагандай бизнес менен шугулдануу, байлык топ-тоо ж.б.лар кирет. Албетте жогорудагылардын баа-ры башкалардын укугуна карама-каршы келбеген учурда. Укуктарды изилдей келгенде, Ислам фыкых-укуктук терминологиясында үч чекитте чектелет:1. Ханафийлердин пикиринде «Макка харамы»-

нан башка жерлерге жашоо укугуна ээ болсо, Шаафеьийлер менен Ханбалийлерде «Хижаз» өрөөнүнөн башка мусулман топурагында, жер-леринде жашоо укугуна ээ болот.

2. Алардын жандары менен малдарынын кол тий-бестиги. Эч бир себепсиз аларга душмандык кылынбайт.

3. Алардын ибаадатканаларына, ичимдиктерине, чочколоруна тийишилбейт. Эгер ачыкка чыга-рып ичишпесе, мас болуп көчөдө жүрүшпөсө.«Ахлу зимма»лардын милдеттери: Мусулман-

дар өз өлкөсүндөгү «Ахлу зиммалар»га жумшактык менен жакшы мамиле кылуусу милдеттүү болгондой эле, аларга да мусулмандарды алдабоо, тыңчыларды жашырбоо, мусулмандарды урматтоо, мусулмандар-ды кызматчы жалдабоо, мусулмандарды сөкпөө, ыза

Page 25: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

25

Эмне кылуу керек?...

жеткирбөө, Пайгамбарлардын бирине да акаарат келтирбөө ж.б. сыяктуу милдеттер жүктөлөт.

«Ахлу зимма»лардын кылмыш-күнөө иштери жана алардын жазалануусу: Аларга, мусулмандар сыяктуу эле кылмыш иштерди жасаганга тыюу са-лынып, жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тарты-лышат.

Аллах Таала ыйык Куранда: «...ар бир нафс (ар ким) күнөө кылса, өз зыянына гана кылат. Ар бир күнөө көтөрүүчү, Кыямат күнү өзүнүн гана күнөө-сүн көтөрөт, башканын күнөөсүн (ага шерик болбо-со) көтөрбөйт!» деп ырайымын төгөт. (Аньаам:164). Ибн Аби Хаатем, Катаада бул аятты «Аллах Таала башка адамдын кылган күнөөсүн бир пендесине жүктөбөйт. Ар бири пенде колу менен кылганды мойну менен тартат», деп тафсирлегендигин ри-ваяттайт. (Аддур ал мансуур 6\309)

Айтор, Пайгамбарыбыз алайхис саламга акаарат келтирген элбузар жазаланууга милдеттүү. Анын жа-рык жашоодон насибеси жок, тагыраагы ыйгарылган эмес. А бирок, ал жашаган өлкөнүн элчиси, ошол өлкө-нүн жараны эмне үчүн, ал эл бузар үчүн запкы жеш ке-рек? Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба десе болбой, эмне үчүн отко салабыз? Акыры түбү биз динибиздин таалимдерине баш ийүүгө милдеттүүбүз го? Башка би-рөө жинди болсо, биз да жинди болуубуз керек беле? Элчиликтин алдында тынчтык митингине чыгып, «өз жараныңды тыйып ал» таризинде кат берүү эң туура жумуш. Унчукпай коюу, же такыр эле маани бербей коюу ыймандын бүлбүлдөгөн алсыздыгын гана ай-гинелейт, же б.а. бизди жакшы көрбөгөндөрдүн тар-туулаган «жумшак исламынын» мөмөсү. Ал мөмөнүн сырты кытай алмасындай канчалык жалтырап көз-жоосун алган менен, даамы да курт түшүрбөй даары-ланган кытай алмасындай супсак, ары даамсыз. Жеп, жедим деп өзүңдү алдаганың эле болбосо...

Page 26: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

26

Чубак ажы Жалилов

КӨЗү ачыКтаР аалам СыРлаРыБы?... же Шайтандын ыРлаРыБы...

Чексиз мээримдүүнүн ысмы менен...

Коомчулуктун бүйрүн кызыткан, айрыкча айылдыктардын эрмек сөзүнө айланган

«аалам сырлары» деп аталып кой терисин жа-мынган карышкырдай, ыйманбузаар, динбузаар, адамдарды билип-билбестен ыймандан чыгарып, каапырлыктын азаптуу жолуна түшүргөн көрсөтүү бар. Карта кармап, алакан ачып тагдырды алдын-ала айтып, Аллах Тааланын ишине кийлигишип, аз жерден кудайга айлангысы келгендерди даңктап, барктап, алардын базарын кызытып, шайтандын камчысын чабышкан ырысы кем көрсөтүү-берүү.

Төмөндө көзү ачыктарга байланыштуу, касиет-түү шариат текстеринен бир аз маалыматты чогуу көрөлү:

Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Ким көзү ачыкка барса, кырк күнгө чейин намазы кабыл болбойт!». Имам Муслим. Көрүнүп тургандай бул хадис көзү ачыктарга баруунун арамдыгын, алар-га ишенбесе деле, эч нерсе сурабаса деле, жөн эле көргөнү барса деле туура эмес болоорун баяндайт. Намазы кырк күнгө чейин сообу жок калат. Кудай Тааламдын астында кабыл болбойт.

Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Ким көзү ачыкка барса, ал айтканга ишенсе, Мухаммад алайхис саламга түшүрүлгөнгө (Ыйык Куранга) каапыр болот». Имам Абу Дауд. Көзү ачыктарга ба-руу жана айтканына ынануу ыйман алкагынан чы-гараарын баяндайт. Себеп дегенде, Мухаммад алай-хис салам пайгамбарыбызга түшүрүлгөн касиеттүү Куранга ишенүү менен, шайтан алайхил лаьна алып келген маалыматтарга ишенүү бир бирине коошпойт. Экөөнүн бирине ишенгени экинчисине

Page 27: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

27

Көзү ачыктар аалам сырларыбы?... же шайтандын ырларыбы...

ишене албайт. Экөөнү бир адамга чогултуу мүмкүн эмес. Имам Ахмад көзү ачыктарга ишенүүнү чыны-гы каапырлык (куфрун акбар) деп баалайт.

Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Ким куштар менен төлгө салса, же кимге куштар менен төлгө салынса, ким көзү ачыктык кылса, же көзү ачыктардын кызматынан пайдаланса, ким сый-кырчылык кылса, же сыйкырчылардын кызматы-нан пайдаланса, ким көзү ачыкка барып алардын айтканына ынанса, ал – бизден эмес!». Имам Баз-заар. Куштар менен төлгө салуу адегенде кайсы бир кушту же чымчыкты же көгүчкөндү колго кармап туруп, асманга учурушат. Кайсыл тарапка учкан-дыгына, канчалык бийиктегендигине, же дароо эле жерге коно калгандыгына карап төлгө айтышкан. Бара бара адамдардын, жаныбарлардын кыймыл-аракеттеринен төлгө салып башташкан. Мисалы (астынан мышык өтсө жолу болбойт) деген сыяктуу. Ал эми (бизден эмес) деп Пайгамбарыбыз алайхис саламдын жамаатынан, үммөтүнөн эмес, б.а. мусул-ман эмес деп таамай айтылат. Кээ бир көзү ачыктар сакал коюп, селде чалынып, жоолук салынып, бис-милла деп сүйлөп, намаз окуп, колуна теспе кармап адамдардын көзүн будамайлашат. Алар канчалык жогорку деңгээлде мусулманчылыктын парздары менен карздарын аткарбасын мусулман деп эсепте-линбейт. Кээ бирлери бир нече ирет ажылыкка да барып келген болуусу мүмкүн. Алардын ибаадаты, мусулманчылыкты кармангандыгы, кудайды ооза-нып сүйлөгөндүгү момун-мусулмандарды алдап аз-гырат. Сактануу керек. Айрыкча карапайым мусул-мандар алардын торуна түшүп калат.

Ибн Аббастан марфууь риваятта мындай айты-лат: «Ким жылдыз карап төлгө ачса, (Абжад) там-галарын жылдыз карап төлгө ачуу үчүн үйрөнсө, Аллах Тааланын алдында жакшылыктуу эч бир

Page 28: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

28

Чубак ажы Жалилов

үлүш-насибеге ээ болбойт!». Имам Хумейд бин Занжавуя. Аллах Тааладан жакшылыктуу насибеге ээ болбостук, жамандыктын жеткен чеги. Улук Ку-дайдын ырайымысыз эч ким бейишке кирмек тур-сун, бейиштин жытын жыттай да албайт.

Кудай Тааламды таанып, ыйман келтирген пенде:• Көзү ачыктарга ишенбөөсү керек. Айткандары

чындыкка жакындап турган болсо да ишенбөө керек. Шайтандар бир азыраак билгенин айтып жардам берип, көзү ачыктардын кээ бир сөзү туура чыкпаса, айтканынын баары эле жалган чыга берсе анда ким ишенмек эле да, ким шай-тандын торуна чалынмак. Кудайдын сыноосу баарыбызга бирдей, татыктуу өтүүнү насип кылсын. Чындыгында, буларды «көзү ачык» деп какшыктап тергегенибиз менен, булар көз-дөрү караңгы, көкүрөктөрү сокур, ыйманы жок байкуштар.

• Көзү ачыктардын берүүсү болгон «Аалам сыр-ларын» көрүүгө болбойт, үйдөгү бала-чаканы, тууган-урукту да көрүүдөн тосуу керек. Жого-руда укпадыкпы, ишенбестен туруп деле барса кырк күнү намазы кабыл болбойт деп. Ишен-бестен туруп эле, жөн эле көрсө да мына ушун-дай болот.

• «Аалам сырларын» алып баруучуларга, уюш-туруучуларга, каражат жагынан жардам бер-гендерге салам айтуудан, бир дасторкондон тамак жегенден, аларга кыз берүүдөн, ургаачы болсо аларга үйлөнүүдөн, сүйлөшүүдөн сакта-нуу керек чыныгы мусулманмын деген адам. Биринчиден аткарып жаткан иштеринин ыпы-ластыгын сездирүү, жийиркенүүнү туюндуруу максатта, экинчиден аларга Аллахтын каары келип баштарына балээ түшкөндө жанындагы-ларга да балээ жабышпасын деген изги тилек.

Page 29: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

29

Көзү ачыктар аалам сырларыбы?... же шайтандын ырларыбы...

Казанга жакын болсоң карасы жугат дечү беле. Анын үстүнө, көзү ачыктарга жардам берип, алардын базарын кызытып тапкан акча кан-чалык арам экендигин туйдуңуз бекен? Андан көрө денесин сатып, сойкулук кылып, акча таап жанын бакканы салыштырмалуу түрдө «түзүгү-рөөк» болот беле? Же бомж болуп тентип кет-кен салыштырмалуу түрдө «жагымдуураак» бо-лот беле?

• Көзү ачыктардын амалы жөнүндө уксаңыз, же каалабаган абалда көзүңүз түшүп калса алар-дын жамандыгынан сактануу үчүн бул дубаны окуңуз « Аллоохумма, лаа яьтии бил хасанаати илла Анта, ва лаа ядфаьус саййиаати илла Анта, ва лаа хаула ва лаа куввата илла бик». Мааниси: «Оо Жараткан Улуу Кудайым! Жакшылыкты Сен гана берээрсиң, жамандыкты Сен гана кай-тараарсың, Болгон айлабыз да, күч-кубатыбыз да жалгыз Сени менен...!».Акырында айтаарым, өлкөдөгү ар бир жарандын

курсагынын токтугуна, уйкусунун тынчтыгына, ый-манынын бүтүндүгүнө Падышабыз түздөн-түз жооп берет. Ислам дүйнө таанымында парламенттик деген башкарууну тааный албайбыз. Бир адам жоопкерчи-ликти моюнга алуусу керек. Жыргалын көрүп куура-лын тартсын. Андыктан Кудай алдындагы жоопкер-чилик урматтуу Ажобуз Алмаз мырза Сизге жүктөлөт. Элиңизди каапырлыктын сазынан сактап калыңыз! «Аалам сырлары» берүүсүн токтотуңуз! Ачка болсок, бир күн тоёрбуз, а бирок ыймансыз акыретке жөнөп кетчү болсо элиңиздин бирөө жарымы, түбөлүк то-зокто калып кетет. Өмүрүңүздүн узундугун тилеп, элибиздин колунан бейишти көздөй жетелеп акый-каттын ак жолуна салууңузду үмүт этип, улук Кудайга мунаажат дуба кылып, букараларыңыздын бири....

Чубак ажы!

Page 30: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

30

Чубак ажы Жалилов

дуБаңыЗ КаБыл БолСун!Чексиз ырайымдуунун ысмы менен...

Ажылык мезгили кайрадан топудай тегере-нип кирип келди. Ажыларыбыз Мекке шаа-

рында ажылык ибаадаттарын аткарышат. Ошол шаарда узак жылдар жашаган адам катарында, ал шаардын сырларынан ажы бир туугандарыма бө-лүшкүм келди... Меккедеги дуба кабыл болуусу үмүт кылынган жерлер жөнүндө баяндагым келди...

Ажыга баруу ар кимге эле насип боло бербейт. Ар бир эле ажыга баргандын ажысы да кабыл боло бербейт. Андыктан ыйык жердеги ар бир көз ир-мемди текке кетирбестен кармап калуу, ыйык жер-дин ыйыктыгын артырган касиеттүү мекендерин аздектеп, дуба кабыл болууга себепкер боло турган орундарды бааалай-барктай билгенибиз ийги.

Анда эмесе кеп оролун Меккедеги дуба кабыл болуусу үмтетилген жерлерге буралы:1. Харам мечитине кирип, Каабага көзү түшкөн убак-

та эки колду көтөрүп: «Оо Аллахым! Бул Каабаң-дын урматын, улуктугун, азиздигин, бийиктигин, кадырын дагы да бийиктете көр. Ар бир ажыга келген, умраны өтөгөн пенделериң да ыйык Каа-баңдын даражасын ордуна койгон болушсун!», (Байхакий, Саиид б. Мансуур, Табарааний. Тал-хиис 2\241,242) деп айтып андан кийин « Оо Ал-лахым! Тынчтык ээси Сенсиң, тынчтыктын бары Сенден! Улуулук менен жоомарттыктын ээси бол-гон улуу Кудайым берекенин ээси да Сенсиң! Сен баарынан Жогорусуң! Буйругуңду уктук, баш ий-дик, тизе бүктүк. Күнөөлөрүбүздү кечир! Оо биз-дин тарбият кылуучубуз, Сенин алдына бараары-быз да ак!» (Ахмад, Байхакий, Талхиис 2\242) деп дуба кылат. Андан соң каалаган дубасын билген тилинде айта берсе – насип кылса - кабыл болот.

Page 31: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

31

Дубаңыз кабыл болсун!

2. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Каабаны карап туруу ибаадат», «Каабага карап туруу ыймандын дал өзү» (Ибн Аббаас, Азрукий, Шифаа 1\183) деп айткандыгы да ар бир ажыга күмүш сырга.

3. Каабаны тегеренип таваф кылып жаткан учур. Таваф аттуунун баары (мейли фарз, мейли на-фил) тең бирдей. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Аллах Таала ар күнү Харам мечитине жүз жы-йырма ырайымын түшүрөт. Алтымышы таваф кылуучуларга, кыркы намаз окуучуларга, жы-йырмасы Каабаны карап туруучуларга» ( Канзус самиин 679), «Ким Каабаны жети тегеренгенче оозу дубадан бош болбосо, кул азат кылгандай соопко ээ!» (Табарааний, Кабиир 20\845).

4. Каабага кирүү. Каабага киргенде жылаңай-лак болуп, адеп менен, намаз окуганды ниет кылып кирет. «Бисмилла, Кудайга мактоолор болсун. Оо Аллахым! Мага мээрим эшигиңди ач. Оо Аллахым! Сага келген ар бир жамаатка сыйлык ыйгардың. Ар бир зыяратчыга урмат, ар бир коногуңа сый насип эттиң. Ар бир су-роочунун сураганын бердиң, ар бир үмүттүүнүн үмүтүн актадың. Сенин ыраазылыгыңа жет-кенге далаалат кылган ар биринин күнөөлөрүн кечирүүчү, ырайым кучагына алуучу да Өзүң-сүн!», деп дуба кылат. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Ким Каабага кирсе жакшылыкка кириптир, жамандыктан күнөөлөрү арылып чыгыптыр!» (Мухиб Табарий, 494). Бирок, Каа-банын ичине кирүү чандага гана насиптелбесе, баары эле кире бербейт. Азирети Айша энебиз Пайгамбарыбыз алайхис саламдан Каабанын ичине киргизүүнү өтүнгөндө, Пайгамбарыбыз алайхис салам Айша энебиздин колунан же-телеп Ысмайыл пайгамбардын хижри (аттын такасына окшоп турган жер) менен Каабанын

Page 32: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

32

Чубак ажы Жалилов

ортосундагы ачык жерге, каабанын чоргосунун түбүнө алып барды. Айша энебиз ошол жерде намазын окуду. Мына ошол жер да Каабанын ичине киргендей пазилет-соопко ээ.

5. Кара ташты өбөөрдө, ага маңдайды тийгизээр-де. Ибн Аббас мындай дейт: «Ибн Аббастын жаны колунда болгон затка касам ичип айтам! Ким кара таштын жанында туруп сураган бол-со, анын дубасы сөзсүз кабыл болоор!» (Суюу-тий, аль Жаамиь ас сагиир 231).

6. Каабанын Йемен бурчуна ар бир тавафта кол тийгизген учурда. Пайгамбарыбыз алайхис са-лам: «Йемен бурчунан өткөнүмдө бир периште-нин (Оомиин, оомиин) деп турганын ар дайым угаар элем. Ошол жерден өткөндө (Оо Жарат-кан Аллах Таала! Бизге дүйнөлүк жана акырет-тик жакшылыктарыңды ыйгара көр! Бизди то-зок отунан сактай көр!) деп дуба кылгыла!», деп айтканы далил (Забидий, Иттихааф.. 4\351). Каабанын Йемен бурчу деп Каабаны таваф кы-лып айланып бара жатканда кара таш турган бурчка чейинки бурч. Ошол бурчту кол менен сылап дуба кылынат, өбүлбөйт.

7. Кара таш турган Рукн бурчу менен Каабанын эшигин ортосундагы аралык болгон Мулта-замда. Азирети ибн Аббас мындай дейт: «Ал-лахка касам ичип айтам! Мултазамда кылган дубаларым сөзсүз кабыл болоор эле» (Табарий, Сиро 315, 316).

8. Исмаил алайхис саламдын хижринде, Каабанын чоргосунун астында. Азирет Усман бин Аффаан күндөрдүн биринде жоролоруна кайрылып: «Кайдан келгенимди сураган жоксуңар го?», дейт. Жоролору: «Кайдан келдиңиз?» дегенде, «Бейиштин эшигинде турдум» дейт. Ал киши Каабанын чоргосунун (Миизаб) астында дуба

Page 33: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

33

Дубаңыз кабыл болсун!

кылып турганын көрүшкөн эле (Фаасий, Шифаа 1\218). Ал жерде «Оо кудайым! Сенин ыраазы-лыгыңды, бейишти сурайм. Өзүңдүн ырайымың менен тозоктон жана Сенин ачууңдан сактанам. Жаратканым! Өзүңө баш койдум Сенден үмүт кылдым, Сага тобокел кылдым. Ушул турган жерден күнөөлөрүбүздү кечирген абалда узата көр! Айыптарыбызды жашыра көр! Карыздары-бызды төлөгөнгө кудурет бере көр! Оорулуула-рыбызга шыпаа бере көр, Өзүңдүн мээримиң менен оо ырайымдуулардын ырайымдуусу!» деп дуба кылса көп жакшы болот.

9. Ибрахим алайхис саламдын макаамынын ар-тында, намаздан кийин. Пайгамбарыбыз алай-хис салам айтат: «Ким жети мертебе Каабаны айланып, Макаамдын артында эки рекет окуса, замзам суусунан ичсе, канчалык күнөөсү болсо да кечирилет (Иттихааф 4\359). Ал жерде «Оо Кудайым! Ичимдеги сырымды, ашкере дүй-нөмдү билесиң, үзүрүмдү кабыл кыл! Муктаж-дыгымды билесиң, сураганымды бер! Эмне кылганымды да билесиң, күнөөмдү кеч! Жүрө-гүмө жанашчу ыйман сурайм, толук ынаным су-райм...», деп дуба кылганы макул.

10. Замзам суусун ичкенде. Пайгамбарыбыз алай-хис салам: «Замзам суусу эмне үчүн ичилген болсо, дал ошол нерсе үчүн» (Ибн Маажа 3026) деп мээримин чачкан.

11. Арафа күнү Арафа өрөөнүндө Бешим намазы-нан тээ шам намазынын убагына чейин. Пай-гамбарыбыз «Ажылык – Арафа» дегендиги жалпыга маалым.

12. Муздалифада 13. Шайтанга таш аткандан кийин.14. Сафа тоосунда.

Page 34: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

34

Чубак ажы Жалилов

15. Марва тоосунда.16. Сафа менен Марванын ортосунда жүгүргөндө.17. Ташриик (курман айттан кийинки үч күн) күн-

дөрү Мина өрөөнүндө....Ылайым Кудайым ажылыгыңызды кабыл эт-

син. Хаж мабруур насип этсин. Дубаңызда элди, жерди акырында Сизге дуба кылып калган алсыз кызматчыңыз ушул саптардын ээсин да унута көр-бөңүз.

Page 35: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

35

Жетинин бирисиңби?

жетИнИн БИРИСИңБИ?

Имам Бухарий (1423) жана Муслим (1031) ри-ваяттаган хадисте Пайгамбарыбыз алайхис

салам жети түрдүү пенде жөнүндө кеп козгойт. Ал сөздө кыямат күнү катуу кезең болуп, улуу Жарат-кандын мээрим көлөкөсүнөн башка эч бир нерсе пайдасыз болуп, жан аттуунун баары акактап тур-ган учур келээр да, ал учурда жети тайпа пенде Жаратканыбыздын мээрим көлөкөсүнө корголоп, жаны жай алып, бейиши болоор да, улук Кудайдын ыраазылыгына жетээр деп айтылат. Анда эмесе кеп оролу алар жөнүндө болсун:1. Адилеттүү башкаруучу. Карамагындагы кала-

йыкка акыйкат нурун тегиз чачып, нафси-ба-лээге моюн сунбаган, кадырман журт атасы. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Кол астын-

дагыларга, үй-бүлөсүнө адилеттүүлүк менен өкүм-дарлык кылгандар кыямат күнү Кудай Тааланын оң жагындагы нурдан болгон минбарлардан орун алышат» (Муслим 1827) деп адилеттүүлөрдүн сый-лыгы жөнүндө айтат.

Ал эми адилетсиз болгондорго Кудай Таалам (Ибрахим сүрөөсү 42) мындай дейт: «Зулумдук кылгандардын кылган-эткенинен Аллах Тааланы кабарсыз калды деп ойлобогула! Акыйкатта улук Кудай алардын жазасын, коркунучтан үшү ке-тип, көзүнүн кареги катып калган кыяматка кал-тырат». Пайгамбарыбыз алайхис салам мындай дейт: «Кайсы бир падыша, муктаждык ээсинин, бечара карыптын, арманы аттын башындай болуп айтаарга сөзү бардын жолун тосуп, аларды киргиз-бей эшигин жапса, Аллах Таала да анын муктаж-дыгын, бечаралыгын, айтаар арманын тыңдабас-тан, дуба кабыл болуучу асман эшиктерин ал үчүн жабык кылат» (Ахмад 18033). Азирети Муьавия ушул хадисти уккандан кийин адамдардын мук-

Page 36: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

36

Чубак ажы Жалилов

таждыгына чындап кулак салып, алардын ажатын ачкан инсанды ишке койгон дешет.2. Аллах Тааланын ибаадатында өскөн жаш муун.

Жаштайынан акыйкаттын ак жолунда жүрүп, күнөө иштерге батпаган, сооптуу иштерге жан-дили менен берилип, ариеттүүлүк менен чо-ңойгон жаш адам. Жакшы тарбиянын, же ийги жолдош-жоронун себебинен жүзүнөн ыйман нуру төгүлгөн келечек ээси.Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Беш

нерсени, беш нерседен мурда канимет тут! Карылы-гыңдан мурда жаштыгыңды, алек болгондон мурда боштугуңду, өлүмүңдөн мурда тирүүлүгүңдү, ооруң-дан мурда соолугуңду, жардылыктан мурда бай-лыгыңды канимет тутуп, баркын бил» (Мустадрак 7844). Жаштык курак эңсөө менен каалоонун, шах-ват-делебенин козголуусунун гүлдөп турган мезги-ли. Ага карабастан такыбалыкты карманып, таат-ибаадаттын ичинде жүрүүсү кандай эрдик, кандай күжүрмөндүк.3. Жүрөгү мечиттерге байланган момун. Балык

суусуз жашай албагандай эле бул пенде да ме-читтерсиз тура албайт. Жумушу менен мечит-тен чыкса, бүтүрүп кайра мечитке шашкан ин-сан. Анткени мечит Аллахтын үйү. Ким мечитке кирген болсо Улук Кудайдын коногу болуптур. Жараткандын өз үйүндө мейманы болуп, анын камкордугуна бөлөнгөн жүрөктөн жакшы жү-рөк, андан бактылуу жан барбы?Мына ушулар мечиттердин чыныгы куруучу-

лары. Аллах Таала айтат: «Чындыгында мечиттер-ди Аллахка жана кыяматка ыйман келтиргендер, намазды бутуна тургузгандар, зекетин бергендер, Кудайдан башка эч кимден коркпогондор тирилти-шет, кенемтесин толтурушат. Алар туура жолду тап-кан инсандардан болоор!» (Тооба сүрөөсү 18).

Page 37: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

37

Жетинин бирисиңби?

4. Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн бири бирин жакшы көрүшүп, Анын ыраазылыгы үчүн бири биринен айрылышкандар. Улук Кудайдын ур-маты үчүн жакшы көрүү менен жаман көрүү ыймандын бекем түйүнү эмеспи!?Аллах Таала: «Оо момундар! Силердин кимдир

бирөөңөр динден чыгып, безип кетсе, Аллах Таала анын ордуна Өзү жакшы көргөн, Аны жакшы кө-рүшкөн коомду алып келет. Ал коомдор, момундар үчүн кичипейил да, динбезерлер үчүн ызаттуу. Ку-дай жолунда жихадка чыгышат. Ким эмне дейт экен дегенден түк да коркушпайт. Ал Кудайдын берген артыкчылыгы, кимге кааласа берээр. Аллах Таала кайыры кенен Ваасиь, баарын билүүчү Алиийм!» (Мааида сүрөөсү 54). Аяттан маалым болгондой мусулмандарга бой көтөрбөгөн, мусулман болгону үчүн сыйлаган, кичипейил ыймандууларды Кудай Таалам жакшы көрөт. Жихад улуу маани, терең сөз. Адамдык көрпенделикти, нафси-балээни тарбия-лоодон өткөн чоң жихад барбы?...

Пайгамбарыбыз алайхис салам мындай дейт: «Ким Кудай үчүн жакшы көрсө, Кудай үчүн жаман көрсө, Кудай үчүн берсе, Кудай үчүн бербей койсо акыйкатта ыйманын толуктаган болду!» (Абу Дауд 4681). «Менин жаным колунда болгон Аллах Таалага ант ичип айтам: Ыйман келтирмейинче бейиши боло албайсыңар! Бири-бириңерди жакшы көрмөйүнчө ыйманга келе албайсыңар! Бири-бириңерди жакшы көргөнгө жеткире турган амалды айтайынбы? Өз ара саламыңарды ачык-жаркын айткыла да, жайылткы-ла!» (Муслим 54). Эки момундун ортосун бириктирип дос кылган нерсе экөөнүн тууганчылыгы да, карын-даш-уруктук да, куда-сөөктүк да, дүнүйөлүк кызык-чылык да эмес. Ал кудайдын ыраазылыгы... 5. Мансаптуу, капчыгы толо, сулуулугу суктан-

дырган никесиндеги эмес аялзаты өзүнө чакыр-

Page 38: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

38

Чубак ажы Жалилов

са, улук Кудайдын каардуу азабын эстеп баш тарткан жигит.Ыймансыздар, Кудай мындай бербеспи деп

алакан укалап сүйүнгөн, оозун ачып жаба электе макулдугун берген бул ишке, ыймандуулар акыл токтотуп, эс жүгүртүп мамиле кылат. Кээде дүнүйөң түшкүр сулуу аялдай жылмаңдап келет, кээде ман-сап-бийлик да көзүн кысып өзүнө чакырат. Кудай-дын ыраазылыгы, ылайыктуулугу менен, адал жол тутуп барбаса балакетке учураарын кара көзүндөй билет. Ыйык Куранда: «Ким, улук Кудайдын мака-мынан коркуп, нафси балээсин ээрчигенден өзүн тартса, ал пенденин бараар жери Жаннат болоор!» (Наазиьаат сүрөөсү 40-41) деп келет. 6. Оң колу менен берген садакасын сол колу бил-

бей калган ыкыластуу жан.Аллах Таала дейт: «Берген кайыр-садакаңар-

ды жардыларга жашырып бергениңер силер үчүн жакшылыктыр, анын себебинен күнөөлөрүңөр кечирилээр. Аллах Таала кыбыр эткен кыймылы-ңардын баарынан кабардар!» (Бакара сүрөөсү 271). Пайгамбарыбыз алайхис саламдын: «Жашыруун берилген кайыр-садака Аллах Тааланын газап-ачуусун өчүрөт!» (Табарааний, Муьжамус сагийр 2\95) дегени жогорудагы аяттын аяны болуп туру. Төө же уй тууса жөн эле тууп алаар экен да, тоок байкуш 7 сомдук жумуртка тууса дүнүйөнүн баары-на чаң салып кыйкыраар экен бир топко чейин, туу-ган тукумун даңазалап...7. Жүрөгү ыйманга балкыган, Кудайга болгон сү-

йүүсү ашып-ташкан, баскан турганда Аллахты улуктап, ар бир аракетинде Жаратканды эсте-ген инсан, эч ким көрбөгөн жерде, жападан жалгыз калганда, же караңгы түндө эл уктаган-да Кудайды оозанып, анын ырайымынан үмте-тип, мээримин жадына алганда, эки көзүнөн

Page 39: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

39

Жетинин бирисиңби?

чубурчуктап жаш агып, Кудай менен болоор жолугушууну эңсеп, болкулдап ыйласа, көкүрө-гү жибисе... .Аллах Таала Куранда: «Аллах Тааланы зикир-

кылып эстегенде да жүрөгү таш бойдон катып тургандарга тозок болсун! Алар айкын адашуунун түпкүрүндө!» (Зумар 22) деп айтса, акыркы пай-гамбары мындай дейт: «Кудайдан коркуп ыйлаган көз менен, Кудай жолунда ирменбестен күзөттө тур-ган көзгө тозок оту тийе албайт!» (Термизий 1639).

Кадырлуу бир тууганым! Мен жок эле деген-де ушул жетинин бирине кошула аламынбы? Мен кайсыл жериндемин? деп бир саамга ойлонуп көр-чү... Жеп жаткан тамагыңды чайнабастан, ичкен чайыңды токтото туруп ойлонуп көрчү... Деги өзүң жөнүндө акыретиң жөнүндө канчадан бери пикир-лене элексиң?... . Айды этек менен жаба албагандай эле, кыяматтын келүүсүн да эч ким токтото албайт, токтотмок турсун жайлата албайт. Мына кыш да кирип келди. Бюджет пустой десек деле, көмүр ала элек болсок деле кыш кирип келди. Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам айт деп шымала-нып... Бул кыш да кетээр, жаз да келээр. Түбөлүктүү эмес. А бирок акырет түбөлүктүү. Чачыңдын агар-ганы, муунуңдун бошогону, таңдын атканы, күндүн батканы, балдарыңдын чоңойгону акыретиңдин жакындаганы эмеспи... Ойлонуп көрчү, кемпир шабдаалы жегенче эле...

Оо Кудайым! Шерменде кылба, жүзүн жууба-гандардын колун каратпа, оозун каратпа. Жаман-дан алыстат, жакшыга жууктат, ооматсыздан оолат. Динибизди, дүйнөбүздү, акыретибизди оңдо, та-шыбызды жогору кулат. Ынсаптан айырба.. Өзүң-дөн башка арман айтаарыбыз жок... Аны угаарыбыз да жок...

Page 40: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

40

Чубак ажы Жалилов

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим.

ЗоРдуКтун түБү КоРдуК

Бардык ааламдарды жөнгө салып турган Тар-биячыбыз Аллах Таалага чексиз мактоолор

болсун, акыркы пайгамбар Пайгамбарыбыз Му-хаммад алайхис саламга Аллах Тааланын, Периш-телердин жана жалпы момундардын салам-сала-ваттары, дубалары болсун. Анын жолун жолдогон, шариатын кармангандардын баарына эки дүйнө жакшылыгы насип эткен болсун.

Улук Кудайыбыз пенделерине арам кылган чоң күнөөлөрдүн бири, ээсин дүнүйөдө жана акыретте жазага дуушар кылуучу жаман жорук бул-зулумдук. Аллах Таала айтат: «Аллах Таала заалимдердин кылганын билбей калат деп таптакыр күмөндөнбө! Ал анын жазасын каректер катып калган кыямат күнгө калтырган» (Ибрахим с, 42). Жана да мындай дейт: «Мына, алардын жай-турактары кылган зу-лумдуктары себебинен аңгырап бош калган. (Алар-дын баарын Кудайым жер менен жексен кылган.) Бул нерседе (кыйратууда, Аллахтын азабына ка-лууда, Жараткандын бул ишинде) билгендер үчүн аят-белги, ибаарат-үлгүлөр бар!» (Намл с, 52).

Пайгамбарыбыз Мухаммад алайхис салам Ал-лах Тааладан риваят кылып муну айтат: «Оо менин пенделерим! Мен Өзүм, Өзүмө зулумдукту арам эттим! Силердин өз араңарга да арам эттим! Бири-бириңерге зулумдук кылбагыла!» (Муслим, 2577, хадис кудсий).

Зулумдук үч түргө бөлүнөт:Биринчи бөлүк: Куфрлук келтирүү, ширк кел-

тирүү жана мунафык (эки жүздүү, сырты мусулман ичи каапыр) болуу аркылуу инсан өзүнө зулумдук кылуусу. Куранда: «Ыйман келтиришип, ыйман-

Page 41: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

41

Зордуктун түбү кордук

дарын зулумдук менен каптатпаган адамдар бар. Аларга амандык, саламатчылык, көңүл токтугу бо-лоор, алар туура жол-хидаятын, акыйкат багытын тапкан инсандар!» (Аньаам с, 82). Азирети Абдул-ла бин Масьууд (Аллах Таала андан ыраазы болсун) мындай дейт: «Ыйман келтиришип, ыймандарын зулумдук менен каптатпаган адамдар бар...» аяты түшкөндө, Пайгамбарыбыз алайхис саламдын саха-баларына оор келип мындай дешти: «Биздин кими-биз өзүнө зулум кылбайт? (Баарыбыз эле кээде каа-лабаган абалда зулумдук кылып жатпайбызбы?)». Пайгамбарыбыз жооп иретинде: «Силер ойлогон-дой эмес. Бул, Лукман алайхис салам уулуна айт-кандай маселе. Ал киши: «Оо уулчам! Аллах Таалага ширк келтирбе! Албетте ширк чындыгында өтө чоң зулумдук!» (Лукман с,13)», деп жооп берген».

Бул зулумдуктун ээси, ушул абалында бул дүй-нөдөн өтө турган болсо, ага кечирим жок. Курани Каримде, пайгамбарыбыз алайхис саламдын ти-линде Аллах Тааланын ырайымынан куулуп, кар-гыш тийгендиги айтылат. Куранда: «Билгиле! Ал-лахтын каргышы заалымдарга болсун!» (Хууд с, 18).

Экинчи бөлүк: Инсандын өзү сыяктуу пен-делерге зулумдук кылуусу. Анын мисалдары бир кыйла: Адамдардын мал-мүлкүн жалганчылык, ал-дамчылык, коркутуп-үркүтүп тартып алуу, жетим-дин малын жемек, кызматчылардын жана жумуш-чулардын эмгек акысын, ижаара акысын бербей создуктуруу, уурулук, таразадан алдоо, сүткордук ж.б.. Аллах Таала Куранда айтат: «Бири бириңер-дин мал-мүлкүңөрдү акыйкатсыздык, туура эмес жолдор менен жебегиле!» (Бакара с, 188).

Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Зулум-дуктан сактангыла! Себеби зулумдук кыяматта көп-төгөн зулумдукка, караңгылыктарга айланып ке-лет!» (Бухари 2447, Муслим 2578).

Page 42: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

42

Чубак ажы Жалилов

Зулумдуктун бул түрүнө мусулмандардын же-рин тартып алуу да кирет. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Ким бир карыш жерди зулумдук кы-лып тартып алса, акырет күнү жер жети катары ме-нен мойнуна моюнча болуп илинет!» (Бухари 2453, Муслим 1612).

Ошондой эле адамдарды өлтүрүү, камоо, уруу, сөгүү, азаптоо да зулумдукка кошулат. Пайгамба-рыбыз алайхис салам айтат: «Тозокко түшчү эки түрдүү тайпа бар, аларды азыр көрбөй турам (кай-ран кишинин доорунда болбогондуктан көрө албай турган эле, азыр өтө эле көбөйүп кетишкен, ташты көтөрсөң астынан бир канчасы жыбырап чыгат): Уйдун куйругундай чубалжыган камчыларын ко-лунан түшүрбөстөн адамдарды уруп-сабап жүрүш-көндөр... « (Муслим 2128).

Андан сырткары куру доомат менен башкаларга жалаа жаап, кылбаганын кылды, айтпаганын айт-ты деп моюнга алдыруу да арам, зулумдук. Курани Каримде: «Ким туура эмес, ката иш жасап, же кү-нөө кетирип алып, андан соң, айыпсыз бирөөнү сен кылдың деп айыптаган болсо, жалган-бухтан менен ачык күнөөнү көтөрүптүр!» (Нисаа с, 112).

Алган карыз акчасын, мүмкүнчүлүгү болуп ту-руп бербей койгон бересе инсан да заалым деп би-линет. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: « Бай-дыкын карызга алып, (мүмкүнчүлүгү болуп туруп) бербей коюу – зулумдуктур» (Бухарий 2287, Мус-лим 1568).

Аялдардын укугун тебелеп, калыңга бычылган акчасын, тийешелүү кийим кечеги менен нафака тамак-ашын бербей коюу, аялдын мал-мүлкүнө зордук менен ээлик кылып алуу да опсуз жорук ачык зулумдукка кирет. Бул пенде тооба кылып, Кудай Таалама кайтуусу кажет. Кудай Таалам азап жөнөтпөй эле турат ко деп ойлобо, кечиктирет,

Page 43: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

43

Зордуктун түбү кордук

мөөнөт берет, бирок эч калтырбайт, муну билгин. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Албетте Алла Таа-ла заалымдарга мөөнөт берет, а бирок жаза берген учурда аны эч ким куткарып ала албайт, деп айтып бул аятты окуду: «Ошондой эле зулумдук кылган журттарды Жаратканың кандай жер менен жек-сен кылган болсо, азыркы зулумдук менен жан ба-гып жаткан айылдарды (журттарды) да каарына алып жоюп жоготот. Аллахтын каары катуу, азабы ачуу!»(Хууд с, 102)» (Бухарий 4686, Муслим 2583).

Зулумдук жеген, кордук көргөн адамдын дуба-сы тоскоолдуксуз кабыл болоор. Пайгамбарыбыз алайхис салам мындай дейт: «Үч топтогу адамдар-дын дубасы кайтарылбастан кабыл болоор: Адилет-түү падышанын дубасы, орозо тутуп оозу бек болгон адамдын оозу ачылганга чейинки дубасы, кордук көрүп зулумдук жеткен мазлумдун дубасы. Бул ду-балар булуттарга жүктөлүп көтөрүлөт, аларга асман эшиктери ачылат, (жооп катары) Кудай Таалам мындай дейт: «Урматым, ызат-сыйым менен касам ичип айтамын: Сөзсүз түрдө (дубаңды кабыл кы-лып) жеңиш берем, азыр (заалымдарга мөөнөт бе-рип, силерге жеңиш) бербесем да, ананыраак анык берем!» (Ахмад 8043)».

үчүнчү бөлүк: Күнөө иштер, Кудайым сүйбө-гөн абийирсиз жоруктар менен пенденин өзүнө өзү зулумдук жеткирүүсү. Аллах Таала мындай дейт: «Пенделерибиздин арасынан тандап алгандары-бызга (Курани Карим) китепти мурас кылып бер-дик. Алардын арасынан (китепке амал кылбаган, күнөө менен алектенген) өзүнө заалымдык жап-кандар бар, (буйруганды аткарып, тыйгандан ты-йылып, баскан турганын, кылган-эткенин) үнөм-дөгөндөр бар, жана да Аллахтын буйрук фазилет, артыкчылык берүүсү менен (нафил ибаадаттарды, кайрымдуулук иштерди мол аткарып) жакшылык-

Page 44: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

44

Чубак ажы Жалилов

тарга жарышкандары бар. Мына ошол чындыгын-да Кудайымдын чоң бергени!» (Фаатир с,32). Муса пайгамбарыбыз алайхис салам: « ...мындай дейт: «Оо Кудайым! Акыйкатта өзүмө өзүм зулумдук кылдым. Күнөөмдү кечире көр! Албетте Сен күнөө-лөрдү кечирүүчү Гафуурсуң да, мээримиңе алуучу Рахииймсиң»( Касас с, 16).

Инсан жарандардын күнөөсүн көтөрбөстөн, да-йыма андан арылып турууга аракеттенгени ийги. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Ким кимге зулумдук кылып, ар-намысына, же башка бир нер-сесине доо кетирген болсо, бүгүн кечирим сурап, көңүлүн алып өзүн адалдап, динар менен дирхам (сом менен тыйын) пайда бербей калган күнгө жет-пестен өзүн куткарып алсын! Ал күнү заалым пен-денин сооптуу иштери болгон болсо, ал сооптору алынып берилет, же сооптон кур жалак алган шор-дуу болгон болсо, кордук көргөн байкуштун күнөө-лөрүнөн алынып тиги заалымга илинет» (Бухарий 2449).

Кудайым шерменде кылбасын. Кордук бе-рүүдөн сактасын. Кордолгондун каргышынан кор-госун. Кетпес дөөлөт, кең пейил насип этсин.

Page 45: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

45

(СМС) талак түшөбү?

(СмС) талаК түШӨБү?(СМС ) менен талак жазып жиберүү акыркы

күндөрү жаңылык деле болбой калды. А бирок, ал талактын түшөөр түшпөсү туурасында пикирлер ар түрдүү, тагыраагы чачкын. Маселенин чоо-жа-йын териштирип, күңгөй-тескейин карап, адис катары кыскача маалымат берүү зарылчылыгы дале тургандыктан, тобокел кылып буларды айт-кым келди:• Талактын түшүүсү үчүн, талактын сөз менен ай-

тылуусу шарт кылынбайт, сөз менен айтылын-ган талак түшкөндөй эле, сүйлөө мүмкүнчүлү-гү жок адамдар өздөрүнө таандык ишаараттар менен да талак бере алышат. Себеби өздөрүнө таандык ишаараттар, алардын өз ара байланыш каражаты болуп эсептелет.

• «Ишаарат» менен талак түшкөндөй эле «жа-зуу» менен да талак түшөт, жазуу менен талак берген адам сүйлөгөнгө кудуреттүү болсо да.

• «Жазуу» менен берген талак эки түргө бөлүнөт:1. Марсуума жазуу;2. Гайру марсуума жазуу;

марсуума жазууМарсуума жазуу: «Кимден» жана «кимге» экен-

диги толук баяндалган каттар. Бул тариздеги каттар менен жазылып берилген талактар, талак берүүчү-нүн ниети «бар» же «жок» экендигине карабай тү-шөт. Кимдир бирөө «Жөн эле жазып койдум эле, кол жазмамды эле сынайын дегем» деген сөздөрү Ислам сотунун алдында суу кечпейт. Марсуума жа-зуу да өз алдынча эки түргө ажырайт:

1. Мунжаз; Дароо түшүүчү талак.2. Муаллак; Каттын ээсине тийгенден кийин

түшүүчү талак.

Page 46: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

46

Чубак ажы Жалилов

Мунжаз: Кат жазганда «Мен Эшмат уулу Таш-мат, аялым Түкүнчө кызы Баланчага талак бер-дим», деп жазаары менен, калеми кагаздан ажыра-бастан дароо талак түшөт.

Муаллак: Кат жазганда «Сага катым жетээри менен сен талаксың!», деп жазса, кат аялдын колу-на тийээри менен талак түшөт. Эгерде кат аялдын атасына жетип калып, кызына жеткирбестен тытып жиберген болсо, а бирок атасы кызынын иштерин башкаруучу (мутасарриф фии умуурихаа) болуп турган болсо, аялга талак түшөт. Себеби атасы кы-зынын иштерин башкаруучу болуп тургандыктан, атасына жеткен кат, кызына да жеткен болуп эсеп-телет. Ал эми атасы кызынын иштерин башкаруучу эмес болуп туруп, кат атасына жеткенде, кызына көрсөтпөй тытып жиберсе, талак түшпөйт. Себеби кат аялдын колуна тийген жок. Ал жөнүндө атасы катты тыткандан кийин кызына кабар берген болсо да түшпөйт.

гойру марсууума жазууГойру марсуума жазуу «кимге» жана «кимден»

экендиги баяндалбаган каттар. Бул өз алдынча эки бөлүккө ажырайт:1. Мустабийна жазуу; Кагазга, дубалга, кумга, то-

пурака, карга жазылып, түшүнүүгө жана окууга мүмкүн болгон каттар. Мисалы: «Сен талак-сың!» ,»Мен сага талак бердим!» деп жазат, «кимге жана кимден» экендиги жазылбайт. Бул тариздеги талактар эгерде эркек ниет кыл-ган болсо түшөт, ниет кылбаган болсо түшпөйт. Эркектин ниетине байланыштуу чечилет (Кээ бирлер ниети жок да түшө берет дешет, а бирок бул сөз тууранын тетириси).

2. Гайру мустабийна жазуу; Абага, сууга ж.б.у.с.ларга жазылып түшүнүүгө жана окууга болбой турган

Page 47: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

47

(СМС) талак түшөбү?

каттар. Мисалы колу менен абага чиймелеп «Мен сага талак бердим!» деп жазган учурда, сырттан карап турган адам, тигинин дирижерчосунан колун кыймылдатканынан башка эч нерсесин түшүнбөйт. Бул тариздеги талактар таптакыр түшпөйт. Ниет кылган күндө да түшпөйт.Эске алчу жагдай, жогорку учурлардын баа-

рында тең каттын өз ээсинен келгендиги анык болгон убакта гана этибардуу болот. Башка бирөө үй-бүлөнү бузуу үчүн, кээде тамашалоо үчүн жазып жиберген болсо мааниге ээ болбойт. Кол жазмасы-нан, же өзүнүн тастыктоосунан, мойнуна алуусунан же күбөлөрдүн күбөлүккө өтүүсү менен билинүүсү мүмкүн.

Эми өзүбүздүн ирегеде турган маселеге келчү болсок, «СМС» талактар «мустабийна жазууга» ко-шулат. Анткени «СМС» каттарды окуганга, түшүн-гөнгө болот.

Ошондой эле «СМС» менен келген каттар: • «Кимден» жана «кимге» экендиги жазылбай

келсе, мисалы: «Мен сага талак бердим!», деген эле каттын тексти келсе,

• же «кимге» экендиги гана айтылбай келсе, ми-салы: «Мен сага талак бердим! Эшмат», десе,

• же «кимден» экендиги гана айтылбай кел-се, мисалы: «Айнакан! Сага талак бердим!», десе булардын бардыгы «гойру марсуума» жа-зууларга кошулат да, төмөндөгү эки маселени тактообуз керек болот:1. Катты жазган күйөөнүн өзү экендигин так-

тоо. (Себеби, башка бирөө анын телефону менен жазып жиберүүсү мүмкүн, дааратка-нага киргенде, уктап жатканда, башка ишке алек болуп турган убакта. Же таптакыр баш-ка чоочун телефондон деле жазып жиберүүсү

Page 48: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

48

Чубак ажы Жалилов

мүмкүн.) Күйөөнүн өзүнүн телефонунан кел-ген болсо эле, күйөөсү жазган болуп калбайт эмеспи. Аялдын өзүнүн телефонуна келген болсо эле, ага жазылган болуп калбайт.

2. Жазгандыгын мойнуна алып тастыктаган-дан кийин, эмне ниетте-максатта жазганды-гын сурайбыз. Эгерде ажырашуу ниетинде жазган элем десе, жазылган талагы түшөт. Эгерде ажырашуудан башка ниетти айткан болсо, жазылган талагы түшпөйт. Эгерде жазгандыгын мойнуна албаса, экинчи су-роону суроонун кереги жок.

Ал эми «СМС» менен келген каттарда «ким-ден» жана «кимге» экендиги толук даана жазылса, мисалы «Мен Эшмат уулу Ташмат, Түкүнчө кызы Айшаканга талак бердим!» деп жазган болсо, кү-йөөдөн бир эле маселени «Катты өзү жазгандыгын, өзү жаздыргандыгын же жазбагандыгын» гана так-тайбыз. Жазгандыгын мойнуна алган болсо, жазган талагы түшөт. Мойнуна албаган болсо «СМС» ме-нен келген кат эч кандай мааниге ээ болбойт. Себеп дегенде башка бирөө деле жазып жиберүүсү мүм-күн экендигин айтпадыкпы...

«СМС» менен келген каттардын катарына электрондук (Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу келген) каттар да кошулат.

Маселеге түздөн түз тиешеси болбосо да, кыйыр тиешелүү бир маселени айта кетпесек болбойт. Бул телефон менен күйөөнүн аялына оозмо-ооз талак айтуусу. Мисалы күйөөсү Москвадан туруп, Кыр-гызстандагы аялына «Мен сага талак бердим!», деп айтуусу менен талак түшөт. Себеби эркектин талак бергендигин аял өз кулагы менен угуусу, же талак айткандыгына эки адамдын күбө болуусу шарт кы-лынбайт. Эркектин өз оозунан чыгып, өзүнүн кула-гына жете турган мыкдаар-өлчөмчөлүк үн менен

Page 49: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

49

(СМС) талак түшөбү?

айткан болсо, жарактуу боло берет. Ээн талаага ба-рып, банкага башын тыгып алып шыбырап айтса деле түшө берет.

Илгери телефон-селефон деген болгон эмес, ошон-дуктан түшпөйт деп айткан чаласабат сөздөр андан-мындан угула калып жүрөт. Бул эми өзүн өзү алдоо, жок жерден жол таап, арамды адалдоо деген эле сөз.

Урматтуу бир тууганым! Талак маселеси эң акыр-кы чек болуусу кажет. Урушуу башталганда эле, же кичине пикир келишпестик болуп калса эле талак айта калуу өнөкөт болуп калганы туура эмес. Кудай Таалам талак берүүнү эркектин колуна берген. Эркек акыл калчап иш кылат, токтоолук менен ар бир ма-селеге маани берип карайт, сезимдерине жеңдирбейт деген маани камтылып жатат. Аял киши табиятынан назик болгон себеп, бул кесепеттүү жумуш аларга тап-шырылган эмес. Болбосо үйдө картөшкө калбай кал-са, же тузу түгөнүп калса деле талак берип жиберип, эркек аттуунун баары колоктоп бойдок жүрмөкпүз. Аял кургуруң балдарын бир күндө жүз урушуп, жүз эркелеткендей эле, күйөөсүнө да жүз болбосо да бир күндө эки-үч ирет талак берип ийүүсү мүмкүн.

Талак айтылганда Аллах Тааланын ачуусу ке-лет. Мындан артык оор нерсе барбы бул дүйнөдө... Эгерде аялыңдын бир мүнөзү жакпай жатса, баш-ка жакшы бир мүнөзүн издеп таап, ошол аркылуу жакшы көрүүнү буйруган Пайгамбарыбыз алайхис салам. Кантип эле жакшы бир сапаты же мүнөзү болбосун. Кирди таза жуушу мүмкүн, тамакты жак-шы жасоосу мүмкүн, балдарын мыкты тарбиялоосу мүмкүн, өзүн таза алып жүрүүнү, сарамжалдуу бо-лууну өздөштүргөндүр, намазын окуйттур, сен жок-то аманатыңды бекем сактаар....

Андан сырткары сен да анын жаман болуусуна себепкер болуп жүрбө..? Аялыңа мамиле кылаарда, өзүңдүн кара чечекей кызыңа, карындашыңа, эже-

Page 50: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

50

Чубак ажы Жалилов

ңе, энеңе күйөөлөрү кандай мамиле кылууну каала-саң, ошондой мамиле кылганга аракеттен. Себеби ал да бирөөнүн кызы, бирөөнүн карындашы, би-рөөнүн энеси эмеспи.

Демек, жыйынтыктап айтаар сөз, «СМС» талак берүүнү бирөө жарым токтотуп койгон менен ток-топ калбайт. Муфтият же Жогорку Кеңеш мыйзам чыгарган менен эч кандай таасирге ээ болбойт. Түшпөсүн десе эле түшпөй калбайт. Бул эми, бы-йыл кар жаабасын деп 120 депутат кол көтөрсө деле, жаачу кар жаай берет дегендей эле кеп. Болгону тү-шүндүрүү иштерин колго алуу зарыл. Нике кыйган учурда, граждандык актыларды каттоо учурунда бул туурасында баяндалуусу кажет. Мамлекет кол-го алып «ММК» лар аркылуу роликтерди тартуу, көрсөтүүлөрдүү уюштуруу милдеттүү. Ар кандай китепчелерди, аалымдардын кассета-дисктерин таратууну жөнгө салуу менен маселени жеңилдет-се болот. Муфтиятта мурда уюштурулуп келген «бактылуу жашоонун сырлары» деген курстарды кайрадан жандандыруу керек. Ал Чубак ажынын пайдасы үчүн эле ачылган эмес эле. Турсунбай ажы Бакир уулу азыр көтөрүп жаткан маселенин олут-туу экендигин эки жыл мурда баамдап, ишке ашкан муфтияттын долбоору эле. Жашоо бизден өтсө дагы эл эмгектен эскерсин деди беле, же кандай..?

Маселенин ток этээр жерин айтып, аят-хадис-тен, уламалардын сөздөрүнөн далил келтирүүгө бу сапар гезит бети чектелүү экендигинен чыгына ал-ган жопуз. «Аят» гезитине, аны кармап туруучулар-га Кудай Таалам ийгилик ыроолосун. Пайгамбары-быз алайхис салам «жакшы ишке жардам берип, ага далил болгон адам, ошол ишти аткарган адам-дын сообунан эч кемибестен, ал алгандай эле сооп алат» дейт. Ал кишинин сөзү жалган болбойт...

Бир туганыңар Чубак ажы.

Page 51: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

51

Карын эне кайгысы... Же ижаарага алынган жатын маселеси

КаРын Эне КайгыСы... же ИжааРага алынган жатын маСелеСИ

Ислам илимий ааламындагы дээрлик жаңы маселелердин катарын толуктагандардын

бири ушул маселе. Тукумсуздукка каршы күрөшүү, перзентсиздерге перзенттүү болуу мүмкүнчүлүк-бурсатты түзүү иш-аракеттеринин натыйжасында, эркек-аял ортосундагы табигый жыныстык ала-касыз эле тукум улоо, б.а. жасалма уруктандыруу аркылуу максатка жетишилгендиги ачык–айгине. Коомчулуктун бүйрүн кызыткан бул маселе ушул күндөрү да талкууланып, ал туурасындагы мыйзам калбырланып турган кербези.

Жасалма уруктандыруу негизги эки жолдун бири аркылуу ишке ашат:1. Ички жасалма уруктандыруу. Эркектин урук-

тугун, аялдын курсагындагы ылайык болгон жерине, атайын куралдын жардамы аркылуу жеткирүү.

2. Сырткы жасалма уруктандыруу. Эркектин урук-тугу менен аялдын жумурткалыгын (уруктугун) атайын жасалган идишке (прибор) чогултуп, чаңдаштырып, андан соң даяр болгон түйүлдүк-түн уюткусун, аялдын жатынына жайгаштыруу.

• Эске алчу нерсе: жогорудагы эки жолду ишке ашырууда, жараянды аткаруучу дарыгер сөзсүз түрдө аялдын аврет (башкалар көрсө уят болчу) жерин көрөт.Жасалма уруктандыруу жети түрдүү ыкма ме-

нен жүргүзүлөт. Анын экөөсү ички жасалма урук-тандыруу жолунун ыкмасы болсо, бешөөсү сырт-кы жасалма уруктандыруу жолунун ыкмасы болуп эсептелет.1. Никелүү эркектин уруктугу алынып, никесиндеги

аялынын жыныс кынына же жатынынын керек-

Page 52: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

52

Чубак ажы Жалилов

түү жерине жеткирилет, жыйынтыгында аялдын жумурткалыгы эркектин уруктугун табигый түрдө «кучак жайып» тосуп алып, чаңдашып, жатындын ичинде түйүлдүк жарааларга баш коёт. Дегинки-си жыныстык алака болбогону менен, жыныстык алака болгондой эле таризде аялдын боюна бүтөт. Бул ыкмага, эркектин бел суусу жарым жарты-

лай «актай» болуп, жыныстык алака учурунда, ке-ректүү жерге «чуркап жете албаган» учурда кайры-лынат. Маселенин талуу жери эркекте болот2. Никелүү жубайлардын эркегинин уруктугу то-

лук «актай» болуп «тукумсуздук» сыноосу таг-дырына жазылган болсо, башка эле жат (нике-сиз) эркектин уруктугун (сатып, же сурап) алып, актай эркектин никесиндеги аялдын жатыны-нын керектүү жерине жеткирүү. Бул ыкма да жыныстык алака болбогону менен,

жыныстык алака болгондой эле таризде аялдын боюна бүтөт. Маселенин талуу жери эркекте болот.3. Никелүү эркектин уруктугу, никесиндеги аялы-

нын жумурткалыгы алынып, чогуу бир идишке салынып, ошол идиштин ичинде чаңдашып, бири-бирине жакшылап «көнүгүшкөндөн» ки-йин, жумурткалыктын ээси болгон никесинде-ги аялынын жатынына жеткирилет. Жатындын ичинде табигый ээн-эркин өсүп чоңоёт. Бул ыкмага, аялдын жатыны менен жумуртка-

лыгынын ортосу тосулуп калган себебинен тукум-суздук болуп калган абалда кайрылынат. Маселе-нин талуу жери аялда болот.4. Никелүү эркектин уруктугу алынып, жат (нике-

синдеги эмес) аялдын жумурткалыгы алынып, чогуу бир идишке салынып, ошол идиштин ичинде чаңдашып, бири-бирине жакшылап «көнүгүшкөндөн» кийин, никесиндиги «жупту

Page 53: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

53

Карын эне кайгысы... Же ижаарага алынган жатын маселеси

адал» аялынын жатынына жеткирилет. Жатын-дын ичинде өсүп-чоңоёт бала болчу түйүлдүк.Бул ыкмага аялдын жумурткалыгы жарамсыз

болуп, бирок да жатыны баланы өстүргөнгө жарак-туу болгон учурда кайрылынат. Маселенин талуу жери аялда болот.5. Жат эркектин уруктугу алынып, жат аялдын

жумурткалыгы алынып, чогуу бир идишке са-лынып, ошол идиштин ичинде чаңдашып, даяр болгон түйүлдүктүн уюткусу, башка эле аялдын жатынына жеткирилет.Бул ыкмага аялдын жумурткалыгы жарамсыз

болуп, бирок жатыны баланы өстүргөнгө жарактуу болсо, ошол эле учурда эркек дагы толук «актай-уруксуз» болсо, экөө тең ошого карабастан балалуу болууну каалашкан учурда кайрылынат. Маселе-нин талуу жери жубайлардын экөөндө тең болот.6. Никелүү эркектин уруктугу менен никесиндеги

«жуптуадал» аялынын жумурткалыгы алынып, идишке салынып, чаңдаштырылып, андан соң жат аялдын (никесиндеги эмес) жатынына жет-кирилет.Бул ыкмага аялдын жатыны баланы өстүрүүгө

жарамсыз болуп, бирок жумуркалыгы жарамдуу бол-гон шартта, же аял кайсы бир «ырысы жок, таалайы тайкы» себептер менен төрөөнү каалабаган учурда кайрылынат. Маселенин талуу жери аялда болот.7. Алтынчы ыкманын дал өзү, бирок бир гана

айырмасы жат аялдын эмес, никелүү эркектин башка бир никелүү аялынын жатынына салы-нып, ал аял күндөшүнө төрөп берет. Аруу ша-риатыбызда бир эркек бир эле мезгилде бирден төрткө чейин аял алууга укуктуу эмеспи, албет-те эптей ала турган болсо. А бирок эптегендер сейректешкен доордо жашап калбадыкпы...?

Page 54: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

54

Чубак ажы Жалилов

жалпы өкүмдөр:1. Шарият эрежелеринин негизинде аялзаты де-

несинин аврет деп эсептелген аялуу жерлерин, чоочун –жат эркекке көрсөтүүсү тыюу салынат. Шариат зарылчылык бар деген учурларда гана, шариат эрежелеринин негизинде көрсөтсө болот.

2. Аялзаты оорулуу болуп, даарыланууга муктаж-дык жаралганда, зарылчылык бар деп билинип, күйөөсүнөн башка адамга аврет жерин керектүү өлчөмдө көрсөтсө болот.

3. Дарыгердин мусулман аял болуусу эң жакшы. Андан кийин мусулман эмес дарыгер аял, андан соң мусулман эркек дарыгер, акырында мусул-ман эмес эркек дарыгер тартиби боюнча келет.

жасалма уруктандыруунун өкүмдөрү:1. Төрөөгө жарамсыз аялзатынын муктаждыгы,

жолдошунун балалуу болууга болгон муктаж-дыгы шариат тараптан зарылчылык деп баала-нат. Жасалма уруктандыруунун уруксат берил-ген (мубах) түрү менен мүшкүлдү (проблеманы) чечишсе болот.

2. Биринчи ыкма: Никелүү эркектин уруктугу алынып, никесиндеги аялынын жыныс кыны-на же жатынынын керектүү жерине жеткири-лет, жыйынтыгында аялдын жумурткалыгы эркектин уруктугун табигый түрдө кучак жа-йып тосуп алып, чаңдашып, жатындын ичинде түйүлдүк жарааларга баш коёт. Дегинкиси жы-ныстык алака болбогону менен, жыныстык ала-ка болгондой эле таризде аялдын боюна бүтөт. Бул ыкма жогорудагы шарттар менен, уруксат берилген ыкма деп эсептелет.

3. Үчүнчү ыкма: Никелүү эркектин уруктугу, нике-синдеги аялынын жумурткалыгы алынып, чогуу бир идишке салынып, ошол идиштин ичинде

Page 55: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

55

Карын эне кайгысы... Же ижаарага алынган жатын маселеси

чаңдашып, бири-бирине жакшылап «көнүгүш-көндөн» кийин, жумурткалыктын ээси болгон никесиндеги аялынын жатынына жеткирилет. Жатындын ичинде табигый ээн-эркин өсүп чо-ңоёт түйүлдүк. Бул ыкма да кандайдыр бир дең-гээлде уруксат берилген ыкма болуп, өтө жогор-ку муктаждык пайда болгондо уруксат берилет.

4. Жетинчи ыкма: Никелүү эркектин уруктугу менен никесиндеги «жуптуадал» аялынын жу-мурткалыгы алынып, идишке салынып, чаң-даштырылып, андан соң никелүү эркектин баш-ка бир никелүү аялынын жатынына салынып, ал аял күндөшүнө төрөп берет. Бул да уруксат берилген ыкмалардын катарын толуктайт. Би-рок аялдын жатынына чаңдашкан уруктук са-лынгандан кийин, урук ээси болгон күйөөсү менен төрөгөнгө чейин жыныстык байланыш-та болбоосу шарт кылынат. Кайсы аялдын жу-мурткалыгынан бала пайда болгондугун тактоо максатында. Баланын эне тарабынан теги так болуусу да милдеттүү эмеспи.

5. Жогоруда уруксат берилген үч ыкманын баа-рында, баланын теги уруктук ээси болгон нике-лүү эркек менен жумурткалыктын ээси болгон никедеги адалжупту аялга таандык болуп, экөө-нүн перзенти деп табылат. Мурас жана башка өкүмдөр кадимкидей ишке ашат. Ал эми же-тинчи ыкмадагы күндөшүнө төрөп берген аял, эмчек эненин өкүмүн алат.

6. Ал эми калган төрт ыкма Ислам шариатында арам деп эсептелип, олуттуу түрдө тыюу салы-нат. Себеби уруктук жана жумурткалык жу-байлардыкы эмес. Же экөөнүн бириники эмес. Ошондой эле жатынын ижаарага берген аял да уруктук менен жумурткалыктын ээси болгон жубайларга жат-чоочун адам.

Page 56: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

56

Чубак ажы Жалилов

Эгерде табигый жол менен бала болуу насибе-си жазылбаган болсо, Аллахтын жазган тагдырына моюн сунуп, ынтымакта жашап, адамзатка пайда-луу иштерди жасап жүрсө да болот. Эмне үчүн пер-зенттүү болбодуңар деп Кудай Таалам ачууланбайт. А бирок перзенттин жок болуусу, уруш-жаңжалга, акырында ажырашууга алып келген болсо, жогору-да уруксат берилген ыкма менен аракеттенсе макул көрүлөт. Мына ушул маселелерди мыйзамчылары-быз билип койсо ашыкча болбойт эле да, кыяматта Кудай Тааламдын астында жооп бергенде жүзү жа-рыгыраак болоор беле деген илгери үмүт.

Колуңуздан келсе, депутаттарга ушул маалы-матты жеткиргенге кол кабыш кылган болсоңуз, чоң соопко ээ болгонуңуздан шек санабаңыз.

Кудай Таалам эки дүйнө шерменделиктен сак-таган болсун.

Page 57: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

57

Курман айт жана курмандык чалуу

КуРман айт жана КуРмандыК чалуу

Курман айтка жеткен барбы? Айт-сеждеге кеткен барбы?Курмандыкты чалган барбы? Жардыга жардам берген барбы?...

Курман айттын босогосунда турабыз. Кыргыз коомчулугу айтты канчалык маңыздуу өткө-

рүп жатат, деги эле канткенде айтыбыз айттай бо-лот да, биз өткөргөн айттан Аллах Таалабыз ыраа-зы болуп, Пайгамбарыбыз алайхис салам кубанат. Динсиз коомдордун өздөрүнө тиешелүү майрамда-рында деле атайын бир жөрөлгөлөрдү кармашып, ансыз майрам болбой калчудай сезишет эмеспи. Ага караганда биз диндүү болуп, Пайгамбар таали-мин алган журт эмеспизби?

Курман айт адатта Зулхижжа айынын ону. Ал-лах Таала Зулхижжа айынын алгачкы он түнү менен касам ичкендиги (ал Фажр, 2), бул Курман айттан мурда келген он түндүн касиеттүүлүгүнө ишаарат. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Аллах Таала үчүн Курман айттын алдынан келген он күндө атка-рылган жакшы иштерден сооптуураак башка иш жок!...», деп айтканына сарасеп салсак, азыркы биз жашап жаткан күндөрдө кайсы бир кайрымдуу жана сооптуу иштерди аткарууга белсенгендигибиз абзел.1. Бул он күндүктү орозо менен өткөрүү. Арафа

күнү акыркы орозо болуп, айтта оозуңуз ачык болот. Кээ бир риваяттарда Азирети Ибн Аб-баас Пайгамбарыбыз алайхис саламдын: «Бул он күндүктүн ар бир күнүнүн орозосу бир жыл-дык орозого тете соопко эгедер», деп айтканын бизге жеткирет.

2. Бул күндөрдү тасбих (Субхааналлах), тахмид (Алхамду лиллах), тахлил (Лаа илааха иллаал-

Page 58: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

58

Чубак ажы Жалилов

лох...) сыяктуу зикирлер менен өткөрүү. Ази-рети Ибн Умар Пайгамбарыбыз алайхис са-ламдын ушул күндөрү жогорудагы зикирлерди көп айтууга үндөгөндүгүн баса белгилейт.

3. Бул түндөрү колунан келишинче түнкү нафил намаздарды, тахажжудту калтырбаганга аракет кылуу зарыл. Куранда Кудайдын Өзү бул түн-дөр менен касам ичип жатса, биз пенделери бул түндөрдү тахажжудтан башка нерсе менен кан-тип кооздомок элек.

4. Айт намазын окуу.5. Айт күнү курмандык чалуу. Кудай Таалам «Айт

намазыңды окуп, курмандыгыңды чал!» (ал Каусар, 2), деп буйрук берет.айт намазы кимдерге милдеттүү болот:

1. Эркектерге (аялдарга милдеттүү эмес, а бирок барам десе эч ким тосо албайт,

2. Эркиндиктеги адамдарга (түрмөдө, убактылуу абакта жаткандарга милдеттүү боло албайт, кан-тип бармак эле чыгарбай жатса) милдеттүү. Ажо-буз менен Баш депутатыбыз (спикер дегеним) эркиндиктин баасын баркташып дайым айт на-мазынан калыша элек. Кудайым кут кылсын. Үй камагындагыларга да айт намаз милдеттүү, кай-сы бир деңгээлде эркиндик деген сөз эмеспи.

3. Мусаапыр эместерге (жолдо сапарга чыккандар жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо үйдөгүсү жакшы деп сапарын улай беришет),

4. Ден-соолукта болуусу (ооруп жатса кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы болбой даа-рыланганы ийги, жакшы болуп сакайганда айт намазга бара берет),

5. Заалымдын зулумдугунан корксо, көрүнсө кар-мап алып кыйнай турган болсо, булар да үйүндө тасбихин айтып, заалымдын ынсапка келүүсүн

Page 59: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

59

Курман айт жана курмандык чалуу

тилеп олтура турат. Андай мүшкүлү жокторго айтка баруу милдеттүү.

6. Эки көзү соо болуу. Азиз адам жашаган жеринен эле дуба кылса жетиштүү болоор. Жетелеп бар-чусу чыгып калса, барганына не жетсин. Ал эми эки көзү бирдей көргөндөр, жок эле дегенде бир көзү менен болсо да жарыкчылыктын даамын татып турган болсо, айтка баруусу милдеттүү. Көздү берген Кудай Таалам кайра алып коюусу эч кеп деле эмес. Кудайым сактаган болсун.

7. Эки буту соо болуу. А бирок көтөрүп барчусу чыгып калса, барганына не жетсин. Эки буту соолор айтка айныбастан баруусу кажет. Бүгүн барың эртең жок, ушундай экен дүйнө шок деп, эртең эмне болоору жалгыз Кудайга маалым. Тишиң барда таш чайна, дегендей бутуң барда айтка барып ал.... Шүгүрү болот.

айт намазга баруу адептери:

1. Курман айт намазга чейин эч нерсе жебестен, намаздан кийин гана шам-шум этсе жакшы бо-лот. Мүмкүнчүлүк болсо курмандыктын сорпо-сунан даам татканы эң жакшы.

2. Курман айтка бара жатып жолду ката үн чыга-рып «такбир ташрикти» (Аллааху акбару, Ал-лааху акбару, Лаа илааха иллаллооху валлооху акбару, ва лиллаахил хамд), деп айтып барган-дыгы макул.

3. Айт намазга гусул-даарат алып, оозун мисвак менен (жок болсо айла жок, тиш пастасы деле жарай берет) жакшылап аруулап, тапкан эң жакшы кийимин кийип барат.

4. Майрамдык маанай тартуулоо үчүн бала-чака-сына майрамдык ыроолоп, байбичесинин көңү-лүн көтөрүп (белек берип дегеним), колунан ке-

Page 60: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

60

Чубак ажы Жалилов

лишинче жардыларга кайыр-сахаават кылып, тапкан-тутканынын бир бөлүгүн мискиндерге ыйгарып садака кылгандыгы мактоого татыр-лык. Садака кокус өлүмдөн сактап, өмүрдү узар-тып, ырыскыны көбөйтөт эмеспи.

Курмандык чалуу кимдерге милдеттүү болот:

Мусулман болуп, колунан келе турган байлар-дын катарына кошулса, сапарда эмес болсо курман-дык чалуу милдеттүү болот. Бир адам үчүн бир кой чалуу керек. Жети адам чогулуп бир уй же топоз, же төө чалса да жарай берет. Жылкы менен тоок, үн-дүк, каз-өрдөк жана коён курмандыкка чалынбайт. Наристе балдары үчүн да ар бирине курмандык ча-луунун сообу чоң.

Курмандык чалууга байланыштуу маселелер:1. Курмандык айт күнү айт намаздан кийин гана

чалынат. Андан мурда чалынганы эсепке өт-пөйт. Айт окулбай турган айыл жеринде таң эр-теден чалса жарай берет.

2. Курман айт күнү, айттан кийин эки күн да кур-мандык чалуунун убактысы деп эсептелет.

3. Чолок, арык, көр, кулагы менен куйругунун жа-рымынан көбү кесилген жандык курмандыкка жарабайт.

4. Бычмал, мүйүзү жок токол жандык жарай бе-рет. Семиз болсун.

5. Курмандыктын этинен өзү жейт, бай-кедей де-бестен жедирет, ананыраак жеймин деп бир азы-раак сактаса да мейли. Үчтөн бирин жардыларга садака кылсын. Терисин да садака кылсын.

6. Курмандыкты колу менен сойсун, колунан кел-бесе карап турсун. Ниет кылганда «Кудайым

Page 61: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

61

Курман айт жана курмандык чалуу

Өзүң бердиң, Өзүңдүн ыраазылыгыңды үмте-тип чалып турам. Кабыл кыл" деп күбүрөнсө жакшы болот.

7. Курмандык чалууга ниет кылган пенде, ажы-ларга окшошууну ниет кылып, (курман айтка чейинки он күндүн ичинде) тырмак-чачын ал-бай айтты күтөт. Курмандык чалгандан кийин тырмак-чачын алгандыгы макул. А бирок жүдөп кете тургандай болсо, ала бергендиги да макул.Урматтуу бир тууганым! Айрыкча Арафа күнү

орозо тутсаң ага чейинки бир жылдык, андан ки-йинки бир жылдык билип-билбей кылган күнөөлө-рүңө каффаарат болот дейт Пайгамбарым алайхис салам. Андыктан учурду пайдалан. Мүмкүнчүлүктү текке кетирбе.

Ардактуу агайыным! Бул күндөрү дуба кы-луудан чарчаба. Кудай Таалам жакшы жүрүш-ту-рушту, акыл-эстүү чечимди, туура пейилди насип кылгай... Окуган айтыбызды, чалган курманды-гыбызды кабыл кылгай... Элбагарларыбыз менен журт карарларыбызды Кудайым ынсаптан айырба-сын, эли-журтубузду жакшылыктын жолуна жете-легенди, жетимдин башынан сылап, алсызга кубат, сокурга көз, жалчыга бел болгонду тагдырларына жазган болгой.... Акыйкаттын ак жолуна баштарын бириктиргей.... Элибиздин курсагы ток, маанайы шат, ыйманы бекем, ырыскысы кенен болгой... . Айт күнү ар бир үйдө боорсок жасаганды, сорпо са-пырганды, каткырык менен күлкүнү, акдил тамаша сөздү, берекелүү пейилди унуткарбасын... .

Анан да касиеттүү бул күндөрү өткөн ата-баба-ларды, бизден үмүт кылгандарды Куран окуп эсте-генди унутпасак... Эстесек эстелээрбиз. Биздин да бараар жерибиз белгилүү эмеспи... .

Айтыбыз маарек болсун!

Page 62: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

62

Чубак ажы Жалилов

ПадыШага оСуятЧексиз мээримдүүнүн ысмы менен...

Өлкөбүздөгү чоңдордун оошуп туруусу ка-димкидей көрүнүш. Аны коомубуздун өсүп-

өнүгүүсү үчүн болгон аракет катары баалап, ар бирибиз аларга колдон келген жардамыбызды бе-рүүгө кымбат Мекенибиз алдында милдеткер, Жа-ратканыбыз астында жоопкербиз...

Андыктан, айтаарым: жоопкер адамдын, жетек-чинин, өкүмдүн мойнуна төрт маселеге жүктөлөт:

Алгачкысы: Баарына жарык жеткирүүдө Күн-дөн үлгү алуу. Кол астындагыларга тегиз кароо, адамдарды алакчылабастан баарына бирдей болуп, адилеттүүлүктү туу тутунуу. Улук Кудай ыйык ките-бинде: «...ортоңордогу пикир келишпестик, адилет-түү болуудан тоспосун! Адилеттүү болгула! Мына бул нерсе такыбалыкка жакындыр. Кудай Таалам ар бир кылган-эткениңерден кабардар.» (Мааида:8), «...Адилеттүү болгула! Напсиңерди ээрчип кетпеги-ле!» (Нисаа:135), «...адамдарга адилеттүүлүк менен өкүм жүргүз!...» (Соод:20), деп буйрук берет.

Экинчиси: Баарына жылуулук жеткирүүдө Күн-дөн үлгү алуу. Өкүмияттын башындагы өкүмдардын жалпы адамзаттын кызыкчылыгы үчүн башын саюу-су. Диний, социалдык, экономикалык жана коопсуз-дук маселелериндеги жарандардын жалпы кызыкчы-лыгын коргоо, жумушсуздукту жоюу. Ар бир пендеге камкордук жылуулугун жеткирүү. Азирети Умар Ис-лам өлкөсүн жетектеп турган учурда, кайырдин (му-сулман эмес) абышканын кайыр сурап олтурганын көрөт. Анын муктаждыктан улам сурап олтурганын билип, ага мамлекет тарабынан өмүрүнүн акырына чейин жөлөкпул ажыратат да, мындай дейт: «Сен жаштык курагыңда өлкө үчүн жардамыңды берген-сиң, улгайган кезеңиңде сени кор кылбайбыз!».

Page 63: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

63

Падышага осуят

Үчүнчүсү: Пара алууну, эсептешип иш жүргү-зүүнү, ортомчулук кылууну адамдар ааламынан кетирүүгө себеп боло турган жакшы жардамчы-ларды, кесипкөй-ыкластууларды, ак дилдерди жа-нына алуу. Пайгамбарыбыз алайхис салам мын-дай дейт: «Силердин кимиңер бийликке келсе, Кудай Таалам ага жакшылык каалаган болсо, изги вазир берет. Унутса эстетип, эстеген болсо жарда-мын берет.» Жеңилин жерден, оорун колдон алат. Азирети Умар жер жерге өкүлдөрүн жөнөтөөрдө осуяттап минтээр эле: «...адамдардын укуктарын тебелеп-жоготпогула! Силерге фитна болушат.» Көтөрүлүш чыгарып революционер болуп кетет дегени го кайран кишинин.

Акыркысы: Жарандарга жакшылыктуу үлгү болуу. Өкүмдар – аким кайда кетсе, эл да анын жолоюна түшөт. Баягы Аскар Акаевтин тушунда баарыбыз эле илим изилдеп тарап кеткенбиз ар тарапка. Менин тагдырым да ошол убакта Мекке-деги окууга байланган экен көрсө. А киши окумуш-туу эмес беле... Азирети Абу Бакр азирети Умар-га калпалыгын тапшырып жатып мындай дейт: «Билгин! Сен Кудай Тааламдан коркондо гана адамдар сенден коркуп, айбатыңды билип, урма-тыңды жайына коёт.»

Жыйынтыгында: Биз жаралган дүйнө жалган дүйнө. Ак дүйнөнүн астанасы. Акыреттин эгин та-лаасы. Көз ачып-жумгуча өтөт да кетет. Түбөлүк-түүдөй болбой бир азыраак ийилсек, бир азга көз сүзө, кылган ишибиздин оң-тууралыгына баам сал-сак. Канткен менен Жаратканыбыз Куранда: «Си-лерди жөн эле эч максатсыз жаратып койду деп ойлойсуңарбы?!... Менин алдыма кайтып келээри-ңерди билбейсиңерби?!...» дейт эмеспи. Айды этек менен жаап коём деп канчалык оолукпайлык, Куда-йымдын алдына бараарыбыз айныгыс чындык.

Page 64: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

64

Чубак ажы Жалилов

Жаратканым элибизге кетпес дөөлөт, кең пе-йил бер. Акыйкаттан ажыратпа, ыйманыбызды ку-баттуу кыл. Жаманга жалдыратпа. Ооматыбызды оодарба. Кор кылба, кар кылба, өзүңдөн башкага зар кылба. Оомиин.

Page 65: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

65

Абийир ачылгандан кийин, адепке жол барбы...?

аБИйИР ачылгандан КИйИн, адеПКе жол БаРБы...?

Мээримдүү Алла Тааланын аты менен...

Мен фильмди көргөн жокмун, тагыраагы көргүм келген жок. Кудайдын пенделери-

не берген убакыттын ар бир көз ирмеминин эсеби бар. Пайдалууга кеттиби, же суунуку сууга, сайды-кы кумгабы? Деги эле акыретте сооп убада кылын-баган иштерге баш оорутуунун кереги канчалык?

Инсанияттын эң жаркын инсаны Пайгамба-рыбыз алайхис салам жөнүндө жаман фильм тар-туудан да, жаман сөз айтуудан да, ага ыйман кел-тирбей коюу чоңураак күнөө. Бардыгы чектен чыккан каапырлык (куфр) деп деп эсептелсе да.

Деги эле Пайгамбарыбыз алайхис салам жөнүн-дө жаман кеп айтуу, ал затты сөгүү, карикатурага түшүрүү, фильм аркылуу ыза жеткирүү Пайгамба-рыбыз алайхис саламдын кадыр-баркын түшүрө албайт. Тетирисинче ыймандуулардын ыйманын чыңалтып, ага болгон үммөттүк махабатты жары-тат. Ал киши жөнүндө маалымат билбегендерди өмүр-баянын, тарыхын, сүннөтүн, жыйынтыгын-да шариатын окуп үйрөнүүгө түртөт. Ал кишинин жолун жолдоочулардын башын бириктирет. Мына ушул окуядан кийин көптөгөндөрдүн Исламга ки-рүүсүнө бөркүңүздөй ишене бериңиз.

Дааратканага кантип кирип, кантип чыкканды үйрөткөн көөнө шариатыбызда, пайгамбарларга адепсиз мамиледе болгондорго кандай чара көрү-лөөрү, кандай мамиледе болоорлугубуз айтылган-дыгы турулуу кеп.

Кандайдыр бир чечкиндүү чара көрүү колу-буздан келбегени менен, ичибизден жаман көрүп, тилибиз менен саймедирегенге эгемен өлкөбүз-дө уруксат бар. Кудайым кут кылсын. Пайгамба-

Page 66: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

66

Чубак ажы Жалилов

рыбыз алайхис саламдын: «Жаман иш көрсөңөр колуңар менен кайтаргыла, колуңардан келбесе тилиңер менен кайтаргыла, аны да эптей албаса-ңар жүрөгүңөрдүн түпкүрүнөн жек көргүлө! Мына ошол ыймандын эң төмөнкү баскычы», дегенине сарасеп салсак, анда шариаттын кээ бир өкүмдө-рүн айта кетүүбүз ыйманыбызды сактап калуунун жолу экени да чын.

Ыйык Куранда: «Албетте, Аллах Тааланы жана пайгамбарын нааразы кылуучу (ыза берүүчү) топ-торду Аллах Таала дүнүйө-акыретте мээрим-ыра-йымынан кур жалак калтырат (лаанаттайт). Кыя-матта алар үчүн жан кейитээр азапты даярдаган» (Ахзаб сүрөөсү 59), «Алланын элчисине ыза жет-киргендерге Алланын ачуу азабы бар!» (Тооба сү-рөөсү 61) деп айтылынса, Пайгамбарыбыз алайхис саламдын осуяттарында төмөндөгүлөр зикирленет:• Азирети Алий разиаллооху анхудан: Пай-

гамбарыбыз алайхис саламдын доорунда, кай-сы бир жөөт ургаачы Пайгамбарыбыз алайхис саламды каргап-шилегендигин көрүп, ыйман-дуу бир адам мойнун муунтуп, ага колу кары-шып, жыйынтыгында тиги аялдын аба жетпей жан таслим болгондугу катталат. Пайгамбары-быз алайхис салам аялды өлтүргөндүгү үчүн эч кандай жазага тарткан эмес. Кылган ишинин тууралыгы болбосо антмек эмес. (Сунан Абу Дауд, 4362)

• Мекке шаарын мусулмандар каратканда (Фат-ху Макка) «жок кылынуу жазасы»на кирип-тер болгон Укба бин Абу Муьайт, эмне үчүн бул жазага ылайыктуу болгондугун сураганда, Пайгамбарыбыз алайхис саламдын «Аллах Таалага жана анын пайгамбарына душманды-гың үчүн, пайгамбарга сенчелик ыза берүүчү-нү көрбөдүм...», деп жооп берүүсү, кайсы бир

Page 67: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

67

Абийир ачылгандан кийин, адепке жол барбы...?

адам пайгамбарлардын бирин сөккөн болсо, ал колго тийээри менен жогорудагыдай жаза-лана тургандыгынын далили. (Аль магаазий, аль Ваакидий 1\11)

• Пайгамбарыбыз алайхис салам өзүн сөккөн адамды көрүп, «Ким мен үчүн душманыма же-тиштүү болот?», дегенде азирети Хаалид туруп «Мен» дейт. Пайгамбарыбыз алайхис салам ал затты тиги оозу бузукка жөнөтөт. Азирети Хаалид ылайыктуу жазасын берип, тозокко тез кирүүсүнө себеп болот. (Абдур раззаак, Аль Му-саннаф, 9705)Ислам аалымдарынын бул маселеде баарынын

пикирлеш экендигин, «ижмааь» жүзөгө келгенди-гин айтпасак сөз атасы өлөөр:• Абу Бакр Ибн Мунзир (т.242-ө.319 х.): «Илим-

дүүлөрдүн баары, пайгамбарды сөккөн адамга өлүм жазасын тартууга «ижмааь»га баш ко-шушкан. (Аль ишрааф 3\16, аль ижмааь 76, аль икнааь 2\584)

• Мухаммад бин Сахнуун (т.202 -ө.265 х.): «Аа-лым аттуунун баары, пайгамбарды сөккөн, да-ражасын кемиткен адамдын (каапыр)лыгына «ижмааь» кылышкан. Анын акыреттеги азабы белгилүү. Дунявий өкүмү – жалган жашоодо жашаганга укугу жок. Анын каапырлыгына, акыретте азапталуусуна ишенбеген адамдын өзү да каапыр болуп динден чыгат. (Аш шифаа 2\215, Нихааятус суьли 261)

• Абу Сулайман алт Хаттообий (т.319 - ө.388 х.): «Пайгамбарды сөккөн адамдын ... өлүм жаза-сына тартылуусуна каршы чыккан бир да му-сулманды билбейм». (Маьаалимус сунан, 6\199)Сунний багыттагы мазхаб аалымдарынын фат-

валары да жогорудагы чийинден чыкпайт:

Page 68: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

68

Чубак ажы Жалилов

• Шейхул Ислам Абуль Хасан ас Сугдий аль Ха-нафий (ө.461 х.): «... Пайгамбарды сөккөн адам-дын өкүмү муртад (динден чыккандын) өкү-мүндөй. Муртадка кандай жаза берилсе, ага да дал ошондой жаза берилет. (Белгилүү болгон-дой муртадка өлүм жазасы берилет). (Ан ну-таф... 2\694)

• Аллаама Хайруд дин бин Ахмад ар Рамлий аль Ханафийден (ө.1081 х.) «Ибрахим пайгамбары-бызды сөккөндүн өкүмү» суралгандагы жообу: «Кылмышкер катары өлүм жазасына тарты-лат... . Китептерде айтылгандай, аялына талак түшөт, исламды кабыл алгандан кийин никени жаңыртуу зарыл. Аткарган ажылыгын кайра-дан аткаруусу керек болот...». (Аль фатаафа аль хайрийя, 1\102, 103). Ушул эле мазмун аль фа-таава аль хиндийяда (6\321,322) да келет. Жогоруда ханафий мазхабынын аалымдарын

гана келтирдик. Мааликий, шаафеьй, ханбалийлер да ушул эле мааниде маселе айтышат. Акырында пайгамбарды сөккөн, ыза берген, маскаралагандар-дын өкүмү туурасында атайын жазылган китептер-ди атай кетели:• Аль Хаафиз Ахмад аль Ханбалий (ө.728 х.), «Ас

соорим аль маслуул ьалаа шаатимир расуул». Бир канча ирет басылган. Алгачкы басылышы Хайдарабатта (Хинд) 1322 х.де басылган.

• Шейхуль ислам ас Субкий аш Шаафеьий (ө.756 х.), «Ас сайфу аль маслуул ьалаа ман сабба ар расуул». Урдунда (Амман) 1421 х.де басылган.

• Аль Фаазил Мухйиддин ар Руумий аль Ханафий (ө.904 х.), «Ас сайфу аль машхуур ьалаз зиндии-ки ва саабби ар расуул». Кол жазмасы Сирия-да (Димашк) Заахирия китепканасында (8185, 2688) номурлары менен сакталуу.

Page 69: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

69

Абийир ачылгандан кийин, адепке жол барбы...?

• Аллаама Ибн Камал Пааша аль Ханафий (ө. 940 х.), «Ас сайфу аль маслуул фий саббир расуул». Кол жазмасы Исламболдагы (Стамбул) Сулай-мания китепканасында. Анын көчүрмөсү Ме-дине Ислам университетинде (2\ 7661) номери менен сакталуу.

• Ибн Аабидийн аль Ханафий (ө. 1252 х.), «Тан-биихуль вулаати вал хуккаам ьалаа ахкаами шаатими хайриль анаам...». «Мажмууьатур ра-сааил» жыйнактарында басылган. 1237 х.де жа-зып бүткөн. Басылган жылы белгисиз.Эми, илгери бирөө күйгөндөн кошокчу болдум

деген экен. Пайгамбарыбыз алайхис саламга бол-гон каршылык ал затка жамандык жеткирбегени менен, биз менен сиздин ыйманыңызды сынаганга жетет, кыямат күнкү жүзүбүздүн жарык болуусуна себеп болот, же кедергисин тийгизет.

Кээ бир сырты жылтырлар «Ой кандай гана варварлык», деп алаканын жаяр. Ошол эле учур-да миңдегендердин каны Сирияда1 агып жатса, ага маани бербейт. Кыргыздын кыздары кыймыл-дагандан поюзду гана жебегендерге кор болгонун баамдагысы келбейт. Жеке адамдыкын эмес, бү-түндөй элдикин оптому менен оп кылып, ажыдаар сымал жуткандар менен той-топурда сылык-сыпаа учурашып жүрөт, ага жагынгысы, жакын болгусу, андан куда-сөөк күткүсү келет. Мындан артык вар-варчылык барбы? Деги эле абийир ачылгандан ки-йин адепке жол барбы?

1 Сириядагы суниттер менен шииттердин ортосундагы согуш дале уланууда. Эки чоң державанын оюн талаасына айланып калды. 2014-жыл, Май айы.

Page 70: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

70

Чубак ажы Жалилов

СүтКоРдуК тууРаСында Кимдир бирөөнү өзүңө күнкор кылып

алгың келсе,ага сүткордукка акча бер Жөөт накылы

Учурда чатыр тигип2, учурунда сүткор банк-тан акча алып, анын туумун төлөй албай,

жашаган үйүн алдырып, заманасы куурулган ку-дайдын пенделери баарыбыздын көңүл чордонун-да. Таң эрте багымдатка даарат алып жатып, күндүн сууп калганын баамдап, чатырдагы кандаштарым эмне болду экен деп убайымданам. Эмнеге ушул ахыбалга түштүк? Эмнелер себеп болду? Эмне кы-луу керек?... деген суроолор эбедейимди эзип бүт-тү... .

Ыйык Куранда сүткордук туурасында мына бу-лар айтылат:1. «Сүткордук кылган пенделер Кыямат күнү ка-

бырдан, жин тийип, эси эндиректеген, акыл-учунан кеткен абалда турушат. Бул азап алар-дын: (Сүткордук соода сыяктуу эле адал!), деген сөзү үчүн, ынанымы үчүн, кылган сүткордугу үчүн берилген жаза. Чындыгында Кудай Таала сооданы адал кылып, сүткордукту арам кыл-ган. Кимге Кудай Тааланын (Сүткордук арам!) деген буйругу жеткен учурда, Кудайдын буйру-гуна моюн сунуп, сүткордукту токтоткон болсо, буйрук жеткенге чейинки жегени Кудай Таала тарабынан кечирилет. Мындан кийинки иш-тери Кудайга тапшырылат. Ал эми ким кай-радан сүткордукка кайтса тозок ээлеринен бо-лоор. Андайлар тозокто түбөлүккө калышаар».

2 2013-жылысүткөр банктардан алган тыйынын төлөй албай, күрөөгө койгон үйүн алдырып, карайлап калгандар Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан.

Page 71: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

71

Сүткордук туурасында

(Бакара: 275)2. «Аллах Таала сүткордук менен тапкан дүйнөнү

берекесиз кылат, Кудай жолунда берген жак-шылык-садакаларга береке жазат. Аллах Таала Өзү берген немат-жакшылыктарга шүгүр кел-тирбеген күнөөкөрлөрдү Өзүнө дос тутпайт». (Бакара: 276)

3. «Эй момундар! Кудайдан корккула! Эгер мо-мун болсоңор сүткордуктан калган мал-дүнү-йөнү таштагыла, албагыла! Эгер сүткордуктан түшкөн пайдаңарды таштабасаңар, Аллах Таа-лага жана анын пайгамбарына согуш ачкан бо-лоорсуңар! Эгер сүткордуктан тооба кылсаңар карызга берген малыңардын өзү (берген капи-талыңар) өзүңөргө калат. Б.а. берген акчаңар-дын өзүн проценти жок өндүрүп алганга, аны жегенге уруксат берилет. Сүткордук кылып, па-йыз албагандыгыңыз үчүн карыз алган адамга зулумдук жеткирбейсиз, ошондой эле пайыз албастан, өз акчаңыздын өзүн эле колуңузга ал-ган себеп сизге да зулумдук жеткирилбейт. Эгер карыз алган адам колунда жок болсо, тээ мүм-күнчүлүгү жетип тапканга чейин мүмкүнчү-лүк-мөөнөт бергиле! Эгер акыреттин пайдасын билип, карызыңарды кечип, аларга садака кы-лып жиберген болсоңор, анда ого эле пайдалуу ишти кылган болоор элеңер! Кудай Тааланын алдына эсеп-кысап үчүн чогула турган күндөн корккула! Ал күнү ар пенденин кылганына жа-раша жазасы толук берилет. Аларга ал күнү зу-лумдук кылынбайт!». (Бакара:278-281)Пайгамбарыбыз алайхис салам сүткордук, па-

йызга акча алуу туурасында мындай дейт:1. «Пайыз жегендер (м:банк ээлери), пайыз

жедиргендер (сүткордукка акча алгандар), алардын бул иш чарасына күбө болгондор

Page 72: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

72

Чубак ажы Жалилов

(банкта иштегендер), документтештирип жаз-гандар (нотариуста иштегендер, катчылар).....Мухаммад алайхис саламдын тили менен кар-гыш айтыл(лаанаттал)гандар!». Абдулла ибн Масьуудтан, Мунзирий, Таргииб 3\5.

2. «Жок кылып, балакетке учуратуучу жети нер-седен сактангыла!...1.Ширк келтирүү, 2.Сый-кырчылык, 3.Бейкүнөө адам өлтүрүү, 4.Жетим-дин малын жемек, 5.Сүткордук кылып пайыз акча жемек,...». Абу Хурайрадан. Бухари 2766, Муслим 89.

3. «Кыямат келээрдин алдында сүткордук, зы-наакордук (ойноштук), арак ичүү жашырылбас-тан эле ачыкка чыгып калат». Ибн Масьуудтан. Мунзирий. Таргииб 3\9.Азыркы учурда үч чоң күнөөнү катары менен ат-

карып жаткандар коомубузда толтура. Арак ичүүнү, никесиз кыз жандоону маданияттын жетишкендиги катары көрүп, пайыз менен акча берген банк уюш-туруп, сүткордук менен иштегенди өнөр көргөндөр кадимкидей көрүнүшкө айланды. Ал эле эмес улут каймагы, журт уюткусу делгендер, бизди жаркын ке-лечекке жетелейт деген «элита»быз да мындан куру эмес экендиги баарыбызга маалым. Чырак күйгүзүп издебесең деле, бутуңа чалынат. Деги эле бизде эсил кайран алтымышынчы жылдардагыдай элитабыз барбы деген суроо аргасыздан жыртаят.

Аалымдарыбыз, динбашыларыбыз (расмий муфтий, казы болуу шарт деле эмес дин башы болуу үчүн, болгону калайыкка диндин жолун туура көр-гөзүп, эл эмне дейт дебестен, Кудай эмне дейт деп акыйкаттын жолун ачынбастан айткан болуу керек, Мисалы Кардаавини, Гүленди ким андай эмес дей алат, экөө тең бир да мечитке расмий имам эмес, муфтий болмок турсун) кантти экен бу өзөндө:

Page 73: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

73

Сүткордук туурасында

1. Ибн Аббаастан: «Кимде ким сүткордук менен алектенсе, андан суурулуп чыкпаса, мусулман-дардын башчысы (президенти, падышасы) тооба кылууга мүмкүнчүлүк берсин. Эгер тооба кылбаса, кылыч менен башын кыя чапсын!...» Шархут таргииб 3\15.

2. Имам Ахмад, Каьб Ахбаардан: «Отуз үч жолу зынаа кылуу мен үчүн, сүткордук-пайыз менен табылган бир дирхамды (200 сомдун тегереги) жегенге караганда жакшыраак». Мунзирий, Таргииб 3\7.Ойнош оттон ыссык, боктон сасык деп Инжил-

де айтылгандай, зынаакорлук канчалык чоң күнөө экенин баарыбыз билебиз. Бойдок болсо жүз балак урулуп, үй-бүлөлүү болсо таш бараңга алынуусу милдеттүү экендиги жалпыга маалым. Эми ошол сүткордук-пайыз, арам акча Имам Каьб Ахбаар үчүн ошондон да жийиркеничтүү экендигин баяндайт.

Сүткордуктун зыян-залалдары:1. Пайыздан жеген пенде Алах Тааланын ырайы-

мынан куулуп, Кудай Таалам менен пайгамбары-быз алайхис саламдын согушуна дуушар болот.

2. Сүткордук коомду ичтен иритип, ыпыластыкты жайылтат. Үй-бүлөлөрдү бузуп, наристелердин көз жашын агызат.

3. Пайыз жеген, жедирген, күбө болгон, каттап-жазгандардын баары тең күнөөкөр. Кудай Таа-ламдын мээриминен кур жалак калышат.

4. Пайгамбарыбыз көп учурда сойкулук менен сүткордукту катар коюп, экөөнүн тең коомдук маанидеги күнөөлөр катары айыптайт. Коомго терс таасирин тийгизет.

5. Сүткордук жүрөктөргө кекчилдикти алып ке-лет, жүрөктөн мээрим менен жумшактыкты алып кетет. Бир туугандык сезимдер жабыркап,

Page 74: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

74

Чубак ажы Жалилов

кайрымдуулук мамиле өлөт. Коомчулуктун би-римдиги бузулат.

6. Сүткор пенденин нафси-вижданынын ыпылас-тыгы, жакшылыгы жок экендиги белгилүү болот.

7. Сүткор пенденин акыбети оңбойт.Акырында «Фатаава Куброо» китебинен (29\418-

419) төмөнкү фатваны чыпчыргасын коротпой кө-чүрөйүн: «Мусулмандардын жетекчилигинин мой-нундагы сүткорлор маселесиндеги алгачкы милдет, аларды кылган иштери үчүн ылайык көргөн жаза-га (таьзиир) тартуусу керек. Андан соң карыз алган «бересе» пенде алган карызынын өзүн гана төлөө-гө милдеттендирилет. Сүткордук эсеп менен пайда болгон пайызын жокко чыгарат. Эгерде «бересе» адам колу жука болуп кыйналып турса, анын жеке муктаждыгынан сырткары мүлкү болсо, анын эсеби-нен мүмкүнчүлүк болушунча төлөйт.»

Кудайым шерменде кылбасын. Ажобуздун кө-ңүлүнө, депутаттарыбыздын акылына салып, па-йыз туурасында Улук Кудайга жага турган мыйзам кабыл алууну насип эткей. Улук Кудайымдын жо-лун тутунбасак, азабына дуушар болуу коркунучу бар. Кээ бирибиз ал азаптан айтып кутулабыз, кээ бирибиз мыйзам жазмайынча, кээ бирибиз аны аткармайынча кутула албайбыз. Антпесек балда-рыбыз ыйлаганы ыйлаган, аялдарыбыз боздогону боздогон бойдон кала берет. Аллахтын каарына калган коомдорго (жөөт дегеним) кулак кести кул боло бергенибиз боло берген... .

Page 75: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

75

Куран окусак болобу, тууганым?

КуРан оКуСаК БолоБу, тууганым?

Мусулманчылыгыбыз акырындап өзүнүн жолун таап, коомубуздун татыктуу өсүп-

өнүгүүсүнө салымын кошуп жатат. Жарандары-быздын динге болгон табигый умтулуусу, алардын изденүүлөрүнө, анын жыйынтыгында, кээ бир учурларда пикир келишпестиктерге алып келүүдө. Албетте бул табигый жараян экендиги талашсыз. Арийне талаштан тактык жаралат эмеспи...

Мына ушул көңүл чалгыткан маселелердин бири Куран окуп, анын сообун маркумдарга багыш-тоо, белек кылуу, хадия этүү туурасында болмокчу. Маселе талаштуу болуусу, албетте маселени так эмес түшүнүүдөн келип чыгат. Маркумдарга Куран окуу, маркумдарга Куран окутуу, Хатмы түшүрүү сыяктуу айтылып келген түшүнүктөр да бир тар-типке келүүсүнүн келкели келип тургансыйт.

Маркумдарга Куран окутуу дегенде маркум-дар окулган Куран аяттарын угуп, андан жандары сеп алат деген түшүнүк талаштуу маселе экендиги анык. Себеби маркумдардын угуусу, уккан күндө да андан соопко эгедер болуусу Куран аяттарына, ха-дистерге туура келбеген түшүнүк. Себеби, бул учур-да маркум, маркумдардын ааламына кошулгандан кийин да амал аткарууну улантып жатат. Ал мар-кум болгондон кийин да амал кылууга мүмкүнчү-лүк таап жатат.

Ал эми тирүүлөр тарабынан маркумдарга сооп-тор белек кылынганда, анын жетүүсү туурасында талаш болуусу мүмкүн эмес, аят жана хадис менен коштолгон кереметтүү түшүнүк.

"Салафийлик" жамаатка таандык деп эсептел-ген пикир катары айтылып жаткандыктан, ушул жамааттын имамдарынын китептеринен алардын

Page 76: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

76

Чубак ажы Жалилов

пикирлерин берүүнү туура көрүп турам. Кайсы бир маселе шииттерге таандык болсо алардын китепте-ринен, мааликийлерге таандык болсо анда алардын китептеринен келтирүү ынсаптуулук эмеспи. Өзүм ханафий мазхабын кармангандыктан, макаламдын акырында ханафийлердин китептеринен да мисал келтирүүнү унутта калтыргым келбеди, анда эмесе кеп оролуна өтсөк.

Шейхуль Ислам Ахмад бин Таймиянын "Маж-мууьул фатаавасынын" 24-том, 324-бетинде мын-дай айтылат: "Суралды: Маркум ээлери Куран кы-раат кылса сообу жетеби? Тасбих, тахмид, тахлил жана такбир айтса, булардын соопторун маркумга багыштаса сообу жетеби же жетпейби? Жооп бер-ди: Маркум ээлеринин Куран кыраат кылуусу, тас-бихтери, такбирлери, жана башка бардык Аллах Тааланы зикир кылгандары –эгер соопторун мар-кумга хадия этишсе – анын сооптору жетет. Вал-лооху аьлам".

Түшүндүрмө: Шейхуль Исламдын фатвасынан көрүнүп тургандай, Куран кыраат кылып, же "суб-хааналаах" деп тасбих айтып, "алхамдулиллаах" деп тахмид айтып, "лаа илааха иллаллоох.." деп тахлил айтып, "Аллааху акбар" деп такбир айтып, же андан башка зикирлер аркылуу Аллах Таала-ны эстеп зикир кылса, мына ошолордун баарынын сообун багыштаган болсо, маркумга анын сообу же-тет. Бул жерде Куранды кыраат кылганды маркум үчүн эмес, тирүү адам өзү үчүн окуп, пайда болгон соопторду маркумдарга багыштоо темасында кеп жүрүп жатат. Шейхуль Исламдын бул маселедеги пикири айдан ачык билинип турат. Акыйкат кайсы тарапта болсо да, ошол акыйкатты карманууга да-лалаты белгилүү болгон бул аалымдын ыктыяры, маселедеги берген таржихи (туура деп табуусу) деп түшүнсөк болот.

Page 77: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

77

Куран окусак болобу, тууганым?

Мына ушул эле китептин 323-бетинде мындай айтылат: "Суралды: Бир адам жетимиш миң мер-тебе тахлил (лаа илааха иллааллооху) деп айтып маркумга анын сообун багыштаса, маркум тозок-тон кутулат деген хадис "сахих хадиспи" же кандай? Эгер бир адам жетимиш миң ирет "тахлил" айтып маркумга сообун багыштаса жетеби же жетпейби? Жооп берди: Эгер инсан жетимиш миң ирет, же ан-дан көп, же андан аз "тахлил" айтып, анын сообун маркумга багыштаса, Аллах Таала анын сообунун пайдасын маркумга тийгизет. Ал эми бул мааниде-ги "сахих хадис" да, "сахих эмес хадис" да жок. Вал-лооху аьлам".

Түшүндүрмө: Бул маселе да бизде талаш болуп келе жаткан маселелерден. "Талил таш" же "Далил таш" деп да айтылат. Мындан үч-төрт жыл илгери "талил таш" айтуунун бидьат эмес экендиги, сүннөт деп ишеним кылбастан туруп, жөн гана айтып, соо-бун багыштаса боло тургандыгын ханафий аалымы Ибн Аабидин айткандыгын далилдеп фатва чыгар-ганым бар эле. Ошол эле биздин фатвабыздын маа-нисинин дал өзүн Шейхуль Ислам баяндап олтурат. Ал убакта Ибн Таймиянын ушундай фатвасы бар экендиги оюма келбептир. Ал эле эмес Ибн Таймия болбойт деп айтса керек деген пикирде болчумун. А бирок акыйкат, илим издеген адамдар үчүн жалгыз эле болот турбайбы?

Ал эми ушул эле китептин 299-бетинде мындай деп айтылат: " Суралды: Маркумга багыштоо үчүн "хатмы Куран" кылынат, ижаарага окуган каа-рылар да бар. Ушулардын окугандыгынын сообу маркумга жетеби? Же жетпейби?... . Жооп берди: Маркумдарга сообун багыштоо үчүн каарыларды ижаарага алган шариатта жок нерсе. Бир да аалым жакшы көргөн эмес. Себеби, Аллах Таала үчүн гана окулган Курандын сообу тийет. Ал эми Ал-

Page 78: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

78

Чубак ажы Жалилов

лахтын ыраазылыгы үчүн окуп бересиң деп айтып, ижаарага каарыларды алып окуткан болсо - каа-рылар өздөрү маркум үчүн окуганын белек кылба-са – Аллах Таалага ибаадат кылгандыгына ижаа-рага алынгандыгы себептүү анын сообу жетпейт. А бирок Куран окуган адамга, маркумдун ээси мар-кум үчүн садака берсе, же каарыдан башка адамга деле берсе, бардык мусулмандардын пикиринде, ал сооптон маркум пайдаланат. Ошондой эле сооп үмүт кылып (ихтисаб ниетинде) Куран окуп, анын сообун маркумга багыштаса, маркумга пайдасы тиет. Валооху аьлам."

Түшүндүрмө: Бул маселе да чала молдолор ара-сында талаш туудуруп келет. Арак куюлган бөтөл-көнүн капкагын жыттап мас болгондой эле, илим жазылган китептин мукабасын араң зорго окуп, ошону менен илимдүү болуп калгандай сезгендер ар нерсени бир айтып адамдардын башын оорутуп келет. Эч бир молдо мен билгенден, Куран окуга-нымдын акысын бергиле деп айтпайт. Убактысын кетирип келип, көңүл айткандыгы үчүн, эң улук зи-кир болгон Куран окуп сообун чын ыкластан мар-кумга багыштагандыгынын урматына ал адамга садака иретинде бир аз ырыскы ыроолошсо анын эмнеси жаман. Кыргызда сыйга сый, сыр аякка бал дейт эмеспи. Ал эми Куран окуганга ижаара акы алуунун арам экендиги баарыбызга маалым.

Ибн Таймиянын бул китеби Абдурахман бин Мухаммад бин Каасим аль Ьаасимий ан Наждий аль Ханбалий жана анын уулу Мухаммад тарабы-нан чогултулуп, тартипке салынып, басмага даяр-далган. Эки Харам мечитинин кызматчысы Сауд Араб падышалыгынын королу Малик Фахд бин Аб-дульазиз Ааль Суьуудтун буйругу менен Эки Харам мечитинин башкы башкармалыгы тарабынан ба-сылып, Ислам ааламына бекер вакф катары тарка-

Page 79: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

79

Куран окусак болобу, тууганым?

тылган 37 томдук эмгек. Каалоочулар китептин түп нускасын менден көрсө болот.

Ушул эле Ибн Таймиянын эң жакын шакир-ти катары таанылган Ибнул Коййим бул маселеде өзүнүн пикирин төмөндөгүдөй билдирет: "Ал эми, чын ыкластан, ижаарасы жок, Куран окуп, анын сообун маркумдарга багыштоо туурасында айта турган болсок, ажылыктын, орозонун сообун ба-гыштаганда жеткендей эле, мунун да сообу жетет. А бирок кээ бирлер айтуусу мүмкүн: Пайгамбары-быз алайхис салам орозонун, ажылыктын, садака-нын сообу жетээрлиги туурасында айткан. Ал эми Куран окуп сообун багыштаса жетет деп айткан эмес ко? Сообу жете турган болсо Пайгамбарыбыз алайхис салам айткан болоор эле? Ага жооп төмөн-күдөй берилет: Пайгамбарыбыз алайхис салам бул маселелерди өзү баштап айткан эмес. Суроолорго жооп катары айтылган. Бирөөсү келип өтүп кеткен маркумга ажылыктын сообун багыштаса болобу (?) деп сураган, ага уруксат берген. Экинчиси келип орозонун сообу жетеби (?) дегенде, ага да уруксат берген. Үчүнчүсү келип садаканын сообу жетеби (?) деп сураганда, анын сообунун жетээрлигин баянда-ган. Булардан башканы тыйган эмес. Ниет кылып эс нерсени жебей койгон орзонун сообу жетет да, зикир менен кыраат кылгандын сообу жетпей кала-бы? Айырмасы эмнеде? Маселенин ток этер жери, сыры – сооптор ошол сооптун пайда болусууна се-бепкер болгон амалды кылган адамдын менчиги. Кимге кааласа, сообун багыштайт, Кудай Таалам ал соопту жеткизет. Мына ушул берекелүү иштен Ку-ран окугандын сообун эмне себептен чыгарып коюу керек болот? Эмне себептен мусулман бир тууганы-на сообун багыштаса жетпей калуу керек? Бул ил-гертеден эле аалымдар инкар (каршылык) көрсөт-пөй амал кылып келе жаткан нерсе эмеспи!".

Page 80: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

80

Чубак ажы Жалилов

Бул маселе Шамсуддин Абу Абдулла Мухаммад бин Абу Бакр Аз Зурьий Димашкий, Ибну Коййим ал Жавзийя деген ат менен белгилүү болгон аалым-дын "Руух" деген китебинин 345-бетинде айтыл-ган. Китеп Юсуф Алий Бадавий тарабынан кызмат кылынып, жарыкка Ибн Касиир басмаканасынан 2002-жылы жарык көргөн. Бешинчи басылышы. Китептин каалоочулар менден көрсө болот.

Азыркы күнгө чейин Сауд Аравиясында урук-тукуму диний бийликтин бучкагын чоюп келе жат-кан, китептери колдон түшпөстөн окулган Шейхуль Ислам Мухаммад бин Абдулвахааб өзүнүн "Ахкааму таманнийил маути" китебинин 75-бетинде мына бул эки риваятты келтирет:

Саьд Занжааний Абу Хурайрадан марфууь ри-ваятта мындай дейт: "Ким мүрзөлөргө кирип, ошол жерде Фатиха сүрөөсүн, Ыхлас сүрөөсүн, "Алхааку-мут такаасур" сүрөөсүн окуса, андан соң "Оо Кудай Таалам, Сенин сөзүңдөн окуган ушул аяттардын сообун ушул кабырда жаткан бардык мусулман эр-кектер менен мусулман аялдар үчүн багыштадым" деп айтса, мына ошол окулган аяттар Алах Таала-нын алдында шапаатчы болушат".

Абдулазииз (Саахибул Халлааль) өзүнүн сана-ды менен Азирети Анастан марфуь риваятта мын-дай дейт: "Ким мүрзөлөргө кирип, Ясиин сүрөөсүн окуса, Кудай Таалам ошол жерде жаткандарга же-ңилдик берет, окуган адамга болсо ошол жерде жат-кандардын санынча жакшылык соопторду жазат!"

Түшүндүрмө: Мухаммад бин Абдулваххаб адатта китептеринде аят-хадистерди келтирүү ме-нен гана чектелет. Мисали "Таухид" китебинде да ушундай эле көрүнүш кайталанат. Айтайын дегени келтирген риваяттар анын пикиринде далил кел-тиргенге жарагандыгы үчүн, жок эле дегенде "Ха-сан лигойрихи" даражасына жетип, амал кылууга

Page 81: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

81

Куран окусак болобу, тууганым?

жарактуу экендигине ишаарат берет. Эгер далил келтирүүгө жарабаса китебине келтирбес эле. Ан-дан сырткары "фазааилил аьмаал" маселелеринде далил болууга ылайыктуу хадистер бул темада ого эле көп. Шейхуль Исламдын бул китеби Сауд Ара-виянын азыркы таптагы эң чоң аалымдары эсеп-телген Шейх Абдурахман бин Мухаммад Садхан менен Шейх Абдулла бин Абдурахман Жибриндер тарабынан кызмат көрсөтүлүп, Мекке шаарындагы "Имдаадия" басма үйүндө жарык көргөн. Жогору-дагы эки шейх тең Саудия уламалар кеңешинин мүчөлөрү болушкан. Китепти каалоочулар менден көрүшсө болот.

Ханафий аалымы Шейхуль Ислам Бурхаануд-дин Маргиинааний "Хидааясында," Шейх Шам-суддин Абул Аббаас Саружий Ханафийдин "Нафа-хаатун насамаат.." китебинде, Бадруддин Айний Ханафийдин "Шархул Канзында", Хаатиматул му-хаккикиин Ибн Аабидин Ханафийдин "Раддул мух-таарында", "Фатаава хиндия" аттуу ханафийлердин сыймыгы болгон үлкөн фатва китепте, Мулла Алий Каары Ханафийдин "Лубабка" берген шархында шексиз-күмөнсүз, тирүүлөр тарабынан аткарылып, сооптору маркумдарга жиберилсе жетет деп айтып, алардын катарына Куран окуп анын сообун багыш-таганды кошушкан.

Мааликий аалымы Ибн Рушд, Ибну Хилал Маа-ликий "Наваазилинде", Имам Караафий Мааликий, Шейх Ибнул Хааж Мааликий "Мадхалында", Шейх Абу Хайд Фаасий Мааликий, Аллаама Абдулхак Ашбиилий Мааликий "Аакиба" китебинде "Окулуп, сообу багышталган Курани Каримден маркумдар пайдаланат" деп айтып кетишкен.

Шаафеьий аалымы Аллаама Шарбииний "Си-раажул мунииринде", Ибну Солаах Шаафеьий, Шейх Абуль Маьаалий Алий бин Аби Суьудд Сувей-

Page 82: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

82

Чубак ажы Жалилов

дий Шаафеьий "Акдус самиин" китебинде "Кыраат-тан жана башкадан пайда болгон менчигиндеги соопторунан маркумдарга белеке берген болсо, бул башка бирөө үчүн садака бергенге тете..." деп ай-тышкан.

Ханбалий аалымы Ибн Таймиянын, анын ша-киртинин сөздөрүн жогоруда келтирдик. Белгилүү Ханбалий эмгек "Умданын шархы Уддада" Куран-дын сообу жетээрлиги туурасында "Ижмааь" бар экендигин баса белгиленген. Ханбалий аалымы Имам Абдулла бин Мухаммад бин Хумейд ата-йын ушул теманы камтыган "Хукмул кираа,ати лил амваат. Хал ясилу саваабухаа илейхим" деген китепчени жазып калтырып, маркумдарга Куран окуп сообун багыштагандын пазилеттүүлүгүн зе-рикпей баяндап чыккан. Шейх акыркы кылымда Сауд Арависынын эң жогорку каазылык кызма-тын аркалаган (жогорку сот). Уулу Шейх Саалих бин Хумейд азыр да Харам мечитинин имамы. Мен Меккеде окуп жүргөн мезгилде бул адам Сауд Аравиянын парламентинин төрагасы болуп турган учурунда мага компьютер белекке берген. Компь-ютер азыр да үйүмдө сакталуу турат. Бул киши-нин уулу Шейх Мухаммад Умм ал Куро универси-тетинин окутуучусу. Илимий байланыштарыбыз болгон. Ал эми китеп болсо, белгилүү ханафий аалымы Абдулхафиз Малик Абдулхак Маккий тарабынан кызмат кылынып жарык көргөн. Каа-лоочулар менден көрсө болот.

Мына ушул эле китептин акырында далил ка-тары он бир хадисти келтирет, толук "тахриижи" менен. Гезит бети чектелүү болгондуктан алардын баарын келтирүү кыйынга тураарын баарыбыз би-лебиз. Шамал болбосо теректин башы кыймылда-байт демекчи далил болбосо бул аалымдар бекер жеринен сүйлөбөйт. Андан сырткары да бир нече

Page 83: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

83

Куран окусак болобу, тууганым?

китептер ушул теманын өзүн кенен кесири чагыл-дырып берген. Каалоочулар издеп таап окуса болот.

Акырында айтаарым. Урматтуу мусулман бир тууганым! Сен экөөбүздү бир кыбыла, бир Куран, бир Пайгамбар, бир Шариат бириктирип турат. Өл-сөк мазарыбыз бир, тирүү болсок базарыбыз бир. Эмне үчүн фыкыхый-фарьий маселедеги болоор-болбос талаш маселени эл арасына алып чыгуу керек болот? Талаш маселени болоор-болбос деге-ним, чындыгында эле мына ошондой болоор-бол-бос. Маани бере турганчалык олуттуу деле талаш эмес. Анын үстүнө көптөгөн сахаабалар алар көмүл-гөн учурда Куран окуп туруууну осуят кылып кал-тыргандыгын баарыбыз билебиз. Мисалы Абдул-ла бин Умар – белгилүү сахааба – жерге берилген убакта Бакара сүрөөсүнүн башы менен этегин окуп турууну осуят кылгандыгын Ибн Таймия фатаава-сында (24\317)зикир кылат. Андыктан эл арасында, журт ичинде фитна чыгарууга эч кандай орун жок. Кала берсе момундардын арасында фитна-жаңжал чыгаруу адам өлтүргөндөн да чоңураак күнөө экен-диги Куранда ачык айтылат эмеспи. Бакара сүрөө-сүнүн 191-аятында "Фитна –адам өлтүргөндөн да жаманыраак!".

Сени урматтап, Кудай Тааламдан оомат, ийги-лик тилеп изги каалоолорум менен бир тууганың

Чубак ажы.

Page 84: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

84

Чубак ажы Жалилов

بسم اهلل الرمحن الرحيماحلمد هلل رب العالمني، و صىل اهلل تعاىل ىلع رسونلا حممد و ىلع آهل

وأصحابه أمجعني، أما بعد:

нооРуЗ Боюнча КеП...

Айтайын дегеним, бул макаласымал сөзүм мусулмандарга багытталат. Акыйкатты туу

тутунган, чыныгы такыба момундарга багышталат. Башка диндегилер, теңирчилер, коммунисттер же жөн эле дин менен иши жокторго тиешеси жок. Ошондой эле өзүн мусулманмын деп, бирок наси-линде мусулман боло албаган чалакайымдар да окубай эле коюшса болот.

Бул айтайын деген сөзүм акыйкат, а бирок кеп-сөздөн коркуп, эл эмне дейт деген айыңдан чочуп, ка-шыктап араң жыйнаган аптарыйкатын чөмүчтөп ча-чып аламбы деп элтеңдеген молдокелерибиз негедир ушул маселени көтөрбөй келишет. А түгүл ушул жө-нүндө шариатта кандай экенин айт десе жаа бою кач-кандарды да көрдүм. Бирок чындык баарынан улуу.

Канчалык алдамчы сезимге, жалган иллюзия-га берилип албайлык, бул түш сыяктуу жалган жа-шоонун эсесин тартаар, эсебин берээр күн да келет. Ошол күнгө өзүмө азык катары, колумдан келген садакамды чачкан болуп сөзүмдү баштайын... .

Нооруз майрамы жөнүндө сөз болгондо көп-чүлүгүбүз мусулмандардын майрамы катарында кабылдап, эч эрөөн-төрөөнү жок эле майрамдап келебиз. Ал эле эмес Муфтийлик аманатта болгон учурумда жакынкы коңшу өлкөлөрүнүн Баш Муф-тийинен Нооруз менен куттуктоосу келген. Иран Ислам республикасы Ноорузду мамлекеттик дең-гээлде өткөрүп, жер-жерлердеги элчиликтери айт менен куттуктагандай эле куттукташып, бере тур-ган белектерин таппай, алдастап калышат.

Page 85: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

85

Нооруз боюнча кеп...

Деги эле мусулманчылыкта Нооруз туурасында эмне кеп айтылат?

Азирети Имам Насааий "Сунан суграа" (1557) жана Абу Дауд "Сунан" китебинде (1134) сахих ис-над менен бул риваятты келтиришет. Анда, Азире-ти Анастан мындай айтылат: Пайгамбарыбыз алай-хис салам Мадийнага хижрат кылып келген убакта, Мадийналыктардын бир жылда эки күнү бар эле. Мына ошол эки күндү алар оюн-күлкү менен өткө-зүшөөр эле. Пайгамбарыбыз алайхис салам алардан сурады: "Бул эмне болгон эки күн?". Алар: "Наадан-чылык (Исламга чейинки) доордон бери ушул эки күнү оюн ойноп, көңүл ачабыз!", дешти. Пайгамба-рыбыз алайхис салам айтты: "Аллах Таала бул эки майрамыңардын ордун, эки жакшы майрам менен алмаштырды. Алар Курман айт менен Орозо айт".

Хадиске шарх бергенде Мулла Алий Каары Ха-нафий Мишкаттын шархы "Миркаатта" (3\293), Мухаммад Идрис Кандехлавий Ханафий "Таь-лик ас сабихте" (2\213), Имам Тиибий Шаафеьий "Каашифте" (3\242), Имам Халил Ахмад Сахааран-фуурий Ханафий "Базлул мажхудта" (5\247) жал-пысынан, дээрлик баары мындай айтышат:

• Пайгамбарыбыз алайхис салам Мадийнага келгендеги эки майрамдын алгачкысы "найрууз" (нооруз), экинчиси "михиржаан" майрамдары эле.

• Нооруз түпкүлүгүндө перс элдеринин ти-линен алынганда "нуу" жаңы, "руз" күн деген маа-нилерди ичине камтып, жыйынтыгында жаңы күн дегенди туюнтат. Күн менен түн теңелген күнгө айтылып, күн календары боюнча жылдын биринчи күнү деп таанылат. Хижрий жыл эсеби мухаррам айынын биринен, Григорий (мийла-дий) жыл эсеби январдын биринен башталгандай эле мааниге ээ.

Page 86: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

86

Чубак ажы Жалилов

• Михиржаан болсо күздөгү күн менен түн теңелген учурга туш келген күндү белгилөө болуп саналган. Ошондой эле аба-ырайынын да орточо болгон, жыл арасындагы суук менен ысыктын так ортосуна туш келгендиги менен да өзгөчөлөнөт.

• Байыркы фалсафачылар жогоруда айтыл-ган себептерден улам өздөрүнө майрам катары кабылдаган болуу керек деген божомолдор айты-лат. Ошол учурдагы адамдар фалсафачыларынын акыл-эстерин жогору санагандыктан, бул эки күндү майрам катары таанышкан. Пайгамбарлар келген-ден кийин фалсафачылардын алып келгендерин жокко чыгарышкан.

• Айтылган эки майрам жакшы эмес май-рамдар. Чыныгы жакшы майрамдар Курман айт менен Орозо айт майрамы. Кудай Таалам эки жа-ман майрамдын ордуна эки жакшы майрамды ал-маштыргандыгын Пайгамбарыбыз алайхис салам кабар берди.

• Нооруз, Михиржан жана башка мусулман эместердин майрамдарын, майрамдоого, аздектөө-гө шариатыбыз тыюу салат.

Хаафиз Ибн Хажар Шаафеьий мындай дейт: "Мына ушундай кемчиликке мисирликтер да туш болуп олтурушат. Себеби көпчүлүк мисирликтер жөөттөр менен тарсалардын (християндардын) майрамдарына шериктеш болушат, алар май-рамдарын кандай таазим кылышкан болсо, булар да ошентишет, ошол күндөрү жасанып кийинишет, жакшы даамдар менен дасторкондорун кооздошот, айтор (ыймансыздар) эмне нерсени аткарса ошол нерселерди аткарышат. (Базлул мажхууд 5\203). Башкалардын майрамдарын майрамдоонун туура эместигин Имам Ибнул Хааж Мааликий өзүнүн бе-рекелүү эмгеги "Мадхалда" (биринчи томдун аягы, экинчи томдун башында) кенен баяндаган.

Page 87: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

87

Нооруз боюнча кеп...

Фыкых аалымдарынын сөзүнө кулак салсак:• Фатаавал Баззаазияда (6\333-334) мындай

айтылат:1. Мажуустардын (отко сыйынгандардын)

ноорузуна чыгуу, ошол күнү алар жасаган нерсе-лерди кошо жасап аларга окшошуу, алардын кы-лык-жоруктарына ылайык болуу – (ыймандан чыгуу). Көбүнчө ошол динде болуп, андан кийин мусулманчылыкты кабыл алгандардан көп кезде-шет бул сыяктуу окуялар. Алар ошол күнү Нооруз майрамдагандар менен чогуу майрамдашып жүрө берип, (ыймандан чыгып кеткендерин) өздөрү да баамдабай калышат.

2. ...Ноорузда нооруз урматына бир жумуртка-ны белекке берсе (ыймандан чыгат). Ал эми ноо-руз майрамдаган мажуустар ошол күнгө даярдаган даамдарынан мансаптагыларга, тааныш-туунуш-тарына белекке бере турган болсо, алардын май-рамын майрамдашкандай, аларга окшошкондой таризде кабыл алуу арам. А бирок аларга окшош-постон, жөн гана мурдатан алыш-бериш болгонун эстеп, ошол мааниде берген даамдарын алганга уруксат берилет. Ошого карабастан андан сактануу аманчылыкка, ыйман саламатчылыгына жакын.

Мааниси: Ким Нооруз урматына аларга белек берсе алардын майрамын колдогондой, аларга көмөк көрсөткөндөй, адашуусуна жол ачып бер-гендей болот.

3. Мусулман пенде Нооруз күнү башка мусул-манга белек берсе, ниетинде Ноорузду аздектөө эмес, жөн гана бир туугандык сезим менен, үрпкө айланган (мисалы ай сайын беришип жүргөн бол-со) адаты менен берсе, аны менен (ыймандан чы-гып кетпейт). А бирок ошол күнү белек беришпеге-ни жакшыраак. (Ыймансыздарга) окшошуп калбоо

Page 88: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

88

Чубак ажы Жалилов

максатында белек берүүнү андан мурда, же андан кийин ишке ашыргандыгы макул... (Маселе Та-таархаанияда да айтылган (5\354).

4. Имам Абу Хафстан риваят: "Ким Кудай Таа-лага элүү жыл ибаадат кылып, андан соң Нооруз күнү келип кээ бир мушриктерге, Нооруздун урма-тына белек берсе, акыйкатта (ыймандан чыкты)... (Маселе Татаархаанияда да айтылган (5\354).

Фатаавал Баззаазия жана анын автору жөнүндө маалымат:

Китептин толук аты "Ал Жаамиьул важииз", ав-тордун толук аты "Имам Хафизуддин Мухаммад бин Мухаммад бин Шихааб ал Кардарий Ханафий, Ибн ал Баззааз деген ат менен белгилүү болгон. 827-хижрада акырет сапарына узаган. Аталган китепти Фатаава жана Ваакиьаат китептеринин каймактарын калпып алып, белгилүү китептерден терип жазган. Далили күчтүү маселеге таржих берип жан тартып, ынсап-туулук менен жазылган адеми көркөм китеп. Китепти 812-хижрий жылы жазып бүтүргөн. (Кудайым, ме-нин китептеримди бүтүрүүмдү да насип эткейсиң). Аалымдар айтышат: Бул китеп, маселе таппай карай-лаганда, жооп таппай алдастаганда төтөк болчу, кай-рылып барчу китеп. Белгилүү Муфтий Абу Суьуудка, "Эмне үчүн зарыл маселелерди чогултпайсыз? Эмне үчүн китеп жазбайсыз?", деп айтылганда, ал киши " Мен Баззаазиянын авторунан уяламын. Анын китеби турганда кантип китеп жазганга даап кирише алам. Анткени ал урматтуу жана шарапаттуу бир жыйнак китеп, зарыл болгон маселелердин төрөлөрү камтыл-ган. (Кашфуз зунуун). Китеп менин (Чубак Жалилов-тун) китепканамда бар, каалоочулар көрсө болот.

Имам Абу Хафс жөнүндө маалыматтар:Ахмад бин Хафс, Абу Хафс Кабиир деген ысым

менен белгилүү. Белгилүү имам. Азирети Имам Абу

Page 89: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

89

Нооруз боюнча кеп...

Ханийфанын шакирти Имам Мухаммад бин Хасан Шейбаанийден илим алган.

• Ал Фатаава ат Татаархаанияда (5\354) мын-дай деп айтылат:

1. "Ал Жаамиь ал Асгарда" айтылат: "Бир адам Нооруз күнү, мурда-кийин сатып албаган нерсесин, мушриктер Ноорузду урматтагандай эле урматтоо ниетинде сатып алса каапыр болот. А бирок жөн гана жегени, ичкени же жөн эле жандын ырахаты үчүн алган болсо эч нерсе эмес.

Ал Фатаава ат Татаархаания жана анын автору жөнүндө маалымат:

Татаархаания китеби "Мухиит Бурхаанийдин", "Захийранын", "Хааниянын", "Зохийриянын" ма-селелерин чогултуп, "Хидаянын" тартибинде жа-зылган үлкөн эмгек. Китептин негизги аты "Заа-дус сафар" кээ риваяттарда "Заадул мусаафир" деп наамдалып, кийинчерээк "Татаархаания" деген ат менен белгилүү болгон. Ошол убакта амир бо-луп Татаар хаан турган, бийликтин эки тизгин бир чылбырын колуна алып, андыктан анын урматы-на ошентип аталган. Автору Мавлаана Аалим бин Алааь Ал Индарпатий Ханафий. Хижранын 786-жылы акыретке сапар тарткан. (Кашфуз зунуун, Нузхатул хаваатир).Китеп менин китепканамда бар, каалоочулар көрсө болот.

• Хулаасатул фатаавада (4\387) мындай деп айтылат:

1. Нооруз күнү мажуусийлер чогулуп май-рамдаганы жаткан жерге мусулман адам келип "Жакшы жорукту (сүннөттү) башташыптыр" деп айтса, каапыр болот. (Бул маселе Баззаазияда да айтылат 6\333).

Мааниси: Ар бир тандоо баш тартуу деген кеп бар эмеспи. Бул мусулман болгон адамдын тиги-

Page 90: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

90

Чубак ажы Жалилов

лердин майрамын "жакшы жорук, жакшы сүннөт" деп айтып жаткандыгысы, Ислам майрамдарын "жаман жорук" деген маанини камтыйт. Андык-тан ыймандан чыгат (Мулла Алий каары, Шарх ал-фаазил куфри 206).

"Хулаасатул фатаава" жана анын автору жөнүн-дө маалыматтар:

Автору Таахир бин Ахмад бин Абдурашиид Бухарий Ханафий, Имам, Имамдын уулу, көркөм кулк-мүнөздүү, жакшы адептүү үлкөн аалым. Бу-харада хижранын 482-жылы туулуп, Сархаста хиж-ранын 542-жылы Жумаадал уула айында Аллахтын мээримине көчкөн. "Хизаанатул ваакиьаат" жана "Нисааб" китептерин жазып, андан соң ушул эки китебин кыскартып "Хулаасатул фатаава" деген ки-тебин жазган. (Табакаатул ханафийя). Китеп менин китепканамда бар, каалоочулар көрсө болот.

• Аллаама Бадр Ар Рашиид Ханафийдин "Ал-фаазул Куфр" аттуу китебине Аллаама Мулла Алий Каары Ханафийдин берген шархында (206-208) мындай айтылат:

1. Ким куфур ээлери чогулган жерге Нооруз күнү чогулган болсо, акыйкатта каапыр болду, ант-кени мына ошол каапырдыкты жарыя кылуу, алар-га колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.

Мулла Алий Каары жана китеби жөнүндө маа-лыматтар:

Имам, Аллаама Абул Хасан Алий бин Султан Мухаммад Каары Харавий, андан соң Маккий Ха-нафий Нуруддиин. Имам Лакнавийдин айтуусун-да хижранын 1014-жылы акырет сапарына Мек-ке шаарында узап, Маьлаа мазарына коюлган. Ал киши өткөндө Мисир аалымдары чогулуп, Азхар мечитинде жаназа намазын гоиб түрдө окушкан. Хадис жана фыкых илимдеринин тизгинин бирдей

Page 91: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

91

Нооруз боюнча кеп...

кармаган саналуу аалымдардын бири. Китеп Мулла Алий Каарынын акыйда жаатындагы кадыр-барк-туу китептеринин бири. Китепти д\Тоййиб бин Умар Хусейин Шанкийтий тахкик кылып, жарык-ка чыгарган. Китеп менин китепканамда бар, каа-лоочулар көрсө болот.

жыйынтык сөз:Платон менин досум, акыйкат андан жогору

турат. Өзүм Ханафий мазхабын карманган бол-гондуктан, Ханафий аалымдарынын пикирлерин алардын китептеринен берүүнү туура деп таптым. Туура, кээ бирлер мени ушул себептен жаман кө-рүүсү мүмкүн, жок нерсени айта берет деп да ой-лоосу мүмкүн. А балким башка агымдарга таандык деп да айтып жиберүүсү мүмкүн. Андайды көрүп да калбадыкпы? Сөз чынынан бузулбайт. Кудай Таа-ламдын алдындагы жоопкерчилигимди сезип, бол-гонун болгондой айттым. Ошого карбастан бир аз жумшагыраак болсун деген таризде уламалардын сөзүндөгү "каапыр болду" деген сөздөрдү "ыйман-дан четтеди" деген сөз менен түшүндүрүүнү туура деп таптым, жана ага далил катары бул сөздөрдү () кашанын ичине келтирдим.

Кээ бирлер айтуусу мүмкүн: Эмне зыяны бар Нооруздун? Арча түтөткөнү жаманбы? Же сүмөлөк кайнатканы жаманбы? Жөн эле жаз майрамы деп тосо берсек болбойбу?

Жооп: Арча түтөтүү шариатыбызда бар. Аны сүннөт деп билебиз. Арча түтөткөн жерден шай-тан-шабыр качат, ар кандай оорулар тукум курут болот. Арча түтөтүүнү Ноорузга эле байлаган туура келбейт. Келин келгенде, журт которгондо, конок келгенде кыргыз дайыма эле арча түтөтүп келген. Ал эми сүмөлөк бышыруу түштүк кыргыздары-нын, коңшулаш өзбек, тажиктердин, ал эми көжө

Page 92: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

92

Чубак ажы Жалилов

кайнатуу түндүк кыргыздарынын, коңшулаш ка-зактардын илгертен келе жаткан жазгы үзүмчүлүк тамагы. Андан кыйкым издөөнүн кереги жок. Мек-ке шаарында жашап жүргөнүбүздө коңшуларыбыз сүмөлөк кайнатчу эле, эч кандай ноорузу жок эле...

Андан сырткары кайсы бир күндү майрам ту-тунуу, шариатыбыздын бир өкүмүн аткаруу демек. Майрам деп белгилөө Кудай Таалама таандык жумуш. Аллах Таала Куранда "Жакшы иштерде бири-бириңерге көмөкчү болгула! Жаман, күнөө иштерде бири-бириңерге жардамчы болбогула!", деп баса белгилейт. Пайгамбарыбыз алайхис са-лам айтат: "Ким кайсы коомго окшошсо, ал ошол коомдон болот!".

Дагы бир жолу айтам, бул сөзүм мусулмандар үчүн айтылган кеп...

Урматым менен бир тууганыңар Чубак ажы.

2013, 20-март.

Page 93: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

93

Көк бөрү арамбы?

КӨК БӨРү аРамБы?

Улуттук кайра жаралуу доору деп айтсам туу-ра болобу (?) же улуттук кайра калыптануу

доору десем андан да түзүктөй болгону турат, айтор мурда артистер эле кийчү кыргыздын улуттук ки-йимдерин кийүү кадимкидей көрүнүшкө айлан-гандыгы көңүл жылытат. "Ислам кийимдеринин модасы" сыяктуу иш чаралардын өтүүсү да улуттук маданиятыбыз менен ислам маданиятыбыздын жуурулушунун камсыздайт.

Менин айтайын дегеним ушул сыяктуу көңүл жылыткан башка маселе "көк бөрү" же "улак тар-туу" улуттук оюну тууралуу болмокчу. Эзелтеден улак тартып келген ата-бабаларыбыз. Кадырлуу конок келсе улак тарттырып тосуп алган. Кыргыз мусулман динин кармангандан кийин деле Адиги-не, Тагай бийлер Исламды дин тутунууну жалпы кыргыз атпайга ыктыяр кылгандан кийин деле бул туураасында өрөскөөл сөз айтылбаптыр. А бирок заман акыр жер такыр болгон акыркы убактарда улак тартууну "арам, шариатка каршы келет" деген кадыр-барктуу кээ бир молдокелерден угуп калып жүрөбүз. Улакка чабылган аттарды эпсиз кыйнап коюу, союлган торпок менен текени кыйнап тарт-кылоо жана улак тарткандардын намаз окубай коюусу, кээде улак тартылган жерде ичимдиктин ичилүүсү сыяктуу маселелерди жүйөгө тартып жү-рүшөт. Ушул айтылган сөз канчалык туура? Канча-лык шариаттуу?

Дегеле кыргыздын нарк-насилине, каада-сал-тына байланыштуу маселерге фатва бергенде, кыр-гыздын ичинде чоңойгон, анын тилинде сүйлөгөн адам болуусу кажет. Ысык чөлдүү арабыстандан келген дамбылданын фатвасы жарабай калат кээде кыргызга. Анткени фатва берүүдөгү негизги эсте ту-тулчу маселе, "фикхул ваакиь" маселеси. Фатва бере

Page 94: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

94

Чубак ажы Жалилов

турган маселесин толук элестете албаса, ага кантип фатва айтмак эле. "Көчпөс үй, учпас тоок" болуп ол-турган журттардан чыккандардын дегеле көк-бөрү туурасында фатва берүүгө шариат тараптан укугу жок. Ошондой эле "Манас" эпосун окубаган адам-дардын да мындай-тигиндей деп сөз чоюусу туура эмес болуп калат. Чыккан кыз чийинден сырткары дешчү беле илгертен...

Дагы бир айта кетчү маселе, төмөндө Надыр-бек ажы Алымбековдун "Куттуу Куран" аттуу Куран аяттарынын маанилерин ыр менен жазган чыгар-масынан келтирүүнү туура таптым. Албетте, ар бир инсан тараптан аткарылган эмгекте кемчилдик болбой койбойт. Ыр түрүнө жазылган эмгекти кээ бирлер жектеп, андай таризде жазылуусу туура эмес деп айтышат. Албетте ал сөздүн өзү туура эмес. Ким кандай усулда түшүндүргөнгө кудуреттүү болсо, ошол усулда жазат эмеспи. Алыкулду кара сөз ме-нен жазбадың, же Чыңгызды ыр менен жазбадың деп айтуубуз дурус эмес болот. Надырбек ажы акын катары кара сөзгө караганда ыргак менен жазуу жөндөмү күч болгондуктан, ошого багыт алыптыр. Аны жектөөнүн кереги жок. Туура, кээ бирлердин Курандын сөз тизмек түзүлүшүндөй көркөмдүктө беремин, ар бир сөздүн ордун табамын деп опуру-луусу жеткен акылсыздык болот.

Кеп оролу шариатта...Ыйык Куранда жылкы баласы жөнүндө айтылат:• Аадияат сүрөөсүнүн 1-5- аяттарынын тафси-

ринде: "Күлүктөргө ант!Туягынан от чачырап (кай бирде),Энтигишип, күйүгүшкөн чапканда,Таңга маал жоону каптап, дүңгүрөп,

Page 95: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

95

Көк бөрү арамбы?

Арт жагынан чаң көтөргөн асманга.Учур келсе жарып кирген топ бузуп,(Учур келсе,Жардам берген жоодон аман качканга)", деп

Аллах Тааланын касам менен айтуусу жылкы туку-мунун фазилет-артыкчылыгына берилген баа экен-диги талашсыз кеп. Демек, жылкы фазилеттүү жа-ныбар. Аны менен куусак жетип, качсак кутулабыз.

• Нахл сүрөөсүнүн 8-аятынын тафсиринде:"Ал жаратты эшек, качыр, аттарды,(Тойго минсең мындан өткөн барк барбы?)Ылайыктап салтанаттуу жүрүштү,(Түзүп берди эң бир сонун шарттарды).Ал жаратат,(Өркүндөтөт адамдардын өнөрүн,Бийиктигин, ылдамдыгын, көлөмүн).А силер болсо билбейсиңер чынында,(Келечекте кандай амал берээрин)", деп Аллах

Таала жылкыны минүүгө, короолорубуздун көр-күнө көрк кошууга жараткандыгын, андан башка да биз билбеген пайдалуу жаныбарларды жарат-кандыгын билдирет. Демек, жылкы момундардын зыйнаты.

• Аали Имраан сүрөөсүнүн 14-аятынын тафси-ринде:

"Аял чиркин сулуулуктун (башында),Бала чиркин кандай таттуу (жашында).Алтын-күмүш, күлүк атың, мал-жериң,Айтып бүткүс, кандай кымбат асыл баа.Бул ушул дүйнөдө пайдалуу.(Кооздуктар калып кетет ким өлсө,Коштоп келбейт топуракка түнөсө).

Page 96: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

96

Чубак ажы Жалилов

Ал эми,Жараткандын (даярдыгы өзүнчө),Жаннаты бар жерден кооз миң эсе", деп Аллах

Таала пендезатына сыноо үчүн аялдарды жакшы көрүү делебесин, перзенттерге болгон тартылуу се-зимин, топтолгон алтын-күмүштөрдү, көркөм-су-луу, асыл-тукум жылкыларды, төрт түлүк малды, бакзар, эгин талааны жакшы көрүүнү насип этти. Айтылган нерселерди пенденин көңүлүнө сүйүктүү кылып койду. Булардын бардыгы жалган дүйнөнүн жасалгасы. Чыныгы ырахат Кудай Таалам момун-дарга даярдаган жаннатта болоор деп баяндады. Демек, жылкыларды жакшы көрүү сезими инсан-дын табиятында бар. Аны жектөөгө болбойт.

• Анфаал сүрөөсүнүн 60-аятынын тафсиринде:"(Эй момундар!)Согушкула шайманыңар шай болсун!Курал-жарак, камылгаңар бай болсун!Душман көрсө атчандарды тизилген,(Көңүл кантип андай кезде жай болсун?)

Коркуп турсун каршылаштар –душмандар!(Коркуп турсун купуя сыр туткандар!)Силер билбес касыңар бар жашыруун,(Эртең бөрү, бүгүн майда чычкандар).Андайлардын Алла билет жөн-жайын,(Алар душман ниеттерин бузгандар).

Сарп кылсаңар Алланын ак жолуна, Кайтарылат толук бойдон колуңа.Алла жактан силерге жок зулумдук,(Жамандык жок жакшы иштердин соңунда)",

Page 97: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

97

Көк бөрү арамбы?

деп Аллах Таала момундар душманга каршы чык-кан убакта колдон келген күчтү камдап, атчан ас-керлерди согушка даярдап коюунун милдеттүүлү-гүн баяндайт. Анткени атчан аскерлердин сүрү бар. Ачык душман да, котур ташын мойнуна каткан жа-шыруун душман да мына ушул атчан аскерлерден коркуп душмандыгын ачыкка чыгаралбай турган-дыгын айтат. Демек, жылкынын сүрү, атчан аскер-дин кудурети өзгөчө мааниге ээ.

Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Жылкы-нын маңдайына жакшылык кыяматка чейин жа-зылган. Жылкы баккандардын жылкы багуусуна жеңилдик көмөк көрсөтүлөт. Жылкыга жем-чөп бе-рип баккан адам садака берген адам сыңары!" (Абу Иваана Муснадында 4\449, Ибну Хиббаан 4674, Та-барааний Муьжам кабиирде 22\339, Хааким 2\100). Пайгамбарыбыз алайхис салам жылкы жаныбарды жакшы көргөн. Аны таптаганды, бакканды, чабан-дестикти жактырган. Ал эле эмес жылкынын ур-матын да жайына койгон. Эркиндик, эгемендүүлүк үчүн болгон жихадта жөө адамга бир насип олжо ыйгарса, атчан адамга эки насип олжо ыйгарган. Пайгамбарыбыздын өзүнүн беш аты болгондугу айтылат, кээ бир маалыматтарда он тогуз жылкысы болгондугу да белгиленген.

Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Атыңар-ды үйрөткүлө! Мингенге жана согушканга көндүр-гүлө! Бул кыл куйрук үйрөткөнүңөрдү үйрөнөт!" (Табарааний Муьжамул кабиирде 8\112).

Пайгамбарыбыз алайхис салам башка хадисте мындай дейт: "... мусулман адамдын жаа атканды үйрөнүп машыккандан, атын тарбиялап үйрөткөн-дөн, ак никелүү аялын эркелеткенден башка алек-тенген оюндары убакытты текке кетирүүчү "лах-вун" деп билинет" (Абу Дауд 2513, Термизий 1637, Насааий 3578, Ибну Маажа 2811).

Page 98: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

98

Чубак ажы Жалилов

Айтор, Пайгамбарыбыз алайхис саламдан ат ба-гуу, аны бапестөө туурасында ого эле көп риваяттар айтылат. Ушул риваяттарды жана ислам аалым-дарынан айтылган жылкы туурасындагы нускалуу кептерди баяндаган атайын адистешкен китептер бар. Мисал катары айта кетсек:

1. "Фазлул хайли". Хаафиз Димяатий 705-хиж-рада өткөн. Наваадир басма үйүнөн жарыкка чык-кан. (Жеке китепканамда бар)

2. "Рашахаатул мидаад фиимаа ятаьаллаку бис сафинаатил жияад". Аллаама Бахший Халабий 1098-хижрада өткөн (кол жазма).

3. "Акдул ажяаад фис саафинаатил жияад". Му-хаммад Пааша Жазааирий (замандаш). 1293-хиж-рада биринчи басылган.

4. "Ал хайлу ва фурсаанухаа". Нажииб бек Хуу-рий Лубнааний (замандаш). 1912-миладийде ба-сылган.

Улак тартыш оюну туурасында учкай кеп:Улак тартышуу туурасында Пайгамбарыбыз

алайхис саламдын осуяттарында ачык айтылбаган менен кыйыр түрдө ишаарат берет.

• Улак тартышуу аттын тарбия алуусуна, ке-рек болсо согушка кирүүгө тайманбастыкка тарбия-лайт. Жөн эле байгеге салуу, же жорго салдыруу, опоң-чычаң кылып ары-бери бастыруу менен ат тиешелүү тарбияга ээ болбойт.

• Улак тартууга чыккан жигиттер да жигиттик касиеттерди өздөрүнө энчилешет. Ошол жигиттер эл башына күн түшкөндө өтүгү менен суу кечип, ошол аттар ооздугу менен суу ичет.

• Улак тартууда аттар кыйналат деген бол-богон кеп. Биринчиден улакка тапталган аттарды салат, эшекти же башканы улакка салбайт. Экин-

Page 99: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

99

Көк бөрү арамбы?

чиден азыр эркин күндө кыйналып тапталбаса, кы-йын кезеңде ээсин жолго таштап, үркүп шаштыңды кетирген чалпоо аттын кимге кереги бар?! Элге ке-бин айтпаса эрендерден не пайда дегендей, ошондо ишке жарабаган аты согумга байлап, сүрсүтүп же-ген жакшы.

• Улак тартылганда тартылуучу торпок же те-кени кыйналат деген да болбогон сөз. Анткени ал небак эле союлуп, ичеги-карыны чыгарылып улак тартууга даярдалган. Анын жаны ооруп калат деген укмуштуунун төөсү жорго дегендей маани. Торпок союп мантууга майдалап кескенде кыйналбайт, шишкебек кылып ачуу сууга аралаштырып ачы-тып, оттун табына куйкалаганда кыйналбайт да, он чакты жигит ары-бери тартылаганда кыйналып калгандагысы күлкүнү келтирет. Тирүү тартып жат-кан болсо да болбойт деп айтсак болот эле.

• Улак тарткандар ичимдик ичишет деп эле улакты арамга чыгарууга болбойт. Анда машине ба-зарда ичимдик ичишет деп машине базарды жаап коюшубуз керек болобу? Туура, арак ичкен арам. Ал бардык жамандыктын башаты. А бирок иче тур-ган адам улак-сулагы жок эле ичип жатпайбы? Мен көп такыба жигиттерди билем, арак эмес ачыган айранды оозуна албайт. Улактын көркүн чыгарып тартып, аны көргөндө кыргыз болуп жаралып кал-ганыңа Жаратканга ыраазы болуп, көңүлүң көкө-лөйт. Деги эле чабандестердин арак ичип калган-дары акыр түбү ооматын сактап кала албайт. Ага алыскы-жакынкы тарых күбө.

• Улак ойногондор намаз убактысын өткөрүп жиберишет. Ошол себептен улак тартуу дурус эмес дегендин өзү дурус эмес. Футбол ойноп деле убак-тысын өткөзгөндөр бар. А бирок футболду ошол себептен арам деп айтыптыр деп этибарлуу аалым-дардын биринен деле укканыбыз жок. Ар бир нерсе

Page 100: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

100

Чубак ажы Жалилов

намазды калтырса, аны аткарган адам күнөөкөр болот. Куран окуп олтуруп, намаз окубай калса да күнөөкөр болот. Жогоруда айткан такыба дааватчы улакчы жигиттерибизден беш маал намазы эмес, тахажжудун калтырбагандарын билем. Азыр та-хажжудду эмес беш маалын эптеп окуганына шүкүр айтып жүргөндөр толтура.

Жогорудагы маалыматтарды жыйынтыкта-сак улак тартуу сүннөт болуп чыгат. Анткени Пай-гамбарыбыз алайхис салам айтып жатпайбы: "Атты тарбиялоо үчүн ойносоң, ал оюнга эсеп болбойт, ал ибаадат!", деп. Никелүү аялын эркелетүү сүннөт болгондой эле, улак тартуу да сүннөт.

Акыйкый мусулман болуу үчүн төмөнкү адеп-терди ар бир улакчынын биле жүргөнү ийги:

• Атты жөндөн-жөн башка чаппоо. "Ат сыйла-ган жөө калбайт".

• Жарабаган атты улакка алып кирбөө. "Ат, ат-тан кийин жат", дейт кыргыз. Адегенде таптап, ан-дан кийин сал.

• Улакка кызыгып кетип намаздын убагын чыгарып жибербөө.

• Улак оюну кумарга айланып кетпөөсү үчүн, улак ойногондор өздөрү эки тарап болуп бири-би-рине соорун сайбоосу. А бирок, үчүнчү тарап соорун сайып, байге коюп берсе максатка ылайыктуу болот.

• Улакчылар жаман, богооз сөздөр менен сө-гүнүүнү токтотуу керек.

• Улакчылардын билермандары койгон эре-желерди бузбастан, аны сактоо.

• Пайгамбарыбызга жага турган иш жасап жаткандан кийин, улакчы арак деген арамды оозго албоосу. Дегеле ошол нерсени жашоодон чыгарып койсо, андан жашоо кызыксыз болуп кетпейт.

Page 101: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

101

Көк бөрү арамбы?

• Улакты шылтоолоп, кегиңди ала албай жүр-гөн башка бир мусулманды камчы менен башка чаппа.

• Улакчылардын аксакалы болуп калган карт улакчылардын урматын жайына кой, сен да бир күн карырсың. Кумарың кармап улакка барсаң, кырчылдаган жаш жигиттер сага ашырып турса, көңүлүң көккө серпийт.

• Кээде урматтуу адамдар келип калса, атың-ды бир азга бере тур. "Ат аяган жер карайт, куш аяган көк карайт" болбо. "Жоргонун тери, эркенин жашы кургабайт" деп бере тур.

• Атың жок болуп улакка барсаң, сага урмат кылып атынан түшүп берсе, бир эки айланып, кай-ра ээсине бер. "Ат мингендики, тон кийгендики"деп кечке эле аттын белин оорута бербе. "Ээси келсе бээсин бер" кыл.

• Улакка киргениңде бисмилланы айтып, Ку-дай Таалама тобокел кылып, сооп үмүт этип кир.

Кудайым акыйкатты акыйкат деп билдирсин, билген акыйкатка эргешкенди насип кылсын. Ку-дайым туура эмести туура эмес деп туюндурсун. Туюнган туура эместен алыстаганды насип кылсын. Кудайым Пайгамбарыбыз алайхис саламдын сүн-нөтүнөн айрыбасын. Омийин.

Урматым менен Чубак ажы.

Page 102: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун
Page 103: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

СуРоо жооП

Page 104: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун
Page 105: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

105

Суроо жооптор

аялына айтпай башка аялга нике кыйдыр-са боло берет деп эркектердин кулагын кызыт-пай, андан көрө балдарыңарды ойлогула деп насаатыңызды айтпайсызбы? 077219...

-(Күлүп) Эркектер балдарыңарды ойлогула. Канча аялы болбосун баарын бирдей тамак-аш, жа-такана, кийим-кече, окуган болсо окуусу менен кам-сыз кылууга милдеттүү. Андан сырткары моралдык жактан жардам берип, аялдардын муктаждыгын канааттандыруусу милдеттүү. Анан биздин эркектер бирөөсүн эптеп бага албай, намаз окубай, орозо кар-мабай жатып эле экинчисин алам дейт. Материал-дык жана моралдык жактан баарын бирдей камсыз-дай албаган эркек күнөөкөр болот. Негизи экинчи аял алуу коомдогу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Бир аял балдары менен жесир калып, аларды бага турган адам жок калганда аны камсыз-доо максатында аялдыкка алса болот. Жөн эле жар-дам берсе эмне үчүн жесирге келип атат деп айты-шат да. Ошондуктан никелеп алып, анын балдарына тарбия берсе сөз болбойт. Пайгамбарыбыздын аялы Айша энекебиз гана мурда күйөөгө чыккан эмес. Калгандары баары жесир калган кемпирлер бол-гон. Пайгамбарыбыз аларды камсыздоо максатын-да алган. Бизде болсо 18 жаштагы кыздарды алып алышат. Бул туура эмес. Алардын күйөөгө чыгууга жесирлерге караганда шансы көп.

-Эжемди жездем көп жолу (30га жакын) “кет, башка аял алам” деп кетирип, кайра жа-рашат. Ичет, ойнойт. Эжемди эч жакка бас-тырбайт. терезени караса да “кимди карап жатасың” деп урушат. Кандай болот? 077216...

-Ачууланып же кызганып “кет, жашабайм” десе эле талак түшө бербейт. Чындап ажырашуу ниетинде айтылса талак түшөт. Мунун баарын жездеңизден так-тап сураш керек. Алла жездеңизге ынсап берсин. Пай-гамбарыбыздын кулк-мүнөзүн насип кылган болсун.

Page 106: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

106

Чубак ажы Жалилов

-Эки эркектин жыныстык катнашка кир-гени күнөө эмеспи? Бул оорубу же Кудай та-рабынан берилгенби? 077881...

-Бул албетте арам, күнөө! Бул нерседен алыс бо-луу керек. Эркек менен аялдын никесиз байланышы арам. А бул андан да жийиркеничтүү. Эгер Ислам өл-көсү болгондо булар чоң жазага тартылуусу милдет-түү болот. Эркектер Кудайдын каарынан коркушу ке-рек. Врачтардын жардамы менен дары-дармек ичип, өздөрүн оңдогонго аракет кылуулары керек.

-тааныш байкем 5 маал намаз окуйт. Кээ-де чарчадым деп пиво ичип коёт. Боло бере-би? 077868...

-Градусу бар, мас кыла турган пиво арам эсеп-телинет. Ал эми алкоголсуз, градусу жок пиво квас-тын эле өкүмүндө. Бирок Кыргызстандын шартында мындай пиво барбы, билбейм. Эгер чарчадым деп арак, арам ичимдик ичсе шариятка туура келбейт.

-жолдошум 5 убак намаз окуйт. 4 айга Па-кистанга да барып келди. Бирок үй оокаты менен иши жок. Эртеден кечке мечитте. да-ватка барам деп жүрүп үйлөнүп да алды. же менин жообумду бербейт. Эмне кылсам бо-лот? 077819...

-Эгер сизди карабаса, кечке мечитте жүрүп алса төркүнүңүздү, кайын журтуңузду чогултуп маселени ортого салып көрүңүз. Шариятта эркек аялын, үй-бүлөсүн толук түрдө багууга милдеттүү. Камсыз кылбай аларды карыз алууга мажбур кы-луу арам эсептелинет. Эгерде аны аткарбаса намаз окубаган, орозо кармабаган, зына кылган сыяктуу эле күнөө болот.

-жашым 43тө. намаз окуганыма 3 ай бол-ду. 5 убак окууну чын ниетимден каалайм. Ба-зарда контейнерим жок, бурчта эле отурам. Бешим, аср намаздарынын парзын куптан-

Page 107: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

107

Суроо жооптор

га кошуп окуса болобу? Базарда кышта суук-та даарат алуу кандай болот? Суук тийсечи? 077273...

-Аллахым намазыңызды кабыл кылсын. Аллахтын сизге хидаят берүүсү менен куттуктайбыз. Кышында суу муздак болуп даараткана маселеси келип чыккан-да кагаз же башка каражаттар менен тазаланып алууга болот. Бешим, аср намазын окууга мүмкүн болбой кал-ганда каза намазын окуйсуз. Бирок убагында окуганга аракет кылып көрүңүз. Балким буюмдарыңызды жый-нап мечитке барып келерсиз. Ниет кылган болсоңуз Ку-дай сизге дагы жеңилдик берет. Балким кышка чейин намаз окуп, соода кыла турган жерге туруп калаарсыз.

-Балыкты жесе күнөө дешет. туурабы? улан

-Туура эмес. Болгону балык союлбайт. Тутулган бойдон жей беришет. Жандыктардын ичинен ба-лыкты бисмилла айтып сойбостон эле жесе болот.

-мен нас чегем. мага өтө күчтүү таргиб айтыңызчы, чекпей калайын. алла ыраазы болсун! 077912...

-Нас чегүү дааратты бузбайт. Бирок бузбайт десе эле чеге берүүгө болбойт. Мисалы, эшектин тезеги деле, дааратканадагы нерселер деле дааратты буз-байт. Нас өтө ыплас нерсе. Алланы мактаган ооздо ыплас нерсе болуусу ылайыктуу эмес. Андан сыртка-ры ден соолукка өтө зыян. Зыяны болбогондо деле пайдасы жок. Жаман нерсени оозуна салып алып кайсы бети менен Кудайдан суранат.

-ажырашканыма 3 жыл болду. Кызым атасында. орто жолдо кыйналып кеттим. “Күйөөгө тийбе, тийсең кызыңды көрсөт-пөйм” дейт. Өзүмдүн аябай көңүлүм калган. Кызымды көргөнү барсам жатмайынча ке-тирбейт. Иним, байкем менен барайын де-сем, алар алыс жакта. Эмне кылам?055614...

Page 108: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

108

Чубак ажы Жалилов

-Эмне үчүн көңүлүңүз калганын билүү керек. Балким сиз тараптан же ал тараптан кемчилик бол-гон. Жаман адам болбойт, жаман кылык-жорук-тары болот. Ошол жоруктарын оңдогонго аракет кылган болсо жакшы болот. Жаман эркекти жак-шы кылып алуу сиздин колуңузда. Башка күйөөгө тийгенден мурда кызыңыздын атасы менен кайра жарашканга аракет кылып көрүңүз. Кызыңызды тартып алсаңыз деле болот. Шарият боюнча кыз-ды багуу сиздин укугуңуз. Турмушка чыгып кеткен учурда гана ал укуктан ажырайсыз. Анда кыз сиз-дин апаңыздын колуна өтөт. Сотко кайрылсаңыз болот. Бирок сотко кайрылаардан мурда дагы бир жолу жашап көргөнгө аракет кылыңыз. Эгер талак түшкөн болсо ал сизди жатмайынча коё бербесе, бул күнөө. Зына эсептелинет.

-Шарият боюнча туулган күн, майрамды кандай өткөрсө болот? гүлшат

-Шарият боюнча туулган күн өмүрдө бир эле жолу болот. Ар бир өткөн күн майрамдай күн. Жы-лына бир жолу белгилеп коюу Кудайга ыраазылык билдирбегендей болуп калат. Анан эми “40ка, 50гө чыгыпсың, Кудай мындан да көп жашты берсин” каалоо-тилек айтуунун эч кандай зыяны жок.

Шарият боюнча эки майрам бар: Курбан айт жана Орозо айт. Жума күн деле майрам. Бирок иш-тебей кой деген сөз жок. Биздин кыргызга майрам деп койсо эле Кудай берди деп, иштебей жатып алат. Анан да майрамга баарын жумшап коюп, жыл бою баласы кантсыз чай ичип отура берет. Бул жа-ман нерсе. Балдарыңдын курсагы ток, аялыңдын көз жашы акпаса, үйүң жайында салкын, кышын-да жылуу болсо, балдарың каткырып ойноп жат-кан болсо ошонун өзү майрам. Майрам – адамдын жүрөгүнө кубаныч тартуулоо. Ал эми 8-март деген болбогон майрам бар, андан да жаман Валентин

Page 109: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

109

Суроо жооптор

күнү дегени бар. Дегеле бизде майрамдар көп. Кыр-гызстан майрамдардын мамлекети болуп калды. Негизи ар бир күн майрамдай болушу керек. Бирок дайыма эле майрамдап, баш жазып жүрө бербес-тен иштөө керек. Адал эмгек менен оокат табылып аткандын өзү майрам. Алланы эстеп, зикир кылып жаткан күн – майрам.

-Бир таанышыбыз иеговада. Исламга кайтып келүүсү үчүн кандай дават кылуу ке-рек? Сиз менен кантип байланышсак болот? 077061...

-Менин телефон номурум (0312) 486530. Кудай таанышыңызга хидаят берген болсун. Аны илимдүү адамдар менен жолуктурганга аракет кылыңыз. Же өзүңүз билсеңиз айтып бериңиз. Алар акыйкатты таап алганынан жүргөн жери жок. Болгону алардын жылуу сөзүнө арбалып жүрөт. Көк-Жардагы Иляз устаз инжил боюнча чоң адис. Ошого жолукса баа-рын айтып берет.

-Сессия башталып атамдан акча сура-сам, бергендин ордуна уят сөз менен сөккөн. “жалгыз кызыңызга таап бербесеңиз кандай атасыз. Сизден сурабай кимден сурайт элем” дегем. акчасы бар туруп жок дейт. азыр ал экинчи аялы менен шаарда. Биз айылда. ая-бай кыйналып кеттим. жашагым келбей кал-ды. Кеңеш бериңизчи. нази

-Атага таарынбайт, садагаң кетейин. Ата де-ген кээде урушуп коёт. Ата баласын өлтүрүп койсо, аны үчүн ата өлтүрүлбөйт. Башка жаза колдонулат. Бул деген ата-эненин мээрими чексиз деген маани-де. Балким ошол учурда атаңыздын маанайы чөгүп тургандыр. Катуу айтып койгон болсоңуз атаңыздан кечирим сураңыз. Ата-энеге таарыныч, кек сактаган адам эмес, малдын да иши эмес. Ата-эне деле пенде. Алар да ката кылышат. Кечире билүү керек. Ошон

Page 110: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

110

Чубак ажы Жалилов

үчүн эле өлүп алгым келет деген акмакчылык. На-маз окуңуз, Кудайдан үмүт үзбөңүз. Атаңыздын ма-милеси динсиздиктен келип чыккан маселе. Динди түшүнгөндө антип айтмак эмес. Ал эми өзүңүз аракет кылып окуп, сессияны тапшырыңыз. Паракордук арам. Жакшы окуп, жооп берип турсаңыз деле баа койбой туруп алса акча берсеңиз болот. Окубай туруп эле акча менен бүтүрүп коюу арам.

-Күйөөсү башка аял менен жаткан болсо нике бузулабы? айдай

-Нике бузулбайт, бирок күйөө зынакор эсепте-лип, кыяматта буга жооп берет. Анан күйөөсү жат-паса деле күмөн санап, аңдып алуу туура эмес. Адам адамга ишениш керек. Ишенимдин негизинде гана жашоо болот. Күйөөлөргө айтаарым, бул эч ким тек-шербейт, жүрө бергиле деген сөз эмес. Алланын көз жаздымынан эч ким сактана албайт.

-тааныбаган уйгур бала ала качып, зордук менен жаткырып, молдо никемди кыйып сал-ды. Эртеси кетип калдым. Күнөө эмеспи? Ку-дайдан күнү-түнү тилеп бактыма да жолуктум. азыр күйөөм, бир балам бар. 077017...

-Ушундай иш болуп калгандан кийин уйгур ме-нен деле тагдырыңызды сынап көрсөңүз болмок экен. Бирок анын кылганы арам, туура эмес. Эгер уйгурга нике кыйганга макулдугуңузду берген бол-соңуз, аны менен никеңиз сакталуу болуп, азыркы жашооңуз туура эмес. Биринчи никеңиз барбы, жок-пу текшерүү керек. Анан экинчи никеңиздин жарак-туу экендиги аныкталат. Сотко бериш керек болчу ала качкан акмакты.

-намаз окуган адам спорттун бардык түрү менен машыкса болобу? Шарият жол береби же күнөө болобу? 077276...

-Спорттун кайсы гана түрү болбосун ден соолук-ка пайдалуу, акыл-эсти өстүрө турган болсо уруксат

Page 111: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

111

Суроо жооптор

берилет. Бирок бокс деген нерсе бар адамдын ба-шына уруп ойногон. Аны спорттун бир түрү катары үйрөнсө болот, бирок башка урбай, атайын курал-дарды колдонуу менен. Аны кесип кылып алган болбойт. Спорттун кандай гана түрү болбосун на-мазды калтырып жатса арам эсептелинет. Намазды убактысында окуу керек. Анан футболго, күрөшкө жылаңачтанып чыгып алышат. Эркектер киндиктен тизеге чейинки аралыкты жаап ойногондугу жакшы болот. Ал эми топтун артынан чуркап жүрүп убакыт-ты өткөрүп бала-чака ачка калса, бул арам.

-жүрөгү түшкөндү көзү ачыктарга, та-быптарга көтөртсө болобу? жүрөгү түшкөнгө кайсы сүрөөнү окуп дем салса болот? Өзүнө өзү дем салса болобу?

-“Фатиха” сүрөөсүн окуп, сууга дем салып ичсе-ңиз же жуунсаңыз болот. Көзү ачык, бакшыларга барганга таптакыр болбойт. Ал эми айылдагы табып сыяктуу, колунда эми бар, Кудай тарабынан берил-ген таланты бар кемпирлер балдардын жүрөгүн кө-төрүп коюшат. Бул жакшы нерсе. Анткени алар бак-шы эмес, мээримдүү, таланты бар адамдар.

-достор менен баняда парда отуруп, бас-сейнге түшсө болобу? Бассейнге ич кийим-чен же простыня менен түшүрбөйт. 077726...

-Достор менен болсо ич кийимчен, тизеге чейин жабылган шейшеп менен түшсө болот. Баары жыла-ңачтанып малдай болуп жүргөнү арам.

-түнкүсүн иштеп, күндүзү үйдөмүн. Ба-гымдат намазын ошол жердеги мечиттен окуйм. анан үйгө келип уктап калам. Кээде бешимди күтөм. анан кулайм. жумушумду таштасамбы? 077914...

-Жумушту таштабаңыз. Бешим намазынын уба-гы аср киргенге чейин боло берет. Асрга чейин туруп окуп коёсуз.

Page 112: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

112

Чубак ажы Жалилов

-аялдардын этек кири келген убактагы намаз каза болобу же окулбайбы? 077243...

-Окулбайт. Бул Кудай тарабынан берилген же-ңилдик.

-Беш маал намаз окуган, бир турмуш ба-шынан өткөн, баласы бар болсо мастуратты кантип алса болот? 077012...

-Эгерде мурдагы күйөөсүнөн талак алып, башы бош болгон болсо никелеп ала бересиз.

-менин колума сөөл жайнап кетти. окут-сам жолум жабылбайбы? 077333...

-Окута бериңиз. Эч нерсе болбойт. -аллах менен Кудай бир адамбы? же баш-

ка башкабы? 077843...-Адам деген Кудай жараткан макулук. Кудайды

адам дебейт. Кудай фарс тилинде, Алла араб ти-линде. Айырмасы жок, баары бир затка, Улуу жара-туучуга айтылган сөз.

-мен иштеген дүкөндө спирт ичимди-ги сатылат. ал жерде намаз окуса болобу? 077318...

-Кээ бир аалымдар болбойт деп айтышат. Ичим-дик кыбыла тарабыңызда турган болсо намазыңыз макүрү (жаман) эсептелинет. Бирок башка бөлмөдө кыбыла тарапта арам нерсе турбаган болсо намаз дурус болот. Негизи ошол жерде иштеген жакшы эмес. Арам нерсе сатылбаган жерден жумуш тапкан-га аракет кылыңыз.

-18 жашымда турмушка чыгып, 4 жыл жа-шап, төрөбөй ажырашып кеткенбиз. Күйөөм үйлөнүп балалуу болгон. азыр ал “сага кайра үйлөнөм. Экөөң менен жашайм” деп атат. Ка-йын журтум үзбөй кабар алып турушат. ма-кул болсом күнөө болбойбу? 077318...

Page 113: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

113

Суроо жооптор

-Макул болсоңуз жакшы болот. Керек болсо тиги төрөгөн болсо багып алсаңыз андан бетер жак-шы болот.

-жолдошум намаз окуйт. мен да окуп баштадым. окуй электе бирөө менен жаткам. Күндө тообо намазын окуп алладан кечирим сурайм. Кечирилеби? 077832...

-Иншаллах кечирилет. Кудай кечиримдүү. Ширктен башканын баарын кечирем деген. Ошол күнөөнү бирөөгө айтыштын кереги жок. Күнөөнү башкаларга айтуу дагы бир күнөө. Жолдошуңузга айтып алып ызы-чуу болуп жүрбөгүлө.

-Калың бергенде кайра эле кызга сеп кы-лып берет. Эми махр да бериш ваажиб болобу?

оронгон келин үйдө жоолугун артка салы-нып, моюн тарабы кайын ата, кайын агасына көрүнсө болобу? никеде кыздын жообун кү-бөлөр угушу шартпы? назданып унчукпаса-чы? 077774...

-Калың кыргыз тилинде, махр араб тилинде. Экөө бир эле нерсеге айтылган. Сеп милдеттүү эмес. Сеп кыздын өзүнүн мүлкү. Кыз ажырашып кетип калса кээ бир акмактар калың бергенбиз деп септи алып калышат. Миллион доллар ка-лың берген күндө да септи алып калганга акы-сы жок. Калың сеп үчүн берилбейт. Калың – кыз үчүн белек.

Кайнатасынын көзүнчө жылаңбаш жүрсө болот. Кайнагаларына көрсөткөнгө болбойт. Анткени алар махрам (никеге турууга болот) эмес (намахрамдар)..

Кыз унчукпаса нике кыйылбайт. Сөзсүз түрдө айтышы керек. Такыр эле уялып айта албаса “менин атымдан айтып кой” деп өз өкүлүн жөнөтүшү керек. Кыз бир гана атасынын жана чоң атасынын алдын-да уялып унчукпаганы эсепке алынат.

Page 114: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

114

Чубак ажы Жалилов

-жашым 22де. ата-эне каршы болуп жат-са үйлөнсө болобу? “2-3 жыл күт” дешет. Өзүмдү карманууга сүннөт менен кандай аракет кылсам болот? Кыздарды көргөндө оюм бузулат. же такыр көчөгө чыкпаш ке-рекпи? 077876...

-Дароо үйлөнүңүз. Эгерде бир күндө бир нан тапканга акчаңыз жетсе үйлөнүңүз, аялы-ңыз менен бөлүшүп жейсиз. Кудай ырыскысын берет. Ата-энеңизди укпаңыз. Үй алып, мебель алып, машина алып анан үйлөнөм дегендер болбогон сөз. Үйлөнүү колуңуздан келбесе оро-зо тутуңуз.

-атам аракты көп иччү болду. Эмне кылуу керек? 055192...

-Кудайдан суранып, дуба кылыңыз. Алла ынсап берсин. Мүмкүн болсо даватка чыгарыңыз, жакшы болуп кетет.

-азыркы кезде кыздар ачык-чачык эле кийинип жатышат. Шариятта бул күнөөбү? 077863...

-Ооба, күнөө. Кыяматта жооп беришет. -түндө уктап жатып көп сүйлөнөм. Күндү-

зү ойлогон нерсени айтып салам. муну кал-тырса болобу? 077833...

-Калтырса болот болуш керек. Жатаарда айтыла турган дубаларды айтып, намаз окуп даарат менен жаткан болсоңуз жакшы болот. Куранда “намаз ме-нен жана сабырдуулук менен өзүңөргө жардам ал-гыла” деп жазылган.

-мени ала качып, каршы болгонума ка-рабай жоолук салып, бата беришкен. апама калбайм деп ыйлап келе бергем. Бир астана аттагандан кийин бактысы байланып калат дейт. туурабы? 077061...

Page 115: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

115

Суроо жооптор

-Болбогон сөз. Он жолу бата берсе деле сизге жакпаган болсо калыштын кереги жок. Келе берге-ниңиз туура болгон. Бирок баланы көрүп жактырып калсаңыз андан бетер жакшы болмок. Күйөөгө ти-йип алганыңыз чоң олжо болмок. Бирок кемпирлер астанага жатып алып, нанды тиштетип коюп, бак-тың байланып калат дегендейлердин баары ошол кемпирлердин жомоктору. Буга ишенбеңиз.

-Касида түшүнгөн молдолор тамыр кар-мап дарылашат. ошолорго ишенсе болобу? 077837...

-Тамыр кармап дарылоо молдонун эмес, табып-тын иши. Элдик табып болсо бул жакшы. Касида окуйт десе күчтүү молдо экен деп ойлошот. Касида – поэзия, поэма деген эле сөз. Пайгамбарыбыз алей-хиссаламды мактап жазылган ыр. Ал ырды арабча билгендин баары эле окуй берет. Касиданы окуган-дан көрө Курандын бир аятын ошондон он эсе аз их-лас менен окуса дагы аяттын таасири көбүрөөк болот. Өкүнүчтүүсү, Касиданы Курандан жогору коюшат. Куран – Кудайдын сөзү. Касида – бир адамдын сөзү. Куранды окуса андан миң эсе көп шыпаа берилет.

-менин кулагыма көбүнчө таңга маал эр-кек адам азан же сүрө айтып ойготуп жибе-рет. Коркуп кетем. нази

-Коркпоңуз. Бул Алланын сизге жиберген пе-риштелери. Намаз окуңуз. Мен Меккеде жүргөндө да ушинтип эрте менен ойготчу.

-мен окуучумун. намаз окугум келет. Би-рок мектепте хижап кийгенге уруксат жок. азыркы жаштардай кийинип эле намаз окуй берсем болобу? 077871...

-Хижап кийүүгө уруксат бар. Уруксат бербейм дегенди сотко берсеңиз болот. Бизде демократия. Намазды окуй бериңиз. Намаз менен хижап кийүү эки башка амал.

Page 116: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

116

Чубак ажы Жалилов

-намазды жаттагыча китепти карап окуса болобу? 077871...

-Болот. Бирок колдон келишинче тезирээк жат-таганга аракет кылыңыз.

-мага азан чакырып ат койгон эмес. Кү-нөө эмеспи?

-Күнөө эмес. Кааласаңыз мечиттин жанына ке-лип азанды угуп кетиңиз.

-досум машинасы менен кырсыктап, 4 бала каза болуп, рулдагы досум аман калды. Биз муну кырсык дедик. аны каматпай кой-сок күнөө болбойбу? Каза болгондордун туу-гандарына колдон келген жардамды берип жатабыз. 077871...

-Жардам берип жатканыңар жакшы. Досуңуз тообо кылып, Кудайдан кечирим сурасын. Катасын түшүнгөн болсо жетиштүү болот. Каматкан менен эч ким пайда көрбөйт.

-Биз бири-бирибизди абдан жакшы көрө-бүз. анын үй-бүлөсү бар. 1 жылдай никесиз жашадык. азыр нике бар. Күнөөбү? г-а.

-Никесиз жашаганыңар күнөө. Аны үчүн Кудай-дан кечирим сурагыла.

-жылдыз түшкөндө тилек айтсаң аткары-лабы?

-Жок, бул туура эмес. - 5 маал намаз окучумун. Бир жигит менен

сүйлөшүп баштагандан кийин окубай кал-дым. аракет кылсам да болбой жатат. Эмне кылам? 077843...

-Жигитиңизди таштаңыз. Жигит менен сүйлөшүү жакшы көрүнгөнү менен бул шай-тандын оюндары. Намазды жакшы ниет кы-лып баштаңыз.

Page 117: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

117

Суроо жооптор

-жумушка байланыштуу аялым экөөбүз бир жыл бөлөк жашадык. нике бузулбайбы? д....н

-10 жыл, 100 жыл бөлөк жашасаңар деле нике бу-зулбайт. Бөлөк жашагандан нике бузулат деген жок.

-3 айга чейин бойдон алдырса болобу? Спирал салса болобу? 055511...

-Бойдон алдыруу күнөө, арам. Эгер эненин ден соолугуна олуттуу зыян келе турган болсо же ичин-деги бала өлүп калган болсо алдырса болот.

Спиралды ден соолукка зыян келтирбесе жана бала төрөө жагымсыз жагдай жарата турган болсо салдырса болот. Жөн эле 2 бала жетиштүү, фигурам бузулуп калат, ишим калып кетет дегендей шыл-тоолор менен салдырса болбойт. Баланы 2 жыл эми-зүү керек. Врачтар менен кеңешип, кийинки баланы төрөгөнгө чейин салдырса болот.

-14 жашымда намаз окуп, кийин сабагыма байланыштуу окубай калдым. Күйөөгө тий-генден кийин сөзсүз окуйм деп сөз бергем. Ку-дайым мени кечирет болду бекен? мээрим

-Кудай күнөөнү кечирет. Бирок, күйөөгө тийген-ге чейин жашаарыңызды кайдан билесиз. Ажал ар мүнөттө келиши мүмкүн. Сабагым бар дегениңиз шылтоо. Намазды окуңуз.

-Эжем айткан “намаз окуп, өзүнө ылайык-туу кийинсе болот, кеп кийимде эмес, эң баш-кысы адамдын жүрөгү таза болушу керек” деп. 077273....

-Туура. Эң негизгиси жүрөктө ыйман болушу ке-рек. Ыймандуу болуп, ошол эле учурда кийимге да маани берүү керек. Аялдарга жоолук салынып, узун кийип жүрүүнү шарият буйруйт.

-Сиздей илимдүү адамдардын сүрөтүн ге-зитке чыгарса болобу? урмат

Page 118: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

118

Чубак ажы Жалилов

-(Күлүп) Биринчиден өзүмдү илимдүүлөрдүн ка-тарына кошпойм. Экинчиден сүрөткө каршылыгым жок, анткени бул колдо тартылган эмес, фотоаппа-рат менен тартылган сүрөт. Бул күзгүдөн карагандай эле таасир калтырат.

-уктап жатканда туруп алып сүйлөнүп кете берчү экенмин. молдого окутуп калтыр-ганмын. анын дин жактан зыяны жокпу? 077872...

-Зыяны жок. Жакшы болот. Дем салдыруу пай-гамбарыбыздын сүннөтү.

-Эмне үчүн көп аял алган эркектин мате-риалдык жагы гана эске алынат. физикалык жактан да күчтүү болушу керек да. Биринчи аялын төшөктө кандыра албай туруп, башка аялды катуу сүйүп калса, ага үйлөнүп алса бо-лобу? 077858...

-Албетте, материалдык эле эмес моралдык жак-тан, бардык тараптан камсыз кыла алганда гана уруксат берилет. Биринчи аялын эптей албай жатып экинчисин албаш керек. Шариятта төшөк маселеси-не чоң маани берилет. Айтканыңыз туура.

-ата-энемдин ажырашканына 16 жыл болду. Башка үй-бүлөсү бар, бирок апамдын жообун мусулманча берген эмес. Кандай бо-лот? 077873...

-Бул боюнча апаңыз менен сүйлөшүү керек. Кээде талак сөзү айтылбастан деле ажырашуу ыктымалы бар.

-жигитим менен жүргөнүмө бир жылдан ашкан. ал мени бузуп койгон, бирок менден качып жүрөт. 2 айдан бери аны көрө элек-мин. ар кандай ойлор келчү болду. Эмне кы-лаарымды билбей калдым. 077914...

-Тообо кылыңыз. Кудай жолуна түшүңүз. Сизге чала болду десем да жарашат. Жигит менен жүрүү

Page 119: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

119

Суроо жооптор

акыры ушундай нерсеге келип такалат. Жигитиңиз келсе дароо нике кыйдыралы деп айтыңыз.

-Хижаманы кайсы жерден алат? 077838...-Баштан, көкүрөктөн, желкеден, негизи эле

ооруган жеринен же ыңгайына жараша ала берет. -Сиздин оюңуз боюнча багымдат нама-

зын окуп, Кудай алдында таза жүрүп, бирок хижап кийбесе күнөө болбойбу? 077878...

-Намаз өзүнчө ибадат, хижап өзүнчө ибадат. Намаз окугандыгы үчүн карызынан кутулат, хижап кийбегени үчүн күнөөкөр боло берет.

-жигити менен өбүшсө 10 адамды өлтүр-гөнгө барабар деп уккам. чынбы? дилейла

-Бул туура эмес. Жигити менен өбүшкөнү күнөө. Кудай зынага жакындабагыла деп буйрук берген. Де-мек, өбүшүү, кол кармашуу, кучакташуу дагы арам.

-жолдошум менен ажырашканыма 3 жыл болду. ортодо 2 бала бар. Шаарга келип тур-мушка чыкканымдан 2 айдан кийин жолдо-шум каза болду. турмушка чыкканымды би-ринчи жолдошум билбейт. Кайра жарашсам болобу? 077245...

-Жарашсаңыз болот. Ага айтыш деле шарт эмес. Балдарыңыз өз атасы менен болгону жакшы.

-жалгыз баламын. Сүйгөн классташым экөөбүз үйлөнөлү десек ата-энем макул бо-лушпайт. Кантип көндүрөм? 077867...

-Көндүргөндөн мурда окууну бүтүп, иштеңиз. Чоң адам болуңуз. Ата-энеңиз жамандык каалабайт. Алардын сөзүн туура түшүнгөнгө аракет кылууңуз керек. Балалык сүйүүңүз кайра эле муздап калышы мүмкүн.

-Этек кир келген убакта маснун дубалар-ды окуса болобу? 077858...

Page 120: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

120

Чубак ажы Жалилов

-Болот. Хадистерде айтылган дуба болот. Куран-дын аяттарын дуба иретинде окуганга уруксат берилет.

-Күйөөм экөөбүз 6 жылдан бери никесиз жашайбыз. мечитке барып никеге турсак бо-лобу? г...

-Дароо барып нике кыйдыргыла. Намаз окуп, даватка чыгып, Кудайдан кечирим сурагыла.

-досум мусулман, бирок аныкы кесилген эмес. 19 жашта. Эмне кылыш керек? 077914...

-Биринчиден, жыныстык мүчөсүнүн башы толук ачылып жабылбаса гусул өтпөйт. Анда врачтарга ба-рып кестирүүсү керек. Эгер чоюлчак болуп ачылып жабылса кестирүүнүн кереги жок. Экинчиден, боло-чок аялы же өзү жыныстык катнаштан ырахат алал-баса кестирүү керек. Бул мусулманчылыкка тааси-рин тийгизбейт.

-Биз мусулман болуп мама, папа десек кү-нөөбү? 077245...

-Күнөө эмес, каалагандай айтса болот. Кыргыз болгондон кийин ата, апа дегени эле жакшы.

-жигитимден боюмда болуп калганын бил-бей калыптырмын. 2 айдан кийин нике кыйды-рып үйлөндүк. үйлөнгөндөн кийин боюмда бар экенин билдик. Боюнда бар аялга нике жүрбөйт деген чынбы? 2 балам бар. алар никесиз төрөл-гөн болобу? Күнөө болобу? 077050...

-Эгер боюндагы баланын атасы башка бирөө экендиги анык болсо нике жүрбөйт. Бала кимден болгон болсо ошого нике жүрөт. Никеңер бар.

-7-апрелде өлгөн балдарды шейит кет-ти деп жатасыздар. андай болсо эмнеге бир да сакалчан көрбөдүк. Шейит кеткендердин ичинде мастары да болгон. 077819...

-Шейиттер экиге бөлүнөт. 1. Алладан башка эч ким билбеген шейиттер. Кудай тарабынан бериле

Page 121: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

121

Суроо жооптор

турган даража. 2. Дүнүйөлүк шейиттер. Биз шейит болгонун биле албайбыз. Бирок шейит өкүмдөрүн аткарабыз. Мисалы, кийимдери менен көмөбүз. Би-рок сиз айткандарды жууп кепиндеп эле көмдүк. Шейит эмес деп деле айта албайбыз, аны Кудай би-лет. Кээ бир молдолор шейит кетти деп кыргызча эле баатырларча курман болду дегендей мааниде айткан болуш керек. Шейит кыргыздын сөзүндө да бар, мекен үчүн курман болду дегендей.

-түндө жатып сүйлөнө берем. Башка нер-сени сүйлөп жиберемби деп жолдошумдан коркчу болдум. Кантип калтырсам болот? 077833...

-Даарат алып, куптан намазын окугандан кийин “Аятал курси”, “Фатиха”, “Куль” менен башталган акыркы төрт сүрөлөрдү окуп, Кудайдан суранып жа-тыңыз. Жаман иштерди кылбаңыз, “казанда болсо чөмүчкө чыгат” дегендей жүрөгүңүздө жаман нерсе-лер болсо чыгат. Жакшы жүрсөңүз эмне үчүн жаман сөздөр чыгышы керек?

-10-класста окуйм. жигит менен жүрөм, экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз. ал мени алам дейт. ага ишенем. Сүйлөшкөнгө болобу? гүлү

-Анда нике кыйып алсын. Анан 24 саат бою сүй-лөшө бересиңер. Жөн сүйлөшкөнгө болбойт.

-Зына дегенди түшүнбөдүм. Кызык суроо болсо кечиресиз. 077352...

-Зына – шарият тараптан никеси жок адамдар-дын жыныстык байланышы. Мунун түрлөрү көп: аял эркек ортосундагы, аял менен аял ортосундагы, эркек менен эркек ортосундагы.

-5 убак намаз окуганга аракет кылып жа-там, бирок окуп жатканда оюм ар нерсеге кете берет. жоолук салынбайм, шым кийем, бирок ачык кийинбейм. Күнөөбү? 077815...

Page 122: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

122

Чубак ажы Жалилов

-Намазда ой бөлүнгөнү табигый көрүнүш. Ошондуктан бул эң чоң жихаддардын бири. Ку-дайдын ыраазылыгы үчүн чын ниет менен оку-ганга аракет кылыш керек. Намазды жакшылап окуй берсеңиз намаз жоолук салынтып, узун кий-дирип коёт.

-ажырашканыма 3 жыл болду. ал 6 айдан кийин үйлөнүп алды. мага талак бербейм де-ген. Күйөөгө тийсем болобу? Ө777750...

-Талак бермейинче анын аялы эсептелип, баш-кага турмушка чыга албайсыз. Бирок талак сөзү айтылбастан туруп талак түшүп калышы мүмкүн, “кет, жогол”, “мен сенин күйөөң болбой калдым, аялың болбой калдым. Ар ким өз тирилигин кыл-сын” деп жакшылыкча тарап кетсе никенин бай-лоосунан чыкты деген мааниде талак түшүшү ык-тымал. Мага кайрылсаңыз тагыраак жооп берем. (0312) 486530

-жашым 14тө. мага улуу кишилер ти-йишет. ызаланып кагып салгым келет, бирок дитим барбайт, улууларды сый-лайм. Кээде ыйлайм, өзүм курактагылар эле тийишпейби деп калам. Эмне кылам? Бир да досум жок. Корей тилин үйрөнүп Кореяга кетким келет. Ийгилик каалап коюңузчу. 077059...

-Алла ийгилик берсин. Кореяга болочок жол-дошуңуз менен кетип, жакшы иштеп келгиле. Кыз кишинин жалгыз жүргөнү болбойт. Чоң кишилер тийишкен убакта колуңуздагы нерсе менен же туф-лини чечип алып башына чабыңыз. Урматын билбе-генден кийин урматтоого татыктуу эмес алар. Өзүм теңдүүлөр тийишпейби дегендин кереги жок. Өтө боёнуп алсаңыз же кыска кийип алсаңыз баары эле карай берет. Шарият буюрган кийимди кийгенге аракет кылыңыз.

Page 123: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

123

Суроо жооптор

-2 кайнежем кирише беришет. Эч нерсе кылбасам деле жинге тие беришет. Сабырдуу болуп жакшы мамиле жасаганга аракет кыл-сам да мурдагыдай жакшы көрө албай кой-дум. дуба окуп жакшырта аласызбы же күч-түү дуба окуган молдо таап бериңизчи. аяна

-Аларды жаман көрбөңүз, бооруңуз ачысын. Ошондо жеңил болот. Алардын бары-жогун эске албай роботко сүйлөп аткандай түз эле мамиле кы-лып коюңуз. Булар ыйман жолунда жүргөн болсо мындай кылбайт эле деп аянычтуу мамиле кылга-ныңыз жакшы. Алла сабырдуулук, ынсап берсин деп дуба кылабыз.

-Эмне үчүн Куранды, намазды кыргызча окуй албайбыз? арабдар бизден өйдө тура-бы? 055708...

-Эгер кыргыз тилинде түшкөн болсо кыргыз тили өйдө турабы демекпиз. Биринчиден, Кудайдын ыктыяры. Экинчиден, араб тили бай болгондугу үчүн. Үчүнчүдөн, бардык адамдардын баш мыйзамы бир тилде болгондугу талапка ылайыктуу. Куран-дын кыргызча котормосун окуса болот. Намаздын араб тилинде болуусу шарт. Буга жооп берүү үчүн гезиттин бир бети арналыш керек.

-атам мас кезинде өзүмдү коргоп мушта-шып кеткем. атам мени “жети атаңдын кар-гышы тийсин” деп каргаган. “атанын сөзү ок” деп коёт. Кеңеш бериңизчи. 055323...

-Атаңыздан кечирим сурап, тообо кылыңыз. Атаңыз өлтүрүп койсо да унчукпашыңыз керек бол-чу. Арактын арты ушул.

-досторум саунага барышкан. алар 15 жашта. Күнөөбү?

-Жөн эле саунага барса күнөө эмес. Кыздар ме-нен барып, зына иштерге барса күнөө.

Page 124: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

124

Чубак ажы Жалилов

-Согушта адам өлтүрүп, ок тийип өзүң да өлсөң кыяматта жооп бересиңби? 077755...

-Адамды себепсиз өлтүрүү күнөө, жооп берет. Эгерде мекенди коргоп, динди сактап, үй-бүлөсүнүн абийирине тийип, зордуктап жатса өлтүргөн болсо жооп бербейт.

-Сиз канча жашыңызда намаз окуп баш-тадыңыз? 077755...

-Мектепти бүтүрүп, медреседе окуп баштаганда намазды баштагам.

-апам казакка турмушка чыгып 4 жыл жашап, ажырашты. азыр турмушка чыккан. Бирок, экөө менен тең жашайт.

-Кандай акмак апа! Андай болбойт. Никеси бары менен жашашы керек. Никеси жогу менен зына эсептелинет.

-намазды 5 убак окуу керекпи же 2 убак боло береби? 077841...

-Бул 5 сом карызым бар, 2 сомун эле берип кой-сом болобу дегендей сөз. 3 сомун да төлөп бериши-ңиз керек. 5 маал намаз буйрулган. Намаз окуу ме-нен энергия аласыз, жүрөгүңүз тазарат.

-адамдын сүрөтүн тарткан күнөөбү? -Адамдын сүрөтүн фотоаппарат менен тартуу кү-

нөө эмес, кол менен тартуу күнөө. -даваттын мааниси кандай жана максаты

эмне? максат -Жакшылыкка, динге чакыруу деген сөз. Макса-

ты адамдарга акыйкатты жеткирүү. -Бейиш жөнүндө айтып берсеңиз. 077245...-Мусулмандардын туура жолдо жүрүп, Алланын

буйруктарын аткаргандыгы үчүн Алла тарабынан бериле турган сыйлык. Бул акыреттеги түбөлүктүү жыргал жашоо.

Page 125: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

125

Суроо жооптор

-таанышым 5 убак намаз окуйт. ачык ки-йинет. Күнөөбү? 077275...

-Намазы иншаллах кабыл болот. Алла жоолук салынууну насип кылсын деп суранабыз.

-Кыяматта меккедеги Кааба сакталабы? 077245...

-Кааба дагы дүйнөдөгү жашоого кошулат. Эгер кыямат болуп жердин баары оңторулса ал деле бу-зулуп кетиши мүмкүн. Ал таштан тургандыгы үчүн эмес, балким Алла ал жерди кыбыла кылып берген-диги үчүн касиеттүү.

-ата-энемдин сүрөтүн үйгө илип койгом. Периште кирбейт деп жазылыптыр китепте. 077273...

-Сүрөт бар үйгө периште кирбейт. Сүрөт илүү болбогон нерсе, шариятта эле эмес кыргыздын сал-тында да жок.

-атам бакшыга үйлөнүп алган. аялы биз-ди батырбайт. атам өзгөрдү, балдарым деп эзилбейт, ичип калыптыр. Инимдин тою-на өз атам да, өгөй атам да катышса болобу? Ө7702908...

-Экөө тең катышса болот. -Бир жарым жылдан бери балалуу болбой

жатабыз. Кетип калсам болобу? Бирок жол-дошумду аябай жакшы көрөм. 077893....

-Кетип эмне кыласыз! Адамдар он жылдан ки-йин деле балалуу болушат. Кудай берген күнү болот. Балким жаш кезде ойноп-күлүп алышсын деп мүм-күнчүлүк берип жаткандыр.

-Күйөөм ичип алганда “кет, балдарың ме-нен” деген. талак түшпөйбү? 077381...

-Ажырашуу ниетинде айткан болсо түшөт. Анан жөн эле мастыкта келжирей берген сөздөргө маани берилбейт.

Page 126: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

126

Чубак ажы Жалилов

-мурунку жолдошум каза болгондон ки-йин ашында кабар берилбей карам алынбай калды. Ишим жүрүшпөй жатат. Каранын мааниси барбы? 077754...

-Эч кандай мааниси жок. -дубаны 1000 жолу окуш керек десе сөзсүз

ошончо окуш керекпи? 7 токочту Кудай жо-луна деп күнүгө жасаса болобу? 07912237...

-Шарт эмес, бирок көбүрөөк окуган жакшы болот. Токочту күнүнө 2 жолу жасасаңыз деле жарай берет.

-5 жылдан бери күйөөм бирөө менен жү-рүп анысы төрөдү. Экөөнүн никеси жок. Кү-йөөм ага эмнелерге милдеттүү? 0791939...

-Никеси жок болсо эч нерсеге милдеттүү эмес. Ага да нике кыйдырып ал десеңиз жакшы болот. Балким алардын никеси бардыр, сиз билбегениңиз менен.

-намаз окуйм. теледен түрк сериалдарын көрсө күнөө болбойбу? 077381...

-Түрк, бразилия сериалдарын көрүп, убакытты ысыраптайсыз.

-мени кудалап койгон. аны жакшы көр-гөндүктөн эмне десе кечирип, күтүп жүрдүм. аябай кызганчаак. анын айынан уятсыз сөз-дөр менен сөгө баштады. Көп урушкандык-тан көңүлүм калды. мындайда эки тарап сүй-лөшүп чек койсо болобу? 077787....

-Кудалашуу никелешүү деген сөз эмес. Бул жөн гана убада. Башка күйөөгө тийсеңиз жарай берет.

-тиш кыйшык болсо башка тиш салганга болобу? 055338...

-Түздөтсө болот. Түз эле тишти андан бетер Майкл Жексондукундай, Пугачеваныкындай сулуу кылам десе болбойт.

-жаман ойлорду ойлой берем. Кайсы аят-

Page 127: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

127

Суроо жооптор

тарды окуп мындан арылам же бул оорубу? 077782...

-“Фатиха”, Курандын бардык аяттары себепчи боло берет. Окуй бериңиз.

-Боюмда бар кезде күйөөм мастыкта та-лагын берип койгон. жашасак боло береби? 077883...

-Мага экөөңөр келгиле же телефондон кайрыл-гыла. (0312) 486530.

-Сүйлөшкөн кызым менен жаткам. Кыз-дыгы жок экен. аны албай койсом болобу? 077388...

-Өзүң деле зына иш кылып албай койсом боло-бу дейсиң. Дароо алышың керек! Денеси чоюлчак болушу мүмкүн, спорт менен машыгууда түшүп ка-лышы мүмкүн же төрөгөндө кыздыгы чыгышы мүм-күн. Балким айып сендедир. Өздөрү эле периште бо-луп кеткенсип албай коём деп чыгышат!

-дүкөндөн бекитип акча алам, кайра эле апама керектүү учурда жолдошум берди деп берем. уурдап алуу кандай күнөө? 077844...

-Уурунун колун кесүү керек. Уурулук күнөө, арам. - даараттан кийин “ашхаду ан лаа илааха

иллаллоохту” ичибизден айтабызбы же үн чыгарыппы? гүлүм

- Даарат алып бүткөндөн кийин келмесин айтып, андан соң даарат алгандан ашкан суусунан турган абалда ичип андан кийин «Аллоохумма ижьалнии минат тавваабиина, важ ьалнии минал мутатох-хириин!» деп окуусу даараттын адептерине кирет. Имам Муслимдин (234) жана Имам Абу Даудтун (169) риваятында Азирети Умар Разиаллооху анхудан, Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: « Ким даарат алып болуп (Ашхаду ал лаа илааха иллааллооху вах-даху лаа шарийка лаху, ва ашхаду анна Мухаммадан

Page 128: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

128

Чубак ажы Жалилов

абдуху ва расуулуху) деп айтса, ал адамга жаннаттын сегиз эшиги ачылып, каалаганынан кире берет!». Имам Термизийдин (55)риваятында: «Аллоохум-ма ижьалнии минат тавваабиина, важ ьалнии ми-нал мутатоххириин!» деген дуба кошумча айтылат. Имам Тахаавий, Имам Насааий, Ибн Жарирдин риваяттап, Абу Шейх сахих деп баа берген ка-барда Хусейин бин Алий мындай дейт: Азире-ти Алий даарат алып акырында, даарат алгандан ашкан сууну туруп ичкендигин көрүп таң калга-нымда, мага карап: «Таң калба! Атаң (чоң атаң дегени) Пайгамбар алайхис салам да ушинтээр эле, даараттан ашкан суудан туруп ичээр эле». Ал эми бул дубаларды өзүңүз уга тургандай өлчөмдө айткандыгыңыз макул. Тилдериңиз кыймылдаса, кулактарыңыз укса кыяматта күбөгө өтөөр.

- мен ишиме байланыштуу багымдат на-мазын окуйм, калганын кечинде үйгө келген-де парздарын окусам болобу? 077185...

- Колуңдан келишинче толук окуганга аракет кыл. Эгер ниет койсоң Кудай Таалам бардыгына же-тиштирет. Дуба кылсаң баары ордуна келет.

- мен турмушка чыккан элем бойдок жи-гитке. ата-энеси ата-энемдин алдына келе элек. мен да аларды көрө элекмин. жашага-ныбызга бир жыл болду. Качан келээрин су-расам, шарт болгондо дейт. мени да ата-энем койбойт, качан кудалар келет деп. азыр чо-гуу жашабайм. Эмне кылсам болот? ата-эне балага жамандык каалабайт да. 077185..

- Турмушка чыкканда ата-энеңдин колунан алып кеткендей болуу керек эле. Кыз каадасы кымбат дейт. Ошого карабастан үйлөнүп алган болсоңор, жашап жаткан болсоңор улантып жашай бергиле! Калганы акырындык менен ордуна келет, насип кылса. Жөн эле жетелешип барсаңар деле жараша берет. Кайра

Page 129: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

129

Суроо жооптор

жашап баштаңыз... Ажырашуу жакшы эмес. Кудалар келбей койду деп ажырашып кеткен уят иш.

- 3 күндүк даават учурунда европа улутун-дагы эки аял, бир эркек мас абалында бут ки-йимдери менен намазкананын төрүнө өтүп жигиттерди акараттап, уурулар деп доомат кылышты. мен чыдап тура албай сыртка сүй-рөп чыгарсам алла жолундагы бир туугандар менен кайчы пикирде болуп калдык. ушуга пикир билдирип койсоңуз. 077771...

- Ооба, алар намазкананын сыртында туруп сүй-лөшсө болушчу экен. Анын үстүнө мас болсо. Пай-гамбарыбыз алайхис саламдын убагында бир адам келип мечиттин ичине эле заара ушаткан. Ал убакта мечиттер өтө эле карапайым болуп, полу топурактан эле. Сахабалардын кээ бирлери заара ушаткан чөл-дүк адамды ур-токмокко ала турган болгондо, алар-ды тыйып, заара ушаткан жерине бир чака сууну куюуга буйрук берген. Андыктан биз да Пайгамба-рыбыздын жолун кармангандыгыбыз жакшы болот. Жамандын өзү теңелбесе да сөзү теңелет дейт. Ич-кени арак болгон кайрыдиндин намазканага кирге-ни абдан туура эмес, а бирок Аллах Тааланы тааный албаган адамдан башка эмнени күтүүгө мүмкүн эле? Аллах жолундагы бир туугандарыбыз ушуларды айткысы келсе керек го...

- Биз дзюдо менен машыгып келебиз. Эре-же боюнча биринчи килемге, анан атаандаш-тар бири-бирине эки жолу ийилип саламда-шып анан күрөшүшү керек. ошондо биз күнөөкөр болобузбу? 055017...

- Атаандаштар бири-бирине салам бергени ма-кул, а бирок килемге салам бергени кызык экен. Сиз килемге салам берээрде башка нерселерге, мисалы периштелерге салам деп ниет кылсаңыз болоор бе-кен? Эгер болгон болсо жакшы болмок..

Page 130: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

130

Чубак ажы Жалилов

- жигитим мени алам деп ата-энеси менен тааныштырган. Бир айлык боюмда бар. Эми өзү жок. Ичимдеги баланы эмне кылам? Би-лем күнөөлүүмүн. Бир жумадан бери башым-ды сабап ыйлап жатам. Кудайдын, ата-эне, бир туугандын астында шерменде болдум. Эми эмне кылам? алдырып таштасам боло-бу? 077210...

- Алдырып таштаган арам болот. Сизди ата-эне-си менен тааныштырган болсо, анда ата-энесине ба-рып айтыңыз. Мен келиниңер болом, менин боюмда бар, балаңар негедир жок деп кайын-журтка кызмат кылып олтуруп кал, калганын анан көрө жатаар-сың... Табылаары менен нике кыйдыргыла! Намаз окуганды үйрөн. Жүрөгүң жеңилдейт...

- жумушумдан тилекке каршы парз на-маздарды эле окуп жатам. Болобу же толук окушум талап кылынабы? дагы бир көйгө-йүм, жумушта суу өтө муздак. таяммум кыл-сам болобу кыш өткөнчө? 070206...

- Колуңдан келишинче толук окуганга ара-кет кыл. Жакшылыктын көбү жакшы эмеспи. А бирок ыңгайсыздык жарала турган болсо анда сенин аткарганың да жөндүү. Сүннөт намаз-га шылтоолоп парз намаз калып калбаш керек. Суу өтө муздак болуп, ден-соолугуңузга олуттуу зыян жеткире турган учурда таяммум алсаңыз ша-риатыбыз уруксат берет. Жаныңызды оорутуп ал-баңыз. Ден-соолук аманат. Кудай Таалам аманатты сактоого буюрган.

- Балам 21де. Кээде ичимдик ичет. урушуп, тилдейм. уккансып жакшы жүрүп кайра эле ичип алат. атасыз чоңойгондонбу, билбейм. Өзү абдан жоош. ушул бала дааватка барса оңолобу? Кантип жиберсе болот? Кимге кай-рылам? 077962...

Page 131: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

131

Суроо жооптор

- Дааватка барса таасирленип оңолуусу мүмкүн. Муфтияттын даават бөлүмүнө кайрылсаңыз жакшы жардам беришет. 48-65-30 номери Муфтияттын ка-былдамасы.

- Билерман ордо оюну кумар оюнуна ки-реби? 077354...

- Менин баамымда кумар оюнуна кирбейт. Адам-дардын маалыматтарына, тапкычтыгына, илимий жөндөмдүүлүгүнө жараша оюн. Анын үстүнө алардын байгесин үчүнчү тарап сайып берип жатпайбы. Ан-дыктан ал оюнду кумар деп атоону орунсуз деп билем.

- Эртең менен турганда сөзсүз жыныс мү-чөнү караш керекпи? Өзүнчө эле күмөн боло берем. намаз окуй албай кыйналып жатам. Күмөн жөнүндө айтсаңыз. 077354....

- Күмөндүн көбү күнөө деп айтылат касиеттүү Ку-ранда. Биз мусулмандар амалдарыбызды, жашообузду негизсиз эле күмөндөргө кура албайбыз. Күмөндөнбө-ңүз, намазыңызды окуңуз. Шайтан пендени ошентип адаштырып, васвасага салат. Ага көңүл бурбаңыз. Жы-ныс мүчөнү ар таңда кароо шарт эмес, күмөндөнгөн учурда ич кийимиңизди кароо жетиштүү болот.

- Күйөөм менен 4 жылдан бери жашабай-быз. жакында “мен сага ыраазымын” деп кеткен. ушул сөз талакка киреби? 077960...

- Эгер ажырашуу жөнүндө сөз болуп, бири-би-рибизге ыраазыбыз, акыларыбызды кечириштик деп жакшылыкча айткан учурда «Мубаараа» болуп эсептелип, бир боин талакка эсеп болот. Анан жөн эле сизди жакшы көрүп кетип, эбедейи эзилип, «Мен сага ыраазымын» десе талак болбойт. Сиздин маселеде талак болушу мүмкүн.

- Базарда сатылуучу тиш пастасында, тиш шеткасында “халал” деген жазуусу жок. аны мусулман адам пайдаланса болобу?

Page 132: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

132

Чубак ажы Жалилов

- Ооба, пайдаланса болот. «Халал» деп жазы-луусу шарт эмес.

- Сиз кишиге акаарат кылып кемсинтип, өзүңүздү мактаганды жакшы көргөн адам ок-шойсуз. Пайгамбардай иш жасап, ээрчиген адам болсоңуз да оозуңуздан бал тамган сөздөр менен туура эмес ойдогу адамды уялтып ар ким-ге асылбай түшүндүрүп коёт элеңиз. тилиңиз-ден жакшы гана сөздөр чыксын ылайым. жак-шы сөз жыланды ийинден чыгарат. 055701...

- Ырахмат. Кем болбоңуз. Айыптарымды айтып туруңуз. Чын эле бар болгон болсо оңдогонго аракет кылам. Жок болгон болсо доомат кылган болуп, кыя-матта жооп бересиз. Намазыңызды үзбөй окуңуз, үз-бөй окуган болсоңуз ыклас менен окуңуз деп кеңеш берээр элем. Ар ким өзүнүн айыбы менен алектенсе, башка бирөөнүн айыбын көргөнгө убагы да чама-сы да болбой калат дешет тасаввуфтун аалымдары. Анан да уйду «өш», эшекти «хы», итти «кет», эчки-ни «чек» деп айдайт... .

- ден соолук, бейпилчилик сүрөөсү же амалы барбы? 055409...

- Чын ыкыластан суралган ар бир дуба максаты-ңызга ылайык болот. Намаз окуп, Кудай Тааламдын айтканы менен болсоңуз баары ордуна келээр.

- Шариятта никеге чейин жана нике-ден кийин канча калың берилээри айтылды беле? 077331...

- Никеге чейин калың бычыла турган болсо, эки тарап макулдашкан нерсе калың болот. Эң азы 10 дирхам (4000 (төрт миң) сомдун тегере-ги)1 болуп, эң көбүнүн чеги жок. Ал эми никеден кийинкиге калып калса нике бычылбайт. (Махр мисл) делген калың берилет. Бул ошол турмушка

1 2012-жылдагы эсеп менен айтылган сөз. 2014-жылы (5000) беш миң сом болду.

Page 133: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

133

Суроо жооптор

чыгып жаткан кыздын эже-сиңдисине, ага теңтуш кыздарга берилген калыңдын өлчөмүндөй болот дегендик.

- Бир дос кызым жигитин окутуп алган. Ширк болуп калабы? мунун күнөөсү чоңбу? таластан айке

- Бул туура эмес жорук. Мусулманчылыкты кар-манган адам никеси жок жигитти окуп бербейт. Бул көзү ачыктар менен бакшылардын гана колунан ке-лээри анык. Мусулманчылыкта никеси бар жубай-ларды ынтымактуу жашасын деп калыс дуба кылып, улук Кудайга жалбарабыз. Эгер көзү ачыкка барган болсо ширк амалын аткарган болот.

- Соодам жакшы болсун деп магнитке дуба окутуп илип коюшат. Ширкпи? айке

- Магнит, аарынын уюгу жана башка нерсе-лер сооданы жакшы кылып жиберүүгө кудуретсиз. Ошол нерселер кудуреттүү деген ишенимде болуу ширк. Кудайдан сурап дуба кылсаңыз эң жакшы.

- Исламда аалымдар, хафиздер эркектер-ден чыккан. аялдардан ошондой илимдүүлөр чыкса болобу? же аялдарга андай даражалар берилбейби? Эмне үчүн аялдарды динди то-лук аткара турган кылып жаратпады? Биз да абу Бакр, умар разиаллоху анхулар жасаган иштерди аткара албайбызбы? 077143...

- Исламда аялдардан да аалымдар, хаафиздер чыккан. Чоң олуялар чыккан. Мынабу өзүбүздүн Са-марканддан Фатима аттуу чоң факиих аалым аял чыккан. Атасы чоң аалым болуп «Тухфатул фука-хаа» (з том, менде бар) китебин жазган. Атасы фатва жазган убакта, фатванын этегине Фатима эжебиз да кол койчу экен. Кийин атасынын китебин шакирти Алауддин Касааний аттуу аалым шарх берип «Бадааь-иус санааьи» (8 том, бул да бар, эки нускасы, Аллага шүкүрлөр болсун. Ушинтип китептерим менен мак-

Page 134: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

134

Чубак ажы Жалилов

танганды жакшы көрөм. Аллахым Куранда менин берген немат-жакшылыктарымды айт деген эмеспи. Кээ бирлер мактанганды жакшы көрөсүң дейт..) ат-туу үлкөн эмгектин жаралуусуна себеп болгон. Ошол устазынын китебине шарх берген шакиртине кызы Фатима аалымды берген. Өз доорунда Сирияда (Ди-машкта) «Ханафий мазхабынын эң аалымы сабак бер-син» деген шарт коюлган медресе болгон экен. Ошол медреседе бул жубайлар дарс берип жүрүшүп акырет сапарына узашкан. (Кудайым бизди да ушундай на-сибесинен айрылтпасын. Омиийин) Азыркы күндө Димашкта эки аалым факих жубайлардын мүрзөсү деген наам менен сакталып турат. Имам Бухарийдин «Сахих» китебинин риваят кылуучуларынын бири Ка-риима аттуу энекебиз болгон. Турмушка чыккан эмес. Парда аркылуу хадистен сабак берген, ижаазат берген. Рабииьа атуу эжекебиз Кудайымдын сүйгөн пендеси болуп, ибаадаттын төрүнө жеткен олуялардан бол-гондугу баарыбызга маалым. Хадижа энекебиз менен Айша энекелерибиздин, Фаатима энекебиздин кылган эмгектери ат көтөргүс. Кээ бир аялдарга берилген да-ража кээ бир эркектерге бериле бербейт. Анан да Ал-лах Таалам аялзатына ашепке мээримдүүлүк кылып, беш маал намазын окуса, күйөөсүнө итаат кылып, баш ийсе, ыраазылыгын алса бейиштин сегиз эшигинин каалаганынан кире берсин деп ырайым кылган.

- тасбих намазы жөнүндө айтып бериңиз-чи. мурунку жана кийинки күнөөлөр кечи-рилеби? 077143...

- Хадисте, тасбих намазын окусаң, күнөөлөрүң үйүлүп тоо болуп калган болсо да кечирилет деп ай-тылат. Термизий 482.

- Кашф жөнүндө айтсаңыз. Бул чын экен да. демек бул да кудай каалаган адамга бери-леби? 077143...

Page 135: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

135

Суроо жооптор

- Бардыгынын акыйкатына көздүн жетүүсү, жал-ган көрүнүштөр менен алданбастан, маңызы менен өзөгү туя алуу демектир. Аллах Таалага ибаадат кыл-ган, ибаадаттын ырахатына батып, ыйман жан-дүй-нөсүө ширелишкендерге берилүүчү Аллах Тааланын белеги. Кашф – араб тилинен оодарганда пардалар-ды ачуу демектир. Сырткы сезүү сезимдери аркылуу биле албай турган нерселер менен жисмааний дене-нин ортосундагы хижабтын көтөрүлүүсү деп айты-лат, тасаввуф илим ээлеринде. Көргөн менен уккан-дан да жогорку деңгээлде турган маалымат алуунун формасы. Урматтуу бир тууганым! Сиз сурап турган маселелер сопучулук илиминин сырлары, кырлары. Бул илим кагаз менен алынбайт. Амал аркылуу ишке ашат. Ар бир адам жан-дүйнөсү аркылуу, өзү аркылуу туюусу кажет. Кээ бир нерселерди айтууга тил кургу-руң алсыздык кылып, калемиң мококтук кылат.

- Канчалык дубаларды окуп жатсам да ба-сырык басат. Келме, тасбих айтсам да кетпей кыйнайт. ал эмне? Илешкенден кантип ку-тулса болот? Бычактан коркобу? 077143...

- Даарат менен жатыңыз. Намазды калтырба-ңыз. Дене-боюңузду таза алып жүрүңүз. Кудайым сыноосун жеңил кылган болсун баарыбызга. Бирок бычактан коркооруна күмөнүм бар.

- Куранды окуганда кээ бир адамга рахмат айтат, кээ бирине окулуп бүткөнчө наалат ай-тат дейт. Бул деген адам исламдын бардык амалдарына моюн сунуп, так аткарганда гана окуш керек дегенди түшүндүрөбү? анда биз наалат алып жатабызбы? Себеби биз толук аткарбайбыз да. 077143...

- Толук аткарганга аракет кылсын, колунан ке-лишинче моюн сунушсун. Толуктук менен тегиздик-ке дайым аракетте болушсун деген маани. Куранды таштабастан окуп жүрүү керек болот.

Page 136: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

136

Чубак ажы Жалилов

- гусул алууда ооз-мурунду унутуп, башка, ийиндерге суу куйгандан кийин эстеп чайка-дым. Боло береби? 077354...

- Жарай берет. - гусул жок тишке пломба салдырса боло-

бу? жулдурсачы? 077354...- Жарай берет. Кээ бир адамдар болбойт деп айт-

са дагы, жарай берет. - махр менен калың бирби? Калың берип

кыздарды күңдүккө сатып алган дешет го. ушул туурабы? 077918...

- Туура эмес. Ката. Калың менен махр бир эле нерсе. Кыздын өмүрүндөгү эң бактылуу күндө бе-риле турган, эркектен аялга багыштала турган, бе-рилүүсү милдеттүү боло турган белек деп түшүнсөк туура болот.

- Салафиттер деген кимдер? алар менен мамилебиз кандай болушу керек? 077710...

- Ар кандай жамааттар жөнүндө суроолорду бе-рүү орунсуз маселе. Туура маселени үйрөнө берсек, туура эмеси өзү эле чычайып чыга качат.

- Кыргызча Куран китеп сатып алгам. окуп турам. анан коңшу курбу кызым сура-гандан бердим. Кайра ойлонуп калдым. Ку-ран китепти бирөөгө окуп турганга берсе бо-лобу? 077214...

- Кыргызча Куран деген болбойт, берекем! Ку-рандын маанилеринин кыргызча котормосу десең туура болот. Китебиңди башка бирөөгө окуганы бе-рип турсаң сооп эле болот.

- жашоонун маңызы ыктыяр тандоо укугу берилгендигинде турат дедиңиз. мага анда ар дайым ыктыярымдагы эмес, жеңилүү, жолу жоктук укугу гана берилгенби же алла таала мени исламдан гана бактыңды табасың деп

Page 137: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

137

Суроо жооптор

бактылуулук жолун көрсөтүп, сизден сурап түшүнбөгөн суроолорго жооп таптырып ата-бы дейм. 077143...

- Жашоо күрөш, жашоо тынымсыз аракет. Жа-шоо чоң талаадагы оюн сымал. Бирок эрежелери бар оюн. Эрежелери бар күрөш. Жеңилүүнүн акыйкаты эмнеде тураарын аңдообуз зарыл. Бай болгубуз кел-се, базарга барып биринчи эле күнү банкрот болсок, ушуну жеңилүү деп эсептейбизби? Же конкурска ка-тышып, байгелүү орунга илешпей калсак, ушул же-ңилүүбү? Жок, берекем! Андай эмес. Конкурска каты-шуунун өзү жеңиш. Татыктуу адам болуп жашоонун өзү жеңиш. Карап көрүңүзчү, даават кылган адам канча адамды динге киргизип коюптур деп айтыл-байт, кыяматта. Канча адамга даават айтыптыр деп айтылат. Себеби туура жолду таап, динге киргизүү Кудайымдын Өзүнүн иши. Биз пенделер аракетте-нүүгө гана буйрулганбыз. Анан да, адамдын бактысы мусулманчылыгында турат. Канчалык пайыз бак-тылуу болгондугу, анын канчалык пайыз мусулман болгондугунда, жашоосуна канча пайыз динди кир-гизгендигинде турат. Айныгыс чындык. Жагымдуу жагдайларда, жагымсыз абалдарда, пайдабызга, зыяныбызга карабай Исламды тутунсак, ошондо бак-тылуулуктун даамы, жан дүйнөнүн ырахаты эбедейи-ңизди эзилтет. Бакытка мас болуптур дегенди уккан белеңиз. Мына ошол жүз берет. Эгерде сиз туура жол-до кетип бара жатканыңызга ишеничтүү болсоңуз, эл эмне дейт дегенге маани бербеңиз. Ит үрө берет өзүнчө эле чоң философия. Үйүндө бир ууртам айра-ны жок уулунун аты Жууратбек деген жөн жеринен айтылып калган эмес. Жашооңуз Сизге гана берил-ген. Ошол жашооңузду башкаларга берип койбоңуз. Анын ар бир мүнөтүнө жооп бересиз. Ар бир мүнөтү текке кетпесин. Пайдалууга жумшаңыз. Ар бир көз ирмемде Кудайдын сүйүктүү пендеси болуу, ал деге-нибиз, татыктуу адам болуу демектир, жараным!

Page 138: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

138

Чубак ажы Жалилов

- чачты кулактын үстү жагын бир аз узу-нураак, ылдый жагын кыскараак кылып ма-шинка менен алдырса болбойбу? 077398...

- Корей киносундагы Гүжүмпүдөйбү? Гүжүмпүң жү-дөп көрүнөт. Исламда чач тегиз болгондугу макул. Мас-карапоздой болуп чала баш кылып алдырган туура эмес.

- атам өтүп кеткенден кийин бир жыл өткө-рүп, туугандарды, атамдын теңтуштарын чакы-рып, бир уй союп, тамак берип, куран окуттук. Башкача айтканда аш бердик. тамак эч ысырап болбоду. Бардык тамакка куран окулуп дуба кы-лынды. ушуга кандай карайсыз? Себеби “аш бербегиле” дегендер да бар. 055533...

- Туура эле болгон. Болгону жылдык деп айтыл-байт. Белгилүү бир убакытка белгиленбеши керек. Атаңыздын арбагы сиздерден ыраазы болсун.

- Күндө менин түшүмө маркум тайэнем кирип жатат. арбак түшкө көп кирсе эмне болот? түшүмдө аны менен көп сүйлөшөм. Өңүмдөгүдөй мага мээрим төгүп турат. тайэ-немди эстеп көп ыйлайм. Куран окуп сообун арнап жатам. 077744...

- Ошент. Ушунуңдан жазба. Намаз окуп соопто-рун багыштасаң ого бетер жакшы болот.

- Багымдат намазын окуп баштадым. Ка-газды маңдайыма коюп окуй берсем болобу? жаттаганга аракет кылып жатам. 077357...

- Жаттап бүткөнгө чейин ошентип окуп турсаң болот...

- менин 2 балам бар. Экөө тең абдан тен-тек. мен кечке ура берем. ал жаман болобу? 055638...

- Жигит болсо шок болсун дейт. Сөмтүрөбөй ти-рик болгону жакшы. Урбаңыз. Тентектер тез токто-лот. Канча тентектер депутат болуп, бизнесмен бо-луп эл багып жатпайбы. Урбаңыз...

Page 139: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

139

Суроо жооптор

- Бөлөм менен турмуш курсам болобу? 077936...

- Болот. Бөлөң үчүн өлсөң да болот. - Биз колдонгон “Шедрое лето” майында

маргарин бар, колдонбогула дешет. арамбы же адалбы? 077775...

- Өсүмдүк майынан жасалган маргарин болгон болсо жарай берет. Арам болгон жандык майы ко-шулса жарабайт.

- Халал колбасага кандай карайсыз? мен колбасага талгак болуп жатам. жолдошум каршы болуп жатат. 077851...

- ЧП Сыдыков дегенден жесеңиз болот. Калга-нын биле албайм.

- меккеге баргандын кандай пайдасы бар? 077899...

- Окуганы барса мага окшоп окуп келет. Ажыга барса ажы болуп келет. Жүз миң намаз окугандын сообун алат бир эле намазы менен. Замзамды каалагандай ичет. Мен ошол жерде дээрлик он жылдай окугам. Аалымдарынан са-бак алгам... Балдарымдын үчөө ошол жерде туу-лушкан.

- жигитимден боюма бүтүп калды эле, алдыртып салды. Билем күнөө экенин. ни-кебизди кыйдырсак бир күнөөбүз жоюла-бы? айгүл

- Нике кыйдырсаңар мындан ары күнөө ишке батпайсыңар деген сөз. Күнөөңөргө тооба кылгыла. Кудайым кечиримдүү, кечирет.

- мен Кунут дубасын кагазга жазып алгам. ошону карап окуйм. Боло береби? Биринчи турмушумдан бир кызым бар. ура бергенден жашабай койгом. мага талак берген эмес. 2009-жылы азыркы жолдошума турмушка

Page 140: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

140

Чубак ажы Жалилов

чыккам. жашообуз жакшы. талак бербегени кандай болот? 077700...

- Кунут дубаңыз го жаттаганга чейин боло берет. Ал эми экинчи маселеңиз боюна тактабыраак суроо керек.. Кээде талак айтылбай да түшөт.

- Боюнда барда чачты кыркканга болбойт дешет. дагы күйөөсү бар аял чачын кырккан-га болбойт дешет. чачымдын түшкөнүн бай-ланыштуу кырктырсам болобу? 077122...

- Ошентсе түшкөнү токтоп кала турган болсо бо-лот. Жөнү жок кырктырган жакшы эмес.

- Күйөөм телефондон үч талак деп айткан. Бирок эч ким күбө болгон эмес. Кандай кы-лыш керек? 055635...

- Молдого кеңири айтып тактоо керек. Күбөсү жок да талак түшө берет.

- Шаарыбызда ордолор ачылып, элибиз-ди ыйманга чакырып, мазарларга зыяратка алып барат экен. ордолор жөнүндө айтып берсеңиз. 055901...

- Жакшы эмес. Мечиттерге барышса жакшы бо-лоор эле.

- Шариатта түшкө ишенип, жоруса болобу?- Ооба. Жакшы ниеттүүгө жооруткан жакшы. - Өзүңүздөн ашкан китептериңизден ал-

сам болобу? Кантип алсам болот? 077269...- Аны ала турган, бир канча жылдан бери дарс

алып окуп жүргөн шакирттерим жетиштүү, Ал-хамду лиллаах. Алар алган китепти окууруна көзүм жеткендигинен берем.

- мен багымдат намазын окуйм. Беш маал окубаса кабыл болбойбу? Кудай буюрса, беш маалга өтөм. Балдарым жаш. Өзүм базарда. 077780...

Page 141: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

141

Суроо жооптор

- Ошентсең жакшы болот. Кудайым бактылуу кылсын.

- азыркы кезде табып менен көзү ачыкты айырмалоо кыйын болуп калды. Көзү ачыктар деле табыптардай оорунун түрүн дарылап жа-тышат. Кантип айырмаласа болот? 077143...

- Шариатты бузбай дарылагандары табып бо-лоор.

- мен кызым төрөлө электе ажырашып кеткем. анан 17 жыл өткөндөн кийин кайын-сиңдим телефон чалып таанышалы деп айт-ты. ушунча жылдан бери бир да сурап кой-гон жок. ойлонуп көрүп атасынан номерин сурасам бербейт. анда таанышып эмне де-сем, кордоп, тилдеп, “зар эмеспиз, башка уул, кызы бар” дейт. мен да ачуум келип жаман сөздөрдү айттым. “Кудай насип кылган күнү таанышабыз” дедим. Зар эмеспиз десе таа-нышуу керекпи? 077143...

- Убакыт дары болот. Туугандарын тапканы жак-шы эле го.

- чон атам мага илгерки чоң Куран ките-бин 91-92-жылдары бир аз үйрөткөн. “Ки-тепти сага калтырам, таза карма” деп айтчу. аны 2-3 күндө бир ачып, фатиха, алип лам мимди жана он сүрөнү окуп кайра баштык-ка салып илип коём. толук жакшы окуй ал-байм. үйдө илинип турса эч нерсе болбой-бу? Билгендерге берип окутуп кайра алсам болобу? же өзүм окушум керекпи? же сабак аламбы? 055812...

- Сабак алсаң тез эле Куранга түшүп кетесиң.... - Курандын кыргызча окулушу барбы?

Каерден тапсак болот? арабча билбейбиз. 077990...

Page 142: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

142

Чубак ажы Жалилов

- Ашур Али Имраан деген аалым жигитибиз-дин китептерин тапсаңыз, абдан жакшы жазылган. Кыргыздын илимдүү жигиттеринен.

- Вакииа сүрөсү кайсы жана кантип оку-лат? 077990...

- Жаныңдагы мечиттин молдосуна барып сабак алсаң үйрөтөт.

- менин 19 жаштагы балам сууга чөгүп өл-гөн. Сууга чөгүп өлгөндөр сураксыз бейишке кирет деп угам. чынбы? 070598...

- Кудайдын каалоосундагы нерсе. Кааласа су-раксыз киргизет. Кааласа сурайт. Бирок сууга чөгүп өлгөндүгү үчүн сурактан кутулат дегени туура эмес. Күнөөсү болсо жооп берүүгө туура келет. Кудайым бейишинен берген болсун.

- Биз ажырашканбыз. ЗагС кесиш ке-рек. Бир кызыбыз бар. мен алимент албай-мын деймин. Баары алышың керек дешет. алимент шариат боюнча кандай каралат? 055005...

- Алимент сизге эмес, кызыңызга берилет. Ата-сы аны багуусу керек болот го.

- ассалааму алайкум. Карындашымдын тиши түз эмес. тишке брекет коюп түздөсө болобу? Сулуулануу максатта эмес. 0552 21..

- Ва алайкумус салам! Ооба, карындашыңыз-дын тиши түз эмес болуп, айыптуу болгон чакта, тишин брекет коюп түздөсө болот. Имам Нававий Сахих Муслимге берген комментарийинде (13107) : «Тиштерин, сулуулануу үчүн араалатып, араларын ачтырган аялдар...» хадисинин мааниси, тиште-ринин араларын сулуулук талап кылып ачтырган-га айтылып жатат. Мына ушунун өзүндө сулуулук үчүн болгон түзөтүүлөрдүн арам болгондугуна ишаарат бар. Ал эми тишиндеги кайсы бир ооруну

Page 143: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

143

Суроо жооптор

даарылоо үчүн, же кандайдыр бир айыпты кетирүү үчүн кайсы бир өзгөртүүлөргө барса болот, эч кан-дай тоскоолдук жок».

- Кудукка түшкөн жандыктын жаны чыга электе алып чыкса, суу кантип тазаланат? 077215...

- Кайсы бир жандык (адам, эти желген жан-дыктын баары кой, уй, эчки, төө ж.б. , эшек, качыр, бардык жырткыч куштар (бүркүт, жору...), жапайы айбандар (аюу, карышкыр ...) сууга түшүп калып, андан тирүү бойдон чыгарылса, денесинде нажас бар болгон болсо, ошол нажас аркылуу суу булганат. Эгерде денесинде нажас жок болсо (жуккан эмес болсо) сууну булгабайт (Умдатур риьая). Мисалы истинжа кылуусу милдеттүү болгон адам, истинжа кылуудан мурда кудукка түшүп кеткен болсо ку-дуктагы сууну булгайт. Истинжа кылгандан кийин түшсө сууну булгабайт. Туура, кээ бир китептерде (Мисалы «Хаавийде» (1101)) жапайы жырткыч ай-бандар жана ит, эшек, качыр кудукка түшүп, тирүү чыгарылса да суунун баары чыгарылат деп айтка-ны менен, маселенин туурасы жогоруда келгендей эле болот. Жогоруда «денесинде нажас жабыш-кан эмес болсо сууну булгабайт», деп айтылган ма-селени Имам Маусилий «Ихтиярда» сахих-туура деп белгилеген. Имам Кудуурийден: Даараты жок киши сууга түшүп кетип тирүү бойдон чыгарыл-са кырк чака суу алынат, ал эми гусулу жок жунуб адам түшүп кеткен убакта суунун баары чыгарылат. Кудукка түшкөн ит тирүү бойдон чыгарылганда, шилекейи сууга түшүп кеткен болсо, суунун баары чыгарылат. Шилекейи түшпөгөн убакта суу чыга-рылбайт («Каафий» 1175 – Гаавижий). Ар бир жа-ныбардын шилекейи сууга түшсө, суу шилекейинин өкүмүн алат. Доңуз сууга түшүп кеткен убакта тирүү чыгарылса да суунун баарын булгайт.

Page 144: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

144

Чубак ажы Жалилов

- менин кулагымдан 16 жылдан бери ириң агат. мен кулагымды пахта менен таза-лаганда ириң чыгат. ошондо даарат бузула-бы? 07008...

- Ириң нажас деп эсептелет. Эгерде агып чыга турган болсо дааратты сындырмак. А бирок тыным-сыз агып тура турган болсо үзүрлүү адамдардын ка-тарына кошулмаксыз да, кулагыңыздан ириң чык-пай калганга чейинки убакыттын ичинде сиз үчүн кулактан чыккан ириң даарат сындыруучулардын катарына кошулбайт. А бирок ар бир кирген намаз убагы үчүн даарат алып турууңуз милдеттүү болот. Качан кулагыңыздан ириң чыкпай калган убакта, кулактан аккан ириң сиз үчүн даарат сындыруучу-лардын катарына кошулат. Сиздин маселеңизге келе турган болсок, сиздин дааратыңыз бузулбайт. Биринчиден сиздин кулагыңыздагы ириң сыртка, гусул алууда жуулуусу милдеттүү болгон жерге агып чыкпайт. Экинчиден кулагыңызды кебез менен чу-кулап, андагы ириңди кебез аркылуу чыгарып жата-сыз, бул учурда да даарат сынбайт. Имам Мухаммад Закария Кандахлавий «Авжазул масаалик» ките-бинде (1461): «Эгер бир адам колу менен мурдун чу-кулап, колуна кан жуккан бойдон чыкса, анын даа-раты бузулбайт. Себеп дегенде ал агып чыккан жок, ошондой эле тамчылап да чыккан жок. Мына ушул Азирети Абу Ханифанын сөзү». Сиздин кулак дагы жогорудагы мурунга окшойт. Андыктан даарат сын-байт. Валлооху аьлам.

- менин сүйлөшкөн кызым бар. намаз окуйт. мага бардык тарабы жакканы менен, өңү бир аз жакпайт. ал үйлөнөлү дейт, мен да каалап турам. Кийин өкүнүп каламбы деп ой-лойм. Кеңеш бериңизчи? ата-энемдин ыраа-зы болуусу шартпы? Истихаара намазын оку-сам болобу бул тууралуу? азис.

Page 145: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

145

Суроо жооптор

- Өңү жакпаса жага турганын изде. Сен сүйгөн-гө эмес, сени сүйгөнгө үйлөн, сулуу сулуу эмес сүй-гөн сулуу деп айтышат. Анын өңү менен эсептешип жаткан болсоң, демек аны сүйө элексиң го. Сүйгөн болсоң маймыл болсо деле көзүңө жакшы көрүнүп тура бермек. Сүйүү адамдын көзүн көр, кулагын кер кылып коёт дегенди уктуң беле? Ата-энеңдин ыраа-зылыгы менен, ак батасы менен үйлөнүүгө эмне жетсин. Бирок нике кыюуда эркектин ата-энесинин уруксаты же ыраазылыгы шарт эмес. Ошого кара-бастан, ата-эненин ыраазылыгысыз кыйылган ни-кеде береке жок. Ал үйдө ынтымак-ырашкерчилик жашабайт. Ал эми кыз кишинин никеге туруп жат-кандыгын атасы же агасы билүүсү зарыл. Истихаара намазын окуу сүннөт. Сен биринчи кезекте «качан үйлөнгөнүм макул» деп истихаара оку, андан кийин «ушул кызга үйлөнсөм жакшы болоор бекен» деп истихаара оку. Намаз окугандан кийин көңүлүңө туура келгенин аткар. Түшүңө бир нерселер кирүүсү шарт эмес.

- Багымдат намазынын сүннөтү кайсы убак-ка чейин окулат? үй суук учурда, гусул алууга шарт жок болгон учурда багымдатты таяммум менен окууга болобу? аллах сизден ыраазы болсун, өмүрүңүзгө береке берсин, диндеги ка-дамыңызды бекем кылсын! 07058..

- Эгерде Багымдат намазды жамаат менен мечит-те окуй турган болсоңуз, анда Багымдат намазынын сүннөтү багымдаттын парзына чейин окулат. Мечит-ке келип калсаңыз жамаат парз намазды окуп жаткан болсо карап көрөсүз. Имам узунураак окуй турганды-гын билсеңиз, мечиттин кире беришинде жеңил эки рекет сүннөттү окуп алып туруп, андан соң жамаатка кошулуп, имамга уюйсуз. Ал эми парз намаз бүтүп калуусунан корксоңуз, дароо эле имамга уюй бере-сиз, ошол боюнча багымдаттын сүннөтү окулбайт.

Page 146: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

146

Чубак ажы Жалилов

Кээ бирлер айтышат: Имам менен парзды окуган-дан кийин, сүннөттү өзүнчө окуп алса болот деп. Бул маселе ханафий мазхабтагы бир риваят болгондугу-на карабастан, фатва буга берилбейт. Фатва - сүннөт окулбастан калат. Эгерде багымдат намазы парзы менен каза болуп калса, ал учурда, ошол күнү Бешим намазына чейин каза кыла турган болсо, сүннөтү менен бирге каза кылынат. Ал күнкү Бешимден ка-лып кеткен болсо, кыяматка чейин сүннөт каза кы-лынбастан, жеке эле парз намазы каза кылынат. Багымдаттын сүннөтү муьаккада-бекем сүннөттөрдөн болгондуктан, ар убак окуп жүрүү эң жакшы болот. Ал эмес кээ бир убакта сапарга чыккан мезгилде кээ бир сүннөттөрдү окубастан таштоого туура келсе да, Багымдаттын сүннөтү калтырылбайт. Багымдаттын сүннөтүнүн убагы багымдат азанынан кийин, тагы-раагы багымдаттын убагы киргенден кийин башталат. Багымдаттын сүннөтү жеңилирээк окулганы макул. Үй суук болуп, гусул алууга шарт жок болгон убакта, Багымдат намазын таяммум менен окусаңыз болот. Бирок даарат алууга шартыңыз болуп, гусул алууга шартыңыз жок болсо, гусулга таяммум алып, анан соң дааратыңыздын өзүн алып намазды окуйсуз. Ка-чан колуңуздан келгенде, гусул алууну тоскон мүшкүл иш кеткенде, гусул аласыз. Шартым жок эле деп жүрө берген болбойт. Ар бир эркектин мойнундагы милде-ти үйдө гусул алууга шарттарды түзүп берүүсү. Жок эле дегенде кытайдын солкулдаган жаш бутактан со-гулган чабыра-тосмосун алып бурчка тосуп, ошол эле сансыз түмөн кытайдын резинке тазиги менен чака жана чөмүч алып койсоңуз жарай берет. Илгери кыр-гыздар ошентип эле жуунуп келген эмес белек. Кээде эртең менен кечирээк туруп калган учурда, гусул ал-сам убакыт чыгып кетет, Багымдат каза болуп калат деп ойлоп, гусул алганга шарт болгондугуна карабас-тан, таяммум менен намаз окуп жибергендер да бар. Мындайларга айтаарым: Кылганың туура эмес. Сенин

Page 147: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

147

Суроо жооптор

гусул алууга шартың бар. Андыктан тезирээк гусул алып намазыңы оку. Гусул алып бүткөнгө чейин убак-тысы чыгып кетсе, казасын окуйсуң. Шартың болуп туруп, гусул албай окуган намазың намазга өтпөйт. Кээде кеч туруп калып, даарат алып намаз окуюн де-сең эки рекет намаз окуганга эле убактың калган бо-лот. Эки рекет сүннөттү окусаң, Багымдаттын парзы калып кетет. Ал убакта сүннөт намазды окубастан кал-тырып, дароо эле Багымдаттын парзын окуп киресиң. Сүннөт ошол бойдон окулбай калат. Эгерде кечинде Куптан намазын окуп, даарат менен, оң жамбашың менен дубаны айтып уктап, Багымдатка турууну ниет кылып жаткан болсоң, Аллах Таалам сени сөзсүз ой-готоорун эсиңден чыгарба жараным. Кудайым нама-зыңды кабыл кылсын.

- ассалааму алайкум, дамбылда! Ханафий мазхабында ыйман көтөрүлбөйт да, түшпөйт да экен, а дааватчылар болсо төрт айга даа-ватка чыгып, ыйманды көтөрүп алып, анан ажыга барып печаттап ал дешет. Бул кандай? 0705 80

- Сиз дааватчы бир туугандардын сөзүн туу-ра түшүнүүгө аракет кылсаңыз баары жайына ке-лет. Алардын айтканынын төркүнү: «Ажыга бар-ган адам чоң даярдык менен баруу керек. Ажылык аманат иш. Кээ бирлер намаз окуганды билбей эле барып жатпайбы? Ал туура эмес. Кээ бирлер ажы-га барып деле бузулук иштерден арыла албай жүрү-шөт. Ошондуктан дааватка чыгып, ыйманыбызды курчутуп жана бекемдеп, ажылыктын баркы менен наркын, кыйматы менен урматын барктап-баалап, андан соң ажылыкка барганыбыз макул», деген эле кеп. Чындыгында ыйман азайбайт да көбөйбөйт. А бирок ыймандын мөмөсү азайып көбөйүп турат. Амалы көбөйсө мөмөсүнүн берекелүү болгондугу-нан кабар берет. Даават ыймандын мөмөсүнүн бе-

Page 148: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

148

Чубак ажы Жалилов

рекелүү болуусуна себепкер болгон баба дыйкан деп элестетсеңиз эч жаңылышпайсыз. Кудайым ыйма-ныбызга береке бергей...

- Эркек кишинин жыныс мүчөсү чыңалып же козголуп кеткенде бир нерсе чыгып кетет го, суюктук. ошол нерсе ич кийимге жугат. мен аны кургап калганда ушалап эле таза-лап коюп жатам, бир кийимди бир нече жолу ошондой болгондо, жууган жокмун. мунун шариатта өкүмү кандай? 0 700 05 ...

- Эркектин делебеси козголгондо чыга турган коюу ак суюктукту маний деп айтабыз. Бала ошол суюктуктан пайда болот. Аялдын манийи суюк сары түстө болот. Кыргыз тилинде уруктук деп айтылат. Ал эми делебе козголгон убакта чыга турган жыл-бышкак тунук суюктукту мазий деп айтабыз. Ал ма-ний уруктук келээр алдынан келет. Кээде аялы менен өбүшкөндө келет. Маний кийимге жуккан убакта аны жууш керек. Кургап калган болсо укалап коюу жетиш-түү болот. Мазий кийимге жуккан убакта жууш гана керек болот. Аны укалап коюу жетишсиз («Умдатур риьааая» 1554, «Нихааятул мараам» 339-б). Себеби хадисте кургаган манийди укалап кетирүү айтылган, а мазий жөнүндө кеп козголгон эмес. Адамдын ав-реттеринен чыккан нерсенин баары оор нажастарга кошулат. Дирхемдин өлчөмүндөгү оор нажастар ке-чиримдүү болот. Дирхемдин өлчөмүнөн чоң өлчөм-дөгүсүн жууган милдеттүү болот. Оор нажасаттар суюк-денесиз болгондо алакандын отундай деп айты-лат. Алакандын отунан аз болгон учурда кечиримдүү деп табылат. Алаканды жазып туруп, үстүнө суу куя-быз, суу токтоп калган жердин баары алакандын оту деп билинет (Мажмаьул максуд 157).

- 20 сантиметр бийик жерди бир адам ар жума сайын тандап окуйт. намазы кандай болот? 0708 0

Page 149: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

149

Суроо жооптор

- Имам адам жамааттан жалгыз өзү бийиктикке чыгып кетсе, же михрабтын ичине жалгыз өзү ки-рип кетсе макрух болот. Эгерде жамааттан бир кан-ча адам менен бирге бийиктикке чыкса, же чогуу михрабка кирип окуса макрух болбойт. Ошондой эле мечит тар болгон себептүү имам михрабка ки-рип окуса да макрух болбойт. Бийиктик деп адамдын бою катары бийиктикти айтышса, кээ бирлери, бир чыканак бийиктикти айтышат. Башкалары айыр-мачылык бере турган бийиктикти айтышат. Имам Абу Даудтун риваятында Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Эгер кимдир бирөө имамдык кылса, жамааттан бийик болгон жайдан туруп имамдык кылбасын!» Ал эми жамааттын арасынан бир адам кайсы бир себептерден улам бир аз бийигирээк жер-де туруп калса, -менин билишимче- зыяны тийбейт. Ал эми сеждеге баш коюучу жери, эки буту турган жерден бийик болуп калсачы? Эки Бухара кирпич-тин катар коюлгандагы бийиктигинчелик өлчөмдөгү бийиктикке сежде кылса сеждеси жараар. Андан би-йик жерге сежде кылууга – эч бир үзүрсүз – болбос. Бухара кирпичинин жоондугу чыканактын (зирааь) төрттөн бири болот. Эки кирпичтин катар коюлган калыңдыгы жарым чыканак болот. (Халабий сагиир 155-б) «Муьжам лугатил фукахаа» китебинде бир чы-канакты 46,656 сантиметрге туура келет айткандыгын эске алсак, анда жарым чыканактын өлчөмү 23,328 сантиметрге туура келет. Жыйынтыгында сиз айткан адамдын башы койгон бийиктиги 20 сантиметр бол-гон учурда намазы намазга, саждасы саждага жарай берет деп айтаар элем. Ал эми жер тар болуп калган учурда алдыңкы саптагынын далысына сажда кылса да жарай берет. Валлооху аьлам.

Күйөөсү менен урушуп кетсе, кечирим су-рап же таарынычын жазып, анан намаз окуш керекпи же намазга тиешеси жокпу? 077710...

Page 150: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

150

Чубак ажы Жалилов

- Албетте намазга тиешеси бар. Эркек болсун, аял болсун колунан келишинче башкалардын кө-ңүлүн оорутпаганга аракеттенип, алардын алдынан өтүп өзүн аруулап жашаганы жакшы. Кечирим су-роодон мурда намаздын убактысы зык болуп калган болсо, адегенде намазды окуп алуу милдеттүү. Жак-шы ниетиңиз үчүн да сооп берилет.

- дааватка чыккандарга сахих хадистер-ден аль Бухариден колдонсо болбойбу? фа-заиль амал супсак, жукпайт. 40 күн дааватта жүрүп бир хадис билишпейт. 077819...

- Аль Бухарийди колдонуу үчүн хадис илими-нен кабары бар адам болуп, фыкых жана усуул аль фыкых илиминен кабардар болуусу да кажет. Азыркы коомубуздагы мусулман коомчулугунда болуп жаткан проблемалар, мына ушундай үлкөн китепти окууну ар ким эле өзүнчө ишке ашырып жаткандыгынын натыйжасында болуп жатат. Ал эми «Фазааилуль аьмаал» китеби карапайым жана жөнөкөй мусулмандарга багытталган берекелүү, жугумдуу эмгек. Көптөгөн амал кылууга шыктан-дырган эмгек. Кырк күн жүрүп кантип эле бир хадис билбей калсын? Менимче сизге бул китеп тууралуу айтылган сөздөр катуу таасир этип кетсе керек. Бу-харий китеби орусчадан которулган котормосу ме-нен эмес, араб тилиндеги түп нускасынан, белгилүү шархтары менен окулат. Мен Бухарийдин шархы Фатхул баарийден да Васиулоох Аббаастан Харам мечитинин өзүндө дарс алгам. Андан сырткары Д. Мухаммад Саьид Бухарийден, Шейх Таарек Сардар Алийден да алардын Аль Бухарийге берген сабак-тарына катышкам. Бул китепти окуганда таржиих, вужуухут таржиих, мансуух-наасихти билүү сыяк-туу илимдерден маалыматы жоктор туура эмес жы-йынтыктарга келип алып жүргөнүн көп көрүп жү-рөбүз...

Page 151: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

151

Суроо жооптор

- мен кыздуу болгондо мечиттен молдо чакырып, азан айттыргам. анан “атама атап куран окуп коюңуз” десем, “атаң өлдү беле?” дейт. Бул кандай молдо? айткан азаны кабыл болобу? 077065...

- Өлгөн кишиге Куран түшүрүү адатыбызда бар эмеспи? Кокус тирүү турган атаңызга Куран окуп койсом, сиз капа болуп калбасын деп этиеттенген болуу керек. Кээде тирүү адамдарга деле Куран оку-туп сообун багыштаган учурлар болот. Андыктан капаланбаңыз. Молдокенин айтканынан туура эмес жыйынтык чыгарууга болбойт. Айткан азанынан кам санабай койсоңуз болот.

- жакында Кара-Балта шаарында маркум-ду узатуу амалдарын кылууга чакырылган эки молдо боз үйдүн ичинде кепинди жаман жерге коюп, тепсеп, каймана карашып, чал-пылдатып сагыз чайнап кепинди бычышып жаман ойдо калтырышты. ушул туурабы? Бу-ларга окуу жокпу, күнөө жокпу? 055591...

- Окуусу бар. Балдар бир аз адепсиздик кылы-шыптыр. Сиз билет экенсиз, ошондо айтып койсо-ңуз, баары ордуна келмек экен...

- Каср намазы тууралуу кененирээк айтып бериңизчи. негизи мен сапарда көп болом. ошондо сүннөт намаздарды окубайм. Эки рекет сүннөт намаз окуйм. ошол туурабы? 07701661...

- Каср намазы деп төрт рекеттүү парз намаздарды гана эки рекеттен окуп берүү демек. Бул бешимдин, дигердин жана куптандын парздарына тийиштүү. Ал эми багымдат, шам, витир ваажып намаздары, сүн-нөт намаздар толук окула берет. Сапарга чыккан се-бептүү сүннөт намаздар ташталбайт. Болгону сапарда убактысы өтө тар болуп калган убакта зарылчылык-тан улам сүннөттү таштаса болот деген маани.

Page 152: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

152

Чубак ажы Жалилов

- жолдошум москвада 7-8 айдан бери иштейт. Бир балам бар. Бирок күйөөмдөн күмөн санай берип күндө уруш болуп атат. Кантип сабырдуу аял болом? намаз окуйм. Бирок кызгануу сезимим күчтүү болуп жа-тат. айлин

- Дуба кылабыз. Оюңузду түздөңүз. Адамдар-га жакшы ойдо болууну үйрөнүңүз. Сизге эң жакын болгон адам жолдошуңузга жаман күмөндө болсоңуз, анда бул ааламда деги эч кимге ишенбейсиз го... Ку-дайым жардам берсин. Анын жанына барыңыз... Же ал келсин. Ойноп оюнга тойбой жаткан курагыңызда антип төрт айдан көпкө таштап кеткени жакшы эмес. Колумдан келгенде, аны жок дегенде төрт айда бир мертебе келип кеткенге буйрук берээр элем.

- Баламдын оорусу боюнча барбаган же-рибиз калган жок. анан түркистанга барган-быз. ал жактан үйлөргө ордо ачып, күнүгө 21 даана шам жагып, ата-бабаларга куран окуп, сүрөлөрдү окуйсуңар деген. Күнүгө шам жага-быз. туурабы? 077136...

- Туура эмес. Кылган ишиңер ширк. Шам жак-кан туура эмес. Байыркы шаманчылыктан, отко сы-йынган кара тарыхтан калган саркынды. Ордо ачка-ныңар да туура эмес. Кудайдан калбагыла...

- Боюмдан 5 айлык балам чарчап калды. атын коюп жерге жашырдык. Багыштап ку-ран окусам болобу?

- Жок, ал ансыз да бейиште. Сизди тосуп алат. Намаз окусаңыз ал абдан сүйүнөт. Намаз окуңуз, окусаңыз калтырбаңыз...

- мен билем, сиздин баскан-турганыңыз, сүйлөгөнүңүз, дегеле баардык ички-тышкы көрүнүшүңүз бизге даават. анан бир таксыр айтып жатат, “мен Бишкекте чубак ажы, абдышүкүр ажылар менен 3 күнгө дааватка

Page 153: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

153

Суроо жооптор

чыгып келдим” деп. Ишенсе болобу? оштон нурлан

- Бишкекке үч күнгө даават менен келип, менин дарстарыма, Абдышүкүр ажынын сабактарына ка-тышкан болсо керек деп түшүндүм. Адамга ишенген жакшы болот.

- Бир жакшы кыз бар экен. алсамбы де-гем. Бирок аны биринчи жолу гусул ваажып болуп турганда көргөм. алсам болбой кала-бы? ошол ой кыжаалат кылууда. 077120...

- Суроону тагыраак берсеңиз болчу экен? Сурооңуз-дун сүрөтүн элестете албай калдым. Кечиресиз.

- телефон менен сүйлөшкөн ойноштукка барабарбы? 055607...

- Никесинде эмес чоочун эркектер менен эр-кек-аялдын ортосунда болчу темаларды сүйлөш-сө, ооздун ойноштугу болуп эсептелет. Шариат тыюу салат.

- намазды канча жаштан баштап окуса болот жана биринчи окуганда китеп менен окуса болобу? 077345...

- Балагатка жеткенден баштап окуса болот. Кыз-дар тогуз жашынан, балдар он эки жашынан баштап балагат курагына жетип башташат. Адегенде китеп менен окуп баштасаңыз жарайт.

- уулдарым сол колдору менен тамак-танышат. төрт, жети жашта. Боло береби? 055740...

- Болбойт, жок дегенде тамак жегенди оң колу менен жегенге үйрөтүңүз.

- Парз намазда аялым, кызым, карында-шым, балам мага уюса болобу? 077888...

- Болот. Балаңыз жаныңызга, же аркаңызга турат. Ал эми аялыңыз, кызыңыз, карындашыңыз аркаңарга бир сап болуп турушат. Кудайым кабыл кылсын.

Page 154: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

154

Чубак ажы Жалилов

- апталык таалим өтсө болобу? 15 күн мас-турат жамаат чыкмайынча болбойт деп ай-тат. 077888...

- Дааваттын тартиби боюнча атайын ошондой маселе кеңешмеде чечилген. Негизи даават тартип-терине байланыштуу маселелер Муфтияттын даават бөлүмүнөн суралган болсо жакшы болоор эле. Жаг-дай-шартка жараша ар кандай маселелер болуусу мүмкүн, машварада ылайыктуу чечим кабыл алын-ган болсо, ага баш ийген макул. Ал эми кадимки дарстарга жөн эле келип катыша берсеңиз болот.

- Сиз кызыл түс аллахтын эң жаман көр-гөн түсү деп ойлойсузбу? алия

- Жок антип ойлобойм. Болгону эркектерге кы-зыл жана сары түстөгү кийимдер жактырылбайт дегенди туура эмес түшүнүп алсаңыз керек. Аялдар каалагандай түстү кийсе жарай берет. Бирок сырты-нан олуттуу түстөгү кийим кийгендиги макул.

- Эгер парз намазын окуп жатып намаз-дын бир парзы калып кетсе намазды ошол жерде бузуп окуу керекпи же аягына чейин чыгарып окуу керекпи? Кабырда тамакта-нууга болобу? тойиба келмесин 70 000 жолу толтурам деп 7 зикирди кылууга убакыт бол-босо кайсынысын тандаган жакшы? фотог-раф болуп иштегендердин өкүмү кандай? аттахиятта отурганда сөөмөйдү көтөрүүнүн туура жолун айтып бересизби? 077317...

- Намаздын кайсы парзы кайсы жерден калып кеткенин баяндаган болсоңуз жакшы болоор эле? Ка-бырда тамактанууга негизи болот. Бирок сыртында тамактанган жакшыраак. Маркумдардын үстүнөн ба-сып жүрүү, же тамактын таштандыларын ошол жерге таштоо маркумдарга урматсыздык болот. Таңкы-кеч-ки зикирлерди тандагандыңыз жакшы болот. Фотог-раф болуп, паспортко сүрөт тартсаңыз эмнеге бол-

Page 155: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

155

Суроо жооптор

босун? Аттахиятта олтуруп «ашхаду ан лаа» деген жерге жеткенде оң колдун баш бармак менен ортону-нун башын бириктирип айлана кылып, аты жок ме-нен чыпалагын жумуп, сөөмөйдү көтөрүп, «илааха илла» деген жерге жеткенде сөөмөйдү ылдыйга тү-шүрүп, калган манжалар жогоруда айтылган тариз-де турган бойдон намазды бүтүрөт. Намаз бүткөндөн кийин гана колу жазылат. Ал эми сол кол жөн гана өз калыбында тура берет. Мына ушундай тартипте сөө-мөй көтөрүү мустахаб амал.

- мечитке келсең, имам рүкүдө турса, ба-рып рүкүгө кошулсаң ошол рекетке эргешкен болосуңбу? 077317...

- Сапка келгенде, тик турган абалыңда бир так-бир айтып, андан соң дароо экинчи такбирди айтып рүкүгө кетсең, ошол рекетке жеткен болуп саналат. Ал эми такбир айтып дароо эле рүкүгө кеткен учурда ал рекетке жеткен болуп саналбайт. Кыям ишке аш-паган себептен. Валлооху аьлам.

- Кайсы кесип эң ардактуу? Кененирээк жазсаңыз. 077700...

- Адал эмгек менен болгон ар бир кесип ардак-туу... Кененирээк кийинчерээк жазайын.

- никенин биринчи түнү кыз менен ко-шулганда уруктук чыкканга чейин кошулуу керекпи? 077700...

- Жок, милдеттүү эмес. Жаңы кошулгандан ки-йин, бир канча күнгө чейин кошулбай коё турганы-ңыз макул. Дененин жарааттары ордуна келгенге чейин. Кошулуудан көңүлү калып калбагандай бо-луу керек. Кээде алгачкы түндүн кесепетинен муз-дак аялдар пайда болуусу мүмкүн. Дарыгерлердин кеңешин алыңыз...

- Күйөөм мени ала качып алган. Экөөбүз да намаз окуйбуз. арадан 4 ай өттү. Кыйна-

Page 156: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

156

Чубак ажы Жалилов

лып кеттим. аны сүйбөйм, бирок сыйлайм. ажырашкым келет. Кеңеш бериңизчи.

- Сүйүүлөр никеден кийин башталуусу кажет. Аны сыйлай турган болсоң, ошол сыйлооң сүйүүгө жетелейт. Кыйналба, сүйүүгө аракеттен. Ажырашпа. Шайтанга моюн бербе...

- жанакы гомосексуалдарды ташбараңга алыш керек дедиңиз, алар тообо кылса кү-нөөсү кечирилеби?

- Ооба, тооба кылса кечирилет. Бирок колго түш-көндөн кийин тообасын Кудай Таалам кабыл кылат, биз адамдар кабыл кыла албайбыз. Болбосо, колго түшкөндүн баары тооба кылдым деп бошонуп кете бербейби...

- жаңы үй салып чыкканда сөзсүз катмы окутуп, кан чыгарыш керекпи? 077358...

- Жок. Милдеттүү деле эмес. Бирок Куран оку-луп башталган үйдө берекенин болоору талашсыз. Анча-мынча шайтан шабыр да чыгып качат үйдөн дегендей...

- Эркек адам “мандаш” менен отурса туура эмеспи? анда кантип отурса болот? 077754...

- Ошону мен да сурайын деп жаттым эле. Анан кантип олтурат (?) деп. Илим алган учурда чөкө тү-шүп олтурган адептүүлүк деп айтылат. Тамак жеген-де бир тизесин бооруна алып олтурган жакшы бо-лот. Калган учурда мандаш токуна берет.

- агамдын ашказанында жара бар экен. дарыласа болбоду. операцияга макул болбой жатат. таза спиртти ич дешиптир. дарылык үчүн ичсе болобу? 077754...

- Кудайдан корккон такыба мусулман догдур айтса бир жөн. Анан алкаш кылып албагыла...

- жаш балдарды киренелесе болобу? Кан-дай жол менен?

Page 157: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

157

Суроо жооптор

- Киринелесе болот. Кандай жолун чоң энелер-ден сурайсыз...

- умар (р.у) өлгөндө периштелер келип, “Раббиң ким?” деп сураганда, ал “силер кимсиңер?” дейт. ошондо периштелер “биз сурак алчу периштелербиз” дешет. “Силер жети кабат асмандан келип Раббиңердин атын унутпаган, эки метр жерден келген мен Раббимдин атын унутамбы” деген хадис бар-бы же мааниси ушуга окшогон окуя барбы? ошону даават кылсам болобу? 077280...

- Билбеймин, менин билбегендигим, ал окуянын жок экендигине ишаарат болбойт. Менимче бул ха-дис болбосо керек. Сахабалардын же таабеьиндер-дин түшүнө Азирети Умар кирип айтып берген окуя болсо керек деп ойлоймун.

- Кыздарга бойдок балдар барса болбой-бу? мен азыр 5 убак намаз окуйм. аллах мени кечиреби? 070304...

- Бойдогу да, башкасы да барса болбойт. - менин суроом өтө көйгөйлүү. жашым

23тө. 5 жыл мурун бир бала зордуктап кет-кен. 5 жыл өтсө да эч ким менен зына кылган эмесмин. Күйөөгө тийгенден корком. Эмне кылам? нурайым

- Күйөөгө тий, коркпо. Баары жайында болот. - менин үкам чочконун эти кошулган колба-

са жейт, балдарына да берет. Балдарга оору жук-пайт, пайдасы бар деген түшүнүктө. Шариатта арам делген. жаш балдарга зыяны барбы? Бо-зону да көп ичирет кан болот деп. 07771563...

- Бозо канды көбөйтпөйт. Болгону ичтейди ачып коёт. Чочкодон оору жукса айыктырып болбойт. Анан калса чочко жегендердин табияты чочкота-бият болуп калат. Кызгануу дегенди билбейт. Ар-кор кылбайт. Кылганы туура эмес...

Page 158: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

158

Чубак ажы Жалилов

- акыркы күндөрү келинчегим менен көп урушчу болдум. Өзүмдү кармайын десем ти-лин тартпайт. мен үйдүн кичүүсү болгондук-тан айылда ата-энемдин жанында болушум керек. аялым айылда жашагысы келбейт. апам оорукчан. Бир аз урушуп койсом кетип калды. аялым экөөбүз эки жакта иштейбиз. Эми келбейм деп жатат. аялыма барышым керекпи? мен талак бербесем ажырашканга болбойт да? 070212...

- Сабыр кылып тура турчу, убакыт деген көп нер-сеге дары болот....

- Күйөөм, 2 кызым бар. мурунку жигитим менен телефон аркылуу сүйлөшсөм болобу? жөн эле көкүрөгүмдөгү сагынычымды жаз-ганга. Күнөө эмеспи? 077805...

- Кандай арсыздык. Уяты жоктук. Чоң күнөө. Кү-йөөңдүн көзүнө чөп салгандык деп эсептелет. Анын атын да телефонун да, анын бар экенин да унут.

- аялзат ар дайым үй түйшүгү менен алек. ошондо колдон көп учурда тырмакка зыян алып келүүчү химикаттар өтөт. атайын хими-каттардан сактоочу жана тырмакты жакшы абалда алып жүрүүчү, дарылоо максатында өңү жок лакты колдонсо болобу? гусул менен даарат өтөбү?

- Гусул өтпөйт. Айыз күндөрү коюнса болот. Же табигый хнаны пайдаланса бир жөн. Ага даарат гусул өтө берет. Кол кап менен жууганга аракет кылыңыз...

- мен жумушумдан саат 19да чыгам. үйгө жеткенче 20:30 болуп калат. Шам намазы каза болуп жатат. Каза кылып окусам боло-бу? 070712...

- Жолдон мечитке кирип окуп алсаңыз жакшы болот.

Page 159: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

159

Суроо жооптор

- (өткөн сандагы суроого тактоо) мен ка-газ түрүндө талагымды мындай жазгам: “мен деп анан фамилиямды алмаз аялымдын фа-милиясын айпериге үч талагын бердим”. 070267...

- Экөөңөргө чогуу жашаганга жол берилбейт. Эгер-де маселе ушул эле кат менен чектелген болсо. Ошол эле учурда кат дал ушул таризде жазылган болсо.

- Сизди илимдүү аалым деп тааныйбыз. Сизди Кыргызстандан кетпей кызмат кыл-са дейбиз. Сиздей илимдүүлөр аз. айтайын дегеним, биз да мечиттин алдындагы сада-ка кутусуна акча салып турабыз сооп издеп. мечиттин керегине, килемдерине аз да бол-со жарайт деп. а сизди ошол акчадан салык төлө деп жатат. ошондо бизге сооп жок болуп калабы? мечиттин акчасына кол салганы коркунучтуу эмеспи? 077216...

- Коркунучтуу эмей эмине? Ар бир нерсенин эсе-би болот. Ар бир сөздүн эсеби болот. Ал эми жалпы мусулмандардын берген кайрымдуулуктарынын сообу ниеттерге жараша жете берет. Кудайым бар, баары анын буйругунун астында...

- аялым кош бойлуу. арак, пиво ичким ке-лип жатат дейт. Эмне кылам?

- Шоро сатып алып бер. Жаман иттин аты бөрүба-сар дегендей, тигинин жоктон тапкансып айтканын кара. Аялыңды мурдатан жакшы карасаң, аял талгак дегенди билбей эле төрөй бериши керек. Аялдарды жакшы караш керек. Витаминдерди жеп туруусу ке-рек. Калориялуу даамдарды. Алар биздин тукумду улоочулар болгондон кийин, энелердин дени сак бо-луусу керек. Тоокко кайсы бир жери жумуртка тууй турган учурда керек болгондой болуп, боюнда бол-гондо өнтөлөп калабыз. Жыл бою жакшы караш ке-рек ар бир эркек өзүнүн «периштесин»...

Page 160: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

160

Чубак ажы Жалилов

- гусул алып бүтө электе бир тамчы заа-ра, жел, мурундан же жаракаттан кан чыкса алып бүткөн гусул бузулабы же кайра башы-нан алуу керекпи? 055409...

- Гусул бузулбайт. Даарат алуу керек болот. - мен жаш кыздардын кофтасын сатам.

анан бир дос баладан акча сурасам, “сен женский сатасың да, ошого бере албайм” деди. ал өзү эркектердин кийимин сатат. на-маз окуган адам. Эмне аялдардын кийимде-рин сатса болбойбу? дегеле соодада эмне сат-саң да боло береби? Берекеси ошондой элеби же эркектердин кийимдеринде көбүрөөкпү? алдабайм, туура эле соода кылам. 055090...

- Сизге жөн эле акчасын бергиси келбегендик-тен ошентип айтып койсо керек. Башка шылтоо таппай... Анын айтуусу боюнча аялдар жылаңач жү-рүүсү керек болобу ошондо? Намаз окуган адам аял-дардын кийимин сатса болот. Эң жакшысы аялыңыз экөөңөр чогуу иштесеңер, аял киши келсе аялыңыз, эркек киши келсе сиз соода кылсаңыз эң жакшы болмок...

- Кайнатам, кайненем ачуу сөздөрдү көп айтышат. Бир туугандарымды, ата-энемди да жөн койбойт. мен унчукпай кутулам. Ичим-ден аябай нааразы болом. Кантсем жеңил-дейм? Сыгылып бүттүм. Ө7925023...

- Өздөрүнүн болгону ушул болсо, капа болгон-дун деле кереги жок. Көп адамдарга капа болуунун таптакыр кереги жок. Капа болуу ден-соолукка зыян. Буйрубаганга мурду канап дегендей, ага кы-жаалат болбоңуз. Негизгиси жолдошуңуз менен жакшы жашап жаткан болсоңуз, ошол жетиштүү. Намаз окусаңыз, жеңилдейсиз. Кээде болбогон нерселер менен өзүбүздү кур убаракерчиликке са-лып жүрө беребиз.

Page 161: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

161

Суроо жооптор

- Сизге бөлүнгөн бетке атайын шрифт менен “аллах исламды бүт дүйнөдөгү адам-дар менен жиндер үчүн мухаммад мустафа (с.а.в) аркылуу акыркы жөнөтүлгөн дин. де-мек мурдагы диндер аллах тарабынан кабыл алынбайт” деп жаздырып коюңуз, сүрөнүн, аяттын номерин жазып. Кембагал адамга үй-бүлөнү багыш сооптуубу же бакпай дааватка барган сооптуубу? дааватка карыз алып кет-се болобу? 077342...

- Сунушуңузду ойлонуп, кеңешип көрөлү. Ал эми сурооңузга келсек, кембагал биринчи кезекте үй-бүлөсүн багуусу милдеттүү. Аларды ачка коюп дааватка кеткени макул эмес. Курсагын тойгузуп, муктаждыктарын бүтүрүп кетсе бир жөн.

- Зуха (шашке) намазынын эң акыркы убактысы канчага чейин?

- Күн жаа бою көтөрүлгөндөн баштап, оогонго чейин созулат.

- жолдошум базарда соода кылат. мен бала карап үйдөмүн. Боюмда бар. жанын-да эринен ажырашкан аял соода кылат. ал жолдошума жабыша берет. андай кылганы мага жакпайт. жолдошум ичкиликке бери-лип, мага мамилеси өзгөрүп калган. намаз окуңуз, дааватка чыгыңыз десем урушат. ал өзүнө окутуп алганбы деп ойлоп жатам. Кый-налып кеттим. Эмне кылайын? 077307...

- Сен намаз окуп башта. Кудайдан сурасаң баа-рын ордуна коёт. Аны-муну айтып башын оорутпа. Бала басты болуп жүдөп кетпе. Өзүңө кара, иштен ке-лээринде жасанып, үйдү, балдарды таза кармап, та-магын даярдап күтүп ал. Баары жакшы болот. Жаман ойдон алыс бол. Коркконго кош көрүнөт деген бар...

- мусулман өтө эле момун болгону боло-бу? айша

Page 162: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

162

Чубак ажы Жалилов

- Момун десе эмнени түшүнөсүз. Былжырап оозундагыны алдырса эле момун болуп калабы? Мо-мун деген бирөөгө зыян жеткирбеген, колу менен ти-линен мусулман жамандык көрбөгөн, адал эмгек ме-нен ырыскысын таап жеген адамга айтылат. Акыңды жедирбе, бирөөнүкүн жебе дейт шариатыбыз.

- Күйөөм намаз окуйт. мусулманчылык-та болбойт деп ЗагСтан нике тууралуу күбө-лүк албайм дейт. “Кызыбызга туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кантип алабыз?”десем, “мать-одиночка деп ала бер” дейт. Бул кылга-ны кандай? 077752...

- Туура эмес. ЗАГС кагаз менен МЕТИРКЕнин айырмасы деле жок болуп жатпайбы? Экөө тең өкү-мөттүк кагаздар. Атасы бар туруп жалгыз бой эне де-гени кайсы ырыстуу пикир болсун. Кылганы туура эмес. ЗАГС кагазды барса эле берет.

- Зам-зам суусу деген эмне? же дубалан-ган суубу?

- Меккедеги булактан чыккан касиеттүү суу. Ажыларыбыз алып келишет. Дем салынгандан да күчтүү суу.

- жахаба деген эмне?- Жаңы чыккан, мусулман эмес, каапыр, адаш-

кан диний агым. - Зелёнка, йод гусул, даарат өткөрөбү?

055409...- Зелёнка өткөрөт. Ал эми йод жука сыйпалган

болсо өткөрөт. Калың сүйкөлүп катмар сыяктуу болсо өткөрбөйт.

- никесиз төрөлгөн бала кандай?- Анда эмненин күнөөсү? Ошол бейтаалай жа-

рык жашоого программасыз келип калганына се-бепкер болгон эркек менен аял күнөөкөр...

Page 163: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

163

Суроо жооптор

- Карыз берген адам өтүп кетти. Карызды айтып, туугандарына берип койсо болобу? 077804...

- Мураскер болгон туугандарына күбө менен берсеңиз болот.

- мен жоолук салынганыма 2 жылдан ашты. Бирок жигитим бар. Сүйлөшүп жүрсөм болобу аллах ыраазычылыгы үчүн. ниети-биз түз. 077728...

- Сен өз ниетиңе эле жооп бер. Тиги баланын ниетин кайдан билесиң? Андан сырткары Алланын ыраазычылыгы үчүн сүйлөшпөй эле койгула! Се-нин сөзүң Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн арак ичип жибергиле дегендей болуп турат да. Сүйлөш-көнгө жарасаң, турмушка чыкканга деле даяр экен-сиң, дароо турмушка чык. Тиги карыз алып катын алсын, карыздан экөөлөп кутуласыңар, катыны жанга калат, сен да эрлүү болуп каласың. Койлуу катын куйрук жейт, эрлүү катын таяк жейт болуп ырдап жүрө бересиң...

- мен ичимден келмени келтире берем. Күнөө болбойбу? 070245...

- Сооптун түгүндө калыпсың. Ушунуңдан жазба... - Сүмөлөк жасаганда буудайды өндүрүп

анан кошушат. ошондо буудай макрух болуп калабы? 077709...

- Эч кандай макрух-сакрух болбойт. - Корозу жок туулган жумуртканы жесе

болобу? 077313...- Жей беребиз. “Теке болсун, сүт берсин” деген-

ди уккансыңбы? “Мөмөсүн жеңиз, багын сурабаңыз” дегендичи?

- жолдошум көп урат. неге урганын өзү да билбейт. чыдабай кетип калгам. жообум-ду берген эмес. жакшы көрөм. азыр жолу-

Page 164: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

164

Чубак ажы Жалилов

гуп жүрөбүз. аз гана өмүрдө урса да, тепсе да жашайын деп чечтим эле. ата-энем каршы. жашасаң бизди жок деп кете бер дешет. ата-энемди нааразы кылгым келбейт, жолдо-шумдан да ажырагым келбейт. 077831...

- Жаңы күйөөгө тийип жатсаң бир жөн эле. Ка-чып кет жолдошуң менен. Тиги апенди эриңе айтып кой, беймаани ура бербесин. Мушташкысы келсе «бой без правилге» барып мурдунан эшек куртун түшүрүп келсин, күчүн сага көрсөтпөй.

- Эрим эми эле багымдатты окуп үйрөнүп жаткан. Бир киши “окусаң 5 убак оку, бир убак намазың өтпөйт” дептир. ошондон бери окубайт. Катын кишинин айтканын укпаш керек деп айтканды кылбайт. Кеңеш бери-ңизчи. айша

- Тиги киши туура эмес айтыптыр. Ошол беш убак дагы бир убактан башталат. Багымдатты окуп баштаса, калганы кантип келип калганын өзү да билбей калат. Бирөөдөн беш сом карызың болсо, бир сомдон кутула бергениң жакшыбы (?), же баа-рын тапкыча деп олтура бересиңби? Кудай билет баарын табасыңбы же жокпу?

- “талак” кинотасмасында талактын мааниси толук ачылган эмес. “Кудайдын эң жаман көргөн сөзү талак” деп билебиз. Бул тасмага сиздин көз карашыңыз кандай? 077976...

- Тасманы көрдүм. Көргөндөн мурда сценари-йин окуп кеңештеримди бергем. Бирок кино тар-тылгандан кийин монтаждап жаткан учурда дагы бир ирет көргөзүшкөндө кээ бир жерлерин мындай кыл деп айтаар элем. Кандайдыр бир алешемдиктер кетип калган. Туура баамдагансыз. Режиссеру Рыс-бек Жабиров мырза өзүнүн өнөрү менен даават кыл-ганга аябай аракети чоң адам. Кудай Таалам анын

Page 165: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

165

Суроо жооптор

тилектери ишке ашуусуна жакшы демөөрчүлөрдүн табылуусун насип кылгай...

насвай дааратты сындырабы? - Насвай, тамеки жана эшектин тезеги дааратты

сындырбайт. Муну айткан себебим, кээ бир адамдар тамеки дааратты сындырбайт деп айтсаң, тамеки тартсаң боло берет деп айтты деп алышкандыктан, эшектин тезеги да дааратты бузбайт деп айтууга мажбур болдук. Бир адам эшектин тезегин жесе даа-раты бузулбайт. А эшектин тезеги эмес, этин да эч ким жебейт. Андыктан насвайды тартууга, тамекини чегүүгө болбойт. Анткени экөө тең макрух тахрии-мий деп саналат. Күнөө болот.

- мен өзүм иштеп тапкан акчаны өзүм каа-лагандай колдонсом болобу же күйөөмө бери-шим шартпы? Күйөөм өзү жакшы табат, ке-ректүүлөрдүн баарын камсыздайт. 077872...

- Өзүң иштеп тапканды өзүң каалагандай жум-шайсың. Кааласаң чогултуп өрттөп жибересиң. Иш-теп, үйдүн сыртында жүргөн убагыңда ичкен (обед) тамак-ашыңды күйөөң төлөбөйт. Күйөөң үйдө жүр-гөн учурларыңдагы гана курсагыңа жоопкер болот. Андан сырткары күйөөң жетиштүү таап жаткан бол-со, сен иштебестен үйдө олтурганың жакшыраак бо-лот. Балдарды бала-бакчага берүү айла кеткендеги жорук. Балдар эненин гана тарбиясын алуу керек. Бала-бакчада чоңойгондор көбүнэсө ата-энеге мээ-римсиз болуп калуусу ыктымал, анткени алар да эненин мээриминен ар бир күнү бир канча саатка кур калып жатышпайбы?! Ар бир азганекей кемчи-ликтин да кайтарылаар жообу болоор.

- намаз окуганда сүрөлөр 3 жолу кайта-ланат деп жазылган китепте. жаңы үйрөнүп баштадым. Китепчеден карап окусам болобу? Сүрөлөрдү бир жолу айтса болот дешти. Бо-лобу? Ө 7701868...

Page 166: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

166

Чубак ажы Жалилов

- Кудайым кадамыңызды бекем кылсын. Сиз Куран окуганда үч ирет кайрып окуйт дегенди окуп алсаңыз керек. Намаз окуганда бир мертебеден оку-лат. Намазды жаттап бүткөнгө чейин кагаздан карап окусаңыз болот. Жаттап бүткөндөн кийин кагаздан карап окусаңыз, намазыңыз бузулат.

- жашым 27де. аялым 19да. үйлөнгөнүбүз-гө 6 ай болду. жумасына 2 жолу эле кошула-быз. меники бат эле бүтүп калат. Экинчисин каалабай калам. аялымды ойлойм, кандай ырахат алып жатат деп. же мен алсызмынбы? Кандай кылса болот дин жактан? 077030...

- Дагы бир аз үйлөнбөй жүрө турсаң, таптакыр эле болбой калмаксың. Жаңы буюм алып келип, көпкө чейин иштетпей койсоң дат басып чирип жа-рабай калат го, ошондой болуп. Колдон келсе тези-рээк үйлөнүү керек. Аял менен эркектин жашоосун жашоо эмес искусство деп айтаар элем. Пайгамба-рыбыз алайхис салам айтат: «Аялдарыңар менен кошулганда малдай болуп дароо эле кошулбагыла! Жакшы сөз, кумарлуу көз караш менен баштагыла, аларды эркелеткиле, качан даяр болгондо ишке ки-ришкиле!». Бул эркелетүү жараяны бир саат менен эле болуп калбайт. Эртең менен жумушуңузга кетип жатып жубайыңызга жакшы сөз айтып, жүзүнөн же башка каалаган жериңизден өөп коштошуп, коңгу-роо кылып аны сагынып жатканыңызды эскертип, кечинде бир азыраак белек менен келсеңиз, андан кийин да ар кандай жагымдуу жагдайлардын тааси-ри астында бул жолугушууга даярданасыз. Атайын жакшы атырларды колдонууну унутпаңыз. Тиши-ңиз, дене-боюңуз таза болуп турсун. Тырмактардын алынуу болуусу, чачыңыздын тез-тез кыскртылып туруусу, ээгиңизде сакалдын болуусу да жакшы жардам берет. Спорт менен машыгууну унутпаңыз. Канчалык такыба болсоңуз, ошончолук күч-кубатка

Page 167: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

167

Суроо жооптор

ээ болосуз. Ачык аялдардан көзүңүздү сактасаңыз, дайыма даарат менен жүрсөңүз. Өз убагында укта-саңыз, тамеки-насвай жана ичимдиктерден алыс болсоңуз баары ойдогудай болот деп айтаар элем. Акырында Пайгамбарыбыз алайхис саламдын дагы бир сөзүн айта кетейин. Ал киши айтат: «Силердин бириңердин ишиңер бүтүп калса, ошону менен эле токтотуп койбогула. Аракетиңерди уланткыла! Бал-ким анын да маарага жетээрине аз калгандыр!». Эркектер менен аялдар тең баштаса эркектердин мурдараак бүтөөрү чындык. Анткени Кудай Таалам аялзатын эркелетсин, күйөөсүнө эркелесин, ошен-тип ортосунда махабат, бири-бирин сүйүп жашасын деп ошондойчо жаратканын эсибизден чыгарбасак. Ушуларга амал кылыңызчы, калганын да көрө жа-таарбыз. Кудайым күч-кубат жана сабыр берсин. Никеңерге береке берсин Жаратканым.

- мен ислам дини боюнча жашайм. тур-мушка чыга элекмин. аллахтын ыраазычы-лыгы үчүн көзү азиз бала менен сүйлөшүп, ага турмушка чыгайын деп жатам. аллах ыраазы болобу, эгер аллахтын себепчиси бо-луп ал жигитти ыраазы кылсам? 077931...

- Албетте сиз сооптуу ишти айтып жатасыз. Ал-лахым ниетиңизге жараша сооп берип, ыраазы бо-лот. Ошол эле учурда жүрөгүңүздүн кагуусуна да на-зар салыңыз. Үй-бүлө бир гана ырайым-мээримдин гана чек-арасында курулбайт. Андан сырткары сү-йүү, бири-бирин жактыруу деген аздек түшүнүктөр да үй-бүлөнүн бекем болуусуна өбөлгө болот.

- “Шоро” компаниясы чыгарган максым-ды ичсе болобу? жолдошум болбойт дейт. 055536...

- Таң, мен ичип эле жүрөм максым-шоросун. А бирок бозосу болбойт. Ошо бозону чыгарбай эле койбоду да...

Page 168: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

168

Чубак ажы Жалилов

- Кайнене, кайнатага жүгүнүшөт го. ал-лахка гана жүгүнүш керек дешет.

- Туура, жүгүнүү жана тооп кылуу бир гана Ал-лах Таалага гана болот. Себеби жүгүнүүдө ибаадат-ты ниет кылып, сыйынуу катары жүгүнүлөт. Ал эми биздин келиндердин жүгүнгөндөрү саламдашуу иретинде гана жүгүнүшөт. Андан ширкти издөөнүн кажети жок. Бирок ошого карабастан барып-барып жүгүнүүнү токтотконубуз жакшы. Адамдар жаман күмөндө калбоосу үчүн кээде уруксат берилген нер-селерден да баш тартуубуз туура болот...

- мен 4 баланын энесимин. жашым 26да. 1 жыл мурда жолдошум менен уруша кетип, ачуум келип талак сөзүн айтып салган элем. ошол кезде боюмда бар экен. Кийин төрөөр-гө жакын кайра элдешип жашап калдык. Эми ошол кетирип койгон күнөөм үчүн төрөлгөн баламдын, үй-бүлөмдүн абалы кандай болот? нике бузулган болобу? Кайра кыйдырса бо-лобу? 077213...

- Апендим, аял кишинин талагы түшпөйт. Кү-нүнө он мертебе оозансаң деле. Кудайым аялдарга талак берүү укугун берген эмес. Болбосо баарыбыз колоктоп бойдок калмакпыз. Кудай өзү сактаган экен. Демек, сенин никең сакталуу, кабатыр болбо!

- Конокко бардым эле кайын журтум көп ичирип коюшту. мас абалымда аялыма та-лак берип салыптырмын. Эми эмне болот? жашап жатабыз. 055098...

- Андай ырысы жок кайын-журт менен чекте-лүү эле катташ. Өзүң деле зорго турган окшойсуң го, акактап. Силердин маселени көзмө-көз чечпесе бол-бойт. Бул жазганыңыз жетишсиз...

- аялымдын ойношу бар деп көп угам. Эгерде аларды кармап алсам, мусулманча эмне кылышым керек? нур

Page 169: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

169

Суроо жооптор

- Эчтеке кыла албайсың. Жакшысы ажырашып кеткениң оң болот. Бардык кылык-жоругуна чы-дасаң болот, бирок мына ушунусу ашепке чектен чыккандык болот. Муну бир де, экинчи маселе: ук-кандын баары эле чын боло бербейт. Кээде атайын ажыраштыруу үчүн да айтышат. Азыр жалганчы-лардын «ооматы» келип турат. Үчүнчү маселе: му-сулманча эмне кылышым керек (?) деп жатасың. Калган маселеңдин баары мусулманча чечилгенби? Мисалы аялың жоолук салынабы? Намаз турганбы үйдө? Коноктор келгенде эркек-аял бөлөк олтуру-шабы? Адал тамак жейсиңерби? Ж.б.у.с.. Кээ бирлер бар, мусулманчылыктан эки аял алууну эле билет, курсагы ачса чочконун эти, чаңкаса арак, зериксе казино, колу кычышса уурдайт, анан мусулманчы-лыкта эки аял алса болот дейт. Ушундай жарыба-гырлар бар.

- тарактан түшкөн чачты, тырмакты таш-тандыга салса зыяны тийбейби? 077710...

- Зыяны ушул, башкалардын жийиркенүүсүн келтирет. Ошондуктан «күлтүрнүй» таризде кагазга ороп таштасаңыз жакшы болот.

- Саждада биринчи саждамбы же экинчи саждамбы деп күмөн болгондо эмне кыла-быз? 077302...

- Биринчи саждаң якиин, экинчи саждаң шек-түү болгондуктан, биринчи сажда экен деп ниет кы-ласың.

- төрөлө элек наристеге кийим-кечек жана башка буюмдарды ала берсе болобу? айдай

- Болот. Аны эч кимдин тыйган жери жок. На-ристе аман-эсен келип алган болсо эң жакшы. Ко-кустан келбей калса, ага алынган кийимдер адам-дын сай-сөөгүн сыздатат деген түшүнүктөн улам төрөлө элек балдарга кийим сатып албайт кыр-гызда.

Page 170: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

170

Чубак ажы Жалилов

- мен үй-бүлөлүү адам менен үч жыл жа-шадым. үй-бүлөсү менен да жашады. аябай жакшы адам эле. мага чоң жардам берди акча жактан. азыр бул дүйнөдөн өтүп кетти. Эми мага берген ар бир жардамын, акчасын алганым үчүн мен өзүмдү күнөөлүү сезем. тиги дүйнөдө ал адамга чоң карыз болуп, кү-нөөгө батамбы? 077314...

- Никеңер болгон болсо баары жайында экен. Никеңер жок болгон болсо ал берген акчасына кү-йүптүр, сен дагы бирдемелериңди берген болсоң ке-рек, ошолоруңа күйүпсүң. Кыяматта талашып жата бересиңер. Никеңер жок болгон болсо ыйлап тооба кыл. Көз жашың булак болуп аксын. Намаз оку.

- аялым 7 айлык төрөгөн. 4 айдан кийин 6 жумалык боюнда болуп калган. уулум кый-налат деп алдыртып салгам. Күнөөбү? Эмне кылсам болот? 077347...

- Доктурлар ошентип кеңеш берген болсо бир жөн. Алдын ала сактануу деген нерселерди пайда-лануу керек. Ар бир наристе эки жылы энесин эмет. Андан кийин эненин организми бир жыл эс алуусу керек. Ошондо эң аз дегенде эки баланын ортосун-дагы интервал үч жыл болуусу милдеттүү.

- менин күйөөм жок. Көбүнчө Куран оку-там. Зекет берем. Бечараларга жардам берем. “Сен күйөөң, уулуң жок, сообу тийбейт, кар-маган нерселериң арам” дейт. Эч нерсеге жа-рабаган сасык чалдарга караганда ушул жа-шоом жакшы го деп ойлойм. 077936...

- Өзү ошо сасык чалдын сасык жыты деле, жыты сиңишип калган кемпирлерине Голливуддун актерло-ру себинген атырлардан жакшыраак болсо керек. Анан калса аларды эч нерсеге жарабайт дегениңиз да туура эмес. Бышылдап кемпиринин жанында жатканы канча дем. “Отуздагы жигиттен, осурак чалым жакшыраак” -

Page 171: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

171

Суроо жооптор

деген экен илгери бир кемпир. Ал эми сиздин маселеге келе турган болсок, күйөөгө тийүү, уулдуу болуу Кудай Тааламдын жазган тагдыры менен боло турган иш. Ин-сан оюна келгендин баарын жасай албайт эмеспи. Ан-дыктан, колунан келбеген нерсе үчүн күнөөкөр да бол-бойт. Ниетиңиз түз болсо окуткан Курандын да сообу тийет. Карманган нерселериңиз да адал. Аны ким кан-дай ниетте айтканы түшүнүксүз. Менимче, илгери бир чала молдокеге бир жесир аял жагып калса керек, ага сөз айттырса макул болбой койсо, эптеп ийге келтириш максатта айткан болсо керек.

- ыйык китептерди издеп жүрүп сатып алам. Эми тоорат, Забур, Инжил окуп атам. “муну окусаң каапыр болосуң” дешет. Эмне китеп окуса каапыр болобу? Бирок дилим таза, сүйгөнүм аллах, оомийин! 077936...

- Эч ким каапыр болосуң деп айтпайт. Ал ки-тептердин арасында, туура эмес сакталып, кээде кастыктан атайын бузулган жерди окуп алып ишен-се, каапыр болуп кетесиң деп айткан болуу керек. Ошентип айткан болсо бир жөн. Курандан мурда түшкөн китептерди атайын илими бар, адистешкен Ислам аалымдары гана окубаса, калгандарына оку-ганга тыюу салынат.

- Шариатта мурабаха деп коёт экен (миса-лы, мага автоунаа керек дейли, баасы 6 миң, аны банк же бирөө сатып алат да мага “расс-рочкага” 7 миңге сатат). ошол сүткордукка кирбейби? же 6 миң алып, 7 миң кайтарып бергендей эле кеппи? 077322...

- Сиз бир маселени тактооңуз керек болот. Эгер ошол “рассрочканы” ай сайын төлөп олтуруп, бир мезгилде акчаңыз жок болуп бир аз кечиксеңиз, банк кандай мамиле кылат. Эгерде кечиккендиги-ңиз үчүн да акча ала турган болсо, арам мына ушул жерден башталат.

Page 172: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

172

Чубак ажы Жалилов

- Ийсаны кабыл алган адамдар менен ма-миле кылса болобу? Кесепети тиет дейсиздер. Кандайча? Баарыбыз бир алладан жаралган-быз го. Ийса да алланын баласы. ушуга жак-шы түшүндүрмө берсеңиз. 077958...

- Мына сиз да мусулманчылыктан сырткары адам экениңизди айтып жатасыз. Сизди каапыр деп ай-табыз. Анткени Ийса алайхис салам Аллахтын пай-гамбары. Аны кудайдын баласы деп айтуу, ынануу адамды динден чыгарат. Баарыбызды Аллах жарат-кан. Сиз менен мамиле кылган адамга сиз Ийса алай-хис саламды кудайдын баласы деп айтып, туура эмес ишенимиңизди киргизгенге аракет кыласыз. Жыл-майып, кичи пейилденип сүйлөгөн сөзүңүз айткан жалганыңызды кооздоп турат. Ашкере сылыктыгы-ңыз сизди чын айтып жаткандай көрсөтөт. Аны-муну баамдай бербеген карапайым адамдарга чындыктын туткасын кармап алгандай болуп көрүнөсүз. Ошентип кесепетиңиз, ыймансыздыгыңыз, жамандыгыңыз жу-гат. “Казанга жакын болсоң, көөсү жугат” - дечү беле? Кудайым сактасын. Силер менен бир дасторконго ол-турууга да болбойт.... күнү-күнү келгенде...

- Сажда аятын окугандан кийин китеп-ти коюп, тик туруп, саждага барып, саждада 3 жолу Субханаа Роббиал аьла айтып, кайра китепти алып окууну улантабы? Сажда аятта-ры ар бир сүрөдө канча бар? 055409...

- Куранда он төрт жерде сажда аяттары кез-дешет. Эки такбирдин ортосундагы бир сажда болот. Отурган жерден да саждага кетсеңиз жа-рай берет.

- Периштелер жөнүндө толук маалымат-ты кайсы китептен алса болот? Сиздей илим-дүү аалымдын пикири мага зарыл. Батыраак акталып, Роббибиздин соолих пенделеринен болушуңузду каалайм.

Page 173: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

173

Суроо жооптор

- Периштелер жөнүндөгү маалыматтарды бар-дык эле китептерден алсаңыз жарай берет. Ант-кени бул туурасындагы маалыматтарда пикир келишпестиктер жокко эсе. Акыйда, таухид жө-нүндөгү китептерде бул маалыматтар камтылат. Жакшы дубаңыз үчүн ыракмат.

- Биринчи жолдошумдан бир кызым бар. Бирок жашабайм. Экинчи жолдошум ме-нен 1 жыл жашадым. анан ата-энеси каршы чыккандан ажыраштык. талак берген эмес. Бирок азыр жашайбыз дейт кайра кечирим сурап. азыр нике кыйдыралы деп жатабыз. Бирок ата-энем каршы. Эмне кылсам болот? 077878...

- Сиздин маселе лабиринттей эле болуп калып-тыр. Биринчиңизден ажырашкансызбы? Экинчи менен никеңиз шариаттуу болгонбу? Экинчи менен кандай шартта ажырашкансыз? Айтор, ушулардын баарын тактаганда гана татыктуу жооп болоор.

- жамандыкта, жакшылыкта кан чыга-рып, катмы кылып кафеде өткөрүп калыш-ты. окулган куран, элдин батасы тиеби же үйдө өткөргөн жакшыбы? 055090...

- Теке болсун сүт берсин дегендей эле кеп. Айыр-масы жок. Кайсынысы жеңил болсо, ошонусун кар-манганы жакшы.

- туугандар ортодо акча чыгарып, союш алып, “кудайы” кылса болобу? 077149...

- Болот. Бул иш-чараны «Кудайы» деп ата-шат. Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн боло тур-ган курмандык чалуу деген эле сөз. Кудайга таандык «Кудайы» иш чара деген сөз.

- менин күйөөм москвага барып ойноп жүргөн кызына үйлөнүп алыптыр. Эми ба-ласы менен да кабарлашпайт. Балам күндө

Page 174: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

174

Чубак ажы Жалилов

атама кетем деп ыйлайт. уккандын баары кайтарма кыл дейт. Өзүм намаз окуйм. Эмне кылайын, айтыңызчы. 070282...

- Сабыр кылыңыз. Колуңуздан келсе ошол жак-ка барып чогуу жашаганга аракет кылыңыз. Ага ча-лып айтыңыз. Мен да баратам. Эми экөөбүздү тең ошол жакта багасың (!) деп. Кайын-журтуңуз менен кеңешиңиз.

- Күйөөм экөөбүз тең намаз окуйбуз. тур-муш курганыбызга үч жыл болду. Бир кызы-быз бар. Күйөөм “ЗагСка отурбайбыз, ал жа-хилдердин варианты” дейт. атам, апамдар болуп ортодо уруш болуп атат. ЗагС жөнүндө айта кетсеңиз. Шариятка туура келбейби? Сиз деле ЗагСтан күбөлүк алгансыз да. 077960...

- Биздин ЗАГСтан күбөлүгүбүз бар. Аны жахил-дердин варианты дегени туура эмес. Мамлекеттик кагаз деп бааланат. Анда паспорт менен туулганды-гы тууралуу күбөлүктөрдү да жахилдердин вариан-ты деп албай эле койсун. Же самолётке чыкканда да жахилдердин варианты деп билетти айрып жибе-рип, барып көрсүн киргизеби? Же жокпу?

- мусулман нике агенттиги ачылганы ыраспы? Кайдан тапса болот? үйлөнмөкчү-мүн. 055110...

- Менин көп деле маалыматым жок бул туура-сында...

- Кыздыгы жок кызга үйлөнсө күнөө бол-бойбу? Өзүм 5 маал намаз окуйм. 070035...

- Күнөө болбойт. Бирок мурда ар кайсы жерде туруп-жатып жүргөн ал кыз кийин кантип бир жер-ге токтоор экен. Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы деп, адатына кирип кетип сизди беймаза кылбасын. Анан калса жийиркеничтүү дагы болот... Тооба кылса бир жөн эми...

Page 175: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

175

Суроо жооптор

- Кудайым өзү сактасын, аскерлер согуш-та бир адамды өлтүрсө анын күнөөсү кандай болот? 055193...

- Туура же туура эмес өлтүргөнүнө жараша бо-лот. Кээде өлтүргөнү үчүн соопко да калат. Кээде кү-нөөкөр да болот. Адам өлтүргөндөй күнөөгө калат. Тооба кылуусу кажет.

- “черная касса” ойногонго болобу? 077722...- Ошол жакшы эмес, айрыкча акчанын баасы

өйдө-төмөн көтөрүлүп турган убакта. Ыйкы-тыйкы-га алып келет.

- 3 балам бар. үйүмдө аябай жумуш көп. Багымдат намазын эле окуйм. жоолук салы-нам. Бирок көбүнчө шым кийип жүрөм. Кыл-гандарым туурабы? 055155...

- Калганын да окууга ниет кылсаңыз, окугуңуз келип калат. Менин беш балам бар. Үйдө аябай жумуш көп, жубайым беш маал намазын үзбөй окуйт. Үйдө, махрамдарыңыздын алдында шым-чан жүрсөңүз жарай берет. Көчөгө чыкканда анын үстүнөн халат сыяктуу кенен көйнөк же желбаб кийип алыңыз.

- Исламдан мурда кыргыздар кантип нике кыйышкан? 077223...

- Билбейм. Мен кыргыз тарыхы боюнча адис эмесмин. Кыяз Молдокасымов, же Тынчтыкбек Чо-ротегинден сураш керек.

- Биз айылда жашайбыз. жума күнү жума намаздан кийин этияти бешим намазын окуйбуз. ушул боюнча маалымат берип кою-ңузчу. 077015...

- Кылганыңар туура. Ошондой нерсе да бар. - мен мурун бир устаздан “идда мөөнөтү

бүтө элек жатып башка бирөөгө тийип алса, никеси жарактуу эгер күйөөсү билбесе, бирок

Page 176: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

176

Чубак ажы Жалилов

аял аллахтын алдында жооп берет” деп айт-канын өзүм уккам. мен да ажырашып кет-кем. Идда мөөнөтүм бүтө электе бирөө менен таанышып, ага ал жөнүндө айтпай тийгем . аны менен да ажырашып талак берген. Ки-йин сиздин фатваңызда бул туура эмес го деп ойлоп калдым. менин кылганым кандай бо-луп калды? 077870...

- Экинчи күйөөңүз менен никеңиз болгон эмес. Жашооңуз зынаа болгон. Тооба кылыңыз. Молдоке-нин айтканы туура эмес. Болгону, күйөөсү билбесе ошол билбеген күйөө билбегендиги себептүү кыя-матта жооп бербейт.

- абу Хурайра (р.а) үйлөнгөнбү? анын сиирасын окуп үйлөнгөнү жөнүндө маалы-мат таппадым. анан уммул Курого тапшы-рыш үчүн кандай талаптар коюлат жана кан-дай документтер керек болот? 077961...

- Абу Усман Нахдий айтат: «Абу Хурайраны аялы жана кызматчысы менен жети күнү коноктодум. Түндү үчөө үч бөлүккө бөлүп алышып, кезектешип түнкү намаз окушат экен. Утур алгачкысы кийинки-син ойготуп нөөмөтүн өткөзүп берет экен!!» («Маж-маьул ахбааб» китеби 1510). Демек Азирети Абу Ху-райра үйлөнгөн деп айта алабыз го...? Умм ал Куро мен окуган керемет университет. Менин бүткөнүмө көп болуп, азыр кандай кагаздар керектелгендиги деле эсимен чыгып турат. Интернеттен карасаңыз табасыз...

- медитация исламга каршы келеби? 077902...

- Каршы келбейт. Сүкүт чалуу исламда деле бар... - Биз 3 жылдан бери балалуу боло албай

жүрөбүз. анан дуба окуп жатам кудайдан тилеп. “Робби хабли мил ладунка зуррия-тан тоййиба. Иннака самииьуд дуьаа” деген.

Page 177: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

177

Суроо жооптор

Канча ирет окушум керек? даарат менен оку-шум керекпи? акыбети кайтабы деген үмүт-төмүн. 077214...

- Үмүтсүз шайтан. Бул Курандын бир аяты. Колу-ңуздан келсе даараттуу болгондугуңуз жакшыраак. Канча көп окусаңыз ошончо жакшы. Милдеттүү бир сан айтылган эмес. Намаздан кийин ушул аятты окуп дуба кылсаңыз жакшы болоор.

- менин ата-энем 2 жыл мурда бир кыз-дын үйүнө барып, анын ата-энеси менен сүй-лөшүп коюшкан кызыңарды алабыз деп. мен ислам негизинде үйлөнөм десем кыздын ата-энеси уруксат бербей жатат. менин ата-энем ыраазы. Эми мен эмне кылайын? 077139..

- Айткан сөзүңө тур. Дуба кыл. Баары жакшы бо-лот.

- мен 5 маал намаз окуйм. алыстагы бир туугандарым менен агент аркылуу сүйлө-шөм. аяштарым да жазып турушат. Бул кү-нөө эмеспи? 077367...

- Аяштар дегенде кимдерди айтып жатасыз? Сиз аял болуп тигилер эркектер болсо, анда сүйлөшкө-нүңүз жарабайт. Туугандар менен агент аркылуу сүйлөшсө жарай берет.

- мындан көп жыл мурун ажырашып кет-кенбиз, “мага жакканың менен апама жак-папсың” деп. мен апасы менен айтышкан да эмесмин, күйөөмдүн алдында да күнөө кылган эмесмин. мен кыз тийген бирин-чи аялы элем. атайлаганын билбейм. мени ачка коюшкан. Боюмда бар экенине карабай кетиришкен. Кайра тез эле үйлөнгөн. мен ыйлап жүрүп төрөгөм. Кийин ал аялы менен да ажырашып башкага үйлөндү. Кызы бир жолу көрдү атасын. Кудайга шүгүр, атасы жоктой кылбай окутуп жакшы карап жатам.

Page 178: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

178

Чубак ажы Жалилов

Кыйналган учурда бир туугандарым жардам берет. Кызым атасын ойлоп куса болбой-бу деп ойлоно берем. жаман болсо да атасы экен. анткени атасын жамандаган эмесмин. Кызымды ойлоп турмушка чыкпай жүрөм. мени ыйлаткандыгы, кызынан кабар алба-гандыгы үчүн кудай жазалайбы? Биздин деле убалыбыз бар да, туурабы? ал болсо кайра-кайра аял алат кутуруп. дагы кыз алдым деп мактанат.

- Албетте, ар нерсенин эсеп-кысабы болбой кой-бойт. Болот. Эртели-кеч сөзсүз болот. Апасына жак-паса ажырашып кете берсе, анда апасы тандаган кызды алыш керек эле, андай апасынын такасынын астында жашаган апасынын балдары.

- аллахым эки жүздүүлөрдү жана ширк кылгандарды такыр кечирбейт делет. Ширк кылды деп ар түрдүү секталарга кирип, тоо-ташка сыйынгандарды айтабызбы же аллах берет деп ишенип ошону менен бирге эле ар түрдүү акчага байланышкан ырымдарды жа-сап, мисалы, айга акча көрсөтүп, акчаны ду-балга илип, акча дарагын өстүргөндөр, фен-шуй колдонгондор ширк кылган болобу? мындай нерсени көпчүлүк адамдар жасашат жана ушу нерселер себеп болуп аллах берет деп ишенишет. анда баары кечирилгис кү-нөөкөрлөрбү? ушул жөнүндө көп талаш-тар-тыш болот. 077911...

- Ширктер да өз алдынча чоң жана кичине ширктер деп бөлүнөт. Анык ширктерди чоң ширктер деп айтсак, ширкке алып бара тургандарды кичине ширктер деп айтабыз. Ширктен кайтып, тооба кылса, ыйманга кай-тып келсе күнөөлөрү кечирилет. Тооба кылбаган ширк кечирилбейт деген маанини туюнуу зарыл.

Сөөк коюунун жол-жобосун түшүндүрүп

Page 179: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

179

Суроо жооптор

койсоңуз. Себеби, ашыкча чыгымга жол бе-рилип, карапайым калкка оор болуп жатат. 05580205..

- Дүйшөнбек ажы Өтөнбай уулунун «Жаназа» китеби бар, өз темасындагы көлөмдүү китеп. Ошол китепти таап, окусаңыз жакшы болот. Сөөктү коюу-да тирүүлөрдүн милдеттери жана укуктары болуп экиге бөлүнөт. Милдеттеринин биринчиси-сөөктү жуумак болсо, экинчиси-аруу кездеме менен ке-пиндемек, үчүнчүсү -такыба молдокеге жаназа оку-туп, төртүнчүсү- шариатка ылайык жерге бермек. Акырында дуба кылып бүтүрмөк. Акыркы милде-ти артында калган мурасын тирүү мураскерлерине шариатка ылайыктап бөлүштүрүү. Мындан башка милдет жок. Ал эми укуктардын катарына каалаган учурда Куран окутуп, же башка сооптуу иштерди аткарып, анын соопторун ошол маркумга багыш-тоо кирет.

Ал эми сөөк көмүлбөй туруп мал союп, кара аш жасоо, үчүлүк, жетилик, кырктык, элүү экилик, жылдык, көк кийүү, ак ачты, үч айттык дегендин бардыгы шариатта жок маселелер. Кээ бири бидьат болсо, калгандары арам, ысырап болуп жүрүп олту-рат. Элибиз ушул темп менен ыймандуулуктун жо-луна түшүп бара беришсе, акыр түбү тез эле мына ушул арам менен бидьаттардан кутулабыз, насип кылса. Кудайым ошол күндү баарыбызга насип кыл-сын. Омийин.

- Кээ бир молдолор “жол тумар, соода ту-мар” деп жасап жатышат. Бирок, тумардын ичиндеги жазуулар арабча сүрөөлөр бар, ал кандай? Ширк болбойбу? 770574038...

- Жолду ачкан дагы, сооданы жүргүзгөн дагы Кудай Таалам. Тумар тагынбай эле жүргөнүңүз жак-шы. Кээде тумар тагынуу ширкке алып барып кой-гон учурлар кездешет. Такыбалык кылсаңыз, тавак-

Page 180: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

180

Чубак ажы Жалилов

кулду жайына койсоңуз, истигфар айтып, салаватты өзүңүзгө адат кылып алган болсоңуз ырыскыңыз кенен болуп жолуңуз ачылат. Ар күнү «Ваакиьа» сү-рөөсүн окуп турсаңыз дагы жакшы болот.

- мен июль айында үчүнчү жолдошума чыккан элем. алардын кошунасы “булар жа-ман үй-бүлө” деп айтыптыр. анан мени үйдө-гүлөр алып баса берди. Бир айдан кийин жол-дошум чалып, “сен менин өмүрлүк жарымсың, эч кимге бербейм” деп жатат. Экөөбүз тең на-маз окуйбуз. Бирок, эжем каршы. 07089908..

- Сен өзү үчүнчү жолдошуңа турмушка чыгып жатсаң, анан дагы кетип каласыңбы? Үйдөгүлөрүң-дүн сени антип алып кеткенине эле ээрчий бербе. Алардын ага укугу жок. Сен тезирээк барып күйөөң менен жаша, экөөң тең намаз окуган болсоң. Эжең өзүн билсин, сени менен иши болбосун. Сага канча-лык жакшылык каалаган менен эжең сага эр болбойт.

- нике кыйганда молдого 500 сом жана майда-чүйдө берсе азбы? молдолордун да 3000 сом “ставкасы” барбы?. Себеби, ошол молдо нааразы болуп жатыптыр. динде кор-рупция күчөгөн го?.. 07723959..

- Динде коррупция деген болбойт. Динди кар-мангандарда коррупция болуусу мүмкүн. Нике кыйганга атайын бир ставка болбойт. Колунан ке-лишинче ыраазы кылса болот. А бирок кээде, эске алчу жагдай; нике тойго барып ырдап берген, кечээ чыккан жаңы артистке –ырчыга жөн эле эки миң сом беришет. Улукмырза Полотов же Саламат эже ырдап берсе да мейли эле дейсиң. Анан отуз жыл молдолук кылган кадыр-барктуу айылдын молдо-суна эки жүз сом менен кытайдын ит да кийбеген жаман көйнөгүн берип коюшканы да туура эмес. Адилеттүүлүк деген болуш керек го, молдо сенден садака сурап жатпагандан кийин.

Page 181: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

181

Суроо жооптор

- мен 5 убак намаз окуп баштаганыма көп болгон жок. Бирок, адамдын шайтаны күчтүү болот экен. ушуга кандай дуба окуш керек? Байжигит

- Ошол окуп жаткан намазың дубанын эң күчтүүсү болот. Катырып окуй бер, калганы ордуна келет.

- уулум 13 жашта. атасы менен жашабай-быз. уулум мени тоготпой, укпай интернет оюнуна берилип, наркоман сыяктуу болуп калды. Сизге уулумду жолуктургум келет. Су-ранам, жардам бериңизчи. 07031638..

- Менин сабактарыма алып келиңиз. Сабактар-дын жадыбалын берейин.

- Биздин кызыбыз быйыл 9 жашка чык-ты, намазды баштай элек. Кыз бала канча жашынан 5 маал намаз окуп калыш керек? 07079152..

- Кыз бала балагатка жеткенден баштап намаз-га жыгылат. Балагатка жетүү тогуз жаштан баштап он беш жашка чейин созулат. Этек кири келгенден баштап балагатка жетти деп айтылат.

- Суроом үчүн кечиресиз. Күйөөсү менен аялы бири биринин авретин жаласа болобу? 07777979..

- Көңүлү тартса ким урушмак аларды. Шариатта макрух, адепсиздик деп айтабыз.

- Кыргыздар “жакырбыз” дейбиз, берген аш-тойлорун кара тим эле укмуш. Бизде баары бар. Биз дин менен жашасак өсүп-өнүгүп, алдынкы мамлекеттерден боло алабызбы? 07079152..

- Ооба. Сөзсүз. - Бизге Кахри Күль дубасы жөнүндө түшү-

нүк бере аласызбы? 07002802.. - Мен өзүм аны жакшы түшүнбөйм. Өзү намаз окуй-

суңбу? Намаз окубасаң канча дуба кылсаң деле баары

Page 182: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

182

Чубак ажы Жалилов

бир болот. Намаз окубай эле дуба менен жүрө берем де-сең жаңылышасың. Өзүңдү өзүң алдап жүргөн болосуң.

- жалгыз жашаган күнөөбү? Кыздарым турмушка чыккан, мен кошо жарышып кү-йөөгө тийгеним туура эмес го. 7077701..

- Күнөө деле эмес. Бирок, жалгыздык Кудайга эле жарашат. Жалгыз тоокко деле жем керек.

- мен эжемдин колунда иштейм. Бирок, эжем мага ишенбейт. Себеби, жигитимден “единица салып турчу” деп СмС келген. мен бир дагы жолу салган эмесмин. Эмне кылы-шым керек? Өзүм намаз окуйм. 07095996..

- Ишенбесе эмне кылмаксың? Намаз окуганың эмне дагы, жигит менен жүргөнүң эмне? Сен дагы ошол жигит сөрөйүңө «мен сага единица сала ал-байт экем!» деп СМС жазып жибер дагы, аны эжеңе окутуп кой. Ошону менен алактаган жүрөгү ордуна келет. Жигит менен жүргөндү токтот.

- орто мас болуп 3 талак берсе түшөбү? Эр-теси жарашкысы келет. Эмне кылыш керек? Россиядабыз. мечитке барсак “чубак ажы жакшы билет” дешти. 07023606..

- Эми берекем, муну жекшембиде «Айни -31» деги сабакка саат 11-30га келсеңер, экөөңдү сурап туруп айтаар элем.

- гусулсуз суу ичкенге, тамак жегенге бо-лобу? 07739894..

- Колуңду эле жууган болсоң боло берет. Өзүң деле ошол иштен кийин колуңду жуубай жегенден жийиркенсең керек?..

- мен мотор майлары менен соода кылам. оптом май саткандар арзан майды брэнд бол-гон майдын идишине куюп, пломбалап кою-шат. Бирок, баары бир эле нефтиден чыгат да. ушул нерсеге кандай карайсыз? 07711270...

Page 183: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

183

Суроо жооптор

- Сен деле жанагы буудай тартылгандан калган кебектен нан жасап жеп көрчү? Баары бир буудай-дыкы деп. Окшошпойт. Ошондой эле майлар дагы мына ошондой. Ошентип саткандардын тапканы адал болбой калат. Алдоо жолу менен тапканда бе-реке дагы болбойт. Кээ бир май куюуучу жайларда дагы алган бензиниңден канча бир бөлүгүн уурдап калышат. Мына ошол дагы арам болот.

- жакында ыйык ашура жөнүндө баракча окудум. Бул мусулман дининде барбы? Болсо мааниси кандай? 07782158..

- Бар. Ашура күнү орозо кармап, ага кошуп бир күн тутуп берсе сооп болот. Же бир күн мурунду, же бир күн кийинкини кошуп кармаса боло берет. Андан сырткары Ашура күнү бала-чакага майрамдык маа-най менен белек-бечкек берип, түрлүү даамдар ме-нен дасторкон жазса, ырыскысы кенен болот. Бизде ушунчалык эле белгиленет. Ал эми Шииттерде ашы-рып жиберишет. Аларга макул боло албайбыз.

- мен «дордойдо” иштейм. менин ко-шунам мени көрө албайт, тез-тез урушуп турабыз. ал келген кардарларды дубалап турат экен. муну мурунку контейнердин ээси айтты. Буга кандай чара көрсөк болот? 07735739..

- Намаз окуй берсеңиз, такыба боло берсеңиз, колунан кокон тыйын дагы келбейт. Деги эле башка бирөөлөрдү окуткандар акыр-түбү жыргал жашоого жетпейт. Бирөөнүн өлүмүн тилегенче, өзүңдүн өмү-рүңдү тиле.

- аялдын боюнда бар кезинде күйөөсү ме-нен ажырашып, башка күйөөгө тийсе нике жүрөбү жана “нике кыйып бер” десе эмне кы-лыш керек? талак жок туруп, башка күйөөгө тийип кетсе болобу? мындайларга нике кый-са болобу? 07092242..

Page 184: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

184

Чубак ажы Жалилов

- Никелүү күйөөсүнөн боюнда болуп, боюнда экенинде башка турмушка чыга албайт. Төрөгөндөн кийин гана иддасы чыгып бүтөт. Идда бүткөндөн ки-йин гана турмушка чыга алат. Ага чейин кыйылган нике жараксыз болуп эсептелет. Жашаган жашоосу арам. Нике кыйып бер десе эле кыя бериш керекпи? Кыйсаң деле түшпөйт! Жөн эле куру убаракерчилик. Талак жок туруп башкага кантип тийип кетет, бирөө кийип турган кепичти кантип киймек элең? Кээ бир эркектер ажырашкан аялдарына талак беришпей кыйнайт. Ошол аял башка менен жашап алса, аял канчалык күнөөлүү болсо, талак бербей койгон му-рунку күйөөсү да дал ошондой эле күнөөлүү болот. Аялын эптеп карай албай, башкага тарттырып жи-берген үчүн. Андайларды даюус деп айтат.

- детдомдон бала багып алсак, бала чо-ңоюп бойго жетсе, атасынын аты ким экенин билбесек, үйлөнгөндө нике кандай кыйылат же багып алган атасынын айтып нике кыйса болобу? 07092242..

- Баланын өзүнүн атасынын аты так билинбе-ген учурда, бакма атасынын аты менен атала берет. Ошол бакма атасына каттала берет.

- Кайненемдин каза болгонуна 10 жыл болду. Кайнатам баспайт, оорукчан, кирде-генде чачын алып берем. Кайнатанын чачын алса күнөө эмеспи? 07728411..

- Сен жынысыңды айтып койсоң болчу экен. Эр-кексиңби, аялсыңбы? Кээде суроонун жооптору адам-дын жынысына байланыштуу да болот. Бирок, сенин маселеңде ким болсоң дагы жообу бирдей эле. Сен сооптун алдында калыптырсың. Ушунуңдан жазба.

- менин кызым жума күнү төрөлгөн “атын жумагүл коюшуңар керек” дешкен. Биз ан-дай койгон эмеспиз, эч нерсе болбойбу? 07028383..

Page 185: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

185

Суроо жооптор

- Эч нерсе болбойт. Анда Шаршемби күнү төрөл-гөндөрдү «Шаршембигүл» деш керек болобу? Кокус орус болуп калса «Средахан» дейсиңби?

- мен 13 жылдан бери төрөй албай жатам, күйөөм менен ажыраштым. “Башка бирөө менен жашасаң балким боюнда болот” дейт. жашыруун жашаса болобу? 07057282..

- Кой антпе. Сен сойку белең? - намаз окуганга ниетимди коюп, үйрө-

нүп баштагам. Бат-бат гусул алууга шарт бол-богондуктан, окуй албай жатам. 07032906..

- Шарт жок дегенди кантип түшүнөт экенсиң?.. Шариатка ылайык шарт жок болсо, кургак даарат, таяммум менен гусул ал. Асти, намазды калтыра көрбө...

- мен келинчегим менен ажырашып кет-тим. Өзүм намаз окуйм. намаз окуган келин-дер менен кантип таанышсам болот? “үй-лөнөйүн” дедим эле. Биринчи келинчегим “жообумду бер” дегенде “3 талак” деп койдум эле. Эчтеке болбойбу? 07036276..

- Мен сага тааныштыра тургандай агент эмес-мин. Талак маселеңди оозеки сурап кет. Гезит менен болбойт.

- “Сетевой бизнес” дегенге кандай карай-сыз? 770249350..

- Ошону көп аалымдар жактырбайт. Мен деле көп сүйө бербеймин.

- Кымыз ичүү динге туура келеби? 07070026..

- Ооба. Ичип жүрөбүз. Кымыздын эле жакшысы Ажике жайлоонун кымызы. Быйыл жайдын башын-да Ажикеге барып кымыз ичкенге ниеттенип жүрөм. Суусамырда да жакшы кымыз бар. Бирок, көпчүлүгү чаначтарын бир сезондо бир эле жолу ыштагандык-

Page 186: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

186

Чубак ажы Жалилов

тан, чанач эмей эле чылгый болуп, чыла даамданып турат. Ачулуулугун айтпа эми. Өлгөн өгүздүн көчү-гүнө чачып жиберсең, «бөө» деп бөкүрүп тура качат. Ошондой берекем.

- Бетти жоолук менен чүмкөнүп жүрүү жө-нүндө далил барбы? 07070026..

- Түздөн-түз «катьий далаала» далилдер жөк. «Катьий субуут, бирок, занний далаала» далилдер бар. Ошондуктан, ханафийлерде жүздү жаап жү-рүүнү муьаккада сүннөт деп айтылат.

- Биздин баш кошконубузга 7 жыл бо-луп баратат, балалуу болалбай жатабыз. 07025221..

- Перзент дагы Кудайдын ырыскысы. Намаз окуй берсеңер баары ордуна келээр. Тагдырга жа-зылган болсо болоор.

- Пайда табыш үчүн лотерея ойнотсо бо-лобу? 770249350..

- Жок. Арам болот. Алдамчылыктын бир түрү. Шариат көтөрө албайт мындай арам оокаттарды.

- менин апам 5 айлык кезимде каза бол-гон. мени тайкем багып, окутуп, турмушка берди. мен аны “ата” дейм. “ата” десе боло-бу? 07084283..

- Эми, урматтаган таризде ата десең боло берет. А бирок, атаңдын ким экенин биле жүр. Атаң ким десе өз атаңдын наамын айт.

- Сиз кыргыз тилинин грамматикасын оку-гансызбы? Канча жыл илим алгансыз? Келечек-те муфтийликке ат салышасызбы? 07099180..

- Мен мектепти медаль менен бүтүргөнмүн. Ошондой эле этибарлуу кыргыз жазуучуларынын дээрлик бардыгынын китебин окуганмын. Китепти өтө тездик менен окуймун. Мисалы, «Агындылар-ды» ара-чолодо карап жүрүп үч күндө окуп бүткөм.

Page 187: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

187

Суроо жооптор

Илимди мына жыйырма эки жылдан бери алып келе жатам. Дагы ала беремин, качан топурак жазданып калганга чейин ушул жашоо менен кете бермей.

Муфтийликке ат салышам деп айтпайт. Бир адам өзүн муфтийликке да көрсөтпөйт. Аалымдар тандап, мажбурлап коёт муфтийликке. Өзү каалап келген муфтийден береке болбойт, жарыбайт. өзүн да, динди да уят кылат. Кудайым сактаган болсун!

- Биздин үйдө ар дайым көзүмө кара ки-йимчен киши көрүнөт. Эмне кылсам болот? 07733209..

- Дайыма намаз оку. «Манзил» деген китепче бар. Ошону эртели-кеч окуп турсаң жакшы болот.

- намаз окуп жатып, адашса кайрадан даарат алып окуш керекпи? 07072909..

- Жок, намазда адашкандан даарат бузулбайт. - менин 19 жаштагы иним бар. Өзүм 23

жаштамын, турмушка чыккам. Бир тууган эжеси болом. мен иниме “жаман жолго түш-пө” деп насаат айтсам болобу? 07072909..

- Болот, сен айтпаганда ага ким айтат. Сен апа-сындай элесиң. Кыз бир тууган жакшы болот. Ко-нокко барсаң бир тууганым деп чай коёт. Сенин аброюң жогоруласа сүйүнөт, абысын-ажындарына мактанат. Ичинен сенин жакшылыгыңды тилеп жү-рөт. Кыз бир туугандарды сыйлаш керек. Үйгө келсе, төрдөн орун берип урматташ керек.

- Кечинде күйөөсү “кошулалы” десе, аялы макул болбосо, периштелер түнү бою карга-шабы? 07072909..

- Ооба. Аял киши шариаттык үзүрү болбосо, кү-йөөсүнүн каалоосуна жараша болуш керек.

- аял кишинин чачы узун болсо, кошу-ла электен алдын учуна чейин өрүп, гусул

Page 188: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

188

Чубак ажы Жалилов

алганда сыртынан 3 жолу суулап, масх тар-тып койсо болобу? 07072909..

- Ооба. Чачтын түбүнө, баштын терисине суу жет-кирүү милдеттүү болот. Ал эми чачтын өзүнө суулуу кол менен масх тартып коюу жетиштүү болот.

“Садага болоюн” деген сөздүн мааниси эмнени түшүндүрөт? 07721358..

- Жакшы көрүп, имерилгенди, жакшы санаалаш экендигин билдирген сырдык сөз.

- “Килькада” шек болушу мүмкүнбү? 07051747..

- Шек болуусу деле мүмкүн. Даамдуу болсун деп чочконун майын кошуп койсо арам эле болуп калат. Бирок, мен килькаларды жөн эле жеп жүрөм, бөй-рөктөн шыйрак чыгарбай эле...

турмушка чыга турган кыз менен канча жолу сүйлөшүш керек. Кызга канча калың бериш керек? Сүйүү бар экенине ишенесиз-би? 07083109..

- Турмушка чыга элеги менен деле, мурда турмуш-ка чыкканы менен деле бир эле жолу сүйлөшөт. Андан ашыгы болбойт. Калган сүйлөшүүлөрдү никеден кийин кенен-кесири өткөрө бересиң. Калыңдын эң азы азыр-кы учурда беш2 миң сом. Эң көбүнө чек жок.

Сүйүү бар. Сүйүү бар экенине ишенмек турсун, өзүм дагы билем. Ошону менен жашайм. Мендеги ал назик сезим балдарымдын апасына арналган.

- Кырк күн, 4 ай дааватка чыгуу кайсы ки-тепте келген? дааватка чыгуу парзбы же сүн-нөтпү? Сиз дааватка чыгасызбы? 07083109..

- Бул парз же сүннөт деп чектелүүдөн дагы жого-руда турган бир нерсе. Даават кылуунун өзү- парз. Ал эми кырк күндүк, төрт айлык дегендерибиз тартип. Менин сизге ушинтип жооп жазып олтурганым дагы 2 2014-жыл эсебинде

Page 189: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

189

Суроо жооптор

даават. Анда –мында дааватка чыгып турам. Мага дааватчы бир туугандарым менен чогуу болуп, бир жамаатта жүргөн жагат. Анткени, чыныгы дааватчы-лар такыбалыкты карманышат. Дайыма адептин че-гинде жүрүшөт. Эч качан сага зулумдук кылышпайт. Бейишке кирүүгө ылайыктуу заттар деп ойлойм.

- Бул дүйнөдө артист, куудулдар наркы дүйнөдө эшекке окшоп аңгырайбы? (ырдай-бы). менин атым Шумкарбек, атымды өзгөр-төйүн деген болчумун. Кантип өзгөртсөм бо-лот, шариаттагы аттарга? 07785522..

- Аңгыраганын го билбейм. Бирок, адамдарды жаман жакка түрткөн маанидеги ырлары үчүн күнөө-көр болушат. Атың жакшы экен. Өзгөртпөй эле кой. Арабтарда деле Бүркүт, Шумкар деген аттар көп.

- менин балам 6 жашта. Иншаллах, 12 жаштан кийин “Саудияга окууга кетирейин” деген оюм бар. ошондой исламий окуулар барбы? 07704345..

- Дагы алты жыл бар экен. Жакындаганда бул темада сүйлөшөлү. Ага чейин мечиттерге каттатып, Куран жаттатып койсоңуз жакшы болот. Кудайым забардас аалым кылган болсун.

- “Шашке маалы” деген эмнени түшүндү-рөт? 07022677..

- Шашке – убакыт өлчөмү. Эртең мененки убак, күн көтөрүлгөн маал. Адатта эрте шашке, чоң шашке, же улуу шашке деп бөлүнөт. Эрте шашке – күн жаңыдан көтөрүлгөн учур. Улуу шашке – түш-кө жакын, жалган түш мезгили. (Кыргыз тилинин сөздүгү 2\786-бет) Шариатта да ушул эле чен-өл-чөмгө айтылат.

- “мушриктер” деген кимдер? 07022677.. - Кудай Тааланын бар экенин билип туруп, ага

башка кудай сымактарды кошуп алгандарды «муш-

Page 190: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

190

Чубак ажы Жалилов

риктер» дейбиз. Мисалы, «православдар» мушрик-тер, анткени, алар Кудайга ишенишет, ошол эле учурда Ийса пайгамбарды кудай дешет. Мазарга сы-йынгандар дагы мушриктер. Анткени, алар Кудайга ишенишет, ошол эле учурда мазар пайда-зыян берет деп ойлошот. Мушриктер-каапырлардын бир түрү.

- менин 2 балам бар, аялым жок. мээ-римдүү, балдарыма апа боло ала турган кыз табыш үчүн кайсыл жака кайрылсам болот? 05548185..

- Жеңелериңе кайрыл. Ошолор жеңелик кылып таап берсин. Досторуңа айт. Алар аялдары аркылуу таап беришсин. Кудайым жакшы жарга туш кыл-сын, Омийин!

- мен 46 жаштамын, өзүм нерв менен ооруйм, унутчаакмын. намаз окуп жатканда унутуп калам. дубаларды окуп турсам боло-бу? 07782673..

- Унутсаңыз деле окуй бериңиз. Унутчаактарга боло берет. Дегинкиси, намазды калтырбасаңыз эле болду. Дубаларды окугандан намаздан кутулуп кал-байсыз.

- мен орусияда жүргөндө бир тууган иним айтканды укпай, жашап жаткан үйдү банкка коюп, насыя алып унаа сатып алган. андан бери бир жылга жакындап калды. Эки жер-ден кредитке акча алышыптыр. Баш аягы 5000 доллар карызы бар экен. мен салган 3000 доллар дагы жок. апам эми мага “кредит алып бер” деп жатат. Бөйрөгүмдү сатсамбы?! Шарият буга кандай көз карашта? жардам бериңизчи. 0707976915

- Бөйрөгүңдү сатпа. Апаңа кредит да алып бербе. Кредитти башына тартабы апаң? Курсагы ток болсо, Кудай деп эле олтура бериш керек эле. Кредит алып бер дебей, намаз окуганды үйрөнсүн. Өлгөндө жана-

Page 191: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

191

Суроо жооптор

заны дагы ишенимдүү окуй турган болсун да молдо-келер. Ал эми өпкөсү жок иниң машинесин сатып карызын төлөсүн. Төшөгүңө карап бутуңду сун де-генди ушулар билишпейби, кандай? Бүгүн бөйрө-гүңдү сатсаң, тетиги кем акыл иниң менен обу жок апаң эки күндө түгөтүп, экинчи бөйрөгүңдү сат дейт. Сенде канча бөйрөк бар өзү. Кудайым күч-кубат бер-син. Намаз оку, каралдым.

- “Ислам түзүмү” деген китепти, такыйуд-дин набахонийдин китептерин окусак боло-бу? 07790907..

- Ар бир китептин туура жери да, туура эмес жери да болот. Курандан башканын баарынан кемчилик тапса болот. Набханий «Хизбут тахрир» партиясын негиздеген, өз учурунда Азхар университетин бү-түргөн адам. Ар бир адамдын китебин окуса болот, жаман-жакшысын ылгап окуганды билүү керек. Ылгаганды билбесе, билгендерден суроо керек. Эң негизги маселе-динди түшүнүүнү кээ бир аалымдар-га «монополияга» берип койбоо керек. Дин десе эле бир эле аалымдын пикирлерин карманып, башка-ларды укса, окуса болбойт деген натуура пикирден ыраактоо керек.

- Хизбут-тахрирлерди “саясий партия депсиз. Эмне үчүн анда аларды “экстремист, террорист” деп айтышат? 07790907..

- Аны ошол айткандардан суроо керек, жара-ным. Менден эмес...

- менин азыр боюмда бар. үйдөгүлөр бил-бейт, апам билсе алдырып салат. мен төрөгүм келип жатат. Эмне кылсам болот? 07054035..

- Эриң барбы, же күлгө оонап боюңа болгонбу?..- Күйөөм экөөбүздү ушак айтып, уруштуруп

жиберишти. Бирок, кайра жашап жатабыз. Ку-дайды салып карганган күнөө эмеспи?

Page 192: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

192

Чубак ажы Жалилов

- Кой антпе, уят болот. Кудайым баарын билип турат. Күйөөң экөөңдүн тең акылыңар бир аз жука-раак окшойт. Болбосо койнуңдагы күйөөңө ишене-сиңби, же көчөдөгү ушакчыга ишенесиңби?

- менин үч жарым жашар балам сүйлөй албай жатат. Бир-эки жолу даарылаттык. Ба-ламды урушуп койсок жини келип, ургулап кыжаалат болуп кетет. «Балдар менен ой-нобойт, балага дем салдыр” дешти. Кайсыл жакка барыш керек? 07701923..

- Мечитке бар. Баланы урушпа. Насип кылса сүйлөйт.

- нике кыйылып бирок, элдерден шартка байланыштуу бата албай калган, үйлөнгөн 2 жаштын келечеги кандай болот? Шариятта кандай? 07022677..

- Жашыруун нике дегенди менден аккредита-циялап алайын деп турасыңбы? Жашыруун нике болбойт. Жок дегенде бир кой союп, той кыл. Элди чакыр. Элге кошуп мени чакыр. Батаны беребиз.

- Байкемдин балдызына үйлөнсөм боло-бу? 07030005..

- Болот. Байкең менен бажа болуп жатып каласың.- жакындарым каза болоордо жанында

эч ким болбоптур. ыйманы менен кеттиби, белгисиз. аларга кантип жардам бере алам? 05540910..

- Сооп иштерди аткарып, анын соопторун ба-гышта, дуба кыл.

- татуаж, жасалма чач менен намаз оку-сам болобу? ата-эненин күнөөсү үчүн да тоо-бо кылса кабыл болобу? жамгыр жааганда периште көбөйөт деген чынбы? намаз окуп жатканда эмнени элестетиш керек, эмнени ойлош керек? 070274...

Page 193: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

193

Суроо жооптор

- Татуаж дегенди түшүнбөдүм. Жасалма чач так-канга шариат уруксат бербейт. Ата-эне үчүн тооба кылынбайт. Алар үчүн сооптуу иштерди аткарып, соопторун белек кылат. Алардын акысына дуба кы-лат. Жамгыр жааганда Аллахтын ырайымы түшөт делет. Намаз окуганда акыретти, соопту эстөө керек.

- ар бир адам өзүнө кепиндик материалды сатып алып даярдап койсо болобу? Кепинге деген материал үйдө турса өлүмдү чакырат дешет. ушул туурабы? 077754...

- Даярдаса жакшы болот. Өлбөй турган ким бар? Чакырат дегени жалган кеп.

- Иттин жүнүнөн жасалган өтүктү (кончу-сунун сырт жагы) кийсе болобу? Ө7702390...

- Иттин жүнүнөн жасалган байпакты кийсе бо-лот, жакшылап жууп алып туруп. Ансыз деле аны жууган болсо керек. Ал эми иттин терисинен ти-гилген маасы, өтүктөрдү ашталгандан кийин кийсе жарай берет. Ашталмайынча андан өтүк деле ултар-байт болуш керек. Намазга да жарай берет.

- үйдөгүлөр мени үйлөн деп жатышат. мен намаз окубайм. намаз окуган кызга үйлөнсөм дейм. медреседе окуган кызга үйлөнсөм боло-бу? Кандай таанышсам болот? 0771000...

- Намаз окуган кыздар эле көчөдө тизилип ту-руптурбу? Сен өзүң намаз окуп, анан намаз окуган кыздарды ойлосоң, өзүңө жакшы көргөндү башка-ларга жакшы көрсөң, берекем... Андан кийин медре-седеги кыздарга үйлөнсөң эмне үчүн болбосун? Аты менен фамилиясын сурап таанышасың го дейм...

- менин жолдошум ата-энеме калың бер-ген эмес. Бирок, ата-энем чакан сеп берген. Калың бербесе шариятка туура келеби? Эгер-де, бериш керек болсо эми деле кеч эмеспи? нифас деген сөздү кандай түшүнсө болот? 077045...

Page 194: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

194

Чубак ажы Жалилов

- Махр деген нерсе бар, ал милдеттүү болот. Сизге күйөөңүз белек берген болсо, ошол да махр-га-калыңга эсеп боло берет. Бербесе, эми да кеч эмес. Нифас дегенибиз, төрөттөн кийин, аялдын жатынынан келчү кан. Бул учурда намаз окубайт, орозо тутпайт, күйөөсү менен кошулбайт. Өбүшсө боло берет.

- жигитиме турмушка чыгайын десем ата-энем каршы болду. анткени, жигитим ош-тон, мен таластан. Бирок, азыр андан 3 айлык боюмда бар. Эми наристе арам болуп төрөлө-бү? жигитим мени абдан сүйөт! ата-энемдин макулдугун кантип алсам болот? аида

- Апаңа курсагыңдагыны билдир. Дароо нике кыйдыр. Көп баскан аяк бок басат болгону ушул. Тооба кыл. Намаз оку.

- Бир кыз мени сүйбөй калышы үчүн кан-дай дубалар бар? мени тажатты. 070334...

- Кудайдан сура. Же ага үйлөн. Сен сүйгөнгө эмес, сени сүйгөнгө үйлөн дешет ко...

- мен азыр намаз окуйм. Бир жыл мурда химиялык боёк менен чачымды боёгом. даа-ратым өтө береби же боёлгон чачты кыркып салыш керекпи? 077810...

- Боёкту кетирүү керек, болбосо кыркып сала-сыз. Насип кылса өсүп калат. Кудайым намазыңыз-ды кабыл кылсын. Ушундай акылдуу суроо берилсе, баарына пайдалуу болмок...

- Сиздин жоопторуңузду окуп көп пайда алып жатабыз. аялымдын боюнда бар. жак-шы дуба берип койсоңуз. 077324...

- Жеңил кылсын....- Биздин усман деген балабыз бар. Илим

берейин дедим эле. Канча жаштан берсе бо-лот? 077324...

Page 195: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

195

Суроо жооптор

- Мектеп жашынан берсеңиз болот. Медреселер-дин шартына караңыз....

- Кошулгандан кийин сөзсүз гусул алыш керекпи? мисалы, кышындачы, ар бир эле үйдө мончо жок да. 077908...

- Ар бир үй жуунгандын аракетин көрүүсү керек болот. Жок эле дегенде кытайдын чоң «тазигин» са-тып алып, бир чака менен бир чөмүчтү даярдап коюу керек болот. Дааратканага барганда кагаз даярдап баргандай эле кеп. Кагазым жок эле деп эмне кылат элең...? Ошондой. Гусулу жок кантип намаз окуйт элеңиз. Деги намаз окуйсузбу?.. Намаз окуш керек...

- алты балам бар. Союз кулагандан бери жолдошум иштебейт. Балдарды багыш үчүн москвага барып иштеп, бир жылдан кийин келсем, мас болуп алып “сен талаксың” деп кайра-кайра айтты. Эми аракты да көп ичип кетти. Бирок, балдарымдын атасын ташта-гым келбейт. Кайра башынан нике кыйдыр-ганга айткан эмесмин деп мойнуна албай жа-тат. Эмне кылам? 077278...

- Оозмо ооз сүйлөшүү керек болот сиз менен...- Эки-үч аял алганга оозуңуз толо «ооба»

дей бересиз. Эмнеге? ага чейинки парздарды аткарып жүрөбү, сурабайсыз? же сиз дагы шарияттын ушул гана жерин колдонгон эр-кектерди колдойсузбу? Кандай ой менен кан-дай адам сураганын кайдан билесиз? үй-бү-лөсүн бузуп алыштан коркпойсузбу? 077700...

- Кантип коркпойм, корком. Бирок, ар бир адам-га жакшы күмөндө болуу үчүн мен аларды баш маал намазын үзбөгөн, чыныгы момун деп элестетип жооп беремин. Суроосунан андан башкачараак адам болуп туюлган болсо, ага ылайык жооп беремин. Андайлар-га кээде бир аял алганды деле тыйып жүрөм. Ша-риаттын баарын кармануу керек. Бирок, бир жерин

Page 196: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

196

Чубак ажы Жалилов

карманбасаң, бардыгын карманбаш керек деген жери да жок. Сизге ырахмат, туура айтасыз.

- Биз сүрөт тартабыз. Кесибим дизайнер-модельер. Сүрөт тартсам болобу? 070330...

- Адамдын, жандуулардын кебетесин тарткан болбойт. Калганы боло берет.

- жумшак бозо арам болбойбу?- Бозону ичкенге болбойт. Арам. - маасы чечкенде (даараты болсо) бутту

эле жууса болобу? 055001...- Эгерде, маасыга масх тартылгандан кийин маа-

сыны чечсе, бутту гана жууп коёсуз. Эгерде даарат алып, даарат бузулбастан туруп, маасыга масх тарт-пастан туруп, бутту чечсеңиз эч нерсени жууштун кереги жок.

- мүчөл жылында кызыл кийим кийүү ке-рек деген шариятта барбы?

- Кыргыз эл жомокторунда болсо керек. Же орус эл жомокторундабы, айтор, биздин шариатыбызда жок.

- жамаат намазда бирөө күлүп жиберсе менин да күлкүм келип кетсе, келген жерим-ден эки жакка салам берип, кайра уюп окусам болобу?

- Болот, бирок, күлкүңдү токтотуп калып нама-зыңды улантканың жакшы. Тигинин намазы да, даараты да бузулду.

менин жашым 20да. үйлөнөйүн десем үй-дөгүлөр көнбөйт. Пендебиз да. Баарыбызда напсибиз бар. ошол напсиме жеңилип, кү-нөө кылып коёмбу деп корком. Өтө кыйна-лып кеттим. али

- Али! Эми жыйырмага чыксаңыз дале жаш экенсиз. Ар кайсы нерсени ойлой бербей убакты-

Page 197: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

197

Суроо жооптор

ңызды жумуш, окуу менен пайдалуу нерселерге жумшаңыз. Орозо тутуңуз. Иштеп, ылайыктуу ка-ражат таап, андан кийин үйлөнгөнүңүз жакшыраак. Ал убакта эч ким каршы болбойт. Такыр чыдабай баратсаңыз орозо тутуңуз. Кыздардын сүрөтүн ка-роону токтотуңуз...

- ар бейшемби арбакка куран окуш керек-пи? арбак баарын көрүп турат деген туура-бы? 077922...

- Ар бейшемби Куран окутуу милдеттүү эмес. Бирок канчалык тез-тез окуп турса ошончолук жак-шыраак. Арбактар баарын сезип турат, бирок бизге жардам берүү мүмкүнчүлүгү аларда эмес. Биз сооп-туу иштерибизди аларга багыштап, жардамыбызды көрсөтүп турабыз.

- жүрөгүмө якинди кантип киргизем? де-геле якинь деген сөз эмне? Баламды өтө көп урам. 3 жашта. Кантип тарбиялашты билбей жатам. 077013...

- Якиин дегенибиз араб тилинен оодарганда шексиз, күмөнсүз ынануу демек. Жүрөккө якинди киргизүү акыйкат жолунда жүрүү, Аллах Тааланын кудуретинин улуулугун пикирленүү менен болот. Баланы көп ура берүү жакшы эмес. Тарбиянын эң жакшы болуусу, өзүңүздүн тарбиялуу, тартиптүү бо-лууңуз. Бала сизди көрүп тарбия алат.

- менин этек кирим беш күн келет. гусул кылып жолдошум менен кошулсам дагы кан көрүп калам. гусул албай эле кошулуп, анан биротоло гусул алып намаз окуй берсем боло-бу? 077740...

- Этек кириңиз келип бүткөндөн кийин, гусул алганчалык жана такбирге кулак какканчалык жа-рым саат өткөзүп туруп кошулсаңыз жарай берет.

- мен 15 жаштамын. намаз окуюн деген ниетим бар. Бирок эрте менен туруу кыйын

Page 198: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

198

Чубак ажы Жалилов

болуп жатат. анан 4 маал эле окусам болобу? 077993...

- Сен садагасы, баштап окуй бер. Кудай Таалам баарын тартибине салат.

- мен жоолук салынып, намаз окуйм. Саба-гым түштөн кийин болгондуктан бешим намазы ар күнү каза болуп калат, кээ күндөрү аср дагы. Бул экөө каза болсо акыркы намаздар кабыл бо-лобу? Кайсы убакта казасын окусам болот? мен каза намазды кийинки окулган намаздын ал-дында окуп жатам. туура элеби? 077981...

- Каза намазды окуу тартибиң туура эле. Куда-йым намаздарыңы кабыл кылсын, акыйкаттын жо-лунда бекем кылсын. Омийин.

- мен окууга 9-класстан тапшырган элем. группалаштар менен шеринеге барсам боло-бу? мен быйыл айылда 11-классты аяктап жатам. Классташтар бүтүрүү кечесине 2500 сомдон кошобуз деп чечишиптир. ага каты-шууга шарият уруксат береби? 077981...

- Шерине кандай тартипте болоорун айтсаң жооп берээр элем. Бүтүрүү кечеси да ошондой эле. Кыздар менен балдар аралашып алышып бийлесе, ичимдик болсо, андай жерлерге барууга болбойт.

- мен быйыл аллах кааласа ата-энемди ажылыкка жиберейин деп жатам. Бирок ке-линчегим макул болбогондой түр көрсөтүп жатат. Баланын ата-энеге жакшылык кылга-ны үчүн алланын берген убадалары тууралуу өкүмдөрүнөн жана хадистерден далил келти-рип айтып берсеңиз. Келинчегиме аз да болсо түшүнүк береби деген үмүттөмүн. Ө7707238...

- Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Бейиш энелердин таманынын астында!». «Ата-энең сенин бейишиң же тозогуң!».

Page 199: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

199

Суроо жооптор

- Биз сизди адам катары да, аалым ката-ры да сыйлайбыз. Кудайдан корккондордун да, кудайдан жөө качкан мунафыктардын да туура, туура эмес, кычы суроолоруна сабыр-дуулук менен жооп бересиз. аллах ыраазы болсун сизден. анарбек усупбаев деген эме Ибрахим пайгамбар эжесине, али агасынын кызына үйлөнгөн деп келжирептир газетага. ушуга окшогондорго адатыңызча таамай так айтып коюңузчу. 077343...

- Азирети Алий агасынын кызына эмес, атасы-нын бир тууганынын кызына үйлөнгөн. Салтыбызда бир аз жактырылбагандыгына карабастан Шариат-та буга жол берилет. Ибрахим алайхис салам эже-сине үйлөнгөн дегени да туура эмес. Адамгерчилик тараптан, дин тараптан карындашы деп айтабыз. Мисалы күйөөсү менен аялы мусулман болсо, экөө бири-бирине дин боюнча бир тууган болот эмеспи? Ал эми тиги келжиреген неме сөздүн теңи эмес. Эч бир ыйыктык дегендин ныпым эч нерсесин калтыр-бай сүйлөйт. Кудай Таалам аны ошентип алжытып сүйлөтүп койгону эле, ага тирүүлөй берген жазасы. Ал эми акыреттегиси –тооба кылбаса- жаман бо-лоор.

- Простатит оорусуна массаж кылдырса күнөө болобу? 070310...

- Башка жолу жок болсо бир жөн. Анткени, прос-татит ооруларга массажды көтөнчучукка жасашат. Башыңа, мойнуңа боло турган болсо дароо эле жөнө массажга демекпиз.

- Бир эжем мамлекеттик иште иштейт. туура эмес иштерге да аралаш, кол коёт, спи-сание кылышат. Бирок ал 5 убак намаз окуйт. жаңы жыл биздин майрам эмес деп айтат. а мамлекетке келтирген зыянычы? Башкалар-дын акысычы? 070581...

Page 200: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

200

Чубак ажы Жалилов

- Анын туура же туура эмес экендигин өзүнөн сурагандыгыбыз оң болоор. Бирок, кандай бол-гон күндө да мамлекеттик казынаны сактоо керек. Мамлекеттик мүлктү сарамжалдуу пайдаланууга тийишпиз, ысырап кылууга жол берилбейт. Эгерде бир адамдын жеке мүлкүн уурдасак, кыяматта ошол жеке адам доолашат. Эгер көпчүлүктүн мал-мүлкү-нөн уурдасак, анда ошол көпчүлүктүн баары кыямат-та доогер болушат. Бир убакта эсил кайран СССР де-ген бузулган эле, кийин А.Акаев деген пааша болуп, элдин жалпы мүлкү ким келип демитсе эле, ошонун колуна арзан баада кармата берген. Ошентип жаңы олигархтар, байлар пайда болгон. Кыяматта ошонун баарынын эсеби болот.

- намаз убактыларынын календары ме-нен намаз окуш керекпи же азан айтылган-да окуш керекпи? Кээде биздин мечитте азан айтылбай да калат. Календарга карасак бе-шим намазы 13:09да деп турат. азан 13:30да айтылат. Кайсынысы туура? 055019...

- Ошол календарлар менин буйругум3 менен чыгарыла баштаган. Календарга бешим намаздын убагы так берилген. Эгер шашылыш болуп турган болсо календардагы убакыт менен окуй берүүгө бо-лот. А бирок атайын мечиттерде жыл бою 13:30 да гана айтылат. Анткени күндөрдүн биринде Кудай-дын каалоосу менен«эмгек кодексине» өзгөртүүлөр киргизилет. Жума намазы жана бешим намазы үчүн убакыт каралат. Ошондо тактык болсун деген мак-сатта бир убакыт такталган. Андыктан ошол азан ай-тылган убакытта эл менен чогуу окуганыңыз ийги. Эл менен көргөн улуу той.

- мен намаз окугандан кийин жайнамаз-да уктагым келет. Кээде уктайм. уктасам бо-

3 Кыргызстандын тарыхында бүткүл өлкө боюнча намаз календары 2011-жылы түзүлгөн. Ал убакта муфтийлик аманатта элем. Автордон.

Page 201: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

201

Суроо жооптор

лобу? мени көрүп байкемдин 1 жаш 8 айлык баласы да жайнамазды ары-бери сүйрөйт. Күнөө болобу жайнамазды ойносо? 055191...

- Жайнамазда уктагандын зыяны жок. Жаш ба-ланын жайнамаз менен ойногонунун да зыяны жок. Ойной берсин. Ойноп жатып сийип койсо, жайна-мазды жакшылап жууганга туура келет.

-. менин иним эки жарым жашында каза болуп калган. ага багыштап Куран окуса бо-лобу? Ө7702434...

- Ал наристе бейиште. Андыктан кыжаалат бол-бой эле койсоң боло берет. Куран окугандын пайда-дан башка зыяны жок.

- Кызым 9 айлык. Заарасы нажас болбой-бу?077230...

- Бир күндүк болсо деле заарасы нажас. Адам ат-туунун баарынын чоң жана кичине заараларынын баары чоң нажас.

- Күйөөм экөөбүз таарынышып жүрөбүз. 3 жыл болуп калды. ортобузда бир кыз бар. анын туугандары менен сүйлөшүп турам. Өзүм намаз окуйм. Эмне кылуу керек? 070333...

- Кайра чогуу жашоо керек. Таарынып жүрүп кайран өмүрдү кор кылыпсыңар. Дубана таарын-са куржунуна зыян. Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба. Кыздын убалы кимге, сенин убалың, анын убалы кимге?

- намаз окугандан кийин өтүп кеткен му-сулмандарга Куран окуйм. ошондо жакын-дарымдын атын айтып багыштасам болобу? 077177...

- Ооба.- 1 жыл мурда мени айбан чалыш балдар

зордуктап кетишкен. ошондон бери мага тынч жашоо жок. Кысыла берип окууга же

Page 202: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

202

Чубак ажы Жалилов

ишке жакшы көңүл койбойм. дайыма алар-ды ичимден каргай берем. ошол окуя такыр эле мээме сиңип калыптыр. Эстеген сайын жүрөгүм сыгыла берет. Кантип өзүмдүн оюм-ду, жашоомду өзгөртөм? айка

- Намаз оку, берекем. Мусулманчылык илимин ал. Жакшы адамдар менен мамиледе бол. Бардыгы ордуна келет.

- Багзама чачыраган кийим менен намаз окуса болобу?

- Багзама деп кир кийимдер жуулуп жаткан сууну айткан болсоңуз керек? Мен ошентип тү-шүндүм. Эгерде нажас эмес нерселер менен кир-деген кийим жуулуп жаткан болсо, мисалы кийи-мине сары май төгүп алып, ошону жууп жаткан суу болсо, анын багзамасы чачыраса эч нерсе болбойт. Ал эми нажас нерсе жуккан кийимди жууп жатып, мисалы бала сийип койгон жалаякты жууп жат-са, анын багзамасынан этиет болуу керек. Мына ошондой.

- Кыргызстандын мактана турган сиздей илимдүү, такыба, курч баласы бар экенине үй-бүлөбүз менен сыймыктанабыз. Эч убак-та сынбаңыз. Сизди баалай албаган чоңдору-бузга, дин адамдарына нааразыбыз. 077911...

- Мага жакшы пикирде болгондугуңузга ыраа-зымын. Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл ка-лат дейт эмеспи. Элимдин назарынан калбасам эле, ошол мага жетиштүү. Акылдуу, кеменгер, курч кара-ган, жалтанма эмес, ак сүйлөгөн элдин карапайым уулу болгондугума сыймыктанам. Кудайым Сизге, үй-бүлөңүзгө жана жалпы элиме бакубат ыйман, ке-нен адал ырыскы, ообос оомат, кетпес дөөлөт насип кылсын. Омийин.

- диндин канча түрү бар? Башка динде-гилер сооп иш кылып, күнөөдөн алыс болуп,

Page 203: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

203

Суроо жооптор

түз жолдо жүрсө бейишке чыгабы? Секта де-ген эмне? 077834...

- Диндин эки түрү бар. Туура жана туура эмес дин деген. Туурасы Ислам дини, андан башкасы-нын баары туура эмес. Сууну сиңе турган жерге куй дегендей эле, жакшы амалдарына сооп жазылуусу үчүн ал адам мусулман болуусу кажет. Мисалы бир жаш баланын курсагын тойгузууну кааласаң, ал жаш наристенин оозуна тамак саласың го. Оозуна эмес башка тешигине (мисалы кулагына)тамак сала тур-ган болсоң ал баланын курсагы тойбойт. Ошондой эле, сооптор кабыл болуусу үчүн, сооп эшиги ачыл-ган болуу керек, ал мусулманчылыкты кармануу. Ал эми башка диндегилер жакшы иштерди аткарган болушса, аларга ыраазылыктарды ушул дүйнөдө эле айтып коё калабыз. Секта дегени, ошол туура же туу-ра эмес диндерден бөлүнүп чыккан жамааттар деп айтсак болот. Секта аттуунун баары туура эмес.

- менин эжелерим, байкелерим кредит, карыз, процент менен иштешет. анан үйлө-рүнө барганымда студентсиң деп акча бери-шет, чай, тамак берип сыйлашат. Кооптоно берем бергендери арам болуп калабы деп. Эмне кылышым керек? 077325...

- Өзүңө жете турган тирилигиң болсо албаганың жакшы эле. Кызыл кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет дегендей болбоосу керек. Эгерде сенин жа-падан жалгыз ырыскы келе турган булагың ошолор болсо, анда айласыздан алууга мажбурсуң. Кошумча жумуш иштеп, аларга муктаж болбогондой бол...

- жолдошум менен жашабайм. Бирок жа-рашалы деп жатат. меникилер каршы. “үйдү жыйнап, кирлеримди жууп берчи” дейт. Кай-натам экөө жашайт. Кайненем өтүп кеткен. мен барбайм дедим. ушул туурабы? талак берген эмес. 077878...

Page 204: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

204

Чубак ажы Жалилов

- Туура эмес. Барып жаша. Эки бирдей эркекти карып кылба. Кайнатаңдын батасын аласын. Жам-гыр менен жер көгөрөт деп айтылган абалтадан. Се-никилер түштөн кийин каршы болбой эле койсун. Гезитти окууруң менен дароо эле жөнөп кал. Жо-лоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо үйдө-гүсү жакшы. Талак бербесе никеңер сакталуу экен. Чөптү кордосо көзгө зыян. Күйөөңдү антип кордобо. Пайгамбарыбыз алайхис салам айткан: Эгерде Ал-лах Тааладан башкага сежде кылуу мүмкүн болгон-до, аялды күйөөсүнө сажда кылууга буйруйт элем!».

- Биздин айылда ташка сыйынгандар бар. “Ширк болуп калат” десек, “меккеде деле Каабанын ташына сыйынып жатышпайбы” дешет. жооп берип коюңузчу. 077999...

- Мен ошол Меккеде он жылдай жашап келген бир инсанмын. Ал жерде ташка сыйынган эч ким жок. Ал таш пайда да бербейт, зыян да бербейт. Болгону, бейиштен келген аппак таш болуп, пенде-лердин күнөөсүнөн карайып кеткен тарыхий таш. Пайгамбарыбыз бейиштен келген таш болгондук-тан, аны бейишке болгон сагыныч билдирип өп-көн. Ошондуктан биз да Пайгамбарыбыз алайхис саламдын жолун жолдоп, эгер мүмкүнчүлүк тапсак өөп калабыз. Мүмкүнчүлүк болбосо, ага жан талаш-пайбыз деле. Аллах Таала таваф кылууга буйруган жерге барып таваф кылып ибаадатыбызды аткара-быз. Ал эми тиги ташка сыйынып жаткан айылдаш-тарың ыймандан чыккан адамдар деп эсептелет. Аларды мусулман деп айтуунун өзү күнөө. Тезирээк тооба кылышпаса, акыбети жаман болоор. Индия-нын кээ бир жеринде эркектин жыныс мүчөсүнө сыйынгандар бар экен, Адам ошол жерден чыккан деп, ошонун сөлөкөтүн жасап алып, ага сыйыны-шат. Ал эми башка бир жамааты аялдын жыныстык мүчөсүнө сыйынышат экен. Адам баласы ушул жер-

Page 205: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

205

Суроо жооптор

ден чыккан дешип. Эки жамаат өз алдынча талашта экен. Ошолордой болуп силердикилер да талаш бо-луп кетпесин, кызыл ташка сыйынгандар ак ташка сыйынгандар, анан жөн эле кесекке сыйынгандар болуп. Ташы майдаланып кетсе кум болуп, анда эмне кылды, катыгүн!...

- Баламды Ислам институтуна берсемби же дааватчы болсунбу? Кеңешиңизге мук-тажбыз. 077942...

- Ошол Ислам университетинде илимдүү даа-ватчыларды даярдайт. Ректору Абдушакур дамбыл-да дааватчылардын төрөсү. Үтүктү сайсаң деле даа-ватын кылып жатканын көрөсүң. Дааватчылардын аталыгы болгон Максат дамбылда болсо Абдушакур ажы менен кыл өткүс дос. Эң илимдүү дааватчы-лардын бири Макбул дамбылда, Равшан дамбылда ушул университеттен бир убакта билим алышкан. Эми калган эсебин өзүң чыгарып ал. Сенин сурооң-ду жөнөкөйлөтүп айтып бере турган болсом, «Ман-ты жейимби (?), же курсагымды тойгузайынбы (?)» дегендей болуп калыптыр.

- мусулмандардын жылы кайсы айда ал-машат?

- Мухаррам айы мусулман жыл эсебинин бирин-чи айы. Бирок жаңы жылды мусулманча майрамдоо деген жок. Аяз ата деген да жок.

- “Кока-коланы” ичсе болобу? аллах жок дегенди билдирет деп уккам. ошол чынбы? 077210...

- “Кока-коланын” жазуусун тетири карап окуй турган болсоң, «Мухаммад жок, Макка жок» деген маанини туюндурган арабча жазуу чыгат. Бирок ошол жазуу болсо деле ичсе боло берет. Пайгамба-рыбыз алайхис саламдын тушунда жөөттөр мусул-ман болгон эмес эле, ошого карабастан алар менен мамиледе болгонду таштаган эмес Пайгамбарыбыз

Page 206: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

206

Чубак ажы Жалилов

алайхис салам. Алар Пайгамбарыбызды көрүп туруп ыйман келтиришкен эмес. Жүрөгүндө Мухаммад жалганчы деген ишеними болгон. Антпесе мусул-ман болуп кетпейт беле. Машинени чыгарган япон-дор менен немецтердин деле бардыгы мусулман эмес. Бирок, алардын чыгарган машинесин жанта-лашып эле айдап жүрөбүз го. Туура, “Кока-колага” караганда өзүбүздүн жармаларыбыз асман менен жердей. Өз агасын агалай албаган, бирөөнүн агасын сагалайт деген кеп бар. Эптеп жарманы иче албасак, бирөөнүн эптемей суусу “Кока-коланы” ичип жүрө-бүз да...

- намаз окуп жатканда оюбузду башкара албайт экенбиз. Көздү бир аз жумуп окуса бо-лобу? Парз намаздан кийин аятал курсини, анан зикирлерди айтам. туурабы же намаз-дын акырында айтыш керекпи? 077710...

- Көздү жумуп окусаң, оюң бир жерге жыйын-тыктала турган болсо, анда жумуп окугандыгың макул. Зикирлериңди бардык намаздан кийин айт-каның макул. Айша энекебиз айтат: «Пайгамбары-быз алайхис салам парз намаздан кийин окула тур-ган сүннөт намазы бар болсо (бешим, шам , куптан) парздан кийин дароо сүннөткө туруп, андан кийин зикирлерин айтат эле!».

- мастурбация кылган зынаага киреби? мусулманчылыкта кыз алыш шарт эмеспи? 055294...

- Ой-бой! Өтө эле олуттуу суроолор экен. Мас-турбация дегениң жаңы латын тилинен келген «кол менен ышкалоо» деген маанини туюнтат. Онанизм деген менен дээрлик синоним болуп эсептелет. Жы-ныстык байланышсыз, колун же башка мүчөсү аркы-луу жыныстык делебесин козгоп, жынсый ырахатка жетүүнүн формасы. Шариатта мына ушул да зынаа деп эсептелет. Бирок никесиз аял менен эркектин ко-

Page 207: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

207

Суроо жооптор

шулганындай даражада эмес, андан төмөнүрөөк да-ражадагы зынаа деп эсептелет. Ал эми мусулманчы-лыкта кыз алуу маселеси мааниге ээ. Пайгамбарыбыз мурда үйлөнбөгөн жигиттер, мурда турмушка чыкпа-ган кыздар менен турмуш курганды жактырган, ошо-го үндөгөн. Анткени бардыгы жаңы барактан башта-лат. Эски эскерүүлөр болбойт деген сөз. Бирок ошого карабастан, ар кандай шарттарда мурда турмушка чыккан жубандарга баш кошууга туура келип калса, аны да четке какпайт. Бактылуу болсун деп батасын берет. Мына ушул кыздардын кыз белгиси жөнүндө изилдеген «Телегония» деген илим бар. Анын жы-йынтыктарына карап көрсөңүз, кызыктуу фактылар-га ээ болосуз. Айрыкча «Генетика» илимине байла-нышкан жери эске алаарлык.

- аялым менен 8 жыл жашаганбыз. 2 ба-лабыз бар. аябай көп урушчубуз, ал тилин тыйбай, мен көп урчумун. Бир нерсе болсо эле “талагымды бер, кетем” дей бергенинен ачуум келип талак жаздым 2 жолу анын аты-жөнүнө, өзүмдүн аты-жөнүмдөн, числосунан бери жазып, 3-жолу “жөн гана кетпейсиңби, мен сенин жообуңду эчак эле бергем” дегем кичине мурдуна суу киреби деп. анан ал мен-ден кетип эле бир аптадан кийин күйөөгө чы-гып алыптыр. мен балдарымды кыя албай артынан барып милиция аркылуу алып баса бердим. Кайра нике кыйдырайынбы же кан-тем? азыр жашаганыбызга 6 ай болду. ая-лымды дааватка алып чыгып келип учурда жакшы жашап жатабыз. 5 убак намаз окуй-буз. Кеңеш бериңизчи. 077976...

- Тооба кылдым, тооба кылдым. Ага дагы эрдин даяр турганын карасаңыз. Ушунча бойдок кыздар күйөө таппай көздөрү бозоруп жүрөт. Буга бир апта-да эр даяр. Ой тообо. Эгер жазганыңыз өткөн чакта

Page 208: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

208

Чубак ажы Жалилов

жазылган болсо, анда аялыңызга эки талак ражьий түшкөн болот. Үчүнчү жазганыңыз мааниге ээ бол-бойт. Экинчи жазганыңыздан кийин үч айыздын аралыгында, б.а. иддаа мөөнөтү бүтө электе аны менен жыныстык алакада болсоңуз, же өбүшсөңүз, же кайра жашаймын, деп жашап баштасаңыз, ая-лыңызды мураажаьа кылган болуп эсептелесиз. Ал убакта жаңыдан нике кыюунун кереги жок. Эки та-лак берип ажырашкан болуп эсептелесиз. Ал эми экинчи жолу жазгандан кийин идда мөөнөтү бүткү-чө эки башка жакта жүргөн болсоңор, анда ражьий талак идданын өтүүсү менен боинге айланып, кай-радан нике кыйдыруу керек болот эле. Андан сырт-кары, аялыңыз тиги адам менен жашаган маселесин да тактоо керек. Сиздин айтууңузда аялыңыз үчүнчү жазгандан кийин бир аптадан кийин башкага эрге тийип олтурат. Маселе ушунда турат, сиздин экинчи катыңыздан кийин канча убакыттан кийин турмуш-ка чыкты? Эгер идда бүткөндөн кийин турмушка чыккан болсо аны менен болгон никеси жарактуу. Эгер идда мөөнөтү бүтө электе, же мураажаьа бол-гондон кийин болсо, анда тиги менен болгон никеси жараксыз болот. Эгер тиги менен болгон никеси жа-рактуу болгон болсо андан талак алмайынча сиздин жашооңуз болбойт. Эгер тиги менен никеси болбогон күндө, анда сиз нике кыйбай эле жашасаңыз болот, бирок бир айыз көргөнгө чейин жыныстык алака-да болбой коё турасыз. Анткени тигиден боюна бо-луп калуу ыктымалы бар. Эгер тигиден боюна бүтүп калган болсо, төрөгөнгө чейин кошулганга болбойт эле..... Ошентип сизге менин бир канча суроолорум пайда болду. Эки ооз сөз менен бүтүп калбайт. Гаага соту быякта эле калат, менин сурагымдын астында. Андан кийин гана туура жооп болот. Ошондуктан оозмо-ооз сураганга жетпейт. Кечиресиз....

- Элита күрүчтү арам дешет. жегенге бол-бойбу? 077230...

Page 209: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

209

Суроо жооптор

- Ой тообо, эмнеге арам дешет экен аны? Мен жеп эле жүрөм... Билсеңиз кабар бериңиз. Арам жеп жүрө бербейли... Сураныч...

- менин боорумда альвеококкоз бар. Би-рок экинчи кызымды ошол оору менен жак-шы эле төрөдүм. Эми дагы кош бойлуумун. Врачтардын бирөөсү “болот” десе, бирөөсү “болбойт, бооруң көтөрө албай өлүп кала-сың” деп жатат. Өзүм төрөгүм келип жатат. Эмне кылышты билбей жатам. Сизди аллах кур дооматтан куткарсын, амин. 077175...

- Сиз дагы сурап көрүңүз. Тажрыйбалуу мусул-ман дарыгер болсун. Болбойт десе, анда боюңуздан алдырганга туура келет. Сиздин өмүрүңүз төрөлө элек баланын өмүрүнө караганда кымбат турат. Ку-дайым ден-соолук берсин. Дубаңызды Аллахым ка-был кылсын. Омийин.

- 6 жыл мурун кайненем “жашооңор начар” деп кемсинтип 2 балам менен кууп чыкты. Баласы энесинен коркот, энеси сотко берип ажыраштырды. мал-мүлк, жерден беришкен жок. 2 балам менен эптеп батирде жашайм. Баласын үйлөнтүп коюшкан. Эми мени ыйла-тып алимент беришпейт. апасы ушунчалык ташбоор, орозо оозу менен жүрөктү сыздат-кан сөздөрдү сүйлөйт, боюн көтөрөт. менин тагдырымды талкалап, орто жолго калты-рышты. Кыскасы, балдарын ойлободу. акча, дүнүйө кымбат экен буларга. мындай адам-дарга алла жазасын берээр бекен? 077347...

- Аллах Таалам эч нерсени жаздымда калтыр-байт. Караңгы түндөгү кара кумурсканын кантип кыймылдаганынан бери билет. Сабыр кылыңыз. Айдын он беши караңгы болсо, он беши жарык.

- мүрзөгө бейшемби, жумадан да башка күндөрү барса болобу? 077752...

Page 210: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

210

Чубак ажы Жалилов

- Боло берет. Белгилүү бир күндөр чектелген эмес.

- айыз келген учурда тамак-аш кылса арам болуп эсептелеби? айыз учурунда гусул алып сүмөлөк аралаштырса болобу? айыз келген учурда Куран окуй берсем болобу? Пери

- Айыз учурунда Куран кармап окуганга да, жат-таганын жатка окуганга да болбойт. Ал эми тамак-ашты жасай берет. Айызы колунда эмес го!?

- аялым апама жаман мамиле кылат. апама карап ажырашайын дейм, экөөнү тең аяйм. ортодо мен чайналдым. Эмне кы-лаарымды билбей калдым. 077904...

- Катын жолдо, бала белде. Апа дүйнөдө бирөө эле. Экөөнүн ортосунда чайнала тургандай эки ка-тындын ортосунда болсоң бир жөн. Шоруң кургур десе. Энең бейишиң. Анын таманын өп. Ага эч ким тең эмес. Аялың мээси болсо, сени тууп чоңойткон апаңа жөн эле кул болуп албайбы, кул... Көк мээ ка-тын экен аялың, эртең ал дагы кайнене болгондо көрөт келиндеринен. Сен жакшы, сени тууган аял жаман болобу? ...

- менин 2 аялым бар. Бирок биринчи ая-лым жана ата-энем экинчи аялым тууралуу билишпейт. Эч нерсе эмеспи? Башында би-ринчи аялыма эскертип айтып койгом. Би-рок экинчи аялымдын апасы билет. Эки нике тууралуу кененирээк түшүнүк берип койсо-ңуз. 07771450...

- Кенен түшүнүктү эмне кыласың, өзүң ууру-дай болуп бекинип жатсаң. Үйүндө ууртам айра-ны жок, уулунун аты Жууратбек болуп турасың сен балам. Тигилердин билбегенинин зыяны жок. Билип калып жүрөгү жарылып өлүп калба-сын. Балдарың чоңойгондо тааныштырып коё-суң, бир туугандар бири-бирин билсин деп. Экин-

Page 211: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

211

Суроо жооптор

чи кайын журтуңан бир эле кайнене бар бекен? Кайната, кайнага дегендер жокпу? Ошолор да билсин. Башым аман болсо болду, көчүгүмдү ит жесин болбо.

- таежем каза болоордо “там силердики” деген. Өлгөндөн кийин тайкемдин аялы та-лашып жатат. таежемдин балдары жок. Эмне кылабыз? 077988...

- Силерге осуяттаган болсо там силердики бо-луш керек. Бирок тагыраак жооп алуу үчүн көзмө-көз сүйлөшүү керек болот. Мурасы кандай бөлүнгө-нүн тактап айтып берээр элек....

- Эркек кызга “сени сүйөм, мага тиесиң-би?” десе, кыз “ооба, тием” десе нике байла-нып калбайбы? 077971...

- Сага эмне нике оюнчукпу? Анда артистердин баарынын эле никеси бузулуп, кайра кыйылып ба-сып жүрө береби? Кыйылбайт экен деп анан кечке «аласыңбы (?), тийесиңби (?)» деп жаңылмач айтып жүрбөгүлө бурч-бурчта. Уят болот.

- Бир жигит менен никесиз жашап жүрдүм эле. Экөөбүз таарынышып бөлүнүп кеттик. Кантсем күнөөмдөн арылам? ушул жөнүндө ойлонуп кыйналып кеттим. 07926045...

- Ошол жигит сөрөйүңдүн «Барбаросс» планы-нын ишке ашканы ошол. Сени менен жашап, жашты-гыңды соруп, мурдун арчыган салфеткадай таштап кетүү болгон башында эле. Эми сенден жашыраак, сенден сулуураак, сага окшогон акылы кем дагы бирөөнү табат. Ага «Ы» операциясын ишке ашы-рат... Ал атайылап таарынышып, анан сенден ажы-раганды каалаган. Эми болоор иш болду. Тооба кыл. Намаз оку. Жоолук салын. Акыйкаттын жолуна түш. Миң жолу ойлонгондон бир пайда чыкпайт. Халва деп кыйкыргандан оозуң таттуу болуп кетпейт.

Page 212: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

212

Чубак ажы Жалилов

- жаш балдарды эм болуп калыптыр деп эмдетишет го. ошол туурабы?

- Кемпирлерге эмдетсе боло берет. Андан ширк издегендин кереги жок. Элдик медицинанын бир бурчу ошол....

- дуба окуунун жолдорун айтып бересиз-би? мен китептеги дубаларды күндө окуйм. Кээде башыма жаздап жатам. же туура эмес кылып жатамбы? 077314...

- Күндө окуганың жакшы экен. Намаз дагы окуйсуңбу? Намаз оку. Китебиңди бирөө уурдап кете тургандай болсо, башыңа жазданып жат. Ууру жок болсо китеп текчеге эле коюп кой. Түндө ар кандай акыбалда болосуң.

- мен 29 жаштамын. жолдошум 2 жыл му-рун каза болуп калган. Бир уул, бир кызым бар. турмушка чыкпай эле бир жакшы адам менен эч кимге айтпай нике кыйдырып жашай бер-сем болобу? Бирок анын үй-бүлөсү бар.

- Ошол сенин кылган ишиңди турмушка чыкты деп айтпаганда, орок орду деп айтабы? Айтып эле турмуш-ка чык. Элдер сени сойку болуп жүрөт деп айтышпа-сын. Эртең айтат сенин балдарыңа оозуна алы жетпе-ген бирөө, ошол бирөөнүн баласы сенин апаң мындай деп. Ошо жагабы? Үй-бүлөсү болсо эч нерсе болбойт.

- Багымдат маалында уктап калып жа-там. Кайсы убакта окусам болот? Каза деп окуймунбу же кадимкидей эле окуймунбу? 055330...

- Күн чыккандан кийин, каза деп окуйсуң.- Кашкулактын, аюунун майын, түлкү-

нүн өтүн дарылыкка ичсе, сүйкөсө болобу? 077923...

- Табыптар айтса, андан башка адал дары жок болсо болот. Өзүнчө эле эки кемпирдин сөзүн угуп

Page 213: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

213

Суроо жооптор

иш тута берсең кээде өлүп да каласың. Аюунун ма-йын берип өлтүрүп алгандар да бар.

- дамыла, сотуңуз бүттүбү? Биз үчүн сиз аксыз. аллахым күч-кубат берсин сизге. Биз жаш балдардын бут кийимдерин сатабыз. азыр бут кийимдердин баарысы чочконун терисинен экен. Эмне кылсак? Балдарым да ошондон кийишет. 077280...

- Сот бүтө элек. Чубактын кунундай чубалжып бүт-пөс болду. Менин сотум бүткөнгө чейин Кудай Таалам өзүнүн соту менен башкалардын ишин бүтүрүп деле коюусу мүмкүн, Аллахым кудуреттүү. Эгерде буларга жага турган иш кылганда, анда булар мени соттошпойт эле. Анда акыреттеги Аллахтын соту катуу болмок. Эми буларга Аллахтын соту калды... Бут кийимдин баары-нын териси чочконун терисинен болсо, уйдун териси менен койдун териси пенсияга чыгып кеткенби? Чоч-конун терисин иштеткенге болбойт, дээрлик бардык аалымдар болбойт деп айтышат. Бир гана Абу Юсуфтан ал деле ашталса боло берет деген риваят айтылбаса... Башка териден тигилгенин алганга аракет кылгыла...

- аялым орой, тоң моюн, бейбаш. “Канча кылык кылсаң да мен сени койбоймун, убара болбо” десем, “анда мен сени коём” дейт. аял эрине “сен койбосоң мен койдум” деп кетип калса болобу? 077898...

- Жок, андай болбойт. Анын койгону коюлбайт.- Кызым 1 жашка толду. ысым койгондо

азан айттыруу керекпи? Эми деле айттырса болобу? 077955...

- Азан айттыруу сүннөт. Азанды жаңы туулганда айттырат. Эми телевизордон уккан азаны деле же-тиштүү болот.

- мен намаз окуп, теспе тартсам көп эстеп, көзүмдөн жаш чыгат. 070234...

Page 214: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

214

Чубак ажы Жалилов

- Көзүңдү тазалап жууп ал, шоролонтпой.- турсийчен турганда даарат алса болобу? - Даарат го жүрө берет, адепсиздик болот. Бирок

турсийчен намаз окуп алба....- аср намаздан кийин шам намазга чейин

кошулса болобу? темиш - Боло берет. Экөөнүн ортосундагы убакыт аз

болгондуктан, коёндун кошулганындай болуп ка-лат. Жакшысы кечиндеси, көбүрөөк убакыт бөлгө-нүң жакшы. Кошунаң келип кыйкырып калса, оюң бөлүнүп ишиң да чала болуп калат.

- жума күнү тоодо болуп калдык. Бешим жамаат менен окулабы?

- Жуманын шарты табылбаган жерде жамаат менен окула берет. Бирок жума окула турган жерде жумадан калып кетсе бешимди жекече окушат.

- намаз окуган эркек кепка кийсе бо-лобу? Кепка тууралуу хадис бар дешет го. Ө7707530...

- Хадисти билбейм. Кепканы кийип эле жүрү-шөт. Намаз окуганда айбанын тетири каратып алуу керек. Саждага чекеси тийбей калбасын.

- Сиздин жоопторуңуз өтө адилеттүү, сиздей инсанды Кыргызстанга жөнөткөн аллага шү-гүр. москвада жүрсөм бир келин күйөөсү менен таарынышып жүрүптүр. Эки баласы бар экен. анан ал жакта баласы бар киши менен жашап жүрдү, ошого турмушка чыгам деп. мен ошол жерде карта ачам деп алдап “күйөөң сени жак-шы көрөт экен, сени ойлоп түнү-күнү уктабай жатат” деп айтып телефон чалдырдым да ке-тирип жибердим. Барып дагы төрөп жашап ка-лышты. азыр бактылуу үй-бүлө. ошондо мен көзү ачыктык кылдымбы деп корком. намаз-дарда кечирим сурайм. 077216...

Page 215: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

215

Суроо жооптор

- Аллахым ыраазы болсун. Кем болбо. Сенин кылганың туура. Эч кандай күнөөсү жок. Мени таң калтырган нерсе, кыргыздарда адат болуп калды, эгер кызы күйөө баласы менен таарынышып кел-се, аны Москвага жөнөтүп жиберет. Ал жакта эмне болуп жүргөнү менен иши жок. Кызынын тагдыры менен ойногон ушундай акмактар бар. Ойлонууга кудуретсиз ата-энелер бар. Кудайым акыл-эстен ай-рыбасын...

- мен дүкөндө иштейм. таразада 30 сом 95 тыйын болсо 40 сом алып калам. туурабы?

- Ката. Туура эмес. - Биз ажырашып, 10 жылдан кийин кү-

йөөм кайра келди. Балабыз үчүн деп макул болдум. үч күндөн кийин аялы, баласы бар экенин айтты. Баласы төрттө экен. менин ба-ламды да ошол жашында таштап кеткен. мен кетирдим, бирок келип атат 5-6 айда бир. та-лак эмне болду, түштүбү? 077889...

- Талак бөдөнөнүн жумурткасы эмес. Тийип кой-соң сынып калчудай болуп. Сен кетирсең эле талак түшүп калбайт. Келе берсин. Кайра жакшы болуп-тур балаңдын бир тууганы бар экен. Бир тууган де-ген жакшы болот. Чыңгыз Мырзаевдин «Бир тууга-ным» дегенин угуп көр. Жүрөгүң жибип кетет.

- аялдын иштеп тапканын өзүнүн башка-га жумшаса арам деген туурабы? 055595...

- Жок, мен билбейт экенмин. Аялзаты өзү каала-ган адал нерсеге жумшайт.

- мен 32 жашымда намаз окуп баштадым. Калып кеткен намаздарымды кандай кылам? намаз окуган сайын кошуп окусам болобу же бош убагымда окуймунбу? 077782...

- Каза кыласың. Колуңдун бошогонуна да карай-сың. Канчалык тез окусаң ошончолук жакшы.

Page 216: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

216

Чубак ажы Жалилов

- Хадисте айтылат го “өлөөр алдында кел-ме айткан киши бейишке түшөт” деп. а эмне-ге аллах фараондун өлөөр алдындагы тообо-сун кабыл алган эмес?

- Өмүр бою жамандыктан башканы кылбаса, ага келме насип болобу? Келменин теңиби? Андай акылы жоктор азыр кыргыздан дагы чыгып калды, ар нерсени дөөдүрөп сүйлөгөндөр. Кудай каалаган жок, ыйманы жок кетти.

- ата өз баласы менен урушуп нааразы бо-луп каргыш айтса, анан бир аздан кийин ке-чирим жакшы батасын берсе кандай болот? Батасы тиеби же каргышыбы? 077026...

- Батасы. Бата бербей өлүп кетсе баласынын шорго көмүлгөнү ошол болмок.

- Бозону ичүүгө болбойт деп шариатта жа-зылганы чынбы? 070949...

- Ооба. Мына мен жазып берип жатам сизге. «Бозону ичүүгө болбойт!».

- аялдар иштесе болобу? мисалы, тигүүчү болуп. мен күүгүм киргенде эле жүрөгүм сы-гылып, оюма ар нерселер келе берет. жин кирсе ошондой болобу? акыретте оюбузга да жооп беребизби? намаз окуйм. Канткенде ушул нерседен кутулам? 077271...

- Аялдар шариат эрежелеринин негизинде иш-тесе болот. Мисалы, аялдардын коллективинде, күндүзү иштегенге эмне үчүн болбосун. А бирок кү-йөөсүнүн тапканы жетип турса, алаканына салып алпештеп сүйүп турса, иштебестен үйдө балдарын карап, өзүн карап, күйөөсүнө камкордук көрүп, ибаадат менен өмүрүн өткөрсө кандай сонун. Жу-муштан чарчап келген жолдошун жаркын маанай менен, бышкан тамагы менен, таптаза үйү менен тосуп алганга эмне жетсин. Кээде жолдошу ишинен

Page 217: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

217

Суроо жооптор

келсе үйдүн куту качып турган болсо, балдары ачка бир бурчта корголоп турса, жарым сааттан кийин аялы келип чамынып кукси бышырып берсе, албет-те бара-бара үй-бүлөдөгү махабат өчөт. Сиз кечки зикирлерди айтууну унутпасаңыз жакшы болоор эле. Ар кандай жаман ойлорду алыстатат. Ошол учурда Куран окуңуз, жаныңыз сеп алат. Сизге жин киргенге окшошпойсуз. Акыретте адам жаман оюна жооп бербейт. А бирок жакшы тилегине сооп алат. Жаман ойду ойлоп, ошол ойдун жаман экенин бил-генден кийин, кайра ошол оюнан кайткан болсо, ага бир сооп берет.

- мен тажикстандын мургаб районун-да жашайм. Бизде эч нерсе өспөйт. Базар-да буудай сатылбайт. орозо фитр душанбе шаарындагы буудайдын баасы менен эсепте-леби же мургабдагы ундун баасы мененби? 09929355...

- Тажикстандын Азирети Муфтийи канча деп фатва чыгарган болсо, ошол өлчөмдө берилет. Мына ушул учурдагы туура жооп болоор. Валлооху аьлам.

- мен 11 жашымда Куранды окуп баштап, 15 жашымда Куранды түшүргөм. ошондон бери 18 жыл өтүптүр. азыр кайра бир ирет кайталасамбы деп жатам. жакшы устаздар барбы же сабак бергендер барбы? Кайсы жер-ге барсам болот? гүлназ

- Урматтуу Гулназ айым! Куран Аллахтын түшүр-гөн акыркы китебинин энчилүү аты болгондуктан, аны чоң тамга менен жазуу эрежеге туура келет. Ан-дан сырткары чоң тамга менен жазуу Куранга кара-та урмат-сый болот. Андыктан дайыма Куранды чоң тамга менен жазып жүрүңүз. Азыркы убакыт менен мындан дээрлик жыйырма жыл мурдагы акыбалды салыштырып болбойт. Азыр устаздар да, устазалар да көбөйгөн. Медреселердин кыздар бөлүмдөрүнө

Page 218: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

218

Чубак ажы Жалилов

кайрылсаңыз болот. Же Куран курстарына жазылса-ңыз, же жөн эле угуучу болсоңуз да максатыңызды ишке ашырууга көмөкчү болот.

- менин жолдошум өзүмө жакпайт. Бирок он беш жылдан бери жашап келем. айтка-нын көп учурда аткарбайм. ал күнөө эмеспи? 077286...

- Кантип күнөө болбосун. Күнөө болот. “Аюу да бол-со эрим бар” – дегендей, жаманбы (?), жакшыбы (?) ал сенин көзүңдү ачып көргөнүң... Аны жакшы көрбөсөң жакшы көргөнгө аракет кыл. Жаман адам болбойт, жаман кулк-мүнөз болот. Адамдын жаман сапаттары болот. Ар бир адамдын башкалар баамдай бербеген жакшы сапаттары да болот, аны айрыкча сиз жакшы баамдайсыз. “Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың” - дейт, эрим жаман десеңиз, бирөө жакшы эрин «мэ!» деп бере калбайт. “Баккан ээси жарашса, күйпүл күчүк сак болот” дейт. Брюс Ли стойкага тур-гандай сиз дагы аны жаман көрөм деген стойкага туруп алыпсыз. Стойканы өзгөртүңүз! Эмне үчүн ушундай деп ойлонуңуз. Кээде жыйырма жыл бою ойлонбой жүрө беребиз, жыйырма мүнөт жакшылап пикирлен-сек, жыйырма уктасак да түшүбүзгө кирбейт. Аттиң ай деп өмүрдү армандуу өткөзүп жиберебиз...

- мен студентмин. Сабактан, жумуштан бошобой 5 убак намаз окуй албай жатам. Ба-гымдатты окуп, таза жүрсө болобу? Буюрса, 5 маалга өтөйүн деген ниетим бар. 077948...

- Болот, берекем. Кудайым береке берсин. Окууң ийгиликтүү болсун.

- мен быйыл медресеге тапшырайын де-гем. Былтыр 9-классты бүткөм. азыр тигүүчү-лүккө окуйм. медреседе канча жыл окуйт? 070286...

- Адатта төрт-беш жыл окуйт. Так маалыматым жок. Кудайым тилегиңди берсин. Омийин.

Page 219: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

219

Суроо жооптор

- Курандын сообун баардык (мусулман эмес) пенделерге арнаса болобу же мусулман-дарга деп айтуу керекпи? Ө7702390...

- Мусулман пенделерге арналат. Мусулман эмес-терге арналганды желге үйлөгөндөй эле кур кетет десек туура болот.

- аттахиятты окуп, салават айтып анан салам берем. туурабы? анткенимдин себеби бирөө мага салаваттан кийин дагы 2 дубаны окуш керек дейт. 077727...

- Ал сага туура айтыптыр. Бирок бир дубаны оку-саң деле жетиштүү болот. Мисалы: «Роббанаа аати-наа фид дуняа хасана, ва фил аахироти хасана, ва ки-наа азаабан наар» дубасын. Кереметтүү дуба, Куран аяттарынын бири.

- мен кыргызча диний китептерди сатып алып окуйм. арасында арабча да жазылган. ошондуктан китептерди дааратсыз кармай албайм. Кандай тартип, жолдор менен кан-дай учурда окууну билгим келет. 070346...

- Дааратсыз адам эмнелерди кыла албастыгын ай-тып берели: (Айыз көргөн аялзаты) жунуб адам, нифас көргөн аял сыяктуу эле Куран окуй албайт. Дааратсыз адам Куран окуй алат. Булардын бардыгы мусхафты (Куран китебин) ажырап турган китепкапсыз кар-май алышпайт. Жең менен мусхафты кармоо макрух. Ошондой эле сүрөө жазылган дирхамды (сомду, акча-ны) капчыксыз кармай алышпайт. Айыз көргөн аял, нифасы келген аял, жунуб болгон адам Куран окуй албайт. Бир аят, бир аяттан азын да окуй албайт. Бул Имам Кархийдин пикири. Ал эми Имам Тахаавий бир аяттан аз окуганга жогорудагылардын мүмкүнчүлү-гү бар, себеп дегенде бир аяттан азы менен намаз да окулбайт, андан сырткары маани менен сөздүн назм-түзүлүшү бир аятсыз толук боло албайт. Имам Кархий-дин сөзүнүн төркүнү Имам Термизий риваят кылган

Page 220: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

220

Чубак ажы Жалилов

хадиске такалат. Азирети Ибну Умар Пайгамбарыбыз алайхис саламдын бул сөзүн айтат: «Айыз көргөн ме-нен жунуб болгон Курандан эч нерсе окубасын!».

«Мухиитте» айтылат: Жогорудагы маселелер Куранды тилават максатында окуган адамга тийе-шелүү. Ал эми Куран аятын зикир же сана-мактоо катары окуса жарай берет. Мисалы: «Бисмиллаахир рохмаанир рохиим. Алхамду лиллаахи роббиль ьаа-ламийн». Ошондой эле жогорудагы адамдар зарыл-чылык үчүн Куранды тамга-тамга кылып окутса, үй-рөтсө жарай берет.

Даараты жок адам жаттаган Куран аяттарын каа-лаганча окуй берет. Имам Термизий риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз алайхис саламдын төмөн-дөгү сөзүн Азирети Алий келтирет: «Куран окуган-дан жунубтуктан башка эч бир нерсе тосо албайт!»

Жогоруда айтылгандын баары: айыз көргөнү, жунуб болгону, ныфас жеткени, дааратсыз болгону мусхафты кармай алышпайт. Куранда Кудай Таа-лам: «Аны (Куранды) таптаза болгондордон баш-калары кармабасын!» (Ваакиьа:79), дейт. Имам Абу Дауд «Марасиилинде»: «Даараттуу адам гана Ку-ранды кармасын!» деп айтат.

Куран китеби ажырап алына турган, мусхафтын бир бөлүгү катары кабылданбай турган китепкап-ка же баштыкка салынса, ошол нерсе менен көтөр-сө болот. Имам Бухарийдин риваятында Абу Вааил өзүнүн айыз көргөн күңүнө, Абу Разийнге алып ба-рып бер деп мусхаф берээр эле, ал китепкаптын боо-сунан кармап алып бараар эле.

Жең менен мусхафты (Куран китепти) кармоо макрух. Себеп дегенде жең адамдын бир бөлүгү болгондой эле эсептелет. Адам менен мусхафтын ортосундагы тосмо катары бааланбайт. Мисалы жерге олтурбаймын деп касам ичип, а бирок шымы менен жерге олтурса деле жерге олтурду деп ка-

Page 221: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

221

Суроо жооптор

самын бузуп алган болуп эсептелип жатпайбы?! Жамбашына кийген шымына олтурду деп эч ким айтпайт эмеспи?.

Ошондой эле сахибайндин пикиринде тафсир китептерин, хадис китептерин, фыкых китептерин дааратсыз кол менен кармоо макрух эсептелет. Ант-кени бул китептер Куран аяттарынан куру болбойт эмеспи. Буларды жең менен кармай берсе макрух да болбойт. Ал эми Азирети Абу Ханифанын пикирин-де жогорудагыларды дааратсыз кармай берген мак-рух эмес.

Ошондой эле акчага Куран аяттары же сүрөө жа-зылган болсо даараты жок адам капчык менен гана кармоого уруксат болот. Сүрөө деп баса көрсөтүүнүн мааниси, адатта көпчүлүк акчаларга Ыхлас сүрөөсү толугу менен жазылып жүрөт.

Куран аяттары илинип турса, мусхаф ачык турган болсо даараты жок адам колу менен кармабастан ту-руп, жөн гана көзү менен окуса макрух болбойт.

Жаш балдарга мусхафты кармаганга уруксат берүү керек болот, антпегенде аларга кантип Куран жаттатмак элек. Эң жакшысы даарат алганды толук үйрөнүп, эси толгонго чейин мусхафтын өзүн кар-матпай, атайын кээ бир аяттар же кээ бир паралар жазылган китепчелерди карматканыбыз макул. Колуна калем сыяктуу нерсе алып, ошону менен ба-рактап окуганга уруксат берилет.

- Баламдын аты умар. жакында кыздуу болобуз. Баламдын атына уйкаштырып ат тандап бериңизчи. умида деген ат кандай тү-шүнүктө болот? 077188...

- Умида деген өзбекче, кыргызчага которгон-до үмүт деген маанини туюндурат. Мунар деп ат койсоңуз жакшы уйкашып калат. Анын мааниси жарык болгон, нурланган деген маанини камтыйт. Суроону бир аз бөлөкчө таризде берсеңиз, Аллах

Page 222: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

222

Чубак ажы Жалилов

Таалага адеп сактаган болоор элеңиз. Мисалы: «Аялымдын боюнда бар. Кыздуу болсок экен деп үмүттөнөм. Эгер кыз болуп калса агасынын атына уйкаштырып ат таап берсеңиз жакшы болоор эле. Туура, уйкаш аттарды китептен деле таап алсак бо-лот эле, бирок Сизди тандап коюп берген деп айта жүрөлү», десеңиз кыт куйгандай болмок. Кудайым мастуратыңыздын төрөтүн жеңил кылсын. Адал ырыскылуу, узун-өмүрдүү, ооматтуу, ыймандуу перзент насип этсин. Омийин.

- мен аялым менен базарда иштейм. ая-лым менден сурабай акчаны үйүнө жөнөтсө болобу? ал товарга барат. Канча иштеткенин билбейм. 077913...

- Өзүнө тиешелүү болгон «долясын» эмне кылса өзү билсин. Ага а-бу деп айта албайсыз. Анан сизге таандык болгон үлүшкө тийише албайт. Эгер орто-ңордогу үлүш ажыратыла элек болсо, анда сурап бе-риши керек болот. Антпесе күнөөлүү болот.

- Көп сандагы малды короосу менен расс-рочкага алганбыз. акчасын төлөп бүтө элек-пиз. Карыздан кутулгандан кийин зекетин берсек болобу? 077727...

- Акчасын төлөп бүтө элек мал толугу менен сиз-дики боло элек деген кеп болот. Качан толугу менен сизге өткөндөн кийин, ага бир жыл айлангандан соң кырк койдон бир кой, отуз уйдан бир торпок деп зе-кетин бере бересиз.

- “дордойдо” таанышымдын товарынан 2 футболканы уурдап алган элем. азыр өкү-нөм. уурдаганымды айтпай эле акчасын бе-рип койсом болобу? ашым

- Кантип берет элеңиз аны? Байкатпай акчасы-на кошуп койсоңуз болот. Анан да тооба кылганды унутпаңыз...

Page 223: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

223

Суроо жооптор

- мен ыйман жолундамын. Эркек менен аял бири-бирин өтө берилип сүйсө аллах би-рөөсүн бул дүйнөдөн алып кетет деген туура-бы? 070346...

- Эң жогорку сүйүү, махабат Аллах Таалага, жана Пайгамбарыбыз алайхис саламга гана болуу керек. Андан кийин калгандарды сүйүү турат. Мына ушул ыймандын толуктугуна далил болот. Жубайлар би-ри-бирин колунан келишинче сүйүп-сыйлашып, мээрим төгүшүп өткөнгө не жетсин. Бирок сүйүү ак никелүү жубайлардын ортосунда гана болуусу ка-жет. Кыз-жигит болуп, никесиз эле, же ойнош болуп сүйүшүү таптакыр туура келбейт, болгону шайтан алайхи лаьна көзүн тумандатып койгон болот. Бир эрге тийээрде, бир жерге сийээрде көзү карайлап калат дегендей көзү карайлап эле турат. Кийин өзү-нө келгенде эч кандай сүйүү-күйүү болбогондугун, болгону делебеси козголуп, айбандык каалоону гана сүйүү деп жүргөндүгүн баамдайт. Анда айтууга кеч болуп калган болот.

- азыркы учурда бильярд көп үй-бүлө-нүн проблемасы болуп жатат. Эркектер түн жарымда же таң атканда келип уруш болуп жатат. Бул спорттун түрүбү же башкабы? Ис-ламда кандай? Сиздей аалымдар Кыргыз-станга өтө керек. Эртерээк кур жалаадан ал-лах сизди куткарсын. амин. 077912...

- Бильярд спорттун түрү. Бирок акча сайышып, же башка бир нерсеге мелдешип ойносо (мисалы: жеңилгени кафенин акчасын төлөйт деп) кумар оюндарына кошулуп калгандыктан, бул оюн арам-га чыгат. Ошондой эле намаз окутпай калтырса, же балдарынын, аялынын, ата-энесинин алдында-гы милдеттерин аткарууга жолтоо боло тургандай болсо да арам болот. Куптан намазынын убагынан кийин бильярд ойнотуучу жайларды жабуу милдет-

Page 224: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

224

Чубак ажы Жалилов

түү, анткени Пайгамбарыбыз алайхис салам Куптан намазынан кийин - эгер өтө зарыл маселеси бол-босо – уктоону осуяттаган. Эгерде мына ушул оюн жубайлардын пикир келишпестиги менен коштоло турган болсо, анда ал оюнду ойноого тыюу салат. А бирок жогорудагы айтылгандарды сактап, кээде чарчаганын жазуу үчүн бир азыраак ойногон болсо, ага тыюу салынбайт. Бардыгын өз ордуна коюп, жу-муштарын жайгарып, анан кичине чарчаган мээсин жайына коюу үчүн ойногондой кеп. Аны өнөр кы-лып алган болбойт.

Жакшы дубаларыңыз үчүн ыраазымын. Бары-ңызга шүгүр. Аман болуңуз. Перзенттериңиздин жакшылыгын көрүүнү улук Кудайым насип этсин. Жолдошуңуз менен акар-чакар, бактылуу болуңуз. Омийин.

- анча-мынчада оозумдан начар сөздөр чыгып кетет. намаздан мурда аллахтан ке-чирим сурап, 2 рекет хаажат намазын окуйм. Эки намазды катар окуса болобу? 077936...

- Багымдат намазынын алдында жана шам на-мазынын алдында окууга болбойт. Макрух болуп ка-лат. Андан башка намаздардын алдына салып оку-саңыз жарай берет. Ар бир айта турган жаман сөздү бир аз туруп туруп айтайын деп нафсиңизди алак-сытсаңыз, бир аздан кийин айткыңыз келбей калат. Кудайым бул ооруңуздан арылууну насип этсин.

- аталаш иним намаз окуп баштап биро-толо тургузуп алды. мен сиз айткандай кый-шаңдап бир окуп, бир калып атам. ал айтат “намазда бир керемет сезимге туш болдум” деп. ушуну түшүндүрүп бериңизчи, ар бир эле адамга берилбесе керек. 055196...

- Аны түшүндүрүп бергенге сөзүм жетпейт. Сө-зүм жеткен күндө да так-даана сүрөттөп бере алаа-рыма көзүм жетпейт. Андагы керемет сезимди, жан-

Page 225: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

225

Суроо жооптор

дүйнө ырахатын ар бир адам өзү эле дити менен сезе албаса, башка бирөөнүн айтып берүүсү кыйын. Ар бир ыкылас менен тургузулган намаздын берекеси, акыбети болоор. Аалымдарыбыз айтышат: «Ким бул дүйнөдөгү бейишке кире албаса, акыреттеги бе-йишке таптакыр кире албайт! Намаздын ырахатын татуу бул жалган дүйнөнүн бейиши».

- мен үчүн бул суроону берүү өтө оор. мен 5 жашымда чоңоюп эле калган ата-лаш тууган байкем мени алдап зордуктап койгон. Бул кылыгын экөөбүздөн башка эч ким билбейт. мен кичине болгондуктан эч кимге айтпа десе айткан эмес окшойм. ата-энем мени кыз деп ойлошот. мен бой же-тип, күйөөгө тиер маалым болду. жакында эле бирөөлөр жуучу болуп келишти, макул болгон жокмун. Бул нерсени кантип түшүн-дүрүштү билбейм. анан дагы кичине кезин-де жыныстык катнашта болсо төрөбөй ка-лышы мүмкүн экен.

- Сиздин бул жерде эч кандай күнөөңүз жок. Өзүңүздү күнөөлүү сезбеңиз. Коркпостон турмуш-ка чыга бериңиз. Шариатыбызда сиз сыяктууларды кыз деп айтышат. Эч кимге түшүндүрүштүн кере-ги жок, болгону жакшы аялдар доктурунан кеңеш алып алсаңыз ашыкча болбойт. Кудайым бактылуу кылсын.

- Каза намаздарды кандай кылып окуйм?- Каза намаздарды жөн намаздардын дал өзүн-

дөй кылып окуй бересиз. Болгону ниет кылганда каза намаз деп ниет кыласыз, калганынын баары окшош. Күн чыгып бара жатканда, күн так төбөдө турганда, күн батып бара жаткан учурдан башка убактарын баарында каза намаздарды окуй берет.

- Иштерим жакшы жүрүшпөй жатат. Сиз-ден акыл-кеңеш күтөм. 055588...

Page 226: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

226

Чубак ажы Жалилов

- Жараткандан сурайбыз, дуба кылабыз. Кээде иштин жүрүшпөй жатканы биздин пайдабызга да чечилип калат. Андыктан капа болбоңуз. Бардыгы Аллахтын буйругу менен болот...

- жолдошум экөөбүздүн ортобузда ажы-рашкан күбөлүгүбүз бар. Бирок чогуу эле жа-шап келе жатабыз. никебиз бузулган жокпу?

- Кандай ниетте ал күбөлүктү алганыңарга жа-раша болот. Чындап эле ажырашууну ниет кылып алган болсоңор, бир талак боин түшкөн болот. Нике кыйдырып жашооңор милдеттүү болот. Ал эми баш-ка бир себептерден улам (мисалы: эркек соттолгон-до бардык мүлкүм билинип калбасын деп аялына каттатып, аны менен кагаз жүзүндө эле ажырашып коёт, эгер бирдеме болсо ал башка адам, мага эч ти-йешеси жок деп айтканга даярданып, кагазды алса, зыяны тийбейт. Ал алакандай кагаз менен ал учурда нике бузулбайт.

- Парда кийбей койсо болобу эгерде жол-дошуң кий десе? 077133...

- Парда парз эмес. Сүннөт амал. Башында ый-маны, жазибасы көтөрүлүп турган учурда пардага кирип алып, кийин чыга албай кыйналгандар көп болгон. Ошондуктан ар нерсеге токтоолук менен баа берүү керек.

- жолдошум аябай кызганчаак. Кызганыш керек деп эле жөнү жок кызгана берет. тууган-уруктук жамандык-жакшылыгына кызмат кылуума каршы, жибербейт. туурабы? Ша-риатыбызда кандай каралат? динара

- Жок анчалык эмес. Тууган жамандык-жакшы-лыкта билинет. Кызмат кылууга көмөктөшүүгө ба-руу керек. Бирок шариаттын тартибинен чыкпастан. Жалаң аялдар кызмат көрсөткөн жеринде кызмат кылсаңыз болот. Эркектер аралашкан жеринде кыз-гангандыгы туура эле.

Page 227: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

227

Суроо жооптор

- даарат алып бүткөндөн кийин азуула-рымдын арасында калдык калса даарат өт-пөй калабы? 077710...

- Даарат өтөт. Кайрадан даарат алуунун муктаж-дыгы жок. Гусулуң да өтөт. Анткени ошол калдык чыккандан кийин, ошол жер сөзсүз түрдө шилекей менен сууланып, бардыгы өз ордуна келет.

- аял киши үйүндө шарт жок болсо жалпы мончого барып жуунуп, гусул алса болобу? 077870...

- Аял кишиге жалпы мончого барууга тыюу са-лынат. Эң жакшысы, жашап жаткан үйүнүн бир бур-чунан өтөөр жери жок.

- Өзүм чыныгы мусулмандын үй-бүлөсүн-дө тарбия алгам. Күз айларында турмушка чыгып, жолдошумдун ата-энеси жана бир туугандары христиан дининде экенин эми билдим. жолдошум экөөбүз башка турабыз. жолдошум өзү мусулманмын деп былтыр би-ринчи жолу орозо кармады. Биздин жашоо кандай болот? Бир үйдөн тамактанууга боло-бу? 077939...

- Жолдошуңузду жума намазга да жибериңиз. Му-сулман экени чын болсо жашооңор жакшы эле. Кайын журтуңуз менен бир үйдөн тамактанууга болот, бирок дин темасында, өздөрүнүн туура эмес динине даа-ват кыла турган болсо, анда укпаңыз. Балдарыңызды алардын колуна тарбиялаганга таштабаңыз.

27. аллахым өзү мага күч-кубат берсин. мен кээ бирде эле жоолугумду артыма байлап салгым келет. Кайра тообо кылам. намазда ар кандай ойлор айланчыктап алат, кайра өзүмдү жаман көрүп, Кудайдын тушунда ту-рам деп ниетимди түздөгөнгө аракет кылам. Сиз себепчи болуп мага жардам бериңизчи. ыйманымды канткенде бекемдейм? 077008...

Page 228: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

228

Чубак ажы Жалилов

- Сиздин ушул сөздөрдү айтып жатканыңыздын өзү, сиздин туура жолдо экениңизден кабар берет. Ак менен каранын күрөшү болуп жатыптыр ичиңиз-де. Шайтанга моюн сунбаңыз. Дуба кылыңыз.

- Бир кошунам жолдун ортосуна жаңгак көчөт эккен. ал десек албайт. Кургатып сал-сак болобу? убалы кимге? 077756...

- Көчө комитетке, же айыл өкмөткө айткыла. Коомдук жолго эккенге укугу жок. Балким ал туура эле эккендир, сизге ошондой көрүнүп жаткандыр. Эки тараптын сөзүн укмайынча, бир беткей жооп берүү кыйын. Сиз кууратсаңыз, азыр көчөттөн көп неме жок, кайра башынан эге бербейби? Ошондук-тан түшүндүрүү жолу менен чечилгени туура болот.

- Эмне үчүн Баткен менен лейлектин сө-зүнө шек келтиресиз? же алардан ала албай жүргөн өчүңүз барбы? 077340...

- Ассалааму алайкум! Шариатыбызда жаа-хил жана наадан адамдар менен айтышып олтур-багыла, аларга салам эле айткыла деген. Сиздин сурооңуздан дээриңизде жок, акылыңыз кыска, көрө албас жана кыргызчаны түшүнбөгөн жары-багыр экендигиңиз көрүнүп турат. Баткен менен Лейлектен айлангыр. Сага окшогондор бузат эл-дин баарын. Баткендин аалымдарында Молдо Аб-дусатарда, Молдогазыда, Молдо Хашымда, Молдо Надырда, Молдо Шамшыда окуп молдо болгон-буз, эгер ошол молдо деген атка татыктуу болсок. Азыркыга чейин устаздарыбыздын сөзүн урматтап «Жакшыбысыз» деп сурашабыз. Лейлектик Мол-до Абдыганынын, Молдо Зулкарнайдын китеп-терин окуп жүрөбүз. А сен дөөрүйсүң, уяты жок. Сага дагы бир жолу «Ассалааму алайкум!».

- мага жин кирип катуу оорудум. молдо-келер буйрутма менен болуптур дешти. ал адам мени өзүн өлтүрсүн деп кылган экен.

Page 229: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

229

Суроо жооптор

менин тагдырымды талкалаганына жооп береби? менде эми кандай зыяндары калат? Сен айыккан менен толук кандуу адам боло албайсың деп жатышат. 077930...

- Ар адам кылганына жооп берет. Адамдардын сөзүнө маани бербеңиз. Кудайдан улуу эч ким жок. Баары Кудайдын айтканы менен болот. Намаз окуп жүрсөңүз баарынан таза болосуз.

- мен китептерден карыздан кутулуу үчүн окула турган дубаны окуйм. Бирок мага ка-рызды доолагандагы дуба керек. Бирөөлөр-дөн акчамды ала албай жатам. мүмкүн болсо жазып жибересизби. 077284...

- Мен андай дубаны билбеймин.- Биз сизди билебиз, сиз аксыз. Сиз-

ди көрө албагандар кылып жатышат. жа-маатыбыздан бирөө достору менен олтурса сизге жалаа жаап, экөө уруша кетип, таксы-рым көзүнө жеп, тигинин мурдун сындырып коюптур. ажыке, биз сиз үчүн баарына даяр-быз. 077344...

- Аллахым ыраазы болсун. Кем болбоңуз. Куда-йым мурдуна жеген таксырыма жаннаттын жытын жыттатсын. Ал эми көзүнө жеген таксырга жаннат-ты өзүн көрсөтүп, ошол жаннатка киргенди баары-бызга насип кылсын. Сиздин айтканыңыз туура. Мен акмын. Мусулмандардын акысын коргойм деп ушул абалга келип олтурам. Ага өкүнбөйм деле. Жалаа жаап жатышат, аларга Кудайымдан ынсап тилеймин. Колумдан келишинче журтумдун кызма-тындамын. Изги дубаларым менен...

- Күндө тахажжуд намазга турса парз на-маздан кийин сүннөт окулбайбы? 077819...

- Андай жери жок эле мен билгенден. Ар бир на-маздын өз орду бар.

Page 230: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

230

Чубак ажы Жалилов

- Кыргыздын салтындагы 7 токоч таратуу шариатка туура келеби?

- Ооба, туура келет. Садака иретинде берсе жа-рай берет. Жети, сегиз, же алты болуп калса деле зыяны тийбейт.

- 4 рекет парз намаз окуп жатып 1-рекет-пи же 2-рекетпи деп шектенсе кантип окуйт? 055790...

- Шектенип калган учурда, ою кайсыл тарапка оосо ошол рекет деп эсептеп окуйт. Сиздин миса-лыңызда: экинчи рекетке ою оосо экинчи рекет деп эсептейт, биринчи рекетке оосо биринчи рекет деп эсептеп, ошого жараша окуп улантып кете берет. Ал эми ою эки тарапка тең ообосо, таразанын ташын-дай тең болуп тура берсе анда, экөөнүн азын алып ошого тууралап окуйт. Анткени биринчи рекетпи, же экинчи рекетпи деген шек келгенде, биринчи рекет якииний болуп, экинчиси шектүү болуп жат-пайбы? Ошондуктан якиинди карманып, биринчи рекет деп улантып кете берет. Валлооху аьлам.

- арак ичип алып аялына талаксың деп айтса, ниетинде канча талак бергенин соо-лукканда эстей албаса эмне болот? жашаса болобу? 055790...

- Ниетин эстей албаса бир талак боюнча калуу керек болот. Бул маселе минтип чечилбейт. Экөөң ээрчишип молдокеге барсаңар, жакшылап сурап ту-руп чечип берет.

- фатва менен өкүмдүн айырмасы кандай? 055790...

- Өкүм эч убакта өзгөрүлбөгөн маселеге айты-лат. Мисалы зынаа-ойноштук арам, уурулук арам. Булар өкүмдөр. Эч убакта өзгөрүүсү мүмкүн эмес. Ал эми фатва заманга жана мекенге жараша өзгөрүп тура турган маселелер. Мисалы жогоруда бильярд

Page 231: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

231

Суроо жооптор

жөнүндө айттык, бул фатва деп айтылат. Кээде фат-ва деп ошол китептерде бар өкүмдөрдү жалпы элге баяндап берүү да назарда тутулат.

- 5-6 күндөн бери менден уруктук тынбай эле тамчылап агып жатат. намазымды окуп жатам. гусул алыш керекпи? намазым, даа-ратым кандай болду? 077846...

- Шахват менен, делебең козголуп, уруктугуң атырылып чыгып жаткан болсо, ар бир чыккан са-йын гусул аласың. А бирок оору себептен чыгып жаткан болсо, эч кандай делебе козголбосо, бул убакта даарат гана бузулат.

- мен футболка тиктирип сатам. Кээде футболкага жаныбардын элеси түшүрүлгөн сүрөт тартылган болсо кандай болот? мүм-күн болбосо товарды эмне кылыш керек? 077151...

- Жаныбардын башынын сүрөтү жок болсо, же нары карап турганы болуп, жүзүндөгү мүчөлөрү кө-рүнбөсө жарай бериш керек. Ал эми мультфильм-дердин каармандарынын сүрөттөрү оюнчуктардын сүрөтү болгондуктан, ага тыюу салынбайт. Сүрөт-төрдүн башы бар болсо, баштын үстүнө башка кез-демеден жамаачыдай кылып тиктирип салсаңыз жарай берет. Өчүргөн өкүмүндө болот. Же боёк ме-нен жазуу жазып коюңуз, мисалы «салам Бишкек!» деп, башы боёктун астында калып кетет.

- дин китебин чыгарып, соопчулук үчүн элге таратса туура болобу?

- Абдан жакшы болот. - “Көз тийди, назары, сугу кирип ооруп

калыптыр, иши жүрүшпөй калыптыр” де-шет. ошолордон кантип сактануу керек? Көз тикен, көз мончок, калемпир илип коюшат, көзү ушуга түшсүн деп. туурабы? 077143...

Page 232: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

232

Чубак ажы Жалилов

- Бардыгы туура. Көзү ушуга тийсин деп илип койсо туура эле болот. Бирок, ушул нерселер сакта-сын деп илип койсо ширк болот. Көздүн тийүүсү ме-нен назары, сугу кирип калыптыр дегендер бир эле маани. Ал акыйкат. Дуба менен, таңкы-кечки зикир-лерди окуп жүрүү менен сактанса болот.

- даараттан арткан сууну ичкенде, му-рун жууганда башка жерге бышкырып, кал-ган баарын ичеби же мурундан арткан сууну (кечиресиз, манка болсо) да кошуп ичеби? 055409...

- Ой тооба. Ким даарат алганда, дааратта иш-тетилген сууну ичсин?! Ага тыюу салынат. Даарат алганда суу куюлган идиште суу артып калган бол-со, ошол таза суудан ордунан туруп ичет. Зам-зам-ды да туруп ичет. Калган сууларды олтуруп ичет. Даараттан арткан суу менен дааратта иштетилген суунун айырмасы асман менен жердей. Жаңы үзүп келген коон-дарбыз менен жеп аш болгондон ки-йин чыккан коон-дарбыздын айырмасы кандай экенине баамыңыз жетеби? Кыргыздар кыргызча-ны эптеп түшүнө албайбыз дагы, анан Карамуш-кинаны (депутат орус катын бар ушундай аттуу) урушуп коёбуз "кыргызча билбейт" деп!

- жолдошум 7 жыл мурун мас болуп ке-лип, кулагыма 3 талак сага деп досу экөө ба-сып кеткен. андан бери жашап жүрөбүз. ушу-га кыжаалатмын. 077884...

- Көзмө-көз молдодон сурагыла.- дарылык максатында, ырахаттануу мак-

сатында эмес, 50 г арак ичсе болобу? 077143...- Жок болбойт. Дары ичсин.- Биздин бир тууган эжебиз адам көрөт

(бакшылык кылат). Канча айтсак да ташта-бады. дуба кылып жатабыз иншаллах! анын

Page 233: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

233

Суроо жооптор

үйүнө барганда тамактансак кандай болот? Барбай, тамак жебей койгонго да болбойт экен. 077944...

- Ага айткыла, ошол бакшылыктан тапкан акчаң арам деп. Андан башка иштен табылган акчаларына сатып алгандарын жесеңер болот. Жебей койгонго таптакыр мүмкүн болбосо, ошол тазаларынан деп ишеним менен жей берсе болот.

- Бир жигит менен 5 жыл сүйлөшүп, нике окутуп үйлөндүк. анан бир ай жашадык. Боюмда бар. Күйөөм “сени менен мындан ары жашай албайм. мен сени сүйбөй эле ал-гам. Бала төрөлгөнчө баарын жыйнаштырып коёлу” деп себебин айтпай эле 3 жолу “талак” деп айтты. Эми бала никесиз болуп калабы? 077854...

- Бала никелүү эле болгон болот. Кайын-журту-ңузга барып ошол жерде жашай берсеңиз, күйөөңүз келет.

- аялым менен 9 жыл жашадым. анан экөөбүз урушуп, “кетсең келбе, талак кой-дум” деп 3 жолу айтып койдум. ал кетип ат-канда анын атын атаган жокмун. 2 балабыз бар. 3 жыл болду ажырашканыбызга. талак түштүбү? 077226...

- Тактап суроо керек сизден...- мен балалуу болбой жүргөнүмө 3 жыл

болду. Бир көзү ачык “2500 доллар берсең ба-лалуу болосуңар. гарантия 100%. Эгер болбо-со кайтарып берем” дейт. аны кылсак күнөө-көр болбойбузбу? 077752...

- Күнөө болот. Аялыңызды бир күнгө калтырып кетесиң деген жокпу, иши кылса. Кээ бир көзү ачык-тар аялдын өзүн жылаңачтап дем жана башка нерсе салганын укканым бар. Ал болбойт.

Page 234: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

234

Чубак ажы Жалилов

- Имамга уюп окуганда бешим, аср намаз-дарында ичибизден фатиха, зам сүрөлөрдү окуйбузбу? 077027...

- Макрух болот. Имамдын окуганы сиздин оку-ганыңыз болуп эсептелет.

- мен кызымды ден соолугу чың болуш ниетинде бийге берейин десем күйөөм көн-бөй жатат. ушул туурабы? 077216..

- Бийге эмес, жеңил гимнастикага бериңиз. То-гузга чыкканга чейин катышса жетиштүү болот.

- Багымдаттын 2 рекет сүннөтүн окуп бү-түп, парз намазын окуп баштаганда жүрөгүм катуу согуп, денем калтырап башкача боло берем. ал эмнеден болушу мүмкүн? 077278...

- Намазга болгон сиздин урматыңыз. Кудайым кабыл кылсын.

- Христиан кылып адамдарды аллах жа-раткан. анан аларда эмне күнөө? ошондой болуп төрөлүшсө. Канткенде алар бейишке түшөт? 077823...

- Аллах Таала адамдарды мусулман кылып жа-раткан. Башка динге өтүп кеткендер өздөрү күнөө-көр. Алар мусулман болуп төрөлүшкөн. Алар му-сулман болгондо гана бейишке түшүшөт. Бейишке кирүүнүн шарты ыймандуу болуу.

- еврейлер эмнеге мусулмандарды жолу-нан адаштырышат жана кантип?

- Алар ошентип Кудайдын каарына калган пен-делер. Андан башка ырыстуу нерсе алардын колунан келбейт. Шайтандын шерттешкен туугандары болот.

- менин оштук кошунам ушунчалык жи-ниме тиет. жек көрөм. Эмне кылам? Бекжан

- Эгер кошунаң оштук болгону үчүн эле жаман көрсөң, анда ыйманыңды жаңыртып ал. Ушул бой-дон өлсөң, бейишке барууң кыйын болуп калат. Эгер

Page 235: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

235

Суроо жооптор

өзүнө таандык башка бир сапаты үчүн жаман көр-сөң, анда анын оштук экендигин айтпай эле койсоң болмок. Төрт кыргыз ушинтип бөлүнө берсек, бөлү-нүп кетти кыргыз деп бөлөк элге кеп кетет. Биздин бактысыздыгыбыз - динди жакшы карманбастан, бөлүнүп-жарылгандыгыбызда.

- улак тартып байге утуп алдым. тааныш-тар чотур бер дешти. арак ичет го деп бербей койдум. “мечитке аш жасап барам, келгиле ыймандашабыз” дедим. ошол кылганым туу-рабы? 055161...

- Туура.- Боюнда болуп калганда нике кыйса бо-

лобу?- Жоктон көрө жогору. Эч болбосо кеч болсун. - Өз жанын кыюу күнөөбү? Эр жеткенде

ооруп кыйналдым. 077320...- Кургурум ай. Аллахым шыпаа берсин. Өз жанын

кыйуу күнөө. “Ачуу душман акыл дос, акылыңа акыл кош”. Сабыр кыл. Сабырдуу жетээр мураска, сабырсыз калаар уятка. “Өлбөгөн кул алтын аяктан суу ичээр”.

- мен 16 жаштамын. намаз окуйм, бирок хиджап кийип, жоолук салынбайм. Өзүмө да ишене албайм, өмүр бою хиджап кийип жүрө алам деп. апам, туугандарым да каршы. Хид-жап кийүү парз экенин билем. Эмне кылы-шым керек? 070923...

- Садагаң кетейин, сенин каалооңо карап бол-бойт шариат. Жолук - парз. Салын!

- оорунун, турмуштун айынан, аргасыз-дан арак ичкен адамдын акыбалы тиги дүй-нөгө барганда кандай болот? аллах кечирет болду бекен? Көз жумаардын алдында адам-дын үнү каргылданып калганын уктум. Эмне себептен?

Page 236: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

236

Чубак ажы Жалилов

- Ыйманы менен эле кеткен болсо, Кудай Таалам кечиримдүү зат.

- мусулмандарда “оомин” деген эмнени билдирет?

- «Оо Кудайым кабыл кыл!», дегенди билдирет.- Эшектин сүтүн дарылыкка ичсе, сүйкөсө

болобу?- Башка дары жок болсо, бир жөн.- аялым мас болуп мени каралап, аябай

урушуп кеткем. жиним келип, “үч талак” деп айтып салгам. Эртең менен кечирим сураган. Кайра жашап жатабыз. мастурат дааватка чы-галы десем болбойт. аракты көп ичет. 070536...

- Молдодон тактап суроо керек.- нике жок эле балалуу болгонбуз. Эми кай-

нене балага нике окуткула деп жатат. Эламан- Ошенткиле, антпегенде кантесиңер, анан. Кы-

лаарын кылып, кыл жип менен бууп коюп, антпе-генде кантмек элеңер...

- Багымдаттан баштап намаз окуюн деп жаткам. Бирок чачымды боёк менен боёгом. даарат өтө береби? 077300...

- Боёгуңду кетир, ошол боёкчу кетирип берет.- тиш ооруганда кайсы дубаны окуйбуз?

077302...- Тиш ооруганда окулчу дубаны окуйсуз. Дуба

китептери азыр жаандан кийинки козу карындай жайнап чыккан, таап окуңуз.

- турмушка чыкканыма 5 жыл болду. турмушка чыккандан кийин ооруп калдым. жолдошума кызмын деп алдап чыкканмын. азыркыга чейин айта албайм. айтпай эле койгонум жакшыбы? алдаганым үчүн тынч-сызданып, ар нерсени ойлоп, аркы дүйнөдөн корком. 077371...

Page 237: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

237

Суроо жооптор

- Корксоң намаз оку. Айтпа, аны да тынчсыздан-дырып. Жоолук салын.

- Күйөөм жакшы акча табат. мени иште деп мажбурлап жатат. мен балдарды карап үйдө эле олтурайын дейм. аял иштебейм десе күнөө эмеспи? аида

- Жок, күнөө болбойт. Сооп болот.- Көмүрдүн күлүн тамдын астына төгүп,

үстүнө топурак төгүп жасасам болобу? Шай-тан-шабыр болбойбу?

- Жок. Күл таза. Анткени отко күйгөндөн кийин бардыгы таза болуп калат. Зыяны тийбейт. Болгону таза, таштанды аралаштырбаган күлдү иштетиңиз.

- Биз акыретке кайтканда сурак мүрзөгө коюлгандан кийин башталабы же кыямат-ка чейин күтүп жата береби? Бейишке, то-зокко кандай убакытта бөлүнөт? 2) Кошу-на эже мээнет кылып сабак үйрөнүп келип кыздар дарс өтүп жүрсө күйөөсү “сен туура эмес окуп жатасың” деп каршы чыгып жа-тат дейт. ал эже 1998-жылдан бери оронуп, намаз окуйт. ушундай кишилерге эмне де-мексиз? ноокаттан

- Сурактын башы кабырдан эле башталат. Пай-гамбарыбыз алайхис салам маркум жаңы көмүлгөн-дө ошол жердегилерге айткан: «Бир тууганыңарга аманчылык, бекемдик тилегиле, ал азыр сурак берип жатат!». Мына ошол жерден эле тозоку же бейиши экени анык болуп, бейиши болчуларга бейиштин жыргалчылыктарынан кээ бир нерселер кабырын-да эле насип этилсе, тозоку болчуларга тозоктун кээ бир азаптары кабырында эле насип этет. Акыр за-мандан кийин гана бейишилер бейишке, тозокулар тозокко жөнөшөт. Ал эми кошуна эжеңиз жөнүндө бир нерсе деп айтуум кыйыныраак. Анткени эже-ңиздин эмне дарс бергенин биле албаймын. Кээде

Page 238: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

238

Чубак ажы Жалилов

башка агымдарды окуп алып, башкаларга үйрөтүп жүргөндөр да чыгып калат. Кээде туура эле багытта болгон болот. Андыктан билбей туруп эч нерсе айта албаймын. Эгер туура багытта болгон болсо, албет-те, күйөөсүнүн кылыгы туура эмес.

- Эгерде аял оронуп, намазын окуп, базар-да соода кылса болобу? мен ветаптекада иш-тейм. 077709...

- Болот. Караңгыга калбаңыз. Терезелер ачык болсун. Үнүңүздү кардарларга кубулжутпай, адептүү кийинип иштесеңиз болот.

- менин жолдошум кредит союзунда иш-тейт. жакында ал жумушун таштап фотоса-лон ачам дейт. Шариятка туура келеби? Се-беби жок сүрөткө түшсө болбойт го. Биздин үйдө туугандарынын сүрөттөрү илинип ту-рат. Кичинелерин алып койсом урушат. чоң сүрөттөргө алым жетпейт. Беттерин жаап койсом болобу? 077045...

- Сүрөткө зарыл учурда эле түшүү туура болбосо, жөндөн жөн эле түшө берүү жакшы эмес. Ал эми ка-лем, боёк менен портреттерди тарттыруу уламалар-дын баары бир ооздон арам дешет. Жандуулардын сүрөтү турган үйгө периште кирбейт. Периште кир-беген жерде ынтымак-ырашкердик болбойт. Түшүн-дүрүп айтсаңыз баары ордуна келээр.

- Өкмөт же жеке дыйкан жыйын-терин кылгандан кийин калган калдыктарын (газе-нек) жыйнап алуу жарайбы? 077763...

- Эгерде алар тыюу салбаса газенек (машак) кы-луу жарайт.

- азыр эркектер байлыгы бар аялдарды экинчи аял катары алып жатышат, биринчи бала-чакасын кыйратып салгансып. уурудай болуп жашынып жашагандар бар. ат дүрбөсө

Page 239: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

239

Суроо жооптор

эшек кошо дүрбөйт болгондорго кененирээк түшүнүк берип койсоңуз. 077845...

- Сиз тойдо музыкага заказ бергендей, могу маселени айтсаңыз деп заказ берип жатасыз. Ал эми гезиттеги проект суроолорго жооп берүү, та-гыраагы ар ким өзүнүн суроосун берип, тиешелүү жообун алат. Ошентсе да сиздин суранычыңызга жооп: Байлыгы бар аял, эркекке экинчи аял бо-лууну сунуштаса жана «Эч кандай материалдык муктаждыгым жок, келип үйдө карааныңды көр-сөтүп турсаң эле болду!» десе, эркек кааласа макул болуусу мүмкүн. Бирок, биринчи аялын балдары менен каржылоосу, тийиштүү убагын бөлүп туруусу милдеттүү. Мындай эркектерди күч күйөө деп айта-быз. Тагыраак айтканда ошол бай аялга күйөөгө ти-йип алыптыр десек да болот. Ачуу бирок акыйкат. Үйдө эркек тыйын таап келсе, аны аял ылайыктуу орду менен иштетсе гана кадимки нормалдуу үй-бүлө болот. Аялдын эркекке таянычы болот. Үйдө эркектин кожоюндугу жарыкка чыгат. Балдар туу-ра тарбия алат. Ал эми жаңкыдай болгон шартта, жоктон көрө жогору, Алыбай алына жараша деп айтып көңүл жооткотобуз.

- намазда субахаана роббиял азийим, субахаана роббиял аьла деген тасбихтер-дин кыргызча маанилерин айтып коёсузбу? 077027...

- Гезиттин мурунку сандарын карасаңыз, табасыз. Шаршенчесинен кайра-кайра кайталай бербейли.

- Иним дааватчы. Сакалы бар. Бирок аб-дышүкүр нарматовдо жок деп урушам. Сакал жөнүндө айтып берсеңиз. 077887...

- Мен сизге таң калып турам. Менин сүрөтүмдө сакалым бар экенин көрүп турасыз. Иниңизге Абды-шүкүр Нарматовду далил катары келтирсеңиз, анда ошол кишиден жооп алып берсеңиз жөндүү болчу

Page 240: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

240

Чубак ажы Жалилов

экен. Мен айтаар элем: Сакал коюу Пайгамбарыбыз алайхис саламдын сүннөтү. Мен да, баарыбыз ур-маттаган Абдышүкүр ажы да, иниңиз да, сиз да Пай-гамбарыбыз алайхис саламдын жолун жолдогонго милдеттүүбүз. Колубуздан келишинче аткарабыз. Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба деген жакшы сөз бар. Молдо да кээде ар кандай себеп ме-нен кээ бир сүннөттөрдү аткара албай калуусу мүм-күн, шарт-жагдайга жараша дегендей. Андыктан молдолорго карай эмес, Пайгамбарыбыз алайхис саламга карай түздөнөбүз.

- менин боюма бүтүп калбашы үчүн жол-дошум менен көп учурда презерватив колдо-нобуз. Шариат кандай жооп берет? 077286...

- Эгерде перзенттердин ортосундагы аралык-ты сактоо максатында, же башка зарыл маселелер үчүн бойго бүтүрүүдөн убактылуу сактанууга туура келсе, аялдын уруксаты менен сиз айткан ыкманы колдонсо болот. Эркек аялдын уруксатысыз урукту-гун сыртка же резинке баштыкчага төгө албайт, ант-кени ал аялдын укугу болуп эсептелет. Аялдын тө-шөк мамилесинен ала турган жыргалын толуктайт. “Ал эми кайсарланып экиден башканы туубаймын, аны кантип багам, фигурам бузулуп калат, карьерам эмне болот” деп сактанса күнөө болот. Ырыскыны Аллах Таала берет. Ошо батпай аткан кытайлар чек-төө сала берсин. Биздин жерлер бош калып, Баткен-ди тажикстандыктар каптап кетишкенин баарыбыз көрүп турабыз. Жок дегенде көбүрөөк тууп мамлеке-тибизге салым кошкулачы, бай болгурлар!

- 1) духа намазынын убагында багымдат каза болобу? Кантип ниет кылынат? 2) Каза намаздарды окуш керектиги жөнүндө, каза орозолорду тутуш керектиги жөнүндө далил аят, хадистер барбы? Сизден аллах ыраазы болсун. мусулман бир тууганыңыз.

Page 241: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

241

Суроо жооптор

- Духа намазы бул шашкеде окулчу намаз. Ба-гымдаттын убагы чыгып кеткен болот. Андыктан бул учурда багымдаттын адасы эмес казасын гана окуй аласыз. Ниет кылганда багымдаттын казасын деп эле ниет кылат. Окулуу тартиби ада намазды оку-гандай эле болот. Каза намаздарды окуу туурасын-да далилдер бар. Асмандан алып сүйлөмөк беле!? Мисалы: Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «...Ким намазын унутуп калса, же уктап калса, эстеген убакта (казасын) окусун!» (Муслим 1473, Ибн Хузей-ма 235, Ибн Хиббаан 4317, Абу Дауд 1121, Термизий 1334, Насааий 1493, Ибн Маажа1228). Орозонун да өзүнө жараша далили бар. Далилдерин изилдеги-ңиз келсе медресеге кирип окуңуз.

- аллахым соодамды жакшы кылсын деп базарда иштегенде аарынын уясы менен то-варларын ысырыктаса болобу? 077997...

- Болбойт. Аарынын уюгу менен эмес, аарынын өзү менен да ысырыктаса болбойт. Ширкке чейин барып такалат. Арча түтөтсө да бир жөн, жаман жыттардан шайтан-шабыр качат деп.

- гусулсуз тамакты жесе да, жасаса да, бас-са-турса да арам болобу?

- Эки колун жууганбы, же ошол бойдон эле та-мак жеп жүрөбү? Эки колун жууган болсо жей берсе болот. Намазды өткөрүп жибербөө керек.

- мен даарат алып бүткөндөн кийин намаз-да турганда же эми окуюн деп атканда заарам бир тамчы чыгып калат. Эмне кылам?

- Истинжа кылгандан мурда «истибра» амалын аткаруу мустахаб. «Мажмаьул максудда» ваажып, «Нуурул ийзаахта» лаазым деп айтылат. Заара кел-чү каналчаларды тазалоо дегендик. Ар ким өзүнө жараша ыкманы тандап алат. Бирөө катуураак жө-төлсө, экинчиси ары-бери басат, үчүнчүсү уй саа-гандай мүчөсүн сыгат, бирок өтө берилип кетпөө

Page 242: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

242

Чубак ажы Жалилов

лаазым. Истибраа кылбаса шайтандын васвасасы шубха-күмөндү жибере берет. Аялдар бир азыраак кесек же кагаз кармап турган болсо жетиштүү болот. Эгер мына ушул таризде истибра кылган болсоңуз, заараңыз тамчылабайт. Заара бир тамчы тамчыласа да даарат бузулат.

- Багымдаттан кийин 2 рекет нафил нама-зын окуп уктай берсе болобу? 055019...

- Деги эле багымдаттан кийин уктаган шариаты-бызда кубаттала бербейт. Ичип тойбогон жалап тоё-бу дегендей эле кеп. Түнү менен уктап уйкусу канба-ган, эрте менен уктап муратка жетеби? Эрте турган аялдын бир жумушу артык, эрте турган эркектин бир ырысы артык деген кеп бар. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Үммөтүмдүн эрте турганда-рына береке берилет!». Багымдаттан кийин күн чы-гып, күн жаа бою көтөрүлгөнгө чейин напил намаз окулбайт. Мен сизге «Мухтасар» китебиндеги ушул туурасындагы маселени айта кетейин. Ал китепте мындай айтылат: «Күн чыгып бара жатканда, күн чак түштө, күн батып бара жатканда намаз, тилават сеждеси, жаназа намаз окуу дурус эмес. Бирок ошол күнкү дигер намазын гана окууга болот».

Укба бин Аамир Жуханийден, Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Үч мезгилде Пайгамбарыбыз алайхис салам намаз окуганды, маркумдарыбызды көмгөндү тыюу салды. Күн чыгып бара жаткандан баштап көтөрүлгөнгө чейин, чак түш болгондон баштап оогонго чейин, батып бара жаткандан баш-тап батканга чейин» (Алтоонун Бухарийден башка-лары). Ал эми Укба бин Аамирдин башка риваятын-да «Пайгамбарыбыз алайхис салам күн чыгып бара жатканда маркумдарга намаз окууга тыюу салды» деп айтылат (Ибн Дакиикул ийд, Имам)

Мына ушул үч убакытта парз жана ваажып на-маздарды окуганга таптакыр болбойт. Имам Ис-

Page 243: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

243

Суроо жооптор

бийжаабий «Тахаавийге» берген шархында, бул үч учурда нафил намаздарды окуу макрух болуу менен биргеликте дурус деп айтат.

Мухтасардын текстинен көрүнүп тургандай, нафил намазын окуу да дурус эмес деген да ыктымал бар.

Дурус эмес дегендин максаты, ушул убактарда намазды окуп баштоо, аткарып баштаган иши дурус эмес деген маани. А бирок дурус эмес экендигине маани бербестен намазга киришип алган болсо, аны бүтүрүү ваажып болот. Себеби Шамсул аимма «эч бир талашсыз казасын окуп берүү милдеттүү» деп айтат. Ошондой эле Темирташий (Тумуртааший) да Азирети Абу Ханийфа менен Азирети Абу Юсуфтан каза окуунун милдеттүүлүгүн риваяттайт. Мунун мааниси: Туура эмес убакытта баштап алган экен-мин деп таштап койсо, анын казасын окуп берүүгө туура келет. Демек, ошол учурда баштаган болсо да, ага карабастан бүтүрө окуусу милдеттүү болгон экен деген тыянак чыгат.

Ушул убакыттарда тилават сеждесин кылуу да дурус эмес. Бул, мына ошол аяттар «үч убакыттан» мурда окулуп, сеждесин ушул үч убакыттын бирин-де кыла турган болсо дурус эмес деп айтылат.

Ал эми мына ошол үч убакыттын биринде сежде аяттарынын бирин окуган болсо, анда ушул үч уба-кыттын биринде эле эч кандай макрух болбостон ти-лават сеждесин кыла алат. Ошого карабастан, ушул үч убакыт өтүп кеткенден кийин, мустахаб убакытта тилават сеждесин аткарганга калтырса эң жакшы иш кылган болот. Анткени тилават сеждесин кечикти-рип аткаруу менен каза болбойт эмеспи?..

Ушул үч убакыттын биринде жаназа намазын да окуу дурус эмес. Бул, жаназа окулчу маркум үч убакыттын биринен мурда алып келинип, бирок үч убакыттын биринде окула турган болсо дурус эмес. Ал эми ушул үч убакыттын биринде жаназа окулчу

Page 244: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

244

Чубак ажы Жалилов

маркум алып келинсе, анда жаназаны кечиктирбей окуй берүүсү дурус болот. Балким ошол убакта оку-гандыгы эң жакшы болот. Анткени жаназаны ке-чиктирип окуу макрух.

Күн батып бара жаткан учурда ошол күнкү дигер намазды окууга мүмкүн. Намазды ада кылып окуу мак-рух эмес, намазды кечиктирип окуганы макрух. Ал эми күн чыгып бара жатканда багымдатты окууга болбойт. Күн чыга электе таңкы багымдатты окуп баштаган бол-со, окуп жатканда күн чыкса, окуп жаткан намазы бу-зулуп, казасын окуп берүү милдеттүү болот. Ал эми күн батып баштай электе дигер намазын окуп баштаган болсо, окуп жатканда күн батып баштап, батып кеткен болсо дигер намазы бузулбайт, окуп бүтө берет.

Экөөнүн ортосундагы айырмачылык төмөндөгү-дөй: «№1-Намаздын толук убактысы», «№2-намаз-дын кемчиликтүү убактысы», «№3-намаздын толук кемчил-бузук убактысы» болуп үчкө бөлүнөт. Ди-гер намаздын акыркы убактысы «№2-намаз окуу-га кемчиликтүү убакыт» деп табылат. Мына ошол убакытта намаз окуп баштаган үчүн, «кемчиликтүү түрдө намаз окуу милдеттүү болду» деп түшүнө-бүз. «№2-Кемчиликтүү убакыттан» кийин дароо эле «№3-толук кемчил-бузук убакыт» келет. Кайсы бир деңгээлде экөөнүн ортосунда «кемчилдик» ок-шоштугу бар болгондуктан, намаз экинчи абалдан үчүнчү абалга өтө берет. Ал эми таңкы багымдатта бул сыяктуу абал жок. Анын «№1-толук убактысы» жана «№3-толук кемчил-бузук убактысы» гана бар. Биринчи абал менен үчүнчү абалдын ортосунда ок-шоштук жок болгондуктан, намаз биринчи абалдан дароо үчүнчү абалга өтүп кете албайт.

Кээ бирлер экөөнүн тең өкүмү бирдей деп, далил-ге муну тартат: Азирети Абу Хурайрадан, Пайгамба-рыбыз алайхис салам айтат: «Ким күн чыккандан мурда бир рекетке жетишип калган болсо, чынды-

Page 245: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

245

Суроо жооптор

гында таңкы намазга жетишиптир. Ким күн баткан-дан мурда бир рекетке жетишип калган болсо, дигер намазга жетишиптир» (Жамаат). Бирок бул хадистин мааниси менен биз жогоруда окуган үч убактагы на-маз болбойт деген хадистин мааниси карама-кар-шылык жаратып калгандыктан, бул маселеде кыяска кайрылабыз. А кыястын баянын жогоруда айттык.

Ханафийлерден Имам Тахаавий ошол күнкү ди-гер да багымдат да жарабай калат, анткени хадистин кээ бирине амал кылып, калган бөлүгүнө амал кы-лынбай жатпайбы деген жүйөнү келтирет. Албетте бул сөзгө мазхабда маани берилбейт.

Ханафий мазхабда айтылган маселенин маани-син Имам Хааким риваят кылган хадистин сырткы (заахирий) мааниси колдойт. Анда Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Ким багымдат намазын окуп жаткан болсо, күн чыгып кетсе, анда багымдат нама-зын окусун!». Мына ушул «окусун» дегенди «казасын окусун!» деп түшүнүүбүз милдеттүү анткени, казасын эмес, намаздын өзүн улантып эле окуй берсин дей тур-ган болгондо, «окусун» дебестен «толуктасын» же «бү-түрсүн», же «улантсын» деп келет эле. Валлооху аълам

- дүүлүгүп суюктук агып кетсе гусул алуу керекпи? 070316..

- Ооба.- Баланы сүннөткө отургузуу тууралуу ке-

ңеш берип койсоңуз. 077744...- Сүннөткө төрт-беш жаштарында олтургузганы

жакшы. Бала сүйлөөгө жарап, ооруганын айта ала тур-гандай болот. Ага чейин эле жыныстык мүчөсү ооруп кала турган болсо, андан эртерээк олтургузса да бо-лот. Жылдын кайсы мезгили болсо да жарай берет.

- гусул алгандан кийин даарат албай эле намаз окуй берсе болобу же сөзсүз даарат алуу керекпи? Элмира

Page 246: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

246

Чубак ажы Жалилов

- Даарат алуу милдеттүү эмес. Гусул боюнча намаз окуй берсе болот. Анткени гусул алуу жарая-нында даараттын бардык парздары атткарылган болот. Башын жууганда колу менен сылаганда масх тартылат. Калган мүчөлөрү жуулат. Мулла Алий Каары "Миркатта дал ушундай баяндаган. О. э. көлгө чумкуп чыккан адам да гусул кылган болуп эсептелет, эгерде башы нымдалган болсо. "Сражия-да" ушундай баяндалган.

- Бутум ооруйт. Кышында маасы кийип даараттан кыйналбайм. жазда бир күндө төрт жолу даарат алып, бутум ооруй башта-ды. даараттын оңой жолу барбы? 077881...

- Оору себептүү да таяммум алынат. Суу менен даарат же гусул алганда:

А) оорусунун көбөйүп кетүүсүнөн, Б) көбөйбөсө да айыгуусунун алыстап кетүүсүнөн,В) суу менен даарат алууга аркеттенгенде кый-

мылдап, кыймыл себебинен да оорусу күчөп, же айыгуусу кечеңдеп кетүүсүнөн басымдуу күмөн ме-нен же чебер дарыгердин айтуусу менен корксо, таяммум алат. Андан сырткары,

Г) ооруп жаткан адам өзү даарат ала албаган учурда, ага даарат алдыруучу жардамчы жок бол-гондо да таяммум алат. Даарат алдыруучу деп бал-дарын, бир туугандарын эсептейбиз. Же ижаарага даарат алдыруучу алган убакта. Булар бар болгон учурда алган таяммуму жарабайт.

- Базарда соода кылып отурганда фатиха, аят ал-курси, мулк сүрөлөрүн окуй берем. Күнөө эмеспи? анткени “Куранды базарда окубаган дурус” деп окудум бир китептен. Саждада “Субхаана роббиял аълла” деген-ден кийин тилек кылып, дуба айтса болобу? 077281...

Page 247: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

247

Суроо жооптор

- Окуй бериңиз. Дурус болот. Нафил намаздарда саждада каалагандай дуба кылсаңыз дурус. Ал эми парз намаздарда намаздын өзүнүн дубасы менен чектелгениңиз макул.

- тасбих айтуу садака бергендин сообуна барабарбы? 077281...

- Ооба, бирок садака да берип, тасбих да айткан-дын сообу баарынан жогору.

- мен өзүмдөн 3 жаш улуу кызды жакты-рып калдым. ал мени ини катары көрөт. ошо кызга кантип жагып аламын? Бир досум бир дубаны айткан эле, ал да сени жактырып ка-лат деп. ошол дубаны кайрадан айтып кою-ңузчу. 077018...

- Ал дубаны ошол досуңдан сура. Мен билбейт экенмин.

- мен 5 маал намаз окуп, оронуп жүрөм. Кү-йөөм окубайт. Канча бир жыл мурда атам кү-йөөмдү урушуп, бир-эки ооз сөз айткан экен. Бирок атам жакшы адам, “күйөөң менен ай-тышпа, нааразы кылба” дейт. Кичине тарты-ша кетсек эле атаң минтип айткан деп сөгүнөт. атамдар чайга чакырса өзүм барам. апам жол карап күтөт, мен ар кайсы шылтоону айтып ку-тулам. “мен сени алгам, туугандарыңды урга-ным жок” дейт. ата-энемди сыйлабаса, сөксө, мени муштап урса чыдап жашашым керекпи же ажырашып кетүүм керекпи? мен кайне-не-кайнатамды сыйлайм, ата-энеме кылбаган кызматты кылам. менин тууганым келсе учу-рашып коюп барып жатып алат. аябай уялам.

- Сабыр кыл, бир тууганым! Ушунуңдан жазба. Коёндун териси бир жыл чарыкка чыдаптыр дешет. Дуба кыл! Баары ордуна келет. Күйөөңдүн мындай мамилеси туура эмес. Кайын журт менен да жакшы мамиледе болуу керек. Сени алгам, туугандарыңды

Page 248: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

248

Чубак ажы Жалилов

билбейм дегени даана акмакчылык. Анын дагы кызы бардыр. Дал өзүндөй күйөө балалуу болгондо билет.

- Этек кир келген кезде теспе тартса бо-лобу? Келме келтирсе, бисмилланы айтса-чы? Кыскасы, аллахты оозго алса болобу? 077858...

- Сиз айткандарды айтса болот. Куран аяттарын окуганга болбойт.

- менин күйөөм жана бир туугандары мээ-неткеч, уюшумдуу. Биз чоңубуз. Эми бөлүнө-лү десе жер жок. Багыбызга үй салып болсо да чыгып, кийинки иниси үйлөнгөнчө үйдү бошотолу десек, атасы “мен курган бакка ки-йин сенин неберелериң отурушу керекпи” деп эр жеткен баласын үйлөгөнгө да каршы. “намаз окуңуз” дешсе, “жаттасам башым ооруп кетет” дейт. Күйөөм экөөбүз дааватка чыгып, намаз окуйбуз. Кеңешиңизди күтө-бүз. ноокаттан

- Сабыр кылгыла. Баары ордуна келет. Убакыт да көп нерсеге дары болот. Атаңарга Кудайым ын-сап берсин. Акмак да болсо ата. Аны капа кылбагы-ла.

- Бир туугандарым деп иштеп жүрүп жа-шым өтүп кеткенде өзүм үчүн төрөп алгам нике менен. ал үчүн укпаган сөздү уккам. жакында ала качып кеткен. жашай албай ооруп калдым. Шаарда дарыланып жаткам. Кайра баргым келбейт. анын көп кемчилиги бар. жашап кетейин дегем, бирок анте алба-дым. намаз окуган сайын буулугуп ыйлайм. Экинчи жолу элдер жаман сөздөрдү айты-шат. апамды да аяйм мен үчүн сөз угат деп. азыр ооруп менин жанымда. айылга барган-да эмне болот? Барган жерим жеңемдин бө-лөсү болчу. Кеңеш күтөм. 077276...

Page 249: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

249

Суроо жооптор

- Адамдар эмне дейт экен деп адам өзүн кыйнай бергени болбойт. Сынчынын сыңар өтүгү майрык. Оозу менен сүйлөгөн адамдар ачка калсаң казаныңа бир кашык тамак салып бербейт. Эң негизгиси ша-риатка туура келсе болду кылган ишиңиз. Кабырга-ңыз менен кеңешиңиз.

Хиджап кийишиме баары каршы. Кандай кылам? 077314...

- Аллахтын буйругу талкууланбайт. Ал парз.аллах, мухаммед деген жазуусу бар чын-

жырча тагынса жана аны менен даараткана-га кирсе болобу? 077854...

- Болбойт. Күнөөкөр болосуң.Биз 3 жыл мурун баш кошконбуз. ни-

кеден кийин жаткырганда ошол күнү кыз-дыгым чыкпай калды. анан жолдошум уят болбоюн деп колун кесип чыгарды. Бирок эртеси күнү кошулганда төшөк аябай кан болуп калган экен. Бул эмнеси? мага эч ким тийген эмес, эч ким менен жүргөн эмесмин. Эмнеге анда чыкпай калды? Кудай өзү ке-чирсин. азыр бактылуубуз. Күйөөм унчук-пайт. 077068...

- Эмнеге унчукмак эле. Алгачкы түнү катуу чо-чугандыктан да ошондой болуусу мүмкүн. Кудайым бактыңарды насип этсин.

мен жашым улуу эле кишимин. Өткөн жылы бутум сынып айыкпай жүрөт. 5 айдай болду, 29 жыл чогуу жашаган аялым карабай койду. жалгыз сырткы үйдө калам. опера-ция болсом сурап койбоду. Башка үйдө жа-тат. акыры чыдабай шаарга келип башкага үйлөнүп алдым. Өзү ала бер деген. Эми айыл-га жумушума барышым керек. туугандары “жообуңду ал” дейт экен. ага үйлүү-жайлуу

Page 250: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

250

Чубак ажы Жалилов

балдарым көнбөйт. Өз үйүмө кирүүгө укугум жокпу? “Карызыңды төлө, үйгө кирбе” дейт. Эрди кордосо боло береби?

- Үйүңүзгө кире бересиз. Бул деле аялыңыз болот.

- Күйөөм дааватка барганда ал жерде ай-тышкан экен “эркек менен аялдын кийимде-рин бирге жууса аялдын сыпаты эркекке жу-гат” деп. ушуга далил барбы? жолдошум мага айтты эле “бир сойку аял көчөдө баратса ит суусап жаткан экен. маасысына суу алып итке берип койгон экен, бейишке кириптир” деп. ушул туурабы?

- Биринчи маселеңизди мен билбейт экенмин. Экинчи маселеңиз туурасында айтылган Пай-гамбарыбыз алайхис саламдын хадиси бар. Анан кээ бирлер сойкулук кылып үйгө төрт канчыкты баксаң эле бардыгы ордуна келип калат экен деген түшүнүктөн алыс болуу керек. Ал жаныбарларга да жакшы мамиле кылуунун милдеттүүлүгүн баянда-ган адеми хадис.

- даараттан 10-20 мүнөт өткөндөн кийин жыныс мүчөм нымдалып калат, бирок ич ки-йимим булганбайт. даарат бузулбайбы? же тампон салып койсом болобу? 077981...

- Даарат бузулбайт, сыртка чыкмайынча. Там-пон салып койсоңуз болот. Бирок ошол тампон жы-ныс мүчөнүн ичине толук кирип кеткидей болсо. Анткени тампон нымдуулукту өзүнө соруп алып, сыртта турган жарымына нымдуулукту өткөргөн убакытта даарат сынып калуусу ыктымал.

- мавлид күнү 24-январда болду го. 15-ап-релде пайгамбарыбыздын туулган күнү деп жаңылыктардан айтышты. Пайгамбарыбыз кайсы күнү төрөлгөн? 055409...

Page 251: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

251

Суроо жооптор

- Экөө тең туура. Биринчиси Пайгамбарыбыз алайхис салам туулган күн болсо, экинчиси Пай-гамбарыбыз алайхис салам туулган мезгил.

- аялым менен кошулганда кадимкидей эле даарат алабыз. же сөзсүз бүт денеге суу тийгизүү керекпи? 070241...

- Ооба, гусул алуу парз. Кантип намаз окумак элеңер? Намаз окуйсуңарбы?

- ыйман жөнүндөгү ырларды укса боло-бу? Сендвич адалбы? азыр кайсыларды адал деп айта аласыз? 077385...

- Музыкасы жок ырларды уксаңыз болот. Сендвич дегенге кошулган эт адал болсо адал.

- Былтыр үкөм жол кырсыгынан каза болду. жашы 18де болчу. Бишкектен эрте менен машинага мен салган болчумун. Өзүмдү күнөөлүү сезе берем. Куран окуй-мун. дагы эмне кылайын? жол кырсыгы-нан өлгөндөр бейишке киреби? гүласал

- Жол кырсыгынан өлгөндүн баары эле бейиш-ке кире бере турган болсо, баары жол кырсыгынан өлгөнгө аракет кылышмак. Өзүңүздү күнөөлүү сез-беңиз. Куран окуңуз.

- Хиджап кийгениме 2 апта болду. үйдө жездемдин көзүнчө жоолук салынбай эле жү-рөм. Болобу? дилбара.

- Болбойт.- арак фирмаларын, кредит банктарын

жаптырууга күчүңүз жетет беле? Күйөөмө, кайненеме “кредит албайлы, арак сатпайлы” десем угушпайт. намаздарым бул арамдарды жеңеби? 077981...

- Жеңет, насип кылса. Насип болсо аларды жап-тырууга да убактыбыз келет.

- Сиздин сабырдуулугуңузду алла таалам

Page 252: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

252

Чубак ажы Жалилов

баарына берсин, менин кайненеме берсин деп тилек кылаар элем. үйдө эмне кем болсо толуктап турабыз, бирок баары бир нааразы, тополоң кылганы кылган. Баласы туура эмес сүйлөсө да менден көрө беришет.

- Кайненелик доорун ошентип сүрүп жатса ке-рек го. Кыяматта ал киши деле туура эмес иштери-не жооп берет. Сен үн чыгарба. Балким ичинен сага миң ирет дуба кылып жаткандыр.

- Сиздин сөздөрүңүз жүрөгүбүздү жылы-тып коёт. Сизге аллах ыраазы болсун. нарда ойносо болобу, акча койбой эле? үйдө анча-мынча балам менен ойноп коём. 077373...

- Жок, ойногонго болбойт. Пайгамбарыбыз алайхис салам тыйган. Акча койбосо да ойногон-го болбойт. Аллахым жакшы сөздөрүңүзгө жакшы соопторду жазган болсун. Балдарыңыздын жакшы-лыгын көрүңүз. Бейиши болуңуз.

- Бешим намазын көбүрөөк каза кылып, парз окуп калам. Курулуш материалдарын сатам. Балам жашыраак. намаз учурунда ке-лип күтүп калышат. Калгандары өз ордуна туура келет десем болот. Кеңеш берип кою-ңузчу. 055416...

- Жок дегенде парздарын окуп алганга аракетте-ниңиз. Ниет кылсаңыз, Кудай Таалам жеңил кылат.

- мен кичине сүрөлөрдү кириллица тамга-сы менен жаттап намаз окуйм. чоң сүрөлөрдү жаттайын дегем. тажвидсиз окусам натый-жасы кандай болот? араб тамгасын үйрөнү-шүм керекпи? гүлнара

- Араб алфавити 28 тамгадан турат. Бир күндө бир тамгадан үйрөнсөңүз да, бир айда баарын билип каласыз. Өтө керегин билет экенсиз. Калганын таж-види менен үйрөнүңүз.

Page 253: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

253

Суроо жооптор

- үй той, сүннөт тойду шартка байланыш-туу кафеде өткөрсө болобу? Кандай жолдор менен?

- Арам аралаштырбай өткөрсө эле мусулманча болуп калат.

- муса пайгамбар үйлөнөөрдө бир дуба кылган дейт. ошону жазып коёсузбу?

- Азыр эстей албай турам. Эстегенде айтайын. - астрологияга ишенсе ширк эмеспи? - Ширк.- Краб адалбы?- Адал. Ханафийлерде мурун макрух деп айтыл-

чу, азыр адал деп жеп жүрүшөт бардыгы эле. - Карыз алып, шарты болбой убагында тө-

лөй албай калса, карыз берген киши ызы-чуу салып, тап деп туруп алса оор абалда калат. ушундай учурда мусулмандар кандай жолду карманышы керек? 055056...

- Сабыр кылып күтө турат.- музыка укса, бийлесе болобу?- Жакшы эмес. Аялы күйөөсүнө дуффтун (бара-

бан сыяктуу) коштоосунда бийлеп берсе боло берет.- Карыз менен садака жөнүндөгү хадисти

окугандан бери карызга көп акча бере башта-дым. Сураса жок дей албайм. Кээ бирлери көпкө чуркатып анан берет. жок десем күнөө болуп ка-лабы деп корком. деги акча болуп туруп, бирөө сурап келсе, ишенбеген адамың болсо, “акчам жок эле” десе күнөө болуп калбайбы? 077727...

- Сага бере турган акчам жок эле деген ниетте болсо күнөөкөр болбойсуз.

- Базарда иштейм. Болжол менен оборо-тумдун жарымынчалык карызым бар. Зеке-ти кандай болот? Эжем акчасын мага чогул-

Page 254: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

254

Чубак ажы Жалилов

тат, иштеткенге уруксат берет. аны иштетип турам. тапкан пайдама зекет беремби? деги зекет жөнүндө атайын китеп барбы? 077727...

- Китептер бар. Базарды карасаңыз чыгат.- Сиз менен абдышүкүр нарматовду чы-

ныгы молдо деп эсептейм. гезитти окуп оту-руп таң калам, ар кандай суроолорду бери-шет, уяттуу суроолор да бар. Сиз аларга аябай “грамотно” жооп бересиз. Эртерээк кур жа-лаадан аллах сизди куткарсын. Сизди сот-ко бергендерге аллахым ыйман берсин. Сиз илимдүүсүз. Илимдүү жок болгончо бир коом жок болгону жакшы. Кудайым сизди колдо-сун. оомийн. гүлназ

- Аман болуңуз. Кем болбоңуз. Бар болуңуз.- мен жолдошумдун экинчи аялымын.

наркы дүйнөгө барганда жолдошум менен жашаймынбы? 077318..

- Ооба, эгер экөөңөр тең бейишке бара турган болсоңор. Кудайым баарыбызга бейиштен орун на-сип этсин.

- атым ася. Куранда бар дешет. Бирок кыз кишиге 3 тамгалуу ат койсо болбойт деп ук-тум. Бир ажы аял айткан “актыкка баш ий” деп. ошол туурабы? 077359...

- Куранда «Аасия» деп келет. Үч тамгалуу ат бол-бойт дегенди сизден угуп жатам. Ажы аялдын актык-ка баш ий дегенин «акыйкаттын ак жолуна түшүп на-маз оку» деп түшүнсөк жакшы болот. Бирок көбүнчө кыргыздарда «актыкка баш ий» деп айтканда «көзү ачык бол, көзүңдү ачтыр, ордо кур дегендей» маани-лерди түшүндүрүп жүрүшөт. Ошондой мааниде бол-со айтканы туура эмес. Намаз окуңуз.

- мен жолдошум менен турмуш курганыма 4 жылдан ашты. мени ала качып алган. ошол учурда этек кирим келген эле. жеңелерим ка-

Page 255: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

255

Суроо жооптор

лып, никебиз кыйылгандан кийин бизди жат-кырышкан. Биз туура эмес жаттык го. Эми тү-шүнүп кыжаалат болуп жатам. 0 7778904...

- Тооба кылыңыз, өткөн ишке салават.- мен жоолук салынам. Биз арак сатабыз.

арак сатса арамбы? Бир бала менен сүйлө-шүп жатам. ал медресени бүткөн. тоюбузду мусулманча кылабыз деп жатат. тойдо келин көйнөк кийсе болобу жоолукту чечпей эле? жигитим “хиджап менен эле чыгасың” деп жатат. айчүрөк

- Арак саткан арам, чоң күнөөлөрдөн. Ким «арак саткан арам эмес, боло берет» десе ыймандан чыгып каапыр болот. Тойдо келин хижап сыяктуу дененин бардык жерин жапкан көйнөк кийип, башына жоо-лук салынып чыкса болот.

- ашканабызда иштеген аял баптист экен. Кетиреминби? Балдары жаш, жесир. же даа-ват кылып, намазга үндөсөм болобу? Балким адашып жүргөндүр. 055196...

- Балким эмей эле, чындап адашып жүрүптүр. Ага даават кыл. Тозоктун төрүнө түшүп кетпесин. “Кызыл-кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет” бо-луп, тириликтин айынан ошол жакка киргендир. Сен ага алар бергенди берип, акыйкатка чакыр, соопко каласың.

- Пайгамбарыбыздын туулган күнүндө жакшы ниет кылып, орозо тутсам кандай бо-лот? авазкан

- Ансыз деле ар дүйшөмбү орозо тутуу сүннөт. Пайгамбарыбыз алайхис салам дүйшөмбү күнү туулган.

- диний китептерде “теңир” деп жазылат. аны кандай түшүнөбүз? теңирчилик деген эмне? 07705364...

Page 256: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

256

Чубак ажы Жалилов

- Теңир дегениң Кудай дегендин синоними. Экөө бир эле мааниде. Ал эми теңирчилер дегени-биз, кыргызга жаңы дин ойлоп тапканга аракетте-нип жүргөн ыймансыздардын жамааты. Кээ бири Манас атабызды Кудай кылгысы келсе, башкалары пайгамбар кылабыз деп эле убара. Кээ бирлери ша-манчылыктын кээ бир элементтерин киргизгенге жан далбас кылып жүрөт. Аларды адашкандар деп айтсак туура болот.

- 3 күн, 40 күн, 4 ай үй-бүлөсүн таштап дааватка чыгуу керекпи? ушундай тартип-те чыккыла деген Куранда, хадисте барбы? 055240...

- Мына ушундай тартипте дааватка чыгуу тартип. Үй-бүлөнү камсыз кылгандан кийин гана чыгуусу ке-рек болот. Дааваттын өзү ар бир адамга парз.

- мечиттин дааратканасында убак-убагы менен суусу өзү чыгып турат. ошол жерге ол-турганда жылт-жулт этип билинээр-билин-бес суу чачырайт. Кийим булганып калбай-бы? 077325...

- Ийненин учундай болуп майда чачыраса эч нерсе эмес, кечиримдүү болот.

- ажырашып кеткенбиз, бирок күйөөм мага талак деген сөздү айткан эмес. ал менден ки-йин эки аял алды. мен башкага турмушка чык-сам кандай болот? же талак сурашым керекпи? мен анын никесинде эмесминби? 077996...

- Силердин ажырашканыңар кандай таризде бол-гонун талдап угуу керек болот. Бул сөзүңүз жетишсиз. Эң жакшысы башкага турмушка чыга турган болсо-ңуз, күйөөңүзгө телефон чалып талак алып алганы-ңыз макул. Андан соң үч айыз идда өткөрөсүз. Кийин казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса.

- никеси жок төрөлгөн бала арам эмеспи?

Page 257: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

257

Суроо жооптор

- Зынаадан төрөлгөн бала болот. Балада эмне күнөө. Ошол баланын төрөлүүсүнө себеп болгон эки айбанды таш бараңга алып өлтүрүү керек эле ша-риатта. Алар тооба кылуусу керек болот.

- мен турмушка чыккандан кийин намаз окуп, орондум. ага чейин мага буларды айт-кан эч ким болгон эмес, өзүм билбегем. Кү-нөө кимге жазылат? Өзүмөбү? арабча жак-шы окуп баратып эле окугум келбей таштап, анан улантам. устазымдан да уялып бүттүм. Кантип үзгүлтүксүз окуйм, билбейм. Балким ыйманым жетишсиз. 055011...

- Атаңа, бир тууган агаңа жазылат күнөө. Калган катканы өзүңө жазылат... Аракетке берекет, аракет кылсаң эле окуп баштайсың...

- апам кредитке акча алган. мен арам эке-нин айтсам, апам “документальный болсо эч нерсе болбойт” дейт. Кандай болот? 077710...

- Апаң кичине айнып калыптыр. Дем салдырып алсын молдокелерге.

- ниет кылып багымдат намазын окуп, калганын үйрөнгөндөн кийин окуса болобу? 07784...

- Окуй бер бардыгын. Утур үйрөнгөнүңдү кошуп, толуктап кете бересиң.

-Кунут дубасы көп китептерде башкача. намаз убактылары календарында жана баш-ка китептерде сөзү көбүрөөк. а мен мурунку китеп боюнча жаттагам. туура эле болобу? 077710...

- Календардагыга түздөсөңүз жакшы болот.- Кыргызстанда 3-4 эле аалым бар деп

угам. Бар болгула. Сизди сындагандар мы-шык майга жетпей сасык дептир деген сыяк-туу. Сизге кандай болсоңуз да жарашат. Кай-

Page 258: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

258

Чубак ажы Жалилов

раттуу болуңуз. Перзенттериңиз менен эки дүйнө бактылуу болууну аллах насип кыл-сын. Балдарыңыздын ыйманына, өмүрүнө береке берсин. Сизден жооп күтөм. аялына 3 жолу талак айтып, арасында өткөн дата-сын так эстей албаса кандай болот? Бирин-чи, боюнда барында, экинчи, бала 2 айдан өткөндө, үчүнчү, 4 айдан өткөн убакыт арала-рында айырма болобу? Балким мүмкүнчүлүк бардыр. 055102...

- Аллахым ыраазы болсун. Жакшы күмөнүңүз-гө ыраазымын. Мен өзүмдү аалыммын деп эсептей албаймын. Аалымдарыбыз бар болушсун. Кудайым тилектериңизге жеткирсин. Талак боюнча: Боюнда бар учурда талак айтылса түшөт. Төрөгөнгө чейин кайра нике кыйылбаса, же ражьий талак болгон шартта мураажаьа болбосо, анда төрөөрү менен идаасы чыгып бүтөт дагы таптакыр башка аялга ай-ланат. Бул учурда башка талактары түшпөйт. А би-рок төрөгөнгө чейин нике кыйылып, же мураажаьа болгон болсо, же төрөгөндөн кийин нике кыйылса, анда экинчи талак дагы жабышат. Ал эми үчүнчү талак эгер ражьий болгон болсо кандай болгон күн-дө дагы жабышат. Эгерде баин болгон болсо, экин-чи талак дагы баин болгон болсо анда баинге баин жабышпайт. Демек анда үчүнчү айтылган талак бошко кетет. Демек кээ бир учурларда мүмкүнчү-лүктөр чыгып калат. Сиз менен кененирээк сүйлө-шүүгө туура келет.

- намаз окубаган адам ажылык парзын аткарса болобу? Бирок ар жылы орозо тутат. Ө7771450...

- Ажылыкка караганда намаздын парзы жого-ру турат. Андыктан намаздын кадырына жетпеген ажылыкты да булгап өлтүрөт. Намаз окуп андан ки-йин гана ажылыкка барсын.

Page 259: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

259

Суроо жооптор

- 4 айлык боюмда бар. Бирок врачтар ал-дырып сал деп жатышат. 4 уЗИден тең ок-шош диагноз чыкты. Бала болбойт же майып, порог, боору чоңоюп, 9 айга чейин түшпөй төрөлсө ушундай жарым жан болуп калат деп жатышат. айыктырууга жол жок экен. айты-ңызчы, эмне кылам? 07712...

- Кээ бирлер төрт айга чейинкилерди алдырса боло берет деп айтышат. Мен айтаар элем: Эненин ден-соолугуна зыяны тийбей турган болсо төрөлө берсин. Калганын маңдайына жазганын көрөт.

- Куранды өткөндөргө эле эмес, тирүүлөр-гө окуп дуба кылса болобу? Сапар намазын сапарга чыгаар маалда окуй берсе болобу же убагы барбы? 070830..

- Куранды тирүүлөр өздөрү үчүн гана окуйт, ан-дан пайда болгон соопторду өлгөндөргө, тирүүлөр-гө жана төрөлө электерге багыштаса боло берет. Ал эми сапар намазы болсо, сапарга чыкканда, өзү жашаган шаардан чыккандан кийин гана башталат.

- Буттарымдын ооруганына байланыштуу оң жагыма олтура албайм. Сол жакка бутумду койсом болобу? 077185...

- Сиздин абалыңызда болот.- жолдошум жума намазын калтырбай

окуйт. Бирок жалпы мончого көп барат. таң атканча ичип жүрө берет. ал жакта денесин саткан кыздар бар экен. Шариатыбызда кан-дай каралат? 055572...

- Жалпы мончодо жылаңач түшкөндү шариаты-быз тыюу салат. Денесин саткан кыздардын кызма-тын пайдалануу арам.

- Спиралы бар аял каза болсо акырети кандай болот? оорулуу аял эркек врачка кө-рүнсө болобу? (Күчтүү врач болсо) Раяна.

Page 260: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

260

Чубак ажы Жалилов

- Спиралы менен көмүлө берет. Эч кандай мааниге ээ эмес. Оорулуу аял эркек врачка көрүнсө болот, эгер ошол врач эң күчтүү врач болсо, башка күчтүү врач аял жок болсо, аялдын жанында махрамдарынан бирөө турган болсо. Жалгыз көрүнгөнү жакшы эмес.

- Экинчи аял алгандар биринчи аялын алдап, уруп, базарга отургузуп, акчасын алдап алып экинчи аялына жумшаганга шариат жол бергенби? намазга, мечитке, дааватка деп алдап экинчисине кетсе боло-бу? Көп таксырлардын акыбалы ушундай. 0774783...

- Алдаган арам. Аялын урганга болбойт. Аялда-рын күйөөлөрү багуусу керек, аялдар күйөөлөрүн бакпайт.

- акыретте адам жаман оюна жооп бер-бейт, бирок жакшы тилегине жооп берет де-ген жообуңузду терең түшүндүрүп бериңизчи. анткени мен көп тилек тилей берем. 077779...

- Адам жаман ниет кылса, кайра ошол жаман ниетинен кайтып кетсе ал адамга бир сооп жазылат. Жаман ниети үчүн күнөө жазылбайт. Эгер адам жак-шы ниет кылса, жакшы ниетине бир сооп жазылат. Эгер жакшы ниетин ишке ашырса, анда ага он сооп-тон жетимиш соопко чейин жазылат. Жакшы тилек жарым ырыс, жаштын тилегенин берет. Амалдар ниеттерге жараша.

- Биздин никени күбө жок эле окуган, Ку-ранды коюп, ушул күбө болот деп. туурабы же зына болдубу? 077330...

- Зына болду. Нике кыйганда эки эркек күбө, же бир эркек, эки аял күбө болмоюнча кыйылган нике-ни жараксыз деп билебиз. Куран Карим китеби кү-бөнүн ордуна өтпөйт. Молдо өзү бир күбөнүн ордуна өтөт. Күбөсү жок нике кыйылгандардын жашоосу арам. Нике кыйган молдоке сөрөй дагы сойкулукту

Page 261: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

261

Суроо жооптор

мыйзамдаштырып берип жаткандай болуп калып-тыр. Ушинтип нике кыйган молдокелерди билсеңер кабар бергиле. Аларга атайын чара көрүлөт.

- маркумду узатып жатканда маркум ээле-ри кандай таризде узатуу керек? мисалы: биз-де адам келгенде өкүрүп ыйлайт, мал союлат, аялдар көк кийишет, кыркылык, жылдык өт-көрүлөт. маркумду узаткан күнү муким адам-дар аш, эт жешет. Булар шариатка туура келе-би? Сүйөрбек

- Сиз айткандын баары шариатка туура кел-бейт. Караманча каршы келет. Маркум өлгөндө эртерээк жерге бергенге ашыгуу керек. Маркумдун аялы төрт ай он күн аза күтөт. Жасалгаларын та-гынбайт. Көчөгө өтө зарыл иши болбосо чыкпайт. Калган аялдар (мисалы: апасы, эже-карындашта-ры) үч эле күн аза күтүшөт. Көк кийүү, ак ачтыруу дегендер болбогон кеп.

- жин менен ооругандарды чилдеге отур-гузуп көзүн ачат экен. чилдеге отурган ширк эмеспи? 077316...

- Чилде дегени кырк күн эч ким менен аралаш-тырбай олтургузуу демектир. Аял киши болсо жа-раша берет. Бирок эркек адам жамаат намаздарга, жума намаздарга баруусу милдеттүү болот. Чилде-ден ширкти издөө туура эмес. Ал эми көзүн ачтыруу дегени таптакыр туура эмес. Мына ошону ыймандан чыгаруу десек туура болот.

- мага бир таксыр айтты эле, “тамакты, чайды үйлөп ичсе болбойт” деп. Сиз ушуга кандай карайсыз? 077025...

- Болбойт, оозуңдагынын, ага кошулуп мурдуң-дагы дүнүйөнүн баары иче турган тамагыңа түшүп калбасын. Ошондуктан да болбойт. Пайгамбары-быз алайхис салам тыйган бул нерседен.

Page 262: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

262

Чубак ажы Жалилов

- менин үй-бүлөм бар. жолдошу каза бол-гон келин менен нике кыйдырсам болобу? “Эч нерсенин кереги жок, келип турсаң бол-ду” дейт.

- Нике кыйдырып алсаң болот, келиндин тууган-дарынан колун сурап. Койгон шарттары жакшы экен.

- аравияда окуп келген бир дамыла “оро-зодо чайканып алса болот (гусул), исламды биз өзүбүз кыйындатып алабыз” деген.

- Туура айтыптыр ошол дамыллаңар. - мен 9-класстамын. намаз окугум келет.

Бирок намаз окуюн деген күнү канчалык эрте жатсам да уктап калам жана артымдан бирөө кубалап жүргөндөй болуп көзүмө ар нерселер көрүнө берет. Эмне кылсам болот? уулкан

- Апаң менен чогуу барып дем салдыр. Өзүң жал-гыз барба.

- мен Портер машинасын айдайм. маичи-лер баа коюп алышкан, тоскон сайын 20 сом-дон алат. Эмне кылсак болот? 077325...

- Алар балдарын арам оокат менен багып жат-кан болот. Бербей койгонго аракет кыл, болбосо эмне кылат элең, башы көзүмдөн садага деп карма-тып кете бересиң.

- Кийимди ит жаласа, заара чачыраса даа-рат бузулабы? дааратканада отурганда били-нээр-билинбес болуп чачырайт го. Эмне бо-лот? 077325...

- Ит жалаганда нымдуулук сакталып калган бол-со кийимди жууш керек болот. Бирок адамдын даа-раты бузулбайт. Заара майда чачыраса кечиримдүү, андан да даарат бузулбайт. Эгер өзүнүн заарасы чы-гып жаткан болсо, албетте заара чыккандыгы үчүн даараты сынат, чачыраганы үчүн эмес.

Page 263: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

263

Суроо жооптор

- мен “адеп башатына” Куран курсуна ба-рам. Эжейибиз жакшы устаз. “ага барба, алар нуржулар” дешти. алар кимдер? Барса боло-бу? 055773...

- Бара бер. Алар деле, булар деле мусулмандар. Бир жамаатка таптакыр кирип кетпе. Бизге ошол Пайгамбарыбыз алайхис салам алып келген жа-мааттан өтөөрү жок.

- даават жолу жөнүндө айтыңызчы. Эмне үчүн дааватчылыкты туура эмес деп жаты-шат? Бул парз да. Балким пакистандыктар-дын кийимин кийбей койсо баары туура бо-луп калаар бекен? 077121...

- Даават парз. Биздеги даават жолу эң жак-шы. Адамдарды бекерпоздуктан куткарууда. Даа-ват мамлекеттин стабилдүүлүгүнө зор салымын кошууда. Муну көрбөгөндүн көзү көр болот, өзү кор болот.

- мен бир адам менен усама Бен ладен тууралуу тартышып жатамын. ал анын кыл-ганын туура деп ойлойт, мен тескерисинче. ал өзү ким? тутунганы эмне? 077352...

- Ал Усаама бин Лааден. Мусулман бир киши. Түбү Йеменден чыккан Сауд Арабиялык болгон. Ки-йинчерээк атуулдугу тартылып алынган. Башка эч нерсе билбейм.

- жолдошумдун энеси ушундай жаман сөз-дөрдү көп айтат, мисалы, “өлүп кеткиле, кы-рылып өлгүлө, ушулар кара жерге кирсин» деп. Бул каргышы балдарына тиеби? 077734...

- Жок тийбейт, эненин бул каргышын жакшы дуба ниетинде кабыл кылгыла. Эгер энеге зулумдук жеткирсе, ал убакта дубасы дароо кабыл болот.

- убактылуу никеге туруп, кайра 3 талак берип койсо да болобу? Бирок ата-энеден жа-

Page 264: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

264

Чубак ажы Жалилов

шыруун. Бул намаз окуган кыздын эркекке айткан сунушу. 055090...

- Намаздан айлангыр экен го. Курттап жаткан экен. Андай кыздан айланып өт. Казанга жакын бол-соң көөсү жугат. Убактылуу нике деген жок шариатта.

- мен 60 жаштамын. турмуш кудайга шү-гүр, жетишээрлик. Иним эски шым, бут ки-йим берсе, кийсем болобу? 077756...

- Кийе бериңиз, көңүлүңүз тартпаса медресеге алып келип бериңиз. Талаба балдар кийип коёт.

- Биз эжемдин дүкөнүндө иштейбиз. Кээ-де тараза 50 сом 60 тыйынды көрсөткөндө 51 сом деп эсептейбиз. андай кылбасак эжем бизди урушат. нурбийке

- Ошол калган кырк тыйын силерге арам. Адал оокатыңарды арамга аралаштырып албагыла.

- төшөккө жатканда башты кандай баш-танып жатыш керек? жолдошум оң жак ме-нен кыбыланы карап жатыш керек дейт. ан-дай кылсак башыбыз босогодо болуп калат. 055516...

- Негизги эреже, оң жамбаш менен кыбылага баш тарапты узатып жатуу болот. Бирок кыбыла бо-сого тарапта болгон учурда, анда тетири жатсаңар да болот. Босогодон кирген шамал мээңерди кагып койбосун.

- мен жоолук салындым. Бирок халал эмес дүкөндө иштейм. Иштебейин десем башка жумуш колумдан келбейт жана чоң суммада-гы карызым бар. Карызды төлөгөнчө иштеп турсам болобу? Кээ бир адамдар “жоолук са-лынып алып арак сатасыңбы?” деп сурашат. Эмне деп жооп берсем болот? аида

- Башка жумуш издеп, ошол жакка кет. Адам-дардын айтканы туура.

Page 265: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

265

Суроо жооптор

- Эжем күйөөсү менен москвада иштейт. жездем мас абалында телефон аркылуу үч талак айтыптыр. москванын мечитиндеги молдо эч нерсе болбойт деп кайра нике окуп коюптур. арада 5 жашар баласы кайтыш бол-ду. азыр кыздуу болушту. Эжем баласын эстеп көз жашын тыйбайт. “Эми деле ажырашып кетсемби, балага көрүндү” дейт. 077832...

- Аны тактоо керек. Молдо айтса бир нерсени билгенинен айткандыр. Адамдар өлүп эле жатыш-пайбы, кары-жаш дебей эле. Ар бир өлүмдү бир нер-сеге байлай берсек жан калабы?

- аркасы бар, басырык басат деген эмне? 077281...

- Аркасы бар деген кичине жин тийип калыптыр деген сөз болот . Басырык басканы таза жатпаса ба-сырык баса берет.

- жин киргендин белгилери кандай, кө-зүндө өзгөрүү болушу мүмкүнбү? аида

- Ооба, көзүнүн карасы коюуланып калат. - Базарда иштейбиз. лөлү тилемчилер

кайра-кайра садака сурап келе беришет. Кээ-де урушуп кууп жиберем. алты саны аман го. Буларга акча берсе болобу? 077325...

- Жакшысы, билгенге бергениң жакшы.- аял менен эркек интимдик катнашта

бирин-бири киндиктен ылдый өпсө болобу? айка

- Шариат тыюу салбайт, а бирок кээде кээ бир учурларды адепсиздик катары баалайт.

- айлам кеткенде ден соолугум үчүн, үй-бүлөм үчүн жакшы ниет менен көзү ачыкка кайрылдым. акыбети кандай болот? 077301...

- Ыйманыңды жаңылап ал.

Page 266: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

266

Чубак ажы Жалилов

- мен турмушка чыгуу ниетинде дин жо-лунда жүргөн, бирок аялы бар байке менен тааныштым. ал “2 жыл эч кимге билдирбей жашайбыз” дейт. Бул туурабы? 077261...

- Туура эмес. Ата-энеңдин колунан алып кетсин.- намаз окуганы жатам. жыныстык кат-

наштан кийин гусул кылганда сөзсүз башын жууш керекпи? айылда жашайбыз. Көпчү-лүкпүз. Шартым жок. 077301...

- Чачыңыз өрүлүү болгон болсо, анда чачтын тү-бүнө, б.а. баштын терисине суу жеткирип жуусу же-тиштүү болот.

- мен көп балдар менен сүйлөштүм. Эми эсиме келип намаз окуюн деп жатам. Бир убак эле окуп, оронсом болобу? Элиза

- Окуй бер. Орон. - менин жумушум аябай кир. Бешим, аср,

шам намаздарына кийим которуп даарат алууга аябай тоскоол болуп жатат. Кийимди бир сыйра кагып-силкип алып, анан таям-мум кылып окуй берсем болобу? 077884...

- Таяммумдун шарттары бар. Ошого туура кел-се гана таяммум алынат. Кийимиңиз нажас болбосо эле жарай берет. Андыктан шарттарыңызды толугу-раак айтсаңыз жакшы болмок.

- мен турмушка чыгып ажырашкан келин менен нике кыйдырып үйлөндүм. “Күйөөң-дөн талак алып ажыраштың беле?” десем, “биз ЗагСка эле турганбыз” дейт. ЗагС документи никеге өтөбү? Күйөөсү “мен болду сени менен ажырашам” десе талак түшөбү? 070936..

- Жакшылап такташ керек силердин маселени.- Биринчи аялыма талак бербей эле, жоо-

бун берип ажырашкам. Кийин ал турмушка чыгып, бала-чакалуу болду. анан кайтыш бо-

Page 267: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

267

Суроо жооптор

луп кеткен. акырети менин никемде калбай-бы? азыркы аялым менен жашаганыма 20 жыл болду. Балдарыбыз бар. жолдошу талак да, жообун да берген эмес экен. Эми болсо да жообун алыш керекпи? 07728...

- Силерди да такташ керек экен.- даарат алгандан кийин суюктук тамчы-

лап тряпкаң булганса даарат бузулабы? Ки-йинки намазга жаңылаш керекпи? 070382...

- Ооба.- жолдошум кетип калган. Бир балабыз

бар. Кайын журтума жакын турабыз. үйү-нө барсам кайненем “келбегин” деген. атам кайнатама “ортодо бала убал болду, айтпай-сыңарбы, бул кандай жашоо” десе, “бил-бейм, балам келсе өзү чечет” дейт. Күйөөм кайда жүргөнүн билбейм. ата-энеси Россия-да, Бишкекте деп алдап жүрөт. атам келсе кайненем жашынып чыкпай койду. Балам атасын сурап ыйлайт. жүрөгүм сыгылып, башым ооруй турган болду. намаздан кийин баламдын жетим калбашын суранам. Эмне кылам, билбейм. 077998...

- Эмне кыл дейсиң мени? Балаңды алып барып кайненең менен кайнатаңдын ортосуна таштап баса бер. Бала ошолордуку, багып алсын. Карабаса ошо-лор жооп берет.

- ата-эне каршы чыкса нике кыйдырса болобу? мен 24 жаштамын, болочок келин-чегим 19да. анын гана ата-энеси каршы. 077903...

- Болбойт. Кызга атасынын макулдугунун бо-луусу зарыл.

- Хаажат намазды түшүндүрүп бериңизчи. Эки рекет нафил намаз беш убак намаздын алдында окулабы? 07778455..

Page 268: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

268

Чубак ажы Жалилов

- Нафил намаз макрух болбогон убакыттын баа-рында окула берет.

- тилават сажда деген эмне? Сажда аятта-ры кайсылар? 077281...

- Куранда, окулганда сажда кылуусу милдеттүү болгон он төрт жер бар. Сен аларды сурап эмне кы-ласың. Куранды толук жаттаган болсоң, аларды ан-сыз деле билесиң. Жаттабаган болсоң анысын деле окубайсың. Өзүңө керектүү нерселерди сурасаң жак-шы болот.

- айылыбызда көчөлөргө ысым коюлуп жатат. Өтүп кеткен чоң атабыздын атын койсок болобу? Шариат кандай карайт? Ө774781...

- Койсоңор боло берет. Бирок элге кызматы өт-көн болсун да чоң атаңардын. Жөн эле жүргөн, те-бетей эле кийген бирөөнүн атын коё берсе жакшы эмес. Кээ бир жерлерде жолду тегиздетип, эки ма-шина кум-шагыл төгүп берсе эле атын коюп койгон учурлар бар. Лөлүнүн атын сугарып пулун ал деген-дей эле маселе болуп турат.

- агам жашаган үйүнө кызынын оюнчук мамалак, коён, курчактарын тизип илип коюптур. Эч нерсе болбойбу? 0774781...

- Эч нерсе болбойт.- “Кока-Кола” ичсе болот дептирсиз. му-

хаммад жок, мекке жок деген жазууну алар эмнеге жазышты? 070005...

- Аны алардан сураш керек. Ансыз деле ый-ман келтирбегендиги ошого далалат кылат эмеспи. Кааласаңыз ичпей эле коюңуз. Андан сырткары алар аны ачык жазышкан эмес. Ошол жазууну тетири каратып окуган убакта гана оку-лат. Биз тетири каратып окууга милдеттенди-рилген эмеспиз.

Page 269: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

269

Суроо жооптор

- намазды боюмда 7 ай болгучакты бир окуп, бир окубай калдым. Ичим менен кый-налып кеттим. гусул алганга да шарт жок бо-луп атты. Эми эмне болот? 070055...

- Туруп окугандан кыйналсаң олтуруп оку. Шар-тыңа туура келбесе, таяммуммдун шарттарына туура келсе, таяммум менен намаз оку. Бирок, асти, нама-зыңды калтыра көрбө.

- Курулуп жаткан мечитке имамдар акча сурайт. Биз кутучага акча салганыбыз туура-бы? 077302...

- Сала бер, соопторун ала бер. Имам уурдап коёт деп күмөндөнсөң, анда мечиттин курулушуна керек нерсени өзүң колуң менен алып барып бер.

- намаз окуп жатып, төрөгөндөн кийин арак ичип койсо болобу, уюп калган кандар кетиши үчүн? надира

- Укмуштуунун төөсү жорго. Арак ичпеген эл-дердин баарынын эле каны уюп тромбко айланып өлүп калбайт беле? Арак ичкенге болбойт.

- чачты боёсо гусул, даарат өтпөй калабы? 070055...

- Ооба, калың катмарланып суу өткөрбөгөндөй болсо өтпөйт.

- Эрте менен нажасатты тазалап жууп, калгандарына кол даарат боло береби? Се-беби геморрой бар. даарат алсам же заң кел-генде кан болуп калат. Эмне кылыш керек? 055416...

- Ооба. Сиз себептүүсүз.- Столдун үстүндө арак бар. Бирок өзүң ич-

пейсиң. Ичкен тамак-ашың арам болуп кала-бы? арам кылбаш үчүн кандай кылам? надира

- Тамак-аш арам болбойт. Бирок ошол жерде чо-гуу олтурганың арам болот.

Page 270: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

270

Чубак ажы Жалилов

- төрөгөндөн кийин 40 күн тыңыш керек деген динде барбы? 070055...

- Ооба, нифас деген нерсе бар.- алла таалама сиз деп кайрылып дуба

кылам. жаратканга сен дегенибиз кандай бо-луп калат? Эмне деп кайрылайын? 070573...

- Кантсең дагы туура боло берет.- 666 шайтандын номери деген Куранда

бар экен. машинамдын номери 7666. алмаш-тыр деп жатышат. ушул туурабы? 070363...

- Алмаштыруунун зарылдыгы жок.- жубайлар 6 айдан узак убакыт ар башка

жерде жүрүшсө, кайра бирге болушса нике окутуп жашоо керекпи? Бирок ажырашкан эмес. 077338...

- Жок, нике бузулбайт.- Саратанда туткан орозонун сообу өтө

чоң, көп жылга татыйт дейби? орозонун ка-рызын келе турган орозонун алдынан тутса болобу? 07778527...

- Тутса болот, бирок эртерээк тутканыңыз жак-шы. Ал келээрки орозого ким жетет ким жетпейт жалгыз кудайга маалым.

- алекис салеки деген “мен сенин өлүшүң-дү каалайм” дегенби? 077132...

- «Алайкумус саам» деген ошондой маанини туюндурат. «Саам» өлүм деген мааниге ээ.

- тооктун этин жесе болобу? Сиздер жей-сиздерби? Бисмиллахи деп сойбосо арам бо-лобу? чочконун этинен айырмасы болбойбу? 077325...

- Адал союлган тооктун этин жеп эле жүрөбүз. Тоок багабыз. Бисмилах деп айтылбаса арам бо-лот.

Page 271: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

271

Суроо жооптор

- мен Иляз устаздын жамаатынанмын. ал кишидей таухидди бекем карманган салих адамдардын аз экендиги өкүндүрөт. ал сиз-ди “менин шакиртим” деди эле. Биздин устаз “баланы кемпирлерге эмдетүү, киренелөө ширк” деген. Сиз боло берет дептирсиз. Кай-сынысы туура? 055392...

- Кемпирлерге эмдетүү ширк эмес. Киренелөө дагы ширк эмес. Адамды адамдын энергиясы менен дарылоо деген эле сөз. Иляз таксыр бизге Инжил-дин ката жерлеринен сабак берген. Акыйда илими-нен берген эмес. Ал илимди кийинчерээк араб туу-гандардан үйрөндү окшойт.

- мурунку санда “аялым менен эркелеш-кенде суюктук чыгат, ошондо гусулум бузул-байбы?” деп сураганда “жок” деп жооп бер-генсиз. Кечээки санда болсо “дүүлүккөндө суюктук чыкса гусул бузулабы?” десе, “ооба” деп жооп берипсиз. менде деле ошондой учур-лар болот. Бирок гусул алып коём. ошого так жооп берип койсоңуз, сураныч. 077909...

- Дүүлүккөндө атырылып чыккан ак коюу суюк-тукту маний деп айтабыз, ага гусул ваажып болот. Ал эми дүүлүгүп бирок атырылбастан чыккан жыл-бышкан тунук суюктукту мазий деп айтабыз. Ага даарат эле бузулат.

- Сол кол менен чай ичсе арам болобу? мисалы, оң кол менен самсы жеп, сол кол ме-нен чай ичсе. 077909...

- Сол кол менен шайтан ичип-жейт. Эгер оң колу жок болсо, же душман кубалап келатса, эки колдоп жеп бүтүш керек болуп калса бир жөн.

- мен базарда соода кылам. жолдошум ажы. Базарда “жардам бергиле, баламдын операциясына көп суммадагы акча керек” деп келген замандашыбызга 500 сом берип

Page 272: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

272

Чубак ажы Жалилов

койгом. жолдошума айткан жокмун. мунун жообу кандай болот? 077235...

- Ортоңордогу акча болсо айтышыңыз керек. Өзүңүзгө тиешелүүнү каалагандай жумшайсыз.

- Бишкекте жесир аял бар эки баласы ме-нен. Экинчи кылып үйлөнсөм болобу? Бирок бир жумада бир күн гана жолугам. Себеби мен үй-бүлөм менен таразда иштейм. Экөө-нө тең карабасам күнөө болобу? 07701545...

- Экинчи аял ошол шартка макул болсо боло берет.- Шариат илими менен катар илимдин

ички маанисинен тереңирээк түшүнүк алуу-ну жүрөгүм каалап эле калды. Бул үчүн устаз табыш керек болот го. а мен аял кишимин. менин мындан артык кызык эч нерсем бол-бой калды. Сиздей аалымдан кеңеш сурайм, балким сиз себепчи болуп издеген устатка жолугаармын. 077870...

- Сиз тасаввуф илимин айтып жатасыз. Саид Нурсийнин китептеринде ушулар көп айтылат.

- Бешим, аср намаздарын жумушта тар жерде окуйм. Кыбыла тарапта “Кока-Кола” муздаткычы бар. окуй берсем болобу? Зина

- Зыяны тийбейт. Окуй берсеңиз болот. - 2 уулум бар. атабыз таштап кеткен.

мектепте эжекеси “7 атаңарды билип келги-ле” дептир. анын 7 атасын билбейм. Өзүм-дүн 7 атамды үйрөтүп койдум. Боло береби? 077116...

- Мектептеги сынактан өткөнгө го жарай берет. Бирок сиздин жети атаңыз анын жети атасы болуп бербейт. Андыктан эски кайын журтуңузга барып балаңыздын урук-тегин билип бериңиз.

- Шариатта аял канча күнгө атасынын үйүнө барып келсе болот? Эмнегедир сабы-

Page 273: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

273

Суроо жооптор

рым жетпей жатат. орозо кармаса жардам береби? 077017...

- Атасынын үйүнө барса, жатпастан кайра кай-туусу жакшы болот. Төркүнү жакындын төшөгү жы-йылбайт болбо.

- Бирөөнүн айткан тилегинен кийин “амин” деп айткан туурабы? ал эмнени тү-шүндүрөт? 077826...

- Туура, омийин дегенибиз «кабыл кыл!» деген-ди түшүндүрөт.

- менин үзүрүм бар, заарам кармалбайт. даарат алып бүтсөм да чыгып калат. намаз окуй беремби? 077325...

- Үзүрлүү болсоңуз ар бир намазга жаңы даарат алып окуйсуз.

- нажас (заара) чачыраган жер тыйындан кичине болсо намаз өтө береби? 077325...

- Ооба, өтө берет.- дүкөндө уят диск сатса эмне болот? Кү-

нөөсү канчалык?- Арам болот. Адамдарды колунан жетелеп барып

сойкулук кыл деп багыт бергендей күнөөгө батат. - Эгер бир киши дааватка чыгып, 2 жыл

жакшы жүрүп, кайрадан намазын таштап, арак ичип алса күнөөсү канчалык? 077709...

- Тооба кылсын...- жолдошум 4 аял алам деп жатат. мен

каршы чыксам “сен каапырсың, Курандын аяттарына каршы чыгып атасың” дейт. тур-муш курганыбызга өзү 5 ай болду. Бул масе-леге кайненем да каршы. Күндө жолдошум экөө урушуп, кайненемдин кан басымы кө-төрүлөт. жолдошумдун жумушу жок. Кай-ненемдер багат. мен иштейин десем уруксат

Page 274: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

274

Чубак ажы Жалилов

бербейт. Кандай жардам бере аласыз? жол-дошумду тааныйсыз. 077042...

- Бир аялды өзү бага албаса, эки аял алганга суу-туп коюптурбу??? Аял көп аял алууга каршы чыкса, андан каапыр болуп кетпейт. Анткени көп аял алуу сүннөт же мустахаб эмес. Көп аял алуу мубах иштер-дин катарына кирет. Мубах иштерге каршы чыгуу ыймандан чыгарбайт.

- мен 5 маал намаз окучумун. азыр эки маал окуп жатам. Себеби эртең менен окууга кетип, түштө базарга келип, апама жардам берип убактым тартыш болуп жатат. 2 маал намаз окуп турсам болобу? Кудайым буюрса, турмушка чыкканда хиджап кийем. Каза на-маздарым эмне болот? 077140...

- Намазыңды калтырба. Жоолугуңду салын. Турмушка чыкканда салынам дейсиң. Көп адамдар таптакыр турмушка чыкпай калган. Пенсияга чык-канда намаз окуйм деген апендилердей болбо.

- алла таала бар, мен буга чексиз ишенем. алла таалага миң мертебе ыраазымын деп айтса болбойт экен. ушул туурабы? 077379...

- Миң деп айткан убакта көп санды, чексиздикти каалаган болсо боло берет. Анткени Аллах Таалага чексиз ыраазы болуубуз керек. Ал эми миң деп айт-кан убакта белгилүү бир санды гана эске туткан бол-со, пенде тараптан Аллах Тааланын акысына адеп-сиздик мамиле кылган болот.

- жигитим өзүмдөн 15 жаш улуу. ага тур-мушка чыгышымды суранды. Бирок ата-энем каршы. ата-энемди нааразы кылгым келбейт. Кеңеш берип коюңузчу.

- Ата-энеңиз эмне үчүн каршы чыгып жатканды-гын өзүңүзчө анализдеп көрүңүз. Алар сизге жаман-дык каалашпайт. Сиздин баамыңыз жетпеген нерсеге

Page 275: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

275

Суроо жооптор

алардын баамы жетип жаткандыр, алардын турмуш-тук тажрыйбасы мол эмеспи. Он беш жаш айырма-лык эгерде жубайлардын кадыр-көңүлү жарашса эч нерсе деле эмес. Бардык маселени ата-энеңиз менен чогуу чечкенге аракет кылсаңыз жаңылбайсыз. Куда-йым бактылуулардан кылган болсун. Омийин.

- менин аялым бар. Бирок кыздардын фи-гурасын карай бере турган болуп калдым. ушул адаттан кантип арылсам болот? Ө7778316...

- Басканда жер карап бас, көзүңдү сакта. Качан көзүң аларга түшкөндө аялыңа барып муктажды-гыңды кандыр. Ошондой эле алар деле бирөөнүн карачечекей кыздары, менин деле кыздарым болот, карындаштарым бар дегендей пикирди оюңа салсаң бир аз акыбал жеңилдей түшөт. Намаз окуп, Кудай Тааламдан жалбарып суран, такыбалыкты жүрөгү-ңө салган болсун. Анан колуңду отко бир аз күйгүзүп көр, тозоктун отун элестет.

- Беш жыл мурун сиңдим түшүнүксүз оору менен ооруду. ооруканага алып барсак “пси-хооруканага алып баргыла” дешти. алып барсак “алып кеткиле бул жерден, мени кет деп жатат” деп ыйлады. Кыскасы, аны бирөө башкарып жүрдү. 3 күн эсин жоготту. Көр-гөндөрүн бизге айтты. айткандары аллах, намаз жөнүндө болду. азыр намазын зорго окуйт. жүргөн-турганы бузулду. медресеге алып барсак бир ай окуп чыгып кетти. мурда көргөндөрүн унутуп койгондой. Эмне кылы-шыбызды билбейбиз. ошол кезде жин кир-генби? жин кирсе эмне үчүн аллах, намаз жөнүндө сүйлөйт? 077052...

- Эгерде кирген жин мусулман жин болгон бол-со намаз окуганга буйруйт. Бойго жеткен болсо тур-мушка узаткыла. Жакшы күйөө болсо башкарып ке-тет. Аллахым шыпаа насип этсин. Омийин.

Page 276: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

276

Чубак ажы Жалилов

- мен сиңдимдин кызын багып алдым. атасы атын да бербей койду. Бакканыма сооп аламбы? ал кыз “атамды көргөз” дейт. Эмне кылышым керек? 077990...

- Атасы атын бербей койгон болсо, анда кыз-ды өзүнүн кызы эмес деп да билген болобу? Эгер-де кыз нике менен төрөлгөн болсо, атын берсе да, бербесе да анын кызы болуп эсептеле берет. Анын атын бербей коюуга укугу жок. Нике менен төрөл-гөн учурда автоматтык түрдө атасынын атын алат эмеспи перзент деген. Атасын көрсөтүңүз. Баш-ка бир туугандары болгон болсо катташып ал-сын. Кийин-соң сиз токо-наалатына калбаңыз. Сиз ал кызды бакканыңызга сооп аласыз. Сиздин күйөөңүз да сооп алат.

- жубайлар чогуу мончого түшсө болобу? 070035...

- Болот. Бирок оор авреттерин бири-бирине көр-сөтпөстөн жуунушкандыгы адептүүлүк болот. Би-ри-биринин далыларын жышып берсе махабаттары ашып кетет.

- 1 талак алган келин башкага турмушка чыга алабы же сөзсүз 3 талак алышы керек-пи? 070263...

- Бир талак алган келин иддасы чыгып бүткөн-дөн кийин каалаганына турмушка чыкса боло бе-рет. Бир талак менен үч талактын айырмасы бир эле нерседе: эгер үч талак бериле турган болсо анда та-лак берген күйөөсү менен кайрадан чогуу жашай ал-бай калат. Башкк күйөөгө тийип чыккандан кийин гана кайрадан никеленсе болот мурдагы үч талак берген жолдошу менен. Ал эми бир талак бергенден кийин кайрадан чогуу жашаганга мүмкүнчүлүк бар. Эгерде киная-кыйытма талак менен талак берген болсо, анда талак боин болуп түшөт, сөзсүз жаңы нике кыюуга туура келет. Ал эми сарих-ачык талак

Page 277: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

277

Суроо жооптор

айткан болсо, аялдын иддасы чыга элек болсо, анда жаңы нике кыйдыруунун кереги жок, жөн гана му-раажаьа кылуу жетиштүү болот. Мураажаьа дегени-биз: мен сени менен жашап баштадым деп айтса, же кучактап өпсө, жыныстык байланышта болсо нике кайра ордуна келип калат деген маани.

- ажырашуу ниетинде ажырашам деп ай-туу жетиштүүбү же сөзсүз талак деп айтуу ке-рекпи? 070263...

- Ажырашуу ниетинде ажыраштым деп өткөн чак-та айткан болсо бир талак боин түшөт. Ал эми ажы-рашам деп келээр чакта айткан болсо, ажырашууга убада берген болуп эсептелет. Бирок аны менен талак түшпөйт. Убадасын кааласа аткарат, каалабаса аткар-бай эле коё берет. Сөзсүз талак деп айтуу милдеттүү эмес. Кудайым талак деп айткандан сактаган болсун.

- Биз балалуу боло албай жатабыз. Себе-бин көп эле кылдык, бирок тыянак чыккан жок. азыр да дарыланып жатабыз. Келин-чегиме спирт кошулган чөп дары бериптир. Ичсе күнөө эмеспи? 077142...

- Балалуу болууну, эгер Кудай Таалам бербей жаткан болсо, ага силер күнөөкөр болбойсуңар. Ба-лалуу болуу сүннөт. Сүннөттү аткарам деп спиртти ичпей эле койсун. Доктурларга авреттерин ачпай эле койсун.

- мен жолдошум менен ажырашып кет-кенмин. Кийин башка бирөө менен нике оку-туп алганбыз. ал талак бербей жообуңду бер-дим деп койгон. андан кийин мен турмушка чыгып балалуу болдук. ушуну ойлоп аябай корком. 077115...

- Ошол жообуңду бердим деп айткан убакта ние-тинде ажырашуу болгон болсо, ошону менен бир талак боин түшкөн болот. Ошол сөздү айткандан кийин үч айыз көрүп бүткөн соң турмушка чыккан

Page 278: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

278

Чубак ажы Жалилов

болсоңуз, кийинки никеңиз жарактуу болгон болот. Кыжаалат болбоңуз. Кудайым бакыт жазган болсун баарыбызга, омийин.

- жолдошум көп ичет. Сокулукта бир эже бар экен. “Күйөөңдүн арак ичкенин токтотуп берем” дейт. деги эле үй-бүлө тынчтыгы үчүн бакшыларга барса болобу? 077266...

- Анын бакшы экенин кайдан билесиз. Балким дем салаттыр, балким дары берип аракты көргөндө көңүлү кала тургандай абалга келүүсүнө себеп болот-тур. Дароо эле жаман күмөндө боло берүү туура эмес го?! Көзү ачыктарга, келечекти айтып берчүлөргө ба-руу туура болбойт. Адамды ыймандан чыгарат алар.

- Бүткүл пенделердин суроолоруна чар-чабай сабырдуулук менен жооп бергениңиз-ге Кудайым сиздин жолуңузду ак кылсын. Сиздей илимдүү аалым бар экенине сүйүнөм. Сиздин айткан шариаттарыңыздын бирин да калтырбай ыйлап угам. гезиттеги жооптору-ңузду чыдамсыздык менен күтүп окуйм. ал-лах сизди колдосун. Сырга

- Урматтуу Сырга! Кудайым Сизди жана жак-шы көргөн адамдарыңыздын баарын бейиши ме-нен сыйлаган болсун. Такыбаларга имам кылсын. Арамдан алыс сактасын. Адал ырыскыдан, бактылуу жашоодон ажыратпасын. Кудайым ар дайым дуба-ларыңызды кабыл кылсын. Мен жөнүндөгү жакшы күмөнүңүзгө Аллахым ыраазы болсун. Бар болуңуз!

- тамакка май куйганда алланын жолуна, темирлердин пирине, бабадиндин акысына деп куям. туурабы? 077969...

- Аллахтын жолуна дегениң туура. Анан калган-дарын өзүң деле жакшы түшүнбөсөң керек. Мисалы мен түзүк деле түшүнбөйм. Андыктан аларды айт-пай эле кой.

Page 279: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

279

Суроо жооптор

- Бир адамдын бакшылар аркылуу жаман дуба түшүргөнүн сезсең, фатиха, аят ал-кур-си, Ихлас, фалак, нас сүрөлөрүн окуп өзүң дем салууң жетиштүүбү? 055688...

- Жетиштүү. Андан ашыгынын өзү жок.- менин балдарым ит бакканды жакшы

көрүшөт. Биз багалы десек атабыз “үйгө пе-риште кирбейт” деп бактырбай жатат. ошол чынбы? жанара

- Ооба, эч бир себепсиз үйгө же короого ит бакса периштелер кирбейт. Короону кайтаруусу үчүн, мал-ды кароосу үчүн, ууга чыгуу үчүн, эгин-тегинге ка-роолчу болуу үчүн бакса уруксат берилет. Ал учурда себептүү болгондуктан периштелер кире беришет. Ошондо да күндүзү короонун четине байлап, кечин-де эл жатканда агытат. Үйдүн ичине киргизүүгө бол-бойт.

- орус таанышыбыз жердин астынан суу чыгарат. депутаттардын, аты белгилүү биз-несмендердин суусун чыгарыптыр. алар акча-сын төлөбөй коюшуптур. ал айтат “мусулман-дар мага жалпысынан жетимиш миң доллар карыз, кыяматта ыйманын сурап алам” деп. ошондо мусулмандар каапырларга карыз бо-луп өлүп калбаш керек да ээ? о дүйнөдө ыйма-ныбызды алып алышабы? 077216...

- Бирөөнүн ыйманын башка бирөө алып алат де-ген болбогон сөз. Ал орус ошол тыйынын бербей кой-гон депутаттардын, аты белгилүү бизнесмендердин соопторун доолайт. Ал эми жалпы мусулмандардын буга тиешеси жок. Болгону мыйзамдуулуктун атка-рылуусун камсыздап бербегени үчүн ошол доордогу падышалар да жооп беришет. Ошол падышалардын да мойнуна асылат ал орус. Дегеле эч кимге карыз болуунун кереги жок. Колунан келсе малдын да кө-ңүлүн оорутпасын, бейчеки уруп-сокпосун.

Page 280: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

280

Чубак ажы Жалилов

- тасбих айтуу деген эмне?- «Субхаанааллаах» деп айтуу.- наристеге ысым коёрдо кулагына азан ай-

тыш керекпи? менин кызым 1 жашта. 077955...- Азанды жаңы туулганда айтат. Бирге чыкканда

айтуу милдеттүү болбой калат. Телевизордон, же ме-читтин жанынан өтүп баратканда уккан болсо ошол деле жетиштүү болуп калат.

- дуба деген арабча сөз да. Которгондо эм-нени түшүндүрөт? мен каргыш деп түшүнөм. 077955...

- Дуба дегенибиз араб тилинде «дуьаа» деп ай-тылып, чакыруу жана кыйкыруу маанилерин кам-тыйт. Жакшы дубаларды каргыш деп айтууга бол-бойт. Жаман дуба кылса каргыш деп айтса жарашат.

- Багымдаттын казасын бешимден кийин окусак сүннөтү окулабы? 077325...

- Жок. Багымдаттын сүннөтүнүн казасы, парзы менен бирге каза болгон убакта, ошол күнү бешимге чейин каза боло турган болсо гана окулат. Андан ки-йин парздын өзү гана каза кылынат.

- жолдошум достору менен акча коюп кар-та ойнойт. Бирок 5 убак намаз окуйт. ушул тууралуу айтып бериңизчи.

- Бул кылган иштери кумар деп бааланат. Кыл-гандары эки тараптуу арам. Биринчи тарабы карта ойногону үчүн, экинчи тарабы акча сайып кумарга айлантканы үчүн. Намаздары кайсы бир деңгээлде татыктуу окулбай жатыптыр деп айтсак туура бо-лот. Анткени чын ыкластан окулган намаз адамды жаман иштерден кайтаруусу кажет. Кайтарбаса, на-маз жансыз болуп жаткан экен деп аңдайбыз.

- Күйөөм СмС аркылуу 3 талак берген. мен башка бирөө менен никелешип, эрте-си күнү жообумду бер десем, бергиси келбей

Page 281: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

281

Суроо жооптор

араң бир талак берген. азыр өзүмдүн күйөөм менен жашайм. ал билбейт. андан жашырга-ным үчүн көп ойлоном. айтышым керекпи? Күнөөлүүмүнбү? 070553...

- Ортодогу идда мөөнөттөрү аткарылган болсо, күйөөңүз менен жаңыдан нике кыйдырган болсо-ңуз, туура болгон болот. Бир талак менен да экинчи менен ажырашкан болосуз. Күйөөңүзгө айтуунун ка-жети жок. Анткени ошол учурда сиз менен күйөө-ңүздүн ортосундагы мамилеңер айтылган үч талак менен үзүлүп ага отчёт бере турган абалда эмес эле-ңиз. Анын карамагында эмес элеңиз.

- жакын адамымдын арбагына багыштап алма көчөт отургузсам деп ойлойм. Кандай жолдор менен, канткенде ишке ашырам? ме-нин оюм туурабы? 077752..

- Оюңуз туура. Бисмилла деп эле кыйыштырыл-ган жерин күн чыгышты каратып, жерден бир эли жогору чыгарып жакшылап олтургузуп, сууну куя бересиз. Сооптор ал маркумга да, марттык кылган үчүн сизге да тынбай келе берет. Адам жесе, айбан жесе, ал эле эмес жаш балдар уурдап жесе деле сооп жазыла берет.

- 3 маал намаз окуйм. жашоом Кудайга шүгүр. Бирок күйөөм сөгүнүп сүйлөйт, тар-биясы жок. апасы ыйман жолуна түшкөнүнө каршы, көзү ачык. чынында күйөөмдү эмес, пайгамбарды сүйөм. Күйөөмдүн жүрүш-туру-шу балдарымдын тарбиясына зыян келтир-бейби?

- Кудайым окуган үч маал намазыңызды кабыл кылып, беш маал намазга жеткизген болсун. Ыйман жолуна түшүүдө ата-эненин макулдугу каралбайт. Ыйман жолуна түшсөң асынып өлүп алам десе да түшө берүү керек. Пайгамбарды пайгамбар катары сүйүү керек, ал эми күйөөңүздү күйөө катары сү-

Page 282: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

282

Чубак ажы Жалилов

йүүгө аракеттениңиз. Куру дегенде ырайым мээрим аркылуу көңүлүңүздү жибитиңиз. Кээде балдар, туу-ра эмес жүрүш-туруштан туура тарбия алып калуусу да мүмкүн. Адепти адепсизден үйрөн деген ошого барып такалат. Эч убакта балдарыңызга күйөөңүздү жамандабаңыз. Өзүңүздү жаман көрсөтүп аласыз.

- Күйөөсү жыныстык катнашты каалап турса, аялы себепсиз эле макул болбосо кан-дай болот? 077047...

- Түнү менен периштелер каргап чыгат. Күнөө-көр болот. Айызы келип жатса, же катуу ооруп жатса бир жөн. Жөн эле жуунгандан, гусул алгандан зери-гип макул болбой койсо периштелердин каргышын түнү бою угат.

- Бизге казак элинен келип түркистанга кичи ажылыкка деп, анан 33 мазарга сыйын-са жашооңор бейиш болот деп элди 7 облус-тан жыйнап алып кетип жатат. Көп элдер адашып барып атышат. Бийликтегилер ушу-ну тыйса жакшы болоор эле. таластан

- Алардын айтканы туура эмес. Бийликтегилер ошолорду тыйса жакшы болот эле. Даават айткан-дарды тыюуга аракеттенбей... Же болбосо эртели кеч тынбай ыйман сөзүн айткан молдолорду сотто-бой. Буга жооп берээр күн да бар.

- 1) жаңы эле балагатка жеткенде жаш-тык кылып орозодо оозумду ачып алат элем. ошондо атайын ачканым үчүн ар бир күнүнө отуз күндөн 1800 күн тутамынбы? 2) орозо тутканда календарга карабай эле таң аткан-га чейин оозду жапса болобу? 3) тамчы ге-зитиндеги Калдарбек байкенин уул же кыз төрөлүшүн санап бергенин колдонсо ширк болбойбу? 070769...

- Атайылап ачкан ар бир күн үчүн каффаарат ка-тары удаама-удаа алтымыш күн, андан сырткары ар

Page 283: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

283

Суроо жооптор

бир күн үчүн бир күндөн каза да тутулуусу керек болот. Орозо тутканда календарда айтылган убакыттан мурда оозду жаап үлгүрсө эле эсеп. Демек эртерээк оозду жап-са боло берет деген маани. Калдарбек байкенин жуму-шунда эч кандай ширк жок. Болгону тамакка тузду көп салсаң оокатың ачуу болуп калат, ылайыктуу салсаң даамдуу болот, аз салсаң супсак болот дегендей эле сөз.

- Искусство факультетинде окуйм. дип-ломдук ишке жылкылардын сүрөтүн тартсын деп буйрук чыгартыптыр. Өзгөртөйлү деп су-рансам болушпады. “мен тартпайм” десем, агай “сенин атыңдан мен тартам, куругу сен-ден дегендей” деп айтты. Эми кандай кылам? Эптеп ушул окууну бүтүрүш керек. Болбосо ушунча жылдык өмүрүмдөн жыйынтык жок. ата-энем капа болгудай. 070719...

- Сен ага куругун бербе, сүрөттү өзүң тарт. Тарт-канда баштарын тартпай арт жагын тарт. Байгеде-ги күлүктөр деп чаң каптап калган күлүктөрдү тарт башы чаңдан көрүнбөй калсын. Же башына темир-ден зоот кийгизилген жылкынын сүрөтүн тарт, башы, көзү, мурундары көрүнбөй темир эле көрүн-гөндөй кылып.

- Күйөөм мастыгында 3 талак берип, ажы-рашканбыз. 5 балам менен калганмын. Иш-теп тапканым жакшы. Зекет кандай болот? молдодон сурасам, “балдарды өзүң чоңойтуп жатасың, зекет бербейсиң” деди. 077241...

- Молдонун айтканы туура эмес. Анткени, балдарын өзү багып, бирок ошол эле учурда бай болгон болсо, зекетти берүүгө милдеттүү болот. Бирок зекет бере турган өлчөмдөгү байлыкка ээ болбосо, анда күйөөсү менен чогуу жашаса деле бербейт. Зекеттин өлчөмү 115 миң сом4. Ушул сум-мадагы акча кайсы бир адамда негизги муктаж-

4 2014-жылдагы зекеттин нисаб өлчөмү

Page 284: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

284

Чубак ажы Жалилов

дыгынан сырткары болуп бир жыл сакталса, же колунда товар катары турса, анда зекет берүү мил-деттүү болот. Ар бир айда таап кайта иштетилип кеткендерди санап олтурбайт. Мына ошол зекет бере турган мөөнөтү келгенде менчигиндеги бар мүлкүнөн бере берет.

- мен намаз окуп, жоолук салынам. Бы-йыл биздин 20 жылдык болот. Классташтар ресторанда отурабыз дешти. арак ичилет деп баргым келбей жатат. Бирок арак койбойбуз дешти. Сиз эмне дейт элеңиз? Сиз ресторанга киресизби? 077807...

- Мен ресторандарга кирип эле жүрөм, бирок ичкилиги жок болуп, адал оокаттар менен конок-тошо турган болсо. Жыйырма жылдыкка барып агай-эжейлериңизге белек берип, ыраазылык айтып келсеңиз болот. Сөзсүз арак ичкен жерде чогуу олтуруу шарт эмес. Салтанаттуу жыйынга катышып, калгандарына катышпай койгонуңуз оң болот.

- атам бир күнү тааныштары менен оту-руп көбүрөөк ичип алыптыр. анан жиним келип жаманыраак сөз сүйлөп алдым эле. ошондон тарта өзүмдү кечире албай келем. ошол сөздү эстесем кадимкидей ыйлайм. Бирок кантип кечирим сурайм, бир кеңеш бериңизчи. 077816...

- Жөн эле «кечирип коюңуз, жаштык кылып ка-туу сөз айтып алдым эле. Экинчи кайталанбайт!» деп айтсаңыз жетиштүү болот. Чынында эле экинчи кайра кайталанбасын бул жорук.

- жолдошум болбогон себептерден ачуу-ланып көңүл оорута турган сөздөрдү сүйлөй турган болду. “жашагың келсе жаша, жаша-гың келбесе кете бер” дейт. ошол сөзү талак-ка барабарбы? 055244...

Page 285: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

285

Суроо жооптор

- Ал сөзү талакка барабар эмес. Ал сөзү ыктыяр берүүгө барабар. Ал ыктыярды ошол мажлисте пайдалануу, же пайдаланбай коюу сиздин ыктыя-рыңыз. Кыскача айтканда «Ыктыярыңыз ыктыя-рыңыз».

- нарда оюну адалбы? Болбосо эмне үчүн? 055044...

- Арам. Ойногонго болбойт. Себеби Пайгамба-рыбыз алайхис салам тыйган бул оюндан.

- тахажуд намазын түнкү төрт жарымда багымдат намазына чейин окуса болобу? 2 рекет парз, 2 рекет сүннөт болобу? толук тү-шүндүрүп бериңизчи. 077277...

- Бүгүнкү күндө багымдаттын убагы түнкү 3 саат 56-мүнөттө кирип жатат. Демек ушул убак-ка чейин тахажжуд намазын окусаңыз болот. Сиз айткан төрт жарым «уже» багымдаттын убагы болуп калган болот. Тахажжуд намазынын баары нафил намаз болуп эсептелет. Эки рекеттен кы-лып каалашыңызча окуй берсеңиз болот. Негиз тахажуд намазы куптан окулуп бүткөндөн кийин багымдаттын убагы киргенге чейин окулат. Ба-гымдаттын убагы киргенден кийин тахажжуд окуу макрух деп билинет шариатыбызда. Ал эм кыш-тын күндөрү төрт жарымда тахажжуддун куп убак-тысы болот. Анткени ал убакта багымдаттын убак-тысы кечирээк болот. Мисалы 1-январда багымдат 6 саат 51-мүнөттө кирет. Демек ошо убакка чейин тахажжудду окуй бересиз.

- Куран китептен башка динге арналган китептерди дааратсыз окуса болобу? намаз-дан кийин айтылчу дубаларды жана салават-тарды 99 жолу зикир кылып бата кылгандан кийин айтса болобу? 077214...

- Ооба, бирок даарат менен окугандыгы жакшы-раак.

Page 286: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

286

Чубак ажы Жалилов

- мен 14 жаштамын. Байкем менен 2 жолу дааватка чыккам. ал жерде байкеме айтыптыр “эми карындашың дааватка чыкпасын, ошол жердеги аялдар ага куда түшүп коёт” деп. ошон-дон кийин дааватка чыкпай калдым. мен даа-ватка баргым келет. Эмне кылсам болот?

- Чыга берсең болот. Болгону дааватка барганда куда түшүү, сөйкө салуу ырасмилери болбосун деп айтылган. Диндин сөздөрү гана сүйлөнсүн делин-ген. Ошону кээ бирлер натура түшүнүп алышса ке-рек. Турмушка чыкканга чейин агаң менен, турмуш-ка чыккандан кийин жолдошуң менен чыга бересиң. Кудайым кабыл кылсын. Жакшы күйөө насип этсин. Бактылуу бол. Омийин.

- 12 жыл мурда 4000 доллар алгам, пай-дасынын үчтөн бирин берем деп шариат жолу менен. Россиядан жүк ташып иштейм. ал киши тамож-га ж.б жардам бермек. жүк келгенде сатчу баада эсептеп сата электе эле түшө турган пайданын үчтөн бирин берип жүргөм. Россиядан ташыш кыйындап иштей албай калдым, акча тамож-га да кетти, желип да кетти, болбой калганда 2 жолу Россияга ба-рып курулушта иштеп 2300 доллар төлөдүм. Калганын кыстап жатат. Баарын беремби? Шариатта кандай? 077726.....

- Силердики шариатка ылайыктуу келишим болгону менен, шариатка ылайыктуу аткарылбап-тыр. Сиз айтып жатасыз: «Жүк келгенде сатчу баа-да эсептеп, сата электе эле түшө турган пайданын үчтөн бирин берип жүргөм..», деп. Бул туура эмес. Сиз түшө элек пайдадан берип жатасыз. Себеби түш-көнгө чейин уурдалып, же өрттөнүп кетүү коркунуч-тары бар да. Бир гана Кудай Таалама маалым болот сиздин канча пайда табаарыңыз. Экинчи бир маселе музаараба маселесинде пайданы бөлүшкөндөй эле,

Page 287: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

287

Суроо жооптор

зыяны да бөлүнөт. Ал акчасына күйсө, сиз эмгеги-ңизге күйөсүз. Эгерде сиз зыянга учураганда ша-лаакылыктан эмес, табигый кырсыктан, же сиздин эркиңизден сырткары, же сиз жакшылап тийиштүү деңгээлде бекитсеңиз деле уурдалып кетсе, анда сиз жооп бербейсиз. Тиги шеригиңиз тыйынына күйүп кала берет. А эгерде сиз шалаакылык кылсаңыз, же жөн эле жеп койсоңуз төлөп бересиз.

- намазда саждадан турганда сол бутка отурабызбы же манжалар менен тура берем-би? отурсам 2-рекетте согончоктор бири-би-рине толук тийбей калат экен го. 077325...

- Саждадан турганда, тагыраагы эки сажданын ортосунда, сол бутка отуруп, оң бутуңуздун ман-жаларынын учун кыбылага каратып, тик коёсуз. Кайра саждага барганда эки бутту бириктирип манжаларыңыздын учтарын кыбылага каратып, сажда кыласыз. Согончокторду жылдырып эле би-риктиресиз. Жылдырбаш керек, каккан казыктай болуш керек деп кээ бирлер туура эмес да түшүнүп алышат.

- үйдү, машинаны сатууга койгондо жак-шы сатылат деп молдого окутушат. ушуга жооп берип коюңузчу. 077906...

- Кайсы молдо кантип окуйт экен. Мен мисалы ушуну билбеймин. Жөн гана дуба кылып, батаңыз-ды бериңиз десе бир жөн. Кээде бөйрөктөн шыйрак чыгара бермей адатыбыз бар.

- жоопторуңузду окуп өзүмө сабак алам жана башкаларга да сунуштайм. Боюнда бол-гондо кайсы убакытка чейин кошулса болот мусулмандар? урматтуу ажы, кечирип кою-ңуз. 055416...

- Кечирим сурай тургандай өрөскөл иш кылган жоксуз. Боюнда болгон учурда нак бала төрөлгөнгө чейин кошулса боло берет. Болгону аялдын курса-

Page 288: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

288

Чубак ажы Жалилов

гын этияттап, ыңгайлуу ыкманы жубайлар биргеле-шип табуулары керек болот. Боюнда болгон учурда жашоо токтоп турбайт да.

- аял киши жат эркек менен бийлесе жана көкүрөгү ачык кийим кийсе кандай болот? Шариатка туура келбейт десем аялым макул болбойт. 077374...

- Намахрам эркектердин көз алдында көкүрөгү ачык кийинген көчүгү ачык кийингендей эле. Бип-бирдей. Экөө тең аврет. Аялдын макулдугу менен боло турган нерселер эмес, Аллахтын буйругу. Ал-лах кааласа азаптап коёт ушул жалган дүйнөдө деле. Көкүрөгүндөгү айыпты көрсөткөндөн уялып жаба турган болуп калышы да мүмкүн, Кудайым өзү сак-тасын. Жат эркектер менен бийлемек турсун, колун берип учурашкан болбойт. Жат эркек менен бийле-ген аялдын күйөөсү жийиркенбей кантип жатат ал аял менен, биле албадым. Кудай сактасын.

- унаа алганда дөөтпиримге барып кан чыгарыш керек дешет. ошентсе туура боло-бу? 077997...

- Жок. Ката болот. Жөн эле Кудай Таалама шү-гүрчүлүк айтып, курмандык чалып, элдин батасын алса туура болот.

- мен соодагермин. Карыздарым шаш-тымды алды. 10% кредит алсам болобу? Эч бир таанышымдан акча чыкпай жатат. Ө7775993...

- Туура эмес. Кредиттин бир проценттүүсү да болбойт. Нан таппай калган убакта нан сатып алууга акча таппай калсаңыз, бир суткалык нанга жете тур-ган акчаны кредитке алсаңыз бир жөн.

- мен 5 маал намаз окуганыма 2 ай болду. Сажда кылып жатканда же жөн эле отурганда мурдума бир жыпар жыт пайда болду, миск

Page 289: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

289

Суроо жооптор

сыяктуу. намаз окуй электе мындай болгон эмес. демек мунун артында бир сыр бар го дейм? жашым 21де. Иниңиз максат

- Кудай бериптир. Ушунуңдан жазба. Дубаң-да эли-журтуңду, анын ичинде Чубак агаңды да унутпа. Мындай ар кимде эле боло бербейт. Кар-мап кал.

- алам деп жүргөн кыздын зордуктоо ар-кылуу кыздыгы жок болуп калса аял кылып алса болобу? Күч колдонуп зордуктаган зөө-күр (эркек) аркы дүйнөдө жана бул дүйнөдө кандай жаза алат? 070858...

- Болот. Бирок анын зордукталганын кайдан билесиз? Сотко берген бекен, же эмне? Балким өзү ыраазы болуп эле жатып жүргөндүр. Акыркы убак-та ушундай суроолор көп болуп кетти. Көп баскан аяк чок басат болуп көчөдө самсаалап эле жүрө берсе зордуктаса зордуктап эле кетет да, мени ким зордуктайт деп кыска көйнөк менен, түндөсү кө-чөдө жалгыз жүрсө. Күч колдонгон зөөкүр эркек-ке бойдок болгон болсо, жүз балакты берип туруп, Сибирге айдап жиберебиз бир жылдык сүргүнгө. Эгер үйлөнгөн болсо, таш бараңга алып уруп өлтү-рөбүз. Ошентип ал кайбардан кутулуп алабыз. Ал эми акыретте тозок оту лаулдап күтүп алат. Андан качып кутула албайт.

- апаңыз кредит алса айнып калыптыр деген сыяктуу орой сөздөрдү сүйлөйсүз. ал бирөөнүн сыйлаган апасы да. ошону жакшы-лап түшүндүрүп койсо болот го. Бул жаман сөздөрдү шариатка чакырууда колдонсо ис-лам дини орой болот да. 077876...

- Сен биринчи суроону окуп көрдүңбү? Ал айтып жатат: «Апам кредитке акча алган. Мен арам экенин айтсам, апам «документальный болсо эч нерсе бол-бойт», дейт». Сенин оюң боюнча документальный

Page 290: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

290

Чубак ажы Жалилов

иш кылса арам нерселер адалга айланып кетеби? Муну айныган адам деп эле айтат. Соо адам минтпейт. Анда, сенин оюңча сойкуканаларды мыйзамдашты-рып, документальный кылса адал болуп калган боло-бу? Же арак заводдогу документальный арактын баа-рын ичсе боло береби? Же документальный кылып коррупция кылса боло береби? Динибизди бурмалап жатса, ачууланбаганда бир табак халва берип жибе-рейинби? Динибизде сойкуларды таш бараңга алып өлтүрөт, уурунун колун кесет, педофилдерди бычмак турсун, асып коёт дарга. Ушуну дагы орой деп айта-сыңбы? Дагы бир нерсе, Бирөөнүн сыйлаган апасы дейсиң. Сыйлай берсин апасын Кан Шырдактай кы-лып кырк кара койдун чучугуна аш демдеп берип. Ке-чээ чыгып кеткен Батукаев деле бирөөнүн ардактуу жары, бирөөнүн уулу, дагы башка бирөөнүн атасы. Ал чыгып кетти эле Кыргызстан боюнча удургуп жата-быз го дүүлүгүп кылычыбызды ташка чаап. Ал кос-тюмун бир силкип кийип кеткен, лезгинкага бийле-генге даяр тургула деп. Ошондон бери репетициядан кол бошобойт имиш кээ бирлердин.

- Балагатка жетпеген кичинекей балдар-ды никеде күбө катары катыштырса болобу? 077870...

- Өтпөйт. Ал күбө болгон нике да да жараксыз болот, эгер андан башка чоң адам күбөгө өтпөсө.

- Биз турмуш курганыбызга 24 жыл болду. ушул убакка чейин тынчтык жок же апамды-кына кеңири бара албайм. Барган сайын пей-лине чыдабай калдым. Шылтоосу жок уруш чыгарат. Сабырым түгөндү окшойт. Сизден жардам күтөм. Сизди аллахым колдосун. 055192...

- Эми эмне дейин, бир тууганым. Ушунча чы-дапсыз, дагы чыдап коюңуз. Коёндун териси да бир жыл чарыкка чыдаптыр дейт. Балдарыңыз чоңоюп

Page 291: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

291

Суроо жооптор

калыптыр, эми мындай болбойт. Мындан аркысы жакшы жагына гана кетет. Эмгегиңиздин үзүрүн көрө турган кезиңиз келиптир. Балдарыңыздын да абалын ойлонуңуз. Намаз окуңуз. Намаз окуса-ңыз жеңилдеп каласыз. Мен Муфтий болуп иштеп жүргөндө депутаттардын жыйналышына барганда, же чоңдор менен чогуу отуруп калганда, ушулар эл башкарабы деп абдан катуу көңүлүм чөгүп, намаз окуп өзүмө келээр элем.

- мен базарда соода кылам. товарды ошол жерден алып үстүнө кошуп сатам. Пайдам адалбы? 077310...

- Баары эле ошентет. Сен «только» алдаба. Това-рыңдын айыбын жашырба. Калганы баары жайында.

- мен соодада адашып бирөөгө 200 сом ашыкча берип койгон элем. Бир тууганда-рымдын, кызымдын башы-көзүнөн сада-га деп койгон элем. 5-6 күн өткөндөн кийин алып келип берди. ал акчаны иштетсем бо-лобу? 077996...

- Ооба. Ал сенин акчаң. Тиги адам Кудайга бир жери жаккан адам экен, сенин садакаңы жедирген жери жок. Садакаң өтпөй калыптыр да.

- мен жакында бир такыба кызга үйлө-нөм. азыр телефон аркылуу сүйлөшүп тур-сак болобу? Сүйлөшкөнгө мүмкүн болбосо мен андан күнүгө кыжаалат боломун. Кандай кылсам болот? мен азыр Россиядамын, ал кыз Кыргызстанда. Ө795377...

- Сен аны менен таанышканга чейин ал кантип жашап жүрдү экен сен жокто??? Кыжаалат болгон-до телефондон эмнени бүтүрөт элең. Россиядан келе каласыңбы Кыргызстанга бир нерсе болуп кетсе? Эгер келе ала турган болсоң, анда келип биротоло үйлөнүп алып кет. Алып кете албасаң жөн эле кы-жаалат болгондон өлүп калбайсың. Кыжаалат боло

Page 292: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

292

Чубак ажы Жалилов

бер. Сүйлөшпө. Ал сени менен сүйлөшсө такыба болбой калбайбы? Үйлөнгөндөн кийин оозуң тын-бай сүйлөшө бересиң.

- Келинчегим менен уруша кеткенде ачуум келип кет деп 3 жолудан көп айткан элем. анан ачууң менен кет десең да талак тү-шөт деп уктум. ошондон бери кыжаалатмын, же келинчегиме айта албайм. никебизди жа-ңыртып койсок болобу? 070739...

- Талак ниетинде гана кет деп айткан болсо-ңуз, бир талак боин түшөт. Жөн эле ачууңуз келип урушсаңыз, десеңиз андан эч нерсе болбойт. Эгер-де чындап эле ниетиңизде талак берүү болгон бол-со биринчисине бир талак түшүп, калгандары ага жабышпайт. Жыйынтыгында бир эле талак түшкөн болот. Нике кыйдырсаңыз болот. Ниетте жок болсо кыйдыруунун кереги жок.

- узун кийип, жоолукту аркага байлап жүр-сө болобу же ээктен алып байлаш керекпи?

- Аялдын моюндары, кулактары да авретке ко-шулат.

- Сизди мусулман молдо дейт, а сиз врач-тардын кеңешин айтып отурасыз. мен уялам сиздин жоопко ход мен мусулманча кийинбе-сем да айтса сөз көп уялам. 077756726...

- Кой, сен уялбай эле кой! Уятың болсо мусул-манча кийинет элең. Уятың жок болгон үчүн ошен-тип жүрөсүң. Мен «ход» молдо болсом да врачтар-дын, физиктердин, химиктердин да жообун бере берем. Кээде психологдордун да кеңешин берип коём. Жогорку математика менен биологиядан да кабарым бар. Ушу күндөрү «как раз» «Хирургия-лык оорулар, аларды дарылоо» деген китепти окуп жаттым эле. Сен көп сүйлөбөй медресеге кирип билим ал, Абдышукур ажыга келсең атайын жайкы курстарына жазып коёт. Чыныгы мусулман молдо

Page 293: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

293

Суроо жооптор

баарын билиш керек экендигин билип чыгасың. Мен сага экономика боюнча Харрод-Домардын формуласын, же «Тэтчеризм» жөнүндө кеп салып берейин деп ойлодум эле. Бирок ал оюмдан кайт-тым. Түшүнө албай каласың го. Сен жакшысы мед-ресеге эле бар.

- ден соолугума байланыштуу 2 ай күйөөм менен кошулганга болбойт. массаж кылып каалоосун кандырсам болобу? мен гусул алышым керекпи? Кайненемдин иниси, кай-нежемдин баласы мага махрам болобу? Ким-дер махрам болбойт? 077981...

- Массаж кылып күйөөңдүн каалоосун кан-дырсаң болот. Эгер сен дагы дүүлүгүп кетсең, жы-йынтыгында уруктугуң чыгып кетсе сен дагы гу-сул алууң керек болот. Эркектердин уруктугу коюу ак болсо, аялдардын уруктугу суюк сары болот. Эгер уруктук чыкпаса сага гусул ваажып болбойт. Кайненеңдин иниси, кайнежеңдин баласы сага мах-рам болбойт. Алардын көз алдында жоолукчан жү-рүү милдеттүү болот, эгер тигилер балагатка жетиш-кен болсо.

- нике кыйып жатканда кыз каршы болуп макулдугун бербесе, анын ордуна жеңеси тут-ту десе нике өтөбү? 077757507...

- Өтпөйт. Молдо менен жеңеси зынааны мый-замдаштырып берген болушат. Арам. Кыздын ма-кулдугусуз нике кыйылбайт.

- 1) Көзү ачыктарды көзү ачыктыктан айыктырса болобу? 2) мектептердеги кээ бир сабактардан жок нерсени оюбуздан чыгарып сүйлөм түзгөнгө туура келет. Бул калп болуп калабы? 070996...

- Көзү ачыктарды айыктырса болот, ыйманга келсе эле айыкканы ошол. Мектептеги сочинениени жаза бересиң. Андай болбогон күндө акын жазуучу-

Page 294: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

294

Чубак ажы Жалилов

лардын баары эле жалганчы-аферист болуп калбайт беле? Сен жазганда, мына ушундай болгондо кан-дай болоор эле деген пикирде жаз. Шариатыбызда кыялданууга тыюу салынбайт.

- 6 жаштагы кызым уктап жатып сүй-лөнөт. жаман түш көрөбү билбейм. айлам кеткенде Куран китепти жаздыгынын асты-на коём. же молдого алып барыш керекпи? 055031...

- Дем салдырсаңыз жакшы болот го. Андан сырткары доктурлардын да кеңешин уксаңыз жак-шы болот.

- Календар боюнча эрте мененки саат 4:05те багымдаттын убагы кирет экен. Бизде 4:38де азан чакырат. мен 4:15те намаз оку-гандан кийин азан айтып калат. Кандай бо-лот? Календарды ким түзөт? 077185...

- Силердин азанчыңар уктап калат экен, кара басып. Сиздин намазыңыз туура эле окулуп жатат. Азанчы азанды өз убагында айтпаган үчүн кыяматта жооп берет. Айрыкча анын азанын угам деп олтуруп саарлыкты кеч жеп, оозун убактысынан кечиктирип жапкандардын баарысынын күнөөсү азанчы бай-кушка болот. Календарлар менин буйругум менен түзүлө баштаган. Меккедеги, Пакистандагы, Еги-петтеги календарлардын негизинде, биздеги ата-йын тараптардын кеңеш берүүсүнүн натыйжасын-да, кошуна мамлекеттердеги тажрыйбаларды эске алып түзүлгөн.

- үйлөнүүгө ата-эненин макулдугу болуусу зарыл дептирсиз. Биз дагы эки тараптын каршылыгына карабай үйлөнүп алганбыз. 20 жыл өттү. Балдарыбыз бар. жашообуз жак-шы. же акыретте күнөөгө батабызбы? ата-энелерибиз азыр турмушубузга ыраазы эле. 077941...

Page 295: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

295

Суроо жооптор

- Азыр ыраазы болгону менен ошондо нааразы болушкан эле да. Ал заман өттү-кетти, келечекке ка-рай жашаганга умтулалы.

- 1) намазда рүкүдө турганда тизени бүр-күт чеңгелиндей мыжып кармаш керек деп уккам. ошол дуруспу? 2) аял кишилердин ку-лак көзөп сөйкө тагынганы шариатта барбы? 3) нарда арам, бильярдды намаз убактысы-нан кийин бир аз ойносо болот, а футбол жө-нүндө айтсаңыз. 07702754...

- Эркектер тизесин мыкчып турушат. Антке-ни эркектер бутун бүкпөстөн түз кармап, белин да түз кармоосу милдеттүү болот. Ал эми аял ки-шилер тизесин бир аз бүгүп, белин да түз кар-мабагандыктан, колдорун тизелерине жөн гана таяп турушат. Шариатта кулакты көзөгөнгө урук-сат берилет. Бирок башка жерлерин көзөп, сөй-кө салуу, же башка бир нерсе салууга болбойт. Футбол да бильярд сыяктуу эле, болгону авретте-рин жаап ойноосу керек болот. Көбүнчө эркектер-дин жоон саны ачылып калганы туура эмес. Кечээ КТРден бир депутат мырзабыздын воллейбол ойноп жатканын көрсөтүштү, тизесин таңып алыптыр, би-рок жоон саны ачык болуп турду. Бул мусулман эр-кекке туура келбеген көрүнүш.

-. мен 8-класстамын. намаз окуюн деген ниетим бар. Сүрөлөрдү жаттап жатам. Бирок оронгум келбейт. Хиджап боюнча талкуу бол-гондо намаз окуган эжейибиз хиджап сүннөт экенин айтты. Хиджап парзбы же сүннөтпү? 077149...

- Хижап парз. Куранда бир эмес эки жерде зи-кир кылынган. Сен намаз окуп баштай бер садагасы, анан калганы бир кеп болоор.

- орус кошунам Пасха майрамында жу-муртка берсе жесем болобу? айсулуу

Page 296: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

296

Чубак ажы Жалилов

- Эгер ошол орус кошунаң менен илгертеден бери мамилең болуп келген болсо алсаң болот, Пас-ханын урматына деп ниет кылбайсың, ошол мурда-кы мамиле катары гана мамиле кыласың.

- Халал деп жазылган колбасаны жесе болобу? Сиз кайсы фирманыкын жейсиз? 077159...

- Мен көп деле жегим келбейт. Жесем чп. Сыды-ков дегендикин анда мында жеп жүрөм. Көпчүлүк арам колбасага деле «халал» деп чаптап коюп жа-тышат.

- жолдошум күндө эле жыныстык кат-нашты каалай берет. мен болсо тажап кетип, жок дегенде 2-3 күндө бир болсо дейм. ушул тууралуу көп уруша кетебиз. Кимибиздики туура? 077217...

- Аныкы туура. Сиз дагы анын ыгына көнгөнүңүз оң. Жөн эле уруша бербей, ошол нерседен пайдала-нууну өздөштүрсөңүз, ден-соолугуңузга, психоло-гияңызга жардам берет. Күч-кубат, энергия аласыз. Доппинг дегенди билесизби. Мына ушул ошого тете. Чарчооңуз кетет.

- Бир таанышым балдарынын оюнчук-тарынын көздөрүн чукуп алып таштаптыр. үйдө көздүү оюнчук турса болбойт дейт. туу-рабы? 077353...

- Ката. Оюнчукта эмне шам. Таш эстеликтер, бюсттар болбойт.

- мен дарылануу максатында кредит алга-ны жатам. Күнөө эмеспи? 055125...

- Эгер башка жолу жок болсо, бир жөн. Адалдан жол тапсаңыз жакшы болоор эле.

- Бул дүйнөнүн сыноосун көтөрө албай жа-нын кыйгандарга ислам кандай карайт? 077220...

- Күнөөкөр катары карайт.

Page 297: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

297

Суроо жооптор

- жолдошум экөөбүз уруша кетип, “тала-гыңды бердим” деп айтып жиберген. 20 күн-дөн кийин никебизди күбөсүз окутканбыз. азыр никебиз барбы? 070311...

- Жыйырма күндө иддаңыз чыгып бүтө элек болгондуктан, айтылган талак сарих болгондуктан, кайра жөн эле жарашып жашай берсеңер деле ни-кеңер калыбына келмек. Силердин никеңер тиги күбөсүз окулган нике менен эмес, чогуу жашап баш-таганыңардан кайра калыбына келген. Күбөсүз нике никеге өтпөйт.

- Күнөөсү көп адамдар да акыры бейишке киреби? тозокто канча убакыт болот эң көбү? тариэл

- Аны биле албайм. Кудайымдан башка эч ким билбейт. Бизге анын билими берилген эмес.

- акты сатса болбойт дейт, мисалы, сүт, айран, курут сыяктуу. Сатса болобу? 077909...

- Сатса боло берет. Сатса болбойт деген садагаң кетейин кыргызымдын кең пейилдүүлүгү, ак ниет-түүлүгү, көңүлүнүн токтугу. Парасатынын жогору-лугу, дүнүйөнү теңсинбегендиги, акка моюн сун-гандыгы, улуулугу, жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, акылдуулугу.

- Экинчи аял алуу үчүн биринчи аялынын уруксатын алуу керекпи? Кайсы аял макул демек эле? жашыруун алса болобу? Билип калса турмушу бузулуп кетүү коркунучу бар да. 077909...

- Колунан келгени алсын. Келбегени жөн эле жүрсүн. Экинчи аял алуу үчүн биринчинин урук-сатынын дегеле кереги жок. Эки аялды кармаган-га күчү жеткени гана президент болушу керек деп ойлойм. Уруксаты жок десе "жашыруун нике" деп түшүнүп албоо керек.

Page 298: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

298

Чубак ажы Жалилов

- намазда зам сүрө 3 аяттан кем болбошу керекпи? товар, тамак-аш саткан адам башка динде болсо, андан эч нерсе сатып албаш ке-рекпи? 070996...

- Ооба, эгер кыска аяттар болсо. Узун аят бол-со бир аят да жарай берет. Башка диндегиден эттен башканын баарын сатып алсаңыз боло берет.

Page 299: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун

299

Суроо жооптор

МАЗМУНУ

КИРИШ СӨЗ.................................................................3Бактылуулуктун формуласы..................................5Акыр заман.................................................................10Аманат шайлоо,... тагыраагы «тандоо»..............17Эмне кылуу керек?.....................................................23Көзү ачыктар аалам сырларыбы?... же шайтандын ырларыбы............................................26Дубаңыз кабыл болсун!.............................................30Жетинин бирисиңби?...............................................35Зордуктун түбү кордук..........................................40(СМС) талак түшөбү?.............................................45Карын эне кайгысы... Же ижаарага алынган жатын маселеси.......................................................51Курман айт жана Курмандык чалуу....................57Падышага осуят.......................................................62Абийир ачылгандан кийин, адепке жол барбы...?.................................................65Сүткордук туурасында...........................................70Куран окусак болобу, тууганым?...........................75Нооруз боюнча кеп....................................................84Көк бөрү арамбы?.....................................................93СУРОО ЖООП..........................................................103

Page 300: Чубак ажы Жалилов 2-басылыш - Nethouse...деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ боло-буз?» деген эки суроонун