16
К їйїїчї майды аз сарптаган машиналардын їч тїрї «Ата журтчу» Жылдызкан Жолдошева кечээ маалымат жыйынын єткєрїп, жолбашчысы Камчыбек Ташиевге болгон таарынычын ачык айтып, анын «Республика» партиясынын тєрагасы Ємїрбек Бабанов менен «баш кошконуна» нааразычылыгын билдирди. Жылдызкан Айтибаевнанын айтымында, ал Камчыбек Та- шиев, Садыр Жапаров жана Та- лант Мамытов абакта отурганда аларды колдоп, ара жолго таш- тап кеткен эмес. “Мен Ташиев- ди жамандабайм, ал туурасында жаман сєз айтпайм. Ал айкєл, ак пейил, керектїї учурда бар- балаўдап кечире билген сапат- тары бар. Угушумча, ал мени ар кандай маалымат каражаттары аркылуу жамандап жїрїптїр, бирок бир нерсени кайпактат- пай тїз айтайын, ал мени сатып кеткени анык” дейт Жылдыз- кан айым. Сєзїн андан ары улаган Ж.Жолдошева “Ата Журт” кай- сы бир партия менен бирик- пей, єз алдынча болушу керек- тигин баса белгиледи. Ошондой бул эки партиянын биригїїсї боюнча Акматбек Келдибеков- дун ою кандай экенин билбей турганын жашырган эмес. Ошол эле жыйында Ж.Жол- дошева аны лидерликтен фрак- циядагы депутаттар гана кети- рерин ачыктап, “Ташиев кет десе эле креслосун таштап кет- пей тургандыгын” ырастады. Жылдызкан айым буга чейин маалымат каражаттары ар- кылуу “К.Ташиев мени сатып кетти, адамдык мамиле кылган жок” деген билдирип келсе, эми фракция лидерлигин єткєрїп бербей тургандыгын айтып, Та- шиевге сес кєрсєттї. Жолдоше- ва-Ташиев кайым айтышы муну менен эле токтобочудай, бар- дыгын “тарс” деп ачык айтып салчу мїнєзї бар Жылдызкан айым эми Камчыбек Ташиев- дин дагы кандай былыктарын чууруп чыгар экен, ыя? 9 7 8 Каныбек О смоналиевге кылмыш иши козголобу? «АТАСЫНЫН БАЛАСЫ» - «ЖЕГЕНДЕРИН» КАРАЧЫ 6 БАЛТЫР ТИЛГЕН БАЛАЧАК- ЄМЇРДЇН БАШАТЫ Сириядагы согушка їндєгєн окуу 11 [email protected] ¹ 102 31-îêòÿáðü, 2014 www.aibat.kg 9 Автандил КУЛБАРАКОВ: Жылдыз ЖОЛДОШЕВА, ЖК депутаты, «Ата журт» фракциясы: «ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООДО ЭЎ КЄП ДОБУШ АЛГАН “АТА ЖУРТ” ПАРТИЯСЫ КАЙСЫ БИР ПАРТИЯГА КОШУЛБАЙ ЄЗ АЛДЫНЧА БОЛУШ КЕРЕК ЭЛЕ…» Жихаддын мааниси башкада 13 «Єлкєнї єнїктїрїї» илимдеринин доктору

Айбат - коомдук-саясий гезити №102

Embed Size (px)

DESCRIPTION

Айбат, Кыргызстан, Бишкек, газета, аймак, саясат, коом, экономика, маданият, шоубизнес, маек, bekturb

Citation preview

Page 1: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

Кїйїїчї майды аз сарптаган машиналардын їч тїрї

«Ата журтчу» Жылдызкан Жолдошева кечээ маалымат жыйынын єткєрїп, жолбашчысы Камчыбек Ташиевге болгон таарынычын ачык

айтып, анын «Республика» партиясынын тєрагасы Ємїрбек Бабанов менен «баш кошконуна» нааразычылыгын билдирди.

Жылдызкан Айтибаевнанын айтымында, ал Камчыбек Та-шиев, Садыр Жапаров жана Та-лант Мамытов абакта отурганда аларды колдоп, ара жолго таш-тап кеткен эмес. “Мен Ташиев-ди жамандабайм, ал туурасында жаман сєз айтпайм. Ал айкєл, ак пейил, керектїї учурда бар-балаўдап кечире билген сапат-тары бар. Угушумча, ал мени ар кандай маалымат каражаттары

аркылуу жамандап жїрїптїр, бирок бир нерсени кайпактат-пай тїз айтайын, ал мени сатып кеткени анык” дейт Жылдыз-кан айым.

Сєзїн андан ары улаган Ж.Жолдошева “Ата Журт” кай-сы бир партия менен бирик-пей, єз алдынча болушу керек-тигин баса белгиледи. Ошондой бул эки партиянын биригїїсї боюнча Акматбек Келдибеков-дун ою кандай экенин билбей турганын жашырган эмес.

Ошол эле жыйында Ж.Жол-дошева аны лидерликтен фрак-циядагы депутаттар гана кети-рерин ачыктап, “Ташиев кет

десе эле креслосун таштап кет-пей тургандыгын” ырастады. Жылдызкан айым буга чейин маалымат каражаттары ар-кылуу “К.Ташиев мени сатып кетти, адамдык мамиле кылган жок” деген билдирип келсе, эми фракция лидерлигин єткєрїп бербей тургандыгын айтып, Та-шиевге сес кєрсєттї. Жолдоше-ва-Ташиев кайым айтышы муну менен эле токтобочудай, бар-дыгын “тарс” деп ачык айтып салчу мїнєзї бар Жылдызкан айым эми Камчыбек Ташиев-дин дагы кандай былыктарын чууруп чыгар экен, ыя?

9

7

8

Каныбек Осмоналиевге кылмыш иши козголобу?

«АТАСЫНЫН БАЛАСЫ» - «ЖЕГЕНДЕРИН»

КАРАЧЫ 6

БАЛТЫР ТИЛГЕН БАЛАЧАК-ЄМЇРДЇН БАШАТЫ

Сириядагы согушка їндєгєн окуу 11

[email protected] • ¹ 102 • 31-îêòÿáðü, 2014

www.aibat.kg

9

Автандил КУЛБАРАКОВ:

Жылдыз ЖОЛДОШЕВА, ЖК депутаты, «Ата журт» фракциясы:

«ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООДО ЭЎ КЄП ДОБУШ АЛГАН “АТА ЖУРТ” ПАРТИЯСЫ КАЙСЫ БИР ПАРТИЯГА КОШУЛБАЙ ЄЗ АЛДЫНЧА БОЛУШ КЕРЕК ЭЛЕ…»

Жихаддын мааниси башкада

13

«Єлкєнї єнїктїрїї» илимдеринин доктору

Page 2: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

№ 102 • 31-октябрь, 2014-жыл

2 АЙБАТ ПРЕСС

Гезит ээси:"Айбат Аймак" коомдук фонду

Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ

Гезитте жарыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер.Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу.Жарнамалык материалдар:

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде

катталган,

Каттоо № 1853Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды

Гезит келишим баада.

Буйрутма №2531 Нускасы: 1500

Веб-сайт: www.AIBAT.kg

Электрондук каттар їчїн дарегибиз: [email protected]

Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды.

Редакциялык жамаат:Акинай АЙДАРОВАРахатбек РЫСАЛИЕВТєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВАДамир ЭСЕНГУЛОВМирбек АСАНАЛИЕВ (0777 15 99 45 Нарын)

Рыскїл ТЫНЫБЕК кызы (03943 43679 Ыссык Кєл)

Коммерциялык директор:Бектур БАЙМОЎОЛОВ (0772) 16 11 00

ДЕПУТАТ БОЛСОЎ ЭЛЕ КАРГАНБЕКТЕЙ БОЛ

КЫРГЫЗГА КЫЛЫМ ЖАШАП КЫЗМАТ КЫЛГАН УСУБАЛИЕВ

ИИМ ФУНКЦИЯЛАРЫН НОРМАЛДУУ АТКАРЫШЫ ЇЧЇН ЖЫЛ САЙЫН 7,5 МЛРД СОМ КЕРЕК

Жогорку кеўештин депутаты Карган-бек Самаков Нарын облусун кыдырып, элдин кєйгєйлєрїн угуп жїрєт. Жєн барбай кесиптештерин кошо ала ба-рып, болуп жаткан кєйгєйлєрїн жери-нен таанышып, єзї жардам берген мек-теп, кєпїрєнїн ачылыштарына катышса,

Кара-кужур єрєнїїнє барып карышкыр-ларды атканга «СКС» мылтыгын берге-ни эле канча жардам, андан башка буга чейинки жардамдарын айтпаганда. Бар-ган жердин аксакалдарынан ак бата алып, элдин ишеничинде экенин дагы бир жолу кєрсєтє алды.

Нарын облусунун Кочкор районунда 30-октябрда Кочкор айылдык кеўешинин кезексиз сессиясы болуп, анда коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 95 жыл-дыгын белгилєє боюнча иш чаранын пла-ны каралды.

Сессияда Кочкор айылындагы Кєл-Їкєк тоо кыркасында жайгашкан 4363 метр бийик чокуга коомдук жана мам-лекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу жагы каралды.

30-октябрда «Ички иштер органдарын реформалоо мониторинги. Жыл жыйын-тыгы» форумунда ИИМдин ички иште-ринин ишмердїїлїгїн єнїктїрїї бєлї-мїнїн жетекчиси Шамшыбек Мамыров, ИИМ функцияларын нормалдуу аткары-шы їчїн жыл сайын 7,5 млрд сом керек-тигин билдирди.

«Бїгїнкї кїндє ички иштер органда-рын каржылоо жетишпейт. Министрлик-тин нормалдуу функция аткарышы жана реформаларды жїргїзїї їчїн керек бол-гон 7,5 млрд сомдон 2,5 млрд сом гана бєлїнєт. Анын 80� бюджети корголгон беренелерге кетет. Єнїктїрїїгє аз бєлїгї гана калат»,- деди Ш.Мамыров.

ЭЛ ИШЕНИМИНДЕГИ ЭКИ ГЕНЕРАЛ

Милиция укук кордоочу эмес, укук кор-гоочу катары єз вазыйпасын аткарышы милдет эле. Бирок, буга чейин элге жа-ман кєрїнїп калган милиция, эми ки-чинеден єз ордуна келип жаткандай... Буга жетекчилердин опол тоодой салымы

чоў! Азыр жашап жаткан бийлик жаран-дардын коопсуздугун сактоодо “кызыл шапкечендердин” ыйгарым укуктарын кеўейтїї кадамын таштады. Ички иш-тер министрлигинде иштеп мерт кеткен кызматкерлердин жесирлерине, канча жыл бу тармакта иштесе да їйгє жетпей жїргєн 180ине Бишкектин Кєк-Жар ко-нушунан батир курганы жатат. Пайду-балын 30-октябрь кїнї расмий тургуза баштады. Бул 9 кабаттуу їй 180 батир-ден туруп, эки бєлмєлїї 72, 108 бир бєл-мєлїї батир 2016- жылдын апрель-май айларында бїткєрїлїп, ээлерине бекер тапшырылаары болжолдонууда.

ИИМ башчысы Мелис Турганбаев їй-лєрдї бєлїштїрїїдє акыйкаттык мами-ле болоорун убадалады. «Акыркы жолу 2005-жылы Бишкек шаарына милиция-ларга кєп кабаттуу їй салынганда кан-дайдыр бир тїшїнбєстїктєр болгондугун уккам. Бирок биз мындайга жол бербей-биз. Азыр маселенин їстїнєн министрдин биринчи орун басарынын жетекчилиги менен турак жай — тиричиликтик комис-сия иштеп жатат” деди министр Турган-баев. Мындан сырткары да “ИИМчилер-ге” 14 батир салынганы турат. Бишкек, Ош жана Баткенге.

“Ач бала ток баланы сїйбєйт” деген-дей “ачка” жана жашаганга їйї жок ми-лиция жемкорлукка бараары турган иш эмеспи... Курсагы курулдап, жашаганга їйї жок батирлеп шаарды тїрє кыдырып жїрїї кимди гана болбосун коррупцияга тїртєт да, эй! Їйлїї-жайлуу кылуу албет-те, бул жарды милиция їчїн чоў стимул. Жаш милицияларга да шык берип, таза, ак иштешине шыкак берет.

Мелис Турганбаев кайсы гана кыз-матка барбасын єзїнїн кїжїрмєндїгї менен бєлєктєрдєн реформачылдыгын кєрсєттї. Бишкектин коопсуздугун сак-тоодо да “Коопсуз шаар” деген долбоорун ишке ашыра баштады. Ар бир районго атайын милиция бєлїмдєрїн ачып, баш-калаа тургундарынын эч кимден корк-пой жашоосун камсыздоого бет алган. 2013-жыдын 9 айына салыштырмалуу 7,2 пайызга азайганын Бишкек шаар-дык прокуратурасынын тїзїмдїк колле-гиясында айтылды. Бул жылдын 9 айын-да республиканын аймагында 7 миў 469 кылмыш катталса, єткєн жылы 8 миў 50 кылмыш катталган. Кылмыштуулуктун деўгээли бул жылы 7,2� азайган. Албетте, мунун бардыгы жетекчиден кєз каранды эмеспи... ИИМдин биринчи орун басары

Бакытбек Жусубалиевдин дагы салымы зор. Эми Мелис Турганбаев менен Ба-кытбек Жусубалиев генералдар ИИМге чыныгы реформа жїргїзїп, жарандар-дын коопсуздугун сактаарына ишеним арткандар арбыды...

1-ноябрь кїнї кыргыз милициясы жа-ралган. Бул убакыт аралыкта канча тепки жебесин, сєгїї жебесин кыргыз элинин коопсуздугун коргоп келгени чындык. Эл ишенимине кирип, эл кызматында жїрє бериўиздер! Ар дайым жїрєгїўєр “Кыр-гызстан” деп соксун!!!

Page 3: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

№ 102 • 31-октябрь, 2014-жыл

3САСЫК САЯСАТ

«УЛУТТАШТЫРАБЫЗ» ДЕП МАМЛЕКЕТТИК КАЗЫНАБЫЗДЫ КАКШЫТЫП АЛБАЙБЫЗБЫ?

САРЫГУЛОВДОН «МАНАСТЫН УРПАКТАРЫ МАЛАЙ БОЛОБУ?»

САДЫР ЖАПАРОВДУН ЭЖЕСИ РАЙКЇЛ ЖАПАРОВАГА КАРАТА СОТ ЄКЇМЇ ЧЫКТЫ

«ЖАЎЫ МУУН» НАРКОТРАФИККЕ ОТУРАБЫ?

КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВГЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛОБУ?

Кыргыз єкмєтїндє єкмєт башчысы-нын бат-баттан алмашылып жатканы дагы “Кумтєр” маселесинин уламдан-улам создуктурулуп жатышына негиз болуп бе-рїїдє. Єкмєт башына келген жетекчи бул маселени ийне-жибине чейин иликтеп тї-шїнїп, тиешелїї жыйынтыгын бергенге чейин эле отурган ордунан жылмышып калат. Анан анын ордуна келгени маселе-ни кайра башынан кароо менен алектенип отуруп, кезектеги жаўы єкмєткє орун бо-шотуп берет. Айтор, мындай жол менен бара берсек, “Кумтєр” маселеси эгерим чечилчїдєй эмес. Бирок, бир гана тїшї-нїктїї нерсе – кандай гана жаўы єкмєт келбесин “Кумтєр” ишканасынын єндї-рїшїн токтотуп салууга бара албайт. Ант-кени аны жаап салуу кыргыз экономика-сы їчїн, калктын социалдык абалы їчїн єтє чоў терс таасирин бере тургандыгын ичинен тїшїнєт. Ал ортодо «Кумтєрдї» улутташтыруу керек деп кыйкыргандар-дын їнї да бийигирээк чыга баштады. “Улутташтыруу” бул ишкананы жаап са-луу керек деген тїшїнїктїн эле синоними. Ал эми мындай кадамга баруу канчалык коркунучтуу экендиги эксперттер тара-бынан єтє эле кєп жолу айтылды. Бирок, алардын кєпчїлїгї улутташтыруу када-мына барсак, “Центеррага” тєлєп кала турган компенсация тууралуу гана не-гизинен айтып келишет. Туура, биринчи кезекте мамлекетибиздин экономикасы 3 миллиард доллар компенсация тєлєшї керек болот. Бїгїнкї кїндє єлкє бюд-жетинин тартыштыгы (дефицит) 216,5 миллион доллар жана сырткы карызы 3 миллиард доллардан ашып турганда мын-дай ири суммадагы компенсация тєлєєгє мїмкїнчїлїгїбїз да чак келбейт. Демек, тышкы карызыбыз автоматтуу тїрдє эки эсеге кєтєрїлєт. Экинчи жагынан алтын кенинде иштеп, Кыргызстандын шар-тында эў жакшы деўгээлдеги айлык акы алып иштеп аткан 3000дин тегерегинде-ги мекендештерибиз бир заматта жумуш-суздардын катарына кошулат. Алардын їй-бїлєлєрїнїн социалдык абалы начар-лайт. Кыргыз Республикасынын Социал-

дык фондуна жыл сайын тїшїп аткан 15 миллион доллар (724,5 миллион сом) кан буугандай токтойт. Бул деген 15 миў пен-сия курагындагы мекендештерибиз жыл бою пенсия албай калат дегенди тїшїн-дїрєт. Бул жагдайды да эч качан эстен чыгарбашыбыз керек. Мындан сырткары “Кумтєргє” товар ташып, кызмат кєрсєтїї менен иш жїргїзгєн жергиликтїї ишка-налардын иши токтойт. Мындай ишка-налар бїгїнкї кїндє 600дїн тегерегинде. Єткєн жылы Кыргызстандан сатылып алынган товарларга жана кызмат кєрсє-тїїлєргє компания 68 миллион АКШ дол-ларын тєлєгєн. Мисалы, “Газпромнефть-Кыргызстан” жыл сайын “Кумтєргє” 450 тонна кїйїїчї май ташыйт. “Электрдик станциялар” ААКсы жана “Кыргызстан улуттук электр тїйїнї” алтын кенинен жылына 11,5-12,5 миллион доллар кире-ше алат. Мына ушул киреше да токтойт. Ысык-Кєлдї єнїктїрїї фондуна келип тїшїїчї акча каражаттары келбей ка-лат. Бул деген бул аймактагы социалдык долбоорлорду реализациялоо токтоп ка-лат дегенди тїшїндїрєт. Айтор, жалпы жонунан мамлекеттик казына жылына 6 миллиард сомду жоготот. Мына ушу-ну кыргыз єкмєтї абдан сонун тїшїнїп турат. Бирок, “Центерра” менен эки та-раптын теў кызыкчылыгына туура келе тургандай сїйлєшїїлєрдїн жыйынтыгын эмнегедир жїзєгє ашырганга келгенде эле артка кетенчиктеп калууда. Убакыт кан-чалык созулган сайын єлкєбїздї жарга такай турган аракеттерди жасагандардын аракеттери кїч алууда. Балким мына ушу-ну єкмєт єз убагында тїшїнїп, чечимин эртелеткиси бардыр...

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

«Кыргызалтын» ишканасынын прези-денттигин аркалаган кезинде капчыгын кампайтканга їлгїргєн Дастан Сарыгу-лов «Манастын урпактары» коомдук би-рикмесин колдоп жаткан кези. Ал атал-ган кыймылдын мїчєлєрїнє «Манастын урпактары малай болобу?» темасынын алдында Таласта курултай єткєрїїнї су-нуш кылды. Курултайда єлкєдєгї социал-дык-экономикалык маселелер, жаўы Баш мыйзамдын долбоорун кабыл алуу сыяк-туу кєйгєйлєр талкууланды. Анын неги-зинде єлкєдє жогорку мыйзам чыгаруу органы катары «Элдик Курултай» тааны-лышы керек экен. Акыл болбосоў коё кал! Карыганда байбичесинин кашында ысык чай ичип отурушпайбы дейсиў.

«Кыўыр иш кырк жылдан кийин болсо да билинет» демекчи Бакиевдердин доо-рунда рейдерлик басып алуулар, тартып алуулар єўдїї кыўыр иштер кырк жылды кїтїп отурбастан эле четинен ачыкка чыга баштады. Мына ушундай кылмыштуу иш-терге Максим Бакиевдин кємєгї аркы-луу аралашып калган Райкїл Жапаровага карата кылмыштуу жол менен табылган кирешелердин изин жашыргандыгы, ле-галдаштыргандыгы їчїн кылмыш иши козголгон. Иликтєєлєлдїн жїрїшїндє Райкїл айымдын кїнєєлєрї аныкталып, їстїбїздєгї жылдын 6-августунда Биш-кек шаарынын Октябрь райондук проку-ратурасынын мамлекеттик айыптоочусу тарабынан ага 25 жылга эркинен ажыра-туу суралган эле. Андан кийинки сот оту-руму 15-августту уланып, ага Райкїл айым да катышып, єзїнїн сєзїн айтып кеткен. Мына ошондон кийин эле анын изи кайда житип кеткенин укук коргоо органдары сыйпалап таппай калышты. Жабырла-нуучу, «Инвестбанк «Ысык-Кєл»» ААК-сынын мурдагы жетекчиси, негиздєєчїсї Болот Байкожоевдин айтымында Райкїл Жапарованын адвокаты дагы «Мен ага телефон чалсам єчїк болуп атат, кайда экенин билбейм» деген жоопту узатуу менен гана чектелип келет. Ал эми чек

ара кызматы Райкїл айымдын Кыргыз-стандын чек араларын кесип єтпєгєндї-гїн билдирген. Демек, ал учурда єлкєбїз-дїн кайсы бир бурчунда эле жашынып жатышы мїмкїн. Бирок, сот анын сот ишине келбей койгону їчїн эле токтоп калбастан, мїлктєрїн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыраткан єкї-мїн чыгарды. Эске сала кетсек, ага кара-та коррупциялык айыптоолор алынып салынган. Болбосо мамлекеттик айып-тоочу суранган 25 жыл берилиши мїм-кїн болчу. Сот єкїмї менен чегерилген 7 жылдык мєєнєт Райкїл Жапарова та-былып, темир тор артына тїшкєн кїндєн тарта гана эсептелет. Андыктан жашынып жатып жоопкерчиликтен кутулуп кетем десе єтє тереў жаўылышат.

«Жашылдар» партиясынын тєрагасы Эркин Бєлєкбаев менен эколог Динара Кутманова «Жаўы муун» кыймылынын лидери Мелис Аспеков менен сїйлєшїї жїргїзгєнїн ишенимдїї булагыбыздан кабарлашты. Ага ишенсек, алар атал-ган кыймыл менен биргеликте єкмєт-тїн отставкасын талап кылган бир катар акцияларды уюштурууга ниеттенип жа-тышыптыр. Э.Бєлєкбаевдин агасы нар-кобизнеске байланышы ачыкка чыгып, Алмата соту тарабынан кесилип, тїрмє-гє отуруп калганын гезиттер жазып чык-ты эле, эми мындай кейиштїї тагдырга «жаўы муунчулар» тушугуп калбайбы, ыя?

Парламенттеги «Ар-намыс» фракция-сынын єкїлї, Билим берїї жана илим комитетинин тєрагасы Каныбек Осмо-налиевге кылмыш иши козголору айты-лууда. Улуттук коопсуздук кызматынын коррупцияга каршы кїрєшїї кызматы Каныбек Осмоналиевге кылмыш ишин козгоо тууралуу материалдарды Башкы прокуратурага жєнєткєнї маалым болду. Ал эми башкы кєзємєлдєєчї органдын кабарлашынча, бул материалдар учурда иликтенип атыптыр.

Жергиликтїї агенттиктердин биринин жазышынча, антикоррупциялык кызмат Славян университетинин (КРСУ) медици-на факультетиндеги 24 студенттин окуу-га єтїшїнїн мыйзамдуулугун текшерген. Иликтєєгє ылайык, бул Каныбек Осмо-налиевдин Билим берїї жана илим ми-нистрлиги менен КРСУнун жетекчили-гине жазган катынын негизинде жїзєгє ашкан. Жалпак тил менен айтканда, Ка-ныбек мырза 24 баланы окууга єткєрє-сїўєр деп кєрсєтмє берген экен.

К.Осмоналиевдин мындай «бєтєн зор-дугу» биринчи жолку эмес. Ал Кантта-гы Азиялык медициналык институттун (АзМИ) жетекчилигине да жан тартып, окуу жайдын лицензиясы токтотулганын мыйзамсыз деп атап, аны калыбына кел-тирїїнї Билим берїї министрлигинен талап кылганын билебиз. Эми Башкы прокуратура кандай чечим чыгарарын кїтїшїбїз керек. Эгер кылмыш ишин козгоого негиз бар деп тапса, анда Осмо-налиевди мыйзам чегинде жазага тартуу їчїн парламенттин уруксаты керек болот.

Page 4: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

№ 102 • 31-октябрь, 2014-жыл

4 КАЛЕМИ КУРЧПУ ЖЕ...

Íîÿáðäà Àòàìáàåâ Ò¿ðêìºíñòàíãà ñàïàð òàðòàò

*** Óëóòòóê áàíê áûéûë 331 ìèëëèîí äîëëàð

èíòåðâåíöèÿëàäû

*** Ðåñïóáëèêà áîþí÷à á¿ã¿íê¿

ê¿íäº ÂÈ×/ÑÏÈÄ èëäåòè ìåíåí æàëïû 5204 æàðàí êàòòàëãàí

*** È÷êè èøòåð êûçìàòêåðëåðè

¿÷¿í ¿éä¿í êóðóëóøó áàøòàëàò

*** ÈÈÌ ôóíêöèÿëàðûí íîðìàëäóó àòêàðûøû ¿÷¿í æûë ñàéûí 7,5

ìëðä ñîì êåðåê

*** Ñûðòòàí èìïîðòòîë÷ó

ýëåê÷òðäèí áààñû óøóë àïòàäà àíûêòàëàò

*** Ñóóñàìûðãà ìåäèöèíàëûê

áîðáîð à÷ûëàò

*** Êûðãûçñòàíäà äèí

êûçìàòêåðëåðè àòòåñòàöèÿäàí ºò¿øºò

*** Îðóñèÿ Êûðãûçñòàíäàãû àñêåð

áàçàcûí ÷û¢äîîíó óëàíòàò

*** Îøòîãó ¹5 ÑÈÇÎíóí áàø÷ûñû

À.Àñàíîâ ¿é êàìàãûíà ÷ûãàðûëäû

*** Ìîñêâàäàãû ðåéääå îíäîãîí

êûðãûç ìèãðàíòòàðû êàðìàëäû

*** Ìîñêâà ïîëèöèÿñû áèð àïòàäà

27 ìè¢ ìèãðàíòòû êàðìàäû

*** Ãàçïðîì Åâðîáèðèìäèêòèí ñàíêöèÿëàðûí ñîòêî áåðäè

*** Óêðàèíàäà æèê÷èëäåð ºç¿í÷º

øàéëîî ºòêºðºò

*** ÀÊØ: æ¿ê òàøóó÷ó êîñìîñ

êåìåñè ó÷óï æàòêàíäà æàðûëûï êåòòè

*** Èðàêòà "Èñëàì ìàìëåêåòè"

òîáó àðòêà ÷åãèí¿¿äº

*** Èðàêòûê ê¿ðò ñîãóøêåðëåðè

Ò¿ðêèÿãà áåò àëäû

*** Øâåéöàðèÿ ýáîëàãà êàðøû âàêöèíàíû ñûíîîãî óðóêñàò

áåðäè

***

ТАМЧЫ КАБАРКЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН

КАЗАНЫ КАНДАЙ «КАЙНАП» АТАТ?

Кайсы бир бийлик єкїлї тарабынан ММК єкїлдєрїнїн дарегине кандайдыр бир сын айтылып калса эле, журналисти-ка журтчулугу таарынып калмай адаты-быз бар. Бул жолу да президент Алмазбек Атамбаевдин журналистика тармагында кызмат єтєп келе жатышкан айрым кесип-тештирибиздин ишмердїїлїгїнє карата айтылган сыны бир топ таарынычтарды жаратып жиберди. Андыктан биринчи кезекте таарынычка алдырып койгон ке-сиптештерибизди бир аз сабырдуулукка чакыргыбыз келет. Себеби мамлекет баш-чысы «єлкє имиджинин тємєндєшїнє коррупционерлердей эле журналисттер да салымын кошууда» деп жалпы журна-листтердин атына кєлєкє тїшїрїп жат-кан жери жок. Тереў ой жїгїрткєн адам президенттин пикири кайсы бир саясый кїчтєрдїн колундагы куралга айланып, єлкє ичиндеги окуяларды бир гана тес-кери жагынан чагылдыруу менен алек-тенип келаткан басылмалар жана анда иштеген журналисттер туурасында гана болгондугун аўдай алат. Экинчиден, эмне себептен биз журналисттер журтчулугу єзїбїз кимдир-бирєєлєрдї сынга алган-га маашырланабыз дагы, єзїбїзгє кара-та айтылган сындарга туруштук бере ал-бай, ошол замат таарынып, же чычалап чыга калабыз? Же кыргыз журналисти-касында бардыгы ойдогудай болуп ата-бы? Журналисттик этика, журналисттик стандарттар сакталып атабы? Биздин про-фессионалдык цехте бардыгы ойдогудай эмес экендигин єзїбїз дагы жакшы биле-биз. Арабызда принциби жок жалаў кара пиар менен шугулдангандар, маалымат-тык киллерлер, провокаторлор, журна-лист-коркутуп акча «сындыруучулар», ал гана эмес арабызда белгилїї инсандар-дын «тєшєгїнє» чейин «кирип» кеткен-дери бар. Кайсы бир саясатчынын уюш-туруп жиберген чуулгандуу митингдерин, курултайларын бир беткей гана мактап, бийликти тепкилеп жатып калган журна-листтер бар экендигин да тана албайбыз. Чуулгандуу митингдерде бийлик єкїлїн барымтага алып, «єрттєйбїз» деп кор-кутуп атышса дагы, «туура кылып аты-шат» деп алакан чаап турган басылма-лар канча? Ошол эле учурда єлкєбїздє кандайдыр бир жаўы ири долбоорлор ишке аша баштаса да, ага таптакыр кє-ўїл буруп койбогондорун, анын ордуна ызы-чууларды, жол тосмойлорду, басып алмайларды «баатырдык», «патриоттук» катары сыпаттап макалалардын серияла-

рын чагылдырып атышкан басылмалар азбы? Анан ушундай «сериалдар» ал ба-сылмалардын беттерине бекер эле чыгып атат деп айтканга ким ишенет? Андай гезиттер таўгак-таўгагы менен митинг, же пикет єтїп жаткан жерлерге жетки-рилип, ал жердеги адамдарга бекер эле таркатылып жатканын кєрбєй атабызбы? Мына ушунун єзї эмнени тїшїндїрєт? Же араўдан зорго жумасына 2000-3000 нуска менен чыгып аткан гезиттер бекер таркатылгыдай, анда иштеген журналист-тердин байманасы ашып атыптырбы? Ан-дыктан мындай кєрїнїштєрдїн артында сєзсїз тїрдє «дирижерлук» кылган сая-сый кїчтєр – «демєєрчїлєр» бар экен-дигин танбашыбыз керек. Албетте, ал басылмалардын баш редакторлору «биз эч кимден акча албайбыз» деп миў жолу сайрашат. Бирок, журналистиканын каза-нында кайнап келаткан журтчулук мын-дай актанууга эгерим ишене алышпайт. Демек, мына ушундай багытта иш алып барып аткан журналисттер єлкє имиджи-не терс таасирин бербей жатат деп айта алабызбы? Азыркы интернет доорунда «кыўылдап» учкан коўуздун дабышын дагы керектїї болсо, которуп туруп дїй-нєлїк маалымат сайттарына жайгашты-рып коюу оўой эле. Єзгєчє Кыргызстан-да стабилдїїлїктїн болушуна ар дайым терс таасирин тийгизип, башаламандык гана болуп турушун каалаган сырткы жана ички кїчтєрдїн чырагына мындай маа-лыматтар май тамызып тураарын кан-тип билбей калабыз? Мына ушундай ара-кеттер кыргыз элинин кызыкчылыгына, мамлекеттин бїтїндїгїнє доо кетире тур-гандыгын айтып койсо эле, чуулдап баса калганыбыз туура болобу? Балким єзїбїз башкаларды чучугуна жеткидей кылып сынга алып жаткандан кийин, єзїбїзгє карата айтылган сындарга да туура ма-миле кыла билїї учуру келип жїрбєсїн? Экинчиден, бїгїнкї кїндє кыргыз тилдїї эркин гезиттердин саны єтє эле кєп. Алар-дын айрымдары эптеп-септеп 2000дин тегерегиндеги нуска менен жарык кєрїп атса, айрымдары шайлоо маалдарында эле «жаркырап» чыга келишет. Анан жїз миўдеген нуска менен басмаканалардан басылып чыгып, кайсы бир партиянын "ырын" ырдап чыгышат. Ал эми эптеп 2000 нуска менен чыгып аткандар да ири кєлємдєгї нускалар менен чыга баштайт. Аларды го макул дейли, ал эми таптакыр эле нымшып «уктап» атып, анан шайлоо маалында «ойгоно» калган басылмаларды

кандай тїшїнсєк болот. Шайлоо їгїттєрї бїтєрї менен алар кайрадан беш жылдык «уйкуга» кетишет. Эмнеге журналистика журтчулугу бул жєнїндє айтпайбыз? Ант-кени нусканын санын атайын тємєндєтїї шайлоо тууралуу Кодексти одоно бузуп жатканын кєрбєй атабызбы? Партиялар-дын шайлоо алдындагы фондунун кара-жаттарын ачык-айкын сарптоо бузулуп атат. Бул биринчиден салыктардан качуу болсо, экинчиден абийирсиз атаандаштык болууда. Анткени мындай ири кєлємдє-гї заказдарды їзгїлтїксїз чыгып келген басылмалар гана алышы керек. Эмнеге ушундай мыйзам бузууларды айтпайбыз? Эмнеге ушул жагынан укугубузду корго-бойбуз? Ушул иштерди жєнгє сала тур-ган журналисттер союзу эмне иш кылып жїрєт? Аты бар, заты жок союздун деги кереги барбы? Биз билгенден компози-торлор союзу, сїрєтчїлєр союзу, кино-метагрофисттер союзу иштеп атат. Алар-дын иштеп атканы кєрїнїп да турат. А журналисттер союзу деги кайда? Эмнеге ал журналисттердин башын кошуп, бир-диктїї иш алып барбайт? Эгерде союз иштеп турса, анда ал жерге журналист-тер чогулуп, пикир алышып, бири-бирин тарбиялап турат беле? Албетте. Тилекке каршы бул тууралуу ооз ачкан журналист жок. Журналисттердин биригиши учур-дун талабы болуп турат. Биз бардыгыбыз єнїккєн, бардык шарттары бар єлкєдє жашагыбыз келет. Андай єлкєдє жашоо їчїн биз адегенде маалымат айдыўын-да акыйкаттыкты, чындыкты айтканга їйрєнїшїбїз керек. Журналисттер ким-дир-бирєєлєрдїн куралы болуп эмес, эки тараптын оюн бирдей чагылдырган, ана-лиздеген материалдарды чыгара башта-ганда гана коомчулуктун ою бир багыт-та єнїгє баштайт. Болбосо, бир гезитте жакшы жагынан кєрсєтїлгєн маалымат экинчи бир гезитте тескерисине айтылып, элдин башын маў кылып, стабилдїїлїк-тї, тынчтыкты бузууга гана алып келїїдє. Анан кантип “журналисттер єлкє имид-жине доо кетирїїгє салымын кошуп атат” деген сынга теригебиз? Internewsnetwork єкїлчїлїгїнїн программалык директо-ру Аделя Лаишева да Кыргызстандын имиджине журналисттер таасирин берип жаткандыгын билдирген. “Чындыгында эле журналисттер мамлекеттин имиджи-не таасир берип жатат. Бизге бир убак-та армян жана азербайжан улутундагы адистер семинарга келип калышты. Алар биздин жергиликтїї ММКны окуп жана кєрїшїп, бул жакка келїїдєн коркушкан экен. Анан алар келгенден кийин биздин єтє тынчтыкты сїйгєн эл экенибизди кє-рїп таў калышкан. Кыргызстанда жур-налисттер кандайдыр бир жакшы иштер тууралуу єтє аз жазышат. Жакшы маа-лыматтарды жазышса эле, аны реклама катары кабылдашат” дейт ал. Айтмакчы, бийликтин кандайдыр бир жакшы иште-ри тууралуу жазгандардын бардыгын ко-шоматчылар деп да атап коюшат. Ал эми анын атаандаштарынын колундагы курал болуп аткандар єздєрїн патриот катары эсептешет. Жогорудагы Аделя айымдын айткандарынан деле журналисттердин єлкє имиджине кандай таасир этип ат-канын аўдап тїшїнсєк болот. Андыктан журналисттер биригип, “уктап” аткан жур-налисттер союзун “ойготуп”, маал-маалы менен жолугушуп, пикир алышып, бири-бирин тарбиялап турууга мезгил бышып жетти окшойт. Себеби баарыбыздын мак-сатыбыз бирєє гана – ал Кыргызстандын єнїгїп-єсїїсї. Демек, ал їчїн бардыгы-быз бирдей кызмат кылышыбыз кажет.

Акмат РААТКАН

Page 5: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

№ 102 • 31-октябрь, 2014-жыл

5УЧУР МАЕК

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Акын Мамбеталиев менен маек.

- Азыркы учурда биометри-калык маалыматты топтоо жайлары шаардын кайсы жерле-ринде ачылды?- Бїгїнкї кїндє Бишкек шаарынын

ичинде 50 биометрикалык мааалыматты топтоо жайлары ачылды. Бул маалымат-ты жарандарыбыз grs.gov.kg сайтында орусча жана кыргызча маалымат менен

тааныша алышат.

- Маалымат топтоодо кандай тоскоолдуктар болууда, жа-рандарга маалымат жетип жа-табы?- Ооба, туура айттыўыздар, телевиде-

ние, радиодон жана шаар ичинде банерлер да илине элек. Анткени, жарнамалык жаа-тына каражаттар эми гана бєлїнє башта-ды. Бул кєйгєлєрдї чечїїнїн їстїндєбїз. Ушул жумада компьютерлер жана керек-телчїїчї жабдуулар тестирлєєрдєн єтїп бїтсє, жарнамалык багытын кїчєтєбїз. Бизде кыргызча жана орусча роликте-

рибиз да даяр, буюрса ушул жуманын аягы менен мас-салык тїрдє чыга баштайбыз.

- 20-октябрдан баштап ушул кїнгє чейин Бишкек шаарында канча жаран каттоодон єттї?Бїгїнкї кїнгє карата, маалымат био-

метрикалык маалымат берген жаран-дардын саны 9492 болду, бул кєрсєткїч тогуз кїндїн ичинде Бишкек шаарынын тєрт районунан алынган маалымат.

Ал эми, 27-августан 20-ктябрга чейин 1999 жаран биометрикалык маалыматын берип бїтїштї. Алгач кампания старт ал-

ган мезгилде Жогорку Кеўештин депутат-тары, єкмєттїн мїчєлєрї тапшырышкан.

Бул процесс азыр да уланууда. Жалпы саны 11 293ге жетти. Бул сандар улуттук кампаниянын старт алышындагы кєр-сєткїч.

Азыркы тапта Бишкек шаарыбыздын Министирликтен, аппараттын кызматкер-леринен, жогорку окуу жайлардын сту-денттеринин биометрикалык маалыматын топтоп баштадык . Финансы министри-нин алдында окуу борборунда мамлекет-тик каттоо кызматынын департамент-теринин, билим берїї министрлигинин, Кыргыз Почтасынын, Эмгек, миграция, жаштар министрлигинин кызматкерлери атайын окуудан єтїп, аймактарга барып, жер-жерлерде маалымат топтоо башталат.

- Чогулган маалыматты коргоо коопсуздугу кандай болууда? Ми-салы: маалыматты алып келїї, аларды сактоо?Ички иштер министирлиги менен

бирге иштешїїдєбїз. Компьютерлерди, жабдууларыбызды ташып жеткирїїдє ИИМдин кызматкерлери, атайын техни-ка бєлїнгєн, атайын коштоо менен жї-рїїдєбїз. Анан албетте документ баа-луу кагаздарын сактаганга сейфибиз бар. Коопсуздук жаатында коркунуч деле жок. Топтолгон маалымат VPN каналы менен берилет. Маалымат сыртка чыгып кетет деген коркунуч болбойт.

- Єздїктїгїн тастыктаган до-кументи жок жарандарга кан-дай чара кєрїлєт, же жеўилдик-тер барбы?- Мамлекеттик каттоо кызматы менен

Бей Єкмєт Уюмдары менен бирдикте иш алып баруу жагы колго алынган. Бїгїн-кї кїнгє чейин “Таза Шайлоо” Ассоциа-циясы менен тыгыз иш алып келгенбиз. Ал эми, жакында эле “Арыш” коомдук бирикмеси менен сїйлєшїїлєр жїргї-зїлїп, Бишкек шаарына жакын жайгаш-кан 15 калктуу жаўы конуштарда “Єзїўдї шайлоочулардын тизмесинен тап” жана “Биометрикалык маалыматты тапшыруу зарылдыгы” деген долбоордун алкагында чогуу иш алып барууну сїйлєштїк.

Бїгїнкї кїндє “Арыш” коомдук би-рикмеси жарандыгын тастыктаган до-кументи жок жарандарга документ топ-тоодон баштап, документ алууга чейин акысыз кеўеш берїїдє. “Арыш” коом-дук бирикмесинин тел. 0312 325 037, же Манас проспектиси 101\1, 513 бєлмєгє кайрылса болот.

Учурдан пайдаланып, Бишкек шаары-нын тургундарын биометрикалык маа-лыматтарды тапшырууда активдїїлїгїн кєрсєтїп, ыўгайлуу болгон маалыматты топтоо пунктуна барып, маалымат тап-шырууга чакырып кетет элем. Сиздин жарандык активдїїлїгїўїз єлкєнїн єнї-гїшїнє зор салым кошот деп ишенем. Маалыматты тапшыруу акысыз, каттал-ган жериўиз кайсыл жер болгонуна кара-бай, сизге жакын жерден маалымат тап-шырууга болот.

Айта кетїїчї нерсе, маалыматты тап-шыруу Кыргыз Республикасынын жаран-дары , колунда мєєнєтї єтїп кете элек ID-card, жалпы жарандык паспорт (загран паспорт) жана мєєнєтї чексиз деп узар-тылган 1994 –жылдагы їлгїдєгї паспорт менен тапшырса болот.

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

55

СИЗДИН МААЛЫМАТТЫК КООПСУЗДУГУЎУЗ -

МАМЛЕКЕТТИН КЕПИЛДИГИНДЕ

Page 6: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

№ 102 • 31-октябрь, 2014-жыл

6

Президент Алмазбек Атамбаев баш болгон кыргыз бийлиги жемкорлукка аёосуз кїрєш жарыялаганы маалым. Анын жыйынтыгын акырындан кєрїп атабыз. Ошого карабастан айрым саясатчылар «кылдан кыйкым издеп», бул жараян єзїн актаган жок деп сындашууда. Эми ар кимдин пикирин билдирїїгє укугу бар. Ошентсе да, биз акыркы тєрт жыл аралыгында мамлекет, элдин байлыгын талап-тоногондорго карата козголгон кылмыш иштерин коментарийсиз тизмектейбиз.

ЭЛ БАЙЛЫГЫН ЖЕБЕ, ЖЕСЕЎ КУС!

Коррупцияга каршы кїрєш…

40 МИЛЛИОНДУ «АШАГАН» КЕЛДИБЕКОВ

Мамлекеттик социалдык фонддун тє-рагасы, мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси жана парламент спикери ке-зинде жалпы жонунан єлкє казынасына 40 млн. сомдук зыян келтирди делип шек-телип, кылмыш иши козголгон Акматбек Келдибековдун таржымалы коррупцияга каршы кїрєштїн натыйжаларынын бири десек жаўылышпайбыз.

Козголгон кылмыш иштеринин бере-нелери: Башкы прокуратуранын басма сєз кызматынын ырасташынча, А.Кел-дибековго карата Кылмыш-жаза кодек-синин 303-беренесинин 1-бєлїмї («Кор-рупция»), 304-беренесинин 4-бєлїмї («Кызматтык абалынан кыянаттык ме-нен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин козголушуна негиз берген фактылар: 1. 2003-2004-жылда-ры жарандардын жеке камсыздоо эсеп-теринин кєчїрмєлєрїн “Ротак-Бишкек” ЖЧКсы тарабынан басып чыгарууга 2005-жылы 21 млн. сомдон ашык суммага Со-циалдык фонддун каражаттарын негизсиз бєлїштїрїї жана чыгымдоодо коррупция фактысына жол бергени їчїн; 2.Эл ара-лык парламенттик уюмдарда Жогорку Кенештин толук ыйгарым укуктуу єкїл-дєрїнїн ишмердигин координациялоо маселелери боюнча атайын єкїлчїлїктїн кызматын мыйзамсыз тїзїїдє кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланга-ны їчїн. Анын кесепетинен республика-лык бюджеттен 10 млн. сом чыгымдалган; 3. “Бизнес Партнер” ЖЧКсын ыктыяр-дуу патенттєєнїн негизинде салыктарды чогултуу боюнча салык органдарынын функцияларын мыйзамсыз єткєрїп бе-рїїдє кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысынын неги-зинде.

Учурда: Бишкек шаарынын Бирин-чи Май райондук соту А.Келдибековдун саламаттыгына байланыштуу аны да-рылануу їчїн убактылуу бошоткон. Ал учурда Германияда дарыланып жатканы маалым. Толук айыккан соў мекенине кайтып келип, мыйзам алдында жооп бериши керек.

МИЛЛИОНДОРДУ «БАЖАРСА» ДА ЭРКИНДИКТЕ ЖЇРГЄН

ИСХАК АЙТБАЕВИЧ«Кыргызнефтегаз» ишканасын жетек-

теген кезинде 260 млн. сомдон ашуун ка-ражатты сол чєнтєккє солоп койгон де-лип айыпталган андагы «республикачы», мындагы «бир болчу» Исхак Пирматов-дун бактысы тоодой экен. Учурда эч нерсе болбогондон бетер ЖоКеде депутаттыкты аркалап жїрї.

Козголгон кылмыш иштеринин бере-нелери: Башкы прокурор Аида Салянова

Исхак Айтпаевичке карата Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси менен («Ком-мерциялык мекемеде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган») кыл-мыш ишин ачкан.

Суудан кургак чыкканда: Башкы про-курор Аида Салянова И.Пирматовду кыл-мыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу сунуштаманы ЖК тєрагасына 2012-жыл-дын 21-февралында жєнєткєн. Анын негизинде комиссия тїзїлїп, жыйын-тыгында И.Пирматовду кылмыш жооп-керчилигине тартуу боюнча анык далил-дер жок деген чечим чыгарган. Ал эми 2012-жылдын 28-мартында Жогорку Ке-ўеш Башкы прокурордун сунуштамасын четке каккан. Эгер кесиптештери корго-бой калганда, Исхак мырза темир тордун тєрїндє отурмак.

400 МИЎ СОМДУ «АП» ЭТКЕН ОБДУНОВДУН КОЗГОЛОР ТЇРЇ ЖОК

2012-жылдын 22-ноябры. Бул кїнї парламенттеги «Республика» фракция-сынын депутаты Элмурат Обдуновго кыл-мыш иши козголду.

Козголгон кылмыш иштеринин бере-нелери: Башкы прокурор Аида Салянова Элмурат Обдуновго карата Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Бирєєнїн ка-рамагындагы буюмду коротуу же ээлєє»), 304-беренеси («Кызмат абалын кыянат-тык менен колдонуу») жана 315-берене-синин («Документтерди жасоо») алка-гында кылмыш ишин ачкан.

Тїрмєдєн кутулганынын себеби: Баш-кы прокурор Аида Салянованын айты-мында, Э.Обдунов 2009-2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинде баш-кы бухгалтер болуп турганда каржылык мыйзам бузууларды жасаганы аныктал-ган. Ага ылайык, Э.Обдунов мамлекетке 400 миў сомдон ашык зыян алып кел-тирген. Бирок, аны мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууга парламент макулдук бербей, Элмурат мырза тоо-дой балээден кутулду. Ошондон бери дымын чыгарбай, «кнопка» басканды гана билип «балык» депутаттардын ка-тарын толуктап калды.

КАЧЫП КЕТИП КУТУЛДУ…Башкы прокуратуранын укуругу узун

экен, анын чалган чалмасы «ата журтчу» депутат Нурлан Сулаймановдун мойнуна барып илинди.

Козголгон кылмыш иштеринин бе-ренелери: Н.Сулаймановго карата Кыл-мыш жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бєлїгїнє («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») ылайык, транспорт жана байланыш министри болуп турган кезинде жасаган кылмыштары їчїн кыл-мыш иши ачылган.

Єлкє казынасына келтирген зыяны: Расмий статистикага таянсак, Н.Сулай-манов транспорт министри кезинде 249 млн. 675 миў 600 сом каражатты рес-публикалык бюджеттин эсебинен жол куруучу техникаларын жеткирїї жана жабдууларды пайдаланууда «ДорМаш-Комплект» ЖЧКсына артыкчылык бер-гени кабарланган. Бирок, ал сыртка чы-гып кеткен бойдон мыйзам алдында жооп берїїдєн качып жїрєт.

Учурда: А.Келдибековчосунан жїрє-гїнє операция жасатмакчы болуп Гер-манияга учуп кеткен эле. Бирок эркин басылмалардын биринин жазышынча, ал їй-бїлєсї менен Москвага кїн кечи-рип атыр. Жыйынтыгында ачылган кыл-мыш иши ачылган бойдон туру, ошол эле

маалда депутаттык мандатынан ажырады. Мекенине качан кайтып келери белгисиз.

«АТАСЫНЫН БАЛАСЫ» - «ЖЕГЕНДЕРИН» КАРАЧЫ

Канкор президент Курманбек Бакиев-дин «уулу» Нариман Тїлеев Бишкек мэ-рин калчаган кезинде алкымын тыя алба-ган экен, Кытайдан келген автобустандан 100 млн. сомго чукул каражатты «аш» кылып жибергенге їлгїрїптїр. Мындай «эрдиги» 2012-жылы ашкереленип ат-пайбы. Ошол кездеги Башкы прокурор-дун 1-орунбасары Нурлан Жээналиевдин “Азаттык” анын їстїнєн Кылмыш-жа-за кодексинин 303-берененин биринчи пункту менен кылмыш иши козголгон. «Бул коррупция деген єтє оор кылмыш. Мындай кылмышка шектїї болсо депутат болобу, же башкабы алардын макулдугу-нун кереги жок» деген эле Н.Жээналиев.

Учурда: Бишкек шаарынын єкїмїн кї-тїп жаткан кези. Себеби, Ленин район-дук соту былтыр 29-июлда аны 11 жыл кїчєтїлгєн режимге эркинен ажыратып, їй-мїлкї жана башка байлыгы мамлекет-тин пайдасына конфискациялоо тууралуу єкїм окуган. Ал эми мурдагы шаар башчы менен кошо айыпталып жаткан мэриянын беш кызматкери да 5 жылдан 13 жылга чейин кесилишти.

БИРИНЧИ ШЕФИ, АНЫН АРТЫНАН ОРУНБАСАРЫ

Экс-«ата мекенчи» депутат Равшан Са-бировдун саясый карьерасына социалдык єнїктїрїї министри кезинде чекит коюл-

ду. Бишкек шаардык соту єткєн жылы аны министр кезинде балдарды эл аралык асыроого уруксат берїїдє коррупциялык иштерге аралашкан деп таап, беш жыл-га эркинен ажыратып, їй-мїлкїн кон-фискациялоо чечимин чыгарды. Анын жардамчысы М.Мирзахмедов їч жыл-га кїчєтїлгєн режимде абакка кесилсе, алардын артынан кєп єтпєй министр-дин орун басары Гїлнара Дербишева да камакка алынды. Бишкек шаарынын Би-ринчи Май райондук сотунун єкїмїнє ылайык, Г.Дербишева беш жылга кесилди. Ал жаш баласы болгонуна байланыштуу жаза мєєнєттї баласы 14 жашка толгон соў єтєп баштамакчы. Учурда кичїї уулу 11 жашта.

КАЛГАНДАРЫ ТАБЛИЦАДА…Тизмени санай берсек толтура (калга-

нын тємєндєгї таблицадан табасыздар). Ушунун єзї коррупцияга каршы кїрєш эмей эмине? Калганын окурман журтчу-лугунун таразасына коебуз.

№ Аты-жєнї Эмне себептен козголгон Жыйынтыгы

1 Иса Ємїркулов

Бишкек мэриясын жетектеген кезинде жер-лерди мыйзамсыз бергени їчїн кылмыш иши ачылган

Райондук жана шаардык соттон акталды

2 Чыўгыз Узакбаев

КР Єкмєтї тарабынан бєлїнгєн гранттык ка-ражаттан 7 млн. долларды мал чарба тарма-гын колдоо программасына бєлїї чечими ка-был алынган. Бирок текшерїїнїн жїрїшїндє Ч.Узакбаев айыл чарба жана мелиорация ми-нистри болуп иштеп турганда кызмат абалы-нан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу “Бапа” дыйканчылык чарбасы кредит алуу їчїн тиешелїї талаптарга жооп бербегенди-гине карабастан, жетекчиси бир тууганы С.У-закбаев болуп саналган бул дыйкан чарбасына да 419 миў доллар кредит бєлїї тапшырмасын берген. Натыйжада Башкы прокуратура тара-бынан мурдагы айыл чарба жана мелиорация министри Чыўгысбек Узакбаевге карата КК-нын 304-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон

Учурда кылмыш иши боюнча тергєє амалдары жїрїїдє

3 Учкунбек Ташбаев

Бишкектин Биринчи Май райондук соту єкмєт алдындагы мамлекеттик геология жана жер ресурстар боюнча агенттигинин мурдагы же-текчисин Кылмыш жаза кодексинин 304-бе-ренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 316-беренеси «(Шалаакы-лык») боюнча кїнєєлїї деп тапкан

Биринчи Май ра-йондук соту аны 5 жылга эркинен ажыратты

4 Курманбек Осмонов

«Кумтєр» боюнча 2003-2004-жылдардагы ке-лишимге кол койгону їчїн Башкы прокурату-ра тарабынан кылмыш иши ачылган

Кылмыш иши коз-голору менен чет єлкєгє дарыланып кетти. Кылмыш иши эскиргенине байла-ныштуу иш токто-тулду

Баса, дал ушул коррупцияга байланыштуу акыркы тєрт жылда мурдагы 3 министр-ге, єкмєт алдындагы агенттиктердин 4 жетекчисине, райондордун жана шаарлардын 10го жакын жетекчилерине, жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдарынын 300гє жакын жетекчилерине жана адистерине кылмыш иши ачылган. Бул коррупцияга кар-шы кїрєш бекеринен жїрбєгєнїн дагы бир ирет ырастайт.

Акинай АЙДАРОВА

Page 7: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

№ 102 • 31-октябрь, 2014-жыл

7МААРАКЕНИ УТУРЛАЙ

«ЄЛКЄНЇ ЄНЇКТЇРЇЇ» ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, «Руханият» сыйлыгынын ээси, тарых илимдеринин кандидаты, коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин ысымы бїтїндєй кыргыз элине аттын кашкасындай белгилїї десек аша чапкандык болбос. Бул инсан 19 жашынан тартып бир катар кызматтарды аркалап, кыргыз эли, кыргыз журтчулугу їчїн тоодой эмгектерди жасады. Алгачкы эмгек жолун Кочкор айылындагы мектептердин биринде катардагы мугалимдиктен баштап, андан соў завуч, райкомдун бєлїм башчысынын орун басары, КПСС БКнын инструктору, «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитинде башкы редактор, Фрунзе шааркомунун 1-катчысы, Кыргыз ССР КП БКнын 1-катчысы, Кыргыз Республикасынын «легендарлуу парламентинин» депутаты болуп элинин алдында ак кызматын єтєгєн.

Турдакун Усубалиевичтин эмгек жо-лундагы єзгєчєлєнгєн окуялары менен, тарыхый єзгєрїїлєрї менен тїбєлїккє эсинде калган кызматы – бул 1-катчы-лык кызматы. Азыркы биздин тил менен айтканда – Президенттик ишмердїїлїгї. Себеби, бул мезгил аралыгында, тагы-раак айтканда 1961-жылдан 1985-жылга чейинки убакыт ченеминде Т. Усубалиев єзїнїн мекенинин жана кадырман элинин алдында чыныгы патриот, єлкєнїн єнїгї-шї їчїн кан-жанын аябай иштей турган инсан катары кєрсєтє алды десек жара-шар. Т. Усубалиев 1-катчылык кызматын ээлеп турганда єлкєдє, анын ичинде бор-борубуз Фрунзе (азыркы Бишкек) шаа-рында чоў єзгєрїїлєр болуп, алга карай кадам таштоо процесси жїрїп турган. Бул боюнча КРнын 3- жана 4-чакырылыш-тарынын депутаты, Бишкек шаарынын экс-мэри Аскар Салымбеков тємєнкї-лєрдї жазып кеткен: «…1965–85-жылдар-да Фрунзе шаарыбыздын кєркїнє кєрк кошкон, ансамблдешкен, архитектуралык жагы эў сонун чечилген, уникалдуу, тї-бєлїктїї имараттарыбыз, элге салынган турак жай, айыл кыштактарда суу чыкпай жаткан кайрак жерлерге каналдар куру-

луп, суу тїтїкчєлєрї орнотулду. Миўдеген гектар аянттар жашыл талаага айланды. Алыскы райондун кыштоолорун, орто жайлоолоруна чейин электр энергиясы жеткирилди. Негизги байлыгыбыз мал чарбачылыгына єзгєчє кєўїл бурулуп, айтаарлык жетишкендиктер жаралды. Эл турмушу оўолуп, жогорку чегине чейин жетти. Аларды тейлєє жакшырды. Айыл жаўы техника менен їзгїлтїксїз жаўыла-нып турду…». Буга удаалаш кылып Кыр-гыз эл мугалими, коомдук ишмер Мукаш Базаркуловдун да Т. Усубалиевдин чейрек кылым єлкєнї башкарып тургандыгына баа берген цитатасын келтиргим келип турат: «… Ушунча узак убакыт республи-канын башында туруп, анын материалдык жана руханий байлыгын кемитпей, кайра кєп эселеп кєбєйтїп, барк-баасын кєтє-рїп, жыргалчылык менен ынтымактын кучагында нарктуу жана акылман баш-каруу, акыйкатта, чындыгы адамдык эр-дик болуп саналат…». Ал эми Турдакун аксакалыбыздын замандашы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин тєрагасы (1958–61-ж.ж.), 1-тышкы иштер ми-нистри (1944–49-ж.ж.) Казы Диканбаев 1-катчы туурасында тємєнкїдєй ойлор-ду бєлїшїп кеткен: «Мен Турдакун Усу-

балиевичти мыкты журналист, акылман тарыхчы-философ, кєрїнїктїї партия-лык жана мамлекеттик кызматкер катары жакшы билем… Отуз жыл бою мен Тур-дакун Усубалиевич менен тыгыз байла-нышта иш алып бардым. Мамлекетибиз-дин башчысы катары, ал чейрек кылым ичинде єзїнїн эли жана єзїнїн мекени їчїн баа жеткис иштерди жасады. Муну эч ким тана албайт. Ємїрїндєгї кыйын учурларында дагы Турдакун Усубалиевич, бардыгына сабырдуулук менен мамиле жасап, єзїнїн баркын, наркын жоготпой, барыдан мурун интеллигент жана ойчул адам катары єзїн сактап келет…».

Турдакун Усубалиевич мыкты жетекчи гана болбостон, мыкты калемгер катары дагы калыў элге маалым. Анын калеминен коомдун саясий-экономикалык абалын, єлкєдє болуп жаткан тїрдїї маселелер-дин жаралышын, аны чечїїнїн жолдорун чагылдырган публицистикалык макала-лары жазылып, алар республикабыздын тїрдїї газета журналдарынын беттери-нен орун алып, учурдун актуалдуу дел-ген материалдарынын катарын толуктап келген. Турдакун Усубалиевичтин жаз-ма ишмердїїлїгїнїн кульминациясын 7

томдон турган бакандай эмгеги тїзєт де-сек жаўылышкан болбойбуз. Бул эмгек-тердин ар бири єз алдынча формага, те-реў мазмунга жана єзгєчє жазуу стилине ээ. Бул эмгектери туурасында Кыргыз эл жазуучусу, «Манас» орденинин кавалери Асанбек Стамов «Кыргыз Туусу» газета-сына берген макалаларынын биринде: «Турдакун Усубалиев єз авто портретин толук жазып койгон инсан. Аксакалдын жети томдон турган эмгеги єткєн кы-лымдын орто ченинен тартып, аягына чейинки болгон Кыргыз Республикасы-нын турмушу жєнїндєгї энциклопедия. Мына ушул томдордо кутманыбыз рес-публиканы башкаруудагы тїзїїчїлїк ка-сиетин толук кєрсєткєн…» деп жазган. Ал эми саясий илимдеринин доктору, КРнын V чакырылышынын депутаты Каныбек Иманалиев тємєнкїлєрдї белгилеп єтєт: «…Мындан 7-8 жыл мурун журналистика адистигине билим алып жаткан студент-тер менен жолугушуп калсам: «Сиз Кыр-гызстанда №1 публицист деп кимди эсеп-тейсиз?» - деп суроо менен кайрылышты. Мен «Турдакун Усубалиев, ишенбесеўер ал жазып чыгарган 4 томдугун барактап чыксаўар» - деп жооп бердим…».

Турдакун Усубалиев кыргыз саясий элиталарынын ичинен жылдызы жарык жанган инсандарынын бири. Бул ойго саясат чєйрєсїндє жїргєн адамдар гана эмес, калыс караган карапайым калктын каймактары дагы кошулат деген ойдо-мун. Бул инсан кыргыз элинин баа жет-кис байлыгы болгон тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов, Б. Исакеев, И. Раззаков єўдїї тарыхый инсандардын катарына кошулуп олтурат.

Турдакун Усубалиевичтин 95 жылдык юбилейи Республикабыздын булуў бурч-тарында кызуу белгиленип, аксакалдын урматына, бул инсандын ємїр жолун, иш-теген ишин, чыгармачылык ишмердїїлї-гїн чагылдырган илимий-практикалык конференциялар, тегерек столдор, кєр-гєзмєлєр байма бай уюштурулуп жаткан чак. Мына ушундай иш-чара борборубуз Бишкек шаарындагы Улуттук компьютер-дик гимназиясында (УКГ, мурунку №5 мектеп) болуп єттї. Тегерек стол тїрїндє уюштурулган бул иш чара «Улуу элдин улуу уулу Турдакун Усубалиев 95 жашта»

деген аталышты алып, окуучулардын ак-тивдїї катышуусу менен єз максатына жет-ти десек болот. Жыйындын жїрїшїндє Т.

Усубалиев туурасында 3 мїнєткє созулган видео тасма, окуучулар даярдап келиш-кен кыскача видео репортаждар кєрсєтї-лїп, залкар адамыбыздын ємїрї, эмгек жолу камтылган, китептери туурасында, анын мазмунун ачып кєрсєткєн ойлордон куралган докладдар окуучулар тарабы-нан мыкты аткарылды. Аягында тегерек столдун катышуучулары резолюция кабыл алышып, ага Т. Усубалиев тууралуу мектеп-тин базасында чоў конференция уюшту-рууну, мїмкїн болсо окуучулар менен бул инсанды жолуктурууну, Т. Усубалиев жана ушуга окшогон кыргыз элинин чыныгы саясий элиталары тууралуу тарых сабагы-нан кенен жана кошумча маалыматтарды берїїнї, мектеп ичинде бардык класстар-га Т. Усубалиевдин ємїр жолу, иштеген иши тууралуу класстык ачык сабактарды єткєрїїнї киргизишти. Тегерек столго УКГнын 11м1, 11м2 класстарынын окуу-чулары тартылып, ага физика мугалими, илимий иштер боюнча директордун орун басары А. Эмилбек уулу тєрагалык кылды.

Т. Усубалиевдин адамдык сапаттары, жасаган иштери бїгїнкї кїндїн муун-дары їчїн – эталон болуп саналат. Биз, келечектин кожоюндары, бул инсан ба-сып єткєн узак жолду тереў талдап, ар бир эртеўки кїнїбїз їчїн кєп сабактар-ды алсак болот. Бул, албетте, Турдакун аксакалды жєнї жок ашкере мактаган-дык эмес, чыныгы, реалдуу нерсени гана ачыкка чыгаруу.

Учурдан пайдаланып мен дагы Турда-кун Усубалиевичти 95 жылдык торколуу тою менен чын ыкласымдан куттуктап, аксакалга бекем ден соолук, бактылуу карылык каалап, арабыздан алыстабай, кыргыз элине караан болуп жїрє бери-шине тилектешмин!!! Кыргыз мамлекет-тїїлїгїнїн бекемделишине, анын єсїп єнїгїшїнє кошкон салымы їчїн таазим кылып, ыраазычылыгымды билдирем. Ырахмат, Сизге, Турдакун Усубалиевич!!!

ЭМИЛБЕК уулу Айбек, УКГнын илимий иштер боюнча

директорунун орун басары

Т. Усубалиев Косыгин Алексей Николаевич менен

Page 8: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

№ 102 • 24-октябрь, 2014-жыл

8 АВТО

MAZDA DEMIO Эў алгачкы жолу 1996-жылы Японада, ал эми 1998-

жылы Европада сатыла баштаган. Ал кездерде эў кєп сатылган машиналардын катарын толуктап, бир айдын ичинде 3000-4000 машина сатылып турган. Бул маши-нанын тїрї Кыргызстанда єз ордун таап, элдердин кул-пунуна толуп келет.

Кыймылдаткычтын кєлємї-1.3л жана 1.5л (їнємдїї)

Кузов тїрї- ХэтчбекУзундугу—3925 ммТуурасы— 1680 ммБийиктиги— 1530 ммЭшиктеринин саны-5Орундарынын саны-5Массасы-1450 кгБагажынын кєлємї мин/мак-330/1298лБензин багынын кєлємї-40лКїйїїчї майдын сарпталышы 100 км:Шаар ичи-8.8лТарассада-5.7лДєўгєлєк єлчємї- 165/70 R13Баалары-4000, 5000миў доллар

DAEWOO TICOКореянын "Daewoo” компаниясы тарабынан

1991-жылдан баштап 1997-жылга чейин чыгып кел-ген. Бул їнємдї болгон машиналарды кєбїнчє биздин Ош областынан кезиктирсек болот.

Кыймылдаткычтын кєлємї-0.8л (їнємдїї)Кузов тїрї- ХэтчбекУзундугу -3340 ммТуурасы- 1400 ммБийиктиги- 1395 ммЭшиктеринин саны-5Орундарынын саны-4Массасы- 915 кгБагажынын кєлємї мин/мак- 145/1050лБензин багынын кєлємї- 30 лДєўгєлєк єлчємї- 135R12Кїйїїчї майдын сарпталышы 100 км:Шаар ичи-6.9лТрассада-5.5лПривод-алдыўкыБаалары- 2000, 2500 миў доллар

SUZUKI ALTOАлгач бул тїрдєгї машинаны Индия мамлекети чы-

гармак, бирок ар кандай себептер менен 1979-жылы Япо-ниянын “Suzuki” компаниясы чыгарат. 2009-жылы чык-кан “Suzuki Alto” ар бир мамлекеттен єз ээлерин таап, алардын сїймєнчїлїгїнє ээ болуп келет. Бул єўїттєгї машина биздин єлкєбїздє да єз ордун таап келїїдє.

Кыймылдаткычтын кєлємї - 1.0 л (їнємдїї)Кузов тїрї- ХэтчбекУзундугу-3500ммТуурасы-1600ммБийиктиги-1470ммЭшиктеринин саны-5Орундарынын саны-4Массасы-1250кгБагажынын кєлємї мин/мак-129/367лБензин багынын кєлємї-35лДєўгєлєк єлчємї- 155/65 R14Кїйїїчї майдын сарпталышы 100 км:Шаар ичи-5.5лТрассада-3.8лПривод-алдыўкыБаалары-3000, 3500 миў доллар

MAZDA DEMIO, DAEWOO TICО, SUZUKI ALTOАкыркы кїндєрї Кыргызстанда кїйїїчї май кїн санап єскєн сайын, элдердин кєбї кїйїїчї майды аз сарптаган машиналарга кача башташты. Биз кїйїїчї майды аз сарптаган машиналардын їч тїрї (хонда FIT, тойота IST, жана DAEWOO MATIZ) менен тааныштырып кеткенибиз эсиўизде болушу керек. Бїгїнкї саныбызда силерге Mazda Demio, Daewoo Ticо, Suzuki Altoлорду сунуштамакчыбыз

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Page 9: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

9

№ 102 • 24-октябрь, 2014-жыл

99МЕКЕНДИН МЕКЕНЧИЛ УУЛУ

“БАЛТЫР ТИЛГЕН БАЛАЧАК-ЄМЇРДЇН БАШАТЫ”

“Туулган жердин топурагы алтын” дегендей, єзїнїн Ата-Журтунда эле эмгек жаратып, элдин пайдасына жарап жаткан мекенчил инсандардан элибиз уучу куру эмес. Ошондой маўдай тери менен эл-журтубуздун бїгїнкї кїндєгї ийгиликтерине салым кошуп жаткан ишкер мырза Автандил Кулбараков жєнїндє кєптєр сыймыктануу менен кеп салат. Сенин бїгїнкї ойлогон оюўдан, сїйлєгєн сєзїўдєн, жасаган иштериўден эртеўки жашооўдун кандай болоору тїзїлєт дешет. Талыкпаган эмгексиз ийгиликке жетїїнї каалоо-їрєн сеппеген жерден тїшїм алууга окшош. Биздин каарман кыргызымдын кырааны Автандил мырза эл їчїн талыкпаган эмгектин артынан ийгилик жаратып, сепкен їрєндєн мол тїшїм алууда. Байлык-мээнеттин тїшїмї. Тїшїмдї пайдалана билиш керек. Пайдаланганды билгенде ал сага эч убакта кожоюн боло албайт. Автандил мырза ишмердїїлїгїнїн натыйжасында эли-жери їчїн ак эмгек жаратып келїїдє. Бул каармандын ємїр-таржымалына саякатка чыктык.

“Адам єз балалыгын ємїрї єткїчєк-тї сактап жїрєт”, -деп бир акылмандын накылы сєзї кандай калетсиз чындык! Бїгїнкї каарманыбыз 1961-жылдын 21-сентябрында Жумгал районунун Чаек айылында ыўаалап жарык дїйнєгє кел-ген. Ал ар бир жараткан ийгилиги їчїн алтын бешикке бєлєгєн мээримин март-тык менен тєккєн, тїн уйкусун тєрткє бєлїп, їстїўдєн їзїлїп тїшїп, кєзїўдїн карегиндей чарк айланган-энесине ыраа-зы болуп келет. Апасы Зина катуу оору-дан Автандил мырза 4 жашка чыкканда каза болот. Автандил мырзаны чоў апасы Турдукан багып чоўойтот. Ал эми уулдуу болгонуна кубанычында чек жок болгон. Илдус атасынын каректеринен бакыт там-чысынын тамышы айтып бїткїс дастан эле. Бул каармандын балачагы эсте ка-лаарлык нары кызык, нары маўыздуу єтїптїр. Балалык учуруў киргил сууга

аралаша элек аска тоонун мєлтїр була-гындай тунук да, таза да болот тура. Чоў атасы кичинекей булак туп-тунук болуп тїбї кєрїнїп турат деп калчу экен. Ал баёо балалыгын дал ошол булакка са-лыштырат. Себеби, жашоонун оош-кы-йыш кєйгєйлєрї менен тїк ишиў жок, эч кимге баш ийбеген “єжєр” мезгил экен. Эчак єтїп кеткен бал татым балачагын, уйду кезїїдєн кїткїчєктї футбол ойногон єспїрїм кезин ага даана элестелип, кєп учурда мен ага кїтїїсїздєн “саякатка” ат-тана чыгып калган учурлары болот. Ошол балалыктын бал даамы алигиче оозунан кетпегенин азыркыга чейин жон териси менен сезип келет.

“КИТЕП ТАРБИЯ БЕРДИ”Окуучулук кїндєрї Мидин Алыбаев

атындагы мектепте єтєт. “Бешиктеги ба-ланын бек болоорун ким билди” дегендей, ошол кезде эле маданий иш чараларда ак-тивдїї катышып, уюуштуруучулук жактан эч кимди алдыга чыгарбаптыр. Класси-калык чыгармаларды чогултуу анын хоб-биси экен. Мектептин китепканасында кєп каттап, дїйнєлїк, орус жана кыргыз жазуучулардын чыгармаларын кызыгуу менен окуучу тура. У. Шекспирдин, Шо-лоховдун, А. П. Чеховдун, Л. Толстойдун, Ч. Айтматовдун, М. Гапаровдун, Є. Дани-кеевдин чыгармалары ага таалим-тар-бия берген. Китептен башы кєтєрїлбєй окуучулук кїндєрї да кызыктуу єтїптїр. Ушундан уламбы келечекте кыргыздын керегине жараган инсан болууну тилек кылууну кєздєптїр.

“ЇЙ-БЇЛЄСЇ – БАЙЛЫГЫ”Сїйїктїї жубайы Чолпонай ар дайым

аны колдоп келет. Кызы Гїлзина уулда-ры Арслан, Субан, Насыркул жана Султан бул дїйнєдє бар байлыктары.

“ДЇЙНЄГЄ САЯКАТ”Балачагынан дїйнєгє саякаттаганды

жактырган Автандил мырза дїйнєнїн теўинен кєбїн кыдырыптыр. Бирок, кан-чалык катуу шамал болбосун ак чардак сїйгєн деўизинен айрылбайт демекчи, кї-нєстїї кыргыз жерин эч бир жерге алмаш-тыргысы келбегенин да жашырган жок.

“МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИНИН БЕЛГИСИ ИШМЕРДЇЇЛЇГЇНДЄ”

Кайсы гана деўгээлде мамлекеттик же-текчи болбосун, анын кїчї менен єзїнїн эмгек жамааты, коомчулук жумурай журт менен ажырагыс байланышта болуп, алар менен бирге жашап, ой-мїдєєлєрї, пи-кирлери, суроолору, сунуш-талаптарына назар салып, ар дайым алардын кїрєє-тамырынын согушун сезип туруусунда. Муну кудайга шїгїр Автандил мырзадай билгендер чанда чыгаар деп ойлоймун. Анткени кол-арага жарап калган кези-нен баштап, мына, ушул кїнгє чейин ал єз эли, єз жерине талыкпай 33 жылдан бери эмгектенип келет.

“ЄЗ ЭЛИНИН ДЕМЄЄРЧЇСЇ”

Автандил мырза Жумгал єрєєнїнє бир топ жакшы иштерди жїргїзїп келет. Ан-дан сырткары кєп учурда демєєрчїлїк кылып, муктаж адамдарга жардамын да аябайт. Жумгал районунун милиция кыз-маткерлерине иштери жакшы жїрїшїш їчїн атайын кызматтык автоунаа белек кылды. Єзї кичинекейинен китепти сїй-гєн жан деп белгилеп кетпедикпи, ошон-дуктан Жумгалдагы С.Байгазиев атында-гы китепканага 80 миў сом єлчємїндєгї акча каражаты жагынан жардам берди. Андан сырткары Жумгалда єтїп жїргєн ат оюндарына да демєєрчїлїк кылып, баш байгеге автоунаа жана жїздєгєн миў сом акчалай сыйлыктарды берип жїрєт.

Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА

Автандил КУЛБАРАКОВ, коомдук ишмер:

Кайсы гана деўгээлде мамлекеттик жетекчи болбосун, анын кїчї менен єзїнїн эмгек жамааты, коомчулук жумурай журт менен ажырагыс байланышта болуп, алар менен бирге жашап, ой-мїдєєлєрї, пикирлери, суроолору, сунуш-талаптарына назар салып, ар дайым алардын кїрєє-тамырынын согушун сезип туруусунда.

Page 10: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

№ 102 • 31-октябрь, 2014-жыл

10

Аделя ЛАИШЕВА, Internewsnetwork єкїлчїлїгїнїн программалык директору:

ММКлар ПРЕЗИДЕНТТИН СЫНДАГАНЫНА АРДАНБАШЫ КЕРЕК, - журналист А.Тынаев

КЫРГЫЗСТАНДА ЖУРНАЛИСТТЕР ОЎ МААНАЙДАГЫ МАТЕРИАЛДАРДЫ АБДАН АЗ ЖАЗЫШАТ

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КЇРЄШТЇН ЖЕМИШИ

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын ММКлары єлкєнїн терс имиджин тїзєт деп айтканы ар кандай пикирлерди жаратты жана кєпчїлїк журналисттерди таарынтты, деп “Азаттык” радиосунун журналисти Азамат Тынаев билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев мамлекеттеги биринчи адам катары туу-ра сїйлєп, ар кандай билдирїїлєрдєн сак болушу зарыл. Журналисттин пикиринде, президент, албетте бардык ММКларды айткан жок. Эмнегедир Атамбаев ошол басылмаларды ачык айтпай, конкреттїї кимге нааразычылыгы бар экенин бел-гилеп кетпеди.

“Кыргызстандын ММКларын катуу сынга алууга болбойт. Биздеги журна-листиканын ролу, жетишкендиктери жана сапаты белгилїї. Биздин кесиптештер ар дайым сєз эркиндиги, биздин мамле-кеттїїлїктїн єнїгїшїнє салым кошуп келген. Муну эч ким тана албайт. Бирок

кесиптештерибиз акыл-эстїї эмеспи, пре-зидент кимди айтып жатканын тїшїнєт деп ойлойм. Интернетте жалпынын наа-разычылыгына ээ болгон макалалар кєп чыгат. Айрым кесиптештер улуттар ара-лык мамилелерди козгоп атышат. Дал ушул кєйгєйдї президент айтып жатат жана биз буга тїшїнїк менен мамиле жа-сашыбыз керек”, - дейт журналист.

А.Тынаев кошумчалагандай, Кыргыз-стандын журналистикасы да укмуш болуп кетпеди. Анын ою боюнча терс жагдайлар да бар. “Баарыбыз билгендей, кєпчїлїк ММКлар єздєрїнїн саясый же оппози-циялык кїрєшїнєн улам кол астындагы журналисттерге керектїї темада, керектїї материалдарды заказ кылган саясатчы-ларга баш ийишет. Кєпчїлїк журналист-тер этикалык кодекс, эл аралык журналис-тиканын принциптери жана стандарттары дегенди эстеши керек. Ошондо президент гана эмес, коомчулук да сындабай калат”, - деди А.Тынаев.

- Журналисттер чындап эле єлкєнїн имиджине таасир этерин так айта алам. Бизге семинарга армян жана азербайжан келишкен эле. Алар биздин басылмалар-ды окуп жана кєрїп алып, бул жакка ке-

лїїдєн кооптонуп калышкан. Келгенде боз їйдє жашап, тєє минген кишилерди эмес, ачык-айрым, жакшы адамдарды кєрїп, таў калышкан.

Кыргызстанда журналисттер кандай-дыр бир жакшы нерселер жєнїндє абдан аз жазышат жана айтышат. Жакшыны жакшы дегендин ордуна аны эмнегедир реклама деп атайбыз. Жакшы жєнїндє жазыш оорурак. Бир жолу Таласка барган элем. Ал жакта айылдарда эл 2 чакырым жаўы жолго, 5 сорт алма берген бакка ку-банышат. Єздєрїнє спортзалдарды куру-шат. Эгерде “Кыргызстандын имиджинин начарлыгында ким кїнєєлїї – журна-листтерби же чиновниктерби?” деген су-роо койгон болсок, анда баары кїнєєлїї.

«Бїткєн ишке сынчы кєп» макалы бе-керинен жаралбаптыр. Айрым саясатчы-лар ийгиликти кєрїп турса да кєрмєк-сєнгє салып, «кылдан кыйкым издєє» менен алек. Баарынан дагы: «Коррупция-га каршы кїрєш тандалма жїрїп калды, жыйынтыгын берген жок» деп каратып туруп ышкыртканда кїйбєгєн жерин кїл болот да. Дал ушул жараянга байланыш-туу ЖКдагы ондон ашуун депутатка, ми-нистр, калаа башчыларына кылмыш иши козголуп, алды жаза мєєнєтїн єтєп жат-канын, бир катар соттордун темир торго тыгылганын айтпай ак коелу, мындай кїрєш айыл чарбасына оў таасирин тий-гизип атканын кайда катабыз? Буга Талас дубанындагы тєє буурчактын баасы эсе-леп єскєнї далил.

Статистиканы карайлы. 2010-жылга чейин тєє буурчактын наркы 20 сомдон ашчу эмес. Апрель окуясынан кийин да-роо 35-40 сомго кєтєрїлдї. Ал эми был-тыр тєє буурчактын баасы 120 сомго жеткени маалым. Таластык туугандар-дын ийгилигине шерденген бєлєк аймак-тын дыйкандары да тєє буурчак єстїрїп

калганы белгилїї. Ушунун єзї азыркы бийликтин айыл чарбасындагы корруп-циянын тамырын кырка баштаганын, мурдагыдай «шапка» алмай, «доляга» отурмай сыяктуу кєрїнїштєрдї жойго-нун айгинелейт.

Бул иштин башталышы гана. Жемсєє-лїктї ооздуктоо жараянын жалпы коом-чулук колдосо, анда чыныгы ийгилик-тер али алдыда. Андыктан четте туруп алып сындаганды жыйыштырып, колу-буздан келген салымыбызды кошкону-буз оў болор.

КЫРГЫЗСТАНДА 2008-2014-ЖЫЛДАР АРАЛЫГЫНДА ТЄЄ БУУРЧАКТЫН БААСЫ ЇЧ ЭСЕГЕ КЄТЄРЇЛГЄН

Кыргызстанда 2014-жылы 2008-жылга салыштырмалуу тєє буурчактын баасы їч эсеге єскєн. Эгерде 2008-жылы 1 килог-раммдын баасы 19-20 сом болсо, азыркы тапта 63-65 сомду тїзєт. Бул туурасында айыл-чарба жана мелиорация Министр-лигинин маалыматында айтылат.

Буга чейин министрдин орун басары Жаныбек Керималиев тєє буурчактын баасы эл аралык рынокто тємєндєп ат-канын кабарлаган. Анткени кєптєгєн єлкєлєрдє тєє буурчактын жогорку тї-шїмдїїлїгї байкалган. Бразилияда тєє буурчактын 1 кг 25 сом, Молдовада 80 сом, Єзбекстанда 44 сом. Тєє буурчактын баасынын єсїї тенденциясы алдын-ала байкоолор боюнча ноябрь айынан тар-та башталат. Бирок 2013-жылдын деў-гээлине жетпейт.

Министрдин орун басарынын ою боюнча аймактарда которуштуруп ай-доону киргизїї керек, анткени мындай ыкма жер кыртышынын кайра калыбы-на келишин камсыз кылат. Айыл-чарба министрлиги тєє буурчактын баасынын 2008-жылдан 2014-жылга чейинки ара-лыктагы маалыматтарын сунуш кылат:

Жылдар Кыш-кїз (баасы сом менен) Жаз (баасы сом менен)2008 19-20 222009 25 чейин 252010 18-22 282011 28-30 352012 30-35 50с2013 Кїзїндє: 55-60, кышында: 74-100 50-552014 Январь-март айларында: 100-115,

кїзїндє: 63-6558-65

ЧЇЙ-БИШКЕК ЮСТИЦИЯ БАШКАРМАЛЫГЫ ЧЇЙ ОБЛУСУНДАГЫ ЖАНА БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ 1997-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНА

ЧЕЙИН КАТТАЛГАН (КАЙРА КАТТАЛГАН) ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ БИЛДИРЕТ:

Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (єкїлчїлїк-тєрдї) мамлекеттик каттоо жєнїндє» Мыйзамыннын 2-пунктунун 24-беренесине ылайык 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) юридикалык жактар, филиалдар (єкїлчїлїктєр) 2015-жылдын 1-январына чейин белгиленген тартипте юстиция органдарынын мамлекеттик кайра каттоодон же иш-аракети-нин токтолушун каттатуудан єтїїгє милдеттїї, Эгерде 2015-жылдын 1-январы-на чейин белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон же иш-аракетинин токтотулушу каттоодон єтпєгєн юридикалык жактар, филиалдар (єкїлчїлїктєр) Социалдык фонддун органынын жана (же) салык органынын тиешелїї арызынын негизинде сот тарабынан мажбурлап жоюлууга жатат.

Page 11: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

№ 102 • 31-октябрь, 2014-жыл

11ЖЕРГИЛИКТЇЇЖАЎЫЛЫКТАР

КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК

Атамбаев:

КАНАДА КЫРГЫЗСТАНГА КАРЫЗДАР

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Канаданын Кыргызстандагы жаўы элчиси Шон Стайлдын ишеним гра-мотасын алуу учурунда билдирди. Єлкє башчы Кыргызстандын Канада менен кызматташтыкты єнїктїрїїгє кызыкдар экенин, бирок ортодо айрым маселелер бар экенин айтты.

Кумтєрдї иштеткен “Камеко” баштаган канадалык компаниялар Кыргызстандан киреше алганын эске салган президент бул єлкєнїн элчисине "Канада кайсы бир деўгээлде Кыргызстанга карыздар" деп билдирди. Ошондой эле Атамбаев Кана-да соттору Кыргызстанга байланыштуу иштерде мыйзамсыз чечим кабыл алга-нын да кошумчалады.

Мындан улам Шон Стайлга бул жаат-тагы бардык маселелерди Канаданын же-текчилигине туура жеткирїїгє чакырды.

Тїркмєнстан, Армения, Куба, Канада, Италия, Эстониянын жаўы дайындалган элчилери Алмазбек Атамбаевге ишеним грамоталарын тапшырышты.

БААЛАРДЫ КЫМБАТТАТУУ ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫН

ЄНЇКТЇРЇЇГЄ ЄБЄЛГЄ ТЇЗЄТМындай пикирин “Бишкек жылуулук

тармагы” ишканасынын башкы дирек-тору Эркин Абдыкалыков 29-октябрда энергетика акысы тууралуу коомдук тал-кууда айтты.

Ал єз сєзїндє жылуулукка баанын кымбатташы тармакты єнїктїрїїгє єбєл-гє тїзєт деп белгиледи. Абдыкалыковдун айтымында, мындан заманбап техника-ларды сатып алууга, зарыл жабдыктарды жаўылоого, жылуулук берїїнїн сапатын жакшыртууга, акыр аягында жылуулук менен ысык суунун баасын алардын єздїк баасы менен теўєєгє мїмкїнчїлїк тїзєт.

Электр энергиясынын жана жылуулук-тун баасы 2010-жылы кєтєрїлгєн, бул эл-дин нааразычылыгын жаратып, апрель окуясынын келип чыгышынын бир себе-би болгон. Бийлик алмашкандан кийин баалар кайра мурдагы калыбына келти-

рилген. Азыркы єкмєт энергия акысын кєтєрїїнї быйыл жазында кайра сунуш-тап, ал июль айында ишке ашырылган.

КЫРГЫЗСТАНДА ИНФЛЯЦИЯ ЧЕКТЕН АШТЫ

Каржы министрлигинин маалыма-ты боюнча їстїбїздєгї жылы социал-дык-экономикалык єнїгїїнїн жайла-шы мамлекеттик бюджетти єзгєртїїгє апкелди. Быйылкы бюджет бекитилип жаткан учурда инфляция 7� болот деп болжолдонгон болсо, жыл аягында 10,6 � тїзєєрї кїтїлїїдє. Ал эми ички дїў продукциянын єсїшї жыл аягына чейин мурда кїтїлгєндєй 6,9� эмес, болгону 4,5� тїзїп жатат.

Маалыматта айтылгандай, коммунал-дык кызмат акыларынын кымбатташы, электр энергиясына жана жылуулукка баалардын кєтєрїлїшї, доллардын сомго карай курсунун жогорулашы –азык-тїлїк бааларынын кескин єсїшїнє алып келди.

Адистер азык-тїлїккє баанын кескин кєтєрїлїшї жана доллардын тездик ме-нен єсїшї - сырттан товар ташып келип кїн кєргєн Кыргызстандын чабал эконо-микасын дагы кыйынчылыкка кептеши ыктымалдыгын айтышууда.

ЭГЕМЕНДЇЇЛЇКТЇН 23 ЖЫЛЫНДА ИИМ СИСТЕМАСЫН

РЕФОРМАЛООГО БИР ДАГЫ СОМ БЄЛЇНГЄН ЭМЕС, –

Ш.Мамыров 30-октябрда «Ички иштер органдарын

реформалоо мониторинги. Жыл жыйын-тыгы» форумунда ИИМдин ички иште-ринин ишмердїїлїгїн єнїктїрїї бєлї-

мїнїн жетекчиси Шамшыбек Мамыров, эгемендїїлїктїн 23 жылында ИИМ сис-темасын реформалоого бир дагы сом бє-лїнбєгєндїгїн айтты.

«Азыркы форумдун актуалдуулугу шек жаратпайт. Анткени, мониторинг бирин-чи кезекте сын їчїн эмес, а системаны ре-формалоо боюнча аракеттердин планын тїшїндїрїї їчїн жїргїзїлгєн», - деди Ш.Мамыров.

Ал, азыркы жетекчилик жана министр-ликтин курамы реформаны кармангандар экендигин белгиледи. «Биз жаўы шарт-тарда иштегенге, жаўыча ой жїгїрткєн-гє даярбыз. Биз жарандык коом менен бирге динамикалуу кадамдарга барышы-быз керек. Бирок, албетте кандай гана реформалоо болбосун каржылоо кєй-гєйї менен кагылышат. Бирок Кыргыз-стандын эгемендїїлїгїнїн 23 жылында укук коргоо органдарында системалуу тїзїмдїк єзгєрїїлєрдї жїргїзїї їчїн бир дагы сом бєлїнгєн эмес»,- деп бел-гиледи ИИМ єкїлї.

ДЕНЕСИНЕ БИР НЕЧЕ ИРЕТ БЫЧАК САЙЫЛГАН ИШКЕР Р.АЛКАНОВГО КОЛ САЛУУ

БОЮНЧА ЄСПЇРЇМ КЫЗ КАРМАЛДЫ, ДАГЫ ЭКИ КЫЗ

ШЕКТЕЛЇЇДЄ, - ИИМТалас шаарында денесине бир нече

ирет бычак сайылып, ооруканага жетки-рилген жеке ишкер Райкан Алкановго кол салуу фактысы боюнча Талас ШИИБдин иликтєє бєлїмї тарабынан КРнын Кыл-мыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам ємїрїнє коркунуч келтирїї) менен кылмыш иши козголду. 28 октябрь эртеў менен бул ишке шектїї катары жашы жете элек єспїрїм кыз кармалгандыгы тууралуу маалымдалган. Ошондой эле 28-октябрда ИИМдин басма сєз кызма-ты АКИpress агенттигине билдиргендей, аталган иш боюнча дагы эки кыз шекте-лїїдє. «Алардын бири 17-18 жаштар ча-масында, ал эми экинчиси 32-33 жаштар чамасында», - деп айтылат ИИМдин маа-лыматында. Алар ири суммадагы (200 миў сом) акча каражатын ээлеп алуу їчїн кол салгандыгы жана денеге оор залал келтирїї боюнча шектелїїдє.

Иликтєє иштеринин жїрїшїндє далил катары Талас облусундагы айылдардын биринде жайгашкан турак їйдєн шек-тїїлєргє тиешелїї буюм табылды. Илик-тєє иштери менен белгилїї болгондой, шектїїлєр окуя болгон кїндєн кийинки кїнї уурдалган акчага дїкєндєн кїнїм-дїк колдонулуучу кийимдерди алышкан.

Учурда тиешелїї экспертизалар дайын-далып, шектїїлєрдї кармоо чаралары кєрїлїп жатат. Эске салсак, буга чейин ИИМдин билдирїїсїнє ылайык маалым-далгандай, 26-октябрда саат 10дор чама-сында Талас шаарынын аймактык оорука-насына бычак менен ич кєўдєйїнє чейин жаракат алган жаран тїшкєндїгї туура-луу маалымат келген. Окуя болгон жер-ге ШИИБдин ыкчам-тергєє тобу барган. Аталган жабырлануучу жеке ишкер Р.Ал-канов болуп чыккан. Ишкердин айдоочу-суна шилтеме берїї менен ИИМ маалым-дагандай, Р.Алканов бир нече кїн мурун

Бишкек шаарынан Таласка облустун 70 жылдыгына карата барган. Айдоочу аны 25-октябрда кечинде їйїнє чейин жетки-рип, андан кийин кетип калган. Кийинки кїнї эртеў менен айдоочу кєрсєтїлгєн їйдїн экинчи кабатынан бычактан жа-ракат алган Р.Алкановду кєрїп, тез жар-дам кызматын чакырган. 27-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сєз кызматы Талас облустук би-риктирилген ооруканасынын директору Шаршенбек Жумашалиевге шилтеме бе-рїї менен билдиргендей, Р.Алканов де-несине 18 ирет сайылган бычактан жара-кат алган абалда ооруканага жеткирилген жана жергиликтїї адистер тарабынан шашылыш операция жасалды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги белгилегендей, учурда Р.Алкановго Талас облустук бириктирилген ооруканасынын жандандыруу бєлїмїндє зарыл болгон медициналык жардамдар кєрсєтїлїїдє. Ал эми, Би-Би-Си Р.Алкановдун жубайы-на шилтеме берїї менен билдиргендей, ишкердин жубайы анын денесине 18 ирет бычак сайылган деген маалыматты жок-ко чыгарууда. «Жолдошума бычак сайыл-ганы чын. Бирок, он беш жолу, он сегиз жолу бычак урулду дегени жалган. Анын абалы жакшы, уулум ооруканага кирип сїйлєшїп чыкты. Болуп єткєн окуяны анын ишкердигине байланыштыруу кы-йын. Азырынча эч кимден шектенген жок-пуз», - деп билдирген ишкердин жубайы.

БИШКЕКТЕ ЖЕР-ЖЕМИШ САТЫЛУУЧУ ПАВИЛЬОНДОН

ЄРТ ЧЫКТЫБишкек шаарынын Сухэ-Батор жана

Юнусалиев кєчєлєрїнїн кесилишинде жайгашкан аянты 20 чарчы метр болгон жер-жемиш сатылуучу павильондон єрт чыкты, деп билдирди ЄКМдин басма сєз кызматы.

Маалыматка таянсак, єрттїн кесепе-тинен ичинде 2 даана муздаткыч, конди-ционер, жер-жемиштер кїйїп кеткен. Єрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыкканы аныкталды.

«МАНАС» АЭРОПОРТУНАН ОРУСИЯГА БАШКА АДАМГА ТААНДЫК ПАСПОРТ МЕНЕН КЕТЇЇГЄ АРАКЕТ КЫЛГАН

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫ КАРМАЛДЫ

29-октябрда эл аралык «Манас» аэ-ропортундагы єткєрїї пунктунан башка адамга тиешелїї паспорт менен єтїїгє аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын бас-ма сєз кызматы маалымдагандай, мын-дай ишке аракет кылган жаран Бишкек-Новосибирск маршруту боюнча №3294 каттамында паспортторду текшерїї учу-рунда башка жаранга тиешелїї паспорт-ту кєрсєткєн.

Тиешелїї документтер толтурулган соў кармалган жаран КРнын УКМК кызмат-керлерине єткєрїлїп берилди.

ИНГУШЕТИЯДА ДАЙЫНСЫЗ БОЛУП ИЗДЕЛИП ЖАТКАН

Т.ОЗДОЕВА МЕНЕН АНЫН 3 ЖАШТАГЫ УУЛУ

КЫРГЫЗСТАНДАН ТАБЫЛДЫИнгушетия Республикасынын Ички

иштер министрлиги жїргєн жери дайын-сыз болуп изделип жаткан Тамара Оз-доева менен анын 3 жаштагы уулу Аб-мурохман Маматовдун Кыргызстанда экендигин расмий билдирди, деп маа-лымдайт Kavkaz-uzel.

Полицияга кайрылган Ингушетиянын жашоочусу О.Оздоев ушул жылдын 14-ок-тябрында 23 жаштагы эжеси Тамара Оз-

доева уулу менен базарга кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Изделип жаткан аял єзїнїн паспорту менен баласынын туулгандыгы тууралуу кїбєлїгїн їйїнє калтырып кеткен. Ки-йинчерээк Ингушетия ИИМне Т.Оздое-ва баласы менен Кыргызстанга кїйєєсї-нє кеткендиги тууралуу маалымдалган. Бирок, анын Кыргызстандын аймагына єткєндїгї расмий тастыкталбагандыктан бул маалыматты тастыктоочу билдирїї кїтїлїп жаткан. Полиция кызматкерле-ри тарабынан жїргїзїлгєн ыкчам-илик-тєє иш-чараларынын жыйынтыгы ме-нен 22-октябрь кїнї Т.Оздоева менен анын уулунун жїргєн жери аныкталды, деп маалымдайт Ингушетиянын ИИМи.

Маалыматка ылайык, учурда Т.Оздоева жана анын уулу Кыргызстандагы тууган-дары менен бирге. Аларды издеп жаткан жакындарына бул тууралуу маалымат бе-рилди. Ал эми, Т.Оздоева баласы менен документтери жок абалда Орусиянын ай-магынан Кыргызстанга кантип єткєндїгї тууралуу маалымат берилген эмес.

СИРИЯДАГЫ СОГУШКА ЇНДЄГЄН ОКУУЧУ

АНЫКТАЛДЫОш шаарындагы мектептердин бирин-

де билим алган бала Сириядагы согушка классташтарын їндєп келгени аныктал-ды. Бул тууралуу Ош шаардык милиция-сынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Орусияга єткєн жылы кеткен окуучу "Одноклассники" со-циалдык тїйїнї аркылуу классташтарын Сириядагы согуштук аракеттерге каты-шууга їгїттєп келген. Ал согуштун диний мааниси чоў экенин белгилеп, Сириядан тартылган сїрєттєрдї жана радикалдык исламдын чакырыктарын камтыган тас-маларды салып турган. Ошол эле мате-риалдарды башка балдарга таратууну да сураган. Учурда ошол окуучунун кайсы єлкєдє экени беймаалым бойдон калууда. Ош шаардык милициясы мектеп окуучу-ларынын арасында тїшїндїрїї иштерин жїргїзїп жатат.

Page 12: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

№ 102 • 31-октябрь, 2014-жыл

12 ВИРТУАЛДЫК ДЇЙНЄ

ИНТЕРНЕТ КАНТИП, КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?

Дїйнєлїк желе маанисиндеги интернеттин пайда болуу тары-хы XX-кылымдын экинчи жары-мына барып такалат. 1957-жылы АКШнын коргоо министрлиги-нин алдында уюшулган Алдыў-кы Изилдєє Долбоорлорунун агенттиги (ARPA) 1969-жыл-дын 1-сентябрында изилдєє институттардын ортосундагы компьютер аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган ал-гачкы бириккен желени тїзїп чыгат. Интернеттин бул алгач-кы тїрї биринчи Арпанет де-ген аталышта дїйнєгє жайы-ла башайт. Ал эми 1971-жылы Bolt Beranek and Newman аттуу компьютердик фирманын прог-рамисти Рэй Томлисон алгач-кы электрондук почтаны жана @-электрондук белгини иш-теп чыгат. 1982-жылы Арпанет TCI/IP аталыштагы бирдиктїї тармактык тилди тїзїп чыгуу менен азыркы интернет келип чыккан. Кыргызстанга болсо интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Алгач болуп ин-тернет баракчаларын чектєєгє алуу 1999-жылдан баштап кат-талган. Бул жылдардан тартып, Кытайда, Сауд Арабиясында, Иран, Египет диний жана сая-сий кєз караштарга туура кел-беген сайттарга чектєєлєр кир-гизилген.

Алгач пайда болгондо ком-муникациялык технологиялар-дын ичинен радио 38 жылдын, телевидение 13 жылдын ичинде дїйнє боюнча 50 миллион угар-ман жана кєрєрман топтосо, ин-тернет пайда болгондон кийин 5 жылдын ичинде гана 50 миллион колдонуучусун топтой алды. На-тыйжада интернет дїйнєдєгї эў бат жайылган жана эў оператив-дїї маалымат булагына айланды.

ИНТЕРНЕТ КОЛДОНУУЧУЛАР

2008-жылкы маалыматтар-га караганда дїйнє жїзїндє-гї интернет колдонгондордун саны 1.4 миллиард адамга жет-кен жана бул кєрсєткїч убакыт єткєн сайын жогорулоодо. Дїй-нєнїн башка бурчтарындагыдай эле Кыргызстанда да интернет колдонуучулардын саны кїндєн кїнгє артып єзгєчє Бишкек шаа-рында интернет кафелер жана алардын тармактары кєбєйїї менен алек. www.neweurasia.net сайтынын берген маалыматта-ры боюнча учурда Кыргызстан-да 760 664 интернет колдонуучу бар. Булардын дээрлик кєпчїлїк бєлїгї Бишкектиктер болуп са-налат.. Тагыраак айтканда ин-тернет колдонуучулардын 77� Бишкекке, 10� Ош облусуна туу-

ра келет. Ал эми болгону колдо-нуучулардын 13� гана калган облус жана шаарларга тиеше-лїї. Натыйжада, Бишкекте «дїй-нєлїк желеге» кошулгандардын саны кєбєйгєнї менен єлкєнїн калган бєлїктєрї бул тармактан алигиче артта калууда.

Кыргызстанда уюлдук теле-фондор аркылуу интернетке кир-гендер аз эмес

Албетте бїткїл дїйнєнї куча-гына алган интернет тармагына кошулуу оўойлоткон техноло-гиялардын катарына уюлдук те-лефондор да кирет. Батыш єл-кєлєрїнє окшоп Кыргызстанда дагы жеке компьютер эмес чєн-тєк телефондор аркылуу элект-рондук почталарын текшерип, маалымат алган замандаштар аз эмес. «Промотанк» компа-ниясы жана «Интернет саяса-тынын жарандык демилгеси» коомдук фондусунун интернет тармагын талдоо максатында жїргїзгєн изилдєєлєрїнїн жы-йынтыгында Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын 51� иш жеринен гана интернетке кошулат. Ал эми 21� так ушул уюлдук телефондордун жарда-мы менен интернетке киришет. Изилдєєнїн жыйынтыгына ыла-йык єлкєдєгї интернет колдо-нуучулардын 8� болсо интернет кафелерден интернетти пайда-ланышат.

ИНТЕРНЕТ КОЛДОНГОНДОРДУН

ЖАНА АГА КЫЗЫККАНДАРДЫН

КЄПЧЇЛЇГЇ ЖАШТАРСтатистикага караганда Кыр-

гызстанда интернет колдонуучу-лардын 75� 10 жаштан 30 жашка чейинкилер тїзєт. Натыйжада, Бишкектеги кайсы гана интернет кафеге барба, интернетте отур-гандардын дээрлик кєпчїлїгї жаштар экендиги байкалат. Ал эми кїндїзгїгє караганда арза-ныраак келген тїнкї интернет-терде орто жаштагы адамдарды кездештирїїгє да мїмкїн эмес. Орто жаштагы адамдардын ин-тернетке кирбешинин себебин Бишкектин тургуну 46 жаштагы Чолпон айым «чоўдордун» убак-тысынын аздыгы менен тїшїн-дїрєт. Анын айтымында интер-неттин керектїї нерсе экенине карабай аны єздєштїрїїгє убак-тысы жок, бул себептен интернет кафелерге бара албайт. Ал эми жаштарда жаўы технологиялар-ды єздєштїрїїгє убактылары кєп. Ошондуктан жаштар кєбї-рєєк интернетке барышат, дейт

Кєпчїлїк жаштар интернет-ти кєўїл ачуу їчїн колдонушат

Бишкектин интернет кафе-леринде жїргїзїлгєн сурамжы-лоонун жыйынтыгында жаш-тардын кєпчїлїгї интернетте убактыларын таанышуу, вир-туалдуу достор менен форумдар-да, чаттарда кабарлашуу, музыка жана видео кєрїї менен єткєрї-шєт. Албетте, интернетти маа-лымат алуу їчїн колдонгондор да жок эмес. Бирок жаштардын арасында интернет колдонуучу-лардын басымдуу бєлїгїнїн на-зары кєўїл ачууга багытталган. Эў жок дегенде бир жумада бир жолу интернетке кирип турган Бишкектик Андрей интернетсиз жашоосун элестете албайт. Ал интернетти байланыш, же вир-тиалдуу маек їчїн колдонуп, кєбїнчє www.odnoklassniki.ru сайтына кирет. «Мен интернет аркылуу таанышкан башка єл-кєлєрдєгї досторум менен ту-руктуу кат жазышып келем. Алар менен чаттарда да бат-бат баар-лашып турабыз. Андыктан дайы-ма интернетке кирип турушум керек. Кєпкє чейин интернетке кирбесем, мага бирєє кат жазып жообун кїтїп жаткандай сези-ле берет» ,- дейт Андрей. Биш-кектин борбордук бєлїгїндєгї «Шмель» интернет кафесинде иштеген Нурландын айтымын-да жаштар интернетти ар кыл багытта колдонушат. Алардын ичинен кєўїл ачуу їчїн интер-нетке киргендердин саны басым-дуураак кылат. «Кафеге келген жаштардын жарымынан кєбї маалымат алуудан кєўїл ачуу-га чейинки бардык нерсе кам-тылган www.mail.ru сайтына ки-ришет. Андан сырткары бекер ырларды кєчїрїїгє мїмкїнчї-лїк берген www.zaycev.net сай-тын колдонушат » дейт,Нурлан мырза.

MAIL.RU ЭЎ КЄП КИРИЛГЕН САЙТ

Сурамжылоо кєрсєткєндєй Бишкекте эў кєп колдонулган сайт болуп орустардын mail.ru сайты саналат. Бул сайтка кир-беген жаштарды табуу мїмкїн эместей туюлат. Кєпчїлїк жаш-тар бул сайттын мындай попу-лярдуулукка ээ болушун сайта кєўїл ачуунун бардык багы-ты камтылганы менен тїшїн-дїрїшєт. «www.mail.ru даре-гинде жакын достор, туугандар менен кабарлашып, дїйнєнїн башка бурчу менен байланы-шып гана тим болбостон музы-ка угуу видео кєрїї жана башка кєп мїмкїнчїлїктєрдїн болушу

бул сайттын популярдуулугун кєтєрїп турат»,-дешет кєпчї-лїк. Мындан сырткары эў кєп ачылган сайттардын катарын odnoklassniki.ru, youtube.com, vkontakte.ru сайттары толуктайт. Бишкектин Батыш бєлїгїндєгї интернет кафелердин биринин администратору Таалай Жол-дошевдин айтымында Кыргыз-стандын сайттарына кєп эл кир-бесе дагы жергиликтїї интернет баракчалардын ичинен эў кєп колдонулганы катары diesel.elcat.kg сайтын эсептейт. Анкени бул сайт аркылуу реклама жїргїзїї эў ылайыктуу жана кєп интер-нет колдонуучулар бекер эле жа-рыяларын таштай алышат дейт, Таалай Мырза. Мындан сыртка-ры сурамжылоодо байкалгандай аз санда болсо да Кыргызстанда-гы маалыматтык агенттиктердин интернет баракчаларына кирген замандаштар да бар экен.

GOOGLE кєпчїлїктїн ДОСу Дїйнє жїзїнїн ар башка єлкє-лєрїндєгїдєй эле Кыргызстан-да да маалымат порталдарынын ичинен эў кєп колдонулганы GOOGLE порталы болуп сана-лат. Сурамжылоо жїргїзїлгєн дээрлик бардык интернет кафе-лердин администраторлору жана интернет колдонуучулар белги-легендей google.com, gooogle,kg сайттары аркылуу алар єздєрї-нє керектїї нерселерди интер-неттен таап алышат. Кызыгы, кээ бир интернет колдонуучу-лар GOOGLE ду Досум деп атап коюшат экен. Мындан сыртка-ры Бишкекте маалымат издєє булагы катары yandex.ru, yahoo.com, rambler.ru сайты дагы кєп кодонулуп келет. Ал эми интер-нет аркылуу маалымат алган кээ бир замандаштар «дїйнєлїк же-ледеги» эў негизги маалыматтын булагы катары Wikipedia.org сай-тын эсептешет.

ПОРНО ЖАНА ОЮН САЙТТАРЫНА КИРГЕН ЗАМАНДАШТАРДЫН

САНЫ АЗ ЭМЕС

Учурда интернет жеке эле таа-нышуу, маалымат алуу, же бай-ланышуунун жолу эмес, жаман адаттарды їйрєнїїнїн жолу дагы болууда. Айрыкча кээ бир жет-кинчектер интернет аркылуу порно сайттардын жана он-лайн

оюндардын тузагына калууда. Бул багыттагы интернет баракчалар-га кээ бир башы кєрїнгєн интер-нет кафелерде кирїїгє тыюу са-лынып, а тїгїл киргендер болсо айып салышса, кээ бир акчаны кєп таап, кєбїрєєк кардарлар-ды тартууну каалаган интернет борборлору бул кєрїнїшкє кєз жумуп келишет Аты сыр бойдон калуусун туура кєргєн борбордогу интернет кафелердин бирєєсїнїн администратору мындай сайттар-га киргендердин саны кєп экен-дигин айтып, єзї иштеген кафеде эротикалык маанайдагы интернет баракчаларына чектєє коюлба-гандыгын себебин кєбїрєєк пай-да тїшїрїїнї кєздєгєндїгї менен тїшїндїрєт. «Эгер чектєє кой-сок, кардарлардын санын азайтып алышыбыз мїмкїн»,-дейт, ал.

ИНТЕРНЕТКЕ КИМ, КАНЧА КОРОТОТ?

Кыргызстандык интернет колдонуучулар да интернет їчїн бир кыйла акчаны коротушат экен. Жогоруда айтылган изил-дєєлєрдїн жыйынтыгы кєрсєт-кєндєй бир айда єлкєдєгї 760 664 колдонуучунун 37� интер-нет їчїн 101 сомдон 500 сомго чейин, 20� 501 сомдон 1000 сом-го чейин, 11� 1001 сомдон 3000 сомго чейин акча сарпташат. Ал эми єлкє боюнча колдонуучу-лардын 12� гана иш жерлерин-де бекер интернет колдонуша-ры аныкталган. Ошондой эле Кыргызстандык интернет кол-донуучулардын 32� жумасына 3-4 саат интернетте отурушса, 22� бир жумада 5-6 саат, 8� бир кїндє 6 сааттан ашык убакытты интернет баракчаларын «барак-тоо» менен єткєрїшєт. Интернет адамды єзїнє кєз каранды кы-лышы мїмкїн.

Дїйнє жїзїндєгї кээ бир пси-хологдордун билдирїїлєрїнє караганда интернетти туруктуу жана кєп колдонгон адамдарда интернетке болгон кєз каран-дылык пайда болушу мїмкїн. Бул кєз карандылыктын алгач-кы белгилери интернеттеги уба-кытты кєзємєлдєй албоо менен башталат. Интернет баракча-ларына ашыкча кызыгып ан-дан мына чыгам, ана чыгам деп башка ишин таштап интернетке сїўгїп кирип кетїї, ага болгон кєз карандылыктын анык миса-лы. Психологдордун айтымын-да интернетке кєп кызыгуунун натыйжасында, адам чыныгы жашоодон алыстап виртуалдык жашоого кирип кетиши мїмкїн. Мындай учурда интернет колдо-нуучуну финансылык жактан чоў коротууларга дуушар кылышы ыктымал. Кээ бир маалыматтар-га караганда учурда дїйнє жїзїн-дєгї интернет колдонуучулардын 10� интернет кєз карандылары-нын катарына кирет.

Акмат РААТКАН

Page 13: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

№ 102 • 31-октябрь, 2014-жыл

13ИСЛАМ

Жихаддын мааниси башкада

ТАРЫХ “ЫЙЫК СОГУШ” ЖЕ БОЛБОСО “ДИН ЇЧЇН

СОГУШУУ” ДЕГЕН НЕРСЕГЕ КЄП ЭЛЕ КЇБЄ БОЛДУ.

"Ислам мамлекети" радикал тобунун мї-чєлєрї Сириянын Кобани шаарында. 7-ок-тябрь, 2014-жыл “Кудайдын єкїмїн ор-нотуу”, “Кудайдын аты менен башкаруу”, “Кудайдын максатын ишке ашыруу”, “Чыны-гы динди жайылтуу” їчїн кєп кан тєгїлдї, азыр да тєгїлїїдє. Мындай ыкмага салып адам баласын алдоо жолу менен азгырып кетип жатышат. Негизинен Жихаддын мааа-ниси такыр башкада.

ТАРЫХТА КАТТАЛГАН ЭЎ БАЙЫРКЫ “ЫЙЫК СОГУШ”

Б.З.Ч. 5-КЫЛЫМДА ГРЕКИЯДА БОЛГОНДУГУ МААЛЫМ.

Кийинчерээк 11-13-кылымдардагы кресттїїлєрдїн жортуулдары, 16-17-кы-лымдардагы католиктер менен протестант-тардын согушу “ыйык согуш” катары ишке ашканы маалым. Ал эми ислам тарыхы да “ыйык согуштардан” куру эмес. Ислам ди-нинде жихад тїшїнїгї Мухаммед пайгамбар мезгилинен бери чоў єзгєрїїлєргє дуушар болуп, акыркы учурда “Ыйык согуш” деген мааниде колдонула баштады.

Исламда согуш эч бир убакта “ыйык” деп эсептелген эмес жана Куранда согушуу “мусулмандарга жакпаган нерсе” катары сїрєттєлгєн (Куран 2:16).

Куранга ылайык карай турган болсок, жихад жалгыз эле согуш маанисине ээ эмес. Куранда “согуш” деген сєз “китал”, “харб”, “мухараба”, ошондой эле “жихад” деген сєз-дєр менен айтылат. Эгер жихад азыркы убакта согушчандар айткандай жалгыз гана согуш жана єлтїрїї маанисине ээ болгондо, Куранда жана сїннєттє жогорудагы баш-ка терминдер колдонулмак эмес. Башкача айтканда, жихад “мухараба” (согуш), “харб” (согуш) жана “катлдан” (єлтїрїї) кєп жа-гынан айырмаланат.

ТАРЫХТАГЫ ДИНИЙ-УЛУТТУК “ЫЙЫК СОГУШТАР”

19-кылымдан тарта мамлекеттерин жана байлыктарын тарттырып жиберген мусул-мандардын колониализмге каршы кїрєшї “жихад” катары ишке ашырылган. Улутчул-дук менен синтезделген “жихад” тїшїнїгї Африка жана Азияда кєптєгєн саясий-аске-

рий тїзїмдєрдї, жихадчыл уюмдарды пай-да кылган. Тарых жолунда єздєрїн “халиф”, “эмир”, “имам” катары таанытып, жихадчыл согушкерлерди єлїмгє, “шейит” болууга тїрткєн кєптєгєн “лидерлер” да болуп єт-кєн. Большевиктерге каршы Кавказ єлкє-лєрїндє жана Орто Азияда да (басмачылар тарабынан) жїргїзїлгєн куралдуу кєтєрї-лїштєрдє да жихад чакырыктары кеўири колдонулган.

Ушул кїндє да дїйнє жїзїндє исламды жана мусулмандарды “куткаруунун” не-гизги жолу катары “жихад” тїшїнїгї жа-йылууда. Єзгєчє жаштар арасында жихад деген ат менен согуш идеологиясы попу-лярдуу болууда. Бул жараянды тїшїнїї їчїн эки негизги нерсеге маани беришибиз керек: биринчиси - жихадга байланыш-кан Куран жана сїннєттєгї эрежелер, ал эми экинчиси болсо, мусулмандардын жа-шоосундагы тарыхый жактан калыптанган пикир, жїрїм-турум єзгєчєлїктєрї жана тажрыйбалар. Башкача айтканда, Куран жана сїннєттєгї жихад тїшїнїгї менен мусулмандардын турмушундагы жихад тїшїнїгїн (“жихад” деп жасаган иштерин) бєлїп кароо зарыл.

Арабча “жахд” (аракет кылуу, болгон кїчтї колдонуу, сыноо, кыйынчылыктар-га чыдоо) деген сєздїн негизинде куралган “жихад” сєзї Куран жана хадистерде Кудай жолунда жасалган аракеттерге карата кол-донулган. Ислам аалымдары жихадды ички жана сырткы жихад деп экиге бєлїшкєн. Ички жихадда адам єзїнїн ички дїйнєсїн тарбиялаганга, єзїн туура мусулман кылып тарбиялоого аракет кылат. Ой-пикирин жєнгє салууга, каалоо, ышкысын жана нап-сисин тыюуга, ички кыжаалатчылыгынан кутулууга, илим алып єзїн єркїндєтїїгє аракет кылат. Мужахид (жихад менен алек болгон киши) їчїн єзїнїн ички дїйнєсїн иретке келтирїї эў оор жана машакаттуу иш болуп эсептелинет. Пайгамбардын “Чы-ныгы мужахид бул єзїнїн напсиси менен кїрєшкєн киши” (Тирмизи, Ал-Жамиус-Сахих, “Китабу Фадаилул Жихад”, 2) деген сєзї исламда ички жихадга канчалык маани берилгенин кєрсєтїп турат.

Ал эми сырткы жихад болсо, кишинин єзї жашаган чєйрєсїн исламга ылайыкташ-тыруу аракети болуп эсептелинет. Мусул-ман єзїнїн убактысы, мал-мїлкї, байлыгы жана жаны менен бул жашоонун жакшылы-гы їчїн кызмат кылуусу да жихад. Сырткы жихад катары Курандын негиздерин коом-

чулукка жеткирїїнї (Куран 25:52), єзїнїн, туугандарынын, жалпы мусулмандардын жыргалчылыгы їчїн мал-мїлкїн сарптоону (Куран 8:72) жана Алланын ыраазычылы-гы їчїн согушууну (Куран 9:41) айтсак бо-лот. Сырткы жихад албетте, мусулмандар-ды коргоого багытталган согуш тїшїнїгїн да єзїнє камтыйт. Бирок согушуу, сырткы жихаддын бир гана тїрї жана согуш ар-кылуу жихад кылуунун жол-жобосу ислам укугунда (фикх) єз алдынча каралган. Ис-лам укугуна ылайык, душмандардын му-сулмандардын єлкєсїнє кол салуусу согу-шууга негиз болуп эсептелинет (Сарахси, Аль-Мабсут, 10/5). Бирок Куранда “Силер-ге согуш жарыялагандарга каршы силер да Алланын жолунда согушкула, бирок чекти ашпагыла” (Куран 2:190) деп айтылганы да чоў мааниге ээ.

ЖИХАДДЫ КИМ ЖАРЫЯЛАЙТ ЖАНА БАШТАЙТ?

Ханафи-мазхабынын укуктук нормала-рына ылайык, эч бир мусулман, диний ли-дер же болбосо кандайдыр бир топ (уюм) согуш маанисиндеги жихадды єз алдынча жарыялоо укугуна ээ эмес. Согуш жарыя-лоо жоопкерчилиги мамлекетке жана бий-лик жетекчилерине жїктєлгєн. Башкача айтканда, єлкєнї сырткы коркунучтардан коргоо (жихад жарыялоо) мамлекеттин тєрт негизги функциясынын (1. Башкаруу; 2. Жалпы кызмат кєрсєтїї їчїн салык топ-тоо; 3. Ички коопсуздукту жана соттук иш-чараларды жїргїзїї; 4. Коргонуу) бирєє болуп эсептелинет. Ушул себептен согуш жарыялоо жоопкерчилиги мамлекет жетек-чилигине жїктєлгєн, ал согуш болсо аскер-лер тарабынан ишке ашырылган жана чек араны кайтарып, мамлекетти коргоп жа-тып курман болгондор шейит деп аталган.

Азыркы мезгилде тескерисинче, кээ бир мусулмандар жана диний уюмдар мамле-кеттин укук-милдеттерин жана жоопкер-чилигин талашып, єзїнїн атынан жихад жарыялоого аракет кылууда. Зордук-зом-булук менен алек болуп жатып, єлгєн ки-шилерди “шейит” деп атагандар “жихад”, “шейит” тїшїнїктєрїн бурмалап колдо-нууда. Бул кєрїнїштєр мусулмандарды тїр-дїї кїмєн иштерге тїртїїдє жана ар тїрдїї кїчтєрдїн максатына кызмат кылууга ыла-йыкташтырууда.

Жихадды ар ким єзї билгендей чечме-легендиктен мурдатан баскынчыларга, кол салып келген душманга каршы жїргїзїлгєн

жихад акыркы мезгилде мусулман мамле-кеттерге да жарыяланууда. Єлкє жетек-чилерин “каапырлардын малайы” катары сїрєттєп кїнєєлєгєндєр жана єлкє жетек-чилерине “жихад” (согуш) жарыялагандар пайда болууда.

Жогоруда айтылгандай, жихад жалгыз эле согуш маанисине ээ эмес. Куранда “жи-хад” сєзї 34 жолу айтылып, алардын ичи-нен тєрт гана жолу (Куран 9:41, 73; 25:52; 66:9) согуш маанисинде колдонулган. Ал эми башка жерлерде руханий, адеп-ахлак-тык, илимий аракет кылуу, коомдук жа-шоону жакшыртуу (жєнгє салуу) жихад деп сїрєттєлїїдє. Пайгамбардын жихадга (со-гушка) баргысы келген бир адамдан: “Ата-энеў тирїїбї”- деп сурап, “ооба” деген жооп-ту алгандан кийин ал кишиге: “Сен ошолор їчїн жихад (аларга кызмат) кыл”- деп айт-каны (Бухари, Ал Жамиус-Сахих, “Китабул Жихат”, 138; Муслим, Ал Жамиус-Сахих, “Китабул Бирр”, 5) кїнїмдїк жашоодо да жихад менен алек болуу керек экендигин кєрсєтїп турат.

ЧОЎ ЖАНА КИЧИНЕ ЖИХАДЭгер жихадды мусулмандын жаны, малы,

їй-бїлєсї, дини жана ар-намысын коргоо їчїн жїргїзгєн согуш катары карай турган болсок, пайгамбарыбыз тушунда согуштар негизинен коргонуу максатында болгон-дугун кєрєбїз. Бадр, Ухуд, Хандак согуш-тары мусулмандардын Мадинадагы тынч жашоосун сактоого багытталганын ислам тарыхын окугандар жакшы билишет. Ал эми ислам укугунда (Куран жана сїннєттїн негизинде) согушуунун да єз эреже жана нормалары иштелип чыккандыгы маалым. (Ал жєнїндє кийинчерек єзїнчє дагы сєз кылабыз).

Жыйынтыктап айтканда, исламдагы жихад тїшїнїгї менен мусулмандардын “жихад” тїшїнїгїн бєлїп кароо зарыл. Пайгамбардын мусулмандардын єз нап-сисин жеўїїгє багытталган кїрєшїн “чоў жихад” (“жихад ал-кабир”), ал эми сырт-кы дїйнєдє жасаган жихадын “кичине жи-хад” (“жихад ас-сагир”) деп айтуусунун єзї, жихадды жалгыз гана согуш деп кабыл ал-боо керектигин кєрсєтїп турат. Андыктан “жихад” делип кылынган ар бир согушту жана зордук-зомбулукту исламга шылтоо - ислам динине карата адилетсиздик ката-ры эсептелинет.

Азаттык

Page 14: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

№ 102 • 31-октябрь, 2014-жыл

14 САНДАН САНГА- Силер мени тїрмєгє камаганча атам

менен учурашып келсем болобу? – деп сурады Нурбек оор їшкїрє.

- Сени ким тїрмєгє камайт экен? – Ар-ген Акимович айтып болуп Сидоровду карады.

- Эч ким аны камабайт. Болгону Нур-бекти да Фархад менен чогуу єлдї. Аны Фарида атып єлтїрдї кылып теледен маа-лымат кетиши керек. Ошондо Шерхан буга ишенип, Фариданын жанын аман калты-рат. А Фарида мындан ары биз калкан-чыбыз артында иштейт, - деди Сидоров алдын-ала пландап койгон оюн айтып.

- Ошого Фарида макул болобу? – Арген Акимович “кандай дейсиў?” дегендей ээк жаўсай Нурбекти карады.

- Макул, болот. Ал жакшы кыз, - Нур-бек ишенимдїї айтты.

Ошол тїнї эле баарын Сидоров єз да-часына алып барды. Єзї кайра кетип тїнї бою Фархад менен Нурбектин єлїмїн далилдєєчї операцияны ишке ашырды. Эртеси таў эрте Россиянын телеканал-дарынан эки боевиктин террористик ак-тыны ишке ашыра албай калгандыгын, анан алар машинада баратканда Фарида аттуу киллер айым экєєнї теў атып єл-тїргєндїгї тууралуу маалымат кете баш-тады. Атургай окуя болгон жерден репор-таж да жасап жиберишиптир. Репортажда ала-салган кара “БМВнын” кїйїп жаткан-дыгынан берээкте бири Фархад экенди-ги даана таанылып, экинчисинин кїйїп калгандыктан єўї таанылбай калган эки адамдын сєєгїнєн бери даана кєрсєтїлдї. Аягында аларды атып єлтїргєн Фарида-нын сїрєтї кєрсєтїлїп, ал азыр издєєдє экендигин, аны кєргєн-билгендер болсо кабарлап коюусун єтїнїп, телефон но-мерлерин да беришти.

Сидоровдун дачасы. Бєлмєдє балалы-гын уурдатып, боз улан селки болуп кал-гандар гана отурушат. Арген Акимович бейтапканага, Сидоров болсо єз иштери менен Москвага кетишкен. Нурбек атасы-

на тезирээк эле жолугууну самап, жїрєгї элеп-желеп.

- Сага жакшы, атаў бар. А, мен эми ким-дикине барам, - деди Адеми.

- Меникине, їчєєбїз теў меникине жа-шайбыз. Айтпадым беле менин їйїм бар деп. Туугандарымдан єч алам да, їйїмдї кайра тартып алам, - Елена эми эле єч ал-чудай тиштене ызырынып айтты. Мушту-му да тїйїлє тїштї.

- А, биз Мурат экєєбїз ушул жерде эле жашай беребиз. Виталий байке єзї айт-кан, - деди Серёга. “Ооба” дегендей Мурат башын ийкеди.

- Адеми, сен биз менен Бишкекке эле кетесиў. Мен атама айтам. Ал сєзсїз ма-кул болот, - деген Нурбек бир азга ойло-но калды да, - бирок адегенде бул жакта бир ишим бар, ошону орундатышым ке-

рек, - деп улады.- Ал эмне иш? – деп сурады Серёга.- Ал єзїнчє эле узак баян, - Нурбек

сєздї эмнеден баштаарын билбей ийи-нин куушурду.

- А, биз эч кайда шашкан жокпуз, - деш-ти баары жабыла. Ошондо Нурбек аларга Доктор Шанс жєнїндє айтып берди. Док-тор Шанстын ага чоў жардам бергенди-гин, эгер ал болбосо азыр атасы, Адеми тургай єз атын да унутуп калмактыгынан бери айтып, небереси Татьянаны табыш-тагандыгын айтты.

- Аны кантип табасыў? – деди Серёга.- Дарегин жатка билем. Атургай банк-

тын эсеби да эсимден чыга элек, - деп Нурбек Доктор Шанстын дачасынын да-регин айтты.

- Ой, ал тигил эле кєчєдє! – деди Серё-

га кубанганын жашыра албай.- Жїргїлє кеттик анда, - Нурбектин бул

сєзїнєн кийин баарысы Доктор Шанс-тын дачасына барышты. Качантан бери бул жерде киши жашабагандыгы кимге болбосун байкалып турат. Нурбек кагы-рап калган каалганы ачып кирип, Доктор Шанстын илимий ачылышын, архивин бїт алып чыгып єрттєп салды. Эми Татьяна-ны гана табуу керек эле.

- Аны бизге кой. Мурат экєєбїз таап, жардам берип турабыз, - деди Серёга. – Колубуздан келбесе Виталий байкемден жардам сурайбыз.

- Жарайт.Алар кайра келген кезде Арген Акимо-

вич чыдамсыздык менен кїтїп, эшиктин алдында ары-бери басып жїрїптїр.

-Кайда жїрєсїўєр? Бол Нурбек отур машинага атаў эсине келди, - Арген Аки-мович шашыла машинаны от алдырды.

- Мен да барам, - Айдана да Нурбек менен кошо машинага отурду.

Бейтапкана. Бир палатада жалгыз Дїй-шєнбек гана жатат. Араў кыймылдай ай-ланасына кєз чаптырат. Эс-учун жогот-конго чейинкисин эстеп чыкты. “Арген кайда? Ал эмне жок? Аман болду бекен?” деген ойлор тынчын алып, сурамакка:

- Доктор, санитарка кимиўер барсыўар? – деп алсыз їнї менен араў кыйкырды. Ошол учурда каалга ачылып, Арген Аки-мович кїлїмсїрєй кирип келди:

- Ийи, баатыр кайрадан жарык дїй-нєгє келишиў менен. Сїйїнчї, уулуў та-былды, - деди.

- Уулум!- Ооба.- Кана ал? – Дїйшєнбек айтып оозун

жыйганча босогодо Нурбек менен Аде-ми турду.

- Ата!..- Уулум!..

***Àÿãû***

2013-жыл

(Сандан санга)

ТААЛАЙ БАКЫТАЕВ

(Курч окуялуу чыгарма)

(Бейєкмєт уюмдардын маалыматы боюнча 1997- жылдан бери 400 бала жоголгон)

Жоголгон балдар

Кечээ жумушумда чындык издеген болчум. А бїгїн жумуш издеп жїрєм.Балачакта - убакыт бар, кубат бар, акча жок;Жаштыкта - кубат бар, акча бар, убакыт жок.Карылыкта - убакыт бар, акча бар, кубат жок.

***Сїйїїнї гана сїйлєсє - бойдок;Акчаны гана сїйлєсє - орто жаш;Ден-соолукту гана сїйлєсє - улгая баштаганы...

***Унчукпай турганымды айтаарга сєзї жок экен деп тї-

шїнїп алба. Жєн гана менин ойлорумду кабыл алууга али даяр эмессиў...

***Кїчтїї болгондун бир жаман жагы бар; эч ким сенден

"Кандайсыў?" деп ал-абалыўды сурабайт...

***Бала - бакыт. Бала - жашоонун маўызы. Бала - чы-

ныгы байлык. Ошон їчїн кыргызда илгертеден "Канча балаў бар?" деп сурап келген. Баланын кєптїгї - бай-лык деп эсептелген. Ар бир бала Жараткан аркылуу єз ырыскысы менен тєрєлїп, чоўоюп єсїшїн билген. Ар-дактуу чоў ата-чоў энелерибиз, дєєлєттїї тай ата-тай энелерибиздин эч кимиси социалдык абалына "кєз ка-ранды" болуп, тигинче айлыгыбыз бар, ошондо мын-ча балалуу болгонубуз туура, бага албай калабыз, экєє жетет, келбетим бузулат ж.б. деген эмес.

***Бала - сенин жашооўду улантат, сенин бар экениўди

эл арасында сездиртет, жашоого кєрк берет. Дем берет, шыктантат, кубаныч тартуулап турат. Шатыра-шатман, бака-шака болуп, їйгє береке толтуруп, чоўу кичинесин

жетелеп, бирин-бири кєтєрїп багып чоўоюшкан бал-дарга эмне жетсин...

***Кыргыздар алгач таанышканда же узакта бир жолук-

канда "Канча балаў бар?" деп сураганы тегин эмес. Ар бир їйдє балдардын кїлкїсї жаўырып турсун! (КА+)

***Мен ар убак кызыккан, єзїм сїйгєн ишимди гана жа-

сап келгем. Фейсбук аттуу бїт дїйнєлїк коомдук желе-ни жаратам десем, кєбї ишенген эмес, дос-таанышта-рым, туугандарым мыскылдап кїлїшкєн. - Mark Elliot Zuckerberg.

ЧЕЧКИНДЇЇЛЇКПрофессор колуна бир чычкан салынган айнек идиш

жана куту кармап класска кирди. Окуучулар таўгалып карап турганда, чычканды кутунун ичине салып оозун жаап койду да, “Бул кутуга эки кїн эч ким тийишпесин” деп чыгып кетти. Класстагы окуучулар эч нерсе тїшїн-бєй кала беришти. Эмне болор экен деп кызыгышып 2 кїн кїтїштї.

Эки кїндєн соў профессор класска кирди да, кутуну ачты. Кутунун ичиндеги чычкан єлїп калган болчу. Окуу-чуларга эмне себептен єлїп калышы мїмкїн деп сурады.

- Абасыздыктан. - Ачкалыктан. - Суусуздуктан... Ар бир окуучу єз пикирин билдирди. Профессор ку-

туну кєтєрїп ичин окуучуларга кєрсєттї. Кутунун ичи ар жеринен кажылган, кемирилген абалда болчу.

- Мына карагыла. Чычкан кутудан чыгуу їчїн кєп аре-кет кылды. Бул кутудагы абалдан кєрїнїп турат. Чыч-кан абасыздыктан же ач калып єлгєн жок. Ал чечкин-сиздиктен єлдї. Ал кутунун ар жерин убактысын жана кїч-кубатын кетирип кемире бербей, бир бурчун гана

кажый берсе, мында да чечкиндїї, туруктуу болгондо, кутудан чыгып кетмек...

Англисче, тїркчє (немисче, жапончо дагы) жакшы сїйлєгєн кыргыздардын - кыргыз деп кїйгєнїн, эне ти-лин сїйгєнїн кєп кєрдїк, бирок орусча (гана) кыйын сїйлєгєндєрдїн кыргызга тубаса кїйєєрїн, кыргызды алга сїрєєрїн аз кєрдїк. Башка чет тилдерде эркин сїй-лєгєндєрдїн адекваттуу ой жїгїртїп, кыргыз экенине сыймыктанаарын да кєрдїк, ал эми орусча (гана) кы-йын сїйлєгєндєрдїн башка кыргызды басмырлап, єзїн маданияттуу санаган текебер мїнєз экенин да кєрдїк... Байкуш, орусча билсе єзїн бїтїн адам, ааламдан кабар-дар сезгендерди кєрдїк, орусча сїйлєй албаса ыўгайсыз-данган, Кыргыз жеринде Кыргыз тилин гана билгенине кабатырланган баёо мїнєздєрдї да кєрдїк. Келечегин орустарга, орус тилине байлаган, тагдырын орустун ко-луна тапшыргандар дагы да болсо арабызда кєп... (KA+)

***-Кадыресе кєрїнїш-иллюзия.Желедеги чымын жєргємїш їчїнКадыресе кєрїнїш, а чымын їчїн тозок...

***-Эстїїлїк –эмне айтылганына карабастан, туурасын

гана жасоо.Баш ийїї- туура же ката экенине карабастан, айтыл-

ганды гана жасоо.

***-Ийгиликтїї эмес, бактылуу инсан болуп жашоого

аракеттен.-Эч нерсе кылбаган- эч качан жаўылбайт.-Сыйлык же коркконуў їчїн гана жакшы адам бо-

луп жїрсєў, анда эў коркунучтуу адамсыў. (Альберт Эйнштейн)

• • • АФОРИЗМДЕР • • •

Page 15: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

№ 102 • 31-октябрь, 2014-жыл

15

Page 16: Айбат - коомдук-саясий гезити №102

№ 102 • 24-октябрь, 2014-жыл

16

УРМАТТУУ ОКУРМАН!"АЙБАТ" гезитине

жазылуу жїрїп жатат!

Жазылуу почта кызматын кошкондо:

- 1 айга – 49 сом 50 тыйын- 3 айга – 148 сом 50 тыйын- 6 айга – 297 сом 00 тыйынЖазылуу республиканын, бардык

почта бєлїмдєрїндє чектєєсїз жїргїзїлєт.

СЇЙЇКТЇЇ ГЕЗИТИЎИЗГЕ ЖАЗЫЛЫЎЫЗ!

Жазылуу индекси: 68546

СЫРДУУ ДЇЙНЄ

ЖАРАТЫЛЫШТЫН ТАЎ КАЛЫШТУУ КУБУЛУШТАРЫИНДОНЕЗИЯ.

МЕРИПИ ТООСУНДАГЫ ВУЛКАН. НОЯБРЬ 2010-ЖЫЛ...

2010-ЖЫЛ. АВГУСТ....РОССИЯНЫН

ТОКОЙУНДАГЫ ЄРТ...

ТАЎ КАЛЫШТУУДАЙ ЧАГЫЛГАН.

МОНТАНА, АКШ...

СУУ АСТЫНДАГЫ ВУЛКАН ТОНГА ЖЭЭГИНДЕ МАРТ

2009-ЖЫЛ...

МАЙ 2010-ЖЫЛ, АКШ. ОКЛАХОМАДАГЫ ТОРНАДО

ПАРГЕЛИЙ – АЛДАМА КЇН

АКШ. АЙОВАДАГЫ ТОРНАДО...

ИЮНЬ, 2008-ЖЫЛ...

2010-ЖЫЛ... НЬЮ-ЙОРК. ЧАГЫЛГАН ТАК ЭРКИНДИК

СТАТУЯСЫНА ТИЙГЕН...

Ìàíõýòòåíõýäæ -áóë Ìàíõýòòåíäåãè óøóíäàé áèð êºð¿í¿ø, àë áèð æûëäà òºðò æîëó êåçäåøåò: äåêàáðäà, ÿíâàðäà, ìàéäà

æàíà èþëäà. Ìûíäà ê¿íä¿í ÷ûãûøû æàíà áàòûøû êº÷ºëºðä¿í ãåîìåòðèÿñûíà òóóðà êåëåò.